Суперстан: "Контрабанда" Саадатбек Мырзакул уулу - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Контрабанда" Саадатбек Мырзакул уулу

#1 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   01 Март 2014 - 14:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Контрабанда Саадатбек Мырзакул уулу

Жашыруун сыр

Рашид кундогудон уйуно кеч кайтып келди. Аялы Заринаын берген тамагына да табити тарткан жок. Озунчо оор ушкурунуп, аш кашыкты кайра тарелкага салып койду. Анын кабагынын чогунку экенин байкаган аялы акырын сурай кетти.
-Сага эмне болду, жумушунда жагымсыз нерселер болдубу, же ооруп атасынбы?
Ал бир топко колундагы чай кашыкты столго тарсылдатып, бет алдындагы нан салгычты теше тиктеп, ойлуу отурду дагы акырын ун катты.
-Мени Туштук жакка команндировать этип атышат...

Билдирүүнү түзөткөн: Ylykbek1990: 01 Март 2014 - 15:45

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   01 Март 2014 - 17:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

-Кандайча жылга айланып кетиши мумкун?

-Мени ошол жакка убактылуу иштегени которуп жатышат.

-Тушунсом буюрбасын, кандайча ал жакка которуп жатышат, сенин бул жакка которулуп келгенине аз эле болбодубу?

-Озун тушуносун да, Армия офицерлеринин иши ушундай эмеспи.

-Убактылуу болгондо кандай?

-Ош тарапка мени погранвойскага жонотуп жатышат.

-Казармагабы?

-Ооба.
-Ал эми бул жак чы? -Бул жактагы ишим тура берет, алжактан келгенден кийин кайра иштей берем.

-Улуттук гвардияда иштеп жатканына аз эле болбодубу, эми тиги жакка кайра кочуп кетебизби? Ары-бери кочкон тажатып жиберди го,эл катары бир жерден очок алып отурукташып, пенсияга чыгып алабызбы же ушинтип эле ар кайсы жерде кочуп-конуп кочмон болуп журо беребизби?

-Биз эч жакка кочпойбуз, силер ушул жерде эле каласынар…

-Тушунсом буюрбасын, сен туштукжакка жалгыз кетесинби?

-Ошондой болуп калды…

-Анда…

-Болду коп эле суроо бере бербечи,муну сага тушундуруп айтканга али эрте. Бул деген мамлекеттик тагыраак айтканда аскердик жашыруун сыр, эскертип коеюн бул эч кимге оозундан чыкпасын.Тууган- туушкандар сурашса туштук жакка иштегени кетти деп кой. Биз болсо кийинчерээк ал жакка мага ылайыктуу жумуш чыгып калса кочуп кетебиз деп кой,башка эч нерсе айтпа. Менин зарплатым бул жакта журо берет. Эки-уч айда чогултуп биздин часттын кишилери алып келип берип турушат. Ал тууралуу да эч кимге оозундан чыкпасын, кимдир бироолор акырын кыйытып сурап, билип алууга аракет жасоолор да мумкун. Туштуко иштегени кеткен, башка эч нерсе билбейм деп кой, аларга мен жонундо артык баш эч нерсе суйлобо.

-Тушундум, бирок…

-Болду артык баш суйлоонун кажети жок,бул деген “военная тайна” деп айтып атпаймынбы. Менин башымдан биринчи эле жолу отуп жаткан жок, мунун баарын сен тушуносун да, жумушубуз ушундай эмеспи. Бул жактан кызын экоонор оокатынарды кыла бергиле, уй бар, жумушун бар дегендей, менин айлыгымды болсо алып турасын. Анда сырткары “сухой паек” кылып азык-тулук,тамак- аш алып келип берип турушат. Телефон менен бат-бат кабарлашып турабыз, ишим бутсо эле кайра келип калам, ошого жараша чиним дагы которулот.Кыскасы сен мени тушундун да, калганын тигил жактан келгенден кийин шашпай тушундуруп берем. Эки-уч кундон кийин кетем, бир сыйра кийимдеримди даярдап,чемоданга салып жыйыштыра бер. Кызымдын окуусун жакшылап кара. Дагы бир жолу эскертем, менин командировкага кеткеним туурулуу кошуна болобу, тааныш болобу,тууган болобу эч кимге оозундан чыкпасын. Бул менин омурумо да кедергиси тийип кетиши мумкун. Кой, журу эс алалычы, - ал кичине болмого барды дагы эч нерсе сезбей уктап жаткан кызынын бетинен акырын ооп, жарыкты очуро озунун уктоочу болмосуно кетти.



Озгочо тапшырма

Рашид борборубуз Бишкек калаасындагы улуттук гвардиясына келип иштей баштаганына экинчи гана жыл болуп бараткан.Нарындагы чек ара кызматынан которулуп келген. Тээ илгери Советтик Армияга чакырылып, десанттык болугундо кызмат отой баштаганда эле ошол жактан жолдомо алып Аскер мектебине тапшырып отуп кеткен. Ал жактан лейтенант деген наам алып кайра эле озунун болугундо кызмат отоду. Кийинчерээк Ооган согушу башталганда ошол жакка оз эрки, ыктыяры менен жоногон. Ал кезде бойдок болчу. Ооганстандан улгулуу журуш-турушу, душмандар менен согушкандагы эрдиктери учун нечендеген ордендер, граммоталар менен сыйланган. Оз кезегинде бокс менен машыгып, кийинчерээк таеквондого отуп кеткен. Карате менен да бир жылча машыгып калган болчу. Кийин Заринага уйлонгону спорт менен машыкканга убактысы болбой калды. Бирок ошентсе да уйго спорт зал ачып алып машыгып журду. Спорттон тышкары шахматты эн жакшы ойночу, мелдештерде дайыма биринчиликти колдон чыгарчу эмес. Зарина менен Бишкеке келгенде таанышып уйлонгон .



Билдирүүнү түзөткөн: Ylykbek1990: 01 Март 2014 - 18:20

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   02 Март 2014 - 01:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Ошондо Рашид отуздан жаны отуп калган. Заринанын кесиби болсо врач, ошо себептен Рашид кайсы Аскер болугуно которулуп барса дагы Зарина учун иш табуу кыйынга туруп калчу. Нарындагы чек ара аскер болугундо Рашид кызмат отоп жатканда Зарина ишсиз уйдо бош отуруп калган. Ошол жактан кыздуу болушту. Ооганстанда кызмат отоп жургондо эки оор тапшырманы так аткарып келгендиги учун атайын орден менен сыйланган. Улуттук Гвардияга которулуп келгенде дагы ушулардын баардыгы эске алынды. Бир куну эртен менен жаны эле кызматына келген болчу. Болуктун командири аны озуно чакырып алды.
-Кыскасы мындай Рашид, сени Куралдуу Кучтор министри генерал-майор Субанкулов озунун кабыл алуусуна чакырып жатат.
-Суроо берсем болобу?
-Айта бер…
-Эмнеге чакырып жатат болду экен
-Бул жерден айтканга болбойт, аны тигил жакка барганда билесин.
-Качан барууга тийишмин?
-Бир сааттан кийин, менин машинама отуруп алып экообуз жоноп кетебиз, тушундунбу?
-Тушундум.
-Анда даяр болуп тур, бошсун.
Сыртка чыккан Рашид мындай кутулбогондукко озунчо эле апкаарып калды. “Министр, болгондо да генерал озунун кабыл алуусуна чакырып атса, эмне болуп кетти экен мынча. Балким менден Ооганстандан кызмат отоп жургондо “косяк”кеткенби? Андай болушу мумкун эмес, бардык тапшырмаларды оз убагында так аткарчу эмес белем, канча жолу ардактуу сыйлыктарга татыктуу болдум. Ал боюнча чакырбаса деле керек. Анда эмне Нарында кызмат отоп жургондо туура эмес иш жасадымбы, же Роосияда десантта кызмат отоп жургондо туура эмес иштер болгонбу, ойлонуп коройунчу,- ал озунчо сары санаага батып катуу ойлоно бир ордуна тура албай жатты. Эс дартынын баары эле жаман жакка ооп кетип, озу эмне болуп жатканын тушунбой башын оорутуп журду.
Арадан бир саат откондо болуктун командири экоо волга менен министрдин кабыл алуусунда болушту.
-Сен бошсун кете берсен болот,- генерал болуктун командирин жонотуп жиберди дагы Рашидди жалгыз алып калды. Омуру генерал менен бетме-бет отуруп, бет мандай суйлошуп корбогон Рашид сурдоп турду. “Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсен бир киши” дегендей министрдин атын сыртынан угуп, алыстан коруп жургондуктон ал аябай сурдуудой корунчу. Жылмая суйлоп кабыл алып аны жанындагы столго отургузуп, аркы-беркилерди айтып тамашага чалганы кадимки карапайым адамдан айырмасы жок болуп калды. Бирок канча кылса да анын чон кабинети, кийген кийимдеринде сур бар болчу.
-Кел отур тигиндей Рашид Саипович,чочулабай эле эркин отуруп эркин суйлошо бер.
Рашид анын корсоткон орундугуна отуруп, эмне айтып жиберээр экен деп журогу катуу кысылып жатты.
-Кыскасы мындай Рашид…мен сенин личное делон менен таанышып чыктым. Мурун Союз мезгилинде десантта кызмат отоптурсун. Парашюттан секируу боюнча, шахмат боюнча артыкчылыгын, сыйлыктарын бар экен. Озгочо Авганистанда кызмат отоп жургондогу эрдиктерин жакты мага. Иштерди таптак, оз убагында аткарганын сенде жоопкерчиликтин кучтуу экени сезилип турат. Во, чыныгы офицер деген сендей болушу керек. Личное делондо спорт менен машыккандарын да журот. Бокс боюнча биринчи разряд экен, таеквондо боюнча кара пояс алыптырсын, мунун баардыгына кантип улгуруп журосун?
-Эптеп убакыт тапчумун…
-Азыр дагы машыгасынбы?
-Жок. Уйлонгондон кийин турмуш-тиричилик мнен убакыт болбой калат экен.
-Баса канча балан бар?
-Бир кызым бар, экинчи класста окуйт.
-Аялын болсо врач экен…
-Так точно…
-Болуптур, сен жонундо баардык маалыматты билем, эми ишке отолу. Коптон бери мен озумо керектуу бир адамды таппай журдум. Тээтигил столдун устундо жаткан делолорду кордунбу, он чактысыныкы бар. Алардын арасында мурун КГБда чекист болуп иштегендери да бар, атайын аскер чалгын боюнча окуусун буткондор да бар. Ар биринин личное делосу менен кылдат таанышып чыктым, бирок алардын ичинен менин купулума толгон, ылайыктуусу жок экен. Акыры сенин личное делоно токтолдум. Кыскасы сен сыяктуу адамдардын уч личное делосун озунчо болуп алдым. Учоонун ичинен сеники озгочолонуп, болунуп чыкты. Сени дээрлик уч ай изучать эттим. Анан акыры сага токтолдум. Озгочо коп тапшырма алып иштеген, озу багында так аткарган, тажрыйбалуусу жалгыз гана сен экенсин. Кыскасы мындай, эми иштин ток этер жерине отолу. Биз сага тапшырма беребиз, бул тапшырма оор дагы озгочо дагы. Омур менен олумдун ортосундагы тапшырма деп койсок дагы болот…
Биз сага ишенип жатканыбыз, сен мындай операциялардын далайын башынан откоргонсун. Озун жаш болсон да тажрыйбан мол, мындайча айтканда эски карышкырлардын бири болуп калыптырсын. Эми сени сыноодон кайра башынан деле откоруп не стоит, сен анын баарын эбак эле бир эмес, бир канча жолу башындан откоргонсун. Мындай караганда сен Авганистан сыяктуу душмандардын тылына деле бараткан жоксун. Бул согуш учурундагы тапшырма эмес, чочулай турган деле эч нерсе жок. Бирок баары бир ото сак, кыраакы, кайраттуу, чечкиндуу болуш керек.Кичине каталык кетирсен озундун омурун менен озун эсептешип калышын мумкун.Сени жон гана олтуруп коюшат…
-Суроо берсем болобу жолдош генерал?
-Суроо берсем болобу деп кайра-кайра сурана бербей эркек менен эркек суйлошуп аткандай тартынбай эле эркин отуруп,эркин суйлошо бер. Айта бер суроонду?
-Алар кимдер терористерби жемаджахеддерби же болбосо…
- Алар терористтер да, маджахеддер да эмес. Жон гана контрабанда…, генерал бир азга унчукпай калды,- Контрабанда дегенде жонокой контрабанда эмес, эн эле коркунучтуу контрабанда. “Ичтен чыккан ийри жылан”дегендей озубуздун арабызда пайда болгон контрабанда. “Озоктон чыккан орт жаман,ичтен чыккан жат жаман” болуп булар биздин озубуздун ичибизден чыгып жатат. Бул боюнча бизге тээ илгертеден бери коп эле малыматтар узул-кесил келип тушуп жаткан. Атайын текшеруулорду жиберсек баргандардын баардыгы эле “эч кандай шектуу эч нерсе жок, бардыгы жайында экен” деп келип жатышты. Корсо, аларды пара берип, ооздорун жаап коюп жатышса керек. Же болбосо текшеруулор барганда бардыгын Куралдуу Кучторунун закону боюнча, Устав боюнча иштешип, кынтык таптырбай кайра биякка жонотуп жатышса керек. Баргандардын бардыгы эле эч кандай шектуу эч нерсе таба албай келип атышат.
-Бул кайсыл войскаларда болуп жатат?
-Оштун туштук тарабындагы погранвойскаларда тагыраак айтканда, мындай ЧПлардын кобуроогу Баткен жактарында. Озгочо Баткен , Тажикстан,Озбекстан чек аралы жакта кобуроок болуп жатат. Ошол жактагы чек арачылар бири-бири менен тыгыз байланышта болушуп, оздорунун согуш секретин эч жакка чыгарбай жатышса керек.Погранвойскаларда дагы кээде солдаттар, офицерлер каза болгон кырсыктуу окуялар болуп кетип атпайбы. Алардын бардыгын эле менимче оздору эле олтуруп, табият кырсыктарына же кокустуктука оодарып коюп жатышат. Олгондорду чындап текшерген кишилер да болбой атат, медэкспертиза болсо аларга сатылып кетуудо. Алардын былык иштеринин бири да биз жака жетпей жатат. Же ал жакка кызмат отогондорунун бардыгынан алар оздорунчо башкача ант алып алышабы?
-Алар эмне былык иштерди жасап атышыптыр, маалыматтар барбы, анча-мынча болсо дагы…
-Мен ошон учун бул маалыматтардын чын тогунун аныктаганы ошол жакка жонотуп жатпайынбы. Бул маалыматтарды ошол частка жаны кызмат отошкону барышкан жаш офицерледен бир-экоо бизге жеткирген болчу.Коп отпой эле алар кырсыктап аварияга учурап олуп калышты. Андан тышкары жергиликтуу чек арага жакын жашаган айылдын жашоочуларынын коргондору бар экен алардын кылган кылыктарын. А тугул биздин солдаттар бейкуноо эле башка жактан чек ара бузуп отуп бара жатышкандарды олтургондорду корушуптур. Олгондорду кайсыл жакка алып барып комушкондорун айтып беришти.
-Аларды кайсы куноолору учун олтуруп атышыптыр?
-Бул жерден негизги оор кылмыш бул контрабанда болуп жатат. Бекеринен биздин олкобузду башка жактын адамдары “наркотропа”деп аташпайт. Бизге билинбегени менен ири олчомдогу наркотик ташыган бандалар биздин жергебиз аркылуу тагыраак айтканда, тоо-ташыбыз аркылуу Европа олкоруно отуп кетип жатышат. Туз чек араларга караганда, тоо-таштар контрабанда учун ото эле ынгайлуу экен. Озгочо чекаралар камтылган биздин тоолор. Мунун баардыгын биз сезип, билип турабыз. Алжактагы чек арачылар менен байланыш тузуп атабыз. ”Азырынча баары жайында, баары тынч”деген эле жооптор келип жатат. Иш жузуно келгенде андай эмес болуп жатпайбы.Тоо чектелген чек арачыларга контрабандист кылып эки-уч адамды атайын чалгынга жибердик эле алар ошол боюнча дайынсыз жоголушту. Же чыныгы контрабанданын колуна тушуп, алар оздору менен кошо ала кетиштиби, же биздин эле чек арачылар аларды кармап алып олтуруп коюштубу белгисиз.
Эми создун ток этээр жерине отолучу. Биздин батыштагы погранвойскалардын дээрлик копчулугу контрабандалар менен байланыш тузуп алышып, аларды кармагандын ордуна оздорук омок беришип откоруп жатышат имиш. Ал кызматтары учун ото чон суммадагы акчаларды алып калып жатышыптыр. Эмне учун ал жакта кызмат мооноттору бутсо кеткилери келбей, кайра эле кызмат отоолорун улантыпжатышат? Демек, ал жактын бир мандеми бар. Ошол эле ал жактагы кадимки кыска мооноттогу кызмат отогон солдаттар эле мооноттору буткондон кийин Альтернативдик кызматка оздору суранып калып жатышыптыр. Подозрительный дагы бир нерсе ушул болуп жатпайбы. Ал жакка бир жаш офицерди чалгынга жибердик эле жарым жыл отпой ал дагы кырсыкка учурап ошол жактан олуп келди. Чын эле кырсыкка учураганын же тигил жактагылар атайын олтуруп коюшканы белгисиз. Анын устуно анын тажрыйбасы жок, жаш болчу. Тигил жактан копту коргон, копту баштарынан откоргон эски карышкырларына алдырып койсо керек. Ошондуктан ал жакка аябай дасыккан, далайды башынан откоргон тажрыйбалуу адамдарды жонотуш керек болуп атат. Ал жакка жаны командирлерди дайындап жоноттук эле “баары жакшы, баары жайында” деген эле жооптордон башка айтышпайт. Текшерууго барышкандар деле эч кынтык таба албай келип жатышат. Кыскасы ал жакта“беспредел” болуп бара жатат, бирок эч нерсеси далилденбей, билинбей калууда. Эми сен дал эле ошол жакка биздин тапшырма менен барасын. Кандай болсо алардын мафиясына сунгуп киргенге аракет кыласын. Башындан коптогон ири сыноолор кутулот. Алар аябагандай жырткыч, сенден да ашып тушушкон, копту баштарынан откорушкон немелер болушу мумкун. Бул контрабанданын башында ким турат, алардын каяк жактары менен байланыштары бар, булар менен чогуу кызматташкан дагы канча казарман бар ушулардын бардыгын билип, аныктап,тактап чыгышын керек.
-Контрабанданын негизги уюму кайсы жерде экени такталдыбы?
-Именно бизди кызыктырган ошол болуп жатпайбы. Алардын ордосу каякта экени белгисиз, кара тумандын арасында жургондой бардыгы будомук. Биз жиберген чалгынчылардын бир жери болбосо бир жеринен алдырып, оз омурлору менен коштошуп жатышат. Менин жанагы сага айтып жаткан, бул олум менен омурдун ортосундагы тапшырма дегенимдин негизи ушул болуп жатпайбы. Биз сага катуу ишенип жатабыз, анткени сен мындай тапшырмалардын, чалгындын далайын башынан откоргонсун. Сен дагы тигилер сыяктуу алдырып жибербешине ишенип жатабыз. Бул деген жалан эле куралдуу кучтордун тагдыры эмес, элдин тагдыры, керек болсо биздин президентибиздин дагы тагдыры. “Учкундан жылан тутанат” болуп бул ырбап кетиши мумкун. Бул мафия бутундой Кыргызстандагы погранвойскаларга тарап, анан акырындап башка аскер болукторуно да жетиши мумкун. Бул бангимафиясы деген ото эле жугуштуу, “заразный”. Керек болсо алар Куралдуу Кучту колго алып, аскер тонкорушун жасап жибериши да ыктымал. Аскер тонкорушу жасалса анда мамлекеттик бийликти колго алып коюш женил эле. Бул элдин тагдыры деп айтып жатканымдын себеби да ушу.
-Мен именно туштуктун кайсы жерине барышым керек?
-Аны азыр айтам, шашпа, адегенде тапшырманы аягына чейин угуп алчы. Сенин чининди убактылуу томондотобуз. Эмгек книжканды башкача кылып жасайбыз. Омур баянынды дагы башкача кылып озгортобуз. Болгону атын, фамилян гана толук жазылат, атугул туулган жылын, эмгек стажын да томондотулот. Кыскасы сенин документтериндин бардыгы жасалма болот.
-Тигил жактагылар кагаз документтеримдин бардыгы жаны кагаз экенин дароо эле билип коюшат да..
-Коркпо, анын да жолун табабыз.Алардын бардыгын анча-мынча ношенный кылып коюбуз.
-А уйбуломду эмне кылам, озум менен кошо ала кетемби же…
-Алар бул жакта калаада эле калышат.Тим кой, кызын окуй берсин, аялын иштей берсин. Ал эми сенин айлыгын болсо биякта журо берет. Тиги частагы сени менен чогуу иштешкен кызматкерлер ай сайын алып барып берип, ошондой эле “сухой паек” катары азык-тулук менен да жардамдашып турушат. Эгер уйбулонду озун менен тигил жакка ала барсан, сенден алар шек алып кала турган болушса, кызын менен жолдошунду “заложник” катары кармашып, айланды алты кетиришет. Сен тургай аларга дагы асылышы мумкун. Алар бул жакта болгону коркунучсуз, сага да тынч болот. Тапшырма кандай аткарылып сонуна чыгат, сен озундун болугуно кайрадан кайтып келесин да кызматынды улантып, откоро бересин. Эгерде тапшырмамды так, оз убагында аткарып келсен сага чин да даража да берилет. Буга мен озум жоопкерчиликтуу болом. Журчу тияк жакка,- ал Кыргызстандын чон картасы илинип турган жерге келди. – Сен мобул жердеги казармага барасын. №2336чы Аскердик болук, погранвойска. Ал болуктун командири Ахмед Жапаров деген неме, улуту азербайжан, чини подполковник, жашы элууго чукулдап барып калган. Сен сыяктуу коп жерлерде, кызмат отогон эски карышкырлардын бири. Эн башкысы ал дагы убагында Авганистанда кызмат кылган. Аялы, эки кыз, бир уулу бар. Менимче эн шектуу деген ошол кызмат кылган болук болуп атат, анткени ал Авганистанда кызмат отоп келген. Ал жак менен мурунтан эле байланышы бар. Авганистан тараптан келген наркотоварларды ошол озу откоргонго жардамдашып жатат окшойт. Сен дагы Авганистанда кызмат отогонсун, жалпы тил табыша алат болушун керек деп ойлойм.
Бул жактан ага сообщение жонотом, чтобы сенин баратканына алар в курсе дела болуп турушсун. Бу жактан сен эч нерсе алба, болгону документ, чемодандарынды эле ал. Манас аэрпортунан самелетко билет алып, документеринди даярдатып коюбуз. Келип форманды кийип дароо эле жоноп кеткендей болосун. Дагы бир эскерте кетчу нерсе,бул жонундо досторуна да, тугандарына да, а тугул аялына да айтпа. Эч ким билбегендей болсун. Досундун да досу бар экенин унутпа, ал экинчисине, экинчиси учунчусуно айтып дегендей бат эле жайылып кетиши мумкун.Мунун баарын озуно “аскердик сыр” катары карма. Сен биз учун гана эмес эл учун, мамлекеттин келечеги учун иштеп жатасын. Тигилердин акчаларына азгырылып кетпегендей бол. Сен кызмат отогон казармага жакын айылдарга жергиликтуу кишилерден биз менен иштешкен кишилерден койобуз. Ошолор аркылуу бул жак менен байланышып турасын.Телефон аркылуу эч убакта байланышпа, алар шек алып калышы мумкун. Ал айылдык киши ким экенин кетээрде айтам, суротун дарегин да берем. Казарманга барардан мурун биринчи ошого жолук. Керек болсо ошол айылда тигилердин чалгынчылары да болушу мумкун. Озун билесин да эми, ар кадамына кыраакы мамиле жаса. Сен бара турган казарман Баткен облусуна карап кетет, Тажиккстан- Озбекстандарга чектеш.Ишти аялына, тушундуруп, жооптуу сапарга даярдана бер. Бар Эми, азырынча бошсун.

* * *

Билдирүүнү түзөткөн: Ylykbek1990: 02 Март 2014 - 02:32

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   02 Март 2014 - 22:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

* * *

Борбор калаага жакын жерде балалыгы откондуктон ал чыныгы айылдык турмушту, айылдыктардын жашоосун коргон эмес. Чон чемоданын которуп таштак кочо менен кетип баратканда жанынан чон уймок чоп чиркеме суйрогон трактор отуп кетти эле буруксуган чан Рашидди каптай берди. Жол жээгине кубунуп аткан аскер формасын кийген жигитке чиркемедеги уймок чоптун устундо отурган мадыра баштар каткырып кулуп калышты. Тээ жогору жактагы бак тубундогу отургучта ээктеринде сакалдары бар эки-уч абышка оздорунчо бир нерселерди суйлошуп отурушат. Эшекке эки фляга артып коюп, ал аз келгенсип озу да устуно минип алган жаш баланы коруп, Рашид эшекти аягандай башын чайкап койду. Кааладагыдай болуп элдер кочодо эмес, бирин-серин эле чыга калганы болбосо кыймылсыз. Кез-кезде ары-бери женил машина отуп кетет. Так эле бет алдынан ат арабага толтура отун жуктогон озу курдуу жигитти корду. Ниязбек карыянын уйун сурайын деди ал аскер кийимин кийген жигитке конул болбой озунчо кынылдап ырдаган бойдон андан алыстап узай берди. Бул жактагылар чек арачылардын казарманы жакын болуп, аскер формасын кийгендерге анча деле конул деле бурушпайт окшойт. Рашид менен эч кимиси суйлошкусу да келген жок, конул да болушподу. Баарынан кызыгы уйлордун бардыгы айланта бийик дубалдар менен тосулуу экен. Ниязбек карыянын уйун кимден сураарын билбей турду. Озунон он беш кадам алысыраак жерде тоокторго жем чачып жаткан секелек кыздын жанына басып келди эле, ал кыз аскер формасын кийген кишини коро коюп короосунун ичине кирип кетти да дарбазаны жаап, кичинекей тешигинен карап калды. Дарбазага жакын басып кеди эле ал ары уйун карай качып кетип калды. Бир кезде жашы жетимиштен отуп калган кемпир кабагын буркой акырын дарбазаны ачты.
-Сага ким керек?
-Саламатс ыз, кечирип коюнуз апа, мен Ниязбектин уйун таппай журдум эле…
Кемпир аскер формасындагы кишини башынан баштап бутунун аягына чейин карап, бир топтон кийин ооз учунан кунк этти.
-Аны тээ жогору жактагылардан сура!,- анан дарбазанын кичине эшигин “тарс” эткизе жапты да ичинен бекитип алды. “Бул эмнеси, аскер формасындагы адамдарды жаман корушобу, же мени чоочунсуратып жатышабы?”, - озу менен озу суйлошуп башын чайкаган Рашид айылдын кочосу менен жогору карай которулду. Анан алдынан чыккан карыя менен сылык учурашты да Ниязбек карыянын уйун сурады.
- Аа, тиги кок коз Ниязбектинби, ал тээтигил уй,- алиги чал соомойу менен жогору жактан санаганда учунчу уйду корсотту. Рахматын айтып абышка корсоткон уйго барды эле жашы алтымыштан отуп калган киши короосундагы бастырмасында чоп жыйнап атыптыр. Аскер формасын кийген жигитти коро коюп айрысын чопко сая бери басып келип, эки колун бооруна алып учурашты.
-Куш келипсиз, иним, кел уйго кир. Рашид аны менен кол алышып учурашкан сон уй эсинин сонунан тушуп жоноду.
-Чай ич, шашпай суйлошолу, байбиче чай кой.
Аркы болмодон бери чыккан жашы элуулорго келип калган аял акырын баш ийкешип учурашты дагы сыртка чыгып кетти. Ошол боюнча кирген жок.
-Мага сенин келээрин жонундо эбак эле кабарлашкан тигил жактагылар. Кыскасы бул жактын кырдаалы анча жакшы эмес. Баса сенин бул жакка келгенинди эч ким коргон жокпу?
-Эмне учун, бир тобу эле корушту, атугул сиздин дарегинизди бир-экоонон сурадым.
-Аай, балам бекер кылыптырсын, бирок…мейли эми, албетте дарегимди билбегенден кийин сурайсын да. Бирок сак бол, биздин айылдын эли озу тынч эмес. Азыр бир козун бир козуно жоо болуп турган заман. Биздин айылга бейтааныш адамдар коп келишет. Тажикстан, Ооганстан тараптан, биздин айылдыктар менен бангизат сатышып соодалашат.
-Ниязбек байке мага бул жерге коп кармалууга болбойт, тигил жактагылар шек алып калышса андуулар башталат. Сизде “сотка” телефон барбы?
-Бар.
-Кана корсотунузчу. Ниязбек ары жактан кичинекей телефонду алып чыгып корсотту.
-Эн жакшы, муну менен кантип иштешти билесиз да.
-Албетте.
-Мен айткан маалыматтарды ушул телефон аркылуу тияк жакка жеткирип турасыз. Же болбосо Баткенге барып, ошол жактан Бишкекке кабарлайсыз. Бироолор сураса мунун атасы менен илгери танныш болчумун деп коюнуз. Мен убакыт болгондо келип кетип турам. Ага чейин дагы кабарлашабыз. Болуптур, мен кеттим. Баса, казармага чейин канча басам?
-Анча деле алыс эмес, болгону беш чакырымдай жоо басасын. Бул кочонун башына чыгып, туптуз жогору карай кете берсен казарманын озуно барып такаласын.
-Ырахмат жакшы калыныз, узатып чыкпай эле коюнуз.
Рашид уйдон нан ооз тие сыртка чыкты да Ниязбек айткан багыт менен айылдан чыгып жогору карай таштак жол менен туптуз журуп отурду.


Жагымсыз корунуштор



Ниязбек айткандай тээ алыс жактан эле бийик дубалдуу аскерлердин казармасы корунуп турду. Жашыл дарбаза бек болчу, кызыл чекитти акырын басты эле кичине терезече ачылып бир солдаттын башы корунду.
-Сен ким болосун, ким керек?
Мадыра баш солдаттын ушинтип суйлоп жатканына кичине тырчыйа тушуп барып онолду.
-Бар командирине доложит эт. Бул жакка силерге жаны офицер кызмат отогону келди де. Дарбазаны ачып, мени кийирсин. Тигил солдат дарбазанын тешигин жаап салды. Рашид ары-бери басып он муноттой кутту. Акыры чыдай албай кетип кайрадан сигналды басты.
-Кутуп турунуз командирибиз жок болуп жатат. Анын уруксатысыз бул жакка киргенге болбойт.
-Ал жок болсо анын замы барбы, ошого кабарлабайсынбы?
-Мындай маселени командирибиз гана чечет. Кааласаныз да, каалабасаныз да айла жок кутууго туура келет,-алиги солдат кайрадан темир терезени жаап ичинен бекитип алды. “Ничево себе, рядовой солдаттын мага мамиле жасап жатканын кара. Шашпа жумушка орношормун сени менен да суйлошчу мезгил келет.” Ары-бери басып атып тажаган Рашид кайрадан сигналды басты. Ага эч ким жооп бербей койду. Арадан жарым сааттан ашык убакыт отуп кетти, ал озун мындай кылып тосуп алаарын кутконэмес. Казарманга дароо эле кирип командирине жолугуп ишке орношом го деп ойлогон. Озунун чини майор болсо дагы тигил жактан жасалма турдо капитандыка тушуруп койгон. Жашы кырктан ооп калса дагы дагы отуз бешке томондотуп жасалма паспорт жасатып беришкен. Жарым сааттан ашык Казарманын сыртында турганына ачуусу келип озун-озу аран дегенде кармады. “Мен бул жакка кызмат отогону келген жокмун да чалгынга келдим. Ошондуктан озумду-озум карманып, бардыгына чыдоом керек”, ал ары-бери баса озун-озу ушинтип сооротуп жатты. Бир кезде дарбаза акырын ачылып колдоруна автомат кармашкан уч солдат пайда болду.
-Журунуз тигил жакка, бизге ачууланбаныз. Бул жактын тартиби ушундай, сырттан келген бейтааныштарды ушинтип конвой менен алып барабыз.
Кылмышкерди алып бара жатышкансып капитанды алдыга салып алып учоо артынан эрчитип кетип баратышты. Булардын мындай мамилеси Рашидге жаккан жок. Дарбаза дароо жабылып ичинен бекилди. Рашид Казармандын ичине бир сыйра коз жугуртуп алды. Торт жерде бийиктиги беш-алты метрдей болгон атайын сырттан караган кузотчулор учун секиче бар экен. Казарман ичи Рашид ойлогондой эмес таптакыр башкача болуп чыкты. Короо ичи таптаза, таманы кызыл-кок ар турдуу формадагы кирпич цементтер менен аябай кооздолуп жасалыптыр. Казармандагы солдаттар жатчу уч кабатту уйдун сырты кызыл-ак цементтен кооздолуп шыбалыптыр. Тээ ары жакта жарымы солдаттарча жарымы граждандарча кийинишкен жаштары отуздан отуп калган солдаттар журот.Сыягы контракт менен кызмат отогондор болсо керек. Кызматта журбой эле кочодо журушкондой оздорун ушунчалык эркин алып журушот. Эки-учоосу ээгин ийкеп Рашидди корсотушуп, оздорунчо каткырып кулуп калышты. Рашид озун Казарманга келбей эле турмого жаны келген зектей элестетип кетти. Солдаттардын офицерлерге“честь” беруу дегендери жок, жаны келген капитанды тангала карап коюшат. “Карап гана тургула, мен силерге офицерлерди сыйлабаган кандай экенин корсотпосом элеби”- Рашид ары-бери откон солдаттарга ачуусу келип баратты. Уч солдат Рашидди эки кабаттуу уйдун экинчи кабатына алып чыгышты.
- Ушундай туруп турунуз, мен шефке доложит этип чыгайын,-алиги уч солдаттын бироосу бир кабинетке кирип кетти.”Оздорунун командирин шеф деп айтышканы эмнеси, кызык, что за бардак. Ушундай да военный часть болобу, тобо. Омурумдо мындай аскердик болукту биринчи жолу жолуктурушум”. Алиги кирип кеткен солдат кайра чыкты.
-Сизди шеф кутуп жатат озунун болмосундо, биз болсо бул жерде кутуп турабыз, чемоданынызды калтырып коюнуз, ким билет жардыруучу зат барбы. Уч автоматчан солдат сыртта калышты да Рашид эшиги кооз салынган болмого акырын кирди. Болмо болмо эмес эле озунчо эле чон зал экен. Мындай салыштыра келгенде тигил Бишкектеги генералдын болмосунон эч айырмасы жок. Керек болсо жасалгасы жагынан андан ашып тушот экен. Рашид конгон адатына салып тордо столдо тамеки тартып олтурган полковникке чакылдап басып барып колун чекесине алып “честь”берип, жаны эле озунун келген себебтерин айтып тааныштыра баштады эле, тигил токтотуп койду.
-Анын кажети жок, отур тигиндей. Рашид полковниктин айтканын кылып корсоткон жагына барып отурду. Ал Рашидди копко сынай тиктеп турду.
-Демек бизге кызмат отогону келдим дечи?
-Так точно…
-Келе берчи документтеринди?
Рашид чонтогунон болгон документтерин алып чыгып, тигинин алдына койду. Полковник тамекисин бурулдатып уйлогон боюнча капитандын документтерин барактап тааныша баштады.
-Та-ак, эмне Афганда да кызмат отодун беле?
-Дал ошондой.
-Эн жакшы, экообуз бир жылы барган турбайбызбы ошол жакка.Эки жуз он биринчи аскер болугундо кызмат отогом…Новохадскийдин болугундо кызмат отогон экенсин да. Мен аны эн жакшы тааныйм. Баса айтмакчы, сен али капитан боюнча эле калгансынбы же разжалования болду беле?
-Никак нет, озумдун моонотум боюнча эле чин алып келе жатам…
-Жашын эмне отуз бештеби?
-Дал ошондой, жолдош полковник.
-Онуно, озуно карасам кырктын кырынан эбак эле ашкандай турун бар, ал эми паспортунда болсо отуз беште экенсин.
-Афган согушунан кийин ушундай болду, анын устуно уйбулом менен да ажырашып кеткем. Аялым бир кызы менен мени таштап башка бироого турмушка чыгып кетпедиби. Анча-мынча кыйынчылыкка, турмуштун сокусуна туш болуп калдым, ошондон болсо керек бат эле картайып кеткеним.
-Бойдоксунбу?
-Азырынча жалгыз боймун.
-Сенин возрастын менен жалгыз жашаган жакшы эмес,-ал бир сыйра документтердин баардыгын кылдат текшерип чыкты,-документтеринди эмне жанырткансынбы, эмне бардыгы жаныдай корунуп жатат?
-Мне озум документтеримди аяр колдоном. Дайыма бек жерге салып журом.
-Афганистанда кызмат отогон кишинин документтери ушундай болмок беле… Болуптур, бул айылдагылардан кишилерди тааныйсынбы?
-Ооба.
-Тигил Ниязбек сага тааныш болобу, анын уйуно эмнеге кайрылып журосун?
Айылдагы кыймыл-аракеттин баары озунон мурун казарманга жеткенине Рашид тангалды.
-Ал бир убакта атам менен дос болчу. Атамдын козу отуп кеткенден кийин катыша албай калганбыз. Бул жакка келген сон учураша кетейин деп баш бага калгам.
-Ал сени тааныйт бекенби?
-Анда кичинекей болчумун, бирок баары бир акыры тааныды.
-Болуптур бизге кызмат отогону келиптирсин, сага бир нерсени эскертип койойун. Бул жактын тартиби таптакыр башкача. Казармандын кыймыл-аракети, жашыруун сырлары сыртка чыкпаш керек.
-Суроо берсем болобу, ал эмне болгон жашыруун сыр?
-Аны шашпай оз козун менен коросун. Бул жактын жашоо шартына конуп, биз менен биргеликте, аралашып кызмат отошун керек. Бул жактагы офицерлер казармандын ичиндеги эки кабаттуу уйдо турушат. Дээрлик копчулгу уйбулолору жок жалгыз бой, бирден болмолорду ээлеп жашашат. Сага да экинчи кабаттан болмо болуп беребиз. Исман деген прапорщик экоонор жашайсынар, бирок эч кам санабай эле кой, бардык шарты бар уй. Телевизор, холодильник, эмне кааласан бут табылат. Только сен биздин айтканыбыз менен болуп бул жактагылар кандай кызмат отошсо ошондой кызмат отойсун, озундун осушуно, келечегине жакшы,-болуктун командири Рашидге казармандын сырын анча-мынча тушундуруп жатты,-эгер чын дилин менен берилип, бизге кошулуп кызмат отосон. Бир жылга жетпей чет элдик иномарка машинесин минесин. Бул жерде кызмат отогондордун баарынын тен машинелери бар. Айлык Кудая шугур, окмоттун акчасынан тышкары бул жактан биз дагы кошумча акча кошуп берип турабыз. Эмне кошумча акча деп тангалбай эле кой, аны бир аз кызмат отогондон кийин бара-бара озун тушуносун. Эми мунун баарын соз менен тушундуруп болбойт. Сени дароо эле эртенден баштап службага кир деп айта албайм, бир жума эс ал жакшылап, казармандын жашоо-шарты менен, офицерлери менен, контракт боюнча иштеп жаткан солдаттар менен тааныш. Эмки пондельниктен баштап службага киресин. Бар бошсун, кете берсен болот.
-Жарайт,-Рашид конгон адаты боюнча он колун чекесине такап”честь”берип сыртка чыгып кетти. Коридордо алиги уч солдат кутуп турушуптур.
-Кечирип кой капитан, биз силерге анча-мынча ороюраак мамиле жасап койдук окшойт окшойт.
-Жаны келген бейтааныш адамдардан чочулап турабыз. Биз жакка можахеддер кол салышкандан кийин чек арада ушундай тартип орногон,-катардагы солдаттардын тентуштарындай суйлошуп жатышканына Рашиддин ачуусу келип кетти.
-Коп суйлогонду токтоткула, чемоданды тигил уйго алып баргыла.
-Жарайт,-бироосу чемоданды алып Рашиддин артынан ээрчиди.Бул жакта чын эле полковник айткандай тартип таптакыр башкача экен. Уставда жок коп нерселерге уруксаат берилерин дароо эле баамдады. Атайын салынган чон гараждын ичинде чет элдик машинелердин турлору тизилип турат. Солдаттар жашаган кубрик башка, офицерлердин уйлору болок, ал эми контракт менен иштеген солдаттардыкы озунчо экен. Контракт деген эле аты болбосо аларда граждандык жашоодон эч айырмасы жок экени билинип турат. Анткени алар офицерлерди козго илишпей эле банкадагы пиволорду ачыктан ачык эле ичип журушот.
Рашид озуно болмо алган сон казармандын ичин шашпай кыдырып журду. Чек ара кузотуно бараткандар чумкомо машинага отурушат дагы кечке маал казармандын короосунон чыгып кетишет.Коп отпой эле алардын ордуна башка чумкомо машинедегилер келишет. Келишээри менен дароо белдерине чейин алышып автоматтарын тазалаганга отушот. Кээ бир учурда кандайдыр бир башка улуттагы сакалчан кишилерди оздору менен кошо ала келишет дагы бир уйго камап ташташат. Уй демекчи анын каалгасы турмодогудой темир, терезелери дагы темир торчолор менен тордолуу экен. Рашид аларды чек араны бузган тажиктер го деп ойлогон. Туткундар эртеси куну эле кайра бошонупкетип жатышты. Демек, алар чек арачыларга кокусунан кабылып калышкан карапайымэлдер болуш керек деп ойлоп койду. Рашидди озгочо салынган спорт зал кызыктырды. Ал жакта машыкканга баардык шарттар бар экен. Исман деген прапорщик залдын ичин бир сыйра корсотуп чыкты.
-Бул жерде офицерлер да контракт менен кызмат отоп жаткан солдаттар да, а тугул тигил сверхсрочный кызмат отошкон солдаттар да строго бул жерде машыгуудан отушот.
-Кайсы кундору?
-Кайсы кундору болмок эле кадимки эле спортсмендер машыкандай жумасына уч жолу машыгышат. Понедельник, среда анан пятница. Андан сырткары айына эки жолу автомат, пистолет менен атып машыгышат.
-Анча окторду кайдан алышат, же тиги жогору жактан келип турабы?
-Окторду озубуз сатып алабыз…
-Кайдан? Ага канча акча кетет…
-Анын баардыгын сага айта албайм озун бара-бара бардыгын оз козун менен коруп тушуносун. Бул жактын секреттери коп, ал секреттерди короо ичинен сыртка чыгарбашын керек…
-Кокус ооздон чыгып кетсечи?
-Анда озуно-озун кыласын, керт башын менен жооп берип каласын, муну согуш секрети деп коет. Жашагын келсе тилинди тишиндин артына катып жур. Бул жерде прапорщик, капитан, майорун бардыгы эле бирдей денгээлде.Офицер деген эле жалпы тушунук, жалпы аты бар. Так что озундон томонуроок офицерлерге буйрук берем деп аракеттенбе, же озунду жогору сезип алардын алдында ойдосунбо.Бул жактын тартиби башкача. Бири-бирине кээде кол которуп сабап коюшат,арызданмай жок, ал озунун куноосун билет, ошондуктан эч кимге арыздана албайт.Эгер бири-бирин сатышып, командирге арыздана турган болсо анда озуно озу кылат.Бул жерде чини жогорулар эмес, билеги жоон чон муштумдар бийлик кылышат. Ким кучтуу болсо ошого баш иймей. Сага алдын ала эскертип тушундуруп атпаймынбы, так что тигил жактагы службаны унут. Бул жактын эрежелерин , тартибин, жолжоболорунун баардыгын озум сага айтып , четинен тушундуром. Акырындап бизге уйур алып, коно бер. ”Жалгыз дарак токой болбойт” деген макалды билесинби? Жалгыз озгочолонуп эч нерсе кыла албайсын. Жалгыз даракты жон гана , женил гана кыйып ташаташат. Биз жакта несчастный случайлар коп болот, сен дагы ошолордун бирине кабылып калба.
Ал эмненин башын кылтыйтып атканын тушунгон жок.
-Мага коп нерсе жат анан тушунуксуз болуп атат…
-“Бара-бара коч тузолот” деген макалды билесинби? Сен да коп нерсеге тушуносун. Бардыгы сенин озундон зависит этет…
-Канчадасын?
-Отуз бирге чыгам.
-Али уйлоно элексинби?
-Уйлонгондо эмне биринчи акча копит этип, машина, уй алып уйго оокаттарды толтуруп алайынчы, аял качпайт. Азырынча катын, кыз-келиндерге муктаж эмесмин. Каалаганынды чекесинен чертип тандап аласын. Баса сен озунчу, бойдоксунбу, же…
-Ажырашып кеткем, бир топ жыл болуп калды.
-Эн жакшы, экообуз издешпей табышкан турбайбызбы. Бош учурларда кыз-келиндерге чогуу барып турабыз. Молтурогон тажик кыздары бар, али жыйырмага чыга элек. Эмне айтсан ошону аткарышат, кын дешпейт. Кааласан аларды бул жакка алып келсен да болот…
-Койчу кантип? Бул жер деген казарман да?
-Биз жашаган эки кабатту уйдо уйбулолуу офицерлер да бар.Эмне алардын уйуно коноктор келип кетишпейт бекенби. Тээ алыс жерлерден да келип турушат. Эн башкысы командирибиз билбесе эле болду.
Бул чын айтып жатабы же калп айтып сынап жатабы Рашид анча тушуно албай турду. ”Бул жакта эмне устав бузуулар кучоп, озунчо анархия болуп кеткенби? “Балык башынан сасыйт” болуп бул болуктун командиринин озундобу куноонун баары? Чын эле бир нерсе бар окшойт бул жакта. Болбосо бул жактагылар башка аскер болукторуно салыштырмалуу ушунчалык шикарно жашашпайт эле да. Негизинен мунун айтканында да командирибиздин айтканындада бир мандем бар. Орустар айткандай поживем увидим”.
-Сен эмнени ойлонуп калдын?,-прапорщик анын оюнбузду,-кыскасы ушундай дос, сен менден дээрлик беш жашка улуу экенсин. Бирок бул жактагылар улуу кичуусуно карабай эле бардыгы сен деп кайрылышат бири-бирине. Бул казармандын ичинде жашагандардын жаман жагы да бар, жакшы жагы да бар. Жаман жагы тревога болуп калса тун ортосунда дагы кете бересин, жакшы жагы эч кимден чочулабайсын, контрабанда келип уйуно кол салат деп коркпойсун, бийик дубал тосулуу, сени ичинен да сыртынан да солдаттар кайтарып турат.Озундун дежурствон жок болсо саат бештен кийин кааалаган жагына чыгып кетсен болот. Каалаган убагында келе берсен мунун ичине, солдаттардын баары таанышат. Мени тугул “Ауди” машинемди да жакшы таанышат. Алыстан сигнал берип келатканда эле дарбазаны ачышат.
-Сени барымтага алып душмандар машинене отуруп алышсачы?Алар сени пайдаланып казармандын ичине кирип кетишет да.
-Текшерип, откоруу пунктунда тургандар ар бир машиненин ичин кунт коюп карап турушат. Душман тугул чычканды да откорбойт, казармандын ичине эч ким даап кире албайт, оло турган эле киши кирбесе. Биздин кызмат отогондор профессионал боевиктер. Бекеринен уч жолудан машыгышпайт да. Норматив тапшырышат, ар кандай разряд алышат…
-Спорттун кайсы турлору менен машыгышат?
-Турлору коп, самбо, дзюдо, кунгфу, карате, бокс андан тышкары рукопашный бойлордун турлорун уйротот. Бизге кызмат отой баштасан бардыгын оз козун мен
ен коросун.














  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   04 Март 2014 - 18:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Алгачкы машыгуу

Рашиддин кызматынын алгачкы куну эле кызыктай башталды. Дуйшомбу куну кечинде аны спорт залга алып барышты. Уч топко болунушуп машыгышат экен, биринчи топтогулар контракт менен кызмат отогондор, ал эми учунчу топтогулар болсо эки жылдан кызмат отогондор. Алар менен оз ара беттешуулор да болуп турат экен. Баарынан Рашидге “рукопашный бой ”дегени жакты. Согушуу, мушташуу, коргонуу техникаларын уйронушуп, ошолорду иштеп чыгышып машыгышат экен. Машыктыруучу адамдар оздору дагы профессионалдар экени билин
ип турат. Алгачкы куну машыгууга келгенде Рашид олорчо таяк жеди. Мурун спорт менен машыгып журсо дагы баары бир бул жакта кыйын мушташкандар бар экен. Спец же десант войскадагылар дагы “мындай машыгышпайт. Чын эле бул жак башка Армия болукторуно караганда бир топ эле артыкчыктары, озгочолуктору бар экен. да",-Рашид спорт залда кыйын мушташкан, катуу машыгышкан жигиттерди коруп, башын чайкап койду. “Мына ушуларды чалгынчы кылып дайындашса, чыныгы боевиктер болот эле”.
Машыгуу учурунда катуу соккудан козунун алдындагы териси жарылып кеткен болчу. Аны коргон Исман мыйыгынан жылмайып койду.
-Эч нерсе эмес, бул башталышы кана. Коргондон коро элегин коп. Мындайдын далайын коросун.
Бычак ыргытып сайганды дээрлик баардыгы жакшы оздоштуруп алышыптыр. Рашид бычак менен согушканды, ыргытканды жакшы уйроно албай бир топко кыйналды. Акыры 3-4 кадам жерден бычакты ыргытып, сайганды уйронду. Анан он кадам жерден бычакты ыргытып, сайганды уйронду. Анан он кадам жерге чейин бычакты ар кандай кырдаалда сайылаарын оздоштуруп алды. Озу учун бул чон жанылык болду.
Атууд а
да йыма таамай атчу, бул жолкусунда атуу жагынан тигилерге жемин жедирген жок. Мурун таэквондо менен машыгып жургондуктон “шпагатка”отурууда анча кыйналган жок. Мурун башка аскер болугундо кызмат отоп жургондо спорт менен машыкканга таптакыр убактысы болбой журчу эле бул жактан болсо атайын жумасына уч жолу машыктырганы Рашидге майдай жагып атты. Коптон бери машыкпагандыкы мушташуу техникасын жакшы билгени менен кыймылы ото эле жай болуп жаткан. Бара-бара калыбына келип, кээ бир мен кыйынмын дегендер менен таймаша баштады. Залга жаны келгенде ага каршылаш онок болгон прапорщик жигит Рашидди атайын олорчо сабап, тепкилеген болчу. Бул жолкусунда да экоо онок болуп калышты. Ал биротоло жалкытып таштайын деп ойлодубу, конгон адатына салып буту менен айланып келип бет тушка тээп отту эле Рашид оз убагында буйтап кеткенге улгурду. Эгерде улгуро албай калса анын бутунун соккусу онбой тиймек.Экинчи жолу колунун кыры менен соккондо да урдурбай тосуп калды. Анын бул кыймылына прапорщиктин ачуусу келе тушту. Куулонуп келип жакшылап согуп отойун деди эле Рашид анын сокусун женил гана тосуп, кайра озун томолото чапты. Мындай кутулбогондукко машыгып жатышкандардын баары токтошуп, аны тангала карап калышты. А тугул машыктыруучу да оз козуно озу ишене албай турду.Залдагы “мен кыйынмын” деген жигитинин жерде томолонуп жатышы спорт менен машыгып жатышкандардын баардыгы учун чон жанылык болду. Катуу сокку жеген прапоршик ордунан туруп келди. Мурункудай керсейбей кичине сестене тушту.
Оздорунун болмосуно келгенде Исман Рашидге тушундуруп атты.
-Башка войскаларга салыштырмалуу биздин погранвойсканын тынчы жок. Ар кандай душмандар менен бетме-бет жолугушуп калган мезгилдер болот. Согуштун, ошондой эле рукопашный бойлордун техникаларын жакшы оздоштуруп албасан, озун эле кор болосун . Ошо себептен бизди катуу, озгочо машыктырышат. Биздин чек аралардан тун ичинде контрабандалар коп отот. Кээде алар менен атыша да кетебиз, рукопашный мушташкан кундор да болду. Озгочо биз офицерлер профессионал болбосок, коп кордук коруп калабыз. Баса айтмакчы, сен мурда каратэ же кунгфу менен машыккан жок белен ыя?



Казармадагы башаламандык


“Мени бул жакка эмнеге чалгынга жиберишти. Кандай жагымсыз корунуштор болсо дагы конуш керек, чыдаш керек. Керек болсо алар менен жытым синишип дегендей аралашып кетуум абзел. Менимче мындай корунуштор жалгыз эле бул жерде болбошу мумкун. Башка чек арадагы казармаларда дагы ушундай бардактар болуп атса керек сыягы. Эмне учун бардыгы эле менден чочуркап, сактаныша башкача коз караш менен карап жатышат? Кандай болсо дагы булардын довериясына кирип кеткенге аракет жасабасам болбойт. Булар дагы оной куу тулкулор эмес, мени азыр акырын кылдат сынактан откоруп жатышпайбы. Эптеп эле бир илинчек таба албай жатышат. Эгер анча-мынча эле шек алып кала турушкан болушса…анда дароо козумду курутаары бышык. Эмне болсо да кандай болсо дагы доверияларына кириш керек”,-Рашид телевизордо кино коргону менен ушуларды ойлоп жатты. Прапорщик Исман белине чейин чечинип алып гантель, гираларды которуп озунун болмосундо машыгып жаткан болчу. Солдаттар менен дежурлукка бир сутка чек арада болуп келгенден кийин ал кунуго озунун болмосундо оор атлетика менен ушинтип машыкчу. Озу чон, далдайганы аз келгенсип булчун денелери дагы аябагандай чын, катуу болчу. Дээрлик эки сааттай оор атлетика менен машыгып буткон сон кадимки эл астына чыккан культуристердей болуп кузгунун мандайына келип алып, озунун бой мучосун, дене тузулушун карай берчу. Карагандан дегеле тажачу эмес, анан душка тушуп тазаланып алган сон, кычырай кийинип алып чет элдик машинесине отуруп кочого чыгып кетчу. Кээде келбей калчу, кээде мас болуп келчу. Кээде жон келбей кыздарды да озу менен кошо ала келчу. Адегенде Рашид анын бул кылык жоругунан чочуркап, андан оолак болууга аракет кылып журду. Жогору жактагылар , командири билип калат го деп чочулачу. Корсо андай жоруктарды жасаган жалгыз эле ал эмес экен. Бут эле офицерлер, атугул контракт менен иштеп жаткандар дагы ошондой болуп кызуу журушконун корду.
-Службан буттубу, жумуштан кийин каалаганынды жасай бер. Сага эч ким “кой-ай” дебейт. Только бул жактын сырларын эч кимге болтайт этпешин керек, болбосо оз керт башын менен жооп берип каласын. Кааласан кыздарды алып кел, кааласан алардыкына барып туно, ал оз ишин,-кечинде мас болуп келген Исман оозу булдуруктай бир нерсени Рашидге тушундурумуш этип атты. Чынында эле ар куну кечкисин кызуу чалыш журушкон офицерлер коп болчу. Анын устуно офицерлердин эки кабатту уйу менен казармадагы солдаттардын кубриги (солдаттар жатчу жай) экоонун ортолорун бийик дубал тосуп турчу. Солдаттардын жашоосу озунчо, офицерлердин жашоосу озунчо болуп, алардын араларында айырма бар экен. Атугул контракт менен кызмат отогондор дагы экооно кошулушпай башкача дуйнодо жашашчу. Контрактагы солдаттар оздорунун дежурдагы убактыларын бутуруп келишкен сон кадимки граждандар жашаган элдер сыяктуу эле кундорун откорушчу. Топ-топ болуп кечкисин айыл, кыштактарды аралап кетишчу, тун ортосунда кызуу болуп казарманга кайтышчу. Кээде эки жаат болуп оздорунчо мушташа да кетишчу. Алардын арасындагы кучтуулору бардыгын тыйып турчу, баш ийбегендерин кадимкидей ур-токмокко алып сабашчу. Озгочо офицерлер менен контракта кызмат отогондорго тамак кучтуу берилчу. Мындай тамакты Рашид ушунча болуп кызмат отогону бир дагы Аскер болукторунон ичип коргон эмес. Жумасына бир жолу жылкы, уй, кой союлуп турчу. Тамактар заказ менен жасалчу. Ашканадагы ашпозчулары болсо атайын жалданып иштешчу. Кыскасы бул жакта кадимки Армиянын турмушу эмес бейиштин жашосу болчу. Башка аскер болугундо кызмат отоп жургондо майрам кундору да Рашид мындай тамактарды ичкен эмес. “Тамакты коп жегенге аракет кыл, машыгуу учурунда кайра эле бардыгы чыгып кетет”,-деп Исман Рашидге коп айтчу. Кээде кызуу чалыш деле вахтага (бир сутка турчу кызмат) чыгып кете берчу. Ага эч ким анча деле маани берчу эмес. Жалан эле ал эмес контрактагылар деле кызуу чалыш вахтага чыгып кете беришкенин байкады. Аларды офицерлер корсо да кормоксон, билсе да билмексен. Ушулардын баардыгын оз козу менен коргон Рашид солдаттар менен офицерлердин ушунчалыкка чейин жетип калышканына аран дегенде чыдап журду. Офицерин деле, контрактагы солдаттарын деле бирдей. Кызмат кезинде бири-бирине баш ийишип кызмат кылышат. “Бул кандай олкобуз озунчо жаны мамлекет болгону анархия да куч ала баштаганбы? Албетте, “балык башынан сасыйт болуп” болуп казарманын командири баарын коруп билип туруп кормоксон, билмексен болуп атса томон жактагылар эмнелерди гана жасабайт. Бирок буларды оон корбой мен дагы аралашышым керек аларга. Алар ичсе мен дагы ичип, алар эмнени жасашса мен дагы ошолорду жасашым керек. “Болунгонду бору жейт” болбоюн, кандай болсо да шек алдырбаганга аракет жасайын. Жумасына союлуп жаткан малдар каяктан келип атат, ичкиликке акчаларды каяктан таап алып жатышат? Ар бир офицерде бирден чет элдик машина, жашоолору да жаман эмес. Буларга салыштырмалуу тигил айылдагы карапайым элдин жашоолоручу, дегеле салыштырып болбойт. Мейли “коро-коро косом болот” дегендей, бара-бара бардыгын кором, тушуном. Эн башкысы шек алдырбагандай болоюн”-гезит окуп отурса дагы Рашиддин ойлонгонунун баары эле ушул болуп жатты. Озун сыноодон откоруп жатканын жакшы эле тушунуп турду. Бир айдын ичинде полковник Рашидди жети-сегиз жолу озуно чакырып, ар кандай суроолорду берип, сынап корду. Ар бир созуно так, анан кыска жооп бербесе эски карышкырга алдырып коюшу да мумкун болчу.



Комускодогу куралдар


Бир жолу казарман ичиндегилер кутулбогон жерден дурбоп калышты. Эмнеге дурбоп жатышканын адегенде Рашид анча тушунгон жок. “Жаны курал-жарактар келди”деген контрактагы солдаттардын создорунон анча-мынча кулагы чалып калды. “Эмне болгон куралдар?” деп бироосунон сурады эле баардыгы бири-бирин карашып, эч нерсе айтпай коюшту. Усту чумкомо солдаттардын торт машинеси биринин артынан бири эрчише казармандын тор жагына тордолуу тикенек зымдан отуп кетишти. Бери жакта солдаттар автомат менен эч кимди откорушпой кайтарып турушкан болчу. Рашид жакшы эле ал жакка отуп бармакчы болду эле солдаттар откорбой коюшту.
-Бизге жогору жактан ушундай буйрук берилген, уруксаты жок эч ким ал жакка отууго акысы жок.
-Мен бул жакта кызмат кылган офицерминби же эмнемин? Силер эмне мага баш ийбей жатасынар. Тургула мындай, жол бошоткула,-Рашид солдаттарга буйрук берип ары отууго далалат жасады эле солдаттар да когоруп откорбой коюшту.
-Кечирип коюнуз жолдош капитан, бул командирдин озунун буйругу. Сизди откоруп жиберсек биз керт башыбыз менен жооп берип калабыз.
Озунун аскер болугундогу солдаттары ага баш бербей койгонуна аябай ачуусу келип турду.
-Тфу-у, бул аскер болукпу эмне, озумдун подчиненныйларым озумо баш ийбесе,-Рашид ачуусун кармана албай ары коздой басып кетти. Кандайдыр бир жашыруун куралдарды алып келип, складга тушургонун сезип атты, бирок ал эмне болгон куралдар, каяктан келди эс нерсесин биле албай койду.
Бери басып келип кароолчулар турчу бийик жыгач секиде (вышка) солдаттын ургулоп турганын козу чалып калды. Оюна бир нерсе тушо калды да озунун болмосуно барып эки коздуу дурбу алып келе койду. Эки жагын сактана карап , секичеге тепкичтер менен которулуп чыкты. Кароолчу турган калыбында уктап аткан болчу. Акырын аны желкеге чаап эсин оодарды. Бул жерде казарман ичи бардыгы алаканга салгандай корунуп турат экен.Атугул тээ алыстагы айыл, тоолор да бут корунуп турат. Койнундагы дурбуну алып чыгып алиги озу откорбой жаткан машинелер кеткен жакка коз жиберди. Алиги торт машина катар тизилип андан солдаттар шашылыша складга бир нерселерди ташып кирип атышыптыр. Дурбу менен ал эмне экенин жакшылап кунт коюп карады. Алар ар чет элдик автомат, гранатамет, пистолеттер, ал эми жащиктегилер болсо октор, граната, мина, экенин даана байкап жатты. Капитан жигит кагазга алардын тизмесин алып солдаттарды шаштыра ары-бери басып журду. Жарым саат убакыт отпой баардыгы тушурулуп бутту.Солдаттар катарга тизилишип бери карай жоношкондо Рашид жыгач секиден томон карай тушуп келди дагы озунун болмосуно кетти. Алиги машинелер биринин артынан бири эрчише кайра казарманын сыртына чыгып кетишкенин терезеден байкап турду.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   06 Март 2014 - 23:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Тунку чалгын


Эртеси куну полковник Рашидди чакырып алды. Мурдагыдан ачуулуу экени жузунон эле байкалды. Босогону аттап жаны эле уруксат сурап кирген Рашидге кыйкырып кирди:
-Бул жерде самовольничит этип журбо, башка иштерге морду несуй деп мен сага эскертпедим беле ыя? Же армиянын тартибин унутуп калдынбы?
-Никак нет…
-Анда эмне тигил жакка отом деп солдаттарды урушкансын. Ал жакка сага эмне суутуп коюптурбу. Эмнеге барам деп жулундун тигил жакка ыя?
-Жон эле барып коргум келген, экинчи кайталанбайт…
-Ушул жоругун учун сага наряд берип, арестовать эттирип салыш керек болчу. Бирок сен бул жакка жаны келген адамсын, коп нерсени али тушуно элексин. Бул жолкусу кечиримдуу болот, мындан кийин ал жакка барбай жур,уруксаты жок барууга болбойт. Ал жак “военная тайна ” деп коет. Эгер баргын келип жатса менден уруксат алып отосун тушундунбу?
-Так точно.
-Анд а бо шсун …
-Жарайт,-Рашид сыртка чыгып, жолдо баратып кандай болсо да ал складды текшерип кормой болду.
Исман экоонун ашканасы, ажатканасы, ваннасы бир болгону менен болмолору эки башка болчу. Эгерал кыздары менен келип калса, озунун болмосунун эшигин илип алчу да таптакыр ачпай койчу.
Ал бугун да адаттагыдай кызуу болуп бир кыз менен келди. Тун бир оокумга чейин арак ичишип, оздорунчо бака-шака болуп атышып, анан барып тынчып калды. Рашид бир аздан кийин озунун болмосун ичинен илип алды да машыгууга барганда кийчу спорт кийимдерин кийип алып, балкондон томон карай секирип тушту. Эки жагын сактана карап, акырын ууру мышыктай жыла басып алиги солдаттар откорбой койгон жакка келатты. Кучтуу прожектор жарыктары казармандын ичин кадимкидей корсотуп турду. Рашид карангы, далдоо, корунбогон жер менен жылып отурду. Офицерлер жашачу аймактан отуп, контракт менен кызмат отоп жаткан аймакка отту. Алардын кээ бироолору али уктай элек экен. Андан эки жылдык кызмат отогондордун кубриги жакка барды. Дарбаза алдындагы жана бийик секидеги кароолчулардан башка бардыгы кызуу уйкуда болчу.Алиги озун откорбой койгон жакта солдаттар ары-бери басып кайтарышат экен.Тутук темир менен жасалган дарбазасы бек экени корунуп турат. Тикенек зымдын алдынан акырын сойлоп отуп кетти. Бул объектини уч солдат кайтарышчу, алар шектуу жерлерин бир сыйра кыдырып текшерип келишти да бир жерге чогуу отуруп алышып, оздорунчо суйлошуп отурушту. Кузот мыйзамын, эрежесин кадимкидей бузулуп атканы ачыктан ачык корунуп турду. Анткени кузотто турганда тамеки тартууга, отурууга, оздорунун кайтарган объектилерин таштап, бир жерге чогуу отуруп алып суйлошконго катуу тыюу салынат. Бул тескерисинче Рашид учун онтойлуу болуп жатты. Аларга байкатпай ары коздой отуп кетти дагы, жашыруун объектини жакшылап текшеруудон откоро баштады.Эшиктери темир код менен ачылма бир канча склад экен. Терезеси бийик болгондуктан ичин корууго мумкун эмес. Складдын арты менен айланып келип эптеп тартынып устуно чыкты. Анан белиндеги кайыш курдун бир жагын темир тутукко байлап, бир жагын колуна ороп терезенин тушуна тушуп келип ичине коз жугуртту. Эч нерсе корунбойт. Чонтогундогу озу менен кошо ала келген кызыл фонарикти алып чыгып жаны эле жандырайын деп атканда томон жактан кароолчу солдаттын отуп бараткан караанын коруп калды. Ал башын которуп ойдо карабастан туптуз баскан боюнча отуп кетти. Рашид бир колу менен кайыш курду кармап, асылып турган боюнча “былк”этпей турду. Качан гана анын карааны корунбой калганда складдын ичине жарык кылды. Ар туркун чет элдик атуучу, жарылуучу заттардын жыш болуп, ирети менен тизилип турганын корду. Бир аз карап турган сон акырын кайра ойдо коздой тартылып чыкты. “Демек тушунуктуу, эмне учун мени бул жакка откорбой жатат. Жашыруун куралдар сакталат экен да. Бул мыйзамдуу куралдарбы, же мыйзамсыз куралдарбы, ошону такташ керек, бирок бут эле чет элдиктердин куралдары экен. Биздин Армия аларды пайдаланышпайт да. Менимче мыйзамсыз эле болуш керек, бул боюнча тигил жакка доложить этишим абзел. Анан бардыгы тушунуктуу болот”. Озу менен озу суйлошкон Рашид кайра акырын байкатпай сыртка чыгып кетти. Коп отпой жашаган уйуно келип балкон аркылуу озунун болмосуно тартылып чыкты да ичине кирди. Анан терезесин акырын дабыш чыгарбай жаап алып, кроватына жата кетти. Ал тээ илгери Афганистанда кызмат отоп жургондо мындай окуялардын далайын башынан откоргон. Душмандын тылына чейин чалгынга барып келчу. Анда согуш мезгили болуп, душмандын солдаттары ото кыраакы болушчу. Ошондо да билгизбей тапшырманы аткарып ийгиликтуу орундатып кайтчу. Аларга салыштырмалуу бул жолку чалгыны эки эсе женил десе да болот.


