Канткенде баламды туура тарбиялайм? Кыргызда бала тарбиясы же бала тарбиялоодо сунуштар
#81 30 Январь 2014 - 12:16
#82 30 Январь 2014 - 12:19
aijan (30 Январь 2014 - 12:01) жазган:
Айжан эже, менин билишимче, балаңыздын жашы 2 - 3 түн эле аралыгында болуш керек ээ? Япондордун ыкмасы менен тарбиялап жаткансыз го

Масару Ибуканын "3 тон кийин кеч болуп калат" деген китебин окугансызбы? Сонун китеп.
Тема боюнча, Масарудан бир кеңеш:
Баланы башынан тартипке, режимге үйрөтүш керек. Аларга кол көтөргөн туура эмес, айрыкча башка адамдардын көзүнчө. Баланы андан көрө көбүрөөк макташ керек. Эгер жакшы иш жасаса, мактап койсо шыктанып калат, жаман нерсе жасаса, акырын эле уяткарып коюш керек. Уруп - сабоонун зыяндан башка пайдасы жок.
Өзүмө келсем, атам да бизди аябай катуу кармачу, атамдын каалоосу биз үчүн закон эле да.
#83 30 Январь 2014 - 13:07
zhiza (30 Январь 2014 - 12:19) жазган:

Масару Ибуканын "3 тон кийин кеч болуп калат" деген китебин окугансызбы? Сонун китеп.
Тема боюнча, Масарудан бир кеңеш:
Баланы башынан тартипке, режимге үйрөтүш керек. Аларга кол көтөргөн туура эмес, айрыкча башка адамдардын көзүнчө. Баланы андан көрө көбүрөөк макташ керек. Эгер жакшы иш жасаса, мактап койсо шыктанып калат, жаман нерсе жасаса, акырын эле уяткарып коюш керек. Уруп - сабоонун зыяндан башка пайдасы жок.
Өзүмө келсем, атам да бизди аябай катуу кармачу, атамдын каалоосу биз үчүн закон эле да.
Жоок, жапондордун методу менен тааныш эмесмин. Баламды гений кылгым да жок, анын балалык доорун эртелеп эле сабак, машыгуу менен толтургандан да алысмын.
'По существу' мактайм, себепсиз эле эркелете берем

Азыркы актуалдуу темабыз- 'ыйлабай тушундур' .
Дегинкиси, 'балдарды урбай тарбиялоо керек' дегенди айтууга оной, аткарууга кыйын. Кээде коп создон май кочукко жеген бир шапалактын тарбиясы чон(менимче). Бул айрыкча тинейджер маалына чейин, такыр башкара алгыс болуп калганга чейинки уят жаза(бала бакча, 1, 2- класстарда). Бирок аша чапкандан кудай сактасын.
Тимеле тогорогу топ келишкен ата- эне тарбиясы болбосо керек. Анан да бала создон да ата- эненин озун туурап тарбия алгандыктан, озунду да тарбиялап баштайт экенсин

Анан айтып коюшат экен,"Ата- эне жетишсиз мээрим болгону учун таарынбагыла, алар силерге озундо бар бардык жылуулукту беришти". Ушул создордон кийин ата- эне канча катуу кармабасын, кантип тарбиялабасын, болгон ички таарынычтын баары жуулуп, аларга болгон суйуун гана калат экен.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#84 30 Январь 2014 - 13:59
#85 30 Январь 2014 - 14:24
Жаман шок, тополон. Апам сени тарткан дейт.
Эми мен аны анча мынча какус кукус кылып турбасам мени да укпай коют го.
Эжеси менен инисин алдап, мактап койсон алар жакшы эле угушат.
