Эсиңиздерде болсо, былтыр Бекзат жана Эльнура аттуу кыз-жигит “супер таттуу түгөйлөр” деп табылып, сүйүү күнүн унутулгус кылып өткөзүшкөн.
Бул ирет да адатка айланып калган жагымдуу салтты улай, сүйүү темасына кайрылып, 14-февраль, махабат күнүнө карата сүйүшкөндөргө эң сонун маанай тартуулайлы деп чечтик!
Анда бул сүйүү күнү эсиңизде калсын десеңиз бул сынакка көңүл буруңуз. Сынакка катышып, кызыктуу белектерге гана ээ болбостон сүйүктүүңөргө өзүңөрдүн сезимдериңердин таза, тунук экенин тастыктай аласыз! Эгер утуучу деп табылсаӊыз махабат күнүндө эстен кеткис көз ирмемдерге ээ болосуз!
Сынактын шарты боюнча, сүйүшкөндөр өзүлөрүнүн чогуу түшкөн кызыктуу сүрөтүн сүйүү баяны менен admin@super.kg электрондук дарегине жөнөтүүсү керек. Болбосо редакциябызга алып келүүгө да болот. Сүйүү баяны демекчи, анда ортоңордогу аруу сезимдердин жаралышы, кызыктуу учурлар ж.б. баяндалып, кызыктуу, бал тилге салынып жазылышы шарт. Ал эми сүрөттөр өзгөчө, оригиналдуу гана эмес сапаты да мыкты болуусу керек! Сүрөт ээлеринин аты-жөнү, байланыш телефонун жазууну унутпасаңар! Сүйүү баяны менен сүрөттөр 7-февраль күндүзгү саат 12:00гө чейин кабыл алынат!
Сынакка келип түшкөн сүйүү билдирүүлөрү жана сүрөттөрдүн сапаттуу, эң кызыктуу, оригиналдуусу сайтыбызга жайгаштырылып, добуш берүүгө коюлат. Сурамжылоо 12-февралда саат 17:00дө токтотулуп, алдыңкы 4 түгөй финалга жолдомо алат. Финал 13-февралда биздин кеңсебизде өтөт. Анда түгөйлөр бири-бирине болгон сезимдерин көрсөтүшүп, чыныгы таттуу түгөйлөр экенин далилдешет. Мына ошол студиябызда өткөн чакан сынакта жеңүүчү аныкталып, эң негизги белек - шам алдында майрамдык романтикалуу кеч өткөзүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Романтикалуу кеч эң унутулгус жана жогорку деңгээлде болот деген кепилдик бар! Ал эми калган финалчыларга да эң сонун белектер каралган!
Анда шашылгыла! Убакыт аз калды!
P.S. Сынакта жаш-куракка чек жок!