Aydashka (19 Ноябрь 2012 - 23:31) жазган:
Жаңы организмге көнүү. Талгак - эненин организминин өзү үчүн жат нерсе болгон түйүлдүк менен күрөшүүсү. Өзүндө жаңы организмдин өсүүсүнө көнбөгөн организм аны зордук менен бөлгөнгө аракеттенет.
Гормондордун өсүп кетүүсү. Кош бойлуулуктун алгачкы үч айындагы көңүл айнууну, кусууну жана башка ооруксунууларды болочок эненин организминде деңгээли жогорулап кеткен гормондор чакырат. Кош бойлуу аялдардагы талгак эки чоң топко бөлүнөт : эрте келүүчү талгак жана кеч келүүчү талгак. Эрте келүүчү талгак - алгачкы он эки жумада гана болот. Ал эми кеч келүүчү талгак кош бойлуулуктун 32-36-жумаларында пайда болот. Талгактын бул түрүндө аял врачтын жардамына муктаж болот.
Ошондой эле талгактын үч даражасы болот: жеңил, орточо, күчтүү.
Ошондой эле талгактын үч даражасы болот: жеңил, орточо, күчтүү.
Конулу айланып, кускан, ооруган маалда жанында болуш керек экенда а?!
Дагы деле билбегеним коп экен!