- (4 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
"Кеңеш" тобу Ырлары, сүрөттөрү
#1 06 Июнь 2007 - 16:42
“Кеңеш” тобу
Эркелей
Сөзү, обону: Мүзүр Мамбетовдуку
Сенин кара көзүң дөн айланам,
Сени гана сүйөмү н садагам.
Эркелигиң өзүң ө жарашып,
Эзет жүрөк эркелей карасаң.
Кайырма:
Эркелей, эркелей, эркелей.
Берчи мага колдоруң кармайын,
Эркелечи эркеле ардагым.
Бактылуумун биз бирге бололу,
Түбөлү ккө эркелей ар дайым.
Эркелей
Сөзү, обону: Мүзүр Мамбетовдуку
Сенин кара көзүң дөн айланам,
Сени гана сүйөмү н садагам.
Эркелигиң өзүң ө жарашып,
Эзет жүрөк эркелей карасаң.
Кайырма:
Эркелей, эркелей, эркелей.
Берчи мага колдоруң кармайын,
Эркелечи эркеле ардагым.
Бактылуумун биз бирге бололу,
Түбөлү ккө эркелей ар дайым.
#2 25 Июнь 2012 - 17:32
КЕҢЕШ тобу "Ак жамгыр"
Сөзү: Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону: М.Мамбетовдуку
Бурулуп, кеткениңде махабаттан,
Буулугуп кусалыгым ичте жаткан.
Жүзүмө изин салып ачуу жаштар,
Булуттун жашы менен жуурулушкан.
Бурганак түшүп турду жан дүйнөмө,
Булуттун арасында жалгыз калып.
Сүйүүмдү арнап алып сүйбөгөнгө,
Сүйүүдөн запкы жедим, алсызданып.
Кайырма:
Себеле ак жамгыр, токтобо,
Сезимдин жалынын жоктобо.
Себеле ак жамгыр, токтобочу,
Жаай берчи ак жамгыр, токтобо.
Жаратпа алыстык ортого,
Жаай берчи ак жамгыр токтобочу.
Түгөнүп турса дагы кыялдарым,
Түнөрүп мен өзүңдү кыя албадым.
Түбөлүк бир өзүңдү сүйүп алып,
Түгөнгүс үмүтүмдү тыя албадым.
Канткенде мен өзүңдү унутамын,
Кайгырып жалгыздыктан жүдөп бүттүм.
Кайрылып келбесиңди билсем дагы,
Карайлап карааныңды күндө күттүм.
Кайырма:
Сөзү: Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону: М.Мамбетовдуку
Бурулуп, кеткениңде махабаттан,
Буулугуп кусалыгым ичте жаткан.
Жүзүмө изин салып ачуу жаштар,
Булуттун жашы менен жуурулушкан.
Бурганак түшүп турду жан дүйнөмө,
Булуттун арасында жалгыз калып.
Сүйүүмдү арнап алып сүйбөгөнгө,
Сүйүүдөн запкы жедим, алсызданып.
Кайырма:
Себеле ак жамгыр, токтобо,
Сезимдин жалынын жоктобо.
Себеле ак жамгыр, токтобочу,
Жаай берчи ак жамгыр, токтобо.
Жаратпа алыстык ортого,
Жаай берчи ак жамгыр токтобочу.
Түгөнүп турса дагы кыялдарым,
Түнөрүп мен өзүңдү кыя албадым.
Түбөлүк бир өзүңдү сүйүп алып,
Түгөнгүс үмүтүмдү тыя албадым.
Канткенде мен өзүңдү унутамын,
Кайгырып жалгыздыктан жүдөп бүттүм.
Кайрылып келбесиңди билсем дагы,
Карайлап карааныңды күндө күттүм.
Кайырма:
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#3 25 Июнь 2012 - 17:35
КЕҢЕШ тобу "Арман"
Арзуунун аралында,
Ак сүйүүгө кабылдым.
Жылуу чачып жүрөктөн,
Жылдыз болуп тагылдың.
Ойлойм сени ар убак,
Армандардан аруулап.
Тургум келет жаныңда,
Тунук сүйүү тартуулап.
Кайырма:
Арман махабат ырларында,
Арман кыялдын кылдарында.
Арман жүрөктүн сырларында,
Жалган сүйүүнүн ыргагында,
Кыялдын кылдарында. ..
Өмүрүмдү арнадым,
Өзүң болуп жалжалым.
Түбөлүк бакытым деп,
Мен өзүңдү тандадым.
Жете албай мен кол сунам,
Элесиңе зар болуп.
Сени ойлоп отурам,
Сенсиз дүйнөм тар болуп.
Кайырма:
Арзуунун аралында,
Ак сүйүүгө кабылдым.
Жылуу чачып жүрөктөн,
Жылдыз болуп тагылдың.
Ойлойм сени ар убак,
Армандардан аруулап.
Тургум келет жаныңда,
Тунук сүйүү тартуулап.
Кайырма:
Арман махабат ырларында,
Арман кыялдын кылдарында.
Арман жүрөктүн сырларында,
Жалган сүйүүнүн ыргагында,
Кыялдын кылдарында. ..
Өмүрүмдү арнадым,
Өзүң болуп жалжалым.
Түбөлүк бакытым деп,
Мен өзүңдү тандадым.
Жете албай мен кол сунам,
Элесиңе зар болуп.
Сени ойлоп отурам,
Сенсиз дүйнөм тар болуп.
Кайырма:
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#4 25 Июнь 2012 - 17:36
КЕҢЕШ тобу "Айлуу түн"
Айлуу түн жандап, айтчу сөз камдап,
Ашыгып барам, арзуумду арнап.
Жарыгын чачып, ай жандап барат,
Чырай жүзүңө суктана карап,
Айлуу түн.
Кайырма:
Айлуу, айлуу түн, сенде үмүтүм,
Сүйгөнүмө мени кезиктир бүгүн.
Төгүлүп турсун шоолаң биз үчүн,
Айлуу түн.
Көктөгү жылдыздан бир букет жасап,
Сага сунамын сүйүүмдү арнап.
Сен деп келемин, сен үчүн жашап,
Сенде ак сүйүүм, сенде махабат,
Айлуу түн.
Кайырма:
Айлуу түн жандап, айтчу сөз камдап,
Ашыгып барам, арзуумду арнап.
Жарыгын чачып, ай жандап барат,
Чырай жүзүңө суктана карап,
Айлуу түн.
Кайырма:
Айлуу, айлуу түн, сенде үмүтүм,
Сүйгөнүмө мени кезиктир бүгүн.
Төгүлүп турсун шоолаң биз үчүн,
Айлуу түн.
Көктөгү жылдыздан бир букет жасап,
Сага сунамын сүйүүмдү арнап.
Сен деп келемин, сен үчүн жашап,
Сенде ак сүйүүм, сенде махабат,
Айлуу түн.
Кайырма:
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#5 25 Июнь 2012 - 17:38
КЕҢЕШ тобу "Мен сенсиз"
Сөзү: Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону: М.Мамбетовдуку
Кезигип өмүрдүн кемесинде,
Илинип махабат желесине.
Кыйнадың, ыйладым сага жетпей,
Тилинип жүрөгүм армандын сересине.
Байлады тагдырым дилибизди,
Багынтып бирибизге-бирибизди.
Бакыттын багына жетерибизде,
Ак сүйүү айрыды неге бизди?
Кайырма:
Жок, мен сенсиз жашай албайм
Жок, сүйүүмдү тана албайм.
Сен алыссың бирок, жаным,
Мен сага бара албайм.
Алыссың жете албай айлам кетет,
Күн түнү уктабай сени эстеп.
Тагдырым үзө албай сенден үмүттү,
Махабат бакчасы жемишин береби деп.
Сагынам ак жуумал элесиңди.
Сени издеп жүргөнүмдү сезесиңби?
Байласа бактыңды башка адамга,
Бакыттын ачкычын сен ага бересиңби?
Кайырма:
Сөзү: Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону: М.Мамбетовдуку
Кезигип өмүрдүн кемесинде,
Илинип махабат желесине.
Кыйнадың, ыйладым сага жетпей,
Тилинип жүрөгүм армандын сересине.
Байлады тагдырым дилибизди,
Багынтып бирибизге-бирибизди.
Бакыттын багына жетерибизде,
Ак сүйүү айрыды неге бизди?
Кайырма:
Жок, мен сенсиз жашай албайм
Жок, сүйүүмдү тана албайм.
Сен алыссың бирок, жаным,
Мен сага бара албайм.
Алыссың жете албай айлам кетет,
Күн түнү уктабай сени эстеп.
Тагдырым үзө албай сенден үмүттү,
Махабат бакчасы жемишин береби деп.
Сагынам ак жуумал элесиңди.
Сени издеп жүргөнүмдү сезесиңби?
Байласа бактыңды башка адамга,
Бакыттын ачкычын сен ага бересиңби?
Кайырма:
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#6 25 Июнь 2012 - 17:41
КЕҢЕШ тобу "Сүйүү мүрөгү"
Акылдан алып ай жүзүң келишкен,
Жашоомдо жарык тийгизген периштем.
Көңүлдү эзип назик күлгөнүң,
Жаным, өзүңсүң – жалгызым, сүйгөнүм.
Кайырма:
Сыр болуп келет,
Сага гана айтылбай.
Сен жакка аккан ай,
Сүйүүнүн мүрөгү.
Бакыт тартуулап,
Бизге гана, аттиң ай.
Керемет экен ай,
Махабат түнөгү.
Кызыл гүл болсоң, үзбөй жыттайын,
Кыйылып, алыс жаныңан чыкпайын.
Сен бакча болсоң, барып, коноюн,
Сен деп ырдаган, торгоюң болоюн.
Кайырма:
Акылдан алып ай жүзүң келишкен,
Жашоомдо жарык тийгизген периштем.
Көңүлдү эзип назик күлгөнүң,
Жаным, өзүңсүң – жалгызым, сүйгөнүм.
Кайырма:
Сыр болуп келет,
Сага гана айтылбай.
Сен жакка аккан ай,
Сүйүүнүн мүрөгү.
Бакыт тартуулап,
Бизге гана, аттиң ай.
Керемет экен ай,
Махабат түнөгү.
Кызыл гүл болсоң, үзбөй жыттайын,
Кыйылып, алыс жаныңан чыкпайын.
Сен бакча болсоң, барып, коноюн,
Сен деп ырдаган, торгоюң болоюн.
Кайырма:
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#7 25 Июнь 2012 - 17:43
КЕҢЕШ тобу "Ханышам"
Сөзү: Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону: М.Мамбетовдуку
Карагат көздөрүңдөн,
Көз албай тигилемин.
Канчалык кыйналсам да,
Бир сага ийилемин, ханышам.
Кусага дайым батып,
Өзүңдү сагынамын.
Сүйүүнүн балы болсоң,
Тамшанып малынамын, ханышам.
Үмүттүн кылын терип,
Бүтпөгөн кыялдарым.
Үнүңдү угуш үчүн,
Өзүмдү кыяладым, ханышам.
Көз артса көптөр сага,
Алардан кызганамын.
Көңүлүм сенден издеп,
Сезимдин ыргактарын, ханышам.
Кайырма:
Сен тандаган, сен жандаган,
Түбөлүккө болоюн ханышаң.
Сен каалаган, сен баалаган,
Түбөлүккө болоюн ханышаң.
Көңүлдөн орун алган,
Жүрөктүн демисиңби?
Өмүрдө бир жаралчу,
Жердеги перисиңби, ханышам?
Суктанам карагаттай,
Капкара көздөрүңө.
Сыйкыры катылгансыйт,
Сырланган сөздөрүңдө, ханышам.
Жуурулуп сезим менен,
Жүрөккө орнодуңбу?
Суурулуп сулуулардан,
Ээледиң ойлорумду, ханышам.
Сүйүүдөн букет жасап,
Өзүңө баргым келет.
Түгөйүң болуп сенин,
Түбөлүккө калгым келет, ханышам.
Кайырма:
Сөзү: Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону: М.Мамбетовдуку
Карагат көздөрүңдөн,
Көз албай тигилемин.
Канчалык кыйналсам да,
Бир сага ийилемин, ханышам.
Кусага дайым батып,
Өзүңдү сагынамын.
Сүйүүнүн балы болсоң,
Тамшанып малынамын, ханышам.
Үмүттүн кылын терип,
Бүтпөгөн кыялдарым.
Үнүңдү угуш үчүн,
Өзүмдү кыяладым, ханышам.
Көз артса көптөр сага,
Алардан кызганамын.
Көңүлүм сенден издеп,
Сезимдин ыргактарын, ханышам.
Кайырма:
Сен тандаган, сен жандаган,
Түбөлүккө болоюн ханышаң.
Сен каалаган, сен баалаган,
Түбөлүккө болоюн ханышаң.
Көңүлдөн орун алган,
Жүрөктүн демисиңби?
Өмүрдө бир жаралчу,
Жердеги перисиңби, ханышам?
Суктанам карагаттай,
Капкара көздөрүңө.
Сыйкыры катылгансыйт,
Сырланган сөздөрүңдө, ханышам.
Жуурулуп сезим менен,
Жүрөккө орнодуңбу?
Суурулуп сулуулардан,
Ээледиң ойлорумду, ханышам.
Сүйүүдөн букет жасап,
Өзүңө баргым келет.
Түгөйүң болуп сенин,
Түбөлүккө калгым келет, ханышам.
Кайырма:
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#8 09 Июль 2013 - 19:00
"Бир гана сен" ушу ырдын минусовкасын кайдан табам?
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#9 29 Август 2013 - 16:59
Саламатсыздарбы?
Мунусунда админ менен акимдер мага тик карай алышпайт,себеби мен атайын ушул тема барбы же жокпу деген ой менен бут кыдырып-карап чыктым.Анда эмесе созду баштайлы.
Араныздарда Кенеш тобунун коермандары бар болсо,ушул темада ой болушпойлубу? Ким кайсы концертине барган,кайсы ырларын жактырып угат,ж.б.у.с ойлорубузду жазып калтырайлы.
Мунусунда админ менен акимдер мага тик карай алышпайт,себеби мен атайын ушул тема барбы же жокпу деген ой менен бут кыдырып-карап чыктым.Анда эмесе созду баштайлы.
Араныздарда Кенеш тобунун коермандары бар болсо,ушул темада ой болушпойлубу? Ким кайсы концертине барган,кайсы ырларын жактырып угат,ж.б.у.с ойлорубузду жазып калтырайлы.
#11 29 Август 2013 - 17:03
Мен 2011.1 июньда болсо керек эле,ошол "Сирень гулу" деп аталган концертине барганмын.Экинчи кунундо,мага концерт аябай жаккан.Ошол убактары ушул ыры менен ооруп журчум,себеби жашоомдо кара сызыктар пайда болуп,иштерим анча журушпой жаткан болчу.Ушул ырды уксам эле озуму эркин сезе баштайт элем.
#12 29 Август 2013 - 17:04
#13 29 Август 2013 - 17:06
Бул топто жанагы бир кыз ушул топто беле акча уурдап кидать этип кетип,издейм сениде жургонун ошонуле билет экемин.)))
#15 29 Август 2013 - 17:10
Kuiormany emesmin, saga je sen degen yry jagat
Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 29 Август 2013 - 18:10
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#16 29 Август 2013 - 17:10
suluukuz (29 Август 2013 - 17:06) жазган:
Бул топто жанагы бир кыз ушул топто беле акча уурдап кидать этип кетип,издейм сениде жургонун ошонуле билет экемин.)))
Адашасын,замандан артта калгансынго дейин десем,вроде ниче элесин жан!
Бул топто эки эле ырчы,куйоосу- аялы,семейный топ деседа болот,себеби озунун окул баласы-Бекас тобунун солисти мененда ырдап калышат.
Музур Мамбетов жана Гульмира (фамилиясын унутуп жатам) деген ырчылар тузушот бул топту.
#17 29 Август 2013 - 17:12
Журок сырындагы "Издейм сени" болумго кирсен "Кенеш"
тобунда ырдаган Кадырова Атыркул Банижановна деген аял изделет дейт. Чынбы,тогунбу билбейт экенмин.
Билдирүүнү түзөткөн: suluukuz: 29 Август 2013 - 17:20
#18 29 Август 2013 - 17:30
Кенеш тобунун ырлары уккулуктуу.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#19 29 Август 2013 - 18:09
Кайталанган "Кенеш тобу." темасы менен бириктирилди.
Askaruli
, акыркы эскертүү!
Эскертүү сызыгыңыз толуптур, кайталанса, түбөлүк БАН!
Эскертүү сызыгыңыз толуптур, кайталанса, түбөлүк БАН!
#20 29 Август 2013 - 18:26
Былтыр,Гульмира эжени торой албай кайтыш болуптур деген ушакты уккан болчум.Кечээ суперден мен уккандан кийин болгон концертин коруп аябай кубандым.
- (4 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »