Автор узарып кетти го.
Түн түшкөн өмүр...
#104 30 Март 2021 - 17:50
Жазгылачыыы.
....
Билдирүүнү түзөткөн: Haanykeim: 30 Март 2021 - 17:51
#108 01 Апрель 2021 - 00:09
#110 04 Апрель 2021 - 16:48
Абдан сонун, таасирлуу чыгарма экен. Автор улантыныз, кутуп жатабыз
#113 05 Апрель 2021 - 03:04
jindirak (31 Март 2021 - 23:55) жазган:
Катыным чыгар Эми
*****
Адам баласынын өмүр жолундагы бактылуу күндөр, мүнөттөр, ирмемдер чогулуп анан бактылуу жашоону түзөт окшобойбу? Шириндин бактылуу жашоосунун бир бөлүгү арттагы бала чагында, энеси экөө жашаган айылда калса, дагы бир бөлүгү ушул Аскар алып келген чакан бир бөлмөлүү батирде калып кеткен. Ширин ал күндөрдүн барктуулугун кийин, жылдардан соң, өтө кеч билди....
Күндөр биринин артынан бирин сүрүп өз тизмегин бузбай өтүп жатат. Өткөндө да кандай тездик менен өтүп жатты экен. Ширин Аскар таштап кеткен үйдө жашап калганына бир айга чукулдап калды. Алгачкы күндөрү кысылып жүрсө, эми кадимкисиндей көнө түшкөндөй. Көрсө адам баласы баш ийбеген жашоо, көнбөгөн шарт жок туура. Бардык учурда, ар кандай кырдаалга болсо көнүп кетет экенбиз го. Мурун үйдөн чыкпай эле жатса, эми күнүнө жок дегенде бир маал кечкисин Аскар менен сейилдеп келмей адатка айланып баратты. Аскар да жумуштан эрте бошогон күнү эле чуркап Шириндин алдына келет. Экөө көп нерселер жөнүндө сүйлөштү. Көздөрү ойноп, сыртынан шайыр көрүнгөн Ширин аябай назик, анан уялчаак жан экенин билди Аскар. Ичиндеги Ширин менен сырттагы куурчак бири - бирине такыр дал келбейт. Ал эми Аскар сыртынан муздак, кааардуу көрүнгөнү менен ичинде ушунчалык жумшак адам экенин көрдү Ширин. А түгүл Аскардын ууртундагы жылмаюсуна ашык да болду. Аскар ууртунда гана билинер билинбес жылмайып койчу, бирок ошол эле учурда көздөрү жанып башкача жылдыздуу көрүнүп кетет Ширинге. Бул Аскардын
" фирменный" жылмаюсу деп атап алган Ширин.
Жер алтын түс жамынып, дарактан түшкөн жалбырактар сабагынан үзүлүп кай тарапка учаарын билбей салкын соккон шамалдын эркине көнө ал кайда сапырса ошол жака кетүүгө даяр тургандай каалкып учуп анан жерге акырын биринин артынан бири түшүп жатышат. Адаттагыдай Ширин менен Аскар күндөгү басчу сейил бак менен бара жатышты. Ширин адаттагысындай бала кезиндеги күлкүлүү окуяларды айтып берип шаңдуу бара жатышкан. Ошол убакта алардын жанынан маңдайлаш Акылдын жигиттери өтүп кетишти. Ширин Аскарга сүйлөп жатып байкабай калды, бирок жигиттер Шириндин жүзүн даана көрүп өтүштү. Ошол эле түнү Акылга "Ширин тирүү!" - деген кабар жетти. Эртеси күнү Акыл кудум ошол сейил бактан жигиттери айткан жерден Ширинди акмалап турду. Бирок канчалык күтүп карабасын кыз өткөн жок. "Балким адашып алыштыбы? Же болбосо окшош бирөө. Эми кайрылып бул жолдон өтпөй калсачы? " - деген ойлор менен алпурушуп жатып кулагына тааныш күлкүнү укканда селт этти. Даана өзү. Бул Ширин. Булак үнүндөй шыңгыр эткен күлкүсү эчен ирет түшүнө кирип жанын беймаза кылып жүрбөдү беле? Шириндин бул күлкүсүн окшотуп алуусу мүмкүн эмес. Анткени мындай үн, мындай күлкү бир гана Ширинде бар. "Тирүү экенсиң!" - деди жүрөгүнүн түпкүрүнөн чыккан кубанычтуу бир үн. Бирок ошол эле убакта жанынан өткөн кыз менен бара жаткан жигиттен кызганып, ызааланып ичин кандайдыр бир жалын ээлеп ачуусу келип турду. Шек алдырбастан дароо алардын изине түштү. Ширинди калтырып өзү унаасына олтуруп кеткен жигит жөнүндөгү маалымат эртеси күнү кечке жетпей колуна тийди. Тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Алибеков Аскар Таабалдиевич деп башталган анкета менен милиция формасын кийип түшкөн жигиттин сүрөтүн кармап олтурду.
