- (40 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Кыргыз диaлекттери жaнa эски кыргыз сөздөрү, архаизмдер
#1 14 Апрель 2009 - 16:02
Мисалы жакында Таластык досуман найнык деген созду угуп калдым. Чындыгында мазмунун тушунбодум, балким аранарда билгендер бар чыгаар.
#2 14 Апрель 2009 - 18:25
Цитата
Мисалы жакында Таластык досуман найнык деген созду угуп калдым. Чындыгында мазмунун тушунбодум, балким аранарда билгендер бар чыгаар.
Тему, абдан керектүү тема ачыпсың. Бул бул форумга, дегеле бардык жазмакерлерге өтө пайда алып келери бышык.
Мен таластык эмесмин, бирок, "найнык" деп көп сүйлөгө н кишини айтат. Эгер орой мааниде болсо, маанисиз эле жадатып сүйлөй бергендерди айтып коет. Түндүктү н көп жериндеги "маңыз" деген сөзгө жакын... Досуң сени тамашалаган го!!!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#3 14 Апрель 2009 - 18:59
Эгерде кандайдыр бир тушунуксуз создор болсо, тушундурууго аракет кылам
Анткени, озум Оштун Озгонунон, досторум Баткен, Ысык-Кол, Нарын жана Чуйдон...
Озум да бул темага кызыгуум бар болгондуктан, ар дайым айырмачылыктарын салыштырып келем.
Жеңиш - менин тагдырым.
#4 15 Апрель 2009 - 14:37
Айтмакчы Колдун диалектикасы боюнча "Вадовод" деген созу мени абдан тан калдырат, жана бул создун келип чыгышы мени абдан кызыктырат. Негизи вадовод деп тамак куйган кесени айтышат экен. Ошондой эле бут кийимдин баарын эле чокой дешкендери бизге жакшы эле белгилуу болуп калды окшойт.
Баякы эле Таластык досуман орсштонбочу деген созду уктум эмнени так тушундурорун тушуно албадым.
#5 15 Апрель 2009 - 14:43
Билдирүүнү түзөткөн: azaika: 15 Апрель 2009 - 14:44
#6 15 Апрель 2009 - 14:48
Цитата
туштукчо жакшы билесинби?
анда насия нак дегенди кандай тушунсо болот?
#7 15 Апрель 2009 - 14:49
Цитата
туурасы "Бадавот" - чон кесени айтышат,бул "вода вот" созунон келип чыккан
#8 15 Апрель 2009 - 14:51
Цитата
Мисалы жакында Таластык досуман найнык деген созду угуп калдым. Чындыгында мазмунун тушунбодум, балким аранарда билгендер бар чыгаар.
Эн жакшы теманы козгогонсун Тему.
Мен ойлойм ушу Кыргызстандын ар кай бурчтарында ар башкача колдонулган создорун кыргыз тилчилерибиз чогултуп кыргыз тилинин соз байлыгын кенейтсе эн жакшы болоор эле. "Биздин тил жарды, маанисин тушунбой каласын, туштукчо же тундукчо суйлобо" дегенден эч пайда чыкпаары ачык.
Мисалы, туштукто "дайди" деген соз бар. Бул ар кайсы жакка арсактап басып жургон адамга айтылат. Бул соз туркчо "дейди" , ушуга окшогон создор толуп жатат. Ошолорду тилибизге кошсо кантип болбосун.
#9 15 Апрель 2009 - 14:57
Цитата
анда насия нак дегенди кандай тушунсо болот?
Насия деген карыз дегенди тушундурот. Нак деген орусча айтканда натуральный дегенди тушундуруп калатко.
#10 15 Апрель 2009 - 15:09
табигый - натуральный
#11 15 Апрель 2009 - 15:16
Цитата
Аш тактай деген эмне болот?
Нарында камыр жайган буюмду уболук дейт
#12 15 Апрель 2009 - 15:36
#13 15 Апрель 2009 - 15:46
Цитата
анда насия нак дегенди кандай тушунсо болот?
Насыя диалектилик тилде карыз, ал эми нак диалектиде нагыз (акчалай) эгер экономикалык шартта айта турган болсок
Билдирүүнү түзөткөн: Prince: 15 Апрель 2009 - 16:14
#14 15 Апрель 2009 - 16:13
Ал эми azalove айткандай "Биздин тил жарды, маанисин тушунбой каласын, туштукчо же тундукчо суйлобо" дегенден эч пайда чыкпаары ачык. Эч качан адамды кыстай албайсын сен туштукчо суйлоп атасын тундукчо суйло деп. Андай боло турган болсо кээ бир учурларда келишбестик келип чыгышы мумкун. Мындай учурларда жалпыга белгилуу эле адабий создор бар. Ал эми кыргыздын тилин соз байлыгын эч качан жарды деп айтууга болбойт. Бул озубуздун гана эне тилибизди чанып башка тилде суйлогонубуз болуп атат, жана биз бул жол менен кыргыз тилин унуткарып жиберип же жардыга чыгарып коюп атабыз. Мисалы биз кээде кыргызча маанисин билбей орусча суйлой коебуз, орусчаны кошбой туруп деле ошол создун кыргызча маанисин колдонсо болот. Дагы бир айта кете турган нерсе тил эки жол менен байыйт замандын онугуусунун негизинде жана башка тилдердин таасири астында. Буга мисал келтире турган болсок кыргызча деп колдонуп жургон калем созубуз арабтардын "калам" созунон келип чыккан, ал эми "карандаш" , созу илгерки "кара таш" созунон келип чыккан деген уламыштар бар
#15 15 Апрель 2009 - 16:17
Цитата
Таласта биздеги чайнекти барсек деп да айтышат экен.
#16 15 Апрель 2009 - 16:32
кукурт-ширенке
торпок-музоо
аллей-наристе, ымыркай
абиже-эже ж.б.
Баткенде:
энди-эми
онетте-тиги
мынетте-мына
ПОка ЭСИМДЕ УШУЛ
Жеңиш - менин тагдырым.
#17 15 Апрель 2009 - 17:46
Цитата
Айтмакчы Колдун диалектикасы боюнча "Вадовод" деген созу мени абдан тан калдырат, жана бул создун келип чыгышы мени абдан кызыктырат. Негизи вадовод деп тамак куйган кесени айтышат экен. Ошондой эле бут кийимдин баарын эле чокой дешкендери бизге жакшы эле белгилуу болуп калды окшойт.
Баякы эле Таластык досуман орсштонбочу деген созду уктум эмнени так тушундурорун тушуно албадым.
Тему, кыргыз тилине башка тилдерден сөздөр эки башка ыңгайда кирген. Биринчиси, зарылдыктын негизинде, экинчиси, мажбурлоо менен.
"Вадовод" сөзүн Азура жакшы түшүндү рүптүр. .. "мына, суу" деп, кытай чынысына суу берсе, ошол буюмдун аты ушул экен деген го көлдүк туугандар. Африкага европалыктар баргандагы "кенгурунун" аталышындай кеп да бул!!!
Билесиңби, орустар ( жалпы эли эмес, улутчулдары. ..) тарыхта бир буюмдун аталышын эмес, бир бүтүн элдин тарыхый атын өзгөртү п жиберишкен. Мисалы, бизге тууган Сака (Саха) элин "якут" деп аташкан. Орус баскынчылары аларды алгач басып алардан мурун, соодагерлери барып, буюмдарды таратып ( ал буюмдардын ичинде арак да бар), соодалашкан. Башында аракты бекер (акысыз) куюп берип, ага көндүрү шкөн. Анан аракка көнгөн эл ( ичиндеги көпчүлү к адамдар) кызыгып, орус соодагерлери барганда арак сурашып, "я -мен, кут-куй (идишке куй!) дешкенден улам, аларды "я+ кут+ якут" дешип аташкан. Кээ бир билермандар "якутту" "жакут" атаганы таптакыр туура эмес!
Анан сөздөрдү жазганда катасыз жазганга аракет кылсаң! Таластык досуң "орстшонбочу " дедиби, же "оштонбочу" дедиби?..
Баса, "үбө лүктү" ( кээде "үбө лөк"- бул орус тилинен кирген сөз "валик" ...) аксылыктар "октоо" дешет...
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 15 Апрель 2009 - 18:12
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#18 16 Апрель 2009 - 07:39
#19 16 Апрель 2009 - 07:40
#20 16 Апрель 2009 - 07:47
- (40 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »