саламатсызбы,
урматтуу министр сизге бере турган сууром эмнеге мчс те айлык акысы аз
Баракча 1 - 1
Эмнеге маяна аз?
#2 24 Октябрь 2012 - 18:29
7000 сом бир айга кантип жетет,сиз кызматкерлер канча айлык алышарын билесизби?
#3 04 Декабрь 2012 - 15:23
Сиздин сурооңузга Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин басма-сөз кызматынын жетекчиси Бекилов Абдишарип жооп берди:
-Туура маселе. Айлык акы бир гана биздин министрликте эмес, башкаларда деле аз. Биз кызматкерлерибиздин айлык маянасын кыскартып же жогорулатууга укугубуз жок. Анткени бардык мамлекеттик органдар мамлекет тарабынан каржыланат. Азыр өкмөт 2013-жылдын июнь же июль айларынан баштап бардык мамлекеттик органдарда айлык акыны көбөйтүү тураалуу долбоорду иштеп жатат. Ал эми, биздин министр Кубатбек Боронов кызматкерлердин айлык акысы аз экенин билет. Ал өзү жөнөкөй кызматкер болуп отуруп, б.а. аз маяна менен эле министрлик кызматка келген. Башкалардан айырмаланып, министр орун-басар, кеңешчи дегендерди албай, өзү 1 айда 2-3 жолу кызматкерлер менен жолугушууларды өткөрүп турат.

#4 30 Ноябрь 2013 - 11:12
Саламатсызбы жолдош мырза минстр! Сиз "Куткаруучулардын"
жатаканаларына козомолдоп кордунуз беле?
Шерик
#5 14 Декабрь 2013 - 17:40
урматтуу министр мырза эмне учун орт очургучтордун айлыктары бирдей эмес пч-да иштегендердин айлыгы да аз тамак ашка болунуучу акчасы дагы аз вч-га салыштырмалуу пч-да иштегендер тамак ашка айына 900сом алса вч-да иштегендер 2500сом алышат?эмне учун вч-да иштегендердин льготасы да бар пенсияга дагы эрте чыгышат пч-да иштегендердики андай эмес? Бирдей эле орт очуруп бирдей эле жумуш кылышат тендик деген болобу?анан дагы бир суроо эмнеге за вредность акча толонбойт?орт очуруп жатып озулору куйуп калышат,крышадан учкан учурлар болот,тутунго ууланышат ж.б.ушул суроолорго жооп жазып койсонуздар.
#6 17 Декабрь 2013 - 17:52
erkin-by (14 Декабрь 2013 - 17:40) жазган:

"пч-да" жана "вч-га" деген сөздөрдү толугу менен жазсаңыз.
#7 19 Декабрь 2013 - 19:49
пч деген пожарный часть вч деген военизированный пожарный часть.
#8 05 Февраль 2014 - 14:29
erkin-by (14 Декабрь 2013 - 17:40) жазган:
урматтуу министр мырза, эмне учун орт очургучтордун айлыктары бирдей эмес пч-да иштегендердин айлыгы да аз тамак ашка болунуучу акчасы дагы аз вч-га салыштырмалуу пч-да иштегендер тамак ашка айына 900сом алса вч-да иштегендер 2500сом алышат? эмнеге за вредность акча толонбойт?орт очуруп жатып озулору куйуп калышат,крышадан учкан учурлар болот,тутунго ууланышат ж.б.
Суроолорго КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин баардык аскер кызматчылары «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн каралган милдеттерден тышкары аскер кызматынын өзгөчөлүктөрү менен шартталган кошумча жана атайын милдеттерди аткарышат. Аскер кызматчылары күжүрмөн нөөмөттө, күжүрмөн кызматта, суткалык жана гарнизондук наряддарда турганда, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга багытталган атайын милдеттерди аткарат. Бул милдеттердин мазмуну жана аларды аткаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, аскердик уставдар жана башка укуктук актылар тарабынан аныкталат.
Аскер кызматчылары:
- Кыргыз Республикасынын күнкорсуздугун жана суверендүүлүгүн коргоого, анын кубатын чыңдоого, республиканын элинин укуктарын жана эркиндиктерин коргоого;
- аскердик ант берүүгө, Мекенге тайбастан жана берилгендик менен кызмат кылууга, ал эми согуш мезгилинде - Ата Мекенди коргоо;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамын так сактоого, командирлердин жана начальниктердин буйруктарын аткарууга;
- Куралдуу Күчтөрдүн уставдарында каралган башка милдеттерди аткарууга милдеттүү.
- Аскер кызматчыларынын кызматтык милдеттери жана ал милдеттерди аткаруунун тартиби Куралдуу Күчтөрдүн уставдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин жана башкаруунун жогорку органдарынын чечимдеринин негизинде чыгарылган ченемдик актылар тарабынан аныкталат.
Профессионалдык өрт өчүрүүчү бөлүмдөрүндө иштеген кызматкерлерлердин эмгек мамилелерин жана аны менен түздөн-түз байланышкан башка мамилелерди жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык эмгек мыйзамдары (эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды кошкондо) жана эмгектик укук ченемдерин камтуучу башка ченемдик укуктук актылар: Эмгек Кодекси, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актылары жана эмгектик укук ченемдерин камтуучу локалдуу ченемдик актылар менен жүзөгө ашырылат.
Өрт өчүрүүчүлөр бөлүмүндө иштегендердин айлык-маяналары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-авгусундагы №440 токтому менен бекитилген жана ошол убактан бери жумуштун өзгөчө кырдаалы боюнча 30 % кошумча акы төлөнүп келүүдө, ал эми аскер кызматкерлерине бул төлөм 2011-жылдын 11-ноябрынан баштап төлөнүүдө.
Эркин жалданган кызматкерлерге тамак-ашка болгон компенсация Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-сентябрындагы №457 токтомдун, ал эми аскер кызматкерлерине 2002-жылдын 17-октябрындагы №706 токтомдун негизинде төлөнөт.
#9 05 Февраль 2014 - 14:39
erkin-by (14 Декабрь 2013 - 17:40) жазган:
эмне учун вч-да иштегендердин льготасы да бар пенсияга дагы эрте чыгышат пч-да иштегендердики андай эмес?
Суроолорго КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди:
- Аскер кызматынан бошотулгандан кийин аскер кызматчыларынын пенсия менен камсыз болуу укугу мамлекет тарабынан гарантияланат жана «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде белгиленет. Бул Мыйзамдын 13-беренесине ылайык аскер кызматчыларына пенсияларды дайындоодо төмөндөгү шарттар аткарылышы керек:
а) кызматтан бошотулган күнгө карата аскер кызматында же ички иштер органдарында, Өрткө каршы мамлекеттик кызматында, каржы полициясында 20 же андан ашык кызмат өтөгөн офицердик курамдагы адамдар, прапорщиктер мичмандар жала үстөк кызмат өтөгөн аскер кызматкерлери, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлери, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар;
б) кызматтан курагы боюнча, оорусуна байланыштуу штаттардын кыскарышына же ден соолугунун чектелген абалына байланыштуу бошотулган жана кызматтан бошотулган күнгө карата;
- 25 календардык жыл жана андан ашык жалпы камсыздандыруу стажысы бар, анын кеминде 12 жыл жана 6 айын аскер кызматында же ички иштер органдарында, Өрткө каршы мамлекеттик кызматында, каржы полициясында кызмат өтөгөн 50 жаш курагындагы эркектер;
- 20 календардык жыл жана андан ашык жалпы камсыздандыруу стажысы бар, анын кеминде 10 жылын атайын наам берилген учурдан тартып аскер кызматында же ички иштер органдарында, Өрткө каршы мамлекеттик кызматында, каржы полициясында кызмат өтөгөн 45 жаш курактагы аялдар көп жыл кызмат өтөгөндүгү үчүн пенсия алууга укуктуу.
Ал эми профессионалдык өрт өчүрүүчү бөлүмдөрүндө иштеген кызматкерлерлердин пенсиялык камсыздоосу «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде ишке ашырылат.
Ушул Мыйзам граждандарды милдеттүү түрдө мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруудагы камсыздандыруу принциптерин белгилейт жана камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандырылган адамдарды пенсия менен камсыздоону кепилдикке алат.
Бул Мыйзамдын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын камсыздандырылган жарандарды, республикада жашаган, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негиздерде жана шарттарда мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандырууга салым кошкон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия алууга укуктуу.
Өрт өчүрүүчү бөлүмдө иштегендердин пенсия жашын кыскартуу жөнүндөгү токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча КРнын ӨКМнин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинде иштер жүрүүдө.
#10 03 Август 2016 - 05:50
7000 сом бир айга кантип жетет,сиз кызматкерлер канча айлык алышарын билесизби?
Сенин айлыгын жакшы экен. Менин айлыгым 4915 сом. Чын эле качан айлыкты которот?
Сенин айлыгын жакшы экен. Менин айлыгым 4915 сом. Чын эле качан айлыкты которот?
Баракча 1 - 1