Экс-вице-премьер Азимбек Бекназаров СУПЕР-ФОРУМДА
#61 31 Март 2011 - 11:38
Jalal-Abaddyn Suzak raionuna karashtuu Kara-Daryia degen aiylda mal koilordu Ozbekstandan ozbekter kelip elderdin maldaryn uurdap jatyptyr kara paiym elge bul jonundo kandai jardam bere alasyzdar biz da chek ara koisok bolboibu oshol aiylga antkeni al aiyl bilseniz kerek Ozbekstanga chek ara .
Турмуш экен алыстаймын барынан.
Сагынычта өтөт дагы күндөрүм.
Кетип калсам ата-энемдин алдынан.
#62 31 Март 2011 - 11:38
passionarXXI (28 Март 2011 - 11:39) жазган:
Мага айтышат “орусча сүйлөбөй эле койбойсуңбу, орусча билбейт да, сүйлөй да албайт экенсиң” деп. Бирок кээде журналисттер суроо бергенде алымдын жетишинче орус тилинде түшүндүрүүгө аракет кылам. Анткени алар орус тилинде жооп берүүмдү талап кылат. Ошондуктан сиз айтканыңыздай эле “эй, орусча сүйлөбөй эле кой да, суроо берсе сен кыргызча жооп бер, түшүнөбү-түшүнбөйбү ал өзүнүн проблемасы” дегендер бар.
Назарбаев мени жамандап, шыбап жүрбөйбү. Өзбек президенти менен жолукпадым, бирок адамдар аркылуу сүйлөшүүгө туура келди, Ош окуясы учурунда. Каримовдун мамлекетчил саясатчы экенине баа бердим. Түштүк окуясында ким билет, жардам берсе согуш болуп кетиши мүмкүн эле. Тарыхый учурда атуулдук кылды. Ал эми Түркиянын бир топ саясатчылары менен мамилем жакшы. Мен кээ бир саясатчылардын чет жерге барып, алардын саясатчылары менен кол алышып сүрөткө түшүп келишкенин сындап эле жүрбөймбү. Путиндин колун кармап сүрөткө түшкөндөн көрө биердеги эле 10-15 кишини кабыл алып жаткан сүрөттү илип койсо жакшы болмок. Тилекке каршы, ар кимиси ушинтип сүрөткө түшкөндү модага айландырышты. Чокуга Путиндин атын коюп алдык. Путинге окшоп келип-кеткендерге кыргыздын чокуларын бере берсек не болот?
Бардык согуштарды мен ушул Азия элдеринен же болбосо Африка же Жакынкы Чыгыш элинен көрбөйм. Мунун түбү келип эле Американын саясатына такалат. Өздөрү президент кылат, 5-6 жыл иштетет, кайра өздөрү алып тынышат. Дегеле адам укугу менен дүйнөлөштүрүү саясаты жүрүп жатат да, дүйнөлүк саясат бул улутук саясатты жок кылат. Улут болбош керек, адам эле болуш керек, адамдын башында еврейлер турушу зарыл деген саясатты булар жүргүзүп жатышат. Ошондуктан улуттун лидери же президенти күчтүүрөөк чыгып, каяша айта койсо эле скандалды баштап жиберишет. Мына, эки Кореянын ортосундагы, Иран менен Ирактын ортосундагы кылган чыр ж.б.
Түрктөрдүн премьер-министри Францияны сындады. Себеби Түркиянын Евробиримдикке киришине француз президенти каршы болгон экен. “Эмнеге бул биримдикке Түркияны киргизбей жатат, себеби Түркия Европадагы жападан жалгыз мусулман мамлекети, ошон үчүн” деди. Ошондуктан мен ойлойм, Каддафи диктатор болуп элине башкача мамиле жасаса ал мамлекеттин элинин укугу, ага НАТОнун эмне тиешеси бар? НАТО аскер уюму, эгер ОБСЕ кийлигишсе мен түшүнмөкмүн.
Саясатка келип-кетем дегендер - саясатчы эмес. Эгерде сен патриот болсоң, эл үчүн, мекен үчүн бир нерсе кылайын десең өлкөдө болуп жаткан жакшы-жаман нерселерге үнүңдү кошушуң керек. Саясатка атайын киремин деп жулунуп жүргөн жокмун, өз элимдин патриоту катары мамлекет бийлигиндегилерди туура эмес кылганда ачык сындайм же аларга каршы туруп жатам.
Билдирүүнү түзөткөн: Азимбек Бекназаров: 31 Март 2011 - 12:34
#63 31 Март 2011 - 12:10
adalsvards (25 Март 2011 - 17:58) жазган:
Рыспек Акматбаевдин ишин 2005-жылы марттан кийин мен башпрокурордун милдетин аткарып турганда сотко өткөргөнбүз. Кийин билесиңер да, мен кызматтан кетип, кайра депутат болгондо Бакиев менен Кулов ызы-чуу кылбадыбы “бошот” деп. Рыспек интервьюсунда “мени Бекназаров мыйзамсыз соттотуп жиберген, мен аны менен “разборка” кылам” дегенге чейин барган. Анан каяктан мен ага чемодан акча бермек элем, эгер мен анын 9 эпизоддон турган кылмыш ишин сотко өткөртүп жатсам? Анан да Рыспек өлөрүндө мени издетиптир. Бектур Асановго чыгыптыр, Азимбек менен жолуктуруп койчу. Менде бир топ материалдар бар, ушул кишиге айтып берейин, анткени мени жакында өлтүрүшөт. Кыргызстанда бир эле эркек бар, ал – Бекназаров, мен ага ишенем” деген экен. Мен Асановго айттым, “мени Жалал-Абадда байлап алып, помидор менен урдурабыз деген Рыспек Жаныштын буйругун аткарып жүргөн. Мүмкүн, криминал дүйнөсүндө ал карышкыр болгондур, кыргыздарды коргоп. Анча-мынча башка улуттун криминалдарын ооздуктагандыр, бирок бүгүн ал бийликтин ити болуп калды, мен андай иттер менен сүйлөшпөйм” деп болбой койгом. Каза болгонун уккандан кийин өкүнүп калдым, “атаң көрү, жолугуп койсом болмок экен” деп.
15 жылдан бери бир да журналистти же көө жапканды сотко берген эмесмин. Бул менин кемчилигим окшойт. Ушундан пайдаланат окшойт, кара пиар кылганга. Бул сотко бербейт деп каалагандай калчап жазып келатышат. Өткөндө бир жолу айттым, акыркы жолу суранам силерден, эгерде ушундай фактыңар болсо алып келгиле мен сот алдында жооп берүүгө даярмын, бирок ушагыңарды токтоткула, мындан кийин ушинтип жазсаңар, мен сотко берем деп. 10 жылдан бери эмне деген ушак айтылат. Бирок ушак айтылат да, калат. Ошон үчүн өмүрүм өткүчө сотко бербей эле койсомбу деп чечтим.
Билдирүүнү түзөткөн: Азимбек Бекназаров: 31 Март 2011 - 12:14
#64 31 Март 2011 - 12:36
honey (28 Март 2011 - 14:06) жазган:
1. Сиздин ойунуз боюнча 24 март, 2005 ж. жана 07 апрель 2010 ж. болуп откон революциялар, чынында эле революция болдубу же жон эле бийлик алмашуубу? Сиз ал болуп откон окуяларды чынында эле революция болду деп, айтаар белениз?
2. 24 мартта болуп откон окуяларга Америкалыктар кылышты, ал эми 07 апрелди Россиянын кучтору бар деп, айтып келишет. Сиз кимдин кучу устомдук кылды деп ойлойсуз, же болуп откон окуяларга, бул жогоруда айтылган улуу державалардын эч кандай тиешелери жокбу?
3. Эмне учун башын баштаган иштеринизди аягына чыгарбайсыз. Башында баарын кыйратам дейсиз дагы, кайра эле дайыныныз чыкпай жоголуп кетесиз. Себебин билсек болобу?
Суроолорум катуу тийсе кечириниз! Саламатта болунуз!
Айланайын, Америка да, Орусия да кыйынчылык убакта жардам бербей коюшпадыбы. Мына июнь айында канча жолу ыйладык, кайрылбаган жагыбыз калбады го. Роза Исаковна тынбай сурады, туура, жардам бербейт, себеби бул кыргыз элинин эркиндикти самап, кулчулуктан каалабаган баатырлыгы. Эки өлкөнүн тең колу кирген жок, биз буга жетишиш үчүн эмне деген гана азап-тозокторду баштан өткөргөн жокпуз. Аксынын эли Ошко барды, жөө жүрүш кылып. Итке таланды, таманы канады, департация болду. Нарындык, таластыктар да кыйналды.
Билдирүүнү түзөткөн: Азимбек Бекназаров: 31 Март 2011 - 12:38
#65 31 Март 2011 - 12:39
Ilays (28 Март 2011 - 14:38) жазган:
1.Азимбек байке, дагы бир революция кылганы даярсызбы?
2.Революция канчалык залак келтирет экени сизге дайынбы?
Кыргызстанды жалаа, ушак-айың каптады, ошондуктан ушул жаатта биз өзүбүздүн руханий дүйнөбүздү шек келтирип албайлы. Кыргыз эли эки революцияны баштан өткөрдү, үчүнчү революция турат. Бул жан дүйнөбүздү тазалоо революциясы. Ар кимибизди өзүбүздүн жан дүйнөбүздү ички туюмузду тазалап оңолуп түзөлсөк коом оңолот.
Билдирүүнү түзөткөн: Азимбек Бекназаров: 31 Март 2011 - 12:42
#66 31 Март 2011 - 12:46
moi lev (28 Март 2011 - 13:35) жазган:
Алдынала рахмат, сизге ийгилик каалайм!
Көптөр мага ушул суроону беришет. Башы көрүнгөн адамга ошондой кара пиарлар жабышат, коштоп жүрөт. Муну мен чечкиндүү күрөшө алган саясатчыга болгон кара пиар деп эсептейм. Андайларды табам десе баарыбыздан табат. Мен аны Текебаев экенине ишенем же ишенбейм деп айтпайм, жөн гана кара пиар деп айтам. Ушундан көтөрө чаап очко алам дегендин өзү акмакчылык.
Билдирүүнү түзөткөн: Азимбек Бекназаров: 31 Март 2011 - 12:48
#67 01 Апрель 2011 - 16:25
1) Эртенки кундо саясатчы болом -деген жаштарга сиздин кенешиниз?
2) Катуу чарчаганда эмне менен алектенесиз?
#68 01 Апрель 2011 - 16:35
дагы суроо??
Деги сиз саясаттын кайнаган чордонунда журосуз, уй-булодо кандай атасыз?, аларга бош убакыт табасызбы? ашканадачы? сиздин табитинизди билуу биз учун ашыкча болбос.
Алдын-ала ыракмат....
#69 01 Апрель 2011 - 18:18
Duulat (28 Март 2011 - 13:13) жазган:
Биринчиден сизге ден соолук каалайм!
Мен сиздин жердешиниз болом! Ошого байланыштуу биринчи суроом: 1) Элдин маанайына караганда Аксыда сиздин салмагыныз тушуп кеткендей. Ал жактын эли сизге ишенбей калды. Эн чон жаза элден сыртка калуу эмеспи? Коркпойсузбу андан? Аксы окуясы боюнча жазалуулар жаза ала элегине биринчиден сизди куноолуу деп ойлойм. Качан аягына чыгат бул иш?
2) Сизди ири коррупциялык иштерге аралашкан деп колдорунан келишинче коолоп жатышат. Озунуз жогорку денгээлдеги юристсиз, эмне учун алардын жалганын сотко бербейсиз? Сотко берип, озунуздун актыгынызды далилдемейинче, мен коо жапкандарга ишенип турам. Эмне Кыргызстан коо жапмайдын олкосубу? Саясий оюндарды токтотуп, элдин камын ойлобосонор, Элдин кусуру урбайбы силерди? Азыр айтасыз, мен бийликте эмесмин деп. Бийликте болгондо эмне кылдыныз?
3) Бардык коррупцияга, былыктарга тиешеси адамдардын абийирин ачкан компроматтар бар дегениниз бар? Убагында Бакиев президент болгондо "керек болсо президентке да компромат таап коебуз деп" жакын санаалаштарыныздын бирине айтканынызды эшиткен жайым бар? Чыгарбайсызбы ошол компроматтарды ачыкка? Же коррупциянерлер олгондо чыгарасызбы аларды? Же озунузго болгон компроматтарга контркомпромат кылып сактап жатасызбы?
4) Озунуз ишенген кадрларыныз барбы? Мен жок деп ойлойм сизде? Ишенген команданыз жок, ошондуктан кеменин сыртында калып кеттиниз. Ал команданыз болсо да, денгээли томон.
Сизге ийгилик, аманчылык каалайм! Дагы да болсо оз чындыгынызды элге айтып, олконун тарыхында ак тамгалар менен жазылып каласыз деп ишенем! Сизге ишенген жердешиниз!
2008-жылы курултай өткөргөндө аксылыктар айткан, “ай, команда бер, биз азыр элдик бийлик орнотобуз” деп. Жалгыз эле силер болуп калат экенсиңер, койгула деп араң токтотком. Шайлоодо жыйырма пайыз алат деген Азимбек Аксыдан 64 пайыз менен депутат болгон. Так что, мен элимден колумду үзө элекмин. Жеке сиз менен мамилем жок болсо жок болгондур, себеби ар бир шайлоодо депутаттыкка койгон көп кишилердин урук-туугандары мага бүгүнкү күнгө чейин "биз ушундан утулуп калганбыз" деп жүрүшөт. Акаев убагында анын колтугунда, Бакиевдин убагында анын колтугунда жүрүштү ошол аксылык туугандарым. Мына революция жеңери менен “ой, кокуй, мына биздин арстаныбыз, биздин Манасыбыз” деп калышты. Аксыдан башка Кыргызстандын ар жеринде деле күн карама адамдар бар да.
Ушакка эл дароо ишенет. Туурасын айтсаң кантип ушундай болсун деп ишенбей калптын казанында кайнайт. Көө жапкандарды сотко бербейм, анткени мен түрмөдө жатканда жан тарткандар, элдин үнүн уккандар, кышында аксылык аксакалдарды камап шымына сийдиргенде ушул журналисттер чагылдырып алып чыккан. Журналисттердин көп жардамын көргөм, ошон үчүн алардын көөлөп бирөөнүн буйрутмасын жазып койгондо сотко бербейм. Берсем жүз пайыз утуп алам. “Дастанды”, “Мегакомду” алып койгон кишини ошолор аяп коймок беле. Колунан келсе өлтүрүп коёюн дейт, келбесе көө жабат мен алар менен тең тайлашып, ар бири менен соттошо берсем менин эмне аброюм калат. Ит үрө берет, кербен жүрө берет.
Чыгармак түгүл, канча жолу маалымат жыйынында иш козгоп айтып бердим. Силер не кулагыңнарга пахта тыгып аласынарбы? Фамилияларынан бери 10 күн сайын айтып берип турдум го...
Командам бар үчүн эки революцияны жеңдик. Мендей командасы бар саясатчыны айтып берчи. Кызматта кирип кетиш он эле секунд. Байлык десем Акаев менен Бакиевдин доорунда деле отурмакмын. Кызматка кириштин эки эле формуласы бар, “улуу урматтуу, сиздики туура” деп кыңк этпей колтугунда жүрсөң ишиңди кыла бересиң. Жагынып кызматта жүргөндөн көрө түрмөдө отурганым жакшы.
Билдирүүнү түзөткөн: Азимбек Бекназаров: 01 Апрель 2011 - 18:22
#70 01 Апрель 2011 - 18:27
Programmer (25 Март 2011 - 18:21) жазган:
Сизге берилүүчү суроолор:
1. Азыркы коалиция жөнүндо эмне деп айталасынар?
2. Күзүндо өтө турган президенттик шайлоого катышасызбы?
Алдын ала рахмат.
Коалиция биринчи ишин баштаганда эле премьер-министр Атамбаев, спикер Келдибеков, Отунбаеванын көзүнчө айттым. “Коалициянын курамына макул эмесмин, көпкө иштей албайсыңар” деп. Анткени булар саясий кызмат ордун гана бөлүш керек эле. Бирок гезиттен баштап районго чейин бөлүп алганы Баш мыйзамды бузгандык деп айттым. Экинчиден, ошондой шартта коалиция түзүлбөш керек эле. Бул өзүнөн-өзү өкмөттүн ичинде тирешүүгө алып келет дегем. Мына, бүгүн ошол тирешүү болуп жатат. Анткени коалициялык өкмөттүн ичинде бир премьер-министр болгону менен, КСДП, “Республика”, “Ата Журт” бар. Алар өздөрүнө тийген министрликти, облус, райондорду башкарып жатат. Өкмөттө бирдиктүү саясат жок, бир нерсе десе “кана, кол койбодуң беле, Алмаз Шаршенович, биздин адамды бийликке кой” дейт. Ал адамы болсо аларга гана отчёт берип, Атамбаевди укпайт. Коалиция боюнча пикирим тескери. Мен Атамбаевге да айткам, “Максимдин, Бакиевдин жардамчылары кызматка келди, ушуларга кантип макул болдуң, андан көрө Максимди эле чапкырып албайсыңбы” деп. Ырас, үч партия ушунда коалициялык өкмөт курдубу, мүмкүнчүлүк берели. Эгер иштей албаса парламентти таратып, алардын ордуна башка өкмөт түзүп коюуга болот.
Кыргызстанды колдон келишинче алга жылдыралы деп башыбызды канжыгага байлап келатабыз. Азыр чоң кыймыл түзүп жатабыз, ошол кыймылдын чечимине жараша шайлоо келе берсин, көрө жатарбыз.
#71 01 Апрель 2011 - 18:34
Programmer (28 Март 2011 - 14:17) жазган:
1. Азыр эмне иш менен алек болуп жүрөсүз?
2. Бош убактынызда эмне кылганды жакшы көрөсүз, эмнеге кызыгасыңар?
Алдын ала рахмат.сизге ийгилик каалайм. Саламатта болуңуз!
Сиздин сурооңузга жооп бердим окшойт, жогору жакты карап көрүңүз, табасыз.
#72 01 Апрель 2011 - 18:39
aminali (28 Март 2011 - 14:43) жазган:
Жаштарды да түшүнөм, буларга кам көргөн өкмөт жок. Жумуш жок. Бирок ошол Орусияда иштегендей Кыргызстанда иштесе үй да куруп, машина да алмак. Бизде күнү-түнү ал жактагыдай болуп көчө шыпырып же башка кылып иштебей жатышпайбы. Талаага чыгып дыйканчылык кылгандан уялышат биздин жаштар.
Туура, мындай окуялар кездешет, бирок аскерге баргандардын көбү өлүп жатат дегенге кошулбайм.
#73 25 Июнь 2011 - 20:53
Азимбек Бекназаров (01 Апрель 2011 - 18:39) жазган:
Кыргызстанда маяна акысы социалдык корзинадан ашса өз мекенин шыпырып тазалоодон ким качсын? Каяктагы бир шылтоолорду айтып эле басып жүрөө бересиңер мамлекет башындагылар. УӨ андан кийин түзүлгөн өкмөт эч бир элге пайдалуу ищиңерди көргөнү жокмун.Саясаттан кетип жатам деп ЖК шайлоонун алдында расмий түрдө жарыяладыңыз эле.Бирок дагы эле жүрөсүз го муну кандай деп түщүнсө болот? Жее БЭК өтпөй калды деп реваншбы?
#74 29 Июнь 2011 - 10:29
#75 13 Декабрь 2013 - 16:39
#76 13 Декабрь 2013 - 16:43
#77 14 Апрель 2017 - 03:59