Такыры жок жер болбойт,
жакыры жок эл болбойт.
Такыялуу башка далай иш
түшөт.
Талаага түнөгүчө, молого түнө.
Талаада музоо эмип кетсе, үйдө
сүтүнө ит тиет (же сүт төгүлөт).
Талаада музоо эмип кетсе, үйдө
сүтүн ит ичет.
Талаада табылса, бир ором
жип олжо.
Талаадагыны үйдө болжобо.
Талаалуу жерде тоо болбойт,
жакшы элде доо болбойт.
Талаанын көркү мал менен,
калаанын көркү эл менен.
Талант тартынчаак болот.
Талап — табылбас канат.
Талаптанбай муратка жетпейт.
Талаштан тактык жаралат.
Талкалап салуу бир паста, бир
нерсе кылуу аста — аста.
Талпынбай тилекке жетпейт.
Тамагы майлуунун — көйнөгү
көөлүү.
Тамагын тартпаган таттуусунан
айрылат.
Тамак болбой, дымак болбойт.
Тамак үчүн асмандагы куш
торго түшүптүр.
Тамак деп асмандагы куш
торго түшөт.
Тамак көп болсо — итке
жакшы, тамак жок болсо —
битке жакшы.
Тамак көрсө күлкүсү келет,
китеп көрсө уйкусу келет.
Тамак менен кыйнабай, муш
менен кыйна.
Тамак, тамак болсо дымак.
Тамаксоонун табагы толбойт,
топуктуунун жаманы болбойт.
Тамактан аяган мончок
курусун.
Тамактан өткөндүн баары
тамак.
Тамакты бир тууш ичет, бир
кууш ичет.
Тамакты кабак көрөт.
Тамакты таттуу кылган — туз,
алысты жакын кылган — кыз.
Тамакты таттуу кылган — туз,
ыраакты жакын кылган — кыз.
Тамактын жакшысы ток,
жаманы жок.
Таманың тайгак болсо, таканы
мыктап как.
Тама — тама көл болот.
Тамашага — тамаша, каяшага
— каяша.
Тамашанын таттуусу, таң
атканда билинет.
Тамашанын теңи — чындык.
Тамашанын теңири — чындык.
Тамганы күйгүз, күйгүзбөсөң
өзүң күйөсүң.
Тамды тешкен уурунун сабы
кыска чоту бар.
Тамчы суудан тал көгөрөт.
Тамчы тама берсе таш жарат,
бир сөз ырбай берсе баш
жарат.
Тамыр тарткан талыкпайт.
Тамырлуу да жыгылат, такалуу
да тайгаланат.
Тамырсыз дарак, тарыхсыз эл
болбойт.
Таң сүрө иштегениң— таалай,
бакыт издегениң.
Тандаган тазга жолугат.
Тандаган, тандап, тазга жолукту
(же)
Тандап, тандап, тазга жолукту.
Тандап алган катының тайлак
минип олтурат, көрүп алган
катының көсөө минип отурат.
и Жемеле эже, чамданыз.
