Суперстан: Манасты кантип айтып калышкан? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Манасты кантип айтып калышкан? Манас эпосун талкуулайбыз

#21 Пользователь офлайн   kanat4ik   14 Январь 2014 - 14:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бул жердеги тамдар кытайча салынып,
Калпакчан алп кишинин Алтын такка отурушу
тартылган. Мен бул сүрөттү ”инагурация” деп
атап койдум. Такта отурган кыргыз калпакчан
алп адамга падышалык белги тапшырып
жатышат. Сүрѳттѳгү картада кыргыздардын жери экиге
бөлүнүп калганы көрүнөт. Ысык-Көл, Талас,
Баласагын жерлери Карахандар имппериясынын
аймагында болсо, Кыргыз империясы Кытайдын
түндүгүн ээлеп жатканы көрсөтүлгөн. Биз Манас
атабыздын Казат жолун үч түрдүү боёкто чийдик. Сары түс менен көрсөтүлгөнү боюнча узак
убакыт бою чөлдөр (Тарым жана Гоби) аркылуу
жүрүшү керек эле. Мындай болсо, аскеринин
көбүн, улоолорун кырып алмак. Экинчи жолду
көк менен сыздык, мында да аралыктын арбын
бөлүгү чөлгө туура келет экен. Ал эми, Саян- Алтай жак менен келген жолдо чөлдүк азыраак
болуп, негизинен түзөң жерлер менен бөксө
тоолор аркылуу баскан жолду кызыл менен
белгиледик. Биздин оюбузча, Алмамбет Манас
атанын колун мына ушул жол аркылуу Чет
Бээжинге (Беш Бээжинге) баштап барса керек.Прикрепленное изображение: c1aab19baed2dea673e86e2e4b3a4982.jpg
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   kanat4ik   14 Январь 2014 - 14:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Манасчы – бул өткөн-кеткенди, тээ качанкы бир атам заманды көз алдыңа элестеткен санжырачы.
Манасчы ким? Албетте, байыркынын баянын саймедиреген жомокчу. Ал өткөн доорду бүгүнкү күнгө байланыштырып турган көпүрө. Оңой эле бизди миң жылга артка алпарып коё алат.
Манасчы – бул жан-дүйнөңдү козгоп, көңүл эргитип айгай салган төкмө. Ойду нускалап айткан чечен. Жүлүндү муздатып, жүрөктү сыздаткан кошокчу. Ырчы гана эмей, ал ырды ойлоп чыгарган акын. Ага обон салган обончу.
Эр жүрөктүүлүктү даңаза кылып, чакырык таштаган эрен. Сөздү алтын, күмүш, бермет, жакут менен шөкөттөгөн зергер. Сөз менен баян кылып, сөз менен элес тарткан сүрөткер.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   kanat4ik   14 Январь 2014 - 14:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Манасчы – акылман, ал Манас айтат, насаат айтат, осуят айтат. Жипсиз байлайт. Манасчы жөн гана сөз эккен эмес, өнөр-билим себелеген, сөзү менен сыркоологонду айыктырган эмчи-домчу. Дартка даба дарыгер. Манас айтып жаан чакырган жайчы. Кыргыз дүйнөсүн тааныткан аалым. Манасчыбы – бул Манас айтып эртеңкини көрө билген олуя, кеменгер.
Манасчы – сырткы душмандан коргогон чеп сыңары. Душман менен кармашаарда колго кармаган өзүнчө эле бир ыйык курал. Каар күндөрү калкалап калаар калкагар тоо. Салтанат күндөрү желбиреген бийик Асаба. Манас айтканда өзүнчө бир илеби уруп турган – энергия. Күч-кубат.
Манасчы – бул Манастын кишиси, Жараткандын жердеги өкүлү. Рухуңду көтөрүп, көкөлөткөн өзүнчө бир кудурет. Куш учуу үчүн жаралса, манасчы Манас айтуу үчүн жаралат. Бүт өмүрүн керемет дастанга арнайт. Алар үчүн жашоо – бул Манас. Алардын өмүрү бүтсө да, өнөрү улана берет.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   kanat4ik   14 Январь 2014 - 14:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Манасчы – акылман, ал Манас айтат, насаат айтат, осуят айтат. Жипсиз байлайт. Манасчы жөн гана сөз эккен эмес, өнөр-билим себелеген, сөзү менен сыркоологонду айыктырган эмчи-домчу. Дартка даба дарыгер. Манас айтып жаан чакырган жайчы. Кыргыз дүйнөсүн тааныткан аалым. Манасчыбы – бул Манас айтып эртеңкини көрө билген олуя, кеменгер.
Манасчы – сырткы душмандан коргогон чеп сыңары. Душман менен кармашаарда колго кармаган өзүнчө эле бир ыйык курал. Каар күндөрү калкалап калаар калкагар тоо. Салтанат күндөрү желбиреген бийик Асаба. Манас айтканда өзүнчө бир илеби уруп турган – энергия. Күч-кубат.
Манасчы – бул Манастын кишиси, Жараткандын жердеги өкүлү. Рухуңду көтөрүп, көкөлөткөн өзүнчө бир кудурет. Куш учуу үчүн жаралса, манасчы Манас айтуу үчүн жаралат. Бүт өмүрүн керемет дастанга арнайт. Алар үчүн жашоо – бул Манас. Алардын өмүрү бүтсө да, өнөрү улана берет.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   kanat4ik   14 Январь 2014 - 14:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

ҮЧИЛТИК КАСИЕТИ ;
Саякбай атанын башка манасчылардан айырмаланып адамды, ар бир кыргызды, кыргыз тургай аны бир уккан угарманды улутуна карабай өзүнө тарта билген касиети эмнеде? Сакадай бою сары алтын, кудум чулу алтындан уютуп койгон сыяктуу бой-келбетиндеби? Же бүт он сегиз миң ааламга угуза айтып жаткан шекилдүү айгайлаган үнүндөбү? А балким дастан айтып жатканда тээ байыркы кылымдардын оюгуна кирип кетип, өң-келбети жүз кылым карыткан кейиптенип кеткен Сократ сүрдүү өңүндөбү? Бу манасчыны көргөн сайын көзүң тойбойт, уккан сайын кулагың тойбойт, көксөгөн сайын көкүрөгүң тойбойт. Демек, касиет даарыган экени шексиз. Кандай касиет? Ар кимди кызыктырат эмеспи. Манасчынын мындай сыйкыр талантынын сыры эмнеде экенин билүү максатында белгилүү врач, медицина илимдеринин кандидаты Исаева Жанаргүл Дүйшекеевна менен маектешип жатып, ошол соболдорго жооп тапкандай болдум. …Ар манасчы өз-өзүнчө талант. Бир окшоштугу –
алардын баары тегин жан эмес. Экинчи окшоштугу – баарына тең Манас түш аркылуу аян болуп кирген. Үчүнчүсү – бирине Манас кулагына угулат, бирине көзүнө көрүнөт, а кай бири көкүрөгү менен туюп айтат. Маселен, залкар манасчы Сагымбай Орозбаков «Манас» айтканда кулагына угулуп, ал аны элге баяндап берип турган. Келдибек манасчы болсо көзүнө ошол окуя кудум кинотасмадан өтүп жаткандай көрүнүп, ошол көргөн-билгенин айтып берип отурган. Кытайлык Жусуп Мамай атабыз өзү болсо көкүрөгү менен туюп билип баян этет.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   kyrgyzJigit   03 Февраль 2014 - 13:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 18 Июль 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2019 14:09
  • Жынысы:Эркек

САГЫМБАЙ ОРОЗБАК УУЛУ
Манасчылыктын эң эле көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Сагымбай Орозбак уулу 1867-жылы Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Кабырга деген айылда туулган. Ыбырайым Абдыракман уулунун эскерүүсү боюнча, ал саяк уруусунан, кожо эли, мойнок тукумунан болуп, түпкү аталары Жумгалды жердеген.

Турмуштун ар кандай түрткүлөрүнөн улам атасы Ормонду пааналап, анын сурнайчысы болуп туруп калган.
Сагымбайдын манасчылыгы тууралуу айта берсе сөз өтө эле арбын. Ал жөнүндө айтылган көз караш, пикирлер да аябагандай көп. Андыктан, биз анын манасчылыгына учкай токтолуп, замандаштарынын ал жөнүндө айткандарына кезек берели.
Сагымбайдын “Манасын” жазып, аны жандап жүргөн Ыбырайым Абдыракман уулунун айтуусунда, Сагымбай таң калычтуу учурларга өтө эле көп кезиккен. Ал кайып дүйнө менен кадимкидей аралашып, а түгүл анын чет-бучкагын Ыбырайымдын өзүнө да көргөзүп калган учурларын эскерет. Алардан бир мисал: “1924-жыл, январь айы, Ат-Башыда Манастын Алооке хан менен болгон окуясын жазып жатабыз. Жатканыбыз бир кичинекей там. Бир жолу түн ортосуна чейин жазып отуруп калдык. Мешке от жагып берип отурган 15 жаш чамалуу Сейитаалы деген бала бар эле. Бир маалда ошол баланын киргенин көрдүм. Кызуу жазып жатабыз. Бир маалда меш калдырап калды. Мен баягы бала от жагып жатат го деп ойлодум. Аңгыча Сагымбай мага: “Ээ, Ыбырайым. Сен кызык жигит экенсиң. Бирдемени билдиңби?” – деди. Мен: “Саке, эч нерсе билген жокмун, ал эмне экен?” – дедим. “Ай жолуң болгур. Мени бөөдө кыйнамай болдуң, кайыр, болбостур. Терезени калкала” – деди Сагымбай мага. Карасам, суудан көрүнгөн кишинин көлөкөсү сыяктуу ойноктогон жулмугуй, уйгур бөрктүү бала көрүндү.
“Бул Сагымбай эмне болуп жатат?” – деп, мен өзүм да коркуп калдым. Жатып калдык. Эртеси Сагымбай короонун ичинде жерди каранып жүргөн экен. Мага: “Мына бул эшектин изин карачы” – деди. Ал короодо эзели эшек жок эле. Из басып тышка чыкканы билинбей, ошол короонун ичинде, кардын үстүндө калган экен”.
Бул Сагымбайдын өмүрүнөн алынган бир гана мисал. Мындайлар аны бүтүндөй өмүр бою коштоп жүргөн. Эч нерседен эч нерсе жок жерден айыл иттери ызы-чуу түшүп, бир нерсени ээрчий чуркашып, абалап үрүп калганын көрүп түшүнбөй турган элге: “Баатырдын колу келди. Курмандыкка союш сойгула” –деген Сагымбайдын сөзү ары сырдуу, ары сүрдүү угулаар эле дешет. Анын жанындагы аксакал кишини көрүп чочуп кеткен аялын сооротуп, ал бала кезинен бери жанында келе жатканын, өзү кер мурут болгондо, ал да кер мурут болгонун, кара сакал болгондо, карасакал, аксакал болгондо, аксакал болгонун айтып жооткоткон. өзү өмүрүндө калп айтпаган, куулук-шумдук менен жумушу жок адам болгон. Андан үчилтиктин “Манас” бөлүмү гана жазылып, калганы манасчынын ден соолугуна байланыштуу болгон. “Манастын” да акыркы бөлүмдөрү өтө эле кыска айтылганын Ыбырайым эскерет. Мына ошол жазылып алынган материалдарынан эле, анын манасчылар арасындагы эң ири өкүл экендигин аныктайбыз. Бизге жеткен варианттардын арасынан бир да манасчынын варианты Сагымбайдыкындай бийик көркөмдүккө ээ эмес. Анын талантына башка эмес, манасчылар өздөрү да таазим этип, баш ийишкен. Мисалы, жыйырманчы кылымдын Гомери аталган Саякбай Карала уулу, бүркүтү Сагымбайдын күмбөзүнө конуп калгандыгына эле чексиз кубанып, өзүнчө ырым кылган.
Келдибек, Тыныбек, Нарбаш (Чоңбаш), Акылбек өңдүү манасчылардан эле таалим алып тим болуп калбастан, Сагымбай кыргыз жергесин түгөл кыдырып, айлап-жылдап манасчылар менен таалим-таасир алмашып жүргөн. Ал тургай, үркүп Кытайга барганда, ал жактагы Жусупакун менен да айтышып калган. Ошол себептүү анын “Манасы” кыргыз тилинин бардык диалектин ичине камтыган, сөз байлыгынын эң зор үлгүсү катары да кыргызга кызмат кылат.
Ал эми Сагымбайдын өзү жана сөзү жөнүндө төмөнкүдөй пикирлер айтылат,
Ысмайыл:
“Сагымбай чыкты Кочкордон,
Тандайын таттуу жараткан.
Сайрагысы келгенде,
Санаты бүтпөй таң аткан”.
Эл оозунан: “Сагымбай манасчылардын Манасы эле”,
Тоголок Молдо:
“Орозбактын Сагымбай,
Сайрап өттү жаңылбай.
Эсепсиз акын эр эле,
Эми калды табылбай”.
Сары үйшүн казактары: “Казак-кыргызда мындай олуя ырчы жок”.
Токтогул: “Кыргыздан мындай манасчыны көргөн эмесмин. Эстен тандым”.
Молдобасан: “Акындык жактан ага тең келген күчтү көргөн эмесмин. Биз анчейин анын баласы катарындабыз”.
Алыкул: “Сагымбай Орозбаковдуку болбосо, анда калгандары бизди “Манас” эпосунун күчүнө мынчалык таң калтыра албас эле. Сагымбайдын сөздөрүнөн башкалардыкына келгенде, төрт кабат үйдөн, бир кабат үйгө түшкөндөй ылдыйлай түшөсүң”.
Мына ушундай бийик сөздөр айтылган Сагымбайдан эпостун үчилтиги толук жазылбай калгандыгы кандай өкүнүчтүү! !! Ал өзүн семетейчи катары эсептеп, үчилтиктин ушул бөлүгүн эң бир чеберчиликте аткарчу дешет. Тилекке каршы, анысы бизге жеткен жок. Анын “Манасын” жазып бүтө жаздап калганда, Ыбырайым: “Саке, дагы канча калды?” – деп сураса, алдындагы чоң чарада турган эттен уучуна толо алдыртып: “Жазганыбыз уучуңдагыдай болсо, жаза элегибиз чарадагыдай калды” деген экен. Анысына караганда, залкар манасчынын “Манасы” ичинде кеткен экен деп аттиң дейсиң. Сагымбайдын оозунан жазылып алынган үчилтиктин “Манас” бөлүгү 180 378 сап ырдан турат. Анын “Манасы” аркылуу кыргыз бүтүндөй дүйнөгө сыймык кыла алат.
Булак Санжыра.фм

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   kyrgyzJigit   17 Февраль 2014 - 16:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 18 Июль 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2019 14:09
  • Жынысы:Эркек

Улан Исмаилов

02.02.2012 14:01 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз тили комиссиясынын «Кыргыз тили» төш белгисинин ээси (2005), манасчы Улан Исмаилов 1984-жылдын 8-июлунда Ысык-Көлдүн Жети-өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылында туулган. Бугунун желдең уруусунан. Ал Кичи-Жаргылчак орто мектебин аяктагандан кийин, 2003-2008-жылдары Каракол шаарындагы Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиядан билим алат.
Анын манасчылык жолго түшүшүнө, жаратман манасчыларга таандык аян себепкер болгон. 17 жаш курагында Улан мал менен тоодо жалгыз калып, күн батаар мезгилде уйларын саай турган болот. Бир кезде эле арт жагынан бир адамдын добушу чыккансыйт. Артына кылчайып карагыча, кимдир бирөө кежигесинен кыса кармап: «Токтот сааныңды, иттин баласы! өйдө туруп, тетиги дөбөгө чык!» - дейт. Улан буйрукту аткарып, дөбөгө чыгат. Аңгыча баягы аркасындагы адам: «Тетиги жерди кара, кайыптар келе жатат. Тушуңа келип токтогондо, үнүңдү бийик чыгарып салам айт, берген суроолоруна жооп кайтар. Тапшырма берсе моюн толгобой аткарам де. Сен тектүүнүн тукумусуң. Коркпо, корксоң ата-бабаңа шек кетет» - дейт. Улан айткан тарапты караса, коктунун этегинен төмөн карай өтө чоң куюн жүрүп келе жатыптыр. Дал тушуна келгенде, куюн бир орунга токтоп, айлана берет. Бир маалда куюндун өзөгүнөн чоң ак саргыл кула атчан баатыр суурулуп чыгат. Куюндан чыккан баатырдын эки көзү күйүп жанат. Баатырдын жалаң зоот кийими, асынган мылтыгы, оң колундагы көк тиреген найзасы даана көрүнүп, минген аты жер чапчып, туйлап турду. Бул баатыр Манас экендигин баягы аркасында турган адам айтат. Андан соң куюндан көк ат минген, узун бойлуу, кызыл жүздүү, колунда камчыдан башка куралы жок, ак сакалчан адам чыга келет. Бул ак сакал Бакай олуя экен. Бакайдан кийин куюндан Алмамбет чыгат. Анын аркасынан чубап, кырк чоро чыгат. Ошентип, Уландын аркасында турган адам баарын тааныштырып өтөт. Анан куюндан эң биринчи болуп чыккан баатыр Уландын маңдайына бастырып келип: «Эй какмар, биздин ушул жүрүшүбүздү айта жүр, айтканда да жөндөп айт! Айтпасаң, өз убалың өзүңө. Таштабай айтып жүрсөң, эмнеге ыктасаң, ошондон алдыда болосуң. Айтасыңбы?! » - дейт. Ошондо Уландын аркасында турган баягы адам: «Көтөр башыңды, үнүңдү бийик чыгарып айтам де, какмар!» - деди. Улан башын көтөрүп, карай калса, жанагы баатыр теше тиктеп турган экен. Аңгычакты, баатыр: «Биз күн чыгыш тарапка бара жатабыз, тетиги калың кол Коңурбайдын колу. Баланын оозу куру калбасын, оозуна бирдеме салып кой» - деди. Ошого чейин көзгө көрүнбөй Уландын аркасында турган адам бет маңдай келип, колуна сары майга көөлөнгөн талкан сунат. Улан талканды бир сугунуп, түгөтө албай коёт. Баягы адам калган талкандын баарын Уландын оозуна тыгып жиберет. Анан: «Эй какмар, баатыр сага батасын берген жок. Бир жылдан кийин ушул маалда баатырдын көмбөзүнө барып «Манас» айтып, Айкөлдүн жана Айкөлдү айтып жүрүп, көзү өткөн манасчылардын сынынан өтөсүң. Сындан өтсөң бата аласың, өтпөй калсаң майып болуп кайтасың. Мен Саякбай болом. Сени таптайм, андан аркасын билбейм» - дейт.
Мына ошол окуядан кийин Улан Таластагы Манастын күмбөзүнө барып, жети күн бою «Манас» баянын айтып кайтат. Кийинчерээк эл алдына чыгып, «Манас» эпосун айта баштайт.
2006-жылы Соң-Көлдө өткөн «Соң-Көлдү Манас жердеген» аттуу Эл аралык кароо-сынакта 1-орунга ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын акчалай сыйлыгы менен сыйланган. Ошол эле жылы Бишкек шаарында өткөн «Дүйнө элдеринин эпостору» аттуу Эл аралык фестивалдын дипломанты болуп табылган.
Уландын манасчылык өнөрү боюнча: Г.Айтпаеванын, А.Эгембердиеванын илимий эмгектери жарык көргөн.
2006-жылы У.Исмаиловдун айтуусунда, Кыргыз Улуттук телерадио компаниясынын «Алтын казынасына» «Манас» үчилтигинин «Манас» бөлүгүнөн «Манастын Ала-Тоого көчүп келиши», «Чоң казат» аттуу окуяларынын айрым үзүндүлөрү жазылып алынган. У.Исмаилов азыркы учурдагы салттуу манасчылык өнөрүнүн алып жүрүүчүсү.

Билдирүүнү түзөткөн: kyrgyzJigit: 17 Февраль 2014 - 16:07

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   vankuver   18 Февраль 2014 - 19:23

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

«Манас» эпосунун жаралышы жана анын доору
.
Көрүнүктүү изилдөөчүлөр С. Е.Малов,М. О. Ауэзов,А. Н. Бернштам, В. М. Жирмунский, Б. М. Юнусалиев,К. А. Рахматуллинж. б-дын пикири б-ча«Манас»эпосунда Эне-Сай кыргыздарынын 9—10-кылымдарда саясий жактан жогорулап турган мезгилден тартып айрым тарыхый окуялар чагылдырылган. Бул жыйынтыкка кошулуп «Манас» эпосунун жаралышы жана анын доору жөнүндө дагы башка пикирлерди айтууга болот. Эне-Сай кыргыздары 9—10-кылымдарда чыгышта Манжуриядан батышта Иртыш дарыясына, түндүктө КрасноярданТүш. -чыгыш Түркстанга чейинки аймакты ээлеген ири мамлекетти түзүшкөн. Алар бул мезгилден мурун да, кийин да мындай саясий ийгиликке жетишкен эмес. Ошондуктан, «Манас» эпосунун алгачкы түптөлүшүндөгү кыска варианты же анын башкы каарманы жонундөгү дастан-дар 9-кылымдын орто чендеринде айтылып калы-шы ыктымал. Ушул пикирге байланыштуу Эне-сай кыргыздарынын 840-жылдардагы согуш ийгиликтерине токтолуп кетүү зарыл.
.
6—9-кылымдарда Ортоңку Эне-Сай өрөөнүн мекендеген кыргыздар Борб. Азияда биринин артынан экинчиси үстөмдүк кылып келген Түрк, Карлук жана Уйгур кагандыктарына көз каранды болбос үчүн тынымсыз күрөш жүргүзүп келишкен. Ал окуялар жонундө кытай китептеринде жана Орхон-Эне-Сай жазуу эстеликтеринде жазылган. 820-жылдан тартып Эне-Сай кыргыздарынын кагандыгынын ортосундагы карама-каршылык өтө курчуган. 839-ж. уйгур өкмөтүнүн биринчи министри Гюйло Фу сарай төңкөрүшүн уюштуруп, Ху Дэле кагандын ордуна, анын жөндөмсүз уулу Кэси Дэлэни такка отургузат да мамлекетти өзү башкара баштайт. 840-ж. узурпатор Гюйло Фуга каршы аскер башчысы Гюйлу Мохэ көтөрүлүш жасап, кыргыз каганын жардамга чакырган. Бул абалдан пайдаланып, кыргыз ажосу 100 миң аскер м-н Моңголияга карай жортуулга чыгып, Орхон суусунун боюндагы уйгур кагандыгы-нын борбору Орду-Балыкты курчаган. Бир канча күндөн кийин шаар алынып, кыйратылган. Тарыхый маалыматтар боюнча кыргыз ажосу уйгур канынын сарайын талоо, өрттөөгө өзү катышкан. Каган Кэси Дэлэ өлтүрүлгөн, узурпатор Гюйло Фу дарга асылган. Орду-Балыкты кыргыздар ээлеп, өрттөгөндүгүн, анын калдыгынан (азыркы Эрдэни-Цзу калаасынан 50 км түндүгүндө Орхон дарыясынын сол жээгинде) табылган археологиялык буюмдар да ырастады. Эне-Сайлык кыргыздар 840-жылдардан кийин Түш. Сибирди жана Борбордук Азияда көп областтарды каратып алышкан. Алар түндук тарапта Красноярскиге чейин барышкан. Кыргыздарга тиешелүү көрүстөндөр ушул шаардын жанынан табылган. Уйгурлардын Кечжили тегин башчылык кылган бир бөлүгү азыркы Якутия — Байкал тарапты көздөй качып кетишкен. Алардын артынан кыргыздардын баргандыгын археологиялык табылгалар айгинелейт. Моңголиянын чыгыш райондорунун бириндеги Суджи дөңсөөсүнөн кыргыз акимине (же аскер башчысына) арналган эстелик биздин заманга чейин келип жетти.
.
Анда мындай жазуу бар: «Уйгур жерине йаглакар кан ата келдим. Кыргыз уулумун. Мен Бойла, даражалуу сотмун. Куттуу Бага таркандын буйрук берүүчүсүмүн Атак-даңкым (кабарым) күн чыгышка, батышка тийди (жетти)» (Орхон-енисей тексттери, Фр., 1982,191-6.).
.
Бул мүрзөнүн үстүндөгү ташка ыр түрүндө чегилген тексттин чоң мааниси бар. Убагында М. Ауэзов, А. Бернштам андагы Яглакар канды эпикалык баатыр Манастын прототиби дешкен эле. Аларды сындагандар да болгон. Кийинчерээк «йаглакар» аттуу уйгур кагандыгын башкарган уруу этноними болгонДУГУ далилденди. Бирок, Суджи эстелигиндеги Яглакар кан ата уйгур жерине келген кыргыз акими, Куттуу Бага таркандын буйрук берүүчүсү экендиги талашсыз. Анын аты м-н уйгурлардын йаглакар уруусунун этноними кокусунан төп келип калышы ыктымал. Суджи дөңсөөсүнө көмүлгөн атагы «батышка, чыгышка» тараган адам жонундөгү уламыштар, дастандар жаралып, кыргыздардын ичине кеңири тарап, узак убакыт жашагандай сезилет. Балким, М. Ауэзов ойлогондой Суджи эстелиги тургузулган мезгилде кыргыз элинин ажосунун жетекчилиги менен жетишкен жеңиштери тууралуу «Манас» эпосунун биринчи ырлары жаралган чыгар.
.
Кыргыздар Орду-Балыкты алгандан кийин уйгурлардын Уцзе тегин, анданкийин Эньянь башчылык кылган ири тобу Чоң Хинган жана анын түштук-батыш тарабында жашаган шивэй урууларына көчүп барууга аргасыз болушкан. Кыргыз каганы аларга каршы 848-ж. жортуул уюштурган. Анын биринчи министри Або башчылык кылган 70 миң жоокери Гоби чөлү аркылуу өтүп, шивэйлерди жеңип, уйгурларды туткундап кайтып келишкен. Моңголиянын Чыгыш Гоби аймагындагы Барун Бичигт жергесинде аскага чегилген атчан жоокердин сүрөтү тартылган. Анын чегерүү ыкмасы, аттын жабдыктары Эне-Сай кыргыздарынын эстеликтерине өтө окшош экен. В. В. Волков Гобидеги бул сүрөттү кыргыздардын уйгурлар менен күрөшүнө байланыштырат. Балким Барун Бичигттеги аскага чегерилген атчан жоокер Або башчылык кылган кыргыз отряды Гоби чөлүнөн өтүп бара жатканда тартылгандыр. Эне-Сай кыргыздарынын 848-ж. Манжурияда жашаган шивэй урууларына жасаган жортуу-лу «Манас» эпосунда чагылдырылып калышы ыктымал. Бул ойду аныктоо үчүн 16-кылымдын башталышында Сейф-ад-Дин Аксыкенти жазган«Мажму ат-таварих»аттуу эмгектен айрым маалыматтарды келтирелик.
Анда Манас баатыр менен Жолойдун согуштары баяндалган. Алардын биринде калмактар жеңилип артка чегинишет. Бирок, Жолой жаңы күч менен Ат-Башы аркылуу Кара-Кыштакка чабуул жасайт. Ага онмиң солон, шивейлер жардамга келет. Буга карабастан Жолой жеңилип, Манастын найзасынан каза болот. Бул окуялардан солон менен шивэйлер жонундөгү кабарга токтололук. «Мажму ат-таварихтеги» тарыхый каармандарды жана жазылган окуяларды негизинен 14—15-кылымдарда болгондугун аныктоого болот. Аларга Чыгыш Тянь-Шанда жашаган кыргыздар да катышкан. Ал окуялар «Мажму ат-таварихте» чагылдырылган. Бирок ,ойроттордун 15-кылымдагы Моголистан менен согуштарына, алардын Орто Азияга жасаган жортуулдарына солон, шивеэйлер катышкан эмес. Ал жонундө тарыхый маалыматтар жок. Тогон, Эсен кандардын (15-к.) доорунда Ойрот мамлекети менен чыгыш Моңголия күч м-н убактысынча гана бириктирилген. Ал эми Манжурияда жашаган солон, шивэй урууларын ойрот кандары каратып алган эмес. Ырас, солон, шивэйлердин бир бөлүгү 1760-ж. Синьцзян аймагына көчүрүлүп, андагы элдер менен аралаш жашап калышкан. Ал эми 848-жылдан тартып «Мажму ат-таварих« жазылганга чейин (16-к.)алар менен кыргыздардын ортосунда эч кандай байланыш болгон эмес. Ошондуктан 19-кылымдын орто чениндеги Або жетекчилик кылган кыргыз жоокерлеринин шивейлерге жасаган жортуулу «Манас» эпосунда чагылдырылып калган байыркы тарыхый окуя деп атоого негиз бар. Айтмакчы солондор Ички Моңголияда, Чоң Хинган-дын чыгыш этектеринде шивэйлер менен коңшу жашашкан. Алар шивэйлерге жардам берип, Абонун жоокерлерине каршы согушка катышып калышы мүмкүн. Мына ошондуктан «Мажму ат-таварихте» солон менен шивэйлер калмактардын Манаска каршы союздашы катарында сүрөттөлүп калса керек.«Манас» эпосунда анын башкы каарманы ар тарапка, алыскы жерлерге жортуулга баргандыгы айтылат. Бул Эне-Сай кыргыздарынын 840-жылдардан кийин саясий жактан жогорулап турган доорду элестетет
.
. 9-кылымдын экинчи жарымында Эне-Сай кыргыздары түндук-батышта азыркы Новосибирск, Томскиге чейин барышкан. Аны Кемерево жана Новосибирск областарында табылган кыргыз вазалары, көрүстөндөрү айгинелейт. Ушул эле мезгилде алар Тоолуу Алтай аймагына кирип барышкан. Ага Усть-Кан районундагы Мөндүр-Соккон кыштагынан Торпок аттуу даңктуу кыргызга арналган руникалык жазуу далил боло алат. Эне-Сай кыргыздары батыш тарапта Иртыш дарыясына чейин барышкан. Археолог |Ф. X. Арсланова]] бул суунун боюндагы Бобров кыштагынан өрттөлүп көмүлгөн (бул Эне-Сай кыргыздарынын адаттары) көрүстөндөрдү изилдеген. Ушундай мүрзөлөр Чыгыш Казакстандын Шемонайхинск районунан табылган. Ошентип Эне-Сай кыргыздарынын мамлекетине батыштагы Иртыш дарыясына чейинки жерлер кошулган. Бул ири дастандарды жарата турган окуя.«Манас» эпосунда 9—10-кылымда болуп өткөн тарыхый окуялардан сүрөттөлүп калган экинчи фактыны (шивэй, солондордон кийинки) Эне-Сай кыргыздарынын ушул мезгилде саясий жактан жогорулап турган жалпы доору менен байланыштырса болот. Алардын Борбү Азияда ири мамлекетти түзүү учурундагы согуш ийгиликтери «Манас» эпосунун алгачкы вариантына негиз болушу ыктымал.
.
Бул жонундө атактуу түрколог С. Е. Малов мындай деп жазган: «Эпос негизинен кыргыздардын тарыхында орчундуу окуялар өтүп жаткан мезгилде, атап айтканда б. з. 9-кылымда пайда болгондугу талашсыз». Бирок «Манас» эпосунда ошол доор-догу чагылдырылган окуялар бара-бара өзгөрүлүп, Эне-Сай кыргыздарынын 9 — 10-кылымдардагы согуш ийгиликтеринин жалпы фону, элеси гана сүрөттөлүп калгандыгы сезилип турат. Алардын ордуна Чыгыш Тянь-Шань, Жунгария, Жети-Суу жана Орто Азияда болуп өткөн тарыхый окуялардын сюжеттери кирген. Мындан тышкары «Манас» эпосундагы үчүнчү тарыхый фактыны «Кенжут» деген жердин аты менен байланыштырса болот.
.
Рашид ад-Дин (13-к.). ж. б. авторлордун китебинде Жогорку Эне-Сай Кемжиют деп аталат. 9—12-кылымдарда анын аймагында Эне-Сай кыргыздарынын бир бөлүгү жашаган жер, дарыянын аты Кемжиют бара-бара(«Манас» эпосунда)Кенжут болуп аталып калышы мүмкүн. Бул жонундөгү[[[Ауэзов Мухтар Оморханович|М. Ауэзов]]дун пикирине кошулса болот.
.
Эми«Манас» эпосундаТянь- Шань аймагында болуп өткөн тарыхый окуялардын чагылдырылышына токтолобуз.
.
Биздин оюбузча бул эпостун жаралышы Эне-Сай кыргыздарынын Чыгыш Тянь-Шань жана Жети-Сууга көчүп келиши менен тыгыз байланышы бар. Чыгыш авторлорунун маалыматтары Эне-Сай кыргыздары Пан-тегин башчылык кылган уйгурлардын тобун кууп Тянь-Шань жана Жети-Сууга чейин келишкен. 843-ж. алардын Кытай өлкөсүнүн борборуна келген элчиси Табу мындай кабарды айткан: «(кыргыздар) Аньси (Куча).Бэйтин (Бешбалык), дада (Татар) жана беш аймакты (урууну) баш ийдирип алышты». Бул маалымат 840-жылдары кытай имераторунун биринчи министри болуп иштеген Ли Дэ Юйдун өмүр баянында да жазылып калган. 843-ж. ажонун ордосуна барып келген императордун элчиси Чжао Фанда кыргыздардын Куча жана Бешбалыкка чабуул коюп жаткандыгын кабарлаган. 1913-ж. окумуштуу Альберт Ле Кок Чыгыш Түркстандын (Кучанын батыш тарабындагы Кум-Тур кыштагынан) эки живопистин фрагментин тапкан.Ю. С. Худякованын экин-чисиндеги соот кийинген жоокерлердин ак кийинген адамга кол салып жаткан сүрөтүн изилдеп, алардын тартылышы Миң-Суу(Мину- син) жана Тувада табылган эстеликтер менен окшош экендигин аныктаган. Ю. Худяковдун пикири боюнча Кум-Турдагы сүрөт Эне-Сай кыргыздарынын 840-жылдардагы согуш аракеттеринин убагында тартылышы ыктымал.
.
10-кылымдын аягында жазылган «Дүйнөнүн чек арасы» аттуу перс тилиндеги эмгектен төмөнкүдөй мазмундагы маалыматты окуйбуз: «Пенчул (азыркы Үч-Турфан) карлукөлкөсүндө жайгашкан, аны мурун тогузгуздар (уйгурлар) ээлеп турушкан, азыр кыргыздар басып алышты». Ушул эле китепте кыргыздардын Жети-Суу өрөөнүндө, Чыгыш Түркстандын аймагында жашап тургандыгы жазылган. Эне-Сай кыргыздарынын бир бөлүгү 19-к-дарда Тянь-Шань тоолоруна келгендигин археологиялык табылгалар да далилдейт. 1961-ж. Жунгар Ала-Тоосунун жанындагы Текели шаарынан алыс эмес жерден 76 темир жана коло буюмдары табылган. Алар 8—10-кылымдардарда жасалыптыр. Бул буюмдар менен Чыгыш Казакстандагы Зевакино жана Бобровдогу кыр-гыздардын көрүстөндөрүнөн казылып алынган табылгалар менен өтө окшош экен. Край таануучу А. М. Фетисов 1891-ж. Кочкор өрөөнүндө археологиялык изилдөөлөр жүргүзгөн. Анын тапкан буюмдары азыр мамл. Эрмитажда сакталып турат. А. Н. Бернштам бул буюмдарды 8—9-кылымдарда жасалып, алар Миң-Суу ойдуңундагы Копён Чаатастан казылып алын-ган ушундай археологиялык табылгаларга окшош экендигин далилдеди. Мындан тышкары А. Н. Бернштам Нарын дарыясынын боюнан табылган № 102Аламышык көрүс-төнү м-н Эне-Сайөрөөнүндөгү 8—9-кылымдарга тиешелүү мүрзөлөрдүн көмүү адаттары окшош экендигин да аныктады. Анын пикири боюнча бул окшоштук Эне-Сай кыргыздарынын 10-кылымда Тянь-Шанга көчүп келгендигин айгинелейт.
