Табыпчылык – кыргыздын байыркы дөөлөттөрүнөн.
Муундан муунга өтүп келе жаткан бул сырдуу өнөрдүн ар
кимге эле ачыла бербеген, түмөндөн бирөөнө түнөгөн каси-
ети бар. Өкүнүчтүүсү коомубуздагы саясий оош-кыйыштар-
дын кесепетинен дээрлик 70 жылдан ашуун мезгилдин
аралыгында табыпчылыкты "тап катары" жоюп, "эскинин
калдыгы" катары мамиле жасап, аны кесип кылгандарды
"таш бараңга" алып келдик. Натыйжада бул кесиптин эң
уникалдуу өкүлдөрүнүн кайталангыс табышмактуу сырла-
ры өздөрү менен кошо кетти. Ушул эле учурда ааламдык
алкактан алганда башка көптөгөн өлкөлөрдө элдик меди-
цинанын жетишкендиктери мамлекеттик колдоого алынып,
салттуу медицинанын алы жетпеген айрым ооруларды айык-
тырып жатканын жакшы билебиз. Мисалы, филиппиндик
табыптардын бычаксыз операция жасоо ыкмасы дүйнөнү
таң калтырып келет. Алардын ишине мамлекет өзү кызык-
дар болуп, шарт түзүп берүүдө. Канчалаган акча каражатта-
ры түшүп, өлкө казынасын байытып жатат.
Жараткан эгебиз бул жагынан да кыргызды кур койбоп-
тур. Ааламда теңдешсиз "Манасты" , төгүлбөгөн ырыскы
төкмөлүктү, керемет Ала-Тоону, аликүнчө табышмагы та-
былбаган ак калпакты бергендей эле, табыпчылык өнөрдү
да тартуулаптыр…
Бүгүнкү күндө "көзү ачыктар" көчөгө батпай, табыпмын
дегендер таштан да көбөйүп кетти. Бирок, арасында табып-
чылык касиет чындап даарыган, эми элге, пайдасы журтка
тийип жаткандары өтө сейрек. Алардын бири – айтылуу
табып Кубанычбек Матай уулу. Окурмандар анын бул ки-
тебинен табыпчылык деген чанда бир адамга Жараткан та-
рабынан ыроолонгон касиет, ар ким тамаша кылганга бол-
бой турган өзгөчө бир керемет өнөр экендигинен кеңири
түшүнүк алышат деген ойдобуз.
Айдарбек САРМАНБЕТОВ
Билдирүүнү түзөткөн: dina: 17 Март 2014 - 09:50