бугун жакындарыма айткан созум учун окунуп отурам, оздору аран журсо эмнеге журокторун оорутуп урушуп кеттим экег, эми уктац албай кыжаалатмын,
жакындарымдын журогун ооруткум келчу эмес бугун эмнеге ооруттум
Монолог Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#5944 03 Декабрь 2021 - 14:42
Да ёпрст...кээде ушшшшундай бир,бир ушшшшундай таракан адам жаныдакенин билбей калаткенсин!
#5947 04 Декабрь 2021 - 00:18
Монолог... бул жерге канчабыз жазабыз... вроде баары адам,бирок баарында башка башка тагдыр... Эгерде дебеш керек билем,бирок айласыздан айтат экенбиз... ушул акылым ошондо болгондо азыр минтиип отурбайт элем,тарсылдап турмушума тын жашамакмын,
ата-энемди мынчалык журокторун оорутпайт элем,мейли ушул тагдырга да шугур...
#5948 04 Декабрь 2021 - 02:44
Сыртыбыздан кыйын көрүнгөнүбүз менен ар бир адам жалгыз, телегейи тегиз эмес. Ар кимге бирдеке же бир адам жетпейт...издейт,
эңсейт,сагынат.
Билдирүүнү түзөткөн: Geroina: 04 Декабрь 2021 - 02:45
#5949 04 Декабрь 2021 - 02:46
#5952 04 Декабрь 2021 - 21:53
#5953 05 Декабрь 2021 - 09:10
Ээээх.Монолог эмнесин айтайын.Мага бир нерсе жетишпей жаткансыйт.
Эмне экенин озум да билбейм.Ойлоно берип журок оорулуу болуп бутмой болдум.Ойлогонум бир жарытылуу нерсе болсочу,кайдан андай эмес.Болбогон эле бир ойлор.Бала менен алаксыйсын дейт жок.Кичине ыйласа эле башым ооруп чыгат.Эч кимдин созу жакпай калды даже куйоомдуку да.Кайнимдин тамак барбы деген созун уксам эле нерв болом.Кайненем не болду,айт дегенде озумду аран кармап турдум ыйлагым келип.Ыйлаганга себеп деле жок озу.Кундон-кунго чунчуп баратам тунт болуп.Озунчо эле бук болуп,тамагымда бир нерсе туруп алгандай.Кыйкырып кыйкырып алсам кетээр бекен?!Бул эмнеси ыя?Депрессия дегени ушулбу???
#5954 05 Декабрь 2021 - 09:21
Эркелегим келди, эркелеткенинди сагындым, кучтуу болгондон чарчадым, ыйымды жашыргандан чарчадым. Бактылуу кундорубузду сагындым. Алсыздыгымды кучтуу болуп жашыргандан чарчадым. Сени жакшы кором, сенден мага суйуу, аярлоо жетишпей жатат, аны сезбейсин. Ичимдеги бугумду кулку менен жашырып журуп, айласыздан ошол корунуш адатка айланып калды. Сени гана суйоорумду билбейсин. Сенден болунсом деле башка адамды издегенге шашпаймын, издей дагы албаймын. Бактылуу болушунду дайыма каалаймын, балким озум бактылуу болгум келет. Окунучтуу...
Билбейм. Ойлорум чачыранды, эмне каалаганымды,
эмне кылып жатканымды деле билбейм. Манызсыз, кунарсыз кундор. Баарын жашырып, баары тегиз болуп корунгонум менен, озумдун жан дуйномдо баары бир алсыз, сыйкырга ишенген бир кичинекей кызмын. Бир сыйкырчы келип мени кокко алып чыкчудай, ар дайым аны кутуп келем. Журогум канчалык ооруп, жан дуйномдогу ошол кичинекей кыз канчалык сенин жылуу кучагынды кутконун билдин бекен? Эмне учун жашоомдо сени биринчи орунга коюп алганымды озумда сезбей калдым. Жашообуздун аягы эптеп турмуш куруп алсак анан калганын коробуз деген менен чектелбейтко?
Таарынганды,
ыйлаганды, эркелегенди мага берчи, менден жок дегенде ушул алсыздыкты талашпачы суранамын. Мен жалган айтпаймын сага, мен соз берсем дайым созумо турамын. Созуно тура албасан мага умут берип жалган айтпачы. Тушунбостук.
. же тушунгубуз келбейби бири-бирибизди?
Мени жалгыз таштабачы, менин ойлорум, кыялдарым менен бирге болчу. Жок дегенде сен менин алсыз экенимди сезчи суранамын...
коз жашымдын тамчылаганы кубанычтан гана болушуна мумкунчулук берчи. Сени жакшы кором, бирок бул корунуш менен кетсек, мен сени туболуко койо беремин. Сенден алыс кетем. Мени кое бербечи сураным. Ойлорумдан чыгып кетишине жол бербечи. Менин бактылуу болушума себепчи болчу. Сени менен туболук бирге болушума себеп болчу. Сени жакшы кором шириним. Менин жан дуйномдогу кичинекей кызды бактылуу кылчы.
#5958 07 Декабрь 2021 - 11:11
Аргасыздан кайра сени эстейм. Мени чын дилиңден сыйлаган, урматтаган,
чын, таза жүрөк менен сүйгөн бир гана сен болгон экенсин. Ар бир кыймылымдан,
көзүмдүн ирмелгенинен эмне каалап жатканымды түшүнчүсүн.
Эч бир сөзүм, маанайым көз жаздымда калчу эмес. Сени тааныгандар айтышты, карачы турмуштан жолу болбой кыйналып жүрөт, сени алса деле жарытмак эмес экен дейт. Жок, экөөбүз бирге болсок балким жашообуз жеңил болмок, анткени көз караштан түшүнчүбүз бири-бирибизди.
Сен да кыйналмак эмессин, мен да азап тартпай көңүлүм жай, ошондогудай жаш бала кыял болуп, бактылуу жашамакпыз.
Эмнеге бирөөлөрдүн сөзүнө азгырылдым,
көңүлүңдү ооруттум, жүз буруп кеттим, сүйүүбүздү бир күндө жок кылып салдым. Той күнү чалып ыйлаганың азыр да эсимде. Ошол көз жаштардын убалы эми тийип жатабы деп ойлойм. Андан кийин өзүм канча көз жаш төктүм, жаздыгым көл шал болгуча ыйлап таң атырдым. Мен сени ыйлаттым, көп өтпөй мени ыйлатка инсан пайда болду жашоомдо. Ага жипсиз байландым да калдым. Сенсиз бактылуу болом деп жаңылышканымды кеч сездим, өтө кеч. Кеч болсо да мени кечирчи, кечирип койчу бактылуу болойун...
#5959 07 Декабрь 2021 - 22:57
Баарыныздарга рахмат.
Аттарын Жылдызбек,Жыргалбек койдук.
Биринчисинде Актилек,Нуртилек деп койгон элек.
Аттарын Жылдызбек,Жыргалбек койдук.
Биринчисинде Актилек,Нуртилек деп койгон элек.