Ширин Аскарга улам байланып жашоосун жаңы тараптан көрө баштаган. Унутта калган жаркын, сулуу тарабын кайрадан сезип, андан ырахат алууну үйрөнүп жаткан. Дүкөндөн кайтып келе жатып маңдайында турган Акылды көргөндө колунда кармаган баштыктагы алмалары төгүлүп кетти. Ал эми Акыл болсо эч таң калган адамга окшобой жерде чачылып жаткан алмаларды шашпай терип жатты. Шириндин буттарын майда калтырак басып, колдору болор болбос титирейт. Тынч, бейпил жашоонун таттуулугунда мемиреп жашап жатып Акыл аттуу өмүрүндөгү чоң бурганакты унутуп салганын кара? Унутту бекен? Ооба эстебейт болчу. Атүгүл түк акылынан чыгарып салган эле го. Өз жашоосун мынтип жолуна салаарда пайда болгонун мунун. Чынында мынчалык оңой жол менен ал тордон чыгып кетүү мүмкүн эместигин билет болчу. Бирок Аскар менен баары жеңил, баары оңой сезилген...
-Жүр! - деди Акыл нес абалда турган Ширинди колдон жулкуп. Үйгө ээрчишип киришти экөө.
-Жашооң жакшы эмес, - деген Аскар бөлмөнүн төрүндө коюлган стулга олтурду. Босогодо турган Шириндин көздөрү жашка толуп турган экен. Сулуу, кумарлуу, жоодураган көздөр. Баягы биринчи жолу базарда көргөнүндөгүдөй ишенчек баё каректер...
-Эмне келдиң? - деди Ширин дубалга жөлөнө эки колун кайчылаштырып.
-Сага, - Акыл стол үстүндөгү баштыктагы алмадан бирди алып чөнтөгүнөн жүз аарчы алып чыкты да аарчып жатып сүйлөдү.
-Мага? Магабы э? Эми эсиңе түштүмбү мен? Эмнеге сен ошондо мен кармалганда эле келбедиң? Эмнеге мени абака түртүп салып жоголуп кеттиң акмак?!
Шириндин ичиндеги чогулуп жаткан ызаасы вулкандай атылып кетти. Көзүнөн катары менен тамып кеткен жаштарды колу менен сүртүп да жатты, сүйлөп да жатты.
-Мен сага ишенгем Акыл! Мени чыгарып кетесиң деп ойлогом. Сенчи? Эмне кылдың? Керексиз адамдай кол шилтеп басып кеткениң аз келгенсип, мени жок кылууга да буйрук бердиң!
-Эмнеее???
Акыл ордунан туруп Ширинге жакын келип аны эки каруудан алып өзүнө жакындатты.
-Ким айтты сени жок кылууга мени буйрук берди деп?
-Мен!
-Сага тиги менттин көзү түшкөн!
-Барчы! - деди Ширин Акылдын колунан бошонууга аракет кылып.
-Тур мындай! - деген Акыл Шириндин ээгинен карыштыра кармап көздөрүн тиктеди.
-Сени мен жок кыл дебегем! Мен сенин кармалганыңды эртеси күнү билдим. Билерим менен сени издөөгө өттүм. Бирок, сен кармалган жай жашыруун болгондуктан таап алуу оңойго турбады. Мен сени издөө менен убара болуп жатканымда жогору тараптан "Ширин баарын сатып кетти!" - деген маалымат түштү. Ошону менен бүт точкаларды жабууга туура келди. Кийин өз алдымча сени табууга аракет кылып жатканымда сени мент чыгарып кеткенин билдим. Демек сен өз башыңды ойлоп муну менен тил бириктиргенсиң! Сен корктуң, абактан корктуң, өзүңдү ойлодуң! Албетте бул сенин өңүңө кызыкты. Ээхх Ширин сенин могу сулуулугуң менен келбетиң мындай иштерде негизги куралың да! Же сени билбейминби мен?! - деген Акыл кызды диванга түртүп ийди.
-Акмак?! Өчүк болдуң сага чалганымда, анан мени кармап олтурган камерадан башка бөлүмгө которушту, ордума бөлөк кызды киргизишкен, бирок ал кызды эртеси асынган абалда табышты. Айтчы булар биздин иш эмес деп?!
-Биздин иш эмес Ширин!
-Акыл мен сенин бул чөйрөңдү билбейт дейсиңби? Силер качан эле кармалган бирөөнү сактап калууга аракет кылгансыңар? Керек болсо түрмөдөн ары жок кылып саласыңар го?!
-Сени алып чыкмакмын! Анткени сен биздин чөйрөдө мүчө гана эмес, керектүү өзөгүн түзгөн негизги фигура болчусуң! Сенден пайдаланышты! Бул ментиң сенин психологияң менен ойноп сени оңой эле окуп койду. Анан тиги жалган оюнду уюштурушкан. Камерадагы кыздын өлүмү милициянын иши. Кантип эле бул тергөөчү сага ишенип калды деп ойлойсуң? Жоок Ширин, булар сен аркылуу мени, жогору жакты кармоону көздөп жатышат. Сенин биздин топтун адамы экениңди билишкен соң план түзүшкөн. Жалгыз сени абака кескенден пайда жок. Андан көрө мынтип олтуруп мени кармашса, анан мен аркылуу башкаларына өтөт. Бул мага беш колдой белгилүү болгон менттердин тактикасы!
-Жок! - деди Ширин оозу бош ишенимсиз.
Анткени өзү да өз бактысына ишене албай "кантип эле Аскар мени сүйүп калып чыгарып кетсин?" - деп көөдөнүндө бир шектенүү менен жүргөн.
-Сен неге өз ысымыңды менден жашырдың?
-Жолборс! Бул менин ысымым эмес. Паспортум гана ушул. Мен Акылмын.
-Ишенбеймин! - деген кыз ыйлап жатты.
-Сен экөөбүз жөн гана бири - бирибизди тааныбас адамдардай жашап кете албайбызбы? Мен сенин алдыңдагы карызымдан кутулдум. Демек мени жайыма коёсуң. Мындан ары өз жашоом менен жашоомо тоскоол болбо.
-Ширин, Ширин кандай гана ишенчексиң али да. Азыр мен сени жайыңа койсом эле баары жакшы болот деп ойлойсуңбу? Жоок адашасың сулуум! Сенин жашооң азыр менттин колунда! Түшүнүп жатасыңбы? Милиция! Булар сени биз үчүн кармап турушат. Мына сенин сүйгөнүң эгер ишенбесең! - деген Аскар чөнтөгүнөн кагазга оролгон сүрөттү Ширин алдына ыргытты. Титиреген колдору менен апакай кагаздын ичиндеги сүрөттү ачып көрдү. Аскар экен. Башына калпак кийип жадырап күлүп түшүптүр. Жанында болсо аппак жоолугун үлбүрөтө салган жаш келин. Экөөнүн бактылуу экендиктери көздөрүнөн жада калса ушул сүрөттө билинип тургансыйт. Ширин сүрөттү карап көпкө олтурду.
-Аныңдын үй - бүлөөсү бар!
-Мен билген жокмун...- кыз шыбырады.
-Ширин кеттик! - Акыл Шириндин жанына олтуруп кызды кучагына басты.
-Кетчи! Акыл кетип калчы! Баарыңар кеткиле! Эмнеге мен? Айтчы эмнеге мен? Бул жашоодогу болгон саткынчылык менен жамандык эмнегн менин гана башыма келет? Эмнеге баары мени тебелеп кетишет?
-Чышшш! Болду кетебиз. Кеттик!
Акыл шолоктоп ыйлап жаткан кызды кучактап олтура берди.
Шириндин эми гана жакшылыкка ишенип, кубанганды үйрөнө баштаган жүрөгү кайрадан мерездикке толуп баратты...
#114 05 Апрель 2021 - 03:13
*********
-Ширииин?! - Аскар ачкыч менен эшикти ачып жатып кубанычтуу үн катты.
-Уктап жатасыңбы уйкучу? Кечирчи бүгүн кармалдым. Жумуш көбөйүп.
Аскар эшик оозунда бут кийими менен күрмөсүн чечип жатып сүйлөп жатты. Үй ичи кулак мурун кескендей жымжырт.
-Шириииин?!
Бөлмөгө өтүп эле жарыкты күйгүзгөн Аскар катып калды. Үй ичи чачылып жатыптыр. Шириндин кийимдери ар кай жерде. Аскар эч нерсени түшүнгөн жок. Чуркап ашканага өттү. Бул жак да тыптынч. Аскар кайра бөлмөгө өттү, чачылган буюмдарды аңтарып бир нерсе издеп жаткансыды, бирок эмне өзү деле билбейт. Болгону "Ширин качып кетти!" - деген бир ойду жакындаткысы келбей чый - пыйы чыгып жатты. Сыртка чыккандыр деген үмүт менен чуркап сыртка чыкты. Чыгып алып кайда бараарын деле билген жок. Күндө Ширин барчу дүкөнгө жөнөдү. Ал жактан да тапкан жок. Анан оюна экөө күн сайын кечинде сейилдеп басчу сейил бак кылт эте түштү. Кубангандай ошол жака чуркады. Кудум Ширин ошол жакта жүргөндөй шашып, өпкө - өпкөсүнө батпай чуркап келди . Сейил бакты айланды, жада калса ар бир дарактын астын карады жок!
-Ширииин! Ширииин! - деди шыбырап ый аралаш. Олтургучка башын мыкчып олтура кетти. "Кантип? Кетип калдыбы? Ширин андайга барбайт да! Уурдап кетиштиби?" - дегенди ойлогондо ийне сайгандай атып турду да үйгө чуркап жөнөдү. Үйдүн эшиги ачык бойдон калган экен. Чакан бөлмөдөн дагы бир нерсе издеп баарын аңтарып жатты. Анан дивандын үстүндө жаткан өзүнүн сүрөтүнө көзү түштү. Титиреген колдору менен сүрөттү кармады. Бул кайдан жүрөт бул үйдө? Өзү колуна кармабаганына көп болгон экен. Колдору менен сүрөттөгү келинди аяр сылап койду. Мына эми түшүндү баарын. Шириндин чындап кеткенине эми ишенди. Сүрөттү көкүрөгүнө басып алып полго көмкөрөсүнөн кулады.
-Фарида! Сен баарын көрүп тургандырсың? Карачы сенден башка эч кимге керек болбой калдым! Көзүнөн тамган жаш сызылып кулады...
Мындан бир канча жыл илгери болуп өткөн окуя көз алдына келди.
Анда Аскардан өткөн бактылуу адам жок эмес беле? Дүйнө көзүнө тегиз көрүнүп жашоосу түгөл болчу. Фарида менен жаңы гана баш кошуп бактылуу үй бүлөө катарын толуктагандарына эки айдын жүзү болгондо Аскар жаңы кылмыштын бетин ачып жумушунан көтөрүлгөн. Ошондогу Фаридасынын кубанганы ай. Аскардын бул ийгилигинин акысын Фарида өмүрү менен төлөөрүн ошондо экөө тең билген жок эле. Жайдын салкын кечинде Аскар менен Фарида машина менен сейилдеп жүрүшкөн. Фарида шоктонуп унааны айдап алган эле. Башына болсо Аскардын жумушта кийген баш кийими. Чоң трассада орточо ылдамдык менен бара жатышканда капыстан жандап өткөн кара эки унаадан ок атылып так эле Фариданын башын жарып өттү. Ага удаа эле Аскар тарапка ок атылып ал көкүрөк тушунан жарадар болду. Унаа болсо бир оодарылып барып жол четине чыгып кеткен. Ошол бойдон Аскар жандандыруу бөлүмүндө көзүн ачты. Көзүн ачаары менен оозуна келген биринчи сөз да Фариданын ысымы болгон. Көздөрү шишиген апасы менен атасы уулунун башын кучактап кайрат айткандан башкага жарашпады. Ошентип күнөөсүз келинчеги бул чөйрөнүн курмандыгына айланган. Мына ошол күндөн тарта Аскар түнт адамга айланды. Бирок жумушун таштаган жок. Кайра ансайын көгөрүп, Фариданын жанын алган адамдарды, ошол уюшкан кылмыштуу топту кармайм деп максат койгон эле. ..
*********
Ширин кайра келди бул чөйрөгө. Мурункусундай эч нерсени билбеген адамдай өз жумушу менен алек. Акылдын сунуш кылган чоң суммасы Ширинди жолдон азгырды. Көрсө адам баласы үчүн акча кумарынан өткөн азгырык жок туура. Болгон сайын болсун деп, көпкөн сайын дагы дейт экенбиз го. Ошол сыяктуу Ширин да түшкөн акчаны көргөндө баарын унутту. Керек болсо бул акчалар үчүн кимдерди курмандыкка чалып, кимдердин жашоосун талкалады экен. Денесин сатып иштегендер, чет өлкөгө окууга, жумушка баратабыз деген аруу тилек менен сатылып кеткен кыздардын көз жашына келген акчалар Шириндин жашоосун кооздоп жатты. Наркотикке олтуруп калган өспүрүмдөрдүн өмүр акысына Ширин жыргап жашап жатты. Канчалык көп акча кармаган сайын, Ширин ошончолук чоң күнөө иштерди жасап жатканын өзү да аңдабай калды. Кымбат сауналарда мажбурлап сойкулукка иштетип жаткан кыздардын канчасын аборт кылдыртты экен... Айтоор Ширин башка жашоодо, башка Ширинге айланды.
Аскар болсо ошол бойдон Ширинди издеген жок. Анын кайда ким экенин билсе да кол шилтеп койду. Кыздын өзүнө айтпай, атүгүл бир ооз айтып коштошпой басып кеткенине ызаланды. Жок, чынында сынган үмүтү үчүн жаны кейиди. Ширинди сүйүп калган болчу...
Жуунучу бөлмөдө колдорун ушалап олтурган Ширин бир убакта тестти колуна алды да кубангандан көздөрүнө жаш айланып колдору менен оозун жаба калды. Эки сызык!
-Акыыыл? - чуркап кирген Ширин уктап жаткан Акылды колдон тарта жулкулдатып жатты.
-Акыыыл дейм! Ойгонсоң!
-Жөнчү жаным! Өзүң барып келе бер дүкөнүңө. Мен бүгүн эс алайын!
-Жоок, дүкөн эмес! Турсаң?
-Айта берчи анда!
-Жок, сен көрүшүң керек!
-Айт дейм!
-Туур! - Ширин Акылды колунан тартып олтургузду.
-Ии айтчы батыраак?
-Муну карачы? - кыз колундагы ичке тестти сунду. Акыл колдору менен көздөрүн ушалап алып тестти карады да кайра Ширинге сунду.
-Кимиси? - деди төшөгүнө кайра баш коюп.
-Кандай кимиси? - Ширин Акылдын бул аракетине таң кала сурады.
-Кыздардын кимиси кош бойлуу?
-Жинди го бул! Кыздар эмес.
-Анан?
-Меен!
-Эмнеее??? - Акыл ордунан ыргып турду.
-Кандай сен?! - деген жигит кудуңдап сүйүнүп турган кыздын колундагы тестти жулуп алып кайра карады.
-Ушундай эле мен. Мен кош бойлуумун.
-Сенин акылың ордундабы? Эмне деп дөөрүп жатасың?
-Акыл сага эмне болду?
-Муну кара мага эч нерсе! Сагачы? Сага эмне болду?
-Эч нерсе!
-Ширин, бул кимдин баласы?
-Сен жиндисиңби эмне? Менин балам, сенин балаң бул?! - Шириндин чыдамы кете бакырып жиберди.
-Менин!
-Акыл, мен сенден башкага жолобоймун муну билесиң! - деген кыз Акылга жакын келип көздөрүнө карады.
Акыл айласы түгөнгөндөй башын мыкчый кайра ордуна олтура кетти.
-Эмнеге кубанган жоксуң Акыл? Биз үйлөнөбүз. Бала биздики.
-Ширин сага баары оңойбу? Мен сага берген таблеткаларды эмне ичпедиң?
-Эсимден чыгып кеткен аларың качан эле, - деди Ширин диванга буттарын кайчылаштыра олтуруп жатып.
-Акмак кыз! Сен ойлонуп жатасыңбы кандай бала төрөлөөрүн?
-Кандай? Калимкидей бала. Сени билбейм эмнеге сарсанаасың, мен кубанып жатамын, - деген кыз жылмая курсагын сылады.
-Тентек мен наркоманмын! - деди Акыл Ширинди жулкулдатып.
-Эмнеее??? Сен мага таштадым дебедиң беле?
-Мээси жок, наркотикке көнгөн адам оңой эле таштап коёт бекен?! Каерден көрдүң мындайды? Керек болсо сен экөөбүз бир болгондо да дозада болгом дайым!
Ширин турган ордунда катты.
-Ширин баланы тезинен алдырып салуу керек. Билесиңби майып бала төрөлөт. Бүгүндөн калбай өзүбүздүн дарыгерге жазылып бар! Уктуңбу?
Ширин бир сөз сүйлөөгө чамасы келбей башын ийкегилеп олтура берди. Эч эле моюндагысы келбей турду. Такыр курсагындагы баласын алдыргысы келген жок. Курсагында бала пайда болгонун билгенден бери бир эле саат өтсө да ал бала Ширинге ушунчалык жакын болуп калды. Атүгүл ымыркайына ысым тандап, аны кучагына алып балкып эмизип жатканынан бери элестетип албады беле? Анан эле бул эмнеси? Эмне деген сыноо? Эмне деген жаза? Кантип жүрөгү менен тең болуп этине жармашкан чүрпөсүн жулдуруп ажал колуна салып берет? " Оо кудайым!" - деген Ширин онтоп жиберди. Колунан жетелеп өзү карап туруп аборт кылдыртып келген кыздардын соолуган гүлдөй кумсарган жүздөрү көз алдына келди. Ар бири бирден тартылды. Жанынын ооруганы бир тең, баласынан ажыраганы бир тең болуп дүйнөсү эңшерилген ошол кыздардын абалына эми мынтип өзү түшүп олтурат. Бир жагы оюлуп желип кеткен сайга окшоп коңултуктап ээнсиреп, эриндери кеберсип, жек көрүү менен ызаа толгон жаштуу каректердин баары бирден Шириндин көз алдына келди...
Дарыгерге кезеги келген Ширин ошол өзү эчен ирет кирип жүргөн "ажал" бөлмөсүнүн босогосун аттай албай турду. Анын ичинде колуна кол кап кийип турган дарыгер Шириндин көзүнө жан алгычтай эле көрүнүп жатты. Акыры терең дем алды да башын бийик көтөрө кирип кетти. Ичкериде дарыгер менен сүйлөшүп баланы алдырткан жок. Ал эми Акыл сураса аборт жасалган деп коюсун дайындап, акча карматып чыгып кетти. Шашыла ооруканадан чыгып баратып курсагын кармалап кудуңдап алды. Желкесинен тоону алып салгандай жеңилдей, бактылуу кадам таштап айлананы кубануу, сүйүү менен карап бара жатты. Ооба Ширин баланы алдыруудан баш тартты. Бала майып төрөлсө да ыраазымын деди. Баш тартпайм бул менин күнөөм, бул менин жазам деди өзүнө. Балким кетирген каталары үчүн өзүн ушинтип жазалап, ушул жол менен кайра актап жаткандыр...
(уландысы бар)...

#117 05 Апрель 2021 - 22:35
Оооо маладец жаным, уландысын кутомго же бугун бутуп кетеби а.