Балалык кез кандай сонун э.Бойтоюп ойногондон башканы билбей,оюнга тойбой жүргөн чагыбыз экен.Садикке барасың,кээчке ойнойсуң.Үйгө келесиң дагы ойнойсуң.Дем алыш күндөрү ата-энең менен паркка барып,каруселдерге түшүп,таттууларды жеп,кээчке ойноп чарчап үйгө келип таттуу болуп уктайсың.Бала кезибизде ата-энебиз кандай бактылуу күндөрдү тартууласа,
ошол көз ирмемдер кадимкидей эсте сакталып калат экен да.
Эсимде,туулган күнүм болгондо ар дайым эч кандай меймандар,ызы-
чуусу жок атам,апам эки жакын досум болуп тосоор элек.Жакын досум демекчи,Мирбек биз Мики дейт элек.Экинчи досум болсо Лилия биз аны Лили деп койчубуз,мен болсо Рустам.Азыркы күнгө чейин эсимде ар жыл сайын кимдин туулган күнү болсо үчөөбүз тосчубуз.Неге экенин билбеймин,биздин ата-энелерибиз ушинтип чечишсе керек да.Үчөөбүздүн аталарыбыз да жакын достордон.Туулган күнүмдө мага эң кызыгы эки досум алып келген белектер эле.Биздин дагы бир принцип,кандай гана белек болбосун сөзсүз түрдө бир бет аарчы кошуп тапшырчубуз.
Ар дайым Мирбек мага оюнчук машине белек алып келет,Лили болсо ак пластмассадан жасалган,кооз аппак коенек алып келет.Жылда ушундай белектер.Менда Микиге,Лилиге ушундай белектер менен барам.Столдун усту түрдүү тамак-аштар,
үчөөбүз кенен чачып,төгүп,
тортту бетибизге шыбап,ошол күнү каалагандай жейт элек.Жылына үч жолу биз үчүн чоң майрам.Тамак жеп,ичип,чачканыбызга чек жок,кыскасы жыргайт элек.Үчөөбүздүн отурушубуз ашып барса 1саатка созулат,анан үйлөргө.Эрте менен чогуу жетелешип алып садикке жөнөйбүз.Ар бир үйдөн кезек менен бир киши үчөөбүздү садике алпарат,кеч алып келет.Апамдын айтуусу боюнча мен ардайым Лилинин оң жагында жүргөндү талашып жакшы көчү экенмин.Мики болсо сол жагында.Жада калса жашаган жерибиз да Лили оң жагымдагы подьездде,Мики сол жагымда.Мындайча айтканда Лили 1-подьездде,
мен 2-де,Мики 3-дө,бир домдо жашаганбыз.
Дом дегеним биз шаарда жашайбыз.Ордолуу Ош шаарында.
Ушундай балалык бактылуу садиктеги күндөр зымырап өтүп,биз мектеп босогосун аттадык.Мектепке да үчөөбүздү чогуу бир класска окутушту.Эң жакын досум Мики.Лилини кооруп экөөбүз канча балдар менен согуштук.Үчөөбүз эч бөлүнбөй,эгиз козудай жетелешип жүрөт элек.Кээбирлери бизди шылдыңдап күлсө,кээбирлери суктанат.Убакыт зымылдап өтүп,биз 5-класска көчтук.Баарыбыз чоңоюп кадимкидей ата-энелердин ишеничине жарап,өзүбүз эле алардын коштоосу жок мектепке барып калдык.Мики экөөбүз абдан шок балдар болуп чоңоюп бараттык.Мики мага ишенип,мен ага ишенип балдарды уруп,мектептин көзүрү боло баштадык.Ал менден узун болгондуктан ал дайым биринчи жүрөт.Эч нерседен кем болбой,эч кандай көйгөйлөр жок,атамдар жакшы иште иштешкен жакшы жашачубуз.
Лили кичинесинде аппак,көзү капкара,томпок кыз болчу.5-классты аяктап калганда бизде Мики экөөбүздө оор күн болду.Лили ата-энеси менен кандайдыр бир себептер болуп тез арада бир жака көчүп кетишти.Эмне себеп болгонун биз жаш болчубуз түшүнгөн эмесмин.Досум экөөбүз көпкө кайгырып жүрдүк,абдан көнүп калган элек.Досумду билбеймин мен негедир күтө берер элем.Азыр элес-булас эсимде эшиктин коңгуроо чырылдаса эле Лилилер келиштиби деп чуркайт элем.Апам да көп айтат көпкө унуталбай жүрдүң,кайра-
кайра сурай берет элең,кайда кетишкен,неге кетишкен,келишеби деп.Убакыт учуп Мики экөөбүз 7-класска көчтүк.Лилини унутуп калганмын.Түп орду менен унуткан жокмун,кээде эстеп жүрдүм.Шоктугубузду айтпа.Үйдө отурбайбыз.
Кечке көчөдө ойнойбуз.Бир карасаң домдун подвалында жүрөбүз,бир карасаң тамда жүрөбүз же базарда жүрөбүз,паркта,
Сулайман тоодо иш кылса ордубузда отура албайбыз.Мектепке барабыз үйгө келебиз,чала-
була курсак тойгузуп же мага келет же мен Микиге барам,экөөбүз көчөгө.Бул арада спортко кызыгып экөөбүз алтынчы класстан баштап каратеге катышып жүрдүк.Жаштык кез,жүрөк ток,маңдайдан чыкканын урабыз.Новои паркта,Токтогул паркында көп күндөрүбүз өттү.Экөөбүз эч кимге кошулбадык,
өзүбүзгө кошподук дагы.Бирок,досторубуз көп болчу.Паркта өзбектердин шорун берет элек.Канча жолу мушташтык.Парктагы карманшиктердин баары экөөбүздү тааныйт.Бирок биз эч качан тоноп,карактабадык,
себеби бизде баары жетиштүү эле.Акча,кийим,
оюнчуктар,велосипед,
самакат,коньки не десең бар болчу.Болгону жаштык кез,кутурган кез,эч ким бизге тие албайт,ар кимге урунуп,айрыкча өзбектерди уруп согуп жүрдүк.Спорт жагынан да жакшы ийгиликтерди жаратып,ар кандай беттешүүлөргө чыгып жүрдүк.Мики ар дайым өзүнүн салмагы боюнча биринчи орунду алат.Анан мен да бирди алам.Атам ал ийгиликтериме бир жагы кубанса,бир жагы бандит болуп кетпейсиңби деп кыжаалат болуп жүрдү.Акыркы күндөрү көп урушуп калды,көп тентибе,үйдө отур,сабак оку деп.Бул жүрүшүбүз бир күнү үйдөкүлөргө да жетиптир.Мики экөөбүз,көчө бандит,каракчы болуп кеткен деген сөздөр жетип,атам аябай урушту.Эки күн үйдө сабак окуп жакшы жүрөм,анан кайра эле баякы адат башталат.Каникул да башталды.Атам чыдабадыбы бир күнү айылга барып окуйсуң деди.Канчалык секиргеним менен баарыбир көнбөшкө айла жок эле.Себеби биздин үйдө атамдын сөзү эч качан эки болбойт,айтканы айткандай,дегени дегендей болот.Мики шаарда калды,мен алыскыы тоо тарапка айылга жөнөдүм.Атам машинеси менен кийимдеримди,
сумкаларымды салып алып жөнөп кеттик.Апам байкушум канчалык тызылдаганы менен атамдын сөзүнө каршы боло албайт.Көз жашын мөлтүлдөтүп,
ыйлаган бойдон калды.Ойлорум чубалжып нелерди гана ойлонбодум.
Биринчи эле оюма киир кийимдерди кийип,жыртык өтук кийип,эшек минип кой кайтарып,суу ташып жүргөндөрдү эстеп жаман болуп бараттым.Атам болсо акылдуу киши ар нерсени айтып алдап баратат. Ата мен айылда кантип жашайм,айылдык болуп калбаймынбы деп өзүмчө эле кыжаалатмын.
Балам,ошо айылдык болуп калсаң гана,билесиңби айылдын адамдары кандай жөнөкөй,меймандос,
ыймандуу,биримдүү болушат.Сенда ошондой адам болосуң.Адам баласы чөйрөсүнө карап өзгөрөт,сенда ошондой болуп өзгөрөсүң деп мени көндүрүп баратканы менен мен сөздөрүнүн жарымын уксам жарымын укпай,шаардагы күндөрүмдү,
Мики досум мен жок не болот,балдар уруп койбойбу деген ойлор менен терезени тиктееп зуулдаган машинеде ойлуу бараттым.....
- (11 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Жүрөгүм бир гана сен деп туруп алды Жүрөгүмдүн буйругу менен сен үчүн нелерди гана кылбадым,гүлүм.
#2 08 Апрель 2014 - 10:30
Айыл...мен үчүн кызыксыз.Эки тоонун ортосунда,айлана асмандан башка эч нерсе көрүнбөйт.Күн чыкканы,батканы гана көрүнөт.Ушул жерде жашап жүргөнүмдү эстеп жүрөгүм сыгылды.Мектеби да кичинекей бир кабаттуу экен.Зуулдап чоң атамын үйүнө кирип бардык.Бирок чоң атамдар жок.Бул үйдө атамдын иниси Бакыт агам балдары менен жашайт.Ал күнү бизди жакшы сыйлап,кой союп коноктоду.Эрте менен атам шаарга кетти.Мен калдым,мен болсо кечинде жатканда эле баарын пландап койгом.Эптеп үч ай каникулда буларды безилдетип,
жаман жооруктарымды көрсөтүп,булар жадаганда мени шаарга кетирүүсүн кааладым.
Айткандай эле жамалган шым,тешик өтүк,оңү бозоруп кеткен көйнөктөрдү кийип алып Талант экөөбүз таң атпай мал караганды баштадык.Талант агамдын баласы экөөбүз теңбиз.Бакыт агамдын уй,кой,жылкылары көп болчу.Таң аткандан баштап түшкө чейин малканадан чыкпайсың,иш бүтпөйт.Биринчи кезекте уйларды,койлорду бошотуп адырга айдап келебиз,андан кийин чай ичип алып,малкананы тазалайбыз. Чөп кыркабыз,аттарга жем беребиз ээй койчу иш бүтпөйт.Талантка таң калчумун,күндө ушунун баарын өзүң жасайсыңбы? чарчабайсыңбы? деп кобуранып эптеп иш кылмыш болуп жүрөм.Бул эч нерсе эмес,чөп сезон башталып атат,чөп оробуз,семичка үзөбүз,картошка казабыз деп жүрөктү түшүрдү.Мен чынын айтсам бир күндө жададым.Андай оор иштерди жасап көрбөгөн жаным жаман кыйналдым.Баарыбир кетем деп жүрдүм.Талант экөөбүз аттарды минип алып суугарганы жөнөдүк.Өмүрүмдө ат минип көрбөсөм,коркуп атып араң миндим.Аны да Талант алдап-салдап көндүрдү.Дарбазадан чыгып адегенде эле ат зуулдап жөнөдү,мага такыр баш бербейт,же мен жүгөнүн тарта албайм,корконумдан ээрди бышык кармап алгам,ыйлап алгам.Талант өзүнүн аты менен зуулдап жетип келип кармап калды.Жиним келип минбейм деп кыйкырдым,Талант болсо оозун кое берсең жүгүрөт да анан,тартпайсыңбы, жөн эле токтойт деп үйрөтүп экөөбүз аттарга суу ичирип үйгө кайттык.Үйгө келгенде дагы трагедия болду.Эми аттан түшөйүн деп жатсам,ат басып кетти,коркуп кетип кыйкырсам ат ансайын токтобой ат канага урган бойдон кирип кетти.Атканага аттын бийикти ээр менен гана батат болчу,мен бышык кармап алып үстүндөгү устун жыгачты сүзгөн бойдон дүңгүрөтүп кирип кеттим.Ат кирип кайра сыртка чыкты,мен болсо пешенем менен жыгачтарды сүзүп,аттан түшпөй жүрөм,пешенемен кан кетип көзүмөн ылдый ага баштаганда, өзүмдү жоготуп аттан кулап түштүм.Көзүмдү ачсам үйдө жатам,башым бинт менен оролгон.Колум да жыгылганда кайрылып калыптыр,кыймылдатпай ооруйт.Ушинтип айылдагы биринчи күнүм ызы-чуу менен башталды.
Бир жагы мага шылтоо болду,иш кылбайм,жөн эле жүрөм.Бакыт агам урушту,кантип чооң эле жигит атты башкара албайсың,эч нерсе болбойт,ошентип үйрөнөсүң деп кенен эле сүйлөп коет.Үч,төрт күн жүрдүм жыргап,кийин кайра эле баякы тирилик.Бир күн жеңем уй саайм торпокту кармап берчи деди.Торпогу да кичине болгону менен тарамыштай тырмышат экен.Аны тартып алаксып жатып уйдун жанына келип калганымды байкабай калыпмын,бир убакта бутумду басып алды го,көзүм жашка айланып,жаным көзүмө көрүнүп кетти,кыйкырып жибердим.Дагы ыйладым,Бакыт агам келип дагы урушту,не сага бул жер шаар беле,өтүк кийбейсиңби, чеч тиги красовкиңди мага модный болбой деп кагып койду.Жеңем болсо мага болушат,урушпачы ай,өзү зорго турса.Өзүмчө таза адам болуп,спортивка шым менен кросовки кийип алыпмын.Шымыма торпоктун жүнү баары жабышып,кросовким капакара кык болуп калды.Өңгүрөп отуруп араң жуудум.Бир күнү жүрүп,Талант экөөбүз кубалашып баратып жапжакшынакай жүргөн чөчөнү тебелеп алдым,насмерт өлдү,жаман ичим ачышып ал үчүн да уруш жедим.Кечинде Талант экөөбүз айыл аралап көчө тентийбиз.Балдар менен таанышып,дос көбөйтө баштадым.Бир күнү кечинде биллиярдда жүрсөк,тагыраагы мен эшикте жөлөнүп тургам,бирөөсү келип качпайсыңбы жолдон деп мени түртүп кирип кетти.Ушунчалык жиним келип не жол түгөнүп калыптырбы, өтө бербейсиңби кеңири жер турса деп сүйлөнсөм... неее не дедиң? деп мага ызырын келатат.Өңүн көрүп мындан жакшылык күтүүгө болбойт экенин түшүндүм андан мурда кол салдым.Ичине тептим эле,мени тебет деп күтпөсө керек,өзөрө түштү,эңкейгенде бетке былч этире тээп калдым.Бирок, ал да жөн бала эмес экен,бир аз артка буйдалып туруп ушуняалык катуу муштуму менен басты го,көзүмдөн оттор чачырап,жылдыздар уча баштады,эсимди жыйганча мени таптак көтөрүп ыргатканы калганда Талант жетип келди,ал бөлүштүрүп, башка балдар да келип токтотуп калышты.Ал бала бир аз кызуу экен,ээ бери кел,кармасам жейм,өлтүрөм деп кыйкырган бойдон калды.
Ошол күндөн баштап айылдан бир душман ашырдым.Көзүм момент ишип,көгөрүп, бир көзүм кадимкидей жумулуп калды.Талант болсо бекер кылдың да,ал айылдын жиндиси жеткен акмак адам деп тынчсызданып жүрөт.Мен андан корккон жокмун,Багыт агамдан корктум,дагы урушат,тилдейт деген ой мээни жеп үйгө кайттык.....

#3 08 Апрель 2014 - 12:05
Караңгыда го эптеп кирип жатып алдык,эртеси баарыбир агам көрдү.Не болду,ким урду?деген суроолорун жаадырып жанымды койбоду.Караңгыда чуркап баратып талды сүзүп алдым деп кутулдум.Алактап-
шарактап алаамат болбой акырынаак этият болуп жүрбөйсүңбү деп дагы урушту.Негедир бара-бара Бакыт агамды жек көрө баштадым.Жеңем болсо алтын эле адам,дайыма жакшы сүйлөп,балдарын кандай эркелетсе мени ошентип эркелетип,кел келегой,чай иче кой,тамактанып ал,ачка жүрбөгүн,эч нерсе болбойт,ошентип көнөсүң деп көңүлүмдү көтөрүп турат.Чоң кызы бар,эжем алда атасына окшоп зиркилдеп урушуп,жаман көрөт мени.Бир жуманын ичинде эле айылда чаң-будуң кылдым.Көчөгө чыксам мушташам,баары эле мага сайылышат.Мен өзү эч качан бирөөгө тийишпейм,бипок тийишсе токтоно албайм,аябайм.
Айырмасы жок,доспу,жөн эле таанышпы,тууганымбы уруша берем.
Бакыт агама өчөшүп андан бетер жиндилик кылып,ойго келбеген кылык-жооруктарды жасап жүрө бердим.Бакыт агамдын машинесин уурдап минип чыгам,бензинин карабай эле айдап жүрө берип кайсы бир жерде өчүп калат.Ал үчүн дагы уруш жаңжал.Негизи машине айдаганды өзү үйрөткөн,эми бушайман болуп отурат.Бир күнү тракторунда ойноп отуруп бир нерсесин жылдыра койсом,трактор дөбөчөдө ылдый карап турган экен,зуулдаган бойдон кетти.Мен секиргенге жетишпей калдым.Тормозун билбейм,же жүргүзгөндү билбейм.Кошунанын сеткасын сүзүп,былчыйтып, андан ары экинчи кошунанын атканасын сүзүп кирип араң токтогон.Чын- чынына келгенде 3ай эмес,бир айда эле буларды жүдөтүп жибердим.Мага бир гана жеңем жакшы мамиле кылат.Калганы жининен жек көрүшөт.Акыркы күндөрү Талант да өзгөрө баштады.
Бир күнү айылда кандайдыр бир майрам болду,эсимде жок,не майрам экени.Мугалимдер, окуучулар деги эле ким кааласа катышат экен.Таң калганым каникулда кандай майрам болду экен,азыркыга чейин эстей албайм.
Талант айтты,эртең эрте менен эртерээк малды карап,алдыларын тазалап коелу концертке барабыз деди.Макул деп эртеси баарын бүтүрдүк.Негизи үч уктасам түшүмө кирбеген нерсе эле.Ушул айылдан алгачкы сүйүүмдү жолуктурам, Лилини жолуктурам деп эч ойлободум эле.Лилини анда-санда эстегним болбосо,көп издебедим.Бирок элеси ар дайым жүрөгүмдө жашап келди.Өзүм акылым менен эстеп издегим келбесе да жүрөгүм көргүсү келип,өзүнчө тымызыын көп эңсечү.
Концерт да башталды,ал ырдады,бул ардады,бийчилер бийлешти,интермедия аткарышты.Мага баары кызыксыз эле болуп,Талантты кыялбай отурдум.Ойго чөмүлүп кеткен экенмин,бир убакта бир кыз созолонтуп ырдап жатыптыр.Үнү бир жагымдуу,дароо эле көздөрүн бирөөгө окшоштурдум. Негедир жүрөгүм да тычсызданып ушул ушул дегендей мени башкарып баратты.Ырдаган кыздан көзүмдү албай тиктеп отурдум.Каерден көрдүм эле,Лили эмеспи деген да ой келди.Ырдын аягында алып баруучу сүйлөп,биздин ырчы кызыбыз 8-класстын окуучусу Гүлүм дейт.Мен атын укканда мостоюууп отуруп калдым.Мен Лили десе керек деп күткөн болчум.Бир убакта Талант түртүп жатканын туйдум,чочуп кеттим.Руся не болду сага,сүйлөсөм укпайсың да мелтиреп же Гүлүм жагып калдыбы деп тамашалап,жүр кетели кезүү келчү убак болуп калды,жайгаштырып коюп кайра келебиз деп үйгө жөнөдүк.Ошол күндөн баштап сахнада келриле басып,узуун ак көйнөк кийип жагымдуу ырдаган кызды көп эстечү болдум.Анын элеси көз алдымда жаңай баштады.
Бир күн Талант,сен кетет экенсиң,атам шаарга кат жибериптир атаң келет окшойт деген кабар айтты.Бир жагы сүйүндүм,бир жагы Гүлүм оюмдан кетпей эки анжы болдум.Бул убакта байкап көрсөм өзүм деле айылдын жашоосуна көнө түшкөндөймүн, бирок агамдарды ашыкча жүдөткөнүмдөн кетирүүгө аргасыз болушту.Атам келет деген күндөн баштап бир жума өттү,келбеди. Ал арада мен даалай трагедияларды жасадым.Жанакы айылдын жиндиси менен дагы согуштум.3-көчөдө той болот экен,барып келели деп Талант экөөбүз шуулдап жөнөп калдык.Той кызуусунда экен.Талант жүр бийлеп келебиз,татынакай кыздар келиптир дегенинен ортодо кыздардын жанында тытып жүрдүк.Талант жылдыздуу,бою узун бала,кыздарды жөн эле илет.Бир убакта жанакы жинди мени көздөй келатканын көрдүм,бирок кыздар менен жаңы эле таанышып атып,качып кетиш ыңгайсыз болуп,көздүн кыры менен карап,даярданганча бийлей бердим.Тиги жинди ылжып мас,ээ кандай боевик,мени унутпадыңбы? сенде сөзүм бар,жүрсөң деп тарткылап калды.Канчалык ага теңелбейин десем да жулкулдатып тарткылай берди.Талант ортого түшсө аны катуу түртүп салды,ал болсо стлого жыгылып калаганда каным кайнап кетти.Өзү дагы көзүңдү ишитем деп кыжынып жүргөм,көзгө келиштирип басып калдым.Ызы-чуу түшүп,музыка токтоп балдар аны сүйрөп кетишти.Биз эч нерсе болбогондой бийибизди кайра уланттык.Ошентип боевик деген атка кондум.Тойдо кыздар менен таанышып бийлеп,көңүл ачып жатканым менен негедир Гүлүмдүн караанын издей бердим.Талант болсо эмнеле элеңдейсиң, жоак ал коркпо деп коет.Ал ойлоду окшойт тиги жиндини издеп атат деп.Кыздар менен таанышып,бийлеп чарчап үйгө кайттык.Эртеси түштө атам келди.Менин абалымды көрүп,а балли,мына айылдык сонун жигит болуп калыпсың.Жакшы жарашат турбайбы деп бооруна басып,кетебиз балам,даярдан деди.Кубанганымды айтпа,бат суу ысытып,жуунуп, таза кийимдеримди кийип машинеге түшүп отуруп койдум.Талант күлөт,таппай эле турган экенсиң да дароо эле калып калчудай машинеге отуруп алыпсың деп шылдыңдайт....

#4 08 Апрель 2014 - 14:03
Соонун чыгарма экен. Улантасыңбы?
Лили деп атып эле, Гүлүмгө өтүп кеттиби калп айтпасам
С деньгами можешь купить часы но не время, с деньгами можешь купить кровать но не покой!
#5 08 Апрель 2014 - 15:44
Ошентип Ошко жөнөдүк.Бакыт агам,кызы менин кетип жатканыма кубангандары билинип турду.Ал эми жеңем болсо муңайып бир нерсесин алдырып жиберген баладай мостоюуп турат.Кантсе да мага көнүп калган болчу.Билбейм,
негедир бул үйдө мага эң жакыны жеңем болчу,анын айткандарын,
айткандай аткарып,тилин алат элем.Жумшаса эч бир жаман көрүү деген нерсе жок,чын жүрөктөн жасайм.Талант да муңайып,турду.
Башында тамашалап күлүп аткан,кетээрде ал да маанайы түшүп,ээхх ээми көнүшүп калдык эле деп кейип коштошту.
Айткандай,жазбай кетипмин.Концерттен Гүлүмдү көргөндөн бери аны изилдеп,үйүн таап,бир,эки жолу Таланттан жашырынып кечинде аңдып барып келген болчум.Жүрөк кургурум көргүсү келип туруп алганынан мектепке да бир,эки жолу барып көрүп,сулуулугуна суктанып келгенмин.Тагдыр бизди атайын көрүштүргөндөй же болбосо коштошуп алгыла дегендей,аялдамада бир аял менен туруптур,апасы го сыягы деп койгом.Көрүп алып жүрөгүм бир секирет,кандай гана керемет кызсың.Аял кол көтөрүп экөө машинеге түшүп чогуу жөнөдүк.Мен алдынкы орунда,алар артта.Тиги аял эжекеси экен.Атам менен абдан сурашып,досуңуздун кызын олимпиадага алып баратам.Жеңип келебиз буюрса деп Гүлүмайды карап өзүнө ишенимдүү сүйлөдү.Досуңуздун деген сөзүнө маани бердим,бирок кайсы досу экенин түшүнө албадым.Районго чейин бир сааттык жол болгону менен эч артты карай албай койдум.Ордумда отура албай ыңгайсыз болдум.Эжекенин сүйлөгөнүнүн шылтоосу менен бир карап алдым,ойлуу терезени тиктеп баратыптыр. Эжеке тынбай атам менен сүйлөшүп баратты.Алар райондон түшүп калышты,биз андан ары сапарыбызды уланттык.Ойлонуп отуруп айылдагы кылган жооруктарыма өкүнүп койдум.Бекер эле ошентип жүрүпмүн,жакшы жүргөндө мынтип кубаланбайт болчум.Гүлүмдөн алыстабай жок дегенде караанын көрүп турар белем.
Жаз мага да таасирин тийгизди көрүнөт,алгачкы сүйүү ушинтип келди.Оюм,акылым менен Лилини тымызыын издеп жүрсөм.Жүрөгүм өзүнчө бир мамлекет,тымызыын Гулумайды издеп жүрөт.Гүлүмай анын чын аты экенин да бирөөлөрдөн угуп калдым.Же эртерээк Гүлүмайды көрө электе кетип калбай же биротоло калып калбай кимдир бирөөгө жиним келгенсип,ушундай ойлор менен зуулдап шаарга бараттык.Шаардын жашоосу баарыбир башкача,же мен көнүп калгангабы, айтоор эркиндике чыккандай эле болдум.Антип- мынтип айылда да 2ай жүрүп коюпмун.Шаарга келип эле Микиге жолуктум,экөбүз көпкө сүйлөшүп отурдук.Биринчи кезек акырын Лили жөнүндө сурагым келди.Мики,Лили каякта жүрөт экен а?эмне кылып жүрдү экен,кандай кыз болуп калды экен? деген көп суроо жаадырып жибергенимди байкабай калыпмын. Ал бизди эчак эле унутса керек.Мен деле унутуп койгом деди күлүңдөп.Анын жообу мени канааттандырбады. Мейли досум,мен үйгө барайын дагы сүйлөшөбүз го.Коштошуп үйгө кеттим.
Ошол мезгилде негедир биздин үйдө кризис башталды,атам иштебей калды,бир гана апам иштейт.Убакыт өтүп мектеп да ачылды.Биз сегизинчи класска көчтүк.Үйдө кыйынчылык башталып,кээде ачкачылык да болуп жүрдү.Кадимкидей жегенге эч нерсебиз калбай калган күндөр болду.Атам эптеп базардан орун алып соодага чыкты.Мен сабактан кийин жардам берем.Апам эрте кетет кеч келет.Көрсө бул кризис,ачкачылык биздин эле үйдө эмес,бүт Кыргызстанда жүрүп жаткан экен.
Бир күн апам экөөбүз чай ичип отуруп сурап калды.Балам, эмне мынча ойлуу болуп калгансың?Айылда тынч эле жүрдүңбү?
Апа,мен тынч жүрсөм ошол жакта эле жашайт элем го....
Жок,деги айтам да.Бир жаман иш кылган жоксуңбу? Ойлонуп эле калыпсың.
Апа,жакшы элемин,кыжаалат болбоңуз.Ушинтип жайгарып койдум.Өзүм да байкагандаймын, көп ойлонуп жүрөм.Эненин жүрөгү сезет эмеспи.Жүрөгүмдүн кыйналып жүргөнүн сезип койгондой тынчсызданып атат апам.
Апа,жүрөгүм ооруп атат,сүйүп калдым окшойт,деп кантип айтам.Уят эмеспи.
Күндөр өтүп,күз бүтүп ызгаар кыш келди.Атам бир жака иштегени кетип,мен өзүм соода кыла баштадым.Бирок, аным көпкө узабады.Товарларымды кээбирин уурдатып,кээбирин сатып,ошентип азайгандан азайын,эч нерсем жок калды.Апам да чыкпай эле кой балам,эптейбиз деп калды.Өзүмдүн эжем болсо эч нерсе менен иши жок.Студент, окууга барат,келет. Үйүбүз төрт болмөлүү болгондуктан квартирант киргизебиз деген ой кайдан пайда болду билбейм.Бир бөлмөгө эки бала,бирөөсүнө эки кыз киргизишти. Экөөндө өзүбүз.Эжем да бир күн сурады,не болду?ойлонуп эле басып жүрөсүң? бир нерсе кыйнап атабы?айт жардам берем деп алдаса да айткым келбеди.Себеби ал дароо апама айтып салат,аны жакшы билем.Мен болсо жакшы сыр сактайм,эжемдин канча свиданияларын билем.Мен эжемдин калканымын. Мени ардайым бетине тутуп,үйдөн ээрчитип алып,жигити менен киного,концертке барабыз.Мага эмне,бир нерсе алперип койсо жүрө берчүмүн.
Жаңы жыл алдында айылдан жеңем келип калыптыр.Көрүп алып апамды көргөндөй сүйүнгөнүмдү айтпа.Апамдар да таң эле калышты.Бир заматта маанайым жаркырап кетти,неге экенин билбеймин.Жеңемдин жылдызы ушундай,аны менен сүйлөшкөн адам маанайын түшүрө албайт,ал дайыма жаркырап,шуулдап жүрөт.Эки бетимен өөп эле,үйгө кирп жанынан чыкпай отруруп калдым.Анан акырыын апамдар жокто Гүлүмай жөнүнүндө сурадым.
Билесизби эй бала,ал кыз абдан акылдуу кыз.Мектепте жакшы окуйт.Активист. Класснынын презитенти. Көрүнгөн жерде жүрө бербейт.Тыкан, шайыр кыз деп мени андан бетер оолуктурду.
Эй бала,не болду сүйүп калдыңызбы?
Мм..билбейм жеңе...деп сөз таппай калдым.
Эй бала,мен сизге кеңеш берем,эгер Гүлүмгө жеткиңиз келсе,анда өзгөртүшүңүз керек.
Кантип?
Ага жабышып,чуркап, жагынып,сөз айттырып кереги жок.Болгону жакшы окуп,жакшы жүрүп,жалаң гана жакшы жактарыңды көсөтүп,өзүңө көңүл бурдурушуң керек.Эгер макул болсоңуз,анда башынан айылга барасыз,башкача бала болосуз,өзгөрөсүз. Ал кыз урушуп,мушташып жүргөн,пайдасыз балдарды жаман көрөт.Анан калганын мага коюңуз,сүйлөштүкпү? деп мени бир канча асманга көкөлөттү.Экөөбүз тымызын макулдашып, мен айылга барып окумай болдум,жеңем Бакыт агамды көндүрмөй болду.Жеңемдин ушундай бир касиети бар адамды өзүнө тартып,сүйлөшкүңдү эле келтирет....
Жеңем апам менен сүйлөшүп мени кайра айылга жөнөтмөй болду.Апам айтат жеңен эле сени мактайт,жакшы бала,тилин таап сүйлөшсөң болот деп мактап кетиптир.Чынында менин бир эле жеңем мактайт,калаганы жаман көрүшөт.Менин мүнөзүм ошондой бирөө үстөмдүк кылса,урушса эч качан туура кылбайм,тетири аткарам.
Жаңы жыл өтүп,кыш ортолоп калган убакта айылды көздөй жөнөдүм.Бул ирет негедир башкача жөнөдүм.Өз үйүмө бараткандай кандайдыр түшүнүксүз сезимдер менен учуп,кубанып бараттым.Кызык э жашоо,сүйүү үчүн баарына кайыл болуп,жек көрүп жүргөн айылга сумкамды көтөрүнүп алып,жакшы үмүт менен баратам....

#7 09 Апрель 2014 - 09:08
Айыл...бул ирет айылга өзүмдүн каалоом менен келдим.Автобуста баратып өзүмө-өзүм таң калып бараттым.Чынында эле акылдуусунуп эч кимге баш бербей жүргөн жаным,кенедей жүрөгүм башкарып калганына таңмын.Шаардык бала айылга качып калганына үйдөкүлөр да түшүнбөй калышты.Анан бир ишеничим жеңеме ишенип эле бараткам.Ойлорумда мүмкүн сүйүүм жоопсуз калаар,мүмкүн сүйгөнү бардыр,мүмкүн мени карабай коёор деген чексиз ойлор.Айылга да жеттим.Үйгө келсем Бакыт агам баякыдай эле ыы келдиңби?деп гана сууз жактырбагандай кабыл алда.Атам менен келгенде ортунан тура калып көрүшүп,тыпырап калчу агам,бул ирет чалкалап жатып алып кол сунуп көрүшүп да койгон жок.Жеңем болсо апамдай эле сүйүнүп эки бетимден өөп тосуп алды,буту-бутуна тийбей чуркап,дасторкон жайып жүрөт.Талант да абдан кубанды.Ошентип айылда окуп калдым.Талант экөөбүз бир класста окуйбуз.Гүлүмай паралелл "а" класста окуйт экен.Ошол класска окугум келген болчу,бирок Талантка шерик болосуң деп "б" класска киргизди.
Үйдө ойлонуп жатып атамдын сөзүн эстедим.Айылдык болсоң гана,жакшы адам болмоксуң,айлана- чөйрөңө карап өзгөрөсүң дегендерин эстеп жаттым.Көрсө, атам мени чынында эле балама түшүнүк кирип адам болсун деп айылга жиберген экенин түшүнүп жаттым.Менин оюмда атам мени жазалаш үчүн айылга малдардын арасына таштады деп капа болгон элем.Түнү бою уктай албадым,өзүмө- өзүм план түздүм.Жакшы жүрөмүн,жакшы окуймун,эч кандай шоктук кылбаймын деп өзүмө сөз бердим.
Биринчи жаңы айылдын мектебинин босогосун аттадым.Баары күбүр-шыбыр мени карашат,өзүмдү инопланетянин сезип жүрдүм.Баары менден алыс качышат,айланып өтүшөт.Мени менен таанышып сурашкысы келген адам жок.Бир башка планетага келгендей өзүмдү жаман сезип жүрдүм.Мени эч ким тааныбайт эмес,тааныйт. Көбүнчө балдар жакшы тааныйт.Себеби көчөдө канча мушташтып,ызы- чуу салып эле баарын безилдетип койгом.Мени шаардык хулиган катары көрүшөт.А чын-чынында жакшы эле адаммын,мен болгону кимдир бирөөгө өчөшүп жинди жооруктарды кылып жүргөнүмдү алар кайдан билишсин.
Мейли...мейли. ..азыр кандай ойлосоңор ошондой ойлогула,бирок мен өзгөрөм,жакшы жагына өзгөрөм,көрөсүңөр. Булардын мамилеси мени ансайын адам болууга аракеттенүүмдү күчөттү.Ал күнү Гүлүмайды көрө албадым." А" класстын балдар кыздары көпчүлүгү жакшы окушат экен,биздин "б" класстын балдар кыздары жалаң эптемейлер экен Таланттын айтуусу боюнча.Мектепке күндө жасанып барам,кийим деген менде море болчу.Сабакты шаарда эле жакшы окуйт элем,бирок ушул жылы бир аз айный баштаган болчум,мындайча айтканда Гүлүмдүн шылтоосу менен убагында карманып жакшы окуганга аракеттенип калдым.Бул аракеттеримдин баары ким үчүн?албетте Гүлүмай үчүн,ал азыр сезбесе да,үзүлбөгөн үмүт менен баштадым.Эртеси мектептен көрдүм,элден өзгөчөлөнүп аппак карда аппак пальто кийип ак баш кийим кийип алыптыр.Аны көргөн жерде мен сөзсүз катып калам,ичим сыздап сыртымдан билгизбей жүрө бердим.Ушундай күндөр улана берди.Менин жашоом,мектепке барганым,дем алганым,ойлогонум, кыялданганым негизи эле жашоомдун маңызы Гүлүмай болуп калды.Сүйүү үчүн ата-эне,бир туугандарымды да унутуп калгандаймын. Бирок,бул жакта да апам бар,жеңем мен үчүн экинчи апам.Апамдай эле мээримдүү,эркелетет, урушпайт,кийимдеримди жууп,үтүктөп, эрте менен чай берип мектепке Талант экөөбүздү кычыратып жөнөтөт.Арадан бир ай өттү,мен ал кыз менен дагы деле тааныша элекмин.Жеңем деле унчукпайт.
Кээде эки класс бир сабак окуп калабыз.Бир күнү Гүлүм эшиктен кирип келип менин жанымдагы орун бош турганын көрүп бошпу деп такылдап сурап,менден жооп күтпөй эле отуруп алды.Ал дайыма биринчи партада эжекенин астында отурарын жакшы билчүмүн,атайын отурдум эле,ойлогон оюм ишке ашып калды.Негизи сабакта балдар баарыбыз артка качабыз,ошол жакта отурган жакшы да.Бирок,мен ушул күндөн баштап алдыга отурам деп чечтим.Бир ай өтүп классташтарым менен жакшы эле көнүшүп калганмын.Мунун себеби,мен мурункудай жинди жооруктарымды таштап,эч кимге тийишпей өзүм менен өзүм жүргөнүмө баары мага акырындык менен ишене башташкан болчу.Гүлүмай жаныма отурар замат көзүмдү жумуп терээң дем алып ырахаттанып жибердим.Бул кылганымды өзүм да байкабай калдым.Жыт сезүү органым өзү автоматтык түрдө жытты соруп алды окшойт.Жада калса ушул жыт сезүү органымды да башкара албай калыпмын.Анан өмүрүндө мындай жагымдуу жытты көрбөсө ал сезүү органым мага баш бербей өзүнчө ырахаттанып алды көрүнөт.Өзүм да таң калдым,кадимкидей жыргап ырахат алдым.Сүйгөн адамыңдын жытына ушунча ырахаттансаң, анда кол алышып көрүшүү,кучакташуу кандай болду экен деген кыялдар менен алыстарга учуп,башка дүйнөгө кирип кетипмин.
Саламатсыңарбы балдар-кыздар? ! деген эжекенин үнүнөн чочуп,кайра өз дүйнөмө келдим.
Саламатсызбы эжеке? чогуу саламдашып, сабак башталды.Менин мээм чынында иштебей ойлорум чачырап,жыйналалбай койдум.Ордума отура албай тыбырчылап атканымды байкап калган эжеке Рустам,бир жериң ооруп турабы?
Жок эжеке.
Анда доскага чыкчы.Азыр мен түшүндүргөн мисалдарды чыгарчы....
Бул мисалдар мен үчүн оңой эле болчу.Себеби биз муну шаарда былтыры окуганбыз.Негизи айылдын программасы шаардан бир жыл артта жүрөт окшойт,бүт сабактар бир жыл мурда өтүп койгондорду кайталап жаттык.Бат эле чыгарып койдум.
Ай азаматсын,отур. Көрдуңөрбү балдар,бир такалбай чыгарды деп мени мактап койду.
Андан бетер төбөм көккө жетип кубандым.Акырын Гүлүмдү карасам мени карап жылмайып отуруптур.Ичимден Гүлүмай сен үчүн деп кайталайм.Көз карашын,жылмайганы, оймоктой оозу менин жан дүйнөмдү аңтар-таңтер кылып жатты.Эжеке, эки жолу кайталап жиберди Рустам отур деп...мен болсо секндда эле башка дүйнөгө кирип кетем.Доскага чыкканда сүрдөбөйм да,Гүлүмдүн жанына отурсам эле сүрдөп,сүйлөй албай,денем ысып чыгат.Аттиң ай,сүйүүнүн күчү кереметпи... .
Мен кыялкечминби же кандай билбеймин,менде Гүлүмай үчүн дагы бир кызыктуу,ары мээ сергитчү бир дүйнөм пайда болду..аны ойлогондо дароо ошол дүйнөдө калкыйм....

#8 09 Апрель 2014 - 09:10
Алдын ала кечирим сураймын,телефондон жазамын.Анан грамматика,
кыргыз адабияты жагынан да бир аз аксакмын.Катасы болсо жаман көрбөгүлөчү.
Билдирүүнү түзөткөн: Kyrgyz_kymyz_jyttuu_bala: 09 Апрель 2014 - 09:15
#9 10 Апрель 2014 - 13:27
Жашоом кызыктуу өтө баштады.Сабактарды жакшы окуп,үйдөгү жумуштарды да жасап.Иш кылганга чоркок болсом да,баарына чыдап акырындык менен өздөштүрө баштым.Бакыт агам да анча урушпай калды.Менин оңолуп баратканымды сезди сыягы.Мектепте тез эле мугалимдердин оозуна алынып,жакшы окугандыгым үчүн мактай башташты.Кычыраган кыштын акыркы күндөрү өтүп жатат.Бир күнү мектептен чыгып үйгө баратсам көчөдө 2,3 бала Гүлүмайды карга жыгытып алып көмүп ойноп жатышыптыр,
ал негедир ыйлангандын ордуна алар менен алышып жатат.Жиним келип бир баланы түртө салдым.Андай кылбагыла суук өтүп,ооруп калбайбы кыздар деп урушуп кирдим.Экинчиси мени түртүп иши кылса мушташа кеттик.Көрсө балдар Гүлүмайдын туугандары экен.Ошон үчүн кенен ойноп жүргөн тура.Мен билгенден ал эч качан көчөдө мынтип ойночу эмес,жада калса жөн сүйлөшүп баратканын көрчү эмесмин.Бир жагынан туура эмес кылдым,бир жагы анын карда жатып ооруп калуусуна жол бербедим.Ошентип аны кайсы жерде болбосун аяп,кооруп жүрө бердим.Өзүнө айтпаганым менен сыртынан ушинтип кооруп жүрө берген мен үчүн чоң эрдик эле.
Бир күнү сабакта отурсам терезеден караанын көрүп калдым.Аларга сабак бүтүп үйүнө бараткан го.Карааны алыстап кеткенче узатып карап отурдум.Бир топ узап кетти,бирок, абдан көңүл коюп карап отурган адамга көрүнөт болчу.Бир убакта жогору жактан чана тепкен жаш балдар зуулдап баратып аны сүзүп кетишти.Коркуп кетиштиби кайра ылдый көздөй качып жөнөштү.Гүлүмай болсо жыгылып калды,бирок туралган жок,отурган боюнча калды.Баарын байкап отуруп чыдай албадым.Агайдан суранып сыртка чыгып,атырылып учуп жөнөдүм.Кантип жанына жетип барганымды билбейм,барсам ыйлап отурат.Жөн гана өтүп бараткан адамдай жанына бардым.
Не болду сага? Бир жериң ооруп калдыбы?
Эч нерсе көрбөгөн адамдай аңкоолонуп сурап калдым.
Чана менен сүзүп кетишти деп буркурайт.
Баса аласыңбы?Догдурга баралыбы? деп тынчсызданып кеттим.
Акыркын турууга аракет кылып көрдү буту катуу ооруп калыптыр.Колунан кармап жардам берүүгө кириштим,өзү тура албады.Акырын белинен кучактап өйдө көтөрдүм,эч каршылык кылбады.Ар жак бер жагын карап,элдер көрүп калса уят го...деп элеңдейт.
Жаның ооруп жатса элден уялып жата бермек белең,кел,тез үйүңө жеткирейин. Акырын колтуктап алып акырын басып үйүн көздөй жөнөдүк.
Бул убакта мага баарыбир болчу,эл карайбы,сөз кылабы мени кызыктырбайт. Өз колум менен жардам берип жатканыма абдан бактылуу элем.Бул күн мен үчүн бир чооң шанс болду.Жанында басып жүрүү мен үчүн чексиз бакыт эле.Үйүнө жеткизип коюп туура эле үйгө кеттим.Мектепке да баргым келген жок.Ал жок болсо мектеп мен үчүн суз болчу. Иш кылсам да,уктасам да,ойгонсом да,отурсам да,турсамда эч эле эсимден кетпей,оюмдун баарын ээлеп алгандай.Өзүмчө ойго батып,кыялданып эле учуп жүрөм.Буту катуу сокку жеп калган экен,бир жума сабака келбеди.Ал күндөрү менин да маанайым түшүп караанын күндө издей бердим.Классынан сурагым келди,бирок кимден сурайм.Бирөөсүнөн сурап койсоң өлдү,баарына жайып чыгат.Адаттагыдай үйдө иш кылып жүрсөм,эжем досу менен келип калды.Ал досу Гүлүмайдын эжеси болчу.Эжем экөө классташ.Китеп алганы келиптир.Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай сурап калайын дедим.Дароо эле үйгө кирип сурадым кел,кандайсың? Менин классташым жакшы болуп калдыбы?
Жакшы шүгүр,1-күнү сабака барат деди.
Аа..жакшы деп кубанып кеттим.Анымды байкап калгандай иий..сурап калдың? сагындыңбы? же күйө бала болоюн дейсиңби? деп мени андан бетер ичимди ачыштырып тамашалап калды.
Мага күйө бала болуш үчүн,кеминде бир жыл чуркашың керек деп шыңкылдап тамашалап чыгып кетти.
Ичимден керек болсо чуркабаймын, жөн гана аракет кыламын дедим.Ал күнү эптеп кечкиртип,эртеңки сабакка шаштым.Мектепке барарым менен караанын издедим,таппадым. Аны бир көрүп албасам көңүлүм ордуна түшчүдөй эмес.Расписаниени карап окуган классын издедим,уруп- согуп барып эшикти ачсам,жаркырап биринчи партада отуруптур.Көрүп алып өзүмө келип сабакка кирип кеттим.Сабак бүтүп үйгө жөнөөрдө каридордон бетме-бет чыгып калдык,негедир бир кылмыш кылгандай андан көзүмдү ала качып,шарт бурулуп расписаниени караган адам болуп туруп калдым.Чыгып кетеби деп ойлогом,артымдан ал да келди.
Кандайсың Рустам?
Жакшы,өзүң жакшы болуп калдыңбы?
Жакшы шүгүр.Сага рахмат,жардам бергениңе.
Эч нерсе эмес,менден башкасы деле жардам бермек да.
Мм..ошентсе да рахмат.
Эңги-деңги болуп,ысып-тердеп өзүмдү араң кармап турдум.Нени карап,жазып жатканымды деле аңдабадым.Аңгыча кыздары келип калды,анан чогуу чыгып кетишти.
Уххх...терең дем алып алып өзүмө келип,үйгө кеттим.Чай ичип алып малдарды жайлаштырып коюп,Талант экөөбүз сабак даярдап баштадык.Эртеңки күнгө деп жазган расписаниеме түшүнсөм өлөйүн.Бир 11-класстын,бир башка эле класстыкын жазып алыпмын.
Гүлүм оюмдан кетпей,жүрөгүм тынчсызданып, анын үй жагына барып келүүнү чечтим.Акырын курткамды кийип чыгып баратсам Талант каяка деп калды?
Азыр эшике чыгып келем деп коюп,кыштын ызгаар суугуна карабай жөнөдүм.Үйүнүн жанына жете берээрде эки бала отурганын көрдүм.Кайра бурулуп кетишке болбой калды,андан ары жол да жок,көчөнүн башында түпикте жашачу.Айла жок тигилер менен учурашканга туура келди.
Салам алейкум балдар?
Алейкум салам.Кимге келдиң? деп дароо суроо салды.
Мен кой издеп жүргөм,көрбөдүңөрбү? ...аңкоолонуп койдум.
Жок,көрбөдүк, бул үйгө кирип чыкпайсыңбы? Классташыңды чакырып чыкчы...өзүнчө керсейгени ушинтип буйруп калды.
Дароо түшүндүм Гүлүмгө келишиптир. Жиним келип ал чыкпайт дедим.
Неге чыкпайт? сен каяктан билесиң?
Билем,ал силерге окшогондорго чыкпайт.
Бул сөзүм катуу тийди көрүнөт.
Кандайча силерге окшогондорго? эй пацан,оозуңа карап сүйлөсөң....
Сүйлөшкүң келсе өзүң чакырып ал...
Ээ нең дурайын кыйынсыңбы ушундай эле?
Мага баарыбир болчу,кандай болсо да,ким болсо да мен Гүлүмдү кооругум келди.
Мени жакалап түрткүлөп,сөгүнүп кирди,энеңди. ....деген жерине өзүмдү карманалбай кеттим,энеме асылган оозуңду талкалайм,экөөбүз карс-курс мушташып кеттик,досу бөлүштүрүп жүрөт.Бир убакта кайдан келди билбейм Гүлүмдүн иниси пайда болуп калыптыр.Ызы- чуубуз токтоп,мен үйгө кеттим.Эртеси мектепте көрдүм күндөкүдөй шайыр,такылдап жүрөт.Акыркы сабакты дагы эки класс чогуу окудук.Эжеке негедир келбеди,жөн эле сүйлөшүп ойногону ойноп,шоктонгону шоктонуп жүрүшөт.Бир убакта Гүлүм жаныма келип отуруп,акырын кечинде менин үйүмдүн жанында эмне кылып жүрдүңөр? неге мушташтыңар? ...иниси айтканын дароо түшүндүм.
Мен жөн эле өтүп бараткам,тиги балдар өздөрү тийишти дедим..
Каяка өтүп бараттың эле бул жакта жол жок го?
Мени жарга такап,уурулугумду кармап алгандай жаман болдум.Ыңгайсыз болуп жооп табалбай отурганда чыгуу болуп коңгуроо чырылдап калды,классташтар баары тапырап жөнөп калышты,мен да ордумдан туруп жаман көрбөчу э мени деп чыгып кеттим,башка сөз айта албадым....

#10 10 Апрель 2014 - 14:42
Айылымда жургондой болуп кеттим, кетким келип кетти..
Баса, бул чыгарма эмес. Журок сырына жазылып жатпайбы?!
Адабият жана поезия жакта "Чыгарманын аягы кана" десенер жарашат.

#12 10 Апрель 2014 - 18:21
Мына ушинтип бир адамды сыртынан сүйүп,сыртынан кооруп.Эч максатсыз эле кечинде үйүнө барып келмей адат таап алдым.Кээде көрүп көңүлүм көтөрүлүп кайтсам,кээде көңүлсүз кайтам.Жеңемден такыр кабар жок.Жардам берем деген жеңем эч унчукпай койду.Мени чоңойгондо гана көргөн жеңем атамдардын көзүнчө сиз,эй бала деп алып ошол бойдон сен дей албай жүрдү.Кээде Рустам деп атымды айтып алат.Бир күнү чай ичип отуруп жеңе,мени сиз дебей эле атымдан чакыра бербейсизби,
сизди апамдай эле көрөм го деп айтып,ошол бойдон кадимкидей атымдан чакырып калды.
14-февраль сүйүү күнүнө карата конкурс уюштуруп,мектепте концерт коюлат дешти.Ага ар бир класстан катышасыңар, даярдангыла деп эжекелер айтып калышты.Бизден ким катышат? Ким ырдай алат?Ким интермедия аткара алат? дешип классыбыз ызы-чуу түшүп эч бир нерсеге токтоло албай жүрдүк.Бирин көндүрсө,экинчиси көнбөйт.Класс жетекчибиз өзү тандады паланчаев,түкүнчоева, сен,сен катышасыңар арасында мен дагы бармын.Мен тапшырма бөлүп берем аткарасыңар, аткарбасаңар башкача сүйлөшөм....
Мен унчукпадым. Талашып-тартышпадым. Негизи биздин класс эч нерседен жок,сабактан да ноль ушундай оюн-зоокторго да активдүү эмес.Баары эле качышат.Менин каалаганым бир гана Гүлүмайга көрүнсөм болду.Класс үчүн эмес,мектеп үчүн эмес эле.
Эжекей бүт тапшырмаларды даярдап,тандап алган кыздар-балдарга чек таштады.Мага ырдаган туш келди.Дагы бирөөсүнө интермедия. ...ушундай.Өмүрүмдө ырдап көргөн эмесмин.Кайсы ырды ырдайм?кантип ырдайм? башым маң.Менин оюм боюнча интермедия болсо аткармакмын, бирок ырдай турган такыр оюма келген эмес болчу.Үйгө келип ырдасам бир чыгынып ырдайын,бирок эптемей эмес жакшы ырды ырдашым керек....өзүмө ылайыктуу ыр издедим,жакпайт же таппайм.Сүйүү жөнүндө ыр издей баштадым...эптеп бир ырды таап,тагыраагы Бектин суктанам деген ырын ырдайм деп жаттай баштадым.Эртеси сабака барсам "а" класстан ар дайымкыдай Гүлүм ырдайт,башкасы интермедия аткарат,бирөөсү комуз чертет иши кылса аларда таланттуулар көп,баары активдүү катышат.Дагы эки класс чогуу сабак өтүп калдык.Эй силерден ким катышат? ким ырдайт? "а" класстын кыздары ызылдап сурап калышты,Рустам ырдайт,Айпери бийлейт,Максат менен Медер,Мээрим үчөө интермедия аткарат дешип ызылдап жатканда Гүлүм угуп калып Рустам,сен ырдайсыңбы? Кайсы ырды ырдайсың?
Даярданып жүрсөм да билбейм деп ийинимди куушуруп койдум.
Кел анда экөөбүз ырдайбыз? кандай дейсиң? Гүлүмдө эч тартынуу деген жок шайыр,ачык сүйлөгөн,шуулдап турган кыз.
Күтүлбөгөн сунушка не дешимди билбей,сенин булбулдай үнүңө менин трактордой үнүм жетпей бузуп койсомчу?деп ыңгайсыз болдум.
Даярданып,аракет кылабыз да деп чын дилинен менден жооп күтүп отуруп калды.
Мм...макул.
Жакшы,анда кайсы ырды ырдайлы?сүйүнүп кеткени билинип турду.
Билбейм дедим да,махабат майрамы болгондон кийин махабат жөнүндө ырдашыбыз керек го дедим.
Мм..макул,мен үйдөн карап келем,эртең айтам деди.
Мен да сыртымдан сыр бербегеним менен ичимден абдан кубанып отурдум.Үйгө келип жөн отурбай дует ырларды издедим.Анын кайсы ыр болбосун ырдап кетишине күмөнүм жок.Ошол биринчи көрүп сүйүп калганда созолонтуп ырдап жаткан жеринде көрбөдүм беле.Мен ырдай албай кыйналаар бекенмин....
Жатып алып кыялданып ойго чөмүлөм,кандай сонун ээ,чогуу ырдайбыз,болгондо да махабат майрамында. .ойлонуп жатып бир нерсе эсиме түшүп кетти,ыргып турдум.Белек, белек бербейминби? өзүмө өзүм суроо берип,тапкан идеяма кубанып кеттим.Апам шаарда берген акчам бар болчу.Аны катып койгон элем.Дароо эле ордумдан туруп дүкөнгө жөнөдүм.Айылда кайдагы өскөн роза гүл,пластмассадан жасалган кооз кызыл гүлдөрдү алдым,бир жүрөкчөсү бар открытка алдым,бир кыздардын бет аарчысын алдым,бет аарчы эмес экен,мойнуна такчу кичинекей жоолук экен..Үйгө алып келип бекитип койдум.Талантка да айтпадым.
Эртеси сабакта отурсам эшик такылдап эжеке Рустамды берип турасызбы? деп Гүлүм баш багып калды.
Макул берип турайын,чык Рустам эжеке андан ары сабагын улады.
Кандайсың?мен ыр таап келдим,жүрсөң, угуп көрсөң.Экөөбүз бош класска кирип уктук.Айбек менен Гүлзат ырдаган Дил кайрык деген ыр экен.Ошол күнү экөөбүз сабак бүткөнүнө карабай түштөн кийин кечке чейин даярдандык. Эхх..ошол минуталар,ушул күн бүтпөсө экен деймин.Анын үнүн,созолонто ырдаганын укканда жөн эле мээң сергийт.Сулуулугуна суктанып карап эле отургуң келет.Жылмайганда андан бетер жылдызы жанып,жагымдуу жылмаят.Магнитафонду кайра-кайра артка түрдүрүп кайталап ырдадык.Мен бир аз толкунданып, тартынып ырдай албай койдум.Мени караса эле сүрдөп ырымды таппай калам.Ал өзү дагы абдан берилип мени карап алып ырдайт,мен ан сайын өзүмдү жоготуп турдум.Анын оюнда эч нерсе жок болсо керек,мен жөнүндө кыпындай ойлобосо керек.Ошон үчүн кадимки эле классташындай мамиле кылып,тартынбай жүрөт.Анан айттым сен мени карабай турчу,мен сүрдөп кетип атам деп экөөбүз кааткырып күлдүк.Акырындык менен көнө баштадым,3күн даярдандык, кадимкидей көнүп калдым.Кээде классташтар да кирип алышат алардан бир аз сүрдөгөнүм болбосо көнүп кеттим.Азыр кайталап ырдайбыз,концертте ямаха менен өзүбүз ырдайбыз жакшы даярдан деп эскертти Гүлүмай.
14-февраль күн да келди.Менин оюм кантип белекти көтөрүп барам,кантип берем,ушуга жаман тынчтандым. Ал күнү кычырап кийинип Талант экөөбүз бардык.Талант интермедия аткарат мен ырдайм.Белектерди эптеп даярдап койгон пакетке салып көтөрүп алдым.Концерт башталды залда эл толтура.Баары ырдап,бийлеп, бизге да кезек келди.
Анда эмесе алдыңарга 8-класстын окуучулары Рүстам жана Гүлүмай.
Залда дүркүрөтүп кол чабышып кыйкырып-бакырып тосуп алышты.Булардын баары Гүлүмайдын күйөрмандары болсо керек,дедим өзүмчө.
Ал өзү дагы узуун денесине төп келишкен,жарашыктуу кыпкызыл көйнөк кийип чыкты,мен костюм шым кийип,экөөбүз жетелешип чыктык.Зал толгон элди көрүп аябай сүрдөдүм,тердеп да кеттим.Өзү дагы ырдын биринчи куплетин мен ырдайт экенмин.Гүлүмай үйрөткөндөй, мени карап жылмайып,берилип ырдагын деп үйрөткөндөй ырдадым.Экинчи куплетинде бир аз сүрдөбөй көнө түштүм.Гүлүмайдын жанына келип колун кармап алып ырдадым.Зал тыптынч баары мелтиреп бизге суктанып угуп отурушту.Ошол күнү мен унунчалык бактылуу болдум.Мен үчүн баа жеткис күн болду,майрамдардын майрамы болду.Ырдап жатып ортоңку катардан жеңемди,эжемди көрдүм жеңем мага колунун бармагын көрсөтүп азаматсың дегендей кубанып отурду.
Менимче айылда мынтип эч ким дует ырдабаса керек эле.Абдан кол чаап,кайра-кайра ышкырып-кыйкырып, биз кирип кетсек да токтобой коюшту.Аягында суранабыз,суранабыз деп кыйкыра башташты....
Алып баруучубуз кирип келип дагы бир ырдап бергиле эми суранып жатышат деди.Ал убакта Гүлүмай экөөбүз кубанычыбыз койнубузга батпай жада калса бири-бирибизге рахмат айтып кучакташып куттукташып да койдук.Кайрадан сахнага чыктык.Мунусунда анча сүрдөбөдүм. экинчи куплетинде Гүлүмдүн жанына келип колунан эмес кучактап наркы колунун үстүнөн кармап өзүмө тартып алдым.Белинен кармаштан уялдым.Алда жө турбай мага жөлөнүп экөөбүз бактылуу түгөйлөрдүн образын жаратып берилип ырдадык.
Концерт да бүттү.Эми жаштарга дискотека башталды.Айылда күндүзү эле кечке чейин дискотека болот.Бийди тыттык.Мен Гүлүмайдын жанынан чыкпадым.Ал да ар кандай мас балдардан качып жанымдан чыкпады.Колумдан бекем кармап алган.Болбосо чоң балдар адеп тарткылай беришти,бийге чакырып.Өзү дагы биринчи жолу дискотекага катышышы экен.Экөөбүз кучакташып вальска түштүк.Көзүмдү жумуп алып адатымча өзүмдүн дүйнөмдө калкып жүрдүм.Жыты бир сонун,денесинин ысыктыгы,жумшак беттери.Кандай керемет ырахат.Мынчалык эч ырахаттана элек болчум.Жытына тойбой,кучактап кучагына тойбой.Бекем кучактап алганмын.Акырын көз жүгүртсөм ал да өзүнчө ырахаттанып, көзүн жүмүп алыптыр.Мен кучактагандай эки колу менен бекем кучактап алган.Кычагандай музыка да бүтүп калды.Шаңдуу музыка коюлду.Гүлүмайдын тегегинде негедир чоочун,чоң балдар көбөе башташты.Бир аз бийлегенден кийин кетеличи деди.Мен деле дароо макул болуп үйүнө жөнөдүк.Эшик эчак эле караңгы кирип кеөиптир.Жашоонун ырахатын татып кеч киргенин да байкабай калыппыз.Гүлүмай чочуп кетти,ааиимй аараңгы кирип кетиптир го деп шашылып жөнөп калдык.Жолдо баратып өзүнөн-өзү колум колуна тартылып жетелеп алдым,Ал да унчуккан жок.Жөн эле жетелебей манжаларымды манжаларынын арасына киргизип кыж-жигиттей жетелешип алдык.Үйүнө жетип аны эч киргизгим келбеди.Экөөбүздө тең үн-сөз жок.Бүгүнкү дискотекада болгон кучакташууга уялгандай тиктеше албай сүйлөшпөй келдик.Акыры жеткенде чыдамым кетип бир аз туруп турчу дедим.Унчукпады. Колубуз ажырай элек.Дароо боорума кыстым.Анда унчуккан жок.Эч нерсени сүйлөшпөдүк, жөн гана кучакташып үн-сөз жок жүрөктөр сүйлөлөшүп турушту.10,15 мүнөттөй унчугушпай турдук.Мына ушинтип биздин мамилебиз үн-сөз жок өзү менен өзү башталып кетти.Акыры үйүнөн тынчсызданды көрүнөт.Акырын назик үнү менен мен кирейин деди.Бирок кучагымдан чыккысы келбегенин сезип турдум.Кыймылдап кетүүгө да камынган жок.
Макул деп араң жооп бердим,бирок экөөбүз тең козголбодук.
Акырыын шыбырап рахмат сага деди.
Эмнеге мага рахмат?
Баарына рахмат деп...жооп күтпөстөн чуркаган бойдон кирип кетти.
Арак ичип мас болгон адамдай темтеңдеп масмын.Таштак жолдордо чалыштап-палыштап өзүмчөле калкып учуп бараттым.Сүйүүгө мас болот деген ушундай экенда.Анын ыссык денесин,жагымдуу жытын,назиик бетинин табы дале денемден кетпеди.Кадимки мас адамдай нары-бери чайпалып эңди-деңги болуп үйгө бараттым.Жөн гана кучакташып, бетине бетимди тийгизип турганыма ушунча масын,өбүшүп, андан ары бир үй бүлөө болуп жашасам кандай болоор экен.Чыныгы ырахат ошондо болсо керек,азыркыдан да миң эсе ыраттансам керек деген кычлдар менен үйгө кирип бардым.Жеңем куттуктап быжырап сүйлөй баштаганынан кайфым таркап кетпесин деп эртерээк жатып алууну көздөп турдум.Жеңе рахмат,эртен уланталычы, чарчадым деп кирип кроватыма куладым.Чечнген да жокмун.Болуп жаткан окуяларым,ырахаттанып жаткан сезимдерим токтоп калбасын деп чечинбе эле дароо көздү жумуп өз дүйнөмө калкып,кыялданып, бүгүнкү өткөн күдү эстеп өзүмчө бактылуу болуп жата бердим......

#15 11 Апрель 2014 - 14:04
Таттуу кыялдарга чөмүлүп бир убакка чейин жаттым.Анымды баары сезгендей эч ким тоскоол болбоду.Бөлмөгө эч ким баш бакпады.Бирок,
баарыбир Таланттын үнү бактылуулук кыялдарымды бузду.
Эй турбайсыңбы тамак бышты чакырып атышат деп жулкулдатып ой боюма койбой сүдүрөп тамак ичкен үйгө жеткирип койду.Айла жок чогуу столдо отуруп тамактанып отурдук.Ушу азыр Гүлүмай экөөбүздү сөз кылышпаса экен деп ойлоп отурсам,жеңем баштады.Азаматсың Рустам.Сонун ырдайт турбайсыңбы. Бүтүндөй айылды дүңгүрөтүп сонун ырдадыңар,концерттен кийин элдин баары эле экөөңдү айтып бүтө алышпайт деп мактап кирди.Эжем да,Талан да кошулуп макташты.Бакыт агам аа түзүксүң сени ырдай алат деп ойлободум эле,кысталак деп коет.
Баары чай ичип чыгып кеткенден кийин жеңе,Гүлүмай жөнүндө сиз мага жардам берем дебедиңиз беле?
Ой өзүң эле менсиз катырып атпайсыңбы, баары сенин аркетиңде да.
Ошентсе да рахмат сизге,мени бул жака алып келгениңизге.
Жеңеме абдан ыраазы болуп жүрдүм.Кийин жеңемдин айтуусу боюнча жардам берем деп жөн гана айтып койгон экен.Өзү аракет кылып,кыйналып оңолоор деген үмүттө жүргөн экен,айткандай эле оңолуп баратам.Бирок, толук оңоло элекмин,мушташканымды токтото албай жатам.
Эртеси мектепке барсам баары эле ызылдашат,кечээки ырдаганыбызды сөз кылышып.Анан белек жөнүндө сөз болуп калды,менда эстеп кетип өзүбүздүн класска шкафка чуркадым.Жакшы белек ордунда экен.Классыбыздагы шкафга бекитип койгон болчум.Кечэ сүйүүгө мас болуп жүрүп такыр эсимден чыгарып коюпмун.Алдым да дароо "а" класска жөнөдүм.Сабак баштала элек экен.Кандайсыңар? деп кирип бардым,баары адаттагыдай эле ызылдап калышты.Гүлүмайды карасам менден көзүн алып качат,негедир башкача көз караш болуп калыптыр.Кечэки күнгө уялып жатат го сыягы.Бул кийимдериңди унутуп калыпсың ала кет э деп жанына коюп зуу качтым.Ал түшүнбөй эле кала берди.Мен чыгып баратканда агайы келип как раз сабактары башталды.Ошол бойдон аны көрбөдүм.Эртеси каридорго өтүп баратып акырын рахмат деп жылмайып койду.Мага ушул сөзү эле канчалык маанилүү болду.Албай койдубу деп жаман ойлоп жүргөм.
Элдер менен концерт жөнүндө көп талкуу кылсак,Гүлүмай экөөбүз эч ал күн жөнүндө сүйлөшө албадык.Мурункудай жанына да отура албай калдым,ал дагы мурункудай такылдап жаныма келбей калды.Биз жөн гана көздөр менен тиктешип жүрө бердик.Бирок, анын да мага болгон сезими ойгонгонун байкап жүрдүм.1-күнү сабакка келсек расписаниенин жаны өзүнчө эле ызы-чуу...барып карасам Гүлүмай экөөбүздүн сүрөттөрүбүз эң башында анан башкалар мактоо доскасына илинип калыптыр.Кубанганымды айтпа,ал да болсо мага күч кубат берди.Андан сайын тырышып жакшы окугум келди."А" класстын класскому Гүлүмай," б" класска мен шайландым.
Убакыт зуулдап март айы башталып,жаз келди.Ноорузда негедир концерт койбодук,аябай күтүп жүрдүм эле болбой калды.Шаардан ырчылар келишет экен ошолор концерт коюшту.Мейли. ..нооруз өттү,май айы башталды.Май ортолоп калганда мектеп боюнча тоого экскурсияга чыгабыз деп линейкада айткан.Ошол күндү канчалык күттүм.Ал күнгө чейин Гүлүмай экөөбүз жөн гана саламдашып жүрдүк.Элдин баары экөөбүздү эчак эле кыз-жигит кылып жабыштырып коюшкан.Бирок, биз бири-бирибизден тартынып,сүрдөп жүрүп эч жакындай албадык.
Экскурсия күнү тамактарыбызды, идиштерибизди сумкага салып алып таң атпай мектептен чогулуп,тоого карай бет алдык.Гүлүмайды издеп таппай калдым.Негедир маанайым түшүп менин тоого чыккым келбей шалдырап баратсам,Гүлүүм бол тез деп кыйкырып калышты карасам келатат.Өзүнө жарашыктуу спорт кийимин кийип алыптыр,бутуна ак кросовки...шым кийгенин биринчи жолу кордум.Спорт кийим сонун жарашат экен,алыстан суктанып койдум.Жанына келгенде байкадым,мен белекке берген жоолукту мойнуна ороп алыптыр.Көрүп алып аябай ичим жылыды.Колунда чоң-чоң эки сумка алып алган,аны көрүп аяп кеттим,алдын утурлай басып сумкасын колго алдым.Өзүмдүкү деле оор болчу.Элдин баары чыгып кетишкен,бир, эки кыз анан мен Гүлүм бешөөбүз калыппыз.
Тоого жарымына жетпей чарчап калдык,бир аз эс алып кайра өйдө карап жөнөдүк.Баары алдыга кетип калышты,алар күндө тоого уй айдап көнүп калышканбы же атайын бизге түшүнүп кетип калыштыбы билбейм,ээкөбүз эле калдык.Гүлүмай чарчап басалбай калды.Кел колуңду деп жетелеп,өйдө тартып жөнөдүм.Ал деле каршы болбоду.Тоонун башына чыкканча негедир экөөбүз сүйлөшпөдук. Мен да аны сүдүрөп жүрүп чарчадым.
Кел бир аз отуралычы.Чарчадыңбы?
Ооба,буттарым тартпай калды деп назданып эркелеп койду.
Карачы жаратылыш кандай кооз э?айыл өзүнчө кооз,тоо тарап өзүнчө кооз экен.Ушул жашка келип айыл,тоо деген нерселердин баркына эми жеткендей болдум.Эч билбепмин айылда ушундай кызыктуу жашоо болот экенин.Айылды жинимен жаман көрүп,жиркенет элем.Эми карачы айылдан кетким келбей калды.Жанымдагы перичи?ал ...ал дүйнөдөгү эң сулуу периште.Ички дүйнөсү кадимки наристедей таза,эч бир кири жок.Мунун ушундай баа жеткис таза жан дүйнөсүн сактап жүрө алат бекем.Мен ойлонуп отуруп дагы эле кыялданып кетем.Эстегендей, концерт тууралуу сүйлөшө кеттик.Мен аны мактап,ал мени мактап,бирок концерттен кийинки окуяларды сөз кылалбадык. Уялдык көрүнөт.Акырын ордубуздан туруп,кадимки кыз-жигиттей жетелешип алдык.Артымда асынмай сумка,бир колумда эки пакет,менин жүдөп баратканымды көрүп кел бирөөсүн берчи кыйналып кеттин окшойт деп мени аяп калган жерине абдан жүрөгүм жылып ыраазы болдум.Бул сөздөрү мага андан бетер күчтүү кылып.
Жок,жөн эле кой,жеңил эле деп койдум.
Тигилер ылдый булакка түшүп эчак эле жайгашып коюшуптур.Кээ бири экинчи наркы тоонун боорунда жүрүшөт,кээ бири бул жактагы тоонун боорундагы шаркыратмада жүрүшөт.Негизи бул күн эң өзгөчө күн,айрыкча кыз-жигиттер үчүн жакшы шанс,каалаганыңча сүйлөшөсүң. Классташтар жайгашкан жерге жетип,кыздар тамак даярдап,салаттарды жасап,даторкон жайната башташты.Бал болсо отун терип келип,очок куруп,от жагып баарын даярдап коюп оюнга кириштик.Ар ким өз класстары менен ар жерге жер тандап жайгашып алышкан.Адамдардын көптүгүнөн кызы-тазыл болуп тоонун да көркүнө көрк кошулуп турду.Ызылдап балдар-кыздар ойногон үндөр,бир жагынан суунун шаркыраган үнү,бир жагынан ар кандай чымчыктардын чыртылдап сайраганы... койчу деги сөз менен айтып бүткүс керемет эле.Бул кундөр бүтпөсө экен деп тиленемин.Элден өзгөчөлөнүп тээ жогоруга чыгып алып адатымча кыялданып,жаратылыштын кооздугуна суктанып бүтө албай жамбаштап жатам.Гүлүмайдын ар бир кадамын карап көздөрүм тойбой ичим-ичиме батпай бактылуумун. Бир сааттай жаттым,бирок эч бир жаратылышка суктанып тойчудай эмесмин.Тоонун таза эч бир өлкөдө жок таптаза абасынан кере-кере узуун дем алып ылдый классташтарымды көздөй жөнөдүм.Топ атышмай,ортого түшмөй,секирмей деги нелерди гана ойнободук.Бир убакта Талант келди,кулагыма акырын шыбырап сени чоң балдар чакырып атат деп жогору жакты 3 атчан балдарды көрсөттү.Дагы не болуп кетти экен?кыжаалатчылык менен жетип бардым.
Салам балдар!Кандайсыңар?
Эч кимси алек да алган жок.Бирөөсү аттан түшүп,мени жүрсөң сөз бар деп четке тартты.
Дароо биринчи суроосу.
Гүлүмай кимиң болот?
Кандайча кимиң болот? түшүнбөгөндөй кайра өзүнө суроо бердим.
Кызыңбы?сүйлөшөсүңөрбү?
Не дээримди билбей ооба дедим.
Канчадан бери сүйлөшөсүңөр?
Бир жыл болуп калды...алдап койдум.
Мм..жакшы,давай бара бер,ушуну менен сөз бүттү.
Классташтар жака барып ойнобой эле ар жактагы сууга барып,сууну тиктеп ойго чомүлүп кетиптим.Жаныма Гүлүмай келгенин да байкабай калыпмын.
Эмне болду?Маанайың суз?
Эч нерсе жөн гана сууну карап ойлонуп отурам.
Эмнелерди?
Эхх...жанымдагы сулууну?
Жаныңдагы сулуунун,сулуулугун эле ойлоп отурасыңбы?
Жок.Анын келечегин,өзүмдүн келечегимди да ойлоп отурам.
Мм...тиги балдар бир нерсе дедиби,сага катуу тийиштиби?өзүнчө тынсызданганын байкап турдум.
Жөн эле тамеки сурашты.
А сен чекпейсиң го?
Эми билип алышты,мындан ары сурабайт деп момент алдап койдум.
Ээхх...түнү-күнү уктабай күтүп жүргөн экскурсиябыз да бүтө баштады,канчалык кеткибиз келбесе да айла кеттик.Экөөбүз абдан бактылуу түгөйлөрдөй жетелиш,кубалашып бири-бирибизди кубалап,качып ошентип келдик.Айылга түшөөрдө кадимкидей күүгүм кирип калды.Аны үйүнө жеткирип,үйүнүн жанында бир аз турдук.Колдорум автоматтык түрдө кучактап алды.Ал да ошону күтүп тургандай,каршылык кылбады.Жөн гана башын көкүрөгүмө жөлөп,бир колун көкүрөгүмө коюп,экинчи колу менен кучактап алды.Мен чачына бетимди тийгизим жыттап коюп мас болуп турдум.Жүрөктөрүбүз кадимкидей дүкүлдөп согуп жатканын билип турдук.Мүмкүн жүрөктөр өз тилдери менен сүйлөшүп жаткандыр.Биз да ар кимибиз өз ойлорубуз менен алек болуп,ырахаттанып, үн-сөз жок сүйлөшпөй тура бердик.Ойлонуп отуруп бир убакта сени күндө эстеп сагынып атам деп зорго ичимден кайра-кайра кайталап жатып акырыын айттым.Эч жооп жок,унчукпайт. Өзүмчө кыжаалатандым. Жинди бекер эле айттым окшойт.Таарынып калат эми деп ойлонуп жатсам. Мен дагы деп назиик айтып,бир улунутуп катуу дем алып алып колу менен белимден бекем кысып койду.Жообун угуп алып ичимди бирөө от коюп жибергендей жалындап чыктым.Жүрөгүм эки,үч эсе катуу согуп мен да ырахаттана белинен катуу кучактап койдум.Башка темага өткүсү келдиби же ал да мага ырахаттанып кеттиби.
Назик үнү менен атырың сонун экен деди.
Сеники да өзгөчө экен.
Сөз бүттү,ушинтип биздин сүйүүбүз эч кандай кат жок,ортомчусу жок,мен сени жактырып калдым,сүйүп калдым,кыз-жигит болбойлубу? деген сөздөр жок эле,үнсүз,сөзсүз бири-бирибизди түшүнүшүп,жүрөктөр менен сүйлөшүп сүйүшүп калдык......

#16 11 Апрель 2014 - 15:28
Чынында балкиим болгон окуя болушу мумкун.Бирок ушунчаалык чын конулдон жазылганы тартып.Тээ оспурум чаакты элестетиип,
ошол кездееги таза тунук сезимдерди бир кайра жакшы элестетиип жылмаюууга туртку бере тургандай жазып жатасынар!
Азамат.
Улант эми.......
Улант эми.......
Билдирүүнү түзөткөн: bossmos7: 11 Апрель 2014 - 16:03
#17 11 Апрель 2014 - 16:00
Күндөр өтө берди.Мен нак айылдык бала болдум.Мурда эски кийимдерди кийгенден жийиркенип,
уялсам азыр көнүп калдым.Бутума өтүк кийип,жаман фуфайканы үстүмө кийип,кадимкидей ат минип,улак чаап айылдын жашоосуна толугу менен көдүм.Шаар жөнүндө эч ойлогум жок.Кез-кезде Мики досумду,Лилини эстеп койгонум болбосо айыл жакты мага.
Гүлүмайдын эжеси айткандай эле,аны концерттен ырдаганын көрүп жактырып баштаганыма бир жылга жакындап калыптыр.Бир жыл дегенде сүйүүмө жеттим.Ал убакта мен эмнелерди гана жасабадым,кандай гана өзгөрбөдүм. Желкемдин чуңкуру көрсүн деген айылга келип жашап калдым.Көзүмө тоокканадай көрүнгөн бул кичинеке өңү бозоргон мектепти сүйүп окуп калдым.Мал-жанды караганды үйрөндүм.Ат мингенди үйрөндүм.Бакыт агамдын жардамы менен трактор айдаганды да үйрөнуп алдым.Трактор менен жер айдаймын,чөп оромун,чөп жыямын.Кыскасы Гүлүмай үчүн мен баарын үйрөндум,баарына кайыл болуп көндүм.Мен айылда жашаганга толук даяр болдум.
Майдын 25и бизде дагы чоң майрам.Мектепте кимгедир акыркы коңгуроо,кимгедир 10,15,20 жылдык,иши кылса айылда чоң майрам.Адырга кыргыз үйлөр тигилип музыка коюлуп шаан-шөкөт болот.Биз үчүн да чоң майрам,экөөбүз жолугабыз.Өзү Гүлүмай айткан болчу.Мен үйдөкүлөрдүн ишеничинен чыгып,жаман көрүнгүм келбейт,ошон үчүн кечинде жолугушпай эле мектептен же ушундай майрамдан көрүшүп турганыбыз жакшы,кечинде жолугушчу күндөр да келер деген болчу.Ошондуктан айылдын ар бир майрамын мен чыдамсыздык менен күтөөр элем.
Шаан-шөкөт болгон жака барып Гүлүмайды издеп жүрөм,эч таппаймын кыдырып издеп жүрсөм өзү мени көрүп таап келип калды.Артымдан бирөө эки колу менен көзүмдү жума калды.Жүрөгүм мындайды дароо сезет да,колдору да тааныш назиик,жумшак. Үнүн өзгөртүп мен киммин деп коет..
Сен бир эч кимге окшобогон периштесин. ..
Экөөбүз жөн гана саламдашып, жүр четираак чыгып отуралы деп дөбөчөгө талдын көлөкөсүнө отура кеттик.
Бул күнү үч уктасам түшүмө кирбеген жаңылык уктум.
Экөөбүз негизи жолуккан жерде эч көпкө сүйлөшчү эмесмин,унчукпай кучакташып, бири-бирибиздин жытыбызга ырахаттанып, сүйүүгө мас болуп тура бергенди адат кылып алганбыз.А бул ирет көпкө сүйлөшүп отурдук.Мен Мики досум жөнүндө,Лили жөнүндө айтып бердим.Сөздөн сөз чыгып отуруп ошол менин досум Лили,Гүлүмкан болуп чыга келди.Мына сага тагдырдын тамашасы.Ушундай болот деп эч ойлогон эмесмин.Көрсө аяш атам биздин айылдан болот экен,эч бир маани берип сураштырбапмын. Кичинекейинде башкача кыз болчу,азыр таптакыр башкача.Эжеси да ушунчалык өзгөргөн.Айыл адамды ушунчалык өзгөртөбү? Бирок,чын эле.Мен деле жакында Ошко барып Мики досума жолукканда. .. эй башка эле адам болуп калыпсың го,сени көрүп кызыктай болуп атам деген болчу.Мен бир жылда ошончо өзгөрсөм анда булар 3,4жылда албетте өзгөрдү да.
Гүлүмай бул өз аты экен,тагыраагы документтеги аты.Шаарда апасы эркелетип Лилия,Лили деп коюшчу экен.Биз да ошол атын угуп Лили боюнча элесибизде кала бериптир да.Гүлүмай таң калып сурап калды, ошондо сен Лилини жакшы көрөсүңбү же Гүлүмайдыбы деп мени жарга такап өзгөчө суроо берди.
Ойлонуп отуруп эгер сен Лилиге окшоштурбасам сүйбөсөм керек эле дедим.
Мына ушинтип кубанычыма эки эсе кубаныч кошулду,мен тагыраагы биз абдан бактылуу болуп жүрдүк.Айылдын баары билет,биз экөөбүз сүйлөшкөнүбүздү.
Убакыт зымырап өтүп,биз бир гана майрам сайын жолугуп жүрдүк.Ошентип биз бой жетип 10-классты бүтөюн деп калдык.Ал арада атамдар жакшы иштеп иши жүрүшүп Бишкектен заңгыраган 3 кабаттуу үй алышыптыр.Мага ал анчалык деле кубаныч тартуулабады. Планда жок жаңылык айтышты.Бишкеке көчүп кетебиз,сен да кетесиң дешти.
Сен бизди унутуп койдуң,ата-энең менен да чогуу жашачы деп наалып калышты.
Кызык элесиңер да убагында айылга кубалап жүрдүңөр эле го.
Биздин үйдө талаш-тартыш, уруш-жаңжал болуп,акыры айла жок көндүм.Не болсо дагы ата-энем да,алар эмне десе ошол болот.Гүлүмай экөөбүз ыйлап-сыктап коштошуп биз көчүп кете турган болдум.
Анын токтоно албай буулугуп ыйлаганы дале көз алдымда.Сенсиз мен кантип жашайм?Ушинтип таштап кетип каласыңбы?Анда эмнеге мунун баарын баштадык эле?Көзүнөн жашы токтобой ыйлады.Ал ыйласа жанында адам туралгыс абалда эле.Өзүм да билгизбегеним менен көзүм жылтырап жаш айланды.
Ыйлаба!келем дедим аны сооротуп.Атамдарды жайгаштырып коюп келем.Сен жакшы окуп жүргүн,макулбу? Эркем менин.....
Ал күнү зорго коштошуп мен мойнунан байлаган иттей Борборго жөнөп кеттик.....

#18 11 Апрель 2014 - 16:48
молодец! кеебир адамдар суйуу учун озун таштап жаман жолго тушуп кетсе, кеебир адамдар сага окшоп жокшы жолго бурулат. Эч токтообостон жаза бер, кызыгуу менен окуп жатабыз!
келечек алдыда
#19 11 Апрель 2014 - 17:08
Ашыкча билдирүүлөр өчүрүлдү.
Флуддабаңыздар!
Флуддабаңыздар!
В каждой шутке есть доля правды...
#20 11 Апрель 2014 - 18:14
Аябай эле соонун чыгарма экен. Жылмаюу менен окуп чыктым, уланта бер автор.