#86 30 Январь 2014 - 15:01

Билдирүүнү түзөткөн: aizul9.kg: 30 Январь 2014 - 15:02
#87 30 Январь 2014 - 16:04
Ал эми ата- эне жана баланын ортосундагы тарбияда, ата жубайын 100% башкарса болот, ал эми жубайы куйоосун 50% башкарса, ата эне баласына 100% башкарса болот, бирок бир гана тушунуктун негисиндеги баланын жондомуно жараша анын ошол жондомго карай болгон эркиндигин кулпулабай тарбия берилуусу зарыл. уруп- сабоо же коркутуу, уркутуу жолдору менен эмес. Ал эми бала эч качан ата -энесине акарат келтируусу же башкаруусуна болбойт. Мындай кылганда баланын келечектеги жолу жабык жана катуу болот. Дагы бир айтта турган нерсе ата - эне кандай болгон кундо да баласына нараазычылык бербеши керек. Нараазычылык кучу баладан - балага ген аркылуу отуп кетет.
#88 30 Январь 2014 - 20:53
#89 30 Январь 2014 - 20:59
#90 31 Январь 2014 - 09:46
Konilove (30 Январь 2014 - 20:53) жазган:
Сиз башка нерсеге жинденип жургон жоксузбу? Мумкун, уйдо балдар менен такай отуруп бук болуп калган чыгаарсыз?
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#91 31 Январь 2014 - 09:56
#92 31 Январь 2014 - 10:06
#93 16 Февраль 2014 - 19:46
Билдирүүнү түзөткөн: sestra: 16 Февраль 2014 - 19:49
#94 17 Февраль 2014 - 07:26
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#95 17 Февраль 2014 - 20:55

#96 17 Февраль 2014 - 21:35
Ошол баланы Гений акылдуу кылам деп коп туйшукту кичинесинен жуктоп коюу да туура эмес.
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#97 23 Февраль 2014 - 19:46
.
Көрүнүктүү психолог жана окумуштуу Жан Пиаже (Jean Piaget) Невшателеде (Швейцария)
.
1896-жылы 9-августта төрөлгөн.
Пиаже балдардын акыл-эсинин калыптануусун түшүнүүдө зор мааниге ээ болгон ачылыштарды жасаган. Бул, баарынан мурда, балдардын ой жүгүртүүсүнүн эгоцентризм(бирөөнүн көз карашын кабыл албоо) өңдүү өзгөчөлүктөрүнүн ачылышы. Синкретизм– ой жүгүртүүнүн дагы бир тиби, мында бирдей эмес кубулуштарды жетишсиз ички негизсиз өз ара байланыштыруу тенденциясы пайда болот.
Мисалы, Пиаже жүргүзгөн изилдөөдө балага деңиз пейзажынын сүрөтүн көрсөтүшүп, “Деңиз деген эмне?” деп сурашкан. Сүрөттөн эмнени көрүшсө, ошону санап берүү балдардын жообунун мүнөздүү белгилери болгон. Мисалы, балыктар, кайык, толкундар, ак чардактар ж. б. у. с. алардын деңиз жөнүндөгү түшүнүктөрүн түзгөн.
.
Трансдукция– логикалык ой жүгүртүүнүн өзгөчөлүгү, ал жалпылыкты кыя өтүп, жекеликтен жекеликке өтүү менен мүнөздөлөт.
.
Артифициализм- жасалмалуулук, дүйнөнүн түзүлгөндүгү, дүйнөнү адам колу аркылуу курулган деп түшүнүү.Анимизм– жандангандык, дүйнөнү жандандыруу, карама-каршылыктарды сезбестик.
.
Балдардын эгоцентризмин изилдөө боюнча Пиаженин эксперименттери көбүрөөк мааниге ээ болгон. Ал балдарга кырдаалга башка адамдын көз карашында кароо зарыл болгон жөнөкөй суроолорду берген. Мисалы, баладан канча бир тууганы бар экендигин сурашканда, “Менин эки бир тууганым бар” деген жоопту угушуп, “Ал эми улуу байкеңдин канча бир тууганы бар?” деген кийинки суроону узатышкан. Эреже боюнча, балдар улуу байкесинин бир гана бир тууганы бар экенин айтышып, ошол эле учурда өздөрүн эстен чыгарып, адашып, суроого туура жооп бере алышкан эмес. Бул Пиажени бала үчүн башка бирөөнүн көз карашында туруу кыйынчылык туудурат деген тыянакка, балдардын эгоцентризмине алып келген.
Баланын дене жактан да, акыл жактан да өсүп-өнүгүүсү бир кылка жүрбөйт.Жан Пиаже балдардын психикасынын өсүп-өнүгүүсүнүн 4 баскычтуу теориясын сунуш кылган.
.
1. Сенсомотордук этап(төрөлгөндөн 2 жашка чейин) – денелик туюмдарга: тактилдик сезимталдыкка, өзүнүн физикалык муктаждыктарын аңдоогожооптуу. Бул муктаждыктар сенсордук туюмдар: ачкачылык, оору, чуру-чуу, жарык ж. б. дүүлүктүргүчтөргө жооп кайтаруулар менен байланышкан. өнүгүүнүн бул баскысында баладабиологиялык башталыш азырынча калгандарынын баарын сүрүп чыгуу аркылуу үстөмдүк кылат. Бул этап – бала физикалык объекттер сезимден тыш жашай беришерин (объекттин өзгөрүлбөстүгүн) элес албаган этап.
.
2. Операцияга чейинки этап(2-7 жаш). Бул мөөнөттө негизинен балаөзүнө айланадагы адамдардын, өзгөчө физикалык жана психологиялык жактан жакын аралыкта тургандардын: ата-энелеринин, бир туугандарынын, көчөдөгү, балдар бакчасындагы өзүнүн курдаштарынынкөзү менен карайт. Баланын өзүнө-өзү баа берүүсү көбүнчө өзүнүн түздөн-түз катышы бар, биринчи иретте, үй-бүлөдөгүжагымдуу атмосферагакөз каранды. Баланын өз жөндөмдөрүнө өзүнүн туура баа берүүсүпсихиканы калыптандыруунун бул этабында анын жөндөмдөрүнүн жана табигый шыктарынын кыйлагармониялуу өнүгүшүнө өбөлгө болот, ошондой эле келечекте кадимкидей социалдашуусу үчүн бекем негизди түзөт. Төмөндөгү өзүн-өзү баалоо балдардын инсандык калыптануусунун “тормозу”; катары кызмат өтөйт жана келечекте өзүнүн коомдогу ролун төмөндөтүүгө алып келет. Ошентип, бул баскычта психологиялык фактор өтө маанилүү ролду ойнойт.
.
3. Конкреттүү операциялар(7- 11 жаш) – бул убакыт өз ичинефактылардысалыштырууну, объективдүү жыйынтыктарды куруубилгичтигинж. б. у. с. камтыйт. Бул этапта абстракттуу проблемалар да чечилиши ыктымал. Мисалы, арифметикалык теңдемелер объекттердин гана эмес, сандардын жардамы менен чыгарылышы мүмкүн. Бул мөөнөт мектептик окутуу убактысынын дээрлик жарымын камтыйт. өспүрүм бул убакта системалуу уюшулган ишмердикке тартылып, аны өз алдынча же башкалар менен чогуу ишке ашырат. Бул мөөнөттүн ичинде алайланадагылардын баасына ээ болууга жана өзүндөгү социалдашуунун өнүгүшүнүн айынан, башкача айтканда, конкреттүү социумдагы, берилген учурда – мектептеги (мектептик тартип эрежелери, форма кийүү, класстагы өз ара мамилелердин айтылбаган ченемдери ж. б. у. с.) ченемдерди жана эрежелерди кабыл алуу аркылуу балалык эгоцентризмден арылууга тырышат.
.
4. Формалдуу операциялар(11- 15 жаш). Бул –өтө маанилүү баалуулуктарды кайра баалоо,чыгармачыл, стандарттуу эмес, көбүнчө чындыктан абстракцияланган, көз карандысыз ой жүгүртүүгө умтулуу менен байланышкан инсандын өсүп-өнүгүүсүнүн эң татаал мөөнөтү. Бул – ишеничтердин, үмүттөнүүлөрдүн, жол тандоонун этабы. Бул убакта өспүрүмдүн психологиясыөздүк ишенимдер, баалуулук көрсөтмөлөрү, жаңы кишилер менен алака-катыш өңдүү категориялар менен байыйт. Билимге умтулуу рухий ориентирлерди, “идеалдуу” адамды же көңүл буруу жана кызыгуу бүтүндөй топтоштурулган кайсы бир ишмердик чөйрөсүнө багыт алууну издөө мүнөзүнө ээ болот. Көбүнчө ылгабастан, кээде арасынан тандап, маалыматтын интенсивдүү топтолушу жүрөт.
.
Ар бир баскычта Пиаже эки этапты: берилген деңгээлдин кайталанбас операцияларынын пайда болушун, кийинанын кайрадан өзүнүн баштагы калыбына келишин бөлүп көрсөтөт. өсүп-өнүгүүнүн бүтүндөй этаптарынын ичинде бала өзү бул учурга чейин түзгөн бардык менталдык (ой жүгүртүүчүлүк) карталарды колдонуу менен өз чөйрөсүн башынан өткөрөт. Эгер башынан кечирип жаткан тажрыйба кайталанса, анда ал оңой негиз боло алат – же баланын таанып-билүү түзүмүнө сиңишет (кайталанбас операция) жана бала менталдык тең салмактуулукту сактап калат. Эгер бул айырмаланган же жаңы тажрыйба болсо, анда бала тең салмактуулугун жоготуп, жаңы шарттарга ыңгайланышуу үчүн өзүнүн таанып-билүү түзүмүн (кайталанбас операция) өзгөртөт. Ушундай жол менен бала барган сайын көбүрөөк адекваттуу түзүмдөрдү курат.
.
Пиаженин теориясы окутууга кандай таасир этет?
.
Окуу программасы. Мугалимдер окуучунун өнүгүү деңгээлине төп келген, анын логикалык жана концепциялык жетилүүсүнө көмөк берген окуу программасын пландашы керек.
Көрсөтмө берүү. Мугалимдер тажрыйба аткарып жаткан сынчыл ролго же окуучуларды окутуудагы айлана-чөйрө менен карым-катышка маани бериши зарыл.
Мисалы, мугалимдер когнитивдүү (таанып-билүүчү) түзүмдөрдү орнотуудагы объекттердин өзгөрбөстүгү өңдүү фундаменталдуу концепциялардын ролуна көңүл бурууга тийиш.
#98 04 Июнь 2014 - 11:58
Бул суроону баарыбыз бере бербейбиз. Форумда байкашымча "эне", "апа", "мама" деген сөздөрдү өздөрүнүн дарегине уккандар. Кеңеш алып коюуну туура көрдүм

Келечекте кыздарыбызга эмнени үйрөтсөк, кандай тарбияласак кыздарыбыз адамгерчиликтүү, бирок ошол эле убакта өзүн дагы ойлогондой болушат?
Мен бир макаладан окуп силер менен бөлүшүүнү туура көрдүм. Төмөнкү тизмеде кыздарга эмнени үйрөтүү керек экендиги жазылган:
1. Биринчиден, өзүңдү сүй;
2. Мектеп - али чыныгы жашоо эмес. Буга даяр бол;
3. Жашооңдо көп "жаман" кыздарды жолугасың. Өзүңдүн кадырыңды түшүрбө, өтүп кет;
4. Эгер сен чыныгы досту тапсаң, канчалык алыстыкта болсо дагы аны кармап калганга аракет кыл;
5. Оокаттар сени бактылуу кылбайт;
6. Эч кимди сынаба, бирок сени сынашарына даяр бол. Чөкпө;
7. Көйгөйлөр, маселелер жашооңдун бүткөнү эмес;
8. Эмне үчүн күрөшүш керек экенин билип ал. Бүт эле нерсе үчүн күрөшө берүүнүн кереги жок;
9. Өзүңдү башкаларга салыштырба. Алар эч качан сендей болушпайт;
10. Башка бирөөнү аябай сүйүп жатсаң да, эч качан өзүңдү жоготпо;
11. Сүйлө. Өзүңдүн "үнүңдү" таап, аны колдон;
12. "Жок" сөзүн жаттап ал, аны колдонгондон коркпо;
13. Сен өзүңдүн жашооңдун тарыхын жазасың. Анын барактарын жакшы окуялар менен толуктаганга аракет кыл;
14. Эч качан эркектин артынан чуркаба, ал сени тапса, туура болот;
15. Комплименттерди туура кабыл алып, аларга ишен;
16. Чынчыл бол;
17. Өзүндүн чыныгы жүзүң менен бактылуу бол, жалгыздыктан коркпо;
18. Сезимдериң менен бөлүшүүдөн коркпо;
19. Талаш, бирок 8-пунктту эсиңен чыгарба;
20. Колуңа тийгеннерсени окуй бер. Билим - күч-кубат;
21. Жигиттин үйүнөн китеп көрбөсөң, андан кач (Үйүнө жаман оюңар менен барбагыла

22. Сен бирөөнүн менчиги эмессиң;
23. Өзүң үчүн тургудай бол, ардайым;
24. Жолуң болбой калуудан коркпо, сабак болот;
25. Сен шаардык гезиттин бетине чыгарбачу нерселерди эч качан электрондук түрдө жөнөтпө. Ал качандыр бир убакты калкып чыгат;
26. Башкаларга жардам бер. Жакшылыгың кайтып келет;
27. Сыпайлык бол, мүнөзүңдү ачат;
28. Интуицияңа ишен;
29. Сылык бол;
30. Сөздөрүңө караганда, жүрүш-турушуң сен жөнүндө көп айтат;
31. Сезимдериңди жашырба, аларды билдирүүгө жол тап;
32. Бардык нерседен кооздук жана жакшы жагын изде;
33. Күндөн крогоочу бет май колдон;
34. Сени жакшы көргөн адамдардан кол үзбө;
35. Ар дайым башыңды көтөрүп жүр. Ишенимдүүлүк менен өзүңө тартасың;
36. Ыйлагың келсе ыйла, жаштарыңдан жаңы күч тап;
37. Күлкү жан дүйнөң үчүн эң мыкты каражат;
38. Музыка катуу болуп жатабы, дагы чоңойтуп, бийле;
39. Сөз көпүрөө куруп, өрттөп да жиберет. Сөздү туура танда;
40. Үй сен жашаган жер эмес, сени жакшы көргөндөрдүн жаны;
41. Биринчилерден болуп кечирим суроо - алсыздыктын белгиси эмес;
42. Иште, катуу иште. Өзүңдү кам кыла ала тургандай бол;
43. Билем, сен мени кээде жек көрөсүң, бирок мен сени жакшы көрөм;
44. Сен жетиштүү адамсың;
45. Сен мага каалаган маалда айткың келген нерсени айт, мен ардайым жаныңда болом;
46. Дагы бир жолу, эсиңе тутуп ал: мен сени жакшы көрөм;
47. Сенин колуңан өзүң ойлогондон да көп нерсе келет;
48. Сен сулуусуң. Эч кимге өзүңдү төмөн сездиргенге жол бербе;
49. Жашоо бүгүнкү күн менен гана түзүлөт. Азыркың менен жаша. Сен кечээки менен эртеңки күндү контролдой албайсың. Бүгүнкү күн сенин колуңда, ошол үчүн жөн эле бактылуу бол;
Дагы бир пункт бар эле аны кошкон жокмун...
Дагы эмнени үйрөтүү керек? Өйдөдөгү пункттар туурабы?
Билдирүүнү түзөткөн: Umka220190: 10 Июнь 2014 - 17:12
#99 04 Июнь 2014 - 12:31
Балдарга деле үйрөтсөң болчуудай.) (Баарын эмес! Албетте).
Билдирүүнү түзөткөн: musulmanin: 04 Июнь 2014 - 12:32
#100 04 Июнь 2014 - 12:47
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев