Суперстан: Адабий чыгарма жана чыгарма... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Адабий чыгарма жана чыгарма... Кандай болушу керек жана максаты эмне...

#41 Пользователь офлайн   Aitunuk   04 Декабрь 2013 - 18:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Арсен Саманчин жакшы билет, тозоктун көрүнбөгөн эшиктерин класста отурганда эле Ташафган менен кол кармашып аттап кеткенин, бирок ошого карабай, Элеске кездешүүнү дал ошол күндүн "тарыхындагы" сактап калуучу фактор, акыркы айла катарында кабыл алат. Ал, Арсен Саманчин, баарынан мурда, илээшип кетпей койгон "өлтүрүү- өлүү" идеясынан бир заматта биротоло кутулат, кудум Жаабарстай, жогортодо эскерилгендей, бир жолу атаандашы, күнүлөшү жаш илбирсти ыгы, ыңгайы келип, тытып, үзүп-жулкуп жок кыларда кандайдыр бир ички күч кармап, токтотуп калган сыңары, бул жолу да Арсен жүрөгүндө, дилинде, жан дүйнөсүндө кайрадан жаралган жаркын сезимдин күчү менен өзүнүн "Өлтүрсөмбү же жокпу?" ("Убить-не убить?") деген аңгемесиндеги өзөктүү, уңгулуу пацифисттик философиясына түздөн-түз кайтып келет. Жаралыш табияты боюнча ар кандай ашкере күч көрсөткөн, зордук-зомбулукка каршы турган пацифист Арсен (бул Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын фундаменталдуу философиялык негиздеринин бири) эч качан адамга кол сала алмак эмес, "өлтүрүү- өлүү" идеясы ар түрдүү адилетсиздиктерден көргөн ызалык, кордуктан (ресторандан куулуп чыгуу, редакцияда "сөз" жөнүндөгү макалага динчилдерди каршы уюштуруу ж.б.) келип чыккан духовный дүйнөнүн буулуккан өзүнчө бир көрүнүшү болчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   Aitunuk   04 Декабрь 2013 - 20:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Өзүнүн ошол учурдагы "сейсмикалык абалында" оюнан чыкпай, өзүн ого бетер басынткан "өлтүрүү- өлүү" идеясын декларациялоодон башка, анын кылар айласы да жок эле. Ал эми азыр болсо, Элестин "Туюк жар" айылында пайда болушу Арсен үчүн иллюзия, өзүн-өзү алдоо эмес, бул тагдырдын жазмышы менен адамга капысынан бир гана жолу келген түбөлүк, баш-аягы чексиз сүйүүнүн "космикалык концентрациясы" болчу. Ошондуктан баары түбү менен өзгөрөт, баары түбү менен жаңы мазмунга өтөт. Учурунда бүт аң-сезимин, оюн, умтулушун жеке ээлеп келген "өч алуу", "өлтүрүү- өлүү" идеясы бир заматта жеңил баа, түккө турбаган "бирдемеге" айланып, качантан бери Эрташ Курчалга каршы даярдалып келаткан "финалдык жооп", "жыйынтык иш" өзүнүн түпкү маанисин кайрадан жаратат. Бир көз караштан жаралган сүйүүнүн "космикалык концентрациясы" ошондой укмуш касиетке ээ экен. Элеске айтып жетише албай калган эң ыйык сырын, "Өлтүрсөмбү же жокпу?" ("Убить-не убить?") аңгемесинин пацифисттик идеясын виртуалдуу турмушта же турмуштагыдай болгон кыялында, Саратовго бараткан поездди кууп жетип, эң акыркы сырын айтып берүүгө үлгүрөт. Бул өзү жөнүндөгү чындыктын, сөзсүз түрдө Элес биле турган чындыктын, жеткен чеги болчу.

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 04 Декабрь 2013 - 20:20

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   Aitunuk   05 Декабрь 2013 - 10:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Ч.Айтматовдун жаңы романы Адам тагдыры, адамдын маңдайына жазган жазмышы жөнүндө, Адам каалайбы, каалабайбы, ошол тагдыр, ошол жазмыш сөзсүз боло тургандыгы жөнүндө ой толгоо менен башталат. Эгерде жалпы сомосунан айтсак, Адам тагдыры жөнүндөгү кыргыз жазуучусунун ой толгоолору Сейде менен Жамийладан баштап, азыркы сөз болуп жаткан романына чейинки "узак жол" - бул дүйнөлүк масштабдагы өзүнчө эле бир концептуалдуу философия экенине көзүбүз жетет. Ошондой болгондо да алыскы Тянь-Шань тоолорунда, Үзөнгүлөштүн, кала берсе Молоташ үңкүрүнүн айланасында өзүнүн жырткычтык турмушу менен жашап жүргөн илбирс менен көп элдүү, өнүккөн цивилизациялуу шаардагы адамдын ортосунда кандайдыр бир астрологиялык байланыш болбосо, алардын тагдырында кандай окшоштук, ал гана эмес, кандай биргелик, бирдейлик болушу мүмкүн. Көрсө, экөөнүн жашоосунда окшоштук, ал гана эмес, алардын тагдыры кандайдыр бир турмуштук кырдаалдардын жана жагдайлардын негизинде, а балким астрологиялык негизде бир гана шартка, бир гана учурга атайы жиберилгендей бирдей тагдыр экен. Экөө тең талоончулукту, зордук-зомбулукту баштан өткөрүп, акыры экөө тең ошол жырткыч күчтүн курмандыгы болот. Экөөнүн тең тагдыры акыры келип бир жерден, бир чекиттен, Молоташ үңкүрүнөн чечилет. Айрымасы: Жаабарс күчтөн тайып, ашууну ашып кете албай, айласы түгөнүп турганда мергенчи принцтерди алдоо максатында Ташафгандын "жем таштоо" түрүндөгү курмандыгы. Ал эми Арсен болсо, өзү айткандай, ал өзү да чынында, Ташафгандын түздөн-түз курмандыгы, бирок маани-маңызы боюнча өтө кеңири жана терең, мурда эч ким билбеген, эч ким укпаган жергиликтүү бир үңкүрдүн түбүндө болуп жаткандыгына карабастан, дүйнөлүк масштабдагы окуянын курмандыгы.

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 05 Декабрь 2013 - 10:42

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   Aitunuk   05 Декабрь 2013 - 11:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Ташафгандын аскердик фуражкасы, бул "кирген из бар, чыккан из жок" делинген тозоктун накта башталыш белгиси, бул демек, Арсендин үмүтүнүн биротоло үзүлүшү. Эмне кылуу керек, мындай суроону коюунун азыр эч кандай зарылчылыгы жок. Ташафган аскердик фуражкасын кийгенден кийин артка чегинбейт, аны менен макулдашуу, компромисс издөө мүмкүн эмес, ошондуктан бир гана жол, бир гана мүмкүнчүлүк бар, мурдагы жаш кезектеги досунун, айылдашынын, классташынын план-проспектисине эң кеминде тең келе турган, барабар, маанилеш иш-аракет жасоо керек, ошондо гана карабет айбанчылык, а балким кандуу окуяны, бүткүл дүйнөлүк доошко чыга турган окуяны токтотууга болот. Муну кан буугандай токтотуу, болтурбай коюу, анын нарк-баасы эмнеге гана турбасын, бул эң негизги милдет. Мына ошондуктан Арсен Саманчин өзүнүн алдына "эмне кылуу керек" деген суроо койбойт, эмне кылышты ал билет, ал ага даяр. Бир көз караштан пайда болгон сүйүүнүн космикалык чексиздик ксиети ошондо, ал, Арсен Саманчин, капысынан айтылган Элестин жалындуу ураан сөздөрүн реалдуу жашоонун трагедиялык чындыгына айландырат, эки тараптан атылган октун ортосунда, эки жактан жалындаган өрттүн ортосунда жалгыз өзү калат. Өзүн-өзү курман кылуу анчейин жашоодон аша кечкендик эмес, бул өз өмүрүнүн наркы менен кыргыз жеринин, кыргыз тоосунун ата салтын, абийирин, кадыр-баркын булгабай сактап калуу, бул Арсен Саманчиндин жазмыштагы тагдыры.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   Aitunuk   05 Декабрь 2013 - 12:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Тагдырдын жазмышы ушундай экен, Молоташ үңкүрүндө боло турган "кырылышты" болтурбай токтотууну Арсен айылдаштарынын алдында, Бектур атанын алдында өзүнүн кечиримсиз күнөөсү, айыбы катарында эсептейт, ал гана эмес Ташафгандын ченемсиз кылмышын да өз мойнуна алат, алардын ар биринен, кала берсе Айданадан, Эрташ Курчалдан кечирим сурайт, ал эми Ташафганды сөздүн эң ачуусу менен каргап-шилөөнүн ордуна, анын курмандыгы болгондугу үчүн бир гана өзүн күнөөлөйт. Бирөөнүн, болгондо да террористтин курмандыгы болгон үчүн өзүн күнөөлөп айыптоо, бул эмне жеңилүүбү, Жаабарстын тагдырын Молоташ үңкүрүндө бирге бөлүшүп жатып, өзүнүн жеңилишин моюнга алуубу? Арсенди узатуу учурунда мүрзөгө бараткандардын арасында Ташафган да баратты. Бир учурда башындагы баягы каргашалуу аскер фуражкасын алды да, бет келди жакты карай ыргытып ийди. Жеңилүү, бүт күнөөсүн мойнуна алуу мына ушундай болот.
20 жылдан бери Ч.Айтматов Батыш Европада жашап келет. Жазуучулук - бул эркин жана индивидуалдуу профессия. Кай жерде жашаса, кандайча жашаса ал анын жекече эрки, жекече укугу. Анын үстүнө Ч.Айтматовдун жөнү башка, жазуучулуктан тышкары ал дипломатиялык кызматта. Ошондой болсо да Ч.Айтматов эң биринчи иретте жазуучу, ал жарык дүйнөгө ошол гана тагдыр менен келген, демек дал ошол тагдыр бешенесине жазып, энчилеген кесибине ал кандай жоопкерчилик менен карайт, табиятындагы мүмкүнчүлүктү кандай реализациялап келатат, мына ушул баарынан маанилүү. Ушул аспектиден алып караганда, жазуучунун повесттери жана романдарында өз доорунун эң оор, эң татаал проблемалары тикелей коюлуп, ар тараптан толук ачып көрсөтө алган касиет-сапаты менен Ч.Айтматов азыркы замандагы дүйнөлүк, жалпы адамзаттык окуя экени эч кимге талашсыз чындык.
Бирок, кандай болсо да, ар бир чыгарманы конкреттүү кабылдоо, түшүнүп-билүү бул башка маселе. Алсак, Ч.Айтматовдун жаңы романын ким кандай кабыл алат, ал ар кимдин адабий даярдыгына, түшүнүп-билүү жөндөмүнө, барып-келип, ар кимдин жекече иши. Ушундан улам, кандай гана болбосун, көркөм чыгарманын нукура көркөм асыл-наркы ал канчалык даражада өз доорунун курч проблемасына түздөн-түз кийлигишип, ачык, даана тартылган образ аркылуу келечек чындыкты, перспективаны ачып көрсөткөн касиет-сапаты менен аныкталат. Ушул жагдайдан алганда, чынын айтыш керек, маселен, "Кассандра тамгасы" романын биз, кыргыздар, али жеткиликтүү түшүнө элекпиз. Ушул роман туурасында орус окумуштуусу, медициналык жана экологиялык эң жаңы технология фондусунун президенти В.Папоновдун "Пайгамбарды угуу керек..." ("Услышать пропока") деген өткөн жылы жарыяланган макаласын ("СК", 16-декабрь, 2005-ж.) эске түшүргүм келет. Бул макала жазуучунун романында алдын ала айтылган пайгамбарлыкты жана медицина илими далилдеген чындыкты адамдар азыр укпаса, анда романда сүрөттөлгөндөй, өздөрүн жээкке ыргыткан океан киттери гана угабы деген жыйынтыкка келет.
"Сардал кыз" ("Тоолор кулаганда" ) романында Ташафган менен Арсен эски тааныш класска киргенде эле, экөөнүн ортосунда теракт жөнүндө диалог башталар алдында, эки чабалекей учуп келип, кууса болбой безилдеп сайрай баштайт. Кийин алар Үзөнгүлөштүн түбүнө келгенде ошол эле чабалекейлер дале ошол жерде баягыдан күчөп, безилдегени безилдеген. Булар, балким, океандагы киттер сыяктуу боло турган, даярдалып жаткан каардуу окуянын жарчысыдыр, өздөрүн жээкке ыргыткан киттер сыяктуу, бул чабалекейлер өз "тилинде" ошол жырткычтык диверсия туурасында билдирип жаткандыр. Аны ким угат, ким түшүнөт. Бар экен кыргыз адамы, бүт кыргыздын трагедиясын, ал турмак ушул карабет "ишти" баштагандын жеке күнөөсүн өз мойнуна алып, чабалекейлердин безилдегенин уккан, түшүнгөн, ал - Арсен Саманчин. Дагы ким угар экен, чабалекейлердин безилдегенин. ..


К.Асаналиев. -Безилдейт неге, чабалекейлер. .. -"Адабий Алатоо" гезити, июнь, 2006.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   aigull   24 Январь 2014 - 16:11

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5
  • Катталган: 12 Апрель 11
  • Соңку аракети: 24 Янв 2014 16:13
  • Телефон:0778219177
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жогорудагыларды окуп отуруп, бир топ мыкты маалыматтарды алууга болгудай. Чоң ырахмат! Менин сизде бир суроом бар? канчадан бери кыргыз тилиндеги неологизмдер - оккозионализмдер туурасындагы маалыматты таба албай келебиз. Мумкун, ушул суроону жакшыла бир тушундуруп берээрсиз. Бугунку куну гезит бетинде кезигишкен оккозионализмдер. алдын ала чоң рахмат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   Aitunuk   28 Январь 2014 - 17:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты


" Кыргызстан маданияты" , 11.12.08 - 4-бет
Адабий талкуу

Мамасалы АПЫШЕВ
Жаңы доор жана жаңылануу зарылдыгы
(Эгемендик доорундагы улуттук адабиятка баяндама)
Мамасалы Апышев - прозачы, адабиятчы, котормочу. 1960-жылы туулган. 1986-жылы Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. 1988-жылы СССР Жазуучулар Союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган. 1988-жылы Москвадагы "Молодая гвардия" басмасынан чыккан "Запоздалая весна" аттуу аңгемелер жыйнагы үчүн Бүткүлсоюздук М.Горький атындагы сыйлыктын лауреаты болгон. "Тартылып бүтпөгөн сүрөт" аттуу повесть жана аңгемелер жыйнагынын, "Сооронбай Жусуев" ("Жизнь замечательных людей Кыргызстана" сериясынан) аттуу адабий-биографиялык изилдөөнүн, "Оомат эң күчтүүлөргө оойт… (Чыңгыз Айтматовдун адабий портретине штрихтер)" , "Мезгил бурулушу жана түбөлүк нарк" аттуу адабий сын макалалар жана адабий портрет жыйнактарынын автору. Мамасалы Апышев орус тилинен кыргызчага Франц Кафканын "Кубулуу" ("Превращение" ) аттуу повестин жана Гарбриэль Гарсиа Маркестин, Василий Шукшиндин, Василий Песковдун айрым аңгемелерин которгон. Апышевдин котормосунда орус тилинде Абдиламит Матисаковдун "Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй…" аттуу повести, Чолпонбек Абыкеевдин "Бриллиант жылан" романы жана башка повесть, аңгемелери, Мундузбек Тентимишевдин "Авиценна киргизской медицины" аттуу документалдуу баяны жана башка чыгармалар жарык көргөн.


Редакциядан: Мамасалы Апышев кыргыз профессионал адабиятына ырааттуу саресеп салган калемгер. Мамасалы калемдешибиз "КМ" кайрадан жарыкка чыгарын эшитер замат босогобуздан аттаганда эле "адабий талкуу баштайлы" деген демилгеси менен демитип, "адабий чарбабыздын" эмне менен дем алып, кандай күндү көрүп жатканына Жазуучулар союзу да, жазуучулар да кайдыгер болуп баратканынан сөз улап кейиди. Канчалык көлөмдүү болсо да, анын адабий баяндама-сынын бүгүнкү адабиятка зарылдыгын туйдук. Ордунан козголбой жаткан ташты козгогонго батынган жалгыз адамдын күчү баары бир жалгыз. Андыктан, Мамасалынын демилгесин өчүрбөй адабиятчы, акын-жазуучуларыбыз кыйыктанбай талкууга катышса дурус иш болоор эле...

Жалпыга белгилүү болгондой, мындан он беш жылча илгери мурдагы социалисттик системанын түп-тамырынан кыйрап жок болушунан адамзат коомчулугундагы аң-сезим жаатында да революциялык өзгөрүүлөр, тарыхый-эволюциялык жаңы тепкичке өсүүнү тастыктаган көрүнүштөр пайда болду. Мурдагы каршылашкан эки системанын (социалисттик жана капиталисттик) жоюлушу, глобализация маселесинин жаралышына алып келди... Бул коомдук-саясий маселени андан ары тереңдетпей, кесе чаап айта турган болсок, мындай доорлордун алмашыш учуру жалпы адамзат тарыхында эки-үч кылымда бир болуп келсе, советтик доордогу коомдук илимдер белгилеп келгендей "дароо эле феодализмден социализмге секирик" жасашкан Орто Азия, анын ичинде кыргыз эли үчүн ХХ кылымдагы дагы бир (экинчи) коомдук өнүгүүнүн жаңы баскычы болуп калгандыгы түшүнүктүү. Тарых мыйзамы ушундай экен, - адам психологиясы, табияты эзелки (азыр кээ бирде жарымжапайы деп жүрүшкөндөн бери) жаралган кезден бери өзгөрбөй эле кала берсе дагы, анын жашоо образы, ошого жараша айлана-чөйрөсүндө аны курчап турган бардык атрибуттар да кошо тынымсыз өзгөрө берет. Анын ичинде, албетте, адамзатты эзелтен кошо ээрчип келе жаткан анын айбанаттан, башка жаныбарлардан айырмалап турган, рухий дүйнөсү чексиз, алиге чейин толук изилденип бүтө элек сыр экендигин далилдеп турган адабияты да кошо өзгөрө берет. Адабият аркылуу дайыма сырын төгүп, арманын айтып, айга-күнгө карай күүлөнгөн максаттарын, ой-тилектерин билдирип келген адамзат, ошентип, доорлор алмашкан сайын улам жаңыланып, адабиятын да кошо өзгөртүп турганы мыйзам ченемдүү эле процесске айланган...
Демек, мына, он жылдан бери (мейли 1995-жылга чейин чыккан чыгармаларды советтик доордо жазылган чыгармалар деп атап, бул кубулушка киргизбей эле койгон күндө да) жаралып жаткан кыргыз адабияты да принципиалдуу түрдө жаңы доордун адабияты болуп эсепттелет. Мен эмне үчүн мындай деп ишенимдүү айта алам? Адамзаттын улуу генийлеринин бири Карл Маркс (айтмакчы, өзүнүн "Капиталы" , же андагы негизги идея - "кошумча баа - прибавочная стоимость" менен адам эмгегин өз алдынча продукт катары баалап, ошонусу менен буржуазиялык доорго төңкөрүш жасап, капиталисттик өнүккөн жаңы баскычына өтүшүнө түздөн-түз таасир эткен адам) эбак эле жазбады беле: порох менен свинецтин (же, ок-дары менен коргошун куралынын) доорунда мурдагы грек эпосторундагыдай жебе менен атышып согушкан, энеси кичинекей кезинде кириндиргенде жалгыз гана такымына суу тийбей калып, бир гана дал ошол жерине жебе келип сайылып, жан берген, бирок, өлбөс баатыр болуп жаралган Ахилес сыяктуу каармандын болушу такыр мүмкүн эмес деп...
Башкача айтканда, бардык учурда эле адамдын турмуштук философиясы бир калыпта өнүгүп олтурганына карабастан, ар бир доордун социалдык-экономикалык, коомдук-психологиялык шарттары адамдын ой жүгүртүүсүнө, дүйнөнү кабылдоо ченемине сөзсүз таасир этет. Ал эми ошол таасирдин өзү ар бир доордун сүрөткерлери жараткан чыгармаларга жипсиз байланыштагы руханий энергия сымал дайыма өтүп турат...
Менин азыркы кыргыз адабияты - жаңы доордун адабияты дегеним, балким кимдир бирөөлөрдү таңдандырар: ушул он жыл ичинде эле кантип жаңы адабият жарала калды? - деп. Мен бул жерде бар болгону адабиятта мурдагы Уркуя, Танабай, Жамийла, Кычан Каныбек, Ыманбай ж.б. сыяктуу советтик доорго тиешелүү, типтүү болгон образдар эч убакта жаралышы мүмкүн эместигин, азыркы жазуучу каалайбы-каалабайбы, башка доордун каармандарын жазып, такыр башка проблемаларды көтөрүп чыгууга мажбур экендигин гана айтып жатам. Азыр кээде наалып (кай бир учурда негизинен туура эле!) жатышпайбы, телевизорундагы кинолор деле, адабият деле бүт канга, кылмышка, секске ж.б. терс көрүнүштөргө толуп кетти деп. Туура, бирок азыркы ("современная" маанисинде) адабият, искусство башкача болушу эч мүмкүн да эмес. Анткени, адабият-искусствонун жаралгандагы эле талабы (предназначение) адам рухий дүйнөсүнүн (мейли, ал каймана тилде айбанаттар жөнүндө баяндап жаткан күндө да!) күзгүсү болуп саналат. Ошолор аркылуу адамзат өзүн тааныйт, өзүнүн улуулугун, татаалдыгын, жоопкерчилигин сезет... Анан эшикте, көчөдө, айланада, сен жашаган коомдо бүт эле ошондой көрүнүштөр болуп жатса, "бала көргөнүн кылат" демекчи, жазуучу да көргөнүн, билгенин, сезгенин, өзүнүн жүрөгү өйүгөнүн жазат да. Албетте, көркөм каражаттар аркылуу. Же өзү жашаган коомдун маанилүү бир проблемасын көтөрүүнүн ордуна (мейли фантастикалык жанрда иштеген учурда да!), ойдон чыгарып жомок жазмак беле?! Ал тургай, дал ушундай эле адабияттын жаралышы өткөн доорлорду баяндаганда, башкача айтканда, тарыхый темаларда да басымдуулук кылат. Себеби, ар бир доордун жазуучусу, кайсыл доор жөнүндө жазбасын, өз доорунун "көзү" аркылуу гана карай алары, алыскы келечекте эмне болорун адамзаты биле албагандай эле - турулуу иш...
Эсиңиздеби, окурман, биз кечээ жакында эле горбачевдук кайра куруу, ачык айтуу доорунда мурда бизде тыюу салынган батыш адабияты, киносу селдей каптап кирип, Италиялык "Спрутка" таң калып, "адам жаны булар үчүн тоок сойгондой эле экен го?"- деп таң калчу элек го... (Ал эми азыр эч кандай адабият, кинолорго таң калбай да калбадыкпы. И-и, ошондой боло берет дейбиз. Анткени, борборубуз Бишкекте деле "Спруттагыдай" дал күндүзү автоматтык атышуулар болуп жатпайбы?..) Асыресе, мурда биз жашаган коомдо бардык терс көрүнүштөрүнө карабастан, мораль, адамзаттык баалуулуктар, гуманизм идеялары баарынан жогору турчу. Дал ошон үчүн адабият таанууда көп учурларда "оң каармандын образы" боюнча талаштар жүрчү...
Натыйжада, жаңы доордун дарбазасы кенен ачылып, жаңыдан башталган нерселердин баары дароо эле даңгыр жол салып кете албаган сымак, адабият да мурда болуп көрбөгөндөй оор кырдаалга туштугуп, кризис сазынан алиге жандуу чыга албай келе жатат. Бул абал бардык эле мурдагы союздук өлкөлөргө тиешелүү деп койсок акыйкат болот. Бирок дал ушул жерден эле дароо бир тактоо киргизе кетелик. Айрым бир учурларда кыргыз жазуучуларынын нааразыланганын угуп калууга болот, орустарда, өзбектерде, казактарда адабият мурдагыдай эле чыгып жатат, а бизде өкмөт бул тармакка такыр көңүл бурбай койду деген сыяктуу. Мында, кандайдыр бир деңгээлде чындыктын үлүшү бар, арийне толук эмес... Ошол жөнүндө азыноолак сөз кыла кетели да, негизги темабызга өтөлүк. Казакстан менен Өзбекстанда адабият мурдагыдай эле өнүгүп жаткандагыдай сезилгени, биринчиден, бул мамлекеттерде адабият дале болсо мурдагыдай кайсыл бир деңгээлде идеологиялык курал болууну улантууда. Дал ошол себептен улам, улуттук аң-сезими аябай өөрчүгөн бул өлкөлөрдө адабиятты экономикалык жактан каржылоо жакшы жолго коюлган. Мурда орусташып бара жаткан казак улуттундагы жазуучулардын көбү улуттук темага сүңгүп кирип, мурдагы адабияттын актай калган барактарын да толтурушууда. (Баса, бул багытта кээде күлкү келтирерлик көрүнүштөр да кезикпей койбойт. Маселен, мурда өзүнүн эне тилин да жакшы билбеген бир мага тааныш жазуучу өз генеалогиясын терең изилдеп, кайсыл архивдерден таап алганын билбейм, өз тукуму дал эле чингизиддерге барып такаларын жазып чыкты!) Демек, сөз эркиндиги, цензура маселесине келгенде жазуучулар дале болсо анчалык (айрыкча, албетте, Өзбекстанда) эркин боло алышпайт, акча жагынан каржылаган өкмөткө өз оюн таңуулай албай, көз каранды болуп келишет. Ал эми Россияда болсо, мурдагы союздук республикалардын ичинен биринчи болуп адабияттын жаңы түрү - коммерциялык адабият пайда болду. Бул да болсо түшүнүктүү. Басма сөз рыногу ушунчалык кеңири (алиге чейин СНГ өлкөлөрүнүн көбүн камтыган) өлкөдө жазуучу эч кимге жалдырабай эле өзүн-өзү багып келе жатат. Бирок, ошол эле учурда, баса белгилеп коючу бир чек - коммерциялык адабият эч убакта сөздүн чыныгы маанисиндеги олуттуу адабиятты (канчалык ийгиликке жетип, популярдуу болбосун, канчалык миллиондогон тираждар менен чыкпасын) алмаштыра албайт. Себеби, алардын жаралышындагы, табиятындагы эки ажырым аларды эч качан бириктирбей бөлүп турат. Олуттуу адабият адамдын жан дүйнөсүнө рухий азык берүүгө умтулса (анын зарылдыгын эзелки "Библиядан" бери эле "не хлебом единым жив человек" деп адамзат өзү эле кайра-кайра тастыктап келе жатпайбы), коммерциялык адабият утурумдук көнүл ачууга (развлечение), убакыт өткөрүп, алаксууга гана багытталган.
Асыресе бир кашкайган чындыкты моюнга алып коюу парз. Жаңы замандын - жаңы адабият доорунун эшиги ачылышы менен бирге адабият да дароо мурдагыдай идеологиялык курал болуудан калды. Башкача айтканда, эзелтен берки өзүнүн табигый абалына келди. ХIХ кылымдагы улуу жазуучу Федор Достоевский дагы карызга батып жүрүп өз шедеврлерин чыгаргандыгын кайталабай эле коелу. Андан көрө биздин көз алдыбызда өзгөрүп жаткан процесстин фактыларына кайрылалы.
90-жылдардын башы. Орустун жыйырманчы кылымдагы улуу жазуучуларынын бири Леонид Леонов өзүнүн өмүр бою жазган "Пирамида" аттуу эң мыкты шедеврин чыгарып (ал айтылуу миллиондогон тираждуу "Роман-газетага" да жарыяланганына карабастан), эч көзгө илинбеди. Бул чыгарма тууралу мурдагыдай орошон талкуулар, көп сөздөр болгон жок. Эмне үчүн деген суроо туулбай койбойт. Анткени, ал бар болгону бир нече жылга гана кечигип калган болчу. Адабият мурдагыдай рухий баалуулуктан коммерциялык рельске өтүп, мурдагыдай мыкты максаттарды көздөгөн чыгармалар чанда гана чыгып, чыкса да көңүлгө алынбай калган учур болчу. Ал эми олуттуу, терең мазмундагы көркөм туундулар менен бардык эле өлкөлөрдө тар чөйрөдөгү адамдар - интеллектуалдар, ички руханий муктаждыктары барлар гана шугулданышат. Биз бул ачуу чындыкты моюнга алып коюшубуз парз. Башкасын айтпайын, баарыбыз ооз көптүрүп, мактанып жүргөн "Манасыбыз" менен Чыңгыз Айтматовду деле (кайра-кайра окуп, кез-кезде рухий азык катары дайыма аларга кайрылып турганды кой!) баштан аяк окуп чыгышкандар ченелүү эле экенине мен терең ишенем. Эч болбоду дегенде эгерде чынчыл социологиялык метод бар болсо бул факт дароо эле ашкере болмок!..
Орустун башка бир азыркы улуу жазуучусу Валентин Распутин таң калып жазбадыбы ошондо: мощный роман, а бирок, эч сөз болбоду деп... Асыресе өзүн орус улутунун рухий байлыктарын сактап калуучу катары эсептегендердин бири болгон Распутин дароо эле 150 миң калкы бар орустарды руханий деградацияга дуушар болушту деп айтып, кейип жатып калбадыбы...
Андан он жыл өткөндөн кийинки ушул багыттагы дагы бир "знаковый" факт. Казактын азыркы доордогу эң мыкты акыны Олжас Сулейманов Италияда Казакстандын элчиси болуп жүрүп, "Казахстанская Правда" газетасына берген өтө терең мазмундуу "Исправляя метафорой мир" деген көлөмдүү маегинде ыр жазганды токтотконун ачык эле моюнга алган. Азыр поэзияга эч ким кызыкпай калды, анын эч кимге кереги жок болгон соң убараланып жазып эмне кылам деген мааниде. Белгилей кете турган нерсе, Олжас Сулейманов мурда деле аз, бирок, саз жазган акындардан болчу, анын үстүнө мурда бир кезде анын атын чыгарган "Азия" китебинин логикалуу уландысы болгон "Язык письма" деген илимий-популярдуу китебинин жаралышына да узак убактысын арнабадыбы!
Айтор, азыркы адабияттагы кризис жөн жерден эле жаралып калган жок. Өзүңүз талдап көрүнүзчү: деги мурдагы "дүйнөдө баарынан көп китеп окуган" советтик окурмандын жашоо образы кандай эле? Ал бир Чеховдун айтылуу "кутудагы адамы" сыяктуу эмес беле (албетте, айрым диссиденттерден, антисоветчиктерден башкалары), ашыкча сүйлөөгө, эркин ой жүгүртүүгө такыр мүмкүндүгү жок болчу. Демек, адабияттан, кинолордон гана ошол өзүнө жетишпеген "абаны" издешип, алардан кээде такыр эле болбогон (кээде автор жазуучу өзү да ойлобогон) подтексттерди таап алышып, кухняларында шыбырашып, жыргап калышчу эмес беле! Азыркыдай коммерциянын кызыгына батып, бир аз байып алайын десе - ага дагы жол бөгөлүү болчу. Ченемдүү айлыгыңдан сырткары тапкан каражатың билинип калса барбы "нетрудовые доходы" деп аталып, белгилүү органдар менен көпкө чейин аргасыздан "маектешүүгө" мажбур болмоксуң.
Дагы бир фактор: адабияттын мурдагыдай күчтүү таасири илимий-техникалык прогресстер менен кошо бир топ азайды... Ушул жерден бир аз лирикалуу чегинүү жасоого аргасыз болуп турам. Өткөн кылымдын 80-жылдарынын орто ченинде бизге, - Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтунун студенттерине, япониялык адис К.Рехо "Япон романы" деген темада спецкурс окуп калды. Сөзүнүн көбү эле Ясунари Кавабага, Кобо Абэ, Кэндзабуро Оэ ж.б. бизге мурдатан эле жакшы тааныш авторлор жөнүндө болгондуктан, биз азыркы жаңы - биз билбеген авторлор жөнүндө айтып берүүсүнө кызыгып, өтүнүп сурансак, күлүп, мындай деп жооп берген эле: салттуу роман да, мурдагыдай салттуу түшүнүктөгү окурман деген да бизде азыр акырындап "өлүп жок болуп баратышат" деп... Көрсө, компьютер, заманына баарынан мурда кирген, жашоо образынын жаңы, тири укмуштай тез темпине өтүшкөн япондуктар өздөрүнүн убактысын экономдоп, Лев Толстойдун "Согуш жана тынчтык" сыяктуу шедеврлерин да комикс аркылуу окуй башташкан экен. Муну биз такыр түшүнө албадык: кино болсо да мейли эле, ал эми кичинекей балдарга арналган комикс аркылуу килейген романды кантип түшүнүүгө болот деп... Карикатура- сүрөт аркылуу Наташа Ростованын сүйүүсүн кантип берүүгө болот? Же Андрей Балконскийдин Аустерлиц талаасындагы жарадар болуп жаткандагы өмүр жана өлүм, түбөлүктүүлүк жөнүндөгү ("Нет на свете ничего, кроме этого вечного, синего неба" деп) ойлорун кантип карикатуралык сүрөт аркылуу түшүнүүгө болот? Болгону, жарадар адамдын сүрөтүн тартып, алдына "Он сражен пулей врага" деп жазып коюшат деп ойлодук. Япондуктардын көбү комиксти да электричкага олтурганда гана, башка иши жокто гана барактайт тура, өз станциясына келген соң, "окуп бүткөн комиксин" акыр-чикир салган урнага ыргытат да, ары жолун улантып кете берет. Аны болсо электричкага олтуруп жаткан башка дагы бирөө алат да, "окууну" улантат дейт... Классикалык адабиятка болгон ушундай мамиленин өзү эле бизге - бул дүйнөдө адабияттан өткөн эч бир улуу, ыйык эч нерсе жок деп жүргөн жаш-идеалист адамдарга, эч бир ченемсиз обужоктук (кощунство) сыяктуу сезилген эле... Эми ошол эле япондуктарга он тогузунчу кылымдын окурманын салыштырып көрүңүзчү: же телевизор, же радио, ал тургай телефон да жок болсо, аристократиянын билимдүү адамдары убактысын адабият менен өткөрбөсө, дагы эмнеге жумшашмак эле? Баса, балким азыркы биздин ата-энелер муундарынын 30-40-жылдарда Касымалы Жантөшевдин "Каныбекти" таң аткыча уктабай окутуп чыккандары да ушул себептен улам болгон чыгар.
Демек, ушул эле негизги фактор адабий кризистин жаралышын, жаңы доордун принципиалдуу жаңы адабиятынын пайда болушун шарттап койгондугу түшүнүктүү. Ошол эле учурда, мурдагыдай таасири, коомдогу күчтүү орду болбогону менен адабият кайсыл бир өлчөмдө рухий азык катары адамзат менен дайыма чогуу жашай берери да айныгыс чындык. Анан калса, советтик "Эң көп китеп окуган" окурманга келгенде да аша чапмайыбыз бар эле. Анткени, көптөгөн интеллигентүү эле үй-бүлөлөр өздүк китепканаларын не деген укмуш китептерге толтуруп коюп, аларды ачып карап да койбой жүрүшкөнүн да, тилекке каршы, учуратып калчу эмес белек?!
Бул жагынан алып караганда, адабият азыр өзүнүн табигый абалына келди деген сөзүбүз жөн гана айтыла калган жеңил ойлуу пикир эмес. Дегеле, көкүрөгүндө шыгы, жөндөмдүү ой-туюму бар инсан коомго өзүнүн бир нерселерди жаратып жаткандыгын милдет кылбашы керек. Чыдасаң жаз (же болбосо, кайсыл бир гана деңгээлде тамашалуу айтылчу сөз боюнча айтканда, - колуңдан башка иш келбесе), ошол эле учурда башка тармактардын коомго келтирип жаткан пайдасын эч азайтып баалаба!..
Жаңы доордун адабиятын дал ошондой өз табиятынан бул ишке баш оту менен берилген жазуучулар гана жарата алышмакчы. Алар китебинин чыкпагандыгына, чыкса да аз тираж менен чыккандыгына, гонарардын жоктугуна да кайыл болушуп, мурдагы калыбында эле иштеп келе жатышат. Айрым бир учурларда таланттуу чыгармалар жаралып жаткандыгына карабастан, алардын көзгө көрүнбөй жатышканы да жогоруда белгиленген эле себептерге байланыштуу болуп жатат.
Дал ошондон улам соңку он жылга жакын убакыт ичинде жарык көргөн кыргыз адабиятынын "Манастан" башталган улуу көчүн улантып келе жатышкан жазуучулардын китептери жөнүндө азын-оолак сөз кылуу зарылдыгы туулуп жатат...
Адегенде эле мурдагы совет адабияты учурунда бир гана адабият делип эсептелип (профессионал), ошол гана өз арасынан "олуттуу, жеңил, халтура" ж.б деп бөлүнүп келгендигин эскерте кетелик. Ал кезде жада калса "беллетристика, чтиво" деген сыяктуу терминдер да кемсинтүү, жек көрүү иретинде гана айтылганы белгилүү. Ал эми бүгүнкү күндө болсо, кыргыз адабияты да баягы профессионалдуу деген бир эле шарттуу көрсөткүч рамкаларынан чыгып, көп түрдүүлүккө ээ болду. Болсун, ушунун өзү жакшы. "Поэтов должно быть много - хороших и разных" - деп совет адабиятынын классиги Владимир Маяковский бул түпкүлүгүндө адабиятка коюлуучу табигый талапты бир ырында эбак эле айткан... Башкача айтканда, ар бир чыгарманын өзүнө жараша окурманы, аздыр-көптүр аудиториясы болот. Демек, бүгүнкү кыргыз басма сөз рыногунда жайнап кеткен коммерциялык багыттагы көркөмдүк деңгээли өтө төмөн адабият сымал нерселердин да өз окурмандары бар. Анан калса, азыркы күндүн чала сабат, интеллектиси абдан төмөн, кечээ жакында окуп-окубай жүрүп, мектепти араң бүтүрүп келген, азыр базарда үшүп, зеригип соода кылып отургандарга, башкасын кой, кантип Айтматовду, Касымбековду оку деп таңуулай аласың?..
Демек, "спрос рождает предложение" демекчи, жеңил-желпи, же көркөм чыгарма эмес, же болмуш окуя эмес "Качкын" , "Кайнатанын каарына калган келин", "Өгөй кыз", "Тирилип келген арбак" ж.б. сыяктуу толгон "чыгармалардын" азыркы күндө жарык көрүп жатышкандыгы кайсыл бир өлчөмдө табигый эле көрүнүш, жана буга кейип, баш оорутуунун кереги да жок. Мен атайылап бул сыяктуу чыгармалардын авторлорун атаган жокмун, анткени, алардын ысымдары адабиятта "аба ырайын" эч өзгөртө алышпаган белгисиз ысымдар. Дагы бир эске ала турган жагдай: азыр адабият сымал нерселердин жайнап кетишине бизге мурдагыдай туруктуу, тыкыр көзөмөлдүн жоктугу да себеп болууда. Акчаң болсо болду, "басмачы" (издатель дегеним) эч нерсени ойлонбой туруп каалагандай кылып басып берет. Ага эмне көркөмдүк үчүн баш оорутуп, өзүнүн иши жүрсө болду да. Дал ушул себептерден улам, үстүрт караганда бизде деле китептер көп чыгып жаткандай сезилгени менен, көбүнчө коммерциялык багыттагы адабият сымал нерселердин карааны жүрүүдө...
Ал эми поэзияга келе турган болсок, акындар мурдагыдай эле активдүү иштеп жатышкандай. Бирок, дале болсо поэзияда керектүү деңгээлди сактап турушкандар мурдатан белгилүү, калыптанган акындар. Жаңы муундун жаңы доордо келип кошулган акындары жөнүндө сөз кыла турган болсок, мурдагыдай күчтүү критерий-талаптардын жоктугунанбы, негедир соңку он жыл ичинде "жарк" этип чыккан, өзүнө өзгөчө көңүл бурдурган жаш акындын чыкпагандыгы, албетте, өкүндүрбөй койбойт. Демек, поэзияда деле ырлар көп жазылып жатканына карабастан адабий деңгээли аябай төмөндөп кетти. Эптеп эле саптын башын версификациялык (жамакчылык) деңгээлде уйкаштырууну үйрөнүп алгандар деле (а бул жагынан кыргыз өзү кыйын эл, ошондуктан фольклордук традицияларга жамынып, кыргыздын баары эле акын деп жүрбөйбүзбү! ) өздөрүн акын, "белгилүү акын" санашып, китеп артынан китеп чыгарууну улантышууда.
Айтор азыркы адабият жөнүндө обзор, же сын жазам деген автор бир топ машакатка туш болбой койбойт. Маяковский өзүнүн поэзия жөнүндө жазган ырында - поэзия бул бир тонна кумдан бир грамм радий тапкандай эле оор иш демекчи, - көптөгөн материалдарды карап чыккан соң да көңүлгө толорлук чыгармаларды (сөзсүз эле мыкты эмес, жок дегенде олуттуу адабий талдоого арзый турган) аз учуратат... Эмне демекчибиз, пайгамбар барына ыраазы демекчи, жаңы адабиятыбыздын доору башталганына бар болгону он жылга жакын аралык өткөндүгүн эске алып, а бул убакыт адабият тарыхы үчүн өтө эле аз убакыт экендигине баа берип, азырынча колдо бар "рухий байлыгыбызды" санаганга, талдаганга өтө берелик...
Адегенде эле мурдатан адабияттын көч башында келе жатышкан атактуу жазуучуларыбыздын романдары жөнүндө сөзгө өтөлүк. Чыңгыз Айтматов советтик доордун акыркы күндөрүндө жарык көргөн "Тавро Кассандры" романынан соң көзгө көрүнгөн, өзгөчө сөзгө арзый турган деле эч нерсе жарата элек. Бул романдын орус адабиятында да, кыргыз адабиятында да мурдагыдай "ажиотаж" менен кабыл алынбагандыгы белгилүү. (Дагы бир жакшы жери, "Плаханы" кудай сактаган экен, "Тавро Кассандрыдан" бар болгону үч жылча мурда чыгып калбаса, аны деле кийин "Тавронун. .." тагдыры күтүп турушу мүмкүн эле. А бул болсо өз кезегинде адабий адилетсиздик болмок, себеби, "Плаха" Айтматовдун эң бийик шедеврлеринин бири эмеспи!), буга дагы бир себеп, романдын кыргызча котормосу да (котормочусу- Мырзаян Төлөмүшев) мурдагы Ашым Жакыпбеков, Аман Токтогуловдордун деңгээлине жетпей калган чабалдыгы түрткү болду десек жаңылышпайбыз.
Аталган романдан соң жазуучу мурдагыдан кыйла аз жазып калды. Ошого карабастан Чыңгыз Айтматов казак акыны Мухтар Шаханов менен биргелешип чыгарган "Плач охотника над пропастью (Исповедь на исходе века)" аттуу маек (диалог) жанрында чыккан (Алматы "Рауан" , 1996) китеби жазуучунун чыгармачылыгын изилдегендерге, дегеле жазуучунун жалпы күйөрмандарына биографиялык пландагы мурда көп белгисиз болгон фактыларды тартуулагандыгы менен баалуу. Айтмакчы, жакында эле дал ушул багытта Чыңгыз Айтматовдун өзүнүн "Балалыгым" аттуу китеби Бишкекте жарык көрдү. Эң алгач жазуучунун өз оозунан угулуп, немис адабиятчысы Фридрих Хитцер тарабынан жазылып алынып, Германияда китеп болуп чыгып, андан түрк тилине которулуп, жакында гана Бишкектеги түрктөрдүн "Себат" фирмасынын жардамы менен чыккан бул китеп биз өз жазуучубузду ансыз деле жакшы билебиз да деген менен, дале болсо айрым бала кездеги, жана чыгарамчылык башатындагы жаңы фактылар менен кубандырбай койбойт.
Деген менен Чыңгыз Айтматов жакында эле жаңы чыгармасын жарыялады. "Вечная невеста" романы ("Дружба народов", №7, 2007) жазуучунун мурдагы көп чыгармаларына мүнөздүү болгондой, анималисттик чыгарма болуп, табият менен айбанаттардын карым -катнашын чагылдырууга арналган. Карып, алдан-күчтөн тая баштаган барс суу боюндагы бадалда эликтердин суу ичүүгө келишин аңдып күтүп жатат. Сууга көп тоюп алган эликтер демейдегидей катуу чуркай албай калышын күтүп, аларга кууп жетем деп ойлоп, мурдагы өзүнүн алдуу-күчтүү кезин эске салып жаткан барстын психологиясы кадимки эле адамдын ой-жүгүртүүсү сымал берилген. Дал ушул учурда ал арыраактан өзүнүн түгөйү - сүйгөн ургаачы барсы башка бир жаш барсты таап алып, аны менен ойноп жүргөнүн көрүп жаалданат, кайгырат, ачууга алдырат, жара тарткысы келет, бирок, тигил жаш барстын өзүнөн алда канча күчтүү экенин ойлоп, тартынат... Дегинкисин, жазуучунун чеберчилиги, эң бир назик сезимдерди жеткире бере алгандыгы эч шек туудурбайт. Бир гана кооптондурган маселе - бир кездеги Гүлсаранын сүйүүсүн, өз үйүрүнө башкарма Сегизбаевден качып келе берип, акыры бычылып тынган айгырды, жана дагы "Кылым карытар күндөгү" Каранар төөнүн тагдырын эске салат. Жазуучу кайсыл бир деңгээлде кайталанып жатабы деген ой да туулбай койбойт.
Асыресе, башкы каарман Арсен Саманчин интеллектуал- журналист, кезинде "Горбачевдук стаяда" таасирдүү болуп жүргөн адам катары сүрөттөлөт! Ал жан-дили менен сүйүп жүргөн опера ырчысы Айдай Самакова да өзүнүн бийик талантын кордоп, ресторан ырчысына айланып, шоу-бизнестин шарына агып кетип, баягы эле ургаачы барс сымал, Арсен жек көргөн белгилүү бизнесмен менен жүрүп кетет...
Жазуучунун кыйла узакка созулган тыныгуудан соң жарыяланган романы олуттуу проблемаларды козгогондугуна карабастан, женил жазылып, курч окуялуулукка умтулгандыгы байкалат. Маселен, мурдагы эн мыкты чыгармаларындагыдай лирикалык чегинүүлөр, философиялык подтексттер дээрлик жок. Бир дем менен баяндалган кызыктуу окуяга гана ички тереңидкти астыртан камтуу аракетине, окурманды артыкча "оор" идеяларга алагды кылбоого басым жасалат. Ал эми айылдаш классташы Ташафгандын аны барымтага алышы кадимки эле детектив стилинде курулган. Албетте, бул залкар жазуучубуздун бул эң соңку романы өзүнчө алып талдоону талап кылган азыркы доордун бараандуу чыгармасы болуп калары шексиз. Биз болсо бир гана нерсени белгилеп кетелик, - жогоруда айтылган замандын, турмуштун, окурмандын өз ара мамилелериндеги өзгөрүүлөр жада калса Айтматов сыяктуу алп жазуучуга да таасир этип, жазуу ыкмасын, сүрөткердик дараметин өзгөрткөндүгү ачык эле көрүнүп турат...
Экинчи бир белгилүү жазуучубуз Төлөгөн Касымбеков 2000-жылы "Шам" басмасынан "Баскын" аттуу жаңы романын жарыкка чыгарды. Китепке сөз аягын жазган окумуштуу Кадыркул Даутовдун сөзүнө ишенсек, "Бул роман "Сынган кылычтын" түздөн-түз темалык уландысы, азыр "түндүк" делип жүргөн жалпы кыргыздын жарымынын мурдараак оторлоо баскынына дуушар болушу" жөнүндө.
Бир сөз менен кесе айтканда, бул жаңы чыгарма "Сынган кылыч" аттуу шедеврдин деңгээлине жетмек турсун, чабал гана, ортосаар чыгарма болуп калган. Роман жыйырмадагы Шабдандын орустардын: "Тынчтык жана илим экспедиция" тобунда кыргыз жерин көрсөтүп жүрүшү менен башталат да, Токтогулдун Анжиян көтөрүлүшүнө катыштың деген айыптоо менен түрмөгө кесилип, айдалышы менен аяктайт. Баса, бул төртүнчү бөлүм (249-беттен-393- бетке чейин) жазуучунун мурда жарык көргөн "Келкел" романынан эч өзгөртүүсүз алынып өтүлгөн. Эмнегедир, дароо эле көзгө урунган бир нерсе - жаңы үч главалар тең чебер стилист, лексикалык байлыгы кенен Касымбековго мүнөздүү эмес келегей тил менен жазылган. М: "Чүйдүн эки жээгин чалгындоо ишин ошол 1859-жылы бүтүрүп, Көлүнө да, күн жүрүштөгү бийик тоо чөлкөмүнө да бийлиги өткөн Сары-Өзөндөгү Бишкек калаасын алыш келе жактагы 1861-жылдан кечиктирилбөө Батыш Сибирь генерал-губернатору Гасфорддун аныктамасы эле. Бул маселе Александр 11-нин алдында атайын Кеңешмеге коюлуп, "бул стратегиялык мааниси бар мерчемди алыш 1860-жылы ишке ашырылсын" деген бүтүм кылынган.
Госфор төрө тезинен жылдын башы февралында эле Чүйдүн күн жүрүш оң жээгин топокартага түшүрүш, аскер керегине, саясий мааниси боло турган жагдай үчүн чалгын ишин жүргүзүшкө атчан казак-орус аскеринен шатыраган эки отряд аттандырды. .."
Жалпысынан алганда, тарыхый булактарды жыш колдонгондугуна карабастан, ал фактылар "Сынган кылычтагыдай" көркөм трансформацияланган эмес. Ошол себептен улам, көп эпизоддор дээрлик документалдуу, ал тургай газеталык ыкманы эске салат.
Айрым главаларда гана жазуучу өзүнүн мурдагы сүрөткерлик деңгээлине (айрым кемчиликтерине карабастан) көтөрүлө алган. Маселен, дунгандардын Кытайдагы дин кысымына байланыштуу Чүйгө качып, көчүп келишин, бүтүндөй бир улуттун башына түшкөн трагедия кадимкидей көркөм иштелгендиги тарыхый-көркөм каражаттардын шайкеш ширелишкендиги менен чечмеленген.
"... бу саналуу гана саны калган элин кыйын колбашы "мусулман батырар, кубаттуу орус асырар" деп, минтип ушул 1877-жылдын кеч күзүндө "мусулман ичине", "орус чегине" өткөрүп келип турганы эле. Анын "ак жолборс" деп эли бел кылган, душманы моюнга алган атагы болчу.
Жерди көрсөтөрүн го көрсөтүп берди, башына каран түн түшкөн байкуштарга жакшылык кылды, адамкерчилик кылды, мусулманчылык бар карызын өтөдү, а бирок жамы Түркстан жерин падышасынын менчиги деп жарыялап алган орус төрөлөр не дешер экен?! Шабдандын көңүлүн өйкөгөн ушу..."
"Шабдан Жантаев "чалгынчы" , "орточы" , кала берсе "бул элдин эң таасирлүү адамы" катары орус аскербашыларынын арасында эрке бала сыяктуу "Шаби" деп да жакшы көңүлдө аталчу".
Эми Туркестан генерал-губернатору Калпаковскийдин Шабданга айтып турганын келтирелик: "Бу... жер деген Шаби, - деп жумшактап кебин улады, - урматы улук император бүткүл Россиянын эгесинин менчигине өтүп калган. Айталы ким көрүнгөн ким көрүнгөнгө үзүп-жулкуп бере беришине эч убакта жол бериле койбойт. Сен, ырас, өтө кадырман адамыбызсың, муну тушүнүшүң ылаазым эле.
"Э-э, - деп билди Шабдан, - былтыркы байкуш бозгун элге көрсөтүлгөн биртике жер туурасында экен бул такык!.."
Кийинчерээк орун-очок алып, чарбачылдыгынан бутуна туруп алышкан дунгандар Шабдан баш болгон кыргыздарды - өз айлына сый конокко чакырышат. Бул эпизод мындайча баяндалат: "Көзү жалдырап, бир мейман чыдабай тоң алмадан бирди шагынан алып, күртүлдөтүп кемирип кирди. "Эй, кой..." деди жанындагы. "Биздин жердин алмасы бу..." деп койду корс этип, көк алманы камырабай кемирип: "Энеңди, бейиш кылып алган тура тим эле..." деп кубаттады аны бири.
Көзү чалып турган дунгандар көрмөксөн, бирок бир уурту тартыла жылмайып турушат...
...Тай союлган, кымыз алдырылган. Эткор күшүлдөп, үйүнөн ушул жерге келгенче сагынып калгансып казы сугунуп, кымыз шимиришсе, тыякта дунгандар бакма коенчо быйпыңдап, көгүн кыртылдатып, эки жак тең тынышпайт.
Тайдын жумшак эти кыргызча нарын кылып тууралып, биртке пияздалып, атайын камыры аз, ысык чыкталып келди бир убакта. Дегиси этке табити көп тартпаган эл "О!", "О!" деп сүйүнгөндөй болушканы менен анча сугулуп түшө алышкан жок, а меймандар, каягына батып атат, өзүлөрү да билбей, чоң чеңгел салып сугунуп, чараларын түгөтүшүп, бир маалда эки көзү акыйып, ынтыгып отуруп калышты кай бири..."
Бир караган көзгө бул цитаталар жазуучунун тил байлыгынан, ирониялуу стилинин ийкемдүүлүгүнөн кабар берип тургандай сезилгени менен образдардын карикатуралуу, бир беткей түзүлүп калышына жол берет. Айтмакчы, бул романда айтылуу Шабдандын образы гана анча-мынча ачылган дебесек, калган каармандар (айрыкча орустар - "Россия империясынын өкүлдөрү" документалдык фактылар чегинде гана берилгенденби) жансыз марионеткаларды эске салат. Дагы бир субъективдүү жагдай - орус колониячыл болсо эле жазуучу жек көрүп, жамандап (подтекст аркылуу же ачык эле) жатып калат. Бирок, объективдүү жагдай мындай бир деталдарга көңүл бурдурбай койбойт: биз келтирген цитатада Калпаковский кантсе да өз милдетин так аткарып, өз мамлекетинин кызыкчылыгын коргоп жатат. Ал эми кыргыз элинин башчысы Шабдан "биртке жер" деп берип салып, ага жолбун болуп келген эл аз убакта "бейиш" орнотууга умтулат. Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай: Шабдан кең пейил, көр дүнүйөгө кызыкпаган, элди коргоочу, бей-бечара, жетим-жесирлердин таянычы сыяктуу бир беткей гана сүрөттөлөт. Ал эми башка өнүттөн карасакчы? "Биртке жерден" башка казактарга кырк байталга сатылган Кордой жөнүндө эмне үчүн сөз болгон эмес? Жана да Алайда Курманжан датканын уулу Абдылдабек орус аскерлери менен айыгышкан кармашууну башынан кечирип жаткан кезде Шабдандын Тогуз-Тороо аркылуу орус аскерлерин жол баштап алып барганы эмне үчүн бир беткей (Курманжан менен тынчтык жолунда тилге келишүү катары) гана сүрөттөлүп калган?!
Дегинкиси, орус кысымынан кутулдук, цензурадан кутулдук, эми баарын эркин жазууга болот деген жазуучунун башка бир "рамкага" тутулганы ачык байкалат. Ал кайсыл бир деңгээлде - Шабданды идеализациялоодо көрүнөт. Бул да түшүнүктүү.
Эгемендик жылдарынан бери мамлекеттик идеологияда өз стреотиптерибиз пайда болбодубу. Алардын бири - түштүктөн Курманжан датканы, түндүктө Шабданды эл башылар, элдин эгемендиги үчүн мурдатан эле күрөшүп келген адамдар катары сүрөттөөгө умтулуу. Курманжанга келгенде бул кандайдыр бир деңгээлде чындыкка жакын. Эки уулу - Абдылдабек менен Камчыбек орустар менен кармашууда жан беришип, калгандары сүргүнгө чейин барып келишпедиби. Ошол эле учурда Шабдандын дайыма конформисттик, компромисттик саясат жүргүзүп, керек учурда кыргыздарга каршы орус жасоолуна айланып келгендигин да моюнга алышыбыз керек. Айрыкча тарыхый чыгарма деп атай турган болсок. Бул жерде Шабдандын тарыхтагы ролун төмөндөтөйүн, жамандайын деген эч ким жок. Тескерисинче, Шабдандын ошол драмалуу абалы психологиялык жактан жеткиликтүү ачылбай калгандыгы жөнүндө болуп жатат. Анткени, орустарга каршы туруу (Абдылдабекчесинен) түндүктө 1916-жылкы алааматтын андан алтымыш жыл илгери болуп калышына да алып келиши мүмкүн эле.
Тарыхый жактан да, көркөмдүк жактан да чыгарма өз максатына жеткен эмес. Айта кете турган бир нерсе: "Сынган кылычтагы" Абдылдабектин Ооганга качып барып, жолдо өлүп, көз жумар алдында "көкүрөгүмдү жарып, жүрөгүмдү ала кеткиле, жок дегенде жүрөгүм өз жеримде калсын" деген керээзи тарыхый чындык эмес экени факт. Абдылдабектин сөөгүн жигиттери өз жерине алып келип көмүшкөндүгү чындык. Бирок жазуучунун көркөм интерпретациясы канчалык күчтүү символ аркылуу берилген?! Ал керек болсо тарыхый, документалдуу чындыктан дагы жогору болуп турбайбы?!
Китептин аннотациясында: "Кыргыз элинин тарыхын көтөрүп келе жаткан реалист сүрөткер, таасын илимпоз жазуучунун бул романы "Сынган кылычты" толуктайт" - деп жазылган. Тилекке каршы, көркөмдүк жактан да, илимий-тарыхый жактан да роман чала, үстүртөн иштелгендей таасир калтырат:
...Элүү жаштагы Шабдандын жеке трагедиясы да (азыркы тил менен айтканда, өз кезегинде сүйбөй, тек гана "расчет" менен үйлөнүп калгандыктан улам) бир топ күчтүү чечилген. Маселен, ал өзүнүн жолдош баласы, солто бийи Өзүбек менен кыз көргөнү барган эпизодду алалык.
"Баш өргөөгө акмалап барышты. Чоң сарала дөбөт күрүлдөп тосо чыкты эле, кудай жалгап Өзүбекти тааныйт экен, ал алдына таштаган бирдемени шимшилеп, күймөнүп калды. Шырп эттирбей эки жигит баш өргөөнүн тубүнө жетишип, Өзүбек эки үзүктүн катталышкан жерин акырын ачып, ичкериге кол салып, анан кол шилтеп чакырды күйөө баланы. Күйөө бала жүрөгү лакылдап, ынтылып, кайра кыжала токтоп, а тиги караңгыда колун булгап, шаштысын алды.
Барып, акырын өргөө ичине серп салды, ошол тапта анын жалгыз үмүтү керилген бир текебер сулуу жан көрмөктү эңседи, аттиң ай... От бүлбүлдөп турган экен, Жангарач бий карала кымкабы желбегей, байбичеси экөвү акырын сүйлөшүп отурушат... албетте, сөз сөйкө салыш жөнүндө жүрүп жаткандыр... Бий тарапта бир секелек кыз бала сулап боортоктоп жатып алган "куурчак көчүрмөй" кылып өзүнчө ырдагансып кыңкылдап, жалаң аяк, итбалдактак эки аягын салпылдатып жатат. "Э, сиңдиси окшойт эркелеген... " деди күйөө бала.
"...Көрдүң. .. болду, жүр..." деди артынан Өзүбектин күңүрт үнү. "Ушубу?.." деди купуя, дили чаңыргансып, күйөө бала үзүктү жаба сала жүзүн үзүккө басып, көөдөн толо үшкүрүгү чыкты. "Ушулбу?.. " деди ындыны өчкөн дили..."
Ал эми уруучулуктун айынан өзүнүн эле аталаш туугандары "Үчикенин үч уулуна жем болгон аз тынайдын бийи" Жантайдын ою такыр башкада эле "күчтөнүп, таасири жайылып, "ток пейил толгон солто" делинген эл менен куда болуу максаты бар болчу.
"Мына, "кыз беришип", "уул үйлөшүп" тамыр-сөөк болушуп, түбү тууганчылыгын кайра бекемдеш. "Эр азаматтын бир журту өз журту, бир журту тай журту, бир журту кайын журту" делинип келген илгертеден. Төртүнчү журту азаматтын өз дөөлөтү, адилеттиги. Бирок жалгыз өз журту, өз дөөлөтү, адилеттиги аздык кылат. Бир күнү бирдемеден кемийт - көмөгү болбой калат, бирдемеден аксайт- жөлөгү болбой калат. Ошон үчүн кексе Жантай "жакшы чыкмасына" көп солтону кайын журт кылып, азыртан кубат кошмок, тымызын Жангарач бийдин агасынын уулу зоңкойгон баатыр Байтиктин катарына өткөрмөк болуп жаткан.
Бир сөз айта албай олтуруп калган бала Шабдан".
Азыркы адабияттагы дагы бир мүнөздүү касиеттердин бири - соңку он жылдыкта тарыхый темадагы чыгармалар көп жазылгандыгында болду десек жаңылышпайбыз. Атап айтсак, "Теңир Манас", Мелис Абакировдун "Көкөйкести" (он тогузунчу кылымдагы кыргыздар менен казактардын согушун чагылдырган), Самсак Станалиевдин "Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы" аттуу документалдуу романдары учурдагы адабияттын чыныгы жүзүн аныктай турган чыгармалардан болуп калышты.
Аталган роман отузунчу жылдарда жалпы кыргыз адабияты, илими, маданияты үчүн опол тоодой эмгек кылып, бирок тагдыры трагедиялуу аяктаган инсандын өмүр баянына арналган алгачкы олуттуу изилдөө. Болгондо дагы - тарыхый, илимий-популярдуу жана көркөм жанрлардын чегинде. 20-30-40-жылдардагы кыргыз интеллигенция чөйрөсүндөгү атмосфера, анын пролемалары жана белгисиз жагдайлары Тыныстановдун өмүр жолу аркылуу таасын ачылган. Роман "Арыктап бүтүп, ачарбак болгон бир караан камерада жалгыз олтурганы" менен башталат да, Касымга атууга өкүм чыгарылышы менен аяктайт, дал ошол себептүү, жазуучу ким жөнүндө жазбасын, кандай татаал, бир жактуу кароого болбой турган жагдайларды сүрөттөбөсүн - баары башкы каармандын көз караш призмасы аркылуу берилет. Романдын бир гана кемчилиги ушунда деп койсок болот. Анткени, тарыхты жана башка көптөгөн кырдаалдарды бир гана адамдын көз карашы, баасы аркылуу кароо чектелүүгө алып келет эмеспи. Ал эми башка жагынан караганда - романда өтө бай материал хронологиялык тартипте, ырааттуу тизмектелип жүрүп олтурат. Касымдын балалыгы, сүйүүсү, билим алышы, инсан катары калыптанышы, балалык, өспүрүмдүк чөйрөсү айкын көз алдыга тартылат. Андай баяндар менен кошо эле романдын негизги өзөгүн түзүп турган конфликт акырындап, байкалбастан өнүгүп жүрүп олтурат.
Асыресе, ХХ кылымдагы жазма кыргыз адабиятынын пайдубалын түзүшкөн эки акындын - Касым Тыныстанов менен Аалы Токомбаевдин кармашы, чыгармачылык полемикадан улам пайда болгон келишпестиктин адамдык душмандыкка айланышы романдын сюжеттик линиясынын чордонун гана түзбөстөн, аны драмалуу-трагедиялуу бийиктикке көтөрүп турат. Башкача болушу да мүмкүн эмес болчу. Бул коллизиясыз чыгарма тек биографиялык пландагы документалдуу баян болуп гана калмак. Ансыз да анын өмүрүн алып кеткен бул байланыш эөнүндө эгемендик жылдарында архивдер ачыла баштаганда гана ачык жазыла баштабадыбы.
Бул эки инсандын чыры алиге бүтпөй, алардын талапкерлери жана күйөрмандары алиге чейин "ким туура, ким туура эмес?" - деген талашты улантып келе жатышпайбы. Ошондуктан Станалиев өз чыгармасын тек гана роман деп атап койгону да абдан туура болгон. Себеби, автор тарыхый вердикт, бир беткей бүтүм чыгаруудан алыс. Окурманга гана өз чындыгын тартуулап, жыйынтыкты окурман өзү чыгарып алышын сунуш кылат. Дал ушул жагдай авторго кээде көркөм фантазиясынын көкөлөшүнө, ал тургай легенда, миф сыяктуу чыгармачыл элементтерди колдонууга мүмкүндүк берет. Айталык, Касымдын кыяматтык душманы болуп калган Токомбаевдин генеалогиясын сүрөттөөдө автор эч кандай документтерге, архивдик материалдарга таянбагандыгы (таяна да алмак эмес!) ачык эле көрүнүп турат. Шербото-Өтөгөн- Токомбай-Аалы. .. Бул атадан балага калган, кан кууган (генетикалык) сапаттарды сүрөттөө жазуучу тарабынан көркөмдүк каражаттар аркылуу эле бир топ ишенимдүү берилген. Табиятынан өжөр, кекчил Аалынын Касым кийинчерээк ортого киши салып (болгондо да Осмонкул Алиев сыяктуу ошол кездеги кадыр-барктуу кишилерди), жарашалык, кечиришелик дегенине да көнбөгөнүнүн сыры көрсө тээ тереңде жаткан тура. Анын ата-бабалары таарыныч, же бир берген убада сөзү үчүн керек болсо өзүнө да канжар малгандан да тартынбаган кишилер болгон экен.
"Шербото баатыр баатыр дегенчелик эле болот. Анын Сурантай деген уулу кызыл өрт болуп чыкканда, айла жок экен, ак өлүмгө алдырып ийет. Күйүтүнө күйүп, балам деп боздоп турган Шерботону алыс туугандык жайы бар, өзүнчө Саза баатыр аталган адам жолун тазалап алыш үчун сөөк үстүнө сөөк кошмок акылды ойлоп табат. Көңүл айтыш үчүн келип:
- Жаман иш болуп калыптыр, баатыр, уккандан кийин кантип тирүү басып жүрөбүз деп калдым. Сурантай өлгөнчө сен экөөбүз кучакташып өлсөкчү. Эми кимге керекпиз. Ушул жашка келгенче жоодон коркуп көрбөгөн элек, эми ажалдан коркмок белек, мен кайра жанбас чечимге келдим, жашарымды жашадым, аларымды алдым, бул дүйнөдө арман деле калган жок. Сурантай өлүп биз экөөбүз дүйнөнүн кайсы тешигин бүтөмөк элек. Какчаңдаган чал деген сөздү укканча, ушул Сурантайды кучактап жатканыбыз жакшы эмеспи. Сени билбейм, Шербото, мен камынып келгем, кечирип кой, бул сөзүмдү керээз кебим катары элге-журтка айтып кой, - деп канжарын алып, жарынып алмакчы болгондо:
- Саза досум, бир ачууңду мага бер. Эл көзүнчө андай иш жасаган болбойт. Айтканың чын, баатырым, мен дагы жашагым келбей турду эле, - деп колунан канжарын алып, кынына салат да: - Баатыр жалгыздап өлөт, анын өз жолу бар, - дейт.
Ошол түнү таңга жуук Шербото жарык дүйнө менен кош айтышып кеткени өзөктү күйгүзөт, сөөгү Сурантайга казылган көрдүн казанагынан табылат. Баатырдын сөзү бир, эрдиги миң деген ушул дешип, ата-баланын сөөгүн бир мүрзөгө коюшат..."
Ал эми Токомбай "өзүнүн карачечекей инисине ага айтпай кызына калың бычканы" үчүн бычак салат...
Тарыхый темаларга арналган "Хан Ормон", "Алымбек хан", "Балбай" , "Байтик" , "Атаке баатыр", "Курманжан датка", "Медет датка", "Исхак Раззаков" , "Султан Ибраимов" делип жазылган роман сыяктуу, драма сыяктуу белгилүү тарыхый инсандар жөнүндө жазылган чыгармаларды санап чыгууга да мүмкүн болбой калды. Менимче, бул аталган чыгармалардын кеңири таркаган мучүлүштүгү - алар белгилүү гана фактыларды эл оозунан гана (өтө сейрек учурларда архивдерден) жыйнап, болгонун болгондой жазып коюшкандыгында. Бул жагынан алганда андай чыгармалардын авторлорун жазуучу, драматург дебестен эле фольклорчулар, эл оозундагы уламыш, айтымдарды жыйноочулар деп койгонубуз туура. Балким, ким билет, алар да кийин бир убакта башка бир толук кандуу чыгармаларга материал болуп беришер.
Ушул жерден баса белгилей кетчү бир нерсе - ушундай эле даяр материалдардын негизинде жазылганАшым Жакыпбековдун "Теңири Манас" романы автордун сүрөткердик дареметинен улам анын өзүнүн чыгармасы, өзүнүн "Манас" варианты болуп калгандыгы деп айтууга толук негиз бар.
Албетте, таланттуу жазуучу Абдиламит Матисаковдун "Атамды көргөн өлбөсүн" аттуу прозалык жыйнагы (публицистикалык мыкты чыгармалары да орун алган) өзүнчө узун сөзгө арзый турган китептердин бири болуп калды. Бирок, анын денгээли, стили баягы эле тааныш автор экендигин, анда сонку убактарда эч өзгөрүүлөр, изденүүлөр болбогондугун ырастап тургансыйт. Баса, бул жагынан алганда соңку жылдарда жарык көргөн таланттуу жазуучу Орозбек Айтымбетовдун беш томдук "Кыргыздар" аттуу адабий изилдөөсү кыйла өзгөчөлөнү турат. Айтылуу Александр Солженицындын "Архипелаг ГУЛАГын" көлөмү боюнча да, жазуу стили боюнча да эске салып, бай материалды топтогон чыгарма ар түрдүү ойлорго салбай койбойт. Албетте, нукура улуттук материалдардын негизинде. Демек, тарыхый-адабий изилдөө стилинде жазылган китепке көркөм чыгармага мамиле кылгандай эмес, такыр башка өңүттөн кароо талап кылынат.
Адабиятка соңку он жылдыкта келип кошулушкан жазуучуларыбыздын стилдери мурдагыдан кескин айырмаланып тургандыгын үстүрт караганда деле байкоого болот. Цензура, идеологиялык кысым дегенди билбегендиктенби, алар турмуштук ар кандай окуяларды сүрөттөөдө өздөрүн абдан эркин сезишет. Бул айрыкча белгилүү, популярдуу жазуучулардын бири болуп калган Чолпонбек Абыкеевдин чыгармаларына таандык. "Бриллиант жылан", "Кызыл көйнөкчөн келин" аттуу чыгармаларында жазуучу стилдик көп түрдүүлүктөрдү көрсөтүүгө жетишип, дал турмуштагыдай реалдуу картиналарды, мүнөздөрдү чагылдырат. Окуялар да дал турмуштун өзүнөң алынгандай схемасыз, күтүүсүз өнүгүп жүрүп отурат. Азыркы жаңы доордогу турмуштун көйгөйүн чагылдырууда, менимче, Чолпонбек Абыкеевге тең келген жазуучу чыга да элек. Ким билет, балким дал ошондон улам ал окурмандар арасында тез оозго алынып кеткендир. Жасалмасыз, анын үстүнө кызыктуу сүрөттөөлөр жогоруда аталган эки чыгармада тең жыш орун алган. "Бриллиант жылан" романы жанры боюнча детективдик- приключениялык чыгармага жакын. Жай, жөнөкөй адамдардан тартып, кылмыш дүйнөсүнүн авторитеттеринин турмушу, базарда эптеп күн көргөн бечаралардын тагдырлары бири-бирине жуурулушуп, окуянын жандуу өнүгүшүнө шарт түзүп турат. Ал эми "Кызыл көйнөкчөн келин" повестинде мистикалык, эротикалык элементтер арбын.
Мындан 25-30 жылча мурда "Сто лет одиночества" романында колумбиялык жазуучу Габриэль Гарсиа Маркес өлгөн кишинин тигил дүйнөдөн кайтып келип алганын ишенимдүү бергенине суктанып, таң калып окусак, эми андай изденүүлөр цензурадан эркин болгон биздин жазуучулардан да чыга баштаганы кубандырат. Турмуштун көлөкө жактары арбын чагылдырылганына карабастан аталган эки чыгарма тең бийик адабиятка мүнөздүү гуманизм, рухий идеяларга чулганып турат.
Дагы бир жаңы доордун жазуучусу - Бекмурза Жекембаев. Анын "Министрдин кызынын махабаты" деген повести да бир кыйла чыйрак жазылган. Айылдан кечээ эле мектепти бутүруп, борборго окууга келген жаш жигиттин сүйүү жана башка турмуштук приключениелерин жазуучунун тили жатыгып, сюжет курууда кадимкидей такшалып калгандыгы байкалат. Бирок, тилекке каршы, сюжеттеги конфликт күчөп, окуя чыңалып баратканада (бзарда жездесинин чочколорун сатып бизнес жасап жүрүп шектүү адамдар менен кокусунан байланышып калышы) чыгарманын күтүүсүздөн аяктап калышы анын бүтпөй калганын, толук бойдон иштелбегендигинен, чийкилигинен кабар берип турат.
Каныбек Иманалиевдин "Жоогазын ыры" аттуу повести соңку жылдардагы прозалык мыкты чыгармалардын бири экендиги шексиз. Жазуучу кийин эле жаза баштаганына карбастан, классикалык стилде олуттуу адабият багытында иштегени көрүнүп турат. Повесттин башкы каарманы Калтегин ажылык сапарга аттанганы, ал жактан Гүлбагым деген кыз менен таанышып, аны сүйүп калганы сюжеттин негизин түзөт. Окуя ал тургай реалдуу негиздерден да куру эмес. Кайыңды айылы жер көчкүнүн борборунда калып "бир айыл эл жер көчкүнүн алдында калып, калган жарымы акиташтуу болгондуктан кашкайып жар болуп, анысы Көк-Жар аталып күнү бүгүн да тээ алыстан кашкайып көрүнүп турбайбы..."
Арийне, жазуучунун тили бай, ийкемдүү экенине карабастан чыгарманын көп жерлеринен жадаткан көп сөздүүлүк сыяктуу олуттуу кемчилик да байкалбай койбойт. "Жоогазын ырында" анчалык байкалбаган бул кемчилик Иманалиевдин жакында эле жарык көргөн "Айдың көлдүн ак куусу" аттуу жанры "Энесайдын махабат аңызы" катары аныкталган жаңы чыгармасында ачык эле көрүнүп жатат.
"Тайчы кырдан ашаарда соңку ирет өрттөнүп жаткан айылын бир жалт карап алды. Арт жагында боз үйү өрттөнүп, журту өлүп жаткандай кайран кыргыз. Коргоп чыгар жигити жок, бийлиги өлүп жаткандай, кайран кыргыз. Малдын баары өрттөнүп, байлыгы өлүп жаткандай, кайран кыргыз. Чөбү өрттөнүп, жери өлүп жаткандай, кайран кыргыз. Күйгөн күлү сууга агып, суусу өлүп жаткандай, кайран кыргыз. Карагай кайыңы күйүп, тоосу өлүп жаткандай, кайран кыргыз. Түтүнү көккө көтөрүлүп, асманы өлүп жаткандай, кайран кыргыз. Өрт жыттанып, өлүк жыттанып, абасы өлүп жаткандай, кайран кыргыз. Кыямат күндө кыргызын сактап калалбай, Манасы өлүп бараткандай, кайран кыргыз.
Жалгыз гана Кулагер эмне болду экен деген ой аны менен кошо зуулдап баратты.
Арчатору көйкүлүктүгун эми гана көрсөтүп туу куйругун желге, көкүлүн көккө сапырып, таноолору дардайып, эргип учуп баратты... баратты..."
Дегеле жаңыдан проза жаза баштап, ушундай стилге көнүп алган жазуучу андан ары кандай жазышы мүмкүн? Тем более, Мидин айтмакчы, андан ары "таратты, каратты, жаратты" ж.б. жатса?..
Улам эле желдирме стиль менен ар бир сүйлөм аягында улам "кыргыз" , "баратты" деп кайталай берген менен текст мыкты проза болуп кетпейт. Ушул эле зарыл болсо, мындай текстти бир-эки километрге да созууга болор эле.
Биздин адабиятта, адабият таанууда азыркыга чейин чаташтыруу болуп келген бир маселенин бетин ачып алуу зарылдай туулат. Мунун башаты тээ 60-жылдардын аягында, 70-жылдардын башында Айтматовдун повесттери адабиятта модалуу боло баштаганда башталган. Эң чебер жазуучубуздун чыгармачылыгына айтылган, көп кайталаган комплименттердин бири - анын чыгармалары "поэтикалуу" деп айтылып жүргөндүгү белгилүү. Муну айрым адабият таануудан түшүнүгү алыс адамдар поэзия менен чаташтырып жүрүшөт. Жакшы прозага комплимент айткысы келсе, "проза эмес эле ыр жыттанат, поэзия жыттанат" деп айтып калышат. Түпкүлүгүндө натуура ой жүгүртүү. Проза поэзиясыз эле толук кандуу, өз алдынча мыкты жанр экендиги эске алынбайт. Ал тургай ой, идея күчтүү чыккан кезде тилдин өзү эч эске алынбай, жазуучунун сүрөткердик даремети гана бааланат. Мисалга алсак, улуу жазуучулар Лев Толстойдун да, Федор Достоевскийдин тилдери (тил байлыгы эмес, стилистикасы) начар экендиги жалпы адабий коомчулук тарабынан аныкталган факт. Биринчисин дээрлик ар бир сүйлөмүндө "потому, что", "так, как", сыяктуу оборотторду колдоно бергендиги үчүн жемелешсе, экинчисин дегеле сүйлөмдөрү стилистикалык каталарга толо экендигине жемелеп келишет. Бирок ошол техникалык көрсөткүчтөр алардын чыгармаларынын мазмунун төмөндөтүп, улуулугун жокко чыгара алабы?! Албетте, жок. Ал гана эмес, чебер стилист Иван Буниндин "Война и мирдин" стилин оңдоп, "жакшыртып" кайра жазып чыксамбы деген оюна анын замандаштарынын бири жипкирип, сенин сыйда саптарыңдын арасынан Толстойду кантип табабыз деп аны дароо бул ниетинен кайт кылганы бар.
Муну айтып жатканымдын себеби, кооз сөздөр, сыртынан чебер курулган сүйлөмдөр канчалык жалтырап чубалжыбасын, нукура прозага тиешелүү башка сапаттарга негизделбесе, эсте да калбайт. Анткени, ал чын эле "ыр, же ыр менен жазылган чыгарма" сыяктуу гана болуп калат. Баса, "Стихотворение в прозе" деген прозадагы ритмикалык ыкманы Иван Тургенев биринчи жолу колдонгон, бирок, анын бул ыкмалары чакан, кыска гана бир пейзажды (проза үчүн көнүмүш эмес болгон, жансыз, элести, "сүрөттү" берүүгө болбой турган) темаларда гана пайдаланылган. Ал эми ХХ кылымда ритмикалык прозаны өз стилинде пайдаланган жазуучулар аны демейки эле окуялуу прозада ийгиликтүү пайдаланышкан. Алсак, Анатолий Кимдин "Лотос" повести бүтүндөй болбосо да, басымдуу бөлүгү ритмикалык проза ыкмасында жазылган: "Синий цвет небес, /созвучен косматым соснам/ растущим на горе..." Бирок ошол эле учурда окурман бул уйкаштыкты, ритмди дээрлик байкабайт. Байкаштын да зарылчылыгы жок, анда ал повести окубай эле башка бир сүйүктүү акындын ырын колго алмак...
Бир сөз менен айтканда, прозада динамикалуу өнүккөн сюжет (сөзсүз эле курч окуялуу деп ойлобош керек), турмуш агымын, каармандын өөрчүп-өнүгүүсүн көрсөтө алган идея болбосо - ал эч кандай проза эмес, тек гана лексикалык көнүгүү сыяктуу болуп калат.
Дал ошондон улам "прозасы поэзия жыттанат" деген сандырак комплиментти токтотуп, адегенде "Поэтика" деген терминди жакшылап өздөштүрүп алуу зарыл. Адабият теориясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Леонид Тимофеевдин китебинде да, "Литературоведческий словарда" да, "Поэтика Достоевского" (ал эми Достоевскийдин тили кандай экендигин жогоруда айтып өттүк) аттуу адабият таануу илиминин шедеврин жараткан Михаил Бахтиндин, улуу адабиятчы Дмитрий Лихачевдун аныктамаларында да "Поэтика" термини бир эле түшүнүктү туюндурат. Себеби, ал ар ким каалаган жакка чоё бере тургандай эмес, туруктуу теория. Ал - эң башкысы чыгарманын тышкы структурасы (сырткы түзүлүшү) менен ички мазмунунун шайкеш келиши, чыгарманын гармониялуу өнүгүүсүн жана жалпы бүтүндүгүн (цельность), талап кылган түшүнүк. Башкача айтканда, Айтматовдун повесттери өтө поэтикалуу деген баа кыргызча айтканда "ашык, кеми жок, өтө чебер жасалган чыгарма" дегенди эле билдирет. Чынында эле Айтматовдун дээрлик бардык повестерин карап көрсөк, алар эч бир артык баш эпизод же тескерисинче, кошумча толуктоо киргизе турган жери жоктой жыш жазылгандыгы менен айырмаланып турат.
Поэзия жанрына келсек, 1990-2004-жылдар аралыгында чыккан китептердин ичинде поэзия жанрындагы эң ири чокулар деп Сооронбай Жусуевдин "Курманжан датка" романын, Жолон Мамытовдун "Башат жана мухит" аттуу тандалмаларын (Бишкек, "Адабият" , 1991) жана Омор Султановдун "Жан берели сүйүүгө" аттуу тандалмаларын (Бишкек, "Акыл", 1996) атап кетер элем.
Бул жанрдагы бараандуу китептер деп мурдагы эле белгилүү акындар Сооронбай Жусуевдин "Курманжан датка" аттуу тарыхый пландагы кеңири масштабдуу романын, "Канат менен Зарина" аттуу трагедиялуу (реалдуу турмуштан алынып жазылган) махабат дастанын, Токтосун Самудиновдун чебер, маданияттуу юмор менен жазылган пародиялары да орун алган "Тандалмаларын" , Анатай Өмүркановдун "Күндөгү так" аттуу азыркы замандын көйгөйүн ырга кошкон курч публицистикалык маанайга толгон жыйнагын, Шайлообек Дүйшеевдин "Арабадагы ыр" аттуу фольклордук, нукура элдик поэзиянын салтын улаган мыкты жыйнагын, Бактыгүл Чотурованын "Боз торгоюн", Фатима Абдалованын "Шамалдагы үн" аттуу философиялык пландагы ырлар жыйнагын, жана да жаш акындарАида Эгембердиеванын "Белгисиз жомок" жана Олжобай Шакирдин "Өзүм менен өзүм" аттуу ырлар жыйнактарын соңку жаңы доордогу чыккан бараандуу чыгармалар катары атап кетсек ашыкча болбос.
Соңку он жылда адабияттагы эң үзүрлүү өнүгүп жаткан жанр катары адабият таануу менен документалдык- публицистикалык жанрды айтып кетүү акыйкаттык болор.
Конкреттүү атасак, белгилүү адабий сынчы Кеңешбек Асаналиевдин "Шекер и космос" аттуу изилдөөсү, таланттуу жазуучу Мар Байжиевдин "В битве за истину" аттуу адабий изилдөөлөр жыйнагы бул жанрдагы чоң окуяга айланган чыгармалардан болуп калышты. Эгерде биринчи аталган жыйнакта атактуу жазуучубуздун чыгармачылыгы биринчи жолу кыргыз адабиятчысы тарабынан ушундай фундаменталдуу деңгээлде изилденип жатса, экинчи китепте Мар Байжиев "Манас" эпосу үчүн бул сөздүн толук маанисинде каны-жанын беришкен адабиятчылардын, фольклорчулардын эмгегин архивдик баалуу материалдардын негизинде тескөөгө алат. "Боль сердца моего "Манас" " аттуу адабий изилдөөдө 30-жылдардын башынан тартып, 1950-жылдарга чейин созулган репрессиячыл режим заманында эпоско тиешеси бар жыйырмадан ашуун окумуштуу, коомдук ишмер атылып жок болгондугу архивдик материалдардын негизинде иликтөөгө алынган. Ал эми "В битве за истину" ошол эле каралоо жолу менен атылып кеткен окумуштууларды кайра актоо, алардын эмгегин баалоо үчүн болгон күрөш баяндалат.
Акын Эрнис Турсуновдун архивдик материалдардын негизинде түзгөн "Жоомарт Бөкөмбаев" жыйнагы да мурда жарыяланбай келген материалдары, эскерүүлөрү менен адабият таанууда жаңылык ачууга жөндөмдүү фактылары камтып турат. Улуу тилчи Кусейин Карасаевдин "Кылым жана инсан"аттуу жыйнагына (Каракол, 2002) өмүр жолу элдин, тарыхтын, адабият-маданияттын өөрчүп-өнүгүшүнө тыгыз байланышкан инсандын архивдик материалдары, эскерүүлөрү топтолгон...
Эскерте кетчү жагдай: аталган китептердин ар бири өзүнчө кеңири сөзгө арзыйт жана тыкыр талдоого муктаж. А биз, обзордук макаланын чектелүү мүмкүнчүлүгүнө жараша, тилекке каршы, бардык оюбузду кеңири бере алган жокпуз...
Менимче, адабияттын тарыхын окуп үйрөнүүдө жакында эле жарык көргөн Ашым Жакыпбековдун "Күндөлүктөрү" баалуу материал болуп бере алат. 1954-жылдан 1959-жылга чейинки убакытты камтыган бул "университеттик турмушту" чагылдырган документалдуу элестерде автордун өзүнүн гана адабияттагы эң алгачкы кадамдары гана эмес, Б. Жакиев, Ж. Садыков, К. Бобулов, С. Асанбеков, Э. Турсунов, С. Жетимишев сыяктуу азыркы адабиятыбыздын бараандуу өкүлдөрүнүн чыгармачылыктагы эң алгачкы изденүүлөрү камтылган.
Албетте, "Литературный Киргизстан" журналы чыгара баштаган "Жизнь замечательных людей Кыргызстана" деп аталган сериясы да эң мыкты фактыларды, баалуу документалдык эстеликтерди камтып тургандыгы менен жаңылык болуп калды деп ишенимдүү айтууга болот. Бул сериядан жарык көргөн Александр Ивановдун академик Кайып Оторбаев жөнүндөгү китеби, Тамара Токомбаеванын өзүнүн атасы - залкар акын Аалы Токомбаев жөнүндөгү китеби, жазуучу Мар Байжиевдин "Мой отец Ташим Байджиев" деген китептери алда качан кеңири ачылган архивдер ыктуу пайдаланылып, жалпы коомчулуктун аң-сезиминде ушул кезге чейин "ак тактар" болуп орун алып келген кенемтелерди толтура баштаганын айгинелеп турат.
Жыйынтыктап айтканда, эгемендик орногондон кийинки доордогу көрсөткүчтөр анчалык жаман деле эмес. Анткени, адабиятта эзелтен эле башкы критерий сан эмес, сапат болуп келген эмеспи. Бул жагынан алганда, жаман айтпай жакшы жок дегендей, азыркы адабияттагы экономикалык кризистин "пайдалуу" жагы да бар. Себеби, китеп чыгаруу кыйын болгон сайын жазуучулар, акындар жана адабиятчылар да өздөрүнүн эң мыкты деп эсептешкен чыгармаларын гана жарыкка чыгарууга умтулушат эмеспи. Демек, мурдагы замандагыдай гонарар үчүн "рекорд" коюп, отуз-кырк китеп чыгарбай, азыркы адабияттын өнүгүү процесси ушуинтип жүрүп олтурса, табигый тандоо аркылуу жаралган, эки-үч мыкты китептери менен деле адабияттын тарыхынан өзүнүн татыктуу ордун ээлей турган мыкты акын-жазуучулардын күбөсү болушубуз мүмкүн. Ал эми дүйнөлүк адабиятта өмүр бою иштеп, бир эле китеби менен тарыхта калган жазуучулар да арбын эле кездешет. Маселен, Узакбай Абдукаимов жалгыз романы "Майдан" менен классик-жазуучуга айлангандыгы айныгыс факт.
Жыйынтыктап айтканда, улуттук адабиятыбызда ар түркүн багыттагы аракеттер арбын. Ошол эле учурда, азырынча изденүүлөр азыраак, жаңы чабыттарга чыгуу далалаты да чабалыраак. Ошондуктанбы, көп учурда азыркы доордо пайда болгон көптөгөн коммерциялык адабияттарды эске албай айта турган болсок, улуттук адабияттын мурдатан таанымал өкүлдөрүнүн айрымдары калыптанып калган инерциялары менен гана иштеп жатышкансыйт. Жаңы дыңды бузуп, мурда айта албай, жаза албай келген чыгармаларын жараткандар саналуу гана.


Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 25 Август 2014 - 15:11

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Aitunuk   28 Январь 2014 - 21:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения aigull (24 Январь 2014 - 16:11) жазган:

Жогорудагыларды окуп отуруп, бир топ мыкты маалыматтарды алууга болгудай. Чоң ырахмат! Менин сизде бир суроом бар? канчадан бери кыргыз тилиндеги неологизмдер - оккозионализмдер туурасындагы маалыматты таба албай келебиз. Мумкун, ушул суроону жакшыла бир тушундуруп берээрсиз. Бугунку куну гезит бетинде кезигишкен оккозионализмдер. алдын ала чоң рахмат!


"Оккозионализмдер" деген терминди орфографиялык сөздүктөн карап коюңуз.

УДК: 809.434.1(575.2)(043. 3)


Анапияева Асел Абдысатаровна


Кыргыз тилиндеги 1980-жылдан кийинки неологизмдер

(басма сөз материалдары боюнча)

10.02.01 - кыргыз тили

Филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын

изденип алуу үчүн жазылган диссертациянын

АВТОРЕФЕРАТЫ


Бишкек - 2013

Дисертациялык иш К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз тили кафедрасында аткарылды.

Илимий жетекчи: филология илимдеринин доктору, профессор

Мамытов Жумаш
Расмий оппоненттер: филология илимдеринин доктору, профессор

Усубалиев Бейшенбай Шенкеевич

филология илимдеринин кандидаты, доцент
Джапанов Аттокур .

Булак: http://todo.selyam. n...x-355844-1.html

Мындан тышкары Ж.Мамытовдун кыргыз тилиндеги неологизмдер боюнча коргогон диссертациясын окуңуз. Б.Усубалиевдин монографияларын да карап чыгыңыз.

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 28 Январь 2014 - 21:33

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   Aitunuk   30 Январь 2014 - 21:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Апышева Майрамкуль.

«Билим жана тарбия». -Б., 2012.

Чыңгыз Айтматовдун «Тоолор кулаганда» романындагы

адам, адеп-ахлак маселелери

Чыңгыз Айтматовдун эң соңку чыгармасы болуп калган «Тоолор кулаганда» романы тематикалык жактан алганда кайсыл бир деңгээлде мурунку романы «Тавро Кассандры» романына үндөшүп тургандай сезилгени менен (маселен, эгемендик орногондон кийинки өзгөрүүлөр, азыркы рыноктук шарттагы турмуш жагдайында пайда болгон жаңы социалдык-экономикалык маселелер, а эң башкысы – глобализация доорундагы коомдук турмуштун адам психологиясына тийгиcкен таасирлери), идеялык-концептуалдык жактан алганда советтик доордо эле жаралган жазуучунун эң мыкты чыгармаларына сюжеттик-мазмундук алкак боюнча алда канча жакын тургандай кабылданышы кадыресе эле көрүнүш деп койсок болот. Бул байкоо эң алгачкы пассаждарда эле жаңы романдын интонациясы «Кылым карытар бир күн», «Кыямат» романдарындагы стилдик өзгөчөлүктөрдү эске салгандыктан (реминисценциялуулук), же тигил же бул эпизоддордогу дал келүүлөрдөн улам гана айтылып жаткан жок.

Ал эми «Тоолор кулаганда» романында көтөрүлгөн Адам жана Табийгат, Адам жана Абийир соту, Ыйман сыяктуу түбөлүктүү проблемалардын жаңыча шартта, б.а., жаңы доордо коюлуп жаткандыгына карабастан, романдын башкы каарманы Арсен Саманчин мурдагы «Кыямат» романындагы Авдий Каллистратов, Бостон сымал же кийинки «Кылым карытар бир күн» романындагы Едигейдей өз алдына экстремалдык кырдаалда коюлган моралдык-нравалык суроолорго жооп издеген каарман экендиги менен алардын руханий-логикалык уландысы, идеялык принциптерин тутунган «мураскору» катары кабылданат.

Дал ушул жагдайдан алып карай турган болсок, Арсен жалпы эле Айтматовдун чыгармачылыгындагы бир эле учурда эски тааныш дагы жана мурдагы каармандардан принципиалдуу түрдө айырмаланган жаңы кейипкер экендиги да талашсыз. Мурдагы каармандар галереясына Арсен Саманчин ички рухий-нравалык изденүүлөрү менен сюжеттик-мазмундук линиянын улантуучусу, ал тургай автор чыгарманын негизги идеясын жүктөгөн өзөктүү концепцияны ишенип арткан башкы каарман катары кабылданышы табигый нерсе.

Ошол эле учурда, Арсен интеллектуалдуу каарман экендигин дагы эстен чыгарбашыбыз керек. «Канткенде Адам уулу Адам болот?» - деген жазуучунун канаттуу сөзгө айланган саптарын эске албай турган болсок (казак драматургу Калтай Мухамеджанов менен авторлошуп жазылган «Фудзиямадагы кадыр түн» пьесасындагы кааармандардын интеллектуалдуу дискуссия темасына айланган суроо), Айтматовдун каармандарынын дээрлик баары карапайым адамдар экендиги маалым. Жылкычы (Танабай), токойчу (Момун), темир жолчу (Едигей), чабан (Бостон) сыяктуу эң жөнөкөй кесип ээлери экендиктерине карабастан, алардын баары, албетте, рухий-нравалык маселелерге келгенде, абийир, ар-намыс жолундагы эки ача жолдорго кабылганда бийик моралдык сапаттарын айгинелей алышкан, ички дүйнөсү бай адамдар, каармандар катары ачылышат . Башкача айтканда, чыгарманын идеялык-композициялык мазмунуна катылган моралдык-нравалык конфликттердин чечилишинин натыйжасында гана каармандардын чыныгы рухий-моралдык потенциалдары айкындалат.

Ал эми Арсен Саманчинге келе турган болсок, ал эң алгачкы эпизоддо эле «бир кезде Горбачё вдун чөйрөсүндө» жакын адам катары жүргөн, азыр ошол топтон ажырап, өз үйүрүнөн бөлүнүп, жалгыз учуп калган канаттууну эске салган интеллектуалдуу инсан экендиги айтылат. Демек, бир эле фактыны - атактуу жазуучунун учурунда СССР державасынын президенти Михаил Горбачевдун кеңешчиси болуп турганын эле эске ала турган болсок, бул каарманды кайсыл бир өлчөмдө автордун «Альтер эгосу», анын өзүнүн ички дүйнөсүн көркөм чагылдыруусу катары кабылдоого да акылуубуз.

Романдын эң алгачкы барактарынан баштап эле коомдук турмушта түп-тамырынан бери болуп жаткан кардиналдуу өзгөрүүлөр жөнүндөгү маанайлар берилип, автор өзүнүн ойлорун башкы каармандын ички толгонуулары аркылуу берүүгө умтулат. Ал гана эмес, романдын окуялары башкы каарман өзү да өмүрүндөгү катаал кырдаалга кабылган учурдан башталат , б.а., сюжеттик линия чыгармадагы кульминациялык эпизоддун түйүнү эң татаал чекке чейин жетип, анын кийинки чечилиши менен өнүгүп жүрүп отурат…

Кечээ жакында эле өз чөйрөсүндө таанымал лидерлердин бири катары сый-урматка ээ болуп келген Арсен Саманчин коомдук-саясий баалуулуктардын алмашуусу менен бирге өзүнүн артка сүрүлүп калгандыгын, айланасындагы адамдарга, окуялардын өнүгүүсүнө мурдагыдай таасир этмек турсун аны менен эч ким эсептешпей калгандай абалга жеткендигин сезе баштайт. Бул айрыкча анын сүйгөнү Айдана Самарованын өзүнүн опера ырчысы катары бийик, сейрек талантын кордоп, жеңил ойлуулук кылып, массалык шоу-бизнес маданиятына өтүп кеткендигинен улам Арсенге тескери карап кеткендигинен ачык байкалат.

Ошентип, башкы каармандын ички дүйнөсүндөгү коллизия коомдук-саясий турмушта орун алып, кеңири кулач жайып бара жаткан тенденциялар менен үндөшүп гана тим болбой, ал карама-каршылыктардын эң драмалуу формада чагылышы болуп саналат. Астын-үстүн болуп өзгөрүп жаткан коомдук турмуштун сырткы атрибуттарынын өзгөрүшү өз кезегинде адамдардын аң-сезимине дагы орчундуу таасир этүү менен бирге, түбөлүктүүлүк жана утурумдуулук, бийик көркөмдүк жана арзан баа популярдуулук сыяктуу жана башка толгон токой антиподдук түшүнүктөрдүн кармашы менен уланып жүрүп отурат. Эзелтен боло келген жакшылык менен жамандыктын күрөшү сыяктуу эле, баарынан коммерциялык пайданы, утурумдук жеңиштерди жогору койгон жасалма критерийлер үстөмдүк кыла баштаган мамилелерде да чыныгы баалуулуктар кыйроого дуушар боло баштайт. Мурда массовкадан башы чыкпаган, артисттик дарамети чектелүү болгон Эрташ Курчаев жаңы рынок шартында ишкер катары шыгы ачылып, өзгөчө таасирге ээ болушу трагикомедиялуу кырдаалды жаратат.

Арсен Саманчин ичинде «Ошондой» деп атап койгон «Евразия» ресторанынын директору аркылуу өзүн кууп чыккан дагы, андан Айдананы азгырып тартып алган дагы Эрташ Курчаев экендигин билген башкы каарман кимдир бирөөнөн тапанча сатып алып, аны атып өлтүрүү жөнүндө ойлоно баштайт. «Убить не убить?» деп улам кайталанган суроо гамлеттик «Быть или не быть?» деген сыяктуу эле драмалуу кырдаалда курч коюлгандыгы менен окурмандын ишеничин жаратат. Өмүрүндө криминалга аралашмак турсун, эч качан терс жорук жасабаган адамдын ушундай нравалык дилеммага кабылышы ишенимдүү берилишинин өзү эле чыгарманын чиеленген сюжети, драмалык структурасы гармониялуу өрчүп жүрүп отургандыгын көрсөтө алат.

Айтматовдун көркөм дүйнөсүнө мүнөздүү болгон дагы бир туруктуу аллегориялык ыкма – метафоралык образдардын параллелдүү өрчүп олтурушу экендиги белгилүү. Дегеле, азыркы адабияттын эң бийик көркөм жетишкендиктери Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгындагы жаныбарлар дүйнөсүн өтө жакшы билип чагылдыруусу менен түздөн-түз байланышкан десек аша чапкандык болбойт. Алсак, атактуу адабиятчылар тарабынан Гүлсары Лев Толстойдун Холстомериндей бийик деңгээлде ачылгандыгы эбак эле далай ирет жогору бааланган.



Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 30 Январь 2014 - 21:45

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   Aitunuk   30 Январь 2014 - 21:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Айтматовдук антропоморфизм жаныбарлардын психологиясындагы адамзат сыяктуу эле ички толгонуулар аркылуу чебер берилүүсү менен айрымаланып турат. Ал эми романдын эң башында эле башкы каарман менен илбирстин (же ири мегаполис шаарда жашаган Арсен Саманчин менен бийик тоодо «кар жиреген илбирс»- Жаабарстын) алар бири- бири жөнүндө эч нерсе билишпесе да, өз ара астрологиялык байланыштары бар жаныбарлар («два существа» – деп аталышы) катары сыпатталышы дагы жөнөкөй гана кокустук эмес. Ал гана эмес, бир кезде табийгат ага тартуулаган бардык жакшы нерселерди башынан өткөргөн илбирс, Жаабарс, дагы ушул тапта өзүн түгөйү (ургаачы илбирс) чанып, жаш, күчтүү илбирсти ээрчип кеткенде, ал-күчүнөн тайып, ызага батып, үйүрүнөн ажырап, жалгыз калган чагында (участь изгоя) чагылдырылат.

Мурдагы аялы менен ажырашып кеткен Арсен Саманчин кайра чыныгы сүйүүсүнө кабылып, өз өнөрүндө чоң ийгиликтерге жетишкен ырчы Айдана Самаровага өзүнүн али жазыла элек либреттосу жөнүндө баяндап, аны опера катары коюу жөнүндө кыялданганы дагы орундалбаган тилек, кол жеткис максат сымал кала берет. Ал баяндагы сүйүшкөндөрдүн трагедиясы да «Кылым карытар бир күн» романындагы Раймалы менен Бегимайдын трагедиясын, Ана-Бейит жөнүндөгү притчаны эске салбай койбойт. Сүйгөнүнөн күч менен ажыратылып бараткан кыздын сууга агып баратып, ак чымчыкка айланып кетиши манкурттун энесинин «Өз атаңды унутпа! Анын аты - Дөнөнбай! » - деп тынбай сайрап кеткениндей эле бийик көркөмдүктө чечилген.

Баса белгилей кете турган жагдай, роман - биринчи иретте, курч окуялуулугуна, сюжеттик драмалуулугуна, сырткы кызыктуу окумдуулугуна карабастан, ички мазмундун тереңдиги, көтөргөн проблематикасы боюнча масштабдуулугу менен баалуу. Жалпылап айта турган болсок, анда азыркы эгемендик доорундагы өзгөргөн социалдык-экономикалык кырдаалда жашаган замандаштардын социалдык-психологиялык “коллективдүү портретинин” да ишенимдүү, элестүү тартылгандыгын көрүүгө болот. Романдын негизги проблематикасы, идеясы адамдык адеп-ахлак, абийир сыяктуу түбөлүктүү суроолордун коюлгандыгында экендигин таанымал Айтматов таануучу Кеңешбек Асаналиев абдан туура баамдаган [Асаналиев, 2006, №10].

Ошол эле учурда ички психологиялык терең коллизиялар менен катар кадыресе турмуш агымы дагы өз нугунда өрчүп олтурат. Врачтык билими жаңы турмуштук жагдайда керексиз болуп калып, өзүнүн рыноктук замандагы ордун кыргыз тайганынын тукумун көбөйтүп, чет өлкөлөргө сатуу (бул үчүн анын эжеси Кадича намыстанса да) аркылуу тапкан бир тууганы Ардак Саманчиндин турмушу, мурдагы колхоз башкармасы, атасы менен бир тууган болгон агасы Бектурдун чарбакердик жөндөмдүүлүгүнөн улам ишкер катары жаңы жүзү ачылгандыгы жөнөкөй баяндоо ыргагы менен маалымат катары берилип, сюжет өнүгө берет.

Коомдук-саясий өзгөрүүлөрдүн күндөлүк турмуштагы таасирлери, адамдардын өз ара экономикалык мамилелериндеги орун ала баштаган жаңыча шарттар (мисалы, агасы Бектурдун «Мен сизге ишенем», -деп Арсен Саманчиндин каршы болгонуна карабай өз фирмасы менен убактылуу кызматташуу жөнүндө келишим түзгөнү), кагаз-документ аркылуу бекитилген келишимдерге караганда мурунку убактарда сөз, абийир алдында берилген убадалар алда канча бекем болуп келгендиги, азыр болсо адамдар документсиз бири-бирине эч ишенбей калышкандыгы жөнүндөгү ой-толгоолор советтик доордо жашап калган адамдардын гана ал доорду сагынган ностальгиялык психологиясы сыяктуу үстүртөн кабылданбайт. Тескерисинче, жазуучунун мурдагы мыкты чыгармаларындай эле ата-бабадан бери уланып келе жаткан салттардын жок болуп бара жаткандыгы, мурдагы туруктуу, ыңгайлуу патриархалдык, рухий баалуулуктардын орду бош калуу коркунучу пайда болгондугу жөнүндөгү идея подтекст аркылуу шардана кылынат.

Бул жагдайдан алып караганда, атактуу жазуучубуздун өзү он жылдан ашуун созулган тынымдан соң жарыялаган жаңы чыгармасына байланыштуу куруп берген маектеринин биринде мындай деп айтканы бир топ кызыгуу туудурбай койбойт:

«- Сиздин «Тоолор кулаганда» деген романыңыздын аталышында каймана маани катылган. Мазмундун өзүндө дагы кулаган тоону – СССРди эңсөө ачык байкалат.

- Туура айтасыз. Союз өзү бир тоо сыяктуу болчу, ал тоо кулап калды. Өзүнө көп жакшы нерселерди камтып турган бир жакшы система кыйрап калды.

- Мисалы?

- Муну кантип так айтууну билбей жатам… Бирок, биз кандайдыр бир эрежеге салынган сыяктуу ыргакта, тартиптүү, тынч жашачу эмес белек. Ал эми жөнөкөй жашоо ыңгайлуу да. Азыр болсо баары алай-дүлөй болуп жатып калды. Эч ким эч нерсе үчүн жооп бербейт. Ар бир адам өзүн гана ойлойт… Бирок, эмне кылмак элек? Баары бир ошондой кыйынчылыктарга чыдап, жашоону удантуу керек, жаңы пайда болгон шарттарга ыңгайлашуубуз зарыл» [Айтматов, “КП”, 2006, 12-декабрь ], (котормосу биздики - М.А. ).

Акырындап отуруп айылдыктардын турмуш жайы дагы тааныштырылып, романдын негизги сюжеттик-композициялык гана эмес, негизги идеялык өзөгүндө структуралык жактан ажырагыс ролду ойногон каарман –Ташафган дагы тааныштырылат. Арсен Саманчин менен кичинекей кезинен тартып мектепте чогуу окуган классташы Таштанбек кийинчерээк афган согушуна катышып, анда жарадар болуп, баатырдык көрсөтүп, орден тагынып кайткан соң айылдыктар арасында Таштанафган, Ташафган аталып калган адамдын ички драмасы абдан терең ачылгандыгы менен ишеним жаратат.

Асыресе, Арсен Саманчин баш болгон башка каармандарда анчалык ачык байкалбаган бул психологиялык драма Ташафгандын тагдыр призмасы аркылуу ачуу чындык катары өзгөчө пафос менен берилген. Анткени, Арсен баш болгон мурунку доордо жашашкан айрым адамдар тек гана жаңы замандын социалдык-психологиялык шарттарына ыңгайлашуу процессин баштан кечиришип, жаңы доордогу «жаңыча эрежелердин» айрымдарын жерип, рухий баалуулуктардын көбүн тебелеп, бир гана акча, байлык сыяктуу түшүнүктөрдү н баарынан жогору коюлуп калгандыгын кабылдай алышпай жатышса,Ташафгандын трагедиясы алардай күнүмдүк турмуш-тиричилик ыңгайсыздыгынан, мурдагы баалуулуктардын баары кайра каралып жаткандыгынан улам гана келип чыккан жок. Ал сөздүн түз маанисинде мурунку социалдык-саясий системага кызмат кылып, ал үчүн кан төгүп күрөшүп келген киши.

Демек, кечээ эле керек болсо өзүнүн өмүрүн да аябай күрөшүп келген идеалдардын кыйрашы анын ошол кезге чейин жалган элестерге, максаттарга ишенип жашап келгендигин, жашоодогу бүт короткон күч-аракети, аткарган иштери текке кеткендигин ашкереленишине алып келген. Башкача айтканда,Ташафган Арсен Саманчинге мурдагы классташы сымал сыртынан эски тааныш сыяктуу эле кабылданганы менен, анын жан-дүйнөсүндө аңтар-теңтер болгон ички психологиялык драма, төңкөрүш аны таанылгыс башка адам кылып өзгөртүп койгон.

Бектурдун фирмасы аркылуу илбирстерге аңчылык кылууга келишкен араб принцтерине котормочу болуп, бул күтүлбөгөн трагедиялуу драмага катышуу, демек, кайсыл бир өлчөмдө Арсен Саманчин үчүн да, Ташафган үчүн да табигый окуя сымал өнүгүп олтурат. Бирок ал экөө тең бул драмалык кульминациялык эпизоддо эки тарапта турушуп, бири-бирине карама-каршы турган принциптердин алып жүрүүчүлөрү катары кайрадан жаңыдан ачылышкандай болушат. Арсендин ушуга чейин эле ар тараптан терең тартылган портрети эми толукталып, ал өзүнүн өтө татаал турмуштук кырдаалда турган учурунда ого бетер кыйчалышкан абалга туш келип, классташы Ташафгандын колунда барымтада калгандыгына карабастан, мурдагы бийик моралдык принциптеринен тайбаган, адамгерчиликтин эң бийик сапаттарын ар кандай кыйын кезеңдерде дагы бекем сактай билген адам катары ачылат. Ал эми Ташафган, тескерисинче, өзүнүн жеке турмуш-тиричиликтеги, үй-бүлөсүндөгү кыйынчылыктардын баары үчүн башкаларды айыптап, эч кандай эмгек кылбай эле арамдык жол менен байып, жыргап-куунап жашап жатышкандарды жек көрө баштаган адам.

Ээн калган мектеп имаратында Арсен Саманчин менен Ташафгандын ортосунда болгон идеялык талаш-тартыш чечилбеген бойдон кала берет. Араб принцтерин барымтага алуу жолу менен өзүнүн социалдык-экономикалык маселелерин биротоло чечүүнү каалаган Ташафган да өз аргументтерин абдан ишенимдүү келтирет. Ташафган өзү барымтага алгысы келген Кувейт жана араб принцтери үчүн алар талап кылуучу каражат болбогон бир кичинекей сумма экендигин, аны алып өз максатына жетүү менен бирге Ташафган жана анын ал акчаны бөлүп алган жолдошторунун баары тең дароо өз маселелерин чечип алышарын айтат.

Арсен Саманчиндин ага каршы коюлган аргументинин күчү да андан кем эмес: “Сен социалистчил катары ой жүгүртүп жатасың, Маркс дагы адамзат коомундагы бардык маселелерди саясий-экономикалык катнаштардан улам пайда болгон деген таптык-класстык позициядан туруп баалап, эзүүчү болгон таптын байлыгын тартып алып, жалпы элге тең бөлүп берсе эле теңдик орноп, бардык маселе чечилип калат деп эсептеген. А бирок, социалисттик революция кандай жемиш берди да, анын канчалаган кан төгүүлөр менен келген жеңишинин натыйжасы эмне болду?! ”

Ошентип бири-бирине кайчы келген эки көз караштын, эки карама-каршы идеянын эч келишпес тирешүүсүнүн, айыгышкан кармашынын каймана мааниси эзелтен бери эле келе жаткан жамандык менен жакшылыктын, жарык менен караңгылыктын күрөшү сымал бийик пафостуу мазмунга көтөрүлөт.

Романдын сюжеттик-драмалык жана идеялык-мазмундук жагынан алганда эң бийик кульминациялык чокусу болуп эсептелген эпизоддо эрксизден башка бир аналогиялык кырдаал эске келет. Ал дагы Арсен Саманчиндин аң-сезимдик көз карашы, бийик тутунган турмуштук позициясы аркылуу берилген. Арсен өзүнүн «Нива» машинасында ошол тагдыр чечүүчү акыркы сапарына бара жаткан кезинде уюлдук телефон аркылуу прогрессивдүү газета деп эсептелген «Новый путь» газетасынын редактору Кумаш Байсалов аны менен байланышып, анын жакында эле болгон медиафорумда сүйлөгөн сөзүнө диний ишмерлер каршы чыгып жатышкандыгын билдирет. Анда ал номад доорундагы казак-кыргыз поэзиясынан үзүндү келтирип, Сөз жашоодогу бардык нерселердин башаты экендиги жөнүндө сүйлөгөн болчу. Анын мааниси боюнча «Вначале было Слово» деген христиандык библияны ачкан алгачкы сүйлөм менен үндөшүп турган дал ушул сөзүнө христиан диний жана мусулман диний ишмерлери биргелешип каршы чыгышкандыгы таң калыч туу сезилет. Адегенде Арсен: «Сенин молдолоруң менен попторуң эмнеге антип жатышат?» - деп таң калат. А бирок, буга чейин аны дайыма баалап келген редактор бул ирет өзүнүн көз карандысыз журналистин (же Айдана атагандай Эгемендүү Арсенди) колдой албай тургандыгын, анткени мындай мамилеге газетаны каржылашкан адамдар каршы турушарын алдын ала айтат…

Андан мурдараак эле москвалык газетада өзүнүн чуулгандуу макаласын жарыялап, анда «байлыкка жана бийликке айныгандай болуп умтулууну» (комплекс патологического стремления к богатству и власти) айыптап чыккан Арсен Саманчин акча, байлык баарын чече баштаган доордо өзүн тагдыр чечүүчү күч катары санап калган Эрташ Курчаев редакторду оңой эле өзүнө баш ийдирип алганын айтпаса да билет. Бул үчүн аны айыптабайт жана ага түшүнүү менен мамиле кылат.

Чыгарманын финалы трагедиялуу экендигине карабастан, башкы каармандын өлүмү дагы анын өз идеяларынан, принциптеринен танбай, жеңилбей кеткени менен аякташы, романда баштан аяк оптимисттик маанайда берилген бийик идеалдардын пафосу адам турмушунда канчалык кыйынчылыктар, тоскоолдуктар орун албасын, баары бир эч качан жеңилбестигин даңазалоонун салтанаты сыяктуу таасир жаратат.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   Aitunuk   26 Февраль 2014 - 19:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Аман Саспаев, жазуучу:
"Сарала иттин иттигин
кечире албайм"
- Агай, сиз Кытай жерине кандайча барып калдыңыз эле?
- Ал кезде мен 5-6 жашта элем. Миң жылкылуу Сарыбай дегендин тукумдарынан экенбиз. Кийин 1933-жылдары коллективдештирүү, колхоз, совхоз уюштурулуп башталганда күрөшүү күч алды. Байдын балдарын колхоз, совхозго кабыл албай калышты. Ачарчылык башталды. Ошондон улам Кытайга кетүүгө мажбур болдук.
- Эң алгачкы чыгармаңыз кайсы тилде жазылган жана аталышы кандай?
- Эң алгач кабарларды казак, уйгур тилинде жазып турчумун. Кийин мени "Инклабий Шарк Туркистан" деген гезитине кабарчы кылып Текес жана Монгол уезддерине белгилеп коюшту. Ошондо мен ырларды казакча, кабарларды, аңгемелерди уйгур тилинде жазып жүрдүм.
- Сиздин "Сарала ит" же "Жашоо жөндөмү" аттуу аңгемеңиз коомчулукта көптөгөн талаш-тартыштарды жаратты. Ошол чыгармаңыз тууралуу кең-кесири кеп кылып берсеңиз?
- "Сарала ит" тууралуу сындан кийин мени антисоветтик адам катары карашып, 5 жыл картошка жеп калгам. Чыгармаларым ар жерден чыкпай калды. Укаев деген киши "Советтик Кыргызстан " газетасында адабият боюнча бөлүмдүн башчысы экен ал подтекстте "Бул эстетикалык эмес, антисоветтик чыгарма" - деп жазып койгондон кийин, беш жыл бою чыгармаларым чыкпай калды. Аңгемеде мындай сөз бар: "Өсүмдүктөр дагы, сезими жок бири-биринен бийик өскүсү келет". "Сарала иттин иттигин кечире албайм". Эң негизгиси ушул. Эмне десе да макул болуп, мүңкүрөп жүрө берүүнүн эмне кереги бар. Адамдын да, жөргөмүштүн да, иттин да жашоого укугу бар. Бардыгынын умтулуусу болуш керек деген ойду айткым келди. Сарала итти өлтүрүп салдым, анте албай калды да.
- "Ширеңке" деген аңгемеңизде кимдерди ашкерелейин дедиңиз эле?
- Биз Кытайга баргандан кийин ал жерден да жыргап кеткен жерибиз жок. Бай уйгурларга малай болдук. Энем турмушка чыккан адам алардын отунун жарып чөбүн чапты. Ошондогу турмуштун кыйынчылыгы ошол эле ширеңкеден көрүнүп турат. Ширеңке деген эмне? Ошонун азабынан уруш чыгып, энемди апкеч менен коюп жиберип, кызыл өңгөчүнө абаны зордоп жиберип, кайра кекирип жиберген гомендандык акмак офицер алып барып камап койду. Мында ошол жашап жаткан турмуштун начардыгы, өкмөттүн адилетсиздиги, кыскасы, бул жактан качып барган элдин жашоосунун начардыгын көргөзгүм келди.
Ал эми "Кызыралейсалам" аңгемемде биздин ислам дининин жете билбегендигибизди, түшүнбөстүгүбүз тууралуу айткым келди. Жалпы эле дин боюнча кыргыздардын түшүнүгүнүн начардыгы, "чала молдо дин бузар" деп да коёт. Чыныгы ислам дининин тарыхын, салттарын, пайдалуулугун чечмелеп берген киши жок. Ирандын, арабдын кийимдерин кийип алабыз. А негизи жарашканды таануу кийимде эмес, адамдын ички дүйнөсүндө. Ислам, иудаизм, буддизм дини тууралуу окуп чыктым. Кийим тууралуу эч кандай сөз жок.
- "Гүлкайыр" аңгемеңизге токтолуп өтсөңүз?
- Кытайда жүрүп мен Индиянын, Франциянын, Американын, орус жазуучуларынын аңгемелерин окудум. Кыргыз аңгемелеринен колго алганымдан бири да көңүлүмө толгон жок. "Эмгек азаматтары" деген китептен А.Токомбаевдин бир гана аңгемесин жактырдым. Туулган жерге келгенден кийин мен гүлкайырды сагындым. Бул гүл бардык жерде өсөт, аны кээде "кайыргүл" деп да коюшат. Биздин аңгемелерибиз мындан ары улана берсе экен деген тилек менен жаздым. Кеңеш Жусупов мага: "Биринчи ирет аңгемелердин жакшысын жазып бердиңиз" - деп айтты.
- "Тууган" деген аңгемеңизде өзүңүздүн туугандарыңыз тууралуу жазгансызбы?
- Мен Ата Мекен деп келдим, тууганым деп келген жокмун. Кыргыздар баары бир тууган. Бардык жерде мени бир тууган катары кабыл алышат. Кытайдан келдик. Туугандарыбыз Саспанын тукумдары деп бир-бир көйнөктөн кийгизип, жылуу тосуп алышты. Бирок алар менен менин оюм дал келбей калды. Алардын оюнда мен мал багып иштешим керек эле. А мен алдыма бир нерсе коюп аңгеме, чыгарма жазууну каалачумун. Алардын талабына жооп бербей калган үчүн "башка жакка барып эле оокатыңды кыл" дегендей айтышты. Тууган деген күндө тийген күн эмес.
- "Экспонат номер төрт..."
- Мен бул аңгемени жаман көрбөйм. Чыгармада орустардын каармандыгын белгилегим келди. Октябрь революциясына чейин бугу, сарбагыш болуп согушуп турбадыкпы. Шаар салууну, тиги-буларды бизге орустар үйрөттү. Мына ушул максатта жазылган.
- Аңгемелериңиздин ичинен мектеп программасына дагы кайсынысын сунуш кылар элеңиз?
- "Татым туз", "Сарала ит" программада бар. Дагы "Каныкейдин алтын билеригин" мектеп программасына киргизсе деген оюм бар. Чоң улуттар майда улуттардын үстүндө туруп өз билгенин жасайт. Каалаганын кылат. Ага моюн сунбаска айла жок. Акыл-эси бар адам түшүнөт. Улуттук эркиндик маселесин билет.
- "Фантастикалык аңгеме" да жазыптырсыз…
- "Ажайып дүйнө жөнүндө баян" аңгемем тууралуу айтып жатат окшойсуз. Фантастикалык аңгеме болуш үчүн көптөгөн илимдерди билиш керек. Дүйнөдө көптөгөн фантасттар болгон. Мен жөнөкөй гана биздин өлкөдө да өнүгүү болсо экен деген ой менен жогоруда айткан аңгемемди жараткам.
- Бийликти сындоо же тийиштик катары жазылган чыгармаларыңыз барбы?
- Эми жашоодо адамга бийлик, байлык берсе бат эле өзгөрүлөт да "Дос жана газик" аңгемемде теңтуш, дос болуп жүрүп кийин анын даражасы көтөрүлүп калса, мурункуларын унутуп, кекирейип калуу жөнүндө берилген. Ошондо мындай сөз бар: "Бакты аралап баратсам эки сагызган кыйк-чуйк этип бок талашып урушуп жатат". Бул сөз аңгеменин негизги идеясы. Ал эми сурооңуз боюнча айтсам, "Прометей жана Зевс" деген аңгемемде коомдун жекеге болгон мамилеси өмүр бою чечилбей келет. Зевс - чагылгандын кудайы. Прометей - адамдарды бир нерсени билсин, өнүксүн деп кеме жасап берди. Адамдарга жакшылык жасайт. Зевс акыйкатты сүйгөн эмес. Бийлик менен акылдуу адамдардын ортосундагы карама-каршылыкты көрсөткүм келди. Баары бир бийлик жеңет деген ой берилген.
- Сиздин чыгармачылыгыңызга кайсы адабиятчылар таасир берди эле?
- Мен Бээжиндеги китепканалардан көп окудум. Китепкана бай болчу. Европанын, Индиянын адабияттарын көп окудум. Мага өзбек, казак, уйгур тилдери өз эне тилимдей. Индиянын Брем Чанг, Яшпал, Робендраго Тагор, Франциянын Моппасан, Чехиянын Божена Немцова, Карл Чапек дегендердин майда аңгемелери жакчу. Орус элинин Лесков, Чехов, Бунин деген жазуучулардын аңгемелери жагат. Алардын аңгемелеринде кандайдыр бир адамдык дарт жатат. Адам баласындагы кемчилдиктерди кантип оңдоо керектиги тууралуу ой жатат. Канчалык турмушка сиңди бул башка иш.
- Сиздин "Парторг" романыңыздын дагы бир "Тоо чабалекейи" деген аталышы бар. Эмне себептен романдын темасын өзгөрттүңүз?
- "Тоо чабалекейи" дегенимдин себеби, биздин, кыргыздардын, 20-кылымдагы тагдыры татаал болуп калды. Октябрь революциясынын келиши менен кыргыздар шаар салып, билим алып, көтөрүлүп, отурукташа башташты. Парторг - бул коммунисттик партия. Коммунисттик партиянын улуттук саясаты жакшы болду. Ошол мезгилде прогресс болгондорду колдоп, ага ылайык келбегендерди жоюу иши жүрдү. Майда улуттар өзүнүн байыркы маданиятын көтөрүп туруп алат. Чоң улуттарга каршы коёт. Өнүгүүгө мүмкүндүк бербейт. Орус эли болсо өздөрүнүн үйрөткөндөрүн айтышат. Совет мезгилинде өнүгүү өтө эле тез жүрүп кетти. Айланасында жалаң эле капиталисттик өлкөлөр курчап турду. Ушундай шартта катаал саясат жүргүзүүгө орустар мажбур болушту. Чындыгында жер айдоону, отурукташууну билген эмес элек, орус эли буларды бизге үйрөттү, аны кантип танабыз. "Индиянын ачылышы" деген китепте айтылгандай, ар улуттун өзүнүн жөрөлгөлүү маданиятын жогору көтөрүп, өтө эле эркиндик, боштондукту көздөйт, ал эми башкарып турган чоң улут ага каршы болуп турат. Мына ошол кыйчалыш мезгилде биздин кыйын адамдарыбыз жок болуп кетти. Динге каршы иштер жүргүзүлдү. Ошол кезде бизден өсүп чыккан партиялык кадрлар жаңы цивилизацияга элди акылдуулук менен алып келиши керек эле. "Самарканддан саман учуптур" десе, "Самарканддан жоо келатыптыр" дегендей кыргыздар өзүбүздү өзүбүз талкалаган учурлар да болду. Маселен айталы, Сталинге өзүбүздүн интеллигенттерибиздин артынан түшүп, кылык-жоруктарын өзүбүздөн эле айтып турушту. Мансап үчүн өзүбүздү-өзүбүз орго салабыз, өзүбүздү-өзүбүз көргө салабыз. Менталитетибизде жарабаган иштер бар. Эгерде биз гумандуу, акылдуу болсок, бардык иштер ойдогудай болмок. Мына ошолорду ойлоп, колхоз, совхоз чарбаны ойлоп, "партиялык жетекчинин" образын түзүүнү ойлодум. Ага мажбурлаган нерсе биздин тарых. Мен өзүм партиялык адам эмесмин. Алгач романды "Парторг" деп атадым. Кыргыздан бир жакшы адам чыкса деп ойлодум.
Кийин кайра "Тоо чабалекейи" деп өзгөрттүм. Себеби биз тоодо өскөн адамбыз. Алгач жаздын келишин чабалекей билгизет. Чабалекей учуп келгенде жаздын келгенин билебиз. Жакшы адам чыкса экен деп ойлодум. Акыл-эстүү адамдын символу катарында алдым. Партиялык адам ишти гумандуулук, акыл-эс менен чечсе экен деген тилекте жазгам. Цивилизациянын алгачкы кадры, тоо чабалекейи, жаздын бактылуу, таалайлуу күндөрдү билдирген бир кадрды берсем дегем.
Албетте, образ түзүүдө кемчиликтер бар, бирок менин деңгээлим, көз карашым менен "Тоо чабалекейи" деп атап койгом.
Маектешкен
Зейнеп КУДАЙБЕРГЕНОВА ("Фабула" , 25.03.11.)
<br style="font-size: small; font-family: Arial; ">

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 26 Февраль 2014 - 19:41

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   Aitunuk   17 Март 2014 - 23:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

10:52 (17.03.2014) АКИpress.

Лишь имеющий душу способен судить себя по законам совести и добра...


Мамасалы Апышев


Размышления о романе Султана Раева «Душевная кара» («Жанжаза»)

По большому счету, вся мировая литература, все писатели пишут об одном и том же, - о человеке, ну а если еще точнее и конкретнее сказать – о душе человека! .. Ибо, только она – душа и отличает homo-sapiens от всего остального животного мира. Именно поэтому человеку свойственно в определенном возрасте задуматься о смысле жизни, и задавать себе вопросы: правильно и достойно ли он прожил однажды дарованную ему свыше жизнь? Вести подобный отсчет по высшей шкале морально-нравственных ценностей совсем нелегко и сопряжено драматическими духовными коллизиями, которые нередко приводят человека к трагическим по своей силе и глубине открытиям. Этот трагизм многократно усиливается в тех случаях, когда такое открытие совершается слишком поздно, когда остаются считанные мгновения до финального прощания, то есть, уже к концу жизни человека… Об этом роман «Душевная кара» Султана Раева.

Но прежде, чем перейти к конкретному разговору о романе Султана Раева, мне кажется, есть необходимость хотя бы в общих чертах, вкратце обозначить состояние современной кыргызской романистики. И ответить, на самые главные вопросы: каков он, кыргызский роман? Какой он путь прошел? Есть ли вообще зримые достижения и особенности у кыргызского романа на общем фоне мировой литературы? Только так объективно и по достоинству можно оценить место и значение романа Султана Раева «Душевная кара» в современной кыргызской литературе.

Так уж повелось, давным-давно, еще с середины 30-х годов прошлого века, когда делая свои первые неуверенные, робкие шаги, только-только начала формироваться профессиональная литература, заново обретшая новую письменность, в кыргызской литературе раз и навсегда сложилась такая парадоксальная, противоречивая тенденция: много, порою даже слишком много появляются так называемых романов, которые в подавляющем большинстве случаев, на поверку оказываются просто аморфными, рыхлыми, бесформенными, кое-как состряпанными на прозаическом жанре произведениями…

И это вовсе неудивительно, ведь по законам жанра не наличием громоздкого объема, не количеством своих главных и второстепенных героев, и, в конце концов, даже не значительностью отраженных в произведении событий определяется окончательный вывод: вообще состоялся этот роман или нет?

В этом смысле, если судить по самым высшим меркам, то в истории кыргызской литературы ХХ века остались лишь пять романов – шедевры, прочно занявшие свое место в сокровищнице национального художественного слова. Это, безусловно, романы Чингиза Айтматова «И дольше века длится день», «Плаха», исторические романы Толегена Касымбекова «Сломанный меч», «За тучей белеет гора», а также «Фронт» Узакбая Абдукаимова… Это много или мало? Мне кажется, что это не много, но и не мало. Особенно, если учесть, что по праву считавшаяся одной из самых сильных национальных литератур грузинская литература, имеющая древние письменные традиции, также в ХХ веке «выдала» ненамного больше романов-шедевров, чем кыргызская литература… Да и в русской литературе ХХ века – одной из самых больших (как по всем своим параметрам, так и по своим возможностям) в мировой литературе, если осуществить такой строгий, жесткий «отбор», наберется ли 20-25 романов, которые уже стоят вне всяких критериев и не подлежат никакому сомнению?..

А в кыргызской литературе жанру романа за сравнительно недолгое время (с 1930-х годов до начала 1960-х годов, когда был создан первый роман-шедевр Узакбая Абдукаимова – «Фронт») пришлось проделать поистине неизмеримый путь. Пройти, так сказать, сложный путь рождения, становления, поисков и зрелости.

Следовательно, рассматривая роман Султана Раева «Душевная кара», мы должны вести отсчет с этой «высоты», предъявляя к нему самые высшие требования. Ибо, несмотря на то, что после известных исторических событий, происшедших на постсоветском пространстве, кыргызская литература хоть и испытывала определенные трудности экономического характера, все же периодически появлялись новые произведения разного жанра и разного «веса».

При чтении романа «Душевная кара» сразу же бросается в глаза то, что он при всей своей притчевости, написан в реалистической манере. Традиционная описательность, изобилующая подробностями, о чем бы и о ком бы ни писал писатель, помогает ему добиться доверительной интонации, как бы приглашая читателя к сопереживанию и глубокому размышлению. Мягкая, лирическая интонация повествования, исходящая из самой природы ритма внутреннего монолога, эпизодически переходит к оглушающему аккорду, напоминая, что перед нами все-таки полифоничный, многозначный, многогранный роман.

Роман Раева написан в лучших традициях высокой литературы. В нем синтезированы лучшие достижения кыргызской и мировой литературы. Хотя он и написан в форме философской притчы, а повествование в произведении ведется исключительно абстрактно, пересекаясь с реальной действительностью лишь в незримых художественных измерениях, в нем полновесно и ярко отражены все болевые проблемы современного общества.

«Семеро» - так очень просто и по количеству героев названа одна из центральных глав, где представлены все герои, вышедшие вместе в путь. Ритм загадочно-возвышенной, патетической интонации здесь оправдан тем, что герои произведения являются не совсем обычными людьми, а беглецами, сбежавшими из психиатрической клиники. Пациенты, решившиеся на такой отчаянный протест, движимы исподволь назревшим в их душах и не дающим им покоя духовным бунтом. Ведомые своим неформальным лидером – «Императором», они полны решимости найти ни много, ни мало – Истину.

По злой иронии судьбы, все пациенты психиатрической лечебницы названы общеизвестными, громкими именами – Искендер Зулкарнайн (то есть, Александр Македонский), Чингизхан, Король Лир, Таис Афинская, Клеопатра…

Вскоре выясняется, что главный герой романа Император - не только «номинальный» носитель имени древней императорской династии, но и самое что ни на есть настоящее духовное воплощение императорского духа и прочих императорских качеств и особенностей. Он намерен дойти вместе со своими последователями до той неведомой Священной Земли, и открыть им глаза, объяснить им смысл человеческого существования на этом свете, попросту говоря, смысл жизни, который и заключает в себе конечную Истину.

Читатель по ходу чтения время от времени, прерывая чтение, может погрузиться в размышления, навеянные глубоко скрытым смыслом произведения. И невольно будет вынужден провести параллели между ситуацией в произведении и нынешней действительностью. Разве глобальные перемены, происшедшие в мире за последние четверть века, не повергли современного человека в психологический и моральный шок, коренным образом подвергая к сомнениям все его прежние, казалось бы, незыблемые духовные ценности? Разве не мы, современные люди, сетуем о потере духовных ценностей?

В литературе существуют неопровержимые, объективные критерии, определяющие настоящий художественный уровень произведения. К примеру, одним из таких главных и неотъемлемых критериев является то, каким бы абстрактным ни было произведение, оно обязательно должно отражать (разумеется, посредством художественного образа) узловые проблемы того общества, в котором оно создано и, словно эхо, откликнуться по самым актуальным, болевым вопросам своего времени. В этом отношении, роман «Душевная кара» является, при всей своей абстрактности, очень актуальным произведением. Несмотря на отсутствие конкретного места действия, времени действия и конкретных национальных черт, в романе четко и зримо предстает жизнь современного общества со всеми ее противоречиями.

Каждый из вышеперечисленных нарицательных героев имеет свою судьбу и неповторимую трагедию. Если Таис Афинская, Клеопатра и Лир всю жизнь жили, повинуясь своим низменным, животным страстям, и лишь запоздало, уже в пожилом возрасте принялись искать смысл жизни, то Император и Чингизхан видели свое исключительное предназначение во всемогуществе власти и разочаровались в ней, только после того, как познали свою смертность.

Абсурдность ситуации заключается в том, что, подвергаясь в пути ко всяческим суровым испытаниям, беглецы, наконец, оказываются в «Стране сумасшедших», где облик главаря беглецов раскрывается во всей полноте. Как дошло до того, что Император, только недавно опьяненный своей безмерной властью, возомнивший себя всемогущим, очутился в психиатрической клинике? Императору в душе захотелось, если представится такая возможность, помериться силами с самим Богом. Он и посчитал себя Богом, правящим на земле, решающим все вопросы по своему усмотрению и по своему хотению…

Хотя образы всех героев имеют законченность, оригинальность, но все же следует признать, что главным действующим лицом романа является Император. Не только потому, что сюжетная канва романа построена вокруг него, и все морально-нравственные коллизии от начала до конца переплетены вокруг его имени, но и потому, что главная идея произведения метафорично нанизана на его высказываниях. Не достигнув своей последней и главной цели в жизни, - попросить прощения у Создателя за все свои грехи в этом бренном мире, - на полпути к Священной Земле, Император умирает.

Умирая, он просит прощения у своих спутников за то, что не смог выполнить свое обещание и довести их до Священной Земли. «Я, похоже, дошел до своей Святой Земли, истина раскрылась перед моими глазами… А вы – продолжайте искать свою истину… Истина, оказывается, заключена в нас самих, в душах, в сердцах людей. И пока мы – люди, не в состоянии познать самих себя, она не откроется перед нами…»

Ничем не ограниченная, всесильная власть не смогла найти достойного себе применения, вследствие чего ее обладатель постепенно приходит к морально-нравственному разложению. Изначально заложенная самим Богом в душе искра человечности не дает Императору окончательно превратиться в зверя в человеческом облике. С годами золотая корона незаметно и окончательно срослась с черепом, стягивая кожу и сжимая мозг Императора до разрушительных размеров. Тут, конечно, невольно само собой напрашиваются параллели с манкуртом Чингиза Айтматова.

Но есть тут одно принципиальное различие – если айтматовский манкурт поневоле, насильно был лишен разума, то Император Раева, никак не желая расстаться со своей короной, сам себя добровольно обрек к такого рода физическим истязаниям…

Подытоживая свои предварительные размышления по роману «Душевная кара», мне хочется поведать об одной метафоре, имевшей место в реальной жизни, так как она имеет самое прямое отношение к автору романа «Душевная кара». В конце 2009-года в Бишкекском русском драматическом театре имени Чингиза Айтматова состоялась премьера драмы Султана Раева «Корона мертвеца», в которой также затрагивались проблемы власти и природа власти (кстати, весьма любопытно было бы провести параллели между этими двумя произведениями, но это, как говорится, дело будущих исследователей). Герои драмы, желая снять корону с головы у умирающего короля, неожиданно обнаруживают, что корона намертво срослась с кожей головы. И тут кто-то предлагает: «Ну, раз невозможно снять корону обычным способом, надо снять корону вместе с головой!.. »

Казалось бы, в этой художественной метафоре нет никакой крамолы. Но все же, в конце спектакля один из приспешников бывшего президента все же не преминул грозно заметить автору: «Вам придется ответить за эти свои слова!..» Стоит ли говорить, что вскоре действительно эта угроза была исполнена – Султан Раев был снят с должности министра культуры. Но в отличие от театральной сцены в реальной жизни художественная метафора оказалась намного сильнее и гораздо суровее!.. Как известно, чуть позднее «корона» все-таки была снята… уже вместе с «головой»… Хоть и в переносном смысле этого слова!..

Только сила художественной метафоры способна раскрыться так неумолимо и беспощадно, преодолевая все естественные и искусственные препятствия на своем пути. И лишь имеющий душу – человек – способен судить о себе по высшей шкале морально-нравственных ценностей. Об этом роман Султана Раева «Душевная кара». Роман – метафора, роман – напоминание… Напоминание о том, что разум и душа человеку даны во имя оправдания им своего земного существования.

Роман Султана Раева является этапным произведением в кыргызской литературе, созданным на новом витке ее развития. Новизна и художественная глубина романа заключены не во внешней форме данного произведения, а в его сложном, многослойном и многогранном содержании. Хотя бы по этой причине роман «Душевная кара» требует долгого и вдумчивого чтения.

Мамасалы Апышев
писатель, лауреат Всесоюзной Литературной премии имени М.Горького



Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 17 Март 2014 - 23:43

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   Aitunuk   21 Апрель 2014 - 18:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

.

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 21 Апрель 2014 - 19:10

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   Aitunuk   21 Апрель 2014 - 19:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

АҢГЕМЕ. (Рассказ). Баяндоочу көркөм адабияттын чакан, кичине формасы а ң г е м е деп аталат. Аңгемеде адам турмушунун маанилүү гана учурлары сүрөттөлөт. Каармандын өмүрүндөгү айрым гана окуяларды сүрөттөп, анын бүткөн толук образын түзүү жазуучунун чеберчилигине байланыштуу. Маселен алсак, А.П. Чеховдун «Унтер Пришибев», М.Горькийдин «Челкаш», М.Шолоховдун «Адамдын тагдыры» деген аңгемелери.

Кыргыз адабиятындагы аңгемелердин арасынан М.Элебаевдин «Бороондуу күнү», Ж.Турусбековдун «Бир болгон иш», Т.Сыдыкбековдун «Сагынбадымбы» деген чыгармаларын көргөзүүгө болот. Бул аңгемелерде революцияга чейинки кыргыз элинин оор турмушу лирикалык каарман аркылуу («Бороондуу күнү»), кыргыз жеринде болгон жаңы турмуштун салтанаты, жаңы адамдардын мүнөзү жана алардын эскичилик менен болгон аёсуз күрөшү («Бир болгон иш»), Ата Мекендик Согуштун мезгилиндеги фронттогу атасын сагынган баланын сагынычы («Сагынбадымбы») деген аңгемелерде белгилүү гана турмуштук катнаштардын, кырдаалдардын, байланыштардын негизинде сүрөттөлөт.

Аңгеме өзүнүн чакан көлөмү, катышкан персонаждардын аз сандуулугу, сүрөттөлгөн окуянын чакандыгы жана жыйынтыктуулугу менен айырмаланат. Бирок, мындан аңгеме көркөм адабияттын оңой жанры деген корутунду чыкпайт.Тескерисинче, дал ушул чакан көлөм (эгерде ал нукура искусство болсо) өзүнүн "ичине" чоң ойду сиңирет, батырат. Улуу Чеховдун аңгемелерин эске түшүрүп, эки аңгемесин мисалга алып көрөлү: "Хамелеон" жана "Күчүк ээрчиткен аял"."Хамелеон" өзүнүн көлөмү боюнча өтө эле чакан аңгеме. Бирок, ушул кичинекей чыгармада улуу жазуучу Чехов эки жүздүүлүктүн эмне деген шумдук образын жараткан. Бул аңгемеде жазуучу жараткан каарман, бир эле учурда, эгерде маңдайында өзүнөн жогору турган бийликтин өкүлү болсо, анда ал белин беш ийген тилсиз кул, эгерде маңдайында карапайым бир байкуш адам турса, анда ал эчтекеге моюн сунбаган, ээ-жаа бербей өз билгенин кылган бир зөөкүр. Ал эми экинчи аңгемеде, "Күчүк ээрчиткен аял" деген аңгемеде, эч апыртуусуз айтканда деле, романдын мазмунуна татырлык, маселен "Анна Каренина" сыяктуу, зор окуя, эң бир таза, эң бир аянычтуу сүйүүнүн драмалуу окуясы сыйдырылган десек болот. Мына дал ошондуктан "Күчүк ээрчиткен аялдын" каарманы Анна Сергеевна өзүнүн мааниси жана көркөмдүк иштелиши боюнча Анна Каренинанын образы сыяктуу дүйнөлүк шедервлердин катарында турат.

Кыргыз совет адабиятында аңгеме жанрын өзүнүн профессионалдык кесибине айлантып, анын "сары изине чөп салып" артынан түшкөн жазуучулар өтө сейрек. Ошол сейректердин бири Аман Саспаев. Жаш кезинде кытай адабиятынан таалим алган бул автор аңгеме жанрынын табиятын өтө кылдат сезет, турмуштук өтө жөнөкөй кырдаалды драмалуу сюжетке айландыруу искусствосун жакшы билет, ошондуктан анын көпчүлүк аңгемелери көркөмдүк жагынан жеткиликтүү иштелген чыгармалардын катарында турат. Жазуучунун ошондой аңгемелеринин бири -"Сарала ит". Бул аңгемеге токтолуунун дагы бир маанилүү себеби бар. Өз учурунда, коммунисттик партиянын чексиз үстөмдүгү учурунда бул аңгеме айрым сынчылар тарабынан саясий айып коюлуп, анын автору узак убакыт бою куугунтукка алынган болучу. "Сарала ит" тамсил эмес, бул кадимки эле сарала ит жөнүндө баяндаган аңгеме, бирок каймана, аллегориялык маанидеги аңгеме. Ал, сарала ит, автордун сүрөттөөсүндө мындай: "Мени да, башкаларды да ойлонто турган ушул сарала иттин тирүү кезинде"ау" деп бир ирет да үргөнүн же бир аял короосунан кууп чыкканда бөйрөгүнө тийген муштумдай таштын зардабынан болсо да "каңк" этип койгонун уккан эмесмин. Ит башы менен чыдамкайлык жана сабырдуулукту ушунчалык өздөштүрүп алышына эмнелер себеп болгонун билүү кыйын".

"Чыдамкайлык" ,"сабырдуулук" адамга мүнөздүү касиет-сапаттар. Итке карата каймана мааниде колдонулуп жатканы түшүнүктүү. Каймана, аллегория муну менен чектелбейт, ал улам күчөп, тереңдеп отурат.Сарала ит адамдын кылык-жоругунан көп нерселерди өздөштүрүп алган. Эч күнөөсүз эле көсөө менен, таш менен урганга, жакын жолотпой короодон кууп чыкканга, айтор өзүнө карата жасалган кандай гана адилетсиз өкүм болбосун, бирөөнө да жооп кайтарбаска жедеп көнгөн. Өзү таштандылардын арасында тинтип жүргөндө, башкалар жасаган уурулук, маселен, уядагы жумуртка, илип койгон сүзмө жоголобу, баарына бир гана сарала ит күнөөлүү болуп чыгат. Ошентип, бардыгына кайдыргерлик менен кароо, эчтекени этибарга албоо, ушак сөзбү, жок жерден айыптообу, айтор, баарын кулак сыртынан кетирүү - сарала иттин жашоо девизи. Жашоонун дал ушундай шарты акыры келип аны, эч жасыксыз өлүмгө апкелди. Өзүнүн каадасынан, көнүмүшүнөн кайтпаган сарала ит сунулган мылтыктан, бетме-бет шыкаалаган адамдан да качкан жок. Каадасынча таңкалычтуу карап, ойлонгонсуп кыймылдабай туруп берди. Мылтык үнү "тарс" эткенде, ал биринчи жана акыркы жолу үн чыгарып "каңк" деди окшойт.

"Сарала ит" аңгемеси мезгилден да, мейкиндиктен да тышкары турган чыгармадай бир дагы персонаждын аты ("адам" , "аял", "абышка-кемпир" дегенден башка) аталбайт, кайсы учурда өтүп жатканы, кандай жерде өтүп жатканы жөнүндө да кабар берилбейт. "Пенсионер" , "Сүзмө" , "ак элечекчен" деген сыяктуу түшүнүк-туюнтмалар окуя биздин күндөрдө (советтик доордо), кыргыз жергесинде өтүп жатканы ачык болот.

Көрүнүп тургандай, Саспаевдин аңгемеси баштан-аяк аллегориялык образ негизинде курулган. Демек, сөз бул жерде, таштандылардын арасында темселеп жүргөн, башка чапса да, көзгө чапса да "кыңк" этип унчукпаган, бардыгын кечирген бардыгын мойнуна алган жөн эле ит жөнүндө эмес.

Сарала ит, бул аллегориялык образ, ал көркөм текстте баш тамга менен жазылганы кокусунан эмес. Жазуучу каймана түрүндө, терең подтекст менен сарала иттин реалдуу портретине туп-туура дал келген реалдуу адамдын синтезделген образын жаратып жатат. Эгерде окуянын советтик доордо өтүп жатканын эске алсак, ал адам кандай коомдун, кандай системанын өкүлү экени өзүнөн өзү түшүнүктүү болот. Мына ошондуктан коммунисттик идеологиянын алдында кулдук урган сынчынын "Сарала ит" аңгемесинин аллегориялык образынан идеялык коркунуч көргөнү өз учуру үчүн саясий "туура" эле болуп чыгат.

Ошентип,аңгеме жанры өзүнүн көлөмү боюнча чакан экенине карабастан, эгерде ал жанрдын көркөмдүк потенциясын пайдаланууга үлгүрсө, анда аңгеме жанры турмуштун, адам тагдырынын не бир тереңдеги сырларын ачууга толук ийкемдүү.


К.Асаналиев, Р.Кыдырбаева. Кыргыз адабий илиминин терминдер сөздүгү. -Б., 2004.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   Aitunuk   21 Апрель 2014 - 19:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

ГАБРИЭЛЬ ГАРСИА МАРКЕСТИН АДАМ ЗАТЫНА КОШТОШУУ – КЕРЭЭЗ КАТЫ
POSTED IN АДАБИЯТ, ЖАҢЫЛЫКТАР Ырга айланган «Жүз жылдык жалгыздык» романын автору колумбиялык улуу жазуучу Габриэль Гарсиа Маркес кечээ чын дүйнө салды. Анын он жылдай мурун жазган, дүйнө менен коштошуу катын жазуучу Мундузбек Тентимишев которуп, 2001-жылы «Кыргыз Туусу» гезитине чыгарган эле. Азыр атактуу жазуучудан чыгармачылыгын сүйүп окуган окурмандарына Мундузбек агайыбыздын котормосунда ошол коштошуу катын сунуштайбыз.

Сүрөт

Маркесдин керээзи — ӨМҮР ЧЫНДЫГЫ….

«Эгер Жараткан Кудай чүпүрөк куурчакка айланган мендей бечарасын бир секунд гана көңүлүнөн чыгарып,мага кичине эле таттуу өмүр тарттуулап койсо, анда мен, балким, ойдогу купуя нерселердин баарын бежиреп айта албас элем; мен көбүнесе эмне айтып, эмне сүйлөп жатканым тууралуу сарсанаага түшмөкмүн.

Мен мүлдө турмуш көрүнүштөрүн баасына карап эмес, баркына карап көкөлөтөт элем. Мен аз уктап, көп кыяданып, уйкуга короткон ар бир минута жарыкчылыктын алтымыш секундун уурдатуу экенин ара убак унутпай жүрөр элем….»

«Сүйүүлөр ичинде сүйүү менен жашайт элем»…

«Мен башкалар тыныгып отурганда басып жүрмөкмүн, мен башкалар уктап жатканда ойгонуп турмакмын, мен башкалар сүйлөп жатканда тыңдай бермекмин. Анан шоколад кошулган балмуздакты кандай гана ырахаттана жээр элем!

Эгер Жараткан Кудай кичине эле таттуу өмүр тарттулап койсо,мен карапайым кийинип, ар бир чыккан күн менен кошо туруп, анын нуруна дене-боюмду гана эмес, жан- дүйнөмдү да тазартып алат элем.

Жаратканым ай, эгер мага жүрөк салсаң мен бүт жек көрүүмдү музга айлантып,аны эритээр күн көрүнгөнчө күтүп отура бермекмин. Мен Ван Гог сыяктуу жылдыз алдында сүрөт тартмакмын, Бенедемминин поэмасы жөнүндө кыялдарга батмакмын, а Серранын ыры болсо менин ойлуу түндөгү жүрөк сүйгөн ыры болуп калмак. Мен тикен учу тыз эттире сайып, назик бүртүгү жүзүмө кызыл так калтырганчакты роза гүлүнө эңкейип, жаш төгө бермекмин»

«…Жаратканым ай, эгер менде бир кичине эле таттуу өмүр болсо…..Мен өз сүйүктүү кишилериме аларды кандай аздектеп – сүйө тургандыгымды билдирип коюу үчүн күн калтырбай жүгүрөөр элем. Мен ар бир аял жана ар бир эркекти жүрөгүмдөгү аппак сүйүүнүн күчүнө ынандырмакмын, мен анда сүйүүлөр ичинде сүйүү менен жашайт элем. Мен адамдарга алар улгайган убакта сүйүүлөр токтойт деп жаңылыш эсептеп жүрүшкөнүн далилдеп бермекмин: тескеринче, карылык аларды сүйүүнү унутуп, сүйүшпөй калышканы үчүн тооруйт»

«Силерден ушунчалык көптү үйрөндум, бирок…тилекке каршы кетип баратам»

«Мен наристеге канат тартуулап,бирок аны өз бетинче учууга үйрөтүп коймокмун.Карыларга ажал улгайгандыктан айынан эмес , аларды башка бирөөлөр унутуп таштоодон келээрин да тажабай эскерте берээр элем. Мен бирге жашасам, силерден көптү үйрөнүп алаар элем го,оо кишилер…

Мен ар пенде баласы чыныгы бак таалай эңкейиште экенин туйбастан,тоонун чокусунда жашоого умтула бере турганын аңдадым.

Мен ымыркай наристе атасынын сөөмөйүн кармалап, аны алгач кымындай алаканына кысканда , муундар түбөлүк бөлүнбөй жуурулушуп калаарын түшүндүм.

Мен киши башка бирөөнү сүйөмөлөп-көтөрүп, ага бутуна турууга көмөктөшкөндө гана менсине-койкоюп, бийиктен кароого укуктуу экенин түшүндүм…»

..Мен силерден ушунчалык көптү үйрөндүм,бирок, чындыгын айтканда алардын баарынын азыр пайдасы аз, себеби сандык толо өрнөк-нусканы калтырып, тилекке каршы, өлүп баратам…

«КАБАР ОРДО», 18.04.2014-ж.

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 25 Август 2014 - 15:09

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   Aitunuk   21 Август 2014 - 17:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Атантай Акбаров. ЭКИ ЭНЕМ
kmb3, 14-август, 2014 Адабият . Кыргыз маданият борбору.



“Аялдардын эки түрү бар. Бири бизди азапка салса, экинчиси биздин азабыбызды тартат.” — деп Эзоп айтмакчы, бизди бул жарык дүйнөгө алып келип, чоң турмушка аттандырган аруузат энелерибиз тууралуу жазуу чынында да сыймыктуу иш. Кээде агедил калемдештерим мага апаңыз тууралуу айтып берсеңиз деп кайрылып калышат. Шар жүрүп, ар кандай нерсеге шар аттанып түшчү жаным негедир ушул суроодон буйдала да түшөм. Анткени, адамдын турмушунда өзү бир эле эне болот эмеспи. Меники - экөө. Бири мени төрөп, ак сүтүн берген, кийин ооруп калган кезимде азапка баткан апам – Шааркан, экинчиси - мени төрөлө элегимде эле өзүнө энчилеп алып, анан төрт айыман тартып өз колуна алып багып өстүрүп, тарбиялап эрезеге жеткирген чоң энем – Бүбүрайым.

Баса, В.Маяковский:
“Ленин, партия – эгиз,
Ленин деп биз айтсак,
партия деп билебиз.
” – деп айтат эмеспи. Анын
сыңарындай, мен жалаң гана энелерим тууралуу айтайын десем деле аталарым эрксизден кошулуп кетмей болуп турат.

Ошентип, мен жети айлык болуп төрөлгөндүктөн, чоң энем менен чоң атам – Абдылда ырымдашып кырк күн бою чоң атамдын тумагына салып туруп керегенин ар бир кулагына илип чыгышыптыр. Андан бир аз ирдене түшкөнүмдө чоң атам койнуна катып алып, чапанынын белин бууп коюп көтөрүп жүрчү экен. Дагы бир аз тороло түшкөнүмдө болсо чоң атам ат жалында чоңойсун деп алдына өңөрүп, анан бөктөрүнчөк байлап артына учкаштырып жүргөнү эсимде.

А чоң энем болсо , төрт айыман тартып эле (апамын эмчеги сезгенип, ооруп калганына байланыштуу) биротоло колуна алып, эчкинин сүтү менен багыптыр. “Тамакка табитиң тартчы эмес.”-дечү чоң энем. Айрыкча ысык тамак ичким келбей чыргоолонгонумда: “Мейли эми, кант салып эле чай ичип ал…”-деп айтса тимеле жыргап калчумун. Балалык кылып кант кошуп коюлтулган сүттү ченебей иче берип, мурдумдан кара кан атып калган мезгил да болуптур. Ошондон баштап, чоң энем мага ичтейи ачылсын деп өзүнчө тамак даярдап, көбүнчө кордо аш (айран катыкталган күрүч аш) даярдап берээр эле. Жазгы баарда такай кымыздын кымыранын берчү. Жайлоодо эртели-кеч суук болгондуктан, кечинде жатарда башымды чапан менен чүмкөп койчу. Ошого көнүп калыптырмын, азыр деле суук жерде уктасам, дароо башыма бирдеме кийип жатмайым бар.

Бала кезимен тартып эле абышканы кертип койгондой болуп тапан болгон экем. Ошончүн чоң энем жарыктык мага өпкөкап тигип кийгизип, анан: “көз тийбесин”-деген тейде ошол өпкөкаптын дал ортосуна бүркүттүн тырмагын, карышкырдын тырмагын, көз мончок, айтор эмне тапса ошонун баарын тагып салчы экен.

Айтор, чоң энем мени “Же-ич!”- деп эле тапканын оозума белендеп кармап турчу. Өзү кепке уста, жомокчу да, кошокчу да байбиче эле. Кээде түн бир оокумга чейин уктабай жомок угаар элем. Эми ойлосом чоң энем жомоктогу каармандарды да зерикпей туурап берчи экен. Кээде ошол жомоктогу каармандардын таасиринен чыга элек кезимде эшикке чыга калсам менин көзүмө бет алдымда турган аска – дөө болуп, арча болсо – аюу болуп көрүнөр эле.

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 25 Август 2014 - 15:07

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   Aitunuk   21 Август 2014 - 17:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Чоң энем мени чоңойгуча эле жуунтуп жүрдү. Жуунтуп бүткөндөн кийин башыма чачыкты (сүлгү) жаап туруп, ырымдап башымды үйлөп кирчү: “Үф-үф-үф! ..Мээң толо болсун! Ата-энеңе кайрымдуу, элге күйүмдүү бол!…” — деп. Ошол ырымдан улам мээм канчалык толгонун билбейм, бирок, кийин турмушта боюм, арыктыгым тууралуу өкүнсөм да мээм тууралуу Жаратканга да, чоң энеме да ыраазы эле болуп жүрдүм.

Табышмак, макал-ылакаптарды да чоң энем аркылуу үйрөндүм. Адатта көчмөндүн баласы: “Кырда кылыч жаркырайт, сайда төө бакырат” — деген табышмактын жандырмагын – “Ай менен суу” — деп, “Тептим, терекке чыктым” — деген табышмактын жандырмагын – “Үзөнгү” – деп, “Кыдырата таш койдум, кызыл өгүз бош койдум” – деген табышмактын жандырмагын – “Тиш менен тил” деп, “Асты-таш, үстү – таш, ортосунда бышкан аш” – деген табышмактын жандырмагын “Өрүктүн сөөгү менен данеги” – деп дароо эле табат эмеспи. Мен да ошондой болчумун.

Чоң атам мага атты жакшы күтүп, суутуп минип, жылкы кайтаргандан тартып, кар күрөп, чөп чаап, отун алып, отун артып, анан да адамдар менен сергек, чоң адамдарча мамиле кылганга үйрөтүп, кыскасы, эркек катары турмушка даярдап, эркимдин бекем болушуна кам көрсө, чоң энем мени күйүмдүүлүккө, боорукерликке, кечиримдүүлүккө тарбиялачу. Чоң атам мени жамактатып ырдатканды жакшы көрсө, чоң энем шырдагына оюм-чийим салдырып, чийге оролгон кийиздерди бышыртып, аркан эштирип, үй актатып, эшик-терезе сырдатып, оокатка бүйрөлүккө үйрөтчү. Аны менен эле мен оокатка бүйрө болуп кетпесем да кийин мен мектепте “Тимурчулар” командасында жүргөнүмдө көп эле пайдасы тийди.

Өз атам менен апам болсо чоң атам менен чоң энемден тартынып, мени ачык эркелете да алышчу эмес. Атама “аке” — деп кайрылчумун. Атам кой катырып жүрүп мага ар кандай жаныбарларга окшош таштарды таап келип берчү. Чүкө, томпойлорду боёп берер эле. Кийин отурукчу болгонубузда үйдүн жанына ордо жай кура салчу. Өзү ат жабдыктарын жасаган усталык жайы бар болгондугу үчүн мага лыжа чаап бергени да эсимде калыптыр.

Чоң энем менен чоң атам кошуналарды чакырып, казанга этти салып коюп, мага “Манас” эпопэясын окутуп угушаар эле. Мен манасчылар сыяктуу күпүлдөп айта албасам да түшүнүктүү кылып окуп берчүмүн. Ошонум үчүн алар мага эт, камыр тууратышчу эмес. Баламын да кээде тиги угармандарыма байкатпай биртке кыскартып аттап кетчүмүн. Бирок, тигилер да“Манасты” небак жаттап бүтүшкөн эле.

-Ой, токто, сен аттап кетпедиңби? -деп дароо эле билип алышчу.

- Ой мен уйкусурап кетпедимби, деп кызара түшчүмүн. Ошондо гана тигилер түн бир оокуму болуп калганын, мен эртеси эрте туруп сабакка барышым керек экенин эстешип: “Кой баланы чарчаткан турбайбызбы? Калганын эртең угалы.”-деп тарап кетишчү. Ошентип, мен “Манас” баш болгон элдик оозеки чыгармачылыкка жаштайыман эле каныгып чоңойдум.

Он жашымда менин тирегим – чоң атам каза тапса, мен жигит куракка келген тапта чоң энем карый түштү. Ошондо мен сарык, ич келте, бруцеллёз сыяктуу оорулар менен ооруп, бейтапканага жатып, андан чыккан соң деле апам мени ар кайсы дарыгерлерге ээрчитип барып, дарыгерлер кырк күн сууктукка салып дартымды кубалап жүрдү. Апам деле мени жакшы көрөрүн ошондо баамдап калдым. Бирок, анда деле апам мени даап бетимен өбө алчу эмес. Анткени мен үйдө атамдын бир тууган иниси – Акжол акеме ини катары чоңоюп калгам. Кийин чоң эне, чоң атамын көзү өткөндөн кийин гана өз ата-энем мага үйрүлүп калышты. Аңгыча мен жогорку окуу жайга тапшырып, үйдөн биротоло алыстап кеткенсидим. Анан, ошондон баштап мен спортко жакындап, ден соолугумду кайра чыңдап алдым.

Ошол алгач ирет алыста жашап жүргөн студенттик курагымда айылда калган апам менен энемдин элесин туу тутуп “Энелер” деген ыр жазып, ага обон жаратканым да эсимде. Баса, ал ырдын сөзү мындай эле:

“Жанынан артык аздектеп,
Жашоого бизди төрөгөн,
Адамга жакын жан болбос,
Ак сүтүн берген энеден.
Азап күн түшсө башыңа,
Ападай ким бар жөлөгөн?


Ай-жылдап көрбөсөк дагы,
Ак нанын камдап күтүнгөн,
Оюңду окуп көзүңдөн,
Оорусаң көргөн түшүнөн,
Эмне бар ушул дүйнөдө,
Энеден кымбат түшүнсөң?..


Канынан бүткөн энеге,
Карыздар адам түбөлүк.
Мээнети чексиз эненин,
Мээрими эки дүйнөлүк.
Өткөрүп жүрөк төрүнө,
Энени сыйлап жүрөлүк!”


Илгери бирөө азезилдин кызын сүйүп калыптыр деген икая бар. Ашыктыкка чалдыккан жигиттен тиги азезилдин кызы:“Эгер сен мени чындап сүйсөң, анда мага энеңдин жүрөгүн алып кел!..” — деп өтүнөт. Жигит апасына кыздын өтүнүчүн айтканда энеси ага: “Ээ, балам, эгер сен ошондон бактылуу болсоң, анда менин жүрөгүм сага тартуу. Көөдөнүмдү жар да,тезирээк арзыганына алып бар.” – дейт. Жигит жүрөктү алып кубанган бойдон ашыгына карай чуркап баратып чалынып жыгылып түшсө эненин жүрөгү ага: “Балам , эч жериң ооруп калбадыбы?.. ” – деген экен. Анын сыңарындай , энелер ар дайым балдарына жакшылык каалайт. Ошол энелердин ак тилегинен улам дүйнө улам жакшырып, жаңыланып келаткандай туюлат мага. Ушундан улам бир кезде:

“Ападай ким бар баласа а к?
Барында аны бааласак.
Апанын аруу тилеги,
Ааламды кайра жаратат!”
— деп жаздым эле. Ошентсе да кийинчерээк мен Чаткалдагы чарбамы иним Саматка таштап, өзүм Бишкекте туруп калдым. Ата-энем да ошол инимдин колунда калды.

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 21 Август 2014 - 18:01

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   Aitunuk   21 Август 2014 - 18:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Өзү да төгүп ырдай коюп, “Манас” да айта жүрчү ал бир тууган иним тууралуу кийин мен:

“Көп ашмак менден атагың,
Калбаган болсоң айылда.
Агаңдан эстүү иш кылдың,
Апамды багып жанында.”
– деп жазганым эсимде. Анан менин балдарым да бой тартып чоңоюп, аларды окутуп-чокутуш керек болду, иштеген жерден да бир жылда бир эле маал өргүү алып калдык, айтор көп эле нерселер менен кол байланып калды да, биз Чаткалга бир жылда бир, кээде эки жылда бир барып калдык. Акем өтүп кеткен соң апамды үйгө алып келип алсак, болгону сегиз ай араң чыдады. “Адамдар, мен силерди сүйөм. Сак болгула!” – деп Ю.Фучик айтмакчы апам айылдагы жакындарын такыр кыя алгыс болуп калыптыр. Өз аты Шааркан болгону менен ошентип шаарга көнө алган жок. Бирок, биз узак убакыт айылга барбай калсак бизди да сагынат экен. Бир жолу:

“Кең Чаткалдын багында,
Булбулдар сайрат шагында.
Булбулдар сайрар жайда экен.
Булбулум балам кайда экен?” – деп салам айтып жибериптир. Ырас, таятам Рыспай ырчы-чоорчу болгон экен, өзүмдүн бабам Сарымсактын бир тууган Өмүрзак ырчы болгон экен, анан Канбото деген абабыз Манастын кырк чоросун өз-өзүнчө 40 дастан кылып айткан манасчы болгон экен деп уккам. Ал түгүл атам Акбар жаш кезинде:


“Коюмду жайдым сыр ташка,
Козуларым сыргашка.
Барсаң салам айта бар,
Саада деген курдашка.”- деп ырдаганын да бирөөлөрдөн уккам. Бирок, апамдын жамакчылыгын деги эле уккан эмес экем. Ошентип апамдын тиги саламынан кийин кичи мекениме тез-тез каттай баштадым…


Кийинчерээк бала-бакырамды ээрчитип тез-тез каттап калганым деле дурус болгон экен. Анткени, адам дегениң өзү бир күн бар туруп эле, бир карасаң кайра табылбай калчу ыйык зат турбайбы. Алдыда энелер күнү келип калганынан улам мен да көнгөн адат боюнча эле энелеримди куттуктап коёюн десем, “Жарк!”-деп күйүп туруп эле “Жалп!” өчкөн жылдыздай болуп эки энем тең бул ааламдан өтүп кетишиптир. Башыма таш тийгендей болуп, каңгырап олтуруп калдым. Деги өзү эненин ак сүтүн актаган жан бар болду бекен? Мен өзүм канчалык деңгээлде энелеримдин кадырына жете алдым экен? “Антсем болмок да…минтсем болмок да…” – деген көп эле өкүнүч калды менде. Эми ойлосом эки энем тууралуу менде эки сабак эле ыр калыптыр: (“Эне жөнүндө баллада”)

“Мен келген кезден дүйнөгө
мээнетим алып бүтүндөй,
“Башы эсен болсо болду!..”- деп
Багыпсыз колдон түшүрбөй.


“Оо Кудай, алсаң, мени ал!..”-деп
Оорусам канча боздодуң.
Маңдайда сансыз бырышың,
Мен басып өткөн жолдорум.


… Бала кез эле. Бир жолу
басынып турсаң кейишке,
Чын күлдүң, “Апа, тирүүндө
чыгарам — десем, бейишке…”


Тилегим жакшы болсо да,
Тийбеди жакшы жардамым.
“Алдейиң” өзүн чогултсам,
Ат көтөрө албас салмагын.


Жер өңдүү түтүп баарына,
Жешилбей, бирок, сабырың,
Чакада суудай турмушту
чайпалта ташып карыдың.


Өзүңдөн алып бир сабак,
Өкүрчү кезде ырдадым.
Таңдайда даамы сүтүңдүн
тазартып келет ыйманым.


Жанын да берчү өзүңдөй
жакыным болбос жалганда, ай.
Бөксөмүн сенсиз, апаке,
Бөйрөгүм алып салгандай…


PS:Ошентип, мындан кийин да жыл сайын “Энелер” күнү келет. Мен ал күндү апам да, энем да жок тосом. “Бейиш энелердин таман астында!”- деп Мухаммед пайгамбар айтмакчы, апам менен энеме Жараткан бейишин берсин деп тилейм! Чоң ата, чоң энем менен ата-энем мени бейубак ажалдан, оорудан, ачкачылыктан жана башка ар кандай балакеттерден коргоп-корчолоп келгендей эле мен да өз балдарым менен неберелеримди, урпактарым менен жакындарымды ар кандай жамандыктардан коргоону өзүмдүн парызым деп билем. Анан да, өзү алакандай эле аз эл болсо да айкөлдүгү ченде жок кыргыз элиме эбегейсиз жакшылыктарды тилейм! Ылайым жалпы адамзаттын ичинде менин элим да бейпилдикте, ынтымак-ырашкерликте болуп, бай жашап, бакубат мамлекет куруп, түбөлүк жылдызы жана берсин!

Атантай АКБАРОВ

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 25 Август 2014 - 15:06

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   Aitunuk   21 Октябрь 2014 - 20:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Сүрөт
ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВ: «ОЙЛОП КӨРСӨМ, МЕН БИР ЭЛЕ КИТЕПТИ, ЗАМАН ТУУРАЛУУ КИТЕП ЖАЗЫПМЫН»
POSTED IN АДАБИЯТ, ТАРЫХ Кыргыз элинин тарыхындагы ары кайгылуу, карама-каршылыктуу оор учурлар кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч”, “Баскын”, “Чапкын”, “Келкел” романдарында бийик көркөмдүктө сүрөттөлгөн. Жазуучу мурда жарыяланган романдарын коммунисттик цензура тушунда кирбей калган айрым эпизоддорду кошуп, кайра жаңылап жазып чыкты. Көркөм сөздүн айтылуу чебери «Азаттык» радиосунун Бишкектеги бюросуна кенен маек куруп берди.

- Төлөгөн аба, оболу чыгармачылыгыңыз тууралуу айтсаңыз. “Жаңы романды бүттүм” деп атасыз, романыңыз эмне жөнүндө? Бул окурмандарга мурда убада кылган үчилтиктин жыйынтыктоочу бөлүгү болот окшойт.

— Эми чыгармачылык деген чынында ыйык нерсе экен. Ар бир адамга ошондой илхам, ык, шарт дегендердин баары канынан дейбизби, тегинен дейбизби, иши кылып, көп окугандан деле эмес, ошол жактан келет окшойт. Мен бала кезимде орто мектепте окуганымда да так илимдерди – математика, эсеп-кысап жагын өздөштүрө албасымды билгем. Жалаң эле адабият – мына ушул жагы мени бала кезимен кызыктырган. Бала кезимде эле дубал газета деп койчубуз го, ошол дубал газетаны өзүм чыгарчумун. Ыр жазчумун.

Анан окууга келдим. Окууга келгенден кийин оюн, тамаша кылуу же жөн кызыгуу эмес, бул менин турмушума жан багуунун да бир жолу болуп кетти. Өзүбүз жетим болсок, окууга келсек, стипендияга жетебиз – жетпей калабыз. Бирден аңгеме жазып койсом, балдар журналы бар эле а кезде, ошого чыгып, ал бир жылдагы оокатыма жарачу. Бул ошентип адамдын жашоо жагына да кирип кетет экен. Анан да, бул нерсе өөрчүйт. Фольклорду — «Манасты» , «Курманбекти», «Олжобай менен Кишимжанды», «Саринжи-Бөкөйдү» билебиз го. Кийин адабият деген эмне экенин орусчаны үйрөнгөндөн кийин жакшы биле баштайсың. А мен өзбекче, казакчаны оригиналынан окуй берем, анан чоң адабиятка киресиң. Чоң адабияттын өзүнүн бийиктиги, талабы, зарылчылыгы болот экен. Анын таасири, карыштоосу аябай бийик болот. Анан ошого да жанды үрөп киришесиң.

Ошондо да өзүңдө бир угут, данек болмоюнча аны деле өздөштүрө албайсың. Аны аңдагандан кийин “жазуучу өз жолун табыш керек” деген маселе коюлат да. Бирөө кара сөз жазып атыры, бирөө ыр менен бир нерселерди тизмектеп атыры. Бирок ошонун ичинде “Жазыла элек эмне бар эми?» деген суроо туулат өзүнөн-өзү.

- Кыязы, Төлөгөн аба, ошол ой сизди тарыхый романдарды жазууга дилгир кылса керек да?

— Ие, карап турсам, бу кыргыз адабиятында тарых темасынан эч нерсе жазылбаптыр го. Жалгыз «Кандуу жылдар» бар экен, аны да убагында тебелеп-тепсеп, тыюу салып коюшкан. Бирок, эми тарых темасын мынабу Кавказ элдеринде кантип жазып жатышат, биздин Орто Азияда, өзбек менен казакта кантип жазып атат, же болбосо орус адабиятында тарых темасы кантип жазылып атат, мисалы, айталы, эки Толстой. Мына ушуларды изилдөөгө туура келди мага. Мен ойлоп көрсөм тарых темасы биздин адабиятта жокко эсе экен.

Ие, анча-мынча болгондорун жанагинтип тарых темасынан «тумшугун кайрып» койгон экен. Бу «тумшук кайрылыштын» өзү да жазуучунун жетилбегендигинен улам болот экен. Эгер жазуучу жетилип кала турган болсо, ошол тарых темасыбы, сүйүү темасыбы — көтөрүп алып кеталат. Тарых теманы биринчи баштаганда «мен ушуну көтөрүп кетсем – көтөрүп кеттим, көтөрүп кетпесем менден кийинки таланттуу, менден кийинки сабаттуу, дүйнөлүк адабиятты беш колундай билген бирөөлөр келсе, ошолорго бир тарыхый болмуштар катары, ошолорго жөлөк-таяк материал болуп калсын» деген оюмда болду.

Себеп дегенде, биздин аталарыбыз Аксыда «Кокон ордосу биздики» дешчү. Аны эч качан “өзбектики, сарттыкы” деп айткан эмес. Ошондогу окуяларды мен өзүмүн аталарыман, абаларыман көп уккам. Тирүү кишилерден көп уккам, жанагы Нүзүп бийдин окуясын, Мусулманкулдун окуясын, анын ордодон качып келишин, анан кайра барышын, чабышын, «бийдай» дегендин баарын кырганын мен эч жерден окубастан, алгач өз атаман уккам. Мына ошолордун бардыгын көтөрүп-жөндөп кетиш үчүн анан аракет кылдым да. Биринчи китеп 1966-жылы чыкты. Ошондо биринчи китепти кыргыздын философу Азиз Салиев жактырып, ошол киши биринчи пикир айтты.

Андан кийин жүрүп-жүрүп отуруп, элдин түшүнүгү ошондой болушу мүмкүн, саясатчылардын түшүнүгүнүн деңгээли ошондой болушу мүмкүн, анан кийин жазуучулардын арасында «өзүмөн башка бирөөлөр болбосун» деген мындай бир ич күйдүлүк да болот экен. Ошонун негизинде бул «Сынган кылычка» катуу сын, катуу чабуул коюла баштады. Чабуулдун башында аттуу-баштуу кишилер турду. Ошондой эле «Сынган кылычты» тикесинен коргогон азамат жазуучулар да болду. Мына ошонун негизинде биз эптеп кыл көпүрөдөн да өтүп кеттик.

Ошондо үч кишиге асылып бир чабуул жасалды. Түгөлбай Сыдыкбековдун «Көк асабасына», Шаршенбек Үмөталиевдин «Өзөктөгү өрт» деген чакан повестине, андан кийин менин «Сынган кылычыма». Ага каршы Москвадан атайын макала чыгарылган. «Против антиисторизма» («Тарыхты бурмалоого каршы») деп атайын макала чыккан.

Ошого да «кыргыздын мамлекеттүүлүгү бар деп атат булар» деген сөздөрдү киргизишип, анан мээлегенге — жанагы кароолго үчөөбүз бир алынып калган экенбиз, Жазуучулар союзунун президиумунда чоң чогулуш болуп, сынчылар, адабиятчылар, жазуучулар жыйналып талкуудан өттүк.

Ошерде да өзүңдү-өзүң коргойсуң. Жазгандан кийин ошончолук даярдыгың болот да. Анан мен ошондо өзүмдү-өзүм коргоп кеттим окшойт, кандайдыр бир деңгээлде меникине уруксат беришти да, Түгөлбай Сыдыкбеков аксакалдыкын, Шаршенбектикин кармап калышты. Ошондон кийин дагы Москвадан «Вопросы литературы» журналына макала чыгартышты. “«Сынган кылыч» эч нерсеге жарабаган, болбогон эле окуя” деген.

Анан «Сынган кылычка» карата чыккан, өзүмө карата чыккан сын макалалардын баарын топтотуп, китеп кылып чыгартып койдум. Мына, окуучулар көрсүн, сынчылар көрсүн, эл-журт көрсүн деп. «Рухту көтөргөн улуу сөз» деген сын китеп чыкты.

Анан эми, «Сынган кылычта» болсо Кокон ордосу, Алтынбешиктин балдары айтылат. Аксак Темирдин тукумунан Бабырдын тукумунан Алтынбешик деген бала калып, ошондон анан Кокон кандыгы куралган. Азыркы күндө айтылып атат. Мына, Пакистанга, музейге баргандар айтып келишти, Бабырды кыргыз деп жазышат экен. Ошондо деле мен Аксак Темирди да, Бабырды да, алардын тукумдарын да кыргыз деп эле жазгам.

Романдагы образдар, алсак, Нүзүп бий — тарыхый инсан, Мусулманкул миңбашы, Кудаярхан, Мала хан. Ошол ордонун ичин-тышын көрсөттүм. Мында мага окуганыман да укканым, өзүмүн бала кезимде аталарыман, абаларыман укканым чоң көмөк болду.

1962-жылы «Сынган кылычты» жыйнайм деп Авлетим деген кыштакка бардым, Нүзүп бийдин айылына. Ошондо Мусулманкул деген аксакал, сексенден ашып кеткен, “сексен төрттөмүн” дедиби, ошол чал бүтүн башынан аягына өзү авлетимдик болгон соң өзү молдо киши экен, тарыхты абдан жакшы билген. А кишинин айтып бергени кулагыма сиңген. Бир ай ошоякта жүрүп кайра келгенден кийин биринчи материал катары ошону бүтүн жатка жазып алгам. Мына ошондогу кишилердин элеси, атүгүл жанагы кылычка башын тосуп берген Нүзүптүн кантип өлгөнүнөн бери айтып берген, Мусулманкул деген чал.

Аны кийин балдары «биздин атабызды каракчылар эле талап өлтүрүп койгон экен» дегени ордонун Нүзүп бийди жанагындай жазалап, өлтүрүп туруп, өздөрү түзүп койгон документинен улам чыккан. Ал эми биздики биринчиден, тарых, экинчиден, көркөм чыгарма да. Көркөм чыгарманы ар кандай окуучу окуйт, сабаттуу окуйт, сабаты төмөнү окуйт, бирөөнө бир жери жагат, бирөөнө бир жери жакпайт. Адам өзүнүн түшүнүгүнө жараша кабыл алат да көркөм адабиятты.

Ошентип «Сынган кылычка» эки жолу чабуул болуп, экинчисинде Москвадан Зоя Сергеевна Кедрина деген окумуштуу, илим доктору, Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти – ошолор келип ушерде романды талкуулашты. Ал талкууга мени ушерде жүргөнүмү көрүп-билип туруп чакырбай коюшту. Ошол жыйында бирөө айтыптыр: «Мен «Сынган кылыч» деген романды окуган жокмун, муну чыгарбай эле коюш керек» деп. «Окубасаңыз, “чыгарбаш керек» дегениңиз кандай, эл акыны, эл жазуучусу деген наамдарыңыз турса, анан окубай эле «чыгарыш керек эмес» деп айтканыңыз кандай?» деп аны аябай уяткарышыптыр.

Андан кийинкиси. «Сынган кылыч» 1971-жылы толугу менен чыкты. 1966-жылы биринчи китеби, анан экөө биригип 1971-жылы жанагинтип жеңиш менен чыгып кетти. Андан кийин жаңы теманы – дагы тарых темасын издейбиз да.

- Андан кийин «Келкел» романына кириштиңиз да?

— Совет бийлигинин келиши жөнүндө. Совет бийлигинин келиши — ал убакта талап ошондой, биздин түшүнүгүбүз ошондой, мындайча айтканда, майрам катары кабыл алган экенбиз Совет бийлигин. Майрам катары кабыл алыштын да бир себеби бар, ыктуу жери бар. Себеп дегенде, азыр “түндүк” деп атап коюшту, мурда “аркалык кыргыз, анжияндык кыргыз” дешчү.

Бул жактык кыргыздардын башынан өткөн окуяны ошол түштүктөгү кыргыздар да кайгы-муң, ый менен кабыл алган. Буякта кызыл кыргын болгон. Ошондой кыргындан калган эл Совет бийлигин майрам катары кабыл алышка акысы болгон. Аны моралдык жагынан да ошондой деп кабыл алышка болот эле. Себеби, кечээ күнү кыргын салган орус генералдары өзүнөн-өзү жок болсо, Совет бийлиги келгенден кийин… Жанагындай кыргыз менен орусту кас эмес, коңшу отурган дос кылса. Экөөн бирдей окутса, экөөнө бирдей тарбия-таалим берсе. Ошондон кийин ал системаны, ал заманды майрам катары кабылдабаска биздин чарабыз болгон эмес.

Жакшы. Ошентип «Келкел», эки том менен чыкты. Жакшы кабыл алышты, нускасы 80 000 болду. Кийинки мынабу биз эркиндик деп отурган мезгилде — өзүбүздү өзүбүз билип, өтүгүбүздү төрүбүзгө илип дегендей деңгээлге жеткен мезгилде — тарыхты кайрадан бир сыйра караш керек. Мурдагы идеологиялык, тарыхый шарттарга ылайыкталып кетсе, аны кайрадан карап чыгышка туура келди. Ошолорду эске алып, «Келкелди» мен кайра басмага даярдап койдум.

Ал убакта большевиктердин арасында бизге белгисиз күрөш жүргөн экен. Бизге белгисиз талаш-тартыштар, эки-үч жааттар болгон. Мурдагы колониянын ордуна республикага бөлүнүп-бөлүнүп, тили, улутунун атынан бери майда-майда болуп бөлүнгөн мезгилде да саясат башкараак болгон экен.

Мен бир эле жерин айтайын, «маданий революцияны». Аны бирөө башкарган, партияны башка бирөө башкарган. Жалпы жетекчиси Ленин болгонуна карабастан, ошол замандын дагы, ар бир жетекчинин, ар бир акылмандын өзүнүн тегине, акылына, мүнөзүнө, талабына жараша революциянын иши да ар кандай оош-кыйыштар менен жүргөн. Мына, кыргызды таптаза кырып салуу падыша заманында болгон. Кийин жанагындай жакшы жагы менен бирге совет өкмөтүнүн ичинде – бизди эл кылып чогултуп, тетиги Кашкардан бери акчага сатып алып келип, анан республика берген өкмөт болду го – 1930-жылдарга чейин «маданий революция» жүрүптүр.

«Маданий революция» “бай-манап, кулак” деп туруп дагы кыргыздын өлгөнүнөн калганын терип-терип туруп алып Украинага чейин айдап жиберген. Бул дагы биздин улутка чоң кыйраткыч окуя болгон.

Ие, андан кийинкиси. Бизди динибизден адаштыра турган, үй-бүлөбүздү буза турган нерселер кирген, «маданий революция» менен. Мисалы, динге карама-каршы туруу, атеизм. Атамекендик согуштун алдында гана Сталин атеизмди кичине бастатып, анан “арбак колдосун, тарыхтагы баатырлардын эрдиги колдосун” дегендей кичине жеңилдик берген. Атеизм кыргыз элине өтө жаман таасир кылган. Ошол атеизм үчүн күрөшүүнүн мезгилинде ата-бабаларыбыздын мүрзөлөрүнүн, күмбөздөрүнүн баары бузулган. Мечиттеринин баары бузулган. Мына ушул дагы биздин руханий турмушубузга, түшүнүгүбүзгө өтө жаман таасир берген.

Кыргыз кыз ала качууну өтө жаман көргөн. Кыз ала качып, кыргыз салтын бузуу өлүм жазасына тартылган, илгери. Эгер кыз «мени зордуктады» десе, айыпкерге өлүм жазасы болгон, кыргызда. Мына ушул кыз ала качмай, кааламай «маданий революция» менен кирген. «Кааламай» деген термин кирген.

Андан кийин бирөөнүн үйүндө отурган жакшынакай сулуу келинин же болбосо сулуу аялын тиги комсомолго өткөрүп, комсомолдун чогулушуна чакырып, анан ошондон ары ал бузулуп калган. Үй-бүлө бузулган, бала жетим калган. Мына ошентип, биздеги «маданий революция» кыргыз элинин, мусулман элинин руханий дүйнөсүнө кол салган. Мына «Келкелде» ушулардын бардыгын документтердин негизинде оңдоп, даярдап, анан жаздым.

- Төлөгөн аба, үчилтикке кирген «Баскын» жана «Чапкын» романдары тууралуу да айта кетсеңиз.

— «Баскын» менен «Чапкын» «Сынган кылычтан», «Келкелден» кийин жазылбадыбы. Бирок менин китептерим –«Сынган кылыч» эки китеп, андан кийин мынабу «Баскын», «Чапкын» — эки китеп, «Келкел» да эки китеп. Муну мен хронолиялык жагынан ирээттеп, сыдыргыга салып койдум.

Менин китебим, алты китеп деп коелучу. Ушул тема Кокон кандыгынын биринчи уюшулушунан баштап мына бүгүнкү Совет бийлигинин келишине чейинки, эркиндикке жеткенге чейинки окуялары, каармандары хронологиялык тартип менен биринен экинчисине өтүп жүрүп отурат. Азыр ойлонуп көрсөм, мен бир эле китеп жазыпмын. Тарыхый бир эле китепти жазыпмын, заманды жазыпмын мен. Келип-келип отуруп «Келкелден» кийин «Баскын» менен «Чапкынды» жаздым. «Баскын» болсо дагыле Токтогулдун айдалып кетиши менен бүтөт дагы, анан жүрүп-жүрүп отуруп Токтогул мынабу Совет бийлигин даңктаган мезгилге жетет.

«Баскында» артка кайрылуу менен, 1853-жылы Жантай бийдин баласы орустун бир окумуштуусун Ысыккөлгө ээрчитип баргандан башталат дагы, жүрүп-жүрүп отуруп ушу «Чапкынга» келет. Эми «Чапкын» деген романды жазып койдум. Мына бетин ачып көрсөтөйүн. Мында, «Баскын» деген өзүнчө деңгээл, өзүнчө тарых, анын өзүнүн каармандары бар, ар бир каарманынын тарыхы бар. Ал эми «Чапкында» ошондой. Мына, бирөө айткан: «орустун атынын туягы түшкөн жер – ошол Орусия» деп. А кийинчерээк буякка крепостной укук жоюлгандан кийин крестьяндар батпай кетип, же болбосо тигил-бул болуп, жаңжал чыга турган болгондо орустун жерсиз дыйкандарын көчүргөн. Ошондо айтышкан: «орус келип кош айдаган жер — Орусия» деп.

Бул жакка көчүп келген дыйкандарды отурукташтырыштын максаты мындай. Биринчиден, чоң империя Кытай менен чегараны бекемдеш үчүн бул жерге «таза орус отурук калкы» керек болгон. «Таза орус отурук калкы» дегенди атайын айтып атам, себеп дегенде, бул документтерде бар. «Таза орус отурук калкы кылабыз» деген аракет болгон. Аракетти ишке ашырган.

Мынабул жерде кырылып калган элдин калганын тээтиги Текестен, анабу Жаркенттен, ылдый карата Ысыккөлдөн, Кочкор, Жумгалдан, Чүй боорунан көчүрүп отуруп Нарындын капчыгайына такап, төрт жагынан кароол аскер коюп, ошерге жайгаштырмак болгон. Ошол жерде эч ким менен каттоо жок болмок. Мунун атын «резервация» дейт. Резервация кыла турган болгон. Түштүктү тээ Самаркан кыргыздарынан бери чогултуп, Кетментөбө чуңкуруна алып келип, мына ушул жерге коймок болгон. Мына ушул тарыхый болмуштар жазылат.

Мен «Сынган кылычты» кандайдыр-бир романтикалуу ыңгайда жазган болсом, мында документтер көбүрөөк, анан анализ. Документтер орусча бойдон цитата катары киргизилген жерлер бар. “Анан эми мен муну кыргыз элиме берип аткандан кийин” деп, жанагы документтердин баарын кыргызчага которуп койдум. Анан ушул документтер кайдан алынганын орусчасында көчүрмөсүн сактап коеюн деп атам. Кайсы архивден алынган, кандай болгон? Мында дагы Шабдандын тагдыры, анын өлгөнүнө чейин, балдарынын тагдыры бар. Көтөрүлүштүн чыгышы. Көтөрүлүштү жөн эле провокация кылып чыгаргандыгы тууралуу документтер бар.

Үчалматы деп коет кыргыздар. Кийин Алмата Алматы болуп кетти го. Мына ошол жерден 175 мылтыкты эки арабага жүктөтүп, жанында сакчысы жок эки кишини жөнөтүп койгон. Ошону кыргыздар колго түшүрүп алса эле көтөрүлүш деп эсептеген дагы, ошо мылтыктар колго түшкөндөн кийин эле чабуул койгон. Мына ушундай документтердин негизинде, терең иликтенип жазылды.

Эми мунун жазылышы. «Сынган кылыч» кыргыз интеллигенциясы тарыхка муктаж болуп, тарыхка акыл-эси жетип турган чакта жазылды. Анан саясий нерселер да кичине жумшарып турган мезгил эле да, «Сынган кылыч» жазылган учур. А мында биз эркиндикти алгандан кийинки түшүнүк, эркиндик алгандан кийинки кайрат менен жазылып атат.

1992-жылы мен мамлекеттик делегацияга кошулуп Аскар Акаевдин жетекчилиги менен Кытайга барганбыз. Биз барганда Яншанкун Кытай Эл Республикасынын төрагасы болчу. Мурда Мао Цзе Дундун жардамчысы болуп жүргөн киши экен. Бизди тосуп алып, анан сүйлөшүү жүрүп жатканда Аскар Акаевич айтып калды, «Тан династиясынан бери 1000 – 1500 жыл болуш керек, биздин Кытай менен байланышыбызга» деген сөздү. Андан ашыкты айтыш мүмкүн эмес, бизде башка маалымат да жок болчу. Бизде Кытай, Азия менен байланышкан маалыматтын баарын орус окумуштууларынын — башкача айтканда, илгери падышалык заманда тыңчы болуп келгендер бизге келип окумуштуу болуп калбадыбы — ошолордун элегинен өткөн гана нерсени айтчубуз. Аскар Акаевич жанагы сөздү айтканда Яншанкун сүйлөп калды эле, тилмечи ошол замат которду: «Төрага Яншанкун кыргыз-кытай мамилесине мына быйыл 2210 жыл толот деп атат».

Биз азыр кыргыз мамлекеттигинин түптөлгөнү деп атпайбызбы. Бул Кытай мамлекети менен мамилебиз – а Кытай мамлекети андан мурдакы Чинден башталат, Чин – цин деп атпайбызбы, Чынмачын деп «Манаста» айтылат. Эки династия мурдакы Чин, Ханзу, Хан династиясы. Мына биздики, биздин элдин мамлекетчилиги ошол Кытай менен эле барабарбы деп түшүнүп калдым мен.

Абдан эски эл. Бирок баягы колония болуп калгандан кийин тагдырга байланыштуу же болбосо тарыхый шартка байланыштуу кысылып калгандан кийин, жанагындай улук держава, улук шовинизм, улук журтчул пикирлердин бардыгы кайсыл системада болбосун бийиктеп кетип эле, анан бизди басмырлап жүрүп отурушкан. Кол алдындагы кишини көтөргөндүн ордуна басмырлаган аларга оң турбайбы. Бизди басмырлап отуруп эң акырында кыргыз деген сөздү «кыр-кырда жүргөн» дегенге алып барып такады го. Атүгүл бизде «кыргыз кыр-кырда жүргөн, боз үй менен ак калпакты музейге өткөрүп бериш керек» дегендер чыкты.

Боз үй менен ак калпак дүйнөнүн архитектурасынын эң башында турат. Боз үйдүн архитектурасын ким ойлоп табат? Мында кийиз, жыгач, кайыштан башка эч нерсе жок. Бир төөгө артып алып жайлоого чыгып, кайта жакага түшүп тигип отуруп алса андан ыңгайлуу үй жок. Ичинде отурсаң белиңи шамал урбаса, түтүнүң өйдө чыгып, ичи жылуу болсо. Көчмөн эл үчүн мындан өткөн мыкты архитектура жок да. Ушундай нерсебизди калыс катары анализдегендин ордуна басмырлаган. Биздин жерибиздин атына чейин өзгөрткөн. Биздин туугандарыбыз казак менен кыргыздын, кыргыз менен өзбектин тилине чейин бөлгөн. Атүгүл Түркстан деген атыбызды да жок кылган. Анан бирөөнө өзбек, бирөөнө кыргыз, бирөөнө казак, бирөөнө каракалпак деген ат берди. Майда-майда кылып тилиңи, грамматикаңы да бөлүп таштады. Кийинки «Чапкында» мына ушул тукум курут боло турган мезгил сүрөттөлөт.

Анан, кыргыздын пайгамбардай болгон кишилери «мен атеистмин, мен космополитмин» деп атап алган өзүлөрүн. «Өй, мен кыргызмын, кыргыз үчүн күйүп атам» деп бир да бирөөсү айтпайт. Себеп дегенде, башка бир дүйнөлүк уюмдар менен, дүйнөлүк бир жагдайдан, дүйнөлүк бир пикирлерден ажырагысы келбейт экен.

- Төлөгөн аба, кийинки кездерде тарыхый темага кызыгуу күч алды. Китептер жазылып атат. Кийинки чыгып аткан тарыхый китептер менен тааныштыгыңыз барбы, алар тууралуу пикириңиз кандай?

— Мындай да, бу тарых темасына да адам өмүрүн арнаш керек. Тарых деген чындыкты талап кылат. Болмуштун – накта болмуштун — кайгысын, философиясын айтууга туура келет. Буга өмүрдү арнаш керек, буга биротоло берилиш керек. Анан «эптеп эле жазып койдум эле» деп айтышка болбойт. Мына мен бу китепти чыгарып калсам, аны кыргыздарга берем. Кыргыз окуп көрсүн. Жана «Сынган кылычта» башында эле жазгамын: «Көп көрүнсө көппөсмүн». Көп десе, жакшы десе көппөйм мен. Өз милдетими аткардым. Колуман келгени ушул. Жаманбы-жакшыбы – колуңарга кармап окуп койгула эми. Ата-бабаңардын психологиясы, ата-бабаңардын турмушу деп эле ойлойм.

Мен сыйлык алайын, даңк алайын деп ойлобойм. Берсе ырахмат айтабыз, бербесе ага капа болбойм. Мен кыргызга өзүнүн тарыхын жазып бердим. Отуруп алып ушуну жаза баштаганда: «Э, Төлөгөн аке, ушу кыргыз да элби, ушу кыргызга тарых жазып берем деп өзүңүз айбан болуп баратасыз» деген кишилер да болгон. Мына ушундай кишилерге: «Кой, андай дебе, кыргыз — улуу журт, биз сабатсыз болсок, караңгы болсок, айнегин ачып жарык кылып коёлу жок дегенде, өзүнүн тарыхын көрсүн” деген максатта жаздым. Мына, Кудая шүгүр, окуп аткандар болуп атыры. Бет алдыма келгенде кыргыздын балдары кыя өтпөй, колуман кармап, «аман-эсен жүрөсүзбү?! » деп атыры. Мына ошонун өзү мага сыйлык да, кандай дейсиң!

- Маек куруп бергениңизге ырахмат!

«Азаттык» , 11.01.2004-ж.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   Aitunuk   30 Март 2015 - 20:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты


Новая литература Кыргызстана
НоваяН
Кыргызстандын жаңы адабияты
Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости Сүрөт
Главная / Сын, адабият таануу, Адабият таануу / Публицистика © Мамасалы Апышев, 2015Мамасалы Аткаевич АПЫШЕВ
Өзүнө гана таандык орду бар, кайталангыс сүрөткер
(Жазуучу Мелис Абакировдун 75 жылдыгына карата)



Мелис Абакировдун чыгармачылыгынын башаты өткөн кылымдын тээ 60-жылдарынын аягында, 70-чи жылдарынын башында эле башталып, басма сөздө эң алгачкы жарыяланган аңгемелери менен, ары бараандуу, ары батыл-ишенимдүү, ары жаш калемгердин келечегинен чоң үмүткөр кыла башталганы дайын эмеспи...

Албетте, азырга чейин адабиятчылар, дегеле көркөм сөздү баалай билген күйөрмандардын эсинен түнөк таап, алиге чейин көркөм образдары эстеринен чыкпай келе жаткан “Алмамбет”, “Чардактар толкунду сүйүшөт” сыяктуу жана башка аңгемелери жаш авторду ошол кездеги өтө күчтүү, чоң топтун арасынан да өзүнчө “жарк” эттире бөлүп көрсөтүп, таанымал кылып таштагандыгы кокусунан болгон эмес эле!..

Андан кийинки жылдары Мелис Абакиров чыгармачылык майданда жемиштүү изденип, мээнеткеч дыйканча ак ниети менен бериле иштеп, бир катар повесттерди, аңгемелерди, романдарды жаратты. Алардын дээрлик басымдуу бөлүгү улуттук адабиятыбыздын көөнөргүс казынасын түзүп турган көп кырдуу-мозаикалуу берметтеринин арасындагы ажырагыс бир бөлүккө айланды деп айтып коюу – мааракелик салтка таазим этүүдөн улам эмес, адабиятчылык милдеттен улам гана жаралгандыгы – ого бетер кубанычтуу болуп жаткандыгын өзгөчө белгилеп коюу парз.

Арийне, мен бул макаламда жалпы юбилейлик макала рамкаларынан бир аз четтеп, чыгармачылык- комплиментардык портретти тартуудан алыстап, жазуучунун соңку кезде жарык көргөн, бирок, адабият айдыңында өзүнчө кеңири сөз боло элек жаңы чыгармасы – “Барымта” романы (Б., “Бийиктик”, 2008) тууралуу чечмелеп, сөз кылууну эп көрүп турамын. Бул роман ошондой өзүнчө сөз кылууга арзый турган, ал тургай, кеңири талкууга да алса боло турган чыгарма экендигинен шек жок.

Мелис Абакиров салыштырмалуу аз жазган, бирок өз чыгармачылыгына талапты абдан катуу коё билген сейрек жазуучулардын бири. Ошондуктанбы, “Барымта” анын ондогон аңгемелеринен, үч-төрт мыкты повесттеринен (“Алчалуу бак”, “Кумар” ж.б.) кийинки жаралган бар болгону экинчи романы (андан бир он жылча мурдараак жарыяланган, — адабий жаңылык, роман жанрындагы жаңы жетишкендик катары бааланган “Көкөй кести” романынан кийинки).

“Барымта” – тарыхый темадагы көркөм роман. Анын көп катмарлуу, көп каармандуу болуп, хронологиялык жактан өтө узак мезгилди (бир кылымдын ашуун убакыттагы окуяларды) камтып тургандыгына карабастан, көлөмү жагынан абдан компакттуу чыгарма экендиги дароо эле көзгө урунбай койбойт. Дегеле, Мелис Абакировдун дал ушул сапаты да башка көптөгөн жазмакерлерге өзүнчө эле бир үлгүлүү сабак боло турган мыкты сапаттардын бири. Анткени, кыргыз адабиятында (андан алысыраак көз таштасак – дегеле мурдагы жалпы көп улуттуу советтик адабиятта көркөмдүк сапатка эмес, көлөмгө көңүл бөлүү салт болуп калгандыгы дагы жашыруун эмес болчу, мунун себеби да эң эле жөнөкөй – көлөмү канчалык чоң болсо, калем акы да ошончолук олчойоору түшүнүктүү эмес беле?!) тээ мурдатан — өткөн кылымдын 30-жылдарынан бери эле, — иренжиткен, терс салт болуп калгандай, азыр деле айрымдар тим эле көлөмү менен “рекорд” коюуга умтулушкансышып, “үчилтик-төртилтик” деп атап алышып, азыркы ар тркн табиттеги, убактысын үнөмдөп калган окурмандарды мындай эле кой, өздөрү да кайра чыдап, аягына чейин толук окуп чыга албай турган эптемей бир нерселерди чиймелеп алып, роман деп чыгарып жүрүшкөнү да белгилүү...

Асыресе, Мелис Абакировдун “Барымтасы” сыяктуу чыгармаларды талдоо да такыр башкача нукта жүрүп, өзгөчө бийик жана объективдүү критерийлер менен каралары түшүнүктүү. Чыныгы көркөм сөз туундусун талдоо дагы нукура чыгармачылык табиятка гана баш ийет. Андай чыгармалар “баланча деген жаңы роман жарыкка чыкты” деп коомчулукка жарыяланып, ал тууралуу жасалма, атайылап-уюшулма деңгээлдеги маалыматтар берилип, жада калса, талдамыш этилип, ошонусу менен эле дароо эскирип, ошол бойдон биротоло унутулуп кала албайт да. Анткени, андай чыгармалар убактылуу көз караштардан алда канча бийик турат жана да мезгилдик өткөөлдөргө эч качан баш ийбейт, дал ошондуктан улам, андай көркөм туундулар “мезгил сынынан өткөн чыгармалар” деп аталып калышат...

“Барымта” романынын компакттуу көлөмүнөн кийинки экинчи дагы өзүнө заматта өзгөчө көңүл бурдурган, тамшандырып- суктандырып турган бир мыкты сапаты – жазуучунун өтө бай лексикалык каражаты. Мелис Абакировдун чебер тилдүү, өз алдынча стилге ээ жазуучу экендиги мурдатан эле кеңири маалым болсо да, бул тарыхый темадагы көркөм романды жазуудагы ары ыктуу, ары чебер колдонулган архаизм сөздөрдүн көп пайдаланылышы – эне тилибизде биротоло унутулуп калган, же унутулуп бара жаткан сөздөргө экинчи өмүр берүүгө умтулуу катары, адабияттагы жаңылык катары каралышы керек. Туура, алардын басымдуу бөлүгү дароо эле азыркы активдүү лексикага кирип кетет дегенден караманча алысмын. Жазуучу өзү деле муну абдан сонун түшүнүп турат деп ойлоймун. Тек гана автор үчүн ошол өткөн доордун атмосферасын берип, “демин” сездире ачып, каармандардын образдарын көз алдыга таасын келтирүү үчүн пайда болгон зарылдыктан улам келип чыккандыктан көрүлгөн бул аракети – бери эле болгондо азыркы тилчи-окумуштуулар келечекте өзгөчө дыкаттык менен изилдеше турган өзүнчө бир кызыктуу, бай изилдөөчүлүк объект болуп калары турган иш.

Эми чыгарманын идеялык-сюжеттик, композициялык түзүлүшүнө келсек, адегенде эле белгилеп коюучу дагы бир мыкты сапат – бул прозалык тексттин өтө тыкыс-жыш мазмунда жазылгандыгы. Бул өтө чебер, сейрек кездешүүчү баалуу касиет экендиги талашсыз. Ошондуктан улам, дээрлик ар бир сүйлөм өзүнчө жүктөлгөн көркөм салмакты көтөрүп турат. Демейде, көлөмдүү, бирок, борпоң мазмундуу, текстинде ички чыңалуудан дайын да жок, бошоң-аморфтуу жазылган чыгарманы окуп бара жатканда бир-эки бетти эмес, беш-он бетти аттап, же тек гана диагоналынан көз жүгүртүп коюп, ал тургай, эч кандай баалуу көркөмдүк-эстетикалык маалыматты ала албагандыктан улам тажагандыктан, толук бирин-экин главасын деле бүтүндөй окубай таштап кетсең дагы эч нерсе жоготпойт эмессиңби. Ал эми “Барымта” сыяктуу чыгарманы окуп баратып, байкабай калып, же адашып калып бир кыска эле эпизодду аттап, же таштап кетсең да, сөзсүз түрдө бир нерсе калып калгандыгын дароо сезип, артка “кайрылууга”, же кээ бир учурларда атайылап эле экинчи ирет кайталап, “үңүлүп” окуп чыгууга да мажбур болосуң!

Романдын идеялык-мазмундук, сюжеттик-композициялык түзүлүшү боюнча айта кете турган дагы бир байкоо – мындай деңгээлдеги бүтүндүктөгү (цельное) тарыхый-көркөм чыгарманы ойдон-көркөм фантазиядан чыгара коюп, же кандайдыр бир тарыхый-архивдик материалдарды пайдалануунун негизинде жаза салууга эч кандай мүмкүн эмес. Жазуучу бул элдик оозеки аңыздарга, уламыштарга, дегеле бала кезден баштала турган руханий баалуулуктарга негизделген чыгармасынын көркөм мазмунун көпкө чейин көңүлүндө “бышырып”, акыры кайрадан көркөмдөп трансформациялап, өз алдынча системалаштырып иштеп чыккан соң кагазга түшүргөндүгү көрүнүп турат.

Чыгарманын сюжеттик-идеялык линиясы – феодалдык деп аталган доордогу кыргыз элинин турмушун чагылдырууга багытталган. Бир нече муундун өкүлдөрүнөн турган үй-бүлөнүн жашоосу жалпы элдик агымдын фонундагы тарыхый контексттен ажырымсыз берилет. Демек, романдагы башкы каармандардын жана көптөгөн экинчи пландагы каармандардын жашоосундагы моралдык-нравалык коллизиянын негизги сюжеттик-композициялык линия катары алынышы аркылуу, жалпы эле ошол кездеги кыргыз урууларынын, элинин турмушу тууралуу толук көркөм маалымат берилет. Дагы бир өзгөчө белгилеп кое турган нерсе, романдагы кыргыз элинин каада-салттарын, күнүмдүк турмушунда колдонулган ар кандай ырым-жырымдарын таасын баяндалып, көп сүрөттөлүшү этнографиялык максаттан улам эмес, идеялык-көркөмдүк негизде чагылдырылган. Дал ошондуктан улам, мен бул чыгарманын жанрын так аныктоо милдети коюлса, аны тарыхый-философиялык роман деп атамакмын.

“Барымта” деген аталыш да дал ошондой көп маанилүү, полифониялуу идеяны көздөөдөн улам коюлгандыктан, сөздүн түз маанисинен сырткары, каймана маанини жана дагы көркөм образды да жаратып турат деп чечмелесек да болот. Ошону менен бирге эле, андай этнографиялык элементтерге бай пассаждар кошумча көркөмдүк-эстетикалык функцияны да аткарып, чыгарманын мазмунун көп маанилүү кылып, тереңдетип жиберет. Демейде, ар кандай эле күчтүү чыгарманын бирден-бир талашсыз касиети – анын мазмунунун ар тараптуу интерпретациялана беришине мүмкүндүк жараткандыгына жол бергендигинен улам да болот эмеспи. Мисалы, ошол эле кыргыз ак сөөктөрүнүн, бектеринин турмушундагы адеп-ахлактык, күнүмдүк турмуш-тиричиликтеги сөзсүз түрдө, кыйшаюусуз сактала турган эрежелер автор тарабынан абдан терең билгичтик жана чеберчилик менен чагылдырылган. Айталык, меймандарды тосуп алуу, аларды жаш курактарына жана өз абройлоруна жараша (алыскы-жакынкы туугандар, куда-сөөк, жакын достор, же бейтааныш, алгачкы жолу боз үйгө түнөп өтүп калган бейтааныш жолоочулар ж.б.) сыйлап тосуп алуу, эт тартуу жана башка улуттук тамак-аштарды берип, сый көрсөтүүнүн жол-жоболору, сый учурундагы аңгемелешүүнүн өз тартиби, аягында узатуу сыяктуу жана башка көптөгөн жөрөлгөлөр кыргыздарда кылымдардан берки бекем калыптанып калгандыгына (же, азыркы тил менен айтканда: правила этикета болуп!) ынанасың! ..

Бул эми чыгарманын негизги идеясы жана сюжеттик линиясы менен менен тең катарда дайыма параллелдүү түз сызык катары гана (жогоруда мен айтып кеткен, көзгө көрүнбөй, кошумча түрдө жаралган көп катмардуулуктун айрым гана элементтери! ) кеткен мазмундан улам чыккан ойлордун бири гана...

Эл арасында “Кырк жигиттүү Кылычбек бек” атка конгон Шааболот болуштун тыңчыкма уулдарынын бири менен Таанаке – Даана – Такырбаш – Билерман жеңе – Билерман эне деп улам которулган көп атка конгон калмак кызынын ортосундагы болгон трагедиялуу сүйүү романдын негизги сюжеттик өзөгүн түзөт. Бул тарыхый көркөм чыгарма ошол доордогу документалдуу фактыларга түздөн-түз тыгыз байланып турбаса да, романдан он тогузунчу кылымдагы айрым доордук “илептер” ачык сезилип турат. Айталык, мурдатан Кокон хандыгынын сарбаздарын тоотпой, аларга салык төлөөгө келгенде керек болсо таймашуудан да кайра тартпаган Кылычбек бектин орус бийлиги өкүм сүрө баштагандан кийин, алардын койгон талаптары боюнча, бейрасмий куралдуу түзүмдөр болбошу керек, анан дагы мыйзамсыз куралы бар адамдар сүргүнгө айдалышат деген мыйзамдардан улам, мурдагы куралданган жигиттерин таркатып жиберет. Бирок, эми ал эл арасындагы кадыр-барктуу бек катары, жергиликтүү саясий лидерлердин бири болуп, акыры болуш болуп дайындалат.

Кылычбек бек менен Таанаке-калмак кыздын сүйүүсү да ал эл аралап, конок болуп, сый көрүп жүргөн учурунда, кокусунан бир үйдө болгон жолугушуудан кийин башталат. Жигитке көзү түшүп калган кыз ал аттанып кетерден мурунку күнү жеңеси аркылуу мерчемдүү бир жерде өзүн күтүшүн айтып, мөөнөтүн белгилешет. .. Кылычбек аялы, балдары бар болсо да, өз бактысын издеп, мындай чечкиндүүлүккө барган кызды токолдукка алууну чечет. Он эки жашка чейин жалаң гана эркек балдар менен ойноп, эркекче сөгүнүп өскөн эрке кыз жеңеси жашыруун даярдап берген жолазыгын алып, атка түн жамына минип, чачын такырайта кырып таштап, эки өрүм чачын кийин улап, өрүп аламын деп түйүнчөгүнө катып, эркекче кийинип алып, өз ата-энесинен, туугандарынан биротоло кечип салып, өзүнүн сүйүүсүнө-бактысына карай жолго качып чыгат...

Ушунун баарын Билерман-жеңе, Билерман-эне атка конгон (же кыргыз-эне болуп алган теги калмак аял) о-о кийин, көп жылдар өткөндөн кийин гана, Кылычбек бектин уулдарынын ичинен өзгөчө жакшы көргөнү, анын калмак-токол аялынан туулган тыңчыкмасы Султанбек бек да бир көргөн соодагер-көпөс Малтабардын карындашы Азаадаханга жуучу жибермек болгондо ретроспективалык ыкмада эсине түшүрүп чыгат. Анткени, уулуна: “сен тектүү жердин уулусуң, тектүү жердин кызына үйлөнүшүң керек!” – деп айтамын деп, ойдо жок жерден көңүлүн ооруткан катуу кагуу жеп жатпайбы: а менин текжаатым, таякелерим кайда?! – деген суроону угуп... Дегеле, каармандардын тагдырлары бири-бирине чиеленишип, биринчи-экинчи, ал тургай үчүнчү пландагы каармандардын да табигый өнүгүүлөр менен берилиши романдын сюжеттик-композициялык түзүлүшүн татаалдаштырып, мазмундук жыштуулукту, көп катмардуулукту күчөтөт.

Маселен, ошол эле Султанбек бек ашык болуп, бирок ою ишке ашпай калган Азаадахан кийин анын атасына кымызга кошуп көкташ-уу берип өлтүрүп, анын ордуна болуш болуп алган үч ата барып кошулган Дүрбөн болушка токол болуп калат. Дүрбөн болуш менен Кылычбек бектин ойдо жок жерден чыккан, аягы экөө үчүн тең эле эмес, башка дагы көп адамдар үчүн трагедияга алып барган конфликт да өтө ишенимдүү (баягы эле, лакапка айлангандай, боло берет кыргызда! –демекчи, айрыкча ошол феодалдык доордо) берилген. Көрсө, болуштун орунбасары аталып, же расмий түрдө кандидат деп аталып, кийинки шайлоодо болуш болууга укуктуу, же ага чейин эле болуш көз жумуп кетсе анын ордун баса турган бийлик адамы катары Кылычбек бек муну ичинен мурдатан көксөп жүргөн, чамасы чакталуу болгону менен, дымагы күчтүү тууганы Дүрбөндү эмес, башка эле уруудан чыккан бирөөнү дайындап алган экен. Анысы аз келгенсип, элдин көзүнчө болор-болбос карама-каршылыктан улам, баягы эле илгерки жаш кезинен берки курч мүнөзүн карматып, “Арам сийдик!” — деп сөгүп, кагып-силкип койбойбу...

Кан кусуп, өлүп бара жаткан Кылычбек бек болуш Билерман атка конгон аялына өзүнүн шеги тууралуу айтып, далил жок болгондон кийин чуу кылбагыла, Султанбектин айланасына чогулгула, бардык тууган-уруктар ошону туу туткула деген керезин айтып үлгүрүп, бул жарык менен кош айтышып кете берет. Бул кезде калаада орусча билим алып жүргөн Султанбек бек атасынын иниси Калкан жана бир жигиттин коштоосунда айылына алынып келип, апасынан ошол сырды боз үйдө жалгыз олтуруп угат. Анын орустун борборуна барып окуумду улантамын деген ою да ошол бойдон ишке ашпай калат. Деген менен, Султанбек бек башка элбашчылардан айрымаланып, кыйла прогрессивдүү сүрөттөлгөн. Ал атасынын жыйган малын мурдагыдан да көбөйтүп, аны базарга башка кыргыздардай “дүңүнөн” айдап келип сатып, же айрыбаштап жибербей, билимдүүлүк менен сатып, тапкан каражатына кыргыздар үчүн буурусундун ордуна орус соколорун алып берип, тегирмен салдыртып, алма жана башка жемиш бактарын тиктирип, айтор, эл арасындагы атасынын ордун басты деген сөздү арттырып, кийинки шайлоого катуу даярдана баштайт. Орус чиновниктери менен тааныш болуп калгандыктан, алам менен мамилелешип, заманың бөрү болсо бөрү бол, түлкү болсо түлкү бол деп, паралаганын паралап, сыйлаганын сыйлап, дал эле мурдагы өз атасынын саясий-башкаруу жолун улантат. Баса, башка кыргыздар да, дээрлик бардык орус чиновниктери да дал ушундай феодалдык-кулчулук психологиянын призмасы аркылуу гана сүрөттөлөт. Бар болгону гана, пара өз аты менен айтылбай, “жолдугун берүү, жолдугун жасоо”, сый деген сыяктуу түшүнүктөр аркылуу жасалат жана бул табигый көрүнүшкө айланат.

Дүрбөн болуш кечигип болсо да, (оёздо жүргөнүн айтып) бир айдан соң келип, өз колу менен жайлаган Кылычбек бек агасынын арбагына куран окутат. Мурдатан Билерман катындын кошогун угушуп, ал күйөөсүн киши колдуу болуп курман болду деп айтып келгендердин, шекшигендердин чындыгы бар экенине калмак катындын өзүнө жасаган мамилесинен, көз карашынан улам ынанат. Эл арасында чоң кадыр-баркы бар Кылычбек бек агасынын ашын чоң шардана менен дүңгүрөтүп өткөрүү аркылуу алардын көңүлүн алмак болот. Буга анын жесири жана балдары каршы болушат. Иниси Калкан бек “Кылычбек бек тирүү кезинде мунун жонуна киши чыгарчу эмес эле” деп, тирүү кезинде минип жүргөн жоргосун эми ал өлгөн соң көөлүк кылып минип алганыбыз адепсиздик болот деп, өлгөндөн кийин да өз ээсинин керегине жарасын деп, куйрук-жалын кыркып туруп, жылкыларга кошуп жиберет.

Мурдатан “бул жолку шайлоодо катышууга жашың жетпейт экен” деп шылтоо айтып келген орус урядниги, эми Султанбек бектен бир нече ирет тоерлук “жолдук” алган соң, кийинки шайлоодо ал сөзсүз болуш болоруна убада берип, ал тургай “мурунку болушту каматып салам, болуштардын баарынын тең ишинен кааласаң кыңыр тапсаң болот”, деп чамына баштайт. Султанбектин да арам ою ошол жакка биротоло бурулуп, шайлоо алдында эптеп бир конфликт чыгарып, айыптоо жолу менен Дүрбөндү шайлоого катыштырбай туруп жеңип алууну ойлой баштайт.

Акыры буга да шылтоо табылат, Дүрбөн болуштун токолу Азаадахан башка бир келин менен Султанбек бектин айылына айттап келип калат. Өзүнүн аялы Надира айымга аны коноктоп, кетирбей көп күн сыйлоону буйруйт. “Мырза уулдун келинине” ыраазы болуп, сый көрүп, ырахмат айтып, көп күн жатып алган Азаадаханды барымтага кармап, анын артынан кууп келген Дүрбөн болуштун жигиттери менен чатак чыгарып, кайра Дүрбөнү айыпка жыгууну ойлойт. Жана да, боз үйдүн сыртында жүрсө да, муну байкап калган өзүнүн жеңесинин тили менен айтканда, “бул келгин чебичти кеч күүгүмдө эки ирет мааратып” да коет...

Бирок, конфликт такыр күтпөгөн жактан келип чыгат. Калкан бектин киши чайнаган кара буурасы Дүрбөн болуштун буураларын чайнап салып жатканда, Дүрбөндүн иниси, чоң муштум катары атагы чыккан Кооман кара буураны алдыңкы колуна да, арткы бутуна да атып, чөгөлөтүп салат да: “Мунуңарды союп алып кеткиле!” – деп талап коет. Кара буурасынын акыбалын көрүп, ачуусу келген Калкан бек: “Бу силердин каймалдарыңар гапна эмес, катындарыңар да ###### болсо, кара буурамда кайсы күнөө! Эмнеге атасың, энеси байтал акмак!” – деп кыйкырат. Кооман аны колундагы мынтыгынын кундагы менен башка чапканда, атынан кулап түшүп жан берет... Дароо орус бийлиги чакырылып, укуктук-тартиптик баа берилип, бул киши өлтүрүү үчүн Дүрбөн бий үй-бүлөсү менен сүргүнгө айдалат. Султанбек өз колу менен: “...ыстарчын Калкан Бекболотин агамды Каракол-Шамсы болушу Дүрбөн Сарманин кылмыш иштерин ыстарчындар жыйынында болуштун көзүнчө айтканы үчүн, орус заң-мыйзамын бузуп жүрөсүң, орус төрөлөрүн сыртынан сөгөсүң, пара албай иш жасабайт деп ар дайым иш жасабайт деп айтканыңды койбойсуңбу дегени үчүн бир тууган иниси Кооман Сарманинге атып өлтүр деп мылтык берип, мылтыктын кундагы менен башка чаап өлтүрттү”, - деп орус бийлигине арыз жазат.

Султанбек эми көздөгөн максатына жеткен кезде романдын сюжети дагы бир ирет күтүүсүз бурулуш жасайт. Малтабар көпөс Дүрбөн болуш менен кошо сүргүнгө айдалган Азаадахан карындашы үчүн өч алуу максатында, атайын жалдап, буйрутма киши өлтүрүү жолу менен Султанбекти токойлуу тар капчыгай жолунда атып өлтүртөт.

“Айрылдык эле, кокуй, айрылдык, Султаныбыздан айрылдык, кокуй!” – деп бакырып чаап келип, кабар айтышканда Билерман эне эч-учун жоготуп, жыгылып баратып, транска түшүп кеткен абалында, мурдатан өмүр бою жашырып келген чыныгы сырын, оюн мындай деп жарыя кылат:

“— Менин атым Даркен!.. Менин атым Даркен!.. Менин энем калмак Че-жим-жан! .. Менин канымда калмактын каны бар! Менин жатынымда калмактын уругу бар! Мен калмак уул төрөйм! Жакында! Ал калмак уулум силерди, бүт кыргызды барымтага алат! Ал калмак жаныңды алат! Барымтага алат баарыңарды! .. Анан малыңды алат! Ал калмак элиңди кырат! Жериңди алат! Элиңди кырып, жериңди алат, кыргыздар! ..”

Роман дал ушундай трагедия менен гана эмес, жүрөк титиреткен душмандык ачуу идеянын күтүүсүздөн ачыкка чыгышы менен аяктайт. Арийне, “көздөрүнүн агы көрүнгөндөй аңтарылта, каректерин жалын чачкандай балбылдата күйгүзүп, кыргыз баласынын кулагына сиңе бербес, акыл тегеретип түшүнө бербес сөздөрдү” транс абалында кайталаган Билерман эненин бул айтканы романдын финалына өтө күчтүү философиялык мазмун-түс берет. Адегенде, канында (же генинде) кыргыздарга болгон сөөк өчтү душмандык (тымызын, тээ түпкүрдө гана) сакталып калган адам тарабынан ал өзү чексиз трагедияга баткан учурда ушундай сөздөрдүн айтылышы мыйзамченемдүү эле сезилет.

Бул бир эле эненин кайгысын чагылдырган финал жалпы эле душман энелеринин көз карашын чагылдырып, терең символикалуу метафорага айланган. Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романындагы: “Сенин атаң Дөнөнбай! .. Сенин атаң Дөнөнбай! ..” деген манкуртка айтылган эненин репликасы сыяктуу эле, Мелис Абакировдун “Барымта” романынын финалы дагы символикалуу мааниге ээ болуп кетет.

Ошентсе да, чыгарманы ар кандай интерпретациялоо, кабыл алуу же, тескерисинче, кайсыл бир жактарын кабыл албоо, башкача айтканда, автор менен болгон “пикирлешүү жана полемика” китептин эң соңку бетин жапкандан кийин гана башталат эмеспи. Бул да болсо чыныгы көркөм чыгарманын күчтүү касиеттеринен бири эмеспи. Демейде жөнөкөй тил менен гана, учкай эле, тигил же бул чыгарма жөнүндө бүтүмдү чыгарып жатып: “окурманды кайдыгер калтырбайт” деп коет эмеспизби. Менин оюмча, бул романды мурдатан ырахаттанып, кызыгуу менен окуп чыккан окурманды мындай финал кайдыгер калтырбай эле тим болмок турсун, терең ойго батырып, түйшөлтөөрү шексиз.

“Барымта” романы жөнүндө макалабызды жыйынтыктап жатып, бул “калмак кыргыны” темасына түздөн-түз тиешелүү болгон, казак жазуучусу Ануар Алимжановдун “Гонец” романы эриксизден эске түшөт. 1720-жылы казак жерине 100 миң (жүз миң!) күчтүү куралданган калмак аскерлери кол салып кирип, казак жергесиндеги алаамат башталат. Ошол кездеги кытай тарыхчылары (летописчилери) казак жерин калмактар толугу менен ээлеп, басып алышкандыгын, казак элинен эч нерсе калбагандыгын жаза башташат... Ал эми кыргыз жергесине кийинчерээк кол салып киргенде, саны, күчү жагынан да кыйла аз кыргыздар жер которуп сүрүлүп, Ош, Анжиян, Гисар тарапка убактылуу сүрүлүп чегинишип, негизги күчтөрүн сактап калышкандыгы маалым. Башкача айтканда, орус полководеци Михаил Кутузов Москваны француздарга убактылуу, бир кышка таштап, чыгып кеткен сыяктуу эле тактика колдонулган. Кийинчерээк, ондогон жылдардан соң гана күч топтоп келип, кайра өз жерин душмандардан бошотуп алган. Кылымдарды карыткан улуу кыргыз эли калмак душмандардын баарын дээрлик таш-талканын чыгарып, талкалап жок кылып, азганакай гана бөлүгүнө азыркы Түндүк-Кавказ деп аталып жүргөн аймакка эптеп, дыргаяктап качып кетип, жан сактап калуусуна мүмкүндүк бергендиги – тарыхый факт.

“Барымтада” Ала-Тоо арасында тоо, таштын ичинде анча-мынча гана аз санда жашырынып, аман калган, же кыргыздарга кандайдыр бир амалдуу жолдор менен кошулуп, аралашып кетишкен, же канында калактын каны бар адамдардын калгандан кийинки мезгилдеги окуялар жөнүндө сөз болууда. Же бир кезде өз ата-энесин, туугандарын өз ыктыяры менен биротоло таштап кетип, кыргыз жигитин сүйүп калган калмак тектүү аялдын өз каны жана гени жөнүндө өмүрүндөгү эң чоң трагедия учурунда гана эске салышы – мыйзамченемдүү. Бул финал психологиялык жактан (транс!) да өтө ишенимдүү берилген.

“Барымтада” бул тууралуу кеңири сөз болбогондугунун себеби, ошол кандуу кыргындуу окуялар дээрлик аяктап, андан бери эки-үч муун өткөндөн кийинки окуялар сүрөттөлүп жатат. Бирок, ал окуяларда ошондон элүү, же жүз жыл мурда болгон окуялардын жаңырыгы дагы угулуп тургандыгы, абдан терең философиялык- көркөмдүк күчкө ээ болгон финалга айланган. Мисалы, кийин Билерман эне атка конгон Таанаке кыз “Өтки нази калмыки, шинга нази бурити” (көрсө мунусу калмакча: “Коюусун куй калмакка, суюгун куй кыргызга” дегенди билдирет экен – көрсөтүлгөн китепте, 15-бет) деген сыяктуу казан башындагы энелердин өз кыз-келиндерине берген, кийин макалга айланган кеңештери жайылган чөйрөдө чоңойгон. Демек, сыртынан сый көрсөтүмүш болгону менен, тамак бергенде да байыркы кыргыз эли сыяктуу меймандос, берешен эмес, ниети бузук болуп калыптанган.

Дегеле, ушул жерден мен мындайча бир парадоксалдуу ойду айтар элем: бул нукура калмак макалы эле эмес, кыргыз макалы деп аталып жүргөндөрдүн ичинде да элдики деп айтылып, бара-бара мезгил өткөн сайын кыргыздын төл макалдары сыяктуу кабылданып калган учурлар арбын кездешет. Маселен, орустун “цыплят по осени считают” дегени “чөжөнү күздө санайт” деп, “обжегшись на молоке, дует на воду” дегени – “сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет” сыяктуу дээрлик кыргыз макалдары сыяктуу болуп калган. А чынында, кыргыз эли мурунку доорлордо тоок баккан эмес. Тоок жегиси келсе кекиликти тузак менен кармап, жапайы өрдөк-каздарды атып эле оокат кылып жүргөн, чөжөсүн санабай эле...

Эми бул эчтеке эмес, бирок кыргыз элине жат мааниси бар, кандайдыр бир өлчөмдө ички мазмунун терең иликтей келгенде чоочун макалдарды кыргыздыкы дебей эле койгонубуз туура болмок. Мисалы, “Кыргыздыкы – кырк жылда” деген лакап-макал. Бул мазмуну боюнча четтен туруп алып карап, айтылып жаткан көз караштагы лакапта кыргызды өтө эле кекчил эл катары көрсөтүүгө далалат жасалып жатпайбы. Кырк жылда болсо эмне экен?! Же, эмне, өзүнүн жерин душманга тарттырып жиберип, унчукпай калып калышы керек беле? Кырк эмес, керек болсо жүз жылдан кийин да душманды кууп чыгып, сазайын колуна берип, өз жериңди кайрып алышың керек да!.. Дал ушул сыяктуу эле, “Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер”, же “Таш менен урганды аш менен ур” деген (алар кандай “аш” менен “урушаары” баарыга маалым дечи!) сыяктуу ж.б. былжырак, ички мааниси кытмыр, былык макалдарды элдин ичиндеги айкөлдүк, кеңпейилдик катары интерпретациялоо аракеттер бар. Андай макалдардын көбүн этимологиялык жактан иликтей келгенде, дал ушул калмак кыргыны доорунда жаралгандыгы аныкталышы толук мүмкүн. Муну эми Мелис Абакиров сыяктуу тил менен терең иштей билген, сөздүн ички табиятын адис тилчилерден да жакшы туя билген мыкты калемгерлер гана ишке ашыра алышат!..

Жалпысынан айтканда, жазуучу Мелис Абакировдун бул чыгармасы — кыргыз романистикасындагы жаңы бийиктик деп ишенимдүү айта алабыз. Бул чыгарма жөнүндө келечекте дагы көп ойлор айтылып, ар кандай интерпретациялык талдоолор айтылары шексиз.



Мамасалы АПЫШЕВ

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 30 Март 2015 - 20:42

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 13:56

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: