Угушум боюнча конурук тарткан адамдын журогу же дем алуу органдары начар деп уккам.Жакын адамынар конурук тартса кандай абалда болоор эленер.Жанымда жашаган бир кыз конурук тартат аны уйдо жашагандар суротко тартып видеого тартып мазакташат тобоо.Ал кыз ыйлап кандай кылсам болот дегенинен кенеш суроону чечтим.Кстати кандай уктайсыздар,
конурук тартасыздарбы жанан кандай учурда.
- (4 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Коңурук же(Храп) Коңурук тарткан адамга көз карашыңар
#2 18 Декабрь 2012 - 19:50
Мен конурук тартканда тарылдап жургон тракторлор да ынгайсыз абалда калса керек))))
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#3 18 Декабрь 2012 - 19:51
Катуу чарчагандар да конурук тартышат...
Дос тапкың келсе эмгекте
Келе бер биздин Лейлекке...
Келе бер биздин Лейлекке...
#4 18 Декабрь 2012 - 20:50
конурук тартбайм деген адамдын озун жарыкта фонарик менен издеп таба албайсын.адам каттуу чарчаганда тарылдатып тарта баштайт дейсин союз убагындагы тракторлор бул жакта калат.
ОЗУМДУ ОЗУМ СУЙОМ
ДЕМЕК СЕНИ ДА СУЙО АЛАМ
ДЕМЕК СЕНИ ДА СУЙО АЛАМ
#5 18 Декабрь 2012 - 23:04
Адам чалкалап жатканда коңурук тартат сөзсүз сиз да и чарчаганда ал жат көрүнүш эмес.Мазактаган адамдардын өзүн мазакташ керек.
Айылым алтын бешигим!!!
#6 19 Декабрь 2012 - 00:31
Коңурук тартуу дагы тукум кууса керек,чарчап деле тартпагандар бар.Коңурук тарткандарды көмөрөсүнөн жаткызса деле тарта берет.Ошон үчүн кичине түрткүлөп койсоң өзүнө келип башка бетти айдай баштайт.
#7 22 Декабрь 2012 - 16:54
Озунуз айткандай дем алуусу начарларда тартат,кечки тамактыда коп жеп туруп дароо жатып алгандадагы тартат. Уктаар алдында мурундун ичине итмурундун суусун 2, 3 тамчытып койсо жок болот деп уктум.
#8 25 Декабрь 2012 - 15:39
жана оливка майы жатаардан мурда тамчылатса жакшы пайдасы тиет деп угам
#9 27 Декабрь 2012 - 02:14
Бир кайним жаман тартчу . Озу бир комнатаны ээлеп уктачу алдына эч ким уктай албайт , уйлонсо кантээр экен болочок абысын
#10 03 Февраль 2013 - 05:17
КОҢУРУК КАНДАЙ ООРУЛАРГА ЖЕТКИЗЕТ?
Коңурук тарткан адамдын эртең менен башы ооруп, жүрөгү айланып, бир нерселерге бат ачууланат. Тез ойлоно да, бир нерселерди бат эстей да албайт. Анткени түндө дем алуунун бузулуусунан улам организмге, анын ичинде мээге аба жетишерлик деңгээлде барбай, мээнин иштеши бузулган болот.
Ошондуктан эгер коңурук тартуу өнөкөткө айланып, бир нече жылга созулуп кетсе, анда кабыл алуу менен эс тутум жоголо баштайт. Жүрөк-кан тамыр оорулары пайда болот. Автокырсыкка кабылуунун да саны өсөт. Коңурук кээ бирөөлөрдү үй-бүлөсүнөн ажыроого дейре жеткирет. Баш мээге аба жетпегендиктен, түнкүсүн коңурук тартуучулардын уйкусу бөлүнөт. Тактап айтсак, 7 саат уктоо мезгилинде абанын жетишпестигинен улам 10-30 жолу ойгонушат. Жаман түштөр көп кирет. Андыктан күндүзү уйкусурап, жакшы иштей албай кыйналышат.
Коңурук тарткан балдар башкаларга салыштырмалуу китеп окууну 3,5 эсе, математиканы 3,6 эсе начар өздөштүрүшөрүн да айта кетели. Кээде коңурук тартпаган адам деле катуу чарчаганда коңурук тартат. Мындай учурда аны чалкасынан эмес, капталынан жаткырып коюу керек.
СЕБЕПТЕРИ:
Коңурук тарткан адам сөзсүз ЛОР-врачка кайрылып, дарылануусу кажет. Эгер коңуруктун себепкери болгон оору кайсы экени такталып, дарылоо жүргүзүлсө, анда адам өзү тарткан кыйынчылыктан кутулат.
Семиз адамдар арыктоого тийиш. Андыктан аларга диетологдун кызматы керектелет. Кээ бирлерге диагнозуна жараша хирургиялык операциялар жасалат. Мисалы, адам ангинадан улам коңурук тартса, анда операция жасоо менен алкым бездери алынып салынат. Мурду сынса, түздөтүлөт. Тамеки тартып, ичкилик ичкендер мындай жаман адаттарынан баш тартуулары абзел.
Коңурук тартууга каршы атайын аппарат бар. Андай аппаратты ЛОР-врач тандап берет. Кыскасы, дарыланууну көздөгөндөрдүн түрдүү ыкма жана жолдор менен коңуруктан арылууга мүмкүнчүлүктөрү бар.
ЭРКЕКТИ ТӨШӨКТӨ АЛСЫЗ КЫЛАТ
Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, коңурук эркектерди акырындык менен жыныстык жактан шалдыкка жеткизет. Себеби жогоруда айткандай, аба менен аз камсыз болгон организмдин иштөө жөндөмдүүлүгү төмөндөйт. Демек, бул жыныстык катнаштын сейрек болуусуна, бел суунун эрте түшүп калышына, уруктуктун сапатынын начарлашына жеткирет. Башкача айтканда, коңурук – эркектердин душманы десек жарашчудай. Демек, дарылануу керек.
КОҢУРУКТАН АРЫЛТУУЧУ КӨНҮГҮҮЛӨР
Медиктер сунуштаган төмөнкүдөй көнүгүүлөрдү жасоо менен адатка айлана элек коңурукту калтырууга болот:

- Мурун сөөгүнүн кыйшайышы;
- Мурундун бүтүшү;
- Мурун көңдөйлөрүнүн сезгениши;
- Семирүү (моюндагы май дем алуу жолдорун кысып калат);
- Богок;
- Мурундун ичине эт өсүп кетүү;
- Таңдайдагы кичине тилдин тубаса узундугу;
- Ангина (алкым бездери чоңоюп, дем алуу жолдорун кысат);
- Тамеки тартуу (бронхторду, аба өтүүчү каналдарды сезгентип, шишитип жиберет).
Коңурук тарткан адам сөзсүз ЛОР-врачка кайрылып, дарылануусу кажет. Эгер коңуруктун себепкери болгон оору кайсы экени такталып, дарылоо жүргүзүлсө, анда адам өзү тарткан кыйынчылыктан кутулат.
Семиз адамдар арыктоого тийиш. Андыктан аларга диетологдун кызматы керектелет. Кээ бирлерге диагнозуна жараша хирургиялык операциялар жасалат. Мисалы, адам ангинадан улам коңурук тартса, анда операция жасоо менен алкым бездери алынып салынат. Мурду сынса, түздөтүлөт. Тамеки тартып, ичкилик ичкендер мындай жаман адаттарынан баш тартуулары абзел.
Коңурук тартууга каршы атайын аппарат бар. Андай аппаратты ЛОР-врач тандап берет. Кыскасы, дарыланууну көздөгөндөрдүн түрдүү ыкма жана жолдор менен коңуруктан арылууга мүмкүнчүлүктөрү бар.
ЭРКЕКТИ ТӨШӨКТӨ АЛСЫЗ КЫЛАТ
Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, коңурук эркектерди акырындык менен жыныстык жактан шалдыкка жеткизет. Себеби жогоруда айткандай, аба менен аз камсыз болгон организмдин иштөө жөндөмдүүлүгү төмөндөйт. Демек, бул жыныстык катнаштын сейрек болуусуна, бел суунун эрте түшүп калышына, уруктуктун сапатынын начарлашына жеткирет. Башкача айтканда, коңурук – эркектердин душманы десек жарашчудай. Демек, дарылануу керек.
КОҢУРУКТАН АРЫЛТУУЧУ КӨНҮГҮҮЛӨР
Медиктер сунуштаган төмөнкүдөй көнүгүүлөрдү жасоо менен адатка айлана элек коңурукту калтырууга болот:
- Оозду жаап, тилди мүмкүн болушунча түбүнөн артка тартып, ушундай абалда дем алуу кажет. Таңдайда муздактык сезилгенден кийин кадимки абалга келүү керек. Көнүгүүнү күнүнө 3-6 маал кайталоо зарыл.
- Күнүгө 3 маал тамак ичкенге чейин “и” тыбышын 30 жолу күч менен айтуу керек. Көнүгүүнү 1 ай жасоо сунушталат.
- Ошондой эле уктаар алдында балдардын упчусун 30-40 мүнөткө чейин соруу оң натыйжасын берет.
Элдик медицинадан
КОҢУРУКТАН АРЫЛУУНУ КААЛАСАҢЫЗ. ..- Бир стакан капуста ширесин бир аш кашык балга аралаштырып, уктаар алдында ичүү керек. Дарылануу курсу 1 ай.
- Уктаарга 4 саат калганда ар бир таноого чычырканак майынан 2 тамчыдан тамызуу кажет. Дарылануу курсу 2 апта.
- Уктаар алдында тамакты зайтун майы (оливка) менен чайкоо керек. Мындан тамактагы сезгенүүлөр азайып, туруп калган тамеки чайырлары жуулат. Андыктан бул ыкма көбүнчө тамеки тартуучуларга тиешелүү.
Бири кем арман дүйнө...
#11 04 Февраль 2013 - 03:08
Zhazira сизге рахмат! менин эжем да аябай конурук тартат, не гана кылбады байкушум бул нерседен арылыш учун,ушу кенештерди да айтып коройунчу мумкун пайдасы тийет
Билдирүүнү түзөткөн: mediko: 04 Февраль 2013 - 03:09
#12 21 Сентябрь 2013 - 22:04
Конурук тарткан адамдын уйкусу канбайт.Анткени,
бул маалда дем алуу убактылуу токтоп,мээге,
опкого кычкылтек жетпей калат.Журок,
кан тамыр ооруларына чалдыккыныз келбесе,анда адистерге корунуп,конуруктан арылуу керек.
#14 02 Ноябрь 2013 - 00:04
Чолпон Бейшеева, Улуттук энени жана баланы коргоо борборунун отоларингология бөлүмүнүн жетекчиси: "Кичинекей баланын коңуругуна кош көңүлдүк кылган болбойт" - Эже, эмне үчүн баланын коңурук тартуусу салыштырмалуу олуттуу делет? - Тамак-мурун жолунда жана тамакта аденоид деген бездер бар, бала 7 жаштан өткөндөн кийин ошол бездер өздөрү эле кичирейип башташат. Ал эми ага чейин алар баланын иммундук ситемасынын калыптанышына тиешелүү бир бөлүк катары жардам берет. Мына ошолор чоңоюп кеткенде дем алуу жолдорун кысып коюшуп, анан ал жерден аба эркин кирип-чыга албагандыктан улам коңурук тартуу пайда болуп жатпайбы. Ошон үчүн коңурук чоң адамдарга салыштырмалуу кичинекей балдарда болсо коркунучтуу болуп саналат. - Муну дарылоого болобу? - Аденоид бездеринин чоңоюп кетиши баланын коңурук тартып калуусуна бирден-бир негизги себеп болуп жатпайбы. Бул оору илимде "аденоиддердин гипертрофиясы"
деп аталат. Анын 3 деңгээли бар. Биринчи жана экинчи деңгээли анчалык олуттуу деле эмес, аларды балага жакшы көңүл буруу, аны өзгөчө кароого алуу менен эле өткөрүп жиберсе болот. Анан 7 жаштан кийин аденоид бездери кайрадан өздөрү эле кичирейип кетет. Ал эми үчүнчү деңгээлине чейин күчөтүп жиберсе, ал сөзсүз түрдө операцияны талап кылат. Себеби, мында бала тез-тез ооруйт, температурасы көтөрүлөт, түн уйкуда коңурукту кызарып-татарып дем жетпөө коштойт, мээге кычкылтектин толук жетпегенинен улам өнөкөт баш ооруга кабылат. Ошон үчүн бала аденоиддердин гипертрофиясынын үчүнчү деңгээли менен ооруп турса, анда операция аркылуу анын тамактагы аденоид бездери алынып салынат. - Аденоид бездери алынып салынганда баланын калыптанып жаткан иммундук системасына доо кетпейби? - Жок, доо кетпейт деле. Себеби, ошондой болсун үчүн тамактагы гана бездер алынып жатпайбы, а мурун-тамак жолундагы бездерге тийишпей эле койгон жакшы. - Коңурук тартып калуунун алдын алууга мүмкүнбү? - Кыйын. Эгер сасык тумоодон, риниттен эле убактылуу коңурук тартып жатса, анда аталган дарттарды дарылоо менен коңуруктун алдын алууга болот. Жарааттын таасиринен мурундун кыйшайып калуусунан,
беттин сөөк түзүлүшүнүн өзгөрүп калуусунан болсо коңурукту ушуларды оңдоо аркылуу жок кылат. Ал эми аденоид бездеринин чоңоюп кетүүсү тубаса же тубаса ошого жакындыгы бар болгон үчүн мындай жагдайда коңуруктун алдын алуу кыйын. - Ушинтип коңуруктан жабыр тарткан балдар биздин өлкөдө да көппү? - Жетиштүү. Биздин Улуттук энени жана баланы коргоо борборунун отоларингология бөлүмүндө эле бир жылда 130-140 балага операция жасалат. Бул көрсөткүч так диагноз менен гана жасалып жаткандар болуп жатат, а баласынын мындай оорусу бар экенин билбей үйдө жаткан ата-энелер канча. Ошон үчүн баланын коңуругуна "аа, коңурук тартып жатат" деп кош көңүлдүк кылган болбойт. Жок дегенде ал коңурук кандай кесепеттер менен коштолуп жатканына кызыгып коюу керек.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#15 02 Ноябрь 2013 - 02:40
Канатчик буларды кайсы сайттан алып келип эле кочуруп жатасын, карасам канча тема ачып ийгенсин ай, кызыктуу маалыматтар экен!
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
#16 02 Ноябрь 2013 - 07:38
Даагы кененирээк толуктап жазууга мумкунбу,кызыктуу тема экен?
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#17 02 Ноябрь 2013 - 07:42
Кызык э мен биринчи жолу окуп жатам жаш бала конурук тартышын.
#19 16 Ноябрь 2013 - 10:53
Менин жолдошумдун да конурук тартканы кобоюп баратат. Жаздыкка башы тийсе эле тартып баштайт. Ушунун айынан да ары карап жат болуп урушабыз. Кээде бир жакшына уктап жатсан ойготуп туруп конурук тарткан жокмунбу деп куйгузот. Жогору жактагы кенештерди созсуз жасатпасам.
Рахмат кенештерге.
Все, что не убивает меня – делает меня сильнее!
#20 20 Ноябрь 2013 - 11:12
Конурук тартуу, конурук тартып жаткан адамды ойготуудан да жугат деп укканым бар. Мен да чалкамдан жатып калганда, катуу чарчаганда тартат экем, илгери тартчу эмесмин, качан башталганын билбейм. Куйоом мен турмушка чыккандан бери эле чалкалап жатып калса тартат уктай албай кыйналчумун.
Учурда шартка жараша Москвада копчулук жашайт эмеспизби, чалкасынан жатып калганда конурук тартчуларды коп эле кордум, копчулугу эркектер. Жаш кыздардын тартканын дээрлик корбодум.Кээ бир адамдар кандай жатпасын тарта берет дешет, болгондо да ото катуу, ушул оору болсо керек.
Жаш балдардын конурук тартуусу албетте кабатыр кылат, жакшылап конул буруп, дарылатыш керек да.