Билдирүүнү түзөткөн: Saiha.84: 24 Апрель 2014 - 12:02
Кошок айтуу кошок айтуу
#41 24 Апрель 2014 - 11:55
#42 24 Апрель 2014 - 12:00
#43 24 Апрель 2014 - 12:45
2-3 күн өткөндө мамама айттым. Ошондо сурадым "Мама, кантип элдер кыйкырып ыйлайт? Мен ыйлай албайм антип" десем, "Жаныңа күч келип, жакыныңды жоготсоң ыйлайсың" деген.
Аны угуп өзүмдү андан бетер жаман көргөм...
Билдирүүнү түзөткөн: Umka220190: 24 Апрель 2014 - 12:46
#44 24 Апрель 2014 - 16:31
Азыркылар болсо чын эле жакын адамын болсо да болуп калат моменттер коздон жаш чыкпай калат, жерге кирип кетейин десен жер да катуу, анан бироо бирдемке деп, же бир проблема болсо козундун жашы токтобойт да. ..анан кошок айтуу каяктан.
Бирок чынында кошокту катыра айткандар бар чыкпаган козундон жаш чыгып кетет го...
Билдирүүнү түзөткөн: Pantherka: 24 Апрель 2014 - 16:40
#45 25 Апрель 2014 - 02:08
Кошок кошулбаса, наркы жок олум болду деп кеп кылышат.
#46 25 Апрель 2014 - 08:20
#47 25 Апрель 2014 - 09:23
#48 25 Апрель 2014 - 09:29
#49 25 Апрель 2014 - 11:12
#50 25 Апрель 2014 - 11:19
#51 25 Апрель 2014 - 14:21
Кошок бул ошол адам ким эле, бул дуйнодо эмне иштерди жасады, артынан кандай туяк калтырды деген онутто бир- бирине кошулуп, кошоктолуп бир обон менен жай айтылчу ыр.
Негедир 'манкуртчулук' жыттанып жаткандай... Салт- санаа, каадабыз ушинтип унутулат тура!
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#52 25 Апрель 2014 - 15:13
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#53 25 Апрель 2014 - 15:25
Эгер жакындары чындап каза болгон адамга куйсо, анда КУРАН окутсун, сообун ошол адамга багыштап мал союп муктаж болгондорго берсин, дагы айта кетсек, сооп учун деп ниет кылып мечитке эл окуганга ынгайлуу, жылуу болсун деп жерге тошогонго колдон келген шырдак же орусча айтканда палас салып берсе, канча адам келип окуса ошончо сооп тиет.
Жонокой нерсени татаалдаштырып, элди убаракерчиликке салып, ысырапкорчулук кылбайлы.
#54 25 Апрель 2014 - 15:26
Kg.lady (25 Апрель 2014 - 15:13) жазган:
Туптуура кошок жогтокон адамды мактап кошот. Бул озунчо эле санат, онор. Кыз кеткенде да кошот. Короче кошок бул мактоо ыры десек да болот.
#55 25 Апрель 2014 - 16:47
ROZI (25 Апрель 2014 - 15:25) жазган:
Эгер жакындары чындап каза болгон адамга куйсо, анда КУРАН окутсун, сообун ошол адамга багыштап мал союп муктаж болгондорго берсин, дагы айта кетсек, сооп учун деп ниет кылып мечитке эл окуганга ынгайлуу, жылуу болсун деп жерге тошогонго колдон келген шырдак же орусча айтканда палас салып берсе, канча адам келип окуса ошончо сооп тиет.
Жонокой нерсени татаалдаштырып, элди убаракерчиликке салып, ысырапкорчулук кылбайлы.
Бул ысырапкорчулукка кошоктун кандай тиешеси бар, тушунбодум.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#56 25 Апрель 2014 - 19:32
Ыраматылык теэнем откондо да апам кошок кошуп ыйлаган. Калган эжелерим кошок кошконду деле билбей ыйлай беришкен. Негизи коп ыйлабаш керек. А мен болсо канча ыйлайын десем да анча ыйлай албай койгом. Корсо оз ата- энен жакын болот экен да. Кудай анын бетин ары кылсын. Ата энемдин дагы да кооп жыл торубуздун корку болушун каалайм
#57 25 Апрель 2014 - 20:36
Биздин ишенип жолонуп таянчыбыз бир гана Кудай болуу керек.
.
Эри өлгөн аялдын кошогу
.
Алмалуу булак майданым,
Адамдан чыккан арстаным.
Жийде булак майданым,
Жигиттен чыккан арстаным.
Кармамалуу камчыңды,
Кара ат басып сындырды.
Кабылып ажал жаш молдом,
Карарган көзүң кылгырды.
Толгомолуу камчыңды,
Тору ат басып сындырды.
Тоорулуп ажал жаш молдом,
Түбөлүк жаның тындырды.
Жесирдик кетпей башымдан,
Эмгекти тарттым жашымдан.
Каптыргаң кара кырымдан,
Кадырың ашкан кылымдан.
Тердигиң кара кырымдан,
Теңдигиң ашкан кылымдан.
Кашкарга чыны сырдаткан,
Хан уулуна сындаткан.
Бейжинде чыны сырдаткан,
Бек уулуна сындаткан.
Аяпагымда чыным ай,
Айдай сулуу сының ай.
Ааламда бирге жүрдүрбөй,
Ажыратты кудай ай
Улуу тоодо кылычың,
Убайда турат бир кызың.
Алыска кеткен кылычың.
Армандуу болду бир кызың.
Айылыңда салганың,
Алтын жагоо куш эле.
Алдырганда кекилик,
Адамдын көбү туш эле.
Көк токойдо салганың,
Күмүш жагоо куш эле.
Көк моюн өрдөк алдырсаң,
Көпчүлүк элиң туш эле.
Акылың менен мал таптың,
Азаматтай жан бактың.
Ажал алып алкымдан,
Акырет кетип бек жаттың.
Ойноп жүргөн ордуңдун,
Ооз тийиң бозосун.
Ириктин эти аралаш,
Ичкенсиң улар сорпосун.
Туурда бүркүт кагынат,
Уча албай талпынат.
Уйку жукпай көзүнө,
Убайлуу жарың сагынат.
Капшытта күтүп кагынат,
Кайкый албай талпынат.
Караның сенин көрө албай,
Кайгылуу жарың сагынат.
Капшытта бүркүт кагынса,
Кайгысы бардыр анын да.
Акырет сапар сен тарттың,
Эми ким калат менин жанымда.
Дөөлөттү көрдүң башында,
Дуулаган элем кашыңда.
Ала жатсаң болбойбу,
Азапты салбай жаныңа.
Артыңда эки жаш бала,
Тентек болду ар кайда.
Эси жок жаман иниңиз,
Ээ кылбады малыңа.
Алтымыш баштуу ак өргөөң,
Айлана басып капшырдың.
Артыңда балдар жаш калды,
Аны кимге тапшырдың.
Токсон баштуу ак өргөөң,
Толгоно басып капшырдың,
Өзөктөш менде тууган жок,
Мени кимге тапшырдың.
Аргасынан жетимдин,
Баш байландым иниңди.
Бакылдап бөөдө тилдеди,
Менин карыптыгым билинди.
Каалгаң башы кыл кыяк,
Калбай калды бир туяк.
Калып калса бир туяк,
Какшабайт элем мен чунак.
Босогоң башы бул кыяк,
Болбоду сенден бир туяк.
Болуп калса бир туяк,
Боздобойт элем мен чунак.
Чекенделуү сай эле,
Чекеме тийген ай эле.
Чекенделүү сай катты,
Чекеме тийген ай батты.
Карагандуу сай эле,
Кашыма тийген ай эле.
Карагандуу сай катты,
Кашыма тийген ай батты.
Күмүштөн соккон такта эле,
Күндөй багым бар эле.
Күмүштөн тактам урады,
Гүлдөй багым куурады.
Алтындан куйган такта эле,
Айдай багым бар эле.
Алтындан тактам кыйрады,
Ачылган гүлүм куурады.
* * *
Кара кийим оңобу,
Кайгым кайра толобу.
Аркаңда калган жалгызды,
Сактасам туяк болобу?
Кадырым билди шок эле,
Жалыным жаткан чок эле.
Капшытта жолборс жатат деп,
Калкыңдын көөнү ток эле.
Кызарып жаткан чок эле,
Кылт этсе кайра жок эле.
Кырда жолборс жатат деп,
Кыргыздын көөнү ток эле.
Токойлуу жерге конормун,
Тозоктуу ойдо болормун.
Көңүл бөлбөй сүйүүгө,
Күз гүлүндөй соолормун.
Кеште сайдым өңүргө,
Кейишти салдың көңүлгө.
Кеште саймак көңүлдөн,
Кейиштүү болмок өлүмдөн.
Сайма сайдым өңүргө,
Санааны салдың көңүлгө.
Сайма саймак көңүлдөн,
Санаалуу болмок өлүмдөн.
Алтындан чидер бурадым,
Аргымак минбес убагым.
Алыста ыйлап жүргөндө,
Артымдан издеп сурарым.
Күмүштөн чидер бурадым,
Күлүктү минбес убагым.
Күйүттүү болуп жүргөндө,
Күйүнүп издеп сураарым.
Алтындан соккон марегим,
Таптадым сенин дарегиң.
Табылса сенин дарегиң,
Чукуп бир берем карегим.
Күмүш саптуу марегим,
Күндө издейм дарегиң.
Күйөөрүм чыкса дарегиң,
Чукуп бир берем карегим.
Эгизде эрмен гүл эдең
Элиде чечен сен эдең.
Селеске чыккан эгизим,
Элиде жакшы тегизим.
Калпыска чыккан эгизим,
Калкыда жакшы тегизим.
Тар көчөдөн өткөнүм,
Ойноок болуп өскөнүм.
Оймолув калпак төвөсү,
Он жигиттин торосү.
Саймалув калпак төвөсү,
Сан жигиттин төрөсү.
Жибек бир тонуң шовдурап,
Жигит бир кеттиң жовдурап.
Жигит бир жаннан не кеттиң?
Кушуңду салдың түлкүгө,
Кылчайбадың мүлкүңө.
Алалбады бу кушуң
Жазир болду бу мүлкүң.
Коктунун үстү кой тикен,
Тикен гүлү ачылган.
Коругудай увлуң жок
Коругуң баары чачылган.
Эшигиң үстү ак тикен,
Ак тикен гүлү ачылган.
Жийип бир алар увлуң жок,
Жийгениң баары чачылган.
#58 25 Апрель 2014 - 20:37
.
Атакем, көлөкөлүү чынарым,
Энекем көңүлүмдө тумарым.
Бай ашат күнгө жеткенде,
Ажал жетип суладың.
Атакем, сай боюнда чынарым,
Энекем сайылма тоодо булагым.
Салтанат күнгө жеткенде,
Өлүмдү беттей куладың.
Кыйла көп той болгону,
Кыргыздар дуулап ойноду.
Кашка атын минип топтордо,
Кайран атам болбоду.
Каадалуу той болгону,
Калкыбыз дуулап ойноду.
Селкинчек тепкен жерлерде,
Секетим энем болбоду.
Токойлуу жерге жылкы оттойт,
Толгон гүлгө суу токтойт.
Туум атам көзү өттү,
Тозоктуу мени ким жоктойт.
Бадалдуу төргө жылкы оттойт,
Бадырак гүлгө суу токтойт.
Базарым энем көзү өттү,
Байкуш мени ким жоктойт.
Артымда жөлөк тоодойум,
Ар күнү мүшкүл жолдомун.
Ажыздык келип башыма,
Армандуу ыйлап боздодум.
Көк урчук теңир тоодойум,
Көз жеткис кыйын жолдомун.
Күлпөткө калып жалынсам,
Күйүттүү болуп боздодум.
* * *
Айланмалуу деңизге,
Ак шумкар салып качырдым.
Атакемди мен дагы,
Ак топого жашырдым.
Көлөкөлүү деңизге,
Көк шумкар салып качырдым,
Энекемди мен дагы,
Күн тийгиз жакка жашырдым.
Базарым энем барында,
Бал-шекер салган ашыма.
Базарым энем өткөн соң,
Байкуштук келди башыма.
Кадырлуу атам барында,
Каймак салган ашыма
Кадырлуу атам өткөн соң,
Карыптык келди башыма
* * *
Өрүк бышпас сай барбы,
Өрүлбөй турган тал барбы.
Өкүнгөн менен айла жок,
Өлбөй турган жан барбы.
Алма бышпас сай барбы,
Ак себет болбос тал барбы.
Ачынган менен айла жок,
Ажал жетпес жан барбы?
Тобурчактын куйругун,
Томугунан шүйгүнүң...
Тууганың жакын балаңыз,
Тобокел кылып жүргүнүң.
* * *
Энекем, калаанын суусун бойлогон,
Атакем, карчыга салып ойногон.
Энекем, Иленин суусун бойлогон,
Атакем, ителги салып ойногон.
Атакем, торуну берген минсин деп,
Энекем, торкону берген кийсин деп.
Арман ай! Атакем көзү өткөн соң,
Атаке, тору бир атка така жок,
Арман ай! Энекем көзү өткөн соң,
Торко бар үйдө жака жок,
Атакем, буурулду берген минсин деп,
Энекем, буулумду берген кийсин деп.
Армай ай! Атакем көзү өткөн соң,
Атаке 6уу]1ул 6и]1 атка така жок.
Арман ай! Энем көзү өткөндө,
Буулум бар үйдө жака жок.
#59 25 Апрель 2014 - 20:39
.
Саар бир менен сайраган
Сайнектин үнү бурулсун.
Коргонум атам деп ыйлаган,
Менин үнүм курусун.
Кечке маал сайраган,
Сагызган үнү бурулсун.
Доолотум атам деп ыйлаган
Менин үнүм курусун.
Секиртип семиз мингеним
Сер пакта тонун кийгеним,
Көрүп бир өткөн доолотум.
Булкунтуп будан мингеним.
Бухары тонун кийгеним,
Көрүп бир өткөн коргонум.
Дасторкону колунда
Эки колу боорунда
Келген бир мейман кош келген
Мейман бир кана бош деген.
Алтындын кени кайда бар?
Алтындын кени сайда бар.
Азардын баары менде бар.
Күмүштүн кени кайда бар?
Күмүштун кени сайда бар,
Күйүттүн баары менде бар.
Алтынды жерге кадаган
Бул өлгөндүн дардынан
Аргымак аттай жадаган.
Күмүштү жерге кадаган
Бу өлгөндүн дардынан
Күлүк аттай жадаган.
* * *
Тобурчак минип баштаган,
Тоорултуп улак таштаган.
Аргымак минип баштаган,
Айлантып улак таштаган.
Жакасы алтын жеңи жез,
Тон кийип өткөн бай атам.
Беш миң тиллалык кара көз,
Ат минип өткөн бай атам.
Кара дарак супасыз,
Какшаткан өлүм упасыз.
Көгөргөн дарак супасыз,
Күйдүргөн өлүм дабасыз.
Аргымак минсем бели бош,
Бейишке кеттиң кайыр кош.
Тобурчак минсем бели бош,
Гүл бейиш кеттиң кайыр кош.
Турумтай кетти сай менен,
Туугандар кетти пай менен.
Тобурчак минсе туйлайт деп,
Тууганга бердиң ыйлайт деп.
Аргымак минсе туйлайт деп,
Акеге бердиң ыйлайт деп.
Аптаба берсем кол жуу деп,
Ак бата бердиң бел буу деп.
Чылапчын бердиң кол жуу деп,
Чын бата бердиң койгун деп.
Кызылы элең жылдыздын,
Кылдаты элең кыргыздын.
Сарысы элең жылдыздын,
Сардары элең кыргыздын.
Атлес кийсем жеңи кең,
Асыл атам пейли кең.
Тубарды кийсем жеңи кең,
Тобурум атам пейли кең.
Эшиктен төргө жакандоз,
Айлансам атам мэймандос.
Мэйман келсе кош деген,
Мэйманкана бош деген.
Дасторконду кең салган,
Даалай элден дуба алган.
Ай асманнын боору кең,
Айда бир барып жүргөнүм,
Айдыңым атам доору экен.
Күн асманнын боору кең,
Күндө бир барып жүргөнүм,
Күмүшүм атам доору экен.
Бай атамдын барында,
Күлгүн эле кийгеним,
Күлкү эле жүргөнүм.
Бай атам көзү өткөндө,
Гүлгүн көйнөк сөгүлдү,
Күлкүм күлдөй төгүлдү-
Уйкум чайдай ачылды,
Абийрим эми ачылды,
Кохарым эми чачылды.
Балапан терек кайда бар,
Балалык кезде муң тарткан,
Муңайган мендей кайда бар?
Жашыл терек сайда бар,
Жаш кезимен муң тарткан,
Жабырлуу мендей кайда бар?
Таштекте буудай пышабы,
Таң көрбөгөн башыма,
Таңчылык муңдар тушады.
Айттоого кийген тонумдун,
Жакасы элең бай атам.
Парча журттун ичинде,
Баатыры элең бай атам.
Жашыл болду өңүрүм,
Жарым болду көңүлүм.
Кара дарак мөмөсүн,
Каккан адам бар бекен.
Какшаткан өлүм дабасын,
Тапкан адам бар бекен.
Кара кама, ак куйрук,
Казанында кайнаган.
Үйүнө келген мыйманын,
Кабагы карыш жайнаган.
Алтын аяк, мис табак,
Бал көтөргөн чоң атам.
Аягы Иле, башы Алай,
Даң көтөргөн чоң атам.
Сарайы алма бураган,
Сагырдын алын сураган.
Арыганга аш берип,
Суусаганга суу алган.
Алты төөгө ком тарткан,
Алты азамат жүк арткан.
Жети төөгө ком тарткан,
Жети азамат жүк арткан,
Жеткилең эле бай атам.
Акылдуу атам молдо атам,
Башыдан сама түшпөгөн.
Оозудан калма түшпөгөн,
Зикир айтып амага,
Колудан таспи түшпөгөн.
Асили атам эстесем,
Ичим күйөт жалын чок.
Эшиктин түбүн карасам,
Изиң турат өзүң жок.
Издеп сизди барышка,
Иланжым жетпейт, амал жок.
Күйүмдүү атам эстесем,
Күйөт ичим, боорум чок.
Кир салгыны карасам,
Кийимиң турат өзүң жок.
Көрүнбөс жерге кетиптир,
Көрөлү десек эми жок.
Айдыңдуу журттун ичиде,
Аргымак минип ойнотуп,
Алды өткөн жан атам.
Алла таала өзүнү,
Акылыда жат окуп,
Алым өткөн жан атам.
Күлдү журттун ичиде,
Күлүктү минип ойнотуп,
Көркөмдүү өткөн жан атам.
Кудай талаа сөзүнү,
Көңүлүмө жат окуп,
Молдо өткөн жан атам.
Акылдуу атам, молдо атам,
Ар дайым окуп беш намаз,
Астайдыл эле бул ишке.
Акырет жайда кудайым,
Апуу кылып гүнайын,
Алып кирер бейишке.
Күйүмдүү атам, молдо атам,
Күнүгө окуп беш намаз,
Көңүлдүү эле бул ишке.
Көрүнбөс жерде кудайым,
Кечирим кылып гүнайын,
Киргизип коёр бейишке.
Урматтуу атам, молдо атам,
Окуп намаз беш убак,
Ушар эле бул ишке.
Ол дүйнөдө кудайым,
Өчүрүп кылган гүнайын,
Олтургузар бейишке.
Аалымдардын сөзүнү,
Угат эле жан атам,
Ар рахман окуп дубаны,
Кылат эле молдо атам.
Жакшылардын сөзүнү,
Угат эле молдо атам.
Жаасынды окуп дубаны,
Кылат эле жан атам.
Жаным атам мен айтсам,
Жети атасы молдо өткөн.
Жан эгемнин сөзүнү,
Жээндерге үйрөткөн.
Акылдуу атам мен айтсам,
Алты атасы молдо өткөн.
Алла эгемнин сөзүнү,
Аммабызге үйрөткөн.
Күйүмдүү атам, жан атам,
Кудай таала сөзүнү,
Көңүлүдө жат кылган.
Эже, сиңди балдарын,
Кудайымга тапшырган.
Жаны атам, жан атам,
Жан эгемнин сөзүнү,
Чын дилиде жат кылган.
Жалгыз уул, кыздарын,
Жан амага тапшырган.
Жан атамдан айрылып,
Жетим болдук баарыбыз.
Жаным атам медетим,
Жаннаты болсун жайыңыз.
Молдо атамдан айрылып,
Мусапыр болдук баарыбыз.
Молдо атам медетим,
Бейиш болсун жайыңыз.
Карасам атам кардым ток,
Кадырыңа жеткенде,
Кайратым атам эми жок.
Кайрылбас жерге кетиптир,
Как жүрөккө салып чок.
Көрсөм атам көөнүм ток,
Көрүнбөс жерге кетиптир,
Көрөлү десек эми жок.
Эсили атам эстесем,
Эзилип күйөт жүрөгүм.
Эшигин ачып жаннаттын,
Эгем берер тилегин.
Жаным атам эстесем,
Жалындап күйөт жүрөгүм.
Жаннатын ачып жай берер,
Жан эгем берип тилегин.
* * *
Ак бараң мылтык камдаган,
Аркарды атып шаңдаган.
Алты уруу кыргыз чогулса,
Аңгеме сөзүн жардаган.
Кайран ата — береним,
Казакка тийген керегиң.
Кара жердин алдынан
Какшасам чыкпайт дарегиң.
Кыйыным атам — береним,
Кыргызга тийген керегиң.
Боз топурак алдынан,
Боздосом чыкпайт дарегиң.
Караатка жапкан кажары,
Капылет келди ажалы.
Кадырман атам өлгөнүн,
Калың элге жаялы.
Тулпарга таккан кажары,
Туюнтпай келди ажалы.
Топурактын алдынан
Тууганың таппай тажады.
Адырдан улап түлкү алган,
Ак сүлөөсүн мүлк алган.
Ардактуу атам деп келип,
Алыскы элдер үн салган.
Өлбөй бенде ким калат?
Булбул конгон тал калат.
Бул дүнүйө жалганда
Муңданып адам зарланат.
Карысы өлсө артында,
Нускасын жаштар карманат.
Ажал өлүм чиркинге,
Аманат жаның алданат.
Күмүш ооз дарбаза,
Ачылар да жабылар.
Күлгүн жаның өткөн соң,
Кан атам кайдан табылар?
Туура терек жыгылса,
Тулпарың аттап өтө албайт.
Туйгун жаның өткөн соң,
Тууганың ыйлап жете албайт.
Кайран терек жыгылса,
Кайберен аттап өтө албайт.
Кайран жаның өткөн соң,
Кайгырып ыйлап жете албайт.
Комуздун күүсү кол менен
Кыяктын күүсү кыл менен,
Кыямат атам өткөн соң,
Менин өмүрүм отор ый менен.
Каркылдап учкан каз, өрдөк,
Кайрылып учуп кол сактар.
Калкыңда калган каралдың,
Кайгыруу менен көз жаштар.
#60 25 Апрель 2014 - 20:40
.
Күн жакка карап чий тутам,
Күн жылган сайын көз тутам.
Күн жылган сайын келбесең,
Күйөрүм менен муңдашым,
Күйүтүң тартып кан жутам.
Ай жакка карап чий тутам,
Ай жылган сайын көз тутам.
Ай жылган сайын келбесең,
Азарың тартып кан жутам.
Жесем-жесем түгөбөс,
Жемиштүү шаар жан энем.
Алсам-алсам түгөбөс,
Алмалуу шаар жан энем.
Кайрыма жака тон кийсем,
Сер сөөлөтүм жан энем.
От боюнда олтурса,
Зор дөөлөтүм жан энем.
Отто казан толкуса,
Аштын көркү жан энем.
От боюнда олтурсаң,
Оттун көркү жан энем.
Босого бойлуу кар жааса,
Боз торгой келер жем үчүн.
Боздоп ыйлап олтурсам,
Жан энем келер мен үчүн.
Капшыт бойлуу кар жааса,
Карчыга келер жем үчүн.
Какшап ыйлап олтурсам,
Жан энем келер мен үчүн.
Алты катар тон кийсем,
Көтөрүлбөйт өмүрүм.
Асилим энем медетим,
Алтымыш дүйнө бир келсе,
Ачылбайт менин көңүлүм.
Жети катар тон кийсем,
Көтөрүлбөйт өмүрүм.
Жетимиш дүйнө бир келсе,
Ачылбайт менин көңүлүм.
Капкактуу коргон дубалым,
Кайраным энем кохарым.
Беделдүү коргон дубалым,
Медетим энем кохарым.
Агарып аткан таңды айтам,
Акырет кеткен сизди айтам.
Асилим энем муңдашым,
Азапка калган мен айтам.
Кыярып аткан таңды айтам,
Кымбатым энем сизди айтам.
Кылгыртып көздөн жаш төгүп,
Кыйноого калган мен айтам.
Күн олтурат кылтырап,
Кыздарың калды калтырап.
Күйөөрүм энем муңдашым,
Тууганың ыйлайт зыркырап.
Ай олтурат кылтырап,
Ачышат жүрөк жалындап.
Асылым энем муңдашым,
Агамдар ыйлайт жалтырап.
Ашканаң алма бураган,
Асылым энем муңдашым,
Ачканын алын сураган.
Жегенин жемиш бураган,
Жеткилең энем муңдашым,
Жетимнин алын сураган.
Атадан жетим калганда,
Айылдарга тандирбей,
Айылда серттөө угузбай,
Ардактап баккан жан энем.
Жеңини жыртык кийгизбей,
Элден жеме дегизбей,
Эшиктерге тендирбей,
Эркин баккан жан энем.
Ак тулпар минип катнаган,
Ак куштай боюн таптаган.
Айлансам энем топорум,
Алганын мурза сактаган.
Көк тулпар минип катнаган,
Көк куштай боюн сактаган.
Адими өткөн жан энем,
Көргөнүн мурза сактаган.
Токоч нанын чоң кылган,
Туткан үйүн гүл кылган.
Кайчысын кабын чың кылган,
Кармаган үйүн гүл кылган,
Кадырлуу энем чеберим.
Эшиктен торго жакандоз,
Эсилим энем мыймандос.
Капшыттан төргө жакандоз,
Кайраным энем мыймандос
Иштеткен ийнем кыл болот,
Күнүгө жогуң жыл болот.
Күйүмдүү энем медетим,
Ишенер энем ким болот?
Саптаган ийнем кыл болот,
Санаган күндөр жыл болот.
Сабырлуу энем медетим,
Сагынсам энем ким болот?
Санап-санап мен эстеп,
Сагынып ичим жык толот.
Саргүлдөң болуп ыйласам,
Сооротор энем ким болот?
Кучак-кучак жүк жыйган,
Курагы тайын жан энем.
Кылган ишиң май бурап,
Бурагы тайын жан энем.
Теңдеп-теңдеп жүк жыйган,
Термеси тайын жан энем.
Томогодой үй тиккен,
Жергеси тайын жан энем.
Жаннаты болсун жайыңыз,
Жалгыз калдык баарыбыз.
Жаңшансак, күйсөк арга жок,
Айрылды биздин сабыбыз.
***
Энекем,
Көркөм а жаши барида,
Көк өргөв тигип көтөргөн.
Көк өргөвү тигилсе,
Энекем,
Көз боз ат минип жөнөгөн.
Кок боз аттын үстүгө,
Энекем,
Күмүштөн бешик которгон.
Күмүш бешик ичиге,
Энекем,
Көк жолборс төрөп бөлөгөн.
Энекем,
Алтындай а жаши барида,
Ак өргөв тигип көтөргөн.
Ак өргөвү тигилсе,
Энекем,
Ак боз ат минип жөнөгөн.
Ак боз аттын үстүгө,
Энекем,
Алтыннан бешик өңөргөн.
Алтын бешик ичиге,
Энекем,
Арстан төрөп бөлөгөн.
Энекем,
Көркөм а жаши барида,
Көк боз ат минип көч баштап,
Көк ала сөйкө суй таштап,
Көчү жайлов конгондо,
Кок шайы кийип буластап.
Көпчүлүк үйдүн четиде,
Энекем,
Басып да жүрчү буластап.
Көпчүлүк үйдүн четиде,
Энекем,
Басып да жүрчү кыйгачтап.