Кожогелди Култегин Акын, драматург, котормочу
#1 09 Сентябрь 2013 - 11:32
1993-жылы Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтунун 2 жылдык жогорку адабий курсун бүтүргөн.
«Кыргызстан», «Адабият» басмаларында редактор, Кыргызстан жазуучулар союзунда жаштар секциясынын башчысы, Кыргыз Республикасынын өкмөт аппаратында референт, өкмөттүк «Эркин Тоо» гезитинде башкы редактордун 1-орун басары болуп эмгектенген.
Бишкектеги «Азаттык» медиа институтунда кабарчы болуп иштеген.
Кожогелди Култегиндин алгачкы чыгармалары 1976-жылдан баштап «Кыргызстан пионери» гезитине жарыяланат.
Поэзия дүйнөсүнө эртелеп аралашып, 1982-жылы «Ала Тоо поэзиясы» фестивалынын, 1986-жылы Чыгармачыл жаштардын республикалык III жумалыгынын лауреаты болгон.
1989-жылы Бүткүл союздук жаш акын-жазуучулардын Москвада өткөн V семинар-кеңешмесине катышып, ошол семинар-кеңешменин жолдомосу менен 1989-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.
Ага 1995-жылы «Дарбаза жолго ачылат» аттуу ыр жыйнагы үчүн Алыкул Осмонов атындагы сыйлык, 2002-жылы «Бал ууртам» китеби үчүн Ош облустук мамлекеттик акимчилиги уюштурган Жолон Мамытов атындагы сыйлык ыйгарылган.
«Түндүктү ким көтөрөт?» аттуу драмасы Ош кыргыз драма театрында коюлган.
Кожогелди Култегин орус акындары Сергей Есениндин, Арсений Тарковскийдин, Юрий Кузнецовдун, болгар акыны Любомир Левчевдин, балкар акыны Кайсын Кулиевдин, казак акындары Мухтар Шахановдун, Мукагали Макетаевдин ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.<
#2 09 Сентябрь 2013 - 11:36
-
Оңолсун заман ырайы
Ак-кайыңдын учу менен тамыры
алыстаган сайын - бакты, жаңыруу!
Атажурт да бак-таалайга бөлөнөт
аалам кезсе уул-кызынын арымы!
Тынчтык тура - дүйнөдөгү улугуң!
Тынчтык табат тунуктуктун тунугун!
Эрке кары болуп тынчтык күндөргө,
эрининде өлгүм келет сулуунун…
Өлкөдө азыр өзгөчөлүк, чыңалуу,
өзгөрсө экен замандын бул ырайы -
качып-өтүп… машинага урунбай
калган үчүн каткырган кыз сапары.
Балага айткан сөздөр менен жалынып,
бабага айткан сөздөр менен табынып,
кенчтен артык коргобосок өлкөнү
кетет лөктөр тумар кылып тагынып…
#3 09 Сентябрь 2013 - 11:37
-
Кайран гана китебим
Кайран гана китебим-ай, кайраным,
кайдан гана "чоңуңарга" арнадым?!
Айтпапсыңар - ар жагында каалганын
аңырайган аңга окшогон жан барын.
Билим өйдө кармаары ырас тилиңди,
тилиң өйдө кармаары ырас билимди!
Китеп сунсам - китептеги каармандай
ким экени бечаранын билинди.
Жаш сулуудай китебимди сыздаттым,
жан-жагына, асты-үстүнө муз жаптым…
Кыздар каччу байдын келесоосунан
кыйла жаман келесоосу кызматтын.
Акча эмести бүт кагазга чыгарган
ал иштеген ай - арман да, жыл - арман.
Бир сүйлөшсө элди өзүнөн качырып -
билимсиздин галстугу жыландан!
Кайран гана китебим-ай, кайраным,
кайдан гана "чоңуңарга" арнадым?!
Көзүн артып калган эле катчы кыз,
көрсөтсө экен туткунга улуу жардамын…
#4 09 Сентябрь 2013 - 11:42
-
Канжыгадагы саптар (түрмөк)
***
Өлөрдө адам кантип анан кыйналбайт:
көздөн, ооздон, кулак, мурун, жүрөктөн
бүткүл дүйнө-кубулуш
бүкүл бойдон чыгып жатса суурулуп?!
***
Тоодо атылган кулжаны
тоголотпой сүйрөп түшкөн өңдөнүп -
мурунунан... мурунунун төрүнөн
муңбай сүйрөп бирдемени келатыр
бекерчи акем, бекерчи...
***
МАИ минтип көтөргөндө таягын
машинелер бүт токтойт.
Таякка өзүн көтөрүүчү күн келсе
таякеси токтоор бекен - башка эмес...
***
Эки жарык эки жактан каптаса
эндирейсиң эч нерсени көралбай.
Ал-андыктан, кыргызым,
Америка, Орусия деген бу
эки лөктүн жарыгынын алдында
жер сыйпалап калбайлы, жер сыйпалап…
***
Өлүп калган жакшы тура абыдан,
өлүп калган сонун экен эң эле -
балдарыңдын, аттигиң,
катар-катар кагажырап, бөкчөңдөп
карыганын, арыганын көрбөстөн…
Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 09 Сентябрь 2013 - 11:45
#5 09 Сентябрь 2013 - 11:46
Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 09 Сентябрь 2013 - 11:46
#6 09 Сентябрь 2013 - 11:47
Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 09 Сентябрь 2013 - 11:47
#7 09 Сентябрь 2013 - 11:48
Тасмал башка, тамак башка – коошподу,
таңы дагы башкачараак окшоду.
Кайнатасы “Кандай жаттың, балам?” – деп
капыс сурап ийе жаздап – токтоду.
Учурашса – көргөн өңдүү коноктой…
үндөбөсө – койгон өңдүү тоготпой…
Үйдөгүлөр үчүн келин даңаза
үйдө жүрсө деле оюнан жоготпой.
«Үф-фүү! » десе кулачудай үлбүрөп…
«сүф-фүү!» десе кетүүчүдөй үргүлөп…
калтыраган, жалтыраган бечара
канчаларды какайтканга үлгүрөт:
баштагыча бакыра албай, күлө албай,
байчасы ачык шалбар кийип жүрө албай…
да бирөөсү оонап кечке жата албай,
да бирөөсү жыртык-тешик бүрө албай…
тартип башка боло түштү – кабылда,
тамакка бүт олтурушуп маалында.
Кебетелер турса дагы окшошпой –
келин басыш, келин күлүш баарында!
«Үф-фүү! » десе кулачудай үлбүрөп…
«сүф-фүү!» десе кетүүчүдөй үргүлөп…
Башка чүмкөй салган менен жоолукту
бары-жоктун баарын көрүп үлгүрөт.
Ал тамактын көрүп жатып тузун бу
айтпай эле айтып салды бүтүмдү:
«Уул-кыздарды төрөгөнү келдим мен,
улантканы келдим сиздин тукумду!»
Дене дүргүп(!), тепчип учу кеңдикти –
демейден тыш кайнатаны эргитти!
Эң бир жакын урук-туугандарынан
эч ким жасай албайт тигил эрдикти!! !
Келининен кереметти көрүп тур!
Кең орунду ага андыктан бөлүп тур!
Ушундай бир асыл жандын күйөөсүн
урушкан кез көңүлүн да өйүп тур.
Жүрөт каптап келин жакты “Оомийин! ”
жүгүнгөндө жүктү сезет жон… ийин…
Башка ааламды баскан назик-баатырдын
баары-баары көзүн карайт оо-кийин!! !
Тасмал башка, тамак башка – коошподу,
таңы дагы башкачараак окшоду.
Кайнатасы “Кандай жаттың, балам?” – деп
капыс сурап ийе жаздап – токтоду.
#8 09 Сентябрь 2013 - 11:50
(Кайсын Кулиевден)
Асан-Үсөн түштү асмандан анаке,
Кандан кызыл, чөптөн жашыл түсү ынайт.
Адамдарды сүйүндүрчү жан экен,
Тоо, деңизди туташтырган күчүн-айт.
Жети түстүү, жети кабат керемет
Баарысын тең кучакка алып турбаспы.
Ашуу, аска, талаа, жалпы тегерек,
Анда иштеген аялдарды нур басты.
Ийгиликке, сүйүнүчкө арналат,
Чынында эле кылычы го Теңирдин!
Балдар аны көргүсү бар кармалап,
Аны менен ойносок дейт кээ бир күн.
Жер үстүндө илинип тур термелбей,
Балдар аны карап суроо салышты:
Артка ийилме мизи кана — шерденген?
Сабы кайда? Бар экени аныкпы?
Кылыч мына — ак жүрөк да зыянсыз,
Жазалоону, өч алууну билбеген.
Үмүт сыңар — эгер болсо ким алсыз,
Сүйүнүшөт, таңданышат миңдеген!
Асан-Үсөн! Жакшылыгы жатталуу,
Жарак да жок андан картаң, эскирген.
Анын мизи бир тал чөптү чаппады,
Алдында анын жүгүнбөдү эч кимдер.
Кандай сонун ушул жарым айлана,
Билбейт эч бир жандын башын кыйышты.
Талкалап бүт куралдарды шар гана,
Калтыргыла жалгыз ушул кылычты!
#9 09 Сентябрь 2013 - 11:51
* * *
Алар мындан ары эч качан ажырашпас үчүн ажырашып кетишти.
* * *
Алайку менен Алай, ал турсун Чоң-Алай тутумдаш. Андыктан баарын бириктирип, «алай», «куу», «чоң» деген сөздөрдү да кошуп, «Чоң Алайку» деп атап койсо болчудай.
* * *
Партияда жоктордун «партиясынан» күчтүү партия эч жерде жок!
* * *
Аялынын жаштыгынын азабын тартып, ого бетер карыгандар көбөйдү.
* * *
Тоодо туулуп-өскөн шаардыктар чогулуп эс алса — тоо таянып, жаратылыш беттеп кетмейи адат. Шаарда туулуп-өскөн шаардыктар эс алса — ресторанга түшүп, кабинада кадалып олтурмайы адат.
* * *
Менин ар бир ырым — окурмандарыма жазган катым.
* * *
Арак — ар ак (оңунан окусаң), арак — кара (тескерисинен окусаң). Тактап айтканда, аз ичип, оң жүрсөң — ак, ашыкча ичип, тескери кетсең — кара.
* * *
Кээде мага жаңы жыл — он эки ай ичинде бирөөлөрдү өлтүрүш үчүн келгендей туюлуп кетет.
* * *
Сүйгөнүңдүн жасап берген тамагы — нак бейиштин тамагы.
* * *
Заман бул — оттогу казан сыңары. Заман алмашканда — казан алмашкандай ичиндеги кайнаган турмуштун үстү астына, асты үстүнө куюлат. Башкача айтканда, баштагы бийик нерсенин төмөнгө түшүп, төмөн нерсенин бийикке чыкмагы бар.
* * *
Азыркы «ыштаны» жок гезит чыгарып оокат кылгандар — илгерки «Төө чечмей» оюнундагы ыштаны жок тоңкоюп, абийирин артындагыларга көрсөткөнчө төөнүн буйласын чечкен, анан ага акча алган катындардын өзү!
* * *
«Ыр жазганды качан баштагансыз? » — деп сурай беришет. Мен билбеймин. Адам түш көргөндө ошол түшүнүн качан башталганын билбеген өңдүү мен дагы качан ыр жаза баштаганымды билбеймин.
* * *
Аялың менен «беркиниңди» ынтымак кылайын десең үчүнчү бирөөгө кетип кал, дос. Ошондо тиги экөө: «И-ий, өлүгүңдү көрөйүн, сени да ошентчү беле…» — деп атып эле ынтымакташып кетет.
* * *
Эң таза аба — мончонун астындагы аба. Ал жуунуп чыкканыңда укмуш байкалат.
* * *
Жөн жүрүп карыган эч нерсе эмес. Теле экрандан түшпөй жүрүп карыган ашкере аянычтуу.
* * *
«Кыз-келиндерге арналган ырларыңыздан улам аялыңыз урушпайбы?» — деп сурашты автордук кечемде. «Урушат, урушат. Ушу алтындай болгон аялзаты жөнүндө эмне үчүн начар жазып жатасың деп урушат».
#10 09 Сентябрь 2013 - 11:52
Тең жарылган каткырыктай сабалап,
тең жарышкан сүйүүбүзгө салават!
Каткырыктай күчтүү да экен, кыска экен,
кала бердик жүрөктөрдү жаралап.
Айлуу түндүн салкыны өлдү — чөлдөдүк,
алоо күндүн ысыгы өлдү — көрбөдүк.
Ыпыр-сыпыр.. ыпластанды көңүл да
шыпыргыга шиленген нан өңдөнүп…
Кай тарапты, кайсы гүлдү карасак -
кара күйүк, кара темгил, кара так.
Үстүбүздө ээри оогон ат болуп,
үрккөн бойдон мезгил ана баратат.
Карашалбай же каткырбай, сөгүнбөй,
какшып турбуз чайнек менен чөгүндөй.
«Ошол сүйүү кайда?» — деген — осол сөз,
ортобузда мүрзө турат көрүнбөй…
Арман канча алкымдан бек кыспасын -
ал сүйүүгө акаарат кеп чыкпасын.
Тилек ушул — адамзаты мүрзөгө
тик сайылган бычак бар деп укпасын…
Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 09 Сентябрь 2013 - 11:53
#11 09 Сентябрь 2013 - 11:53
Мезгилге куйрук-улаш түшүп алып,
мен сени издеп келем – утуру арып,
күч берээр бакытымды, таалайымды
100 грамм шарап сымал жутуп алып…
Изделип жүрүп өзүм – кийик болуп,
издеймин ийне-жибиң билип толук,
калчылдап бут шилтенбей калган кезде
кайгымды канттай чагып, шимип коюп.
Издеймин, таап бүтүп, жаным, дагы!
Издөөгө өмүрүмдүн кайыл баары!
Табылып, колтукташып жүргөндүгүң –
болгону, дарегиңдин табылганы!
Сени мен издеп келем мекенимдей!
Сезимдер далбалактап этегиңдей!
Издебей калган ошол мүнөт-саатта
из-тозсуз бул дүйнөдөн кетеминби-эй? !
Кашкайган тиштериңдей – каткырыгың,
кайрылып бир карасаң – катты кылым.
Ийниме бул ааламды илип алып
издеген үчүн сени бактылуумун!
#12 14 Сентябрь 2013 - 15:14
Жашыл бетте жайкалган,
толукшуган
Жатасың сен, жаш сулуу -олуттуу
жан.
Көкүрөккө көмкөргөн китебиң бу -
Көпөлөктөй… көпөлөк конуп
турган!
Көөшүп уктап… асманга
көкөлөдүң…
Көрүп туруп, кантип мен
жөтөлөмүн?
Кана -а-кана дем тартсаң, дем
чыгарсаң
Канат кагат китебиң-көпөлөгүң!
Канат кагат китебиң акырын, жай,
Автору - мен, а өзүң -асыл ырдай!
Ааламга Күн, сага Күн нурун чачат,
Ак мойнуңа "быз-з!" эткен
атырыңдай.
Сөздөрүмдүн окуурсуң далайын бу,
Сөйкө кылып суроомдон
тагайынбы?
Жакшы кылдың жалынган сакчы
жасап
Жаштардан бүт жадаган агайыңды!
Жүзүңдө бул жүздөгөн көңүл
гүлдөп…
Жүрөгүңдө -китепте өмүр бүрдөп…
Бетин бир аз чаң баскан күзгүнү да
Бериш болбойт сендейге көрүнгүн деп.
Жашыл бетте жайкалган, толукшуган
Жатасың сен, жаш сулуу -олуттуу жан
Көкүрөккө көмкөргөн китебиң бу -
Көпөлөктөй… көпөлөк конуп турган!
#13 14 Сентябрь 2013 - 15:20
Эл жайлоого көчкөндө-
Биз балконго көчөбүз,
Кыя белден өткөнсүп,
Кыйчалышып экөөбүз.
Уш-шу азыр деп чолоңдоп,
Ууда жүрөм карасам.
Чил, кекилик, коён жок,
Чиркей, бүргө таракан.
"Шаардык" деген ыр болуш керек. Толук вариантын тапсам илип коём.
#14 14 Сентябрь 2013 - 15:24
Арзуумду айтам кантип ай?
Өрүлгөн чачың сунулуп,
Өлүмдөн алып калчудай!
#15 14 Сентябрь 2013 - 15:28
Үзүр отто: тилде болбойт кирдеген.
Кыргыз тилдин күмбөзү го күмбөзү,
Кыргыз туруп кыргыз тилин билбеген!
Кесим, кесим, кесим жалын тил деген,
Кесир отто: тилде болбойт кирдеген.
Кызматтуулар араңарда калдыбы,
Кыргыз тилин патек кылып кийбеген?!
Кыргыз эли ыргаса да желегин,
Кысынтууда тилин кыргыз эненин.
Эшектин бир токуму окшойт анда бу,
Эгемендик, эгемендик дегениң.
#16 14 Сентябрь 2013 - 15:30
#17 14 Сентябрь 2013 - 15:33
Өткөндө ""Нускада" 100 сомдон сатылып жатат китеби" деп угуп барсам, сатуучу аял оңбогондой акча айтып салганынан качып келе бергем
#18 14 Сентябрь 2013 - 18:14
Ырларына карап туздонуп, ыр жазганды уйронуп алалы...
#19 15 Сентябрь 2013 - 21:56
Достошконду кой, душмандашканга да дурусураак киши керек турбайбы.
Миң-миллион, сан жеткис жылдар бою жерде кантип жата берем деп денем үрккөндө сулуулардын да ошентип жатарын эстөө менен өзүмдү жооткотом.
Башкаларды басып өтөм, башкалардан озуп өтөм деп эмне кыласың, өзүңдөн өзүң озуп отурсаң эле оңой ийгиликке жетпейсиң!
Коркуш үчүн дагы кочуш-кочуш мээ керек.
Саат жебеси - чоң атаң, салабаттуу кыймылдап. Мүнөт жебеси - атаң, муюбастан эмгектенип. Секунд жебеси - сен, текилдеп да, безилдеп. Шыңгырактын жебеси - апаң, кези менен келишимдүү чаңырып))))
Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 15 Сентябрь 2013 - 22:28
#20 15 Сентябрь 2013 - 22:59
Кыргыз жак деп суусап турган жоодо адеп,
Башкалар бүт "баа" деп келсе дүйнөгө,
Байкагыла, кыргыз туулат "ооба" деп.
"Ооба" деген ошол сөздүн деминен,
Орду менен мөңгүлөр да эриген.
Кандай азап жерди таштап көз жумуу,
Андан азап кетүү кыргыз жеринен.