Акыркы кундору озумду жаман сезип журом,эч кимге кереги жок адамдай. Кундунда буркоктугу кабак ачпайт,саарлап эле жамгыр. Зээригичтуу кундор менен кунум уланууда.
КҮНДӨЛҮК... Ар бир күн форумчунун көзү менен
#3322 19 Июнь 2014 - 12:56
Салам э кугдолук.Туну кеч жатсамда,бугун негедир уйкусурабай иштеп жатамын,болгону маанай суузураак.Испания эки оюндан кийин футбол менен коштошуп кете берди.
#3323 19 Июнь 2014 - 15:17
Убакыт баарына дабагер демекчи убакыт, мезгил отсо баары жайына келет беле?
#3325 20 Июнь 2014 - 06:40
Тургандан бери канча жумуш бутуруп келдим. Шаарда болгондо сериалдап туш коруп жатат элем. Уйкуга тойбой жатам
уважаю всех кроме себя. Теперь все будет наоборот....
#3326 20 Июнь 2014 - 12:43
Токтогулдун четиндеги айылдарда жүргөндөй эле болуп жатам.
Ызы-чуу машинелердин пипилдегени жок, салкын (жада калса суугураак), кичинекей көлмөсү бар Хаболово айылына жумушумдан которушту (уже даавно). Айыл эли менен таанышымыш эттим. Экзотика келгенсип кээ бири таң кала караса, кээ бири сылык, кээ бири тим эле эски таанышын көргөндөй болуп атышат)). Жакынкы арада көнүп кетсем керек. Баары жакшы буйруса (за исключением одного). Азырынча ошол, кухнямдан чыкай, эки плитамды кучактап отурам)). Чыгууга убакыт деле, каалоо деле жок.

Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 20 Июнь 2014 - 12:45
В каждой шутке есть доля правды...
#3327 20 Июнь 2014 - 13:20
Салам Кундолук!
Менин сага сонун жанылыгым бар, айтайынбы?
Кудай буйруп, насип кылса оз мекениме аз кундордо барамын, апамдын жылуу создорун угуп, мээримдуу караган коздорун карааап олтурамын... .
эээээх....болгону убакыт отпой жатпайбы....
Кудай буйруп, насип кылса оз мекениме аз кундордо барамын, апамдын жылуу создорун угуп, мээримдуу караган коздорун карааап олтурамын... .
эээээх....болгону убакыт отпой жатпайбы....
#3328 20 Июнь 2014 - 13:22
Адат. Биз байкабаган да,байкап калган да адаттар... Адатымча "Аны сагынып,аны эстеп,капаланып,
озумо боорум ооруп" деген темада ойлонуп баштап бара жатып, анын бети-башын,он-
келбетин элестете албай калганымды тушундум. Азыр кочодон корсом,мурдагыдай жалдырап карап, жанына баргым келбейт болчу. Азыр баары бир болуп калганын тушундум. Андан башка маселелерим чачтан коп болуп, ал ойлордо эч бир "святой"
нерсе жок, катардагы эле ойлордун арасына синип кеткенин тушундум. Мени "Андай болбошу керек! Андай эмессин да сен!" деп турган элес жок... Эч кимдин жардамысыз эле китеп,чай,жалгыздыктын аркасы менен абсолютный баары бирликке жеттим. Бироо бироону ушактап атса,катасын корсотуп ондогону аракет кылып жатса,"жакшы болуш керек коом" деген идеялардын артында журсо, мага баарына баары бир. Улуу идеалардын мен учун мааниси жок,кунумдук оокаттын да мааниси жок. Эмне сезип атам? Денемди сыртынан темир менен курчап,бекем танып коюшкандай сезип атам... Ошол темирди жарып ичимдеп жарылып бир толкун чыкканы турат. Ал эмне экенин билгенден озум корком. Ал ото жакшы бир нерсе болуп, баарын колума алам... болбосо жаман нерсе болсо ошол менен дагы алышканга туура келет. Ошондон коркуп,темирлердин узагыраак чыдашын суранып коюп журом. Тан калчу болдум озумо. Мага корунбогон бир фильтр орноп калгандай мени курчап. Же коргонуубу?
Бироо мага керексиз мени угнетайтете турган созду суйлой баштаса эле, башыма ваакум кийип алгандай ундун баары очуп калчу болду. Ооздору кыймылдайт,
жапжакын эле мандайымда отурат бирок менин башымдагы ваакумдан угулбай аткандай. Кунуго Куба келет. Кечоо жумуштан сон,тоо тарапка бардык.Мурдагы мен болсом ойлонмокмун,
"Аягы эмне болуп бутот?" деп. Кечоо ясно,точно тушундум баары бир экенин. Келеби,кетеби,
сурайбы,жоктойбу,
суйлойбу мага баары бир... Мандайыма бир чон донгочту алып келип туруп,"Мына,
бул Куба" дешсе деле баары бир отура берет экенимди тушундум. Бир моментте кысылып,кетишим керек экенин тушундум. Эмне жонундо соз болуп атканын укпай баштаганыма бир 10минутадай болгон ошол моментте. Бирок азыр,именно азыр кетишим керек экенин тушунуп,унчукпастан машинадан тушуп жоо басып кеттим. Тушундуруш керекпи? Эмне демек элем?
-Знаешь Кот... в жизни реально много моментов, ради которых стоит жить. Но между этими моментами хочется подохнуть несколько раз подряд.
#3329 20 Июнь 2014 - 13:50
Мен Ошто журом, аябай зээригипта кеттим же тааныш жок, Буюрса, эки кундон кийин жайлоого барайын деп атам... Эки бетимди кызартып, бээнин сутун ичип деп соолукту чындап келейин .... Барам сага "Джайлоо"
93
#3330 20 Июнь 2014 - 14:59
Бирөө "Йаа, барсыңбы? Катталдыңбы?
Не болдуң?" демейинче, эч, эч ордумдан козголбогон жан экенмин го ээ. Өзүмө нааразы болуп кеттим!
Сласка качаан эле сураган "Качан киресиз?" деп, "Ии, жанком, жакында" деген бойдон Лика.
Фейсбукка деле "ана-мына" деп жүрө бермекмин балким, ким билсин)).
Бирөө козгоп турбаса Ликадан дайын жок, жымжыырт жүрө берет экен.
Адашым да "артыңдан кууп жүрүп тутуп келем" деп күлдүрдү эле өткөндө)).
Анысы да чын. Жайбаракат жүрө берет экенмин. Өзүмө да жакпай калды мындай кыялым.
Дагы…дагы…
Өзүмө окшош адамдын сүрөтүн көрдүм)). Бари, рахмат сизге!
Аа, баса азыр эле бул жактан эски коллегамды жолуктурдум. Тымпыйыып карап туруптур ары жерде. Көрүп бир эсе чоочуп да кеттим.
"Ты че тут делаешь?" дегендечи.
Ал дагы каамарабай
"А ты?" деп коет.

#3331 21 Июнь 2014 - 02:40
Жумуштан келип эле базага барсам Мамам уже столовойду чекчейтип коюптур. Ошо, ит аягын жалабаса тойбойт дегендей чай ичимиш болуп отуруп Мамам кабар айтты. "1.5 ай"!
Мынча аз жана мынча узак мөөнөт?
Бир жагын ойлосом, бир жарым ай бир жарым кылымдай жылбай тургандай ордунан. Экинчи жагын ойлосом, бир жарым ай бир жарым сааттай тез эле өтүп кете турган. Мындай абалга биринчи жолу туттугушум…
Мен күткөн күн жакын. Бирок, мен ал күндөн алыстагым келип турат.
Мейличи убакыт өтө берсин, кармабайын жана шашпайын дагы.
Аллахка чексиз мактоолор жана шүгүрлөр болсун!

#3332 21 Июнь 2014 - 02:44
Бейпил түн күндөлүгүм,
эки сааттан кийин турушум керек.
Йаа Роббим, "уктаткан" соң "ойготууну" насип эт. "Ойгонуу" насип болбосо Бейишиңден үмүт кылам…
Йаа Роббим, "уктаткан" соң "ойготууну" насип эт. "Ойгонуу" насип болбосо Бейишиңден үмүт кылам…
В каждой шутке есть доля правды...
#3333 21 Июнь 2014 - 08:06
Таң да атып калды мен дале уктабай жүрөм....... Бүгүн тентектик кылып келемин.
#3334 21 Июнь 2014 - 10:31
Бир жума айылда журуп келгим келбей калды эле. Айла канча кетиш керек. Тынч жашоо тынчтык жан дуйномо жакын окшойт.
уважаю всех кроме себя. Теперь все будет наоборот....
#3335 21 Июнь 2014 - 11:05
Азыр обед маалында кызыл дыйканга барып шалыга даары сээп келишим керек....
#3336 21 Июнь 2014 - 14:48
Баары эле сен ойлогондой болбойт! Сабырдуу,чыдамкай бол! Эгер ушунчалык кыйналсан, андан кийин жакшы кундор болот! Уфф мынча бош болбосон. Коз жашын менен жининдин айырмасы жок. Болоор болбос нерсеге ыйласан. Болоор болбос нерсе жинденип,туталансан анда сен кандай адам болосун. Дагы бир жолу айтам сабырдуу,сабырдуу бол.
#3337 21 Июнь 2014 - 18:36
Кара чай ичип, кара эшек минип менда өтөм дүйнөдөн, канякты ичип, кара жып минип сенда өтөсүн дүйнөдөн!
!!
♥♥
(~_^)♥♥
#3338 21 Июнь 2014 - 18:46
Куткон аябай жаман экенин азыр туйуп турам,бугун барабыз деген жакын адамдарым келе албастыгын айтышып маанайымды тушурушту.
Эми эртен качан болот,убакыт ушундайда жай отуп калат деп эч ойлобогон экенмин.
Аллах мээримдуу жана ырайымдуу!!!
#3339 22 Июнь 2014 - 00:02
Бугун бир аз сейилдеп келейин деп кочого чыксам, башым ооруп эле кайра келдим. Бир аз кийим магазиндерди караштырайын дедим эле. Озум кандай кийим аларымды деле билбей кайра келдим,ушунчалык айылыма кетким келдии.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
#3340 22 Июнь 2014 - 00:25
Эххх... неге мынча жалкоомун аа... билесинби Кундолук, эчнерсе кылгым келбейт, бироого да суйлогум келбейт... же чарчаганымды билбейм...