Баштыкты таштап чыгып кетти. Кийинки кезек шыкылыктаган Апал эжемки экен. - Ай, Өкмөт, күйөөңө мени да жаздырып кой, тиги гумжардамга 10 кил
шекер, 25 кил ун бар экен деп уктум. - Эжеке, аны көп балалууларга,
ветерандарга берет го... Мен кайдан билейин, же контордо иштебесем.
- Жерге кир! Өз баркыңды өзүң билбейсиң, байкуш. Сени Өкмөт баланын өкмөтү дейт, эриңди башкара албасаң, бул жерде эмне олтурасың? Служанкасыңбы,
ыя? Макул, көп балалуулар алсын, 10 кил шекерди алган катындын жанагы жалмаңдаган балдары туш-туш жагынан чыгып, эки эле күндө аягына чыкпайбы, ботом. Андан көрө мага беш килин берсе, эртеңки келген мейманга салган
атпайымынбы.
Эриңе айт, 10 кил болсо, 5 кил эле экен, 20 кил күрүч болсо, 10 эле кил экен десин элге. Ботом, май кармаган бармагын жалайт, оокатты азыр көбү эле ушинтип табат, -деп мени ойго салды. Чындап тизме жаза баштадым. Алчу жардам мүшөгүмө батар бекен дегенсип, колуна мүшөк кармап Койчу акем да келди: "Ээ, балам, бу силердикинде гумжардам таратып жатат дегенинен баш бактым эле. Эшигиңердин алды бака-шака түшкөнүнөн.
.."
- Аке, гумжардамы
келээри да белгисиз.
- Ээ, балам, уктум го. Эл жазылган тизмеге мени тизип кой. Эмине, коросо түрктөрдүн пулу коройт. Өмүр экөөңөрдүн эмнеңер кетип атты эле, ага-тууган киши болсок.
Суугуна тоңуп, ысыгына күйүп ушул колхоздо отуз жылы мал бактым...
Тизмеге Койчу акемди бадырайта жаздым. Менин барагым баш аягы отуз кишини камтыды. Өмүр жумуштан келгенде тизмени алдына таштадым. "Кайдагы
гумжардам?"
- деп таңкалып көзүн
бакырайтты.
Аңгеме-азил мыскылдар
#42 21 Апрель 2013 - 20:48
- Кайдагы, эртең келе турган. Айылдагы "азаттыктар"
айтышты. Үйгө келип жазылып кетишти. Жолдошум гумжардам таратуу үчүн комиссия болоорун, бул тизме
жарабасын айтты эле, мен алиги Апал эжемен, Койчу акемен уккан сөздөрдү автоматтан
аткан октой бадыраттым. Өкмөт бала башын мыкчып олтуруп бир топтон кийин мага
багынды.
- Болуптур тизмеңди
көрсөтөйүн, - деди.
"Азаттыктар" айткандай эле, эртеси отуз гана кишиге гумжардам
келиптир. Ары талашып, бери талашып жатышып
жыйырма кишисин
комиссия жазды да,
аргасыздан менин отуз кишимди кошуп, он кишинин санын ортодон Орунбай аке таап,
баардыгы 60 адам
гумжардам ала турган болду. "Тең бөлүшкөндү теңирим жалгаптыр" деп бирди экиге бөлдүк. Көп балалуу Көчкөндүн он кил күрүчүн Орунбай аке
өзүнө алды, Багаары жок Базарбайдын беш кил шекерин, алып сатаар Алтынга, согуштун ветераны Бердикенин алты кил майын, мектептеги маалим эже Майрашка акыркысын берип коюшту. Түрктөрдүн жардамын таркатарда тачкесин
сүйрөп доктур Досумбай, маалим Марат, секретарыбыз Семетей, эски башкармабыз Эсен, мурдагы парторг Мукан дегендер деле келишип куру кол кеткен жок. Гумжардам жетпей
калгандарга эмкисинен аласыңар деп сооротуп жатышты. Көчкөн бир нерсе айтчуудай оозун таптады эле Орунбай омуроолоп койду: "Колуңа тийгенин алып кете бер, бул сенин атаңдын ары жактан жиберген баселкеси эмес!"

#43 21 Апрель 2013 - 20:49
Эми айылдагы "азаттыктар"
алыскы Америкадан кө-өп жардам келет экен деп жатышыптыр.
Жакын-жукундар жазылганы келе башташты. Кокус бир адамга бир шым
келип калса, кандай
бөлүштүрөбүз, ыя,
Өмүке? Айрабызбы?
келип калса, кандай
бөлүштүрөбүз, ыя,
Өмүке? Айрабызбы?
#44 22 Апрель 2013 - 12:30
Азаматсың, ROUSE! Аңгемелериң мага жакты! Талантың ташкындай берсин!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#46 22 Апрель 2013 - 16:55
Бүбүш апа былтыртан бери айыл ичине атына заты жарашып эмчи-домчу катары тааныла баштады. Ачкыл ууртап алып айланасындагы адамдарга атырылмай адаты бар эле, анысын да койду. Aнтпегендечи,
элдин баары эле кара курсактын камын ойлоп эмгектенип,
улам бири бизнестин түрүн ойлоп таап жатканда!
Ушул бөрү заманда эмчиликтин дагы жашоодо чоң ролу бар турбайбы!
Келген адамың, "куру аякка бата жүрбөйт" деп, томпойтуп баштыгын көтөрө келишет экен, пенсия тийбей жатканда бир тоголок чай алып келсе дагы пайда эмеспи. Бүбүштүн негизги чоңдорго күчү көп жете бербейт, айылдагы
жашка толо элек балдардын тизмесин
дептерине жазып алып, эриккен күнү
пациенттерин бирден чакырат:
жашка толо элек балдардын тизмесин
дептерине жазып алып, эриккен күнү
пациенттерин бирден чакырат:
#47 22 Апрель 2013 - 16:58
- Төлөнбайдын алты
айлык кызынын киринеси бар экен, келип көрсөтүп кетсин. Кырбаштын баласынын башы кыйма болуп кетиптир, эмдетип кетсин. Кырбаштын аялы күшүлдөп-бышылдап баласын көтөрүп, койнуна жапонский жолугун катып жетип келет.
"Элдик Mедицинанын" алдыңкы методу боюнча кыйма болуп чачы түшкөн балага эшекти сүздүрүп, баланын
топусуна жем салып,
эшкке жегизет экен.
Ошондо жарыктык эшек жаныбардын дагы эмчилик касиет барбы же шилекеий дарыбы, айтор, алиги баланын чачы жаздын күнкү жамгырдан кийинки
шибердей эле өсөт экен. Анан Бүбүш апам Кырбаштын баласын көтөрүп, ичинен улам-улам дубасын күбүрөп, эшек жаныбарга сүздүргөнү жакын алып барганда жем үмүттөнүп жатканбы, анысы бакырып ийсе болобу! Узун кулактын ариясынан чочуган бала жүрөгү түшүп ээси ооп калыптыр, алактаган Кырбаштын аялы баласын шалактатып доктурга көтөрүп кетти. Көксөгөн жемине жетип, алдейдин топусун жем баштык кылып эшеги бир пациенттин бекер кетиргенине кейип, эси жок эшегин тилдеп, Бүбүш апам калды.

#48 22 Апрель 2013 - 17:00
Күндөрдүн биринде Козубайдын келинчеги тили чыгып сүйлөп турган баласын жетелеп келди. Бала кусуп, чекеси ысып турган экен. Бүбүш апабыз "сүф-фтөн"
үч кайталап дем салды эле, ага ыраазы болгон келин баласына: "Мындан ары таанып жүр, бул кайсыл чоң апа экен?" - деп сураса, тиги шаш-паай туруп: "Бөтөлкө жытанган апа", - деп жооп берсе болобу. Көрсө "дарыгер"
апасын наристелер
жакындан сезет тура. Бүбүш апабыздын "процедурасы" ушунда-ай!

#50 22 Апрель 2013 - 17:07
Элет жери экендигине карабастан күн өткөн сайын эсте каларлык окуялардын күбөсү болуудабыз.
Өткөөл
мезгил алкымдап турганда, биздеги "Тапалак бүйрөнүн" ачылышы, албетте, чеке жарылгандай
кубанаарлык саамалык. Айылдагы чал-кемпирлер, бала-бакыра тил сындырып кыйналбасын деп орустун "бюро находок" деген сөзүн кыргызчалаштырып
алдык. "Тапалак бүйрө" айылдын борборундагы клубдун жанынан орун алып, дем алышсыз иштейт. Анын салтанаттуу ачылышы жакында
болуп өттү, ага бүйрө мүчөлөрүнө башкa жоготкон буюмун издеген адамдар катышты.
"Тапалактын" чакан
коллективи алты адамдан турат. Жетекчиси Алдымбүбү, өзүнүн түнкү жортуулдары менен коомубузга белгилүү инсан. Алдыңкы тапалактар: баласы Жулдумбек, кызы Жымырдым. Булар кызмат учурунда өз ишинин көзүн билгендигин, шамдагайлык, тайбастык, алгырлык айлакерлик сыяктуу сапаттарын көргөзүүдө. Алардын девизи: "Жоктон барды табабыз!" . "Тапалак бүйрөгө" талапкер болгондордон жогоруда биз атап өткөн сапаттар талап кылынат. Эки танооң жакшы иштеш керек, орусча айтканда "собачий нюх" болууга тийиш, айына иштеп тапкандын 100% сеники, кокусунан гана "таап алган" учурда буюмдун ээсине көрүнбөсөң болду. "Тапалак бүйрөнү" ачуу идеясы мурда эле бар болчу. Тымызын
кыймылдаган Алдымбүбүнүн иши оңолуп, жокчулук менен жайма-жайлык берендин чырагына май тамызбадыбы, эмесе, Алдымбүбүнүн күндөлүк түйшүгүнөн бир фрагмент келтирели:
- Бир күнү Сакиш сатып алган иранский таштегин жоготот. Ары карайт, бери карайт, акыры бирөөнөн Алдыкенин "шайтандары" көтөрүп кеткенин угат. Үйүнө барса Алдымбүбү "көргөн
жокмун" деп ачыбаган камырдай мелтейет. Кызы Жымырдымдан да ушундай жооп болот. Көпкө созулган арбашуудан кийин,
Сакиш кроваттын жабуусун ач салса бажырайып таштеги турат дейт. Ачуусу келген Сакиш: "Бул меники эмей кимдики?" - деп Жымырдымды таштек менен төбөдөн ары салса жарыктык желим жарылып кетип, кыздын башы таштектин ичинен чыга түшкөн экен. Ошентип Сакиш таштегин ыргытып ийип, үйүнө куру кол кайтыптыр. Мындай окуяларды санаса, көп эле сөз айтылгыдай. Эмесе, туугандар, биздеги
"Тапалак бүйрөнүн"
жайы ушундай. Бир
өкүнүчтүү жери, бул
бүйрө жоголгон
документтер туралуу иш алып барбайт. Ким эмне жоготсо тапалактарга шашылгыла.

#52 22 Апрель 2013 - 17:12
"Арпалуу"
айылынын кеңсесинде Аксакалдар сотунун жыйналышы башталды. Адегенде катчы Аманбай чыгып мындай деди:
- Жолдош айылдын
аксакалдары! Азыркы жыйым-терим иштерине байланыштуу бүгүн чогулушка көп киши катышпай калды. Аларды кечиримдүү себептер менен келбей калды деп, жыйналышты баштай берели. Бүгүн күн тартибинде каралуучу эки маселе бар. Биринчиси, Мөндүрбайдын кемпиринин жоругу, экинчиси, Союзбектин адамга жагымсыз кылыгы.
- Эмесе, жолдоштор,
ушул алты аксакалдын бир добуштан колдоосу
менен жыйналышыбызды
ачсак. Биринчи маселе боюнча сөз төрагабыз Арпабай абышкада.
- Урматтуу аксакалдар! Арпалуунун тургуну Мөндүрбайдын кемпири Жүзүмкан айылыбыздын бетине көө жаап олтурат. Ал 2000-жылдын 15-сентябрында акимибиз Кыргыйбай
Буудайыковичтин короосуна бийиктиги эки метр келген дубалдан ашып түшүп, үйүнө кирип барган. 73 жаштагы бул кемпир жакшы ой менен барбаганы бештен белгилүү болду. Натыйжада кемпир кеткенден эки күндөн кийин ары-бери чуркап, ичи өрттөнүп чабалактап, кудайга үнү жетип кыйкылдап, "температура" болуп, кечинде жаткан жеринде, ушул үйдө отуз жыл жашаган дөбөт Бөрүбасар бул дүйнө
менен кош айтышкан.
- Биздин алдыдагы
максат - Жүзүмкандын жүзү каралыгын, мыкаачылыгын эл ортосуна салып, мындай иштерге чек коюу. Балким, ал урматтуу Кыргыйбай
Буудайыковичке покушение жасаганы баргандыр. Мүмкүн, бир террористик акт
даярданып, жаткан
адамдар жибергендир. Баардыгына сак болуп, кылдаттык менен таразалашыбыз керек.

#53 22 Апрель 2013 - 17:19
Айыпкер кемшеңдеп жашый түштү:
- Ээ, ботом, бакушение дегендей, мен ачка калганыман барыптырмынбы. Кудайга шүгүр, уй саап олтурам, балдарым бар, казаным оттон түшкөн жок, сүт ичебиз. Мен бир мекемеде отуз жыл иштегем, алганым үч жүз сом. Акимибизди чет өлкөгө барып, айылдан колу бошобой жатканынан, конторго олтурбаганынан, пенсиямды жогорулатып, гумбомошко жазсын деп арызданып баргам. Чоңдордун карылыгы жетип өлгөн итин да менден көрөсүңөрбү? Балким, ал ууланган чычкан жеп өлгөндүр? Мен кеткенден эки күндөн кийин өлсө,
кайдан мен өлтүргөн
болом? Менин тагдырым дөбөттүн өлүмүнчө да жокпу, ээ, калайык? Арпабай сот кемпирдин тескери түшүнгөнүнө кыжыры келип, олурая карады да:
- Айыпкер Жүзүмкан,
сөздү бөлбөңүз. Сизди акимге кол салганы барган, же болбосо "сакалчандар" менен байланышы бар деге божомолдоолор болуп жатат, - деди.
- Ии, каран күн, мен
акимде же бир тыйын аласам болбосо, же уруш-талашым болбосо, эмнеге кол салат элем. Же башыма кийген байпак, колумдан мылтык кармап алыптырбы.
Сакалчандардан үйүбүзгө Ташбай эле кирет. Аким жөнүндө бир ооз жаман сөзү жок.
Аңгыча залдан Алакуш тура калды:
- Э, Жүзүмкан, туура
түшүн. Мага таарынба! Аялдар апасный келесиңер. Ыраматылык Ленинди Каплан деген катын атканын билесиңби? - деди да, "кандай дейсиңер" дегенсип эки жагын карап койду. Берки бешөө ырас дегендей баш ийкешти. Сөздү Арпабай тыянактады:
- Негизинен алганда
Бөрүбасардын өлүмү
табышмак болуп турат. Муну дагы изилдеш керек. "Кыңыр иш кырк жылда билинет" дейт. Бул ишти "кырк чорого" тапшырабыз. Айыпкер Жүзүмкан, сиз пайгамбар жашындагы адамсыз. Сакалды сүйрөп милийсада жүргөн уят иш. Ошондуктан "кыргызча" сүйлөшүп, бул кылмышыңызды аким менен өзүңүзчө
бүтүрүңүз. Милисага
бизде террористтер жок деген кагаз жиберели. Жолдоштор! Биз биринчи маселени талкуулап бүттүк. Эми экинчи маселени карайлы. Күз келип күн жаап жаткан учурда комбайнер
Союзбек айылдагы
жалгыз комбайнды бузуп салып, ошонун саатынан бир топ адамдын бир нече гектарлаган жери чабылбай калган. Жолдоштор! Союзбек комбайнды убагында оңдосо болот беле? Муну кандай карайсыңар? Кээ бир кишилердикин тааныш аркылуу, без очеред, арагын ичип, анан чаап берген деген билдирүүлөр бизге келип түштү. Союзбек, сен эмне дейсиң?
- Элдин сыйлап берген арактарын эле ичкем. Тааныш аркылуу чапты деп жөн эле айта беришет да. Комбайн бузулганда гараждан запчасть таппай койгом. Шаардан сатып алайын десем, акча жок.- Гаражда ушул күндө кайсыл запчасть болсун. Кароолчу Кеңеш баарын сатып бүтпөдүбү. Аякта кароолчудан башка эчтеке жок, - деди Чоңмурун абышка.
- Ой, бала, акча жок дейт, торпок-морпокторуңардан өңгүрөтпөй сатпайсыңарбы? Туулган күн болсо, кой жетелеп базарга чуркайсыңар. Жолдоштор! Союзбектин журтчулугубуздун ишине кайдыгер мамилесине кандай чечим чыгарабыз?
- Комбайнды сатып
келсин.
- Жазга чейин ремонттоп койсун.
- Ой, эгини чабылбай
калгандар эмне кылат?
- Кол менен чабар?
- Камаш керек.
Акырында Арпабай
аксакал мындай бүтүм чыгарды:
- Арпалуу айылдык аксакалдар соту түшкөн арыздардын негизинде ишин карап көрүп чечим чыгарды:
1. Мөндүрбайдын кемпири Жүзүман
Чормонова туура эмес жүрүм-туруму үчүн аким Кыргыйбек Будайыковичтин алдына түшсүн.
2. Комбайнер Союзбек Кыштакбаев түшүм жыйноо убагында
комбайнды бузгандыгы үчүн үч күнү контордун складына камалсын да, аны ремонттоп өткөрүп берсин. Сот процеси аяктады. Урматтуу аксакалдар, жакшы
баргыла! Мына, Арпалуу айылынын аксакалдары алты саат алектенген иши. Силердин аксакалдар кандай
соттойт болду экен?

#55 23 Апрель 2013 - 13:23
Деги мен таңмын, азыр мендей балдар мурдунун суусун тарталбай жүрүшпөйбү.
Өзүм болсо... былтыр да ушинткем. Өнөрүң болсо, өргө чап дейт. Орозо башталгандан бери бизнестин жаңы түрүн ойлоп таптым. Чыдамым кетип, орозонун биринчи күнү эле чыктым. Комузду шартылдата чертем, үн деген кудайга шүгүр, Тянь-Шандын
бүркүтүндөй эле шаңшыйм. Үнүмдү уккан кемпир-кесек Мусадан кем калбайсың деп калышат. Ооз ачарга чукул эл орунга олтуруп, колунда барын жайнаткан маалда, бир чоңураак баштык асындым. Белиме болсо кадимки чоң коммерсанттар тагынган сыдырмалуу, көп чөнтөктүү кара кошелекту тагынып, "быссмылда" деп өзүмдүн кошунамдыкынан
баштап жарамазанды жабырап кирдим.
Байкуш кошунам ишимди жакшы баштап, менин оюмду билгендей, он сом карматты, таякемдики тамеки, тегирменчиники майга көөлөнгөн талкан, Асандыкы алты сом, берки Бүкөн кемпир элүү тыйын, деги койчу,
кызыгып кетип, жарамазан айтып эки саат жүрүпмүн. Аркы айылдагы Малабайдын ити талабаганда, кулагымды суукка үшүтүп, алмак окшойм. Кошелекко караганда баштыгым оор экен, үйгө араң көтөрүп жеттим.

#56 23 Апрель 2013 - 13:26
Чарчапмын, таң аткыча түшүмдө ырдап, акча санап чыктым. Балдарым менен колуктум Айнаштын кубанганын айтпа, бири чупа-чуп сорсо, экинчиси сагыз чайнап жүрөт. Эртеси эки баштык алып чыктым. Жаныма улуу балам Уланды ээрчитип алдым. Кийинки күнү үнүм чыкпай калыптыр, андай учурда магнитофонго жаздырып, ошондой эле кубултуп ырдаганды үйрөндүм, Себеби, бир барган үйгө эртеси да барууга туура келип жатпайбы, таанып калса кантесиң. Бир күнү тиги Бишкекке кеткен завклуб Үсөндүн үнүнө салып ырдадым. Кээси колунан келгенин
беришсе, кээси: "Өлүгүңдү көрөйүн, кечээ эле келбедиң беле" дешет. Дегинкиси кыргыз колундагысын аябаган берешен жакшы эле калкпыз. Мен жылаңач калгансып, тиги Эмилдин энеси эски батинке берет. Колун уялтпайын деп алып, мындай чыкандан кийин Мышыкка берип койдум. Эми айткан жарамазаным мындай: Адыр-адыр тоолордон деп башталат да.

#57 23 Апрель 2013 - 13:29
Бычак учу жылтырайт,
Май томуруп жатабы.
Ачкычтары шылдырайт,
Акча берген жатабы.
Улак берсең аламын,
Уйга кошуп байлаймын.
Козу берсең аламын,
Койго кошуп багамын.
Торпок берсең аламын,
Топоюп минип аламын.
Акча берсең аламын,
Кошелекко саламын.
Эмне чыкса колуңдан Берешен экен энем (же жеңем) деп,
Баарын эле аламын.
Албайм деп айтыш
болбойт, "албасаң алба", деп эшикти "тарс" жаап кирип кетсе эмне кыласың?
Убакыт учуп жатат.
Ошентип орозо ортосунан ооп кетти, эми жарамазан айтып коңшу айылга бардым, үйдө бош олтурганда эмне кылат элең деп, Айнашты да ээрчитип алдым. Аным чыйылдап
кайырмасынан кошулат. Кээ үйдөн чайнек, чыны берет: "Ой, муну эмне кылат элем, бизге акча бергиле, биз эмне, көзүңө сыгаан көрүнүп жатабызбы?" - дейм.
"Пенсия тийбей жатпайбы" , - дешет
кээлери күнөлүүдөй. Үй-бүлөм менен баштыктардын ордуна, кытайдын ак мүшөгүн көтөрүп кыдырып калдык. Баягы Ак-Талаа, Ат-Башы, ары жагы Кочкор, Жумгалга чейин кыдырдык. Жүк көп болуп, жолдон жарамазандан түшкөн биртике акчага эшеги менен чийне сатып алдык. "Ушундан көрө москвич же жигули сатып албайсыңбы" , - деп Айнашым машина оорусу менен ооруй баштады: "Кое тур, Көлгө эптеп жетели", - деп көк беттенип жатып, уулумдун каникулу бүткөнүн унутуп калыппыз. Көлдүн Жети-Өгүзүнө жеткенде, мага окшогон көлдүк "салыкчы- бизнесчи" бар экен. "За воздух плати, дружок" дегенде бир кил талкан, көйнөк, импортный носки, иранский таштек, коньяк берип кутулуп, Нарынды көздөй сыздык.

#58 23 Апрель 2013 - 13:31
Келатканда Айнашым, ак жолтоюм, айткандай
жигулиж минип келдик. Машине минбегенде эмне
кылат элек, Колдо турган акчаны
элчилеп пайдаланбайбызбы. Эч кимге айтпай эле
ичиңден эсептечи. Бир айылда жок дегенде беш жүз түтүн болсо, ар бири
бир сомдон берсе эле, бир түндө беш жүз сом алаканда. Анан аны орозонун отуз күнүнө көбөйтүп көр. Көп эле болот бекен?
Эмки жылы буюрса, башына кара байпак кийгендерден кудай сактаса, Таласка баралы деп турабыз.

#59 24 Апрель 2013 - 15:32
Азамат! Калемин курчуй берсин, мааниси абдан жакшы экен. Ийгилик!
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#60 28 Апрель 2013 - 02:11
Тамашалуу,ары сабак болчу ангемелеркен .Калеминиздин учу майтарылбасын.
Тиги Айгул эжекебиздин чыгармаларынан олсо олугу артык.Кыска жана нуска.Дагы барбы,суу ичип суусунум канбай калгандай болдум.Болсо дагы жазып жиберинизчи,
окуй салалы....
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев