Торт түрү жана анын рецепти Торт жөнүндө билгендерге Жана билбегендерге
#22 17 Ноябрь 2013 - 11:51
Aydashka (13 Ноябрь 2012 - 02:47) жазган:
Керектелүүчү азыктар:
Жумуртка — 4 даана
Маргарин — 80 г
Шекер (+ 5 аш кашык глазурга) — 1 стак.
Бал — 3 аш кашык
Каймак (3 аш кашык камырга, 1 кг кремге, + 1 аш кашык кыям учун)
Содa — 1.5 чай кашык
Ун — 4 стак.
Какао-порошок — 2 аш кашык
Каймак май — 50 г
Жазалуу ыкмасы:
1.Мискейге жумуртка менен шекер жана маргарин, каймак, балды кошуп үстүнөн сода менен себелейбиз.
2.Мискейди бууга коюп коёбуз
3.Аралашманы жакшылап бир массага келгичекти аралаштырып турабыз.( 10-15 мин тегерегинде).
4.Буулангандан кийин үстүнө унду себелеп камыр кылып жуурабыз. Жакшылап жаап жарым тындырып коебуз, андан соң 10 бөлүккө бөлөбүз.
Ар бир болукту тактайга жайып алабыз(өзүбүз каалаган өлчөмдө).
5.Духовкага алтын түсүнө келгиче бышырабыз. Кээде жабышып калышы мумкун бирок атайын кашык менен оной эле чыгарып алууга болот.Бышкан тегерекчелерди үстү үстүнө койбойбуз анткени жабышып калат.
Ар бир тегерекчени каймак аралашмасы менен шыбап үстү үстүнө коёбуз.Капталдарын тегиздеп крем менен шыбайбыз.
Шоколад глазурун даярдап алабыз.
Мискейге (эмаль) какао жана шекерге каймакты кошуп жай отко коебуз шекер эрип кеткиче.Эгерде каймак аз болсо дагы кошобуз. Түбүнө жабышып калбашы үчүн майды кошуп аралаштырып турабыз. Аралашма даяр болгон соң, бир аз тындырып алып тегерекчелерди (корж). өзүбүздүн фантазияга жараша кооздоп алабыз. Крем жакшылап сиңип кетиши үчүн бир топ убакытка чейин коюп коебуз.
Тамагыныздар таттуу болсун!! !
#23 07 Февраль 2014 - 20:51
#24 08 Февраль 2014 - 02:15
Керектелуучу азыктар: Ананас-1 даана; Жумуртка-3 даана; Кумшекер-180гр; Майлуу сут-750мл; Ачуу шоколад-150гр; Кокос.
Даярдалышы: 1) Ананасты 4 болукко болуп, сырткы кабыгынан ажыратып алабыз. Андан сон кубик турундо майдалап туурайбыз. 2) Кесилген ананастын 3болугун кумшекерге жакшылап аралаштырабыз. 3) Сутко жумурьканы кошуп , кошулманы ананас пюресине аралаштырабыз. 4)Тегерек атайын формадагы ылайыктуу идишке даяр болгон боткону куюп, устундо калган ананастын 1болугун кынаптап тизебиз. Андан сон муздаткычтын морозилнигинде 12саатка тыныктырабыз. 5)Тондурулган каражьатты жай отко коюп, устуно шоколад куябыз. Шоколад тегиз эригенден кийин каражатты кайрадан муздаткычта тыныктырабыз. 6) Формасына келген тортту керектуу кремдер жана кокос менен кооздойбуз.
#25 08 Февраль 2014 - 02:17
Керектелуучу азыктар: Ананас-1 даана; Жумуртка-3 даана; Кумшекер-180гр; Майлуу сут-750мл; Ачуу шоколад-150гр; Кокос.
Даярдалышы: 1) Ананасты 4 болукко болуп, сырткы кабыгынан ажыратып алабыз. Андан сон кубик турундо майдалап туурайбыз. 2) Кесилген ананастын 3болугун кумшекерге жакшылап аралаштырабыз. 3) Сутко жумурьканы кошуп , кошулманы ананас пюресине аралаштырабыз. 4)Тегерек атайын формадагы ылайыктуу идишке даяр болгон боткону куюп, устундо калган ананастын 1болугун кынаптап тизебиз. Андан сон муздаткычтын морозилнигинде 12саатка тыныктырабыз. 5)Тондурулган каражьатты жай отко коюп, устуно шоколад куябыз. Шоколад тегиз эригенден кийин каражатты кайрадан муздаткычта тыныктырабыз. 6) Формасына келген тортту керектуу кремдер жана кокос менен кооздойбуз.
#26 11 Апрель 2014 - 00:55
10 даана жумуртка.
250гр ун.
200гр шекер.
Ванилин,разрехитель1 ден.
10 даана жумуртканы миксер менен жакшылап аралаштырып, ага шекерди кошуп дагы аралаштырабыз. Андан сон унду кошуп аралаштырабыз, ванелин, разрехительди да кошуп аралаштырабыз миксер менен жакшы болот. Даяр болгондо кою эле болуп калат эгер баарын нормада кошсонуз. Экиге болуп жайыраак отто бышырылат.
Кремине болсо бир сгущеное молоко менен бир шедрое лето керек. Экоону бир идишке салып миксер менен жакшылап аралаштырабыз, экоо бирдей болуп калганга дейре.
Торт бышып сууп калганда тортун коломундой жайык идишке салып устуно ото ширин болгон суудан кашык менен тегиз кылып куябыз коп эмес бирок бир да кургак жерин калтырбай... Даярдалган кремди бир катар суйкоп чыгып экинчи тортту коебуз, анын бетинда так эле ушундай шекер суудан бетине кашык менен куюп кремди суйкойбуз. Андан сон жангакды эзип же, печеньени эзип бетине себип койсонуз болот. Уйдогу шартта жазалуучу торт, тез жана оной болот, коп деле каражат кетпейт
Смысл жизни улыбка мамы.
.
Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
#27 14 Апрель 2014 - 20:02
Кандай азыктар керек:
Сут:150 мл
Шекер:300 г
Каймакмай:300г
Ун:500г
Жумуртка:1 даана
Лимон:2 даана
Шекер упасы: 2 чон кашык
Дрожж: 30-40г
Кантип жасалат?
1. Дрожду жылуу сутко аралаштырып, ага жарым чай кашык шекер кошуп жылуу жерге бир аз коюп коесуз.
2.Андан сон ага жумуртканы, жумшарган каймакмайды кошуп жакшылап чалып, акырында унду кошуп камыр жууруйсуз.
3.Камырды 1,5 саат тыныктырасыз.
4. Начинкасын жасоо учун лимон менен алманы эт майдалагычтан откоруп, ага шекерди аралаштырасыз.
5. Тыныккан камырды уч болукко болуп алып, ар бир болукту тегерек кылып жаясыз.
6. Майланган калыпка тегерекчени коюп, анын устуно начинкадан тегиз кылып саласыз.
7. Экинчи тегерекчени коюп, дагы начинка саласыз.
8. Эн устуно учунчу тегерекчени коесуз да, тортту духовкага салып ачык кызыл туско келгенге чейин бышырасыз.
9. Даяр болгон торттун бетине шекер упасынан себелеп коесуз.
#28 14 Апрель 2014 - 20:49
Кандай азыктар керек?
Камыры учун:
Каймакмай: 150г
Жумуртка: 3 даана
Шекер: 150 г
Сут: 150мл
Ун: 225 г
Крахмал: 50 г
Коптургуч (разрыхлитель): жарым пакет
Туз: 1 ууч
Начикасы учун:
Каймакмай: 125 г
Шоколад: 125г
Жумуртка: 2 даана
Шекер: 1 чон кашык
Кооздоо учун:
Шоколад: 150 u
Бир аз каймакмай
Кантип жасалат?
1. Камыр жасоо учун жумшартылган каймакмайга жумуртканын сарысын кошуп кобургончо чаласыз.
2. Ага сутту, унду, крахмалды, коптургучту, тузду кошуп камыр жууруйсуз.
3. Камырга жумуртканын агын кошуп, дагы жакшылап аралаштырасыз. Натыйжада суюк камыр пайда болууга тийиш.
4. Тегерек калыпты маргарин майы менен майлап, ага 3 чон кашыктан камыр куясыз да, 200градус температурадагы духовкага ар бирин 8-10 муноттон бышырасыз.
5. Даярдалган камырдан 6-8 тегерекче чыгыш керек.
6. Даяр болгон тегерекчелерди муздатуу учун жайып коесуз.
7. Торттун начикансын даярдоо учун мискейдеги кайнап жаткан суунун устуно дагы бир кичине мискей коюп, ага каймакмай менен шоколадды салып эритесиз.
8. Жумуртка менен шекерди кошуп, шекер эригенге чейин жакшылап чаласыз.
9. Бул аралашманы шоколад менен майдын муздаган эритмесине кошуп аралаштырасыз.
10. Даяр болгон начинканы торттун ар бир кабатынын ортосуна суртосуз.
11. Кооздоо учун шоколад менен каймакмайды кайнап жаткан суунун устундогу мискейге салып эритип, аны ысык бойдон торттун устуно куясыз.
#29 14 Апрель 2014 - 21:37
Кандай азыктар керек?
Камыры учун:
Маргарин: 1 пачка
Ун: 2-2,5 стакан
Жумуртка: 1 даана
Суу: жарым стакан
Туз: 1 ууч
Креми учун:
Сут: 3 стакан
Жумуртканын сарысы: 3 даана
Шекер: 1 стакан
Ун: 3 чон кашык
Кантип жасалат?
1. Жумуртканы чалып, ага сууну, унду, туз кошуп тегиз, чоюлчаак кылып камыр жууруйсуз
2. Бир аз тыныктырган сон камырды жука кылып жайып, бетине жумшартылган маргаринди тегиз кылып суртосуз да, рулет кылып оройсуз.
3. Оролгон камырды муздаткычка 1 саатка салып коесуз.
4.Бул учурда крем жасоо менен алек болосуз. Ал учун жумурткалардын сарысына шекерди кошуп эригенче чалып, ага унду, бир аз сут кошуп жакшылап аралаштырасыз.
5. Калган сутту идишке куюп, отко коесуз. Кайнаган сон отту азайтып, суттун устуно жогорудагы аралашманы куясыз да, коюланганга чейин узгултуксуз аралаштырып турасыз (крем к айнабаш керек).
6. Кремди муздатасыз.
7. Муздаткычтагы оролгон камырды алып чыгып, анча чон эмес болукторго болосуз.
8. Алардын ар бирин жука кылып жайып, 180-190 градустагы температурада ачык кызыл туско келтире бышырасыз.
9. Ар бир кабаттын арасына жана торттун эн устунку бетине кремден суртуп коесуз.
#30 15 Апрель 2014 - 13:22
Азыктар:
Печенье ("Юбилейное" , "Топленое молоко" дегендейлер)
Коютулган таттуу сүт (сгущенка)
Ак май (сливочное масло)
Каймак (тартылганы жакшы)
Жаңгак(майдаланган), шоколад (плитичный)
Печеньени майдалайсыз JPG]
Коютулган сүткө каймак менен ак майды кошуп аралаштырасыз JPG]
Ал аралашманы майдаланган печенье менен аралаштырасыз JPG]
Алынган массаны табакка салып, үстүнө жаңгак жана шоклоадды себелеп, 3- минутага муздаткычка салып коюңуз.
Торт даяр
Билдирүүнү түзөткөн: Umka220190: 15 Апрель 2014 - 13:23
#32 03 Май 2014 - 11:29
Jumurtka- 3-6ga 4eyin bolo beret.
Kumweker-0.5.gr
Ayran-0.5 l
osumduk may-2,3 kawyk.
Un-koyuk b0luwun4a.
Sooda,vanilin,razryhlitel.
Dayardalyshy:
Baaryn ireti m.n salyp ,undu az azdan salyp aralawtyrabyz,undan kiyin,sooda,vanilindi, raz.di salyp 10-15 min. Koyup turabyz. 280-300 gradusta pyshyryp alabyz.
Ustuno krem surtkunuz kelse. Moloko m.n wokolatnyi kremdi me4taga salyp aralawtyryp,koios. Siz oilogon pirok dayar.
#33 07 Июнь 2014 - 15:41
#34 08 Июнь 2014 - 13:04
бир пачка май. "Беловодское" дегенди алам - 60 сом турат. Аны 3 ууч ун менен суртом, (жарым кашык соода кошуп коём) порошок болгуча. 3 жумуртканы (25 сом) бир стакан шекер менен чалып, унга кошуп камыр жууруйм. Камыр жумшак, колго жабышпасы керек . Камырды жарым саатка муздаткычка салып койгон жакшы. Муздаткычтан алып ал камырды он кесимге болуп ар кесимди жука жайып, бышыруучу идишке салып, тарелка менен тегиздеп кесип духовкага бышыра баштайм. Духовканызда нанды кайсы градуста бышырсаныз, ошол эле градуста бышыра берсенер болот. Корж беш мунотто эле бышып калат. Баардыгын бышырып алып (корждор катуу, бат сынчу болуп калат, уболоп албагыла).
Кремди кээде кайнатып жасайм, кээде бир пачка кам каймакты ("умут" тун сметанасын алам - 55 сом) бир стакан шекер менен чалып, какао болсо андан бир аш кашык кошом. Жангагынар болсо андан кошкула. Крем даяр. Кремди коржго суйкоп, тортту каптай бергиле. Он катту торт болот. Аны муздаткычка аз дегенде беш саатка койгула, а вообще лучше оставить на ночь. Приятного аппетита.
Билдирүүнү түзөткөн: sestra: 08 Июнь 2014 - 13:05
#35 11 Июнь 2014 - 16:51
Курамы:
2 стакан кумшекер
1 чай кашык какао
1 стакан ун
1 стакан майонез
1 стакан каймак
1 жумуртканын агы (белогу)
Жасалышы:
Чуңкур идишке 1 стакан кумшекер, какао, ун кошуп аралаштырып, үстүнө майонезди саласыз. Андан кийин андан идишти майлап, ичине жогоркуларды салып электрочоктун ичинде 30-40 мүнөт кармайсыз. Экинчи идишке каймакты куюп, белокту жана 1 стакан кумшекерди салып аралаштырасыз. Бышкан даамды туурасынан тең экиге бөлүп, экинчи идиштеги массаны эки бетине тең шыбайсыз. Табитиңизге жараша каалаган нерсеңиз менен кооздоп койсоңуз да болот.
#36 11 Июнь 2014 - 16:53
#37 15 Июнь 2014 - 02:24
Ylykbek1990 (14 Апрель 2014 - 18:37) жазган:
Кандай азыктар керек?
Камыры учун:
Маргарин: 1 пачка
Ун: 2-2,5 стакан
Жумуртка: 1 даана
Суу: жарым стакан
Туз: 1 ууч
Креми учун:
Сут: 3 стакан
Жумуртканын сарысы: 3 даана
Шекер: 1 стакан
Ун: 3 чон кашык
Кантип жасалат?
1. Жумуртканы чалып, ага сууну, унду, туз кошуп тегиз, чоюлчаак кылып камыр жууруйсуз
2. Бир аз тыныктырган сон камырды жука кылып жайып, бетине жумшартылган маргаринди тегиз кылып суртосуз да, рулет кылып оройсуз.
3. Оролгон камырды муздаткычка 1 саатка салып коесуз.
4.Бул учурда крем жасоо менен алек болосуз. Ал учун жумурткалардын сарысына шекерди кошуп эригенче чалып, ага унду, бир аз сут кошуп жакшылап аралаштырасыз.
5. Калган сутту идишке куюп, отко коесуз. Кайнаган сон отту азайтып, суттун устуно жогорудагы аралашманы куясыз да, коюланганга чейин узгултуксуз аралаштырып турасыз (крем к айнабаш керек).
6. Кремди муздатасыз.
7. Муздаткычтагы оролгон камырды алып чыгып, анча чон эмес болукторго болосуз.
8. Алардын ар бирин жука кылып жайып, 180-190 градустагы температурада ачык кызыл туско келтире бышырасыз.
9. Ар бир кабаттын арасына жана торттун эн устунку бетине кремден суртуп коесуз.
Рахмат тун жарым болгонуна карабай бышырып короюнчу.
#38 27 Июль 2014 - 20:10
Керектелүүчү азыктар:
3стакан ун
1стакан суу
300гр сары май
2 жумуртка
1кашык шекер уну (пудра)
Жасалышы:
Жогорудагы азыктардын баарын аралаштырып камыр жууруйсуз. Жуурулган камырды 1,5 миллиметр калыңдыкта жайып, анан аны кичине нымдалган металл идишке салып, кээ бир жерлерин колуңуз менен сайгылап коюңуз. Себеби, камыр көөп чыгышы мүмкүн. Камырды 240-260 градус ысыкта бышырыңыз. Бышкандан кийин аны туурасынан экиге бөлүп, четтерин тегиздеп кесип алыңыз. Кесиндиден калган бөлүктөрү күкүм катары кетет. Ал эми бөлүнгөн беттерине кремден шыбап, торттун үстүнө шекер уну аралаштырылган күкүмдөрдү сээп коюңуз.
Мына сиз күткөн торт дагы даяр болду.
#39 28 Июль 2014 - 14:55
"Жемиш мезгили" торту
Керектүү азыктар:
5 жумуртка
2 стак. кумшекер
1 стак. ун
2 чай кашык
0,5 л суу
400 г. быштак
100 г. маргарин майы
1 баштык атайын торт үчүн желе.
Даярдоо ыкмасы:
Биринчи катарына коюлуучу бисквитке: 5 жумуртканы акырындык менен чалып, 1 стакан кумшекер жана унду аралаштырабыз.
Экинчи катарына коюлуучу быштакка: желенин үстүнө муздак суу кошуп, 45 мүнөт жай отко коюп, кайнаганга чейин аралаштырып туруу керек. Желе муздаганга чейин, быштакка 1стакан кумшекер жана 100г. каймак кошуңуз. Даяр болгон быштак менен муздаган желени акырындык менен аралаштырып, муздаткычка коюп коюңуз. Быштак муздагандан кийин үстүн табитиңизге жараша жер- жемиштер менен кооздосоңуз болот. Желени өзүнүн даярдоо ыкмасыменен даярдап, торттун эң үстүнкү катмарына куюп коюңуз.
#40 28 Июль 2014 - 14:56
Керектүү азыктар:
3 стакан ун
200г. маргарин майы.
3 даана жумуртка
1 баштык камырды көптүрүүчү порошок.
Даярдоо ыкмасы:
3 стакан унга 200г. маргарин майын, 3 даана жумуртка, 2-3 стакан кумшекер, камыр көптүрүүчү порошок (разрыхлитель) кошуп жууруйбуз. Даяр болгон камырды 3 бөлүккө бөлүп, 30 мүнөткө муздаткычка коюп коюш керек. Муздаган камырды жайып, бышырып, даярдаган кремден сүйкөп коюңуз.
Кремди даярдоо ыкмасы:
Апельсин менен лимонду кабыгы менен эт туурагычтан өткөзүп, 0,5 стакан кумшекер кошуп, коюуланганга чейин кайнатабыз. Даяр болгон сиропту 1 банка кумшекер кошулган сүт (сгущенка) менен аралаштырып коёбуз.