.
Жогорудагы келтирилген маалыматтардын ичинен Бешбалык шаары жонундөгү кабарга бурабыз. Биздин пикирибиз боюнча «Манас» эпосундагы Орду-Балыкка байланыштуу алгачкы сюжеттер бара-бара Эне-Сай кыргыздарынын Бешбалыкка карай жортуулундагы окуялар м-н алмаштырылып калса керек. Бешбалык — Чыгыш Тянь-Шандын түндук этегинде орун алган байыркы ири шаар. Ал Кытай булактарында Бэйтин, мусулман китеп-теринде Бешбалык деп аталат. Анын урандысы азыркы Үрүмчү шаарынын жанындагы 9-кылымдын биринчи жарымында Чыгыш Түркстан өз алдынча майда саясий бөлүкчөлөр, шаар-мамлекетчелерге бөлүнгөн. 840-ж. канзаада Пан-тегин башчылык кылган уйгурлардын ири бөлүгү Батыш-Түш. Моңголия аркылуу Тарбагатай. тоолорунда жашаган кыргыздарга качып келишкен. Кыргыз жоокерлери аларды тынымсыз куугунтуктоого алышкан. Ошондуктан ,Пан-тегин кол алдындагылары менен Тянь-Шань тоолорун карай качып барып, Куча, Бешбалык, Карашаарды ээлеген. Бирок, жогорудагы тарыхый маалыматтарга караганда кыргыз жоокерлери алардын артынан Тянь-Шань тоолоруна келип, уйгурларды Бешбалыктан тартып Үч-Турфанга чейинки жерлерден сүрүп чыгарышкан. Пан-тегин башчылык кылган уйгурлар болсо Турфан ойдуңуна орношуп кыргыздар менен болгон согушту улантышкан. Алар 860-жылдары Бешбалык шаарын кайтадан ээлешкен.
.
Ошентип, Чыгыш Тянь-Шандагы кыргыздар менен уйгурлардын ортосундагы согуш узакка созулган. Бул кармашуулар элдердин эсинде узакка сактала турган санжыра, дастандарды жарата турган окуя болуп саналат.
.
Айтмакчы 840-жылдары уйгурлардын артынан Тянь-Шань тоолоруна келген Эне-Сай кыргыздардын бир бөлүгү Бешбалыктын түндук-батышынан тартып Аксу, Үч-Турфан шаарларына чейинки жерлерде биротоло жайгашып калышкан. Аны чыгыш изилдөөчүлөрүнүн маалыматтары далилдейт. Тянь-Шаньтоолоруна келген кыргыздардын негизги бөлүгү Манас ойдуңунан тартып жунгар тоолоруна чейинки аймакта көчүп жүрүшү ыктымал. Ал эми Манас дарыясы 10-кылымга чейин «Ли-и-дэ-цзянь» деген ат менен белгилүү болгон. 1223-ж. жазылган кытай автору Сю Сундун китебинде ал дарыя «Манас» деп аталып калган. Атактуу Елюй Чуцайдын уулу Елюй Си-лян бул дарыянын боюна 1261-ж. келген экен. Демек, Манас дарыясынын аты 10—13-кылымдардын аралыгында пайда бол-гон. Бирок ушундай эле географиялык ат Индияда, Түн. Кавказда да кездешет. Ушул себептен айрым окумуштуулар «Манас» эпосу менен Чыгыш Тянь-Шандагы «Манас» деген географиялык аттын ортосунда кандайдыр бир байланыш болуп калышын төгүнгө чыгарышат.
.
Бирок, 840-жылдардан баштап кыргыздардын бир бөлүгү Манас өрөөнүндө жашап тургандыгы белгилүү. Балким алар Манас дарыясы куйган көлгө Манастын атын берген чыгар. Ал дарыянын боюндагы шаарга Манастын ысымынын берилиши да бекеринен болбосо керек. Манас шаары жонундө алгачкы маалымат «Мажму ат-таварих-те» кездешет. Андагы кабар боюнча 14-кылымдын акыркы чейрегинде Батыш Казакстан жана Волга боюндагы Алтын ордо мамлекетин башкарган Токтомуш кан Манас баатырга Манасия шаарын куруп берет. Чындыгында эле Токтомуш — кан Тимур менен көп жолу согушуп, О. Азияга бир канча жолу жортуул жасаган. Ушул мезгилдерде Чыгыш Түркстан, Жети-Суу жана Жунгарияны бийлеген Моголетан кандары анын союздаштары болушкан. Бул тарыхый окуялар «Мажму ат-таварихте» анча-мынча чагылдырылган. Бирок Манас щаарынын Токтомуш тарабынан негизделиишне ишенүүгө болбойт. Анткени, ал Моголстан мамлекетинин аймагында болгон да эмес жана башкарган да эмес. Манас шаарынын тарабынан курулганына карабастан анын 14-кылымга чейин эле бар экендигин танууга болбойт. «Мажму ат-таварихтеги» ар кандай асгендарлык маалыматтарга карабастан Манас :шаарынын Манас баатырга арналып негизделишинде кандайдыр бир али тарыхый данек бардай сезилет. Ч. Валихановдун жазып алган маалыматы боюнча кыргыздар Манас шаарын жана жогорку Иртыштагы Манас жайлоосун Манас баатырдын ысмы менен байланыштырышат. Мында да чындыктын үлүшү болушу мүмкүн. «Манас» эпосунун биринчи— Чыгыш Тянь-Шанда, атап айткан Манас өрөөнүндө жашаган кыргыздардын арасында жаралса керек. Манас дарыясы агып чыккан тоолордун бир жак капталын байыркы Бэйтин — Бешбалык орун алган. Айрым манастаануучулар «Манас» эпосун-жжгы Бээжинди Пекин менен айкалыштырышат. Бул пикирдин негизи жок. Анткени Пекин Кытайдын «Түндүк борбору» катарында 1425-жылдан бери гана белгилүү. Ошол мезгилден тартып 18-кылымдын экинчи жарымына чейин кытай менен кыргыздардын ортосунда эч кандай карым-катнаш болгон эмес. Ал эми 840-жылдардан баштап Чыгыш Тянь-Шанда, айрыкча, Бэйтин-Бешбалык тарапта уйгур менен кыргыздардын ортосунда ири кагылыштар болуп тургандыгы маалым. О. эле кыргыздар Тянь-Шань тоолоруна келгенден кийин ислам, уйгурлар болсо будда динин кабыл алышкан. Бул окуя алардын ортосундагы күрөштү ого бетер курчуткан. Жогорудагы айтылгандардын негизинде «Манас» эпосундагы Бээжинди Бэйтин-Беш-балык менен окшоштурууга болот. «Манас» эпосундагы Чыгыш Тянь-Шань жана Жети-Суу аймагында болуп өткөн тарыхый окуялардан чагылдырылып калган экинчи фактыны Беш-балыктан кийинки Каракара деген ат менен байланыштын бар экени Каркыра деген макалада айтылган.«Манас» эпосунда Чыгыш Тянь-Шань жана Жети-Суу аймагында чагылдырылып калган үчүнчү тарыхый фактыны Караханийлер доору менен байланыштырса болот. 10-кылымдын орто ченинде чигил уруусунан чыккан Сатук Абд ал-Керим Карахан Ат-Башы — Кашгар айланасында Караханийлер мамлекетин негиздеген. Ал жана аны жактагандар Бухарадан качып келген Саманийлик канзаада Абу Насрдын жардамы менен мусулман динин кабыл алыш-кан. Алар каапырларга каршы күрөш урааны менен Кашгария, Борб. Тянь-Шань ж-а Жети-Сууну каратып алышкан. Сатуктун мурасчы-лары 10-кылымдын аягында батышта Аму-Дарыяга чейинки жерлерди жеңип алышкан. 1020-жылдары Караханий Жусуп Кыдыр кан Газневий султан Махмуд менен жолугушуп, ошол мезгилдеги Орто жана Кичи Азиядагы эң ири мамлекеттик башкаруучулары өз ара милдеттенмелерди кабыл алышкан. Алардын ортосундагы сүйлөшүүлөр Манастын Аму-Дарыянын боюндагы Акун кан менен жолугушкандагы милдеттенмелер менен өтө окшош.«Манас» эпосунда Караханийлер мамлекетинин борбору Баласагун (азыркы Токмоктун түштүк тарабындагы Буранада) ж-а Саманид Абу Насрдын ысымдары да кездешет. Бул эпостогу алардын аттары китептердеги маалыматтар аркылуу кошулуп калган болбосо, анда Баласагун жана Абу Наср Караханийлер доорунан чагылдырылып калган тарыхый факт болуп эсептелет.
.
Кандай болсо да «Мажму ат-таварихтеги» Манас баатырдын диний насаатчысы Айкожону Саманид Абу Наср менен окшоштурууга болот. Караханийлер доорунда Чыгыш Тянь-Шань жана Жети-Сууда жашаган кыргыздар мусулман динин кабыл алышкан. Аны 11 — 12-кылымдардын аралыгында жашаган ал-Марвазинин маалыматы далилдейт. Жогоруда Эне-Сай кыргыздары каза болгондорун өрттөп көмгөндүгүжонундө археологиялык фактылары кел-тирилди. Ал-Марвази, бул алардын мурунку салты болгон, ал эми кыргыздар мусулмандардын кошунасы болгондон баштап өлгөндөрүн көмүү адатына өттү деп жазган. Чындыгында эле ислам Караханийлер кагандыгынын мамл. дини болуп 11-к-да чыгыш тарапта Черчен, Куча, Ала-Көлгө чейин тараган. Демек, ошол мезгилде Чыгыш Тянь-Шанда жашаган кыргыздар мусулмандардын кошунасы бол-гондуктан алардын таасири астында каза бол-гондорун көмүү салтына өтүшкөн. Ошентип, «Манас» эпосуна ислам дини үчүн күрөш урааны 9-кылымда кирген деген туура болот.
.
Ырас, тарыхый маалыматтар боюнча кыргыздар 16-кылымда да мусулман болушкан эмес. Алар менен бирге Моголстан мамлекетинде жашаган көп элдерда башка диндерге сыйынышкан. Бул өзгөрүштү Караханийлер доорунда мусулман динин кабыл алган көп уруулар ар кандай себептер менен башка диндерге өтүп кетиши менен түшүндүрсө болот. Алардын ичинде тян-шандык кыргыздар да 13-кылымдан кийин ислам дининин калдыктарын сактоо м-н бирге мурунку көп кудайга сыйынуу адаттарына өтүшсө керек.
.
«Манас» эпосунун жаралыш доору биздин оюбузча эпостун алгачкы сюжеттери 840-жылдардан кийин түзүлө баштаган. Аларда ошол мезгилдеги Эне-Сай кыргыздарынын саясий жактан жогорулап турган доорундагы согуш окуялары баяндалышы мүмкүн. Манас баатыр Орду-Балыкты ээлеген кыргыз каны, аскер башчысынын прототиби болушу ыктымал. Болжол менен Манас» эпосунун биринчи варианты Караханийлердин саясий жактан күчөп турган доорунда, б. а. 11-кылымдын биринчи жарымында түзүлүп бүткөн. Андагы мурунку сюжеттер бара-бара Тянь-Шань аймагында болуп өткөн тарыхый окуялар менен толуктал-ган. «Манас»эпосу Манас өрөөнү жана анын батыш тарабында жашаган кыргыздардын арасында жаралган. Алар менен уйгурлардын ортосундагы карама-каршылыктардын натыйжасында «Манас» эпосундагы Орду-Балык жонундөгү ырлар Бешбалык-Бэйтинге байланыштуу окуялар менен алмаштырылып кетиши мүмкүн. Перс автору Джувейнинин (13-к.) маалыматы боюнча кара кытайлардын гурханы Елюй-Даши 1120-жылдары чыгыштан уйгур Тур-фан княздыгы аркылуу келе жатып кыргыздарга жолуккан, алар катуу каршылык көрсөткөндүктөн Жунгариядагы Эмиль өрөөнүнө келип токтогон. Андан бир аз убакыт өткөндөн кийин гурхан Караханийлердин борбору Баласагунду, Кашкарды ж-а Хотанды каратып алып, кыргыздарга каршы жоокерлерин жиберген. Алар кыргыздарды жана Бешбалыкты жеңип кайтып келишкен. Бул окуя «Мажму ат-таварихте» чагылдырылып калган. Андагы легенда боюнча имам Ибрахим гурханга каршы күрөшкө Тянь-Шань ж-а Ферганада кыргыздардын оң жана сол бөлүгүн уюштурган. Имам өзү 1136-ж. дүйнөдөн кайткан. 13-к-да Ал-малык шаарында (Или өрөөнүндө) жашаган Жамал Каршинин маалыматы боюнча Чыгыш Караханийлердин каганы Ибрахим ибн Ахмед да кара кытайларга каршы согушта шейит болгон Бул «Манас» эпосунда сүрөттөлүп келген кыргыз менен кытайлардын кагылышууларына гурхандын 1120-жылдары Тянь-Шань аймагында жашаган мусулмандарга каршы жасаган жортуулдары негиз болуп калган. Кара кытайлардын О. Азия элдеринин айрыкча кыргыздардын арасына сиңип кетиши да бекеринен эмес. 0. Азиялык автор Абд ар-Раззак Самаркандинин эмгегинде Тимурдун небереси Искендердин 14—15-кылымдардын аралыгында Моголстанга жасаган жортуулу жонундө баяндалган. Андагы маалымат боюнча Искендер Хотандын жана Или өрөөнүндөгү Алмалыктан ондогон сулуу айымдарды, кыргыздарменен Бешбалыктан сүйкүмдүү кыздарды чоң атасына тартууга жиберген. Бул тарыхый факт «Мажмуат-таварих» жазылардан жүз эле жыл мурун кыргыздардын Бешбалык шаарына чектеш жашап турушканын далилдейт.
.
Демек, Эне-Сайдан Тянь-Шань тоолоруна 840-жылдары көчүп келген кыргыздардын негизги массасы Бешбалыктын түн.-батыш тарабын, тактап айтканда Манас өрөөнүн мекендеп калышкан.«Мажму ат-таварих» м-н «Манас» эпосунун варианттарында моңгол доорунан кийинки тарыхый окуялар, айрыкча кыргыз ж. б. Орто Азия элдеринин калмактарга каршы күрөшү көбүрөөк чагылдырылып, алар мурунку сүрөттөлгөн сюжеттерди сүрүп чыгарышкан. Мындан «Манас» эпосунун мазмуну улам жаңыланып, толукталып тургандыгын, анын башкы каарманы Манас биздин доорго жакындаган сайын чыныгы тарыхый баатырдын эпикалык каарманга айланып кеткендиги байкалып турат.
.
.
Жыйынтыктап айтканда «Манас» эпосунун биринчи варианты болжол менен 840-ж. 11-кылымдын аралыгында жаралган. Анын алгачкы сюжеттери тарыхый окуяларга негизделген. Бирок, алардын мазмуну бара-бара кыргыз менен уйгурлардын, кара кытайлардын Тянь-Шань аймагында болгон кагылышуулардагы фактылар менен алмаштырылган. «Манас» эпосу Манас өрөөнү жана анын батыш тарабында жашаган кыргыздардын арасында жаралган. Андагы Бээжинди Бешбалык шаары менен окшоштурууга тарыхый негиз бар. Кыргыздардын караханийлердин таасири менен мусулман динине өтүшү «Манас» эпосунун маз-мунуна ири өзгөрүштөрдү кийирген. 13-кылымдан кийин Орто Азия моңгол, айрыкча ойрот калмактардын чабуулуна байланыштуу «Манас» эпосунда Эне-Сай кыргыздарынын, караханийлердин жана кара кытайлардын доорундагы сюжеттердин дээрлик бардыгы алмаштырылган. Жогорудагы тарыхый фактылардын негизинде «Манас» эпосун мындан миң жыл мурун жаралган деп айтууга болот.

Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   kyrgyzJigit   19 Февраль 2014 - 13:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 18 Июль 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2019 14:09
  • Жынысы:Эркек


Сыдыков Дөөлөтбек
“Манас-мурас” коомдук фондунун мүчөсү, “Манас” банкынын стипендианты Сыдыков Дөөлөтбек Качкын уулу 1983-жылдын 24-августунда Ысык-Көл областына караштуу Тоң районундагы Шор-Булак айылында төрөлгөн. Он эки бир туугандын тогузунчусу. Манасчылык Дөөлөтбектин чоң атасы Сыдыктан бери келе жаткан өнөр. Сыдык Чымырбай уулу (1887-1951) саяктын кааба уругунан чыккан жамакчы, дастанчы, семетейчи болгон. Сыдык Чымырбай уулу, Баатыркан болуштун семетейчиси, саяпкери болгон Деңизбайдын (Дөңүзбайдын) шакирти катары белгилүү болгон. Кийин Сыдыктын жолун жолдоп, уулу Качкын да эл ичинде “Семетей” айтып калган.
Ал эми Дөөлөтбек кичинекей кезинен эле түшүнөн аян берип, ошондон улам айта баштаган. Баатырлар кийин да түшүнө кирип турган. Бир жолку түшүндө Бакай аба менен үйүндө отурган болот. Бакай кимдир бирөөнү күтүп атыптыр. Бир аздан соң эшикке чыгышат. Сыртта бир коркунуч болуп, Алгарасын минип Коңурбай келип калат. Алгаранын омуроосу тамдын шыбынан да бийик экен. Бакай менен Коңурбай кадимкидей учурашып, туугандардай мамиледе болгонуна, карап турган Дөөлөтбек таң калат. Коңурбай Алгаранын чылбырын Дөөлөтбекке кармата берет. Ал чылбырды кармап, ар кандай ойлорго берилген боюнча ойгонуп кетет.
Дөөлөтбектин жетишкен ийгиликтери төмөнкүлөр:
1996-жылы манасчы Мамбет Чокмор уулунун 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн жаш манасчылардын кароо-сынагында 1-орунга татыктуу болот;
1999-жылы өткөн “Жаш таланттар” аттуу Республикалык фестивалда 2-орунга ээ болот;
Ушул эле жылы өткөн Республикалык “Жаш манасчылардын сынагында” 3-орунга татыктуу болот;
2004-жылдын 25-26-октябрында Таласта өткөн, Назар Кайыптын 230 жылдык мааракесине арналган Республикалык манасчылар мелдешинде 3-орунга ээ болот;
2005-жылдын 15-16-октябрында Бишкекте өткөн «Башканы коюп, Манасты айт» аттуу Республикалык манасчылар мелдешинде 1-орунга жетишет;
2005-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан “Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланган;
2007-жылы Ат-Башы жергесинде өткөн “Кошой коргон” телесынагында 2-орунга арзыган.
Дөөлөтбек учурда Кыргыз Улуттук консерваториянын 4-курсунда, манасчылык классында, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, манасчы Назаркул Сейдракмановдон билим алат. “Сейтек” эпосунун өз вариантын жазып, басмага даярдоодо.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   kyrgyzJigit   19 Февраль 2014 - 13:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 18 Июль 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2019 14:09
  • Жынысы:Эркек

Мамбет Чокмор уулу

Тоң аймагына караштуу Корумду айылынан, бугунун кыдык уруусунан чыккан Мамбет Чокмор уулунун өнөр аркалап калышы башка манасчыларга окшош болгону менен, өзгөчөлөнүп турган жактары да бар. өз айтымына караганда, ага баатырлар өң менен түштун ортосунда, болбосо, кадимкидей эле ойгоо кезинде жолуккан.

Жыйырма жаш курагында Тастар-Ата деген жерде уй минип кой кайтарып жүргөн жеринен сырдуу окуяга кабыл болот. Ал көк туу көтөргөн көп кошуунду көрөт. Алардын арасынан бирөө бөлүнүп чыгып: “Бизди тааныйсыңбы? ” – дегендей өктөм үн чыгарат. Мамбет тааныбастыгын айтканда: “Найза менен сайып ташта!” – деген өкүм үн чыгат. Анан бирөө жанына келип, иштин жайын түшүндүрүп, Манасты тааныштырып: “Эми сен Манас айтасың!” – деп, төшүнө мөөрүн басат. Ошондон тартып, өзүнчө жалгыз калганда Манас айта баштайт. Кокус бирөө-жарым көрүп калса, эстен танып жыгылчу болот. Акыры кыйналып, бир ныптасы иштебей шал болуп да калат. Анын оорусунун себебин аңдаштырып билген Тыныбектин шакирти, өзүнүн таекеси Деңизбай (Дөңүзбай) эл арасына алып чыгып айттырып, ошондон тартып иши оңолуп, илдети жоголуп, эл аралап Манас айтып калат.
Мамбет өзү эч бир манасчыдан үлгү албагандыгын, аны бирөөдөн үйрөнүүгө, же жаттап алууга болбостугун баса белгилеп, айтып жүрчү экен. Тоң жергесиндегилер кадимки Саякбай Карала уулу Мамбетти көрсөтүп: “Бул киши бар жерде мен Манас айтпайм!” – деп айтканын аңыз кеп кылып калышат. Мамбет Чокмор уулу айткан “Манас” негизги өзөк окуялар окшош болгондугуна карабай башка варианттардан бир топ айырмачылыктарга ээ. Ага Манастын Алтайда эмес, Арстанбапта төрөлгөн бир эле мисалын айтсак жетиштүү. Мамбет Чокмор уулунан “Манас” үчилтигинин бөлүмдөрү уулу Касымбек, келини Каналкан “Манас” секторунун кызматкерлери тарабынан (Э.Абдылдаев, С.Бегалиев, К.Кырбашев, М.Мамыров, С.Алиев, Р.Сарыпбеков ж.б.) 1959-1972-жылдар аралыгында “Манастан” – 302 608 сап ыр, “Семетейден” – 71 609 сап ыр, “Сейтектен” – 23 340 сап ыр жазылып алынган.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   kyrgyzJigit   12 Март 2014 - 16:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 18 Июль 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2019 14:09
  • Жынысы:Эркек

Талантаалы Бакчиев
Кыргыз Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү (2006), “Манас-мурас” коомдук фондунун мүчөсү, “Манас” банкынын стипендианты, манасчы Бакчиев Талантаалы Алыбек уулу Ысык-Көлдүн Ак-Суу районуна караштуу Маман айылында (мурдагы Кара-Бөлтөк) 1971-жылы 2-декабрда туулган. Бугунун арыкмырза уруусунун сарыкалпак уругунан.
Талантаалы манасчылыкка 12-13 жаш курагында келет. Бардык жаратман манасчыларга таандык болгондой эле ал кереметтүү түш аркылуу «Манас» айтып калат. Түшүндө: Чыйырды, Манас, Каныкей, Коңурбай, Алмамбет, Чубак, Ырамандын Ырчы уулу, Сыргак, Семетейлерге кабылган. Мына ошол алгачкы түштөрүнүн бирин, ал өзү төмөнкүчө баяндайт: «Адаттагыдай эле мен коюмду айдап, Жыргалаң суусунун боюна жайып чыктым. Түш оогондон кийин бир аз тамактанып, чычырканактын түбүнө ыксырап жатып, көзүм илинип кетиптир. Жыргалаңдан бери дөбө ылдый мени эки адам жетелеп келип, суу боюндагы чоң ак боз үйдүн ичине түртүп, киргизип жиберишти. Тизелеп барып, отуруп калдым. Башымды көтөрүп, айланамды карадым. Коломтодо бүлбүлдөп күйгөн оттун жарыгынан улам, керегеде илинген илбирс, жолборс, аюунун терилерин жана алты кездей келген болот кылыч, капкадай кара калкандын илинип турганын даана көрдүм. Аңгыча, эки аял киши жаныма басып келип, колтугумдан сүйөй, төрдөгү жыгач тактанын үстүндө жаткан дырдай жылаңач наристенин жанына жетелеп келишти. Мунун бири Айкөлдү тапкан Чыйырды, экинчиси Айкөлдү Айкөл кылган айтылуу Каныкей энелер экенин баамдадым. Анан Каныкей: «О, айланайын кулунум, айла таппай курудум. Ойной турган чагымда, ооматым келген маалында, Айкөлдү жуттум мен шордуу. Олдо-бүлдө дүнүйө ай! Эми көкжалымдын белеги, эл-журтумдун желеги кыймылсыз жатат дени чок, эчкирсем угар киши жок» - деп, көзүнүн жашын көл кылып мага кайрылды. Эмнегедир ошол учурда мени кандайдыр бир күч башкаргансып, тактанын үстүндө жаткан баланын тулку боюн ушалап, оозун ачып, үйлөп кирдим. үйлөгөн сайын менин оозуман көк нур чыгып, баланын оозуна кирип жатты. Айтор, канча убакыт өткөнүн билбейм. Бир убакта эки көзү ачылып, эмелеки кыймылсыз жаткан баланын денесине жан кирип, оозунан ак көбүк оргуштап чыгып жатты. Мен буркурап ыйлап, тактанын үстүнөн шыпырылып барып, жердеги аюу талпактын үстүнө отуруп калдым. Аңгыча, башында карасы бар Каныкей эне кесе сунду. Мен жыгач кеседеги кымызды тартып жибердим: «Кагылайын каралдым, жомокчулукка жарадың. Кайыптан бизге туш болдуң, карааны бийик куш болдуң. Ак бата бердик, кабыл ал, Айкөл атаң, эрдигин, ааламга ырдап, салгын жар! Эми биз тээтетиги аяшым Алмам түнөгөн мазарлуу дөбө Боз-Учукка барабыз» - деп, көздөн кайым болушту».
Кийинчерээк, чоң атасы Саякбай (аталаш) манасчы утур-утур түшүнө кирип, «Манас» айтууну үйрөтүп турат. Анан өз колу менен бышкан койдун башын сунуп: «Ме айланайын, алагой, тилегиңе жетегой, аттуу-баштуу жомокчулардан бол!» - деп, батасын берет. Дагы бир түшүндө устаты Шаабай манасчы Талантаалыга үч кап таруу берет.
Т.Бакчиев классикалык түрдөгү манасчылардын улантуучусу, азыркы салттуу жаратман манасчылардын бири. Талантаалынын манасчылыкты аркалап калышына, залкар манасчы Саякбай Карала уулу менен жакын тууган болуп калгандыгы да себеп болушу мүмкүн. Ал устаты Ш.Азизовдун жанында 15 жылга жакын жүрүп, андан айтуучулуктун сырларын, «Манас» эпосунун классикалык мазмунун өздөштүрдү. Анын устаты Шаабай болсо, Шаабайдын устаты Саякбай. Ал эми Саякбайдын устаты Шаабайдын чоң атасы Чоюке болгон. Ошентип, Талантаалы тээ ата-бабадан бери келе жаткан жиптин азыркы учугу. Мындан сырткары, ал белгилүү манасчылар Кааба Атабеков менен Кубанычбек Алмабековдун өнөрканаларына күбөө болуп, бата алган.
Т.Бакчиев Республикалык, Бүткүлсоюздук, Эл аралык бир катар кароо-сынак, фестивалдардын катышуучусу, лауреаты, дипломанты болуп саналат. Ал 1988-жылы өткөн жаш төкмө акындардын, эпос айтуучулардын Республикалык кароо-сынагында 2-орунга ээ болгон. 1989-жылы Баку шаарында өткөн III Бүткүлсоюздук «Кавказ, Орто Азия, Казакстан жана Дагестандын жаш айтуучулары» аттуу фестивалынын лауреаты. 1994-жылы өткөн манасчылардын Республикалык телесынагында 2-орунга татыктуу болгон. 1995-жылы Бишкек шаарында өткөн «Ала-Тоо жазы – 95» Республикалык студенттер фестивалында 1-орунду ээлеген. 2001-жылы Санкт-Петербург калаасында өткөн «Что вижу - то пою» («Эмнени көрсөм, ошону ырга салам»), 2002-жылы Улан-Батор калаасында өткөн «Мелодии Шёлкового Пути», 2002-жылы өзбекстанда өткөн «Boysun Bahori» («Бойсун көктөмү»), 2003-жылы Баку шаарында өткөн «Asiya Bayramy» («Азия майрамы»), 2004-жылы Будапешт шаарында өткөн «Дүйнө элдеринин III фольклордук фестивалы» аттуу Эл аралык фестивалдардын лауреаты. 2006-жылы Соң-Көлдө өткөн «Соң-Көлдү Манас жердеген» аттуу Эл аралык кароо-сынакта 2-орунга ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын акчалай сыйлыгы менен сыйланган. Ошол эле жылы Бишкек шаарында өткөн «Дүйнө элдеринин эпостору» аттуу Эл аралык фестивалдын, 2008-жылы Якутск шаарында өткөн “Шедевры Юнеско на земле Олонхо” Эл аралык фестивалдын дипломанты болуп табылган. 2001-жылы Утрехт университетинин, 2008-жылы Тилбург университетинин атайын чакыруусу боюнча «Манас» эпосун айтып, Голландия өлкөсүнө барып кайтат.
1995-жылы Т.Бакчиевдин өзүнүн айтуусунда 6,5 басма табактан, 4617 сап ырдан турган «Манас» эпосунун ири окуяларынын бири болуп саналган «Алмамбеттин жомогу» аттуу окуясы, китеп болуп жарыкка чыккан. 2000-жылы Ж.Орозобекованын киносценарийи боюнча Швейцария менен Франциянын биргелешкен кинокомпаниялары тарабынан тартылган «Манасчы» деген даректүү кинотасмага «Гүлчоронун үргөнч суусун кечиши» аттуу окуясы Т.Бакчиевдин айтуусунда тартылган. 2005-2006-жылдары Т.Бакчиевдин айтуусунда Кыргыз Улуттук телерадио компаниясынын «Алтын казынасына» «Манас» үчилтигинин «Манас» бөлүгүнөн «Чубак менен Алмамбеттин чатагы», «Семетей» бөлүгүнөн «Семетейдин Букардан Таласка келиши» аттуу окуясынан тартып, «Семетейдин төрт беренге аш бергени» деген окуяга чейин жаздырылып алынган. 2000-жылы «Кыргызпатент» тарабынан чыккан «Саамалык» ырлар жыйнагынын 1-китебине Т.Бакчиевдин айтуусундагы «Манас» эпосунун «Манастын ашы» аттуу окуясынан үзүндү, 2004-жылы Борбордун Азиядагы Америка университети тарабынан чыккан «КАФ, АУК, АУЦА - биздин үйүбүз» аттуу көркөм чыгармалар жыйнагында «Каныкейдин кошогу» аттуу окуясынан үзүндү жарык көргөн.
Т.Бакчиевдин манасчылык өнөрү тууралуу: Г.Айтпаеванын Г.Байсабаеванын, С.Бегалиевдин, К.Дүйшалиевдин, голландиялык окумуштуу Ниенке ван дер Хейденин, Ш.Шакитовдун, А.Эгембердиеванын илимий эмгектери кыргыз, орус, англис тилдеринде жарык көргөн.
Ал 1991-1992-жылдары Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Мамлекеттик филармониянын алдындагы фольклордук студиядан окуп, 1992-1995-жылдары К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин «Кыргыз филология» факультетинен экстерн түрүндө окуп, артыкчылык диплому менен аяктайт.
1998-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана ПРООНдун «Устат-шакирт» аттуу долбоорунун алкагында, жаш манасчылар Алмаз Эгембердиев менен Улан Төлөгөновду тарбиялаган.
Т.Бакчиев манасчылык өнөрү менен эле бирге, илимий изилдөө иштерин жүргүзүп, «А.Жакыпбектин адабият менен фольклордун кесилишиндеги чыгармачылык изденүүсү» аттуу темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон (2004). Анын жеке илимий изилдөө аракеттеринин негизинде: «Манастааным. Жомокчунун жолу» (2003), «Священный зов. Мнемоническое творчество жомокчу» («Аян. Жомокчунун жады чыгармачылыгы») (2005), «Ашымдын көөнөрбөс мурасы» (2006), «Шаабай» (2006), «Введение в Манасоведение» («Манастаанууга киришүү») (2008) аттуу илимий, публицистикалык, окуу китептери жана жыйырмадан ашуун илимий макалалары жарык көргөн. Т.Бакчиевдин бул илимий эмгектеринде манасчылык өнөрдүн келип чыгышы, калыптанышы, анын негизги озуйпалары, азыркы коомдогу ээлеген орду сыяктуу маселелер кеңири козголгон.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   kyrgyzJigit   06 Август 2014 - 12:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 18 Июль 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2019 14:09
  • Жынысы:Эркек


ЧЕКСИЗ ОЙДУН ЧЕПСИЗ КҮЧҮ же Айкөл Манас атабыздын улуу инсандыгы жөнүндө учкай кеп
Posted on 5 Июль, 2013 by kutbilim in Кыргызча , Көз караш // 0 Comments

Сүрөт Айкөл Манас – чексиз ойдун чепсиз күчү катары атайын Академияга муктаж!

Сүрөт

Манас улуу Теӊирден жалганган тарыхый Инсан экендиги улам мезгил алмашып, маалымат көбөйүп, тарых тактала баштаган сайын адамдардын жаӊы муундары үчүн да ишенимдүү боло баштады. Бирок, белгилей кетели, Адам Манас жөнүндө, анын тарыхый инсандыгын, баатырлыгын, социалдык турпатын чечмелеген изилдөөлөрдүн жетишсиздиги абдан байкалат. XXI кылымдан 510-жыл илгери Сайф-ад-дин ибн Аббас Аксикенди “Мажму ат Таворих” аттуу кол Манас атаны “чыныгы тарыхый инсан экендигин, анын кимдер менен мамиле кылып жана согушканын көрсөткөн жападан жалгыз далилдүү дарек болуп саналат”, – деп белгиленген. (1, 9-бет).

Казактын тунгуч илимпозу Чокан Валиханов (1835-1865) “таӊкаларлык акылмандыкты көрсөтүп” төмөнкүлөрдү баса белгилеген: “Манас” бир мезгилге келтирилген жана бир кишинин – Манас баатырдын тегерегине топтолгон бардык мифтеринин, жомокторунун, санжыраларынын энциклодепиялык жыйнагы…. “Манас” бирдиктүү мүнөздө болгондой көрүнгөн айрым көп окуялардан турат” (15, 360-б).

Албетте, Манас баатырдын балалыгы, эр жеткен маалы, оӊ каарман катары совет доорунда жарыяланган эпостордун биринчи бөлүмүндө айтылат. Манастын туулушу, өспүрүм чагы, анын алгачкы эрдиктери, бытырап кеткен кыргыз урууларын бириктириши, ата журттун душмандардан коргогон күрөшү байыркы манасчылардын, ошондой эле атактуу болгон Сагымбай Орозбаковдун, Саякбай Каралаевдин жана СССР элдеринин эпостору” сериясында жана А. Жакыпбековдун кара сөз менен жазылган роман – эпосунда эӊ кыска, үстүрт берилген. (караӊыз: 16, 402-410-беттер).

Ооба, тарыхый шарты, талап, идеологиялык басым жана расмий саясат ошондой болгон. Ал турмак, 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдык шаӊ-салтанатынын улуу тоюнда да Адам Манас тарыхый Инсан болгондугун, анын жеке баатырлыгы, жалпы элдин жетекчиси катары баарынын башын кошуп, жоокерлик менен душмандарын талкалап, элин бириктирип, улуу мамлекет кургандыгын салтанаттап жетишерлик айтылган эмес. Анткени калыптанып калган “эрежеден” толук кутула элек эле, дагы эле “элди түп көтөрө орусташтыруунун жылмакей саясатынын баардык чама-чаркынын” калдыктары али күчтүү эмеспи. (17, 285-б).

Адамзат тарыхында, жан дүйнөсү жабыркаган, ата-бабалардан кеткен ишениминен, элдик баатырлардын элес-эстеликтеринен ажыраган руханий жана жан азабы кулчулугунан өткөн кулчулук жок. Ушул экөө айкалышып келип, бүтүндөй калктын маданияты, салт-санаасы, үрп-адаты, жалпы ой-жүгүртүү деӊгээлине, жашоо тиричилигине, өткөн-кеткен турмушу менен этнографиясына орду толгус зыяндарды алып келет. Бир сөз менен айтканда, мунун бардыгы улуттун эс-тутумун, тилин талкалап, өзүн жок кылууга аракеттенет. Мындай көрүнүштөрдүн бири катары түрк тилдүү элдеринин, анын ичинде кыргыз элинин ишенимине, жазмасына, маданиятына, “Манасына”, тарыхына ж.б. руханий дөөлөттөрүнө VII-XX кылымдарда ишке ашырылган басып алуучулук, чапкынчылык, кыйратуучулук саясаттарды эстесек болот. Буга улуу тарых күбө. Ошол мезгил кыйдамдарында диндердин: Азиянын Түштүк-Чыгышынан Будда, Түштүк-Батыштан Ислам, Батыштан христиан (алардын 8 жолку кресть жортуулдарынын кыргындары өзүнчө кепке татыйт). Диндеринин ошондой эле XIX кылымдын экинчи жарымынан XX кылымдын аягына чейин Орус империясынын колонизациялоо жана коммунисттердин батыштын жат идеологиясын жайылтуу саясатынан запкы тартты. Бул өзү узун тарых. Бирок бир-эки мисал келтирейин. Чыӊгыз Айтматов мындай дейт: “715-жылы Туркестан өлкөлөрүнө арабдар үстөмдүгүн орното баштады. Кутайба аттуу кол башчысынын ырайымсыздыгын тарыхчы Наршахи “Бухара тарыхы” аттуу китебинде: “Согушка ким жарактуу болсо баарын түгөлдөй өлтүрдү. Тирүү калгандарын туткунга алды… Кутайба мечиттер орнотуп, каапырлык менен отко табынуучулук рухундагы чыгармаларды да жойду”, — деп жазды. (17, 262-263-б).

Аму дарыясын бойлой салынган үч жүздөн ашуун шаар менен элди, мекенден арабдар жер менен жексен кылганын, жергиликтүү калктын ишенимин, тилин, динин, жазуусун, үрп-адатын орду-түбү менен жоюуга күч жумшаганын улуу аалим Бируни ызага буулугуп эске алат. Алар илимий трактаттарды, астрономия менен философиянын негиздерин изилдеген китептерди, тарыхый жазмаларды отко жаккан. Көрүстөндөгү жазуулар, эстеликтин бетиндеги тамгалар сүртүлүп өчүрүлгөн (караӊыз: 17, 263-264-б). Булардын баарынан улуттар запкы тарткан, элдик баатыр–лидерлер жөнүндөгү маалыматтар жок болгон. Батышташкан саясаттардын залакасы жергиликтүү элдик баатырларды жана алар жөнүндөгү маалыматтарды жок кылып, өздөрүнүн жетекчилерин гана даӊазалоо аракети болгон. Мындай саясый жүрүм-турум Адам Манас баатыр тагдырына терс таасирин түздөн-түз тийгизгенине тарых күбө.

Акыркы 1,5-2-кылымдын аралыгында Азиядан чыккан атактуу баатырлардын баары баскынчы, жырткыч (варвар) катары көргөзүлүп, Европадан чыккандын баары улуу колбашчы, чыгаан саясый ишмер катары көргөзүлүп келгени бүгүн анчалык деле сыр болбой калды. Себеби Батышташкан советтик Кремль жүргүзгөн “силер ортоазиялыктар кечээ эле революциядан кийин адам катары кошулдуӊар” деген саясатташкан идеологияга каршы келип калмак. Ошентип, колониялык абалдагы улуттардын баатыры жөнүндөгү маалыматтар болбош керек, анткени жеӊген, үстөмдүк эткен элдердин гана баатырлары жөнүндөгү жомокторго, маалыматтарга кеӊири мүмкүнчүлүктөр ачылган. Адам Манас баатыр жөнүндөгү маалыматтар атайылап эле басмырланып, элге анын анык баатырлыгы, эркиндик, азаттык үчүн күрөшү жашырылып келгендиги ойлоштурулуп, расачылык теориянын негизинде жүргүзүлгөн колониялык саясаттардын жемиши болгон!

Кыргыз элинин акыркы эки кылымдагы маданий-социалдык тарыхый жашоосунда “Адам Манас” жана “Эпикалык Манас” булактары бир болгонуна карабастан эки башка тагдырга туш болгондугу маалым. Алардын ар башка тагдырга ээ болгонун да тарыхый, идеологиялык, саясый себептери бар экендигин мезгил тастыктоодо.

“Манас” ааламын маданият таануу жана философиялык көз карашта кеӊири изилдегендердин бири Шайлоо Акмолдоеванын пикири боюнча, “миӊдеген жылдар бою «Манас» эпосу кыргыздын маданий энциклопедиясы” жөн гана поэтикалык чыгармачылыктын байыркы үлгүсү же поэтикалык дастандардын жыйнагы гана эмес, элдик кеменгерликтин казынасы, утурумдук турмуштагы жол көрсөткүч, байыркы кыргыз элинин биримдигинин негизи, ошондой эле анын этикалык–укуктук кодекси болуп да келген. «Манас» эпосу” адам жашоосунун ар түрдүү мезгилдеги катмарданган окуялардын бир бүтүнгө бириктирилген ширетмеси, кыргыздардын миӊ жылдардын элегинен өткөн көркөм поэтикалык ой жүгүртүүсүнүн жыйынтыгы катары калыптанган”. (11, 29-30-б).

Айкөл Манастын эрдиги менен шердиги толугу менен «Манас» эпосунда камтылган. Демек, адам Манастын өмүр баяны өзүнчө болуш керек да. Бул өзгөчө Манас сабагын мектептерде жана окуу жайларда окутканга байланыштуу маанилүү. Эмне үчүн андай болбой келгени жогоруда кыскача баяндалды.

Калыстык үчүн белгилейлик, кийинки кездерде, өзгөчө СССР тарап, Орто Азия, Балтика жээгиндеги, Түштүк Кавказ элдери сыяктуу кыргыз эли да азаттык алып, өз алдынча мамлекеттүүлүктүн түтүнүн булаткандан баштап, “кыргыз ким болгон, ким болуп калды”, “эми ким болуш керек” деген суроолордун аймагында Манас маселеси күн тартибине коюлуп, “пенде Манас кантип Айкөл Манаска айланды» деген атайын собол пайда болду. Бул суроолорду чыгармачылык илими татаал маселе катары күн тартибине коюп, изилдеген замандаш жарандарыбыздын бири Бектур Исаков атайын “Манас сабагы” (Б. 1994-ж- 649 б.) китеп жарыялаган, кийин Ормошбек Чоюнбаев менен бирге “Айкөл Манастын калыптанышы” деген (китеп 2009-жылы жарыяланган) тереӊ мазмундуу, таалим уюткусу, тарбия казынасы катары Манастын өмүр баянын биздин пикирибизге баштапкы орто жана атайын мектептерде окутуунун алиппесин жараткан. “Манастагы” алтын уюткунун, алтын тирөөчтүн түптөлүшүн, Манастын Айкөл Манас болмогуна даярдашкан тарыхый инсандардын татаал эмгектери жеткиликтүү сүрөттөлгөн. Бул эмгек “Манас таануу” билимине жана окутуусуна ишенимдүү лабораториялык жана усулдук негиздикке жарайт.

“Манас” улуу нуска, демек, өмүр сүрүүнүн улуу наркын аныктаган турмуштук үлгү. “Манас” - бул миӊдеген жылдарга саймаланып калган кыргыз өмүрү. Ал өмүр агым катары муундан муунга, мезгилден мезгилге, эскирди дегенди, унутулду дегенди билбей кайра утуру жаӊыланып көчө берет, көчө берет. «Манастын» өзгөчөлүктөрүнүн бири ушунда эмеспи.

Эгерде жогоруда аталган Бектур Исаков менен Ормошбек Чоюнбаевдин эмгектери Манас жөнүндөгү жана манасчылардын жарыяланган китептеринин негизинде жазылган болсо, Темирбек Токтогазиевдин “Айкөл Манас — тарыхый инсан” деген негиздүү, энциклопедиялык эмгегин изилдөөчүлүк саякаттардын, жарыяланган китептерди талдоонун, илимпоздор менен дидарлашуунун натыйжасында пайда болгон. Манас — тарыхый Инсан. ал Алтайда – туулган жер Манас тоосу, Манас жайыты, Манас көлү, Манас суусу, XXI кылымда да аталып турат, географиялык карталарда белгиленген.

2010-жылдын август айында кыргыздын 40 жигити, азыркы республиканын чоролору өз көздөрү менен көрүп, ишенип келишти. Манас ата Алтайдан Ала-Тоого көчүү мезгили Кытайдын Тан империясынын тушунда болгондугун карт тарых аныктаган. Таластагы, Ат-Башыдагы, Кочкордогу, азыркы Кытай эл Республикасынын кеӊ аймагындагы Манастын ысымы менен байланышкан жайлар, тоолор, чокулар, суулар — баардыгы тарыхый чындык экендигин Темирбек Токтогазиев өзү кыдырып көргөн, Манастын эӊ алгачкы согуштарынан баштап изилдеп, алардын чындыгына көзү жетип, акыл-эс менен ишенген. Айкөл Манас атабыз Улуу түрк каганатын түптөгөн Куту Улук Эл төрөсүн өзү деп өтө ишенимдүү далилдегени Манас таануу илиминдеги чоӊ ачылыш. Байыркы Түрк Каганаты – “Куралып жыйылган Эл болгонун” тарых өзү тастыктап турат деп Темирбек Токтогазиев жыйынтыктаган. Демек, Айкөл Манас атабыз тарыхы улуу Инсан “чексиз ойдун чепсиз күчү” катары дагы далай изилденет эмеспи.

“Манастын” бирден–бир мүнөздүү өзгөчөлүгү — ооз эки айтуудан жаралып, элдин турмушун, баатырлыгын, жашоо-тиричилигин ишенимдүү көрсөткөндүгү, көлөмүнүн, камтыган окуяларынын кенендиги менен дүйнө элдеринин байыркы маданий мурастарынан бөтөнчө айырмаланган баатырлык эпостук классикалык нагыз үлгүсү болуп саналат.

“Манасчы” жана “манасчылык” – кайып аркылуу кабыл алынган, башка элдерде кезикпей турган өзгөчө кесипчилик. “Манасчлардын эл ичиндеги орду обурактуу. “Манасчылар кудайын колдоосунун, кайыптардын дааруусунун натыйжасында айтып калышкан” деген ишеним кыргыз элинин аӊ-сезиминде орноп келет. Мындай ойду манасчылардын өздөрү да тастыктайт” (13, 6-7 б).

“Манас” эпосунун мүнөздүү өзгөчөлүктөрүнүн бири – ар бир эле Манасчынын же бир эле адамдын тагдырына таандык болбостон, ал ооз эки түрүндө улам кийинки муундарына өтүп, салт катары сакталып келген далай доорлорду камтыган Манасчылардын плеядасына таандык элдик чыгарма болгондугу. Болбосо бир чоӊ маданий көөнөрбөс имараттын пайдубалынан тартып, бирден кынап ыш коюп, укмуштуудай түбөлүктүү архитектуралык мурас кургап сыяктуу, ыр сабынан тургузулган монименталдуу чыгарма мезгил мерчеминде улам реставрацияланып тургандай, улам кеӊейип, жаӊыланып, баштапкы калыбына өзөк кылып, толукталып, түбөлүк жашап туруу касиетине ээ экендиги менен мүнөздөлөт. (караӊыз: 13, 98-99-б.).

“Үйрөнүп манасчы боло албайсыӊ”, — деп келген кыргыз элинде. XXI кылымдын башталышында «Манас» эпосунун алтымыштан ашуун варианты бар. Мына ушулардын баары Манасчылар аркылуу бүгүнкү күндө биздин колубузга жетип олтурат. Тилекке каршы, азыркы күнгө чейин манасчылык феномени атайын илимий маселе катары олуттуу изилдөөгө алына элек. Азыркы расмий илим манасчысынын айткан кебине, көз карашына, дүйнө таламына ниетин бурбай келет. А түгүл «материалисттик илимге жат, реалдуу эмес» деген тантыгандыктын айынан иликтенбестен, четке кагып, мыйыгынан күлүп, маскарапоз- шоумен катары кабылдаган материалисттердин жапайы салтынан толук кутула элекпиз. (караӊыз: 13, 375 б).

Манасчылык – көп кырдуу, ары сырдуу аягына чейин ачыла элек табышмактуу көрүнүш! «Манас» жана манасчылык кыргыз азаттык алып, өз алдынча мамлекеттүүлүккө ээ болгону XXI кылымдын башталышына Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият боюнча башкармалыгы ЮНЕСКО тарабынан расмий таанылып, «Манас» эпосу материалдык эмес, руханий байлык, өнөр катары, ал эми манасчылык өнөр жаӊы тарыхый шартта эл аралык деӊгээлде таанылды. Ошентип, Адам баатыр атанын аты ааламга кетүүдө. Мунун өзү өткөнгө — урмат, бүгүнкүӊө — таалим, келечегиӊе — аманат дегендин белгиси болуу менен көз карандысыз кыргыз Республикасынын, анын эни жана татыктуу белгилерин — Манас доору башталганын жана анын жерин, тилин, маданиятын соолгус булак катары толук кандуу өнүктүрүү сыяктуу жооптуу милдеттердин тургандыгын эскерткендей…

Анткени элибиз көп кылымдардан кийин өз алдынча күнкорсуз, азаттыкта демократиялуу, социалдашкан мамлекеттүүлүккө, антропосоциеталдык бүтүндүккө ээ болуу менен чыгыштын шартында цивилдүү өнүгүүнүн жолун издегендей. Натыйжада Адам Манаска жана «Манас» эпосуна мамилени түп–тамырынан бери өзгөртүүгө аракеттер башталууда. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши тарабынан «Манас» мыйзамы кабыл алынып, 2012-2017-жылдары «Манас» эпосун сактоо жана жалпыга жайылтуу максатында атайын Программа иштелип чыгуу белгиленген. Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлиги «Манас» эпосун орто, атайын жана жогорку окуу жайларында милдеттүү түрдө окутуу чечимин кабыл алып, атайын Программалар даярдалууда. Кыргыз телекөрсөтүүсүндө «Манас жаӊырыгы» деген атайын канал Адам Манас жана «Манас» эпосу, манасылар жөнүндө такай берүүлөр тажрыйбаланууда. Акыркы убакта көпчүлүк маалымат каражаттары да тарыхый Адам Манас жана «Манас» эпикалык каарман жөнүндө ар кандай жанрдагы жана илимий деӊгээлдеги маалыматтарды үстөкө-босток жарыялап жаткандарын чоӊ ачылыштардын башталышы катары кабылдоо жарашат. Россияда Москва шаарында, Кыргызстанда Бишкек жана Ош шаарларында Айкөл Манас баатырдын эстеликтери тургузулду.

Көзү өтүп кеткен залкар манасчылардын (Молдобасан, Тыныбек, Багыш, Мамбет, Шаабай, Кааба, Сагымбай, Саякбай, Уркаш ж.б.) варианттарындагы «Манас» бөлүгү китеп болуп жарык көрүүдө. Манасчы Сапарбек Касмамбетовдун айтуусундагы «Балас Манас» аттуу окуясы өзүнчө китеп болуп жарыяланды. Уркаш Мамбеталиевдин варианты боюнча «Манастын төрөлүшү жана бала чагы», Асанкан Жумалиевдин варианты боюнча «Манастын балалык чагы жана алгачкы эрдиги» деген китептер жарыяланды. Манасчы Талантаалы Бакчиевдин «Алмамбеттин жомогу», «Манастын ашы», «Манасчылар», «Манас таануу» китептери, жаш манасчы Дөөлөтбек Сыдыковдун «Сейтек» деген китеби жарыяланды. Кыргыз Республикалык «Манас» жаштар ордосунун жардамы менен манасчылар жөнүндөгү маалымат жыйнагы китеп болуп жарыяланууда жана манасчыларды колдоо (машина, үй берүү ж.б.) иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эл арасында мурун «уялып» «Манас» айтуудан тартынып жүргөндөр, азыр «Манас» айта башташканын атайылап белгилеп кетким бар. Бала бакча курагындагы Үмөт, Эрмек, Сезим деген 5-6 жаштагы уул-кыздарыбыз жана мектепте окуган балдардын «Манаска» кызыгып, Манас айта башташканын зор кубануу менен белгилеп, улуттук улуу сыймыгыбыздын, руханий мурасыбыздын тарыхый–философиялык энциклопедиябыздын деми жана сыйкырдуу күчү XXI кылымдын муундарын да трансценттүүлүгүн, табышмактуулугу менен өзүнө тартууда. Булар да “Манас, бул — чексиз ойдун, чепсиз күчү” деген афоризмди кабылдоонун жана түшүнүүнүн аракеттеринен.

Бирок кыргыз мамлекети тарабынан Айкөл Манаска жана «Манас» эпосуна мамиле солгундап бараткандай. Жогорку Кеӊеш кабыл алган «Манас» эпосу жөнүндөгү мыйзамдагы «республикалык бюджеттен» каржылансын деген жобону «өз каражаттарынан» деп өзгөртүп, ал мыйзам мурункудай эле көнүмүш боюнча кагазда гана калууда. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынан «Манас» бөлүмдөр, секторлор ж.б. такыр жоюлган. «Манас» деп жашап, «Манас» деп өмүрү өткөн белгилүү окумуштуулар: Самар Мусаев, Кеӊеш Кырбашев, Эсенали Абдылдаев, Райкул Сарыпбеков 20-25 жаштагы мөлтүрөгөн жаштык курагынан ашып өмүр соӊуна чыкканча «Манастын» Манастай жүгүн бирге көтөрүп, «Манас» эпосун жаӊылануу, жарыялоо жана изилдөө багытында өтө маанилүү, зор иштерди аткарышкан эле. «Бир жылдын ары-бери жагында алар «уу ичкендей» кырылып кетишпедиби. Ошондо Манас таануу илими кадимкидей эӊшерилип, түндүгү кулап түшкөн… Азыр деле алардын орду толбой, аӊгырап бош турат… Манаска жан-дили менен күйүп, аны изилдөөгө чындап бел байлаган жаӊы муундун өкүлдөрү келип калаар»… деген санааркагандык Улуттук илимдер академиясында өкүм сүрүп турганы бүгүнкү Кыргызстан мамлекетиндеги Айкөл Манаска жана «Манас» эпосуна болгон мамилени күзгүдөгүдөй көргөзүп тургансыйт…

«Манас» — кыргыз элинин тарыхы, философиясы, этнопедагогикасы, энциклопедиясы, биздин эртеӊкибиз, кечээкибиз, бүгүнкүбүз жана түбөлүктүүлүгүбүз экенин түшүнүп, моюнга ала турган мезгил келбедиби. Ошондуктан «Манас» — бийликтин саясатынын негизи, жаш муундарды тарбиялоонун булагы, мамлекеттин идеологиясы болуш керек. Тилекке каршы, Айкөл Манас – бул Улуу Инсан чексиз ойдун чепсиз күчү» болгону менен эшиги ачыла элек алтын сандык боюнча калууда.

Демек, «Манаска» атына жараша заты болгон мамиле мамлекеттен, коомдук жана жарандык уюмдардан өтө зарыл. Мамлекеттик «Манас Академиясын» уюштуруп, «чексиз ойдун, чепсиз күчтүн» булагы болгон «Манас» эпосунун негизинде социал-гуманитардык; тарыхый, географиялык, этно-педагогикалык илимдер ж.б. боюнча изилдөө иштерин колго алуу азыркы кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнүн талабы экенин түшүнүүгө жана кыймыл-аракеттин маӊыздуу негизине айлантууга мезгил жетти! Кыргыз Республикасы Чыгыштагы Азиянын чок ортосунда жайланышкан мамлекет катары «калкынын ким экендигин, каякка, кантип өнүгөөрүн» Манастын негизинде тактап, бүт максаттардын, саясатын, идеологиясын Манастын талабына ылайыкташтырып уюштуруунун жол-жобосун, негиздерин илимий жактан тактап бере турган мээси — Кыргыз Республикасынын «Манас Академиясы» болуш керек!

Азыркы тарыхый шартта бул татаал жана көп машакаттуу теориялык, тарыхый, тажрыйбалык, салыштыруучулук изилдөөлөрдү талап этет. Бул маселелерди күн тартибине коюп, жыйынтыктуу чечпей туруп, азаттыктагы Кыргыз Республикасынын тарыхый жолуна жана ордуна түшпөй «өӊгөнү ээрчигенди» уланта беришибиз толук мүмкүн… Кыргыз ойлонолук, эсибизге келелик, келечекти түшүнөлүк!

Кут Билим газетасы


http://kutbilim.jour...d-uchkay-kep-2/



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   kyrgyzJigit   06 Август 2014 - 12:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 18 Июль 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2019 14:09
  • Жынысы:Эркек

Касиет даарыган
Манасчы аял
Каракол шаарынын тургуну Зууракан Сыдыкова кыйла жыл мектепте мугалим болуп эмгектенет. Анын мугалимдик кесибинен тышкары аялзатында сейрек кездешчү - манасчылык өнөрү бар. Зууракан эже Манас айта баштаган тээ жаш кезинен бери көптөгөн кароо-сынактарга катышып, түрдүү байгелерге татыктуу болгон.
Зууракан Акимкановна 1948-жылы Түп районуна караштуу Талды-Суу айылында төрөлгөн. 1965-жылы айылындагы Мукай Элебаев атындагы орто мектепти аяктаган соң, 1971-жылы Пржевальск (азыркы Каракол) шаарындагы педагогикалык институтунун математика факультетинен билим алган.
Жолдошу Садырбек Иманалиев экөө 1977-жылдан бери Каракол шаарында жашашат. "Касиет даарыган адамдар гана Манас айтууга эгедер болот тура, эгерде жаш кезимде бүгүнкүдөй колдоо болсо, өзүм айткан Манас боюнча эбак китеп чыгармак экенмин" деген ички өкүтүн билдирген эже өзүнүн кантип Манас айтып калганын мындайча эскерет.

"Мен кантип Манас айтып калдым"
Зууракан эженин атасы Сыдыков Акимкан кызматкер адам эле. Ал киши Түп районунда инспектор, мектепте мугалим, парторг, профком ж.б. жооптуу кызматтарда иштеген. Энеси Абдыбакаш кызы Ракыя экөө 11 балалуу болушту. Анын сегизи эркек, төртөө кыз. Ата-энеси бардыгын жогорку окуу жайларда окутуп, татыктуу таалим-тарбия берип эрезеге жеткиришти.
1971-жылы институтту аяктап жатканда акыркы мамлекеттик экзаменди тапшырган соң, жатаканада бирге жашаган курбу кыздары менен эс алышып отурушканы эсинде. Бөлмөдө беш кыз бирге турушчу. Экзаменге даярданып чарчаган кыздар тез эле таттуу уйкуга баш урушат. Зууракан эже да көзү илинип кеткен экен, канча өткөнү белгисиз, бирөө эле кулагына: "жүрү эшикке чык" деп, ар кандай сөздөрдү шыбырайт, анан эле эшиктин ачкычы шылдырап, бирөө ачкыч салып ачып жаткандай добуштар угулат. Улам чочуп ойгоно берип коркуп жатып, акыры курбу кызынын жанына барып жатат. Анда да ар кандай көрүнүштөр көрүнүп, таң атканча уктабай чыккан.
Ошол жылы улуу манасчы Саякбай Каралаев каза болгон эле…
Институтту аяктагандан кийин Тору-Айгыр айылындагы мектепте мугалим болуп иштеп жүргөндө мурда-кийин көрбөгөн жигит ала качып кетет. Эбактан келаткан каада-салтты аттап кете албай отуруп калууга мажбур болот. Бирок турмушка чыгып, өзүнчө түтүн булатканы анын жан дүйнөсүнө өзгөртүү кийире алган жок. Үйлөрү чет жакта, талаага жакын болчу. Жайында үйгө киргиси келбей, бук болуп өзү жалгыз талаага чыккысы, жалгыздап баскысы келчү эмнегедир. Андан да кызыгы, кайдан-жайдан ар кандай сап-сап ырлар оозуна келип, айтып-айтып алып, күүгүм киргенде шалдырап үйүнө кайтар эле. Ошол ырларды кагаз бетине түшүрүп коюуну ал кезде ойлонбоптур. Азыр ошого өкүнүп калат.
Жер которгондо балким басылып калаар деп ойлогон, бирок тескерисинче, күчөдү. Кечкисин жатканда эле кулагына абышкалардын ар кандай кыжы-кужу сөздөрү угулуп, же түшүндө эмес же өңүндө эместей сезилген ар нерселер көзүнө көрүнө берчү. Ушул абалынан улам жин даарыганыбы мени деп ичинен чочуп да жүрдү. Ар түрдүү ой басып, тамакка да табити тартпай өңдөн азган келиндин ички жан дүйнөсүн эч ким түшүнгөн жок ал кезде.
Бир күнү автобус менен жолдошу экөө бир жакка баратышкан. Анан эле бирөө кулагына "ырда" деди. Ал да токтобой ырдап кирди. Элейип таң кала аны карап калышкан автобустагылар акырында коштоп жиреп, кол чаап киришти. Ырдап жатат, ырдап жатат, көөдөнүндө бук уюп калгандай, ошолордон эртерээк арылгысы келгендей төгүлүп-чачылып ырдады... Мурда-кийин минтип ырдаганын укпаган жолдошу аябай таң калып карап эле калган ошондо...
Чынында өзү ырдай алчу эмес, үнү деле жок болчу. Ошондуктан болсо керек, анын ырдаганын укпагандар үчүн таң калчудай жорук эле. Башканы кой, өзү өзүнө таң калып да жетишпей жатты, анткени оозун ачса эле куюлушуп төгүлүп жаткан ырды тыйганга да эрки жетпечүдөй абалда болуп турган.
Ошентип жер жайната ыр төгүп ырдаганы эсинде, бирок ошол ыр саптары жадымында калган жок. Көөдөнүнө бөтөн бирөө кирип алып төгүп ырдап жаткандай сезилгендей эле, ал саптар эсинде сакталбады.
Кудайдын куттуу күнүндө түнү менен аксакалдар менен (азыр ойлосо чоң аталары го) аралашып сүйлөшүп чыгат, алар "минтип айт, тигинтип айт" деп эле бир нерселерди үйрөткөндөй болушат, а бирок эмнени экенин түшүнбөйт, эртеси эле көкүрөгүндө эч нерсе жок, эсинде эч нерсе калбайт.
Ошондой күндөрдүн бири эле. Көк-Мойнок орто мектебинде иштеп жүргөн. Эртең менен сабак өткөнү класска кирип столго жетип-жете электе жүрөгү сайгылашып, нес болгондой отуруп калды, балдарга ооруп турганын айтып, тынч отургула деп өтүнгөнгө үлгүрдү, анан эле кулагына кайдагы бир добуштар угулуп, уламдан-улам күчөй баштады. Ышкырыктар, "уу-уу" деп үйүр-үйүр жылкыларды түндүктөн түштүккө карай колдорунда узун укуруктары бар жылкычы балдар аттарынын үстүндө улам обдулуп эңкейе калышып, айдап өтүштү. Жылкычылардын баштарында жоолук байланган. Ал ошол жылкылардын жанында карап турат. Анан эле баягы үн: "Көрдүңбү? Так ушундай көргөнүңдү айт, макулбу?" - дейт.
Ушундай түшкө окшогон күндөрдөн качып нечен жолу жер которуштуруп да көрдү. Бирок баягы абышкалар кайда барса ээрчип жүрүшчү. Көзүн жумса эле баягы эле көрүнүш: абышкалар ыр саптарын айтып үйрөтүп киришет.
Ички туюмун бирөөгө сөз менен түшүндүрүп бере албай кыжаалаттанып жүрүп ал ырларды эсине тутуп же жазып алууну ойлонгон эмес экен. Анын үстүнө ал кезде саясат башка эмес беле. Мындай көрүнүштөргө ишенбөөгө үндөгөн атеисттик тарбия үстөмдүк кылчу. Зууракан эже чындыгында ошол кездеги абалын чечилип эч кимге айткан эмес. Бир чети өзү деле эмне экенин жакшылап түшүнбөсө, бир чети "муну жин даарыганбы" деген элдин сөзүнөн чочуласа керек.
Ал кезде Зууракан эже 27 жашта эле.
"Уркаш Мамбеталиев менен кезикпей калганыма өкүнөм"
- Мен улуу манасчылардын бири Уркаш Мамбеталиев менен бир да жолу кезикпей калдым. Ал киши мен жөнүндө укса керек, сурап келген экен мен жокто, бирок атам уруксат бербей коюптур. Ушуну эстеп өкүнүп калам.
Атам өзү кызматкер адам болгондуктан, ошол учурдун талабынан тая албаса керек. Эгерде өзү бир окуяга күбө болбосо, ишенбеген тейинче калмак беле, ким билет.
Эсимде, Касый деген иним кыздуу болуп, ата-энем жентек берип калышты. Үй толо киши. Канча өткөнү белгисиз, бир маалда менин кулагыма "Эшикке чык" деген баягы өктөм үн угулду. Эки жагымды карасам, ар ким өз-өзүнчө, мага кайрылган деле киши көрүнбөйт. Кантип чыкканым эсимде жок, байпакчан эшикке атып чыгыптырмын. Эшиктин алдында эт бышырып, шорпо сапырып жумуш жасап жүргөн туугандарыбызды, жеңелеримди көрдүм, бирок баягыдай эле элес-булас түш сыяктуу көрүнүштөр көз алдыма тартылып, бир убакта тарс кулаптырмын. Андан кийинки окуяны билбейм, кийин атамдан уктум. Суналып кулап калган мени үрөйү учкан атам көтөрүп үйгө кийирип, жерге төшөк салып жаткырышат. Анан эле атам башыма ак жоолук байлап "айт, айт" деп башымда отурат. Бир маалда мен көзүм жумулган бойдон баш көтөрүп "Манас" айта баштаптырмын. Чочулашканбы, туугандарым менин үстүмө эч кимди кийирбей кайтарып калышат. Төрдө отурган бойдон улам колду эки жакка шилтеп кызууланып айтып отуруп босогого жетип калган экенмин. Аны көргөн атам колу каалгага тийип ооруп калбасын деп колумду кайрып койсо, токтоп калыптырмын. Айткандарымдын анча-мынчасын атам эстеп калыптыр:
"Эки жакта эки тоо,
Ортосунда эки жоо.
Бири - кара, бири - ак,
Болгон экен эки жоо…
Чочуп калган атам ырым-жырымын жасап, кой союп, молдо Акматкерим атаны чакырып, ата-бабаларыбызга багыштап куран окуткан. Ошондон кийин Манас айтчу болдум. Үйдөн атам айттыра берчү. Көрсө, дасыктырып жаткан тура.
Көркөм чыгармачылык анда күч алып турган кези. Мен Манас айтам, атам Акимкан кичүү сиңдим Кенжекан экөө комуз чертишет. Атам чоң комузчу эле, сиңдимди да так чертет деп калышчу. Үчөөбүз эл алдына чыга баштагандан кийин райондук, облустук, республикалык кароолорго чогуу барып жүрдүк. Ар кандай кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланаар элек. Белгилүү драматург Токтоболот Абдымомунов сиңдим Кенжекан экөөбүздүн өнөрүбүздү көрүп, "келечекте экөө кыргыздын атактуу кыздарынан болот" деп айтканы эсимде бекем сакталып калыптыр.
Кудайга шүгүр, убагында мен жөнүндө басма сөз беттерине жакшы эле жазып чыгышты. "Жаш манасчылар" деген документалдуу фильмге да тартылгам. Илимдер академиясына чакыртып Манас айттырышкан. Мени С.Мусаев жана Р.Кыдырбаев деген академиянын кызматкерлери угушканы эсимде, - деп эскерет ал.
Манас, Кошой, Бакай бабаларымды көргөндө…
- Эң кызыгы, адам турмушунда көп эле түштөрдү көрөт эмеспи. Көзүңдү ачканда эле мээңден учуп кеткен түштөрүң канча. А бирок менин бир түшүм бүгүнкүдөй көз алдымда. Түшүмдө чоң атам Сыдык мени колдон алып бир сонун жерге ээрчитип барат. Карасам, эки жакка чубалган бийик узун тоолор. Ортосунда эки бетке тизилген аскерлер. Оң жагында катары менен аппак боз үйлөр тизилет. Ал эми сол жагы караңгы, капкара. Аякта да аскерлер кароолдо турушат. Баары кара кийимчен. Атам мага: "булар Коңурбайдын аскерлери" деп тааныштырат. Анан эле чоң ак боз үйдүн алдында зоотчон аскерлерден уруксат сурап ээрчишип боз үйгө кирдик. Атам төрдө уй мүйүз тартып отургандарга жүгүнүп-жүгүнүп салам айтты. Төрдү карасам, так ортосунда сол жамбашы менен чыканактап Манас кырынан жаткан экен. Абдан зор зоот аскер кийимин кийип алыптыр. Анын оң жагында Кошой, сол жагында Бакай аталар отурган экен. Атам мени алардын алдына колумдан жетелеп чыгарды да: "Кызыма Манас айтканга уруксат алайын деп келдим" - деди. "Кызың оорулуу экен" деди бирөө. Күбүрөшүп сүйлөшө баштагандарды Манас колун көтөрө тыйды да: "Эч нерсе эмес, айыгып кетет" деп, оң колун жогору көтөрүп туруп, кайра ылдый таштады: "Айт, айт, айт" деп үч жолу кайталады…
Бул түшүмдү төкпөй-чачпай атама айтып бердим. Чоң атамды да көргөнүм боюнча сүрөттөдүм. Жакасын карманган атам "тобо, элдин айтымында так ошондой адам болгон экен" деп таң калды. Чоң атам Сыдыкты мен эмес, атам да элес-булас билчү. Анткени атам алты жашка чыга элек кезинде атасы каза болуп калыптыр…
Зууракан Сыдыкова айткан Манастан кыскача үзүндү:

"Каныкейдин Тайторуну чапканы
Ээ-эй, Манас көрүнүп көзүнө,
Маңдайында тургансып.
Мынчалык элди өзүнчө,
Мелтиреп карап турганы.
Маашырланып баарысы,
Менменсинип карысы,
Мамыдагы катарлаш,
Малга көзүн салганы.
Маңдай терин аарчышып,
Маңдай-тескей басышып.
Мээримин салып Торуга,
Маңдайынан сылашып.
Муну сезип жаткансып,
Малчысы турду, тынч албай.
Минтип ойлоп турганда,
Мени уят кыла көрбөгүн,
Мээнетиңди алайын,
Менин мине турганым,
Манаска келген тулпарым деп,
Маңдайынан чыккан Каныкей,
Миң мертебе кудайга,
Миң кайталап жалынып.
Муңкана тартты үнүндө,
Манаска келген туяк деп,
Мүрөктүн суусун ичкендей,
Миң тамырын аралап,
Маарага чыкса аттардын,
Миңдин бири келээрин,
Муңканып ичтен кетирип,
Мунарадай бийик асманды,
Мелтиреп тиреп тургандай.
Мелжиген асман сезгенсип,
Мелт-калт толгон аяктай,
Маңдай сөөгү былкылдап,
Менин жаным жан болсо,
Манас шерим колдоор деп,
Мына ошентип турганда…

Айнагүл Кашыбаева
Эркин-Тоо гезити

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   kyrgyzJigit   30 Декабрь 2014 - 13:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 232
  • Катталган: 18 Июль 07
  • Соңку аракети: 01 Мар 2019 14:09
  • Жынысы:Эркек

Цитата


САГЫНБАЙ МАНАСЧЫНЫН УУЛУ АМАНГУЛДУН АРМАНДУУ ӨМҮРҮ
Posted on 28 Жетинин айы, 2014 inShare Сүрөт

Таятам Сагынбай Орозбаков тууралуу маалыматтарды жыйноо, аны жана таенем Сайнапты, таеже, таекелеримди эсерүү ар убак жүрѳгүмдѳ жашап келет. Ѳзгѳчѳ Улуу Ата Мекендик согушка жаштайында аттанып кетип, атасынын улуу манасчылыгын уланта турган уулу Амангул таекем тууралуу элге жеткирүүнү парзым деп эсептеп келем…











СүрөтСагынбайдын манас айткан эки кызы удаа кѳз жумган

Таятам Сагынбай элдин адамы болгондуктан, бүт баардык түйшүк таенемдин мойнунда экен. Таятам Кыргызстандан ары татарларда, казактарда жер кыдырып чыгармачыл кишилер менен кетип калчу дейт.

Экѳѳнүн ортосунда 4 кызы, 2 уулу болуптур. Эки кызы таятамды тартышыпманасчылыкка оошуптур. Атасы менен кошо жүрүп Манас айтышып элге көрүнүп калган убактарында турмуш куруу жолуна түшүшѳт. “Кыз деген кыз тура, башка бирөөгө баш кошуп турмуш курганда кандай жерге чыгаарын бир Кудай билбесе, биз билбейт турбайбызбы” деп таенем сыздап калчу. Көрсө, турмушка чыккандарынан кийин экөө тең бири-биринен көп өтпөй эле удаа каза болушуптур. Токтобүбү таежемдин күйөөсү өтө заар, зөөкүр киши болгондуктан, Манас айтуусуна каршы болот. “Манас дегенди кулагыма угузба!” деп күндө уруш баштап, байкуш таежем таяк жеп, Манасты айтпоого аракет жасайт. Бирок касиет-рухтар “Манас айткын” деп кыйнай берет, күйѳѳсү болсо айтпа деп башка-кѳзгѳ койгулайт. Эки бирдей кыйноого чыдабаган таежем кийин туттугуп каза табат.

Экинчи кызы Бурулбүбү таежемдин күйөөсү болсо жакшы чыгат. “Букен, кыйналбай Манас айта бергин дейт. Бирок таежем ѳзү тартынчаактык кылып, “келин болуп туруп Манас айтат элем деп элдин ортосунда олтура албайм, эл эмне дейт” деп болбой коюптур.

Ага да касиет-рухтар “Манас айткын, болбосо тукумсуз өтөсүң, айткын” дешип чокмор менен сабашканда оозунан көбүк чыгып, ээси ооп жыгылат экен да, Манас айтып эсине келчү дешет. Ошондо да айтпайм деп өзүн өзү тыят, карманып айтпай коёт. Ошентип манасчылыкка баш ийбей жүрүп, 30 жашка чыга элегинде Бурулбүбү таежем да Токтобүбүнүн артынан о дүйнѳгѳ узайт. Таенем зыркырап, сыздап эстээр эле эки кызын.

“Түтүнсүз, жалынсыз истен күйдүм” десе, мен түшүнбѳй ал кандай дей берчүмүн. “Аа балам, кийин түшүнөсүң…” деп койчу таенем. Көрсө, күйүт деген нерсе адамдын ичине түшүп кетет экен. Өмүр бою ичинен кайнап, ысып жүрдү. Тез-тез муздак сууну иче берчү, ичкен суусу да ѳтѳ муздак болор эле. Таятам болсо кыздарынан айрылгандан кийин ооруп, кѳпкѳ чейин Манас айта албай кыйналыптыр.

Арманга салган Амангул – Сагынбайдын улантуучусу болмок…

Таятамдын көзү өтүп кеткен убакта Амангул таекем 5-6 жашта, иниси Жамангул таекем 3-4тѳ, Бүбүйра деген кызы алты айлык, Назырбүбү таежем болсо турмуш жолунда Кеминде жашачу экен. Балдар атадан эрте ажырап, каңырыктары түтөп, карманаары жалгыз апасы Сайнап болот. Таеенем балдарды багыш үчүн кандай гана жумуштарда иштебейт. Жазында, жайында сугатчы, күзүндө эсепчи, сакмалчы, саанчы – колхоздун кайсы гана жумушу болбосун баарында иштеп чыгыптыр.

7-8 жашка чыкканда таекем Амангул да Манас айта баштаптыр. Бирок эки кызынан кийин коркуп калган таенем уулунун манас айтуусуна каршы болгондо, таекем апасынан жашырынып айтып жүрѳ берет. Түнкүсүн болсо төшөктүн аягына, бирде төшөктүн башына чыгып чабалактап, башын катып, эшикти көздөй кыйкырып качып жѳнѳйт да, анан элирип жыгылып, оозунан ак көбүк чыгып Манас айткандан кийин гана эс алат. Бул убакта таң атып калган болот. Үйдѳгүлѳрдүн баары анын убарасы менен жүрүп, алар да уктабай калат. Мындай күндѳр күнүгѳ кайталана берет, жаш баланын кыйналганын көрүп, айласы кеткен таенем кайниси Сырканбекке, абысыны Бурулга ыйлап айтып берет. Түнкүсүн кыйналган уулуна жардам бере албасына өкүнөт. «Акилигим, Акилигим, Аманым” деп жалынгандан башка эч нерсе колунан келбейт.

Амангул болсо эртеси эс алгандан кийин баардыгы олтурганда айтып берет түнкүсүн эмне кѳргѳнүн.

- Түнү зоот кийимчен, белинде аппак күмүштөн шөкөттөлгөн алтын куру бар, кең далылуу чоң киши “Манас айткын” деп өзүнүн Кырк Чоросу менен келип, чокмор менен сабап киришет мени. А киши ѳзү олтурганда бир топ жерди ээлейт, чоңдугуна көз жетпейт, тим эле айтканын аткарган чоролор мени аябай кыйнашат, – деп Амангул айтып берип жатып ыйлайт.

“Молдо чакыртып дем салдырсамбы, бул ишти жабып, манасты токтотуп койсомбу, жандырсамбы” деп кеңешет кайниси Сырканбекке таенем. Булардын айтканына ишенбеген кайниси кечинде үйдө калат. Түнү жанында жаткан иниси Амангул бир убакта кармаша баштайт… Көргөн көзүнө ишенбей, жаңыдан чоңойуп келе жаткан баланын кыйналганын көрүп:

- Кой, эч жакка алып барбай Манасты айтып өрчүтсүн, жардам берели, сиз кыйнабаңыз. Эгерде молдого салсак майып болуп калбасын, мен өзүм көзѳмөлгө алам, сиз тыйбаңыз деп баланын баскан-турганын аңдып калат.

…Күндүзү таекем эч кимге айтпай, элге көрүнбөскө аракет жасап, Сагынбай таятам жалгыз көмүлгөн Айманбет капчыгайына бет алат. Акырын аңдып артынан Сырканбек жүрүп олтурат. Амангул атасынын күмбѳзүнѳ жеткенде олтуруп алып кѳпкѳ дейре ыйлайт. Анан эмнегедир эси оогончо Манас айта баштайт. “Кой” деген кожо жок, өзү жалгыз күлүп, сүйлөнүп, кусаланып, сагынычын, аталык мээримин көксөп жүргөнүн айтып ыйлайт. Эс алып алып, кайра Манас айтат. Ошентип көпкө чейин олтурат, кеч кире баштаганда эмнегедир эсине келгенсип бирөө менен сүйлөшүп, анан үйдү көздөй жолго чыгат.

Чочутуп албайын деп, Сырканбек артынан ээрчип үйгө кошо келет. Ошентип, Амангулдун Кара-Күнгөйдөн Кара-Сазга күндө жөө басып барып келип жүргѳнү дайын болот. Аңдып барган ал күнү билсе да билмексен болгон Сырканбек “Кечке кайда жүрдүң?” деп сурайт да:

- Эми Аман сен мага түшүн, жашырынгандан эч натыйжа таппайсың, элге чыгып Манас айткын, жеңем көндү, коркпой Манас айта бергин. Сени элдер сынасын, кемчилигиңди айтышат, түз кабыл алсаң жакшы болот. Байкемдин жолуна түшөсүң. Кудай буюрса, чоң манасчы болосуң. Эч коркпо, колдоочуларың колдоп турат сени. Ойлон Аман, мүрзөнүн коргонунун ичине кирбестен, сыртынан куран окуп турушуң абзел, андан кийин Манас айт. Мүмкүн сени агам күтүп жаткан чыгар манасчы болот деп, чындыгында мүрзөнү тебелебейт, – деп Сырканбек акыл-кеңешин айтып, Амангулдун Манасты ачык айтуусун суранып, элге алып чыгат…

Эл алдында Манас айта баштаганы

Таятам Сагынбайдын иниси Сырканбек ошентип таякем Амангулду элге алып чыккандан кийин, таенем уулун адатындай эле Акилигим, Аманым деп эркелетип, кичине болсо түшүңөн чочуган жоксуңбу дегендей, уулу эл алдында Манас айткандан кийин:

- Кана Акили, айтчы, түнү эмне көрдүң? – деп сурап койчу экен.

- Апа, ишенсеңиз, мени чоң киши кыйначу. Чокмордун башы да чоң, мени урган сайын «Манас айт, Манас айт» дечү. «Мен билбейм» десем, мына бул жерде эмне болсо ошону айта бер дечү. Бирок ошол учурда, түш көргөндөй көрчүмүн, чоң-чоң жылкылар, өтө узун чоң кишилер, баардыгы зоот кийимчен болуп, бул түштү күндө көрчүмүн, бүгүн андай болгон жок, – деп өзү таң кала айтыптыр элге алгачкы Манасын айткандан кийин. Таенемдин санаасы ошондон кийин тынчыптыр. Ошол мезгилди минтип эскерчү эле:

- Ошондо түлөө өткөрүп элден бата алдык. Балам ошондон кийин кыйналбай калды, Манасты элге айта баштады, өзүм да эс алып калдым. Кийин Нарын өрөөнүнѳ, Кочкорго балам үчүн чогуу барып, уулум Манасты тынбай айтып калды. Айыл ичиндеги комузчу, ырчыларга да кошо аралашып, жер кыдырып, такшалып, бара-бара Көлдү, Чүйдү, деги койчу, жаш болсо да эл оозуна алынып, абышкамдын ордун басты. Эл дагы “Мына атасын жоктотпой, ата жолуна түштү, Манасчы болду ” дешип, айыл ичиндеги атасын кѳргѳндѳр сүйүнүп жүрүштү. Баламдын үну кубулжуп, кооз чыкчу. Манас айтканда кадимки атасындай кыймылда болчу. Колун жаңсап, таамай айтчу, сѳздөрү таптак чыгып, эргип, элди эриктирбей, ар бир айткан окуясында ѳзү кошо жүргөндөй элдерди өзүнө тартчу.

«Белинде аппак күмүштөн шөкөттөлгөн, алтын куру бар, зоот кийимчен, кара өтүкчөн, кең далылуу, бою узун чоң киши такай жандап жанымда жүрөт. «Сен Манасты гана айт, сенин бүт баардык айтканың Манастын айланасында болот, Семетейди коё тур» деп айтат ал» деп балам айтчу.

Бала эмеспи, абышка өзүн Семетейчимин дечү, ошондон улам Семетейди айтканды ойлонсо керек. Амангул кээде Манас айтпастан элдик ырларды созолонтуп койчу. Олтурса-турса колунан калем сап түшчү эмес, ыр да жазып, кези келгенде окуп берчү. 1938-жылы күзүндө жаштар окучу гезитке “Алманбеттин Сыргакка айткан арманы” чыкканда төбөсү көккө жетип сүйүндү, жеке уулум сүйүнбөстөн, бүт баардык тууган-туушкандар сүйүндү.



Алгачкы жолу гезитке чыкканы

Мен таенемдин таекем жѳнүндѳгү эскерүүлѳрүнүн баарын жүрѳгүмдѳн ѳткѳрүп, таекем тууралуу ойлой эле берчүмүн. Ошондон улам 1938-жылы чыккан “Ленинчил жаш” гезитин таап таекемдин жазганын окусам дечүмүн. Укканыман бери кѳп жылдар ѳтсѳ да, ошол оюм быйыл гана, мындан 2 ай мурун ишке ашып, ошол гезитти китепканадан тапканыма абдан сүйүнүп турам. 30-жылдардын эски гезиттерин китепканалардан тапса болорун «Кѳк асабанын» редакциясынан угуп, алгач борборубуздагы улуттук китепканага бардым. Ал жерден гезиттин ѳзү табылганы менен, дал ошол “Алманбеттин Сыргакка айткан арманы” чыккан бетин айрып кетишиптир. Анан К.Баялинов атындагы китепканадан таап алганымда тѳбѳм кѳккѳ жете сүйүнүп, ошол бетин ксерокопиядан ѳткѳртүп алып, андагы латын тамгалар менен жазылган саптарды азыркы биздин тамгалар менен жазып атайы «Кѳк асабанын» окурмандарына тартуулап олтурам.

1938-жылы гезитке чыккан убагында, Амангул таекем 12-13 жашта экен. Ошондон кѳп өтпөй, Кыргыз искусствосунун Маскөө шаарындагы 1939-жылы 7-майда ѳтѳ турган 1-декадасына Кыргыз филармониясынан тандалып, Орус жергесине кыргызстандык таланттар менен бирге барып катышып келиптир. Декадада Манас айтып, Калининдин ѳз колунан алтындан жасалган кол саатты сыйлыкка алыптыр.

Декадага Амангул таекемдин барып келгени жана андан кийинки мезгили тууралуу таенем Сайнаптын айтып берген эскерүүлѳрүн катары менен тѳмѳндѳ келтирейин.



Маскѳѳнүн Амангулга алтын саат ыйгарганы

- Балам келгенде айтып түгөтө алчу эмес. Кандай жердин элдери Манасты угуп-көргөнүн, көпчүлүк барганын, ар кайсы улуттар келип, кыргызча болсо да түшүнүп кол чабышканын… Баламдын сүйүнүчү тим эле канатсыз көккө учкандай көрүнчү мага. Жайдары кубанычы койнуна батпай, телегейи тегиз болуп, 13-14 жашында тиги орустун жеринде болуп, «атамды көргөн, атам менен бирге жүргөн улуу адамдар мени колдошуп, сүрөп турушту. Мен Манас айтканда эң жакшы болду. Апа, атамдын көзүн көргөн кишилер өздөрүн тааныштырып жатышты. Аябай атам үчүн сыймыктандым. Менин жаштыгыма карабай, Калинин деген улуу орус мага алтын саатын тапшырды, белегимди алганда атам көз алдыма тартылды. Сизден урусаат сурабай, ошол алтын саат белегимди атам менен бирге жүргөн, атамдын китебин жазган улуу кишиге ыйгардым, баары бир сиз деле берет болчуңуз» деп ал белектин алдын алып, мага болсо жоолук ала келиптир. Илгерки кытайдын шайысынан токулган, гүлдүү чоң жоолук экен. «Баардыгы ушул жоолуктан алып жатыптыр, сизге деп мен да алдым, апа жактыбы?» деди эле.

«Балам, эмне энчилесең ошол мага чоң белек, сүйүнүчүм уулумдан деп мактанам» деп күлүп, ыраазы болгом. Бала болсо дагы, Нарындагы Бүбүйрага ооз комуз, агасына сыясы бар калем ала келиптир. Алтын саатын болсо атасын тааныган Ыбрайым Абдрахмановго, улуу адамга бергенине сүйүндүм. Ал киши түшүнүктүү, жакшы адам. Маскөөдө абышканы тааныгандар сүйүнүп:

- Сакебиз эми жаралган тура, ал киши өлбөптүр, тирилди, тирүү экен, Кудай буюрса Сакебиздин бүтпөй калган жерин уулу толуктайт, уулу Улуу адам болот, – дешип, Амангул Манас айткандан кийин колдон колго ѳткѳрүп көтөрүп кетишиптир.



Согуш деген суук кабар каптаганда

1940-жылы 14-15 жашында “Юный Манасчы Амангул ” деген орусча макала “Советская Киргизия” деген гезитке чыкты. 1940-жылдын 3-июнунда 126(3333) номуру менен чыккан гезит «Мактоо баракчасы» менен келген Фрунзе шаарынан. Бу жолу мурдагыдай сүйүнүч жок, ушундай болот дегендей көнүп калдык. Анан эле кѳп ѳтпѳй, «согуш башталды» деген суук кабар айыл ичин каптап, элдер дүрбөлөңгө түшүп, ыйлар көбөйдү. Согуш деген согуш тура, тынч жаткан элди, убайга салып, санаа тарта баштадык. Баарыбыз эми эмне болот деп кайгыга түштүк. Согушка деп жип ийрип, байпак токуп, мээлей токуп жөнөтө баштадык. Эгин жыйналган мезгилде калган-каткан данды, машакты терип калдык. Болгон даныбызды согушка жөнөтүп, жакшы нерсебизди кошуп жүрдүк. Кадимкидей ар бир үйгө салык салынып калды. Күндүз колхоздун жумушун жасап, кечинде аялдар, кыздар согушка жѳнѳтчү нерселерибизге кам көрө баштадык.

1942-жылы Сырканбек кайниме согушка деген кагаз келиптир. Согушка кетээрде Бурул абысыным экөө Камыйланы багып алыңыз дешти, ошондо балам бөтөнчө сүйүндү. Аманым: «Камыйды сиңди кылып Букеш карындашым эле багат, биз жардам беребиз, эч сарсанаа болбоңуз байке» деп, 3 айлык кызды сүйүнүп алып калдык.

Сырканбектин катында биз Маскөөнүн жанындабыз, согуш катуу болуп жатат, анча-мынча үйрөтүп койду. “Немис” деген акылдуу дешет, эмнеге СССРге согуш ачты түшүнбөйм, бизге окшош көзү көк кишилер экен деп кат келди. 3 ай бою кат артынан кат келип турду. 3 айдан кийин кара кагаз келип, Сырканбек Маскөөдөн каза болду деген суук кабар келди. Бурул кош бойлуу болчу. Сырканбекти уккандан кийин кыз тѳрѳдү. Көрсө, Бурулду кыйналып калат деп, Сырканбек Камыйды бизге ыраазы көргөн тура. Кызынын атын Уулкан койду. Улуу кызы Жамыйла жана жаңы тѳрѳлгѳн Уулканын кучактап, абысыным ошентип жесир калды.



Үйдөгүлөргө айтпай согушка кетип калганы

1943-жылы январда Кара-Кужурда кайынсиңдим кышкыга эт, ун алып кеткин деп кабар жиберет. Ошол учурда Амангул солдаттар үйрөнүүчү жерге айылдыктар менен барып турчу, себеби мектептен чыккандан кийин солдаттардын начальниги атканды, чуркаганды үйрөтчү. Мен ошентип, колхоздун төөсүн сурап алып кайынсиңдимдин үйүнө кетсем, уулум Амангул 1943-жылы 31-январда менин жоктугуман пайдаланып, согушка коштошпой жөнөп кетсе болобу. Балам Амангул ѳзүнүн жашын 2 жашка чоңойтуп, балдардан калбас үчүн кетип калыптыр…

“Манас айт деп мени касиеттер согуштан да кыйнап атат”

Мен үйгө келип эле, уулум Амангулдун согушка өз ыктыяры менен аттанып кеткенин угуп, “Акилигим, Акили, Аманым!” деп караанына зардап, буркурап, ботодой боздоп, көзүмдөн күчүмдү чыгарып, буркан-шаркан түшүп кала бердим. Баламдын кошотошуп жаткандагы ырын айылдагы жакшы санаалаштары, теңтуштары төкпөй-чачпай ырдап беришкен:

Булагы оргуп кайнаган
Булбулу тоодо жайнаган
Байлыгы мол Тянь-Шань
Жеримден кетип баратам
Ак сакалы жайкалган
Аталар аман болгула
Ата ордуна кармаган
Агалар аман болгула
Алты аркар жылдыз батканча
Алты айланып эмизген
Апалар аман болгула
Бөдөнөдөй бөйпөңдөп
Бөбөктөр аман болгула.

Бул саптарды өмүр бою кайталап, баламдан калган акыркы ыры деп жүрөгүмдүн түпкүрүндѳ калды. Уулумдун ушул ишине аябай таарындым, ыйладым, Кудайга да нааразы болдум. Башка балдар согуштан качса, уулум ѳзү кетип калганы эмнеси?! Катуу өкүндүм, көпкө оорудум. Айла канча, Кудайдан аман-эсен келишин самап, акыры ыйымды токтотуп койдум. “Төбөң түшкөн согуш! Кудай жеткирсин согуш ачкандарга” деп наалат айтып кала бердим.

Баламдан “жолдо кетип бара жатабыз, поезддебиз” деп бир нече жолу кат келди. Ар бир станцияга токтогон сайын катты жөнөтүп турса керек, анан кийин “Владивостокко келип токтодук” деген кат алдык. Балам согуштан башка жакка кетти дегендей аябай сүйүндүм. Согуш батышта болуп жатса, жакшы жерге барган экен дедим. Көрсө, ал жакка Жапондор согуш ачканын кайдан билейин, Гитлерди эле билебиз. Кат келип жатты, ар бир келген кат бизге той болчу, үч бурчтук катты алганда өзүн көргөндөй сүйүнчүмүн, коштошпой калсам да кат мага күч-кубат берчү. Кат артынан кат алып бактылуу сездим ѳзүмдү, сүйүнүчүм койнума батпай калчу болду. Балам 1942-жылы чилдеде согушка кетсе, 1943-1944 жылы болуш керек, жүрөгүмдү ооруткан кат алдым. Ал катта, мына кызык, “Манас чоролору менен келип, Манас айт деп кыйнай башташты, айтпайм десем чокморлору менен сабашат, кыйнашат” дептир. “Ата-Мекен үчүн кечке минамёт, пулемёт сүйрөп чарчайбыз. Эл-жерди сакташ үчүн атайы келсем, мага кыйын болду. Апа, эки бирдей кыйноого тушуктум, чоңдор түшүнбөйт. Казактар, мусулмандар болсо мейли, Манастын маанисин кичине болсо да билишет. Ыраакы Чыгышта Жапондор менен салгылашкан жерге касиеттер эмнеге келишти билбейм. Манас чоролору менен кең Ала-Тоо кыргыз жеринде эле калса болмок” деген кат келгенде түнкү уйкум качып, түйшѳлүп калдым. Дүйнөм тарып, ичимден билинбеген калтырак басып, кыйналып, кыздарыма, балам Жамангулга билгизбей түнкүсүн ыйлап алчу болдум.

Касиеттер эми ошол жерден тынчтык бербеди, балам кыйналып кетти, Акилигимди кыйнаганча мени кыйнаса кана деп, күндө Кудайдан суранып калдым, айла канча, эч жардамым тийчүдөй эмес. Ойлоном, өзүмдү өзүм алаксытам, мүмкүн Манас ата жардам берип жаткандыр балама, Акилигим, Аманым аман болсо болгону дечүмүн. “Түн жарымда жанымды коюшпагандыктан Манас айтам, солдаттар мунумду түшүнбөйт, купакка камашат, анысы аз келгенсип, өтө оор жерге, согуштун күйгөн жерине айдашат. Ага да кайылмын, эптеп эл-жерим үчүн деп бара берем” деген кат келип турду. Сүрөтү менен каты 1943-жылдан 1946-жылга чейин үзүлгѳн жок.

1945-жылы январда “Иркутскийге келдим, Владивостоктон алып келди бир топ солдаттарды, ошолордун ичинде мен да бармын. Манас да чоролору менен кошо бул жерде мени менен жүрүшөт, күндөгүдөй түнү айтам солдаттарга, көнүп калышты көрүнөт. Жапондорду жеңдик” деген кат келди. 1945-жылы 9-майда Жеңиш күнүн тостук. Согуш бүттү, эми баламды көрөм деп сүйүнүп калдым. Баламдан кат келип жатты.

“Апа, чыдаңыз, мен барсам баары башкача болот”

1945-жылы майдын аяк ченинде мындай мазмундагы кат келди: “Апа, жеңиш келди, Кудай буюрса аман-эсен жолугушканга аз калды. Апа, өзүңүздү жакшы караңыз, кыйналган чыгарсыз. Мен келгенде башкача болот. Мени кечириңиз, сизге айтпай кетип калганым үчүн. Балдардан калгым келбеди. Сизден кечирим сурап ар бир катымды жазып жаттым, эми кечирген чыгарсыз. Букен билим алып окусун , окуусуна тоскоол кылбаңыз, эң биринчи ушул карындашымдан кат алдым, акылдуу кыз экенине түшүндүм. Жамакең жигит болгондур. Камый чоң кыз болуп ойноп жүргөндүр. Ишенсеңер баарыңарды абдан сагындым, Ала-Тоо көздөн учат, ата-конуш, ага-туугандар, айылдаштар күндө түшүмө кирет…”

1946-жылы декабрдын аяк ченинде келген каты акыркысы болду. Ошону менен үмүт берген алакандай каттар токтоп, такыр келбей калды. Үч бурчтук кат көздөн учуп, ыйык, баалуу, кымбат нерседен кол үзүп, жол карап кала бердим. Баламдан калган акыркы катты жүрөгүмдүн тушуна бекем сактап, күнү-түнү ички кѳнѳгүмдү сол тѳш чѳнтѳгүнѳн чыгарбайм. Амангулдун элеси, жылмайган жүзү, солкулдап малдаш токунуп отурган калыбы, Манас айтканы көз алдымда тартыла берди”.

Кубат берген алакандай кат

Таенем Сайнаптан мына ушул айткандарын угуп, мен да кѳкүрѳгүмдѳ таекемди таенемдин бактысы үчүн келип калса деп күнү-түнү ойлой берчү болгом. Азыр ойлосом, кичине эле жел болсо чачырап кетчүдѳй болгон ошол саргарган үч бурчтук кат таенеме күч-кубат берип тураарын түшүнбөптүрмүн. Таенемдин тирүүлүгүндѳгү эң ыйык, эң баалуу нерсеси ошол гана тура. Катты алаканына акырын жайып, көпкө карап, жыттап-жыттап, ойлонуп олтуруп калчу өзүнчө жылмайып. Анан кайра бүктөп көкүрөктүн тушундагы ич көйнөктүн чөнтөгүнө салып койчу. “Ушул кат уулумдан калган акыркы белеги” деп койчу. “Төбөң түшкөн согуш. Эми экинчи болбосун, энелер үчүн өтө кыйын тура” деп туталанып, өкүнүп кейип-кепчип отурчу баласын эстегенде. “Уулумдан кийин Манасты ким айтат болду экен? Абышкам “өзүмдөн аска чыгат, жээндериме ооду дечү. Уулумдай абышкамдын жолун жолдоп Манас айтып кетишсе болгону, абышкамды жоктотпой, басылып калмай болду. Өкүнөм, Амангулдай болуп Жамангулум айтпайт, атына заты жараша болот тура. Абышкам ысым койгондо аман болсун деп Амангул коюп, жаман да болсо баягынын баласы десин деп Жамангул койгон тура. Жамангулум шопур болду, мени аяп окубай койду. Жамангулума ыраазымын, такай колдоп жанымда, баары тең чоң болом деп окуп шаарга кетсе айыл ичи кантет эле? Эми Кудай кыздарыма, Жамангулума өмүр берсин” деп күбүрөнчү.

Мен таенем Сайнаптын тарбиясында, Жамангул таякемдин көзөмөлүндө чоңойдум. Өтө жөнөкөй, токтоо, байлыкка умтулбаган, Кудай берээрин унутпасын, балдарым аман-эсен болсо, ошол менин байлыгым деп жашады таенем. Урушканды билчү эмес. “Ай Кудай аткыр” деген сөзү эң жаманы болчу. Көп ойлончу, ушакты укса дагы билмексен болуп, кайра айтышса кайра да угуп койчу. “Аа, ошондой бекен” деп жайкап күлүп тим болчу. Мен мунусуна таңгалып, “Таене, муну кечээ эле уккансыз го, эмнеге кайра уктуңуз?” деп сурап калсам, “Ай балам, уктум деген көп сөз, айтып жаткан адамды угуп койсом, айткан кишинин көксөөсү канат, ал эми кошулсаң сөз өөрчүп кетет, кошумчасы жок кала берсин” деп койчу. Көрсө, башынан көп нерсе өткөнүн, жашоодо кѳп нерсени билген аялзаты экенин кийин гана түшүндүм. Түшүнгѳн убагымда кеч болуп калган. Сайнап таенем мен 7-класста окуп жатканда, 1969-жылдын 1-апрелинде каза болду.

Таенемди, анын сүйлөгөн сөзүн сагынып, өтө акылдуу, кыйын аял экендигин эстеген сайын баа берип жүрдүм. Өзүм да таенем сыяктуу болгум келчү, бирок кайдан. Ал иштүү болчу, адеми көйнөктөрдү өзүнө тигип, арткан кездемесинен мага да тикчү. Машинеге тиксе кары кишиге өйкөмө болуп тигиштери өтүп кетет деп, колго гана тикчү. Үйдө Николайдын убагындагы илгерки машине бар эле, бирок аны колдончу эмес. Шырдак, кийизди жайы менен жасап, кышында жээгин көктөп, шоона ийрип, ийиги колунан түшпөчү. Мага көбүнчө “кызым, түз жүргүн, ууру кылбагын, ушак сүйлөбөгүн, калп айтпа, баардыгынын акыретте сурагы болот, ата-энеге акаарат айтпа, ал айланып кийин өзүңө келет. Сүйлөсөң да ойлонуп сүйлөп жүргүн” деп көп насаат кылчу.

1967-жылы таятам Сагынбай Орозбаковдун 100-жылдыгы өтмөк, ошону таенем аабдан күткөн, бирок өтпөй калды В.И.Лениндин 100 жылдыгына туш болуп. Өкмөт да кызык, бирөөнү эрте жазда берсе, бирөөнү күздө берсе болмок да, антишпеди. Кеч болсо да ѳткѳрүшѳѳр деп таенем дагы эки жыл күттү. Анан ѳкмѳттѳн үмүтү үзүлгѳндѳ ѳзүн таштап койду. 1969-жылы 1-апрелде менин сүйүктүү таенемди, таятам Сагынбай Орозбаковдун байбичесин жерге бердик. Анда мен 7-класстагы кыз элем. Азыр ѳзүм неберелүү болсом дагы, таенем Сайнапты, таекем Амангулду сагынам. Таятамдын касиеттүү ѳнѳрүн, Манас айтуусун улачу урпагы согушка кетип калганына, кайра кайтпай калганына ѳкүнѳм.

Келсинбү КАДЫРКУЛОВА

Алынган булак : "Көк асаба" коомдук-руханий гезити

Кыргыздын дагы бир таанылбаган чыгаан инсаны, бир системанын курмандыгы болгону өкүндүрбөй койбойт. Убагында бул адамды сактап калышса, эмне деген руханий байлык тартууламак кыргыз элине, аттин..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   kerakg   11 Февраль 2015 - 11:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 082
  • Катталган: 19 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2017 08:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас жери.

Манас тууралуу ишенбегендерге, Манасты жон эле бир кеп да,
Манасты маке брат дегендер,
дегеле Манас тууралуу тушунугу жоктор окуса болчудай далил экен.
негизи Манас айтуу Алла Таала берген касиеттен болсо керек Жакын арада эле чыккан 5 жашар баланын жаттабай, укпай билбей эле Манас айтканы тан калтырбай койбойт.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   vankuver.   11 Февраль 2015 - 15:22

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 925
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2018 16:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер


kerakg
Жин шайтандар адамдын тушуно кирип, оюн озгортуп азгыруу мумкунчулугуно ээ. 5жашар баланы деле Манас айтуусу жин шайтандын азгыруусу деп ойлойм.






Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.


Али.Р.А

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   windom   11 Февраль 2015 - 15:31

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 392
  • Катталган: 03 Январь 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 18:28
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шылдырап аккан тунук булак боюндагы боз уй

Манасчылардын кантип айтып калуусун сураганда копчулугу тушундо аян берип,анан айтып калышканын айтат. Мунун мен ошол тушуно киргендер жин шайтандар деп тушуном.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   edu.kg   11 Февраль 2015 - 15:44

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 489
  • Катталган: 04 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 10 Мар 2015 18:26
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары.

Манас эпосу кыргыз элибиздин руханий байлыктары болуп саналгандыктан , урпактан урпака ,муундан муунга кыргыз кандай элдин урпактары экенин ,тарыхы кандай болгонун бут баяндап унутулбас учун айтылып келген тарыхый чон коломдогу баян болуп эсептелет. Кыргыз тарыхы ушул эпосубузда байыркы эл экени качан кайсы жерде жашап келгендиги баса белгиленип жазылган баян. Менимче оз кезинде ушул баянды айтуу,жеткире такалбастан токтобостон айтып берген адам чон даражадагы талантардын бири болуп саналган. Манас бабабыздын улуктугу ыйыктыгынын себеби болсо керек ошондуктан кеебир аталарыбызга тушундо аян берип ,ал аянды туура тушунуу менен кабыл алып айтып калышса керек. Менимче кереметуу ыйык касиетери болсо керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   edu.kg   11 Февраль 2015 - 15:55

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 489
  • Катталган: 04 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 10 Мар 2015 18:26
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары.

Тушундо аян бергенди кайдагы жин шайтанга алмаштыруу жэ тушунуу туура эмес. Кыргыз ошол ыйык сапатары менен салт санаасы менен ушул кунго келди да. Мейли силер айткандай шайтан тушуно кирсе эмне себептен манас эпосун айтып калды анда ? Шайтан эч качан жакшы жакка жетелебеген нерсего? Бул жерде ата бабабыздын ыйык сапатарын бираз басынтып жатасынар деп тушунуп калдым. Аян беруу да оной олтон адамга бериле берген эмес, кандайдыр бир касиеттери (таланты) бар адамдарга берилген андай касиет арбир адамда боло беребейт. Бекер отуруп алып оз озундун тарыхынды басынта беруу болбойтго. Билбесен билбейм тушунбосон тушунбойм деп койуу оной эле нерсе болсо керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   danyar_98   12 Февраль 2015 - 15:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 166
  • Катталган: 18 Август 14
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 11:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:бишкек

Жин шайтан айттырат деп кайдагыны айтпагылачы. Башка элдер укпасын. Кудайдын кыргызга берген улуу касиети. Шайтанга ишенип, кудайдын кудуретине ишенбегенинер эмне? Балким силерди да шайтан айттырып жаткандыр бул создорду
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 18 Июл 2025 03:55

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: