Украинадагы кырдаал Кыргызстанга да жетеби?
#41 25 Февраль 2014 - 10:19
#42 25 Февраль 2014 - 17:09
#43 25 Февраль 2014 - 18:16
.
Жарыяланган учуру: 24.02.2014
.
Коомчулук Киевдеги окуялардын эпкини Бишкекти да кыйгап өтпөйбү деген суроого жооп издеп жатканда, айрым саясатчылар Украинада Кыргызстандагы 2010-жылдагыдай абал кайталанганын айтууда.
Ошол эле кезде Кыргызстандагы соңку жагдайлар коомдук-саясий абалды Украинадагыдай курчутуп жибербейби деген суроо кабыргасынан коюлуп турган учур. Талдоочулардын айрымдары бийлик коомчулуктун талабына кулак салбай, оппозиция өкүлдөрүнө карата өкүм зордугун күчөтсө анын арты толкундоолорго алып келиши мүмкүн деп эскертүүдө. Ошол эле кезде башкаруучу коалицияга кирген “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев бийлик-оппозиция тирешине алып келүүчү катуу карама-каршылыктардын чыгышына азырынча негиз жок деп билдирди.
.
Геосаясаттын таламында...
.
Украинадагы соңку окуялар чагылгандай тездик менен өнүгүп, анын арты президент Виктор Януковичти бийликтен алып түшүүгө алып келгени маалым. Андан кийинки окуялар кудум 2010-жылы 7-апрелден кийин Курманбек Бакиев кичи мекенине качкандай, Янукович Украинанын чыгыш аймагына жашырынууга аргасыз болду. 2010-жылы 7-апрелде Бишкектин борбордук аянттында 77 жаран окко учса, Киевде сексенге чукул адам набыт болду.
Виктор Янукович өткөн жекшембиде Харьковдо президенттик бийлик-укугун токтото электигин жарыялаганы менен учурда кайда экени белгисиз. Ошол эле кезде Харьковдо мурдагы режимди колдоп чогулган депутаттардын съездинде өлкөнүн Түштүк-Чыгыш аймагын Украинадан бөлүү демилгеси көтөрүлдү.
.
Саясат таануучу Марс Сариев2010-жылдагы Кыргызстандагы окуялар менен Украинадагы азыркы жагдайды салыштырып өттү:
.
-Албетте, көп окшоштуктар болду. Бирок Украинадагы окуялардын өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Анткени анын батышы менен чыгышынын ортосунда айырмачылык өтө эле чоң. Мындай бөтөнчөлүк азыркыдай саясий курч кризис учурунда аябай тереңдеп турат. Бирок бир жагдайды салыштырууга болот. Украинада да, Кыргызстанда да адилетсиз жана ашкере манчыркаган башчылардын айынан элдин нааразылыгы жаралып, аны дүйнөлүк ири оюнчулар геосаясий кызыкчылыгына карата колдонгон учурлар болду. Украинада 2004, 2014-жылдардагы, Кыргызстанда 2005, 2010-жылдардагы ыңкылаптарга ички себептер болгону менен алардын бардыгы сырткы оюнчулардын көмөгү менен жасалды.
Айырмасы, Орусия бийлиги Кыргызстандагы 2010-жылдагы окуяны ошол кездеги президент Бакиевдин туура эмес жүргүзгөн саясатынын натыйжасы катары бааласа, бул жолу Украинадагы үч айга созулган каршылык көрсөтүү акциясынын жыйынтыгын куралдуу төңкөрүш катары мүнөздөдү. .
Айрым оппозиция лидерлери болсо соңку кезде Кыргызстандын бийлигин Кремлдин көрсөтмөсү менен иш алып барып калды деп айыптап келет.
Кемчиликтен сабак албаган саясат
Ошол эле кезде коомдук-саясий абалга таасир этчү көп кемчиликтерди оңдоо талабына кыргыз бийлиги кулак салбай калганы мисалга алынып жүрөт. Ушуга байланыштуу саясий күчтөр жакында Улуттук оппозициялык кыймылдын алдына биригип, саясий күрөштү жандантууга киришти. Ошол эле кезде Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине каршы кыймылдар да түзүлө баштады. Аталган уюмдар Кыргызстан аталган уюмга кирсе эгемендигинен ажырап, экономикалык жактан Орусияга толук көз карандылыкта калат деп кооптонушат. Ошондой эле коомчулукта Бажы биримдигинин талабы Кыргызстанда баалардын өсүшүн шарттайт деген чочулоо бар.
.
Кыргызстан элдик-демократиялык партиясынын төрагасы Артур Медетбеков Украинадагыдай окуялардын Кыргызстанда кайрадан кайталанып кетүү коркунучу бар экенин жокко чыгарбайт:
.