Командирдин инструкциясы


Дуйшомбу куну эртен менен полковник Рашидди озуно чакырып алды.
-Ну чтож…капитан, сени эркелетчу мезгил бутту. Бугундон баштап службага чыгасын. Эртен кечинде болсо дежурствого жонойсун. Биздин службаны изучать этип чыкандырсын?
-Так точно…
-Эн жакшы, дежурстводо эмне кыласын тиги капитан Мамедов сага кундуз бир сыйра инструктаж жасайт. Туштон кийин именно озум келгенде Мамедовдун айткандарын кайра мага кайталап айтып бересин. Бул башка службаларга, войскаларга салыштырмалуу озгочорок болуп турат. Чек араны бузгандар коп болот, озгочо наркотик менен биз аркылуу Европа олколоруно отуп кеткиси келгендер коп кездешет. Дегеле чек ара бузуп жаткандардын бардыгы жон отушпой , куралчан болушат. Ортодо атышуулар болуп кетет, сак, кыраакы болушун керек. Эртен эртен менен сага табелдик Макаров пистолети тапшырылат. Андан сон мыйзамсыз мындай озун менен такай алып жургонго бир автомат берилет. Табелдик пистолетти дежурство буткондо тиякка тапшырасын. Ал эми автоматты болсо озун менен такай алып журосун…
-Андан сырткары дагы майда-чуйдо куралдар берилет. Канжар, дурбу, аралык суйлошуучу телефон дагы башка ушул сыяктуу… Эсинде болсун, чекарадагы коргон билгендерин эч жакка айтылбашы керек. Бул деген аскердик жашыруун сыр. Керек болсо аны досторуна да айтпайсын. Силерге бардыгын жасоого уруксаат берилет. Чек араны нарушение кылгандары болсо боор ооруп кое берип жиберсенер, алар кийинки жолу келишкенде боорго тебишет. Кайра озуно ок атат, группасы менен отуп бараткан куралдуу бандаларга да жолугасынар, кандуу кагылуушулар болуп турат. Кыскасы сен баардыгына даяр болуп турушун абзел. Ок атуу боюнча эч кимге ат салдырбайт экенсин , мушташуу, рукопашный бойлорду да жакшы оздоштуруп алганынды уктум. Биз жактан андан да жакшы машыгууларды, мушташуунун ыкмаларын уйроносун. Канча кылса сен Афган согушуна катышып согуш эмне экенин билесин да, корко турган эч нерсе жок. Афганда башка бироолордун жери учун согушсан, бул жакта болсо оз мекенин учун кызмат отойсун. Бат эле бизге аралашып, катарыбызга кошулуп, камыр-жумур болуп кетерине ишенем. Бекеринен Афганда служба кылган жокпуз да экообуз тен туурабы?
-Так точно.
-Азыр биздин чек арада кырдаал башка чек араларга салыштырмалуу ото оорураак. Европага наркотик алып откон топтордун бардыгы ушул биздин тоолордон алып отушот. Тигил жолдон болсо машинелерине катып отушот. Ото кыраакы болушунар керек, эгерде каршылык кыла турган болсо айоо деген болбосун. Биздин чек ара башкалардыкына салыштырмалуу тоолуу келет. Чек араларда тоолорду аралап отот. Контрабандалар учун биздин тоолор ото эле ынгайлуу, жашырынып отконго. Озгочо алар тун ичинде коп отушот. Кобунчосу кайсы жерлерден отоорун тиги капитан жакшы билет. Сен эки-уч айдай тигил эки жылдык солдаттар менен иштешесин андан сон контракт менен кызмат отогондор менен да иштеше баштайсын. Бир дежурствондо болсо контрактниктер менен смендешип турасын. Кыскасы чек ардан чычкан да жорголоп отпогондой болсун. Биз али жаныдан бутубузга туруп келаткан жаш мамлекетбиз. Иран, Ирак, Афганистан, Пакистан, Индия атугул Кытай тараптан биз жакка келишип чек араны бузуп откулору келишет. Бай олколордун адамдары бизди тендерине алгылары келишпейт. Кармалып калышса каршылык корсотушот. Кээ бир бандалардын куралдары биздикинен да кучтуу. Тунду кундузгудой кылып корсотушкон дурбулору бар, ар кандай куралдары бар. Кээде гранатамет да колдонуп жиберишет. Андайлар менен ото эле сак, катуу болбосо болбойт. Биз жактын кырдаалы кыйын деп айтканымдын себеби ушул. Мен сага кыскача гана инструктаж берип атам. Калганын тиги капитан Мамедов озу инструктаж кылат тушунуп жатасынбы?
-Тушунуп жатам.
-Сен эми кызмат отоп жаткан жаш лейтенант эмессин да. Башындан далайы откон эски карышкырсын, бат эле оздоштуруп кетесин деп ойлойм. Бугун кечки инструктаж аласын, эртен туштон кийин биз жактагы кырдаалды, уставды, эрежелерди кайра кайра сенден сурайм. Бар даярдана бер, бошсун


Чек арадагы окуя


Уч чумкомо машинага болунуп отурушкан солдаттар казармандан чыгып кетишти. Эки мамлекетти болуп турган чек арага чейин бир топко жол журушту. Бардыгы тен Рашид сыяктуу эле аябай куралданышкан болчу. Куйрук улаш ээрчишип баратышкан уч машина бир кезде уч жакка чачырашып болунуп кетишти. Айланасы калын тикенектуу зым менен тордолгон кичине уйго жеткенче алар бир да соз суйлошкон жок. Ал уйдун берирээк жагында атайын иттерди кармай турган жайлар бар экен, кечээ келген солдаттар менен кезек алмашышты. Алар Рашиддер тушкон машинеге тушушуп казармага кетишти. Кун али кеч кире элек болчу. Куздун шамалы бетке уруп, баарыбир адамды ичиркентип турду. Чуй ороонуно салыштырмалуу бул Баткен тарап баарыбир эртели кечтир салкыныраак келет экен. Капитан Мамедов баш болгон топ Рашидди эрчитип алып тоо тараптагы чек араларды арлап кетишти.
-Мына мобуреки Алай Туркестан тоо кыркалары Тажикстан менен чектешип кетет экен,-Мамедов Рашидге тушундуруп атты.-Бул жерлер дээрлик эле тынчы жок. Азыр кузго мааал эмеспи, бангитоварлардын сезону. Дагы жарым саат жол жургондон кийин корсотом сага. Эки тоонун ортосунда кууш откоол бар, башка жактан ото алышпайт, контабанданын копчулугу ошол кууш откоолдон отушот. Бери жакта биздин атайын наблюдателдерибиз бар. Тээ алыс жактан келатышкандарды дурбу менен карап турушат да буктурма уюштурушуп жакын келгенде кармап алышат.
-Алар каршылык корсотушобу?
-Ар кандай. Кээ бирлери болсо бизге ок атып атыша кетишет. Ошол ок аткандардын бардыгы наркотик алып бараткан болушат. Кузотто Рашид, капитан Мамедов андан тышкары дагы беш солдат бар болчу. Бардыгы бир добого келип токтошту.
-Кордунорбу томон жакты, алыстан эле баары корунуп турат. Биз учун ото ынгайлуу жер. Чек ара бузгандардын оздору келип капканга тушуп беришет…
-Башка жактан отуп кете алышпайбы?
-Кандай десем…тиги ак карлуу тоо таштарды аралап отуп кетсе деле болот. Бирок ат, эшек, топоздор менен ото алышпайт. Отсо да аябай кыйынчылык менен аран дегенде отушот. Бизде ушундай откоолдордон торт-бешоо бар. Бардыгы азыр козомолдо. Бандалар айла жок ошол жерлер менен отушот. Мамедов капталындагы асынып жургон дурбусун алды дагы тээ алыска коз жугурто баштады. Айлана тыптынч эч кандай шектуу эч нерсе билинбейт. Куз болсо да тоо баштарында аппак карлар жатат.
Алар оздорунчо бир аз суйлошуп турушкан сон бир нерсени сезгендей Мамедов дароо ордунан атып тура калды.
-Эмне болду?,-Рашид бир нерседен шек санагандай капитанга суроолуу карап калды. Ал дурбуну ала коюп тээ алыс жакка коз жугурто баштады.
-Мына башталды, келатышат алар…
-Аларын ким?-Рашид дале анча тушуно албай турду.
-Ким болмок эле, нарушителдер да. Азыр коробуз да алардын ким экенин…Кана жигиттер озунордун позициянарды элегиле!
Бэри жакта отурушкан солдаттар туш-туш жакка чачырап кетишти. Мамедов менен Рашид бир жарчанын тубуно барып жайланышты. Арадан он беш жыйырма мунот отпой баштарына озбек топу, чааралекей чапан кийинишкен, сакал-муруттары оскон торт-беш киши пайда болушту. Экоо эшкекке минип, калгандары жоо шашыла басып келатышты.
-Азыр…алар тээтигил жерге жеткенде мен белги берем курчоодо калышат,-Мамедов акырын шыбырап айтты. Бир аз убакыт откондон кийин капитан озу айткандай кандайдыр бир тоо куштарынын унун туурап сайрап койду эле заматтын ортосунда солдаттар тигилерди ортого алып алышты.
-Колунарды ойдо которгуло, былк этпей тургула! Эскертип коеюн, артык баш кыймыл жасасанар эле атып таштайбыз!
Мындайды кутушпогон бешоо коздору алактай, колдорун которушо бир орунга уймолоктошуп калышты.Бироосу байкабай колун тушуруп жиберди эле аны ийинге атып калды. Ал ийинин баса бакырып жиберип, жерге чок тушо отуруп калды.
-Эмне арамзалансын, тур ойдо!-автоматчан солдат жакын басып келип, автоматтын кундагы менен бетке чаап калды эле ал чалкасынан комолонуп тушту.
-Кана колунарды желкенерге алып комконордон жерге жаткыла. Болгула ылдам, мен кимге айтып жатам!-Мамедов болгон кучу менен кыйкырды эле тигилер аны бир карап алып жерге комкоросунон жата башташты. Бироосу колун желкесине албай комкоросунон жатып алганда автомат кармап турган солдат болгон кучу менен бойрок тушка тепти.
-Биз эмне дедик ыя, эки колунду желкене ал деп атпайбызбы, же кулагын керенби?!
Жерде жаткан киши катуу озоро онтоп жиберди.
-Карасан , калп эле арамзаланып атканын, эки колунду желкене ал деп жатам!
Жерде жаткан тушунбой аттыбы же тушунгусу келбей жаттыбы айтор солдатты бир карап койду.
-Жолдош капитан муну эмне кылайын, созумду уккусу келбей жатат?,-солдат Мамедовду карады эле ал жерде жаткан кишинин жанына басып келди.
–Турчу мындай, калп эле анкоо болуп калышат. Азыр мен озум тушундуром баш бербеген кандай экенин,-Мамедов тигинин колунун манжаларын былчырата басты эле ал чыдай албай кыйкырып жиберди.
-Ии, кандай экен созду укпаган ыя. Колунду желкене аласынбы же дагы экинчи колунду былчыратайынбы?
Жерде жаткан дароо эки колун желкесине алды. Бардыгы тен ар кайсы жерде былк этпей жатышты. Мамедов солдаттарга буйрук бере суйлоду.
-Кана шмонать эткиле буларды, адегенде эшектеги баштыктарын текшергиле, андан кийин чонток баштарын антаргыла!
Беш солдаттын экоосу жерде жаткандарды устулорунон автоматтарды суна кайтарып турушту, учоо болсо эшектердеги асылып, илинип турган баштыктардын ичин сапырып антара башташты. Баштыктардын ичинде кийимдер, ар кандай азык тулуктордон башка эч нерсе жок экен. Эшектеги жуктордун бир да бироону калтырбай антарып чыгышты.
-Бизге ылайыктуу эч нерсе деле жок экен…
-Анда чонток баштарын антаргыла. Бардыгы жабылыша тигилердин чонтокторун, жан жерлерин текшерип тинте башташты.
-Охо, акчасы бар экен, болгондо да долларлар экен…
-Канчоо экен?
-Коп эле окшойт,-алар дагы чонтокторун антарышып озбек суму, казак тенгелери, кыргыздардын сомдорун, анан насыбай, тамеки ширенкелерин алып чыгышты. Бироосу башын которуп чонтогундогу акчаларын алып аткан солдатты бир карап койду эле ал ачууланып автоматтын кундагы менен желкеге бир чапты.
-Мен сага былк этпей жат дебедим беле ыя?
Тигинин башы канап кетти. Автоматтын кундагы менен урулган соккуга эси ооп калдыбы айтор былк этпей эле жатып калды. Солдаттар жерде жаткандарын чонторунон бардыгын эч нерсесин калтырбай алып коюшту.
-Эмне биринерде да паспортунар жокпу ыя? Документи жок чекараны бузуп отуп кетели деген экенсинер го. Вот и попались. Аман соонордо кайра артынарга кайткыла, болбосо азыр баарынарды ушул жерден атып таштайбыз. Бол тургула да жоногуло. Азыр жузго чейин санайм, караанынарды корсотпой коздон кайым болгуда. Жузго жеткенден кийин артынардан аткылай баштайбыз. Улгурсонор улгурдунор, улгурбосонор оз бактынардан коргуло. Эч киминерди аябайбыз. Кана тургула да чуркап жоногуло. Бир, эки, уч…Мамедов шашпай санай баштады эле жерде жатышкандар баштарын которушо бири-бири менен суйлошуп, анан ордуларынан атып турушту да кайра арттарын коздой чуркап жоношту. Бироо бурула калып эшектерин коздой умтулду эле автоматчан солдат анын бутунун тегерегине автомат менен айланта тытыратып атып жиберди. Тигил кайра артка кетнчиктей качкандардын сонуна тушту. Мамедов жузго чейин санаганча тигилердин караандары алда кайда узап кетти. Жузго жеткен сон бардыгы автомат менен асманды карай аткылап коюшту. Анан жабылыша каткырышып кулуп калышты.
-Кана, тигилерден канча олжо тушту?
-Уч мин доллар, беш мин тенге, бир жарым мин биздин сомдор, он беш мин озбектердин суму бар экен…
-Эмне мынча аз,-капитан кабагын чытый кейип койду.
-Булар карапайым эле айылдык кишилер го?-Рашид тиги капитанга суроолуу карады.
-Балакеттердин баары ушул айылдыктардан чыгат. Булардын контрабанда менен жашыруун байланыштары бар. Ошол учун бул жакка отуп баратышат да.
-Акчаларын эмнеге кайтарып берген жоксунар ?
-А эмнеге беришибиз керек экен, бул деген чек араны бузгандын штрафы. Дагы аз болуп калды. Алар коп суммадагы акча менен отушот.
-Эмне бул жакка откулору келишти алардын?
-Сен али эч нерсени коро элексин дагы, эч нерсени тушуно элексин. Буларын деген наркотик сатып алганы отуп жатышат. Копчулугу тункусун отушот, булардын деле кыйындарын кантесин. Карангы кире электе эле чек араны бузуп отушуп. Ие азыр наркотиктин сезону, бир сутканын ичинде далайын коросун. Жок эле болбой калды дегенде беш-алты нарушение болот. Баса айтмакчы, бул окуя жонундо шефке звонить этип билгизип коеюнчу,-Мамедов чонтогунон мобилдик телефонун алып чыгып болгон кырдаалдын баардыгын бирин дагы калтырбай командирге баяндап берди. Телефонун чонтогуно салган сон Рашид андан сурай кетти.
-Аларды эмнеге кое берип ийдик, тигил жакка алып барыш керек эле да?
-Алардын эч пайдалары деле жок.
Топтошуп тургандар ал жерге эки солдатты калтырып, тоо кыялап жогору которулуп кете башташты.
-Эгер бирдеме болсо дароо бизге звонить эткиле. Уставды менден жакшы билесинер да. Бир нерсе болсо коркпой эле ок чыгарып аткылай бергиле.
Жолдо келатканда Рашид капитандан сурай кетти:
-Ойду тоону карай эле ок чыгарып автомат менен аткылап жатасынар. Эмне ар бир атылган ок учун жооп бербейсинерби. Все таки октордун да эсеби бар да?
-Ие Рашид ок деген бизде ящик-ящик болуп турат. Тугонуп калса каалаганынча ала бер тиги складдан. Только канча алганынды кол коюп жаздырып койсон болду.
-Эмне окмот силерге ошончолук коп ок береби?
-Жок.
-Анан анча окторду кайдан аласынар?
Мамедов каткырып кулуп калды.
-Сен бул жакка башка планетадан келгендей эле болуп атасын. Ал секрет, аны айтууга болбойт. Бара-бара озун тушуносун, коро-коро косом болосун.


Тынчы жок тун


Алар бийик тоонун устуно чыгышканча акырындап айлана куугумдоно баштады. Улам жогорулаган сайын суук тарта, бирок ойдо которулуп баратышкандыктан алар ушушкон жок. Бир маалда кандайдыр бир куш тоо жанырта сайрап кирди.
-Бул эмне болго куш, балким нарушителдер бири-бирине белги берип жатышкандыр биздин келатканыбыз тууралуу?-Рашид бир нерседен шек ала капитанга суроолуу карады.
-Бул эмне болгон куш экенин билбейм, бирок мен бул жакка кызмат отогону келгенден баштап эле тун ортосунда сайрап келатат. Балким тоо уларыдыр, бул унду эч кимиси эмненин уну экенин аныктай албай коюшту. Жаны келгенде мен да сен сыяктуу шек алып жургом, азыр болсо конуп калдым.
Алар оздорунчо суйлошуп отурушуп бийик жонго чыга келишти.
-Мына откоол ушул жер, бул жерди Алай тоо кыркасы деп коюшат. Нарушителдер так эле ушул жерден отушот, бир жаман жери аларда тунду кундуз кылып корсоткон дурбусу сайылган снайпер мылтыктары бар. Ошол мылтыктын кесепетинен биз откон жылы эки солдатыбыздан айрылып калбадыкпы. Талибан, можахеддер деген биздин коркунучтуу душмандарыбыз бар. Алар жонундо уккандырсын. Ири олчомдогу товар алып отушоордо чек арачыларды алаксытып казармандын озуно кол салып калышат. Ошол боевиктер менен атышып ызы-чуу болуп болуп атканда тигил жактан ири олчомдогу наркотиктерди алып отушот. Биринчи жолу тажрыйбасыздык кылып откоруп жибердик. Экинчи жолкуда болсо кандуу кагылуушулар болду. Алардын куралдары биздикинен артыкчылык кылып турду. Алар тун ичинде кол салышып, алиги мен айтып жаткан тункусун кундузу кылып корсотуучу дурбусу бар курал менен аткылап дегеле баш котортпой турушту. Душмандын бирден бир артыкчылыгы ушул болуп атты. Азыр болсо андай куралдар бизде деле бар, эми коркпойбуз…
-Чщ-щ акырын тээтигил жакта кимдир бироолор келатышат…
Рашид айланасына кунт коюп карап дегеле шектуу эч нерсе байкай албай койду. Капитандын ушунчалык кыраакылыгына тангалды.
-Кана ар киминер озунордун ордуларынарга баргыла!
Солдаттар заматта туш-тушка жакка чачырап кетишти. Капитан менен Рашид чон таштын конулуна кирип жашынышты.
-Банда адегенде тункусун кундузу кылып корсотуучу дурбусу менен айлананы бир сыйра текшерип карап алышат, анан алдыга эки-учоосун чалгынга жиберишет. Эгерде шектуу эч нерсе жок болсо арт жактагыларга уч жолу кол фонариктери менен моргайт этишип белги беришет. Ошондон кийин гана негизги топ ото башаташат бул жактан. Эгерде тиги келе жаткандар ошондой топтордун адамдары болсо биз бешообуз аларга туруштук бере албайбыз. Анда бизге жардам керек болуп калат, тигил казарман жактан.
-Биздин солдаттар кантип улгурушот бул жакка келгенге?
-Бизде бир жакшы артыкчылыгыбыз бар, алар вертолеттор. Уч вертолет менен заматта эле жетип келишет. Откон жолу куралчан банданы ошол вертолеттун жардамы менен курчоого алып колго тушургонбуз да. Ото коп наркотик алып баратышыптыр. Чщ-щ, болду эми суйлошпойлу тигилер жакындап келип калышты.
Экоо унчугушпай кандайдыр алыстан жакындап келатышкан караандарды кутуп отурушту. Арадан дээрлик жарым саат откондон кийин гана кандайдыр алыстан шектуу дабыштар пайда боло баштады. Ошол дабыштар уламдан улам жакындап келе берди. Алардын оздорунчо кобурашкандары кадимкидей кулакка угулуп турду. Белгилуу мерчемге жеткенде капитан жашынып жаткан солдаттарга белги берди эле баардыгы туш-туш жактан тигилерди ортого, курчоого алып алышты.
-Стой, токтогула!
Бул буйрукка тигилер дегеле камарашкан жок, кыймылдарын улантып кете беришти.
-Токтогула деп жатам!
-Свои, озунордун адамдарынар!
-Пароль?!
-Жылдыздар тундо келишет!
-Шахмардандар окшойт. Барып текшерип келчи,-Мамедов бир солдатты жиберди,-Сак бол, жакын жолобой фонарик менен алыстан жарык бер, озун алардын туткуну , заложниги болуп калба.
Солдаттардын бироосу акырын томон тушуп кетти дагы эки адамды эрчитип келди. Тигилер Мамедов менен кол алышып учурашты.
-Кана эмне товар, эмне оокаттарынар менен келе жатасынар?
-Мурунку эле товарлар, башка эч нерсе деле жок.
-Калп айткан жоксунарбы, азыр текшеребиз.
Солдаттардын экоосу жогору жакта калышып Мамедов баш болгон калгандарынын бардыгы томон карай тушуп кетишти. Эшектеги, огуздогу мушоктор, баардыгын бир сыйра текшерип чыгышты. Алиги киши Мамедовдун колуна акырын бир нерсе карматты.
-Бул жерде канча бар?
-Баягы эле сумма, калганын болсо кайтып келе жатканда берип кетебиз…
-Кайра качан кайтасынар?
-Так айта албайм.
-Кийинки сменде мен болбосом башкалар болушат. Ошолор менен эсептешесинер. Болуптур, бар бара бергиле. Жолдон сак болгула, башкалардын колуна тушуп калбагандай болгула!
-Андан камтама болбонуз!
Огуз, эшек менен жугу барлар жондон томон карай тоо кыялап тушуп кетишти. Булар ким экенине тушунбой Рашид тангалып турду.
-Кимдер булар?
-Озубуздуку эле…
-Озубуздуку дегенди кандай тушунсо болот?
-Бара-бара тушуносун. Булардын паролдору бар “жылдыздар тундо келишет” деген. Ал адамдарга тийбе. Алар жетоо, эшек, топоз, огуздор менен жук алып отушот. Беш мин доллар ставка, ошонусун аласын да откоро бересин. Аларга тийишпейсин. Эмне товар алып отсо да ото беришсин жон жайына кой.
-Наркотик, курал-жарак же башка ушул сыяктуу контрабанда болсо дагыбы?
-Мейли балакет болсун жон жайына кой. Ал товарлар биздин олкого тиешеси жок. Жон гана биздин жергебиз аркылуу Европа олколоруно откоруп беришет. Биздин эч нерсебиз коробойт, болгону озубуз койгон ставканы алабыз болду.
“Да-аа, вот каякта жатат прибылдар”, -Рашид ичинен башын чайкап койду. Алардын караандары корунбой калышкан сон Мамедов болгон окуя тууралуу болуктун командирине мобилдик телефон аркылуу баяндап отту.
-Ушундай Рашид, чек арада ар кырдаалдар болуп калат. Кээде тундун тынчы жок болот, кээде бирин-экин эле кишилер отпосо жымжырт болуп турат. Кээде кандуу кагылышуулар болуп кетет. Мунун баарын жогору жактагыларга билгизбейбиз.
Мамедовдун айткандай эле алдыда кандуу кагылышуу кутуп турган болчу


Ашуудагы атышуу


Ошол маалда томонку жактан жактан мобилдик телефон аркылуу “Куралдуу адамдар менен атышып жатабыз, алар бизге караганда саны жагынан коптук кылып атат, тезинен кошумча куч, жардам керек” деген кабар келди.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   09 Март 2014 - 07:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Томонку откоолдо болгону эки гана солдат козомол кылып турган болчу. Мамедов тигилер менен мобилдик телефон аркылуу суйлошуп жатты.
-Казармадагыларга кабар бердинерби?
-Ооба, казармада тревога которулду, алар да азыр келип калышат.
-Тигил куралчандар канчоо экен?
-Билбейбиз куугумдо канчоо экенин билиш кыйын экен…
-Карангыны кундуз кылып корсоткон дурбу менен карабайсынарбы?
-Карап эле атабыз. Менимче алар онго жетип калышат го…
-Болуптур биз азыр барып калабыз,-Мамедов телефонду чонтогуно салды дагы дагы жанындагы солдаттарга кайрылды:
-Кана жигиттер, силер жердин шартын жакшы билесинер да. Экоонор каласынар бул жерде, калганыбыз томон жакка кеттик. Сак болгула. Алардын сыры бештен бештен белгилуу эмеспи, томон жак менен атышып, баарыбыздын конулубузду алагды кылат дагы, оздору негизги товарлары бар контрабанда башка жагы менен отуп кетиши мумкун. Сак, кыраакы болгула. Ар бир он же беш мунот сайын кырдаалды айтып бизге доложить этип тургула. Тапшырма тушуктуубу?
-Тушунуктуу.
-Анда давай службанарды баштай бергиле, биз кеттик томон жакка. Кана жигиттер жонодук!
Солдаттардын экоосу бул жерге калып, калгандары автоматтарын кармай болгон кучтору менен томон карай чуркап жоношту. Автоматтардын тытырап ат ылып жаткан ундору кадимкид ей угулуп жатты. Канча кылса дагы ойдо которулгонго караганда томон тушкон женил экен. Бир саатта аран которулуп барган жерден кайра жыйырма мунотто томон карай чуркап тушуп жетип келишти. Эки солдат томон жактагыларга аран туруштук берип атышыптыр. Алдыга жылып келатышкан куралчан караандар кошумча кучтун келгенин корушуп ордуларына токтоп калышты. Бирок аткылагандарын уланта беришти.
-Сак болгула, тигилердин араларында снайперлери бар. Алар биздин ар бир кыймылдарыбызга коз кырларын салып андып турушат. Откон жолу артык баш кыймыл жасатпай, атугул баш котортпой турушпады беле. Жылып баратсак эле аткылап эскертуу беришип, таптакыр ордубуздан жылдырбай коюшкан. Бирообуз жакшы эле алдыга жоноого аракет кылды эле аны бутка атып таштаган. Экинчибизди болсо ийинге аткан. Так что ошол снайперлеринен сак болгула. Кана ар киминер оз позициянарды элегиле!
Бир жерде уймолоктошуп турушкан солдаттар туш-тушка чачырап кетишти. Мамедов асынып жургон тункусун кундузу кылып корсотууучу дурбусун алып карай баштады.
-Сволучтар десе бир топ эле окшойт.
-Берчи мен карап коройун,-Рашиддин отунучун тигил анча жактырбагандай кабыл алды.
-Мейли корсон кор, сен бул жакты али жакшы биле элексин да. Дурбу менен абайлап кара, козго атар мергендери дурбун менен кошо козунду чыгара атып салышат.
-Андан камтама болбо, мен мындай согуштун далайын башымдан откоргом,-Рашид дурбу менен томон жактагыларды акырын бир сыйра карап отту. Алиги солдат айткандай томон жакта он чактыдай караандар журот. Баардыгынын тен колдорунда атуучу куралдар. Ар кайсы таштарга жашынып алышып бул жакты аткылап, бир жерге тынч жашынышпай таштан-ташка жугуруп отуушудо. Биринчиси аткыласа, экинчиси ордунан чуркап орун алмаштырат. Таштан ташка тим эле так текедей туйулуп женил гана ото шамдагайлык менен отуп атышканы алардын бир топ эле даярдыктан отушконун, булар оной жоо эмес экени билинип турат. Арттарына асынып журушкон баштыктарынан башка эч нерселери корунбойт.
-Булар кимдер можахеддерби, же талибдерби?
-Айырмасы кайсы булар деген контрабанда…
-Ат, эшектери жок бекенби?
-Корунбойт…
-Демек алардын негизги товалары бул жакта эмес. Менимче булар бизди алаксытуу учун атайын келишкен. Негизги товарларын болсо башка жак менен алып отушоору бышык. Жогору жактагылар менен байлнышып коройунчу, эмне кылып жатышат болду экен?-Мамедов мобилдик телефон аркылуу кимдир бироолор менен суйлошуп бутуп телефонун белиндеги сумкачасына салып койду.
-Ал жак азырынча тынч эле, шектуу эч нерсе билинбейт дейт.Тээ тоо кырка жакта откоол бар. Бирок ат менен да топоз, огуз, эшектер менен да ото алышпайт ал жактан. Чоку ото эле суук, анан муздуу сыйгалак. Алып бараткан товарларынын баарын жок кылып алышат. Ал томондогу ойдунчада болсо… ал жерди биздин адамдар катуу козомолго алып турушат. Бул жерди Алай, Туркестан тоо кыркалары деп коет. Дээрлик ушул беш жыл ичинде баардыгын изучать этип чыктым. Мактанбайын бирок, коен жатагына чейин билип калдым. Акырындап сен дагы бут баардыгын жатка билип каласын, мен дагы сендей болуп жаны жер шартына коно албай журдум. Корсо бейиш экен, бул жер…
Бир кезде Рашиддин колу тысс дей тушту. Колундагы дурбуну аз жерден жерге тушуруп жибере жаздады. Колун басып тиштене, чоголой отуруп калды.
-Эмне болду сага, ок жанылган жокпу?,-Мамедов анын бетине унулду.
-Ок колума тийди, болгондо да дурбуну кармап турган колума атышты…
-Кордунбу ото сак болбосон болбойт, сага бекеринен эскертип айтып жаткан жокмун да булар оной жоо эмес деп. Снайперлери бир былк этпей жерге жашынып жатып алышат да мылтыгынын устундогу дурбусу менен биз жакты карап жата беришет. Биз артык баш кыймыл жасасак эле аткылап турушат эскертуу беришип. Бирок алар олтуро атышпайт. Колго, бутка, ийинге иши кылып олбой турган жерге аткылашат. Бул алардын эскертуусу, ага болбой баратсан экинчи колунду , бутунду атып тургузбай ташташат. Кана берчи колунду коройун,-Мамедов Рашиддин колун кармалап корду. Ок баш манжаларына тийиптир. Артындагы асынып жургон дары-дармек салып жургон баштыкчасынан бинт анан кандайдыр бир мазь алып чыкты да Рашиддин колуна суйкоп анан акырын тыкан ороп чыкты.
-Эч нерсе эмес “до свадьбы заживет”. Келе дурбуну мага берчи,-Мамедов Рашидден дурбуну алып озу томон жакка коз жугуртуп кирди.
-Булардын кетчу турлору жок, демек жон келишкен эмес, наркотоварлары менен келишкен. Куралдарына таянып, куч менен отуп кетебиз деп ойлоп жатышат да. Эгер биз менен жакшылап тил табыша алышса озубуз эле жардамдашып откоруп жибермекпиз. Сен ойлобо Рашид, булар алып бараткан товарлар биздин жергебизге келет экен деп. Булардын товарларынын бизге эч тиешеси жок. Болгону биздин жер аркылуу Европа олколоруно алып отушот. Роосия, Франсия, Польша, Австрия кыскасы онуккон чет олколорго жонотулот.
Бир кезде томон жактагылар туш-туштан аткылашып, улам жакындап курчоого алыша бери жактагыларды кыса башташты.
-Артка чегинбесек болбойт, курчоого кабылып булардын туткуну, заложниги болуп калабыз. Кана жигиттер арткы позицияны ээлегиле, болгула ылдам! Тигилер жакындап келип калышты. Кана кеттик биз да,-чек арачылар артка чегинише акыркылары болуп Рашид менен Мамедов экоо кетишти.
-Жогору жактагы экооно телфон чалып эмнегедир байланыша албай жатам. Соо болгой эле.
-Биздикинен дайын барбы?
-Уже келатышат жолдо, он-он беш муноттой буларды кармап турсак, жок эле дегенде жыйырма муноттой кармаш керек, анан булардын озун кысып, курчоого алабыз. Мамедов айткандай, божомолдогондой эле болду. Он беш муноттун ичинде ага лейтенант жетектеген солдаттар жетип келишти. Казарма тоолордон бир топ алыс болгондугуна карабай алардын оперативдуу иштешкендерине баа берди Рашид.
-Эки отделениени алып келдим, бир отделение жогору карай кетишти,-ага лейтенант капитан Мамедовго кырдаалды тушундуруп айтып берди. Окторду мондурдой жаадырыша чек арачылар томон жактагыларды туш-туш жактан кысышып, курчоого ала башташты. Алар дагы устоко-босток ок атыша артка чегинишип , ок жанылган жарадарларын алып , тээ томон жакка корунбой кетишти. Заматта айлана тынчый тушту.
-Ушул менен тынчып бутуп калды дегендикке жатпайт. Алар эми башка жактан отуп кетууго аракет жасашат. Же кучтонуп алышып кайрадан бул жакка келишет. Бул контрабанда же Афганистан жактан же Иран тараптан келишти. Товарларын откорушмойун алардын биз менен кармашканы кармашкан. Биз дагы кок беттенип аларды откорбоого аракет жасайбыз.
Солдаттар ар кайсы жерге жайгашышып откоолду чычкан откус кылып тосуп салышты. Коп отпой жогору жактагылардан кабар келди. Эки солдатты кармап алышып, аларды байлап жаткырып салышып, контрабандалар отуп кетишиптир оздорунун жуктору менен.
-Иш жакшы эмес,-Мамедов кабагын чытып койду,- бул деген нарушение границы. Жана айтпадым беле, бул жерде атышкандар бизди алаксытыш учун атайын жиберилген топ, ал эми негизги жук тарткан топ ошол жогору жагы менен отуп кетишти. Эгер алар кармалышпай ошол боюнча Европа олколоруно отуп кетишсе, экобуз баш болуп бул жердеги беш солдат баарыбыз тен наряд алабыз, бир суткага. Муну срочно командирге доложить этиш керек. Алардын арттарынан вертолет жиберсин,- Мамедов шашыла кырдаалды тушундуруп казарма тарапка телефон чалды. Анан кабагын чытый бир аз отурган сон Рашидге карап койду.
-Сенин кара мышыгын жок беле ыя?
-Эмне болду?
-Менин сменимде мындай ЧП дегеле болгон эмес. Бир дагы контрабанданы минтип откоруп жиберчу эмесмин. Мейли баары бир аларын алыска узап кете алышпайт, кармалышат.
-Биздин жер-шартты жакшы билишеби?
-Албетте жакшы билишет. Аларга жол корсотушуп, жардам берип журушкон биздин жергиликтуу адамдарыбыз бар да. Тигилер жол корсоткучторго жакшы акча толошот. Андайлардын канчасын кармадык биз.
-Кармалгандарды эмне кыласынар, жоопко тартышабы?
-Андайларды озубузчо жазалайбыз, уй-мулкун эч нерсесин калтырбай конфискацияга алып коебуз, коколой башы гана калат.
-Уйун дагы алып коесунарбы?
-Албетте андайларды атып салуу да аздык кылат. Жылына ар айылдан эки-учтон киши кармалышат. Бул жакта “Хизбут-Тахрир” деген да диний агым бар, элдердин баштарын айлантышып айылдарга агитация жургузушуп, баракчаларды таратып, видеокасета, акча беришип, жергиликтуулорду азгырып журушот. Албетте алар менен курошуу биздин иш эмес дечи, ал милиция кызматкерлеринин иши, бирок ошолордун арасында дагы атайын чалгынга келген кишилер болуп жатпайбы. Буга бир эле мисал келтирип коеюн, откон жылы казарманын жанындагы айылга шабашкага иштешкени беш-алты кишилер келишкен. Ылай жумуш, кара жумуштарды жакшы иштешет экен. Жайды жайлата уй салып, шабашка жумуштарын иштешти “Паспортунарды корсоткуло” деп участковый милициялар да тийишип калышчу. Кийинчерээк ошол аймактын участковыйлары корбогон азаптарды мына ошолордон корушподубу. Корсо, аларын шабашкага келишкен адамдар эмес эле айылдын адамдарынын кулк-муноздорун, жашоо-шарттарын, жердин географиясын изучать этишкени атайын чалгынга жиберилген кишилер экен. Алиги кундо келип тийишип, кун корсотпой аткан участковыйлардын бардыгын тен жырткычтык менен кыйнап олтуруп, бай кишилердин бир тобун тоноп кетишти. Корсо алардын бардыгы тен мындайча айтканда буттарынын тырмактарынан баштап, тиштерине чейин катуу куралданышкан экен. Биз жардамга баргыча аларын коздон кайым болуп кетишпедиби.
Ошондон жарым ай отпой эле катуу куралданышкан жыйырмадай киши келип айылдагы укук коргоо органдарында иштеген адамдардын бардыгын алып кетишип, тоо арасына алып барып олтуруп таштаптыр. Балакеттин баары так эле ошолордон чыкпадыбы. Бекерден бекер алар жайды-жайлата иштешип, жер-шартын изучать этишпептир. Кундузу иштемиш этип, тункусун чалгындап журушуптур да. Кийинчерээк биздин казармага да кол салышпадыбы. Жаны келишкенде аябай катуу келишти. Окту мондурдой жаадырышып тим эле баш котортпой коюшту. Копчулугундо тунду кундуз кылып корсотуучу дурбусуб ар атуучу куралдары бар экен. Биз ал убакта андай куралдарды тушубуздо да коро элек болчубуз. Анын устуно алар тун ичинде кол салып атышпайбы. Дегеле мындай болуп казармага кол салуу болгон эмес буга чейин. Шаштыбыз кете тушту. Чет олкодон душмандар каптап келишип кол салышты го деп ойлогонбуз. Ортодо катуу атышуу болду, бирок биз жактан да тигилер жактан да эч кимге ок жанылып жарадар болгон жок. Алардын айла-амалдуулугун, кулуугун кийинчерээк билбедикпи, алар бекеринен казармага кол салышпаптыр. Ошол атышуу болуп жаткан мезгилде ири олчомдогу наркотиктерди биздин откоолдор аркылуу Европа олколору жакка алып отуп кетишиптир.
-Бизде ушундай, кырдаалдын кандай экенин кордунбу,-Ысман колу танылып жургон Рашидди карап мыйыгынан жылмайып койду. Ал эмнеге жылмайганын Рашид тушунгон жок. -Дагы жакшы болду, ок колго тийгенине. Мындан эки жыл мурун сен сыяктуу бир прапорщик жаны эле службага келип таптакыр эле манжаларынан ажыраган. Тигилердин снайперлери аткан анын он колунун уч манжасын кесип кетиптир. Службага чыккандын эртеси эле куну госпиталга жатып калбадыбы. Анан экинчи топтогу майып алып бошонуп кетти. Дурбу менен караганда ото сак болуш керек, контрабандалардын ичинде атайын машыгуудан отушкон козго атаар мергендер сени козго атышпаганына Кудайга тообо де.
Эмне себептен чек арачылар контрабандадан чочулап жатышкандарынын себебин Рашид эми жакшы тушуно баштады. “Чын эле аларын оной жоо эмес экен да, бекеринен оз жандарын рисковайт этишпейт, анткени канчалаган гана суммадагы товарларды алып отуп жатышат. Биз жактан го ызы-чуу атышуу менен тоо аркылуу отуп кетишет. Ал эми тигил Тажикстан тараптан кантип отуп кетип атышат болду экен?”
Колу айыкканча Рашид жарым айча госпиталга жатып чыкты. Чын эле булардын госпиталы Ысман айткандай эле бар экен. Ичинде бардык шарты, бардык мумкунчулуктору бар болчу. Капитан Мамедов туура болжолдоптур. Контрабанданын ири тобун чек арадан откоруп жибергендиги учун озунун солдаттары менен кошо алты сутка наряд алып чыкты. Жетинчи куну ал жактан бошогондо госпиталда жаткан Рашидге келди. Мурдагыдан кадимкидей жудой тушуптур.
-Ахыбал кандай дос, кол айыгып жатабы, кана корсотчу,-Мамедов колун кармап корду,-эч нерсе эмес, главное сооктору аман экен. Соомойун кыймылдап калган турбайбы. Бир-эки жумадан кийин кадимкидей биздин арабызга кошулуп каласын.
-Озунчу, озундун ахыбалын кандай?
-Хуже жок, контрабандалар отуп кеткени учун беш солдат алтообуз дээрлик бир жумадай наряд алып тиякка отуруп чыктык. Бизде тартип ушундай дос, за то секретти ар кимибиз ичибизге сактайбыз. Бизди багып жаткан ушул контрабанда болуп жаткандан кийин барына чыдаш керек. Алар менен откон жолкудай болуп согушпай тескерисинче тил табышыбыз абзел. Аманчылык болсо экообуз андайлардын далайын коробуз. Сен да капитан экенсин, мен дагы капитан. Ушул жактан кошумча звания алабыз. Эн башкысы чек арада улгулуу журуш-туруш, жакшы эрдик корсотсон эле биздин шеф рекомендация берет жогору жактарга. Анан майор, анан подполковник аласын. Должностун да которулот. “Тишин барда таш чайна, тишин жокто аш кайда” деген макалды билесинби. Пока мумкунчулугун болуп турганда озуно акча жасап алышын керек. Кийин отставкага, пенсияга чыкканда жакшы жашашына мумкунчулук болот туурабы. Сага крупно повезло ушул жака келип калганына. Кана озун айтчы, ушундай аскер болугун, ушундай казарманы башка жактан кордун беле? Албетте коргон жоксун туурабы? Бизде офицерлер сомду карашпайт, чонтоктору толтура доллар менен журушот. Ал долларлар кайдан келип атат? Бизде озгочо бул жакта эн жакшы мумкунчулугубуз бар. Ошол мумкунчулугузду пайдаланып калышыбыз керек. Мындай мумкунчулук турмушубузда бир гана жолу болот, атугул башка казармага, военный частка барсан да болбой калышы мумкун болчу…,-Мамедов тили-тилине тийбей Рашидге коп нерселерди бабырап суйлоп жатты. Аны жогору жактагылар атайын жакшылап угуттоп кондур деп жонотушконун баамдап жатты.-Угуп атасынбы Рашид менин созумду?
-Ооба, угуп атам айта бер…
-Кыскасы ушундай. Биз деген шефибиздин айткандарын туура болобу, туура эмес болобу кын дебей аткарышыбыз абзел. Ал деген бизди жамандыкка алып барбайт. Кудая шугур акча жетишээрлик, жашоо жаман эмес. Ал озу учун гана эмес биздин казармада кызмат отоп жатышкан ар бир солдаттын, ар бирофицердин келечектери учун кам коруп жатат. Менин айткандарымды тушунуп жатасынбы сен?
-Акырындап, акырындап…
-Ошондой дос, сен да капитансын, мен да капитанмын, жашыбызда анча-мынча айырма болгону менен званиябыз бир. Эгер менин тилимди алып чогуу иштешсен Кудай буюрса сени гулдотконго, жыргатканга жакшы мумкунчулугум бар. Сен дагы бул мумкунчулукту колдон чыгарып жибербегенге аракет кыл. “Эшекти отко айдаса, бокко качат” болбо. Бул деген мындайча айтканда военная тайна. Кыскасы менин ар бир айтканымды туура кабыл алып куйма кулак болуп кулагына куюп журсо
н.

Ашуудагы жети олук


Бул жолкуда Рашид контракт менен кызмат отогондорго кошулуп чыкты. Мамедов да алар менен чогуу чыккан болчу. Берки солдаттарга салыштырмалуу булар оздорун эркин кармап, чек арада журушсо да дагы калагандарын жасап журо беришет экен. Офицерлер же оздорунун командир, жетекчилери менен кадимки тентуштарындай тамалашып, бир нерселерди ачык эле сулошушуп, аскер кызматы эмес гражданча журушот.
-Мен сени менен акыркы жолу чыгып жатам, мындан кийинки службага озун жалгыз чыгасын, менсиз эле,-Мамедов Рашидге андан ары эмне кылышты тушундуруп кирди.- Кырдаалдын кандай экенин кордун да, дагы корсотом.Тигил солдаттар менен башкача, ал эми бул контрактниктер менен башкача иштешесин. Болбосо уруша да кетишинер мумкун. Булар оздору билишет сенден жакшы, эмне кылышты. Баштарынан далайлары откон эски тажрыйбалуу карышкырлар. Контрабандадан тушкон акча болобу, наркотик болобу, ар кандай буюмдар болобу, кыскасы эмне болсо да тигил биздин общий казынабызга алып барып тогосун. Кымтып калам же болбосо билгизбей уурдап калам деп ойлобо,билинип калса азабы озуно. Андан корокчо чын дилинден жакшылап кызмат отогонго аракет кыл, анан озун тушуносун калганын бара-бара. Тушунбогон нерселер болсо менден сурап тур,-Мамедов карта боюнча чек аранын оздоруно тиешелуу жерлердин бардыгын Рашидге тааныштырып чыкты. Контрабандалар ото турган негизги откоолдун бирин калтырбай коргозуп берди.
Контракт менен кызмат отогондор оздорунун жерлерин билишет экен, экиден-учтон болуп болунуп кетишти. Беш контрактагы солдаттарды эрчиткен экоо жогору жакты текшергени кетишти. Откон жолку ордуларына келишип, айланаларын бир сыйра дурбу менен карап чыгышты. Бир аз эс алып отурушкан сон кутулбогон жерден Мамедов ордунан атып турду, бардыгы аны карап калышты.
-Берчи дурбуну,- Рашидден дурбуну тез ала койду дагы тээ алыска коз жугуртту,-ар киминер озунордун позициянарды элегиле. Мен бекерден бекер шектенген жокмун, тээ алыс жакта коптогон караандар келатышат. Белги бермейин жашынган жерден былк этпегиле. Эгер каршылык корсотушуп ок атышса силер дагы ата бергиле. Анда оздоруно оздору кылышат, только сак болгула. Араларында снайперлери болуп калбасын. Отургандардын баардыгы куралдарын алыша оздорунун ордуларына бекиништи. Коп отпой эле алар жакындап жетип келишти. Суйлошкон создору да кадимкидей угула баштады. Жетоо экен сан боюнча эсептегенде. Жетооно жетоо. Бардыгынын колдорунда куралдары бар. Каяккадыр ото эле шашылыш кетип баратышат. Жетоонун тен арттарында асынган баштыктары бар экен. Тортоосу сакал кое берип алышыптыр.
Жургон журушунон, колдорундагы куралдарынан, арттарындагы баштыктарынан жон адам эмес экени дароо эле баамдаса болот. Дал эле буктурманын ортосуна келишкенде туш-туш жактан автоматчан солдаттар чыга калышты.
-Куралдарынарды таштагыла да ордунардан жылбагыла!
Бул кыйкырыкты угушаары менен жетоо тен туш тарапка аткылап киришти. Буктурмадан чыга калышкан солдаттар кайрадан далдоо жерлерге жашынууга аргасыз болушту. Ортологудардын баш калкалап, жашына турган жерлери жок болчу. Ошентсе да жооп ордуна окту мондурдой жаадырышып, аткылап туруп алышты. Дегеле солдаттарды баш котортпой коюшту.
-Силер курчоодосунар, каршылык корсотконунор пайдасыз. Андан коро атканды токтотуп куралынарды таштагыла. Болбосо биз дагы аткылай баштайбыз! - Мамедов созунун аягына чыга электе жашынып турган чон таштын айланасына октор мондурдой чыпылдап, айла жок башын катууга мажбур кылды. Мамедовдун эки-уч жолу эскерткенин кулактарынын сырттарынан кетиришти. Эки-уч жолу буктурмадан чыгып кетууго аракет жасаша бироосу окко учуп, кайра ортого келишти. Буктурмада турушкан солдаттардын бироосу жарадар болуп, ташка жыгылган боюнча жатып калды. Таптакыр эле созго келишпей тынымсыз аткылай беришкендиктен Мамедов ачуусу келе озунун солдаттарына “аткыла” деп буйрук берди. Туш-туш жактан атылган октор ортодогу ачык жерде турушкандарды заматта чалгы чапкандай кыйратты. Бир аздан кийин тоо жанырып аткан ызы-чуу заматта дымый тушту. Ортодогу сулап жаткандардын бири да кыймылдап был кэткен жок. Мамедов колу менен акырын белги берди эле солдаттардын экоосу автоматтарын алга суна акырын томон карай жылып жоношту. Жерде сулап жаткандарга жакындашканда жоокер жигит ортодо жаткандардын бироосун атып жиберди. Куралын алып жаныдан эле баш которуп келатканы кайрадан сулк жыгылып былк этпей жатып калды. Экоо бир жерде уймолоктошуп, кыймылсыз жаткандарды бир сыйра текшерип чыгышкан сон келе бергиле дегендей бери жакта жашынып жаткандарга колун которуп белги берди. Бардыгы ортого басып келишти.
-Олуктордон алысыраак болгула, балким жарадарларынын гранаталары болуп журбосун.
-Жарадары жок, баардыгы тен олуптур.
-Ошентсе дагы “сактыкка кордук жок” дегендей сак болгон жакшы. Экоосу жерде жаткандардын бардыгын жакшылап текшерип чыгышты.
-Бири да калбай олушуптур да.
-Оздорунон корсун, оз убалдары озуно, биз олтургубуз келген эмес…Кана арттарында асынып жургон баштыктарын текшерип чыкчы?! –Мамедовдун буйругу менен экоосу олгондордун баштыктарын антарып чыгышты.
-Баардыгында тен желим баштыкта салынган ак порошоктору бар экен.
-Кана бери алып келчи – Мамедов белиндеги канжарын кынынан сууруп алып желим баштыктын бироосун жарып туруп, соомойун ак порошокко матырып, тили менен ###### корду да кубанычтуу жылмайып койду.
-Эн жакшы, Кудай буюрса шефтен благодарности алабыз. Бул накта героиндер турбайбы. Баасы кеминде эле уч-торт миллион сомду чапчыйт. Европа олколоруно алып, отуп кетип саткылары келишкен да….
-Биз эмне кылып салдык? –Эки козу алайган Рашид жанындагыларга суроолуу карады.
-Эмне кылып салыптырбыз? -Мамедов эч нерсе болбогондой кебелбей турду.
-Биз деген адам олтурдук, болгондо да жети адамдын омурун кыйдык…
-Ну и чтож…эгер аларды олтурбосок алар бизди олтурушмок. Бул жерде бир принципти эске ала журуу керек. Душманынды аясан ал сенин тубуно жетет. Мындай кырдаалда же сен олушун керек же ал олушу керек, кайсынысын каалайсын озун выбирай. Озун деле Афганистанда служба кылып келиптирсин, согуш эмне экенин билесин да…
-Ал деген согуш мезгили деп коет, бул деген мирная время да…
-Мен сага дагы бир жолу айтам, дагы эскертем. Сен али коргондон коро элегин коп, уккандан уга элегин коп. Алдыда али коп нерселер бар, буларды ошондойлордун бири деп эсептеп кой, сен талаша бербе.
-Болуптур, эми бул олукторду эмне кылабыз? Улуттары эмне экен?
-Какая разница афганбы, тажикби же башка жактан келишкен улутарбы, болор иш болду, боесу канды. Эми бул олукторду эч ким билбегендей кылып тоо арасына адам буту баспаган жерге комуп салыш керек…
-Койчу ошол да болмок беле…
-Эмне анда музейге алып барып катырып коем деп жатасынбы?Анда Германиялык алиги Гюнтер Фон Хагенстин олукторду катырган музейине сатып жибер, жерге жашырганды ыраа корбой жатсан…
-Кеп анда эмес, эмне деп жооп айтабыз командирлерге, бул деген катуу ЧП да.
-Бул эч кандай ЧП эмес. Мындайлар кундо болот. Мен айтып жатпаймынбы, али алдыда коп нерсе бар деп. Андан коро кана, бул олукторду комушконго жардам бер.
-Каякка жашырабыз?
-Оздорунун ордулары бар, тияк жакта “братская могила” деген. Рашид акырын энкейип олуктордун жуздоруно унулду. “Жок, бул тажиктер же озбектер эмес ирактыктар менен афгандыктарга окшоп кетет экен. Же алиги можахеддер менен талибдерби? ”
-Эмне афгандыктардан тааныш издеп жатасынбы?
-Жок, бул бул жерде олуп жаткан жигит ото жаш экен, али жыйырмага чыга элек окшойт.
-Буга биз кунолуу эмеспиз, оздоруно оздору кылып алышты. Биз тарапка ок атпай эле тынчтык менен жакшылап суйлошсо эле биз буларды олтурмок тургай тиймек да эмеспиз. Оздору кунолуу, эмне кылабыз. “Отметкаларын” берип коюп, ото беришсе эле откоро бермекпиз. Мындайлардын далайлары отушкон да.
-Бир туугандары же бул жакка жоноткон адамдары издеп келишпейби артынан.
-Вполне возможно. Издеп келишсе келе беришсин. Причем мы здесь, алар чек ара аркылуу Европа олколору тарапка отуп кетишмек. Болду…ошол боюнча ал жактан кайтып келишкен жок. Европа олколорунун кайсы биринен издешет. Ал жактын мафиялары, наркобарондору буларды олтуруп коюшу ажеп эмес да, а балким жергиликтуу полициялар кармап алышып турмого камап салышы деле мумкун болчу. Жалгыз бул жерде эмес башка жерлерде деле ар кандай тоосколдуктар, кырсыктар болушу кутулот. Алар бекеринен жандарында курал алып журушкон жок да. Так что непереживай друг. Андан коро булар мусулмандар экен. Душман да болсо мусулманча жайларына тапшырып коелу. Кана жигиттер буларды бир-бирден которгуло. Дозорго бироонор калгыла. Блок постто созсуз бироо туруш керек. Чонток баштарын антарып, эч нерсесин калтырбагыла, эгерде документтери болуп калса дароо козун куруткула.
Жерде олуп жаткандардын жан жерлерин текшерип отурушуп, ар кандай жасалма паспортторду таап чыгышты. Ар биринде уч торттон жасалма паспорт бар экен. Орустардыкы, беларусь, украиндердики атугул поляктардыкы да журот. Ушунусуна карап туруп эле бангизаттарды каяк жакка алып баратышканын билип койсо болот. Андан башка орустардын рублдарынан баштап америка долларына чейин коп сумадагы акчалар журот.
- Акчалардын баардыгын бери алып келгиле, мен озум болуштуруп берем. Калганын болсо шефтерге, казынага тапшырабыз. Мамедов болгон акчалардын бардыгын ортого таштатты дагы солдаттардын ар бирине жуз доллардан берди. Калганын болсо сумкасына салып Рашидге карап козун кысып койду. Желим баштыкка салынган кылдат салынган героиндерди санап корушсо жыйырма беш баштык чыкты. Эгер мунун баары отуп кете турган болсо бир топ эле суммадагы акча болмок.
-Кана жигитер олукторду которгуло, жайларына тапшырып келели. Эки солдат бирден олукту которуп тээ жогору жактагы жардын тубуно алып келишти. Уйулгон таштардын жанына таштап, бироону калтырышты дагы кайра томон карай кетишти. Эки саатчалык убакыттын ичинде олуктордун бардыгын жардын тубуно ташып келишти. Баштыктарынан тамак алып анча-мынча шам-шум этип алышты.
-Бар курок, кетмен, ломдорду алып кел,-Мамедов солдаттардын бироосун жумшады эле ал жардын тубундогу таштардын арасындагы катылуу жерден бир канча курок, ломдорду алып, келе койду.
-Булар деген атайын ушундайлар учун даярдалган шаймандар. Кана жигиттер урушта туруш жок баштагыла!
Торт солдат жерден курок, ломдорду алып, жерди бир кишилик кылып ченеп алышты дагы казып киришти. Мамедов ары жакта ары бери басып, тамекини бурулдата тарта мобилдик телефон аркылуу кимдир бироолор меенен суйлошуп атты. Сыягы шефине кырдаалды айтып тушундуруп атса керек. Киши баткандай кылып жети жерди казышты дагы алиги жетоону жети жерге жаткырышып устун топурак комуп таштап, анча-мынча билинбегендей кылып устулорун добочо кылып таштар менен бастырып коюшту. Ары жакта да ушуга окшогон бир топ добочолор бар экен. Бул окуя биринчи эмес экенин Рашид дароо эле байкады. Аларга кадимкидей куран окулду. Мамедов солдаттарга дагы жуз доллардан берди.
-Ме алгыла силердин эмгегинер бар. Бул шаймандарды болсо ордуларына алып барып катып келгиле. Болгула ылдам! Иштин баары буткон сон алтоо тен женилденише томон жактагы “блок постто” турган солдатты карай шашыла жоношту.
-Эми тушундунбу менин уучтап алып жургон долларлар кайдан келип атканын?,-жолдо келатканда Мамедов Рашидге коз кыйыгын сала сынай карап койду.
-Тушундум, булар киши канынан жаралган акчалар турбайбы…
-Жок сен али тушунбоптурсун. Алиги мендеги же тагыраак айтканда биздеги акчалардын бардыгы “отметкадан” же колго тушкон контрабандисттерден тушкон акчалар. Мындай кандуу окуялар дайыма эле боло бербейт. Кээ бир учурларда айла жок ушундайга барасын, ок атууга вынужден болосун. Болбосо алар сени атып ташташат. Андай биздин чек арачылар окко учкан окуялар деле болгон. Бул жакта болуп жаткан ар бир кыймылыбызды башка жакка чыгарбашыбыз керек. Жогору жактагылардын конулу биз жакка бурулду дегиче бутту, бардыгы ойрон болот. Андан корокчо мумкунчулук болуп турганда тишин барда таш чайнап алышын абзел дос.


Биринчи эскертуу


Наряддан келишкендин эртеси куну эле полковник Рашид менен Мамедовду озуно чакырып алды. Онундо ачуулангандын белгиси билинип турат. Катуу кабагын туйо ары бери басып, экоону атайын кутуп туруптур. Экоо кирип келишери менен эле кыйкырып кирди:
-Кана кечооку кырдаалды тушундургуло, эмне себептен аларга ок аттынар? Мен силерге канча айтам адамдарды олтурбой туруп бул жакка колго тушуруп келгиле деп ыя. Эмне учун уставды бузуп жатасынар?!
-Тушундурсом болобу?
-Эмне себептен уставды буздунар деп жатам?!
-Биз уставды бузган жокпуз. Ошонун негизинде эле иштедик, бир эмес бир канча жолу эскертуу бердик. Бизге баш бербей кайра озубузду олтурушконго аракет жасашты. Солдаттарыбыздын бироосу он жак ийнинен жаракат алды. Таптакыр эле баш котортпой бизге баш бербей туруп алышканынан аларды карай ок атууга аргасыз болдук.
-Адам олтургон учун аскер трибуналына кесилип кетеринерди билесинерби. Кана капитан, сен эмне учун аларды олтурдун?-полковник Рашидге кайрылды.
-Мен аларды аткан жокмун, солдаттар атып олтурушту…
-Демек мен олтургон жокмун дечи, анда эмне учун автоматында атылган октун издери турат?
-Мен…
-Актанбай эле кой, автоматындын обоймасында жыйырмага жакын ок жок экен. Демек ошол жыйырмага жакын ок менен сен дагы нарушителдерди аткансын. Демек киши олтургонго сен дагы катышкансын. Бул оюн эмес, аскер трибуналы пахнет. Келе элек жатып эле киши олтуруп жатсан андан аркысы кандай болот ыя? Бул жерде жалгыз гана сен эмес жетоонор тен аскер трибуналына тартылып, кесилип кетесинер. Адам олтуруп коюу деген эмне экенин билесинерби? Алардын сен сыяктуу ата-энелери, аялы, бала-бакыралары мындайча айтканда уйбулолору бар. А силер болсо ит атканчалык корбой бардыгын жайлап таштадынар, бир адам болсо да бир жон. Бул окуя жогору жактагыларга жетсе эмне болорун билесинерби? Силер жетоонор тен кесилип кетесинер, а мен болсом чиним да, даражам да томондоп жумуштан айдалам. Колун канга малынды капитан , жакшылап ойлон. Эгер мындан ары туз журбосон любой учурда кесилип кетесин. Жети адамдын омуру анан жетоонордун тагдырынар. Бар бошсун, кете берсен болот. Ал эми сен Мамедов кал биякта, суйлошо турган создор бар.
-Кетсем болобу?
-Бара бер.
Рашид колун чекесине такап артка бурулду да сыртка чыгып кетти. Ал кеткенден кийин полковник Мамедовго кайрылды:
-Аларда героиндер бар бекенби?
-Ооба жыйырма беш желим баштык экен, аны тигил складга салдырып каттырып койдум. Ал эми жетоонун куралдарын болсо курал сактоочу складга откоруп бердим, бир бирден тизмеге алдырып. Андан тышкары алардын чонтокторун антарганда он миндей долларлары бар экен. Ар биринде беш-алтыдан жасалма папортторду таптык.
-Паспорттордун козун куруткула, дароо ортоп таштагыла.Алардын эч изин билгизген жоксунарбы?
-Мурунку эле ордуларына комдук, эч шеги билинбейт.
-Акчаларды кассага откордунорбу?
-Жок жанымда.
-Анда бери алып кел, озумо бер.
Мамедов сумкасынан жалан жуз долларыктарды санап откоруп берди. Полковник акчаларды алган сон беш жуз долларды кайра кайтарып берди.
-Ме буларды алып тур азырынча аванс катары, калганын кийинчерээк берем.
Мамедов унчукпастан чонтогуно салып алды.
-Кетсем болобу?
-Бара бер, баса айтмакчы, тигил досунду жакшылап тарбиялаганга аракет кыл. Чыкынчылык кылып окуяны кимдир бироолорго айтып жибербесин. Ме ага дагы беш жуз доллар берип кой. Жетет ушул эле, ал азырынча новенкий эмеспи. Кооп кетет коп акча алса.
Озунун уйуно келген Рашид чын эле бул окуяга озу да илинип калганын тушунду. Бирок тигилер атайын жасап жатышканын, жон эле коркутуп жатышканын боолголоп атты. Коп отпой эле артынан Мамедов келди.
-Иш чатак дос жетообуздун ишибизди аскер трибуналына откоргону жатат…
-Койчу чын элеби?
-Тамаша чочулабай эле кой. Биздин командирибиз айкол киши. Мунун бардыгын жаап жашырып жатат. Эми сен да тилинди тишине катып , бул окуя жонундо бир ооз да эч кимге айтпа. Алиги беш контрактниктер анан биз экообуз гана билебиз бул окуяны. Башка казармада эч кимиси билбеши керек, тушундунбу?
-Тушунуктуу.
-Ме бобул беш жуз долларды командирибиз сага берип жиберди. Эмки нарядга чыкканда мындан да коп болот.
-Зачем, кереги жок.
-Кереги жок болчу беле. Ме ал, ”когда дают бери, когда бьют беги” деген орустардын макалын билесинби, так что тартынбай ала бер,-Мамедов анын жообун кутпой эле столуна таштап койду дагы сыртка чыгып кетти.


Чет элдик меймандар

-Бизге меймандар келишти, Кудай буюрса бир топ акчалуу болот окшойбуз,-эшиктен кирип келген Ысман кубанычтуу кабар айтып жаткандай эки колу менен Рашидди далыга чапкылап койду. Алар ким, кандайча коп акчалуу болушат, Ысман эмнеге мынча кубанып журот Рашид эч нерсеге тушунгон жок.
-Меймандар дегенин кимдер?
-Ээ-ээй сен али эч нерсени биле элексин. Беш нарушителдерди кармадык, болгондо да менин сменамда. Ушунум учун Кудай буюрса чон чыйлык алам, болгондо да акчалай.
-Тушунсом буюрбасын…
Ысман болгон кучу менен каткырып калды. Анан Рашиддин жанына отура калып тушундуруп кирди.
-Биз туткунга тушкон боевиктерди же нарушителдерди “меймандар”деп коебуз. Эми аларды биз кайрадан соодалайбыз.
-Журу коросунбу, алардын ким экенин?-Ысмандын сунушуна Рашид анча деле конулдонгон жок.
-Аларды коргондо эмне, кадимки эле адамдар да, же алардын башкача озгочолугу барбы?
-Мен ошон учун айтып жатам да. Журу коруп келели, чыныгы контрабандисттердин жузун коросун.
Рашид анча конулдонгон жок, ошентсе да Ысмандын конулун калтыргысы келбей анын айтканына конду. Экоо эрчишип алышып, казармандын чет жагындагы калын темир калгалуу анча чон эмес жарымы чыгып жарымы томон карай кирип турган жер толоонун жанына келишти. Анын эшигин автоматчан солдат кайтарып турган болчу.
-Чек араны бузган нарушителдердин бардыгы ушул камеранын ичине кармалышат…
-Буларды эмне кыласынар, ушул жерде жата беришеби же…окмоттун карамагына откоруп бересинерби?
-Аны окмотко откоруп бергенде бизге эмне пайда.
-Анан эмне кыласынар?
-Каяк жактан келишсе ошол жакка кайра жонотобуз.
-Кантип?
-Кантип болмок эле, жолдору толуп атпайбы. Телефон байланышы аркылуу, кат аркылуу такыр айла кеткенде туткундардын бироосун бошотобуз да тигил жактарга жонотобуз. Срок беребиз, ошол сроктун ичинде булардын адамдары келишет да туткундарды бошотуп алып кетишет.
-Жондон жон эле бошотуп жибересинерби?
-Кызыксын го, жондон жон эле аларды ким бошото койсун…
-Анан эмне кыласынар?
-Эмне кылмак элек, туткундарды сатабыз акчага.
-Толой албай калышсачы?
-Еше как толошот, биз ото жогорку бааны коюп, потолокту тээп таштайбыз да суйлошобуз, сунуштарыбызды коебуз, алар оздорунун сунуштарын коюшат. Талашып, тартышабыз, соодалашабыз, акыры бир тилге келип, келишебиз да алардын акчасын алып, туткундарды бошотобуз.
-Мисалы бир адамдын башына канча сурайсынар?
-Анча деле кымбат эмес жыйырма беш мин доллардан элуу мин долларга чейин.
-Аны тигилерин толоп бере алышабы?
-Толошпогондо каякка барышат. Контрабандаларда акча жокпу. Керек болсо бааны мындан да жогору коюп койсок болмок. Бул биз учун эскертуу иретиндеги соодалашуу. Эгер экинчи жолу дагы границаны нарушат этип кармалып калышса, ставканы дагы жогорулатабыз.
-Булар каяк жактын нарушителдери экен, ичине кирип корсок болобу, же бизге уруксат берилбейби?
-Эмне учун, бизге кундо чек арага чыгып жургон офицерлерге уруксат берилген. Бизден башкаларга бул жакка кирууго акылары жок, журу коросунбу?
Ысман эшикти кайтарып турган солдатка барып эшикти аччы дегендей белги берди эле ал ары жактан ачкыч алып келе коюп, калын темир эшикти ачып берди дагы озу сыртта калды. Экоо ээрчише бетондолгон тепкич менен томон карай тушуп келишип дагы бир тордолгон темир калганы ачышты. Камера дегени камерага деле окшошпойт. Таманы жыгач менен полдонуу, кадимки эле стол, стулдар, бурчта жууна турган жери, ары жактагы болмодо озунчо ажаатканасы, жумшак кроваттары, дивандары, атугул телевизорлору да бар. Тамандарына палас тошолуптур. Туткундар жетоо экен, экоосу диванда калгандары жердеги паласка малдаш токунуп отуруп алышыптыр. Дээрлик бардыгы тен сакалчан.
-Булар эмне можахед же вахабистерби?
-Каяктагы вахабист, болгону контрабанда…Бизге айырмасы жок алардын кимдер экенин.
-Каяк жактан келатышыптыр?
-Сыягы Афганистан тараптан отуп баратышса керек. Как раз сен служба кылган жак.
-Ошондой де…,-экоо оздорунчо туткундарды бир сыйра карап чыгышты. Бардыгы тен бири-бирине окшош кылып сакал кое берип алышкан. Кабактары буркоо, коз караштары заардуу. Жерде малдаш токунуп олтургандарды карап бараткан Рашид четте турган сакалчан киши менен тиктеше тушту. Экоо бир топко чейин бири-биринен коздорун алышпай тиктешип турушту. Эмнегедир анын коз карашы Рашидге тааныштай болуп кетти. Аны бир топко тиктеп турду дагы ары коздой басты. Кайра артына бурулуп муну кайдан кордум эле дегендей дагы карады. Коз карашы, кабак-кашы, кирпиктери, атугул мурун тузулушу дагы тааныштай корунуп турду. Муну каяктан кордум эле дегендей аны дагы бир карап алып, кашын серпип алды дагы экоо эрчише сыртка чыгып жоношту. Ысман дале озунчо суйлонуп баратты.
-Кордунбу булар кандай адамдар экенин. Жетоону тен озум засада уюштуруп туруп кармабадымбы? Тим эле каршылык корсоткулору келишип жакшы эле ок чыгарышты эле анысынан эч майнап чыгара алышкан жок. Ортого курчоого алып туруп, катуу кысып таштадык. Куралдарын таштай багынууга вынужден кылдык…
“Муну кайдан кордум эле? ”-Ысмандын созун укпай Рашид озунчо ойлонуп кетип баратты.


Душмандын туткунунда

“Та-ак, мен бул кишини кайдан кордум эле, эмнегедир коз карашы, ону озгочо койкойгон мурду жылуу учурайт”,-Рашид болмосундогу диванга жатып алып, алиги кишини эстоого аракет кылып корду. “Негизи афгандар бири-бирине окшош келишет. Жер шартына жарашабы, бардыгы кара-тору, отуз жаштан жогорудагылары сакал-мурут кое берип алышат. Согуш мезгилинде аларды басмачылар деп коюшчу эмес беле. Ошондо деле алардын боевиктери дээрлик копчулугу сакалчан журушчу. Айтмакчы, басмачы демекчи, булар ошондогу басмачылардан болуп журбосун? Стоп, стоп… жакшылап эстеп коройунчу. Бул кокусунан Саид эмеспи ыя? Ооба, ооба, коз караштары, мурдунун конкогойдугу, кабак-кашы дал эле ошол Саидге окшошуп кетет экен, бирок ал кайдан болсун. Эбакта эле олгондур да, андан бери канча мезгил отту. Оо андан бери дээрлик жыйырма жыл отуптур. Чын эле андан бери ким бар, ким жок. Анын соогу эбакта эле кум-жам болгондур. Бирок коз караштары, жургон тургандары, адамдан башкача зардуулугу, мыкаачылыгы, канкордугу али эсимде, омур бою унутулгус болуп журогумо так салып кетти. Аз болгондо ал менин тубумо жетмек. Дагы Кудай сактады, жердеш болбогондо мен эмдигиче эбакта эле тигил дуйнодо журбойт белем”. Ал диванга чалкасынан жатып алып тээ качандыр бир болгон окуяны эсине тушуруп жатты.
1981-жылдары болчу. Ооган согушу оз кучуно кирип турган. Убагында Армияда озу да десантта кызмат кылып, кийин офицердин окуусун буткондо да лейтенант деген наам менен кайра ошол озунун мурунку кызмат отогон болугуно барган. Ал лейтенант деген чинди, жылдызчаны жаны эле алган болчу. Коп отпой эле дуйнону оз конулуно бурган Ооган согушу башталды. Мурунку Союз мезгилиндеги солдаттар менен офицерлер тандалып алынып, шашылыш Ооганстанга жонотулуп жатты. Рашид бир айдан кийин отпуска алып айылына барып эс алып келейин деп аткан. Бирок тилекке каршы кутулбогон жерден Ооганстанга бара тургандардын тизмесине илинип калып жатпайбы. Отпусканы ойломок турсун озунун десант болугундогу анча-мынча тыныгуу куну да болбой калды. Дээрлик бир ротага командир болуп дайындалып, озуно дагы эки жаш офицер кошулуп, дароо эле Ооганстан тарапка самолет менен учуп кетишти. Тигил жактан атайын даярдалып коюлган самолет коно турган жер бар экен. Болбосо, бардыгы тен парашют менен тушкону жатышкан. Согуштун кайнап турган мезгилине туш болушту. Алар жашап жатышкан убактылуу казармада тынчтык жок болуп атыптыр. Душмандар куну-туну менен кол салышып, уйку бетин корушпой солдаттар да офицерлер да кыйналып жаткан мезгил экен. Бир жолу душмандар тун ичинде келишип катар-катар болуп тизилип турган аскер техникаларын, танкаларды, жардырышып, кыйратып кетишти. Ошондо торт танка, эки машина жараксыз болуп иштен чыгып калган. Ал эми эки жаат болуп атышуу эки кундун биринде болуп тучу. Анын устуно жер шартын жакшы билишкен жергиликтуу душмандар карматышпай, тулкудой “мант” берип, качып кетип атышты. Советтик жоокерлер курал жагынан артыкчылык кылышканы менен жер шартын жакшы билишпей ошол жагынан бир топ азап чегишти. Душмандардын негизги уюгун билуу учун Рашид баштаган атайын чалгынчылар тобу даярдалып, тапшырма алышып, тун ичинде чыгышып, алгачкы тапшырмаларын ийгиликтуу аткарып келишти. Ошонун негизинде душмандардын уюгуна сокку урушкан болчу. Куну-туну тынчтык бербей солдаттардын айласын кетирип атышкан душмандар ошондон кийин гана сестенишип, ачык кол салууга даай албай калышты. Алгачкы тапшырма так, ийгиликтуу аткарылгандыктан чалгынчылар тобуна жетекчи кылып Рашиди бекитишти.
Бир канча жолу чалгынга чыккандан кийин жер-шарттын, тоолорду, айылдарды Рашид эн жакшы оздоштуруп алганга жетишти. Ар дайым тапшырма так аткарылып, душмандардын негизги уюгуна сокку урулуп турду. Адегенде чочулап, аябай эле кыраакы, сак болуп журчу Рашид бара-бара конуп да кетти. Берилген тапшырманы кунумдук аткарылып жаткан кызматы сыяктуу эле сезип калды. Жогору жактагылардын бардыгы Рашидге катуу ишенишип, негизги тапшырма болсо эле ага кайрылышчу.
Бир жолку анын тапшырмасы омуруно туболукко сакталып калгандай болду. Бул жолкусунда душмандардын жашыруун куралдары каяк жакта сакталат ошону билип келуу болчу. Анткени чет олкодон жаны куралдар келгени тууралуу маалымат келип тушкон. Ошол куралдардын чын-тогунун билууго, аларды кайсыл жакта сактап жатышат аныктап,тактап келууго тапшырма алган. Чалгынга озу менен кошо бешоо чыгышты. Тапшырма тушунуктуу, болгону айланага жарык киргенче, кайра келип калышмак. Ошол туну ойлогон ойлору ишке ашпай жаан дагы катуу ношорлоп жаап туруп алды. Бул жакка келгени жаандын ношорлоп жаашын биринчи корушу. Карта боюнча корсотулгон жерлерди кылдат текшерип корушту эле ал жакта алиги айтылып жаткан куралдар жок болуп чыкты. Дагы уч-торт жерге барышып, аныктай албай коюшту. Тапшырма аткарылмайынча кайра кайтпаш керек болчу. Рашид дайыма тапшырманы так аткарып жургондуктон казармага кайра кайтып баргысы келген жок. Кандай болсо да ошол жашыруун курал сакталган складды табуу керек эле. Ал куну чалгынчылар тобу оздорунун болукторуно кайтып келишкен жок. Рация аркылуу суйлошконго да мумкун эмес, душмандар аба толкуну аркылуу алардын суйлошкон создорун кармап алышат да оздорунун кайсыл жерде экенин билгизип коюшмак. Алар куну-туну менен укташкан жок, жашыруун складды издеп журушту. Душмандардын ар бир кыймыл аракеттерине, багыттарына кылдат конул болушту. Эч ким байкабаган бек, далдоо жерге жашынып алышып, дурбу мене карап турушту. Биринин артынан бири эрчишкен уч машиненин кандайдыр бир жерге кирип кетип кайра чыгышканын байкашты. Бир сутканын ичинде ошол уч машине уч-торт жолу бир эле жерге кирип чыгып атканын корду. Чалгынчыларды бери жакка калтырып коюп, ошол машинелер кирип чыгып жаткан жакка жалгыз жоноду. Машине кирип чыгып аткан жерди жакшылап чийип алды. Ото эле жакын келип бул жер алдындагы кандайдыр бир бункерде жашыруун склад бар экенин аныктаган болчу. Складдын болгон схемасын чийип бутуп, кайра артына шашылыш жоноду.

Билдирүүнү түзөткөн: Ylykbek1990: 09 Март 2014 - 07:16

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   12 Март 2014 - 23:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Душмандар да чоочун караандын жургонун байкап калышып, кун мурунтан буктурма уюштуруп, алиги караандын келээр жолун андып атышыптыр. Кууш кокту менен ото бергенде эки-учоо аны шап эте басып калышты. Дзю-до, кунгфу, каратэ менен машыгып, жекече кол менен мушташкандарды жакшы оздоштургондуктон адегенде ал тигилерге моюн берген жок. Жанына жолотпой ыргыта тээп, же ойт берип качып кетип, озун сокконго же кармаганга мумкунчулук берген жок. Бирок канча кылса дагы коптун иши коп да, анын устуно бироосу Рашидди ийинге атып жиберди. Ийнин басып калганда уч-тортоо аны жерге баса жыгылышты. Эч кимге моюн бергиси келбей жулкунуп жаткан жигитти эки учоолоп колун толгоп, эки-учоосу кармап турушту. Ары жактан сакалчан бироо басып келип, автоматтын кундагы менен Рашидди катуу башка чапканда козу карангылап, былк этпей жатып калды, калганы эсинде жок .
Бир кезде козун ачса кандайдыр карангы болмонун ичинде экен, эки колун артына бириктирип, катуу байлап таштаптыр. Кыймылдайын десе кыймылдай албай койду. Жарылган башы канап, бетине агып, кандар ошол боюнча катып калыптыр. Ар кандай кийинишкен, ар кайсы курактагы адамдар журушот. Сакал кое берип алгандары да журот, ала р ды коруп кайсы курактагы адамдар экени н айта албайсын. Илгерки басмачылардай болуп баштарына селде чалынып алгандар да бар. Дээрлик копчулугундо чет элдик автомат, Советтик Калашников автоматтары да журот. Кабактарын карыш салыша жерде жаткан Рашидди жаман коздору менен олурая карап коюшуп, ары-бери басып журушту. Башын таптакыр кылып алдырып, сакал кое берген толмочунан келген бироосу ээгин кага Рашидди корсотуп, бир нерсе деп суйлоду эле экоо бери басып келишип, колтуктан кармап ойдо тургузушту да ары жактагы отургучка отургузуп коюшту. Баардыгынын жуздору сумсайынкы. Каректери менен атышып, жеп жиберчудой карашат. Алиги чачын такырайта алдырган киши Рашиддин мандайына келип оз тилинде бир нерселерди суйлоду. Сыягы ооган тилинде суйлоп жатса керек, жарымын тушунсо, жарымын тушунгон жок. Ары жактан озбекче, тажикче, казакча, кыргызча билген бир жигитти алып келишти. Ал котормочу болуп берди.
-Улутун ким деп сурап жатат?
-Кыргыз.
-Кыргызсынбы, демек мусулман баласы экенсин да. Кана айтчы сени ким жиберди, бул жакка?
-Эч ким жиберген жок, озум эле…
-Эмне максат менен келдин?
-Тигил жактан качып чыктым…
-Демек качып чыктым дечи?
-Ооба.
-Анда бул кагазга эмне учун тияк жактын бардыгын карта кылып чийип алдын? Анда эмнеге бизден жашындын? Сен бизди келесоо деп ойлобо,чалгындын максаты эмне эле? Сени менен дагы кимдер келишти?
-Эч ким, озум эле…
-Калп айтпа, чалгынга эч убакта жалгыз келбейт, канчоосунар. Жетекчинер ким?
-Жалгызмын, озумо озум жетекчимин…
Созунун аягына чыгарбай алиги киши колундагы автоматынын арты менен бойрок талаштыра уруп калды эле Рашид катуу озоро дем ала албай мууна тушту.
-Тигил жер алдындагы складдын картасын эмнеге чийип алдын? Демек ошол жакка сокку урганга даярданып калган экенсинер да.
-Ротанарда канча адам бар?
-Озум эле…
Тигил дагы автоматтын арты менен уруп калды.
-Негизги базанар кайсыл жерде жайгашкан?
-Менсиз эле билесинер да кайсы жерде жайгашканын…
Тигил дагы урду автоматы менен. Улам суйлогон сайын эле чаап калып жатты. Рашиддин эки колу артына байлануу тургандыктан коргоно албай, чапкан сайын озоруп, деми кыстыга жер айлан-кочок болуп кетуудо. Алиги киши Рашидди чачынан уучтай кармап башын ойдо которду. Анан курундагы саландап жургон бычагын кынынан сууруп алып, кекиртегине такады.
-Советтик аскерлерди биз эч убакта аябайбыз. Жооп бергин келбесе, же калп айтсан моминтип чачтан кармап туруп кекиртегинден кой мууздагандай мууздап, башынды озунчо шылып алып, кайра тигил жакка жонотобуз. Билесинби советтик солдаттардын бир башы канча турат? Элуу мин ооган же америкалыктарча элуу мин доллар. Башынды шылып алып жонотсок мунун баары акча, тушунуп жатасынбы. Эгер олгун келбей тируу калам, уй-жайыма аман-эсен кайтып барам десен биз сурагандын бардыгын бирин да жашырбай айтып бересин, тируу каласын. Эгер биз менен кызматташкын келсе, акчалай сыйлыкка татыктуу болосун. Сен озун кимсин?
-Солдатмын катардагы…
-Алдагы курагын менен катардагы солдаттага окшошпойсун го. Балким офицер болуп журбо ыя?
-Солдатмын катардагы…
-Болуптур анына макул деп ишенип коелу. Бул жакка келген максатынды айтчы. Биздин курал-жарактарды издеп журосунбу?
-Ооба.
-Таптынбы анан?
-Таптым.
-Аны эми кантип жеткиресин озундун жоокерлерине.
-Кудайдын буюрганын коробуз да.
-Эмне кутулуп кетем деп ойлоп атасынбы? Эч убакта кутула албайсын, колго тушкон канчалаган гана солдаттардын башы кесилди. Сен дагы ошолордун бири болосун. Же олумдон коркпойсунбу? Эр журок жигит коруносун, дал эле сендей жигиттер бизге керек болчу. Мен сага бир нерсени сунуш кылар элем. Озун да улутун кыргыз, мусулман баласы экенсин. Ойлонуп кор жакшылап, эгер биз менен иштешсен чон сыйлык кутуп турат. Кааласан акча, кааласан дуйум тамак болот. Омур да, олум да озундун колунда, озундун тагдырынды озун чечесин. Убакыт берем, ойлон жакшылап,-такыр баш киши акырын сыртка чыгып кетип калды. Автоматтын кундагы менен кайра-кайра ичке, бойрокко, боорго туштап ура бергендиктен ичи катуу ооруп аран дем алып атты. Башка да катуу жегендиктен бир жагынан башы да зынылдап, чыдатпай оорууда. Бироо гана калып калгандарынын бардыгы сыртка чыгып кетишти.
Рашид качканга мумкунчулук бар бекенби дегендей дароо айланасына бир сыйра коз жугуртуп алды. Анын оюн тушунгондой бул жерде калган жаш жигит бир нерселерди суйлой Рашидди кокурок тушка тээп жиберди. Сыягы “Эч жакка кача албайсын” деп эскертип айтты окшойт. Тигил тепкенде чалкасына кулап тушкон Рашид кайра которулуп келип отургучка отурду. Советтик жоокерлерди ушунчалык жек корушобу айтор, бардыгы тен жаман коздору менен жеп жиберчудой карашып, артык баш кыймыл жасаса эле чаап жиберип жатышкан болчу. Мунусу да жон турбай тээп кеткенин карабайсынбы. “Биздикилер эмне болушту экен? Частка аман-эсен жетип алышса экен, аманчылык болушса мени да куткарып алышар. Баса, айтмакчы тигилердин сунушуна эмне деп жооп берсем. Калп эле макулмун деп макул боло бербейминби. Анда тияк жактагылардын баарын сурашат да, калп айтканымды дароо эле кармап алышат. Макул болбосом олтуруп коюшары бештен белгилуу. Эмне кылсам, кандай болсо да бир жолун табыш керек. Эптеп жолун тапсам, кырдаал боло калганда качып чыгып кетет элем. “Силер менен иштешем” деп айта берсемби. Ошентейин кырдаал тузулсо качып чыгам, ага чейин булардын баштарын айлантып коройун ”.



Эроолдо



Алар эртеси келишти, такыр баш сакалчан киши дагы эле алдыда жол баштап журот. Котормочу жигит да жанында экен.
-Кана ойлондунбу, биздин сунушубузга кандай карайсын?
-Олуп топуракка жуурулуп, башым кесилгенче, тируу жургонум эле артык го дейм. “Кайда барсан мамайдын кору” деп коет бизде. Мен макулмун силер менен иштешкенге…
-Бул мусулман баласынын чыныгы жообу. Бирок биз сага анча ишене бербейбиз, ал учун сыноолордон отушун керек. Колун чечкиле!
Бироосу барып Рашиддин артына кайрылып, колундагы катуу байланган жипти чече албай убараланып, анан бычак менен кескилеп жиберди. Рашиддин колу кадимкидей чымырап кан жугуро баштады. Адегенде ага тамак беришти. Андан сон кандайдыр бир бийик дубалдуу короонун ичине алып келишти. Озу менен чогуу чалгынга келген топтун учоосу колу байлануу турганын коргондо селт этип алды. Аларды да аябай сабашса керек, кийимдери айрылган, бети-баштары жарылып, дегеле соо жери жок, кызыл-ала кан. Экоо орус бироосу грузин болчу.
-Андрей силер да колго тушуп калдынарбы, Володя менен Бранд каякта?
-Кутулбогон жерден курчоодо калып экоо окко учуп олушту. Биз дагы минтип туткунга тушуп калдык…
-Менин туткунга тушконумду корорунор менен дароо куйругундарды туйуп жоголбойт беленер?
-Силерге алаксып анча-мынча кармалып калбадыкпы…
-Болду суйлошпогуло! -ары жактан келген сакалчан кишинин бироосу экоону эки жакка болуп кетти.
Коп отпой короонун ичине куралчан кишилер кирип, туткундарды ортого алып чыгышып, топтоло башташты. Кадимки Римдеги гладиаторлорду согуштура турган коруучулордой болуп айланта жерге отурушту. Алиги такыр баш киши эки орус жигиттин колдорун бошотту да дал ортого жетелеп келди. Андан сон экооно кош миздуу эки бычак берип “согушкула”деп буйруду.
-Бизге оюн корсотуп бересинер. Киминер аман калсанар, ошонунар ошол боюнча тируу каласынар. Кана оз омурлорунор озунордун колунарда, согушкула!
Бери жакта аларды айланта курчап тургандар “согушкула”деп оз тилдеринде кыйкырып жатышты. Сырттан келишип, батпагандар дубалдын кырына чыгып да алышкан болчу. Колдоруна бычак кармашкан жаш эки жоокер ордуларынан былк этпей турушту.
-Тируу калып уйунорго аман-эсен кайтып барам десенер согушкула, болбосо азыр экоонорду тен ушул жерден койчо мууздайбыз, башынарды шылып алып туруп тээтигил жерге илип коебуз,-такыр баш киши котормочу аркылуу экоону бири-бирине тукуруп жатты. “Эмне кылалы” дегендей экоо тен Рашидди жалдырап карап турушту. Рашид согушпагыла дегендей акырын башын чайкап койду. Короодо кыдыракей отургандар “Согушкула! Согушкула! ” деп болгон кучтору менен оз тилинде кыйкырып жатышты. Андрей деген жигит дароо бурула калып чагылгандай тездик менен такыр баш кишини коздой атырылып жоноду эле, ары жакта тургандардын бироосу ага бутун тосо койду. Жоокер жигит эт-бетинен кулап барып кайра тура калды, жерге катуу жыгылганда колундагы бычагы ыргып кеткен болчу. Ары жакта жаткан бычакты коздой умтулганда автоматтын тытыраган уну угулуп, солдат онкосунан сайылды. Жерге оонаган боюнча онтоп тыбырчылап, озунчо согунуп атты. Бери жакта карап тургандардын бироосу бутка атып жибериптир. Такыр баш киши анын жанына басып келди дагы керилип туруп бет талаштыра тээп калды. Чалкасынан кулап тушуп, кайра туруп келаткан жоокерди кайра дагы бир жолу тепти башка. Тигинин буту бетке дал тийгендиктен башы кенгирей жинди адамдай колу-буттары диртилдей козу антарыла ордунан турууга аракет кылып жатты. Дагы бир жолу катуу тепкенде жерге кулаган боюнча кыймылдай алган жок. Такыр баш киши чонтогунон пистолетин алып чыгып тигини башка мээлеп туруп акырын машаны басып койду. “Тарс”деген унго жерде жаткан жоокер бир силкинип алды да ошол бойдон былк этпей кыймылсыз жатып калды. Экинчи жоокердин коздору алая эмне иштээрин билбей турду. Анан колундагы бычагын жерге таштап жиберип артка кетенчиктеди. Ары жакта отурган грузин жигитти алып келип, колун чечти да ага да бычак карматты.
-Аман калам десен согуш, болбосо тигил досундун артынан жонотобуз.
Грузин жигиттин бычак кармаган колу колтурап атканы кадимкидей билинип турду. Экоо бири-бирине жолошпой алыстап кача башташканда, автоматтын арты менен ургулап, турткулошуп кайра ортого чыгарышат. Дубалдын баштарында отургандар согушкула деп болгон кучтору менен кыйкырып жатышты. Бир кезде ары жактан далдайган киши келип грузиндин бычагын тартып алып козун танып таштады дагы бычакты кайра берди. Орус жигиттикин дагы ошентти. Анан ортого бири-бирине жакын алып келип коюшту. Грузин жигит колундагы бычагы менен туш келди шилтегилей баштады. Орус жигит болсо бычагын кармаган боюнча бир орунда эле турду. Грузин жигит колун ары-бери туш тарапка шилтегилеп атып орус жигиттин ийнин тилип отту. Орус жигит колун баса чок тушо отура калды. Коруучулор оздорунчо ырахатка батыша ызы-чуу тушушуп, болгон кучтору менен кыйкырып атышты. Экоонун тен козу танылуу болгондуктан айланада эмне болуп жатканын коро алышкан жок. Жерде тизелеп отурган орус жигитти бир-эки жолу грузин жигит аз-аз жерден бетке сайгылап кете таштады. “Ушундайда биздин солдаттар келип калышса эмне, уч эле бомба жетиштуу болмок буларга. Уймолоктошуп тургандар быт-чыты тушуп жатып калышмак. Ар кайсы жерде олуп жатышкан оогандыктарды элестетип жиберди. Алар болсо дале эч нерсе менен иштери жок ортодогу экоону карап каткырып жатышкан болчу. Рашид чыдай албай кетти:
-Токтоткула, согушканынарды!
Берки экоо танылган коздорун чечип жиберишти. Ызы-чуу болуп аткандар заматта жымжырт боло калышты. –Олсонор да душмандардын алдында оюн болбой достойно олгуло! Такырбаш киши Рашидге нааразылана кетти.
-Сен буларга кийлигишпе, булардын жашоосу оздорунун колунда, сенин жашоон озундун колунда. Жоокерлердин экоосу тен колдорундагы бычактарын ыргытып жиберишти. Оюнду аягына чейин корбой калышкан бери жакта отургандар оздорунчо нааразылана бир нерселерди суйлоп жатышты. Алиги такыр баш сакалчаны ортого келип айланасындагыларга бирдеме деп кыйкырды эле алар да ызы-чуу тушушо коштоп кетишти.
Ары жактан эки-уч жаш жигит ортого келишип, айнек ботолколорду майдалап сындырып жиберишти дагы кайра ордуларына барып отуруп калышты.
- Кана силерге дагы бир мумкунчулук беребиз, эгер жашагынар келсе, аман калабыз десенер бобул айнектердин устунон жыланайлак бийлегиле. Болбосо экоонордун тен олугунор чыгат короонун ичинен. Эки-учоо кол менен урма аспап алып келип ургулап ойноп киришти. Аларды кандайдыр бир комуз сыяктуу кылдуу аспап коштоп атты. Бери жактагылар оздоруно ыраазы боло жылмайышып музыканын коштоосуна салып кол чапкылап жатышты. Экоо былк этмек тургай ордуларынан козголушкан жок.
-Бол бийлегиле!
-Бол бийлегиле!
Бардыгы ызы-чуу тушо экоону тукуруп киришти. Экоонун олооруно коздонуп калганын сезген Рашид чыдай албай кетти. Батинкесин чечип жиберди дагы ортого чыкты.
-Булар учун мен бийлеп берем. Жандарын аман койгула!
Эртеден бери ызы-чуу тушуп жаткандар тып басылыша бардыгы Рашидди жалдырай, тангалыша карап калышты. Ойноп жаткан музыка дагы токтоп калды. Эмне кылаар айлаларын таппай жатышкан Советтик Армиянын эки жоокери дагы кутулбостукко анча ишенкиребей турушту.
-Эмне токтоп калдынар музыка ойнобойсунарбы? !
Аны бир аз сынай тиктеп турган такыр баш киши акырын гана бери жактагы музыканттарга ойной бергиле дегендей башын ийкеп койду. Алар кайрадан аспаптарын ойноп киришти. Музыканын ыргагы менен тигилер да кол чапкылай башташты.
-Бул экоо учун мен бийлеп берем. Булардын жандарын аман койгула!
Рашид ортодо быркырап сынып жаткан айнектерди бир карап алды дагы жыланайлак буту менен айнектерди тебелеп басып келди. “Тысс” эте таманын тилип, бутуна кирген айнектер дароо нервине жетип, жулунуно тийгендей болду. Буттары жалкоотой тартып бир уркуп алды. Тамандарынын ооруганына чыдабай адегенде кайра артка качкысы келип кетти. Бирок намыс, тигилердин азыр боло турган олуму, офицер деген сыймык коодонун жарып отуп, эмне болсом ошол болойун деген тобокелдикке алып келди. Анан музыканын ыргагы менен акырын жыланайлак буту менен айнектерди тебелей бийлей баштады. Бери жакта отургандар кайрадан ызы-чуу тушо кол чапкылашып, кыйкырып киришти. Жай ойнолуп жаткан музыка уламдан улам катуулай берди. Музыка ылдамдаган сайын анын ыргагына кошулуп, Рашид дагы айнектердин устуно ылдамдап бийлей баштады. Тамандары айнектерге уламдан улам шылынып тилине, айнектерди акырындап кызыл боекко боей баштады. Ар бир айнектер таманын канчалык тилген сайын Рашид да катуу тиштене болгон кучу менен кыйкыра, ого бетер кучоп бийлей берди.
-Мына кыргыз жигиттери кандай бийлейт коруп алгыла. Советтик солдаттар кандай бийлейт карап тургула!
Заматта жерде майдаланып жаткан айнектер канга чылана кызыл-ала болуп кетти. Бир кезде Рашиддин башы айлана баштады, катуу тиштене бийлегенин уланта берди. Башы улам барган сайын катуу айлана жер айлан-кочок боло озунун салмагын кармана албай, кадимки катуу арак ичкен мас кишидей бери жакка кулап тушту дагы онкосунан сайылды.


Жердеш

Бир кезде эсине келип козун ачса мурунку болмосундо жатыптыр. Бутундагы кан ага берип айлана-чойросун кызыл-ала кылып жибериптир. Жанында бир дагы адам жок. Кан агып жаткан бутун танмак турсун таманына сайылып калган айнектерди да сууруганга жарашпаптыр. Тамандары от менен жалын болуп куйуп жатты. Рашид биринчи кезекте дароо эле таманындагы сайылып турган айнектерди сууруп алып, ары жакка таштап, тазалай баштады. Терен кирип кеткен тиштуу курч айнектер да бар экен, баарынан да майдаланып терендеп кирип кеткен айнектер чыкпай убара кылды. Бутунун канаганына карабай ар бир айнекти акырын, кылдат сууруп бери таштай берди. ”Мен го минтип озумду азапка салып бироолордун аман калышы учун айнектердин устуно бийлеп бердим. Ал эми тиги экоону аман калтырышты болду бекенби? Же Силер дагы ушундай болуп бийлейсинер деп мажбурлап, тигилер конбой коюшса баары бир олтуруп таштадыбы? ” Рашид майкесин барча-барча айрып туруп бутун катуу тана, агып жаткан кандарды токтотууга аракет кыла баштады. Ошол куну ага эч ким келген жок, жанында кайтаруучулар дагы жок болчу. Эки буту баса албагандан кийин качып каякка бармак эле дештиби айтор эшикти да бекитишпептир. Каны катып суусап чыкты. Ойдо которулуп басайын деди эле кайра башы айланып жер айланкочок боло аз жерден кулап кете жаздап барып дубалга таянып калды. Темир менен тордолгон айнек терезеден сыртка коз жугуртту. Автоматтарын ийиндерине коюп алышкан бирин-серин сакалчан адамдар журот. Сыягы калгандары жай-жайларына тарап кетишсе керек, сырт жак тыптынч. Ары-бери кадам шилтеп басып корду эле таманы чыдатпай оорута байланган чупуроктон кан тээп отуп кетти. Таманында майда айнектердин калдыктары калып калганбы, лукулдатып оорутууда. Бир аз ары-бери баскан сон бурчка барып отуруп калды. “Демек ары-бери баскан мен учун пайдасыз экен да, ошол себептен тигилер эч кароолчу коюшпай эшикти ачык эле таштап салышкан турбайбы. Баары бир кача албайм, качкан кундо да узакка кете албайм. Кармап алышы мумкун. Бутум айыгып басканга жарамайын эми эч нерсе кыла албайм”. Сыз жерге чалкасынан жата кетти. “Тигил жактагы аскер болукторундогулор эмне кылып жатышты болду экен? Биздин туткунга тушуп калганыбызды билишет болду бекенби же олуп калышты деп ойлоштубу? Алтоосунун экоосу олуп, учоосу туткунга тушуп, бироосу качып кеткен турбайбы. Ошол тигил жакка аман-эсен жетсе бардыгын айтат болушу керек.
Эч ким ага конул болбой койгондуктан эртеси тан агарганда эптеп озу аксаландап сыртка чыкты. Ага конул бурган эч ким жок. Же жогору жактан буйрук ушундай берилгенби дегеле ары-бери отушкон бир дагы тируу жан аны карап коюшпады. Бир аз басып барып, таманын чыдатпай ооруткандыгынан ары жактагы чон ташка кочук басып отура кетти. Ары-бери отуп жаткандарды чакырса укмаксан болуп, ары коздой кетип калышууда. Корунгонго кайрыла, корунгонду чакыра берип тажаган сон унчукпай отуруп калды. “Булар эмне атайылап жасап жатышабы, же советтик жоокерлер менен суйлошкулору келишпейби? Айтмакчы алар баары бир менин созумду тушунушпойт да, котормочу болмоюнча” алар менен суйлошуу пайдасыз экенин билген сон Рашид унчукпай отура берди.
Бир кезде ары жактан жашы жыйырма бештерден отуп калган, башына озбек топу кийген мурутчан жигит эки жагын сактана карай Рашиддин жанына акырын басып келди. Анан тапатак кыргызча суйлоп кайрылды:
-Сизге чон ырахмат байке, канча кылса дагы кыргыздардын намысын сактап калдыныз…
-Сен эмне кыргызсынбы?
-Ооба.
-Каяктан болосун?
-Тажикстандын кыргызымын.
-Анан кандайча буларга кошулуп калдын?
-Айтып отурса узак тарых бизге туткундар менен суйлошконго болбойт. Кыскасы сиз учун мен аябай сыймыктанып калдым. “Силер кыргыздар ушундай чыдамкайсынарбы? ”деп бардыгы мага башкача коз караш менен карап калышты…
-Суу алып келип бере аласынбы?
-Бизге туткундарга бир нерсе алып келмек турсун, суйлошконгода болбойт,-ал ары коздой басып кетип калды.
Коп отпой эле кайрадан пайда болуп уйдун бурчуна чупурокко оролгон бир нерсе таштап койду. Анан эки жагын элендей карай шашыла басып ары коздой кетип калды. Рашид дагы эки жагына бир сыйра коз жугуртуп, алиги туйунчокту алды дагы аксаландай басып озу камалып жаткан уйго кирип кетти. Оролгон чупурокту чечип караса нан анан айнек ботолкого куюлган сут бар экен. Тамак ичпегенине экинчи сутка болуп бараткан болчу. Курсагы аябай ачпаса дагы аябай суусап жаткан. Заматта ботолкодогу сутту шимирип ичип салды. Анан нанды шашпай чайнап жеп кирди. “Демек Афгандардардын арасында кыргыздар да бар экен да. Жалгыз эле ушул болду бекенби же башкалар да барбы? Негизи тажиктер менен афгандардын тилдери бири-бирине окшошуп кетет эмеспи. Бул кыргыз Тажикстанда жашагандан кийин тажикче да билет. Тажикче билгенден кийин афганча да жакшы тушунот. Качып чыкканга балким мага ушул комоктошуп журбосун?”.


Алгачкы жанылуу

Анын эски тааныштары эки-уч кундон кийин гана келишти. Алиги такыр баш киши тердеген башын бет аарчы менен сурто Рашиддин мандайына отура кетти.
-Эч нерседен коркпогон чыдамкай жигит коруносун. Ооба, негизинен мусулман балдары так эле ушундай болушу керек. Биз мусулмандар, башка улутттарга караганад кайраттуу да чыдамкай да келебиз. Мындай чыдамкайлыкты орустар менен Америкалыктарга корсотушубуз абзел…
-Менин берки эки жигитим эмне болушту?
-Аларды эмне кыласын, мусулман баласы болгондон кийин айнекке сен бийлебей ошолор бийлеши керек болчу. Баса айтмакчы, бутун кандай басканга жарап калдынбы?
-Азырынча мумкун эмес…
-Мусулман балдары айнекке гана бийлебей, отко куйбос, сууга чокпос эр журок, олумдон коркпогон, кайраттуу жигиттерден болушу керек. Сен мусулман балдарына жакшы улгу болуп бердин, бирок муну менен эле чектелип калгандыкка жатпайт. Сен сыноодон али ото элексин. Откон жолку башталышы гана…
Такыр баш кишинин аты Талмир экен, бул кыштактагы куралчан топтун жетекчиси деп ойлоп журчу,корсо болгону элуудой гана кишини башкарып журуптур. Булардын жогору жактарынан да караган козомолдоочулору, башкаруучулары бар экен. Мунун баарын алиги кыргыз жигиттен акырындап кыйытып сурап билип алган болчу.
Талмир болсо кундо бир маал келип Рашид менен суйлошуп, советтик аскерлер, алардын куралдуу кучтору жонундо малымат алгысы келип, бир топ эле аракет кылып корду, Рашид анын башын айлантмакчы болуп, бардыгын тескерисинче жооп берип туруп алды.Талмир да оной куу кишилерден эмес болчу, бир-эки жолу созунон кармап кайра озун туюкка камады. Сыягы алардын чалгынчылары да жон отурушпайт окшойт. Буларда советтик солдаттар жонундо коп нерсени, маалыматтарды билишет экен. Бир куну Талмир келип, Рашидге ачууланып бир тийди.
-Сен айтып жаткандардын бардыгы калп. Дегеле туура суйлогон жерин жок. Бизди эч нерсе билбеген анкоо деп ойлоп жатасынбы ыя? Эгер мындан ары дагы ушундай суйлой турган болсон, сага биздин мамиле башкача болот,-ачуулана чыгып кеткен бойдон ал бир топко келген жок.
Арадан уч-торт кун откон сон кандайдыр бир жаш жигитти озу менен кошо камап, сырттарынан бекитип ташташты. Бул эмне болгон жигит адегенде анча маани берген жок. Экоо копко чейин чейин суйлошпой эки жерде отура беришти. Ал кыргызча чала-чарпыт суйлоп, бирок баардыгын тушунот экен. Эки кун бою суйлошушкон жок, учунчу куну ал Рашидге кобурап ар нерселерди суйлой баштады.
-Менин ата-энем Кыргызстандан болот. Мен озум ошол жактанмын, кыргызмын.
-Кыргызстандын кайсыл жеринен болосун?
-Оштон.
-Бул жакта эмне кылып журосун?
-Тажикстан тарапка отуп келип ошол жактан апийим алып отобуз деп булардын адамдарына кармалып калдык… чынбы, калппы айтор ал озу жонундо коп нерсени божурап берди. Акырында негизги маселени кабыргасынан койду.
-Ушул боюнча булардын колунда туткун болуп журо беребизби, бир качкандын жолун таппайлыбы?
-Кантип качабыз?
-Мен жолун билем, бул жакта кыргыздар бар, ошолор менен тил табышып алып, анан качып кетебиз.
Бул бейтааныш жигиттен Рашид адегенде жакшы эле шек санаган. Анткени Кыргызстандын Ош жагын жакшы айтып бере албай койгон. Атугул Тажикстанды да жакшы билбейт экен. Экоо чогуу уй сыяктуу турмодо бир аптадай жатышып, коп нерселерди суйлошушту. Ал эмнелерди айтып жатат Рашид эч нерсени тушунгон жок. Тигинин эки созунун бир созу качуу. Анын устуно озун кыргызмын дегени менен ысымы да бир кызыктай экен, Рафар. Мындай ат кыргыздарда жок да.
-Бул жакта менин жердешим бар Тажикстандык, ошонун жардамы менен качып чыгабыз. Качканга макулсунбу? Бул жерде сени алар жон гана олтуруп коюшат.
-Качып чыкканга мумкун эмес…
-Качып эле чыгабыз, сен макул болсон эле болду. Бут кандай?
-Баса алам.
-Эн башкысы баса алсан болду. Качканга мумкунчулук болот. Созсуз качып кете алабыз.
Арадан эки-уч кун откондон кийин кимдир бироолор тун ичинде каалганын кулпусун сыртынан ачып берип кетип калды. Ким экенин корушкон да жок. Экоо сыртка акырын уурданып чыгышты, айлана козго корунгус капкарангы болчу. Ар кайсы жерлерден кандайдыр кишилердин суйлошкон создору угулуп калып атты. Экоо ууру мышыкча жортуп-желип отурушуп, кароолчулар турушкан жерлерден акырын отуп кетишти.
-Бул жерден чыкканда эми каякка барабыз, менин бара турган жерим жок.
-Мен кызмат кылган болукко барабыз. Сени андан ары эптеп жонотконго аракет кылабыз, Тажикстанга…
-Сен эмне командирсинби?
-Эмне болду?
-Турпатын солдаттарга окшошпойт. Тигил жактан мага жардам бергенге жарайсынбы? Эгер катардагы солдат болсон сенин созунду ким укмак эле…
-Мен офицермин, ал жакта бир топ эле баркым бар,-бул соз кандайча чыгып кеткенин озу да байкабай калды, жанылганын билип тиштене созунун аягына чыкпай токтоп калды.
-Демек офицер, командирмин дечи. Эн жакшы, мага жардам бере алат турбайсынбы? Солдаттар тийишпейби мага, мен ошондон чочулап жатам.
-Чочулабай эле кой эмнеге тийишмек эле озубуздун адамдарга…
Экоо айылдан анча-мынча узаганда эле кайрадан буктурмага кабылышып, кармалып калышты.
Корсо муну тигилер атайын жасашыптыр, Рашид менен качкан жигит да булардын кишиси экен. Муну Рашид кечирээк тушунуп калды. Аны эртеси куну эле чыгарып кетишти. Алиги такыр баш киши тар, карангы болмого баш бага мыйыгынан жылмая суйлоду:
-Демек, чалгынчылар болумун жетекчиси, ага лейтенант Рашид Сарбашович деген сен турбайсынбы. Ошондой деп ойлогом да. Катардагы солдат кантип эле сендей болуп калсын, ха-ха-ха!
Рашид анын шылдындаганына эч нерсе деп жооп кайтарган жок, унчукпай туруп берди.
-Бору баласы ит болбойт дечу беле ыя? Сенин башындан ылдый алтын куюп, алдына аргымак тартса деле баары бир биз менен кызматташпайсын туурабы, же мен жалган айтып жатамбы. Ким эле озунун адамдарына каршы озу ок атсын. Же ок атасынбы? Болуптур сенин ким экенинди мезгил озу таразалайт, -ал ары жакта турган сакалчан кишиге кайрылды,-мунун колу-буттарын катуу танып таштагыла, болбосо дагы качууга аракет кылат.
Эки-учоо кучко салып туруп Рашидди ныгыра басып колун артына байлап туруп, колу-буттарын катуу байлап ташташты. Бироосу ачуулана жерде жаткан туткунду отугу менен катуу ичке эки-уч жолу тээп алды. Рашиддин опкосу куушурула, бул жолу да озоро тушту. Ошол боюнча акырын чыгып кетишти. Каалганын сыртынан кулпу менен шартылдатып бекитип атканы кадимкидей угулду.
Кайрадан айлана тымтырс болуп калды. Откон жолкуга караганда бул болмо чыныгы турмонун болмосу болчу. Терезелери темир тор менен тордолуу, эшиги да темир, таманы болсо цемент менен бетондолгон. Бурчта темир кушетка, башка эч нерсе жок. Эптеп ордунан туруп которулуп барып кушетканын устуно жата кетти. “Тигил эки солдатты эмне кылышты экен, олтуруп салышкан жокпу? Же алардын башын кесип алып туруп Талибдерге сатып жибердиби? Ар бир орус солдаттарынын башы учун бул жакта жакшы толошот турбайбы. Офицерлердики андан да кымбат болушу керек. Демек менин ким экендигимди булар билишет экен да. Же тигил туткун солдаттар айтып ташташтыбы менин ким экенимди? Андай болушу мумкунбу? Ким билет алар баштарынан эч нерсени откорушпогон али жаш да, кыйынчылыкка туруштук бералбашы да мумкун”.
Эртеси куну тан атпай эки сакалчан киши келишти да эч нерсе айтышпастан Рашидди которуп тургузушуп , байланган буттарын чечишти. Анан каяккадыр алып жоношту. Баягы короонун ичинде куралчан коп адамдар чогулуп турушуптур. ”Эмне булар дагы оюн корсоткону жатышабы? Бири-бирибизди бычакташтырып, же айнек устуно бийлетишеби? -бул жерге жон чогулушпаганына Рашид дароо эле журогу туйду. Алиги башы тасырайган киши да ушул жерде туруптур. Коп отпой эле коздорун кара чупурок менен танып, колдорун артына байлап салышкан эки туткунду жетелеп келишти. Аларды коргондо “Ох олтурушпоптур, али тируу экен да” Рашиддин журогу ордуна келгендей болду. “Бирок булар дагы эмнени ойлоп таап жиберишти чер жазышканы?”, -деп журок заада болуп атты. Такыр баш киши экоонун коздорундогу танылган чупурокту алып таштагыла дегендей колун жансап буйрук берди. Анын жансаганын айттырбай тушунушкон экоо жугуруп барышып, коздорундогу чупурокту алып ташташты. Жоокерлер Рашидди корушкондо жуздорундо жылмаюу пайда болуп, куткаруучусу келгендей кубаныша баш ийкешип учурашышты.
-Ден соолугунар кандай, кыйнашкан, сабашкан жокпу?
-Бизди эки-уч кундон бери “канча солдат, канча куралынар, техниканар бар?”- деп кыйнап жатышат. Атугул силерди да сурады бул ким офицерби деп. Биз айткан жокпуз.
-Биздин жоокерлер бул жакка келгиче эптеп чыдагыла. Бул жерде экенибизди билишсе эле куткарып кетишет.
Алар орус тилинде суйлошуп атышкандыктан эч кимиси тушунушкон жок. Сакалчан бироосу экоонун жанына келип эки жакка жетелеп ажыратып кетти да тизелетип жерге отургузуп коюшту.Такыр баш киши Рашиддин жанына келип козуно сынай карап жылмая кунк этти.
-Мына эми сени сыноочу мезгилдер башталды. Биз менен иштешкин келгени чын болсо азыр бул экоону тен чекеге атып олтуросун. Дал мандайына барып туруп чекесине такап анан биз ат дегенде атасын…,-ал Советтик Макаров пистолетин Рашиддин колуна карматты. Пистолетти колуна кармаганда эле дароо эле салмагынан кур дурмот экенин Рашид билип койду. Такыр баш кишинин эмне кылар экен деп сынап атканын баамдады. Колуна пистолетти кармап турганда бир нерседен шек санашкандай эки-учоосу аны мээлеп калышты. Артык баш кыймыл жасаса эле аны атканга даяр турушту. Эки солдаттын жанына келген Рашид акырын орус тилинде суйлоду.
-Чочулабай эле койгула, пистолет кур дурмот экен, булар мени сынап жатышат-ал пистолетти асманга каратып туруп бир жолу машаны басып койду эле ‘чырк’ этип токтоп калды,-кордунорбу бул кур дурмот бизди сынагылары келип жатышат. Коркпой башынарды жогору которгуло октон тайманбагыла! -Рашид орус жоокерди чекеге мээлеп калды. “Балким экинчисинде кур дурмот эмес огу болуп калсачы, анда эмне болот?- деп озу да чочулап шек санап атты. Пистолеттен чырк эткен ун чыкканда ох деп журогу ылдыйлай тушту. “Эгер мында ок болгондо алар мага ишенишип колума карматышмак эмес. Эгер чын эле мунун ичинде ок бар болсо мен озумдун солдаттарымды мээлебей, тигил такыр баш кишини жайлап таштабайт белем. Тиги дагы оной куу эмес. “Чырк” деген унго орус жигит “селт” эте козун жуумп жиберди. Бери жактагылар каткырып кулушо кол чапкылап жиберишти.
-Булар биздин эркибизди, кайраттуулугубузду сынап жатышат. Эмне болсо да коркпогула, олумго тике карагыла. Эгер булар олтуро турган болушса, корксонор да, коркпосонор да олтурушот.
Такыр баш киши Рашидге ыраазы болгондой жанына басып келди да пистолетти колунан алып койду.
-Бали азаматсын, мунун кур дурмот экенин билсен керек ээ. Эми бизге берилген дитиндин чыныгы экенин корсотчу,-ал колун которуп койду эле ары жактан жаш жигит келип койнунан кош миздуу жалтыраган шамшар алып чыкты. Бул мезгилде такыр баш киши Рашидден торт-беш кадамдай алыстап кеткен болчу. Обочо жерден кыйкыра суйлоп атты.
-Кана эми чындап эле бизге кызмат жасагын, кошулгун келип атса, алдагы канжарды ал дагы биздин козубузчо экоонун тен башын кесип, мууздап сал!
Кош миздуу жалтырак канжарды колуна алган Рашид козунун кыйыгы менен такыр башты карады. Ал дагы бир нерсе болуп кетпесин дегендей аябай кыраакы сак турганын корду. “Эх жакыныраак болгондо чап эте озун, бычакты анын кекиртегине такай ”заложник”кылып бул эки жигитимди бошотконго аракет жасабайт белем. Андай мумкунчулук болбой атпайбы.
-Эмне ойлонуп калдын, алдагы экоону четинен мууздай бер. Алар мусулман балдары эмес, Алла-Тала кечирет сенин бул ишинди. Бол, тез ойлонбо!
Тизелеп отурушкан эки жоокердин коздору Рашидден отуп кетишти. Булардын омуру анын колунда экенин сезишип “Чын эле бизди озубуздун командирибиз олтуробу?”, дегендей коз карашта болуп турушту. Беи жакта отурушкандар байыркы Римдеги женилип калган гладиаторду олтур деп белги бергендей болгон кучтору менен ызы-чуу тушушо кыйкырып жатышты.
-Олтур, олтур, муузда!
Рашид башын томон сала бычактын миздерин карады. Кандай уста жасаса дагы ушунчалык кылдат жасалыптыр, миздеринин курчтугун айтпа, башка бир озгочо темирден жасалса керек. Сабы дагы ушунчалык кооз экен. Бул бычак менен адам моюнун бир шилтесе эле кылыч менен чапкандай шылынып тушчудой.
-Олтур, олтур!
Тигилердин ызы-чуусуна акырын башын которду, “озум тарбиялаган, озум жол баштап берген солдаттарымды эмнеге олтурууго тийишмин. Керек болсо булар менин жолумду жолдолоору тийиш. Мен деген буларга жакшы улгу корсотушум абзел”,-деген Рашид бычакты акырын байкатпай уч жагынан кармады дагы дароо бери коздой бурула калып, такыр башты коздой ото тездик менен ыргытып жиберди. Ал дагы сак тургандыктан озун коздой учуп келаткан бычактан буйтаганы мындай боло бергенде он жак ийнине сайылып калды. Бери жактагылар ызы-чуу тушушо бироосу Рашидди атып жиберди. Автоматтын огу колунун он жак булчунуна тийди. Бычакты сууруп ыргытып жерге чоголой тушкон такыр баш кишиге уч-тортоосу жугуруп барышып, уймолоктоп калышты. Бул мезгилде Рашид дагы он жак колун сол колу менен басып, энкейе отуруп калган болчу.
Жерге чок тушо калган такыр баш киши ачуулана кайра ордунан ыргып турду. Ары жакта турган бироосунун автоматын жулуп алып Рашидге жулуна басып келди. Жакшы эле атмакчы болуп чекесине мээлеп барып, кайра томон карай тушурду.
-Бору баласы ит болбойт деп мен бекеринен айткан эмесмин. Канчалык сени тарбиялаганыбыз менен киши болбойсун. Карышкырды болтурук кезинен багып чонойткон кундо дагы баары бир тордогу карышкырларга кошулуп, уй эсинин короосундагы малга кол салат. Сенин да андан эч айырман жок. Сени азгырганда да, алдаганда да, тарбиялаганда да эч майнап чыкпайт. Силерге бир эле жол бар ал олум. Бирок мен сени жон гана атып олтурбойм. Кыйнап, бул дуйнонун чыныгы тозогун корсотуп, анан тиги дуйного жонотом. Ал жактан бейишке тушосунбу же тозокко тушосунбу Кудай Таалам озу билет. Ал автоматтын кундагы менен чапмакчы болду эле Рашид тосо калып экоо кармаша кетишти. Ары жактан эки-учоосу келишип, автоматтын кундагы менен ургулап, тепкилеп жиберишти. Сол колунун булчундары жарылганы аз келгенсип бети-баштары да жарылып кетти. Эки-учоосу аны ортого алып алышып, аябай тепкилешти. Рашид ордунан тура албай жерде сулап жатты.Такыр баш киши сол жак ийнин колу менен басып алып, жерде аран жан жаткан Рашиддин жанына басып келди. Анан керилип туруп бетке тепти эле отугу дал тийбей башын чарпып отту. Дагы тепти устоко-босток тепкилей берди. Жедеп чарчаганда гана кушулдоп бышылдап бир орунда туруп калды.
-Жолдош командир! -ары жактагы солдаттардын бироосу чыдай албай кыйкырып жиберди.
-Аха-а-а, мунун командир экенин мурда эле билгем,-такыр баш киши ары жакта тизелеп отурушкан эки жоокерди карап койду,-азыр шашпай тургула, силерге да кезек жетет. Ал керилип туруп Рашидди дагы бир жолу жаралуу сол колуна тепти да чонтогунон пистолетин сууруп алып тизелеп отурушкан жоокерлердин жанына басып келди. Орус жигит ордунан тура калды эле такыр баш киши ачуулана кыйкырды.
-Сени ким тур деди, тизелеп отур!
Тигил укпай койгондуктан эки-учоосу келип автоматтын кундагы менен тизеге уруп, куч менен кайра тизелетип отургузушту.
-Бери карап тур Рашид, сен олтурбой аяп жатсан мен буларды ит аткандай атып салам. Такыр баш киши пистолетин орус жигиттин чекесине такап туруп машаны акырын басып койду. “Тарс” деген ун короо ичине жаныра башынан кан чачыраган орус жигит онкосунан сайылды. Колу, артына байлануу болгондуктан кыймылдаганга да дарманы келген жок. Ал ары жактагы грузин жигиттин жанына басып келди. Тигил дагы ордунан тургусу келип тыбырчылап жиберди. Эки-учоо аны катуу кармап турушкан болчу.
-Эмне жан таттуу бекенби ыя? Сенин дагы саналуу мунотун калды, тигил досунду жалгыз эриктирбей артынан жоно,-анан ал Рашидге кайрылды,-Эмне жоокерлеринди аяп жатасынбы? Сен аясан деле аябасан деле булар баары бир олот. Сен дагы эртеби кечпи булардын артынан кууп жетесин!-дароо бурула калып грузин жигитти дагы чекеге атып калды. Ал орус жигиттей болуп дароо олбой жерде ары бери тыбырчылап, буттары тарбалактап атты. Чекесине далдап туруп экинчи жолу ок чыгаргандан кийин гана кыймылсыз жатып калды. “Айбандар десе”,-Рашид эч нерсе деп суйлогон жок, болгону ичинен ызырына такыр баш кишини жек коруу менен карап койду.


Кыйноо

Катуу тепкиден Рашид аран дем алып бир жагынан он колундагы ок тийген жери канап кийимдеринин баары кызыл ала кан болуп кеткен болчу. Аны суйроп барышып, алиги карангы, сыз болмосуно ыргытып коюшту.
Ордунан турганга чамасы келбей эки сааттай кыймылсыз жатты. Бир кезде ордунан аран козголо кушетканын устуно кулады. Кечке маал такыр баш киши озуно окшогон чачын алдырган жигитти эрчитип келди.
-Мына бул жигит сени тозокко салган кишин болот. Сенин жанынды алып, тиги дуйного жоното турган киши дагы ушул. Аты Саид, жакшылап эстеп ал, балким тиги дуйнодон жолугушуп каласынарбы…
Тигил жигит Рашидди карап ырсайып кулуп койду. Такыр баш киши болсо артын карабай сырка чыгып кетти. Ийнин ак чупурок менен катуу тандырып алыптыр. Бул жерде калган жигит бир топ эле далдайган неме экен. Аран жан Рашидди тапатак которуп, озунун кучуно мактангансып беш муноттой кармап турду, анан акырын жерге таштап жиберди. Рашид колу менен таянып калганга улгурду. Муну байкап калган тиги кайрадан Рашидди бийик которду да куч менен жерге катуу ыргытты. Колу менен таянып калганы менен баары бир бир пазга озоро тушту. Озунчо жаалданган тигил сакалчан жерден кайра которуп кушеткага отургузду да бир колу менен мойнунан кыса кармап, катуу муунтуп кирди. Рашиддин деми кыстыга, козунон жаш ага айланасы тунарыктап, тумандап баратты.
Эсине келсе алиги киши мандайында жылмайып туруптур. Ок тийген булчунун бурай кармады эле токтоп калган кан кайрадан сызылып ага баштады. Ооруганына чыдабай Рашид катуу тиштенип турду. Анан озун кармана албай кетти, болгон кучун жыйнай сол колу менен алиги кишини моюн талаштыра куроо тамырына чаап жиберди. Ал жерге шалак дей тушту дагы былк этпей жатып калды.
Рашид ордунан атып туруп дароо терезеге келди. Сыртта ары-бери баскан куралчан кишилер журушот. Жерде эси ооп жаткан Саидди карады. Анын белинде салынган шамшар журот. Аны кынынан сууруп алды да эшикти карай жоноду. Бул жолкуда эшик ачык болчу, бирок тилекке каршы кундуз болуп кочодогу ар бир кыймыл-аракет корунуп турат. Кочого чыкса эле дароо корушмок. Эмне кылсам деп ойлонуп калды, анан мээсине бир нерсе кылт эте жерде жаткан Саидге келди дагы анын кийимин сыйрып бутунан баштап башына чейин кийинип алды. Анын жан жерлерин антарса бычактан башка куралы жок экен. Акырын уурдана басып кочого чыкты. Айланасына бир сыйра коз жугуртуп, кырдаалды байкады. Тээ озунон элуу кадамдай жерде топтошкон куралчан адамдар оздорунчо суйлошуп турушат. Алардын сол жактарында оспурум балдар ойноп жатышат. Бири дагы баштарын буруп Рашид тарапка конул бурушкан жок. Эли азыраак кочого тушуп чакан кыштактан эртерээк эле оолак болууга аракет жасай кадамын ылдамдатты. “Бул жактан жактан го эптеп кыштакчанын четине чейин жете алам, андан ары кароолчулардан кантип отоор экенмин, дароо эле байкап калышат да…”,-Рашид андан ары кандай кетуунун планын ойлонуштуруп баратты. “Орустардын тайгасындай болгон жер болсо” дароо эле токой арасына кирип таптырбай кетет элем. Бул жак ээн талаа, чолдуу болуп жатпайбы.Тоо таштары, бак-дарактары да азыраак Роосияга салыштырмалуу. Канчалык качкан кундо дагы, жашынганда дагы баары бир таап кармап алышат. Анын устуно жергиликтуулор бул жакты коен жатагына чейин билишет. Жок дегенде азыр ат болгондо татырактаткан боюнча кетет элем…”
Ошол маалда кутулбогон жерден так эле мандайынан куралчан эки жигит чыга калышты. Рашидди тааный коюшуп дароо эле артындагы асынып журушкон автоматтарына асылышты. Ага улгуртпой Рашид бироосун ичке озорто тепти, экинчисине бычак шилтеп баратып, эмнегедир жаш жигитти аяп кетти. Лекция учурунда “Сен душманынды аясан, ал сени аябайт” деген созду эстеди. Бирок эмнегедир таптакыр колу барбай койду. Бычакты кекиртегине такай колундагы автоматын жулуп алды. Экинчиси дагы артындагысын чечууго улгуро албай турду. Анын да автоматын чечип ала койду. Экоо тен атып жибербесин деп чочулаша колдорун которуп беришти. Талаа болсо же айлана карангы болсо бир жон корунбой качып кеткенге мумкунчулук бар болчу. Буларды айланасындагылардын баары корушту. Дароо эле коз ачып жумганча курчап алышып туш-туштан автоматтарын сунуп жакындап келатышты. Кандай болсо да жолун табыш керек. Тигил экоону барымтага кармап жакын турган уйду коздой жетелеп жоноду. Коз ачып жумганча такыр баш киши да Саид да жетип келишти. Бир нерсе болсо эле туш-туштан мондурдой окторду жаадырыша, ортодогуну калбыр кылып таштоого даяр турушту. Атпагыла дегендей такыр баш киши айланасындагыларга колун которуп белги берди. Баары бир эч жакка качып кутула албайт деди окшойт Рашиддин ар бир кыймылын андый карап турду. Экоону жетелеген Рашид жакын турган уйго кирип ичинен бекитип алды. Уй ичиндеги жаш балдарды чыгарып жиберип, озу менен кошо кожоюнун алып калды. Тигилер сырт жактан оздорунчо бакылдаша эшикти кулпу менен бекитип ташташты. Айлана эмнегедир тыптынч боло тушту. Арадан жарым саат откондон кийин алиги такыр баш киши каалганын сыртына келип кыйкырды.
-Рашид, сен баары бир качып эч кайда кутула албайсын. Бизден дегеле бир дагы адам кутулуп коргон эмес. Эгер жашайм деген умутун бар болсо алдагы биздин кишилерди бошоткунун дагы, куралдарынды таштап эки колунду которуп сыртка чык. Болбосо башка ыкма колдонобуз. Бол, ойлонгонго беш муноттой убакыт беребиз, анан оз ишибизди баштайбыз!
“Ойлонгондо эмне, мен учун азыр кайда барсан мамайдын кору”, андан коро акыркы ок калганча атышып олуш керек. Атышкан кундо деле, колго тушкон деле баары бир олтурушот. Ушуну менен экинчи жолу качууга аракет жасадым, мага баары бир ишенбей калышты.
-Убакыт жетти!
Аларга жооп иретинде эшикти дагы терезени дагы автоматы менен аткылады. Барымтадагы уч адам уйдун бурчунда тыгылыша алда неме болуп кетеер бекенби деп чочулаша коздорун алайта былк этпей отурушту. Рашид аларды карап койду. “Буларды тиги дуйного жонотуу бир эле секунд. Автоматтын курогун басып койсом эле бутту,”. Бирок эмнегедир аларды аяп кетти, олтургусу келген жок. Балдарын, уйбулосун жетим калтырууну каалабады. Бир кезде кутулбогон жерден эле терезе бычырап жарылып, гранатага окшогон эки-уч тоголок нерсе ыргып келип жерге тушту да дароо эле тутой баштады. Рашид аларды адегенде граната го деп ойлогон жарылган жок. Ууландуруучу газ экенин билди да аркы болмого кире качты. Ал жакка дагы уудаа-уудаа терезеден уч-тортоо ыргытылды. Дем ала албай курсулдоп жотолгон Рашиддин башы айланып коздору тунарыктап барып эсин жоготуп койду.



Кандуу беттеш

Эртеси эки адам келип , анын козун танды да ойдо тургузушуп кайдадыр жетелеп жоношту. ”Мени кайда алып баратышат, ушул боюнча алып барып желкемен атканы жатышабы. Олтуруп туруп башымды кесип алышса советтик аскерлердин озгочо офицерлердин башы эн жогору бааланат экен да. Мейли башка тушконун коробуз”. Кайдадыр жетелеп журуп отурушуп бир жерге келгенде токтотушту. Анан танылган козун чечишти. Откон жолкудагы Советтик жоокерлерди атып олтургон жерге алып келишиптир. Цирктин театрындай болуп элдер тегерете отуруп алышыптыр. Откон жолкудан да эки эсеге коп. “Булар эмне мынча коп чогулушту болду экен, же мени кантип олтургонун корушкону келиштиби”, -Рашид эч нерсе тушунгон жок “же откон жолкудай айнекке бийлеткилери келип жатышабы. Айнектен буттарым таптакыр эле жалкоотай болуп качып калды. Бийлей аламбы же жокпу? Олтурсо да кыйнабай эле олтурушсо экен. Башымды кесишеби, чекеге атышабы же дарга асышабы баарына даярмын, откон жолкуда менин солдаттарым ырас эле кыйналбай олушту. Мени дагы ошентсе экен”.
Бир кезде сырттан белине чейин чечинген буту жыланайлак Саид кирди короого. Айланадагы элдердин баардыгы аны ызы-чуу менен кол чапкылап тосуп алышты. Ак шым кийип туруп белине кара жоолук байланып алыптыр. Ошондо гана Рашид анын кечоогу “Сенин кандай мушташарынды кором эртен, эл алдында жекеме жеке мушташабыз”, -деген созун эстеди. Ал айланасындагыларга колун которуп учурашкандын белгисин билдирди дагы эки-уч жолу жерге онкошук ата ото ылдамдык менен чимирилип барып кайра туруп калды. Анан коруучулорго мактана каратэнин бир канча ыкмаларын корсотуп бутуп, кайрадан айланасындагыларга колун которду эле коруучулор дагы бир жолу дуу эте которулушту. Рашид болсо бир орунда былк этпей анын кыймылын карап турду. Бир кезде ары жактан эки адам келип Рашиддин колтугунан кармашты да дал эле ортого чыгарышып, артындагы байлануу жибин бычак менен кыйып ташташты. Жип катуу байлангандыктан колдору чымырай баштады. Буттары катуу уктап, уюп калган учурда дароо ордунан тура калганда ушинтип чымырачу. Алтымыштан отуп калган сакалчан киши Рашидге буларды эскертип кетти.
-Эгерде омурунду узарткын келсе муну менен тайманбай согуш. Женилип калсан эле эртеси сени олтуруп салышат. Колундан келсе жен же таймаш. Эгерде муну жене турган болсон ал сенин пайдана тушот, ошондо гана оз омурунду озун сатып аласын. Азыр экоонорго акча сайышат коруучулор. Ар ким оздорунукун тандап алышат, же сени, же тигини. Киминер женсенер утулган тараптар акча ташташат. Эгер утулуп калсан коруучулордун таландысында каласын. Дагы бир жолу эскертип коеюн, жакшылап согушканга аракет кыл. Колдон келсе женилбе, оз омурун озундун колунда,-алиги сакалчан ары коздой басып кетти. Айланадагы элдердин баары гуругуу, ызы-чуу тушуп атышты. Торт-беш адам баш кийимге коруучулордон акча чогултуп журушту. Сыягы мындай оюндар бул жерде биринчи жолу эмес болуп атса керек. Бир аздан кийин ызы-чуу токтоп калды. Ортого бир киши чыгып келип, кадимки калыс киши сыяктуу Рашидди корсотуп бир нерселерди суйлоп жатты. Анан Саидди корсотуп бир нерсе деп кыйкырды эле коруучулордун баары дуу эле дей тушушту. Атугул ордуларынан да тура калышты. Аларга жооп кылгандай Саид колун которуп койду.
Рашиддин ахыбалы анча жакшы эмес болчу. Он жак булчуна ок жанылып ал айыкпай ошол боюнча эле кыйнап жургон. Айнекке бийлеген буттары дагы жара бойдон аксандап басчу. Анын устуно кечээ да Саид келип бир топ сабап кеткен. Катуу сокку жеген жаагы али шишип жургон. “Муну жене албасам дагы жендирбегенге аракет кылайын, акыркы дараметим жеткиче каршылык кылыш керек. Оз омурумду озум гана узарта алам”. Айланадагы коруучулордун баардыгы жымжырт болуп турушту. Экоо бири-бирине эки кадамдай жакындап келишти. Кутулбогон жерден Саид ото тездик менен секирип тээп кетти эле Рашид буйтап кетти. Кайра бири-бирин андышып калышты. Саид экинчи жолу айланып келип буту менен дагы тепти. Муну дагы Рашид женил эле тосуп койду. Озуно татыктуу каршылашы бар экенине ыраазы болгондой Рашидди жылмая карап алды. Ар кандай ыкмаларга салып буту менен тепкилеп катуу чабуулга отту. Рашид дагы ага колдон келишинче каршылык жасады. Каратэнин ыкмасы менен чабуул коюп атып тажады окшойт , эми кунгфунун ыкмаларын пайдаланып, колдун чабуулуна отту. Ал каратэге караганда кунгфу менен жакшы машыкса керек Рашид ага аран дегенде туруштук берип атты. Катуу соккудан эки жолу жерге учуп тушуп кайра турду.

,

Билдирүүнү түзөткөн: Ylykbek1990: 12 Март 2014 - 23:50

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   13 Март 2014 - 08:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

jigit.85 (12 Март 2014 - 16:10) жазган:

Бул Саадатбек Мырзакуловдун жаны чыгарсабы иничек? Эми калганын кутуп калдык эртелет...



Саадатбек Мырзакул уулунун бул чыгармасы 2008 жылы чыгыптыр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   16 Март 2014 - 04:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Кутулбогон анын катуу муштуму Рашиддин ок тийген колуна тийгенде он колу менен ал жерин басып калды. Дал эле ошондой кырдаалдан пайдаланып Саид Рашидди далдап туруп ээкке сокту. Катуу соккудан кадимкидей которулуп барып чалкасынан камгактай учуп барып тушту. Кадими нокаутка тушкон боксчудай эле болду. Заматта жер айлан-кочок боло башы тегеренип жер солкудай бир орунда турбай калды. Турса эле кайра озунон озу тен салмагын кармай албай жыгылып тушчудой. Козун ачса асмандагы булуттарды карады, булуттар кадимкидей коздорунун алдында тегеренип атты. Озун тегерек нерсенин устуно жатып алып айланып жургондой сезип турду. Акырын башын буруп Саидди карады эле, ал эки колун которуп коруучулорго салам узатып жатыптыр. Коруучулор тим эле ызы-чуу, эч нерсе угулбайт. Алиги чал келип бир нерселерди айтып атты, бирок бир да созун да уккан жок. Бир кезде ал дагы колун шилтеп салып ары коздой басып кетти. “Эгер женилип калсан эртен эле олтуруп салышат сени, буларга оюн керек. Эгер омурунду узарткын келсе женилбе, колдон келсе каршылык корсот” деген тиги чалдын созун эстеди. Козун катуу жума башын ары-бери чулгуп алды, анан козун ачты эле жердин айланганы токтоп калыптыр. “Кой оз олумумду озум чакырбайын, колдон келишинче дагы узарт а йын”, -деген Рашид чымыркана кайра ордунан турду. Эртеден бери ызы-чуу тушуп жатышкан элдер, заматта тып басылып калышты. Коруучулордун басылганына шек алган Саид Рашид жакка коз жугуртту. Ал кадимкидей бир орунда тикесинен карагайдай катып турган болчу. Катуу жаалданган Саид узакка кармашып отурбай бир соккусу менен кайра жерге томолоткусу келип, катуу кыйкыра, бир жагынан ызырына Рашидди карай чуркап жоноду эле жуп жете берээрде Рашид буйтап кетип бутун тосо койду. Катуу куу менен келаткан Саид озун кармана албай тигинин бутуна чалына ошо куусу менен жерге томолонуп тушту. Анын биринчи жолу жыгылышы болчу. Рашидди анча-мынча гана коруучулор колдошту, алар кыйкырышпай болгону кол чапкылап гана коюшту. Саид озуно озу ишенбей жерге тизелеп отуруп калды. Эн жакшы кырдаал тузулду темирди кызуусунда согуу керек. Эки секирим менен жетип барып колунун кыры менен Рашид аны желкеге чапты эле Саид комкоросунон жыгылган боюнча турган жок. Коруучулордун отуз пайызы гана кол чапкылап жатышты. Алиги чал ортого келип эки колун которо элдин ызы-чуусун тынчтандырды.
-Азамат экенсин, канчалаган гана беттешуулор болуп атты эле, биринчи жолу сен жыктын аны. Бугункуго жетишет,-чал акырын колун которуп койду эле далдайган эки жигит келип Рашиддин колун артына кайрып жип менен байлап туруп ары коздой жетелеп кетишти. Анын алдында али коптогон сыноолор жаткан болчу. Рашид темир керебетте чалкасынан жатты. Кайрадан эки колун артына байлап таштаганына катуу жинденип алды. Он жак булчунуна ок жанылган жери канап, агып жаткан болчу. Ошону токтотуп чупурок менен танып алганга мумкунчулук ала албай койду. “Кантип качып чыксам ? Эки жолу качып чыгып, эки жолу тен жолум болгон жок. Мени эми катуу кайтарып калышты. Качкан кундо дагы бул жаралуу бутум менен жоо эч жакка качып чыга албайм, баары бир алыска узабайм. Бул Саид акыры менин тубумо жетчудой болуп турат. Тигилерге эмне, оюн керек, шаан-шокот керек, болбосо алиги жан таслим болгон солдаттарым сыяктуу эле мени эбакта эле атып таштамак. Жок дегенде булардын арасында мага боор тарткан бироо эле болсо менин бул жакта экенимди билдирип болуктогулорго кабар айттырат элем. Балким биздин десантник чалгынчылар тункусун келишип, акырын куткарып кетишет беле? Баса айтмакчы, алиги кыргызмын деген жигиттин тамырын тартып корсом кандай болот болду экен? Бугун ошол жигит мага аябай куйорман болуп атты го. Болсо болду, болбосо дагы башкача аракет кылып кором”,-ал темир керебетке кырынан оодарылды. Атайылап жасашканбы тигилер колун кан жугуртпой катуу танып ташташыптыр. Анча-мынча бошотууга аракет кылып корду эле эч майнап чыкпай койду, кимгедир дагы бир жолу жинденип алды. Керебетте чалкасынан жаткан боюнча козу илинип кетиптир, шырп эткен добушка ойгонуп кетип, акырын козун ачты. Сыртта тун бир оокум болуп калыптыр. Болмо ичи капкарангы. Алиги караан бери карай жылып келди, эмне кылаар экен деп Рашид бир орунда былк этпей карап турду. Ал караан дегеле шашып койгон жок, чонтогунон кол фонаригин алып чыкты да жандырып бурчка коюп койду. Бул Саид болуш керек деп Рашид боолгоп жаткан, жанылбаптыр.
-Эмне кундузгу жеништин деми уйкунду келтирбей жатабы?-ал озунчо ызырынып да какшыктап да койду.
-Ушуну менен бутту, мен уттум деп ойлобо эртен али дагы беттешебиз. Менден али коргондон коро элегин коп. Бул кыйын мушташкандыкка жатпайт, чыгыш элинин мушташуу онорун билет экенсин , болуптур. Эртен корсотчу дагы онорунду. Бугун мени катуу уят кылып койдун. Ошону учун мен сени азыр жазалашым керек,-ал Рашидди ачуулана чачтан алды,-аз кундо бобул башын дененден ажырайт го. Именно озум сенин тубуно жетем. Эртен колундан келишинче мушташ, каршылык корсот. Женилген кундо эле ишин бутту дей бер. Башын дароо кетет,-Саид ордунан тура ары басып барды да кайра бери бурула калып Рашидди кокурок тушка тээп калды. Ал катуу озоро деми кыстыга тушту. Кол фонарды анын бетине такай, шашпастан мазактаганга отту. -Озунун туткунан женилип калуу деген эмнедеген тамтык. Мени менен ортого чыгып мушташып аткан сен алтымыш тортунчусун. Бир да бири мени жене алган эмес. Женилген сон баардыгын тен баштары кеткен, мына мен оз колум менен мууздагам,-озунчо суйлонуп аткан Саид кутулбогон жерден Рашидди бетке уруп калды. Анын соккусу ушунчалык катуу тийгендиктен Рашид эсин жоготуп койду. Эки колу артына кайрылып, катуу танылгандыктан каршылык корсотконго да мумкун эмес болчу. Соккусуна айла жок чыдап туруп берди.
-Эмне колун ушунчалык эле кучтуубу ыя? Откон жолу бул жерден эсимди оодара чаап качтын, дагы эл алдында эсимди оодарып, шылдын кылдын. Ушул колдорунду азыр артка кайрып темир менен чаап сындырып таштайынбы. Анан мушташканынды коройун. Аа-аа, сенин ок тийген жаралуу колун бар эмес беле, аны унутуп калган турбайынбы. Коркпо ал колунду азыр айыктыра салам арыдан-бери, -ал Рашиддин ок тийген колун катуу мыжый кармап туруп бири-бирине карама-каршы кылып толгоду эле кайрадан кан ага баштады. Душман алдында кандай болсо да чыдаш керек, катуу тиштене ооруганын анча билгизген жок.
-Эмне мага чыдамкайлыгынды коргозгун келип атабы. Анда чыдачы мобуга,-Саид белиндеги тогоосу бар темир курду чечип туруп Рашидди сабай баштады. Темир тийген сайын нервине жетип, кээде чыдай албай онтоп жиберип жатты.
-Ии-ии-и онтой баштадынбы, бир аздан кийин тизелеп жыгылып, жалынасын. Анан кором чыдамкайлыгынды. Менин курума бир дагы адам чыдап тура алган эмес. Бул соккуга Рашид да туруштук бере алган жок, жер айлан-кочок боло эсин жоготуп койду. Канча жатканы белгисиз, козун ачса карангы болмодо жатыптыр. Денеси кайыш толголуу курдун уусуна тим эле от менен жалын болуп куйуп жатат. Жерден акырын которулуп туруп, кроватка чалкасынан кулады. Денеси ооруп бир жагынан катуу танылган колдору кан жугурбой кыйнап, тан атканча кирпик козун каккан жок. Ар кайсылардын баарын ойлоп, башына нелер келип, нелер кетпеди. Туну менен катуу кыйналгандыкыбы, танга жуук козу илинип кетиптир. Элдердин кобураган унунон ойгонуп кетти. Ал канчалык уйкусу келип турса дагы ар кандай дабышка сергек болчу. Катуу уктап жатканына карабай шарт эткен добушка эле селт этип ойгонуп кетчу.
Сырттан сакал-муруттарын кое беришкен эки жигит келди дагы Рашиддин артына кайрылган колдорун чечишти. Катуу танылган аркан жип колуна отуп кыйналып жаткан болчу, чечкенде тим эле жаны жай ала тушту. Бироосу чоогун алып келип беттеринди жуу дегендей ишарат кылды. Саид катуу сабагандыктан денеси, бети башы кызыл-ала кан болчу. Тигилер денесиндеги кандын баарын жуудурушту. Бети-башын аарчыганга сулгу беришти. Анан шам-шум эткенге алдына суу, нан, сууга бышырылган картошка коюшту. Эки суткадан бери оозуна наар ала элек болчу. Эч соз суйлобой тигилерге да конул болбой алдындагы ашты тартынбастан жеп кирди. Арыдан бери заматта туготуп салды, картошканын кабыктарын да аарчыбады. Экоо оздорунчо бир нерселерди кобураша кайра сыртка чыгып кетишти. Ошол боюнча тушко чейин бул жакка эч ким баш баккан жок. Колдору катуу танылып танды тан атканча кыйналып чыкты эле азыр озун женил сезип, жыргап мемиреп уктады. Шырп эткен добушка ойгонуп кетип козун ачса кечоогу колун артка кайрып байлап ташташкан далдайган эки жигит кирип келатышыптыр. Алар эч соз айтпастан Рашидди колтуктан алышты да сыртка жетелеп жоношту. Кайрадан эле кечоогу мушташкан жерге барышты. Кечоогуну коруучулор кандай болсо бугун дагы ошондой. Атугул анча-мынча кобойо да тушуптур. Денеси катуу от менен жалын болуп ысыган Рашид кыргыз жигит бар бекенби дегендей айланасына коз жугуртуп алды. Копчулуктун арасынан аны тааныды. Экинчи катарда отуруптур. Ары жактан белине кара чупупурок тагынган Саид келди эле кечоогудой тосуп алышкан эч ким болгон жок. Ал озун онтойсуз сезе эмнегедир кызыктай ахыбалда боло тушту. Сыягы аны мурун аябай кадырлап, кыйкырык суурон менен тосуп алышчу окшойт. Откон жолкудан кийин кадыр-баркын тушуруп алганы билинип турду. Айланасына бир сыйра коз жугуртуп эки колун которуп койду, бирок коруучулордон эч кандай колдоо ала алган жак. Тундогу ур-токмоктон кийин Рашид оз калыбына келе албай жатты. Чындыгында эле Саид чыгыш элдеринин мушташуу ыкмаларын эн жакшы билчу, бирок таза согушпай дайыма озунун каршылашына бир нерсе кылып алсыратып таштачу.
Бир жолу озунун каршылашы аябай чон далдайган экенин коруп тункусун келип бангизат сайып таштаган. Анан анын мушташа албай калганынан пайдаланып олоорчо токмоктогон. Эгер Рашид дагы эле ушундай болуп каршылык корсото берсе ага да бангизат саюуну пландаштырып койгон.
Ал аран жан турган Рашиддин жанына басып келди. Экоо бир топко тиктешип турушту. Биринчи кол салайын деген Рашиддин дегеле ою болгон жок. Адатагыдай эле соккуну Саид баштады. Катуу куч менен бийик секирип келип Рашидди кокурок тушка тепти эле туруштук бере албай чалкасынан кулап тушту. Кайра ордунан туруп келди. Кунгфунун ыкмасы менен согулган экинчи соккусуна каршылык корсотуп чыдап туруштук берди. Ал канчалык каршылык корсоткон сайын Саид да ошончолук жаалданып, болгон кучуно, ыкмасына салып чаап, тээп атты. Мурун озунун алсыз каршылашын томолото чаап жыккан сайын коруучулор ага ыраазы болуша кол чапкылап, кыйкырып, ышкырып, ызы-чуу тушушо колдоп турушса, бул жолкусунда ага эч ким ыраазы болбой турушту. Саид озунун каршылашын озу ойлогондой сабай алган жок. Болгону эки жолу томолото чапты. Бирок баары бир каршылашы ордунан туруп кетип атты. Саиддин чындап жаалы келди. Эки-уч жолу бычак менен сайып жибере жаздап озун-озу аран дегенде карманды. “Бугунчо чыда, кором эртен кантип каршылык корсоторунду, карап гана тур таптакыр кол которгус кылбасам элеби”,-Саид ызырынып алды. Экоо улам мушташып, улам эс алып атышып чарчашкан сон бугункуго жетишет дегендей эл тарап кетишти.
Рашид карангы болмосуно аябай алы кетип келди. Аны алиги далдайган эки жигит суйроп келишип, жерге ыргытып коюшту да сыртынан бекитип ташташты. Ал тун ортосунда озунун каршылаш жоосу келерин билген, эки колу чечилуу болгондуктан бир нерсе кыла турган болсо дагы каршылык корсотууго даярданып жатты.
Тун ортосунан ооп тан жаныдан агара баштаганда келди ал, бул жолкуда жалгыз келбей озу менен кошо алиги далдайган эки жигитти ала келиптир. Сырттан кирип келишери менен эле экоосу эки жактан Рашидди барскандай болгон муштумдары менен уудаа-уудаа согуп калышты. Экоо тен далдайганы аз келгенсип аябай карылуу да немелер экен. Бир аз тепкилешкен сон Рашиддин колдорун артка кайрып туруп былк эттирбей Саидге кармап беришти. Саид болсо болгон кучу мене наны ичке, козго, башка, бетке бокска катышканда илинчу мушоктогудой кылып армансыз жанчып тепкилей берди. Качан гана башы канжалап, эси ооп жыгылып калганда тигилерге кое бергиле дегендей белги берди. Аны суйроп барып кроватка жаткырып коюшту.
-Кун чыгып тан атканча мунун бети-башындагы кандарды тазалап суу менен жууп, билгизбей жаткырып койгула,-Саид артына кылчайбай кетти. Беркил экоо сырттан суу алып келишип Рашиддин башына жаба куюшту. Эсине келип козун ачканда бети-баштарын жуудурушту да, чаканы алып сыртка жоношту. Сыртынан кулпу менен бекиттип атышканы угулуп турду. Рашид кроватта аран жатты. Алдыда дагы согушуу, беттешуу. Рашид кроватка жатып алып Саидди кантип олтуруунун жолун ойлонуштуруп жатты. Анын мойнунда дайым ичке кооз бычак салпактап илинип журчу. Сыягы бир нерсе болуп женилип баратса ошонусун колдонгусу келип окшойт. Кандай болсо да ошол бычакка жетууну ойлоду. “Кырдаал тузулуп мумкунчулук боло калса, мойнундагы бычакты шарт сууруп алыш керек дагы журогуно сайып ташташ керек. Андан кийин эмне кылышса оздору билишсин”.




Акыркы таймаш


Адатагыдай эле эртеси нан, суу анан сууга бышырылган картошко алып келип беришти. Бети башы когоруп, шишип кеткен советтик офицер кантип тамак жеп атканын тамак алып келишкен экоо аянычтуу карап турушту. Ахыбал уламдан улам кыйындап, ичээр суусу тугоно жаздап бара жатканын озу да сезип турду. Акыркы кучу, деми калганча чыдаш керек, болбосо дароо эле олтуруп салышаары белгилуу. Бул жолкусунда беттешуу туштон ооп, кеч кирип бараткан маалда болду. Саид аябай калыбына келип алыптыр. Сырттан киргенде жон кирбей эки-уч жолу чимирик жасап айланып барып, жерге шпагатка отуруп калды. Анан эки колу менен бир далай жерге чейин басып барып женил гана секирип буту менен тике туруп калды. Экоо бири-бирлерин коздору менен атышып турду. Эл алдында акыркы жолу чыгып чыгып жатышканын экоо тен сезишкен жок. Рашид озунун каршылашынын кол салуусун кутуп турду. Аларды айланта курчашкан коруучулор оздорунчо бака-шака тушушо мурдагыдай эле ызы-чуу тушуп жатышты. Саид аябай даярданса керек кадимкидей озуно келип алыптыр. Мушташып жатканда азоо аттай жулуна каратэнин ыкмасы менен жон теппей секирип келип, айланып келип тээп атты. Рашид ага каршылык корсоткон жок. Катуу соккуга эки жолу жерге кулап тушуп кайра туруп келди. Анын алсыз экенин сезген Саид коруучулорго атайын оюн корсоткондой ушунчалык тездикке салып, колу менен да буту менен да тээп, Рашидди жерге сулата чапты. Чындыгында сокку катуу тийген болчу. Бир азга озуно келе албай жерде оор дем алып кучун топтогонгго аракет кылды. Саид озунун артыкчылыгын корсоткондой элдерди карап, эки колун которо жеништин салтанатын билгизип ары-бери баса баштады. Сокку талуу жерине тийгендиктен чын эле Рашид алы-кучу кетип шалдырай тушту. Ордунан турса эле кайрадан жанчып тепкилегени жатат. Эгер ушул боюнча турбай койсо анда эле анын иши буткону. Саид “женилсен эле оз колум менен эртеси олтуром” деп соз берген. Ызы-чуу тушушкон коруучулор Саидди колдошуп, ага акча ыргытып жатышты. Бардыгы тен Рашидди иши бутту деп ойлоп атышкан болчу. Чалкасынан жаткан боюнча ал акырын бир азга козун жуумп турду да кайра ачты.
-Рашид тур ойдо, алдырба, кыргыздын намысын корго, мени уятка калтырба! ,-таза кыргызча суйлогон ун кулагына шак дей тушту. Башын бура ун чыккан жака карады эле мындан торт-беш кун мурун келип, озун тааныштырып кеткен кыргыз жигит экен. Аны ошол, анан озбек топусун кийишкен эки-уч жигит колдоп турушкан. Бардыгы тур дегендей колдору менен ойдо карай булгалап улам тушуруп,улам которуп жатышты. Козун алайта ачкан кыргыз жигит болгон кучу менен Рашидди карап алып кыйкыра берди.
-Тур ордундан, болбосо сени кой мууздагандай кылып мууздап салышат. Намысына кел, кайраттан, мени уятка калтырба, кыргыздын намысын корго!
“Кыргыздын намысын корго” ушул соз Рашиддин кулагына жанырып туруп алды. Коздорун алайта чон ачып, катуу тиштене жаак булчундарын туйду. “Айнектер буттарымды тилип жатканда деле чыдап бийлебедим беле, ушунун соккусуна чыдай албай каламбы. Мен учун тигил кыргыз жигит аябай суктанбадыбы беле. Чын эле кыргыздын намысын ушул зоокурго тепселетемби, жок андай болбойт”. Рашидге кандайдыр энергия, кайрат-куч кошула баштады. Бироо которуп тургуздубу, же озу турдубу билбей да калды. Кадимкидей эч нерсе болбогондой бир орунда Саидден козун албай, таштай катып турду. Эртеден бери ызы-чуу тушуп жаткандар заматта тымтырс боло тушту. Бери бурула берген Саид Рашидди тангала карап койду. Ал оз козуно озу ишенбей турду. Элдер кайрадан ызы-чуу тушо баштады.
-Аягына чейин сок, экинчи тургус кылып сок, жанчы! Алардын колдоосу менен Саид ызырына Рашидди качырып сала берди. Оз мезгилинде Рашид дзю-до менен машыккан болчу. Каратэ, кунгфу, таэквондо ыкмалары бул жерде пайдасыз. Саиддин куч менен соккон соккусунан буйтап кетти дагы, дзю-донун ыкмасына салып тапатак которуп урду жерге. Экоо жерде улум биринин устуно бири чыгып оонап жатышты. Катуу ызырынган Рашид Саиддин мойнунан катуу тиштеп туруп этин узо, жулуп алды. Шоргологон кан Саиддин кийимдерин кызыл-ала кан кылып булгап, бети башын кан кылып жиберди. Бир кезде он бутун анын мойнуна такап туруп, экинчи бутуна илип алды. Саид кыймылдай албай калды, кыймылдаган сайын муунта катуу кыса коюп атты. Ал канча аракет кылса дагы ордунан тура албай койду. Бул дзю-донун ыкмасы болчу. Эки бутунун баштарын бири-бирине илип алып, тигини мойнунан муунтуп олтуруп койсо да мумкунчулугу бар эле, бирок анткен жок, тек гана былкылдатпай кармап тура берди.
Тээ бир топтон кийин ары жактан коруучулор экоону аран дегенде ажыратышып эки жакка алып кетишти. Алиги кыргыз жигит жетип келди.
-Азаматсын, кыргыздын чыныгы намысын коргодун!
-Бул бугун тун ичинде келип мени биротоло алсыз кылып жанчып сабап ишимди бутурот да экинчи бетешуудо тургус кылат,-Рашид ага шыбырай суйлоду,-Эгер мумкунчулгун болсо жардам бере аласынбы…?
Созунун аягына чыгарбай ары жактан озбек топу кийишкен эки-уч киши жетип келишип, Рашидди тегеректеп калышты.
-Баскыла мындай, туткунга жолобогула, экинчи,-алиги такыр баш киши ачуулана кыйкырды эле беркилер ага баш ийишкендей ары коздой басып жоношту. Ары жакта турган эки далдайган жигит Рашиддин колун артына кайрып туруп, калын жип менен катуу байлап, оздорунун карангы болмосуно жетелеп келишти.


Качуу

“Эми анын бул жолку соккусун которо алар бекенмин же…?”-темир керебетте жаткан Рашид ойлонуп жатты. ”Эгер азыр колум чечилуу болгондо Саидди келери менен бобул кроватка басып туруп муунтуп олтуруп таштайт элем. Эгер азыр колум чечилип кетсе кандай гана жакшы болот эле, ушул жип менен анын озун муунтуп олтурмокмун ” Ошол маалда кимдир бироо кулпуну шыртылдатып, эшикти ача баштады. Рашид керебетке барып катуу уктап жаткан кишидей былк этпей жатып, козун жумду. Колуна кол фонарик кармаган Саид кирди. Козун чала жума акырын анын ар бир кыймыл аракетин андып турду. Алиги Рашид тиштеп узуп алган жерин ак чупурок менен ороп танып алыптыр. Кирип келип эле Рашидди ичке бир урду..
-Эмне жыргап уктап жатасынбы, эртен сени биротоло уктатам. Бугун сенин акыркы тунун, эртен акыркы мушташуун болот. Озун олсон дагы мага туболуктуу эстелик калтырдын, моюнумду тырык кылып. Мойнумдагы тырыкты кармалаган сайын, дайыма сени эстеп журом. Баса айтмакчы, олоор алдында айтып коеюнчу, чындыгында эле сен кыйын мушташат экенсин, мен билбеген ыкмалардын бардыгын билет окшойсун. Бирок сен мени менен акыркы жолу беттешесин, эртен сенин тубуно жетем. А эми азыр бобул героинди кан тамырына куям, эртен таптакыр алсыз болуп каласын. Ойда бир колумдун кызуусу канганча тепкилейм дейсин, анан дал эле ошол жерден элдердин козунчо олтуром.- Ал озунчо суйлоно ары жактан шприц алып чыкты да кичине ботолкочодон кандайдыр бир суюктукту сордуруп алды. Анан Рашидге жакындап келип кайсыл жерине саярын коздоп, денелерине бир сыйра коз жугуртуп алды. Рашиддин эки колу артына катуу байлануу болгондуктан каршылык корсотууго эч мумкунчулугу жок болчу. Саид ага героинди сайганга аракет кылып жатты, бирок баары бир Рашид болгон кучу менен туйлап ага ийне сайдырбай каршылык корсото берди.
-Туйлаганда, каршылык корсоткондо пайда жок, оз эркин менен моюн сунуп бер, болбосо азыр олорчо тепкилеп туруп анан саям. Карангы болмо ичинде аябагандай тирешуу болуп, экоо аябай кармашты. Рашид болгон кучу менен жанын уроп ийнени денесине сайдырбоого аракет кылып жатты. Бирок тигил канча кылса да алсыз адамдын жанында каруулук кылды. Рашиддин уламдан улам алы кетип тигиге моюн сунуп баратты. Бир кезде эле Саид эт-бетинен кулап жерге шалак дей тушту. Анын артында бир караан туруптур, колунда бир нерсе журот ошону менен Саидди чапса керек. Жакшылап караса алиги суйлошкон кыргыз жигит экен. Ал жанталаша колундагы бычагы менен жипти арыдан-бери кескилеп кыйып жиберди.
-Болунуз байке эртерээк бул жактан чыгып кетпесек, тан атып кетет. Ордунан которулуп келген Рашид Саидди акыркы жолу бир карап алды. Уктап жаткан кишидей эки козун жума, жерде былк этпей сулк жатат. Мойнундагы оролуп турган ак чупурокту коруп мыйыгынан жылмайып койду. “Озун айткандай эми мойнундагы тырыкты кармалаган сайын дайыма мени эстеп журосун”.
-Болунуз байке убакытты созбонуз. Откон жолкудай болуп дагы кармалып каласыз,-анын жанында турган жигит шашкалактай чебелектеп жиберди. Убакыт тун ортосунан ооп калгандыктан элдин баары кызуу уйкуда болчу. Тилекке жараша асманда ай жок, айлана капкарангы. Айылдын кууш кочосун аралай эки караан акырын жыла басып келатышты. Алардын алдын уч караан тосуп чыкты.
-Кокпой эле коюнуз булар озубуздун кишилер. Ташкендик озбек боордоштор ушулар болуп чогуу биргелешип , качууну уюштурдук бугун. Болбосо тигилер сизди ушул жуманын ичинде олтургону жатышат.
-Эмне болду Саидди жайладынарбы? -экоонун алдын тосуп чыккандын бироосу сурай кетти.
-Олгон жок, болгону эси эле ооп калды окшойт.
-Биротоло олтуруп жайлап таштасан болмок. Эсине келчу болсо биздин сазайыбызды берет.
-Ал озунун эсин оодара чапкан ким экенин билип коюптурбу. Эсине келгиче биз чачырап жай-жайларыбызда болуп калабыз.
Алардын бироосу Рашидге пистолет анан бир канча граната берди.
-Муну алып алгыла коргонгонго жардамы тиет.
Бешоо эрчише бир жерге келип топтолушту.

Куугун

-Жоо басып алыска узай албайсынар, бул жерде женил машина бар, ошо менен качабыз,-кыргыз жигит короого кирип усту ачык женил машинени айдап чыкты. Экооно ак жол каалап, алиги учоо калып калышты. Ордунан катуу жулкунган машине кууш кочодон чан ызгыткан боюнча кетип баратты. Кайдандыр пайда болушуп, уруп чыгышкан эки-уч ит машинени бир топко чейин узатып барышып, артта калып калышты. Айылдагы тунку тынчтыкты машиненин дурулдогон моторунун уну бузуп атты. Негизинен бул айыл тунку саат бирден баштап эле жымжырт болуп калат. Кирип чыккан машинелер да болбойт. Катуу келаткан машине ошол куусу менен эле токтобостон айылдан чыгып, ээн таалага сапарын улантты. Бул эмне болгон машине ,эмнеге токтошпостон кузоттон отуп кетишти кароолчулар адегенде тушунушкон жок. Качан гана бир топ алыстап кеткенде эстерине келише дурболонго тушо башташты, тээ бир далай жерге чейин узап кеткенден кийин алиги жигит артын бир карап алып женилдей тушкондой оор курсунуп койду.
-Ох, Кудай буюрса кутулуп кеттик окшойт. Алар антип –минтип эстерине келгенче биз карматпай кетебиз. Баса айтмакчы, менин атым Таир алиги Саиддин кол алдында иштейм. Сиздикичи?
-Рашид.
-Жакшы ат экен, бул жакка келгенинерге коп болдубу?
-Афган согушу башталгандан бери эле.
-Озунузго сак болбосонуз, минтип журсонуз кайра кыргыз жергесине кайтпай каласыз. Кайра туткун болосуз же окко учуп олосуз. Афгандар туткундарга аябай катуу мамиле жасашат. Олтуруп коюшат же чет олколукторго сатып жиберишет. Озгочо орус солдаттарына аябай оч. Дагы жакшы силер мусулман болуп калганынарга, болбосо эбакта эле олтуруп салышмак тиги солдаттарга окшотуп.
-Мени менен барасынбы, биздин Аскердик болукко?
-Жок болбойт, орустарды коргондо каным шакардай кайнап турат…
-Анан эмне кылайын деген оюн бар?
-Силерди озунордун болугунорго чейин жеткирип барайын анан…
-Анан эмне кыласын, тиги жакка кайрылып барганда болбойт. Саид жон гана олтуруп коет.
-Мага “кайда барсан мамайдын кору” торт тарабым кыбыла,эртенки кунум жок. Эртен эмне болорумду , каякка барарымды билбей жашайм. Ал эми силерде болсо келечегинер бар. Анын устуно командир да экенсинер. Званиянар дагы кошула берет. Уйбуло кутосунор баса, уйбулонор барбы?
-Мен дагы али уйлоно элекмин. Афган согушу болбосо балкимуйлонуп калат белем.
-Минтип жанды тобокелдикке сала бербей озунорду озунор аягыла. Уйго аман-эсен жеткенге, ата-эненерди, тели-тентуштарга жолукканга, айылга кайтып барганга аракет жасагыла. Сиз деген кыргыз жергеси учун согушуп жаткан жоксуз. Бул деген Афган согушу. Согуш бутсо да, бутпосо да мекенинерге кайтасынар. Силердин ордунарды башкалар толуктайт. А мен болсо буткон кишимин, айылыма да кайтып бара албайм. Бул жерде да копко тура албайм.
-Сенден башка да кыргыздар барбы бул жакта?
-Бироо бар озун кыргызмын деп эсептейт, бирок кыргызча суйлой албайт. Ону да кыргыздарга окшошпойт. Сыягы чон ата, чон энелери кыгыз окшойт озунун айтымында. Тээ илгери уркун мезгилинде Кытай тараптан ушул жакка ооп келишсе керек.
-А тигил бизди узатып калышкан учоо кимдер?
-Бироосу озбек, экоосу тажик. Тигил Тажикстан тараптан чогуу качып келгенбиз.
-Аларды Саид олтуруп таштабайбы?
-Аларды эч ким коргон да билген да жок.
Кутулбогон жерден тээ алыс жакта карангылыкты жара машинелердин жарыгы пайда болду. Машиненин устунку кузгусунон арт жагына коз жугурткон Таир бир нерсеге кабатырлана озунчо кунгуронуп койду.
-Мына башталды. Булар бир кууса жетмейин , кармамайын куйрук улаш эле журо беришет. Анын устуно мага карганда жер шартын жакшы билишет. Бул жакты коен жатагына чейин билет десе болот… Рашид арт жагына жалт карады, чын эле жакшылап санап корсо торт-беш машинанын жарыгы экен.
-Булар биз узап кеткенден сон он, он беш муноттон кийин чыгышса керек куугунга. Бул журушубуз менен алыска узай албайбыз, Таир дароо машиненин ылдамдыгын мурдагыдан да эки эселентип катуулатты. Арадан жыйырма муноттой убакыт откон сон, машинелер жарыгы жакындап жыйырма –отуз метрдей арт жакта кетип баратышты. Бир кезде алар автомат, пистолеттер менен аткылап киришти. Октор чуулдап машинеге тийип, жандарынан кайып отуп кетип атты.
-Сизде граната бар беле, бирди арт жакка ыргытып коюнузчу, кичине сестенип калышсын. Алыстап, узап кеткенге мумкунчулук алалы.
Рашид чонтогунон гранаталардын бироосун алып чыкты дагы шакегин сууруп алып, болгон кучу менен катуу арт жакка ыргытып жиберди. Жарылуу болду, бирок машинелерге жеткен жок. Жарылуудан кийин алар чын эле ылдамдыктарын азайтышып бир топ артта калышты. Машинелерин токтотушту окшойт атугул корунбой кетишти.
-Ырас болду, алар кичине сестенише тушушту окшойт. Кайра кууп жеткиче бир топ жерге жетип алабыз, силердин болукко чейин дагы канча бар?
-Дагы жарым саатай жол журушубуз керек…
-Анда аман-эсен жетет экенбиз.
Бирок эрте кубанышыптыр, арт жагына кылчайып караган Рашид беш машине кайрадан куйрук улаш улам жакындап келатканын корду. Алар терезеден баштарын чыгарышып уламдан улам аткылап келатышты. Чонтогунон гранатаны алып чыккан Рашид шашпастан катуу ылдамдык менен келаткан алдынкы жарыкты кутуп турду. Ал куйрук улаш жакындап келгенде гранатанын шакегин сууруп алып, далдап туруп алдынкы машинени карай болгон кучу менен ыргытып жиберди. Катуу жарылуу болду, граната дал тийгендиктен катуу ылдамдыгынан жазбай жарылуудан кийин эки-уч аласалып кетти да жалбырттап куйо баштады. Чон ылдамдык менен бири-биирине куйрук улаш келатышкан арт жактагы машинелер да бири-бирлерин сузуп чакчалекей тушуп калышты.
-Азамат Рашид байке, ушуну туура тим эле мен ойлогондой жасадынар,-Таир бир карап жылмайып койду. -Муну менен кутулуп кеттик дегенге болбойт, алар кайра эле куугунтуктарын башташат. Алардын сырын мен беш колдой билем го…,-Таир алды жактан козун албай озунчо суйлонуп кете берди. Бир кезде машине акырындап акырындап жайлап отуруп, токтоп калды.
-Эмне болду сага ок жанылдыбы?,- Рашид анын жузуно унуло дагы бир жолу сурады. Денесине колун тийгизди эле былчылдап суу экен. Анын дароо эле кан экенин билди,-жарадар турбайсынбы. Бул жакка отур мен отурайын рулга. Жарым сааттай эптеп чыдай аласынбы, биздин болукко да жетип калдык. Ал жактан врачтар срочно сага кам коро башташат. Таир унчукпастан рулда отурган ордун бошотуп жерге тушту. Тээ алыс жети- сегиз чакырымдай жерден кайрадан машинелердин жарыгы пайда болду. Бул жолкуда мурункудан жарыктар аз болуп калыптыр. Демек экоо иштен чыккан.
-Мына айтпадым беле алар баары бир келе беришет деп. Ушундайда гранаметтор болгон до, учоону тен жайлап таштайт элек. Баса канча граната калды силерде?
-Бироо эле…
-Мейли жарайт ошол, гранатаны мага бергиле,-Таир машиненин артынан Калашников автоматын сууруп алды. -Отур бул жакка, машинени мен айдап сапарыбызды андан ары улайлы,-Рашид рулга отура машинени от алдырды. Таир шашкан жок. Автоматын кармалап,бир сыйра текшерип койду.
-Силер бара бергиле, мен бул жерде калып тигилердин жолдорун торойун… Таир оор курсунуп койду, чонтогунон эки-учтой граната алып чыкты.
-Мен баары бир силер жакка жете албайм, козум жетип турат. Ок он далыма тийди, жон олбой жердешимди куткарып олгон мен учун сыймык. Мен жон адамды куткарган жокмун, командирди куткарып жатам. Мага деле бу дуйнодогу жашоо кызыксыз болуп калды. Эгерим мен барбаган болок жерде, болок элде оз элиме каршы ок атуу, согушуу мен учун кызыксыз. Мындай жашоонун мага кереги эмне. Тигилер жакындап келип калышты, бол ылдамдагыла. Мен буларды тосуп кутуп турайын.
-Жок, болбойт сени да кошо ала кетем.
-Кеч болуп калды мени кондуром деп аракеттенбей эле койгула., баары бир эч майнап чыкпайт. Болгула, шашылгыла тигилер жакындап келип калышты.
Арт жакта келаткан машине жарыктары эки чакырымдай келип калышкан болчу. Муну баары бир кетпесин билген Рашид чонтогунон акыркы калган гранатаны алып чыгып анын колуна карматты.
-Болуптур, сен бул жерде тигилерди тосуп тур. Мен болукко барарым менен солдаттарды алып БТР менен дароо жетип келебиз. Эн башкысы эптеп оз жанынды сактап каршылык кыла аткылап турсан биз бат эле жардамга келип калабыз. Рашид шашыла машинеге отурду да от алдырды.
-Мени унутпай эстеп жур Рашид байке!
Машине ордунан козголгондо тигинин кыйкырган унун чала-чарпыт угуп калды.


Кайтуу

Акырындап тан супасы куланоок тарта карангылыкты суюлта айланага жарык кире баштады. Рашид машинесин чанызгыта айдаган боюнча шашылыш кетип баратты. Бул жердеги жолдун баары тааныш. БТР менен далай отушкон болчу. Бир кезде арт жагында гранаталардын устокко-босток жарылган ундору чыгып, кыйкырык ызы-чууга аралаш татыраган автоматтардын уну чыга баштады. Аны уккан сайын Рашид машиненин газын ого бетер басып, ылдамдыкты дагы катуулатты. Тарсылдак менен ызы-чуулар улам алыстап отуруп тээ алыс жакта калды. Солдаттардын казарманына жакындаганда айлана дээрлик жапжарык болуп калган болчу. Катуу келаткан машинени кароолдо тургандар токтотушту. Рашиддин сакал-мурутары, чачтары осуп, дегеле таанылбай калган. Солдаттар аны откорушпой дагы бир далайга кармап турушту. Анын устуно кийими да жергиликтуулордун кийими болчу.
“Мен Рашидмин силердин командиринер болом” дегенге да ишенбей атышты. Бир жагынан кийимдери айрылган, бети-башы кан, сакалчан мусулман баласына орус солдаттары анча ишенбей турушту. Качан гана полктун командири озу келгенде анан кое беришти.
-Оо Рашид, биз сени эбакта эле олуп калган экен деп тунуло баштабадык беле. Аман турбайсынбы, берки сени менен кеткен солдаттарын кайда?,-полктун командири акырын келип Рашидди кучактап калды.
-Жолдош командир, болгон окуяны бардыгын доложить этип берем. Андан коро тигил жакка шашылыш жардамга баралы. Мени куткарган адам артыбыздан кууп келаткан Афган басмачылары менен согушуп жатат…
-Кайсыл жерде?
-Мындан алтымыштай чакырым жерде…
-Сенин адамдарын канчоо эле, алар канчоо?
-Меники бироо, алардыкы коп, канчоо экенин билбейм.
-Бир отделение жетеби, БТР менен?
-Жетет.
-Анда шашылыш боевая тревога котор.
Солдаттар али туруша элек экен, кутулбогон жерден согуш тревогасы которулду. Он мунотко жетпей солдаттар согушка даяр болушту. Рашидге эки жоокер болугу эки БТР берилди бардыгы шашыла жоноп кетишти.
Аскер техникасы канчалык тездик менен журсо дагы баары бир жарым саатка жакын убакытта аран жетип барышты. Алиги Таир калып калган жерге барышса, эч ким жок. Айланасында бир дагы адам корунбойт. Ар кайсы жерде атоматтын огунун гилзалары, кызыл-ала болгон адамдын канынын тактары. Бирок бир дагы олгон адам корунбойт, сыягы тигилер олгондорун да, жарадарларын да оздору менен кошо ала кетишсе керек. А Таир кайда? Аны ары-бери жактардан издеп эч жерден таба албай коюшту. Анын олуу-тируусу белгсиз, сыягы басмачылар оздору менен аны алып кетишсе керек.
Рашид ошол боюнча Саидди да Таирди да коргон эмес. Ал Ооганстанда согуш бутконго чейин аягына чейин болду. Коп жолу чалгынга барды, эрдик жасап коптогон медалдарды алды. Кийинчерээк Советтик солдаттар Ооган жерин ташташып, оз мекендерине кайта баштаганда ал жактан эн акыркыларынан болуп кетти.
Мына андан бери канча мезгил отту. Атугул жетимиш беш жыл жашаган Улуу Советтер Союзу шурудай чачырап, бириккен он алты республика оз-озунчо мамлекет болуп кетишти. Ошондогу Ооган окуялары Рашиддин журогуно кеткис так калтырды. Ал жактан коптогон солдаттарынан, жердештеринен, досторунан айрылды.
Чек арачыларга колго тушкон контрабанда тээ качанкы журокто калган эски такты кайрадан эсине салып жатпайбы.

Эски тырык


Озунун болмосуно келген Рашид басса-турса да тигил жакта отурушкан контрабандистерди ойлоно, алиги сакалчан киши коз алдынан кетпей эле туруп алды. “Чын эле Саид болуп журбосун ыя? Коз карашы тим эле кудум эле ошонун коз каршаы. Аай, кайдан, эмдигиче анын соогу эбакта сопот болгондур. Кийин солдаттар менен ошол айылга деле барбадык беле, ал жактан басмачылардын эч кимисин тапкан эмеспиз. Саиддин дагы , Таирдин дагы дайындарын билбей койгон. Жергиликтуу айылдыктардан сураганда , эч кимиси “аларды билбейбиз , тааныбайбыз”деп жашырып туруп алышкан. Балким ал тируу болушу да мумкун. Ошолбу, ошол эмеспи дагы бир жолу барып текшерип коройунчу, бирок ал бул жакка кайдан адашып келмек эле же наркотик менен келе береби? Коз карашы тим эле дал ошонун коз карашы.
Рашид эртеси куну контрабандистер жаткан болмого кайрадан барды. Бардыгы тен ар кайсы жердеги кроватта жатышыптыр. Кечооку сакалчан киши эч нерсе болбогондой тетири карап уктап жатат. Баардыгын тургузуп бир катарга тизди. Рашиддин артында куралчан эки солдат аватоматтары менен тигилердин ар бир кыймылдарын байкап турушту. Тизилип тургандардын бардыгын бир сыйра жуздоруно унулуп кунт кое карап чыккан сон, кечооку сакалчан кишинин бет мандайына келди. Экоо бир топко чейин бири-биринен коз алышпай тиктешип турушту. Бир кезде Рашиддин эсине бир нерсе тушо калгандай болду. Дароо тигинин мойнундагы койногунун жакасын эки жакка тартып, озуно тааныш тырыкты корду. Бул тырыкты озу салган болчу. Экоо кайрадан бири-бирин тиктеше тушушту. Бир аз турган сон Рашид акырын ооз учунан кунк этти.
-Саид.
Рашидддин унуно сакалчан киши селт этип алды, бирок озун кармай эч нерсе болбогон кишидей болуп тура берди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   20 Март 2014 - 14:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

-“Эки тоо корушпойт, эки адам корушот” деген чын экен да,-Рашид тигиге дагы бир сыйра карап Ооган тилинде таза суйлоп кирди :
-Озгорбоптурсун, арадан ушунча жыл отсо да картайбаптырсын.
-Мага айтып жатасынарбы, -тигил таанымаксан боло Рашидди биринчи коруп жаткандай тур корсотту.
-Ооба сага айтып жатам Саид…
-Силер мени кайдан билесинер? Мен сени дегеле корбоптурмун.
-Эсине салайынбы же арамзаланып жатасынбы? А, балким айнекке бийлеп журбо жыланайлак. Каалайсынбы айнекке бийлетейин?
-Жо-ок.
-Кунгфуну унуткан жоксунбу, жакшы согушчу элен го…
-Силер мени кимдир бироолор менен чаташтырып жатасынар…
-Арамзаланба Саид!,-Рашид чыдай албай бакырып жиберди,-же азыр эсине салайынбы эки колунду байлап туруп тепкилеп же айнектердин устуно бийлегенди эсине салайынбы?!
-Жок, кереги жок,-тигил эки козун алайта кетенчиктеп отуруп дубалга такалып калды.
-Же эсине салайынбы, Советтик солдаттарды кантип олтургонунду!
-Рашид…
-Ооба жанылган жоксун. Тагдыр экообузду акыры кездештирдиби…Баса айтмакчы, Таир каякта?
-Кайсы Таир?
-Мени олумдон куткарып чыккан кыргыз жигитчи?
-Аны мен олтургон жокмун башкалар олтурушту.
-Демек маркум болгон экен да…, ыйманы саламат болсун кайран жигит. Кана кененирээк айтып берчи ал жонундо, кантип эмне кылып олтурдунор?
-Бизде чыкынчыларды катуу жазалашат. Жип менен бутун байлап туруп асмандата асып уч кун бою камчы менен сабашты. Эгерде чынымды айтсам аны кой куйкалагандай куйкалап олтурушту. Атугул кулун да калтырышкан жок, талаага чачып жиберишти. Айтчы Рашид сен мени эмне кыласын олтуросунбу?
Рашид жооп бербей бир азга ойлонуп турду, анан Саиддин жузуно тике карады.
-Эсиндеби, ошондо экообуз мушташтын аягына чыккан эмеспиз. Мен ошондо сенин ким экенинди чыныгы жузунду коро алган эмесмин. Балким чын эле кыйын мушташарсын же алсыздарды сабап копчулуктун козуно кыйын болуп корунумуш этип жургондурсун. Даярдана бер, экообуз эми чындап беттешебиз, сенин чыныгы жузунду коргум келет.
-Качан беттешуу болот?
-Мен айтам озум…
-Эгер женилип калсамчы, мени олтуросунбу?
-Сен деген женилбес адам эмес белен, эмне озуно ишенбей калдынбы?
-Спортто ар кандай болот, балким женилишип калышым мумкун. Анда эмне кыласын?
-Аны коро жатарбыз, качантан бери озуно озун ишенбей калгансын. Ооганда атагы чыккан эн кыйын мушташкан сен элен го…,Рашид башка соз айтпай, артына кайрылбай чыгып кетти. Алардын жанында тургандар эч нерсени тушунушкон жок. Саид акырын барып темир кроватка чалкасынан жата, шыпканы тиктеген боюнча ойлонуп калды.

Келишуу

Рашиддин озунун шефине беттешуу тууралуу четин козгоп кирди эле ал дароо кыйкырып кое берди.
-Сен эмне контрабандист туткундар менен мушташып, казарманын ичине шоу корсоткону жатасынбы? Ал ким сен ким, чет элдик туткундардын алдында озунду кичине кое билип журсон. Сен деген катардагы солдат эмесин да. Контрабандист ким сен ким, экоонордун айырманар асман менен жердей.
-Тушундурууго уруксатпы?
-Тушундурбой эле кой, алар деген силер сыяктуу мушташканды билишпейт. Силер го кундо машыгасынар, алар болгону наркотика менен жургон кишилер, балким наркомандыр?
-Мен…
-Отставить, бар бошсун!
Рашид дагы бир нерсени суйлойун деп келатты эле тигил кыйкырып кое берди.
-Мен сага эмне дедим?
Рашид колун чекесине ала честь берди да сыртка чыгып кетти. Жолдо озу менен озу суйлошуп кетип баратты.”Мына баары тетирледи. Зоокур озу келип алдымда турат. Муну менен честный бой кылып жакшылап мушташсам кандай гана жакшы болот эле. Кантип шефти тушундуруп, андан уруксат алсам? Ал мени тушунгусу келбей жатпайбы. Эмне кылсам?”.
Наряддан келгендин эртеси куну эле Рашид Мамедовго барды дагы болгон кырдаалды айтып, откон тарыхын айтып тушундуруп берди.
-Ушундай дос, арадан ушунча жыл откондон кийин бул зоокурго кайрадан жолугуп жатпаймынбы. Аны менен честный бой кылып согушкум келет. Ооганстанда муну менен мушташканда мен коп жеримден алсыз болчумун. Айнектен тилинген буттарымдын жарасы али айыга элек болчу. Он жак далыма же тагыраак айтканда он колумдун булчунуна ок жанылган жер да али айыга элек болчу. Анын устуно устоко-босток бул зоокурдон турмо ичинде токмок жеп атып алым да кетип кыйналып аран согушкам. Мен эми озумдун ким экенимди доказать этишим керек. Балким ал чын эле жакшы согушаар, а балким жон эле калп герой болуп жаткандыр? Андан коро сен озун барып шефке жакшылап тушундуруп, суйлошуп корбойсунбу. Канча кылса да сен мага караганда кобуроок кызмат отоп калбадынбы. Кадыр-баркын да бар, сени жакшы тушунот, угат. Мени уккусу келбей жатпайбы.
-Мейли аракет кылып коройун.
-Аракет кылбай эле созсуз ишке ашыр. Силерге деле кызык болот. Бекер беттешууго кубо болосунар.
-Жарайт.
Саидге айттырып коюп “эгер шефим уруксат бербей койсо эмне кылам, анда мушташкандан озу качты, коркоктук кылды деп ойлоп калат да. Мамедов эми ага жакшылап тушундуруп бере алса экен, мени уят кылбай” Рашид басса-турса эле ушуну ойлоп атты. Ошол боюнча Саидге бара элек болчу. “Начальнигибиз, шефибиз уруксат бербей койду деп барсам тигил дароо эле башын которуп “коркоктук кылдынбы?” деп чыгат. Анын алдында даана ошондо шагым сынат, мындан откон уят жок.
Арадан уч-торт кун откондон кийин полковник Рашидди озуно чакырып алды.
-Кел отурчу мындай суйлошолу… Мамедов мага бардыгын айтып берди. Сен дагы мен дагы экообуз тен бир убакта Афганда кызмат кылганбыз. Мен сага тушуном, бирок ошол сен айткан Саид экенин кантип далилдей аласын? Балким башка Саиддир?
-Биринчиден анын коз карашы туболукко эсиме сакталып калган. Экинчиден анын моюнундагы мен салган тырыгы ошол боюнча эле турат. Анын устуно ал озу да мени тааныды.
-Болуптур ошону менен кайрадан согушкун келип атабы? Женилип калсанчы, озун гана уят болбой бутундой казарманы уят кыласын да.
-Уятка калтырбоого аракет кылам. Кимдин ким экенин королу,балким ал дагы кыйын мушташышы мумкун, бирок мен жендирбейм деп ишенем озумо.
-Ал дагы мушташабы?
-Кунгфу, каратэ, таэквондону жакшы билет, курош, бокска анча шыгы жок.
-Демек восточный спорт менен машыккан экен да?
-Так точно.
-Балким сен эмес башкалар менен беттештирип, сынап корбойлубу?
-Жок аны менен эски бутпой калган эсебим бар…
-Болуптур, айтканындан кайтпай кокбеттенип эле калдын. Уруксат берем, биз коро элек онорлорунду корсотчу.
-Бетешууну качан назначить этели?
-Мен озум айтам.
-Каякта откоробуз?
-Албетте спорт залда болот да. Бошсун кете бер.
-Сизге чон рахмат.
-Смотри бизди уятка калтырба!
-Кете берсем болобу?
-Бара бер.
Рашид шефтин болмосунон тим эле аябай кубанып, жыргап чыкты. Омуру мындай кубанбаса керек. Озунун тээ качанкы душманы менен кайрадан беттешкени жатса.
-Эмне болду уруксат бердиби?,-сыртта Ысман, Мамедов дагы уч-торт офицерлер аны кутуп турушкан болчу.
-Уруксат берди, Кудай буюрса аны менен беттешмей болдум.
-Кутуктайм, эми бизди уятка калтырып алдыра корбо, капкайдагы бир туткун контрабандисттен женилип… Анда эле ит болдук дей бер.
-Коркпогула уятка калтырбайм силерди.

Рингде

Казарманын спортзалында мынчалык коп эл чогулган эмес. Контракт менен иштеп жаткандар да, эки жылдык мооноттогулор дагы бир да бири калбай келишиптир. Ортодо бокстун атайын рингги бар болчу. Рашид менен Саид ошол жерде беттешмек.
Берки болмодо отурган Рашид каалганы акырын ача зал ичиндегилерге бир сыйра коз жугуртуп койду. Концертке келишкендей элдердин ушунчалык коп чогулганына тангала башын чайкап койду. Дал эле ортодогу отургучта шефтин отурганына козу чалды. Анын жанында спорт кийимчен машыктыруучулар отурушат. Коп отпой эле Саидди алып келишип, чечиндирип, кызыл спорттук шым кийгизишти. Рашид болсо кок спорттук шым кийип алган, болду башка эч нерсе кийинишкен жок, буттары да жыланайлак. Рашид Саиддин ар бир кыймылына коз жугуртуп турду. Дене тузулушу мурдакыга карганда башкачараак болуп калыптыр. Баягы чытырап турган булчундары жок, курсагы да чыгып кичине толгонсуп кетиптир. Мурдагыдай бой которо менменсинуу жок, алда немеден чочулагандай Рашидди карай берди. Бир кезде анын жанына бери карай басып келди.
-Эгерде женилип калсам эмне болот, мени олтуросунбу?
-Мурун деле шарт ушундай эмес беле, ошондо эгерде мен женилип калсам мени эртеси куну эле олтуруп таштамаксын туурабы?Озун айтпадын беле, женилсен эле ишин бутту деп. Мага чейин деле далайлардын женилгендерин олтургон турбайсынбы.
-Мен сени ошондо женилип калсан олтурмок эмесмин, болгону жон эле коркутуп коеюн дегем.
-Бангизатты сайганы жатканынды унутуп калдынбы. Эгер Таир мени куткарып чыкпаганда сен мени ошол куну созсуз олтурмоксун, туурабы? Андан коро женилбоого аракет кыл. Жакшы мушташчу эмес белен, эмнеге чочулап жатасын, ошондо мени кандай токмоктодун эле, азыр деле дал ошондой токмокто,-Рашид артын карабай зал жакка чыгып кетти. Аны солдаттар кыйкырып тосуп алышты. Ортодогу рингге чыгып, дал эле бет мандайында отурушкан шефи менен машыктыруучуларына башын ийип салам бере анан ары-бери баса баштады. Саид чыкпай атып коптон кийин чыгып келди. Мурун ортого чыкканда эки-уч жолу айлан-кочок жасап келип шпагатка туруп калчу эле, бул жолкуда жай басып келип экинчи бурчка турду. Чыгыш элдеринин мушташуу ыкмалары боюнча машыктырган улуту корей машыктыруучу калыс болуп берди. Залда отурган коруучулорго Рашид менен Саидди тааныштырып отту. Бул жерде эрежесиз мушташуу болгону менен калыс адам бардыгына коз салып турду.
Биринчи ышкырык чыкканда залда отургандардын бардыгы заматта дымый тушушту. Экоо эки жактан бири-бирине жакындап келишти. Рашид тигинин моюнун Кудайды карабай тиштептир, тырыгы алыстан эле кадимкидей байкалып турат. Саид мурункудай устокко-босток чабуул койбой тескерисинче аябай сактана, коргонуп атты. Соккуну Рашид баштады. Буту мененэки-уч жолу тээп отту эле тигил анын соккусун тосуп, коргонуп койду.Экинчи- учунчу соккусун да тосту. Экоо согуша турган тооктордой бири-бирлерин андыша рингдин ичинде тегеренип журушту. Демейде атырылып келип биринчи кол салчу Саид эмнегедир кол салганга даабай жатты. Бир жолу Рашидден бетке катуу жеп алды.Ото шамдагайлык менен айланып келип бетке тээп откон болчу.
-Эмне мушташпай жатасын, тируу калам десен мушташ,-Рашид аны кокуто да, коркута да берди. Бир кезде кутулбогон жерден кунгфунун ыкмасы менен Саид Рашидди чаап отту эле аз-аз жерден кулап барып кала жаздап онолду. Буга кичине шердене тушту, акырындап ага да жан кире баштады. Адегенде чочулап жатты эле, эми кез-кез чабуул жасай мушташканга отту. Биринчи экинчи мушташ коруучулор учун анча деле кызыксыз болуп отту. Саид дагы акырындап калыбына келе беттешуу уламдан улам кызып баратты. Залда отурган коруучу лор да чуулдаша кыйкырып атышты. Ортодо отурган полковникке да конул болбой калышты. Шефтин озу да берилип коро баштаган болчу.
Чындыгында эле чыгыш элдеринин мушташуу онорун жакшы оздоштургондон тышкары Саидде каруу куч да барэкен. Бир жолу эки колу менен Рашидди чап эте кучактай кысып алды дагы таптакыр кучагынан чыгарбай, кое бербей койду. Болгон кучу менен тырышып катуу эки-уч жолу булкуп корду эле андан майнап чыккан жок. Талуу жерлерине далдап туруп согуп да корду, баары бир эле кое бербей туруп алды. Атугул ошол кучактаган боюнча катуу кысканда дем ала албай козу карангылап барып онолду. Кокусунан илгери озу тиштеп алган мойнундагы эски тырыкты коруп калды. Оозун кере ачып тиштегендей тур коргозуп ошол жакты коздой тап берип корду эле жалкып калгандай Рашидди дароо кое берип жиберди. Мынчалык узак убакытка мушташкан беттешуу дегеле болуп коргон эмес. Улам эс алып кайра ортого келип отурушуп, экоо дээрлик бир сааттан ашык мушташышты. Бири-бирлерин ута албай коюшту, алдары кетип кушулдоп-бышылдап аран дем алып атышты.
-Болду эс алгыла, тен-тенсинер, -мушташка козомол кылып аткан ортодогу калыс киши эрегишкен таймашууну ушуну менен токтотоюн деди эле Рашид кок беттенип , намысына келип болбой койду.
-Биз ушул беттешуудо эле сонуна чыгышыбыз керек. Кимибиздин эркибиз кучтуу, кимибиз аягына чейин чыдап бере алабыз азыр коробуз. Ортодо болгону он муноттой танапис жарыялашты. Экоо тен рингден чыгып, сырткы таза абада ары-бери баса башташты. Экоонун тен бети-баштары кызыл-ала болуп канаган болчу. Рашид менен чогуу спорт залда машыгышкандар аны тегеректеп калышты.
-Бул контрабандист кыйын мушташат го ыя?
-Мунун кыйын мушташканын кантип билип алдын?
-Мурун бир жерде машыктынар беле, же…?,-бардыгы туш-туштан жабыла суроо бере башташты.
-Бул долгая история айтып берип отурса, кийин шашпай айтып берем…
-Танапис бутту,-калыс болуп жаткан киши саатын карап кайрадан экоону рингге чакырды. Сыртка тамеки тартканы чыккандар кайрадан шашыла залга киришип, ордуларына отурушту. Калыс ортого келди дагы отургандарга жарыя кылды:
-Оздорунун отунучу боюнча беттешуу кайрадан улантылат. Экоо бири-бирин таптакыр женгенге чейин мушташ улантыла бермекчи. Чонтогунон ышкырыгын алып чыгып баштай бергиле дегендей белги берди. Булар ышкырыктын негизинде мушташып жатышкан, калыс ышкырыгы менен ышкырганда мушташууну улантып турушту.
Саид Рашидге жакыныраак келип акырын ун катты.
-Айтчы, эгерде мен женилип калсам эмне болот, атып таштабайсынарбы?
-Сен деген женилемди ойлобой, женемди ойло, эгер женилсен оз убалын озуно, менден жакшылык кутпо. Мага мурда кандай мамиле жасасан мен дагы ошондой мамиле жасайм сага.
-Кечирим, аео деген болбойбу?
-Болбойт, ошондуктан женилбоого аракет кыл.
Рашид женилбесин, мушташсын деп муну атайылап айтып жаткан болчу. Мушташ кайрадан уланды. Экоо мушташпай эми кучакташып курошконго отушту. Рашид самбону жакшы оздоштургондуктон эки жолу тапатак которуп чаап, жерге басты. Бирок алдында жаткан адамды муштап сабагысы келген жок. Бир аз муунта кармап туруп кайра тургузду. Мушташуу учурунда эки-уч жолу бетке катуу жеп беттери жарылып кеткен болчу. Саиддин да козунун алды менен жаагы жарылып кан агып жатты. Булардын беттешуусуно болуктун командири да эркине койду. Рашиддин эркин атайылап сынап текшерип коргусу келген. Дал эле экооно жакын биринчи катардагы отургучта унчукпай карап отура берди.
Рашид Саиддин болгон мушташуу ыкмаларын оздоштуруп, жаттап алды. Ошондон кийин таптакыр сокконго, тепкенге мумкунчулук бербей койду. Саид да тигини озуно жолотпой жакшы коргонуу жасап, соккусуна жараша сокку берууго аракет кылып атты. Тээ жаш кездерде уйронгон каратэнин ыкмасын пайдаланып корууну чечти Рашид. Ушунча болуп ал ыкмаларды омуру колдонуп коргон эмес эле. Кадимки эле буркуттой болуп шукшурула секирип, болгон кучу менен эки жолу моюнга тээп отту. Учунчу жолкусунда бетке тепти. Саид чындап эле чарчап калдыбы, же анын бул ыкмасына туруштук бере алган жокпу жерге томолонуп барып кайра туруп келди. Жаш кезинде уйронгон каратэнин жонокой эле сокку бергендин уч ыкмасын пайдаланып корду. Ууда-уудаа бетке жеген Саид согушканга да, каршылык корсотконго да жарабай калды. Болгон кучун топтоп катуу кыйкыра Рашид аны моюн тушка тээп отту эле Саид рингдин арканына асыла андан отуп сырттагы дал эле командирдин алдына онкосунан кулап барып жатып калды. Рашид да сыртка чыгып Саиддин башын которду. Козун аран ачкан Саид акырын ооз учунан кунк этти.
-Мени эми олтурорун эле калды окшойт…
Рашид анын созун укпай жерден тапатак которуп алды дагы кайра рингге алып келип дал эле ортого таштап койду. Саид башын которо ордунан турайын деп келатып озун озу кармана албай кайра чалкасынан кулады. Экинчи жолу которулуп келатып тен салмагын кармана албай рингдин арканына асылып калды. Рашид анын жанына басып келди.
-Кана Саид мырза, эми эмне демекчисин?
-Мен бир жашыруун сырды айтайын мени аман калтырып, жайыма кое бересинерби?
-Кулак сенде?
-Аны бул жерден айтканга болбойт, андан коро эгер ошол жашыруун сырды айтсам мени аман калтырам, кое берем деп соз бер…
-Болуптур, ал эмне болгон сыр?
-Бул ото манилуу нерсе озгочо силер учун. Силердин мамлекет учун… соз бер олтурбойм деп…
-Кууланып, эптеп кутуулунун амалын коздогон жоксунбу?
-Жок.
-Анда муну тигил жактан силер отурган болмодон суйлошобуз.
-Ал жак дагы болбойт. Ал жакта менин кишилерим бар да,алардын козунчо айтканга мумкун эмес. Кана эркектерче суйлошолубу, сен менин жанымды аман коесун, а мен сага бир жашыруун сырды айтып берем, кол алыштыкпы?
-Болуптур кол алыштык, бирок амалданып кутулуп кетем деп ойлобо…
-Бу менин чын созум.
Экоо кол алыша Рашид ордунан туруп кетти эле бери жакта отурган коруучулордун бардыгы жеништин салтанатын кылыша аны колдоп, болгон кучтору менен кол чапкылап, ышкырып, кыйкырып атышты. Саид ордунан тура албай койгондуктан ары жактан экоо келип колу-буттан ала которушуп санитардык болмого алып жоношту. Рашид аларды кууп жетип буйрук бере суйлоду.
-Муну мед.пунктка эмес, залдын тигил болмосуно алып баргыла.
-Жолдош капитан мунун ахыбалы оор го…
-Отставить, мен силерге эмне дедим. Тигил жакка алып баргыла.
Оздорунчо кункулдошкон эки жоокер Саидди Рашид корсоткон болмого алып киришип, эки-уч отургучту кыдыракей тизип устуно жаткырышты. Алардын артынан удаа кирген Рашид унун октом чыгара буйрук берди.
-Силер сыртта кутуп тургула. Эшикти жаба кеткиле! Экоо сыртка чыгып кетишти да эшикти жаап коюшту. Ал эми залдагы коруучулор болсо кызыктуу, дээрлик бир жарым саатка созулган бетешууго маашырланыша акырындап сыртка чыга баштады.

Жашыруун сыр

-Кана Саид мырза кулак сенде, эмнени айтайын дедин эле?-Рашид сырт жакты акырын карап койду да Саиддин дал мандайына келип отурду. Саид айтсамбы, айтпасамбы дегендей бир топко козун жума эч суйлобой жатты. Анан акырын которулуп келип отургучка отурду дагы Рашидге тике карады.
-Албетте муну айтпай деле койсом болмок, бирок бир четин чыгаргандан кийин созсуз айтышым абзел. Алар мени улам томондотуп отурушуп минтип катардагылардын катарына кошуп ташташты. Мурункудай аларда менин кадыр-баркым да жок. Негизи бул топ курал анан бангизат менен гана алектенип калышкан. Кавказ тарапта анан Европа олколорундо жакшы байланыштары бар. Ири олчомдогу героиндерди, куралдарды дайыма Кыргызстандын туштук тарабынан алып отуп турушат. Силер аларды байкабай откоруп жибересинер. Мына жакында дагы ири олчомдогу героин жана коп сандагы курал-жарактар дал ушул жактан отот.
-Эмне болгон курал-жарактар?
-Эмне болгон куралдар экенин кармап алсанар озунор коросунор. Ал эми каякка алып баратышканы силерге анча деле тиешеси жок. Европа жана Кавказ тарапка алып отушот.
-Дагы эмне айта аласын?
-Болгону ушул…
-Куралдарды эмне менен алып отушот?
-Поезд.
-Поезд менен кантип алып отушмок эле?
-Бул биринчи жолу эле отуп жаткан жок да…
-Интересно, а бангизаттарды да поезд мененби?
-Жок. Аны тоо аркылуу жашыруун откоол аркылуу алып отушот.
-Жашыруун откоол дейсинби? Ал эмне болгон жашыруун откоол?
-Ал откоолду силер, силердин чек арчыларынар билбейт…
-Интересно, кандайча билбейбиз? Чек аранын бут картасы бар да, биз деген бул жакты коен жатагына чейин билебиз…
-Ошо силер билбеген учун отуп атышат да дайыма ири суммадагы героиндерди алып…
-Ал откоолду картадан корсотуп бере аласынбы?
-Билбейм, мындай озун корсотуп бере алам…
-Сенин кызык маалыматын бар экен. Баса, айтмакчы тигил жактан курал-жарактарды качан алып отушот?
-Аз убакыт калды эки аптадан кийин…
-Героиндердичи?
-Аларды кийинки аптанын жекшемби куну.
-Жалган айткан жоксунбу?
-Мен болгонун айттым, ишенсенер, ишенбесенер озунор билгиле.
-Мунун баарын эмнеге бизге айтып таштадын?
-Биринчиден мен аман-эсен бул жактан кетишим керек, экинчиден тигилердин операцииясынын ойрондолушун каалайм. Мурун мен алар менен иштешчумун. Азыр болсо алар мени жек корушот. Эн эле оор жумуштар болсо бизди жонотушот. Кыскасы тозоктун оту каякта куйуп жатса ошол жакка бизди жумшашат. Эгер сен созуно туруп бул жактан кое берсенер Кавказ тарапка отуп кетем да изимди суутам. Ал жакта бир тууган агам жашайт, ошого кошулам. Экинчи тигил жакка кайтып барбайм.
-Куралдар канча вагон менен келет?
-Аны так айта албайм, коп эле.
-Тушунуктуу…, азыр тигил мед.пунктка барып жарылган жерлеринди тандыр дагы озундун адамдарына кошулуп эс ал. Эртен же башка куну сен айткан жашыруун отколду текшергени барабыз.
-Мени эми тигилерге кошпой эле озунчо камагыла. Бир нерседен шек алып калышса алар мени олтуруп коюшат.
-Болуптур эрк озундо, менин шартым бул. Сенин айткандарындын бардыгын текшеребиз. Буга озун дагы катышасын. Эгер айткандарын чын чыкса анда кое беребиз, каалаган жагына кетесин, бирок Кыргызстандын аймагына эмес. Анда бар, эртенкиге чейин эс ал, сага башка болмо берип жайгаштырабыз. Бугун экообуз катуу иштедик.
Раид залдан чыгып кетти эле сыртта кутуп турган эки жоокер Саидди медпунктка жетелеп кетишти, андан Рашиддин айтуусу менен аны башка болмого жалгыз алып барып жаткырышты. Ичи жакшы жасалгаланганы менен анын деле турмодон айырмасы жок экен. Терезелери темир менен тордолгон, каалгасы болсо калын темир менен капталган, качканга эч мумкунчулук жок болчу. Рашид дароо эле кырдаалды тушундургону озунун “шефин ”карай жоноду.

Тоо боорундагы откоол

Ошонун эртеси куну эле Рашид шефинин дайындоосу менен жакшы куралданышкан он чактыдай жоокерди алып Саидди эрчите чумкомо машинеге тушуп, журуп кетишти. Ал карта боюнча Саиддин корсоткон жагына кетип баратышкан. Качып кетпесин же кол салып жибербесин деп Саиддин колуна кишен салып коюшкан болчу.
-Ал жашыруун откоолдон оттун беле?- жолдо баратканда Рашид Саидден сурай кетти.
–Ооба,бир канча жолу ири бангизат алып отконбуз…
-Бул жолкуда эмне алып откон жоксунар?
-Тигил силерде отургандар ал откоолду билишпейт. Эгер алар да билип калышса анда бардыгы ошол жерден ото башташмак, анан бат эле силерге билинип калмак. Азыр билингени кайра жакшы мен учун, ал жерден эч ким ото албай калат. Мен болсо алардан алыстап алыс жакка кетип калам. Алар менен байланышым ошол боюнча узулот. Калган омур жашымды адамча жашагым келет.
-Канчадасын?
-Кырк бештен оттум.
-Уйбулон барбы?
-Уйбуло бар болсо ушинтип корунгон жерде тентип журмок белем. Бир жерде туруктуу отурукташмакмын да калмакмын.
-Деги уйбуло кутуп кордун беле?
-Бобул кандуу колум менен кантип уйбуло кутом. Канчалаган гана адамдардын омурун кыйбадым. Мен учун киши олтуруу чычкан олтургондой эле болчу. Мендей канкорго ким тиет,-ал озуно ачуулана алаканы менен чекесин чаап койду. Ошол боюнча алар жол карата эч соз суйлошкон жок. Бир саат жол журушкон сон бардыгы машинеден тушушуп жоо жаландап жогору карай тоо кыялап которулуп жоношту.
Тоо ордоп улам ойдологон сайын суук тарта Рашид ичиркене баштады. Тигил чек арачыларга салыштырмалуу шашылышта женил кийинип алган. Алар дээрлик бир сааттан ашык жол басышты. Бул аралык ичинде эки жолу тыныгуу жасашты. Эки жерден жолдон оздорунун чек арачыларына жолугушушту. Оздорунун келаткандары тууралуу мобилдик телефон менен аларга алдын ала эскертуу берилген. Анча чон эмес топту тосуп алып, айлана-чойродогу кырдаалды тушундурушуп, андан ары узатып жиберип, жолдо калып калышты. Чон бийик жардын тубуно келгенде алар токтошту. Рашид Саидге кайрылды.
-Мындан ары отконго болбойт, ары жагы Кытай чек арасына кирип кетет. Сен айтып жаткан откоолун кайсы тушта?
-Жардын тигил жагына айланып отуу керек, анан жогору которулобуз, -Саид озу алдыга тушуп алып жол баштап жоноду. Аны сынай карап турган Рашид артында турушкан чек арачы жоокерлерге кеттик дегендей башын ийкеп белги бере Саиддин сонунан ээрчип жоношту. Анча чон эмес жарды айланып отушкон сон жогорулап орго чыга башташты. Жардын башына чыгып келишкенде тээ томон жак кытайлардын чек арасы менен чекарачылары кадимкидей корунуп турду. Кун туштон ооп аба табы да кайтып бараткан. Саид Кытай чек арачыларына акырын коз жугуртуп алып анча бийик эмес жарды айлана басты. Жар боорундагы томон карай кетчу ичке жолго окшогон немени корсотту.
-Мына бобул жолду кордунорбу, жол экени анча деле билинбейт. Тээ илгери 1916-жылдары силердин орустарынар кыргыздарды кыра баштаганда дал эле ушул жашыруун откоол менен карай тушуп кетишиптир, Кытай тарапка… Рашид томон карай кетчу ичке жолго окшогон нерсеге бир сыйра кылдат коз жугурто текшерип отту.
-Бул жашыруун откоолго деле окшобойт го. Болуптур тигил жактан ушул жакка чейин жогорулап которулуп келишти дейин. Бул жардан кантип томон карай тушушот биздин чек арачылар байкап калышып кармап алышпайбы?
-Шашпа мунун озунчо жашыруун нерсеси бар,-Саид анча бийик эмес жар тарапты коздой кадам шилтеди. Дал эле жардын тубуно келген сон кайра артка бурулду.
-Айлана-чойронордон бир нерсе байкадынарбы?
Рашид айланасына кунт коюп карап чыккан сон, жерден аттын таксынын жана башка малдардын туяктарынын издерин байкады.
-Ооба байкадым, бул жерден топоздор менен аттар отушуптур…
-Дагы эмнени байкадын?
Айланасына бир сыйракоз жугуртуп чыккан сон башын чайкады.
-Башка эч нерсе…
-Тээтигил бурчтагы арчага окшогон осумдукту кордунбу, андан эмнени байкадынар?
-Кадимки эле тоодо оскон карагай-чер го?
-Ошону кунт коюп жакшылап байкачы?
-Бир эле озгочолугу турат…
-Эмне озгочолугу?
-Куз айы болсо да жапжашыл боюнча эле экен, тангалыштуу.
-Бул жерде тангалуунун деле кергеи жок, ал атайын тигилген озгочо бак.Муну осконуно аябай эле коп жыл болуптур. Жургуло корсотойун эми,-Саид алдыга тушуп алып ошол бакты айланып отту эле жар боорундагы киши тугул ат батып кечудой болгон чон оюкту корушту. Рашиддин тангала турганы чек арачылар менен томонку жардын тубунон отуп баратканда бул жакты деле текшерип конул бурушчу эмес. Кундо текшерчу да оздорунун багыты менен кете беришчу. Корсо жар бетиндеги оюкту бак далдалап корсотпой салат турбайбы. Али коргондон коро электери коп экен. Ункур атайын кол менен казылып жасалгандай.
-Балким илгери кол менен казып атайын жасашкандыр? Кайсыл кылымга тиешелуу экенин ким билет?- Саид алдыга тушо бардыгы кууш коридор сыяктуу откоол менен жар ичине кирип улам томондоп журуп отурушту. Бардыгында тен кол фонарик бар болчу. Улам арылаган сайын карангылап журуп отуруп дээрлик элуу кадамдай жол журушту. Анан жардын аркы бетине чыгышты. Каяктан чыгышканын оздору да баамдай албай жатышты. Оздорунон тээ элуу чакырым жердеги айылды корушкондо гана кайсыл жерде турушканын баамдашты.
-Мына бул жердеги жалгыз аяк жол менен томон карай тушуп отурушат. Бул жерди силердин чек арачыларынар коп текшеришпейт. Жургуло андан аркысын корсотойун, Саид алдыга жол баштап томон карай журуп отурду. Эки тарабы бийик тоо ортосунда кокту болгондуктан томон тушо башташканда эки жагы анча корунбойт экен. Алар дээрлик жарым сааттай жол журушту. Рашид бул жердеги адамдары менен бир канча жолу отушкон. Шектуу эчнерсе деле байкашкан эмес. Корсо контрабанданын негизги ото турган жолу ушулэкен да.
Биринин артынан бири эрчишкен топ уламдан улам томондоп отуруп жол боюна чыгышты.
-Мына дал эле ушул жерден аларды тосуп алышат да машинелерге жуктошуп коздон кайым болуп кетишет. Алар менен иштешкен силердин милиция кызматкерлеринер да бар. Сыягы калган милдеттерин оздору колго алышып, тигил жакка откозуп узатып жиберишет окшойт. Алар ири олчомдогу бангизаттарды башка чекараларга откозуп беришет да ошон учун чон суммадагы акча алышат. Каяктын милиция кызматкерлери экенин билбейм. Менин болгон эле жашыруун сырым ушул, калганын болсо кийинки аптада оз козунор менен коросунор,-Саид бангизат жуктолгон машинелердин каяк жакты коздой кетээрин коргозуп берди. Демек, Озбекстан, Казакстан, Орусия тараптарга отуп кетип турат экен да ушул откоолдон. Баарынан кызыгы алар кайра ойдо которулуп келатышканда алдынан чек арачылар чыкты.
-Силер мындан эки саат мурун ойдо жака которулуп кетпединер беле. Кандайча кайра ылдый тушуп калдынар?,-алар тангалып жатышты. Ушунча топтун бирин да корушпоптур. Рашид баштаган анча чон эмес бул топ оздорун кутуп турган чумкомо машинеге тушушту да шашыла казарман тарапка жоноп кетишти. Бул жашыруун откоолду толугу менен оздоштуруш керек болчу.
Бул боюнча толук маалымат шефке кабарлаган сон откоолдун эч нерсесин калтырбай толугу менен текшерип, картасын, схемасын бут эч нерсесин калтырбай чийип алыш учун атайын оперативдуу топ дайындалды. Алардан негизги тапшырмасы уч кундун ичинде толугу менен анализ жасап, аныктап, тактап схемасын чийип, анан кайтып келип шефке тушундуруп айтып беруу болчу. Чек арачы жоокерлер эки жагынын кире бериштерин кылдат кайтарып калган негизги болук элуу метрлик жар ичиндеги откоолду бут эч нерсесин калтырбай текшерип, картага чийип алышты.
Ошондон кийин гана чон операцияга катуу даярдыктар коруло баштады. Адегенде контрабанданы кайсыл жерден кармоону пландаштырып, буктурмага ылайыктуу жерди издештиришти. Жардын ичиндеги откоолдон чыгышкандан кийин дагы элуу кадамдай томон тушушкондо аларды буктурмага ала турган ылайыктуу жер бар экен. Жогорку жактагы тоо беттериндеги таштарга далдаланып негизги топтор алдын тосуп турушмак. Калган топтор болсо кайра артка качканга мумкунчулук бербей жардагы откоолду тосушмак. Схема чийилип келген сон алдын ала даярдыктар катуу коруло баштады. Буга дээрлик тандалма торт взвод катышты. Тээ жогорку жактагы кире бериштеги жерге атайын козомол дайындалды. Ал жар башына туруп алып контрабанданын ар бир кыймыл-аракетин байкап, баяндап турмак. Томон жактагы жол боюнда контрабанданы тосуп, бангизаттарды алып, андан ары кетчу машинедегилерди дагы курчап кармоо учун озунчо атайын топ тузулду. Аларга эки БТР машинелери берилди. Контрабанда келерине аз убакыт калган сайын казармадгы жоокерлерге тынчтык болбой калды.Алар эки кун мурун эле операцияны башташкан болчу. Атайын эки вертолет жардамга келди. Эгерде контрабанда катуу каршылык корсотушо турган болсо асмандан аларга сокку беришмек. Негизинен операция алдын ала жакшы иштелди, эми эн башкысы эле алар мунун жытын сезип калышып же бул жактан бироолор аларга кабарлап коюшуп,операция булгунго учурабаса болду.
Алар Саид айткан кундон эки кун кечигип келишти. Кимдир бироолор кабар берип билип калдыбы, же Саид жалган айтып койдубу деп сарысанаа боло башташкан. Ангыча эле тээ жогорку жактагы жардын башында турган козомолчулордон бутундой кербендин келе жатышканын баяндады. Ал жогору жактан дурбу менен карап ар бир кишини санап чыгыптыр. Дээрлик жыйырмага чукулдап барып калышат.Эки топоз, уч эшек, анан торт атка арта салынган мушоктору да бар экен. Эн эле эскерте кетчу нерсеси бардыгында тен атуучу куралдар журот.
-Даярдангыла!
Ансыз деле даярдыкта турушкан жоокерлер куралдарын алыша чачыраша орду ордуларына жайгашышты. Бул операцияга начальник озу да катышып жаткан болчу. Ким кайсыл жерге жайгашат, эмне иштерди аткарат ал озу буйрук берип атты.
Бардыгы тен бири да калбай жардын ичиндеги оюкка кирип кеткенин жогорку жактагы козомолчулор рация аркылуу кабарлашты. Ошол боюнча алар дээрлик жарым сааттай жоголушту. Жардын томон жагындагы тешиктен качан чыгышат деп кутуп турушту. Улам дурбу менен карап атышты. Алар чыкпай коюшкан сон эки тараптан тен откоолдун ичине чабуул коюп кысымга алууга даярдана башташты. Жардын аркы бетинде тургандар менен байланышып откоолдун оозун тоскула деп буйрук берди. Жогору жактагы жоокерлер жашырынган жерлеринен жардын оозуна тушуп келишти. Бери томон жактагылар да жаныдан даярдана башташкан. Дал эле ошол маалда жардын оозунан тигилер кумурскадай болуп, биринин артынан бири эрчише чубашып чыга башташты.
Ар бир чыгып аткандарды дурбу менен бирден санай башташты.
-Бир,эки, уч…,-аягына чейин санап чыккан полковник кабагын чытый башын чайкап койду,- ой-бой-оо-ой, булар бир топ эле экен го. Мыкты да куралданышыптыр. Ото эле сак болбосок булар созсуз каршылык корсотушот. Чек арадан мындай коп откон адамдарды биринчи жолу кезиктирип жатабыз. Биздин адамдардан окко учуп олушу ыктымал, эгерде тигилер каршылык корсотушсо…
-Ушундай коп сандагы контрабандисттер балким биринчи эле жолу отуп атпагандыр. Анткени бул откоолду биз мурун билбегенбиз да –начальниктин орун басары подполковник Шыгаев дурбу менен бандалардын кандай куралданышкандарын байкай, акырын жооп берип жатты,-бул контрабанда бизден да жакшы куралданышыптыр. Буктурмадан ынгайын таап ортого кармабасак, катуу атышуу болуп кетчудой. Жардамга подразделение, кошумча кучторду чакырсакчы, спецназчыларды?
-Кереги жок муну деген жогору жактагыларга билгизбешибиз керек. Канча наркотик бар экенин бизден башка эч ким билбеши керек. Эгер коп сандагы наркотик болсо анда сексен процентин озубузго жашырып калабыз да жыйырма процентин жогору жактагыларга доложить этип, откоруп беребиз.
-Сексен процентин эмне кылабыз?
-Чет элдик клиенттерге жонотобуз озубуз. Билесинби эмне деген акчалар жатат…
-Эгер героин болсо…
-Албетте героин, контрабандисттер героинден башка затты чет олкого алып барышпайт да. Баары тен чыгып бутушту окшойт, эч кимиси тигил откоолдон чыкпай калышты.
-Балким откоолдун ичинде да калгандары бардыр, баары бир кимдир бирооолор откоолду кайтарып козомол кылып турушу керек да. Откооолдун ичинде жок эле дегенде торт-бешоосу калды.Озубуздун эн кыйын деген жоокерлерибизден жогорку жактагыларга, аркы беттегилерге буйрук бербейинби, уруксат болсо. Ары жак тешигинен кирип откоолдун ичин бир сыйра текшерип, тазалап чыгышсын.
-Ооба ал жакка бутундой бир отделениени жонот. Тандалма, эн кыйын деген отделениени жибер. Касымовдун отделениесин тандап ал, алардын бардыгы кыйын, таамай атышкан жоокерлер го, рукопашный бойго да жакшы. Давай убакыт тар, тез арада буйрук бер.
Начальниктин орун басары рация аркылуу тоонун аркы бетиндегилерге кырдаалды тушундуруп буйрук берип кирди. Топоз, аттарды, эшектерди жетелешкен контрабандистер ото эле тездик менен шашалыша коктунун ичинде томон карай кетип баратышты. Сыягы бул жерден мурун деле отуп журушсо керек, ишенимдуу кадам шилтешуудо.
-Даярдангыла!
Командирдин буйругуна дароо эле бардыгы оз-оз ордуларын ээлешти. Контрабандисттер буктурмага чукулдап келип калышкан болчу. Бардыгы тен былк этишпей бир орундарында катып турушту. Ким кандай иштейт, эмне кылышат, бардыгы кун мурунтан пландаштырылган.

Капчыгайдагы кармашуу

Банда дал ортого келгенде катуу куралданышкан жоокерлер алдыларын тосуп чыгышты. Кутулбогон жерден эки БТР далдоо жерден чыга калып катар тизилип тура калышып жолду богоп салды.Солдаттар жашынып турган жерлеринен жабылышып, баштарын чыгарыша автоматтарын алдыны карай сунуп, мээлеп калышты. Мындайды кутпогон контрабандисттер дароо топоздорду, аттарды,эшектерди токтотуша кайра бура башташты. Ошол мезгилде коктунун эки капталындагы тоо боорундагылар дагы баштарын чыгарыша томон жактагыларды коздой автоматтарын сунуп турушту. Дароо артка чегинип баратышкан банданы арт жакта буктурмада тургандар тосушту.. кылтакка тим эле ойлогон план боюнча тушуп беришти. Бирок алар турлоруно караганда багынып беришчудой эмес. Туш-тушка чачыраша таштарга, чункурларга эшек, аттарга далдаланышты. Арттарында асынып журушкон автоматтарын чечип, колдоруна алышты. Ар кимиси ар кандай куралданышыптыр, копчулугундо чет элдик автоматтар, араларында Калашников автоматтары да журот. Эшектерге байланган гранатаметтору да бар экен, дароо аларды да чечип алышты. Эки тарап тен ок атышкан жок, кандайдыр бир кырдаалды кутуп турушту. Командирдин орун басары кучотуп суйлогон микрофон менен томон жактагыларга Ооган, Ирак, орус анан тажик тилдеринде торт тилде суйлоду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   22 Март 2014 - 17:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

-Бардыгынар тен толук курчоодосунар, каршылык корсотконго эч мумкун эмес. Эгерде каршы ок ата турган болсонор бул жерден биринер да тируу чыкпайсынар. Биздин буйрукту аткарып, куралынарды таштап, эки колунарды желкенерге алып бирден бери жакка откуло. Биз анда силерди олтурбойбуз! Айлана бир аз жымжырт болуп турду, сыягы тигилер оздорунчо суйлошуп жатышса керек. Бир кезде ак желек кармап колдорун ойдо которушо экоо чыкты.
-Бери жакка бирден откуло!
Эки колун жогору которушкон экоо автоматтарын коруно жерге ташташып, бери жашынып турушкан солдаттарды коздой акырын басып жоношту.
-Булар каршылыксыз моюн сунуп, багынып беришмей болушту го дейм,-начальник анча ишенкиребей турду.
-Каякка бара алышмак эле, толук курчоодо турушса, бирден терип жок кылып салабыз да эгер каршылык кыла турган болушса.
-Банданын бат эле моюн сунуп беришине кумонум бар, мындай нерселер далай баштан откон Афган согушунда. Эн акыркы айла кеткен кырдаалда гана багынууга аргасыз болушат мындайлар, же болбосо олуп тынышат.
Эки колдорун которушкон экоо жашынып турган чек арачыларга торт-беш кадамдай жакын калганда “Токто!” деген буйрук берилди. Тигилер тушунбогон кишилердей эки колдорун которгон боюнча жерде жатышкан жоокерлерге ото эле чукул келишти. Жоокелердин экоосу далдоо жерден чыга калышып, экоонун алдын тосо, утурлап чыгышты. Эки колун которгон боюнча жан жерлерин текшергени чыгышкан болчу. Жаны эле жакындап келип капталдарын текшере башташканда кутулбогондой катуу жарылуу болду. Катуу эки жарылуудан контрабандистер менен жоокерлердин эч нерсеси калбай тамтыракайлары чыгып кетти. Корсо белдерине, денелерине жардыруучу заттарды байланышып, олумго тике жоношкон жан кечтилер экен. Алардан начальник бекерден бекер шектенбептир. Укмуштуудай катуу жарылуудан ары жакта жашынып турушкан жоокерлердин дээрлик копчулугу мурт кетишти, кээлери оор жарадар болушту. Мынчалык катуу жарылгандарына караганда жарылуучу заттарды денелерине коп кылып оронуп алышса керек. Уюлгуган чан асманга бийик которуло туш-туш жакка сапырылды. Жарылуу менен кошо кыйкырык, ызы-чуу онтогон ундор. Тигилер да муну алдын ала суйлошушсо керек. Жарылуу болору менен ордуларынан атып турушуп, эшек, аттарды жетелеше ошол жарылган жакты коздой дароо эле жабыла чуркап жоношту. Торт-бешоолору ордуларында калышып, туш-тушка жакка мондурдой ок жаадырып киришти. Бардыгы кутулбогон жерден болуп кеткендиктен чек арачылардын да кичине шаштылары кете тушушту. “Аткыла!” деген буйрук берилип, туш-туш жактан октор мондурдой жаап, ортодогу алдыга карай чуркап келаткандардын эки-учоосу онколорунан сайылышты. Айла жок контрабандисттердин бардыгы кайрадан далдоо жерлерге жашынууга,коргонууга туура келди. Атышуу кайрадан токтоду. Чекарачылардан катуу жарылууда тортоо мурт кетип олуп, учоо катуу жараланышып, экоосу женил жаракат алышты. Контрабандисттердин болсо учоо олуптур. Алар дагы мынча жук менен оною менен кутулуп чыга албастарына ишенип турушту, ошенстсе дагы катуу умут менен каршылык корсоткондорун уланта беришти. “Колго тушуп бергиле!”деп экинчи жолу дагы сунушталды. Башкалары багынгысы келип турушса дагы, контрабанданын бангизат алып бараткан уюштуруучусу баш бербей, моюн сунгусу келбей жатты. “Эгерде кимде ким колун которуп, багынып берсе, оз колум менен атып олтуром. Жер кезип, тээ алыстан буларга туткун болуш учун келген эмеспиз. Бизде бир гана нерсе бар, же бардыгыбыз тен ушул жерден олобуз же курчоону жарып отуп кутулуп кетебиз. Тигилердин сунушуна моюн сунам деп эч киминер ойлобогула! ” жетекчи озунун адамдарына талапты катуу койду эле тигилер да анын айтканын кылып моюн сунушту.
-Азыр артка карай кайра ункур жакка жылабыз. Эптеп ичине кирип кетсек кайрадан кучтонуп алып, ары жакка отуп кетебиз. Арт жагыбызда жашынып турган чек арачыларды гранатаметтор менен атып олтургуло. Жол ачылса ункурго киребиз. Башка жактарды жарып ото албайбыз.
Жогору жактан кайрадан микрофондун уну жанырды.
-Куралынарды таштап багынып берсенер биз силерге тийбейбиз.
Контрабанда жетекчиси озунун бандасына буйрук бере суйлоду.
-Кана гранатаметтор менен арт жакта жашынып турган чекарачылардын коздорун тазалагыла. Алардан окторду аябагыла!
Кутулбогон жерден жогору жактагы откоолду карай устокко-босток уч-торт гранатамет атылды. Жогору жактагылар ууда-ууда жарылуудан ызы-чуу тушуп эле жатып калышты. Ошол маалда чек арачылар да туш-туш жактан кайрадан аткылап киришти.
-Жаныбарларды, ат, топоздорду атпагыла! ,-начальниктин орунбасары ортодогу бейкуноо жаныбарларды атканга тыюу салды. Томон жактагылар да муну сезишкендей аттарга, топоздорго далдаланыша кайра артка карай жылып жоношту. Арт жакты тосуп турушкан чек арачылардын бир тобу жарылуудан курман болушуп, бир далайы жарадар болушуп тигилердин жолун торогонго мумкунчулук ала албай калышкан болчу. Контрабандисттер дал ушул кырдаалдан пайдаланышып, курчоонун алсызыраак жерин жарып отушуп, кыйын кырдаалдан чыгып кетишти. Бирок муну менен эле кутулуп кетти дегенге болбойт эле. Баары бир откоолдун аркы бетинде чек арачылардын кучтуу тобу тосуп турушкан. Ошол маалда жогору жактан чек арачылардын вертолеттору пайда болду. Катуу куралданышкан беш-алтыдай контрабандист чек арачыларды тосуп, калгандары болсо шашылыша жар ичиндеги ункурду карай кетип баратышты. Бир кезде томон жактагы эки БТР, аскер техникалары ордунан козголуша ойдо карай бардыгы алардын сонунан ээрчишти. Аларды коздой уудаа-уудаа дагы эки-уч гранатаметтор атылды. Бири БТРдин мандайына тийип жалбырттап куйо баштады эле жоокерлер жанталашып аны очургонго киришти. Бери жакта жашынып турушкан контрабандисттер аларга тоскоол кылып аткылай башташты. БТР артка кетенчиктеп бир топ томон карай жылып кетти. Куйуп жаткан аскер техникасын очургонго улгурушту, туш тараптан чек арачылар катуу кысымга ала башташкандыктан алар айла жок артка чегиништи. Алардын устулорунон учуп журушкон вертолеттор томон жактагы ар бир кыймылга козомол салып турушту. Эгерде контрабанда катуу каршылык корсото башташса снайпер мылтыктар менен бирден терип атышмак, бирок аларга атуу жонундо буйрук берилген эмес. Эми бардыгынын эле максаттары контрабандисттерди кысып отуруп, ункурго камоо эле. Алар ойлогондой эле бардыгы тен бири да калбай ункурдун ичине кирип бекинип алышты.
-Слава богу,-начальник чекесиндеги терин бет аарчысы менен акырын аарчып койду,-эми эч жакка качып кете алышпайт. Бирден чыгып колго тушуп бергенге акыры мажбурлайбыз.
-Оздору менен ала киришкен героиндерди орттоп жок кылып таштасачы же болбосо башка дагы бир откоол болуп чыгып кетишсечи?
-Биздин опытный адамдарыбыз ичин кылдат, жакшы эле текшерип чыгышты эле го. Ким билет? Кудай сактасын, андай болбой эле койсун. Давай эми ункурдун эки тарабын тен катуу тоскула,-начальник чонтогунон тамекисин алып чыгып куйгузду да томон тушуп кетти. Кетип баратканда бардык командирлерге эскертуу берип отту.
-Ар бир он мунот сайын кырдаалды тушундуруп рация аркылуу мага кабар берип турасынар. Бул операциянын калганын сага тапшырдым,-ал озунун орун басары Шыгаевге кайрылды.-Мына банда бут толугу менен курчоодо, эки жагынан камалып турушат. Эки жакка чыга албайт. Бизге каршылык да корсото албайт. Багынып берип колдорун которуп чыгышмайынча дегеле мумкунчулук бербегиле чыкканга. Уруксат берем, чыкканын эле ата бергиле, пока багындык деп ак желек менен чыкмайынча…
-Ак желектери жок болсочу?
-Жан керек, жашоо керек болсо ак койнок, майкелерин деле желек кылып чыгышат. А эгерде качып чыгууга аракет кылышса бирден терип ата бергиле. Тээ жар беттерине мыкты аткан он снайперди мылтыктары менен кой, дурбусу бар снайпер мылтыктары менен жардын аркы бетине да он снайпер даярда. Кыскасы чыкканга эч мумкунчулук бербегиле. Курсактары ачканда, айлалары кеткенде айла жок оздору чыгышат. Дагы бир жолу эскертем, менин буйругумсуз чабуул жасап кирбегиле.
Начальник кетээри менен бийликти подполковник Шыгаев озунун колуна алып анын айткандарын жасады.Откоолдун эки жагы тен катуу кайтарууга алынды. Кезекке турушуп кун-тун менен катуу козомол кылып атышкан вертолеттор кайра учуп кетишти. Бир нерсе болсо эле дароо учуп жетип келишмек. Ункурдун оозуна чек арачылардын эн жакшы деген уйротулгон иттерин алып келип, эки-уч жерге байлап коюшту. Тункусун алар ункурдон эч бироосун чыгара коюшмак эмес. Кузотчулорду бекемдеген сон откоолдун эки жагына тен палатка алып келип тиктирди. Анткени тункусун тоо ичи суук эле болчу. Аскердик болуктор кезек менен эки-уч сааттан кузотуп атышты. Кундузу бир-экоосу чыгууга аракет кылышып сыртка баш багышты эле эскертуу иретинде бир канча жолу ок чыгарышып, кайра кирууго мажбур кылышты. Ошол боюнча тынчып калышты.
Шыгаев рация аркылуу жардын аркы бетиндегилери менен байланышып, ар бир жарым саат откон сайын начальникке кабар жонотуп турду. Биринчи тун дагы тынч отту, камоодогулардын эч кимиси сыртка баш багышкан жок. Экинчи куну да ункур жактан эч бир тируучулуктун белгиси билинбеди.
-Эч бир дайындары билинбейт, акырын эки адамды ункурду карай чалгынга жиберейинби? ,-Шыгаев озунун начальнигинен рация аркылуу уруксат сурады.
-Эч кимиси чыкпай жатышабы? Мейли дагы куто тургула жанындагы азыктары тугонсун. Анан оздору эле чыгып беришет.
-Эгер тамактары тугонсо алдыларындагы ат, топоздорду деле союп жей беришет да.
-А сууларычы, суусуз кантип тамак кыла алышат…
-Балким ункурдун ичинде суу бардыр?
-Эч кандай суу жок, баса ункурдун ичинде чын эле ортосундагы кененирээк жерде колмо сыяктуу нерсе бар эмес беле. Чын эле ошону деле пайдалана берери бышык.
-Ал иче турган суу бекенби?
-Тоонун суусу да, ичсе болот. Дагы бир кун куто туралы, эгер алар чыкпай жата беришсе, откоолдун эки жагынан бирдей кысып, чабуулга отобуз. Ортодо кан тогуу болбой оз эрктери менен багынып беришсе деген эле тилек да. Багынбаска чаралары да жок…
-Бул боюнча жогору жактагыларга доложить этилдиби?
-Силер оз ишинерди бутуро бергиле, алар менен озум байланышта болом,-начальник рациясын очуруп койду.
Экинчи тун да эмнегедир тынч болду. Чек арачылардын да иттери урбой тынч жатышты. Туну менен коз какпаган Рашид басып келди.
-Эмне сен дагы уктаган жоксунбу?
-Бир аз тигил палатка, ичине кирип алып чырм эттим. Солдаттар уктап кетишпесин деп чочулап жатам. Баягы байыркы Римдеги Спартактын жоокерлериндей болуп эч нерседен бейкапар уктап жатканда тункусун кутулбогон жерден кол салып жибербесин деп чочулайм. Ким билет контрабандисттер кандай экенин, алар именно тункусун кол салышат да.
-Сен кандай ойлойсун, буларын багынып беришеби же акыркы адамдары калганча каршылык корсотушобу?
-Мурдагы кунку турлоруно караганда багынып берчу турлору жок. Менин оюмча баары бир ортодо кандуу кагылышуу болот окшойт.
-Эгер андай боло турган болсо, бардыгын тен тымтыракайларын чыгара атып олтуробуз да. Шеф озу уруксат берип жатпайбы.
-Тигилер да аябагандай катуу куралданышыптыр. Учоонун биринде гранатамет. Мынча куралдарды кайдан алышкан булар?
-Алиги героиндери менен курал сатып алмак турсун бир мамлекетти башкарып алса болот да.
Тээ тоо башында тан куланек тарта акырындап айланага жарык кире баштады. Алыс жактан кандайдыр бир куш сайрап кирди. Тан супасы улам агара баштаган сайын карангыда сурдуу болуп корунуп жаткан жарлар онуно чыга келди. Женил кийинип чыккан Рашид палатага кирип бушлатын алып чыкты.
-Эмнегедир тигил ункурдун ичинде эч бир тируулуктун жышааны билинбейт го?
-Бири-бирин олтуруп ташташкан жокпу?
-Бири-бирин олтуруп жандарына мынча эмне куч келди. Андан корокчо багынып бергендери эле жакшы эмеспи.
-Ой булар соо эмес…
-Эмне качып кетишти дейсинби?
-Же качып кетишти же бири-бирлерин олтуруп салышты.
-Мен экооно тен кошулбайм. Ункурдон качып эч жакка кете алышпайт.
-Анда эмнеге эки суткадан бери дегеле дайындарын билдиришпейт?
-Алар биздин эркибизди, чыдамкайлыгыбызды сынап жатышабы.Эгер алар ичинде болсо дагы эки-уч сутка жон эле жатышат. Ичинде суу бар, азыктары тугонсо топоздорду деле союп жей беришет.
-Аларды бышырыш учун отун керек да. Озун деле кордун го ичин эч кандай отун жакканга ылайыктуу эч нерсе жок.
-Балким оздору менен кошо ала журушкон керагаздары бардыр. Атайын ушундай жол журуп жатышкандан кийин оздору менен кошо тамак ысытканга созсуз бир нерсе ала журушот да.
-Ушулардын ункурдун ичинде журушкондоруно шегим бар.
-Эмне башка жактан чыгып кетишти дегени турасынбы. Эч кандай тешик-пешиктер жок эле го биз текшергенде. Шеф буйрук берсе торт-бешоосу барып ичин бир сыйра чалгындап чыгышса болот эле.

Ункурдо

Рашид айткандай эле айланага жарык кирип саат онго чукулдап калганда начальник озу келип ункурдун ичин чалгындап келууго буйрук берди. Мен кыйынмын деген беш адам тандалып, тошторуно ок отпос чыптама, баштарына темир каска, тунду кундуз кылып корсотуучу коз айнек кийишип ункурдун ичине чалгынга жоношту. Кезек менен улам бирин алдыга откорушуп, далдоо жерлерге жашыныша акырындап ункурдун карангы жагына отуп баратышты. Бир кезде кутулбогон жерден катуу жарылуу болуп арадан беш мунот отпой бешоонун учоосу чыгышты. Бироосу да жарадар экен.
Бери жактагы жашынып тургандар аларга чуркап жетип келишти.
-Силерге эмне болду, гранатамет менен атыштыбы?
-Жок минага кабылып калдык. Кире бериш жерге мина коюп салышыптыр.
-Тиги экооно эмне болду?
-Алар уже…
Начальник озу баштап келип, взводдун тандалма болугун алып чабуулга даярдай баштады.
-Минтип алардын багынышын кутуп отура берсек, биз убакыттан уттуруп жиберебиз. Рацияны алып жардын аркы бетинде тургандарга да чабуулга даярдангыла деп буйрук берди. Чабуул башталардан мурда миналарды текшерткени саперлорду алдырып келди. Алгач иттерди ичине кое беришти. Андан сон саперлор саперлорду калкалаша взводдогу мен кыйын деген атайын тандалма болугу жылып келатышты. Жардын аркы бетиндегилер дагы жар ичиндеги откоолго кире башташкан болчу. Алар дагы жогорку кире бериш жагынан эки минаны табышты. Эки тарап тен улам терендешип карангы жакка кирип баратышты. Канчалык сактана алга жылган сайын ичкери тараптан эч кандай каршы ок атуу болгон жок. Улам терендеген сайын жоокерлер бардыгы тен кол фонарларды жарык кылып алышкан. Отуз-отуз беш кадамдай жол журушкон сон алдыда баштап келатканы токтогула дегендей арт жагындагыларга колун которуп буйрук берди. Тээ алды жактарда топоз, ат, эшектер турушкан. Кол фонарларды жарык кылышып анын айланасындагыларга кунт коюп карашты. Дегеле эч шек билинбейт. “Эшектерди бери жакка коюп коюшуп, балким оздору бир жерде буктурмада жатышпасын” деген шектенуу пайда болду. Откоолдун жогору жактарына дагы жарык кылышып, текшерип корушту. Эч кандай шектуу эч нерсе билинбейт. Ошентсе да алдыга кадам шилтоо ото эле жооптуу болуп турду. Болумдун командири акырын колун шилтеп койду эле уч-тортоо акырын уурдана басышып алдыны коздой кадам ташташты. Арт жактагылары болсо кичине эле бир нерсе болсо ок атканга даяр болуп турушту. Карангы ункур ичи жымжырт, эч бир дабыш угулбайт. Контрабандисттер атайын бек жерге жашынып алышып буктурмада кутуп жаткандай сезилип жатты. Ортодогу эшек, топоздорго барышкан бешоо бардыгын бир сыйра кылдат текшеришип, эч шектуу нерсе таба алышпаган сон бери жактагыларга эч ким жок дегендей белги берди. “Булар каякка кетип калышты?”. Жыйырмадай жоокерлер бери жакта калышып, жыйырмадайы эшек, топоз, аттар турган жерге барышты. Алар менен кошо барышкан саперлор ат, эшек, топоздорду бир сыйра текшеруудон откоруп чыгышты, мина барбы жокпу текшеришти. Эч шек билинбеген сон айлананы текшере башташты. Ошол маалда аркы тараптан оздорун карай жай жылып келатышкан караандарды коруп жашынгыла деген буйрук берилди. Бардыгы шашылыша топоз, ат, эшектердин арттарына келип жашынышты.Топтошкон караандар чукулдап келип калышканда бери жактагылардын бироосу ок чыгарып жиберди. Карангыда ким ок чыгарганы белгисиз. Тигилер да окторду мондурдой жаадырыша кайрадан артка чегине башташты. Буларга жардамдашканы арт жактагылар да жетип келишти.
Эки тараптуу аткылашуу башталды. Топоз, ат, эшектер окко учуп олуп атышты. “Аз экен десе булар ункурдун ичинде коп турбайбы, жыйырмага жетпеген эле адамдай корунуп жатпады беле?”,-тигилер менен атышып жатып Рашид ушуларды ойлоп койду. Он жак жагындагы катардагы жоокерлердин бироосуно ок тийип жерге учуп тушту дагы тыбырчылап онтоп жиберди. Эки тараптуу ок атышуу дээрлик жыйырма мунотко созулуп кетти. “Аркы тараптагы биздин жоокерлер эмнеге жардамга келбей жатышат. Арадан бир топ эле убакыт отуп кетти го?”. Анан Рашиддин оюна бир нерсе келе тушту “Балким булар озубуздун адамдар болуп журбосун. Карангыда каман куркуройт болуп биз бири-бирибиздин жузубузду корушпой эле ок атып жаткан жокпузбу? Анда контрабандисттер каякка кетиши мумкун? Ошолор эле болушу керек. Бирок ошентсе да текшерип коруубуз абзел. Рашид Шыгаевге барып акырын шыбырай суйлоду:
-Тиги жактагылар биздин солдаттар эмеспи?
-Андай болушу мумкун эмес, булар бизге катуу каршылык корсотуп жатышпайбы, ошолор эле. Анда алар каякка кетип калышы мумкун?
-Текшерип корбойлубу?
-Текшергенде эмне дароо эле аткылап киришет.
-Ары жактан биздин солдаттар эмдигиче келип калышат эле го.
-Чын эле анысы да бар. Ме, микрофон менен тигилерге эскертуу берип корчу багынып бергиле деп. Шыгаев унду чонойто турган микрофонду Рашидге суна озу ары жактагы топозго далдаланып туруп калды. Рашид болгон кучу менен кыйкырып суйлой баштады.
-Силер баары бир эч жакка качып чыга албайсынар. Толугу менен курчоодосунар. Куралынарды таштап багынып берсенер биз силерге тийбейбиз!
Атышуу токтоп, айлана бир аз тымтырс боло тушту. Коп отпой эле ары жактан да микрофондун уну жаныра баштады.
-Рашид, бул сенсинби? Биз озунордун адамдарынарбыз! Жооп бер Рашид?!
Эки тарап кыйкырып атышып, оздорунун адамдары экенине чындап ишенишкен сон акырындап келип кошулушту. Мушоктордо байланып турган бангизаттар ошол боюнча байлануу турат. Бир топ мушоктогулорду бычак менен тилип жерге чачышыптыр. Сыягы аябай шашышса керек копчулугуно улгуро албай калышыптыр. Ары жактан басып келген подполковник Шыгаев тангала ийнин куйшоду.
-Кызык, контрабандисттер каякка жоголуп кетишти?
Откоолдун ичинде турган куралдуу топтордун бардыгы табышмактуу корунушко тангалыша суроолуу бир-бирлерин карап калышты.
-Мындай болушу мумкун эмес…
-Чын эле жер соруп кеттиби аларды?
-Бул жерде дагы бир жашыруун откоол бар болуш керек?
Начальниктин орун басары дароо буйрук бере суйлоду.
-Кана, тез аранын ичинде жардын боорлорун, эч нерсесин калтырбай бир сыйра текшерип чыккыла.
Баардыгы туш-тушка чачырап кетишти. Жардын беттерин бир сыйра текшерип чыгышкан сон, шектуу эч нерсе таба алышпай кайрадан ортого чогулушту.

Кошумча откоол

-Жардын боорлорун, устулорун, астыларын бут эч нерсесин калтырбай текшерип чыктык. Шектуу эч нерсе таба албай койдук.
-Андай болушу мумкун эмес, кантип эле контрабандалар буу болуп бууланып учуп кетишсин. Же сыйкырчы болушпаса,-Шыгаев озунчо туталанып, ачуулана баштады,- алар бизди тим эле келесоо катары коруп жатышат. Издегиле, кантип эле шектуу бир нерсе табылбасын.
Ортодогу кенен оюкта турушкандар кайрадан чачырап откоолдун ичин текшерип киришти. Дээрлик бир саатка жакын текшеришти.
-Кантип эле ушундай болуп калсын, тиги сыртта турган шефке эмне деп жооп берем эми. Бууланып учуп кетишти деп айтамбы. Эгер антип айта турган болсом даана сазайымды колума берет. Керек болсо кызматымдан алып ыргытып, катардагы жоокер кылып коет. Эми эмне деп жооп берем шефке,-Шыгаев озунчо эле ачууланып жатты,- А балким тундосу биз уктап жатканда байкатпай чыгып кетип журушпосун. Кароолдо тургандар уктап калышы да мумкун да.
-А иттерчи, иттер арсылдап урушмок да.
-Ооба тун ичинде эле чыгып кетишти, же биз тараптан же тигилер тараптан.
-Андай болушу мумкун эмес.
-Эмне учун мумкун эмес, мумкун…
-Чщ-щ, акырын кое турсанар,-Рашид ортодогу кичине бассейнге окшогон суудан эшектин суу ичип атканына кунт коюп карап калды. Суу устуно чупурок калкып жургон болчу. Акырын барып чупурокту кармады да аны бир азга унуло карады. Анан бери жактагы жоокерлерге кайрылды.
-Сууда жакшы сузгон адамдар барбы?
Анын созуно эч кимиси тушунгон жок, жооп беришкендин ордуна тангалыша карап калышты.
-Аранарда сууда жакшы сузгон адамдар барбы деп сурап жатам?
Жоокерлер бири-бирин карап калышты дагы бир-экоосу алдыга чыгышты.
-Мен жакшы сузо алам. Бир чакырым жерге чейин чокпой сузуп барам, чарчасам суу устундо калкып журо берем, озумду тен салмакта кармап…
-Мен дагы чарчабастан чабак уруп кете берем.
Рашид ачуулана бардыгын кагып таштады.
-Мага суу устундо сузгондун кереги жок, суу астында дем албай копко чейин сузуп жургондор керек. Алар жондон жон эле буу болуп асманга учуп кетиши мумкун эмес да. Менин баамымча алар бобул ортодогу колчо суунун ичине киришип жер алды менен сузуп отурушуп, башка жактан чыгып кетишти. Бул колчону текшериш керек. Мыкты сузгон суучулдарды сурап жатканымдын себеби дагы ошол. Эмне ушунча адамдардын ичинен сууда жакшы сузгондор чыкпайбы?
Бир кезде бир орус жигит чыкты эле анын артынан эки-уч кыргыз жигит чыгышты.
-Биз суу алдында сузуп журчу элек, аракеттенип королук. Алардын артынан дагы беш-алтоосу чыгышты.
-Биз дагы суу алдында сузгонго жарайбыз.
-Болуптур, -Рашид экоону тандап алды,- адегенде экоонор кол фонарды алып бобул колчуктун тубун текшерип чыккыла. Суу кайдан келип жатканын аныктагыла. Болду болбоду алар менин оюмча ушул жер алдындагы оюкча аркылуу кетишти.
-Кана даярсынарбы?
Экоо кийимдерин, оор батинкелерин чечишип куралдарын бери жактагыларга откоруп беришти. Ар бири бирден бычак алышты, башка эч нерсе алышкан жок. Андан тышкары кол фонарикти алып, акырын биринин артынан бири сууга киришти. Адегенде бироосу чумкуду, ал корунбой калгандан кийин экинчиси кетти. Ошол боюнча дайындары чыкпай калышты.
Арадан жети-сегиз мунот откондон кийин кайрадан биросунун башы корунду. Ал бери чыгып келди, эки мунотттон кийин экинчиси артынан суудан чыкты.
-Кана эмнени кордунор суу алдынан, откоол бар бекенби?-Рашид алиги суучулдардан сурай кетти.
-Сыягы откоол бар окшойт, ары коздой сузуп кете алган жокпуз, жыйырма метрдей сузуп барып кайра тарттык. Сууну алдынан момуну таптым,-суучул жоокердин бири калын тамандуу ботинканы корсотту.
-Кана бери алып келчи,-подполковник Шыгаев ботинкени кармалап коруп кулуп жиберди эле жоокерлердин баары кулуп жиберишти- демек алар ушул жак менен, жер алдындагы суу менен сузуп чыгып кетишкен. Кана жигиттер даярдангыла, бул жерден экоонор эмес дагы торт-бешоонор кетишинер керек. Кана киминер чыгасынар?
Биринин артынан бири суурулуп чыгып отурушуп онго жакын жоокер бир катар болуп тизилип туруп калышты.
-Кана убакыт алтын, ылдамдагыла биринердин артынардан биринер дароо жоногуло.
-Эгер ары жак бетинде контрабандисттер болуп калышсачы, бардыгбызды тен бирден терип олтурушот да. Же заложник кылып кармап алышы да мумкун…
-Болуптур мен кырдаалды тушундуруп шефке кабарлайын. Вертолеттор менен тоонун, жардын устулорун бир-эки сыйра текшерип чыгышсын.
Шыгаев рация менен шефине байланыш тузуп жатканда Рашид акырын сууга секирип кирип кетти. Суу алдында аябай жакшы сузо албаса дагы анча-мынча сузгонду билчу. Кол фонаригин алдыны карай жарык кылып, сузуп журуп отурду. Он беш метрдей сузуп баргандан кийин тумчугуп, деми кыстыга катуу кыйнала баштады. Дал эле жанында бир кишинин олуп жаткан караанын корду. Контрабандисттерден сыягы тигил жагына жете албай калса керек. Муну ошол боюнча таштап кетишиптир. Андан анча-мынча эле ары коздой сузуп откондо алы кете жаны козуно коруно баштады. Кайра артка кайрылууну ойлоду, жыйырма кадам жерге баары бир сузуп ото албайт болчу. Айласы кете тушту, жанталаша тыбырчылыктап кирди эле эмнегедир арт жагынан экоосу аны колтуктап кетишти. Эки адам эки жагынан кармап кетип баратканын бир билет калганы эсинде жок.
Бир кезде эсине келип козун ачса бет мандайындагы копкок асманды корду. Оюна дароо эле контрабандисттердин туткуну болдумбу деген ой кетти. Заматтын ортосунда эле алы кетип кадимкидей шалдырай тушуптур. Акырын башын которуп, айланасына коз жугуртту. Озунун жоокерлерин коргондо гана ичинен женилденип эс ала тушту. “Эмне сыртка сузуп чыктыкпы?”, -ал тангала дароо ордунан ойдо которулду. Бийик жардын тубундо колмо бар экен. Жар бети атайын оюлуп, ошонун жанында колмо суу турат. Анын жаныдагы чон арчаны корду.
-Эмне биз сыртка сузуп чыктыкпы?,-ал жанындагы жоокерден сурады.
-Ооба.
-Биз сиздин артыныздан келатканбыз, ангыча эле олуктун жанынан сузуп ото бергенде сиз ары-бери тыбырчылап, анан кыймылдай албай калдыныз. Биз сизди алып кайра арт жакты коздой кайталы деп жатканбыз, ангыча алдыбыздан тээ алды жагыбыздан жарыктын шооласын коруп калдык. Анан жанталаша ошол жакты коздой сузуп жонодук. Анан мына ушул жерден чыга келдик.
-Экинчин кана?
-Ал кайра тигил жакка сузуп кетти. Орто жолдо дагы бир канча контрабандисттердин тумчугуп олгон олуктору жатат. Сузуп отконго алар да бир топ тоскоол болушту. Бери жакка анча-мынча эле жетпей калышыптыр. Аларга бироолор комок беришкенде, жон гана чыгып кетишмек экен. Бандалар ар кимиси оз жандарын ала качышса керек.
-Биз кайсы жердебиз бул эмне болгон жер?
-Кадимкидей эле мунун жанынан биз далай эле жолу оттук го…
-Стоп, стоп эми ариентир ала баштадым. Тобоо тигил арчанын жанындагы колчо суудан далай суу ичтик эле го, дегеле такыр маани бербептирбиз да, ушул суу алды тиги жар ичиндеги откоолго алып барарын. Экинчин тигилерге айтканы кеттиби?
-Ооба…
-Анда журу экоолоп тигил олукторду сыртка чыгарып, жолду ачалы. Болбосо биздин адамдарга тоскоол болуп, булар сыяктуу тумчугуп, бияккка чыга албай калышы мумкун…
Биринин артынан бири сууга чумкушкон экоо коп отпой эле бир олукту сыртка алып чыгышты. Сууга тумчугуп орто жолдо олуп калгандардан учоо экен, учоону тен алып чыгып суудагы откоолду тазалашты. Уч олукту катар кылып жаткырып тизип коюшту.
Коп отпой суу ичинен уудаа-уудаа биринин артынан бири чек арачылар сузуп чыга башташты. Он чактыдайы чыгышты.
-Калгандары каякта?
-Алар сузгонду билишпейт экен тигил жакта калышты.
-Болуптур, ал эми контрабандисттер каяк жакка кайсыл багыт менен кетишти болду экен?
-Билбейм.
Ангыча дал эле устулорунон чек арачылардын вертолеттору коруно баштады.
-Контрабандисттер балким алыска эбакта узап кеткендир, кууп жете албашыбыз да мумкун. Алардын кайсыл багытта, кайсыл мезгилде кеткенин тактап алыска узатпай улгурушубуз керек. Болбосо куйруктарын туйуп коздон кайым болуша, карматпай кетишет,-Рашид шашкалактай жанында турган прапорщик Ысманга кайрылды:
-Ысман рация аркылуу вертолетчулар менен байланышчы? Тез арада контрабанданы издей башташсын. Алар тоо арасында эле журот болушу керек…
-Рация жок эч кимде…
-Бизде коп эле рациялар бар эмес беле?
-Суунун аркы жак бетинде, то есть ункурдун ичинде калды баары тен…
-Жок дегенде бир рация тапчы? Кандай болсо да байланышыбыз керек, тур солдаттардан жакшы сузгондордон кайра жонот тияк жакка , рация алып келсин.
Бир кезде ары жактан чек арачы жоокерлердин бироосу рация алып келе койду.
-Жолдош капитан мынакей рация.
Рашид рацияны ала коюп, ункурдун ичиндегилер менен байланышты. Андан сон вертолеттогулар менен суйлошушту. Коп отпой эле тоонун аркы бетинен вертолеттор менен чек арачылардын ункурдо калган болугун алып келип, бул жаккка таштай башташты. Бир вертолет болсо контрабандисттерди издеп,тоолорду кыдырып чалгынга кетти.
Бардыгы арчанын жанына чогулушкан сон взвод уч топко болунушту. Биринчи болук айыл тарапка, экинчи болук трасса жол тарапка, учунчу болук тоолорду кыдырмай болушту. Буларга жардамга келген эки вертолет, учунчу болуктогу жоокерлерди салып алып, тоолордун устунон ар бир кокту-колотту, капчыгайларды дурбу менен карап текшергенге отушту.
Экинчи болук трассада токтоп турушкан шектуу уч машинени кармашты. Учоондо тен милиция формасын кийишкен беш адам бар экен. Документтерин текшере келгенде областтын милиция кызматкерлери болуп чыкты. Алардын жанында журушкон эки адамдын эч бир документтери жок экен.
-Силер бул жакта эмне кылып журосунор?
Аскер офицеринин суроосуна милиция офицери кайра суроо менен жооп кайтарды.
-Биз го кылмышкерлерди издеп журобуз. А озунорчу?
-Булар кимдер?
-Солдаттар силер милиция кызматкерлерине тийишпегиле. Силер оз ишинерди кылгыла, биз болсок оз иштерибизди кылабыз.
-Бул жак контрабанданын уюгу экенин билесинерби?
-Силер контрабандисттер менен иштешип атсанар биз дагы ошолор менен иштешип жатабыз.
-Жанындагы адамдар кимдер?
-Слушай, сен солдаттардын капитаны болсон, мен милициянын капитанымын. Экообуздун тен чинибиз бипбирдей так что бири-бирибизге одурандабайлы. Бул оз кишилерим деп айтпадымбы жана эле.
-Бул чек арага жакын жерде тоо жакта кимдерди кутуп жатасынар?
-Кылмышкерди издеп журобуз деп айтпадымбы. Силер оз ишинерди кыла бергиле, биз оз ишибизди кылабыз, кыскасы бири-бирибизге жолтоо кылбайлы.
Мамедов жан жеринен пистолетин алып чыкты да милициянын капитанынын чекесине такады.
-Былк этсен жанындан умут кылба,-анын чонтогундогу пистолетин алып койду дагы, ары жакта турган чек арачы жоокерлерге кайрылды,-кана жигиттер, булардын бардыгын тен куралсыздандыргыла. Каршылык корсотушсо куч колдонгула.
Чек арачы жоокерлер буларга караганда коп болчу, анын устуно бардыгы автомат менен куралданышкан. Алар милиция формасын кийишкен бешоонун тен пистолеттерин алып коюшту. Гражданча кийинишкен экоонун да чонтокторундо пистолеттери анан экиден гранаталары бар экен. Куч менен бардыгынын документтерин алышты. Анан рация аркылуу машина чакыртып, бардыгын тен чумкомо машинага отургузуп, казармага алып кетишти. Рашид жетектеген айыл тарапка баратышкан болук тоонун чекесинде кой жайып жургон айылдык кишиге кайрылды.
-Ассалоому алейкум аксакал.
-Алейки салам.
-Айтынызчы топтошкон куралдуу кишилердин отконун байкаган жоксунарбы?
-Качан бугунбу?
-Бугун болобу, кечоо болобу?
-Бугун эч кимди коргондой болгон жокмун, ал эми кечоо болсо…,-ал бир азга буларды шектуу карап унчукпай туруп калды,-баса, силер кимсинер?
-Чек арачыларбыз, эмне окшошпой турабызбы?
-Тан…
-Айта бериниз, кечоо куну эмнени кордунуз?
-Кечоо куну кечинде мен жаныдан эле жайылып жургон койлорду чогултуп айылды коздой кайта баштаганда жогору жакта куралчан топ караандардын кетип бараткандарын коргом.
-Алар канчоо эле байкадынызбы?
-Анча деле конул бура алганым жок, жыйырмадай болот го. Аларды мен чек арачылар го деп ойлогом.
-Кайсы тарапты коздой кетип баратышты эле?
-Тигил Тажиктер тарапты коздой, турлоруно караганда ото эле шашылыш кетип баратышкан. Койлорума тийишпесин деп дароо эле алардан алыстатып айдап, ошол замат айылды коздой жоногом…
-Айылдан шектуу адамдарды байкай алган жоксузбу, топтошуп журушкон.
-Топтошуп журушкондор жок, бирин-экин журушкон бейтааныш кишилер бар. Андай бирден-экиден жургондор коп эле болот бизде.
-Рахмат маалыматынызга, -Рашид бери басып келип жанында турган ага сержант менен суйлошо кетти.
-Алар кечээ кечинде отуп бараткан болушса, анда азыр Тажикстандын чек арасынан да отуп ошол бойдон куйруктарын туйуп кетишти да.Эгер бул чалдын айкандары чын болсо анда кеч болуп калды.
-А эгер бул чал алардын кишилери болуп калса же акчага алданып атайылап калп айтып жаткан болсочу.
-Аны да текшеребиз, андан коро бул маалыматты шефке доложитьэтип коеюн,-Рашид жанындагы рацияны алып башкалар менен байланышка тушо баштады.

Кезектеги талкуу

Эртеси куну начальник казармадагы бардык офицерлерди бирин да калтырбай чогултту. Бардыгы тен анын кабинетине кирип отургандан кийин козун жума бир азга отуруп, анан бардыгына кайрылды.
-Мына оз козунор менен кордунор, контрабандисттер кандай амалкойлук менен кутулуп кетишкенин. Буга бардыгынар кубо болдунар. Мейли алар кетсе кете беришсин кутулуп, бизге ысык да суук да эмес. Зато алардын ири олчомдогу наркотикалык заттары бизде калды. Аны менен катар ат, топоз, эшектери да биздин колубузга тушту. Бул жерде мени катуу тан калтырган бир нерсе болуп турат. Ушунча убакыттан бери канча гана жолу тоолорду аралап, текшерип, кайтарып келатабыз, тоонун арасында ушундай жашыруун откоол бар экенин бирибиздин да билбегенибиз болуп атпайбы. Эгер тигил Саид айтпаганда дале да болсо билбей журо бермек экенбиз. Корсо ири олчомдогу героинди ташыган контрабандисттердин бардыгы ошол жерден отот турбайбы. Алардын кандай куралданганын да кордунор. Керек болсо бизден да жакшы куралданышыптыр. Вертолетторубузду жардыра атып таштабагандарына Кудая шугур. Алиги откоолду ушул ушул убакка чейин байкабаганыбыз бул да болсо биздин кыраакы эместигибиз экени далилденип жатпайбы. Балким дагы башка жерлерде откоолдор бардыр биз билбеген. Бул ишти Шыгаев озун колго аласын. Ар бир тоону, ар бир кокту-колотту, капчыгайды, жарлардын боорлорун, сууларды эч нерсесин калтырбай текшерип чык. Балким биз билбеген дагы ушул сыяктуу откоолдор болуп калышы да мумкун.
Болуптур бул бир маселе, эми экинчи маселеге отолу. Алиги контрабандисттер калтырып кетишкен героиндерди эч кимге билгизбей жашырып, анан аны ири суммада чет олколук кардарларга откоруу милдети турат. Эгер булардын бардыгын откорсок, эмне деген акча болот. Бир эсептен конттрабандисттердин кетип калганы да жакшы болду. Аларды ашка жук, башка жук кылып эмне кылабыз. Анда канча героин колго тушкону жогору жактагыларга билинип калмак. Бул героиндерден тушкон акчага курал сатып алабыз чет олкодон. Складыбыз толукталып целый арсенал болуп калат. Бул героиндерди откоргонго учоонорду табыштайм. Рустамов, Хамидов анан Ысман сен барасын. Бул ишке озунор конуп деле калбадынарбы, анын устуно чет олкодо таанышынар, байланышынар бар.
Та-ак алиги биз кармап келген милиция кызматкерлеринин бардыгы тен контрабандисттер менен байланыштары бар экен. Аны доложиь эттик. Аларга кошулуп экоосу Афганистандан келген кишилер экен. Алиги биз качырып жиберген контрабандисттерди атайын тосуп турушуптур. Булардын бардыгын биз граждандык сотко откозуп беришибиз керек. Силерге дагы катуу эскерте кетчу нерсе, бизге колго тушкон наркотиктер жонундо эч киминердин оозунардан чыкпасын. Тим эле унчукпас балык болуп жургуло. Эгерде кимдир бироолорго айтып же кабарлап атканынар билинип калчу болсо, жандарынардан умут этпегиле. Булардын бардыгы озунордун келечегинер учун.
Дагы бир эн эле важный маселе…,-полковник столдун устундо турган стакандагы суудан акырын ууртап бир азга унчукпай турду,-ал алиги Саид айткан поезд менен биздин жер аркылуу отчу куралдар. Ошол куралдарды кандай болсо да кармаш керек. Алар эмне болгон, каякка алып бараткан куралдар экенин билишибиз абзел. Балким вахабистердин чечендер жакка алып бараткан куралдары болуп калышы да ыктымал. Алдыда ошолорду кармоо планы турат. Балким катуу кагылышуу болуп кетиши да мумкун. Ошондуктан бул операцияны кылдат, так иштешибиз керек. Мына героин ташыган контрабанданы кармайбыз деп канча гана аракеттерди жасадык баары бир аларды качырып жибердик. Дагы жакшы героиндерди оздору менен кошо ала кеткенге же жок кылганга улгуро албай калышты. Эми мындай катачылык бизде кетпегендей болсун. Рашид муну Саидден сурап бардыгын тактап бил. Эгер ушул операция ийгиликтуу боло турган болсо Саидди бошотобуз деп айт. Жон бошотпой акчалай сыйлык берип туруп бошотобуз, уктунбу?
-Так точно…
-Анда бошсунар, эми кийинки операцияга даярдангыла.
Отургандар ордуларынан козголуша бирден экиден сыртка чыгып кете башташты.






  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   24 Март 2014 - 20:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

* * *
Чек арачылар аскер болумунун командири казармадагы офицер составын бут чогултту. Офицерлер чогула турган зал атайын бункер сыяктуу жер алдында салыныптыр. Муну Рашид мурун билчу эмес.
-Бардыгынар толук келдинерби? -полковник столду айлана карап сурады.
-Службада жургондордон башкасынын бары бул жерде,-бардыгы учун Шыгаев жооп берип жатты.
-Службада жургондор кимдер?
-Прапорщик Умотов менен капитан Исмаилов.
-Мейли алар кызмат кыла беришсин, келгенде алар менен жекече озум суйлошом, демек мындай…,-полковник кабагын карыш туйо бардыгын бир сыйра сынай коз жугуртуп алды,-Биздин эн негизги максатыбыз чет олкодон жук ташуучу поезддер менен келаткан курал-жарактарды оозубузду ачып откоруп жибербей улгуруп басып калуу. Эгерде байкабай откоруп жиберсек анда кечиримсиз иш. Мен анда озумду да кечирбейм, силерди да кечирбейм. Эсинерде болсун ото сак болгула, дагы эскертем. Бул биздин кураданышыбыз учун эн жакшы шанс, эн жакшы мумкунчулук. Ар бир офицер эсинерде болсун, бул жактын сыры эч жакка чыкпаш керек. Озунордун подчиненныйларынарга, солдаттарынарга акырын кылдат тушундуруп айтып, эскертип тургула. Болуптур бул го бул, дагы экинчи маселе ал эми бизди карай келе жаткан поезддеги куралдар тууралуу кимде кандай суроо бар?-полковник залда отургандарга бир сыйра коз жугуртту.
-Суроо берсем болобу?-босого жакта отурган лейтенант колун которду.
-Айта бер…
-А эгерде курал алып келаткан поезддин келатканы жалган болсочу? Саид озунун жанын аман сактап калыш учун атайын муну ойлоп чыгарган жокпу?
-Кана бул жонундо кимде кандай ой бар?
-Саиддин айтканы чын эле болуш керек, ири суммадагы наркотикалык заттарды алып отушот деп айтканы чын эле чыкпадыбы. Ошонун айтуусу менен ири наркотик героинге жана эбегейсиз чон байлыктын эси болдук. Атугул ал биз билбеген жашыруун откоолдорду да коргозуп берди. Эгерде ал болбосо биз чон контрабандалардын биздин чек ара аркылуу отуп жатканын билмек эмеспиз да. Балким жук ташыган поезддер менен куралдарды мурун деле бизге билгизбей откоруп журушкондур?
-Кана дагы кимде кандай пикирлер бар?
-Поезддин келээрине бир аптадай эле калыптыр, даярдыктарды азыртадан баштап корбосок кеч болуп калбайбы?
-Албетте, курал ташыган поезд кайсы маршрут менен келатканын, кайсы мезгилде бул жерде болорун , кайсыл жактан келатканын дагы тактап туруп, ощого жараша иш кылабыз. Ошого жараша план тузобуз. Кана кимде дагы суроо бар, анда бошсунар, бара бергиле. Эртен дал ушул маалда дал эле ушул залдан жолгугуп курал ташып келаткан поезддин пландарын алдын ала тузобуз. Анда бошсунар, тез арада силер ишке киришкиле.
Атайын жасалган жер алдындагы бункерден бирден экиден болуп сыртты карай офицерлер оздорунчо жай суйлошушо чыгып кете башташты.

Буктурмада

Дээрлик бардыгы тен автомат менен куралданышкан уч топ болок-болок уч жерге жайгашыша поезддин келээрин кутуп турушту. Убакыт кечки тогуздарга чукулдап калган маал болчу. Айланага бат эле карангылык кирип, теребел корунбой калды. Чек арачылар учун ушундай мезгил ынгайлуу болчу. Анткени куугумдо айланадагы кыймыл-аракет жакшы корунбогондуктон поездди басып алышканда эч ким билбей калмак. Поездди чек ара станциясынан тосуп турушту.
-Бугун канча поезд отот бул жерден?
-Уч поезд отот.
Чек арачылар ар бир поезддин маршрутунун убактысын, кай тараптан келээрин, алар эмне поезддер экенин тактап билип алышты.
-Кандай поезддер экенин сен билесинби?-Рашид Саидден сурадыэле ал билбейм дегендей башын чайкады.
-Сен калп эле муну ойлоп чыгарып бизздин башыбызды айландырып жаткан жоксунбу?
-Бул курал-жарактар бияктан биринчи эле отуп жаткан жок ,бир канча жолу откон. Атугул озум сопровождение кылып отком бир жолкусунда. Мына, бул жолкусунда болсо бизди чалгынга жиберген. Биз алар менен байланыша албай калдык, балким муну башка кундорго которуп жиберуулору да мумкун. Мен так айта албайм, тигил жактан чечишет да.
-Куралдарды каяк жакка жеткирип беришет?
-Мен анысын билбейм, бизди жолдон тосуп алышчу дагы поезддегилерди бир сыйра текшерип кабыл алышып, анан кое беришчу. Калганы, андан ары алып кетуулору тигилердин милдети, каяк тарапка алып кетишет билбейм, кызыккан да эмесмин. Кызыккан кундо деле баары бир айтышпайт. Бизге эмне, кызматыбыз учун акчасын жакшы толоп берсе болду да.
-Демек, курал жуктолгон поезд келбей калышы мумкун экен да?
-Ошондой болушу да мумкун. Мен так айта албайм.
Арадан жарым саат откондон кийин рация аркылуу поезддин келаткандыгы тууралуу кабарлады.
-Даярдангыла жыйырма муноттон кийин бул жерде болуп калышат. Куралдуу кагылышуу болуп кетиши да мумкун.
Операцияга катышкан жоокерлердин ар бири оздоруно жуктолгон, дайындалган милдеттерин так аткарууга аракет кылыша катуу даярдыкта турушту. Тээ алыс жактан поезддин келатканы алдынкы жарыгынан эле даана корунду.
-Даярдангыла, белги берилмейинче оз алдынарча иштебегиле! -Шыгаевдин буйругу менен бардыгы буктурмаларга жайгашыша поезддин жакындап келишин кутуп турушту. Алыстан эле гудогун берген поезд чек ара станциясына жакындаганда ылдамдыкты азайта улам аралыкты кыскартып келатты. Станциянын тушуна келип, качан токтогондо белги боюнча алдынкы топ дароо тепловоз айдаган айдоочусунун ордун басып алышты. Куралдуу жоокерлердин келишин кутпогон айдоочулар тигилердин буйругу менен томон тушуп Шыгаевге барды.
-Поезд бул жерде болгону он мунот гана токтошу керек, коп кармабагыла!
-Ал биздин ишибиз, унчукпай отура бер. Качан айтам анан ошондо кетесинер…
-Расписаниени бузуп жатпайсынарбы, арызданам…
-Болду коп суйлоп башты оорутпа, кимге арызданмактан ошого арыздан, атугул президентке барып арыздана бер , уктунбу. Кана вагондордун ичин текшергиле!
Туш-туш жактан жабалактап келишкен чек арачылар вагондордун бардыгынын эшиктерин ачып ичин текшерууго ала башташты. Баарынан тангалыштуусу бул вагондордо узатып келатышкан бирден—экиден эле кишилер болбосо эч ким жок экен. Шыгаев менен Рашид экоо узатып келаткан кишилердин бардыгынын документтерин текшерип чыгышты. Шектуу эч нерсе деле жок экен.
-Шайтан алгырдыкы эч нерсе жок,-Шыгаев озунчо жинденип алды,-вагондордун бирин да калтырбай текшерип чыккыла, балким биз билбеген жерлери бар болушу мумкун.
-Бардыгын тен текшерип чыктык эч нерсесин калтыргын жокпуз. Шектуу эч нерсе коро алган жокпуз. Дегеле курал аттудан эч нерсе корунбойт, жонокой эле бытовой товарлар экен.
-Документтери бар бекенби?
-Баары жайында.
-Жакшылап дагы бир сыйра текшергиле дагы кое бергиле поездди.
Атайын аппараттар менен дагы издеп таба алышпаган сон акыры кое беришти поездди. Дээрлик жарым сааттай кармашкан болчу. Шыгаев баш болгон эки-уч офицер Саиддин жанына басып келишти.
-Сен бизди атайын алаксытып, башыбызды айлантып жаткан жоксунбу. Биз бул жакта алаксып жургондо балким башка жак менен кетип калып журбосун ыя?-бардыгы Саидди суроолуу да, шектуу да карашты.
-Башка жактан ото алышпайт жападан жалгыз ынгайлуу жер ушул. Ал эми алиги силер айтып жаткан расписаниени озгортуп коюшу мумкун. Мен буга жуз пайызга кепил болуп бере албайм.
-Ну и смотри. Кийинки поезд качан келет?
-Эки сааттан кийин экен. Тунку саат он экилерде…
-Андан кийинкисичи?
-Тунку саат учто.
-Башка рейстер барбы бугун?
-Жок.
-Анда кийинки рейстеги поезддге даярдангыла.
Чек арачылар ар кайсы жашыруун буктурмаларда кийинки поезддин келишин кутуп калышты. Бардыгына тен тамеки тарканга катуу тыюу салды. Бери жактагы дончодо отурган Мамедов темир жолго коз жугурто Рашидге кайрылды:
-Кандай ойлойсун Рашид, азыркы биздин кылган захватка кимдир бироолор шек алып калып, тигил жактагыларды кабардар кылып койгон жокпу. Канча кылса дагы чалгынчылары болушу керек да алдын ала жиберилген.
-Чалгынга башка жактан андып турган кундо да поездди токтотуу кыйын го…
-Тотконкон кундо деле кайра артка айдай алышпайт да. Ээ ким билет, кырдаал бат эле озгоруп, жолубуз болбой калбаса болду.
Ангыча поезддин келаткандыгы тууралуу эскертуу берилди. Бардыгы жай-жайларына тараша поезддин келишин кутуп калышты. Бул жолкусунда да дал эле биринчисиндегидей окуя кайталанды. Шектуу эч кандай эч нерсе таба албай коюшту. Эмнегедир жолдору болбой жатканына бардыгы тен туталаныша Саидге кайра-кайра шектуу карай беришти.
-Эгер курал тарткан поезд бобой калса шефке эмне деп жооп беребиз? Барына сен кунолуу болосун,-Шыгаев Рашидге карап койду. –Мунун баарын сен баштаган болчусун Саиддин созуно ишенип.
-Кое тур али да кеч эмес дагы бир поезд бар тун ортосунда келчу.
Тунку саат уч чендерде дагы бир акыркы поезд келди. Андан да шектуу эч нерсе таба албай коюшту. Шыгаев ачуулана Рашид менен Саидге атырылып бир тийди.
-Бизди алдап убара кылганынар учун эртен шефтин алдында жооп бересинер.
Рашид да, Саид да куноолуу кишидей унчугушкан жок. Буктурмадагы жоокерлерди алып жаныдан эле чумкомо машинелерге отургузганы жатышкан.
Ангыча эле тээ алыстан оздорун карай келаткан поезддин жарыгын корушту. Бардыгы адегенде расписаниеде жок поезддин келатканын коруп тангалып туруп калышты. Анан эстерине келише шаштылары кете дурболонго тушо башташты. Шашылыш турдо бардыгы буктумага жашынганга улгурушту. Алдынкы жарыгын куйгузо поезд катуу ылдамдык менен оздорун карай жакындап келатты.
-Бул эмне болгон поезд, расписаниеси жок?-Рашид бажыкананын начальнигинен сурады.
-Кээде ушундай поезддер отуп калышат, мындай поезддерди токтотпоо жонундо жогору жактан буйрук келет, мен болсо…
-Бул поезд жонундо жана эмне айткан жоксун?
-Азыр гана телефон менен кабар беришти…
-Кимдер кабар беришти?
-Ак уй жактан “азыр саат торт жарымда поезд отот токтотпогула” деп. Биз жонокой томонку адамбыз, Ак уйдогулорго каршы эч нерсе иштей албайбыз.
-Точнее Ак уй жактан кимдер чалышты?
-Бул секрет, аны силерге айта албайм.
-Поездди тотконгонго белги бер, кандай болсо да поездди токтотуш керек.
-Мен анте албайм, жумуштан бошоп кеткендей акым жок. Тажикстан тараптан келаткан поездди мен токтото албайм.
-Чек арадан, бажыканадан отуп жатканда кандай поезд болсо да токтош керек.
-Буларды кийинки станциядан Ак уйдун адамдары оздору текшеришет.
Экоо айтышып жатканда поезд катуу ылдамдыкта чек арадан токтобостон отуп баратты.
-Ах ошондойбу?
-Ушундай иш, мен буга кийлигише албайм…
Анын созун аягына чейин укпай Рашид сыртка атып чыкты да катуу бараткан поездди коздой чуркады. Куу менен секирип вагондун капталындагы кармагычын кармап асылып калганга улгурду. Бул поезддге жалгыз озу эле асылбаптыр, туш тараптан чуркап келишкен чек арачылардын озгочо тандалма тобу бут бардыгы жабылышып жабышыптыр. Ойдо тартынып башына чыгып кеткенге же колдорун кое берип кайра жерге секирип тушконго мумкунчулук болбой вагондун капталында саландап кете берди. Тээ бир далай жол жургузгондон кийин Рашиддин колу талый баштады. Поезд болсо катуу ылдамдыгынан жазбай кетип баратты. Бир кезде жогору жактан бироо колун сунду.
-Силер кимсинер? Колунду бер тартып алайын.
Рашид ага колун сунду эле жогору жактагы караан аны тартып алды.
-Сержант Мамаев сенсинби?
-Так точно…
-Урушта-туруш жок, тигил поезддин айдоочусун мажбурлап токтотушубуз керек,-экоо дароо ордуларынан тура вагондордун усту менен алдыны карай чуркап жоношту. Вагондун капталдарынан эки-учоо тартынып чыгышты. Экоо вагонду суйроп бараткан алдынкы тепловозго жетишкенде ал жакта куралчан эки адам бар экен. Алар бери карай бурула автоматтарын суна бергенде атканга улгуртпой экоо экоосу менен кармаша кетишти. Бир топко кармашкан сон узатуучулардын экоосунун бироосу сыртка учуп кетти. Жалгыз калган экинчиси сыртка оз боюн таштады. Тепловоз айдаган жерде дагы эки куралчан адам бар экен. Сырттан атырылып кирип келишкен аскер кийимчен адамдарды корушкондо адегенде тангала карап калышты. Анан эстерине келишип куралдарын алгыча Рашид менен сержант автоматтарын сунуп келип калышты.
-Куралынарды таштап колунарды ойдо которгуло. Артыкбаш кыймыл жасасанар эле атып таштайбыз.
Тепловоздун ичиндегилердин бардыгы былк этишпей эки колдорун которуп туруп беришти. Сержант экоонун мойнундагы асылып турган автоматтарын сыйрып чечип алды. Коп отпой эле сырт жактан да топурашып беш-алты автоматчандар жетип келишти. Рашид тепловозду башкарып бараткан мурутчан кишиге буйрук бере суйлоду.
-Поездди токтот!
-Андай приказ болгон эмес.
-Приказды мен берип жатам токтот деп.
-Я не могу кийинки станциядан…
Ачуусу келген Рашид бычакты кекиртегине такап калган болчу.
-Азыр буйругумду аткарбасан мойнунду туурасынан шылып таштайм.
Козу алактаган айдоочу поезддин рычагын дароо озун карай тартты. Поезд улам жайлагандан жайлап отуруп акыры токтоду.
-Вагондордо эмне бар?
-Билбейм, жон эле груздар бар болуш керек, ичиндегилер менен менин ишим жок, менин милдетим муну айдоо.
-Болуптур, -Рашид жанындагыларга кайрылды,-кана жигиттер вагондорду текшергиле.
-Силер кимсинер?-тепловоздун айдоочусу тигилерге суроолуу карады.
-Ишин болбосун, булардын коздорун танып, колдорун байлап салгыла!
Рашиддин буйругу менен учоонун тен коздорун танып, колдорун байлап салышты да, ары жакка отургузуп коюшту. Тогуз вагондун ар биринде экиден куралчан узатуучулары бар экен. Алар дароо эле каршылык корсотушуп автоматтары менен ок атып киришти. Карангыдан эч нерсе корунбойт. Атылган автоматтардын башынан эле жылт эткен оттор корунуп жатты.
Коп отпой эле чумкомо уч машине менен толтура автоматчан жоокерлер жетип келишти. Алар дароо эле вагондорду курчоого алышты. Вагондогулар катуу каршылык корсотушо ок аткандарын мурдагыдан да кучотушту. Тандалма жоокерлер акырын байкатпай вагондордун устуно асылып чыгышты. Анан аркан терезелери аркылуу кирууго аракет кылып корушту. Бирок темир тордон кирууго мумкун эмес экен. Вагондордун алдына, устулоруно туш-туштан жабылышкан жоокерлер акыры ичиндегилерди багынып берууго аргасыз кылышты. Тогуз вагондо эки-экиден он сегиз узатуучу бар экен. Бардыгын тен куралсыздандырып колдорун арттарына байлап, коздорун танып салышты.
Убакыт алтыдан отуп, айланага жаныдан жарык кирип келатты. Жабылышкан чек арачылар ар бир вагонду текшере башташты. Саиддин айтканы чын болуп чыкты. Бардык вагондо толтура курал жуктолуп кетип баратыптыр.
Жащиктерде толтура ар туркун октор, кол гранаталар, бир вагондо болсо мина-бомбалар, гранатаметтор. Пистолет, кундуз кылып корсотуучу дурбусу бар снайпер мылтыктар, ок отпос чыптамалар. Пульт менен иштоочу донголоктуу озу журуучу жардыргыч заттар, айтор Рашид билбеген топ куралдар журот. Шыгаев дароо озунун шефи менен рация аркылуу суйлошту да вагондогу куралдарды машинелерге жуктогонго буйрук берди. Жарым саатка жетпей дагы эки-уч чумкомо машине келди. Женил машинеси менен шеф озу дагы жетип келди.
-Ылдамдагыла, тан атып айланага жарык кирип кете электе бардыгын жуктоп бутургондой болгула,-полковник озу да баш болуп бир аз жуктошту. Коп отпой эле дагы эки чумкомо машине чек арачы жоокерлер жардамга келишти. Бардыгы шашылыша вагондогу куралдарды жуктоп, арты толгон машина менен казарманды коздой сапар тартып, анын ордуна жаны машинелер келип жатышты. Айланага жарык кирип кеткендиктен темир жолдун торт тарабына атайын кароолчулар коюлду. Эгерде чоочун адамдар бул жакка жакындай турган болушса жолотпой кууп турушмак.
Уч саат убакыттын ичинде дээрлик бут тогуз вагондогу курал-жарактардын бардыгын жуктоп, ташып улугурушту. Вагондордун ичинде эч нерсе калбай бир сыйра тазаланган сон буйрук боюнча бардыгы машинелерге отурушту. Кетип бара жатканда Рашид Шыгаевге кайрылды.
-Тигил туткундарды эмне кылалы?
-Бардыгын тен тоо арасындагы бир чункурга алып барып коздорун тазалап атып таштайлыбы?
-Буларды туткун кылып озубуз менен кошо тигил жакка алып кетсекчи?
-Азыр шеф менен суйлошуп коройунчу…
Шыгаев чонтогунон мобилдик телефонун алып начальниги менен суйлошуп, аны кайра чонтогуно салды. Анан бир аз ойлонуп турду.
-Кыскасы мындай…, буларды буту-колу, коздору танылуу боюнча бир вагонго камап, сырттарынан кулпулап бекитип, тепловоздун айдоочусун гана бошотуп поездди андан ары айдап кете бергенге уруксат бериш керек. Бул шефтин буйругу. Мейли жетчу жерине жетип алышсын, андан ары эмне болот ал оздорунун иши.
Арткы машинадан беш-алты жоокер секирип тушушту да Рашиддин буйругу менен алиги колдору, коздору танылуу турган туткундарды эн акыркы вагонго кийиришип, бардыгын тактайдын устуно жаткырышып, буттарын да байлап вагондун эшигин жаап туруп, сыртынан кулпулап ташташты. Анан тепловоз айдоочунун колдорун чечип, коздору байланган чупурокту алып кое беришти.
-Сен бошсун кете берсен болот.
-Калгандарычы?
-Алар биздин туткун болуп биз жакта калышат. Озундун башын аман калганына кубан.
-Бул жоругунар учун керт башынар менен жооп бересинер, плохо будет.
Бир аз убакыттан кийин поезд ордунан козголо акырын жыла баштады. Качан гана алыстап кеткенден кийин бери жакта турган солдаттардын машинелери да ордуларынан козголушту.






  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   26 Март 2014 - 16:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Кутулбогон жанылык
Вагондон тартылып алынган курал-жарактар жер алдына жайгашкан жашыруун складдарга да батпай кетти. Шыгаев озу ар бир куралдын тизмелерин кагазга тушуруп журду. Жер алдындагы складдан артып калгандарды казармандын ичиндеги складдарга жайгаштырышты.
Жекшемби куну шеф офицер составындагыларды кезектеги чогулушка чакырды. Бардыгы жер алдындагы бункерге чогулушту.
-Мына акыркы мезгилдерде биз учун эн жакшы, ийгиликтуу окуялар болуп кетти. Ири героиндерди колго тушурдук, андан тышкары ири курал-жарактарды кармадык. Мунун баары Рашиддин заслугасы, бул кызматы учун ага он мин доллар акчалай сыйлык берилет. Ал эми бизге жашыруун жолдорду коргозуп берген Саидге болсо жардамы учун ага да он мин долллар толонуп, эркиндикке бошотулат. Аны Кавказга чейин бир офицер эки солдат гражданча кийинип алышып узатып барып келишет. Эн башкысы жашыруун тоо ичиндеги тоннелди билип алдык. Эми бир дагы контрабанданы откозбойбуз. Айтмакчы, Баткендеги бардык казармалар мененсуйлошуп, бир чечимге келишип келдим. Колго тушкон курал-жарактардын бир тобун ошолорго сатабыз го. Мынча курал бизге кичине ашыгыраак болуп, болгон складдарыбызга батпай кетти. Тигилерди акырын ийге келтирип, тил табыша баштадым. Аларын деле биз сыяктуу бир топ акчалуу экен, сыягы алар дагы контрабандисттерди тоношот окшойт. Эн башкысы алар менен жалпы тил табышканга жетиштим. Жакында бирдиктуу уюм тузобуз да бир командага биригебиз. Гитлер менен Фидель Кастронун куралдуу которулушун бардыгынар унутпагыла. Кудай буюрса биз катуу куралданып алдык. Керек болсо Кыргызстан боюнча Армияларда биздей куралданышкан аскер болуктору жок. Кыргызстандагы эн эле кучтуу, эн эле бай аскер болугу бизбиз. Биз эми эч кимге коз каранды болбойбуз. Окмотко да Кыргызстандын куралдуу кучторуно да. Керек болсо вертолет, танкаларды, ракеталарды сатып алууга дараметибиз жетет. Тушунуп жатасынарбы. Солдаттардын бардыгын бекеринен спорт менен машыктырып жаткан жокпуз да. Кыргызстандын башка аскер болукторуно салыштырмалуу биздики бардыгы тен профессионал солдат болуп чыга келишти.Мындай салыштыра келсек биздин солдаттар спецназчыларды, десантниктерди басып отушот. Таамай аткан жагынан да алдыда турушат. Тоодо да туздукто да жакшы согуша алат. Биз деген бул жерде чек арачыларды эмес диверсанттарды, десантниктерди, спецназчыларды даярдап жатабыз. Ушул темп менен журуп отурсак Кудай буюрса чон ишке аттанабыз. Эмне иш экенин билесинерби? Албетте, боолгоп жатсанар керек. Мен именно дал эле ушундай кунду кутуп жургом. Мына куралдар да жетиштуу, акча да жетиштуу, солдаттар да баардык жагынан профессионал болуп машыгып бутушту. Мындайча айтканда даяр болдук десек болот. Эми офицерлер ар биринерге тапшырма жуктолот. Ал эмне тапшырма экенин билесинерби? Албетте, билесинер, ал деген куралдуу переворот…
Бийликке каршы куралдуу тонкоруш тууралуу Рашидден башка офицерлердин бардыгы эн жакшы билишет экен. Бул боюнча башынан эле Рашид шек алып жургон болчу, бирок аныгына жете албай тактоого бир канча аракет кылып, андан эч жыйынтык чыгара албай жургон. Коптогон куралдар салынган жашыруун складдардын бар экенин билчу. Бир-эки жолу чет-чеберин коруп озу дагы кубо болгон. Чындыгында мындай куралдар Кыргызстан боюнча аскер куралдуу кучторундо жок болчу.”Биякка мени чалгынга жибергени жакшы болгон экен, бул жерде анархия, башаламандык гана эмес, бийликке каршы куралдуу тонкорушко тээ илгертеден бери эле даярданып журушсо керек. Мен булардын ишенимине кире алдымбы, же али да болсо сынакта журомбу?”-Рашид озу менен озу суйлошо ойлонуп атты.

*** Эмнегедир казармада кырдаалдын чукул озгоруп жатканы кадимкидей байкалып жатты. Бул жактын куралдуу кучтору окмотко, бийликке каршы тээ илгертеден даярданып келе жатканын Рашиддин журогу сезип журчу. Акыркы кундору даана ачыктан ачык байкала баштады. Болуктун командири офицерлердин бардыгын жер алдындагы жашыруун залга бат-бат чогултуп, Бишкек шаарында болуп жаткан кырдаалды айтып Кыргызстанда канча аскер болуктору бар, алар аскер кучторунун кайсы турлоруно кирет, ар бир аскер болукторундо канча жоокер бар, кайсыл жерде жайгашкан карта боюнча бардыгын айтып, алардын курал-жарак салынган складдары кайсыл жерде жайгашкан, атайын тартылып алыган тасмаларда экрандан корсотуп,тушундуруу иштери тыкан жургузулуп жатты.
Рашиддин бул жакка кызмат кылганы бир жылга чукулдап калса да али коп нерселерин билбейт экен. Ушунча убакыттан бери жер алдында атайын жашыруун бункер бар экенин да, ушунчалык коп куралдар катылган складдар бар экенин да билбептир. Бункердеги болмолордун эшиктери ок отпогондой, гранаталар талкалай албагандай кылып темир менен аябай калын жасалыптыр. Бир болмосундо атайын акыркы маркада чыккан компьютерлер бар экен. Рашиддин козу кичинекей темир жашикчеде жыйылып турган дискеттерге тушту. Эмне болгон дискеттер экенине кызыгып бирден-экиден байкатпай уурдап кетип озунун болмосундогу компьютерден башка дисктерге кочуруп алып, кайра ордуна коюп кетип атты. Тун ортосунда элдин баары кызуу уйкуда жатканда шашпай компьютерге отуруп алып, кочурулгон ар бир дискетти текшерип жатты. Бир дискетте жер алдында жайгашкан бункердин схемалары тартылыптыр. Казарманын алдына кирип жер алды менен журуп отуруп, сыртка чыгып кете турган жашыруун откоол бар экен. Ошонун чиймеси да толугу менен чийилип корсотулуптур. Башка дискетинде жалан жер алдындагы жашыруун курал-жарак сактаган складдардын чиймеси, канча ок атуучу, канча жардыруучу курал, кыскасы чет элдик автоматтардан баштап, гранатаметторго чейин бут тизмеси бар экен.
Рашид дискеттеги схемалардын бардыгын башка дискетке кочуруп алып эч кимге билгизбей жашыруун жол менен борбор жакка жонотуп жиберди.
Шашылыш жыйын
Акыркы кундору эмнегедир казарма ичинде кырдаал улам барган сайын курчуп татаалданып оорлошуп, озгоро баштады. Жоокерлер менен офицерлер арасында тартип мурункудан да катуу болуп кетти. Эмне себептен мындай болуп озгоро баштаганы бара-бара акырындап ачыкка чыга баштаган болчу. Полковник мурун жумасына бир жолу офицерлерди бункердеги залга чакырса акыркы кундору эки жолудан чакырып жыйналыш жасачу болду. Жашыруун сыр, пландар уламдан улам ачыкка чыгып отуруп, акыркы мезгилдерде бардыгын ачык эле суйлошуп калышты. Рашиддин коптон бери шек алып, аныгына жете албай жургону чын болуп чыкты.
Ошол куну жекшемби куну болчу, офицерлердин бардыгы эс алып, конул ачышмак. Кутулбогон жерден озу келип бардыгына эскертуу берип кетти
-Бугун эч ким эч жакка кетпейт, сурансанар да уруксат бербейм. Саат торт чендерде бункердеги залда жыйналыш болот. Бугун озгочо маанилуу иштер айтылат. Баардыгына эскертип от, бири дагы калбай катышсын, эч жакка кетишпесин. Казарманын дарбазасындагы, текшерип откоруу пунктунда турган солдаттарга катуу эскертуу берилсин, чужойлордон эч ким отууго тийиш эмес. Ошондойэле кучотулгон кароолчулукту уюштургула. Бугун озгочо маанилуу иш болот.
Анын орун басары подполковник Шыгаев да ар бир офицерге бирден айтып, жугуруп эскертип журду. Бир нерсе болоорун сезишкен офицерлердин бири да сыртка чыга алышкан жок. Саат туптуура торт болгондо бир дагы офицер калбай бункердеги залга чогулушту. Шыгаев бардыгын бир-бирден тизмелеп, текшерип фамиляларын атап чыкты. Андан сон ар бирин мобилдик телефондору барбы, жокпу чонтокторун бир сыйра текшерип отту. Бир-экоонуку эле бар экен, алардыкын алып, столдун устуно коюп койду. Эмнени айтар экен деп тым-тырс болуп, былк этишпей бир ордуларында мамык казыктай катып отурушту. Залдын ичи чымын учса угулчудай жымжырттык окум суруп турду. Тордогу столдо отурган болуктун командири шашпастан стакандагы сууну ичип, кайра ордуна койду.
-Мына бардыгынардын тен бул биздин болукто кызмат отогунордон бери бир топ эле убакыт отуп калды. Бул жактагы кырдаалды, ал-ахыбалды баардыгынар тен менден жакшы билесинер, тушуносунор. Бардыгын кайра башынан тушундуурунун эч деле зарылчылыгы жок. Ушул убакка чейин жогору жактагыларга билгибей озубузчо аскер кызматын отоп, жашап келдик. Мамлекетибиз эгемендуу болгонунан бери бир топ эле убакыт отту, окмот тарабынан аскер куралдуу кучторуно эч кандай жардам берилбей ар бирофицер аз маяна менен жашап келишет. Мамлекеттик куралдуу которулушко коптон бери эле даярданып жургонубузду бардыгынар эле жакшы билесинер. Мына ошол даярдык акырындап отуруп бышып жетилип калды. Беш жылдан ашык убакыттан бери чет олкодон жашыруун турдо курал сатып алып отуруп, озубузго жетиштуу эле курал топтоп алдык. Биздей болуп катуу куралданышкан жергебизде бир дагы аскер болугу жок. Бизге азыр негизги эле нерсе темирдей тартип, преданность керек. Биринчи кезекте тартип болбосо, ишибиздин илгерилеши кыйын. Мына жыйырмадан ашык бронетранспартерлорду, БТР, БМПларды топтоп алдык. Вертолетторду дагы биздики десек болот. Бишкек тараптагы вертолетторду болсо сатып албай эле захват кылып алабыз. Аларды алуу женил эле, кайсыл жерде жайгашкан, кароолчулары кайсыл жерде турат бут схемалары бар бизде. Анын устуно ал жакта бизге жардам бере турган кишилерибиз дагы бар. Хватить канчага чейин жашырып, чочулап журобуз, эми мындан ары ачык эле аракет кыла баштайбыз. Эч ким бизге тоскоолдук кыла албайт. Бийлик куралдуу кучтун же тагыраак айтканда Армиянын колуна отушу керек. Бийликке келген Адольф Гитлер деле аскер тартибиндеги адам болчу. Ал дагы дайыма военный кийинип журчу. Ал эми Фидель Кастрочу, ал деле военный адам, азыркыга чейин эле озунун мамлекетин башкарып келатпайбы. Элдерге да темирдей тартип керек болуп атат.
-Суроо берсе болобу?,-ары жактан лейтенант жаш жигит ордунан турду.
-Айта бер,-бардыгы аны карап калышты.
-Биздин негизги максатыбыз эмне, мынакей бийликти куч менен алдык дейли. Андан ары эмне иш кылабыз. Ансыз деле жашообуз бул жакта жаман эмес го?
-Отур,-полковник кабагын туйо бардыгына бир сыйра коз жугуртуп койду,-болуптур, тушунбой жаткандарга дагы бир жолу тушундуруп коеюн. Мынакей бул жакта биз оз билгенибиздей эле анархия болуп бийликтин уставына баш ийбей кутуруп жашап жатабыз. Чек аранын башка жерлеринде биздей болуп контрабанда менен курошкон эч ким жок. Так эле биз турган чек аралар европалыктардын ото турган наркотропасы. Отууго башка жерлер ынгайсыз, жолдоруда жок. Ошондуктан бизге акча таап жатканга жакшы мумкунчулук болуп жатат. Аны баарынар тен менден жакшы билесинер. Бангизаттардын баарын кармап алып аны сатып, андан тушкон акчаларды озубуздун казынага тушуруп жатпайбызбы. “Кыныр иш кырк жылда билинет” дегендей баары бир бул эртели кеч билинет. Эгер билинип калса ушул жерде отургандардын бардыгы аскер трибуналы менен кесилип кетебиз. Эртеби, кечпи ал биздин алдыбызда кутуп турат. Ошондуктан биз ага жеткирбешибиз керек. Курал Кудая шугур жетиштуу, аскерлерибиздин бардыгы аябай дасыгышкан жоокерлер. Бекеринен аларды жумасына уч жолу спорттун бардык турлору менен машыктырып жаткан жокмун да. Чуркоо, атуу, аркандар менен айнектен кирип имарат ичине кол салууга, рукопашный бойлорго бардыгына жакшы шарт тузуп бердим. Жоокерлер эн жакшы результаттар менен машыгып бутушту. Атугул десантниктер да биздей машыгышпайт. Биздин машыктыруучулар тандалып алыстан, жалдап алынып келишкен машыктыруучулар. Биз почти мындайча айтканда буга даярбыз десек да болот. Темирди кызуусунда согуп калыш керек.
-Элди кантип башкарып кантип дуйнолук саясатка аралаша алабыз?
-Ал жонундо кам санабай эле койгула, ал деген биздин ишибиз. Биринчи кезекте военный переворот жасап, бийликти колго алалычы. Калганы акырындап озунон озу нукка тушуп кетет. Мен силерди чогултуп жатканымдын негизги себеби ушул, ар биринер бул жонундо маалымдар болуп турушунар абзел…

Алдын ала даярдыктар
Аскерлердин куралдуу которулушко алдын ала даярдыктары, даярдоо, угуттоо иштери катуу журуп жатты. Ар бир офицер ар бир жоокерге тушундуруп, акча менен азгырып, келечектери тууралуу коптогон жакшы мумкунчулукторду, жоокерлерде болуп корбогондой жакшы жашоолорду айтып ишендирип журушту. “Ушундай аскер кызматына кабылганынарга суйунгуло. Эгер Кыргызстандагы бутундой куралдуу кучторду баш ийдирип, Акуйду колго ала турган болсок, силердин кылган кызматынар эч убакта унутта калбайт. Бул жалпыбыздын келечегибиз. Баарыбыз бир казандан тамак ичип, контрабандадан тушкон акчаны каалаганыбызча жумшап жатабызбы? Демек мамлекет алдында бардыгыбыз тен куноолубуз. Биздин бул жоругубузду жогору жактагылар же мамлекет билип калса баарыбыз тен аскер трибуналы менен кесилебиз. Бардыгыбыз бир бутунго бириккенбиз, олсок бир чункурга, которулсок бир дободо болобуз. Башынарды жогору которуп, коркпой-уркпой озунордун келечегинерге тике карагыла. Бийлик колго тийсе, мамлекеттик байлык, казына да колго тиет. “Биз жалпы аскер тонкорушун жасайбыз”. Бул ар бир офицердин ар бир жоокерге айтып жаткан созу болчу.
Жума куну болуктун командири казармадагы болгон жоокерлердин, офицерлердин бардыгын оздорунун кундо тизилип аскердик машыгууларды откорчу аянтка алып чыгып катарга тизди. Тизме боюнча ар бир жоокерди кайра башынан ар турдуу куралдар менен жабдып чыкты. “Мына мындай машыгуулар менен мындай курал-жарактар менен силер жалгыз эле Кыргызстанды эмес, башка мамлекеттердин дагы ушун алып койгонго кудуретинер жетет”. Болуктун командири жоокерлерди карап озуно озу ыраазы болуп турду. Чын эле ар бир жоокер мындайча айтканда тиштеринен баштап, тырмактарынын учуна чейин куралданышкан.
Жоокерлердин алдында командир озу суйлоп жатты:
-Бизге чек арачылардан дагы уч болук кошулат. Ошолордун эн жакшы мыкты даярдыктан откону эле силерсинер. Жакында бардыгын кошкондо озунчо эле бир полк болот. “Коп тукурсо кол болот, кол толкуса сел болот” дегендей эми бизди эч ким токтото албайт.
Жоокерлер мурункудан да катуу машыгуулардан откорулуп, офицерлер болсо эки кундун биринде бункердеги залга чогулуп жатышты. Бардыгы жалпылап штурм жасоонун ар кандай пландарын тузушуп, талкууга алына ортодо талаш-тартыштар коп болуп, жыйынтык чыгара алышпай коюшту.
-Акуйго штурм тун ичинде башталат. Вертолеттор менен тунку саат эки-уч чендерде элдин баары кызуу уктап жатышкан мезгилде биздин десанттардан эн кыйын деген тандалма взвод Акуйдун устуно тушушот. Андан алыс эмес жерде улуттук гвардиянын казармасы бар биздин бир взвод ошолорду тун ичинде камынтпай басып алышы керек. Кыскасы ошол туну калаадагы кайсыл жерде Аскер болукторунун казармалары болсо ошолорду камынтпай басып алууларыбыз абзел. Чуй боорундагы кээ бир аскер болуктор бизге кошулат. Тун ичинде Акуйго киришкен тандалма взвод бизге белги беришсе биз БТРлер менен кундузу эле курчап алабыз. Биздин озубуздун башкача желек, башкача эмблемабыз болот. Чабуул башталаар алдында бардыгынар офицерлерден баштап жоокерлерге чейин башкача форма кийесинер. Атайын заказ менен тигилген формалар, эч кимди равнодушно калтырбайт, жарашыктуу.
Албетте, бийлик женил эле колго ото койбойт, ортодо кан тогулуу болуп кетиши мумкун. Ошондуктан бардыгына даяр болгула. Биз деген бардыгынан жогору турушубуз керек.
Акыркы кундору эки кундун биринде талкуу болуп, Бишкек калаасын куралдуу кучу менен басып алуу тууралуу ар кандай пландар иштелип, бул боюнча ар ким оз пикирлерин кошуп, куралдуу тонкоруш планы улам барган сайын бышылып, жетилип келатты.

Талкууда
Аскерлердин куралдуу которулушу боюнча Рашид борбор калаага эки жолу маалымат жонотту. Анын берген маалыматына адегенде борбордогу аскер кучторунун эч кимиси ишенген жок. Кыргызстандагы куралдуу кучторунун жетекчиси генерал-майор Субанкулов жогорку чиндеги жетекчи окулдорун полковник, подполковник, майорлордун бардыгын озуно чогултуп алды да бул Ош-Баткен тараптагы шумдуктуу окуяны талкууга алып корушту.
-Кана бул боюнча кимде кандай ой бар? Баткен №2336 аскер болугундогу погранвойска бул жакка кол салганга куралдуу которулушко даярданып жатышат деген эки жолу шашылыш маалымат келди. Бул маалыматка ишенсе болобу?
-Пограничниктер кайсыл куралдарына ишенип жатышат. Аларды жон эле басып койсо болот да. Баса №2336 аскер болугунун жетекчиси, командири ким эле?
-Ахмед Жапаров, улуту азербайжан, чини подполковник болчу. Озуно озу полковник деген чин кошуп алыптыр имиш. Жашы элууго чукулдап барып калган, башынан копту откоргон эски карышкыр. Афган согушуна катышып, согуш буткончо аягына чейин ошол жакта болгон. Наркотика менен контрабанданын негизги уюгу ошол жакта болуп жатпайбы. Ошолордун казармасынын жанындагы айылда Ниязбек деген чал жашайт. Бизге маалыматтын бардыгы ошол аркылуу келип турат. Откон жолу компьютердин дискетин салып жибериптир. Анда кандайдыр бир жер алдындагы бункерлер, курал-жарак салынган складдар, куралдардын тизмеси бут бар экен. Мени тангалдырып жатканы казарманын ичиндеги жер алдында кайдагы бункер дагы, кайдагы складдар болсун. Андай курал-жарактар Кыргызстандагы аскер куралдуу кучторундо да жок.
-Атайын комиссия тузуп, официалдуу турдо текшеруу жургузуп корбойлубу?
-Канча жолу текшеруулор барды. Биз жиберген адамдардын баары эле ал жерди мактап”баары жакшы, баары жайында”деп келип жатышпайбы. Албетте алардын бир нерсе жашырып айтпай атышканы билинип эле турат.
-Ахмет Жапаровду ал жактан бошотуп, башка жакка которсокчу, балким…
-Аны жондон жон эле бошоткондой эч кандай причина жок болуп жатпайбы. Мактоого татырлык болуп атса аны кантип бошотосун. Ал жонундо копчулук эн жакшы ой-пикирде. Анан биздин жиберген кишинин маалыматы таптакыр эле буга шайкеш келбей жатат. Куралдуу тонкорушко даярданып жатышат дегенине кантип ишенесин. Жанагынча складда сакталган куралдарды кайдан алышты дейсин. Жалан чет элдик куралдардын тизмеси экен. Аны сатып алыш учун канча акча, канча каражат керек. Пограничниктерде кайдагы акча. Чет элдиктер менен эле катуу байланышы болбосо мынча курал ала алышпайт.
-Балким контрабандисттер менен байланышы болуп журбосун?
-Бар болгон кундо дагы анча акчалуу боло алышпайт. Эмне акча талаада жатыптырбы же контрабандисттер ме деп даяр акча бере коюшмак беле?Стоп, стоп, балким ошентип журушпосун, алардын даяр акчаларын алышат дагы оздорун откоро беришет.
-Андай болушу мумкун эмес, анда аскердик жалпы уставды бузуп жатышпайбы. Оз жандарынан деле коркушат да. Аскер трибуналына кесилип кетишет. Ушунча болуп уставды бузган бир дагы Аскердик болукторду коро элекмин. Ал эми №2336 Ахмед Жапаровдун аскер болугу Кыргызстан боюнча улгулуу, алдынкы аскер болугу болуп эсептелет. Мурунку алынган маалыматта булар коп жылдан бери эле тонкорушко даярданып келатышыптыр. Акыркы мезгилдерде кырдаал курчуп баратат деген болчу. Анын бизге берген маалыматтары таптакыр чындыкка жакындабай жатпайбы. Кантип эле ушул кичинекей чек арачылардын аскер болугу военный переворот жасаганга алдары келишсин. Анын устуно ал жерде контракт менен кызмат кылып жатышкан жоокерлер да бар. Алар учун военный перевороттун эмне кереги бар? Акчаларын алып уйбулосун багып журо беришсе болду да. Кана кимде кандай ой бар дагы?
-Чын эле чек арачылардын колунан эмне келет, чек араны кайтаргандан башка. Же чет олколуктор менен байланыштары болбосо, подполковник Ахмед Жапаров мындай сыртынан караганда андай ишке барчудай деле туру жок. Аны менен бир канча жолу озум жекеме жеке да суйлошуп, сынап коргон болчумун. Башынан копту откоргон акылдуу адам. Эгерде чын эле куралдуу которулуш чыгара турган болушса аларды басып коюш оной эле. Биздин бир эле полкту то есть дивизияны жонотсок эле алар акырын басып коюшат.
-Чын эле чек арачылар суткалап чек араны, оз мекенин кайтарып журушсо каяктагы тонкоруш. Туура эмес маалымат берип, бизди алагды кылып тынчыбызды алгандыгы учун тиги жактагы биздин адамыбызды катуу тыйып, эскертуу берип коюш керек.
-Кое тургулачы, шамал журбосо чоптун башы кыймылдабайт да, балким бул маалымат чын болуп калсачы?
-Мен ишенбейм.
-Мен дагы.
-Та-ак, дагы ким ишенбейт?
-Мен тигил жакка да бул жакка да кошулам,-бурчта отурган майор ийнин куйшоду.
-Озундун так мнениен жокпу?-генерал ага суроолуу карады.
-Кандай десем, ар нерсенин плюс-минусу бар. Бул чын болуп калышы да мумкун. Маалымат туура эмес берилип калышы да мумкун.
-Маалымат бир жолу туура эмес берилиши мумкун, а бизге болсо уч-торт жолу окшош болуп келди.
-Балким биздин чалгынчыбыз тигил жакты туура эмес тушунуп алып жаткандыр, же айылдагы Ниязбек деген чал туура эмес кабыл алып жаткандыр?
-Баары бир кандай болсо дагы бул маалыматты бир сыйра текшерип отушубуз керек болуп калды.
-Казарманга дагы чалгынчы жиберелиби?
-Жок гражданча кийинген адамды ошол айылга жиберип, же Рашид же Ниязбек менен байланышып, суйлошуп, бардыгын оз козу менен коруп билип келиши керек. Мин уккандан бир коргон артык дейт. Оз козу менен коруп келмейинче ишенуу кыйын болуп турат.
-Майор Кадыров ал жакка ылайыктуу бир кишини даярда да тез арада тигил тарапка жонот.
-Жарайт.
-Анда бошсунар. Ал кишин эртен даяр болсун, бурсугуну шашылыш жонот. Тушунуктуубу?
-Тушунуктуу.
Кошумча маалыматтар
Артында асынып жургон баштыгы бар жашы отуздардан отуп калган жигит айылдын эн акыркысы кечинде келе турган автобусунан тушуп калды да Ниязбектин уйун издеп кирди. Бададан кайткан мал айылга келээри менен туш-туш жакка чачыраша катар тизилишкен уйлордогу короолорго кирип жатышты. Бул маалда ар ким оздору менен оздору болуша беймаал келген конокко конул да болбой калышат. Сырттан келген бейтааныш адамга эч кимиси анча маани беришкен жок. Кочодо уй айдап кетип бараткан мадыра баш баладан Ниязбектин уйу кайда экенин сурай кетти.
-Аркы кочодогу айылдын четиндеги кок дарбазалуу уй. Ошол жакка барып сурасанар айтып берет,-тестиер бала уюн чыбык менен айдаган боюнча артын карабай кетип калды. Алдыда мал коп экен, озгочо кой, эчкилер. Уйдогу жемге карай чуркаган койлордун маараганы, иттердин ургону бейтааныш жигит учун кызык корунуп жатты. Кочо менен келатышкан койлор эч ким болбосо деле ар бири оз алдыларынча болунуп кетип атышты. Алар чуркашканда кочодон чан буруксуй жай асманга которулуп, акырындап тарап кетуудо. Калаага караганда айылдын абасы таза экени кадимкидей сезиле жигит кере-кере дем алып, аркы кочого тушту. Улам жолдон сураштырып отуруп, Нияздын уйун тапканча айланага куугум кирип кетти. Короосунун дарбазасы ачык экен. Уйуно кирбей дарбазанын кичине эшигин такылдатты эле бир эмес эки ит авалап жолун тосуп чыгышты. Озун карай атырылып келаткан эки иттен чочулаган жигит дароо кичине эшигин жаба койду да озу сыртта калды. Иттер тынбастан арсылдашып уруп жатышты. Тээ бир топ убакыттан кийин ары жактан жаш баланын уну чыкты.
-Бул ким?
-Уйдо атан барбы?
-Бул ким?
-Атанды чакырчы бери, сырт жактан конок келди де.
-Уйдо атам жок.
-Каякка кетти эле?
-Билбейм сыртка чыгып кеткен…
-Уйдо башка ким бар?
Эч ким жок, мен эле…
Ангыча ары жактан эркектин жоон уну угулду.
-Ким экен ал?
-Билбейм сизди сурап атат го.
Дарбазанын кичине эшиги ачылып куугумдо бою пасыраак бир кишинин карааны пайда болду.
-Чык, кет! –ал кожоюнунун козунчо ого бетер кучоп уруп жатышкан иттерди кууп, бейтааныш жигитке жакын басып келди.
-Сен кимсин?
-Салом алейкум, Ниязбек байке сиз болосузбу?
Тигил караан жооп бергендин ордуна унчукпай бир топко бейтааныш жигитке унуло карап турду.
-Сага эмне керек?
-Мага Ниязбек байке керек эле… мен шабашкага жумуш издеп журом. Бул анын пароль созу болчу. Алиги караан ага ишенип-ишенбей бир топко карап турду да анан акырын ооз учунан кунк этти.
-Кир уйго,-ал башын сыртка чыгарып эки жагын сактана карап койду,-озун жалгыз элесинби?
-Ооба.
Алиги киши дарбазанын кичине эшигин ичинен илип бекитти да озу алдыга жол баштап берди. Экоо ээрчише уйго киришти. Электр жарыгынан уй ээси алиги бейтааныш жигиттин жузуно унуло карап калды.
-Сиз ким болосуз?
-Ниязбек байкесизби?
-Ооба.
-Сиздин суротунузду коргом…
-Кайдан келдин уулум?
-Бишкектен.
-Айта бер эмне максат менен келдин?
-Уй салган шабашниктер сыяктуу келдим. Срочно Рашидге жолугуш керек болуп жатат…
-Кайсыл Рашид?-алиги чал дале шек санап тигил жигитке анча ишене бербей сактанып турду.
-Мен дагы бул жакка борбордон атайын тапшырма менен келдим.Озунор биз жакка уч жолу шашылыш сообшение жонотупсунор ошонун аныгына чыгайын, тактап билейин деп келдим.
-Сизди ким жонотту?
-Генерал- майор Субанкуловдун тапшырмасы менен келдим.
-Кайсы генерал-майор?
Уй ээси дале чочулап, сактанып атканы билинип турду.
-Сиз менден чочулабай эле коюнуз, паролду айтпадымбы. Андан коро чек арачыларда болуп жаткан кырдаалды талкуулайлычы. Бул жакта эмне ызы-чуу болуп жатат?
-Оо-о, аны айтпа ызы-чуу болуп жатканда да кандай ызы-чуу болуп жатат дейсин. Озун айткандай шашылыш уч жолу кабар жоноттук. А силер ишенбей жатасынар…
-Кана баштан-аяк ирети менен суйлошолучу. Эмне болгон куралдуу тонкорушко даярданып жатышат. Чек арачылар элеби же аларга башкалар дагы кошулуп жатышабы?
-Менимче Баткен ороонундогу чек арачылар оздору эле дурбоп жатышса керек. Бирок алар бир эле казармандын солдаттары эмес, уч торт казарман биригип тонкорушко даярданышууда.
-Аларды ким уюштуруп, башында ким турат?
-Албетте тигил жактагы казармандын же тагыраак айтканда чек арачылардын командири Ахмед Жапаров.
-Алиги силер жоноткон дисктеги куралдардын тизмеси эмне болгон куралдар?
-Оо-ой, курал-жарак салган складдарын айтып отурса озунчо эле арсенал. Андай куралдар силерде да жок. Чынында ал куралдарды мен оз козум менен коргон жокмун, бирок Рашиддин айтуусунда ото эле коп экен курал-жарактар.
-Ал куралдарды кайдан алышыптыр?
-Кайдан болмок эле чет олколордон. Сыягы Афганистан, Иран, Аравия, атугул Америка жактардан сатып алышса керек, менин баамымча.
-Аа, курал сатып алганга акчаны кайдан алышыптыр?
-Аларда акчанын эсеби жок, баягы эле контрабанданын эсебинен байып жатышат.
-Кантип, кандайча?
-Бул биздин аймак аркылуу Европа олколоруно бангизат ташып отушкон контрабандисттер ото эле коп. Мен дагы убагында аскер кызматында чек арада кызмат кылып полковник деген наам менен отставкага чыккам. Чек ара эмне экенин, контрабанда эмне экенин жакшы билем. Оз мезгилинде Советтер Союзунда кызмат отодум. Ошол себептен борбордогу генерал-майор Субанкулов мени менен байланышып жатат. Биз бири-бирибизди жакшы тааныйбыз. Мен майор болуп жургондо ал болгону лейтенант мотурайган жаш жигит болчу. Мен отставкага чыкандан кийин бат эле жогорулап кетти. Ото эле зээндуу, тын жигит экенин сезчумун. Азыр куралдуу кучту кармап, генерал-майорлукка чейин которулуп кетпедиби. Кой эми негизги темага отолучу, кыкасы ошондой, контрабандалардан алар ири суммадагы акча алып туруп силер жакка билгизбей откоро беришет. Каршылык корсотуп моюн сунбагандардын бангизаттарын тартып алышат дагы аларды кайра Европа олколоруно эки эселентип кымбат баага сатышат. Мына миндеген, милиондогон акчалар кайдан келип жатат. Азыр алардын казынасында милиондогон акчалар бар. Сом эмес, долларлар. Булардын катарына мурда служба кылгандар да кайра келип кошулуп жатышат. Алардын катардагы солдаттары барган сайын кобойуп, саны осуп баратат. Бул темп менен журуп отурушса жепженил гана мамлекеттик тонкоруш жасап коюшат. А силер болсо кебелбей журосунор. Эртерээк алдын ала чара коруп, шашылбасанар кийинчерээк кыйын болуп калат.
-Тонкорушту кайсыл мезгилде баштаганы жатышат?
-Жетинчи октябрда, мына саналуу гана кундор калды. Казармадагылар аябагандай катуу даярдыктан отушуудо.
-Рашид менен кантип байланыша алабыз?
-Ал жакта кузот усиленный болуп жатат. Рашид чыгып биз менен байланышканга мумкунчулук ала албайт го. Азыр офицерлер бири-бирин эле андып турушат. Борбор калаабызга чабуул башталгыча ушундай катуу тартип болот окшойт. Алардын жер алдында жашыруун складдары, бункерлери бар экен. Атугул жер алды менен казармадан башка жакка чыгып кете турган откоолдору дагы бар экен. Мен канчадан бери жашап жатам, качан куруп улгуруп жиберишкенин билбейм. Атугул курулуп жатканын да коргон эмесмин. Ахмед Жапаров ачык эле куралдуу которулушко даярданып баштады, давай силер да эртерээк шашылгыла, которулушко даярданып жаткандарды азыртадан байкатпай келип баспасанар кийин колунардан эч нерсе келбей калат.
-Эртен шабашка жумуш издемиш болуп чалгынга чыгып коройун.Чек арачылардын казармасы жакка да коз кырымды жиберип байкап кором.
-Дегинкиси сак бол, биздин айылда Ахмед Жапаровдун кишилери, тынчылары бар. Эмдигиче сен жонундо тияк жактагыларга эбакта эле жетти болуш керек. Шек алдырсан сени да олтуруп коюшат. Эскертип коеюн убакыт аябай тар сен дагы тез арада бул жерден кетишин керек. Эгер кармап ала турган болушса камап коюулары мумкун. Алардан баарын кутсо болот, дегинкиси озуно да сак бол.

Чалгындоо
Алиги жигиттин аты Эдил болчу. Аны генерал-майор Субанкуловдун дайындоосу менен майор Кадыров атайын тандап алып туруп чалгынга жоноткон. Капитан деген чинди ал жаны гана алган. Тан атпай эл жаныдан ойгоно малдар бадага чыга баштаганда ал шашыла айылдан чыгып кетти. Бийик донго которулуп, ал жактагы бийик бактын башына чыгып алдыдагы тээ алыс жактагы бийик дубалдуу чек арачылардын казармасынын ичин карап турду. Озу менен ала келген дурбусун алып дубалдын ичине коз жугуртту. Танкы саат алтыда эле турушкан жоокерлер тизилип алышып, ары-бери чуркап журушту. Танкы физзарядканы жасап, турникке тартылып, гира, штанга которушуп, кээлери бокс, каратэнин ыкмалары менен машыгышууда. Эдил бактын устунон тушпой дээрлик уч-торт сааттай былк этпей казарманын ичиндеги ар бир кыймылга коз жугуртуп отурду. Чек арачылар тамактанып чыгышкан сон бир аздан кийин катарга тизиле баштады. Кеминде эле минге жакын жоокерлер бар экен. Казармада мынчалык коп адам болушу керек эмес болчу. Аларга ары жактан дагы бир чон топ кошулду, бардыгы окшош кок тустогу форма кийип журушту. Кайдан-жайдан келишкени белгисиз улам жаны топтор келип кошулуп атышты. Казармада жоокерлер аябагандай коп болуп кетти. Коп отпой эле бардыгы тен ары жактан курал алып келе башташты. Анан болук-болук болуп катарга тизилишип сыртка чыга туз эле ээн талаага жоношту.
Кайдан пайда болгону белгисиз он БТР, он БМП пайда болду. Машыгуу учурундагы полигондордой эки топко болунуп алышып, кадимки согуш талаасындагыдай согуша башташты. Чындыгында чек арачыларга мындай машыгуунун кереги деле жок болчу. Алар тушко чейин торт-беш сааттай машыгышкан сон кайра казарманы карай жоношту. Ал эми БТР, БМП согуш техникалары кутусуз жерден кандай пайда болсо, кайра ошондой эле кутуусуз жерден жок болуп коздон кайым болуп кетишти. Талаадагы буруксуп жаткан чанда алар каяк жакка кетип калышканын байкабай да калды. Чан-тополон, ызы-чуу болуп жаткан талаа заматта тымтырс боло ээндей тушту. Баары тынчыган сон Эдил айланасына коз жугурто, бийик бактан акырын шыпырылып тушту. Нияздын уйуно да кайрылган жок, ошол бойдон туз эле жолдон такси кармап, борборду карай шашылыш кете берди.

Бул мезгилде Рашид сарысаана болуп борбор тарап менен байланышууга мумкунчулугу жок болуп, бирок кандай болсо да шашылыш кабар бергенге аракет жасап жаткан. Казармада мурдагыдай болуп ишемби, жекшемби куну сыртка эс алууга чыкканга мумкунчулук болбой калган. Тартип мурункудан катуу болуп, ар бир офицер оздорунун кыймыл-аракети учун жооп берип турушту. Кырдаал уламдан-улам курчуп, куралдуу которулушко ачык эле даярдана башташты. Борбордогу Акуйду басып алуу планы иштелип чыгып, ал 7-октябрь куну тун ичинде деп белгиленди. Муну азырынча офицерлерден башка эч кимиси билише элек болчу. Бирок бул маалымат эбакта эле жашыруун турдо борбордогуларга жеткен.

Ак уйдогу жолугушуу
Олконун президенти ички иштер министрилиги генерал-лейтенант Кутманов менен Куралдуу кучтор боюнча коргоо министри генерал-майор Субанкуловду озуно чакырып алды.
-Кана азыркы болуп жаткан кырдаалды оз оозунардан уккум келет. Субанкулов, кана кырдаалды тушундуруп берчи?
-Ош-Баткен аймагынын чек араларында погранвойсканын жоокерлери куралдуу которулушко даярданып жатышыптыр…
-Жатышыптыр? А эмне учун муну мурда билген эмессинер?
-Баткен чек арасы жакта болуп аткан башаламандык тууралуу мындан бир жыл мурда эле уканбыз. Бир канча жолу атайын текшеруулорду жиберип, эч кандай шектуу нерселерди эч бир кынтык дагы таба алган жокпуз. Керек болсо Кыргызстандагы бардык погранвойскалардан артык атугул тартип жагынан дагы жакшы турушат. Эч бир кемчилиги жок, улгулуу войскалар…
-Булардын организатору болуп кайсыл казармандан башталды?
-Баткен аймагындагы №2336 аскер болугу бар, погранвойска, ошол жактагылар баарын баштаган. Алардан мурунтан эле шек саначубуз. Ошол себептен атайын озубуздун дасыккан, профессионал агентибизди чалгынга жонотконбуз. Ал жактагы кыймыл-аракетти, бардык маалыматты ошондон алып турдук. Эгер ал болбогондо азыркы болуп жаткан кырдаалды анча билбей калмакпыз. Кеч болуп калмак.
-Куралдуу которулушко даярданып жатышкандардын далилдери барбы?
-Курал-жарак салынган коптогон складдары, жер алдындагы бункерлери, жер алдындагы откоолдорунун схемалары бар дискеттерди бизге салып жиберген. Азыркы кундо аларга мурунку кызмат отоп келишкен солдаттар да кошулушууда, дээрлик эки полк куралыптыр.
-Жер алдындагы складдар, бункерлер, откоолдор… тим эле катуу даяданышыптыр го. Кандайча силер мунун баарын билген эмессинер? Стройкага каражатты кайдан табышыптыр?
-Баягы эле контрабанданын эсебинен да. Ал жакты наркотропа деп бекеринен айтышпайт, бут европа олколоруно ошол жак аркылуу отушот.
-Муну мурун эмнеге контролдукка алган эмессинер?
-Алардын ар бир кыймыл-аракеттери контролдукка алынып жатты…
-Анда эмнеге мынчалык денгээлге жеткирип ийдинер?
-Мынчалыкка бараарын билген эмеспиз. Анын устуно…
-Алдын ала алардын устунон чара колдонуп, баарын басып коюуга болот беле…?
-Болот болчу, бирок…
-Куралдуу кучтор начар иштейсинер, кана Ички Иштер министрлиги силер бул боюнча эмне айта аласынар?
-Граждандар Куралдуу которулушко даярданып жатышса мен бул боюнча жооп бере алат элем. Армия менен биз анча байланышыбыз жок да…
-Кандайча жок, ал жакта кызмат отоп жаткан солдаттардын бардыгы туболуктуу эмес, эки жылдык менен кызмат отогондор бар, контракт менен кызмат отогондор бар. Контрабандисттер менен солдаттар эле иштешпейт да. Чек арадан банда жашыруун отуп кетишсе силер да милдеттуу болуп каласынар алар менен курошууго. Жергиликтуу участковыйлар, райондун милициялары эмне иштеп, каякты карап журушот?
-Ал жакта наркотик сатып кармалышкандар коп эле болуп жатат. Бирок контрабандисттер тууралуу, куралдар тууралуу, ошондой эле которулуш тууралуу бизге эч кандай маалымат болгон жок.
-Биздин мамлекетибиз Кытайдай, Америкадай же Роосиядай чон болсо бир жон. Кичинекей мамлекет болуп туруп бир жылдан бери куралдуу которулушко даярданып жатышкандарын, контрабандисттер менен тил табышып кеткендерин экоонор тен билбесенер демек, чабалдыгынар, жаман иштеп жатканынар ошол. Алар аябай катуу куралданышкан, жакшы даярдыктан отушкон жоокерлер экен. Кутулбостук бардык мезгилде болушу мумкун. Эгер бугун туну келип Акуйду басып алса эмне кыласынар? Аларга каршы эч нерсе кыла албай каласынар. Баары кеч болуп калат. Телевидениелерди баып алса бутту, телевизор аркылуу кайра-кайра эле чыгып суйлоп атышып, элдин башын айлантып коюшат. Куралдуу аскер тонкорушун кайсыл кунго даярдап атышыптыр?
-Улуу Октябрь революциясынын кунуно карата ылайыкташтырыптыр…
-Жетинчи октябрь кунубу?
-Ооба.
-Демек саналуу гана кундор калган турбайбы. Шашылуу керек. Эртен кечки саат тогуз чендерде бут горнизондор боюнча аскер тревогасын которуп Акуйду кайтарганга атайын аскерлерди болгуло. Алардын оздорунун желектери, аскер формалары, кучтуу куралдары бар экен дейсин. Акуйдун устуно алардын желеги илинбегендей болсун. Кыскасы мындай, эртен туну менен болгон аскер техникаларын алып, тандалма жакшы даярдыктан отушкон солдаттарды жонотосун. Милициялардын дагы эн жакшы даярдыктан откон мурун Армияга кызмат отоп келишкен жигиттерден тандап алгыла. Спецназчылар бири да калбай бут жоношсун. Эн мыкты куралданышкан жоокерлерди даярдагыла. Казармаларды танкы саат бештерде курчоого аласынар. Кыкасы туну менен бут куралдуу куч ошол жакта болуп чагылгандай тез ылдамдык менен иштегиле. Албетте ортодо кан тогулуу болбой койбойт. Согушту баштарынан откорушкон, копту коргон тажрыйбалуу командирлерден даярдагыла. Аскер вертолеттору болобу, гражданский вертолет болобу бул жактагы вертолеттордун бардыгы силердики болот. Танк, БТР, БМП бут бардыгын жонот. Бул аскер сырды эч ким билбесин, эн башкысы элдерге билдирбегиле. Ортодо ызы-чуу болуп, эл да кошо дурбоп кетпесин. Куралдуу которулушко даярданып жатышкандар да шек албагандай болушсун. Аларды камынтпай бардыгы кызуу уйкуда жатканда баскыла, кыскасы силердин бул операциянар тымызын жасалгандай болсун. Бут милиция кызматкерлерине дагы аскер горнизондоруна дагы тымызын тревога которгуло. Кундузу катуу даярдыктан откорулуп, тун ичинде жолго чыгасынар. Албетте озубуздун солдаттар эле бири-бири менен согушуп жатышканын чет олколуктор угушса бут дуйного дун болуп кетет. Кан тогулуу болбосо которулушчулорду басуу да кыйынга турат. Таптакыр эле багынгылары келишпесе курчоодон чыгарбай кармап тура беребиз. Куралдуу каршылык корсотушуп, бизге карай ок жаадырышса биз дагы аларды коздой ок атышыбыз абзел. Багынбай кок беттенишсе эч кимисин калтырбай тымтыракайларын чыгарып, жер менен жексен кылууга буйрук бер.
-Муну эл кандай кабыл алышат, тигил жакта алардын бир туугандары, балдары бар да?
-Эл алдында озум жооп берем. Танга жуук казармалар толук курчоого алынгандан кийин озум телевизордон чыгып эл алдына суйлоп берем. Ар бир адам тушунгондой кылып соз даярдайм. Алар толугу менен багынып, моюн сунуп бермейинче бат-бат телевизордон эл алдына чыгып суйлоп турам. Куралдуу которулушту баса албай жендирип жиберсек бут дуйно жузуно уят болобуз. Ошондуктан силердин эсинерде болсун. Кандай болгон кундо да бул аскер тонкорушун баскыла. Мен дагы ар бир мунот сайын кырдаалды билип тургандай болоюн. Мен экоонорго ишенейин, кандай болсо да куралдуу которулушту токтоткула. Кыскасы ушул, которулуш басылды деген созду гана уккандай болоюн. Азыртадан баштап эле ишке киришкиле.

Калаадагы сырдуу корунуш
Биринин артынан бири эрчишкен жыйырмадай чумкомо машина калаадан чыгып туштукту карай шашыла жоноп кетишти. Ар бир машинанын ичинде автомат менен куралданышкан жоокерлер отурушкан. Коп отпой жыйырмадай вертолет асманга которулуп чыгышып, батыш тарапка багыт алышты. Жыйырма БТР, жыйырма БМП жана жыйырма танк шашыла калаадан чыгып кетип баратканын копчулук корушту. Кант шаарынан жети аскер самолету кок асманга которулушту да каяккадыр жок болуп кетишти. Арадан бир сааттай убакыт отпой жургунчулорду ташуучу он автобус чон асфальт жолго тушушту. Алардын ичинде автомат менен куралданышкан милиция кызматкерлери бар болчу. Коп отпой эле дагы он бештей чумкомо машине туштукту карай аттанды. Манас аэропортунан жургунчулорду ташыган эки самолет которулуп чыкты. Алардын ичинде да атайын кызматта иштеген (спецназ) жоокерлер отурушкан. Коргоо министринин шашылыш буйругу Кыргызстандагы бардык аскер болукторун туп которду. Нарын тараптан солдаттар салынган жети чумкомо машина, Ысыккол тараптан тогуз, Таластан жети, Чуйдон он, Жалалабаттан беш машине жонотулду. Тан ата электе эле катуу куралданышкан солдаттар Акуйду курчап алышып тикелеринен тик туруша кайтарууга отушту. Андан сырткары кокус бир нерсе болуп кетсе деп торт БМП аскер машинеси Акуйдун торт бурчуна коюлду. Автомат кармаган жузго жакын милиция кызматкерлери Акуйдун короосунун ичинде журушту. Аны менен катар эгер бир нерсе болсо коргонууга Акуйдун ичинде иштеген эки жуздой кызматкерлерге да автомат берилди.
Шаардыктар эмне окуя болуп жатканын анча андай алышпай, тушунбой турушту.
-Акуйдун тегерегинде эмне болуп жатат ыя, ал жакка бироолор кол салганы жатышабы?
-Койчу, андай деле эмес болуш керек, менимче кокус экстремистик кучтор кол салып калышса деп атайын учение уюштуруп жатышат го сыягы?
-Анда темир короонун ичинде автомат менен милициялар эмнеге журушот? Же баягы можахеддер менен талибдер кол салышкан Баткен окуясы кайрадан кайталанганы жатабы?
-Андай болушу деле мумкун эмес, анда шаардыктарды алдын ала эскертпейт беле. Эмне болуп жатканын эч ким билбейт. Дегинкиси эли-журтубузга тынчтык эле болсо экен.
Тунку саат он бир чендерде калаанын борбордук Алатоо аянтына аскердик параддан отушчудой болгон куралдуу жоокерлер тизилип турушту.Трибунада турушкан генералдар куралдуу жоокерлерге эч нерсе деп соз да суйлошкон жок. Сыягы кун мурунтан эле бардыгы эскертилип айтылса керек. Болгону офицерлер тарабынан буйрук берилип жатты. Булар биринчи сапар менен кетишкен вертолеттордун кайтып келишин кутуп жатышкан болчу. Коп отпой жыйырмадай чумкомо машинелер келип куралчан жоокерлердин бардыгын салып, калаанын сыртына алып чыгып кетишти. Ошо куну аба ырайы да бузулуп кун бурколуп турган. Бир аз убакыттан кийин жаан акырындап себелеп жаай баштады. Убакыт откон сайын улам жаан кучой баштагандыктан трибунада турган генералдар менен полковниктер Акуй тарапка жоо басып жоношту. Куралчан аскерлерди кызык коруп карап турушкан шаардыктар акырындап жай-жайларына тарай башташты. Бирок жергебизде эмне окуя болуп жатканын шаардыктардын бир да бироосу билишкен жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Gupa   27 Март 2014 - 10:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош

Окурмандарга сабырдуулук, теманын авторуна жоопкерчилик тилейм. Тема тазаланды, кийинки окурмандарга ыңгайсыздык жаратпай, теманы таза кармасаңыздар. .. Эскертүү!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   31 Март 2014 - 19:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Озгоргон план

Болуктун командири Ахмед Жапаров кутулбогон жерден планын озгортуп жиберди. Танкы саат бештерде казармада ойдо жок жерден аскер тревогасы которулду. Казарма ичиндеги жоокерлер эч нерсе тушунушпой шалылыш куралданып жатышты. Жарым саатка жетпей жоокерлердин бардыгы согушка толук даярдыкта болушуп, аянтчада тизилип турушту. Ахмед Жапаров аянттагы жоокерлерге бир канча офицерлерди калтырып, калган ишенимдуу офицерлерди алып, жер алдындагы бункерге кирип кетти. Узун столго айлана отурган офицерлер тымтырс болуша оздорунун жол башчысы эмне айтар экен деп кутуп турушту. Ахмеддин бир нерседен кабатырланып, чочулап жатканы онунон билинип турду. Ал созду дароо баштады.
-Кыскасы урматтуу офицерлер. Жетинчи октябрда Акуйду алабыз деген планыбыз чукул озгорду. Штрумду дароо эле баштоого туура келет, бугун же эртен. Бул жакта болуп жаткан окуяларды кимдир бироолор тигил жакка жеткиришиптир. Ал агент ким экени билинип, кечоогуну кармалды. Аны болмосундо жашыруун турдо компьютер аркылуу тигил жакка кабарлап жаткан жеринен кармашты. Ал офицер азыр камакта отурат, ким экенин кийинчерээк билесинер.
“Ал офицер ким болду экен, жогору жактагыларга менден башка эч ким кабар берген эмес да. Же менден башка дагы иштеп жаткан агенттер барбы? Же болбосо тигилер жанылышып, жон эле шек алып жатышабы? Скорее всего булар жанылышты же Ахмед Жапаров калп айтып жатат. Бирок жанына эмне куч келди калп айтып, тигил не за что турмого отуруп калган ким болду экен?”-Рашид болуп жаткан кырдаалды таразалай командиринин да созун тындай, озунчо ойлонуп жатты.
-Эми кеп анын кармалганында эмес. Калаада иштешкен биздин агенттер биякка шашылыш кабар беришти. Бул жакта болуп жаткан окуяны уже бардыгы билип калышыптыр. Бардык жерлерге аскер тревогасы которулуп, алар дагы шашылыш даярдыктан отушуудо. Тияк жактагы биздин агенттердин айтуусу боюнча алар эртен же бурсугуну болгон кучторун топтоп алышып, биз жакка келгени жатышат. Демек биз андайга жол бербей, улгуртпошубуз керек. Керек болсо биз бугун туну жонойбуз борбор тарапка. Бул жерде болгону бир гана взвод калат, калганыбыз чумкомо машинелерге, женил автобустарга, женил машинелерге отуруп алып, айланага карангы кирээри менен жоноп кетебиз. Алардан мурун кутулбогон жерден биз кол салып аларга дурболон салышыбыз зарыл. Биздин солдаттар баардыгы тен жакшы даярдыктан отушкон, мындайча айтканда профессионал солдаттар. Согушуу тактикасын жакшы билишет. Акуйду запросто басып алганга мумкунчулуктор бар. Чагылгандай тез ылдамдык менен басып алабыз…
-Суроо берсем болобу?,- майор Мамаев колун которду.
-Айта бер.
-Болуптур, Акуйду го басып алдык деги, анан кайра озубуз ал жактан чыга албай курчоодо калбайбызбы? Москвадагы Акуйду басып алышкан путчалардай болбойбузбу? Бишкектеги солдаттар Акуйду толугу менен курчап алып, бизди чыгарбай коюшса эмне кылабыз. Озубуз кайра туткун болуп берип атпайбызбы.
-Сен ойлоп жатасынбы, целый полкту ошол Акуйдун ичине кийиребиз деп. Жок андай эмес, Акуйго профессионал бардык жактан дасыккан, машыккан биздин бир эле взводубуз кирет. Эн кыйын деген тандалма взводду кийиребиз. Калгандырыбыз болсо калаадагы болгон аскердик болукторду, МВДнын имаратын захват кылып, ал жактын жоокерлерин бардык куралсыздандырабыз. Азыр кайсыл взвод кайсыны захват кылат пландаштырып болуштуробуз. Офицерлердин бардыгы ошого жараша иш жасашат. Калаадагы болгон кыймылды биздин агенттер кабарлап турушат. Ал жактагылар да уже катуу иштей башташты, ”шашылгыла деп чый-пыйлары чыга бизди шаштырып жатышат…”. Демек, мен сыяктууу эле булардын дагы тигил жакта иштеп жатышкан агенттери бар экен да. Мен сыяктуу жалгыз эмес тигилерде ар бир аскердик болуктордо бирден офицерлери бар окшойт. Алар бир-бири менен оз ара байланыштары бар болду бекенби? Албетте, бар болушу керек, алар бир-бирлерин беш колундай эле таанышат да. Ошолордун аркалары менен ар бир аскердик болукторду захват кылганы жатышпайбы булар. Демек, бул жактын планы чукул озгорду, мен дагы шашылыш турдо тигил жактагыларга кабар беришим керек, бирок кантип? Азыр булар аябай сак болуп калышты, бир-бирлеринин кадамдарын андышат. Кимдерден чочулап жатышат. Жолдору болбой калса эмне болорун билишпейт. Акча коп, чек ара аркылуу чет олколорго ото качабыз деп ойлоп жатышат го, эгер жолдору болбой калса, булардыкы турмо же олум, экоонон башка жерлери жок, эмнеге умуттонуп ишенип жатышат, билбейм. Гитлер менен Фидель Кастронун жолдору башка. Куралдуу куч менен мамлекеттик тонкоруш жасоо учун Кыргызстандагы бут аскер болукторун озуно каратып, баш ийдирип алуу керек болчу. Эки полкко жетпеген солдаттар бут Кыргызстанды кантип оздоруно баш ийдирип ала алышат. Окмотту бийликтен тушуруп Кыргызстанды аскер кучу менен бийлоо оной деп ойлоп жатса керек. Аскер кучу менен эч убакта мамлекеттик экономиканы которо алышпайт. Ансыз деле кыйын кырдаалда жашап жаткан элибиз ого бетер кыйынчылыкта жашап калышат”.
Жапаров кызыл чекитти басып койду эле дубалда аппак экран пайда болуп, ал жакта Бишкектеги жана Чуй оронундогу болгон аскер болукторунун картасы схемасы корсотулуп чыга келди. Командир озу ар бир взводду саат канчада аскер казармаларын басып алыш керек болуштуруп жатты.
-Капитан Сарбашович! –командирдин жоон унуно Рашиддин оюу болуно ордунан турду.
-Сен бугун туну танкы саат алтыда Бишкектеги Ленин районуна караштуу Садыгалиева кочосунун бурулушунда темир жол откоолу бар жерде аскер казармасы бар. Анын жанында мурун Ленин районунун аскер комиссариаты бар болчу. Сен озун деле шаарды жакшы билесин да. Эгер билбесен мынакей картасы, кечке чейин жакшылап изучайт эт. Кечки саат торт чендерде бул карта боюнча мага доложить этесин. Ошол казарманы захват кыласын. Буга озундун взводунду даярдай бер. Солдаттарга болгон куралдарын бут бер, эч нерсесин калтырба, тушундунбу?
-Тушундум.
-Сенин эн эле негизги тапшырман ушул, ал казарманы захват кыласын дагы, анын ичиндеги солдаттарды куралсыздандырып, бир жерге чогуусу менен камап сал. Тонкоруш буткончо ошол жакта болушсун. Анан катуу куралданышкан бир отделениени кайтарууга кой. Эгер каршылык кыла турган болушса, же качууга далалат жасашса атып салуу жонундо буйрук бер. Туткун солдаттардын бардыгына эскерт. Ал эми калган отделениелер болсо борбордук аянт жаккка келесинер. Бизге комоктошкону, бардыгы тушунуктуу го дейм, капитан?
-Тушунуктуу.
-Анда ме, бобул картаны ал дагы ошол казарманы изучайт эт.
-Изучать этпесем деле билем.
-Баары бир аябай жакшы изучайт этишин керек. Эгер жолдорунар болбой казарманы захват кыла албай калсан, керт башын менен жооп берип каласын.Эч убакта жакшы билем деп айтпай жур, дагы оздоштур.
Рашид Бишкек калаасынын картасын алып коз жугурто баштады. Жапаров болсо башка офицерлерге тапшырма берип жатты. Ошол мезгилде шашылыш капитан Исмаилов кирип келди.
-Жолдош командир, сизге кайрылсам болобу?
-Эмне болду?
-Сыртка чыгып каранызчы. Биздин казарман толугу менен курчоодо калды. Айланабызда катуу куралданышкан солдаттар турушат.
-Жок, андай болушу мумкун эмес. Кана королучу-Жапаров кабагын буркой шашыла сыртка жоноду эле, калган офицерлер аны эрчишти. “Все таки улгурушкон экен да” Рашид ичинен ыраазы болуп турду.

Курчоодо

Ахмед Жапаров сакчылар кайтарып турчу бийик секинин устуно чыкты да дурбуну алды. Анан сырт жакты карай баштады. Тээ алыс жакта БТР, БМП, танкалардын бири-бирине алыс жайгашып тизилип турушканын автомат менен куралданышкан жоокелердин ары-бери шашыла жугуруп журушкондорун корду. Он тарабын, сол тарабын, алдын, артын карап чыкты, бардык жерде ушундай корунуш. Танкалар, БТР, БМПлар анан куралчан аябай коп жоокерлер. Асмандан вертолеттор менен кошумча кучтор келип кошулуп жатышты. Аларды бир топко карап турган Жапаров озунчо кунгуронуп койду.
-Ничего страшного отобемся, керек болсо тигилерден биздин куралдар артыкчылык кылат. Ал жанындагы офицерлерге буйрук менен суйлоду-Кана ар бир экинчи солдатка гранатамет бер. Танка эмес балакет болсо да быт-чытын чыгарабыз.
Анын буйругун аткарышканы уч офицер томон карай тушуп кетишти. Казармадан чыгып кетууго эч мумкун эмес экен, чынжырдай болуп аябай бекем курчап алышыптыр. Бир эле мезгилде Ош, Баткен жактагы чек арачылардын казарманы дал эле ушундай болуп курчоого алынды. Озгочо ушул Ахмед Жапаров №2336 аскер болугуно катуу кучотулгон аскерлерди алып келип ташташкан болчу. Жапаров аянтта тизилип турушкан жоокерлерге келип озунун угут-насаатын жургузо баштады.
-Кана шумкарлар, биздин эми онорлорубузду корсотчу мезгил келди. Бардыгынар тим эле мыкты куралданган кучтуу машыккан профессионал солдатсынар. Тигилерге салыштырмалуу силер алда канча жогору турасынар. Эсинерде болсун, биздикине караганда тигил жактын солдаттары начар куралданышкан. Биздин ким экенибизди корсотууго мезгил жетти. Эки-уч жылдан бери бекер машыгып жаткан жоксунар. Силерде куч да бар. Техника да бар, тактика да бар. Мына тигил жакта согуш даярдыгынан анча отушпогон, жаш мадыра баш солдаттар турат. Алардын быт-чытын чыгарып талкаласак ары жакка кууп, дурболон тушуруп, журокторунун ушун алып койсок, копчулугу биз жакка ооп да кетишет. Алардын арасында командир болуп журушкон биздин офицерлер да бар. Алар заматта угут-насыят иштерин солдаттарга жургузуп жиберишет. Эгер тигил солдаттарды женип алсак, Акуйду алганга, бийликти колго алганга да женил болот. Бийликти колго алсак, силер учун эн жакшы шарт тузуп берем. Бул деген озубуздун келечигибиз учун, мекенибиз учун болгон курош. Мамлекетик тонкоруш жасап тарыхка жазылып калабыз. Силерди озгочо отряд кылып эн жогорку айлыктарды, Кыргызстандагы чондор алып жатышкан жакшы айлыктан дагы жогору кылам. Озунордун, балдарынардын, уйбулонордун, жакшы жашоосун ойлогула. Силер гана аларга жакшы фундамент куруп бере аласынар. Ар биринердин келечегинер али алдыда. Ушундай куч менен силер мамлекетик тонкоруш гана жасамак турсун, башка олколорду баш ийдирип алууга кучторунор жетет. Силердей кучтуу армия турганда сыймыктанса болот. Тигилерден чочулабагыла. Тим эле тымтыракайларын чыгарабыз, аларды талкалоо ашып кетсе бир-эки саатты гана талап кылат. Коросунор жениш созсуз биз тарапта болот эн башкысы силер озунордун чыныгы жоокердигинерди корсоткуло. Ар биринер мужественный болгула, тигилерге тим эле чагылгандай сокку урабыз. Кыйын болсо катылып корушсун бизге.
Ошол тапта ары жактан бир офицер келип, Олконун президенти элдерге кайрылуу жасап жатат деп кобурап кетти.
-Тим гой суйлой берсин, бизден чочулап жатат да. Баса айтмакчы суйлогон создорун видикке тушуруп койгулачы. Анан шашпай кором,-Жапаров бери жактагы тизилип турушкан куралчан жоокерлерге кайрадан кайрылды.
-Кана шумкарлар, ар биринер бул жактан озунордун позициянарды элегиле. Буйруксуз эч иштебегиле. Бардыгын буйрук менен аткаргыла. Бардык умут силерде. Мына озунордун ким экенинерди корсотчу убакыт жетти. “Темирди кызуусунда сок” дейт, дал эле ушундай кырдаалды колдон чыгарбай пайдаланып калалы. Тигилердин эн кыйын деген солдаттары келишти. Аларды талкалап, быт-чытын чыгарып таштасак, калгандары бизге эч нерсе кыла алышпайт. Азыр негизги куч биз тарапта, ал эми курчоодон чочулабай эле койгула, жарып чыгып кеткибиз келсе, жон гана талкалап отуп кетебиз. Ал биз учун эч кандай проблема эмес. Давай ишке киришкиле! -Жапаров трибунадан тушуп бункер жакка басып кетти. Офицерлер болсо оздорунун карамагындагы жоокерлерди буйрук бере казарма ичиндеги ар кайсы кун мурунтан даярдалган жерлерге жашынтып коргонууга даярдай башташты. Ошол мезгилде тээ алыс жактан брондолгон аскер машинесине тушуп алышып, ак желекти которо Окмоттук тараптагы аскерлердин жетекчилери келе жатышкан.

Эки тараптуу суйлошуу

Брондолгон машина казармандын дарбазасына элуу кадам жетпей токтоду да, ичинен уч адам чыкты. Учоо тен аскер формасын кийишкен, же тагыраак айтканда жогорку чиндеги офицерлер экен. Алдыда жол баштап келатканы полковник, артында эрчип келаткандардын бироосу майор, экинчиси капитан экени погондорунан билинип турду.
-Булар кимдер экен?- дурбу менен карап турушкан бери жактагы офицерлер бири-биринен сураша кетишти,- тааныбайсынарбы кайсыл офицерлер экен?
-Жакшы таанылбай жатат, алдынкысы полковник окшойт…
-Берчи дурбуну, ары жактан келе калган Жапаров дурбуну алып козуно такап алдынкысын дароо эле таанып койду.
-Полковник Самыйбеков турбайбы, арткысы Турдиев экен. Ал эми тиги капитанын таааныбайт экенмин. Мейли келе беришсин ок чыгарбагыла.
Устундо алысты жакын кылып корсотуучу дурбусу бар снайпер мылтык менен мээлеп турушкан атайын тандалма он чактыдай козго атаар мергендер мылтыктарын томон карай тушурушту. Казарманын ар бир торт тарабына жыйырмадан гранатамет, бештен козго атаар мергендер, жуздон автоматчан жоокерлер, ошондой эле алыска атуучу чет элдик кичине замбиректер коюлган болчу. Бир нерсе болсо катуу сокку бериш учун жер алдындагы бункерде пульт менен иштеме асманга учуучу кичине ракеталар даяр турган. Бери карай жоо басып келатышкан учоо казарманын дарбазасына он беш кадамдай жетпей токтошту.
-Булар мени менен суйлошууго келишти. Кана Рашид, Мамедов экоонор мени коштоп чыгасынар. Жанынарга бирден пистолет, граната салып алгыла. ”Сактыкта кордук жок” дейт. Озгочо азыр сак болбосок болбойт, тигилер эмнени ойлоп, кандай пландар менен келишти ким билет?,-Жапаров озу дагы кичинекей чет элдик тапанчасын октоп чонтогуно салды. Анан жургуло дегендей башын ийкеп, озу алдыга жол баштап жоноду. Калын брондолгон дарбаза ачылып учоо сыртка чыгышты.
Эки тарап бири-бирине уч кадамдай жетпей токтошту. Алар кадимкидей эле бирине-бири честь берип, колдорун чекелерине алып учурашышты. Биринчи созду сырттан келгендер башташты.
-Подполковник Жапаров, эмне дурболондун башын баштап жатасын. Экообуз дээрлик беш жылдай чогуу кызмат отодук. Афганда да болуп келдик. Эмнеге, кимге ишенип жатасын. Мамлекеттик тонкоруш жасайм деген ойду кайдан чыгарып журосун. Же сени азгырып жаткан башка чет элден келишкен адамдар барбы? Деги максатын эмне, куралдын кучу менен бут бийликти колго алып, мамлекеттин башында турам деп ойлоп жатасынбы? Эмне мамлекетти башкаруу женил-желпи эле иш бекенби. Тушун, экообуз эч убакта бутундой мамлекетти башкара албайбыз. Эл деген башка. Армия деген башка. Экоонун асман менен жердей айырмасы бар.
-Сен мага лекция окуганы келдинби? Келген максатынды айтчы, эмнеге келдинер?
-Биздин келген максатыбыз, Мамлекеттик Куралдуу тонкоруш жасайм деген ойундан кайт.
-Болуптур кайттым дейин, анан эмне болот. Мени аскер трибуналы менен турмого отургузасынар да албетте, туурабы же мен жалган айтып жатамбы? Бул жердегилердин копчулугу турмого менин артымдан барышат да туурабы?
-Мамлекеттик тонкоруш жасагандын ар биринин озунун ошого жараша жазасы да бар. Силер баары бир курчоодосунар, качып эч жакка кутула албайсынар. Силерди биздин Куралдуу кучтор кайтарып турушат. Асманда болсо вертолеттор. Атайын катуу куралданган жоокерлер келишти, баары бир жарып ото албайсынар. Кутулуп кеткенге эч мумкун эмес. Багынбаска эч арганар жок.
-А эгер багынбасакчы, эмне кыласынар. Бизге карай ок атасынарбы?
-Боододон боодо кан тогулуу болуп кетпесин деп атам. Биз жактагы силер тарап дагы баары бир элдин баласы. Бири-бирине ок аттырба. Жоокерлерине буйрук бер, каршылык корсотушпой куралдарын ташташсын…
-Куралдарын таштасын дейсинби? Биз эч убакта куралдарыбызды таштабайбыз. Эмне менин жигиттеримди турмого камагынар келип атабы? Бизди эч убакта башыбызды ийдире албайсынар. Тескерисинче озунор мага баш ийип каласынар. Вертолет, танк, БТР, БМП анан автоматчан солдаттар, болгон кучунор ушулбу? Жарым саат аралыгында силердин эч нерсенерди калтырбай быт-чытынарды чыгарганга мумкунчулугубуз жетет. Бул коркутуу эмес, жон гана эскертуу. Андан коро аман калам десенер, озунордун келечегинерди ойлосонор биз тарапка откуло. Куралдуу которулушту чогуу жасайбыз. Эгер бийлик колго келсе, сага дароо генералдык чин ыйгарам, жакшы кызмат берем.
-Мага сенин кызматындын кереги жок. Чын эле бул тирешуудо утуп кетем деп ойлоп жатасынбы?
-А озун кандай ойлоп жатасын, бизди туткунга тушуром деп атасын го. Биздин жоокерлер мага берилишкен жан кечти жигиттер. Ар бири жон олушпой оздору менен кошо ондон силердин адамдарды ала жатышат. Башкаларды аябасан да тигил жаш жоокерлерди ая. Алардын убалдарына калба. Эгер силер азыр бизге кошулсанар ортодо эч кандай кан тогулбой бийликти жон гана колго алабыз. Президентти камап, Акуйду ала турган болсок, сени орун басарым кылып дайындайм. Он колум, кенешчим да болосун. Афган согушунда мага жакшы кенештерди бергенсин. “Темирди кызуусунда согуп кал” давай андан коро бизге бириккиле, мамлекетке каршы мощный эн кучтуу армия болуп чыга келебиз. Азыр бириксек кечке жетпей Акуй биздин колубузга тушот. Озубуздун желегибиз, озубуздун гербибиз, кучтуу армиябыз болот. Менде акча, каражат Кудая шугур жетиштуу, Кыргызстандын Армиясы эмес керек болсо Орто Азиянын армиясын бакканга дараметим жетет. Давай ойлон тез, бул азгыруу эмес, тек гана жолдоштук биргелешип аракеттенуу. Экообуз деги бири-бирибизди жакшы билебиз. Озубуздун укугубуз, озубуз билгендей, калаганыбызча башкарабыз. Озубуздун уставыбыз, мыйзамыбыз болот. Каалаганыбызды кылып жашайбыз. Сени заматта милионер кылып таштайм, коптогон атактуу чет элдиктер менен байланышым бар. Алар да бизди колдошот.
-Ахмед Жапаров, сен менин айтканымды укчу. Слишком утопияга азгырылып, берилип кеттин. Мамлекеттик бийликке каршы экообуздун колубуздан эч нерсе келбейт. Андан коро курулай утопияны таштап, эртерээк башка жагын ойлонгула.
-Эмне колубуздан эч нерсе келбейт дечи, аны мен жон гана доказать этип коем. Бул жерде турган куралдуу кучтордун баарын быт-чытын чыгарып талкалап эртен сенсиз эле озум Акуйду алып коем. Менде деген силердикинен он эсе артыкчылык куч бар. Силердикин эбакта изучайть этип бутком. Андан коро пока кеч боло электе ойлон. Озун айткандай боододон боодо кан тогуу болбосун.
-Бир казарман жоокер менен бутундой мамлекеттик Куралдуу Кучторду багындырам деп ойлоп жатасынбы. Мынчалык эмне болуп кеткенсин, подполковник Жапаров?
-Мен деген жакында генерал болом. Ошондо мен эмес, сен озун турмого камаласын.
-Кыскасы сени менен суйлошконго баары бир пайда жок экен, бир сутка убакыт беребиз, ойлон жакшылап…
-Анан эмне болот?
-Куч менен мажбурлап багынтабыз.
-Колунардан келеби ошол?
-Аны убакыт корсотот.
-Болуптур, коро жатабыз, экообуздун кимибиз темир тор артына отурабыз жолдош то есть полковник Самыйбеков. Болуптур корушкончо.
Озунун жандоочторун эрчиткен Жапаров артка бурулуп дабазасы ачылып турган казарманы коздой кадам таштады. Ал эми сырт жактан келишкен учоо келген жактарына жоношту.

Алгачкы кагылышуу

Ошол боюнча эки тарап тен тынчып турушту. Тигил тараптагылар танкы саат алтыга чейин ойлонууга уруксат беришкен болчу. Эгерде багынгылары келишпесе алар тан азандан чабуулдарын башташмак.
-Мейли тим гой,-Жапаров озунчо ызырына, жинденип алды,-оз убалдары озуно. Пусть попробует биринчи чабуулда эле журокторунун ушун алып сестентип коюш керек. Экинчи бизге катылбагандай болушсун. Сан жагынан албетте тигилер коптук кылат, зато куч жагынан биз тигилерге караганда бир топ артыкчылык кылабыз. Кана урматтуу офицерлер, тигилерди тосуп алганга даярдангыла. Абада кол салгандарга каршы куралдангыла, вертолетторду ата турган куралдарды алып чыккыла, баардык взводго бирден, экиден кылып таратып бергиле. Ар бир взводдо бештен снайпер мылтык болсун. Танка, брондолгон машина, БТР, БМПларга каршы атуучу куралдарды даярдагыла. Кичине артилериялар атууга даяр турсун. Эгер алар чындап эле бизге сокку бергенге аракет жасай турган болушса, корсотобуз сокку урган кандай экенин. Бул жактан таптакыр суруп салабыз, экинчи кол салбагандай кылабыз. Кыскасы менин буйругумсуз эч нерсе жасабагыла, -Ахмед Жапаров озу менен кошо эки-уч офицерди эрчите бункерге кирип кетти.
Ошол куну кечке чейин эки тарап тен тыптынч болуп турду. Улам-улам бири-бирин дурбу менен карап ар бир кыймыл аракетти андып турушту. Казармадыгылар пульт менен журуучу донголоктуу оюнчук машинеге окшогон жарылуучу аппараттарды алып чыгып дарбазанын алдына тизип коюшту. Кечке маал Жапаров эки офицерди эрчитип алып, жоокерлердин элеген позицияларын, жайгашкан жерлерин текшерип, кээ бироолор менен анча-мынча маектешкенге улгурду. Тунку кузотчулорду катуу дайындады. Озу дагы анча-мынча чырм эткени болбосо танды тан атканча ары-бери басып журду.
Акырындап тан агарып келатты, айлана тим эле олуу жымжырт. Айланага тируулук белгисин билгизип, кандайдыр куштардын сайраган ундору угула баштады. Обочо жерде турган айылдагы тиричилик жандана бадага уй кошкону айдап баратышкан адамдардын ундору, малдардын мааараганы кадимкидей угула, асманга акырындап аппак болгон чандар которуло баштады. Эки тарап тен дээрлик согушка даяр турушту. Саат туптуура алты болгондо полковник Самыйбеков чабуулга отуу жонундо буйрук берди. Казарман тарапка танка, БТР, БМП, Брондолгон машинелер акырын жылып жоношту. Алардын артынан автомат кармашкан жоокерлер сактана жай басып келатышты. Коп отпой асманга бир канча бир канча вертолеттор которулуп чыгышты.
Казарманы коздой каптап келатышкан жоокерлер элуу метрдей жетпей бардыгы токтоп жетекчисинин буйругун кутуп калышты.
-Эмне озубуз менен менен озубуз согушабызбы? - ары жакта турган жоокерлердин бири озунчо суйлоно кетти.
-Бул жерде бунт чыгарып жаткандарга башка жактан келгендер, чет элдиктер да болуш керек. Эгер алар бизге каршы ок ата турган болушса, багынып бергилери келбесе, айла жок биз дагы ок атабыз да.
-Озубуздун жергебизде, озубуз менен озубуз атышкан болбойт го.
-Бизге буйрук кандай берилет, ошону аткарышыбыз керек,-автоматчан жоокерлер оз ара кубур-шыбыр болуп суйлошуп жатышты.
Брондолгон машине менен келген полковник Самыйбеков кучоткучу бар мирофон менен бийик дубалдуу казарма тарапка кыйкырып суйлоп кирди. Анын кыйкырган унунон тим эле айлана кадимкидей жанырып, тээ алыска чейин кетип атты.
-Подполковник Жапаров, дагы бир жолу жана акыркы жолу эскертебиз. Куралынарды таштап, каршылык корсотпой багынып бергиле. Болбосо ортодо кан тогулуу болуп кетет. Казарма тарап жымжырт болуп турду.
-Подполковник Жапаров ойлонгонго дагы он мунот беребиз, эгер биздин талапты аткаргынар келбесе, казармага штрум баштайбыз.
Бир аздан кийин темир брондолгон дарбаза ачылып Жапаров озу чыкты дагы Самыйбековду озуно чакырды. Экоо кайрадан бетме-бет, жекеме-жеке суйлошушту.
-Мына саналуу убакыттар калды, эгер багынбасанар казарманарды штрум менен басып алып, солдаттарынарды туткундайбыз. Эгерде эки ортодо кан тогулууну каалабасанар куралынарды таштагыла, бизге каршылык корсотпогуло. Жаш жигиттердин убалынан корккула.
-Вот именно,-Жапаров анын созун болуп кетти,-эгерде жаш жигиттердин омуру жалко болсо, тез арада артынарга кайтып кетип калгыла. Силердин солдаттарынарды, танка, БТРлеринерди жок кылуу беш-он муноттук эле жумуш.
-Бекер кызуу кандуулукка алдырба Жапаров. Ортодогу кан тогулуунун эмнесин каалайсын.
-Хватит, соз бироо же кетип калгыла бул жерден, же солдаттарынар бут ушул жерден кырылат.
-Дымагын кучтуу экен го, мейли айтканыбызга конбодун. Дагы он беш мунот жакшы ойлонууга убакыт берем. Эгер дагы эле тырышып, айтканынардан кайтпай тура берсенер, оз убалынар озуно. Болуптур, экообуз баары бир общий язык табыша албайт экенбиз. Дагы он беш мунот убакыт бар ойлон, Жапаров.
Ахмед Жапаров болсо анын созун укпай, артын карабай казарманын ичине кирип кетти. Темир дарбаза жабылды да ичинен бекилди. Дарбаза ушунчалык калын жасалгандыктан автоматтын огу тугул замбиректин огу да тешип ото албайт болчу, атайын согушка ылайыкташтырылып курулган.
-Поражениелерди жок кылганга даярдангыла. Он беш муноттон кийин алар бизге карай штрум жасашат. Эгер бизди карай чабуулга ото турган болушса, бирин да калтырбай жок кылгыла,-Жапаров жанындагы офицерлерге катуу буйрук берди. Ошол мезгилде ызы-чуудан пайдаланып Рашид озунун болмосуно келип сырттагы озунун адамдары менен байланышка чыкты.
-Чабуулду тез арада токтоткула, бул жакты куч менен ала албайсынар, андан коро башкача жолун табабыз, буларды кантип колго тушуруштун.
Анын созун сырттагы командирлердин бири дагы уккулары келишкен жок. Алар таптакыр эле Рашиддин созун укпай коюшкандыктан генерал Субанкуловго байланышка чыгууга аракет кылып корду. Болгон кырдаалды жаныдан тушундуро баштаганда Самыйбеков казарманы штрум жасаганга буйрук берип жиберди. Бардыгы кеч болуп калган болчу. Сыртта жабыла бери карай автоматтарын сунуп турушкан жоокерлер танка, БТР, БМПлардын артына жашырыныша кайрадан алга жылып жоношту. Алар дубалга он беш метрдей калганда кутулбогон жерден катуу каршылык корсотулуп аткылоо башталды.
Заматтын ортосунда айлана ызы-чууга толо, жердин барында катуу жарылуулар болуп буруксуган чандардан эч нерсе корунбой калды. Бери жактан аткылоо ушунчалык катуу болгондуктан жерде тим эле катуу ааламат болуп кеткендей усту-устуно жарылуу болуп, будун-чан эле тушуп, айланада эч нерсе корунбой тутун менен чан аралаша асманга которулду. Бери жактан он беш муноттой аткылоодон кийин, дароо басылды. Бир аздан сон тутун менен чан акырындап суюла баштаганда жер жайнаган жоокерлердин олуктору ар кайсы жерде жалбырттап орттонуп жаткан танктар менен бронемашиналар, БТР, БМПлар корунду. Алиги жыбырап каптап келатышкан жоокерлердин бири да жок. Болгону эки гана БТР, бир БМП артка карай чегинип кетип баратышыптыр. Ал эми жоокерлерден болсо онго жетпеген эле жоокерлери калыптыр.
-Мына ушуну корушмок, оздорунон корушсун, мен озум Самыйбековго канча жолу эскертсем уккан жок,-Ахмед Жапаров озуно озу ыраазы боло чегинип бараткандарды карап турду.
-Кана жигиттер, тигил качып бараткандарды да жок кылып таштагыла, бизге бул жактан кол салгандардын бири да тируу калбасын.
Жоокерлер кайра аткылап киришти. Тээ алыс жакта кайрадан устокко-босток жарылуулар болуп, тутун-чан аралаш асманга которулду. Чан тараганда бири-бирин колтукташып кетип бараткан бир-эки адам калыптыр. Аларды дурбу менен карап турган Жапаров озунун тандалма козго атар мергендерине буйрук берди.
-Тигил жакта тируу калгандары бирин-экин эле адамдар калышыптыр, алардын да биротоло тубуно жеткиле.
Устундо алысты жакын кылып корсотуучу дурбусу бар снайпер мылтыкчан торт-беш жоокер тээ алыста кетип баратышкан караандардын баарын тазалап ташташты. Дегеле кыбыраган бир да караан корунбой калды. Бул ызы-чууну угушкан, оз коздору менен корушкон айылдыктар башка жактан чет элдик душмандар кол салышты деп ойлошуп, жанталаша бала-бакыраларын алыша айылды таштай качышты. Тушко жетпей эле айыл заматта ээн боло тушту. Бирин-серин эси жок кангыган мал менен иттер гана калышты кочодо.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   31 Март 2014 - 19:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Талкуу


Чындыгында Окмоттун Куралдуу Кучтору мындай болуп кетет деп ойлогон эмес. Заматта бутундой бир полктон жарадар болгон бирин-экин эле жоокерлер калыптыр. Бул окуядан кийин бут Кыргызстан боюнча бардык аскер кучторундо шашылыш аскер тревогасы которулду. Кичинекей эле казармадан ушундай кучтуу куралданышкан которушчулор чыгат деп эч кимисинин уч уктаса да тушторуно киришкен эмес.
Куралдуу Кучтордун министри генерал Субанкулов шашылыш турдо Кыргызстандагы болгон аскер болукторунун командирлерин чакырып жыйын курду.
-Мына, окуя кандай болуп кеткенин оз козунор менен кордунор. Подполковник Жапаров беш жыл бою бекер жатпаптыр да. Кызык, алар мынча куралды кайдан алышкан? Коз ачып жумганча бир полкту талкалап салуу эмне деген корунуш?
-Алар контрабанданын аркасынан эле аябай куралданып алышкан…
-Акчаны да ошолордон алышчу, чет элдик куралдарды ошолор аркылуу сатып алып турушчу…
-Эмне контрабандалардан ушунча коп тушобу акчалар?
-Чек арачылар героин, кокаин ташып Европа олколоруно отуп жатышкан контрабандалардан ири суммадагы акчаларды алып оздорун откоро беришчу. Эгерде алардын койгон талаптарын аткарышпаса куч колдонуп бангизаттарын тартып алышчу. Биз анча билбегенибиз менен туштук тараптын чек арасы аркылуу бангизат ташыган контрабанда аябай коп отот экен. Ал жакка Жапаров командир болуп барары менен эле кандай болуп баюнун жолун оздоштургон. Озунун солдаттарын дагы ошого уйроткон. Героиндерден ото эле чон суммадагы акчалар тушот. Алар акырындап байып, буттарына тура башташкан.
-Ушунча жылдардан бери эмне учун аларды билген эмеспиз. Жер алдында жашыруун бункерлери, курал-жарак сактаган складдары атугул беш-алты километрге атылчу жашыруун кичинекей ракеталары бар экен. Тигил жактан келген маалыматтар боюнча алып карасак, алар бизден да эки эседей кучтуу куралданышыптыр. Биз аларды штрум менен жок кыла албайбыз, жон гана солдаттарыбыздан айрылып калабыз. Мына целый полк бутундой кум-жам болду. Буга жеткирбешибиз керек болчу. Канчалаган жаш жоокерлерибиз бейажал курман болушту, алардын убалы кимге? Жон эле куч менен багынта алабыз го деп ойлодук эле, ойлогон оюбуз таш каап, буткул дуйного шерменде болмой болдук.
-Азырынча али шерменде боло элекпиз. Эгерде солдаттарыбыздын баары багынышып тигилер тарапка отуп кетишип, Акуйду, МВДны, Куралдуу Кучторду алып коюшса мына ошондо дуйно жузуно шерменде болобуз. Мындай карап келсен кичинекей эле база, бутундой мамлекетке коркунуч туудуруп жатат.
- Эмне озубуздун кучубуз жетпейби аларды басууга?
-Кептин бары ошондо болуп жатпайбы. Ал жакка эми ачыктан ачык чабуул кое албайбыз. Солдаттарыбыздан жон гана ажырап калабыз.
-Балык башынан сасыйт болуп атпайбы, эгер Жапаров оз эрки менен багынып берсе, ортодо мындай кандуу окуя болмок эмес.
-Баары бир биздин кучубуз да алыбыз да жетпейт окшойт, орустардан же казактардан жардам сурайлыбы?
-Биз кичинекей казармадагы солдаттарды багынта албай бардыгына шерменде болобуз. Андан корокчо башкача жолун табыш керек. Кана кимде кандай сунуштар бар, баса айтмакчы, дагы бир эскертип кетчу нерсе телевидение, журналист дегендерди тигил жакка дегеле жолотпогула. Заматта буткул дуйного ызы-чуу кылып жиберишет. Эми болгон куралдуу кучтордун бардыгын ошол жакка багыттайбыз. Казарманы курчоого алгыла дагы аскерлерди ошол жерге жайгаштырып тигилердин соккусунан коргонуш учун жерлерге траншей каздырып, бекемдегиле. Аларды эч жакка чыгарбайбыз, канча кун болсо дагы кармап тура беребиз. Бир адамды чыгарбайбыз да бир адамды кийирбейбиз. Аларды амалдуулук менен колго тушурбосок ачыктан ачык согушууга эч мумкунчулугубуз жетпейт, кандай кылып тигилерди куралсыздандыруу жонундо жакшылап план иштеп чыгалы. Убакыт тар, убакыттан уттуруп жибербегендей бололу.
Эки кун каршылык корсоткондон кийин Ахмед Жапаров жетектеген аскер болукторунон туштук аймакта жайгашкан уч аскер болуктору оз эрктери менен куралдарын откоруп багынып беришти. Башкалардын кан тогуусуз эле багынып бериши Жапаров учун катуу сокку болуп тийди.
-Бул чыкынчылык, карачы бизди коз коруно эле сатып кетишкенин. Карап гана тур эгер бийликке келсек чыккынчылардын бардыгын тен турмого каматам, кээ бир жетекчилерин атууга окум чыгарам. “Согушсак бир дободо, олсок бир чункурда” деп соз беришкендери кайсыл. Мындай чыкынчылар олкосун тургай элин сатып кетет. Карап турсан эгер жениш биз тарапка ооп кете турган болсо алар дароо эле кайрадан биз жакка кошулуп кетишет. Мындай чыкынчыларды дароо эле атыш керек болчу,- Жапаров озунчо эле ачууланып жатты. Ал офицерлерди шашылыш турдо бункердеги жашыруун залына чогултту.
-Демек мындай, урматтуу офицерлер,-Жапаров кабагын карыш туйо бир азга унчукпай турду,-Кырдаалды озунор кордунор, кандай болуп жатканын, тигил биз менен чогуу иштешип журушкон уч казарма эч каршылыксыз багынып беришти. Бизге чыккынчылык кылышты. Эми тигил жактын куралдуу кучтору негизги соккуну биз тарапка багыттап жатышат. Бизди вынужден кылып багындыргысы келишуудо. Бул куралдуу которулушту баштаган негизги башкы кунокорлору биз экенибизди унутпагыла. Бардыгы биздин дал эле ушул казармадан башталган. Эгер биз багынып аларга моюн суна турган болсок ушул жерде отурган бардык офицер составын эмне кутуп турат билесинерби?
-Албетте, Аскер трибуналы.
-Аскер трибуналы менен эле турмого отургузушуп чектелип калышпайт, офицерлер баарыбыз атууга кетебиз, бийликкке каршы которулушко чыккандыгыбыз учун. Жок эле дегенде пожизненный алабыз. Бирок которулуш жасап бийликти алууга мумкунчулугубуз бар, кучубуз жетет. Коркконго, чочулаганга бизде эч себеп жок. Кордунорбу, алар бизден биринчи сокку жешкенден кийин эле сестенип, чочулап калышты. Керек болсо бизге кол салмак турсун даай да алышпайт,-ал колундагы кызыл баскычты басып койду эле дубалдан экран ачылып, казарманын айланасындагы жер-шартынын картасы корунду,- алардын негизги куралдуу кучторун мындай деле билип койсо болот. Мына бобул жерге танкалары келип атат, бул жерге болсо БТРлер жайгашууда, БМПлары болсо бул жерде турат. Бул жерге Бишкек тараптан дагы эки дивизия келди. Эсинерде болсун аскер саны жагынан аздык кылганыбыз менен куралдуу кучторубуз жагынан биз алардан артыкчылык кылабыз. Мейли солдаттар келе беришсин, баары бир бизге сокку бере алышпайт, тескерисинче биз сокку беребиз. Такыр айла кетип баратканда жакынкы аралыкка атуучу ракеталарыбызды тигилерди карай учурабыз. Ракеталардын соккуларына эч кимиси туруштук бере албайт. Бирок азырынча ал ракеталарга тийбейбиз. Тигилерди башка куралдардын кучу менен эле талкалап салабыз. Так что урматтуу офицерлер, тигил жакта солдаттар уламдан улам кобойуп бара жатат деп чочулабай эле койгула. Мейли кобойо беришсин, аларды талкалап коюу женил эле иш, баары бир даай алышпайт. Биз дагы аларга озубуздун условиябызды коебуз бир сутканын ичинде бардыгы курчоону бошотуп чыгып кетишсин деп. Эгер чыгып кетпей турган болушса, анда биз тараптан катуу сокку болот деп айтабыз. Жооп кутобуз, эгер биздин сунушубузга макул болбой четке кага турган болушса, анда биз негизги соккуну дагы негизги чабуулду дагы баштайбыз. Мына биринчи бобул жерге, танктар турган жерге сокку беребиз, анан БТР менен БМПларын талкалайбыз. Жоокерлеринин бардыгын жок кылабыз, анан биз чабуулга отобуз. Олсок бир чункурда, согушсак бир дободо бололу. Кайда барсан Мамайдын кору дейт, качып эч жака барбайбыз. Андан коро чабуулду дал ушул жерден баштайбыз. Биздин озубуздун бардык жагынан дасыккан, профессионал “борк ал десе баш алган” уч взводубуз турганда биз эч кимден коркпой эле койсок болот. Ал эми кийинки бизге жаны кошулушкан калган жоокерлер болсо аларды ээрчип кетишет. Кийинки кошулушкан солдаттар деле мурун бизде кызмат отоп кетишкендер. Алар деле биздин сырыбызды эн жакшы билишет, максатыбыз бир.
Эми менин силерге эскертерим, тартипти да, талапты да солдаттар алдында аябай катуу койгула. Эгерде арабыздан бироо чыкынчылык кыла турган болушса дароо атып салабыз деп эскерткиле. Силерге да эскертерим, урматтуу офицерлер, бардыгынар верный, преданный болгула. Чыкынчылык кыла турган болсонор силер дагы дароо атууга кетесинер. Кыскасы ушундай, бугунку жыйындын негизги максаты ушул. Озунор коруп жатпайсынарбы бизди айланта курчоо уламдан улам коюланып, чынжырдай бек болуп баратат. Бирок бизде корко турган деле эч нерсе жок, таптакыр эле айла кеткенде жер алдындагы жашыруун жол менен сыртка чыгып оздоруно тылдан сокку беребиз. Эртен булар менен кайрадан суйлошуулорду жургузобуз дагы жогорудагы сунушубузду айтабыз. Аткаргысы келишпейби, оз убалдары озуно. Анда чабуулду биз катуу баштайбыз. Тигил жактагылардын каалоочуларын озубузго азгырып кошуп ала беребиз. Кыскасы бугунку мен чогулткан жыйындын максаты ушул, ар биринер озунорго сак болгула. Ушунча жылдан бери чогулткан байлыгыбыздан жондон жон эле ажырап калбагандай бололу. Озунордун солдаттарынар менен катуу иштешкиле, анда бошсунар бара бергиле. Кароолчуларды усиленный кылгыла. Сырттагыларды дегеле жакын жолотпоого аракет жасагыла. Элуу метрден бери карай кадам ташташса эле аткылоону баштагыла. Кете берсенер болот. Мамедов, Алишеров экоонор калгыла, калганынар бошсунар.
Узун столду айланта отурушкан офицерлер акырындап кобур-собур болуша оздорунчо суйлошуп, жер алдындагы бункерден тепкич менен которулушо жогору карай чыга башташты.

Жашыруун откоолду издоо


Рашиддин берген маалыматы боюнча полковник Самыйбеков жер алдындагы откоолду текшергенге атайын дасыккан уч чалгынчыны жонотту. Бироосу капитан, бироосу прапорщик, анан учунчусу лейтенант болчу. Тунку саат эки чендерде учоо атайын ошол жашыруун откоолдун сыртка чыга турган оозун издеп тапканы чалгынга чыгышты. Картадагы чийме боюнча коздогон жерине келишип, шектуу эч нерсени таппай коюшту. Атайын аппараттар менен дагы текшерип корушту, эч кандай эшик же темир капкак таба алышкан жок.
-Бул картада туура эмес болуп журбосун, балким кун чыгыш тарабындадыр?
-Жок мына бул картада кун батыш тарап корсотулуп турат. Менимче ал капкак сыртынан топурак менен комулуу болуш керек, эн башкысы кайсыл жерде экенин табышыбыз абзел.
Бироосу бадалдардын арасына барып айланага коз жугурто кароолчу болуп кайтарып турду. Экоосу болсо жашыруун темир капкакты кайрадан издегенге киришти. Дээрлик эки сааттан ашык убара болуп издешти, атугул шектуу эч нерсе таба албай коюшту. Учоо кайра чогулушту.
-Эч кандай шектуу эч нерсе жок экен го, бардыгын текшерип чыктык. Точно ушул жер бекенби? Учоо карангы жерге кирип алышып, фонардын жарыгы менен картаны кайра башынан текшергенге отушту.
-Мынакей, биз жанылбай эле келдик бул жерге.
-Болуптур, келерин го келдик, бирок жашыруун капкакпы, эшикпи, айтор ушунусу табылбай жатпайбы.
-Мына биз бобул жерлердин баарын текшерип чыктык, атугул бобул эшикти корсотуп турган точканы да текшербедикпи.
-А балким биздин бобул аппараттарыбыз жакшы иштебей журбосун?
-Болуптур, иштебесе бирообуздуку иштебейт болчу, учообуздуку тен кантип иштебей калсын.
-Балким, капкак жердин аябай терен жеринде комулуп, биздин аппараттардын кучу жетпей жаткандыр?
-Ашып кетсе бир метр терендикте комулоор, биздики андан да терен жердеги темирлерди аныктап сигналы куйуп корсотот да.
-Биз анда туура эмес ориентир алып алдык.
-А балким жон эле жалган карта болуп журбосун, жер алдындагы жашыруун откоолдун схемасы таптакыр башка болуп калсачы?
-А балким дегеле жер алдында откоол жоктур, биз жон эле убара болуп жаткандырбыз? Ушул кичинекей казармага жер алдындагы откоолдун зарылчылыгы деле жок болуш керек.
- Анда тигил казармандын ичиндеги биздин чалгынчыбыз, каяктагы жер алдындагы откоол тууралуу кабар берип жатат. Ошол жер алдындагы откоол аркылуу сокку берсек болот деп атпайбы. Демек, ал жанылган жок. Бул жашыруун жер алдындагы откоолдун картасын мурун да бизге берип жиберген.
-Балким биз тундук менен туштукту чаташтырып алган жокпузбу?
-Жок, картада болгону болгондой эле туптуура корсотулуп турат.
-Анда издедик кайрадан, мало время.
Учоонун бироосу калын бадалдын арасына кирип кароолчулукка турду дагы экоосу кайрадан издегенге отушту. Экоо бир сааттан ашык издешти. Кайрадан чогулушту.
-Эмне болду?
-Эч бир шек билинбейт, ие ушул аппаратты ташка чаап талкалап салаармын,-капитан жигит нерви кайнап аз жерден колундагы аппаратты жанындагы бакка чаап жибере жаздады.
-Эми эмне кылабыз?
-Эмне кылмак элек, издейбиз. Бизде жер алдындагы откоолдун оозун тапмайынча келбегиле деген буйрук бар.
-А эгер таппасакчы?
-Таппасакчы деп суйлобочу, и так нервный боло баштадым.
-Ким билет балким таппай калышыбыз да мумкун. Мынакей издеп жаткандан бери дээрлик уч сааттын жузу болду, бир аздан кийин тан агара баштайт. Казарман жактагылар бизди байкап калса, аткылоолорунда шек жок.
-Кой урушта туруш жок, баштадык биз учун убакыт алтын, ар бир секунд зарыл нерсе.
Бироосу бадалга калып, экоосу кайрадан издегенге отушту. Тээ кун чыгыш жактагы тоонун башы акырындап агарып келе жатты. Жарым сааттан кийин айланага акырындап жарык кирип, ал эми бир сааттан кийин айлана-чойродогу кыймыл-аракеттердин бардыгы корунуп калмак. Анын устуно казармадагылар бул жакка созсуз турдо конул буруп турат болуш керек. Бадалдын арасына жашынып кароол болуп турган прапорщик алдындагы топурактардын эмнегедир бош экенин байкады. Колу менен акырын текшерип корсо, чын эле борпон экен, кимдир -бироолор атайын курок менен казгандай. Калын бадалдын арасына эч ким кире да албайт болчу. “Эмне себептен мындай борпон, балким алиги биз издеген капкак дал эле менин таманымдын алдында болуп журбосун?”, -ал жанталаша артында асынып жургон аппаратын алды дагы иштетип корду. Аппараттын кызылы очуп-куйуп белги бере баштады. Белиндеги курунда илинип жургон кичине курокчону ала коюп жанталаша озу турган жерди казып кирди. Жарым метрдей казганда эле темирге куроктун учу чак дей тушту. Чонойтуп кененирээк кылып казып корду эле чын эле темир оюк бар экен. Акырын бадалдын арасынан чыгып жатып алып ар кайсы жерди издеп журушкон тигил экооно белги берди. Экоо сойлоп келишкенде бадалдын арасындагы темир капкакты корсотту.
-Чондугу канчалык болду экен?
Учоо уч жактан жанталаша арыдан-бери казып жиберишти. Бул темир капкактан беш киши жон эле батып кетет экен, атугул атчан киши да аты менен отуп кетсе болчудай. Жакшы эле капкакты ачканга аракет кылып корушту. Бирок ача албай коюшту.
-Мына картадагыны карабайсынбы, кандайча ушул калын бадал оюбузга келген жок. Картадагы бобул добочодо деп ойлоп жаткам, корсо бадалдар турбайбы. Сен болбогондо жарык киргенче таппай да калмак экенбиз. Эми капкакты кантип ачабыз.
-Тим кой жайына, биз баары бир ача албайбыз. Сыягы топурагы менен кошо озу автоматический ачылат окшойт. Озунун атайын кнопкасы бадал менен кошо жылып ачылат. Жабылганда да бадалдары менен кошо жылып жабылат. Кой айланага жарык кирип баратат. Самый главный капкакты таптык, тапшырмабызды аткардык. Тигилер бизди байкап кала электе эртерээк бул жерден жогололу.
Учоо уч жактан шашылыша бадалдарды тамыры менен кошо кайрадан топурак менен комуп жиберишти да дал мурунку калыбындагыдай кылып койду. Учоо биринин артынан бири эрчише тээ алыс жерде анча-мынча корунуп турган лагерди коздой сойлоп жоношту.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   31 Март 2014 - 19:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Коркунучтуу талап


Эртеси танкы саат тогуз чендерде Жапаров баштаган уч офицер колдоруна ак желек кармаша лагерь жактагылар менен суйлошууго чыгышты. Алар казарманын оозунан он беш кадамдай бери жылып келишти дагы арт жактарын бир сыйра карап коюп токтоп калышты. Арт жактарына кылчакташкандарынын себеби бир нерсе болуп тигилер кол сала турган болушса атууга даяр тургула деген белгилери болчу. Коп отпой эле брондолгон машинеге тушуп Самыйбеков баш болгон эки офицер келди.
-Эмне болду Ахмед Жапаров, кайрадан ойлондунарбы? Башка арганар жок багынып бергенден башка, курчоодон деги чыга албайсынар.
-Мен ал маселе боюнча келген жокмун, жолдош Самыйбеков. Биздин кучубузду деги кордунор, бизге дегеле даап кол сала албайсынар. Озунор кол сала коебуз деп эмне болдунар. Биз сунуш, то есть бир талап менен келдик. Кыскасы мындай жолдош полковник, силерге бир сутка моонот беребиз. Ушул убакыттын ичинде аскерлеринерди, дегеле куралду кучторунорду алып кеткиле. Курчоону бошоткула.
-Болуптур курчоону алып салдык дейли анан эмне иштейсинер. Башка чет олколорго кетесинерби, же..?
-Аны озубуз билебиз, биздин негизги талабыбыз ушул.
-А эгер курчоону бошотпой, аскерлерди, куралдуу кучторду ого бетер кучотсокчу. Анда силер эмне кыласынар?
-Биздин негизги бир гана талабыбыз ушул. Эгер аны аткаргынар келбейби, анда озунордон коргуло. Анда биз тараптан сокку болот, биринерди да аман калтырбайбыз. Андан сон контр чабуулга отобуз. Туткундарды аое болбойт.
-Силердики ашып кетсе казармада уч миндей жоокер бардыр. Ошолордун жарымынан кобу кайрадан эле бизге кошулуп кетиши мумкун. Кыргыз жигиттер кыргыз жигиттерге эч убакта ок атпайт.
-Байыркы тарыхты менден да жакшы билесин да. Полководец Гаинибал уч мин жоокери менен душмандардын он минден ашык жоокерин кантип талкалап, кантип туткундагандыгы эсиндеби. Кеп аскер санында эмес, кеп сапатында. Ал эми кыргыз жигиттер кыргыз жигиттерге ок атпайт деп ишеним менен айтып жатасын. Эгерде ушундай ойлосон чон жанылышасын. Ал деген таптакыр башкача тарбияланган жигиттер, керек болсо мен учун гранат менен танк алдында боюн ташатаганга да даяр. Так что сенин ойлогонундай болбойт. Бир сутка, менин талабым ушул, андан ашык куто албайм. Озунду аябасан дагы жоокерлеринди ая. Боододон боодо бардыгын бейажал олумго туш кыласын. Азыр саат тогуз, эртенки тогузда ушул убакта тигил сырт жакта тизилип турушкан танкаларынар, БТР, БМПларынар бири да калбай жок болсун. Лагерь кылып жайланышып алган жоокерлердин бири дагы тигил жакта калбасын. Мурун кандай ээн болсо дал ошондой ээн болуп турсун. Эгерде анча-мынча эле солдаттар калып кала турган болсо бардыгын туткундап алабыз, аларды олтуруп салышыбыз да мумкун. Ошондуктан силердин солдаттарынардан бири да калбашы керек. Бир сутка, туну менен кетесинерби ал озунордун ишинер. Эсинде болсун жолдош полковник, мен бир гана суйлойм, экинчи артка кайтпайм. Бул коркутуу эмес, эскертуу,-Жапаров башка эч нерсе суйлогон жок, шарт артка бурулду да алдыга жол баштап казарманын ичине кирип кетти. Анын артынан эки офицер кошо киргенде брондолгон темир дарбаза шарт этип жабылды да ичинен бекилип калды. Самыйбеков озунун адамдары менен кайрадан лагерге кайтып келишти.

Шашылыш аракет


-Тигилердин солдаттарын озубузго тартышыбыз, агитация иштерин жургузушубуш керек, -генерал Субанкулов офицерлерге озунун сунушун айтып жатты,-ал жактагы солдаттар деле биздин озубуздун уулдарыбыз. Кандай болсо да аларды бизге каршы ок аттырбашыбыз керек. Казарма ичинде бунт чыгарганга аракет жасашыбыз зарыл. Тигил жактагы биздин чалгынчыбыздын жалгыз колунан эч нерсе келбейт, ага биз дагы жардам беришибиз керек. Угуттоо кагаздары менен эки вертолетторду жонотобуз. Алар казарманын устунон учуп отушот дагы кагаздарды, угут баракчаларын жаадырып кетет. Казармадагы жоокерлер окушсун, окушса бир нерсе тушуноор.
-Бул слишком рискованный эмеспи, жолдош генерал?
-Бул бизге анча-мынча болсо да комок берээр деп ойлойм. Угуттоо баракчаларынын мазмуну томондогудой болуш керек “Кыргыздын кулундары, Улуу октябрь революциясы тузулгондон бери дээрлик бир кылым бою дегеле кыргыздар бири-бирине ок атып коргон эмес. Озубуз дагы аз эле калкпыз. Боододон боодо тукум курут болуп кетишибиз мумкун. Оз элинерди, жеринерди сатып чыкынчылык кылбагыла. Оз бир тууганынарга каршы ок атып жатасынар. Уйдогу эне-атанарды ойлогула, алдамчылардын азгырыгына кирбегиле. Элдин, мамлекеттин келечегин ойлогула. Бизге каршы ок атканынар, озунордун бир тууганынарга, эне-атанарга каршы ок атканынар. Озунордун киндик кан тамган, туулган жеринерге озунордун бир туугандардын жазыксыз канын токпогуло. Андан коро азгырыка азгырылбай биз тарапка откуло. Биз силерди эч нерсе кылбайбыз, силерде куноо жок, ”балык башышан сасыйт ” болуп куноонун баары жогору жактагы жетекчинерде. Алардын обешайт эткендерине ишенбегиле, алардын келечеги жок. Алардыкы бардыгы убактылуу эле нерсе, бизге качып отуп кеткиле. Озунордун келечегинерди, уйбулонорду, эне-атанарды ойлосонор дароо биз жакка откуло! Бул текстти срочно компьютер менен минден ашык чыгарып, казарманын устунон вертолет менен чачып отуу керек. Бул бир, экинчи маселе, алар бизге бир сутка убакыт беришпедиби. Рашиддин берген маалыматына таянсак, алар тиштеринен баштап тырмактарынын учтарына чейин куралданышкан солдаттар экен. Катуу аскер даярдыктарынан отушкон профессионал жан кечтилеринен уч жузго жакын солдаттары бар. Калгандары болсо биздики сыктуу эле жоокерлер, акчага азгырылып аларга кошулуп кетишкендер. Мурун ошол жерде кызмат кылып, кайра ошол жерге баргандар. Эн эле коркунучтуусу ушул уч жузго жакын жан кечтилери. Калгандары биз тарапка отуп кетиши мумкун, эгер угут баракчаларын окушса. Ал эми уч жуз дасыккан жоокерлери бизге баары бир тируу туткунга тушуп беришпейт. Бизде бирден бир негизги маселе турат, же солдаттарыбызды куралдуу кучторубуз менен кошо бул жактан ушул бир сутка ичинде алып кетиишибиз керек, же ушул убакыттын ичинде тигилерди талкалап туткундашыбыз керек. Тигилерди талкалоонун, негизги сокккуну тылдан уруунун бир гана жолу бар. Тун ичинде жер алдындагы откоол менен дасыккан жоокерлерибизден беш жуздой адамды жонотушубуз керек. Тылда, казарма ичинде ызы-чуу болуп жатканда биз бул жактан чабуулду баштайбыз. Абадан вертолеттор менен сокку уруп, казарма ичине танктар менен БТР, БМПларды кийиребиз. Эптеп казарма ичине кирип алсак тигилердин алыска атуучу куралдуу кучтору эч нерсеге арзыбай калат. Эгер андай колубуздан келбейби анда бул бул жактан кетуубуз керек. Антпесек эч нерсебиз калбай талкаланарбызга шек жок. Анда эле тигилер мурдагыдан да катуу баш которо башташат. Кырдаал да кыйындап кетет, башка олколордон айласыздан жардам сууроого туура келип калат. Ушул бир сутка ичинде мамлекеттин тагдыры чечилип калышы да мумкун.
Бизде бир сутка болгону, убакыт аябай алтын. Ушул бир сутка убакытты пайдалансак пайдаландык, пайдаланбасак иш аябай оорлошуп кетет,-генерал Субанкулов жогорку чиндеги командирлердин бардыгына тапшырма бере баштады. Бизде жакшы мумкунчулук болуп турат, ошол мумкунчулукту колдон чыгарбаш керек. Ал тун ичинде тигилердин жер алдындагы откоолу менен казармага тылдан кол салуу. Эгерде казарма ичине кирип кетсек анда утушту колго алабыз. Кире албай кечигип калсак же байкап калышса анда тигилер бизге катуу каршылык корсотушот. Ортодо кызыл кыргын болуп коптогон адамдарыбыз олуп кетиши мумкун.
Тундо чалгынга барышкан уч чалгынчыны чакыртты.
-Кана кырдаалды тушундургулочу, казарма ичине киргенге мумкунчулугубуз бар бекенби?
-Жер алдынан кетчу откоолдун оозун, темир люкту таптык.
-Болуптур таптык дейсинер, ал башка люк болуп калсачы. А, балким жон эле кудуктун же жер алды менен кетчу суунун трубаларынын тутукторудур. Балким жон эле бизди алаксытыш, алдаш учун атайын жасалган люктур. Аягына чейин текшерген жоксунарбы?
-Биринчиден ал темир люк аябай чон, озгочо люк экен. Анын оозун ачуу да кыйын, ичинен бекилген окшойт. Экинчиден ошол капкак картадагы схемага дал келип атат, менимче ошол эшик болуш керек деп ойлойм. Эгер аны талкалап ичин ача турган болсок сигнализациялары иштеп, тигилерге шек туудуруп коебузбу деп ойлодук. Анын устуно ал люкту таап толугу менен текшергенче айланага жарык кирип келаткан. Биздин кыймыл-аракеттер тигилерге корунуп калмак.
Генерал Субанкулов озунчо ойлонуп турду.
-Тигил жактан бизге келген маалыматтарга караганда аларда эн кучтуу дистанционный управлениелер менен иштеген беш-алты километр жерге чейин атуучу ракеталар бар экен. Биз аларды тосо албайбыз, эн коркунучтуу нерсе ушул. Ага мумкунчулук бербеш керек. Кандай болсо да бугун туну чабуулга отушубуз абзел. Биздин негизги шашылыш планыбыз томонкудой. Жер алдындагы откоол менен атайын катуу даярдыктан отушкон спецподразделениелерди жонотобуз. Тигилердин уч жузго жакын эн кучтуу катуу даярдыктан отушкон эки-учтой взводдору бар. Алар менен рукопашный бойго чыгуу мумкун эмес. Биздин балдарды жон гана талкалап коюшат. Бизде эки негизги план: биринчиси ракеталарын атууга мумкунчулук бербоо, экинчиси тигилердин негизги тандалма взводун курчоодон чыгарбоо. Куугум кирери менен дароо чалгынга жонотобуз. Эгерде темир люктун сигнализациясы бар боло турган болсо, анда башка жагынан капталдарынан тешип киребиз, откоолго. Картаны бери алып келгилечи, мына бобул жер люк турбайбы. Эгерде бул жер чын эле жер алдындагы откоолдун оозу боло турган болсо, мына бобул жагынан тешип киребиз. Мына казарманын ичинде бобул жерлерде бункерлер бар экен, ал эми бобул жерде болсо ракеталарды ата турган точкалары бар. Ушул точкаларды жок кылсак, проводдорунун баарын ажыратып кестирип таштасак, ракеталары иштен чыгат. Ошол пульт управлениелерин да бугун жараксыз кылышыбыз зарыл. Майор бугунку тунго тылдан кол салууга жашыруун спецподразделениени даярда. Эгерде ичине кирип кеткенге мумкунчулук алсак сырт жактан кол салуу женил болуп калат. Давай даярдангыла кечке чейин чабуул жасоонун шашылыш турдо тымызын пландарын иштеп чыгыш керек.

Абадагы жарылуу


Танкы саат тогуздан баштап эле казарма ичи катуу кыймылга кире, оор куралдарды ташыган аскерлер ары-бери чуркап журушту. Бийик дубалдардын капталдары ачылып, алыска атылуучу замбиректер коюлду. Буларды Рашид мурда корбоптур. “Ничево себе булар мынча куралдарды кайдан алышкан, мен али биле элек куралдары да бар окшойт. Казарманын алды бут эле курал окшобойбу. Озум дагы комок беримиш болуп жер алдын бут текшерип чыгайынчы”. Рашид жер алдынан курал ташып чыгып жаткандарга буйрук бере курал сакталып турган складдарга кирип кетти. Танкаларга, БТР, БМПлерге каршы куралдар атайын озунчо жайгаштырылды. Жакынкы аралыкка атылуучу кичине ракеталарды жоокерлер жайгашкан лагерь тарапка багыттап жатышты. Кайсыл жерде кандай куралдар жайгашып жатат Рашид бир карап коюп бардыгын эсине туйуп, акырын кыдырып журо берди. Казармадагы жоокерлер дээрлик тушко чейин чуркашып, катуу иштешти. Жапаров складдагы болгон куралдарын бут алдырып чыкты, алар душмандан коргонууга, анан кайра сокку бергенге катуу даярданышты. Тушко маал гана кузотчулор кучтоп коюлуп, анча-мынча тыныгуу алышты.
Дал эле ошол маалда абада асманда биринин артынан бири эрчишкен аскерлердин эки вертолету пайда болду. Адегенде казарма ичиндегилер чочулаша катуу дурболонго тушуп калышты. Булар эмне болгон вертолеттор дегендей Жапаров да дурбу менен карады. Экоо адегенде казарманын устунон жон эле учуп отушту. Экинчи жолу кайра кайрылып келише казарма устунон учуп баратышып, жыбыраган баракчаларды мондурдой жаадырып чачып кетишти. Асмандан кагаз жаагандай эле болуп калды. Буларды эмне кылалы дегендей оздорунун жетекчисине карап турушкан офицерлеге Жапаров баштай бергиле дегендей акырын башын ийкеп буйрук берип койду.
Кутулбогон жерден жер алдынан кичинекей ракета атылып чыкты да казармадан жаны эле учуп баратышкан эки вертолетту кууп жетти. Асманда катуу жарылуу болуп кызыл-жалын боло эки вертолет экоо тен жерге кулап тушушушту. Жерде да катуу жарылуу болуп, алоолонгон кыпкызыл жалын асманга которуло, быт-чыты чыгып талкаланган вертолеттордун сыныктары ар кайсы жерде куйуп жатты.
Бул эмне болгон баракчалар болду экен дегендей кызыгышкан казарманын ичиндеги жоокерлер жердеги сапырылып жаткан барактарды терип алып окуп киришти. Кагаздардын бироосун алып, коз жугурткон Жапаров кабагын карыш туйо шашылыш турдо офицерлерди озуно чакырды.
-Баарынарга шашылыш буйрук берем. Жерде сапырылып жаткан кагаздарды тез арада чогултуп туруп отко жаккыла. Аны бир дагы солдатка окуганга мумкунчулук бербегиле. Катуу тыюу салгыла. Кимде ким баракчаны окуса наказание алат дегиле. Бол тезирек шашылгыла.
Офицерлердин бардыгы жерде чачылып жаткан кагаздарды окуп атышкан жоокерлерге кыйкырышып, окуганга мумкунчулук бербей жатышты. Ары жактан атайын ондон ашык жоокерлерди эрчитип келип, кагаздардын бардыгын эч нерсесин калтырбай тердиртип, бир жерге чогулттуруп от коюп орттоп салышты.
Казарманын короосунан анча алыс эмес жерде куйуп жаткан вертолеттун сыныктарын коруп Рашид ичинен кейий башын чайкап койду. Неужели вертолетту жардырып салышаарын билип туруп эле ушуга барышты. Вертолетторду аябаса да вертолетчуларын аяса боло. Буларга азыр баары бир, жанагынчалык солдаттарды жок кылып, олтурушкондон кийин башкаларды аяшмак беле. Эрегишкен эмелерди токтотуу кыйын, буларды бир гана олум токтотушу мумкун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   31 Март 2014 - 20:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Тундогу дурболон,

Бункерге коюлган мина


Сырт жактан келген тапшырманы кандай болсо да аткарышы керек болчу. Озунун болмосуно келген Рашид карта боюнча бункердеги проводдорду издеп кирди. Кыйын электрик болбосо ракеталарды иштетуучу кнопкалардын проводун табуу кыйын болчу. Санак жетпеген провод миналарын бирден текшерип аягына жете албай чаташып кетип атты. Ракеталарды иштетуучу кнопкалар кайсыл экенине башы жетпей жатты. “Мен эмне башымды оорутуп жатам. Мина болбогондон кийин бардык проводдорду подряд эле кесип салбайынбы. Же сигналы иштеп тигилердин конулдорун озумо бурдуруп аламбы. Мина коюп аппараттарын жардырып кандай болсо да рисковайт этсемби? Бул тапшырманы аткарышым керек бугун туну.
Ошол туну казарманы айланта кузотчулорду эки эсе кучотуп коюшту. Болгон прожекторлордун бардыгы сырт жакка жарык берип турду. Аларды карап турган Рашид озунун жашыруун байланыш телефону аркылуу бул жакка келип жаткан электр энергиясын ажыратып салуу жонундо айтты. Арадан жарым саат отпой казарма ичиндеги электр жарыгы жалп дей тушту дагы айлана капкарангы боло кузотто турушкан жоокерлер дурболон тушо башташты. Кандай болсо да ушул кырдаалдан пайдаланышы керек болчу. Бир аздан кийин кол фонарларды которушуп ары-бери чуркашкан караандар корунду. Рашид ордунан атып туруп, бункердин оозун карай ууру мышыктай акырын жылып жоноду. Ракеталарды пульт менен атуучу жер алдындагы болмо катуу кайтарууда болчу. Анын темир эшиги да бекилуу экен, код менен кандай болуп ачыштын жолун уйронуп алган. Эптеп эч кимге корунбой эшикке жетип ичине пульт менен байланышчу проводорунун баарын ажыратып аппараттарды талкалап салмак. Темир эшикти бироо эмес экоо кайтарып турушуптур. Паролду билгени менен баары бир таанып коюшат, башка чумбот кийбесе болбойт экен. Казарма ичи дурболон тушушушо дизелдик аппараттарды иштетишкени ары-бери жугуруп журушту. Дизелди куйгузгучо улгуруш керек. Алыстан келаткан караанга кароолдо турушкандар ун катышты.
-Токто ким келатат?
-Озубуздуку эле…
-Пароль!
-Сатурн.
Кароолчуларга жакын келээри менен кол фонарын куйгузгонго улгурттурбой колундагы жыгач менен экоону тен башка чаап эсин оодарганга улгурду. Код менен темир эшикти ачып ичине жугуруп кирди да бычагын сууруп чыгып козуно корунгон проводдордун бардыгын кыйып уч торт жерге мина коюп салды. Бироо келип аппараттарга асылса жарылмак.
Сыртта болуп жаткан ызы-чуу дурболондон пайдаланып Рашид акырын кайра чыгып кетти дагы эстери ооп, сулап жатышкан сакчыларга бир сыйра коз жугуртуп койду. Анан темир эшикти акырын жаап мурункусундай бекитип копчулукко аралашып кетти. Арадан жарым саат откондон кийин гана дизелдик аппараттар иштеп, кайрадан четинен электр жарыктары куйо баштады. Бир саатка жетпей казармадагы бут электр энергиясы калыбына келди, бирок мурдагыга караганда бир топ эле карангыраак болуп калды. Акырындап отуруп ызы-чууу басылып, казарма ичи мурунку калыбына келди.
Эмне болду экен деп Рашид бункердин оозунда турган кароолчуларга бери жактан бир сыйра коз жугуртуп алды. Кароолчулар экоо тен эч нерсе болбогондой кайра ордуларына туруп калышыптыр. Эшиктерди бир сыйра текшерип корушуп, баары жайында болгондон кийин болгон окуя туурлуу эч кимге билгизгилери келишпесе керек. Жапаров озу баш болуп казарманын сыртын, ичин кайтарып турушкан кузотчулордун бардыгын текшерип чыкты. Баары жайында экен, сырт жактагылардан дагы эч кандай шектуу нерселер байкалбайт.

Жер алдындагы откол


Жашыруун жер откоол тууралуу кабар лагерде тургандарга заматта дун эле дей тушту. Бул операцияны генерал Субанкулов озу колго алды. Катуу куралданышкан атайын даярдыктан отушкон (спецназ) уч взводду чабуулга даярдады. Майор Абдрасулов озу тапшырма берип тушундуруп жатты.
-Бобул картаны кордунорбу, азыр саат уч жарым болду, тан агарганча али бир жарым саат бар. Ушул бир жарым сааттык убакыттын ичинде казарманын ичине штрум жасаганга, тигилердге тылдан сокку бергенге улгургондой бололу. Мынакей, бобул картадагыны жакшылап эсинерге туйуп алгыла. Жер алдындагы откоолдун казармага кире бериш жериндеги темир оозу бек экен. Анысына карабай бобул жерден тешип чыгасынар. Бул казарманын ички корунушу, бобул жерде ракета болуктору жайгашкан. Ал эми бобул жерде болсо негизги автоматчиктер жайгашкан, негизги деген тандалма взводу бобул жерде, силер кандай болсо да ушуларды курчоого алып, башка жакка болунуп чыгып кетуусуно мумкунчулук бербешинер керек. Эн эле коркунучтуу дал ушул взвод, булар оз жандарын аяшпаган, эч нерседен коркушпай, курошкон жан кечтилер. Анын устуно алар аябагандай дасыгышкан жоокерлер. Биздин негизги максатыбыз ушуларды курчоого алуу. Буларды курчап алсак, калгандарын колго тушуруу женил эле. Аларды курчап алганга улгурсонор биз бул жактан силерге жардам беребиз. Абадан да сокку урабыз. Азыр карангы болуп турбайбы, дал эле ушул карангылыкты пайдаланышыбыз абзел. Казарманын дарбазасынын жанында онго жакын гранатаметчиктер бар экен. Ошолорду дагы тылдын артынан кол салып, куралсыздандыруубуз керек. Анан брондолгон дарбазаны ачып биз жакка белги бересинер, фонарчалардын жардамы менен. Тигилер силер менен кармашып жаткан учурда биз бул жактан ото эле тездик менен БТР, танка, БМПлар менен чабуулубузду баштайбыз. Абадагы вертолеттордон да коптогон жоокерлер тушурулот. Кыскасы, казармага бардык тараптан тылдан, абадан, анан фронт жактан чабуул башталат. Азыр тигилер эч нерседен кам санашпай бейкапар турушат. Биздин чабуул, тымызын анан чагылгандай тез болушу керек. Тигилер эстерине келишкенче биз улгургондой бололу. Казармадагы кайсыл жерлерге негизги соккуну урарынарды, кайсыл позицияларды ээлеринерди жакшы тушундунорбу? Бери жакта турган офицерлердин бардыгы бир ооздон жооп беришти.
-Тушундук.
-Сууроонор барбы?
-Жок.
-Жер алды менен канча взвод жоногону жатасынар?
-Уч взвод, тандалма, атайын машыгуудан отушкон.
-Силер казарманын ичине жер алды менен отуп кетесинер, артынардан дагы кошумча куч жонотобуз жер алды менен. Взвод кандай куралданышты.
-Бардыгында автомат, гранатаметтор, экинин биринде кол менен ыргытма гранаталары бар. Бардыгы рукопашный бойлорго да даяр. Тунду кундуз кылып корсотуучу дурбусу бар мылтыктар да бар.
-Командирлери канчоо?
-Ар бир взводдун бирден командирлери, анан ар бир отделениелерде бирден командир.
-Анда Кудай жолунарды берсин, дароо жер алдындагы откоол менен жоногуло. Ар бир бешинчи адамда кол фонарик болсун, жер алдындагы откоол карангы. Жерди тешип чыкканга курокторду унутпагыла. Тигилер эч нерседен шек санабагандай болсун. Тымызын карангыда сокку ургула. Кана жоногуло, жолунар болсун!
Кечки саат он чендерде тандалма взвод жабылыша акырын сойлой алиги темир люкка жакын келишти. Кундузгудой кылып корсотуучу дурбу менен казарма тарапка бир сыйра коз жугуртуп турушту. Ичинен катуу бекилгендиктен ачууга мумкун эмес экен. Темир люкту ачууга майор колу менен жансап акырын белги берди эле колдорунда куроктору бар атайын топ бир жерди оюп казып киришти. Дагы бир экинчи топ сойлоп келишип экинчи жактан каза башташты. Казармадагы кузотчулордун конулун оздоруно алагды кылыш учун он тарапта тээ алыста взоддун бир болугу бак-шака тушушо ары-бери кыймыл жасап журушту. Жарык очуп кайра куйгондон кийин прожекторлордун жарыгы да бул жакка чейин жакшы жетпей калган болчу. Казарма ичиндегилер айланага жарык берчу кучтуу ракеталардан кез-кез атып коюп казарманын сыртында болуп жаткан кыймылга козомол жургузуп атышты.
Эки болукко болунгон топ жерди бир топ терен казып жиберишти, бирок эч кандай жер алдындагы откоолду табышкан жок.
-Жолдош командир, эч кандай откоол жок экен,-жоокерлердин бироосу бери басып сойлоп келип бадалда турган майорго кайрылды.
-Картадагы схемада ушул жер корсотулуптур, айланасын жакшылап текшергиле. Оюктун айланасын жакшылап текшергиле. Оюуктун айланасындагы теренирээк казып жатышып бетон менен куюлган дубалга такалышты.
-Болду, болбоду ушул жер кана бир жеринде тешиги бар болуш керек, жакшылап издештиргиле!
Сокур чычкандардай ар кайсы жерди челип казып жатышкан жоокерлер жер алдындагы откоол кайсы тарапты коздой кеткенин билип алышып, он кадамдай ары жактан жерди казып корушту. Ал жер дагы айланта бетон менен куюлуптур.
-Мындай болушу мумкун эмес, кантип эле казармага чейин жер алдындагы откоол бетон менен куюлуп, барсын…
-Эмне учун мумкун эмес, мумкун, эгер жер алдындагы откоолдун бардыгы бетондолгон болсо, анда бетондун бир жерин оюш керек.
-Бетонду тарсылдатып чапкыласак, тигил жактагылар угуп, шек алып калышпайбы?
-Бизде башка выход жок, биз учун ар бир мунот, ар бир секунд алтынга тете. Ушул бугунку тун копчулуктун тагдырын чечет, кандай болсо да убакыттан уттурбоо керек.
-Дагы он метрдей ары жагын казып коргуло, болсо болду, болбосо бобул жерди оюп ичине откоол жасоого туура келет. Саат канча болду?
-Он эки.
-Танга чейин дагы убакыт бар, бирок эсинерде болсун, саат бештен кийин эле айланага жарык кире баштайт. Эки-уч сааттын ичинде кандай да болсо биздин тандалма подразделение казарманын ичинде болуш керек.
Беш-алты жоокер дагы он кадамдай ары коздой сойлоп барышты да туш-туштан жабылыша жерди кичинекей темир куроктору менен казып киришти.
-Ээ Кудайым, жер алдындагы откоол ушул жерде болуп калса экен,-майор сарысанаа боло бир орунда тура албай ары-бери кайпалактай берди. Арадан жарым саат убакыт отпой жоокерлердин бироосу кубанычтуу кабар айтып келди.
-Жолдош майор, жер алдындагы откоолдун тешиги табылды.
-Эн жакшы, кана журучу королучу, майор ары коздой акырын сойлоп барып, кичине тешикке коз жугуртту. Жоокерлер жанталаша тешикти чонойтуп казып жатышкан болчу.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Ylykbek1990   31 Март 2014 - 21:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 422
  • Катталган: 23 Июль 13
  • Соңку аракети: 29 Июл 2021 15:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек - Ысык-Кол

Карангылыктагы тоскоолдуктар


Он мунот сайын бир жолудан казарма тарапта ракеталар атылып, айланага кундузгудой кылып жарык берип, акырындап кайра карангы болуп калып жатты. Казармадагы прожекторлор жарык чачып турду. Анча чон эмес бир киши кенен батчу тешикке кара кийимчен автоматчандар биринин артынан бири сойлоп кирип, ары коздой кол фонарларын куйгузо жугуруп кирип атышты. Жер алдындагы откоол казармага чейин бир топ эле узак экен. Алдыда майор Абдрасулов озу баштап келатты. Жер алдындагы откоол ушунчалык тыкан жасалгандыктан бардыгы энкейбей эле туптуз эркин чуркап кетип баратышты. Ар бир он беш кадам жерге атайын лампочкалар коюлуптур, бирок алар куйбогондуктон кол фонарлардын жарыгы менен алга чуркап журуп отурушту. Откоолдун узундугу дээрлик уч-торт чакырымдай бар болчу. Алдыда чуркап келаткан майор темир калганы сузуп барып токтоду. Артында чуркап келаткандарга колун акырын колун которуп, токтогула дегендей белги берди. Бардыгы бир орунда катып туруп калышты. Майор акырын темир эшикти туртуп корду эле ал ары жагынан бекилуу экен.
-Эшик ачылбайт бекенби? Балким мина же граната менен жардырсак кандай болот?-ары жактан жетип келген капитан жигит майорго кайрылды.
-Кой “шашкан шайтандын иши” дейт, шашкалактап атып бардыгын булундуруп алабыз. Анын устуно генералдын буйругун унутуп калдынбы эч кандай ызы-чуусуз, тынч, тымызын кол салуубуз керек. Тигилердин тандалма взводунун колуна туштук дегенче биздин быт-чытыбызды чыгарат.
-Алардан мынча эмне чочулайсынар, эмне алар ушунчалык эле особый бекенби? Мына бул жерде деле алардан кем калышпаган биздин спецназчылар турушат…
-Алар жонундо мен билгендей сен эч нерсе билбейсин, так что унчукпа,-майор прапощикти кагып койду,-андан коро убакытты уттурбай дубалдын бобул жерин ойдо карай теше баштагыла. Бол тез кыймылдагыла. Время золото, убакыт отуп жатат. Ары жактан жети-сегиздей жоокер чуркап келишип лом, шиш куроктор менен жер алдындагы откоолду капталынан жогору карай жанталаша теше башташты.Уламдан- улам кезектешип жабылыша бир сааттын ичинде тешип жиберишти. Акырын сыртка башын чыгарган майор бери басып келди.
-Саат канча болду?
-Торт.
-Самая время, кана экоонор акырын сыртка чыгып чалгындап келгиле. Азыр айлана карангы болуп турат, ушундай моментте пайдалануубуз керек.
Сыртка чыгып кетишкен эки жоокер кайра бат эле жетип келишти.
-Баары тынч, тигилер бейкапар эч нерсе менен иштери жок тамеки тартып, оздорунчо суйлошуп турушат.
-Эн жакшы, кана биринчи взвод, зенит, ракеталар жакка штурм жасайсынар, экинчи взвод автоматчиктерди курчоого аласынар, ал эми мен баштаган взвод болсо озгочо взводу менен кармашып королу, ага чейин тигил жактардан жардамга жетип келип калышаар.
Капкара кийинишкен биринчи взводдун адамдары биринин артынан бири кичине тешиктен сойлоп чыгып кетип атышты. Алар чыгып кетишкен сон экинчи взвод шашыла чыга баштады.
-Баарынарга эскертем, бир ок чыгаруу болбосун, баарын тымызын жасап, тымызын захват кылгыла. Бол тездегиле, майор эмнегедир бир нерсеге шашкалактап озунчо кубуронуп жатты. Экинчи взвод чыгып кеткен сон учунчу взводду озу баштап чыкты.

Кутулбогон дурболон


Сырт жак менен таптакыр байланыш узулуп калгандыктан Рашид озунчо бушаймандана, сарысанаа боло баштады. “Алар эмне, менин берген информацияларыма анча маани бербей жатышабы? Эгер бугун туну ишти бутурушпосо, бутту анда эртен катуу кан тогуу болот. Ахмед Жапаровдун борк ал десе баш алган баш кесерлери баштарын которо башташат. Катуу кыргын болуп кетиши мумкун. Бул кейиптери менен чукул арада Акуйду басып алуулары да мумкун. Анда бийликке каршы военный переворот болуп кетет. Неужели алар кечигип жатышат. Жапаровдун койгон сунушуна анча маани бербей жатышабы? Бул айтканынан кайтпаган неме, анын талабын аткарышпаса созсуз лагерде турган солдаттардын быт-чытын чыгарып талкалайт. Андайга жол бербоо керек. Эгерде биздин жоокерлер бул жакка кол салууга даай алышпай коркоктук кылып атышса, анда башкача аркеттенуум абзел. Анда эртен менен Жапаровду оз колум менен жок кылам, мина , бомбалар менен жардырып бул жактагыларды жетекчисиз калтырам. Анан жетекчиси жок калган солдаттарды коркутуп, багынып берууго азгыра баштайм. Тигил Жапаровго озгочо берилген взводдор менен да суйлошууго аракет жасап кором. Андыктан биринчи кезекте Жапаровдун козун тазалаш керек. Зенит ракеталарын пульт менен иштегенге болбой тургандай кылып жараксыз кылам. Эми угут-насыят иштерин катуу жургузуум ото зарыл нерсе”,-Рашид озу менен озу суйлошо казарма ичин кыдырып журду. Айлана жымжырт. Саатын карады эле бир жарым болуптур, дубалдын башына чыгып кундуз кылып корсотуучу дурбу менен тээ алыс жактагы лагерге коз жугуртту. Ал жак дагы тыптынч эч нерсе болбогондой. Рашид дурбусун козунон алып, томон тушурду да озунчо баш чайкап койду. “Биздикилер баары бир бул жактын сунушуна анча маани беришпей тоготпой жатышат. Анда мен оз алдымча аракет жасашым керек экен”.
Жер алдындагы откоол менен уч взводдун казарма ичине жакындап калганын ал сезген да, туйган да жок.
Убакыт тун ортосунан ооп, тунку саат тортко чукулдап калган маалда кутулбогон жерден казарма ичи ызы-чуу боло адамдардын кыйкырган ундору, автоматтардын тытырап атылганы айлана жаныра, заматта дурболон боло тушту. Бул ызы-чууга Ахмед Жапаров озунун беш-алты адамы менен сыртка атып чыкты.
-Эмне болду, автоматты кимдер атышты?
-Билбейм, тигил жактан чыккансыды го.
Жапаров жанында турган автоматчан капитанга буйрук бере суйлоду.
-Озун менен беш-алты солдат ал да, тез арада ошол жакка барып текшергиле. Автоматтан кимдер ок чыгарды бил, кайра келип доложить этесин.
Капитан баш болуп колдоруна автомат кармаган беш-алты жоокер ызы-чуу болуп жаткан жакка жугуруп кетишти. Жапаров баары бир бир нерседен шек санап жатты. Жанындагы офицерлерине тапшырма берип кирди.
-Азыр дароо кузотто тургандарды текшерип чыккыла, аларды дагы усилить эткиле. Казарма ичине дагы, сыртына дагы жарыкты кучоткуло.
Арадан бир канча убакыт откон сон тунку жымжырттыкты кайрадан автоматтын атылган ундору бузду, кайра тынчый тушту. Эмнегедир бир нерседен шек санашкан казарма ичиндегилер бир жерге топтолушуп, эки жактарын шектуу караша оз ара суйлошо кетишти.
-Казарма ичинде эмне болуп жатат, эмне озубуздун солдаттар которулуш чыгарып ийиштиби?
-Андай болушу мумкун эмес.
Ангыча кутулбогон жерден бир канча автоматтардын тытырап атылган ундору угулуп, ага уудаа эки-уч гранаталар жарылып, эки тараптуу атышуу болуп кетти. Ары жактан чуркап келген капитан Жапаровго кырдаалды тушундуро баштады
-Тигил жакта бейтааныш караандар журот. Бизди жакын жолотушпай автомат менен аткылап жатышат.
-Канчоо экен?
-Билбейм, карангыда корунбойт, коп эле окшойт.
-Озубуздуку эмеспи?
-Паролду билишпейт экен, озубуздуку болсо айтышат эле го?
-Алар кимдер экенин дароо текшергиле! Эгер биздин солдаттар болбосо дароо курчоого алгыла.
Эки тараптуу атышуулар уламдан улам кучоп баратты. Кыйкырык, ызы-чуу андан бетер кучоду.
-Булар биздин кишилер эмес экен, формалары башкача…
-Алар каяктан келип калышты? Демек тушунуктуу…, жер алдындагы откоолду буларга кимдир бироолор коргозуп беришкен. Значит бизде да чыкынчылар бар. Жер алдындагы откоолду тигилер билишкен сон, жер алдындагы бункерлерди дагы жакшы билишет. Тез арада буларды курчоого алгыла дагы жок кылгыла. Жок кыла албасанар, туткунга алгыла, аларды бетке кармап заложник кылабыз. Ал жакка биздин тандалма взводдун бироосун жоноткуло. Бол тез арада шашылгыла. Аскер тревогасын которгуло! Заматтын ичинде казарма ичи дурболонго тушуп жатып калды. Эки тараптуу атышуу кучоп казарма ичиндегилер эмне болуп жатканын кимдерди атып жатышканын тушунбой турушту. Жалгыз гана Жапаров кырдаалды жакшы тушунуп атты.
-Тез арада жер алдына кирген откоолду курчоого алгыла. Граната, гранатамет менен болсо дагы аларды жок кылгыла дагы откоолдун жолун буугула. Сырт жактарга дагы сак болгула!
Эки тараптуу аткылашуу мурдагыдан да кучоп кирди. Бул мезгилде уч взвод карангыда казарма ичине туш-туш жакка шурудай чачырап кетишкен болчу. Ызы-чууну токтоткону атайын тандалма взводдун бироосу келди. Алардын командирлерине Жапаров озу тапшырма берди.
-Мына эми силердин мезгилинер келди оз кучунорду сынай турган. Булар сыягы жер алдындагы откоол аркылуу келишкен окшойт. Тез арада курчоого алгыла дагы жок кылгыла, же туткундагыла.
-Жарайт, кана шумкарлар кеттик!
Баштарына кара чумбот, чылкый кара кийинишкен элууго жакын жоокерлер атышуу болуп жаткан тарапка багыт алыша карангыга синип жоголушту.

Кошумча куч


Тапшырма менен жиберилген топтун бир болугу Жапаровдун тандалма взводунун курчоосунда калышып, экинчи болугу уудаа-уудаа жарылган гранаталарга туруштук бере алышпай аран-аран каршылык корсотуп жатышкан болчу. Жандарын сактап кайра жер алдындагы откоолго качып кирууго мумкун эмес эле. Карангылык караандардын бири-бирин корсотпой кээ бирлери туш келди аткылап жатышты. Жапаровдун тандалма жан кечти жоокерлери ушул карангылыкты пайдаланышып, акырын жылып келишип, тигилердин бир тобун туткунга тушуруп алышты. Майор Абдрасулов ийнинен ок жеп, согушуу жондомунон ажырады. Мындай ыкма менен согушуп журуп отурса уч взводду туш-туштан кысып отурушуп бардыгы туткунга тушуп беришмек. Бардык тараптан окту мондурдой жаадырыша ортодогуларды уламдан-улам кысып келе жатышты. Сырт жактан жардам келбесе ортодогулардын бардыгы же олуп, кырылып бири да калбай калмак, же айласыздан туткун болууга моюн сунмак. Майор Абдрасулов ракета атылчу пистолетин алып чыгып асманды карай атып жиберди.
Карангылыкты буза ракетанын жарыгы жогору карай которуло берди. Сыртагылар чыдамсыздана ушуну гана кутуп турушкан болчу. Казарма ичиндеги курчоодогуларга жардам беришкени шашылыш чабуулга отушту.
Убакыт танкы бештен отуп куздун таны куланоок тарта акырындап айланадагы кыймыл кадимкидей коруно баштады. Канчалык тегеректеги кыймыл козго коруно баштаганы менен казарма ичиндеги жоокерлерге согушканга ынгайлуу шарт тузулду. Айланага таптакыр жарык кирип кете электе казармага негизги соккуну уруп улгуруу керек болчу. Генерал Субанкулов казарма жакты дурбу менен карап туруп ачуулана кунк этип койду.
-Бул эмнеси тим эле фашисттердин Рейстахын алып аткандай болдук го?
-Булардын фашисттерден айырмасы кайсы, адамдарды чымын олтургончолук да корбой жатса…
-Вертолет менен аба чабуулун уюштурсак кандай болот?
-Пайдасы жок, алардын ар бир экинчисинде вертолетту атып жардырып жибере турган куралдары бар. Анын устуно любой нерсени талкалачу кичине ракеталары да коркунчтуу болуп атпайбы.
-Кана убакыт алтын азыр болгон куралдуу кучторду пайдалангыла. Эгерде минтип кок беттенишип каршылык корсото турган болушса силер дагы зениттик куралдар менен бардыгын жардыргыла. Тигилер жашынып турган дубалдардын баарын жардыргыла.
-Алардын ракеталары бар да?
-Корко турган эч нерсе жок, пульт менен иштей турган проводдорунун бардыгын ажыратып туруп миналарды коюп салышкан. Кыскасы бизди коркутуп жаткан ракеталары иштен чыккан. Эгер проводдорду туташтырабыз деп барышса минага жарылып олушот. Так что коркпой эле чабуулга отуп, штурм жасай бергиле. Жер алдындагы откоол менен дагы кошумча куч жоноткуло. Курчоодо кабылгандарга тезирээк жардам бербесек болбойт.

Штурм


Генералдын буйругу менен казарманы коздой танк, БТР, БМП, автомат менен куралданышкан жоо аскерлер акырын жылып жоношту. Ошол эле маалда он чактыдай вертолет абага, асманга которулуп чыгышты. Аны менен катар биринин артынан бири эрчишкен атайын тандалма взвод жер алдындагы откоолго шашылыша чуркап кире башташты. Кырдаалдын улам кыйындап баратканын сезген Жапаров озу бункердеги ракеталарды атчу жайды коздой чуркап жоноду. Артынан эки-уч офицер кошо эрчий жетип келишти.
-Бункердин ичине киргиле дагы атууга ракеталарды даярдагыла. Анын оозун бир отделение кайтарып турсун. Тигил жактагылар кокус кол салып, бункерди захват кылып алышпасын. Азыр карап гана тургула чабуул койгон кандай экенин корсотпосом элеби. Сыртта бизди карай келаткандардын бирин да калтырбай жок кылабыз. Вертолетторду дагы жардырып салыш керек. Кана, согуш аракеттерин тез арада баштагыла, ал эми тигил курчоодогуларды болсо бирин да калтырбай жок кылууга буйрук берем. Жапаров бир орунда тура албай ары-бери басып, дурбу менен улам-улам оздорун карай келатышкан жоокерлер менен танктарды карап турду.
-Мейли оз убалдары озуно, мен эскерткем. Азыр бирин да тируу калтыртпайм. Ракеталардын кучу кандай экенин корушсун. Ошол маалда кутулбогон жерден бункердин ичинде уудаа-уудаа катуу жарылуу болду. Рашид коюп кеткен миналар жарылган болчу. Ахмед Жапаров кандай болуп жерге кулап тушуп, башын калкалап калганын озу дагы билбей калды. Анын жанына эки-уч офицер жетип келишти.
-Эмне болду?
-Бункердин ичинде жарылуу болду…
-Ичиндегилер тируубу?
-Мындай жарылуудан тируу калышы мумкун эмес.
-Демек ракеталарды ата турган кнопкалар иштен чыктыбы?
- Ошондой болду окшойт.
-Ал жакка ким кирген, минаны ким койгон?
-Тушунсом буюрбасын.
-Демек арабызда дагы чыкынчылар, тигилер учун иштеген адамдар бар экен да. Ким болду экен? Мейли аны шашпай териштирип озубуз таап алабыз, ага убакыт жок. Ракеталар иштен чыкты десе эле муну менен иш бутуп женилип калбайбыз. Солдаттарыбыздын ар бир экинчисинде минамет, гранатаметтор, вертолотторду атуучу куралдар бар тигилерге ошолор менен сокку бербиз. Кана зенит пушкаларды атууга даярдагыла.
Оздорун карай келатышкан жоокерлерди автомат, гранатаметтор менен мээлеп турушкан жоокерлер же буйрукту аткарарын билишпей же оздорунун желдетттерин карай ок аткысы келишпей олку-солку болуп турушту. Арадан он беш, жыйырма муноттон кийин айыгышкан кандуу согуш болуп кетмек. Рашид бери жакта турган жоокерлерди акырын угуттой баштады.
-Озубуздун боордош, жердеш бир туугандарыбызга озубуз ок атабызбы? Балким тигил жакта чын эле озубуздун айылдаштарыбыз же бир туугандарыбыз болуп калса эмне кылабыз?
- Аларга биз ок атпасак, алар баары бир бизге карай ок атышат да,-ары жактагы жаш жоокерлердин бироосу созго кийлигише кетти.
-Сиздин оюнузча биз эмне кылышыбыз керек?
-Аларга карай ок атпашыбыз зарыл…
-Аларга биз атпасак алар бизге карай ок атышат да…
-Багынып берген кундо деле баары бир биз соттолуп кетебиз да военный трибунал менен.
-Эгерде каршылык корсотуп ортодо кан тогулуу болуп кетсе анда эки эсеге оор жаза алабыз. Основной оор жазаны мына биз офицерлер алабыз, ал эми силер болсо болгону жогору жактагылардын буйругун гана аткарып жатасынар, ошондуктан, силер женил жазаланасынар.
Ангыча ары жактан басып келген майор атайын далдоо жерде жашынып турган жоокерлерге буйрук бере баштады.
-Куралдарынарды атууга даярдагыла!
Заматта шарт-шурт эткен ундор чыгып, ар бир жоокер куралдарын атууга даярдай башташты. Рашид танкалардын артына жашынып алып, тээ алыс жакта оздорун карай акырын жылып келатышкан автоматчан жоокерлерди аянычтуу карап туруп майорго кайрылды.
-Майор, силерде соз бар эле, же журунузчу тигил жактан барып суйлошолу.
-Ушул жерден эле айта бер, убакыт тар.
-Бул жерден суйлошконго болбойт, солдаттардын алдында суйлошчу иш эмес, бат эле. Экоо алды жакты дурбу менен карап турган жоокерлерди калтырышып ары жакты коздой басышты.
-Бол тез, эмне айтмакчысын?
-Бизге аралашып тигилерге маалымат берип жургон чыккынчыны кармадым…
-Ким экен ал?
-Тиги жер толодогу болмого кийирип, байлап таштадым. Эмне кылалы аны?
-Бул тууралуу Жапаровго доложить эттинби?
-Азырынча эч ким биле элек, сага гана айтып жатам. Анын ким экенин билгин келеби, журу корсотойун.
Экоо эрчише жер толодогу карангы болмого киришти.
-Кана каякта?- сууролуу артына бурула бергенде, Рашид аны пистолеттин арты менен желкеге чаап калды. Тигил дагы шамдагайлык менен буйтап кеткендиктен, сокку дал тийбей ийнин чарпып отту. Экоо кармаша кетишти. Майор мурун самбо менен машыгып жургондуктон Рашидди колдон кармай чимирилте жерге которуп урду. Экоо жерде улам биринин устуно бири чыгышып, ооналактап кармашып жатышты. Ошол маалда сырттан жугуруп кирген жаш жоокер экоону тангала карап калды. Майор аны карай кыйкыра буйрук берди.
-Эмне карап турасын, жардамдашпайсынбы мага! Рашид октом суйлоду.
-Бар нары, былкылдаба ордундан, биз озубуз разборка кылабыз!
-Капитандын созун угасынбы же майордун созун угасынбы!
Жигит кайрадан Рашидге тап бергенде Рашид ото ылдамдык менен бурула калып колунун кыры менен аны кокого чаап калды. Жигит мындайды кутпогондуктон башындагы баш кийими ыргып кетти да энкейип келаткан боюнча жерге онкосунан сайылды. Бир кезде майор Рашидди устунон алып ыргытты. Экоо кайрадан тикелеринен тура калышып тиреше тушушту. Тирешип жатып суйлошуп да жатышты.
-Бизде уже безвыходное положение, куралдарды таштап каршылык корсотпоо туралуу жоокерлерге айт, багынып бергиле деп буйрук бер.
-Жок андай эч убакта болбойт, мен деген Жапаровдун он колу, ишенимдуу кишисинен болом, ага чыкынчылык кыла албайм. Сыртта тигилер жакындап келатышат мени кое бер, жоокерлер менен суйлошуу керек.
-Жок болбойт бул жерде экообуздун бирообуз калышыбыз керек.
-Рашид жол бошот, азыр ар бир мунот алтынга тете.
Экоо кайрадан кармашканга отушту. Майор дагы бир жолу самбонун ыкмасына салып которуп чапканга аракет кылды эле Рашид ага мумкунчулук берген жок. Ал ары жакта турган темирди ала коюп Рашидди башка чапканы шилтеп калды эле, Рашид чаптырбай буйтап кетти да майорду колунан кармаганга улгурду. Темир союлду талашып, бир топко кармашты. Майор Рашидге караганда бир топ эле шадылуу болчу. Тиреше келгенде устомдугун корсотуп жатты. Кырдаалдан пайдалана Рашид Шыгаевди талуу жерлерине эки-уч жолу катуу уруп калды. Майордун колундагы темири бошой чок тушуп барып онолду. Ал бир топ эле толук болгондуктан бат эле чарчап бышылдап-кушулдоп дем ала баштады.
-Рашид кое бер мени тияк жакка, жоокерлер менин буйругумду кутуп калышты. Экоо бир топко тиктешип турушту Рашид болбойт дегендей акырын башын чайкады.
-Андай болсо ме сага!- майор болгон кучу менен, атырылып келип Рашиддин мойнунан кармамакчы болду эле Рашид аны билектен шап кармап дароо колун толгой бурады, заматта анын арт жагында болуп калды. Кырдаалды текке кетирбей колдун кыры менен эки-уч жолу желкеге шилтеди. Ага да болбой койгондуктан жерде жаткан пистолетти ала коюп болгон кучу менен далдап туруп башка урду. Майор ошондо гана жерге эт-бетинен сайылды да былк этпей жатып калды. Анын белиндеги курун чечип туруп, майордун колун артына кайрып катуу байлап салды. Анан дароо эшикке чыгып темир калганы сыртынан жаап, бекитип таштады. Ошол маалда сырт жактан келаткан жоокерлер отуз кадамдай жакындап калышкан болчу. Бери жактагы жашынып, сырт жакты мээлеп тургандар буйрукту гана кутуп турушкан.
-Баардыгынар куралынарды таштагыла. Буйрук ушундай!-Рашид жашынып жатышкан жоокерлердин бардыгына буйрук бере суйлоду. Жоокерлер эч нерсени тушунбой капитанды жалдырай карап эле туруп калышты.
-Мен эмне деп жатам, бол куралынарды таштап бир жерге чогулткула дагы, эки колунарды которо ордунардан тургула.
Ары жакта турган ага сержант бери басып келип кийлигише кетти.
-Жолдош капитан, мындай болууга…
-Суйлобо, буйрукту аткар!
Эмне ишээрин билишпей жоокерлердин бардыгы жалдырап эле туруп калышты.
-Мен силерге эмне дедим, аткаргыла буйрукту!
-Жолдош капитан, майор кана? Биз ошонун гана буйругун аткарууга тийишпиз.
-Ал башка болукто журот, бул жакка мени табыштады. Бол тездеткиле! Куралынарды таштап ордунардан тургула, Жапаровдун буйругу ушундай.
-Эгер ордубуздан турсак тигилер бизге карай ок атышсачы?
-Атпайт, ак желек которобуз! Ошол маалда ары жактан капитан Ахмедов жетип келди.
-Эмнеге атпай атасынар, тигилер жакындап келип калышты?
Рашид аны карай пистолетин сунду.
-Уже поздно.
Тигил жакта турган жоокерлердин бироосу Рашидди колдон кармоого аракет кылып умтулду эле, тумшукка жеп ары карай учуп тушту, жашынып жатышкан жоокерлердин копчулугу олку-солку болуп турушкан. Буйрук кандай айтылаары менен эле куралдарын таштап ордуларынан тура башташты.
Капитан Ахмедов кутулбогон мындай корунушко, Рашиддин жоругуна тангала карап турду.
-Сен дагы пистолетинди ташта жерге, болбосо атып таштайм,-Рашид Ахмедовду бир нерсе болсо эле атканга даяр болуп мээлеп турду. Ошол маалда сырт жактагылар жабыла, чуркаша, казармага кирип келишти. Бул болук казарманын тундук тарабындагы болуктору эле. Ал эми Туштук-Батыш тарабындагылар болсо катуу каршылык корсотушо ортодо атышуу башталды. Эмнегедир чыгыш тарабындагылар болсо, табышмактуу турдо ок атышпай эле артына чегигенге отушту.
Ошол маалда казарма устуно вертолеттор учуп келишип, аркан менен томон карай жылымышып коптогон жоокерлер жерге секирип тушо башташты. Аны менен катар жер алдындагы откоолдон дагы кумурскадай жыбыраган автоматчан жоокерлер агылып чыга келишти. Бардык тараптарынан катуу кысылып келатышкан ортодогу Жапаровдун чек арачылары четинен кол которуп багына башташты. Эн ортодогу анча бийик эмес добочодо, жашынып тургандар башкалардан айырмаланышып озгочо катуу каршылык корсотконго отушту. Казармадагы бири-бирин коргон жоокерлер эч каршылыксыз эле куралдарын ташташып багынып бере башташты. Анын устуно офицерлер дагы алардын устулорунон угуттооо иштерин жургузушуп, копчулугун оз эрктери менен сырттан келгендерге кошулуп берууго кондуруп салышкан болчу.
Казарманы бардык тарабынан курчоого алып улам кысып отурушуп, дубалдын ичиндеги дал ортодо жайгашкан анча бийик эмес донсоо гана калган. Донсоо усту туш тарабынан бийик болуп, бетон дубалы менен салынгандыктан казарма ичиндеги ар бир кыймыл алардын алакандарына салынгандай эле корунуп турат экен.
-Берлинди алдык, эми кантип Рейстагды алабыз,-ары жактан келген жаш лейтенант жигит Рашидге келип тамашалай кетти.
-Бул тамаша эмес,-Рашид донсоодогулорду аянычтуу карап турду,-Ал жакта атактуу аябай дасыгышкан уч взвод бар. Аларды оной менен багындыра да жене да албайсын. “Тристо Спартанцев” деген кинону кордунор беле, булар да дал эле ошондой духта тарбияланышкан жигиттер. Аларды багындыруу кыйын. Курчоону жарып чыгып, качып кетуулору дагы мумкун, сак болбосок болбойт.
-Тим эле темирдей бек болуп турган курчоону кантип жарып чыгып кете алышат.
-Ээ, иним сен алардын ким экенин билбейсин, билсен мындай суйлобойт элен.
Ортодогу донсоонун бийиктиги беш метрдей, туурасы он беш, узундугу отуз метрдей экен. Донсоо катуу курчоого алынып, бардык жоокерлер ошол жакты мээлеп турушту. Колуна ак желек которгон майор тигилерди суйлошууго чакырды. Арадан бир аз убакыт откон сон, ары жактан эки капитан келишти.
-Бизге Ахмед Жапаров озу керек!
-Айтчу созунорду айта бергиле, биз деле анын ордуна жооп берип коебуз.
-Биз озу менен гана суйлошобуз.
-Бизде андай Ахмед Жапаров деген жок, ал давно несушествует. Айтчу созунор болсо бизге айта бергиле!
Эки жак бир топко унсуз, созсуз телмирип турушту. Созду майор баштады.
-Болуптур…, ырас анын келишин каалабасанар силер менен эле суйлошо берели. Азыр силер толугу менен курчоодосунар, курчоону жарып чыгып кетууго эч мумкунчулугунор жок. Биз ортодо кан тогууну каалабайбыз. Ансыз деле карагылачы канчалаган кан тогулуп, ортодо канчалаган адамдар олуп кетишти.
-Албетте, биз дагы жондон жон эле кан тогууну каалабайбыз. Озунор айткандай итак коп адамдын каны тогулуп кетти. Эгер дагы кан тогууну каалабасанар силер курчоону бошотуп чыгып кеткиле, же болбосо бизди бул жерден чыгып кетууго мумкунчулук бергиле.
-Жапаров озу каякта?
-Айтпадыкпы. Жапаров деген давно не сушествует деп, анын ордуна мына биз жооп берип жатпайбызбы.
-Бул жерде атышуунун дагы, эки тараптуу айтышуунун дагы пайдасы жок. Тынчтык жол менен жай кенешели, бардыгыбыз тен эле кыргыз балдарыбыз, силер тараптагылардын, биз тараптагылардын деле каныбыз бир, балким бир туугандар бардыр арасында. Эмне учун алар бири-бирине ок атышы керек, эмне учун бир-бирлерин олтуурулору зарыл…
-Жок, муну бир айтасынбы, эки айтасынарбы, же жуз жолу кайталайсынарбы баары бир макул эмеспиз. Биздин шартыбыз ушул же кеткиле бул жерден же бизге жол бошотуп бергиле, экоонун бироосу. Баары бир силердин созунорго макул эмеспиз, багынбайбыз дагы моюн сунбайбыз. Эгерде бизге каршы ок ата турган болсонор анда эки эселентип жооп беребиз. Анда ортодо эки эселенген кан тогулуу болуп кетет. Оз жоокерлеринердин бейажал олумун каалабасанар биздин сунушубузга конуп бергиле.
Сырт жактан келген майор бул созго тырчый тушту. Кабагын буркой маселени кабыргасынан койду.
-Ойлонгонго жыйырма мунот убакыт берем, эгер оз эркинер менен багынып бербесенер чабуулду да соккуну да баштайбыз.
-Биз бир эле суйлойбуз жолдош майор, уговаривать безполезно.
-Демек багынгынар келбейт экен да.
-Ошондой, андан коро силер дагы жанагы биздин сунушубузду ойлонгула.
Эки тарап тил табыша алышпай эки жакка болунуп кетишти. Бери жакта алардын ар бир кыймыл аракетин дурбу менен карап турган Рашид майордун жанына басып келди.
-Чын эле аларды уговаривать безполезно. Куч менен гана багындыруу керек. Баары бир кан тогуусуз жениш болбойт. Алар аябай жакшы куралданышкан Жапаровдун верный, негизги взводдору. Бул уч взвод Жапаров эмнени айтса ошону гана аткарышат. Буларды багындыруу да оной-олтон иш эмес. Андан коро мумкунчулук болсо мен тияк жакка пробиваться кылганга аракет жасап коройун.
-Жалгыз элеби?
-Жанымда бироо болгондо шек алып калуулары да мумкун.
-Кантип отосун тигил жакка?
-Анын жолун табам.
-Тигилер сени дароо эле олтуруп коюшат.
-Аны коро жатарбыз.
-Жанынды озун тобокелдикке салбасанчы…
-Антпесе тигилерге алдатып, убакыттан уттуруп коебуз.
- Курчоодогулар бизден эч жакка кутулуп кете алышпайт.
-Именно мен ошону айтып жатпаймынбы. Еще как кутулуп кетишет.
-Жапаров озу корунбойт го?
-Ал жашыруун бункерлердин биринде жашырынып жатып, кырдаалга коз жугуртуп жатат.
-Бир жакка качып кетиши мумкунбу?
-Мумкун, бирок тигил озунун верный адамдарын таштап эч жакка кете албайт.
-Дагы жыйырма муноттой кутобуз, эгер оз эрктери менен багынып беришпесе убакытты созбой соккуну баштай беребиз.
-Анда ортодо кан тогулуу болот…
-Эмне кылабыз, башка айла жок. Казарманы деги басып алдык, эми тигил анча чон эмес донсоону кантип эле басып ала албайбыз.
-Кептин баары ошондо болуп жатпайбы. Донсоонун кандай сырлары бар экенин силер жакшы билбейсинер. Донсоо болгону менен анын алдында кандай гана биз билбеген нерселери жатат. Дондун алды озунчо эле бир арсенал, биз билбеген курал-жарактардын баары ошонун алдында.
-Азыр ошол донсоонун озун жок кылабыз. Буйрук ушундай генерал Субанкулов озу ушундай буйрук берген. “Эгер багынгылары келбей катуу каршылык кыла турган болушса, донсоону дагы, бетон дубалдарды дагы туп орду менен жок кылгыла” деген.
-Генерал озу кайда, телефон менен суйлошсом болобу?
-Мумкун эмес.
-Эмне учун?
-Телефон аркылуу суйлошууго болбойт, ар бир суйлошкон создорубузду тигилер угуп турушат экен.
-Анысы да бар. Кантип аны менен байланышсам болот?
-Ал азыр лагерь жакта казарманын батыш тарабындагы штабда отурат. Бронетранспартер менен барып келсен болот, жоо бара турган болсон тигилер коруп, байкап калуулары мумкун.
-Мен генералга барып келгиче соккуну баштабай тургула.
-Ал да эч мумкун эмес, бул деген генералдын озунун буйругу.
-Болуптур мен кеттим анда,-Рашид сырты брондолгон чалгындоочу машинеге отуруп дароо генералдын убактылуу штабы жакка жоноп кетти.
Штабга жете электе эле бери жактагылар донсоону аткылоону башташты.
-Кое тур, токтотчу ушул жерге,-Рашид шашыла машинеден чыга калып кимдир бироолорго ачуулана машинанын темирин чапкылай, башын чайкап туруп калды.
-Зря, зря баары кеч болуп калды. Улгуро албай калдым.
Курчоодогулар донсоону катуу аткылашты. Ортодо кызарган жалын эле чыгып калды. Арадан жыйырма откондо донсоону айланта курчап алгандар оздоруно ишенимдуу турдо чабуулга отушту. Донсоого он беш кадамдай калганда ортодо жашынып тургандар кутулбогондой катуу сокку беришти.
Коз ачып жумганча устокко-босток жарылуулар болуп донсоону карай жылып келатышкан жоокерлердин заматта тымтыракайлары чыкты. Алар кайра артка чегиништи. Учтун бир болугу гана аман-эсенн кайра ордуларына келишти. Ортодогу ачык жер жайнаган олукко толуп кетти.
-Ничево себе мынча кучту алар каятан алышты,-майор Абдрасулов чочулагандай башын чайкап койду.
-Кайдан алышмак эле, биздин аткылаганыбыз тигилерге чымын чакканчалык болгон жок. Бункерлерге кирип жашынып калышты дагы, бир аздан кийин кайрадан чыгып бизге сокку беришти,-сырттан кайра кайрылып келген Рашид майор Абдрасуловго кырдаалды тушундуруп жатты,-мен генерал менен соккуну убактылуу токтото туруу жонундо суйлошойун дегем. Улгуро албай калбадымбы…
Мынакей казарманын озун амалдуулук менен албадыкпы. Дегеле ала алмак эмеспиз муну дагы. Мындай ачык салгылашуу менен дегеле донсоону ала албайбыз.
Ошол маалда асмандан кутулбогон жерден жети-сегиздей вертолеттор пайда болду да, донсоодогулорго аба аркылуу сокку бере башташты. Ортодогу жалбырттап куйуп жаткан жер кайрадан кучоду. Бир кезде донсоонун дал эле устуно учуп келген вертолеттордун бироосу жарылып анын темир сыныктары туш-тушка чачырады. Андан сон экинчиси, учунчусу жарылды. Калгандары ал жерден дароо коздон кайым болуп жоголуп кетишти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 14:38

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: