Куран керемети. ...
#21 14 Апрель 2014 - 00:37
.
Мактоолор (хамд) асмандарды жана жерди жараткан, караңгылыктарды жана жарыкты (нурду) жасаган Аллахка тиешелүү... (Энъам Сүрөсү, 1)
.
Белгилүү болгондой, айланада жарык булагы болбосо, бир адамдын айланасындагыларды куралсыз көз менен көрүшү мүмкүн болбойт. Бирок биз көрө алган нур – нур таркатуучу энергиянын абдан кичинекей бир бөлүгү гана. Адам көрө албаган, бирок нур чыгарган башка энергия түрлөрү да бар: инфра-кызыл, ультра-кырмызы, Х нурлары жана радио толкундар сыяктуу. Жана адам нурдун бул толкун узундуктары алдында сокур абалында.
Куранда «караңгылык» сөзүнүн дайыма «караңгылыктар» деп айтылышы да бул тараптан маанилүү. Арап тилинде «зулумат» деп айтылган «караңгылыктар» сөзү Куранда 23 аятта көптүк түрдө колдонулган. Жекелик түрдө болсо эч колдонулган эмес. Куранда караңгылык сөзүнүн мындай колдонулушу биз көрө алган жарык толкуну узундуктарынан башка дагы нур түрлөрүнүн болушу мүмкүн экенине көңүл бурууда.
Бул жердеги көптүк түрдө айтылышынын себебин илимпоздор жакында гана аныкташты. Толкун узундуктары – бул электромагниттик радиация катары таанылган энергиянын ар кандай түрлөрү. Электромагниттик радиациянын бардык ар кандай түрлөрү космосто энергия толкундары абалында кыймылдашат. Муну бир көлгө ыргытылган таштар пайда кылган толкундарга окшоштурууга болот. Жана бул көлдөгү толкундар ар башка чоңдуктарда болгон сыяктуу эле, электромагниттик радиациянын да ар түрдүү толкун чоңдуктары (узундуктары) бар.
Ааламдагы жылдыздын жана башка нур булуктарынын баары бир түрдүү нур чыгарышпайт. Мындай ар башка нурлар толкун узундуктарына карап класстарга бөлүнөт. Ар башка толкун узундуктары түзгөн кеңдик болсо абдан чоң. Эң кичинекей толкун узундугуна ээ болгон гамма нурлары менен эң чоң толкун узундугуна ээ болгон радио толкундар арасында 1025'тик (миллиард жолу миллиард жолу миллиарддык) бир айырма бар. Күн өзүнөн чыгарган нурлардын баарына жакыны бул 1025'тик кеңдиктин жалгыз бир бирдигине батырылган.
Бул сандын чоңдугун жакшыраак түшүнүү үчүн мындай бир салыштыруу жасоого болот. Эгер 1025 санын санагыбыз келгенде, күнү-түнү эч токтобостон санап, бул жумушту жердин жашынан 100 миллион эсе узун бир убакыт бою улантышыбыз керек болмок. Ааламдагы ар түрдүү толкун узундуктары мына ушунчалык кеңири бир кеңдикте таркаган. Күндөн чыккан толкун узундуктарынын болсо 70%ы 0,3 микрон менен 1,5 микрон арасындагы кеңдиктин ичинде. Бул интервалда үч түрдүү нур бар: көзгө көрүнгөн нур, жакын инфра-кызыл нурлар жана жакын ульра-кырмызы нурлар. «Көзгө көрүнүүчү нур» деп аталган бул нурлар электромагниттик кеңдиктин 1025'тен бирден да аз бир аралыкта болгонуна карабастан, жалпы күн нурларынын 41%ын түзөт.
Байкалгандай, көздөрүбүз көрө алган электромагниттик толкундар жарык спектринин абдан кичинекей бир бөлүгүн гана түзөт. Калган бөлүгү болсо адам үчүн кеңири масштабдуу караңгылык дегенди билдирет жана бул интервалдан (аралыктан) тышкаркы толкун узундуктары болсо адам сокур болгон (эч нерсе көрбөгөн) аймактар.
#22 14 Апрель 2014 - 00:39
.
Аллах – асмандардын жана жердин Нуру. Анын нурунун мисалы, чырак турган бир текче сыяктуу. Чырак – шишенин ичинде, шише болсо кудум эле каухар жылдызы. Ал (чырак) чыгышта да эмес, батышта да эмес (ар дайым нур тийип турган) берекеттүү зайтун дарагы(нын майы) менен жагылат. Анын майы (тунуктугунан улам) от тийбесе деле нур тараткандай болот. (Ал) Нур үстүнө нур (чачат). Аллах каалаган пендесин Өз Нуруна багыттайт. Аллах адамдарга (ушундай) мисалдарды келтирет. Аллахбүтнерсени Билүүчү. (Нур Сүрөсү, 35)
Нур Сүрөсүнүн бул аятында жарык чыгаруучу бир нерсе жөнүндө сөз болууда. Нур чыгарган нерсе болсо бир жылдызга окшотулууда. Аятта жылдызга окшотулган нур чыгаруучу нерсенин отунунун (энергиясынын) чыгышка да, батышка да тиешелүү болбошу болсо бул нерсенин физикалык чен-өлчөмдө эмес экенине бир ишарат болушу мүмкүн. Отун булагы энергия сыпатында деп ойлосок, анда аятта сүрөттөлгөн отундун электр энергиясына, жарык берүүчү нерсенин болсо электрдик чыракка ишарат кылып жаткан болушу ыктымал.
Электрдик чырак аяттагы сүрөттөөлөргө абдан туура келген, айнек ичинде, жылдыз сыяктуу жаркыраган жана нур чачуучу бир нерсе. Электрдик чырак шам чырак, газ чырагына окшогон жарык берүүчүлөр сыяктуу май менен жанбайт жана электрдик чыракта аяттагы сүрөттөөлөргө төп келген абалда, жалынсыз бир күйүү ишке ашат. Чырактын ичиндеги ысыкка чыдамкай вольфрам зымынын атомдору арасындагы титирешүү натыйжасында 2000 0C'ден жогорку бир температура пайда болот. Башка металлдарды ээритип жиберүүчү бул температура ушунчалык жогору болгондуктан, көзгө көрүнө тургандай күчтүү бир нурдун пайда болушуна себеп болот. Бирок мындай жогорку температурага карабастан, чырактын ичинде кычкылтек жок болгондуктан, аяттагы сүрөттөөлөргө туура келген абалда күйүү ишке ашпайт. Мындан тышкары, чырактын ортосунда жаркыраган зым да жаркыраган бир жылдыздын алыстан көрүнүшүнө абдан окшошууда.
Электрдик токтун дүйнө тарыхынын эң улуу ачылыштарынын бири экенин, дүйнөнүн дээрлик бүт тарабынын электрдик энергия менен иштеген чырактар менен жарык кылынганын эске алсак, аят ушул маанилүү ачылышка ишарат кылып жатат деп ойлоого болот. (Эң туурасын Аллах билет.)
Бул жөнүндөгү дагы бир түшүндүрмө катары жылдыздардагы ядролук реакциялар натыйжасында пайда болгон нурду ойлоого болот. Жылдыздар – бул ядролук реакциялардан келип чыккан абдан чоң санда температура, нур чыгаруучу, абдан ысык, жаркыраган, айлануучу газ массалары. Жаңы пайда болгон ири жылдыздар көбүнчө өздөрүнүн тартылуу күчтөрү натыйжасында кысылып башташат. Мунун натыйжасында борборлорунун тыгыздыгы чоңураак жана температурасы жогорураак болот. Жылдыздын борборундагы заттын температурасы жетиштүү деңгээлге көтөрүлгөндө (эң аз 10 миллион oC болгондо) болсо, ядролук реакциялар башталат. Бир жылдыздын ичинде ишке ашкан кубулуш – бул суутектин ири бир энергия менен (биригүү менен) гелийге айланышы. Жылдыздарда массанын чоңдугунан келип чыккан тартылуу күчү 4 суутек атомун 1 гелий атомун түзө турган абалда аралаштырат. Бул учурда сыртка чыккан энергия массанын бетинен нур жана температура абалында сыртка таркайт. Суутек түгөнгөндө, жылдызда ушул сыяктуу андан да оорураак элементтерди пайда кылуу үчүн гелий күйүүсүн (биригүүнү (fusion)) улантат. Мындай реакциялар жылдыздын массасы түгөнгөнгө чейин уланат.
