Ар бир адамдын озуно жараша мунозу болот. Тундукто деле туштукту деле окшош адамдар бар кандай адамдар бирин бири болушот. Мен баарыны бирдей кором баары озун адам го деп эсептеймин.
Жакшы жашайлы достор
Түндүктүк менен түштүктүк үйлөнгөндө бактылуу жашагандар барбы
#42 08 Май 2014 - 18:16
Тобоо! Качаан болсо туштук жаман, туштук куноолу! Неге болуно бересинер?!
Болунуп не пайда таптынар?!
Тундук туштук дебей эле кыз алышып, кыз беришип жашасак болбойбу. Тундуктуктор тим эле туштуктун салтын жактырбай келишет дагы. Ошол салт тундукто деле болгон илгери. Эми эле современный болуп салттын баарын таштап жиберишкен заманбап болобуз дешип. Туштукто болсо намыс кучундо, салт санааны сактап келишет кыргыз деген атыбызды жоготпой балдарыбызга откоруп берели деген ойдо. Кыргыздын кыргыз экендиги салт-санаасынан билинет!
#43 08 Май 2014 - 21:52
Теманы ачуумдан максат кеп кенеш сурайын дегем. Тундукко тийейин деген ниетим бар Кудай буюрса. Жигитим менен 4 жыл болду суйлошконумо.
силерди акыйнек айтышсын деп ачпадым, жаман ниетинерди,
жаман созунорду сууга барып айткыла. Тундуктук асмандан тушкон, туштуктук жерден чыккан дегенге окшош создорунорду
ичинерге эле калтыргылачы
айланайындар.
озунордун же жакындарынардын бактылуу же бактысыз болгонун жазгыла, андай таанышынар жок болсо унчукпай эле теманы окуп чыгып кете бергилечи...
Билдирүүнү түзөткөн: Pepi: 08 Май 2014 - 21:54
#44 08 Май 2014 - 22:06
- ата энем интеллигенттуу адамдар, тушунуу менен мамиле кылат, каршы эмес, келечекте бизди куноолобой турган бол, озун каалаган адамга куйоого тий дешет. уй булоодо 1 кызмын, эркектердин арасында. кичине чоочуркап турам, жигитимдин ата энеси кантип реагировать этет болду экен деп.
Билдирүүнү түзөткөн: Pepi: 08 Май 2014 - 22:08
#45 08 Май 2014 - 22:29
Мен дагы ата-энемди укпай, туштукко келин болгом. Жолдошум да эч кимди уккан эмес. Азыр жакшынакай эле жашап жатабыз, иштеген ишибиз, уй-жайыбыз Бишкекте. Балдарыбыз чоноюп жатат. Бирок, баары бир айрыма бар. Эч кимди укпай уй було курсан, намыстанып жашайт экенсин. Жолдошум экообуз тен бири-бирибиздин кемчилигибизди туугандарыбызга билгизбей, ырас болот сага, ушундай болмок дедиртпей, жаманыбызды жашырып, жакшыбызды ашырып жашап келебиз. Мени кайын журтум аркалык же тундуктук дебей эле биздин кокуй келинибиз дейт. Алгач бул созго теригип журдум, кийин конуп деле калдым. Кокуй болсом кокуймун да. (Мен тушкон жерде тундуктукторду кокуйлар дейт экен). Ал эми жолдошумду кайын журту абдан сыйлайт, себеби ал анча-мынча менин жердештериме караганда абдан сыйчыл. Кайын-журтуна барган сайын кур барбайт, конокко да коп чакырат. Досторум, классташтарым да аны коруп туштуктуктор абдан сыйчыл деп ага суктанышат.
Ал эми балдарым озунун туугандарына барганда башкача, тайкелерине барганда башкача суйлошот. Себеби адабий тилде суйлошсо, туугандары урушат, туштук диалектисинде суйлошсо тайкелери шылдындайт.
Мисалы балдарым эт жейм, жумуртка жейм десе кайын-журтум кадимкидей эле урушат, гош де, тукум де деп. Тай жагына барып гош, тукум ж.б. десе алар каткырып шылдындап журушуп, байкуш балдарым "эки жуздуу" болуп калышты. Эми мунун баары болор-болбос нерселер дечи, албетте. Эн негизгиси бактылуу болуп жашаш, бири-биринди тушунуш, бири-бирине арка жолок болуш, калган майда-чуйдо кыйынчылыкты суйуу менен женсе болот. Тундук менен туштуктук баш кошкон уй булолорду элибиздин биримдигине салым кошкон уй-булолор десе болот. Себеби мындай уй було куруудан кобу коркот да.
#46 08 Май 2014 - 22:44
Рая эженин жазганын окуп козго жаш тегеренди.
Мен да Оштон болом тундукко турмушка чыккам 5 жыл болду.Биз кайын журттан алыс жашагандыктан пока эч нерсе билине элек.Бирок менин да туугандарым тиерде каршы болушкан
.Жолдошум жакшы адам бирок казан аяк кагылышканда же кичине ичип алган болсо болунуп баштайт.Мас кезинде унчукпай кутулам ,соосунда акый айтышабыз.
Андайлар башында бат-бат болуно берчубуз ,азыр конуп калганбыз болунбой калдык,тушунобуз бири-бирибизди жоготуштан коркобуз,жана эки балабыз бар!Аллага чексиз шугур бактылуу уй-булоолордун бирин толуктап келе жатабыз!
Жакында кайним уйлоном деп жургон кыз таппай ага да менин синдилеримден же тааныштар болсо Оштон алып беребиз деп жатышат
#47 08 Май 2014 - 22:46
Жогору жакта Лика эже айткандай, ата - энелер көпчүлүк убакта жердин алыстыгынан чочулап, каршы чыгышчу да. Азыркы учурда бул маселе деле чоң көйгөй жаратпай калды го, машина, самолёт, телефон, интернет бар дегендей.
Анан, айылда жашаган жаштар дээрлик жокко эсе, борбордо, же чет мамлекеттерде, жолдун алыстыгы эки жакка тең бирдей.
Алыс жерге куда болсоң, арткы жактан аш келээр, жакын жерге куда болсоң, түрдүү ушак сөз келээр деп коюшат го, алысы деле жакшы окшойт го.
Кайсыл жактан болбосун, үйлөнүү оңой, ал эми ымалашып жашап кетүү кыйын. Эбин таппаса, кошуналар баш кошсо деле ажырашып кетип жатпайбы.
Анан, айылда жашаган жаштар дээрлик жокко эсе, борбордо, же чет мамлекеттерде, жолдун алыстыгы эки жакка тең бирдей.
Алыс жерге куда болсоң, арткы жактан аш келээр, жакын жерге куда болсоң, түрдүү ушак сөз келээр деп коюшат го, алысы деле жакшы окшойт го.
Кайсыл жактан болбосун, үйлөнүү оңой, ал эми ымалашып жашап кетүү кыйын. Эбин таппаса, кошуналар баш кошсо деле ажырашып кетип жатпайбы.
Адамга адам кымбат болуш керек....
#48 08 Май 2014 - 23:36
vangolu,
провокацияга жол жок! Сизге оозэки эмес эскертүү!
В каждой шутке есть доля правды...
#49 08 Май 2014 - 23:41
Темадан алыстабай, автордун суроосуна гана жооп берүү жетиштүү!
В каждой шутке есть доля правды...
#50 08 Май 2014 - 23:44
Мен билгендердин 80% ажырашышты.
... Туштукто аркалык дешет ал эми тундукто оштуксун деп болунуп турушат. Чамда гана ажырашпай жашашпаса , узак моонотко жашагандарды коро элекмин.....
#51 09 Май 2014 - 02:03
бир тааныш байке айткан эле кимди алсан мейли, тундуктон болобу, туштуктонбу болобу, кааласан негр кыз ала бер, бирок колдук кызды ала корбо деген эле.
Анын мурдагы аялы колдук болчу, ошого жини келип айткан, озу таластык.
Анын мурдагы аялы колдук болчу, ошого жини келип айткан, озу таластык.
#52 10 Май 2014 - 19:10
Мен бул жонундо Тундук+Туштук=Кучтуу Кыргызстан темасына да жазгам.андыктан кайталанма экен деп жаман корбогуло.Менин чон апам Ат-башынын Кара-булун айылынан.Чон атам Лейлектен.тойс мен лейлектен,чон тайларым ат-башылыктар.
Менин чон апам алтынга алмашкыс,акылга бай,аскар тообуз болчу да.А озумдун апам болсо тажик кызы,тойс оз тайларым тажикстандын Ходжент облусунан.чон атам,чон апам ушунчалык ынтымактуу жашаганы 8 балалуу болуп чонойтуп,окутуп,
неберелери мына биз.эми ар кимдин денгеели ой жугуртусу,дуйно таанымына жараша.Мен да студент кезекте Нарындык кыз менен журчумун,башында бары сонун болчу,уйлоном деп сунуш киргизсем,бир куну жолугушууга келип эле айтты мамам-папамдар сартка тийсен топурагынды туйуп беребиз деп атышат деп.укканда шок болуп,ызадан муунуп калдым.Коштоштук.
Адегенде унуталбай кыйналдым.Мигрант статусун алып орусияга аттандым.Убакыт дарылайт экен.азыр мен такыр башка адам,ал да башкага баш кошсо керек.
#53 10 Май 2014 - 19:32
Тагдырдын буйругу экен Ингушетиялык кызга баш кошком,кавказга куйобаламын,
бизди бириктирген бир гана ислам дини болду,оюбуз дал келди,мени жана менин тилимди сыйлайт.мени кыжалат ойго салганы кыргыздардын акыркы кезде ашкере болунуусу.бирок бактылуу жашап,ынтымака данакерлери да жок эмес.Бул тарбиядан коз каранды деп ойлойм.
#54 10 Май 2014 - 21:12
ушул нерседен менда азап тартып келем.... бир эл бир жербиз ынтымактуу болсок. чондор ушинтип болуп кызын бербей же баласына алып бербей койуп жатышат аа аларды коргон жаштар кантет...
#55 11 Май 2014 - 10:31
Менин суйлошкон кызым туштуктон болчу. Жарым жылдан ашык суйлоштук. Уйлонууну туура коруп уйлонолу деген суроо киргизгенимде ата-энеси баардыгын тушунгон интелегент болсо дагы биз кызыбызды озубуздукулорго гана беребиз деп уруксат бербей койгон. Ошончо убакыт максатсыз кеткени ичим куйду. Ошол кундон баштап туштуктук кыздар менен таанышуудан алысмын. Менин тушунугум боюнча биздин салт дагы деле жерликке болунуп эскиликтен арыла элек экенбиз.
#56 11 Май 2014 - 13:56
Менде да ошол койгой биздин суйлошконубузго 4жарым жыл болду эн кичуу баласы, озу абдан жакшы бирок жолдун алыстыгы жаман да. (журок быйтыкчаларды кайдан табасынар жаза кеткилечи мен жаны катталгам).
#57 11 Май 2014 - 14:13
[quote name='meerim8793'
date='08 Май 2014 - 18:16' timestamp='1399551382'
post='1696014'
]
Тобоо! Качаан болсо туштук жаман, туштук куноолу! Неге болуно бересинер?! Болунуп не пайда таптынар?! Тундук туштук дебей эле кыз алышып, кыз беришип жашасак болбойбу. Тундуктуктор тим эле туштуктун салтын жактырбай келишет дагы. Ошол салт тундукто деле болгон илгери. Эми эле современный болуп салттын баарын таштап жиберишкен заманбап болобуз дешип. Туштукто болсо намыс кучундо, салт санааны сактап келишет кыргыз деген атыбызды жоготпой балдарыбызга откоруп берели деген ойдо. Кыргыздын кыргыз экендиги салт-санаасынан билинет!
Туштукто озбек, таджиктердин салттары аралашып кеткен
Тобоо! Качаан болсо туштук жаман, туштук куноолу! Неге болуно бересинер?! Болунуп не пайда таптынар?! Тундук туштук дебей эле кыз алышып, кыз беришип жашасак болбойбу. Тундуктуктор тим эле туштуктун салтын жактырбай келишет дагы. Ошол салт тундукто деле болгон илгери. Эми эле современный болуп салттын баарын таштап жиберишкен заманбап болобуз дешип. Туштукто болсо намыс кучундо, салт санааны сактап келишет кыргыз деген атыбызды жоготпой балдарыбызга откоруп берели деген ойдо. Кыргыздын кыргыз экендиги салт-санаасынан билинет!
Туштукто озбек, таджиктердин салттары аралашып кеткен
#58 11 Май 2014 - 16:35
Ушул маселеге туура келсе керек. Менин жакын эжекем турмушка чыгып. Салттын айырамачылыгынан.
Ажырашып ай мончоктонда татынакай кызы, ата мээримин корбой осуудо. Ошондуктан мен кошунамдын эле кызына аракет кылсамбы.
АТА-ЭНЕ ыйык барынан унутпайлы!!!
... Жакындардын конулун оорутпайлы!
!!...
#59 11 Май 2014 - 21:08
Менин женем бар колдон и таластан. Азыр сопсонун бактылуу жашап жатышат. Бир гана жолдун алыстыгы эле болбосо а так норм. Жаман жакшылыктарда алыс болуп кээде баралбай калышат. Дагы бир женем бар колдон ал кыйын чыгып акебизди алып кеткен бишкеке. Тиги женемдер айтып койушат,-кыйындар момунтип эле алып кетишет, биз эле журобуз деп.
#60 14 Май 2014 - 14:15
kazybek3001 (11 Май 2014 - 16:35) жазган:
Ушул маселеге туура келсе керек. Менин жакын эжекем турмушка чыгып. Салттын айырамачылыгынан.
Ажырашып ай мончоктонда татынакай кызы, ата мээримин корбой осуудо. Ошондуктан мен кошунамдын эле кызына аракет кылсамбы.
Хе хе боорду эздиниз го
Внешность - это козырь , но не туз…