Көкүрөккө массаж.
Мында биринчи эки алаканыңызды баланын көкүрөк бөлүгүнүн эки жагына коёсуз. Анан баш бармак менен кабыргалардын ортолорун жай басым менен бирден басып, алакандарыңызды эки тарапка четтете бересиз. Муну 6-8 жолу кайталоо абзел.
Бөбөктөргө байланыштуу кеңештер
#41 06 Февраль 2014 - 23:02
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.

#42 07 Февраль 2014 - 00:37
Саламатсыздарбы!
Чыйрыгып,бетим ысып,сөөктөрүм зыркырачу болду суук башталгандан бери. Апам айтат эмизип жатпайсыңбы,
эмчегине суук тийгизип алган окшойсуң деп.Сиздерде да ушундай болду беле? Суук тийгизип алгандын белгилери кандай болот,зыяны?
Врач айтат эмизип жатканда каалаган дарыны иче албайсын деп,цинепар менен аспирин иче бер дейт. Ушундай этаптан өткөндөр кеңешиниздерди бөлүшө кетсениздер.
Алдын ала рахмат.
#43 07 Февраль 2014 - 01:23
абдан жакшы кенеш экен рахмат сизге убак убагында жасаганга аракет кылам массажды
#44 07 Февраль 2014 - 11:32
Ай йошкин, унутуп калыптырмын,
азыр эстедим: баланын ичи отсо (инфекциябы,
башкабы, маанилуу эмес) куручту сууга кайнатып, суусун ичирсе жардам берет. Таза куручко караганда сечка, акшагы жакшыраак.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#45 08 Февраль 2014 - 13:56
Ымыркай эмне үчүн ыйлайт?
Ый - ымыркайдын өз каалоолорун жана талап тарын чоңдорго билдирүүнүн бирден-бир мүмкүнчүлүгү. Андыктан, жаш энелерге кеңеш - баланын ыйына дароо көңүл буруңуз жана эч качан кыжырданбаңыз, андан көрө ыйдын себебин аныктап, балаңызга баары жайында болуу үчүн кам көрүңүз.
Ый - ымыркайдын өз каалоолорун жана талап тарын чоңдорго билдирүүнүн бирден-бир мүмкүнчүлүгү. Андыктан, жаш энелерге кеңеш - баланын ыйына дароо көңүл буруңуз жана эч качан кыжырданбаңыз, андан көрө ыйдын себебин аныктап, балаңызга баары жайында болуу үчүн кам көрүңүз.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#46 08 Февраль 2014 - 13:57
Ачкалык
Баланын эң негизги талабы - бул тамак. Курсагы ачка болгон баланын ыйы өзгөчө: алгач акырындан күңкүлдөп, анан ыйлап баштайт - канчалык узакка созулган сайын ошончолук көшөрүп, катуу ыйлайт. Эч кандай алаксытуу жардам бербейт. 1-2 мүнөткө алаксышы мүмкүн, анан жаңы күч менен кайра катуулап ыйлай баштайт. Адатта мындай ый эринин чопулдатып, башын эки жакка буруп эмчек издөө кыймылдары менен коштолот. Кокус колу оозуна жакындап калса, аны соргонго аракет кылат. Ымыркайды сааты менен тамактанууга көндүрөм деген аракет таптакыр пайдасыз, атүгүл зыяндуу. Баланын жашоосунун алгачкы айларындагы тамактануу бир гана анын талабы менен болууга тийиш. Мында суткасына 8-10, кээде андан да көбүрөөк болушу мүмкүн. Болжол менен 3-4 айлыгынан баштап баланын эмүү режимин бир калыпка салууга болот.

#47 08 Февраль 2014 - 13:58
Ыңгайсыздык
Өтө тыгыз ороо, подгузниктин резинкасынын кысышы да баланын ыйынын бир себеби болушу мүмкүн. Мындай учурда баланы ороосунан чечип, эч нерсе тоскоол болбой жатабы, текшериңиз. Негизи, жалаякка орогонго караганда ползунка кийгизген оң. Эркин кыймылдап чоңойгон баланын өнүгүүсү нормалдуу болот.

#48 08 Февраль 2014 - 13:59
Чаңкоо
Эгер эненин эмчек сүтү жетиштүү болсо, баланын суюктукка болгон талабын эмизүү менен эле канааттандырса болот. Бирок, жайдын ысыгында баланы ашыкча эле ороп-чулгоодон ал катуу тердейт да, мындай учурда ымыркайга кайнатылган суу берүү талап кылынат.

#49 08 Февраль 2014 - 14:01
Булганган жалаяк
Эгер бала ар кандай алаксытууга карабай үзгүлтүксүз ыйлай берсе, демек, ага жатканга ыңгайсыз болуп, бир нерсеге кыжыры келип жатат. Бул суу болгон жалаяк болушу мүмкүн. Жашоосунун алгачкы айларында бала суткасына 20 жолкуга чейин жалаяк булгайт, табигый жол менен тамактанса, 5-6 жолу заңдайт. Андыктан, эмизгенден да көбүрөөк жалаягын алмаштырууга туура келет.

#50 08 Февраль 2014 - 14:02
Ысык жана суук
Эгер бала курсагы ток, асты кургак экендигине карабай уктабай ыйлай берсе, текшериңиз, ал ысып же үшүп жатат. Эгер ысыса, моюну менен чекеси тердеп, дене табы 38 градуска чейин көтөрүлүп кетет. Ал эми муруну, алакандары жана тамандары муздак болсо, демек, бала үшүгөн болот. Андыктан, баланы ашыкча эле ороп-чулгоо да, өтө жеңил кийинтүү да туура эмес. Болжол менен өзүңүзгө караганда бир кабатка көп кийинтиңиз. Туура кийинтүүдөн тышкары бөлмөнүн температурасына да көңүл буруу керек - бөлмөнү 22 градустун айланасындагы жылуулукта кармоо талапка ылайык.

#51 08 Февраль 2014 - 14:03
Оору
Мындай учурда бала чырылдап катуу, ачуу ыйлайт. Эгер баланын ооругандыгы тууралуу шегиңиз бар болсо, "болбогон нерсе үчүн убара кылбайын" деп коркпой эле дароо доктур чакырыңыз. Кокус доктур тынчсыздана тургандай эч нерсе таппаган күндө деле көңүлүңүз жайланышып калат. Сизге кошулуп ымыркайыңыз тынчтанат. Жаш балдар энесинин эмоциясына өтө тез таасирленет.

#52 08 Февраль 2014 - 14:04
Ичине жел туруу
Ичегидеги бул оору бала 3-4 айлык болгонго чейин кайталана берчү оору. Мында бала кескин, чырылдап ыйлайт. Буттарын ийип, аны менен ичин кысууга аракет кылат, кызарып кетет. Жел туруу адатта эмизип жаткан учурда же эмизгенден жарым-бир сааттан кийин кечинде, түндө пайда болушу мүмкүн. Жел туруунун алдын алуу үчүн бөтөлкөнүн ичиндеги суюктук упчуга толуп тургандай абалда балага шашпай ичирүү керек. Ошондой эле тамактандыруунун алдында бир кичине кашыктан укроп суусун берген оң. Бул болгону алдын алуу. А жел туруудан бала ыйлай баштаганда кандай аракет көрүү зарыл? Эң эле натыйжалуу ыкма - массаж. Баланы чалкасынан жаткырып, киндигинин айланасын саат жебеси боюнча айлантып жумшак сылаңыз. Жалаякты үтүктүн жардамы менен жылытып, ичке басуу да жардам берет. Эсиңизде болсун, жалаяк ысык эмес, жылуу болууга тийиш! Эгер жел туруу кайра-кайра кайталана берсе, сөзсүз түрдө врачка кайрылыңыз.

#53 08 Февраль 2014 - 14:05
Микроклимат
Баланын керебети ачык турган терезенин тушунда, күндүн нуру түз тийген жерде турбаш керек. Ошол эле убакта ымыркайга таза аба да керек, жагымсыз жытка да балдар ый менен жооп беришет.

#54 08 Февраль 2014 - 14:05
Тиш чыгуу
Тиш жарып келатканда бала ачка болсо да эмчектен баш тартып, катуу кыйкырып ыйлайт. Мындай учурларда жаш энелер "сүтүм бузулуп калдыбы? Балам ушуну менен эмчектен чыгып кетеби?" деп чочулашат. Бирок жакшылап көңүл бурсаңыз, бала күндүзү, болгондо да күндө бир маалда эмбей чыргоолонгонун байкайсыз. А түнү жакшы эле эмет. Бул болсо организмдин, анын ичинде тиштин күндүзү активдүү өсөөрүнө байланыштуу. Тиш чыгуунун дагы бир белгиси - шилекейдин бөлүнүп чыгышынын күчөп кетиши, ооздун кычыктарына майда кызыл бүдүрлөрдүн чыгышы жана ооздон такай шилекей агуу. Адатта мындай абал 2-3 жумага созулат.

#55 08 Февраль 2014 - 14:07
Жалгыздык
Бала жалгыз калганда, апасынын мээримин, сүйүүсүн каалаганда ыйлашы мүмкүн. Балаңызды эркелетүүнү унутпаңыз: аны колуңузга алып, кучактаңыз, өбүңүз. Кээде балага апасынын жанында болуп, анын үнүн угуп туруу эле жетиштүү болот. Бала менен көбүрөөк сүйлөшүп, аны менен ойноого аракет кылыңыз. Мындан бала сиздин камкордугуңузду, аны коргооңузду сезүүгө тийиш. Ушул курактагы бала менен эненин ортосундагы тыгыз байланыш көп жылдарга жетүүчү ишенимдин кепилдиги болуп эсептелинет.

#56 11 Февраль 2014 - 13:19
Devuwka (16 Январь 2014 - 03:33) жазган:
Саламатсыздарбы достор. кызым март айында экиге чыгат, такыр колуман тушпойт. мама деп эле издеп турат, бир аз баскандан кийин эле котор деп эле ыйлай берет. Кичине бас десем эле ыйлап, айтканын бербейт. Сиздердин балдарыныздар да ушундайбы? кандай чара корсом болот. буюрса эмчектен дагы чыгараарыма аз калды. мен кичине эле корунбой калсам бакырып ыйлап издеп жонойт.
Балким кызынызды шок кылып же чоочутуп да алгансыз.Балдардын аурасы чондордукуна караганда бир топ алсыз болгондуктан ар кандай нерселерди оздоруна бат кабыл алышат,ошон учун кыргызчылыгы бар адистер азыр бизде коп журок которуу,ашказанды ордуна келтируу сыяктуу.Эмчектен чыгарганда да акырындык менен азайтып отуруп ордуна башка суюктуктарды компот,сут,айран коп бериниз,балага да озунорго да женил болот.Йогурттун ордуна айранга варенье салып берсе деле болот. Анан Айжан айым дагы жакшы кенештерди бериптир. Озунузго да конул болунуз,сиздин маанайыныздан да коз каранды,стресс депрессия энеде болсо балага да отушу мумкун.
#57 12 Февраль 2014 - 15:18
Сууга түшүү - ымыркай үчүн жагымдуу да, пайдалуу да Ымыркайды сууга түшүрүү - эне үчүн чоң кубаныч. А сууга түшүү - бала үчүн андан да чоң кубаныч. Бирок, суунун жөн гана жагымдуу эмес, пайдалуу дагы экенин көпчүлүгү унутуп калышат.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#58 12 Февраль 2014 - 15:19
Самын колдонуу керекпи?
Ымыркайды жуунтууда бир жумада бир жолу балдар самынын колдонуу жетиштүү. Башка күндөрү куру эле сууга жуунтуп туруу керек. Анткени, самын баланын назик, ансыз деле кургак терисин андан бетер кургатып жиберет.
Ымыркайды жуунтууда бир жумада бир жолу балдар самынын колдонуу жетиштүү. Башка күндөрү куру эле сууга жуунтуп туруу керек. Анткени, самын баланын назик, ансыз деле кургак терисин андан бетер кургатып жиберет.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#59 12 Февраль 2014 - 15:20
Баланы жуунтуунун эрежеси:
Баланы жуунтуудан мурун бөлмөнү даярдап алганыңыз оң. Бөлмөнүн температурасы 22-24 градус жылуу болуп, эч бир жерден шамал кирбөөсү керек. Чоң дагарага 37-38 градус жылуулуктагы сууну куюп, баланы түшүрөсүз. Баланын башы менен ийиндери суудан чыгып, денесинин калган бөлүгү суунун ичинде болууга тийиш. Баланы суудан көп чыгарсаңыз үшүп калат. Сол колуңуз менен далысын, башын кармап, оң колуңуз менен этиеттик менен самын сүртүңүз: ийиндерине, колдоруна, буттарына, жыныс мүчөсүнө. Анан баланы оодарып, аркасына сүртүңүз. Көзүнө самынды киргизип алуудан абайлап башына самын сүртүп, анан өзүнчө турган таза суу менен чайкаңыз. Ымыркайды алгачкы жуунтуу убактысы 5 мүнөттөн ашпашы керек. Анан аз-аздан көбөйтүп отуруп бир айдын ичинде 15 мүнөткө жеткирсеңиз болот.

#60 12 Февраль 2014 - 15:21
Ымыркайды эмне үчүн жуунтабыз?
Ымыркайды жуунтуу бир гана гигиена үчүн эмес. Баланы сууга салган сайын анын иммунитети көтөрүлөт, акыл-эси тез өнүгөт, ден соолугу чыңалып, организми ар кандай ооруларга каршы турууга көнөт. Андыктан, жаңы төрөлгөн, айрыкча маалына жетпей же алсыз төрөлгөн ымыркайлар үчүн суу процедурасы өзгөчө зарыл. Суунун дагы бир жакшы жагы - ал баланын нерв системасынын калыптагыдай өнүгүшүн шарттайт, жүрөк булчуңдарын, тамак сиңирүү жана дем алуу системаларын бекемдейт. Ошондуктан, баланы бир жашка чейин күн сайын, бир жаштан кийин зарылчылыкка жараша 2-3 күндө бир жолу сууга түшүрүп туруу талапка ылайык.