Рюноскэ Акутагава(Жапония)
Бит
Гензинин биринчи жылынын он биринчи айынын аягында Осака шаары аркылуу аккан Адзи дарыясынын чатынан Тесью княздыгына каршы жазалоочу экспедициянын кемелери жөнөдү. Анда Киото борборун коргоону өздөрүнө алган княздыктардын аскерлери бар эле жана аларга командачылыкты Суми-ноками деген ири феодал жүргүзүп жаткан.
Эки отряддын башында Цукуда Кидаю жана Ямадзаси Сандзюро болчу. Цукуданын кемесинин үстүндө ак, ал эми Ямадзасинин кемесинде кызыл желектер желбиреп баратты. Шамалга желпинген желектер ачык деңизге чыгып бараткан кемелерге баатырдык шаң берип турду.
Ал эми эки кемедеги адамдардын көрүнүшүн баатырлардай деп айтууга болбойт болчу. Биринчиден,
ар бир кемеде отуз төрттөн самурай жана төрт адамдан турган экипаж-баары болуп отуз сегизден жан бара жатышкан. Ушунчалык тыгылыштан,
нары-бери эркин кыймылдаганга да мүмкүнчүлүк жок эле. Адамдар бири-бирине өтө тыгыз турушкандыктан,
бочкадагы туздалган балыктын эле өзү болуп калган. Денелерден чыккан тердин жыты окшутуп, кускуну келтирет. Мезгил кечки күз болгон себептен, деңизден муздак шамал согуп, адамдардын сөөктөрүн чучугуна жеткире какшатууда.
Асманды сур булут каптап, кемени толкун чайкап, кээ бир жаш самурайлардын туулган провинциясынын түндүктөн экенине карабай сууктан тиши тишине тийбей калчылдайт.
Экинчиден, кеменин ичи толтура бит эле. Алар кийимдердин тигишинен кээде гана жолугуп калчу биттер дейсизби, жо-ок алар жер жайнап, бардык жерде бар болчу. Алар желектерде өөрүп, мачталарда жөрмөлөп, ал гана эмес, якорлордо да жармашып турушту. Бул кемелерде адамдар баратабы, же ушул жөрмөлөгөн жандыктарбы,
түшүнүп болбойт болчу. Алибетте, алар он-ондоп кийимдерге кирип жатышты. Бул жийиркеничтүү желмогуздар адамдын денесине жетип алган соң, маанайлары көтөрүлүп, чакканды баштабайт бекен! А эми бир он, же андан бир аз көбүрөөк болсода кичине чыдасаң болот го, бирок алар ушунчалык толтура болгондуктан,
күнжүттүн чачылган уругу быякта эле калат. Алардан биротоло кутулуу туурасында сөз кылыштын деле кажети жок болчу. Цукуда менен Ямадзасинин отрядындагы самурайлар ушунчалык биттерге таланышкандыктан,
кызамык менен ооругандарга өңдөшүп калышты. Алардын денелеринин соо жери калбай, кычыткы болуп дүүлүгүп баратты.
Кырдаал өтө эле чечилбестей болгону менен, тим койгонго да болбойт эле, ошондуктан,
адамдар бардык бош убактыларын биттерди жоготууга жумшашты. Баары, «ири феодалдардан» - каро баштап, «кепич ташыгычтырга» - дзоритори чейин жылаңачтанышып алып, биттерди теришип, чайнектерге салышып жатышты. Элестетип көрсөңүз, күн суук, бардык парусун жайган кеме, белкурчоосундагы таңгычы гана калган жылаңач отуздан ашык самурай белине чайнек байлашып алып, парустун жиптеринен,
якордун көрүнгөн жактагы бетинен биттерди кармап жүрүшкөнүн.
Биздин күндөрдө бул көрүнүш абдан күлкүлүү көрүнгөнү менен, «абдан зарылчылыктын» бет алдында бул аракеттерди актаса болот. Бул «Мейдзи кайра түзөтүүсүнөн» мурунбу, же азыркы күндөбү, айырмачылыгы жок.
Ошентип, жылаңач самурайлар өздөрү да килейген биттерге окшошуп алышып, күн кечке азап тартышып, палубанын тактасына биттерди ынтаа менен сыгып жатышты.
Цукуда кемесиндеги бир адам гана өзүн таң калыштуу алып жүрдү. Бул беш адамдан турган үй-бүлөнүн башчысы, күрүч менен эсептегенде жетимиш кап күрүч паектуу жөө аскер Мори Гонносин болчу. Анын таң калтыруучу жагы, жалгыз ал гана өзүндөгү биттерди тербейт эле. Ошондуктан,
күтүлгөндөй эле анда бит дегениң кыжы-кужу толтура. Кээ бирлери чачынын чокусунда жөрмөлөп баратса, башкаларынын хакамасынын четин карай баратканын көрөсүң. Анткен менен аны булар бир да тынчсыздандырбайт.
Сиз аны биттер чакпайт ойлоп жатасызбы? Эч кандай да! Калгандар сыяктуу эле анын деле башынан бутуна чейин денесин теңгедей кызыл тактар басып калган. Андан бөлөк да денеси кычышып, ошондон улам тынбай тырманып турчу. Анткен менен ал өзүн токтоо кармап гана тим болбостон, башка бит кармагандарды карап,булдуруктайт:
- Макул, кармагыла, бирок аларды өлтүрө көрбөгүлө. Чайнектерге тирүү жыйнап, мага алып келгиле.
- Алардын сага кереги не? – деп таң кала сурады кимдир бирөө.
- Эмнеге? Аларды менен тамактандырам,
- деп кебелбей жоопберди Мори.
- Келгиле, буга тирүү биттерди топтоп, алып келип берели, - деп анын сөзүн тамаша катары кабыл алган кээ бир самурайлар,
түшкө дейре бир канча чайнекти топтоп келишти. Алар ушуну менен Моринин тоңмоюндугун сындырмай болушуп, топтолгон биттерди берип жатып: « ме, буларды тамактандыр.
.» дешти эле, Мори болсо, шашылган тейде кубануу менен:
- Эмне болду? Кармадыңарбы?
Анда мага бергиле аларды!
Баары анын кераяктыгына таң калышты.
- Төккүлө! - деп жөн гана буйруду да, кимоносунун жакасын ачты.
- Көпкө чыдабайсың – чакырасың го, - дешип баш чайкашкан сапарлаштарынын сөзүнө кичине болсо да көңүл буруп койбой.
Алар кезеги менен чайнектеги биттерди анын жакасына күрүчтү кампага куюп жаткансып, төгүп жатышты. Койнуна түшпөй палубага түшүп калган биттерди кайра терип, койнуна салып, Мори тургандарга:
- Абдан чоң ырахмат! Мына эми гана тынчыраак уктаймын. Биттер менен үшүбөйсүң дагы.
Таңданышкан самурайлар бирин-бири карады да, эч кимиси ооз ачышкан жок.
Качан гана бардык биттер анын жакасынан ылдый куюлган соң, Мори кооз кыймыл менен кимоносунун жакасын бекитти да, башын бийик көтөрө жан жагын карап, мындай деди:
-Ким да ким ушу кутурган суукта өзүнө суук тийгизип алгысы келбесе, менден үлгү алгыла деп сунуш кыламын. Анда силер бир жолу да чүчкүрүп койбойсуңар.
А тургай мурун бүтөт деген болбойт. А суук дегенди эстен чыгарасыңар.
Бул эмненин шарапаты менен дейсиңби? Биттердин шарапаты менен!
Мори минтип тыянак чыгарды: эгер денеде биттер болсо, сөзүз алар чага башташат. А бит чаккан жери шишимек тартып дүүлүгүп чыгат. Дененин баарын биттер чагып салганда, ал кычышат. Алибетте, анан адам ошол жерлерин тырмай баштаса, денеси жылыйт. А жылыгандан кийин уктасаң да болот эмеспи. Уктап калганыңда кычышкан жериң унутулат. Демек, денеңде абдан көп биттин болушу уйкуңду тынч кылып гана тим болбостон, сууктун да тийбей калышына өбөлгө түзөт. Ошондуктан,
биттерди өлтүрүүнүн ордуна өз денең менен тамактандырууң абзел.
-Балким,мунуку да туура, - дешти кээ бирөөлөрү Моринин ой жүгүртүүсүн кызыгуу менен уккандан кийин.
Көп өтпөй эле кемеде Морини туурап, биттерди өз денелери менен тамактандырган өзгөчө топ түзүлдү. Алар, башкалар сыяктуу эле чайнектерин колуна алышып, биттерди топтоп жүрүштү. Бир гана башкалардан айырымачылыгы , алар жыйнаган биттерин коюндарына салып алышканында болду.
Анткен менен кайсы гана өлкөдө, жер жүзүнүн кайсы гана бөлүгүндө болбосун пайгамбардын насыяттарына бирдей деңгээлде көңүл бурушу абдан эле сейрек көрүнүш. Ошондуктан,
кемеде Моринин бит туурасындагы сөзүн кабыл албаган фарисейлер да аз эмес болчу. Андай фарисейлердин тизмесинин башында Иноуэ Тэцудзо деп аталган жөө аскер турду. Анын өзүнчө өзгөчөлүгү:
ал кармаган биттерин жеп сала турган. Кечки тамакка карата ал чайнегин алдына коюп, ичиндеги биттердин баарын жеп бүтүп, чайнегин көңтөрө ичин карап алып сүйлөнөт:
- Чын эле мен бүгүн буларды неге аз кармадым экен?
Андан биттин даамы кандай боло турганын сурашканда:
-Семиздери куурулган күрүчтү бир аз да болсо эске салат.
Биттерди тиши менен сыгып өлтүргөндөр деле толтура, бирок, Иноуэ алардан эмес эле. Ал күнүгө бир укмуштай даамды татып жаткан сыңар биттерди жеп салчу. Ошол анан биринчилерден болуп Мориге каршы чыкты.
Иноуэден башкасы бит жебегени менен аны колдоочулары да бар эле. Алар төмөнкүдөй корутундуну көтөрүп чыгышты: биттер денени чакканда эле ал жылып кетпейт. Андан да «Уулдун урматтоосу жөнүндөгү китепте» балдардын денелери ата-энелерине таандык, андыктан өз денесине зыян келтирбестен дайыма сактап жүрүүгө уулдар милдеткер. Демек,денесин битке атайын талатуу «уулдун урматын» атайлап бузуу болупэсептелет.
Биттерди денесинен азыктандыруу мындай турсун, алардын тукумун кандай гана болбосун кырып жок кылуу зарыл.
Мына ушул маселелердин айынан Моринин талапташтары менен Иноуэнин талапташтарынын ортосунда пикир келишпестик жаралды. Балким, ал келишпестик ушуну менен эле чектелет болчу. Тагыраакайтканда,
бул талаш-тартыш жөн гана аяктай турган болгондо, талаштын негизи себепкерлери,
аныгыраагы биттер, кан төгүүгө чейин жете турган жаңжалга шылтоо болуп коё ташташты.
Бир жолу Мори биттерди тоюндуруу ниетинде туруп, бити толтура чайнегин кароосуз таштап кете койсо, Иноуэ акырын гана алардын баарын жеп салат. Кайра келген Мори чайнегинде бир да бит калбаганын көрөт. Ошондо ачуусу ашып-ташкан ал жинденип:.
-Эмне үчүн биттерди жеп салдың?- деп бакырды.
Иноуэ болосо чыканактарын кыймылдатып,
көздөрүн чакырайтып,
эч нерсе болбогон түр менен, жасалма ошотонуп, мындай деди:
- Ким да ким биттерди өз денесинен тамактандырса - дөөпөрөс!
- Дөөпөрөс деп аларды жеп жаткандарды айтат,- деди каяша айтып Мори, палубанын тактайын тепкилеп.- Ушул кеменин ичинде биттерге ыраазы болбогон бир адам табылабы. Сен болсо биттерди кармап алып, аларды жеп салып, жакшылыкка жамандык кылып жатасың.
- Эмнегедир сенин биттерге алкыш айтканыңды эстей албай турам,- деп каршы болду Иноуэ.
- Макул мен аларды алкыштабадым дейли, бирок жөнү жок тирүү жандыктарды өлтүрүп да жатканым жок.
Ошентип алар көпкө чейин кыжылдашып,
Мори күтүүсүздөн чечекейин чекирейтип,
кылычынын сабынан кармагыча, турушту. Алибетте, Иноуэ да жемин жедириргиси келбеди: ал да кылычын кындан сууруду. Эгерде ошол жердеги бит терип жүрүшкөн сапарлаш самурайлар ортого түшпөгөндө,
бирин-бири өлтүрүүгө да барат эле.
Ошол окуянын күбөлөрүнүн биринин айтымында эки самурай тең ооздорунан көбүк чачышып,кучакташа турушуп, абдан көпкө чейин бир эле сөздү кайталып жатышты:
- Бит, бит…
Биттердин айынан аз жерден үстүндө кан төгүлө жаздаган
, суу сыйымдуулугу беш жүз коку күрүч келген
кемелер
шамалга ак жана кызыл желектерин желбиретип батышка,
жазалоочу экспедиция
ны алып Тесью княздыгына
, карай
сүзүп баратты.
Асман кар жаай тургандыгын билдирип турду
Котормолор Барс агай
#21 28 Февраль 2013 - 22:16
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#23 28 Апрель 2013 - 23:32
Фукуда Тиё ( Жапония
)
(1703-1775)
Фукуда Тиё Кага провинциясында туулган. Кедейдин аялы болгон. Эрте эле эринен жесир калып, кичинекей уулунан ажырап, чачын кыркып, кечил болуп, калган өмүрүн жалаң поэзияга арнаган.Басёнун жолун жолдоочу акын Сико буга устаттык кылган.
Анын «Ыр токуп жатып» деген ырынын жаралыш тарыхы да кызык. Тиё жаш кезинде бир жактан келген акынга барып, устат болуусун суранат. Ал кызга «күкүк» деген тема берип коюп, уйкуга кетет. Тиё болсо ал ырды түнү менен жазат. Эртең менен аны уккан акын таң калып, толкундануу менен:«Сага устаттын кереги жок экен!» - дептир.
***
Уктаган жетим көпөлөк
эмнени көрдү түшүндө,
канатын серпе көтөрөт? ..
***
Жазгы алча гүлү
арнайт жытын жагым,
сындырган адамга шагын.
***
Толукшуган айлуу түн!
А тургай чымчыктар
бекитпеди уясынын эшигин.
Ыр токуп жатып
Мен кайталагыча:
«О, күкүк, күкүк!» - деп,
Таң атып калганын кара...
***
Ооз боёгонумду
калыпмын унутуп нак.
Тунук булак!
Кичине уулумун өлүмүнө
О, менин ийнелик кармагычым!
Кайдагы бейтааныш өлкөнү
карай качтың?
Өлгөн уулумду эстеп
Мындан нары эч ким,
Терезенин кагазын тешпейт дечи...
Мынча суук, бирок, үйдүн ичи?
(1703-1775)
Фукуда Тиё Кага провинциясында туулган. Кедейдин аялы болгон. Эрте эле эринен жесир калып, кичинекей уулунан ажырап, чачын кыркып, кечил болуп, калган өмүрүн жалаң поэзияга арнаган.Басёнун жолун жолдоочу акын Сико буга устаттык кылган.
Анын «Ыр токуп жатып» деген ырынын жаралыш тарыхы да кызык. Тиё жаш кезинде бир жактан келген акынга барып, устат болуусун суранат. Ал кызга «күкүк» деген тема берип коюп, уйкуга кетет. Тиё болсо ал ырды түнү менен жазат. Эртең менен аны уккан акын таң калып, толкундануу менен:«Сага устаттын кереги жок экен!» - дептир.
***
Уктаган жетим көпөлөк
эмнени көрдү түшүндө,
канатын серпе көтөрөт? ..
***
Жазгы алча гүлү
арнайт жытын жагым,
сындырган адамга шагын.
***
Толукшуган айлуу түн!
А тургай чымчыктар
бекитпеди уясынын эшигин.
Ыр токуп жатып
Мен кайталагыча:
«О, күкүк, күкүк!» - деп,
Таң атып калганын кара...
***
Ооз боёгонумду
калыпмын унутуп нак.
Тунук булак!
Кичине уулумун өлүмүнө
О, менин ийнелик кармагычым!
Кайдагы бейтааныш өлкөнү
карай качтың?
Өлгөн уулумду эстеп
Мындан нары эч ким,
Терезенин кагазын тешпейт дечи...
Мынча суук, бирок, үйдүн ичи?
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 30 Апрель 2013 - 21:14
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#24 07 Май 2013 - 21:11
Мацуо Басё
(1644-1694)
Жапониянын гениалдуу улуу акыны Мацуо Басё Ига провинциясынын Уэно шаарында бай эмес самурайдын үй-бүлөсүндө туулган. Жаш кезинен эле Кытайдын жана өз ата журтунун поэзиясын үйрөнгөн. Ал философияны жана медицинаны өздөштүргөн. 1672-жылы Басё кайырчы кечил болот. Ал хокку жанрынын өсүшүнө эбегейсиз зор салымын кошуп, аны жаңы бийиктикке алып чыккан. Өзүнөн кийинки анын жолун жолдоочулардын саны абдан арбын.
Жазында чай жалбырагын теришет
Барик койбой үзүштү жыйнагычтар. ..
Билип-билбей чай бадалына алар –
Болушту күзгү шамал.
***
«Күз да келди мына!»-
Жаздыгыма жылып келип,
Шыбырады шамал кулагыма.
***
Гүлдөр куурады.
Уругу кулады, төгүлдү,
Көз жашы сыңары.
***
Таңдагы алгачкы кар,
Араң-араң ийиптир
Нарцисс бариктерин ал.
***
Кетти жаз.
Чымчыктар ыйлап, балыктардын
көздөрүндө толо жаш.
Мейманканада
Мени менен бир чатырдын астында
Эки кыз... хагинин гүлдүү бутагы жана
Жалгыз жаңырган ай.
***
Көпөлөккө айланбайт
Курт эми ушул абалда,
Дирилдесе да күзгү шамалга.
Жолдо өз окуучумдан бөлүндүм
Мындан нары жалгыз барам.
Калпагымда жазуу: «Биз экөөбүз...»
Аны шүүдүрүм менен жууп салам.
Досум менен коштошуп жатып
Коштошуу ырын
Желпигичке жазам десем оюмда-
Сынып калды колумда.
(1644-1694)
Жапониянын гениалдуу улуу акыны Мацуо Басё Ига провинциясынын Уэно шаарында бай эмес самурайдын үй-бүлөсүндө туулган. Жаш кезинен эле Кытайдын жана өз ата журтунун поэзиясын үйрөнгөн. Ал философияны жана медицинаны өздөштүргөн. 1672-жылы Басё кайырчы кечил болот. Ал хокку жанрынын өсүшүнө эбегейсиз зор салымын кошуп, аны жаңы бийиктикке алып чыккан. Өзүнөн кийинки анын жолун жолдоочулардын саны абдан арбын.
Жазында чай жалбырагын теришет
Барик койбой үзүштү жыйнагычтар. ..
Билип-билбей чай бадалына алар –
Болушту күзгү шамал.
***
«Күз да келди мына!»-
Жаздыгыма жылып келип,
Шыбырады шамал кулагыма.
***
Гүлдөр куурады.
Уругу кулады, төгүлдү,
Көз жашы сыңары.
***
Таңдагы алгачкы кар,
Араң-араң ийиптир
Нарцисс бариктерин ал.
***
Кетти жаз.
Чымчыктар ыйлап, балыктардын
көздөрүндө толо жаш.
Мейманканада
Мени менен бир чатырдын астында
Эки кыз... хагинин гүлдүү бутагы жана
Жалгыз жаңырган ай.
***
Көпөлөккө айланбайт
Курт эми ушул абалда,
Дирилдесе да күзгү шамалга.
Жолдо өз окуучумдан бөлүндүм
Мындан нары жалгыз барам.
Калпагымда жазуу: «Биз экөөбүз...»
Аны шүүдүрүм менен жууп салам.
Досум менен коштошуп жатып
Коштошуу ырын
Желпигичке жазам десем оюмда-
Сынып калды колумда.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#26 05 Сентябрь 2013 - 22:22
#27 17 Сентябрь 2013 - 13:51
Дагы котормолорунузду кутобуз Барс агай
"Не плачь, потому что тот, кто заставил тебя плакать, не достоин твоих слез.
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
#29 30 Январь 2021 - 16:29
МУХАММАД ЮСУФ (Өзбекстан)
КӨКТӨМҮМ
Чачымда ак, мен жазымдан өтүндүм:
Көктөмүм сен, көгүңдөн бер бир чымчым.
Кар койнунда сени көксөп өкүндүм,
Көктөмүм сен, көгүңдөн бер бир чымчым.
Көңүлүмө көк гүлгүн түс чачылсын,
Көкүлүнө тал чачпагы чач илсин,
Байчечекке барчу жолдор ачылсын –
Көктөмүм сен, көгүңдөн бер бир чымчым.
Бул мезгилдин аяк-башы өзүңсүн,
Мажнундардын курдашы да өзүңсүн.
Лайлилердин сырдашы да өзүңсүн,
Көктөмүм сен, көгүңдөн бер бир чымчым.
Кел да эми сагындырбай адамды,
Сен жок кезде түйшүк басты санаамды,
Карды күрөп көмүп келдим атамды...
Көктөмүм сен, көгүңдөн бер бир чымчым.
Көгүң менен кийинтейин талаамды,
Жеңилдетип сүйүнтөйүн баламды.
Өзүң алгын көкүрөктө жарамды.
Көктөмүм сен, көгүңдөн бер бир чымчым.
Капа эмесмин күздө кеткен ак куудан,
Жаңылбасын кайра мында кайтуудан,
Кыштан чыктык ак кар жаап, ай тууган
Көктөмүм сен, көгүңдөн бер бир чымчым.
Жан-дилиме сактап күтөм көктү мен,
Канып-канып көзгө сүртөм көктү мен,
Кайра сага жетеминби, жокпу мен,
Көктөмүм сен, көгүңдөн бер бир чымчым.
Дил жыргасын талаа-түсүң жашарып,
Жалбыздарың суу боюнда жасанып,
Эки мисра* байт* жазайын мактанып,
Көктөмүм сен, көгүңдөн бер бир чымчым!..
--------------------- ---------------------- -----------
Мисра* - Сөздүн түз маанисинде жарым сап ыр.
Байт* - Чыгыш поэзиясындагы жупсаптан турган ырлар. Демек, бир байт эки мисрадан турат.
БИЗ БАКТЫЛУУ БОЛОБУЗ
Мейли да, кимгедир
Жакса, жакпаса,
Аларга кошулуп
Солуктайт белек.
Биз бактылуу болобуз
Кудай кааласа,
Кудай каалабаса
Жолукмак белек...
Райкан жыттарыңды
Жолдорума сеп,
Күт мени ар кечте
Көктө Ай турган.
Бир гана ыйлабагын
Күнөөм эмне деп,
Айыбың – апаң сени
Чырайлуу тууган!..
Мага бир жылмаюу
Белек кыл, эй жар,
Нур тамсын
Ууртуңдун шекер жеринен.
Өзүң айт, сендей кыз
Дагы кайда бар,
Кирпиктери узун –
Көкүлдөрүнөн?
Тартынып жашаба,
Капаны айда,
Жаркыра, жайна жаным,
Өрттөнбө капага.
Ушактарга чыда,
Жалаага чыда,
Сен жалгызсың, акыры,
Бул жарык ааламда.
Мен болсо ашыгың,
Сенин – эң карып.
Түндөн сөз карыз алып,
Таңга сүрткөн.
Сенин жаныңда да,
Сени издеген,
Сенин жаныңда да
Сени күткөн.
Каала, чөгөлөйм
Азыр алдыңда,
Сүйдүм, сүйгөнүмдөн
Уялмак белем.
Бардык периштелер
Сенин жаныңда
Ижарада турган
Кыздар дейт элем!..
Биз бактылуу болобуз
Кудай кааласа,
Кудай каалабаса
Жолукмак белек?!
Кыргызчалаган: А. Абылкасымов.
КӨКТӨМҮМ
Чачымда ак, мен жазымдан өтүндүм:
Көктөмүм сен, көгүңдөн бер бир чымчым.
Кар койнунда сени көксөп өкүндүм,
Көктөмүм сен, көгүңдөн бер бир чымчым.
Көңүлүмө көк гүлгүн түс чачылсын,
Көкүлүнө тал чачпагы чач илсин,
Байчечекке барчу жолдор ачылсын –
Көктөмүм сен, көгүңдөн бер бир чымчым.
Бул мезгилдин аяк-башы өзүңсүн,
Мажнундардын курдашы да өзүңсүн.
Лайлилердин сырдашы да өзүңсүн,
Көктөмүм сен, көгүңдөн бер бир чымчым.
Кел да эми сагындырбай адамды,
Сен жок кезде түйшүк басты санаамды,
Карды күрөп көмүп келдим атамды...
Көктөмүм сен, көгүңдөн бер бир чымчым.
Көгүң менен кийинтейин талаамды,
Жеңилдетип сүйүнтөйүн баламды.
Өзүң алгын көкүрөктө жарамды.
Көктөмүм сен, көгүңдөн бер бир чымчым.
Капа эмесмин күздө кеткен ак куудан,
Жаңылбасын кайра мында кайтуудан,
Кыштан чыктык ак кар жаап, ай тууган
Көктөмүм сен, көгүңдөн бер бир чымчым.
Жан-дилиме сактап күтөм көктү мен,
Канып-канып көзгө сүртөм көктү мен,
Кайра сага жетеминби, жокпу мен,
Көктөмүм сен, көгүңдөн бер бир чымчым.
Дил жыргасын талаа-түсүң жашарып,
Жалбыздарың суу боюнда жасанып,
Эки мисра* байт* жазайын мактанып,
Көктөмүм сен, көгүңдөн бер бир чымчым!..
--------------------- ---------------------- -----------
Мисра* - Сөздүн түз маанисинде жарым сап ыр.
Байт* - Чыгыш поэзиясындагы жупсаптан турган ырлар. Демек, бир байт эки мисрадан турат.
БИЗ БАКТЫЛУУ БОЛОБУЗ
Мейли да, кимгедир
Жакса, жакпаса,
Аларга кошулуп
Солуктайт белек.
Биз бактылуу болобуз
Кудай кааласа,
Кудай каалабаса
Жолукмак белек...
Райкан жыттарыңды
Жолдорума сеп,
Күт мени ар кечте
Көктө Ай турган.
Бир гана ыйлабагын
Күнөөм эмне деп,
Айыбың – апаң сени
Чырайлуу тууган!..
Мага бир жылмаюу
Белек кыл, эй жар,
Нур тамсын
Ууртуңдун шекер жеринен.
Өзүң айт, сендей кыз
Дагы кайда бар,
Кирпиктери узун –
Көкүлдөрүнөн?
Тартынып жашаба,
Капаны айда,
Жаркыра, жайна жаным,
Өрттөнбө капага.
Ушактарга чыда,
Жалаага чыда,
Сен жалгызсың, акыры,
Бул жарык ааламда.
Мен болсо ашыгың,
Сенин – эң карып.
Түндөн сөз карыз алып,
Таңга сүрткөн.
Сенин жаныңда да,
Сени издеген,
Сенин жаныңда да
Сени күткөн.
Каала, чөгөлөйм
Азыр алдыңда,
Сүйдүм, сүйгөнүмдөн
Уялмак белем.
Бардык периштелер
Сенин жаныңда
Ижарада турган
Кыздар дейт элем!..
Биз бактылуу болобуз
Кудай кааласа,
Кудай каалабаса
Жолукмак белек?!
Кыргызчалаган: А. Абылкасымов.
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 30 Январь 2021 - 16:42
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#30 07 Апрель 2021 - 12:05
ЭМИЛИ ДИКИНСОН.(США)
* * *
Я слышала жужжанье Мухи,
Когда за мною Смерть пришла.
Как штиль внезапный среди бури,
Стояла в доме тишина.
Все ждали, затаив дыханье,
Застыли слезы на глазах --
Боялся каждый вдруг заметить
Властительницы лик в дверях.
Я близким раздала на память
Все, чего жаль мне -- и не жаль.
Внезапно появилась Муха,
Надсадно начала жужжать --
Звук этот странный, дребезжащий
Был ясно слышен в тишине.
Вдруг свет померк... Что было дальше -
Не довелось увидеть мне.
ЭМИЛИ ДИКИНСОН.( Америкада 19-кылымда жашап өткөн акын аял)
* * *
Чымындардын ызылдашын угуп жатам,
Келген кезде мага дагы Ажал жүзү.
Бороондон соң тып деп эле токтоп калган
Сыяктанып, абдан тыптынч үйдүн ичи.
Баары күтөт, үн чыгарбайт, айтылбайт кеп,
Каректердин жашы тоңот кетпей кулап –
Коркушууда кокус сезип калбасын деп
Эшик жакта Эгебиздин кейпи турат.
Жакындарга таратамын эстеликти,
Бүт баарысын: кымбаттарын, баасы азын.
Күтүүсүздөн бир оокумда Чымын келди,
Баштады ал бир шумдуктай ызылдашын.
Тынч кезде да дапдаана угуп жатам,
Бул үндөрдү таң калтырма, калтыратма.
Анан эле жарык жалп деп...не болду анан –
Аны көрүү буюрбады кайра мага.
* * *
Я слышала жужжанье Мухи,
Когда за мною Смерть пришла.
Как штиль внезапный среди бури,
Стояла в доме тишина.
Все ждали, затаив дыханье,
Застыли слезы на глазах --
Боялся каждый вдруг заметить
Властительницы лик в дверях.
Я близким раздала на память
Все, чего жаль мне -- и не жаль.
Внезапно появилась Муха,
Надсадно начала жужжать --
Звук этот странный, дребезжащий
Был ясно слышен в тишине.
Вдруг свет померк... Что было дальше -
Не довелось увидеть мне.
ЭМИЛИ ДИКИНСОН.( Америкада 19-кылымда жашап өткөн акын аял)
* * *
Чымындардын ызылдашын угуп жатам,
Келген кезде мага дагы Ажал жүзү.
Бороондон соң тып деп эле токтоп калган
Сыяктанып, абдан тыптынч үйдүн ичи.
Баары күтөт, үн чыгарбайт, айтылбайт кеп,
Каректердин жашы тоңот кетпей кулап –
Коркушууда кокус сезип калбасын деп
Эшик жакта Эгебиздин кейпи турат.
Жакындарга таратамын эстеликти,
Бүт баарысын: кымбаттарын, баасы азын.
Күтүүсүздөн бир оокумда Чымын келди,
Баштады ал бир шумдуктай ызылдашын.
Тынч кезде да дапдаана угуп жатам,
Бул үндөрдү таң калтырма, калтыратма.
Анан эле жарык жалп деп...не болду анан –
Аны көрүү буюрбады кайра мага.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#31 09 Май 2021 - 14:45
Кытайда биздин доорго чейин жашап өткөн, акылман философ, а тургай анын даанышмандык илимин өркүндөтүп,
Кытай өлкөсүнүн расмий дини деп кабыл алынган экен. Аны биздин кытайлык кыргыздар Кунзы, ал эми кытай эли Кун фу-зы деп атаган улуу инсандын ырлары менен таанышып, бир-экөөсүн орусчасынан кыргызчалаттым эле, байкагылачы!
Же... жөн эле коёюнбу?!
НА ГОРЕ РАСТУТ КУСТЫ
(I, VII, 10)
На горе растут кусты,
В топях — лотоса цветы...
Не видала красоты —
Повстречался, глупый, ты.
Сосны на горах растут,
В топях ирисы цветут...
Не нашла красавца тут,
Повстречался мальчик-плут. +
ТОО ЖАКТА ӨСӨТ БАДАЛДАР
(I, VII, 10)
Тоо жакта өсөт бадалдар,
Саздакта – лотос гүлдөгөн...
Жолуккан көрктү көрбөдүң-
Акылсызсың, мүлдө сен.
Карагай өсөт тоолордо,
Комустак гүлдөйт саздакта.
Сымбаттуу таппай биерден,
Жолуктум шылуун акмакка.
ХИТРЫЙ МАЛЬЧИШКА
(I, VII, 12)
Хитрый мальчишка
Мне слова не скажет совсем.
Иль без тебя я
Больше не сплю и не ем?
Хитрый мальчишка
Со мной не разделит еду!..
Иль без тебя я
Покоя теперь не найду?
КУУ БАЛАКАЙ
(I, VII, 12)
Куу балакай
Мага такыр айтпай калды саламды.
Сенсиз эми мен
Уктабай да, тамактанбай каламбы?
Куу балакай,
Мени менен бөлүшпөйт тамакты!..
Сенсиз эми мен
Унутамбы тынч жашаган адатты?
УЙДУ ЛИ, МОЙ МИЛЫЙ, НА СБОР КОНОПЛИ
(I, VI, 8 )
Уйду ли, мой милый, на сбор конопли,
Лишь день мы в разлуке, но кажется мне:
Три месяца был ты вдали!
Сбирать ли душистые травы иду,
Лишь день мы в разлуке, а кажется мне:
Три времени года я жду!
Уйду ль собирать чернобыльник лесной,
Лишь день мы в разлуке, а кажется мне:
Три года ты не был со мной!
КЕТСЕМБИ, ЖАР, ЖЫЙНАГАНЫ КАРА КУУРАЙ
(I, VI, 8 )
Кетсемби, жар, жыйнаганы кара куурай,
Бир гана күн көрүшпөдүк, сезилди мага:
Сен алыста жүргөн өңдүү толук үч ай.
Жыттуу чөптөр топтогону жөнөсөмбү,
Бир гана күн көрүшпөдүк, сезилди мага:
Өткөнсүп ушул жылдын үч мезгили.
Терсем бекен токойдон шыбак койбой,
Бир гана күн көрүшпөдүк, сезилди мага:
Үч жыл катар сен жанымда болбогондой.
ПЕСНЯ ДЕВУШКИ, СОБИРАВШЕЙ СЛИВЫ
(I, II, 9)
Слива уже опадает в саду,
Стали плоды её реже теперь.
Ах, для того, кто так ищет меня,
Мига счастливей не будет, поверь.
Сливы уже опадают в саду,
Их не осталось и трети одной.
Ах, для того, кто так ищет меня,
Время настало для встречи со мной.
Сливы опали в саду у меня,
Бережно их я в корзинку кладу.
Тот, кто так ищет и любит меня,
Пусть мне об этом скажет в саду.
КАЙНАЛЫ ТЕРГЕН КЫЗДЫН ЫРЫ
(I,II,9)
Кайналы мөмөсүн төктү,
Жемиши сейректеп калып.
Ах, ким издесе да мени,
Бул ирмем жакпашы анык.
Кайналы төгүлдү бакта,
Калбады үчтөн да бири.
Ах, ким издесе да мени,
Жолугар маалы келди.
Багымда кайналы күбүлдү,
Абайлап салам идишке.
Ким мени издесе, сүйсө,
Айтсын аны бак ичинде.
НА ГОРЕ РАСТУТ КУСТЫ
(I, VII, 10)
На горе растут кусты,
В топях — лотоса цветы...
Не видала красоты —
Повстречался, глупый, ты.
Сосны на горах растут,
В топях ирисы цветут...
Не нашла красавца тут,
Повстречался мальчик-плут. +
ТОО ЖАКТА ӨСӨТ БАДАЛДАР
(I, VII, 10)
Тоо жакта өсөт бадалдар,
Саздакта – лотос гүлдөгөн...
Жолуккан көрктү көрбөдүң-
Акылсызсың, мүлдө сен.
Карагай өсөт тоолордо,
Комустак гүлдөйт саздакта.
Сымбаттуу таппай биерден,
Жолуктум шылуун акмакка.
ХИТРЫЙ МАЛЬЧИШКА
(I, VII, 12)
Хитрый мальчишка
Мне слова не скажет совсем.
Иль без тебя я
Больше не сплю и не ем?
Хитрый мальчишка
Со мной не разделит еду!..
Иль без тебя я
Покоя теперь не найду?
КУУ БАЛАКАЙ
(I, VII, 12)
Куу балакай
Мага такыр айтпай калды саламды.
Сенсиз эми мен
Уктабай да, тамактанбай каламбы?
Куу балакай,
Мени менен бөлүшпөйт тамакты!..
Сенсиз эми мен
Унутамбы тынч жашаган адатты?
УЙДУ ЛИ, МОЙ МИЛЫЙ, НА СБОР КОНОПЛИ
(I, VI, 8 )
Уйду ли, мой милый, на сбор конопли,
Лишь день мы в разлуке, но кажется мне:
Три месяца был ты вдали!
Сбирать ли душистые травы иду,
Лишь день мы в разлуке, а кажется мне:
Три времени года я жду!
Уйду ль собирать чернобыльник лесной,
Лишь день мы в разлуке, а кажется мне:
Три года ты не был со мной!
КЕТСЕМБИ, ЖАР, ЖЫЙНАГАНЫ КАРА КУУРАЙ
(I, VI, 8 )
Кетсемби, жар, жыйнаганы кара куурай,
Бир гана күн көрүшпөдүк, сезилди мага:
Сен алыста жүргөн өңдүү толук үч ай.
Жыттуу чөптөр топтогону жөнөсөмбү,
Бир гана күн көрүшпөдүк, сезилди мага:
Өткөнсүп ушул жылдын үч мезгили.
Терсем бекен токойдон шыбак койбой,
Бир гана күн көрүшпөдүк, сезилди мага:
Үч жыл катар сен жанымда болбогондой.
ПЕСНЯ ДЕВУШКИ, СОБИРАВШЕЙ СЛИВЫ
(I, II, 9)
Слива уже опадает в саду,
Стали плоды её реже теперь.
Ах, для того, кто так ищет меня,
Мига счастливей не будет, поверь.
Сливы уже опадают в саду,
Их не осталось и трети одной.
Ах, для того, кто так ищет меня,
Время настало для встречи со мной.
Сливы опали в саду у меня,
Бережно их я в корзинку кладу.
Тот, кто так ищет и любит меня,
Пусть мне об этом скажет в саду.
КАЙНАЛЫ ТЕРГЕН КЫЗДЫН ЫРЫ
(I,II,9)
Кайналы мөмөсүн төктү,
Жемиши сейректеп калып.
Ах, ким издесе да мени,
Бул ирмем жакпашы анык.
Кайналы төгүлдү бакта,
Калбады үчтөн да бири.
Ах, ким издесе да мени,
Жолугар маалы келди.
Багымда кайналы күбүлдү,
Абайлап салам идишке.
Ким мени издесе, сүйсө,
Айтсын аны бак ичинде.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#32 22 Сентябрь 2021 - 17:44
Анна Ахматова
СЕРОГЛАЗЫЙ КОРОЛЬ
Слава тебе, безысходная боль!
Умер вчера сероглазый король.
Вечер осенний был душен и ал,
Муж мой, вернувшись, спокойно сказал:
"Знаешь, с охоты его принесли,
Тело у старого дуба нашли.
Жаль королеву. Такой молодой!..
За ночь одну она стала седой".
Трубку свою на камине нашел
И на работу ночную ушел.
Дочку мою я сейчас разбужу,
В серые глазки ее погляжу.
А за окном шелестят тополя:
"Нет на земле твоего короля…"
КӨК КӨЗДҮҮ КОРОЛЬ
Кетпестей кейиш, сага даңк деш болоор!
Кечээ күн өлүп калды көк көз король.
Күзгү кеч тумчуктуруп, кызыл батты,
Келди да күйөөм мага жөн-жай айтты:
“Сен билсең, аны уудан апкелишти,
Жасатын карт дуб жактан таптык дешти.”
Боор ооруйт канышага. Жапжаш неме!..
Чачтары агарыптыр бир түндө эле”.
Трубкасын алды турган камин тушта,
Анан ал кетти түнкү жумушуна.
Кызымды ойготомун азыр барып,
Көк көзүн караймын да,калам талып.
Теректер шуулдашат терезеден:
“Королуң жок, таппайсың эми жерден...”
СЕРОГЛАЗЫЙ КОРОЛЬ
Слава тебе, безысходная боль!
Умер вчера сероглазый король.
Вечер осенний был душен и ал,
Муж мой, вернувшись, спокойно сказал:
"Знаешь, с охоты его принесли,
Тело у старого дуба нашли.
Жаль королеву. Такой молодой!..
За ночь одну она стала седой".
Трубку свою на камине нашел
И на работу ночную ушел.
Дочку мою я сейчас разбужу,
В серые глазки ее погляжу.
А за окном шелестят тополя:
"Нет на земле твоего короля…"
КӨК КӨЗДҮҮ КОРОЛЬ
Кетпестей кейиш, сага даңк деш болоор!
Кечээ күн өлүп калды көк көз король.
Күзгү кеч тумчуктуруп, кызыл батты,
Келди да күйөөм мага жөн-жай айтты:
“Сен билсең, аны уудан апкелишти,
Жасатын карт дуб жактан таптык дешти.”
Боор ооруйт канышага. Жапжаш неме!..
Чачтары агарыптыр бир түндө эле”.
Трубкасын алды турган камин тушта,
Анан ал кетти түнкү жумушуна.
Кызымды ойготомун азыр барып,
Көк көзүн караймын да,калам талып.
Теректер шуулдашат терезеден:
“Королуң жок, таппайсың эми жерден...”
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 22 Сентябрь 2021 - 21:17
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...