Кандайсынар форумчуулар!
мен бул теманы ачканымдын себеби,кээ бир оорулар дал ушул туура тамактанбагандан болот экен,ошол учун силер туура тамактанасынарбы?
кайсы азыктар зыян,кайсылары пайдалуу экенин жазсанар дегеле адам баласы кантип туура тамактаныш керек ушул жонундо озунордун ойунарды жаза бергиле.
Баракча 1 - 1
Туура тамактануу жонундо
#2 11 Июнь 2014 - 02:43
Автор эми ар кимдин организми ар кылда. Озуно ылайыктап тамактана беретда. Мындай темалар бар болсо керек.
Убакыт учкан куш
#3 11 Июнь 2014 - 12:53
Узак жана денсоолукта жашаш үчүн, биринчи кезекте, туура тамактануу
зарыл
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#4 12 Июнь 2014 - 13:13
Эмнелерди жеп-ичүүнү жазбасам да, бир аз тартиптерин жаза кетейин..
1. Колду жууп арчыбоо. (Медицинада- операцияга кирээрде, колду жууган соң арчыбайт . Ошондо колдо бир да микроп калбайт. Алаканды жайып колду бири-бирине жакын кылып турсаңыз, заматта кургайт).
2. Бир бутту көтөрүп, бирин басып олтуруу. ( Бул олтурушта ашказан 3-бөлүкө бөлүнөт. Суу, коюуктук, аба болуп. Мындай олтуруш менен, кишинин ичи (карды) чыгуу, тамак сиңбей калуу деген болбойт).
3. Бисмиллани (Бисмиллаахи рохмани рохим) айтуу..
4. Оң кол менен жешлик. (Сол колдо жешликте, жүрөк ооруларынын коркуручу бар).
5. Кол менен жешлик. өтө эле суюк болбосо. (Адамдын колу тамака тийгенде, организим ошол температуурага даяр болуп турат. Лошканыз муздак, тамак ыссык келгенде, ашказанга зыян. кээ бир ооруларга себеп болот.).
Кандай жеш керек, кантип бүтүрүш керек, мунун тартиптери өтө көп. Колум бош болгондо жазып коём.
Булардын эң негизгиси сүннөт, сооп аласыз..

Билдирүүнү түзөткөн: musulmanin: 12 Июнь 2014 - 13:23
#5 19 Июнь 2014 - 08:47
Мусульманин ака туура айтат сиз атайын суннот китепти ачып окусаныз тамактануу,
уйку адеби жана да башка толгон токой туура жашоонун сырларын уйроносуз да. Туура жашаганыныз ден-соолугунузга биринчиден эн чон пайда анан сооп таба аласыз.
#6 19 Июнь 2014 - 08:52
Мед.к жактан айтканда. Ар бир тамактын оз орду бар мисалы, белок, углевод майлар ж.б нормасында жесениз гана эн сонун. Жалпак тил менен айтканда кундо эле "Аш" (бизде Ошто именно Озгонундо) боло бербей , оз ара ар турдуу тамак женил. Жашылча жер жемишке басым коюнуз.
#7 19 Июнь 2014 - 14:29
туура тамактанууда мындай эреже бар: жайылган алакандын олчомундо протеин (белок), алаканды ууч кылганда углевод, муштумдун олчомундо клетчатка (неперевариваемые пищевые волокна) жана баш бармак олчомундо май (жир). Эркектерге бул олчомдорду эки эсе коп алуусу ыктымал.
Белок бул азыктарда бар: эттин турундо, сут азыктарында, жумурткаларда; осумдук белогу фасольдо, буурчактын турлорундо.
Углеводдор баардык эле злаки, крупы (кыргызчасын билбей койдум), кургатылган момолордо.
Клетчатка баардык жер жемиштер, жашылчаларда.
Майды баарыбыз эле билебиз жаныбар майлары, осумдук майлары - жангактын турлору.

#8 20 Июнь 2014 - 20:37
Сестрага кыстарма: злаки, крупы- дан азыктары: куруч, буудай, гречка жб
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#9 28 Октябрь 2014 - 11:13
Жакшы өсүп, жетилип, жигердүү иштеп, ден соолук чың болуш үчүн жакшы жана туура тамактануу керек. Себеби, жакшы тамактануу-
организмди керектүү заттар менен чыңдап, көптөгөн оорулардан сактайт. Адам баласы эптеп эле карын тойгозуш үчүн тамактаныш эмес, энергияга толгон, иммунитетти күчтүү, сергек жашоо үчүн тамактануусу керек.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#10 28 Октябрь 2014 - 11:16
Начар тамактануудан адам:
1.Шайы кетип, чарчайт;
2. Табити жоголот;
3.Кан аздык, анемия оорусу байда болот;
4.Адам оозунун эки тарабына жаралар чыгып, кургашы мүмкүн;
5.Ой жүгүртүү начарлап баш ооруйт;
6.Чачтар суюулуп, өңү өчөт жана түшө баштайт;
Төмөндөгү көйгөйлөрдүн башка да себептер бар, бирок кээде начар тамактануудан, оорунун күчөп кетишине алып келген учурлар да болот.
1.Ич өтүү, зат алмашуунун начарлашы;
2.Жугуштуу оорулардын көбөйүшү;
3.Кулак зыңылдоо;
4.Тиштин бүйлөөсүнүн каноосу же кызарып ооруусу;
5.Ашказандын жакшы иштебөөсү;
6.Теринин кургап кесилиши; жүрөктүн катуу согушу;
7.Тынчы кетип, жини бат келүү же акылдан адашуу оорууларына чалдыгуу;
8.Кара сарык (боор циррозу) болуу.
Ар түрдүү аш болумдуу тамак-аш адамды оорудан гана сактабастан, дененин оорууларга каршы күрөшүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Ошондуктан ооруган адам аш болумдуу тамакты ар дайым каалап, каалабаса да жеп турууга тийиш. Аш болумдуу тамак бейтаптын тезирээк айыгып кетишине шарт түзөт. Жаш балдардын жакшы тамактанбай жүргөндүгүн, анын кол булчуңунун жоондугу көргөзөт.
Эгерде, бир жаштан өткөн баланын кол булчуңунун жоондугу 13,5 см.ге жетпесе, анда бала начар тамактангандыктан организминин начарлап жаткандыгын билдирет.
Негизги жана кошумча азыктар
Дүйнө жүзүндөгү элдердин басымдуу бөлүгү бир өңчөй, арзан азыктарды жешет. Жашаган аймагына жараша, күрүч, жүгөрү, таруу, буудай, картошка болушу мүмкүн. Мындай негизги азыктар адатта денени күндөлүк азыктар менен гана камсыз кыла алат. Бирок ага карабай кошумча азыктар абдан керек.
Аларды күндөгү негизги азыктарга кошуп керектөө керек. Негизги азыктарга өсүмдүк майы, шекер, бал сыяктуу дененин өсүшүнө пайдалуу жана жогорку сапаттагы азыктарды пайдалануу керек.
1.Колдон келишинче, буурчак, сүт, жумуртка, жер жаңгак, балык жана эт сыяктуу организмдин өсүшүнө жардам берүүчү азыктарды тамак-аш катары ар күнү колдонуп туруусу зарыл.
2.Кызгылт-сары же сары түстөгү мөмөлөр менен жер жемиштер сыяктуу организмди ар түрдүү оорудан коргоочу азыктарды да пайдаланып турууну эстен чыгарбоо керек. Мындай тамак-аш денени керектүү витаминдер жана минералдар менен камсыз кылып турат. Эгерде, кубат берүүчү азык заттарды керектүү өлчөмдө ала электе, бала тамактан баш тартса, анда ал арыктап, алсырай баштайт.
Туура тамактануу ден соолукту чыңдайт
Үйдөгү дасторкон үстүнө коюлган тамак - аштар, үйбүлө ден соолугун чыңдай тургандай болуш керек. Башкача айтканда, витаминдерге, минералдарга, белок ж.б. бай болушу керек. Ар бир кожойун үйүнө белгилүү азыктарды алып жатканда кайсыл азыктын, кандай пайдасы бар экендигин жакшы билип алуусу керек. Ошондой эле көңүл буруучу дагы бир маселе, алынган тамактын калориясы. Алынган азык - түлүктөрдүн сырттында жазылган калориясына көңүл буруу керек. Албетте, калориясы жогору болгон азыктарды алуу керек. Калория адамдын алсыроосуна жол бербейт. Бирок азыркы демократия убагында көптөгөн сатылып жаткан азыктардын, сырткы көрүнүшү гана өзгөрбөсө сапаты жактан өзгөрбөй жатат

#11 28 Октябрь 2014 - 11:18
Кубат берүүчү азыктар
Кубат берүүчү азыктарга албетте белок, углевод жана майларга бай азыктар кирет. Өлчөмүнө жеткире тамактанбаган адамдын шайы кетип, башы ооруп, кыйналып жүрө бериши мүмкүн.
Ал азыктарга төмөнкүлөр кирет:
Майлар: Өсүмдүк майы, сары май, каймак жана башка курамында май кездешкен сүт азыктары кирет.
Майлуу азыктар: Эт, зайтун майы, жаңгак, жер жаңгак жана башкалар кирет.
Өсүмдүк уруктары: ашкабак уруктары, коон уруктары, күнжүт, күн карама уруктары кирет. Белокторго абдан бай болгондуктан, жаңгак менен өсүмдүк уруктары дененин өсүшүнө жардам берүүчү азыктар катары абдан баалуу.
Негизги азыктар
Негизги азыктарга турмушта абдан көп пайдалануучу азыктар кирет.
Дан азыктары: буудай, курүч, жүгөрү, таару ж.б.
Крахмалдуу тамырлар: кабакча, картошка.
Крахмалдуу мөмө жемиштер: банан, алмурут, жүзүм, курма ж.б.дан азыктары темирге, белокко жана витаминдерге бай келгендиги үчүн организмге абдан керектүү. Айрыкча, өсүп жаткан дене үчүн пайдалуу азыктардын катарына кирет.
Өсүп жаткан организм үчүн керектүү болгон белоктор
Бул белокторго бай азыктарды, жаш балдарга күндө берип туруу керек. Ал бир гана денени чыңабастан ой жүгүртүүнүн өнүгүшүнө да жардам берет.
Саадактуулар: аш буурчак, төө буурчак, тобуя, жасмык.
Жаңгактар: жер жаңгак, грек жаңгагы, бадам, мисте ж.б. данектүүлөр кирет.
Өсүмдүк уруктары: күнжүттүн, күн караманын.
Жаныбардан алынган азыктар: сүт азыктары, жумуртка, балык, тоок эти ж.б.
Денени коргоочу азыктар: витаминдер жана минералдар. Жалпысынан алганда аларга, кочкул-жашыл жалбырактуу өсүмдүктөр кирет: помидор, сабиз, ашкабак, кызылча, капуста, пияз, сарымсак кирет. Ошондой эле мөмө жемиштер: алма, өрүк, алмурут, шабдалы, апельсин ж.б. Ар түрдүү өсүмдүк азыктарын жегенге аракет кылуу керек. Анткени, табийгат адам ден соолугу үчүн ылайыкташып жаралган. Ден соолук үчүн абдан пайдалуу жана денени ар түрдүү белок, витамин жана минералдар менен камсыз кыла алышат.
Витаминдерди, минералдарды жана белокторду арзан баада көбүрөөк алуу боюнча кеңештер
1.Эненин сүтү. Ымыркайдын ден соолугу чың болуш үчүн э? пайдалуу жана арзан берилүүчү азык катары эсептелет. Эне канчалык деңгээлде туура тамактанса, бала да ошончолук азыктуу заттар менен камсыз болот. Ошондуктан, ымыркайды эрте эле эмчектен чыгарып салуу туура эмес.
2.Жумуртка жана тоок эти. Көптөгөн аймактарда жаныбарлардан алынуучу белоктордун эң арзаны жана пайдалуусу. Аны жакшылап бышырып ымыркайга да берсе болот. Шартка байланыштуу үй канаттууларын багуу ашыкча болбойт. Жумуртка кабыгын жакшылап кайнатып, майдалап, тамакка кошуп азыктанса, денеге чыккан жараны, булчуңу тырышса жана бош тиштерге дары катарында абдан пайдалуу.
3.Боор, жүрөк, бөйрөк жана кан - белок, витамин жана темирге абдан бай келет. Этке салыштырмалуу жогорудагы мүчө-лөрдү өтө арзан баада алууга болот.
4.Аш буурчак, төө буурчак, тобуя, жасмык. Саадактуулар белокко бай келет, баасы да арзан. Бул азыктар жаңыдан өнө баштаганда витаминдерге абдан бай болот. Аш буурчакты жакшылап бышырып, электен өткөзүп, ымыркайга да берсе болот.
5.Кочкул жашыл жалбырактуу жер-жемиштер. Курамында бир аз темир, белок жана бир топ "А" витамини бар.
6.Жашылча - жемиштерге, күрүчкө жана башка өсүмдүктөргө сууну аз куюп, бышыруу туура болот. Анткени, алардын курамындагы организмге бай заттар көбүрөөк сакталып калат. Ал азыктар кайнатып бышырылган сууну да ичүү абдан пайдалуу.
7.Жапайы мөмө жемиштер "С" витаминине жана табийгый кантка бай келет. Алар адамга кошумча кубат берип, денени керектүү азыктар менен камсыз кылат.
8.Темир кесиндиси салып бышырылган тамак-анемияга дары болот. Лимонго мыкты сайып, ширесин суусундук кылып ичсе да каназдыкка пайдалуу. Ал эми карачай ордуна көк чай ичкен туура. Себеби, көк чай организмди тазалоочу суюктук.
Витаминдерди кайдан алса болот?
Түрдүү тамак ичип, мөмө - жемиштер жана жашылча - жемиштер менен азыктанган адам организмин керектүү витаминдерге тойгуза алат. Курамында витаминдер бар таблеткаларды, денеге сайма дарыларды же сиропторду колдонгондон көрө жакшылап эле аш болумдуу тамак-аш менен азыктанган оң. Эгер, витаминдерге муктаж болуп жатсаңыз азыктардан гана алууну унутпаңыз. Таблетка жана денеге сайылуучу витаминдүү дары-дармектердин организмге зыяндуу тараптары да болушу мүмкүн.

#12 29 Октябрь 2014 - 16:18
Tuuraby tuura emespi kardyn toiso bolduda.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#13 24 Декабрь 2015 - 16:45
БАШТЫКЧАДАГЫ ЧАЙЛАРДЫН ЗЫЯНЫ !
Баштыкчадагы чайлар бат даяр болгондуктан, кандай жагдайда болбосун, иче койгонго ыңгайлуу болгону менен пайдасыз жактары да бар. Өзүн сыйлаган адам организмине таштанды толтура бербейт. Бирок таштандынын булагы болгон “карын” чайдын сырын баары эле биле беришпесе керек.
Баштыкчадагы чайлар эмнеден жасалат?
Баштыкчадагы чайды чыгарган митаамдар аны сапаттуу майдаланган чайдан эмес, чай өндүрүшүнүн калдыктарынан чыгарышат. Индия менен Кытайда чай өндүрүүчүлөр калдыктарды пайдаланышпайт, аны шылуундар сатып алышат. 10 килограмм чайдын чаңы болгону 10 доллар гана турат. Мындайча айтканда, баштыкчадагы чайдын таңгагы тыйынга эле бааланат. Шылуундар аны чай кылып жасап сатып пайда табышат. Айрым чай баштыкчаларына чаң эле эмес, чөп, кыпын жана башка майда-чүйдө нерселер кошулат.
Чайдын сапатын кантип билсе болот?
Баштыкчадагы чайдын курамын көз менен көрүп, анализ жүргүзүү да оңой эле. Мисалы, арзан чайдын кыпыны экенин мындайча аныктап койсоңуз болот:
Таңгактагы чайды ачасыз, эгерде баштыктан күрөң порошок сыртка үбөлөнүп чыгып, таңгактын ичи булганып калса, кыпын ичип аткан болосуз.
Эгерде таңгак таза болгон учурда да анын ичинде чыныгы майдаланган жалбырактуу чай экенине эч кандай кепилдик жок. Орусияда мөөнөтү өтүп кеткен чайлардын 20 пайызын баштыкчаларга салып сатыкка коюшат. Ал мөөнөтү өтүп кеткен чайлар өзүнүн сапатын эле жоготпостон, организмде микроскопиялык грибоктордун жашашына азык боло турган афлатоксин затын пайда кылат. Бул зат ден соолук үчүн абдан коркунучтуу. Боорду кайра калыбына келбей тургандай кылып жабыркатып коёт.
Негизи чайдын сактоо мөөнөтү - үч жыл. Биз кутусундагы жасалган убактысын карап эле ошого бүгүнкү күндүн датасын кошуп пайдалана беребиз. Кутучада ал чайдын жыйналган убактысы көрүнбөйт, таңгакталган убактысы гана жазылат. “Чайдын жалбырактары он жылдап кампада сакталат” деген да маалыматтар бар. Андыктан жасалган убактысы жаңысын тандоо шарт.
Чайдын баасы роль ойнобойт, анткени кымбат сорттогу чайларга окшоштуруп көчүрмөсүн жасашат. Эгерде чайды демдегенде үстүндө көбүк пайда болсо, ал жаңы чай. Көбүк жок болсо, эки жыл мурун чогултулган болот.
Бузулган чайды демдегенден кийин чайнектин капталдарында кара так калат.
Эмне үчүн баштыкчадагы чайлар эрте чыгат?
Эң төмөнкү сапаттагы чайды сатып алып, ага ар кандай боёкторду кошуп жогорку сапаттагы чайдай кылып жасап койгон оңой. Таңгагында кошумча боёктор көрсөтүлбөйт. Бирок чайдын курамында боёк барбы, жокпу, билүү оңой. Ал үчүн муздак сууга баштыкчадагы чайды салабыз. Боёгучу болсо, сууга чыгат. Табигый чай экенин текшерүү үчүн лимондун кесиндисин чайга салсаңыз, өңү ачык болуп өзгөрөт. Өндүрүүчүлөр эски чайдын даамы менен жытын жашыруу үчүн жемиштерди, гүлдү, жыт бергичтерди абдан көп колдонушат. Бул химиялык жыт бергичтер он эсе арзан жана жыты табигый чайлардыкынан күчтүү. Ал эми кургатылган жемиштердин кесиндилерин башка тамак-аш өндүрүшүнүн калдыктарынан алып алар курамында бар экенин көрсөтүү үчүн эле кошуп коюшат.
Чайдын курамында кандай жыт бергичтер бар экенин кээде гана көргөзүшөт. Анткени синтетикалык жыт бергичтер өзүнө уулуу заттарды камтыйт. Алар рак клеткаларын өстүрөт, боордун иштөөсүн бузуп, зат алмашууну иштен чыгарат. Бул дароо байкалбайт, ар кандай химикаттар биринчи организмге топтолуп, анан анын коргоочу күчтөрүн бузуп организм системаларына сокку берет.
Баштыкча кандай кагаздан жасалат?
Баштыкчадагы чайлардын көпчүлүгүнүн баштыгы фильтрациялык кагаздан жасалат. Ал жыгачтан жана кээ бир өсүмдүктөрдүн сабагынан химиялык жол менен чыгарылуучу зат целлюлоза жана кебезден даярдалат. Кагазга чайдан ороп стакандагы кайнак сууга салып көрсөңүз, ботко болуп жатып калат. Ал эми жука баштык сууда канча турса да, төмөнкү температурада да бекем бойдон калат. Кагазды бириктирүү үчүн желим, кыстыргыч, жип колдонулат. Кыстыргыч металлы, эң жагымсыз желим, жытын чыгаруу үчүн ар кандай жыт бергичтер биздин ден соолугубузга зыяндуу.
Чайды туура тандоо
- Дүкөндөн чай сатып аларда сөзсүз түрдө чайдын курамына көз салыңыз. Арзан чайлар даамын жашыруу үчүн жемиш, таттуу же башка кошулмалары менен болот.
- Баштыкчадагы чайды экинчи жолу колдонбоңуз.
- Баштыкчадагы чайды күнүнө беш жолудан ашык ичпегенге аракет кылыңыз. Аны жалбырак чай менен алмаштырып колдонуңуз. Баасынын арзанына карап атып эч нерсеге бааланбаган ден соолугуңузду жоготуп албаңыз.
- Баштыкчадагы чай алам десеңиз, бир гана эң кымбатын тандап алыңыз. өндүрүүчүлөрдүн баары кутусуна “эң мыкты чай” деп жазышат. А чыныгы сапаттуу чайдын кутусу нейлон жана жасалма жибектен болот.
- Эгерде чыныдагы чайдын өңү күңүрт болсо, эч качан ичпеңиз.
- Жемиш жана гүлдүү чайдан толугу менен баш тартыңыз. Алар 100 пайыз уу болот. Аларда жыт бергичтер менен боёктор өлтүрө турган өлчөмдө кошулат.

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#14 04 Январь 2016 - 00:40
ДЕН- СООЛУККА ПАЙДАСЫЗ АЗЫКТАР!
Айрыкча майрам күндөрү жеген тамак- ашыбызга көп көңүл бурбай калабыз. Дасторконго коюлган азыктардын баарын эле татып көрөбүз. Бирок, кээ бир азыктар ден- соолукка зыянын тийгизээрин биле бербейбиз.
Чипсылар
Май, туз, уксусту күчөтүүчү кошулмалар кошулган.
Пончик, маффин
Курамында канттын деңгээли өтө жогору. Айрыкча майлуу кант көп.
Таттуу, кургак сүт менен эртең менеки тамак
Бош ашказанга глютен менен канттын кабыл алынышы тамак сиңирүүнүн иштешин бузат.
Ак шоколад
Чыныгы шоколадга жакындап да койбойт. Курамындагы какао 35 пайызды түзөт. Бир төрт чарчы мындай шоколодда 24 чай кашык кум шекер бар.
Картошка-фри
Кичинекей эле бир баштыктагы картошка фриде 500 калоррия болот.
Газдалган таттуу суусундуктар
Инсулинди "алдоочулар" болуп эсептелет. Диабет оорусун чакырат.
Ак нан
Эч кандай пайдалуу зат жок. Таптаза калория гана....
Туздуу токочтор(криешки)
10 даанасында 300 калория болот.. Демек, ден- соолукка зыян
Балык таякчалары
Транс майлар бар. Белгисиз балык таштандысынан алынат.
Колбаса
Орточо көлөмөгү эки кесип колбасада бир күндүк натрий бар. Ал эми натрий башка азыктардан дагы кабыл алынгандыктан бул ашыкча болуп эсептелет.
Сүт
Атайын кагаз баштыктарга даярдалган сүт тери үчүн өтө зыян. Безеткилерди пайда кылат. Холестериндин деңгээлин жогорулатат.
Баштыктагы ширелер
Бул шире эмес. Кадимки эле кургак порошокту сууга эзип куюп коюшат.
Даяр соустар
Даамын жана көрүнүшүн жакшыртуу үчүн көптөгөн зыяндуу кошулмалар кошулат.

#16 02 Июль 2016 - 02:28
Туура тамактануунун дагы бир туру аз аздан тез тез организмди азыктандырып туруу болуп саналат.
Баракча 1 - 1