Бирок жылдыздардагы реакцияларда кычкылтек колдонулбагандыктан, күйүп жаткан отундагы сыяктуу кадимки бир күйүү ишке ашпайт. Жылдыздарда ири жалындар абалында көрүнгөн күйүү кубулушу да чынында күйүүдөн келип чыкпайт. Аятта да ушундай бир күйүү кубулушуна ишарат кылынууда. Мындан тышкары, аятта бир жылдыз, анын отуну жана жалынсыз бир күйүшү, т.а. реакциясы, жөнүндө сөз болуп жатат деп ойлосок, анда аят жылдыздардагы нурдун пайда болушуна жана күйүү абалына ишарат кылууда деп ойлоого болот. (Эң туурасын Аллах билет.)
#23 14 Апрель 2014 - 00:40
.
Булуттардын салмагы абдан таң калыштуу чоңдуктарга жетет. Мисалы, топтолгон жамгыр булуту (cumulonimbus) түрүндөгү бороон булутунда 300 000 тонна массага жеткен көлөмдө суу чогулат.
Асманда 300 000 тонналык бир масса тура ала турган бир системанын «курулган» болушу – албетте, таң калыштуу көрүнүш. Курандын кээ бир аяттарында булуттардын салмагына мындайча көңүл бурулууда:
Ырайымынын алдынан шамалдарды бир сүйүнчү катары Ал жөнөтөт. Булар оор булуттарды жогору көтөрүшкөндө, аларды (кургакчылыктан) өлгөн бир шаарга айдайбыз жана муну менен ал жерге суу түшүрөбүз, ушундайча бүт түшүмдөрдөн чыгарабыз... (Аьраф Сүрөсү, 57)
Ал – силерге чагылганды коркуу жана үмүт катары көрсөткөн, (жамгыр көтөргөн) салмактуу булуттарды (жасап) пайда кылган (Зат). (Рад Сүрөсү, 12)
Албетте, Куран түшүрүлгөн доордо адамдардын булуттардын салмагы жөнүндө мындай маалыматка ээ болушу мүмкүн эмес эле. Куран аяттарында көңүл бурулган жана жакынкы өтмүштө аныкталган бул маалымат Курандын Аллахтын сөзү экендигинин далилдеринин дагы бирөөсү.
#24 14 Апрель 2014 - 00:42
.
Куранда жамгыр жөнүндө берилген дагы бир маалымат – бул жамгырдын белгилүү бир өлчөм менен жаадырылышы. Зухруф Сүрөсүндө мындайча буюрулат:
Ал белгилүү бир өлчөм менен асмандан суу түшүрүп, аны менен өлүк бир өлкөнү «тирилтти (жана бүт тарабына жашоо) таратты»; силер да ушундай (кабырларыңардан тирилтилип) чыгарыласыңар. (Зухруф Сүрөсү, 11)
.
Жамгырдагы мындай өлчөм да доорубуздагы изилдөөлөр натыйжасында аныкталган. Эсептөөлөр боюнча, жердин бетинен секундасына 16 миллион тонна суу бууланууда. Бир жылда бул 505 триллион тоннага жетет. Бул ошол эле учурда бир жылда жерге жааган жамгыр көлөмү. Б.а. суу дайыма бир тең салмактуулук ичинде «бир өлчөм менен» айланып турат. Жер бетиндеги жашоонун уланышы да ушундай суунун айланышы урматында камсыз болот. Адам ээ болгон бардык технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн колдонсо да, мындай айланууну жасалма жол менен эч качан ишке ашыра албайт.
Эгер бул өлчөмдө кичинекей эле бир өзгөрүү болсо, кыска убакыт ичинде чоң бир экологиялык тең салмаксыздык пайда болот жана бул болсо жерде жашоонун токтошуна себеп болот. Бирок эч качан мындай болбойт; жамгыр, Куранда билдирилгендей, жер бетине жыл сайын бирдей өлчөмдө түшүүсүн улантат.
Жамгырдагы өлчөм бир гана көлөмүндө эмес, ошол эле учурда жамгыр тамчыларынын түшүү ылдамдыгында да бар. Жамгыр тамчысы канчалык чоң болбосун, жер бетине түшүү ылдамдыгы белгилүү бир чектен (лимиттен) ашпайт.
Нобель сыйлыгынын ээси немец физик Филипп Ленард (Philipp Lenard) изилдөөлөрү натыйжасында жамгыр тамчыларынын көлөмү чоңойгон сайын түшүү ылдамдыгынын өсөөрүн аныктаган. Бирок түшүү ылдамдыгындагы мындай өсүү жамгыр тамчысынын көлөмү 4,5 мм болгонго чейин уланган. Андан чоң жамгыр тамчыларынын болсо түшүү ылдамдыктары секундасына 8 метрден ашкан эмес. Мунун себеби тамчылардын түшүп бараткандагы калыбы менен байланыштуу. Жамгыр тамчыларынын мындай өзгөчө формасы атмосферанын сүрүлүү таасирин жогорулатат жана тамчылардын белгилүү бир ылдамдык чегинен ашышынын алдын алат.
Байкалгандай, Куранда жамгырдын түшүшү жөнүндө 1400 жыл мурда билиниши мүмкүн болбогон назик бир жөнгө салууга көңүл бурулууда.
#25 14 Апрель 2014 - 00:43
.
Жамгырдын кандайча пайда болоору көп убактан бери адамдар үчүн бир сыр эле. Бирок аба радарлары ойлоп табылган соң жамгырдын кайсы баскычтардан өтүп, пайда болоору так аныкталды. Бул жыйынтыктар боюнча, жамгыр үч баскычтан пайда болот: алгач шамал аркылуу жамгырдын «чийки заты» асманга көтөрүлөт. Андан соң булуттар жана эң аягында жамгыр тамчылары пайда болот.
Куранда жамгырдын пайда болушу жөнүндө толугу менен ушул процесстер айтылган. Бир аятта бул пайда болуу жөнүндө мындай бир маалымат берилет:
.
Аллах шамалдарды жөнөтөт, ошентип бир булутту көтөрөт да, аны кандай кааласа асманда жайып-таркатат жана аны бөлүк бөлүк кылат; анан анын арасынан жамгырдын агып чыкканын көрөсүң. Кийин Өз пенделеринен каалаганына берээр замат (алар) кубанып калышат. (Рум Сүрөсү, 48)
.
Эми аятта айтылган үч баскычты илимий анализ кылалы:
.
1-БАСКЫЧ: «Аллах шамалдарды жөнөтөт...»
Океандардагы көбүктөнүү менен пайда болгон сансыз аба көбүкчөлөрү тынымсыз пайда болуп турат жана майда суу тамчылары тынымсыз асманга чачылып турат. Тузга бай болгон бул майда тамчылар шамалдар менен учуп, атмосферада жогору көздөй жол алышат. Аэрозоль деп аталган бул кичинекей бөлүкчөлөр «суу тузагы» деп аталган бир механизм аркылуу океандардан көтөрүлгөн суу буусун өз чөйрөсүнө кичинекей тамчылар абалында топтоп булут тамчыларын пайда кылышат.
.
2-БАСКЫЧ: «... ошентип бир булутту көтөрөт да, аны кандай кааласа асманда жайып-таркатат жана аны бөлүк бөлүк кылат...»
Туз кристаллдарынын же абадагы майда чаңдардын айланасында чогулган суу буусу менен булуттар пайда болот. Булардын ичиндеги суу тамчылары абдан кичинекей болгондуктан (0,01-0,02 мм чоңдукта) абада учуп жүрө берет жана асманга таркашат. Натыйжада асман булуттар менен капталат.
.
3-БАСКЫЧ: «... анан анын арасынан жамгырдын агып чыкканын көрөсүң.»
Туз кристаллдарынын жана майда чаңдардын айланасында чогулган суу бөлүкчөлөрү жакшылап чогулушуп, жамгыр тамчыларын түзүшөт. Натыйжада абадан салмагы оорураак болуп калган тамчылар булуттан бөлүнүп жамгыр болуп, жерге түшүп башташат.
Байкалгандай, жамгырдын пайда болушунун ар бир баскычы Куран аяттарында билдирилүүдө. Болгондо да бул баскычтар туура катарга коюлуп, баяндалган. Жердеги бир катар табигый окуядагы сыяктуу, бул жерде да Аллах эң туура түшүндүрмөнү жасоодо, болгондо да бул түшүндүрмөнү илим тарабынан ачылаардан кылымдар мурда Куран аркылуу адамдарга билдирүүдө.
Жамгырдын пайда болушу жөнүндөгү башка бир аятта төмөнкү маалыматттар берилүүдө:
.
Аллахтын булуттарды айдап жатканын, кийин араларын бириктирип, андан соң аларды кабат кабат кылып жыйып жатканын көргөн жоксуңбу; ошентип жамгырдын булардын арасынан агып-чыкканын көрөсүң. Асмандан ичинде мөндүрү бар тоолор (сыяктуу булуттар) түшүрүп, аны каалаганына туш кылат, (жана) каалаганынан аны кайтарат (тосот); чагылганынын жаркыраганы көздөрдү алып көр кылчудай болот. (Нур Сүрөсү, 43)
.
Булут түрлөрүн изилдеген илимпоздор жамгырдын пайда болушу жөнүндө таң калыштуу жыйынтыктарды алышкан. Жамгыр булуттары белгилүү бир система жана баскычтар менен пайда болуп, калыптанууда. Жамгыр булуттарынын бири болгон кумулонимбус (cumulonimbus) түрүндөгү булуттардын пайда болуу баскычтары илимде төмөнкүдөй:
.
1-БАСКЫЧ, айдалуу:Булуттар шамалдар тарабынан турган жеринен түртүлүшөт, б.а. айдалышат.
.
2-БАСКЫЧ, биригүү:Шамал тарабынан түртүлгөн бул кичинекей булуттар (кумулонимбус) айдалган жерде биригип, жаңы чоң булуттарды пайда кылышат.
.
3-БАСКЫЧ, чогулуу:Кичинекей булуттар бириккен соң чоң булуттун ичиндеги жогору көздөй тартуу күчү жогорулайт. Булуттун борборундагы жогору тартуу күчү четтериндеги тартуу күчүнөн күчтүүрөөк. Мындай жогору тартуулар булуттун формасынын вертикалдуу чоңойушуна себеп болот. Натыйжада булуттар жогору көздөй кеңейишип, үстү-үстүнө жыйналышат. Бул тигинен чоңойгон булуттун формасынын атмосферанын салкыныраак тараптарын көздөй чоюлушуна себеп болот. Мына ошондо атмосферанын салкын аймактарында булутта суу жана мөндүр тамчылары чоңойуп баштайт.
Бул баскычтардын натыйжасында суу жана мөндүр тамчылары, жогору тартуу күчү аларды кармай албай турганчалык, оордогондо булуттардан жамгыр, мөндүр ж.б. абалында түшүп башташат.
Бир нерсени унутпаш керек, метеорологдор булуттун пайда болушу, түзүлүшү жана функциясы жөнүндөгү детальдарды өнүккөн технологиялык каражаттарды (учак, спутник, компьютер ж.б.) колдонуу менен, жакынкы убакта гана аныктай алышты. Демек, Аллах бул аяттарында да бизге 1400 жыл мурда билиниши мүмкүн болбогон бир маалыматты берген.
#27 24 Апрель 2014 - 09:53
Пы. Сы. Акимдер очурбошун суранам, анткени туура, так тушунуу учун ссылканы берууго туура келди.
#28 24 Апрель 2014 - 17:14
#29 29 Январь 2015 - 08:47
АЛЛАХ ТААЛАМДЫН кереметтуу Куран суроолорнун кыргызча окулушу:
«Аль- ‘Аср» Суроосу
Бисмил-ляяхиррахмаани ррахиим.
Валь-‘аср. Инналь-инсээнэ ляфии хуср. Иллял-ляз ийнэ ээмэну ва ‘амилю ссаалихаатива таваасав билль-хаккы ва таваасав бис-сабр.
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 29 Январь 2015 - 08:47
#30 29 Январь 2015 - 08:49
- Бисмил- ляяхи ррахмаани ррахиим.
- Аль-хамду лил-ляяхи раббиль-‘аалямиин.
- Ар-рахмаани ррахиим.
- Мяялики яумид-диин.
- Ийяякя на’буду ва ийяякя наста’иин.
- Ихдина ссырааталь- мустакыим.
- Сыраатол- лязийна ан’амта ‘аляйхим, гайриль-магдууби ‘аляйхим ва ляд-дооллиин. Амин2 .
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 29 Январь 2015 - 08:49
#31 29 Январь 2015 - 08:51
«Аль- Ихляс» суроосу
Бисмил-ляяхи ррахмаани ррахиим.
Куль хува ллаху ахад. Аллааху ссомад. Лям ялид ва лям юуляд. Ва лям йакул-ляху куфуван ахад.
#32 29 Январь 2015 - 08:52
Аят «Аль-Курси»
Бисмил-ляяхи ррахмаани ррахиим.
Аллаху ляя иляяхэ илляя хуваль-хайюль- кайюум, ляя та — хузуху синатув-валяя навм, ляхумаафис- самааваати вамаафиль-ард, мэн зал-ляз ии яшфя‘у ‘индаху илляя би изних, я‘ляму маа бэйнэ айдиихим ва маа хальфахум ва ляя юхиитуунэ би шэйим-мин ‘ильмихи илля би маа шаа‘а, васи‘а курсийюху ссамаавати валь-ард, ва ляя яудуху хифзухумаа ва хуваль- ‘алийюль-‘азыим.
#33 29 Январь 2015 - 08:54
«Аль- Хумаза» суроосу
Бисмил-ляяхи ррахмаани ррахиим.
Вайлюль- ликулли хумазатиль- люмаза. Аллязи джама’а мээлэв- ва ‘аддадахь. Яхсэбу аннэ мааляхуу ахлядэхь. Кялляя, ляюмбэзэннэ филь-хутома. Ва маа адраакя маль-хутома. Наарул-лаахиль- муукада. Аллятии таттоли’у ‘аляль-аф’идэ. Иннэхээ ‘аляйхим му’содэ. Фии ‘амадим-мумаддэдэ.
#34 29 Январь 2015 - 08:55
«Аль- Филь» суроосу
Бисмил-ляяхи ррахмаани ррахиим.
Алям тара кяйфа фа’аля раббука би асхаабиль-фииль. Алям ядж’аль кяйдахум фии тадлииль. Ва арсаля ‘аляйхим тайран абаабииль. Тармиихим бихиджаратим- мин сиджииль. Фа джа’аляхум кя’асфим-ма’кууль.
#35 29 Январь 2015 - 09:05
Бисмил-ляяхи ррахмаани ррахиим.
Ли ииляяфи курайш. Ииляяфихим рихлятэш-шитээи вас-сойф. Фаль я’будуу раба хаазэль- бяйт. Аллязии ат’амахум мин джу’ийув- ва ээманахум мин хаувф.
«Аль- Ма’ун» суроосу
Бисмил-ляяхи ррахмаани ррахиим.
Ара эйтэ ллязии-йука ззибубиддиин. Фазэликэ- ллязиийэ- ду’уль-ятиим. Уа ляя йахудду ’аляя та’амиль-мискиин. Фауайлюллиль- мусаллиин. Аллязиина- хум ’ан алятихим саахуун. Аллязиина- хум йураауун. Уа-йамна’ууналь- ма’уун.
«Аль- Кяусар1» суроосу
Бисмил-ляяхи ррахмаани ррахиим.
Иннаа а’атайнакяль- кяусар. Фасалли лираббикя ванхар. Инна шааниэкя хуваль-абтар.
«Аль- Кяфирун» суроосу
Бисмил-ляяхи ррахмаани ррахиим.
Куль йа аййухаль-кяяфируун. Ляя а’буду маа та’будуун. Ва ляя антум ‘абидууна маа а’буд. Ва ляя ана ‘аабидум-маа ‘абадтум. Ва ляя антум ‘аабидуна маа а’буд. Лякум диинукум ва лия дин.
«Ан-Наср»
Бисмил-ляяхи ррахмаани ррахиим.
Иза джаа анасру ллахи ва ль-фатх. Ва ра эйта ннааса йадхулюна фии дии нилляхи афвуаджа. Фа саббих бихамди раббика вастагфирьх, иннаху кяяна тауввааба.
«Аль- Масад» суроосу
Бисмил-ляяхи ррахмаани ррахиим.
Таббат йадаа Аби ляхабиу ва табб. Маа агна ‘анху маалюху ва маа кясаб. Сайасля нааран заата ляхаб. Вамра атуху хаммаа лята-ль-хатаб. Фии джидиха хаблюм мим масад.
«Аль- Фаляк» суроосу
Бисмил-ляяхи ррахмаани ррахиим.
Куль а’узу би раббиль-фаляк. Мин шарри маа халяк. Ва мин шарри гасикын изээ вакаб. Ва мин шарри ннаффаасаати филь-‘укад. Ва мин шарри хаасидин изээ хасад.
«Ан-Нас» суроосу
Бисмил-ляяхи ррахмаани ррахиим.
Куль а’узу би рабби н-наас. Мааликин-наас. Иляяхи н-наас. Мин шариль-васваасиль- ханнаас. Аллязи йувасвису фии судуурин-наас. Миналь-джиннати ван-нас.
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 29 Январь 2015 - 09:07
#36 29 Январь 2015 - 09:08
Бисмиллахир- рохмаанир-рахиим!
1. Йаа сиин.
2. Вал Кураанил хакиими:
3. Иннака ламинал мурсалиина
4. ьалаа сыротим мустакиим.
5. Таңзиилал азиизир-рахиим
6. Литуңңзира каумам маа уңзира аабааухум фа-хум гофилуун
7. Лакод хаккол каулу ъалаа ак-сарихим фа-хум лаа йу-минуун.
8. Иннаа жаъалнаа фи аънаакихим аглаалан фа-хийа илаал азкони фа-хум мукмахуун.
9. Ва жаъалнаа мим байни айдиихим саддав-ва мин халфихим саддан, фа-агшайнаахумфа- хум лаа йубсируун.
10. Ва савааун ьалайхим а-аңзартахум ## лам тунзирухум лаа йуминуун.
11. Иннамаа туңзиру ман иттабъаз-зикра ва хашиар-рохмаана бил-гойби фа-башширхуби магфиратив- ва ажрин кариим.
12. Иннаа нахну нухиил-маутаа ва нактубу маа каддамуу ва аасаарахум ва куллашай-ин ахсайнааху фии имаамин мубиин.
13. Вадриб лахум масалан асхааба-л-корйати из жаа ахал-мурсалуун.
14. Из арсалнаа илайхимус-снайни фа-казза буухумаа фа-ъаззазнаа би-саалисинфа- колуу иннаа илайкум мурсалуун.
15. Колуу маа аңтум илаа башарум мислуна ва маа аңзалнар-Рахмаану мин шай-ин инкунтум иллаа такзибуун.
16. Колуу Роббуна йаъламуу иннаа илайкум ла-мурсалуун.
17. Ва маа ъалайнаа иллал балаагул мубиин.
18. Колуу иннаа тотаййарнаа бикум лаил-лам таңтахуу ла-наржуманнакум вала-йамассаннакум миннаа ъазаабун алиим.
19. Колуу тооирукум маъакум а-ин зуккиртум бал аңтум коумум-мусрифуун.
20. Ва жаа-а мин ак-сол мадиинати ражулуй-йасъаа кола йаа коумит-табиъулмурсалиин.
21. Иттабиъуу мал-лаа йасъалукум ажрав-ва хум мухтадуун.
22. Ва маа лия лаа аъбудуул-лазий фаторони ва ва илайхи туржаъуун.
23. А-аттахизу мин дуунихи аалихатан ий-йуриднир- Рахмаану би зуррил-лаа тугниъаннии шафаъатухум шайъав-ва лаа йуңкизуун.
24. Инни изал-лафии долаалим мубиин.
25. Инни ааманту би-роббикум фасмаъуун.
26. Кыйлад-хулил жанната, кола йаа лайта кауми йаъламууна.
27. Би маа гофаралии Робби ва жаъалании мин ал-мукрамиин.
#37 29 Январь 2015 - 09:17
Форумдагы илимдуу мусулман колдонуучулар текшерип, тууралап жазып коёсуздар деген умуттомун.
Ассаляму алейкум уа рахматуллахи уа баракатух!
#38 29 Январь 2015 - 10:05
Жараткан Кудуретин адам баласына тартуулаган эн баалуу белектеринин бири - бул ыйык Куран.
#39 29 Январь 2015 - 10:18
#40 29 Январь 2015 - 10:30