Адам төрөлгөндө ал башкалардан сырткы келбети жагынан, боюнан, чачынын, көзүнүн түсүнөн ошондон эле өзүнүн темпераменти менен айырмаланат.
Темперамент - бул адамдын ишмердүүлүгүндөгү нерв системасынын чагылдырылышы,
психологиялык өзгөчөлүгү.
Адамдар негизинен темпераменти жагынан төрт түргө бөлүнөт: сангвиник, флегматик, холерик, меланхолик.
Темпераменттер жана алардын өзгөчөлүктөрү
#1 08 Ноябрь 2013 - 00:40
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 08 Ноябрь 2013 - 00:41
САНГВИНИК - эмоционалдуу,
башкалардан ишке болгон жөндөмдүүлүгү менен айырмаланат.
Ал өзүнө тааныш эмес чөйрөгө тез эле көнүп кетет, демилгечил,
оптимист, мамилечил, айланасындагы адамдарга жакшы аура тартуулап турат. Ийгиликсиз нерселерге кабылса, аны оңой жеңип чыгат. Тынчы жок, жаңы таасирленүүлөргө муктаж болуп турат. Жумуштагы иштелип чыккан катуу тартипти сактай албайт, ушуга байланыштуу күчтү, чыдамдуулукту,
көңүл бурууну талап кылган жумуштарды майын чыгара жасай албайт. Олуттуу максаты, терең ою болбогондуктан,
чыгармачылык ишмердүүлүгү үстүртөн эле болуп калат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 08 Ноябрь 2013 - 00:42
ФЛЕГМАТИК - абал курчуп турган учурда деле өзүн токтоо алып жүрөт, камаарабайт,
шашпайт. Туруктуу, айтканынан кайтпаган көк, кандай учур болбосун, өзүн колго алганды билет. Жумуштун жоопкерчилигин өзүнүн алына жараша алат да, аны аягына чейин чыгарат. Адамдар менен мамиле түзүүдө баарына бирдей, куру эле сүйлөй бергенди жактырбайт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#4 08 Ноябрь 2013 - 00:43
ХОЛЕРИК - башкалардан кескин чечим чыгаруусу менен, маанайынын тез-тез алмашып туруусу менен айырмаланат.
Өзүн колго алууну билбейт, айланасындагылардын таасирлерине берилип, бир жумуштан экинчи жумушка оңой эле секирип кетет. Көңүл борборунда болууну жактырат. Холериктердин ички жашоосу жок болгондуктан,
көп учурда аларды бат ачуулануу, өзүн кармай албоо, кызуу кандуулук сапаттары коштоп жүрөт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#5 08 Ноябрь 2013 - 00:44
МЕЛАНХОЛИК - өзүнө ишенимсиз, тез чарчап, курулай шектенүүчүлүк сапатка ээ. Уяң, болбогон майда нерселер үчүн да кыжаалаттана берет. Жаңы адамдарга көнүшү кыйын. Кадимки шартта меланхолик - терең ойлуу, иштерман, өзүнүн жашоодогу милдеттерин ийгиликтүү аткарат. Ал эми ылайыксыз шартта ал түнт, коркок, тынчы жок адамга айланат. Маанайынын өзгөрүлүшүнүн себебин айланасындагылар оңойчулук менен аңдай алышпайт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#6 08 Ноябрь 2013 - 00:45
Жубайлардын темпераменти жагынан дал келүүсү - ХОЛЕРИК-ХОЛЕРИК:
Өтө ызы-чуулуу, бака-шака союз. Бул түгөйлөр бири-бирин эң жакшы түшүнүшөт, бирок, бири-бирине жардам беришпейт. Холерик адатта баарын өзү жасоону каалайт, бир холерик бир нерсени жасай албай жатканда экинчисинин жардам бериши күмөн. Көз караштарынын дал келбөөсү, карама-каршылыктар жана уруш-талаштар,
бири-бирин башкарууга аракет кылуулар да болуп турушу мүмкүн. Бул түгөйлөр өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн гана тилектештикке барышат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#7 08 Ноябрь 2013 - 00:47
ХОЛЕРИК - ФЛЕГМАТИК Эгер холерик менен флегматик баш кошсо, идеалдуу түгөйлөр пайда болот. Алар бири-биринде жок сапаттарды толуктап турушат. Холерик флегматик менен өзүн тынч, туруктуу сезет, бирок, ошол эле учурда флегматиктин пассивдүү болушуна жол бербейт, мазасын алып, такай аны башкаруунун аракетинде болот. Холериктин мүнөзү түшүнүксүз,
маанайы беш мүнөттүн ичинде беш жолу өзгөрүлүшү мүмкүн, ага флегматик гана чыдай алат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#8 08 Ноябрь 2013 - 00:47
САНГВИНИК - ХОЛЕРИК Өтө ишкер союз. Холерик - ойлонуп, уюштурат, сангвиник - ишке ашырат. Бирок, бул түгөйлөрдүн бири-бири менен ойлорун алмашуусу талаш- тартышка, атүгүл чыр-чатакка чейин өсүп жетиши мүмкүн. Бирок, кандай гана уруш-талаш болбосун, сангвиник өнүгүп келаткан карама- каршылыктан өзүн алып качып, мамиленин калыбына келишине шарт түзөт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#9 08 Ноябрь 2013 - 00:49
САНГВИНИК - САНГВИНИК Бул түгөйлөр бири-бирин толук түшүнүшөт. Бирок, бири-бирине жардам берүү жагынан жакшы эмес, анткени, алардын күчтүү жактары да, алсыз жактары да окшош. Бири-бирин башкарууга кылган аракеттеринен улам карама-каршылыктар чыгат. Эриктирме, бир өңчөй союз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#10 08 Ноябрь 2013 - 00:50
МЕЛАНХОЛИК - САНГВИНИК Меланхолик менен сангвиник бардык жагынан бири-бирин толукташып,
бир бүтүнгө айланат. Меланхолик жан-дүйнө жагынан, сангвиник социалдык жагынан бири-бирин колдоп-коштоп жашашат. Меланхолик сангвиник менен гана өзүн жакшы сезет, анткени, сангвиник аны кайгылуу ойлорунан алаксытып, кызыктуу таасирлерди тартуулап турат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#11 08 Ноябрь 2013 - 00:51
САНГВИНИК- ФЛЕГМАТИК Бул түгөйлөр бири-бирин өтө жакшы түшүнүшпөгөнү менен эң жакшы колдошот. Сангвиниктин активдүүлүгү,
жумушту сүйгөндүгү флегматиктин акылдуулугу менен кошулганда эң жакшы ишкер кызматташуу келип чыгат. Адатта мындай союзда сангвиник лидерлик кылат, а флегматик ага оңой эле жол бошотуп берип, биринчи болуудан баш тартат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#12 08 Ноябрь 2013 - 00:52
МЕЛАНХОЛИК - ХОЛЕРИК Эң ылайыксыз түгөйлөр, анткени, бирөөнүн үстүнөн бийлик жүргүзүүнү сүйгөн холерик меланхоликти тез эле "кулга"
айландырып алат. Холериктин кылдат мамиле жасабагандыгы сезимтал меланхоликке катуу тийет. Мына ушундан улам ортодо түшүнбөстүктөр пайда болот.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#13 08 Ноябрь 2013 - 15:25
100% бир темпераменттеги адамдар ото, ото, ото чанда кездешет. Кобунчо 2 же 3 темпераменттин микси басымдуулук кылат.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#15 05 Март 2014 - 19:44
негедир туурадай корунуп атат,мага дал келдиго негедир)))
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#16 05 Март 2014 - 21:41
Дал келбей анан! Бул астротолго эмес, негизи бар психология илими.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#17 05 Март 2014 - 22:53
100% туура! Ал сангвиник,мен флегматик. Бирок аны дайым колдойм...ал мени тушунбосо да,мен аны тушуном.
#18 06 Март 2014 - 04:15
Илгери мектеп жашымда " меланхолик " деген созду окуп маанисине жетпедим эле . Корсо мындай турбайбы.
#19 07 Март 2014 - 14:55
Рахмат.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#20 18 Июнь 2015 - 17:42
Бирок таза типтер жок. Ар бир адамда ар бир типтин канчадыр проценти болот, жана албетте бири басымдуулук кылат(доминирует).
..... Мага эн кызыгы темпераментти тарбия менен озгортсо болоору, мисалы : меланхоликтен холерикти))) темпераментти бала жаш кезинде деле аныктаса болот, демек балдарыныздарды тарбияласанар болооооот,,,
,бирок абайлап, сындырып алуунар мумкун(((