Кыргыз диaлекттери жaнa эски кыргыз сөздөрү, архаизмдер
#22 16 Апрель 2009 - 09:00
Цитата
Дос эми мен озум укканымды жазамда. Чындыгында эле оштонбочу дегенго. Кулактан экоо болгон менен кээде канырыш угуп калышында мумкунда туурабы?
#23 16 Апрель 2009 - 09:02
Цитата
Бизде таштек жана чылапчын деп айтышат, бирок кумганды илеген деп айтпайбыз. Илеген деп туштукто чылапчынды айтышат.
#24 16 Апрель 2009 - 09:09
Дагы бир окуя айта кетсем. Мындан бир жыл мурун Ошко командировкага барып калдык эле. Анан бир достун уйундо кичине жардамдашып иштеп калдык. Кошунасыбы же таанышыбы билбейм, биз иштеп жаткан жерден отуп баратып "А" дегиле деп салса. Анан баякы дос бала "А" деп коюш керек экенда. Негизинен кошунасы эмнеге мындай дегенин тушунгонум жок. Мен жон гана ойлоп койдум ушундай приколго деп.
#25 16 Апрель 2009 - 12:44
Современныйлар:
Звонок кыл-телефон чал
Пешком-жоо басуу
Анан туштукто чай ичип кет десе, жок рахмат деп коюш керек экен. Эгер чай бергиси келсе кыйнап киргизет экен оздору. Сылык учун айтылган соз окшойт.
#27 16 Апрель 2009 - 13:33
Цитата
Цитата
Дос эми мен озум укканымды жазамда. Чындыгында эле оштонбочу дегенго. Кулактан экоо болгон менен кээде канырыш угуп калышында мумкунда туурабы?
Туура, кулак экөө болгон менен кээде каңырыш угуп калышың толук мүмкүн дечи. Бирок, ката жазылса, ошол сөздүн маанисин чечмелөө кыйын, же таптакыр мүмкүн эмес болуп кала турганын менден жакшы билесиң да, чынбы? Мен ошону айттым... Демек, досуң: "оштонбо" деген болсо, "обу жоктонбо! " деген турбайбы! !!
Мисалы, ашыкча сулууланган кыздарды сындаган:
"Осмону коюп оштонот,
Бүлүнү п жатып кооздонот.
Күзгүдө н кийин карасаң,
Кан жалаган ооздонот..." деген ыр бар эле илгери.
Ал эми кайсы бир жумушту аткарып жаткандардын жанына келип, же өтүп баратып: "И, а дегиле, балдар"-деп койсо, демек, иштеп жаткандарды сүрөп, аларга дем берип, колдоп койгону болуп эсептелет. Көпчүлү к учурда: "Иш илгери!.." -деп да айтышат.
Атамандын айтканында негиз бар. Сылыктык үчүн гана" Чай ичип кетиңиз" деп коюшу да толук ыктымал. Эми Атаман анекдотту жакшы көрөт эмеспи, ушул туурасында бир анекдот:
Наркы айылдык бир таанышы, ушул айылдык таанышынын үйүнө н жанынан өтүп баратса, үй ээси:
-О дос, жол болсун! Кайдан келатасың ? Аттан түш, конок болуп кет,-десе, тиги шып эле аттан түшүп:
-Атымды кайда байлайын?-деген турбайбы.
Анын мындай бат эле макул боло калганына шаша түшкөн үй ээси:
-Ммм. А атыңды тилиме байлап коё кал...- деген тура!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#28 16 Апрель 2009 - 13:48
#29 20 Апрель 2009 - 08:54
Колдо Ава- Нарында байке
Араванда Ака - Нарында ата
Ошский диалект:
секин-акырын
она-тетигине
ониякта-тетиги жакта
#30 20 Апрель 2009 - 17:29
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 20 Апрель 2009 - 17:39
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#31 20 Апрель 2009 - 19:01
Цитата
Бизде Таласта "Дагыра" деп айтабыз Нарында болсо таштек деп айтылат экен. А эми Илеген деп биз подносту айтсак нарында суу куйган Кумганды айтышат экен
Бизде таштек жана чылапчын деп айтышат, бирок кумганды илеген деп айтпайбыз. Илеген деп туштукто чылапчынды айтышат
достор силер туштук деп жалпы туштук жакты айтсанар туура болбой калат экен.Таласта "дагыра" деп айтса,нарында "таштек "дейт,ал эми Баткенде "чара" деп айтышат.Кумганды Баткенде "абдесте" дейт. Туштукто 3 облус бар. .аларда да создорундо айырма бар.
#32 21 Апрель 2009 - 08:24
Цитата
Сары-Челек деген аталыш аябай кызыктуу экен. Мен ушул жердин аты фарс тилинен алынса керек деп ойлоп кетем. Анткени, «чалак» деген сөз «өзөн» жана «бөлүк» деген эки маанини берет болушу керек эле. Ал эми «сар» деген тарабы болсо «баш» дегенди билдирет. Башкача айтканда «сар-ы чалак» же биздеги вариантына опокшош түрүндө «сар-ы челек» болуп айтылат. «Өзөндү н башы» деген маанини берип калат. Перс тилинин грамматикасына да туура келет. Аша чапкан болсом, кечирим сурайм. Айтайын дегеним, Кыргызстандагы жер-суу аталышытарында перс, монгол тектүү сөздөр көп учурайт. Азыркы кыргыз тилиндеги «чака» менен «челек» сөздөрү бул жердин маанисине коошпосо керек.
#33 24 Апрель 2009 - 22:51
Цитата
Цитата
Сары-Челек деген аталыш аябай кызыктуу экен. Мен ушул жердин аты фарс тилинен алынса керек деп ойлоп кетем. Анткени, «чалак» деген сөз «өзөн» жана «бөлүк» деген эки маанини берет болушу керек эле. Ал эми «сар» деген тарабы болсо «баш» дегенди билдирет. Башкача айтканда «сар-ы чалак» же биздеги вариантына опокшош түрүндө «сар-ы челек» болуп айтылат. «Өзөндү н башы» деген маанини берип калат. Перс тилинин грамматикасына да туура келет. Аша чапкан болсом, кечирим сурайм. Айтайын дегеним, Кыргызстандагы жер-суу аталышытарында перс, монгол тектүү сөздөр көп учурайт. Азыркы кыргыз тилиндеги «чака» менен «челек» сөздөрү бул жердин маанисине коошпосо керек.
Кызыктуу вариант экен! Дагы кимдин кандай илимий божомолдору бар? "Челек" деген түндүк кыргыздарда эмне маанини берет? Албетте, "өзө н, же бөлүк" эместир деп үмүттө нөмүн!?.
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 24 Апрель 2009 - 22:54
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#34 25 Апрель 2009 - 13:46
Цитата
ЧЕЛЕК деген чака эмес, чаканы чака дейт. А ЧЕЛЕК жыгачтан жасалып, эн кичинеси 30 литр бата тургандай идиш. Ага бозо ачытышкан. Айран, жарма куюшкан. Коп учурда арчадан жасашкан.
Сары-Челек аталышындагы ЧЕЛЕК созу ЧАЛАК созунон экени талашчыз. Мисалы Чарун-Чалак деген жер аталышы болгон мурдараак. Азыркы кайсы жер экенин унутуп атам. ЧАЛАк созу капчыгайлуу жерлерге коюлган. Так маанисин дагы эстен чыгарыпмын. Окудум эле да кашайгырдыкы
#35 25 Апрель 2009 - 14:59
Кыргыздар орустар келгенге чейин темир челек (чака) эмес, жыгачтан чабылган челектерди суу ташууга пайдалангандыр. .. Ошондон улам түштүк кыргыздар чаканы "челек" деп калышыкандыр я?
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 25 Апрель 2009 - 15:06
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#36 12 Май 2009 - 14:58
#37 16 Май 2009 - 23:22
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#38 17 Май 2009 - 08:45
Цитата
Узбекче ачкычты эмне дейт болду экен?
#39 18 Май 2009 - 09:49
Цитата
Өзбекчеде кандай экени мен үчүн кызыксыз. Мен билгенден фарс тилинин «келид» же «килиид» сөзү кыргыз тилиндеги «кулпу» сөзүнү н маанисин берет. Окшош варианттар боюнча интернеттен карасам, фарс тилиндеги «келиид» сөзү грекчедеги «kleidi» сөзүнө н алынган экен. Булардын бардыгын салыштырып отуруп, кыргыз тилиндеги «кулпу» сөзүнү н кайдан келгенин жакшы байкаган киши дароо эле түшүнө т. Ыраазычылыктар!
#40 18 Май 2009 - 14:46
Цитата
табигый - натуральный
бир туштуктук таанышым "нак" деген- алмурутту тушундурот деп айтты эле,бул дагы бир мааниси болсо керек
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)