-Биздеги көптөгөн орчундуу маселелерге чекит коюлбай келе жатпайбы. Мына ошонун бардыгы топтолуп калды. Ошол эле “Кумтөр” маселеси, чек ара чатактары жана ири коррупциялык иштерге байланышкан чуулгандуу иштердин жыйынтыгы эмгиче чыккан жок. Анын жыйынтыгын талап кылгандардын бардыгын душман катары кабыл алышууда. Эгерде мындай жол менен жүрө берсе кырдаал татаалдашып кетиши ыктымал. Анткени элдин нааразылыгы топтолуп отуруп, селге айланып кетиши кеп деле эмес. Ошон үчүн Украинадагыдай окуялар кайталанып кетпеш үчүн бийлик алдын-алууга тийиш. Алдын алам деп аңдууларды күчөтпөстөн маселени чечүүнүн үстүндө иштеш керек.
.
Ошол эле кезде президент Атамбаевге жакын саясий чөйрөлөр буга чейин деле бакиевчил күчтөр бийликти басып алууга аракеттенип жатат деген билдирүүлөр менен бир нече курдай чыгып келген. Улуттук оппозициялык кыймылдын түзүлүшүн да бийликчил күчтөр кырдалды жасалма түрдө курчутууга кызыкдар топтордун биригиши катары баалаган болчу.
.
Толкундоого себеп барбы?
.
Парламенттеги башкаруучу коалицияга кирген “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев кырдаалдын курчушуна негиз болчу орчундуу себептер жок экенин айтып, аны өзгөртүүгө жарамдуу күчтүү оппозициянын жок экенин мисал келтирди:
.
-Азыркы оппозициянын багыты мен үчүн түшүнүксүз. Кечээ эле Москвага барып, алардын алдына жүгүнүп, “парламенттик башкаруу жарабайт, президенттик башкарууну кайтарып келебиз” деп жүрүшкөн саясатчылар бүгүн болсо башка бир ураандарды кыйкыра башташты. Кызыгы алардын президенттик бийликти чектеп, парламенттик башкарууну кеңейтебиз деп жүргөн батышчыл депутат Равшан Жээнбековдун алдына биригиши түшүнүксүз. Алар эртең эле кайра өзгөрүп, башка бир идея менен чыкпайт деген кепилидк жок. Ошон үчүн мына ушуга окшогон саясатчыларга эл ынанып ээрчип, аларга ишеним артаарына шегим бар. Бизде азыркы Украинадагыдай кырдаал 2010-жылы болгон. Азыр болсо андай жагдай жок.
.
Кыргызстандын вице-премьер- министри Тайырбек Сарпашев да 24-февралдын кечинде "А.....н" "Ы........з суроолор" телеберүүсүнө катышып жатып, Украинада Кыргызстан 2010-жылы баштан кечирген окуялар кайталанып жатканын, Кыргызстан бул жолду төрт жыл мурда басып өткөнүн билдирди.
Ошол эле кезде расмий Бишкек Украинадагы бийлик алмашуу окуясы боюнча расмий позициясын билдире элек.
Билдирүүнү түзөткөн: vankuver: 25 Февраль 2014 - 18:21
#44 25 Февраль 2014 - 21:21
Эми Бажы союузу бир азга кечендейт анткени Украинасыз Бажы биримдиги ишке ашпайт..!
Ал эми Украина туура багыт алдыбы же адаштыбы аны убакыт коргозот..!
Билдирүүнү түзөткөн: Vazir: 25 Февраль 2014 - 21:22
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#45 26 Февраль 2014 - 09:04
Билдирүүнү түзөткөн: Kubanychbekkagan: 26 Февраль 2014 - 09:16
#46 26 Февраль 2014 - 09:23
Kubanychbekkagan (26 Февраль 2014 - 09:04) жазган:
Кандайча эле Украинада революция болсо алар фашистер, бизде болсо баатырлар? Крымды болсо мурунтан эле Россия кокутуп болуп алабыз деп козырь карта катары колдонуп келет. Баары бир колунан эч нерсе келбейт, анткени президентти алар мыйзам чегинде, парламенти кетирди. Бир аздан сон тынчыйт, Россия токтотот провокацияларын айла жок.
#47 26 Февраль 2014 - 09:46
byrkyt_001 (26 Февраль 2014 - 09:23) жазган:
Гитлердин идеологиясы менен жашап, "черныйларга" Орусияда орун жок деп кавказдыктар менен азиаттарды өлтүрүп жаткан такыр баштар Украинада дагы бар. Алар да Гитлердин идеологиясы менен жашайт. Мына ошол фашисттик идеологияны колдогон такыр баштар элди кан төгүүгө түртүп үгүттөп жүрдү. Мындан сырткары гейлер менен сойкулардын укугун туу тутуп, аларды колдогон АКШнын каржылоосу менен иштеген эл аралык полициянын кызматкерлери да жүрдү. (Төмөнкү сүрөттөрдө Украинанын майданынан алынган кадрлар)
---------
Ал эми бизде 2005-жылы АКШнын жардамы менен Акаевдин бийлиги кулаган жана бийликке бакиев келди. Ал Баяман, Раатбек, Үсөн, Медетбек сыяктуу бакиевдин бийлигине каршы чыккан 30 дан ашык кыргыздын эр азаматтарын буйрутма менен өлтүрттү. Бизнесмендердин бизнесин тартып алуу күчөп кеткен. Мына ушундан улам ал канкор бийликти алмаштырууга туура келип, 2010-жылы оппозиция лидерлери камалган күндүн эртеси фашисттердин жардамы менен келген бакиевди кыргыздар бийликтен кууп салдык. Орусиянын кийлигишүүсү менен Кыргызстандагы баш аламандыкты токтотууга жетиштик. Эгер Путин менен Нурсултан биздин саясатка аралашпай, бакиевди өлкөдөн качырууга чакырбаганда, АКШ бийлиги биздин өлкөнү түндүк-түштүккө бөлүп кыргыз менен кыргызды кан төгүүгө түртмөк. бакиев кулаганда кан төгүүгө түрттү, бирок Путиндин сунушу менен бакиевди өлкөдөн чыгарып Кыргызстанда тынчтык орноду.
Билдирүүнү түзөткөн: Kubanychbekkagan: 26 Февраль 2014 - 09:58
#48 26 Февраль 2014 - 09:59
#49 26 Февраль 2014 - 10:10
byrkyt_001 (26 Февраль 2014 - 09:59) жазган:
Орусия албетте өзүнө ылайыктуу бир тараптуу маалымат берет. Бирок ошол кезде дагы бир жагдай бар. Ал Ирак. Иракка АКШ кол салуунун алдында дүйнө жүзүнүн маалымат булактары аркылуу "Иракта массалык адамдарды кырып, жок кылып салуучу курал бар, биз андан кутулуу үчүн Саддам Хусейндин бийлигин кулатуубуз зарыл" деген маалымат тараттырды. Дүйнөдөгү маалымат булактарынын 90 пайызы бир гана Саддамды күнөөлөп, андан кутулуу керек экен деп жатышты. Буга карапайым дүйнө эли ишенип алды. Болгону 10 пайыз гана маалымат булактары чындыкты айтып, Иракта эч нерсе жок деп кабарлашты. Бирок көпчүлүк ушактарды тараткандыктан алар көз жаздымда калды. Ал эми соңунда эмне болду? Ирак талкаланды. Бейкүнөө миллионго жакын адам курман болду. Арадан 5 жыл өткөндөн кийин АКШ бийлиги эмне деди? Акмак АКШ бийлиги: "Иракта болгон 5 жылдык согушта биз демократия орнотууга жетиштик. Бирок тилекке каршы Ирактан массалык адам өлтүрүүчү курал тапкан жокпуз" деп гана Ирактан чыгып кетишти. Ирактын элинен кечирим да сурап койгон жок. Мына ушундай көрүнүш Вьетнамда дагы болгон. АКШ ал өлкөгө аскердик базасын куруп, жыйынтыгында ал өлкөнүн өзүн бомбалап салды. Мына гейлердин укугун коргонгон АКШнын саясаты.
#50 26 Февраль 2014 - 10:23
#51 26 Февраль 2014 - 10:28
Билдирүүнү түзөткөн: byrkyt_001: 26 Февраль 2014 - 10:31
#52 26 Февраль 2014 - 10:55
byrkyt_001 (26 Февраль 2014 - 10:28) жазган:
Украинанын түндүгү менен түштүгүндөгү абалга көз салчы. Түштүктөгү эл эмне деп жатат азыр. Мына кечээ алар жарандык коомдон аскер колдорун түзүп, эгер Украина Европага кошула турган болсо анда Крым автономдуу Республикасы өз алдынча мамлекет болуп бөлүнүп чыгууга даяр экенин билдирүүдө. Украинанын түштүгү гейлердин укугун коргогон, фашисттик Евро Биримдикке кирүүнү каалабасын билирип митинг уюштурууда. Каалайбызбы каалабайбызбы Орто Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр батыштын саясатына каршы туруубуз керек. Анктени биз гейлердин укугун коргонгон акмактардан эмеспиз. Анктени биз сойкулардын укугун туу туткан намысы жок эл эмеспиз. Биз кыргызбыз. Андыктан, биз жазында Кыргызстанга келе турган батышчылдарга жол бербешибиз керек. Украинадагы сценарийди жазында Бишкек шаарында дагы баштоо планы бар. Андыктан ошого даяр турушубуз керек. Оурстарга жагынып пайда табам деп үмүт кылгандарга да айтаарым кыргыз болгула! Орусия менен АКШнын жана Европанын саясаты биздин мамлекеттин бүтүндүгүн талкалайт!
Билдирүүнү түзөткөн: Kubanychbekkagan: 26 Февраль 2014 - 11:01
#54 26 Февраль 2014 - 13:20
#55 26 Февраль 2014 - 17:52
#57 27 Февраль 2014 - 10:09
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
#58 28 Февраль 2014 - 13:34
#59 01 Март 2014 - 20:06
#60 01 Март 2014 - 21:30