Сүйүү өткүн, төгүп коюп бир өткөн,
Сүйүү оюн, от ыргытып жүрөктөн.
Сүйүү деген- кокус түшкөн учкундан,
Өрт кеткендей, бүт денеңде дүр эткен.
(С. Эралиев “Сүйгөнгө кат”)
Бул ыр саптарында “сүйүү” деген сөздүн үч жол ыр сабынын башында кайталанышы, эч кандай тавтология жаратпайт, тескерисинче, анын ар бир жолку кайталанышы натыйжасында сөздүн, түшүнүктүн мааниси улам тереңдеп, улам такталып отурат. Дагы бир мисал:
Эмне күтөм, келип турган күндөрдөн,
Эмне издеймин, ачыла элек гүлдөрдөн?
Эмне табам, эмнелерге жетишем,
Аз өмүрдө бул турмушка бир келген?
(С.Эралиев)
Эки сөздөн туруп, бир бүткөн ойду билдирген синтаксисттик бир өңчөй башталуу кездешет. Касым Тыныстановдун “Жаңыл Мырза” поэмасынын төмөнкү строфаны окуп көрөлү:
Өткөн күн –желдей соккон эрки чексиз,
Өткөн күн –көк деңиздей түпсүз, четсиз.
Өткөн күн көп көндөрдүн бир айт күнү.
Беп-белем, телегейи тең теп-тегиз.
Өткөн күн-сулуу сүрөт ойлогонго
Теңдикти, эркиндикти элестеткич.
Эр бакты, эл бактына келип кеткен,
Өткөн күн –күн экен го акыл жеткис.
Бул строфаны түз окуганда, контексттен бөлүп өз алдынча окуганда чыны менен “өткөнкүндү” романтизациялоо экени, апачык экени көрүнүп турат. Бирок ушул строфадан мурда болгон окуяны (Үчүкө,Түлкүнүн каза табышы) ошондой эле мындан кийин боло турган окуяны (жаш Абылды көрүп ага өз эрки менен Жаңылдын туткун болуп бериши) кайрадан карап көрсөк, “өткөн күндүн “ акыл жеткис эркиндигин романтизациялоо, бул чынында ирония экенин байкоо кыйын эмес. Бүт кыргыздын уруулары биригип Жаңылды колго түшүрүш үчүн жаш баатыр Абылды Жаңылдын жаасына такап берип жатса, бул жерде “эркиндик” жөнүндө кандай сөз болушу мүмкүн.
Ыр саптарынын, строфалардын же прозалык айрым фразалардын башында айрым сөздөрдүн үндөштүк кайталанышы, же болбосо синтаксистик курулуштун бирдейлиги атайы поэтикалык речтин өзүнчө түрүн түзөт. Поэтикалык речтин мындай түрү
а н а ф ор а, же б и р ө ңч ө й б а ш т а л у у деп аталат.
Үндөштүк а.бар. Мында сөздүн башкы муунундагы үндүү, үнсүз тыбыштар кайталанат. Маселен:
Жарашыктуу жаштайың,
Жадыраган жаз сайын,
Жаш күнүмдөн бир өскөн,
Жакшынакай ак кайың.
(А. Осмонов).
Мындан тышкары сөздүк а. да кездешет. Бул учурда ыр саптарынын башындагы айрым сөздөр кайталанат.
Эне, сага кандай мактоо жарашат?
Эне менен теңдеше албайт эч бир жан,-
Эне, сенден ким сыймыкты талашат?
Бардык мактоо сага гана жарашат!
(А. Токомбаев).
Синтаксистик бир өңчөй башталуу да учурайт. Бул учурларда ыр саптарынын башталышындагы сөз тизмектри кайталанат.
Мен көрдүм Москванын бийик үйүн,
Мен көрдүм Рыбын көлүн, Цимлян көлүн,
Мен көрдүм жаркыраган Углич ГЭСин,
Келтирип орноткондой көктүн күнүн.
(Т. Үмөталиев).
Строфалык бир өңчөй башталууда кездешет. Буга А. Токомбаевдин «Жазамын мен» аттуу ыры мисал болот:
Жазамын мен-
Бардык чынды жазамын.
Калем менен
Сансыз канал казамын.
Секундуна токтобогон жүрөктүн
Касиеттүү
Капкактарын ачамын.
Жазамын мен-
Кылым сырын жазамын
Чар тарапка учкун отун чачамын» ж.б.
(А. Токомбаев).
Анафора прозалык чыгармаларда да кездешет. У.Абдукаимовдун «Майдан» романында ал көркөм сөз каражаты катарында маанилүү функция аткарат. «Эрте түшкөн кара суук кар, же жамгыр менен кезектешип турду. М ы н д а й у ч у р л а р д а жол азабы андан бетер кыйындап, шалпылдаган баткак, өтмө катар суу болгон оор шинелдер оор жүктүү солдаттардын андан бетер күчүн кетирип, андан бетер каржалтты. Мындай учурларда жол азабы адам көтөргүс азапка айланып, беш мүнөттүк өргүш бир күндүк өргүшкө татыгандай көрүндү».(У. Абдукаимов «Майдан»).
Прозалык чыгармаларда кездешкен мындай бир өңчөй башталуу окуянын улам күчөшүн, өнүгүш процессин даана сүрөттөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Р.Кыдырбаева, К.Асаналиевдин жогоруда аталган сөздүгүнөн.
Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 26 Сентябрь 2013 - 23:23