Суперстан: Илимдүүлөргө суроо - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (364 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 57
  • 58
  • 59
  • 60
  • 61
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Илимдүүлөргө суроо

#1161 Пользователь офлайн   azamat1992kg   04 Июль 2014 - 17:20

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения ishinbolbosun (04 Июль 2014 - 02:58) жазган:

Мисалы саат 12 деле ооз бекитип жатып алса болобереби?


"Сухурда береке бар, аны калтырбагыла, бир ууртам суу болсо да аткаргыла. Акыйкатта, Аллах сухур кылган адамдарды мактайт, периштелер алар үчүн дуба кылышат." (Муснад Ахмад)

Сухур - ооз бекитүү ниетиндеги тамактануу. Убактысы таңкы намазга азан чакырылганга чейин жакшы. (Эстен чыгарбайлы! Саарлыктын убактысы календарда көргөзүлгөндөн кеч болбоосу керек)
Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1162 Пользователь офлайн   One_Ummah-One_Pain   05 Июль 2014 - 03:44

  • Момун
  • Pip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 36
  • Катталган: 17 Июнь 14
  • Соңку аракети: 10 Июл 2014 03:24
  • Жынысы:Эркек

Мубах кандай амалдар мубах болот? Мисалы: Сигарет мубах амалга кирет экен анткени сигарет жөнүндө куранда да, хадисте да келбеген экен как чай кофе ичкендей эле экен. Ошондой болобу?

П.с. кээ бир муштахиттер чылымды арам дешет. Дагы башкалары макрү дешет. Мубах дегендери да бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1163 Пользователь офлайн   rumaika5544   05 Июль 2014 - 12:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Мубах бул жактырылган иш да.Тамек мубахга кирбейт ла.Денеңе зыян жетуучу нерсенин баары,арам да.Тамекини Мубах дегендер озуно руксат бергендер.Тамекини кофе же чайга тенеп болбойт.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1164 Пользователь офлайн   rumaika5544   05 Июль 2014 - 13:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Дауд мырза кайда кеткен.Тактап кетсениз сонун болоор эле.Мен да билип алайын.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1165 Пользователь офлайн   sister   05 Июль 2014 - 15:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

каза жана кадар, инстинкт, тагдыр жонундо кененирээк жазып койгулачы.

brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1166 Пользователь офлайн   Nurmuhammad   05 Июль 2014 - 16:05

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 527
  • Катталган: 04 Июнь 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2016 04:06

Кыскача кылып айтканда. Эми тагдыр негизинен 4ко болунот.
1-илим Алдын ала Аллах билген эмне болушун.
2-ошол билген нерсесин тагдыр кылып жазган.
3-эми ошол убакыт келгенде Аллах каалайт,ошол тагдыр болуп жазылган нерселердин болушун.
4-эми ошого куч берет ошол нерселердин болушуна.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1167 Пользователь офлайн   Nurmuhammad   05 Июль 2014 - 16:28

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 527
  • Катталган: 04 Июнь 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2016 04:06

Эми дагы бир 3 болугу бар.
1-озгорулбогон тагдыр. Мисалы сиз кыргызсыз омурунуздун аягына чейин кыргыз болуп жашайсыз эч качан орус болуп калбайсыз.
2-озгорулгон тагдыр. Мисалы адам ооруп калса аны озгортуш керек даары ичип врачка барып дегендей.жата бербейт да тагдыр экен деп.
3.Аллахтын жараткан жаратылышы менен эсептешуу. Мисалы сууга барып Аллах чоктурот суу чоктурбойт деп суунун устунон басуу . Мындайча айтканда себебин колдонуу керек.Кемеге тушуп дегендей. Дагы бир мисал жерди каттуу кылып жаратты,анан Аллах сактайт деп 9-этаждан озун озу жерге таштабаш керек да. Эгер баш ийбей таштасан олуп калышын мумкун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1168 Пользователь офлайн   Daud   05 Июль 2014 - 19:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения One_Ummah-One_Pain (05 Июль 2014 - 03:44) жазган:

Мубах кандай амалдар мубах болот? Мисалы: Сигарет мубах амалга кирет экен анткени сигарет жөнүндө куранда да, хадисте да келбеген экен как чай кофе ичкендей эле экен. Ошондой болобу?

П.с. кээ бир муштахиттер чылымды арам дешет. Дагы башкалары макрү дешет. Мубах дегендери да бар.


Мубах деген сөз уруксат берилген дегенди билдирет. Шариат тыюу салбастан уруксат берген иштер мубах иштер деп аталат.

Ооба, сигаретти кээ бир аалымдар мубах деп айтышкан. Бирок макүрү, арам деп айткан аалымдар да бар. Макүрү, арам деп айткан аалымдар мындай дешет: "Сигарет мубах деп фатва берген аалымдар сигарет алгач Ислам дүйнөсүнө кирип жаткан убакта сигарет жөнүндө толук маалыматка ээ болбой туруп фатва беришкен. Ошондуктан алар аны мубах деп айтышкан" .

Чындыгында Кураан жана хадисте айтылбай калган нерсенин баары мубах боло бербейт. Анткени мисалы айнекти жесе болобу же болбойбу деген маселе да Кураанда да хадисте да айтылган эмес. Бирок анын ден-соолукка зыян келтирүүсү анык болгону үчүн аны аалымдар арам, макүрү деп айтышат.

Ошондой эле ханафий мазхабынын фыкых китептеринде ден-соолугуна зыян жете турганчалык даражада тамактанбай коюу (бүгүнкү тил менен айтканда диета кармоо) да макүрү деп айтылат.

Б.а. Исламда адамдын ден-соолугуна өзгөчө көңүл бурулат. Ошондуктан адам ден-соолугуна зыян жеткире турган бардык нерсе жок эле дегенде макүрү, болбосо арам деп эсептелет. Ал эле эмес адал тамакты керегинен ашыкча жеген да кээде макүрү, кээде арам деп эсептелет. Анткени бул да адам ден-соолугуна зыян келтирет.

Макүрү деген фатва бул ханафийлерге таандык. Анткени ханафийлердин усулу боюнча Кураан аятында, мутаватир же машхур хадисте ачык айкын айтылбаган нерсени арам деп айтышпайт. Алар мунун ордуна макүрү деген сөздү иштетишет.


Ал эми араб мамлекеттериндеги аалымдар сигаретти арам деп эле айтып жүрүшөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1169 Пользователь офлайн   Daud   05 Июль 2014 - 19:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения sister (05 Июль 2014 - 15:00) жазган:

каза жана кадар, инстинкт, тагдыр жонундо кененирээк жазып койгулачы.


Кадар менен тагдыр бир эле нерсе. Инстинкт жөнүндө маалыматым жок.

Акыйда Тахавияда мынтип айтылат:

Тагдыр жана Аллахтын илими.
خَلَقَ الخَلْقَ بِعِلْمِهِ ، وَقَدَّرَ لَهُمْ أَقْدارًا ، وَ ضَرَبَ لَهُمْ آجَالاً، لَمْ يَخْفَ عَلَيْهِ شَيْءٌ مِنْ أَفَعَالِهِمْ ، قَبْلَ أنْ يَخْلُقَهُمْ ، وَعَلِمَ مَاهُمْ عَامِلُونَ ، قَبْلَ أَنْ يَخْلُقَهُمْ،وَ أَمَرَهُمْ بِطَاعَتِهِ ، وَنَهَاهُمْ عَنْ مَعْصِيَتِهِ، وَ كُلُّ شَيْءٍ يَجْرِي بِتَقْدِيرِهِ مَشِيئَتِهِ ، وَ مَشِيَئَتُهُ تَنْفُذُ ، وَلا مَشِيئَةَ لِلْعِبَادِ إلا مَاشَاءَ لَهُمْ ، فَمَا شَاءَ لَهُمْ كَانَ ، وَ مَا لَمْ يَشَأْ لَمْ يَكُنْ، يَهْدِي مَنْ يَشَاءُ وَ يَعْصِمُ وَ يَعافِي مَنْ يَشَاءُ فَضْلاً، وَ يُضِلُّ مَنْ يَشَاءُ ، وَ يَخْذُلُ وَ يَبْتَلِي عَدْلاً، وَكُلُّهُمْ يَتَقَلَّبُونَ فِيمَشِيئَتِهِ بَيْنَ فَضْلِهِ وَعَدْلِهِ، وَ هُوَ مُتَعَالٍ عَنِ الأضْدَادِ وَالأنْدَادِ ، لا رَادَّ لِقَضَائِهِ ، وَلا مُعَقَّبَ لِحُكْمِهِ ، وَلا غَالِبِ لأمْرِهِ. آمَنَّا بِذَلِكَ كُلِّهِ ، وَ أيْقَنَّا أَنَّ كُلاًّ مِنْ عِنْدِهِ.

Алла Таала макулуктарды илими менен жараткан. Алардын тагдырын белгилеген жана ажалдарын жазып койгон. Макулуктарды жаратуудан мурда да алардын иштери Ага белгисиз болгон эмес жана аларды жараткандан кийин алар кандай иш кылаарын жаратуудан мурда эле билген. Алла Таала макулуктарды Ага моюн сунууга буйруду жана күнөөкөр болуудан тыйды. Бардык нерсе Алла Тааланын жазган тагдыры менен жүрөт. Анын каалаганы болот. Пенделердин каалоосу Аллах каалаганда гана ишке ашат. Аллах аларга эмнени кааласа ошол болот, каалабаса болбойт. Ал каалаганын айкөлдүк кылып хидаятка (туура жолго) салат жана каалаганын сактап, куткарат. Каалаганын адилеттүүлүк кылып адаштырат жана жардамсыз калтырып, кордойт. Алардын (пенделердин) баары Аллахтын каалоосунда, Анын адилеттүүлүгү менен айкөлдүгүнүн арасында болот. Алла Таала каршылаштардан жана окшоштордон аруу, бийик. Анын өкүмүн кайтарчу жан жок, Анын өкүмүн эч ким өзгөртө (жана кечиктире) албайт. Анын буйругуна үстөмдүк кылуучу жок. Биз ушул айтылгандардын баарына ыйман келтирдик (ишендик) жана баары Аллахтан экендигинанык билдик.

Аалымдар имам ат-Тахавийдин бул сөздөрүн мынтип чечмелешет:

(Алла Таала макулуктарды илими менен жараткан) – т.а. алар жөнүндө билип жараткан. Анткени билбестен туруп нерселерди жаратуу мүмкүн эмес. Себеби Анын жаратуусу Анын каалоосу менен болот. А каалоо болсо максатты түшүнүүнү талап кылат. Ал эми бир нерсени түшүнүү – ал нерсе жөнүндө билүү. Аллах Таала мынтип айткан: “أَلَا يَعْلَمُ مَنْ خَلَقَ وَهُوَ اللَّطِيفُ الْخَبِيرُ” аяттын маанисинин котормосу: “Алла өзүнүн жараткандарын билбейби?! Ал – Кылдат [1]жана бардык нерседен Кабардар ”[2] . Ошондой эле мынтип айтты: “وَيَعْلَمُ مَا فِيالْبَرِّ وَالْبَحْرِ وَمَا تَسْقُطُ مِن وَرَقَةٍ إِلاَّ يَعْلَمُهَا” аятын маансинин котормосу: “Ал кургакта жана деңиздерде эмне барын жакшы билет. Ага жалгыз жалбырактын түшүүсү да белгилүү” [3].

(Алардын тагдырын белгилеген) – бул сөз Аллах Тааланын: “إِنَّا كُلَّ شَيْءٍخَلَقْنَاهُ بِقَدَرٍ” (Чындыгында биз баарын өлчөм (тагдыр) менен[4] жараттык )[5] жана “وَخَلَقَ كُلَّشَيْءٍ فَقَدَّرَهُ تَقْدِيرًا” (Албардык нерселерди жараткан жана алардын тагдырларын белгилеп-өлчөп койгон)[6] – деген сөздөрүнүн негизинде, ааламдагыболгон бардык нерсе Аллахтын тагдыры менен болоорун баяндаган сөз.

Тагдыр – ар бир нерсе кайсы убакытка же жерге,соопко же жазага, жакшылыка же жамандыка туш болоорун белгилөө жана ар бир нерсени өзүнө ылайык болгон нерсе үчүн кылып коюу. Тагдыр жөнүндө кененирээк дагы айтылат ин шаа Аллах.

(жана ажалдарын жазып койгон) –бул Аллах Тааланын: “وَلِكُلِّ أُمَّةٍأَجَلٌ فَإِذَا جَاء أَجَلُهُمْ لاَ يَسْتَأْخِرُونَ سَاعَةً وَلاَيَسْتَقْدِمُونَ” (Ар бир коомдун белгилүү бир мөөнөтү бар. Алар ошол мерчем келген кезде бир саамга да кечиктирилбейтжана тездетилбейт) [7]жана “وَمَا كَانَلِنَفْسٍ أَنْ تَمُوتَ إِلاَّ بِإِذْنِ الله” (Аллахтын буйругу болмойунча эч ким өлбөйт! )[8] –деген сөздөрүнө ылайык , ар бирадам үчүн белгиленген ажал кеч калбай жана эртелебей турган даражада биротоло чечилген, так-даана аныкталган экендигин баяндаган сөз.

Бул далилдердин негизинде Муътазиланын: “ар бир адамдын эки ажалы бар. Бирөөсү табигый өлүм, экинчиси бирөө тараптан өлтүрүлүү”- деген сөздөрүнүн туура эмес экендиги далилденет. Бул алардын адашуусу. Анткени алардын бул сөзү Аллах Тааланын өлүм периштесине жандарды алуу бийлигин бергендигин жокко чыгаруу болуп калат. Ал эми анын бийлигин жокко чыгаруу Кудайдын өкүлчүлүгүн алсыз деп саноо болуп калат. А мындай болушу мүмкүн эмес. А бирок Аллах Таала бул ооруу себебинен өлөт, бул өлтүрүлүү себебинен, бул дубалдын кулашынын себебинен, бул өрттөнүп, бул чөгүп ж.б. себептер менен өлөт деп тагдырга жазып койгон. Ошондуктан бирөө тарабынан өлтүрүлгөн адам өз ажалы менен өлгөн адам деп эсептелет. Ал эми өлтүргөн адамга касас[9] жана доман[10] белгиленүүсүнүн себеби[11] ал тыйылган ишти аткаргандыгы үчүн жана тыю салынган себепти ишке ашыргандыгы үчүн. Пайгамбарыбыздын (солла Аллаху алейхи ва саллам): “туугандар менен карым-катнаштаболуу өмүрдү узартат”[12] –деген сөзү да ушул мааниде. Тактап айтканда өмүрдүн узаруусуна себеп болот. Аллах Таала бул туугандары менен карым-катнашта болот жана ушул себептен ушул убакытка чейин жашайт. Эгер ал себеп болбосо ал убакытка чейин жетпейт эле деп белгилеп койгон. А бирок Аллах Таала бул себепти белгилеп, тагдырга жазып койду.

Ошондой эле бул туугандак мамилени үзгөндүгү үчүн ушул убакытка чейин жашайт деп тагдырын белгилеп койгон. Муну Пайгамбарыбыздын (солла Аллаху алейхи ва саллам): “тагдырга жазылган нерсенидуба гана кайтарат жана жакшылык гана өмүрдү узартат”[13] – деген сөзү кубаттап турат (Аль-Буснавий).

(Макулуктарды жаратуудан мурда да алардын иштери Ага белгисиз болгон эмес) – т.а. Аллах Таала эмне болгонун, эмне болоорун жана эмне болбогонун, ошол нерсе боло турган болсо кандай болоорун да билет. Имамат-Тахавийдин бул сөздөрүндө Муътазила жана Раафиза[14]фиркаларынын “Аллах Таала нерселери жарата электе алар жөнүндө билбейт” – деген сөздөрүнө каршы жооп бар.

(жана аларды жараткандан кийин алар кандай иш кылаарын жаратуудан мурда эле билген) – бул сөздөр Аллах Тааланын илими Анын макулуктарынын бар болууларынан мурда эле болгондугуна ишенүүнүн важибтигин тактоо жана Аллахтын илим сыпатын белгилөө үчүн айтылган сөздөр (Аль-Буснавий).

Илим -Аллахтын затия сыпаттарынын бирөөсү. Аллахтын илим сыпаты маалыматтар аны менен билинүүчү эзелки сыпат. Асман жана жердеги нерселердин ичинен кымындай нерсе да Анын илиминен сыртта, байкоосуз калбайт. Тескерисинче Анын илими майда жанаичоң, бар жана жок, болушу мүмкүн болгон жана мүмкүн болбогон нерселердин баарын камтып алган. Ал зат жана сыпаттардын баарын Билүүчү. (Аль-Майдааний).

Жаратууну илимге кошуп айтуусунун себеби жаратуу үчүн макулук жөнүндө билүү шарт. Аллах Таала айтты: “أَلَا يَعْلَمُمَنْ خَلَقَ” аяттын маанисинин котормосу: “Алла өзүнүн жараткандарын билбейби?! ”[15].Дагы мынтип айтты: “وَهُوَ الْخَلَّاقُ الْعَلِيمُ” аяттын маанисинин котормосу: “Ал – Жаратуучу, Билүүчү”[16] .Ошондой эле мынтип айттты: “وَهُوَ بِكُلِّ خَلْقٍ عَلِيمٌ” аяттын маанисинин котормосу: “Ал бардык жаралгандарды Билүүчү”[17] .Бул аяттардын баарында жаратуу илим менен кошо айтылды.

Аллах Таала пенделерди Ага ибадат кылуулары үчүн жараткандыгын билдирүү үчүн, илим жана жаратуудан кийин буйруу жана тыюу салуу жөнүндө эскертти. Аллах Таала айтты: “وَمَا خَلَقْتُ الْجِنَّ وَالْإِنسَ إِلَّالِيَعْبُدُونِ” аяттын маанисинин котормосу: “Мен жин жана инсандарды Мага ибадат кылуулары үчүн гана жараттым” [18].Т.а. Мага ибадат кылууларыны буйруу жана Мага күнөөкөр болуудан тыю үчүн жараттым. (Абу Хафс аль-Газнавий).

(Алла Таала макулуктарды Ага моюн сунууга буйруду) – жана ал үчүн Өз рахматын убада кылды.

(күнөөкөр болуудан тыйды) –жана аны бузгандарга жаза берээрин эскертти (Аль-Майдааний).

Билгин! Ахлу ас-Суннанын мазхабы боюнча ар бир болгон нерсе Аллахтын каалоосу жана кудурети менен болот. Ал нерсе жакшы нерсе болсун,жаман болсун айырмасы жок. Аллах Таала айтты: “وَاللَّهُ خَلَقَكُمْ وَمَا تَعْمَلُونَ” аяттын маанисинин котормосу: “Аллах силерди да, силердин иш-аркеттериңерди да жараткан” [19]. Т.а. бардык иш-аракетиңерди жараткан. АллахТаала дагы мынтип айтты: “هُوَ خَالِقُ كُلِّ شَيْءٍ” аяттын маанисинин котормосу: “Ал бардык нерсенин Жаратуучусу” [20].Пенденин иш-аракеттери нерсе, демек аны да Аллах жараткан. Ошондой эле АллахТаала дагы мынтип айтат: “قُلْ كُلًّ مِّنْ عِندِ اللّهِ” аяттын маанисинин котормосу: “бардык нерсе Аллахтан-деп атйкын”[21] .Имам Муслим өзүнүн “Сахихинде” Умар бин аль-Хаттабтан (Аллах андан ыраазыболсун) риваят кылган хадисте мынтип айтылат: “Бир күнү биз Алланын элчисинин алдында отурган кезибизде, биздин алдыбызга кийими өтө аппак жана чачы өтө капкара бир киши пайда болду... Ал (Жабреил) : Мага ыйман жөнүндө кабар берчи?-деди. Ал (Пайгамбар): Аллахка, Анын периштелерине, китептерине, элчилерине, акырет күнүнө, тагдырдынжакшы жана жаманына ишенүүң - деди...” [22] (Абу Хафс аль-Газнавий).

Бул сөздөрдө Муътазиланын: “Аллах Таала биздиниш-аракеттерибизден моюн сунуу жана жакшылык болгонун гана каалайт жана күнөө жана жагымсыз иштерди каалабайт”- деп айткан сөздөрүнө каршы жооп бар. Алар Аллах мубах (урукса берилген иштер) иштерди каалайбы же каалабайбы деген маселеде ар түрдүү пикирде. Алардын ичинен кээ бирлери Аллах Таала мубах иштерди каалабайт деп ойлогондору да бар.

(Анын каалаганы болот ) – анткениАнын каалоо сыпаты затия[23]сыпаттарынан. Ошондуктан Анын каалоосу нерселерде ишке ашат. Анткени Ал Жалгыз Бийлик жүргүзүүчү. Нерселерге Өзүнүн каалоосу менен бийлик жүргүзөт (Аль-Буснавий).

(Пенделердин каалоосу Аллах каалаганда гана ишке ашат) – т.а. пенденин каалоосу Аллахтын аларга каалаган каалоосуна туура келсе гана аткарылат. (Аль-Майдааний).

Анткени пенде –бул, баш ийүү белгиси менен белгиленген нерсенин аты. Ошондуктан пенденин жолу башкача айтканда баш ийүүчүнүн жолу деп айтылат. А бирок алар пенде болгондуктарына карабай өз иш-аракеттеринде мажбур эмес. Алардын кесип кылуу жана тандоого кудуреттери бар. А бирок жаратуу кудуреттери жок (т.а. өз иш-аракеттерин жарата алышпайт). Ошол себептен да “Аллах аларга каалагандан башка” – деп айтылды. Анткени пенденин Аллах каалабаган нерсени өз алдынча кылуусу анын пенделиктен чыгарып жибермек. А мындай болуусу мүмкүн эмес. Аллах Таала айтты: “وَمَا تَشَاؤُونَ إِلَّا أَنيَشَاء اللَّهُ رَبُّ الْعَالَمِينَ” аяттын маанисинин котормосу: “силер ааламдардын Кожоюну Аллах кааламайынча эч нерсени каалай албайсыңар” [24].

(Аллах аларга эмнени кааласа ошол болот) – Т.а. алардын кесип кылуусу жана тандоосуменен ишке ашуусун каалагандары ишке ашат. (Аль-Буснавий).

(каалабаса болбойт) – Анткени Аллах Тааланын каалоосуз эле башка бирөөнүн каалоосунун ишке ашуусу жана Аллахтын каалоосунун ишке ашпай, Анын мүлкүндө Ал каалабаган нерсенин ишке ашуусу алсыздыктын белгиси. Аллахтын мындай алсыз болуусу мүмкүн эмес. (Абу Хафс аль-Газнавий).

(Ал каалаганын айкөлдүк кылып) – Муътазила ойлогондой Аллахка пенделери үчүн жакшыраак болгон нерсени аткаруу милдеттүү болгондугу үчүн эмес, айкөлдүк жана сыйлоо иретинде хидаятка баштайт. Анткени Аллах Тааланын үстүнөн бийлик кылуучу жок. Эгерде Аллахка кайсы бир ишти кылуу милдеттүү болсо жана ошондой эле ошол ишти аткарбай койгондугу үчүн Өзүнө жемелөөнү милдеттүү кылып алган болсо, анда Ал Өз ишин толуктоону талап кылган, кемчилдиктүү болуп калмак. А мындай болушу мүмкүн эмес. Эгерде өзүн-өзү милдеттендирбеген болсо, демек Ага эч нерсемилдеттүү болбойт.

(хидаятка салат) – б.а. Өзү каалаганына хидаятка жүрүү ишин жаратат.

Хидаят кылуу бир канча маанини камтып алат:

Биринчи: акыйкат динди түшүндүрүп, баяндоо. Аллах Таала пайгамбарына айткандай: “وَإِنَّكَ لَتَهْدِي إِلَىصِرَاطٍ مُّسْتَقِيمٍ” (Албетте сен, аныгында, туура жолго хидаят кыласың[25] ). б.а. туура эмес жолдон туура жолду ажыратып түшүндүрүп, баяндайсың.

Экинчи: даават кылуу жана буйруу. АллахТаала айтат: “وَلِكُلِّ قَوْمٍ هَادٍ” (ар бир коомдун хидаят кылуучусу бар) б.а. даават кылуучу жана буйрук кылуучу.

Үчүнчү: хидаятка (туура жолго) жүрүү жана тоопук[26]ишин жаратуу.

Хидаяттын биринчи жана экинчи маанисин АллахТаалага, Пагймабарыбыз алейхи саламга жана аны ээрчигендерге таандык кылууга болот. Ал эми үчүнчү маанисин Аллах Тааладан башкага таандык кылууга болбойт.Муътазила “хидаят – бул баяндоо, буйруу, даават кылуу гана, андан башка нерсе эмес. Ошондуктан ал Аллах Таалага таандык кылынганда хидаятка жүрүү ишин жаратуу эмес, дин жолун баяндоо деген мааниде болот. Ошондой эле адаштырууАллах Таалага таандык кылып айтылганда, бул адашуу ишин жаратканды эмес,Аллахтын аларды адашуу деп атоосун түшүндүрөт. Мисалы: адаштырды деп айтылгансөз аны адашуу деп атады дегенди түшүндүрөт” – деп айтышат. Алардын мындайжоромолдору туура эмес экендиги ачык-айкын көрүнүп турат. Аллах Таалапайгамбарына кайрылып: “إِنَّكَ لَا تَهْدِي مَنْ أَحْبَبْتَ وَلَكِنَّ اللَّهَيَهْدِي مَن يَشَاء” (Чындыгында, сен жакшы көргөндөрүңдү туура жолго салаалбайсың. Бирок, Аллах кимди кааласа, ошону туура жолго салат[27]) – деп айткан. Алардын (Муътазила) мазхабы жана жоромолоруна ылайык бул аят“чындыгында сен жакшы көргөндөрүңө акыйкат жолду баяндай албайсың, алардыбуйруй албайсың жана акыйкатка даават кыла албайсың” деген маанини билдирмек.Бул аятка мындай маани берүү Аллах Таалага жана Анын элчисине жабылган жалааболуп эсептелет. Тескерисинче бул аяттагы хидаяттын мааниси хиятка жүрүүнү жана тоопукту жаратуу дегенди билдирет. Т.а. сен өзүң жакшы көргөндөрүңө хидаяткажүрүү жана тоопукту жарата албайсың, муну Аллах жаратат деген мааниде.

(сактап, куткарат) – каапырдыктан, күнөөкөр болуудан, кырсык- балээден жанаадашуудан.

(Каалаганын адилеттүүлүк кылып) – себеби бул, Анын пендери мажбурлоо жана зордоо менен эмес, өз ыктияр жана тандоолору менен моюн сунуп же сунбоо, ыйман келтирүү же каапырдык кылууларын билгендиги үчүн Өз мүлкүндө бийлик жүргүзүүсү болуп саналат. Аллах Тааланын: “يُضِلُّ اللَّهُ مَنيَشَاء وَيَهْدِي مَن يَشَاء” (Алла кимди кааласа адаштырат жана кимдикааласа түз жолго багыттайт) [28] жана “مَن يَشَإِ اللّهُيُضْلِلْهُ وَمَن يَشَأْ يَجْعَلْهُ عَلَى صِرَاطٍ مُّسْتَقِيمٍ” (Алла кимди кааласа адаштырат жанакимди кааласа өзүнүн туура жолуна салат)[29] –деген сөзү сыяктуу имамат-Тахавийдин жогоруда айтылган сөздөрүндө да пенде үчүн жакшы болгон ишти аткаруу Аллах Таалага важиб эмес экендигин көрсөткөн ишарат бар.

(адаштырат) – б.а. каалаганы үчүн адашуу ишин жаратат.

(жана жардамсыз калтырып,) ар түрдүү балээлер менен (кордойт) .

(Алардын баары Аллахтын каалоосунда, Анын адилеттүүлүгү менен айкөлдүгүнүн арасында болот) – бул хидаятка салуу ишин жаратуу Аллах Таалага милдеттүү болбогонун баяндаган сөз. Себеби акыйкатта Аллах Тааладан башка милдеттүү кылуучу жок. Аллах Таала кимди хидаятка салса демек бул Анын айкөлдүгү жана кимди адаштырган болсо, бул Анын адилеттүүлүгү менен болду. Булардын баары Ал алардын эмне болоорун эзелтеден билгендиги үчүн (Аль-Буснавий).

Бул сөздөр менен АллахТаалага кулдары үчүн жакшыраак болгон ишти аткарып, алар үчүн кам көрүүмилдеттүү эмес экендиги ачык болду. Тескерисинче Аллах Таала алардын үстүнөнкаалагандай бийлик жүргүзөт. Себеи аалам Анын мүлкү. Кожоюн өз мүлкүнкаалагандай колдонот. Аллах Таала: “اللّهُ يَفْعَلُ مَا يَشَاء” (Аллах эмне кааласа ошонужасайт! [30]) жана “إِنَّ اللّهَيَحْكُمُ مَا يُرِيدُ” (Чындыгында, Аллах Өзү каалаганын өкүм кылат)[31] – деп айтты. Бул аяттарда Муътазиланын “пенделериүчүн жакшыраак болгон ишти аткаруу Аллах Таалага важиб” – деген сөздөрүнө каршыжооп бар.

Ошондой эле алардын бул сөздөрүнүн туура эмес экендигин далилдеген адаштыруу жөнүндөайтылган көптөгөн аяттар бар. Мисалы: Аллах Тааланын: “يُضِلُّ اللَّهُ مَنيَشَاء وَيَهْدِي مَن يَشَاء” (Алла кимди кааласа адаштырат жана кимдикааласа түз жолго багыттайт) [32] –деген сөзү жана “يُضِلُّ بِهِكَثِيراً وَيَهْدِي بِهِ كَثِيراً” (Ал муну менен көптөрүн адашууга жанакөптөрүн туура жолго алып келет)[33] –деген сөзү. Ошондой эле “وَلَوْ شَاء رَبُّكَ لآمَنَ مَنفِي الأَرْضِ كُلُّهُمْ جَمِيعًا” (ЭгерЭгең кааласа жер жүзүндөгүлөрдүн баары ыйманга келишээр эле)[34] жана “وَلَوْ شَاءلَهَدَاكُمْ أَجْمَعِينَ” (ЭгерАллах кааласа – баарын туура жолго салып коймок)[35] –деген сөздөрү. Эгерде пенделериүчүн эң жакшы болгон ишти аткаруу Аллах Таалага важиб болсо, анда ааламда бирда адам каапыр болуп, күнөөкөр болбойт эле. Анткени каапырдык жана күнөөкөрболуу пенделер үчүн эң жакшы болгон иш эмес. Аллах Таала кимдир бирөөнүн ыйманкелтирүүсүн каалаган болсо, ал ошого акылуу болгондугу үчүн эмес, Аллахтынайкөлдүгү менен болот. Эгер кимдир бирөөнүн каапыр болуусун каалаган болсо, булАнын адилеттүүлүгү менен болот. Мунун менен Ал адилетсиздик кылган болбойт.Анткени адилетсиздик бул, - өз мүлкүндө болбогон нерсени колдонуу. Ал эми АллахТаала Өз мүлкүндө бийлик жүргүзүп жатат. Аллах Таала кылган иштеринде эч кимгесурак бербейт. Ошондой эле пенделери үчүн эң жакшы болгон нерсени аткаруу АллахТаала үчүн милдет деп айтуу, Аллах Тааланын: “وَاللَّهُ ذُو الْفَضْلِالْعَظِيمِ” (Алла – Улуу Ырайымдын Ээси!)[36] –деген сөзүн жокко чыгаруу болупкалат. Анткени өзүнө милдеттүү болгон ишти аткаруу ырайым кылуу деп эсептелбейт. (Абу Хафс аль-Газнавий).

(Алла Таала каршылаштардан жана окшоштордон аруу, бийик) – ал экөөнү (каршылаш жана окшошторду) жокко чыгаруудан максат – Муътазиланын пенде өз иштерин жарата алат деген бузук ойлоруна каршы жооп берүү. (Аль-Буснавий).

(Анын ишин (казасын) кайтарчу жан жок) – имам ат-Тахавий (Аллах аны өз рахматынаалсын) бул сөздөн пенделер аны кайтара албаган жаратуу ишин максат кылды.Анткени Анын ишин кайтаруу – Анын алсыз экендигин далилдөө болмок. А мындай болушу мүмкүн эмес.

(каза) сөзү - өкүм, буйрук жана иш деген маанилерде колдонулат[37].

(Анын өкүмүн эч ким өзгөртө (жана кечиктире) албайт) – анткени адамдардын бардыгы Анын бийлиги жана кудурети астында. Ошондуктан алардын эч бири мындай кыла албайт.

(Анын буйругуна үстөмдүк кылуучу жок) – бул жерде буйрук сөзүнөн максат жаратууболушу мүмкүн. Аллах Таала айтты: “إِنَّمَاقَوْلُنَا لِشَيْءٍ إِذَا أَرَدْنَاهُ أَن نَّقُولَ لَهُ كُن فَيَكُونُ ” аяттын маанисинин котормосу: “Бир нерсенинболушун каалаганыбызда Биздин: “Бол!” – деген гана сөзүбүз жетиштүү. Ошондо алболот да калат”[38] .Мында башкалардын жаратуучулугун жокко чыгарып, Аллахтын жалгыздыгын белгилөөбар. Ошондой эле буйрук сөзүнөн каза максат кылынган болушу мүмкүн. Ошондо бул,эч ким Анын үстүнөн бийлик жүргүзүп, каза (өкүм, буйрук, иш) кыла албайт.Анткени Ал Жалгыз Башкаруучу деген маанини билдирип калат. (Абу Хафсаль-Газнавий).

(Биз ушул айтылгандардын баарына ыйман келтирдик) – б.а. жогоруда айтылгандардынбаарын чындык деп тастыктадык. Ошондо “ушул” деген сөз менен жогорудаайтылгандардын баарына ишарат болот. (Абу Хафс аль-Газнавий).

(жана баары) – б.а. боло турган иштердин баары.

(Аллахтан экендигин) – Аллахтын каалоосу менен болоорун (Аль-Майдааний).

(анык билдик) – бул сөздөрдө жогоруда айтылгандардын баарына ыйман келтирүү курулайэле таклид[39] кылуу менен эмес, самиъий[40]жана аклий[41] далилдер мененбекемделген, шек-күмөн аралабаган, анык илим (якин) менен болгон ыйманэкендигине ишарат бар. Анткени далилдер менен бекемделген илим бекем болгондугужана орношкондугу үчүн анык билүү (якин) деп эсептелет. Аллах Таала айтты: “وَكَذَلِكَ نُرِي إِبْرَاهِيمَ مَلَكُوتَ السَّمَاوَاتِوَالأَرْضِ وَلِيَكُونَ مِنَ الْمُوقِنِينَ” аяттын маанисинин котормосу: “Биз Ибрахимге ал шек-күмөнсүз ишенүүчүлөрдөнболуусу үчүн асман менен Жердин падышалыктарын көргөздүк” [42]. Ал (Ибрахималейхи салам) жаралгандарды карап, Жаратуучунун бар экендигине далил келтирүүаркылуу анда илим пайда болгондугу үчүн аны Аллах Таала мукин (шек күмөнсүзишенүүчү) деп атады (Абу Хафс аль-Газнавий).


<br clear="all" >[1] Араб тилинде «Латииф»

[2] Мүлк сүрөсү, 14-аят

[3] Анаам сүрөсү, 59-аят

[4] ашык-кеми жок, кынтыксыз кылып

[5] Камар сурөсү, 49-аят

[6] Фуркан сурөсү, 2-аят

[7] Аъраф сүрөсү, 34-аят

[8] Аали Имраан сүрөсү, 145-аят

[9] Касас – бул, кылмышкердин адамдын жанына же анын дене-мүчөсүнө кандай зыянжеткирген болсо, ага кудум ошондой жаза берүү. Эгер кылмышкер бирөөнү өлтургөнболсо, ал касаска татыктуу болот жана ал башканы өлтүргөнү сыяктуу анын өзүөлтүрүлөт.

[10] Доман – шариат чектеринен чыккан абалда бирөөнүн байлыгынжок кылып жиберген адамдын ошол байлыкты төлөп берүүсү.

[11] Бул, адам өз ажалы менен өлгөн болсо, анда эмнеге аны өлтүргөн адамагажаза берилиши керек деген суроого жооп.

[12] Абу Йъала өзүнүн “Муснадында” Анас бин Маликтен (Аллах андан ыраазыболсун) риваят кылган. Анда “садака жана туугандар менен карым-катнашта болууаркылуу Аллах Таала өмүрдү узартат...”- деп айтылат 7-том, 4104.

[13] Сунан ат-Тирмизий, 2139-хадис

[14] Раафиза – алар Шииттердин чоң бир тобу. Алар Абу Бакр жана Умардын (Аллахал экөөнөн ыраазы болусун) халифачылыгын кабыл кылышпагандыктары үчүн Алардын Раафизадеп аталып калышкан. Рафаза –деген сөз кабыл албоо дегенди түшүндүрөт. АларИмамия деген ат менен да белигилүү.

[15] Мүлк сүрөсү, 14-аят

[16] Йасин сүрөсү, 81-аят

[17] Йасин сүрөсү, 79-аят

[18] Заарият сүрөсү, 56-аят

[19] Саффат сүрөсү, 96-аят

[20] Анаам сурөсү, 102-аят

[21] Ниса сүрөсү, 78-аят

[22] “Сахих” Муслим, 93-хадис

[23] Затия сыпаттары – анын тескерисин жоккочыгарууну талап кылган сыпаттар

[24] Таквир сүрөсү, 29-аят

[25] Шуура сүрөсү, 52-аят

[26] Тоопук- Аллах Тааланын пендесинин иштерин Өзүжактырып, ыраазы боло тургандай кылуусу

[27] Касас сүрөсү, 56-аят

[28] Мудассир сүрөсү, 31-аят

[29] Анаам сүрөсү, 39-аят

[30] Аалу Имараан сүрөсү, 40-аят

[31] Мааида сүрөсү, 1-аят

[32] Мудассир сүрөсү, 31-аят

[33] Бакара сүрөсү, 26-аят

[34] Юнус сүрөсү, 99-аят

[35] Нах сүрөсү, 9-аят

[36] Хадид сүрөсү, 21-аят

[37] Бул жерде иш деген маани максат кылынды.

[38] Нахл сүрөсү, 40-аят

[39] Таклид – Далилдерге таянбастан турап, башка бирөөнүн айткан сөздөрүнакыйкат деп кабыл алуу.

[40] Самиъий далилдер – алар угуу аркылуу болгон далилдер. Т.а. алар акылгатаянылган далилдер эмес, пайгамбарыбыз алейхи саламдан угулган далилдер. Б.а.Кураан жана хадистер.

[41] Аклий далилдер – Акылга таянуу аркылуу пайда болгон далилдер.

[42] Анаам сүрөсү, 75-аят

Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 05 Июль 2014 - 19:30

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1170 Пользователь офлайн   Daud   05 Июль 2014 - 19:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ушул эле китептин башка бир жеринде мынтип айтылат:

Тагдыр жөнүндө кененирээк түшүнүк.
وَأَصْلُ الْقَدَرِ سِرُّ اللهِ فِي خَلْقِهِ لَمْ يَطَّلِعْ عَلَى ذَلِكَ مَلَكٌ مُقَرَّبٌ وَ لا نَبِيٌّ مُرْسَلٌ ، وَالْتَّعَمُّقُ وَالْنَظَرُ فِي ذَلِكَ ذَرِيعَةُ الْخِذْلانِ ، وَ سُلَّمِ الْحِرْمَانِ ، وَدَرَجَةُ الْطُّغْيَانِ ، فَالْحَذَرُ كُلَّ الْحَذَرِ مِنْ ذَلِكَ ، نَظَرًا أَوْ فِكْرًا أَوْ وَسْوَسَةً ، فَإِنَّ اللهَ تَعَالَى طَوَى عِلْمَ الْقَدَرِ عَنْ أَنَامِهِ ، وَنَهَاهُمْ عَنْ مَرَامِهِ كَمَا قَالَ فِي كِتَابِهِ { لا يُسْأَلُ عَمَّا يَفْعَلُ وَ هُمْ يُسْأَلُونَ}(أَنْبِيَاءُ 23) فَمَنْ سَأَلَ : لِمَ فَعَلَ؟ فَقَدْ رَدَّ حُكْمَ كِتَابِ اللهِ، وَمَنْ رَدَّ حُكْمَ كِتَابِ اللهِ تَعَالَى كَانَ مِنَ الْكَافِرِينَ . فَهَذَا جُمْلَةُ مَا يَحْتَاجُ إِلَيْهِ مَنْ هُوَ مُنَوَّرٌ قَلْبُهُ مِنْ أَوْلِيَاءِ اللهِ تَعَالَى ، وَهِيَ دَرَجَةُ الْرَاسِخِينَ فِي الْعِلْمِ. لأنَّ الْعِلْمَ عِلْمَانِ: عِلْمٌ فِي الْخَلْقِ مَوْجُودٌ ، وَعِلْمٌ فِي الْخَلْقِ مَفْقُودٌ، فَإِنْكَارُ الْعِلْمِ الْمَوْجُودِ كُفْرٌ، وَ اِدِّعَاءُ الْعِلْمِ الْمَفْقُودِ كُفْرٌ، وَ لا يَثْبِتُ الإِيْمَانُ إلا بِقَبُولِ الْعِلْمِ الْمَوْجُودِ َتَرْكِ طَلَبِ الْعِلْمِ الْمَفْقُودِ .

Тагдыр- бул Аллах Тааланын калайык калкка билдирбей сактаган сыры. Муну Аллахка жакын периштеда, жөнөтүлгөн пайгамбар да билбейт. Тагдыр меселесине терең кирип изилдөө ооматсыздыктын себеби, ажыроонун тепкичи жана адашуунун бийик чокусу. Аны изилдөөдөн, алтууралуу ойлонуудан, ага азгырылгандан өтө сак болуу керек. Чындыгында Аллах Таалатагдыр илимин жалпы журттан жаап-жашырып койгон. Анын максатын изилдөөдөнадамдарды тыйган. Аллах Куранда мындай деп айткан: «Ал (Аллах) кылган ишинесурак бербейт. Ал эми адамдар суракка алынат». (Анбия; 23). Ошондуктан кимде ким эмне себептен Аллах Тааламындай же тигиндей кылды деп сураса, Курандын өкүмүн кабыл албаганы ошол. Кимде-кимКурандын өкүмүн четке какса, каапырлардын катарына кошулат.

Мына ушул Аллах Таалага жакын, жүрөгү нурданган адамдар муктаж болгон ишеним.Бул көз караш илимди мыкты билгендердин энчиси. Анткени илим эки түрдүү:Адамдардабар болгон илим жана адамдарда жок болгон илим. Бар болгон илимди жоккочыгарып, четке кагуу каапырдык. Ошондой эле адамдарда жок болгон илимди билемдеп доо кылуу да каапырдык. Бар болгон илимди кабыл алып, жок болгон илимдиизилдебей коюу менен гана ыйман бекемделет.

Түшүндүрмө:

(Тагдыр - бул Аллах Тааланын калайык калкка билдирбей сактаган сыры) - Матрудийлердин ишениминде тагдыр – бул,Аллах Тааланын ар бир макулукту жакшы жана жаман, пайда жана жакшылык, анынмоюн сунуусу же күнөөкөр болуусу, сыйлыка же жазага татыктуу болуусу жекечирилүүсү ж.б.у.с. сыяктуу чектер менен эзелде чектеп коюсу. Кээ бир аалымдармынтип айтышты: тагдырдан максат – Аллах Таала нерселердин тагдырларын жанаубакттарын аларды жаратпастан эле билген. Андан кийин аларды ошол билгенинежараша жараткан. Ар бир жаралган нерсе Анын илими, кудурети жана каалоосу мененжаралган. Бул динден катъий далилдер менен билинген, бул жолдо сахаба жанатаабийиндердин мыктыларынан болгон салаф ас-соолихиндер тагдыр маселесине каршычыккан Кадариялар чыкканга чейин болушкан.

Имаман-Нававий[1] имам Муслимдин Сахихине берген шархында мынтип айтат: Билгиниң! Ахлу ас-Суннатагдырдын акыйкат экендигине ишенишет. Тагдыр – бул, Аллах Таала нерселерди эзелде белгилеп, өлчөп койгон жанаАллах Таала ал нерселердин Ага белгилүү болгон өзүнчө убакытта жана өзүнчө бир сыпаттарда болуусун билген жана ал нерселер Аллах Таала белгилеп, өлчөп койгондой ишке ашат. Кадария[2] муну жокко чыгарып, четке кагат. Алар өз ойлорунда Аллах Таала боло турган нерселерди билгендиги үчүн аларды белгилеп койгон эмес жана Анын илими кайрадан башталган илим дешет.Т.а. Ал нерселер ишке ашкандан кийин гана ал нерселер жөнүндө билет деп айтышат. Улуу Жаратуучубуз алардын мындай бузук сөздөрүнөн аруу, таза! Бул топ тагдырды жокко чыгаргандыгы үчүн Кадария деп аталып калган. Чындыгында алар жоголуп кетишти. Азыркы заманда Кадария жакшылык Аллахтан ал эми жамандык башкадан деп билип калышты. АллахТаала мындан аруу, таза, бийик!

Имамаль-Харамейн өзүнүн “Иршаад” аттуу китебинде мынтип айтат: кээ бир Кадариялар: “биз Кадария эмеспиз. Тескерисинче силер тагдырга ишенгендиңер үчүн Кадария депэсептелесиңер” – деп айтышат. (Иршаадта айтылган сөз аятады). Бултүркөйлүк жана уятсыздык. Аллахка мактоолор болсун биз иштерибизди Аллахкатапшырабыз жана бардык иштерди ага таандык кылабыз. Ал эми тиги түркөйлөрөздөрүнө таандык кылышат. Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) айткан:“Кадария, бул үммөттүн мажусу[3] ”.Алардын күмөндөрү Аллахтын каалоосундагы жакшылык жана жамандыктыбөлүшкөндүктөрүнөн. Бул мажустардын жакшылыкты Яздан жана жамандыкты Ухрумангатаандык кылып бөлүшкөнүнө окшош. Ушинтип “Шарху ат-Тарийка” жана “Шархуаль-Жаухарада” тагдыр бөлүмүндө айтылды. (Аль-Майдааний).

(Муну Аллахка жакын периштеда, жөнөтүлгөн пайгамбар да билбейт) – Аллах Таала айтты: “إِنَّا كُلَّ شَيْءٍ خَلَقْنَاهُ بِقَدَرٍ” аяттын маанисинин котормосу: “Чындыгындабиз баарын тагдыр (өлчөм) менен жараттык [4] ”. Адамдардын акылдары Кудайдын даанышмандыктарынтүшүнүүгө алсыздык кылат жана көздөр Жаратуучунун сырларын көрө албайт.Ошондуктан тагдыр Аллах Таала Өз илими менен ээлик кылган жана макулуктарынанжашырган жашыруун нерселеринен болуп калды. Ал периште үчүн да, пайгамбар үчүнда ачылган эмес. (Абу Хафс аль-Газнавий).



Аллах Тааланын: “قُل لَّا يَعْلَمُ مَن فِيالسَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ الْغَيْبَ إِلَّا اللَّهُ” (Асмандарда жана жерде болгон жашыруунду Алладан башка эч ким билбейт. Аларкачан тириле тургандыгын да туюшпайт” – дегин[5]) – деген сөзүнүн негизинде тагдырды эч кимбилбейт деп айтабыз. Тагдыр Аллах Таала Өз илими менен ээлик кылган жанамакулуктарынан жашырган жашыруун нерселеринен болуп калды. Ал периште үчүн да,пайгамбар үчүн да ачылган эмес. А бирок аларга муъжиза болуусу жана алжөнөтүлгөн адамдарга далил болуусу үчүн Өзү каалаган кээ бир пайгамбарларынакээ бир жашыруун нерселерди ачкан. Аллах Таала айтат: “فَلَا يُظْهِرُ عَلَى غَيْبِهِأَحَدًا {} إِلَّا مَنِ ارْتَضَى مِن رَّسُولٍ” (Ал Өзсырларына эч кимди жолотпойт. Бирок Өзү ыраазы болгон (тандап алган) элчисинине ачат[6]) . (Аль-Буснавий).

(Тагдыр меселесине) аны түшүнүү үчүн (терең кирип изилдөө ооматсыздыктын) жардамсыз калуунун (себеби) туура ыйманда бекем туруудан (ажыроонун тепкичи жана адашуунун бийик чокусу) б.а. билим ээлери карманган нерседен жаңылышуу. (Аль-Майдааний).

Мынтип айтышкандыктарынын себеби жашырылган нерсенин жашыруун экендигин билгенден кийин да аны билүүгө умтулуу жокко чыгарууну жана шектенүүнү өстүрөт. Бул эки нерсе мунафыктардын жана динсиздердин сыпаттарынан. Андан кийин бул жөнүндөталашып- тартышуу Жаратуучунун өкүмдөрүнө каршы чыгууга алып барат. Ошентиптерең изилдөөгө киришүү ооматсыздыктын себеби болот. Ооматсыз –бул, каршычыккандыгы үчүн жардамдан тосулган адам. Андан кийин каршы чыккандыгынуланткандыгы үчүн ажыроонун тепкичине көтөрүлөт. Андан кийин адашуу даражасынакелип токтойт. Бул Жараткандын иштеринде талашып-тартышууда пендеге коюлганчектен ашып өтүү. Ошондуктан бул сөздөрдү ушул тартипте айтышты. (Хибатуллах ат-Туркистаний).

(Аны изилдөөдөн, алтууралуу ойлонуудан, ага азгырылгандан өтө сак болуу керек) анткени бул шайтандын айла-амалдарынан. Оюңа бул тууралуу ойлор келгенде Аллахтан коргоосун сура жана тастыктоо, моюн сунуу менен анын илимин аны билгенге (Аллахка) калтыр. (Аль-Майдааний). (ЧындыгындаАллах Таала тагдыр илимин жалпы журттан жаап-жашырып койгон. Анын максатын изилдөөдөн адамдарды тыйган) муну кылууга тыюу салгандыгынын себеби тагдыр пенделер эмес, Аллах Таала Өзү илими менен ээлик кылган нерсе.Аллах Таала билген нерсенин баарын, Анын пенделери да билет деп айтуу, алардынилимин Аллахтын илимине салыштыруу болуп эсептелет. Мындай болушу мүмкүн эмес.Себеби кийин пайда болгон, эзелки менен тең болбойт. Аллахтын илими Анынзатындагы эзелки илим. Ал эми макулуктардын илимдери башкалардан алынган, кийинпайда болгон илим. Ошондуктан алардын илими, алардын башка сыпаттарындай элекемчилдиктүү болот. (Аллах Куранда мындай деп айткан: «Ал (Аллах) кылган ишине сурак бербейт) даанышмандыгынын, рахматынын жана адилеттүүлүгүнүн чексиз болгондугу үчүн. (Ал эми адамдар сурака алынат») пендечиликтеринин чындык болгондугу үчүн эмне кылышкандыктары тууралуу сурака алынышат. Мунун далили Аллах Таала пенделерин сурака алуу үчүн, алардын жакшы жана жаман иштеринин жазуу үчүналарга периштерди жиберди. (Ошондуктан) т.а. Аллах Таала “Ал кылганишине сурак бербейт[7] ” –деген сөзү менен тыюу салгандыгы үчүн (кимде - ким эмне себептен Аллах Таала мындай же тигиндей кылды деп сураса, Курандын өкүмүн кабыл албаганы ошол) анткени пендечиликтин пайдубалы Аллахка, Анын китептерине, периштелерине, пайгамбарларына даанышмандыктар жөнүндө сурабастан туруп, моюн сунуу менен ишенүү.

Ибн Абду-ль-Баррдын[8]мынтип айткандыгы бизге жетип келди: “кимде-ким илимге кызыгып, өзүнөн сабатсыздыкты кетирүү үчүн диний билимдерден билүү важиб болгон нерселерди билүү максатында сураган болсо эч нерсе эмес. Билбестиктин даарысы – суроо. Ал эми кимде-ким түшүнүү жана үйрөнүү үчүн эмес, кыйкымдоо үчүн сураган болсо,мындай суроонун азы да көбү да адал эмес”. (Кимде-ким эгер Курандын өкүмүн четке какса, каапырлардын катарына кошулат) –анткени катъий далил менен бекемделген нерсени четке кагуу каапырдык. (Аль-Буснавий).

(Мына ушул) – жогоруда айтылып өткөн ишенүү жана амал кылуу важиб болгон нерселерге ишарат. (Аллах Таалага жакын) буга бардык мукаллафтар[9]муктаж болушса да Аллахка жакын адамдар деп бөлүнүп айтылды. Бул Аллахтын Кураан баары үчүн туура жол болсо да “هُدًى لِّلْمُتَّقِينَ” (такыбалар үчүн туура жол[10])- деген сөзү сыяктуу. А бирок ким ага ишенип,аны ээрчисе ал үчүн да туура жол, нур болот. (жүрөгү нурданган адамдар муктаж болгон ишеним) – т.а. муну жүрөгү толук ишеним менен нурданган адам билет жана ага токтойт. Аллах Таала айтты: “يَهْدِي اللَّهُ لِنُورِهِ مَن يَشَاء” (Аллах Өзү каалаганын Өз нуруна баштайт[11] ). (Бул көз караш илимди мыкты билгендердин энчиси) т.а.пайгамбарлар алып келген илимди жалпылай жана кенен, жокко чыгаруу жана бекемдөө иретинде мыкты билгендердин энчиси. (Анткени илим эки түрдүү: Адамдарда бар болгон илим) –ал шариат илими. Анын негизи жана бутактары. (жана адамдарда жок болгон илим) ал жогоруда айтылгандай адамдардан жашырылган тагдыр илими. Ошондой эле белгисиз илимдерден Аллах Тааланын: “إِنَّ اللَّهَ عِندَهُ عِلْمُالسَّاعَةِ وَيُنَزِّلُ الْغَيْثَ وَيَعْلَمُ مَا فِي الْأَرْحَامِ وَمَا تَدْرِينَفْسٌ مَّاذَا تَكْسِبُ غَدًا وَمَا تَدْرِي نَفْسٌ بِأَيِّ أَرْضٍ تَمُوتُ إِنَّاللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرٌ” “Акыйкатта, Кыямат күнүнүн мөөнөтүн Аллах ганабилет. Ал жаан жаадырат жана курсактагыны билет. Бир дагы жан эртең эмне болорун жана кайсы жерде өлөрүн билбейт. Акыйкатта, Аллах – Билүүчү, Кабардар[12] ”– деген сөзү.

(Бар болгон илимди жокко чыгарып, четке кагуу каапырдык) –анткени бул пайгамбарларды жана китептерди жалганчыга чыгаруу болуп эсептелет. (Ошондой эле адамдарда жок болгон илимди билем деп доо кылуу да каапырдык) анткени бул Аллах Таала гана билген илимде Аны менен шериктешмин деген доо болуп эсептелет.

(Барболгон илимди) багынуу жана моюн сунуу менен (кабыл алып, жок болгон илимди) АллахТаалага калтырып (изилдебей коюу менен гана ыйман бекемделет) . (Аль-Буснавий).



<br clear="all" >[1] Ан-Нававий – ал, хадис жана тил илимдериндеги Шаафий мазхабын карманганбелгилүү аалым Яхя бин Шараф ан-Нававийад- Димашкий. Көптөгөн эмгектердин автору. Ал 621-х.ж. төрөлүп, 677-х.ж. казаболгон.

[2] Кадария – алар, адам Аллах Таалага муктаж болбостон туруп эле өз иштеринөзү жаратат деп айтышкан жана нерселердин Аллахтын каза жана кадары мененболоорун четке каккан агым.

[3] Сунан Абу Дауд, 4691-хадис.

[4] Камар сүрөсү, 49-аят.

[5] Намль сүрөсү, 65-аят.

[6] Жин сүрөсү, 26-27-аяттар.

[7] Анбия сүрөсү, 23-аят.

[8] Ибну Абду-ль-Барр: ал, шейху-ль-Ислаам, Маликий мазхабындагы белгилүүаалым Юсуф бин Абдуллах бин Мухаммад бин Абду-ль-Барр. Көптөгөн китептердинавтору. Ал 463-х.ж. каза болгон. Анын белгилүү китептери: “аль-Истийааб”, “Жаамиъу Байаани-ль-Илми ва Фазлихи”, “аль-Истизкаар фи Шархи МазаахибиУламааи- ль-Амсаар”.

[9] Мукаллаф- акыл эси толук, балагант жашына жеткен мусулман адам.

[10] Бакара сурөсү,2-аят

[11] Нур сүрөсү, 35-аят

[12] Лукман сүрөсү, 34-аят

Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 05 Июль 2014 - 19:41

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1171 Пользователь офлайн   Daud   05 Июль 2014 - 19:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Аябай көп текстти көчүрүп коё бердим. Кереги тийип калабы деген ойдо. Эскерте кетчү нерсе бул котормо али толук текшерүүдөн өтө элек. Ошондуктан кимдир бирөө анда кандайдыр бир ката же түшүнүксүз нерсени байкап калса, кабар берип коюсун өтүнөм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1172 Пользователь офлайн   One_Ummah-One_Pain   05 Июль 2014 - 21:08

  • Момун
  • Pip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 36
  • Катталган: 17 Июнь 14
  • Соңку аракети: 10 Июл 2014 03:24
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения sister (05 Июль 2014 - 15:00) жазган:

каза жана кадар, инстинкт, тагдыр жонундо кененирээк жазып койгулачы.

Каза жана кадар Алла таала “Аали Имран” сүрөсүндө мындай дейт:

           
«Ар бир жан Алланын уруксаты менен жана анык белгилеп коюлган мөөнөттө гана өлөт». [3:145] “Аъраф” сүрөсүндө мындай дейт:
              
«Ар бир үммөт үчүн ажал бар, анан качан аларга ажалдары жетсе, аны бир саат аркага да, алдыга да жылдыра алышпайт». [7:34] “Хадид” сүрөсүндө мындай дейт:
                  
    
«Жерге да жана өзүңөргө да кандайдыр бир мусийбат жетпес, эгер (жетсе), Биз аны жүзөгө чыгарышыбыздан мурда эле ал Китепте (Лавхул махфузда жазылган) болот. Албетте, бул иш Аллага оңой». [57:22]
“Тообо” сүрөсүндө мындай дейт:
                
«Айткын, бизге Алла биз үчүн жазып койгон нерсе гана жетет. Ал биздин Эгебиз, демек, момундар Аллага гана тобокел кылышсын».[9: 51] “Сабаъ” сүрөсүндө мындай дейт:
               
     
«Асмандар жана жердеги бир кыпындай нерсе, андан да кичине же чоң нерсе Андан жашыруун болбойт, булардын бардыгы ачык Ки- тепте (Лавхул махфузда) бар». [34:3] “Анъам” сүрөсүндө мындай дейт:
             
14
          «Ал түнкүсүн жаныңарды ала турган (уйку бере турган), күндүз кыл- ган ишиңерди биле турган Зат. Кийин, белгиленген ажал (жашоо үчүн берилген мөөнөт) өтөлүшү үчүн, анда (күндүз) силерди тирилтет. Кийин силердин кайтып барар жайыңар Ага гана болот, андан соң Ал силерге кылып өткөн иштериңердин кабарын берет». [6:60] “Ниса” сүрөсүндө мындай дейт:

               
               
«Эгер аларга (мунафиктерге) жакшылык жетсе, «бул Алланын алдынан» дешет. Эгер жамандык жетсе, «бул сенден келди» дешет. Айткын: “Бардык нерсе Алланын алдынан”. Бул коомго эмне болгон, эч сөздү түшүнүшпөйт? !». [4:78]
Бул жана буга окшогон аяттарды көпчүлүк «Каза жана кадар» маселе- сине далил кылып келтиришет. Жана бул далилдерден төмөнкүдөй маани түшүнүлүп калат: Адам кылып жаткан иштерин мажбурлуу түрдө кылат; иштерин Алланын каалоосу жана ирадасынын жазмышы астында ишке ашырат; «Алла адамды да, анын иштерин да жаратат» (б.а. адамдын бардык иштерин Алла жүзөгө ашырат). Алар өздөрүнүн мындай кеп- терин Алла тааланын төмөнкү сөздөрү менен тастыктамакчы болушат:      
«Алла силерди да, иштериңерди да жараткан», [37:96] Ошондой эле өздөрүнүн бул ойлорун хадистер менен да кубаттамакчы болушат: «Рухул Кудс (Жабраил) дилиме ушуларды салды: Эч бир жан өз ырыскысын жеп бүтпөй туруп, ал үчүн чегерилген өмүр мөөнөтүн жашабай туруп, өзү үчүн белгиленген нерселерди толук албай туруп, эч качан өлбөйт».
Белгилүү болгондой, «каза жана кадар» маселеси исламий мазхаб- дарда эң орчундуу орунду ээлейт. Ахли сүннөт райынын тыянагы мын- дай: адам “касб”да ыктыярдуу. Ал касбдагы ыктыярдуу аракети үчүн эсеп-китеп кылынат. (Тиркеме: Пенде бир ишти кылууну ниет кылганда жана аны аткаруу үчүн аракет кылганда ыктыярга ээ, бирок, ал ишти Алла таала жүзөгө ашырат. Мына ушул шайкештик – касб деп аталат. Бул “касб” терминине берилген Ахли сунна аныктамасы. Котормочудан). Муътазила райынын тыянагы мындай: Адам кылып жаткан иштерин өзү жаратат жана ушул иштери үчүн эсеп-китеп кылынат, себеби, бул иштерди ал өзү вужудга келтирген. Жабрия райынын тыянагы болсо мын- дай: Пендени да, анын иштерин да Алла жаратат. Ошондуктан пендеиштерди кылууда мажбур, ыктыярдуу эмес, ал шамал каалаган жакка учуруп кете турган парга окшойт.
Каза-кадар маселесине терең дит коюп текшерген адам - бул тармактагы талкуу назик болгондуктан – талкуунун пайдубалы болгон негизди (асас) аныктап алуу зарылдыгын билет. «Пенденин ишин анын өзү жаратабы же Алла таалабы» деген маани – бул талкуунун негизи эмес. «Алла таала адам кайсы ишти кылат жана адамдын ушул кылмакчы болгон ишин бүтүндөй билип турат» деген маанидеги Алланын илими да – бул талкуунун негизи эмес. «Алланын каалоо-ирадасы пенденин кыла турган ишине түздөн-түз байланыштуу, ошондуктан, пенденин иши мына ушул каалоо себептүү вужудга келет» деген маанидеги Алланын ирадасы да - бул талкуунун негизи эмес. «Пенденин кыла турган иштери Лавхул махфузда жазылып коюлган, ошондуктан, эмне жазылган болсо, пенде ошону кылат» деген маани да – бул талкуунун негизи эмес.
Ооба, жогоруда айтылган нерселердин эч бирөөсү бул талкуунун не- гизи эмес. Себеби, алар бул темага (т.а. пенденин ишине) сооп жана жаза жагынан байланышпайт. Балким, алар буга “вужудга келтирүү”, “бардык нерсени билип алган илим”, “бардык иштерге үзгүлтүксүз байланышкан ирада”, “Лавхул махфуз бардык нерсени камтып алгандыгы” жагынан байланышат. Ал эми бул байланыш болсо, адам кылган иштери үчүн сыйлык (ажр) алышы же жазаланышы (укубат) темасынан бүтүндөй өзгөчө, башка тема. Демек, бул талкуунун негизи ушул: Адам жакшы же жаман иштерди кылууда мажбурбу же ыктыярдуубу? Адам бир ишти кылуу же кылбоодо ыктыярга ээби же жокпу?
Адам иштери кунт коюп изилденсе, адамдын эки чөйрө ичинде жашап жатканы белгилүү болот. Бул эки чөйрөнүн биринде адам өкүм жүргүзөт да, бул чөйрө адамдын башкаруусу астында болот. Бул чөйрөдө адам бардык иштерин өзүнүн толук ыктыяры менен ишке ашырат. Экинчи чөйрө болсо адамдын үстүнөн өкүм жүргүзөт, адам анын ичинде өз ыктыярына ээ болбой жашайт. Бул чөйрөдө – адамдын өзү кылабы, же ага карата башка бирөө тарабынан кылынабы, айырмасыз – анын ыктыя- рына эч кандай тиешеси болбогон иштер жүзөгө келет.
Адамга өкүмдарлык кыла турган чөйрөдө боло турган иштерге адамдын эч кандай тиешеси жок, анын болушуна адамдын катышы да жок. Мындай иштер эки түрдүү болот:
1. Табият мыйзамдары (низомул-вужуд) талап кыла турган иштер.
2. Адам ыктыярына бойсунбай турган жана алардан адам өзүн коргой албай турган о.э. табият мыйзамдары талап кылбай турган иштер.
Табият мыйзамдары талап кыла турган иштер адамды табигый мыйзамдарга моюн сунууга мажбур кылат, адам аларга каршы тура албайт. Себеби, ал аалам жана тирүүлүк менен биргеликте атайын (махсус) мыйзам чегинде бирге жүрөт, алардан бир да кадам артта кала албайт.Ошондуктан, бул чөйрөдөгү иштер адамдын каалоосуна байланышпаган абалда жүзөгө чыгат. Адам бул чөйрөдө баш ийүүгө мажбур, өз ыктыя- рына ээ эмес. Мисалы: адам бул дүйнөгө ыктыярсыз келет жана ыктыяр- сыз кетет. Абада өз денеси менен куштардай уча албайт. Табигий сал- магы менен суу үстүндө жүрө албайт. Көзүнүн өңүн, жүзүнүн көрүнүшүн, дене түзүлүшүн каалагандай жарата албайт. Мунун баарын Алла таала жаратат. Махлук пенденин бул иштерге эч кандай таасири да, алакасы да жок. Себеби Алла таала табият (вужуд) мыйзамын жаратып, бүткүл барлыкты (вужуд) ага баш ийдирип койгон. Барлык мына ушул мыйзам- дар алкагында жүрөт, андан четке чыга албайт.
Адамдын кудуретинен сырткаркы, андан өзүн коргой албай турган, та- бият мыйзамдары да талап кылбай турган иштерге келсек, бул иштер адамдын өзү тарабынан кылынабы, же ага карата башка бирөө тарабынан кылынабы, айырмасыз, адам эч качан андан качып кутула албайт. Мисалы: дубал үстүндөгү киши башка бирөөнүн үстүнө жыгылып, аны өлтүрүп койгону сыяктуу; же бир адам перенде атам деп жаза тайып, өзү күтпөгөн жерден башка бирөөнү өлтүрүп койгону сыяктуу; же бол- босо, кокустан бузулуунун натыйжасында поезд, самолёт же автомобиль аварияга учурап, натыйжада жүргүнчүлөр набыт болгону сыяктуу куту- луунун мүмкүнчүлүгү болбогон иштер. Адамдын өзү тарабынан же ага карата башка тарабынан кылынып жаткан мындай иштер – мейли, та- бият мыйзамы талап кылбаса да – адамдын өзү тарабынан же ага карата анын ыктыярысыз жүзөгө келди. Бул иштердин бардыгы адамдын ыктыяр жана кудурет чегинен сырткаркы чөйрөдөгү иштер болот. Адамга өкүмдөрлык кылып жаткан ушул чөйрөдө жүз берген иштердин бардыгы каза деп аталат. Себеби, жалгыз Алла тааланын Өзү гана бул иштердин болушуна өкүм чыгарган б.а. каза кылган. Ошондуктан, адам аны пайда- луу же зыяндуу деп, же болбосо, жакшы же жаман деп эсептешине ка- рабастан – негизи, бул иштердин жакшы же жаман экенин Алланын Өзү гана билет – бул сыяктуу иштерде пенде Алла тааланын алдында су- ракка алынбайт. Себеби, адам бул иштерге таасир эте албайт, алар жөнүндө, алардын кандайча болуп кеткени жөнүндө да эч нерсе бил- бейт. Алардан кутула албайт, аларды өзү кыла албайт. Ошондуктан, адам бул казага жана анын Алла таала тарабынан кылынган амал экенине ыйман келтириши керек.
Кадар. Адамга өкүмдарлык кылып жаткан чөйрөдө болобу, же адам өкумдарлык кылып жаткан чөйрөдө болобу, болуп жаткан иштердин бардыгы аалам, адам, тирүүлүк тутумундагы бирер нерсе тарабынан же ага карата болот. Алла бул нерселер үчүн белгилүү бир касиеттерди (хусусият) жараткан. Мисалы: Алла таала отто күйгүзүү касиетин, жыгачта күйүү касиетин, бычакта болсо кесүү касиетин жаратты жана бул касиеттерди табият мыйзамдары негизинде өзгөрбөс кылып койду. Эгер бул касиеттер табият мыйзамдарына тескери болуп өзгөрсө, анда Алла бул нерселерден алар үчүн белгиленген бул касиеттерди алып койгон болот да, бул иш адаттан тышкаркы окуя болуп калат. Мындай иштер пайгамбарларда гана кезигип, алардын мужизалары болуп эсептелет (Мужиза – ажиз калтыруучу т.а. башкалар кылууга алсыз болгон иш. Котормочудан). Алла таала нерселерде касиеттерди жаратканы сыяктуу, адамда да гарыйза (инстинкт) жана узвий хажаттарды (организм муктаждыктары) жараткан. Аларда да башка нерселердеги касиеттер сыяктуу белгилүү бир касиеттерди жаратты. Мисалы: Нав (түр) гарыйзасында жыныстык козголуу касиетин, узвий хажаттарда ачка болуу, чаңкоо ж.б. касиеттерди жаратып, аларды табият мыйзамынын негизинде бул гарыйза жана узвий хажаттарга ажыралгыс касиет кылып берди. Нерселердеги жана адамдын гарыйза, узвий хажаттарындагы Алла таала жараткан белгилүү бир касиеттер «кадар» деп аталат. Жалгыз Алла тааланын Өзү нерселерди жана адамдагы гарыйза, узвий хажаттарды жаратып, аларга белгилүү бир касиеттерди берди б.а. кадарлады. Алардын пайда болуусунда пенденин эч кандай таасири жок. Демек, адам нерселердеги касиеттерди жараткан жалгыз Алла таала экенине ыйман келтирүүсү керек. Бул касиеттерде ушундай бир жөндөмдөр бар, эгер адам алардын жардамында кандайдыр бир ишти Алланын буйругуна ылайык аткарса, ал иш «жакшы» иш деп эсептелет, эгер Алланын буйругуна тескери ат- карса, ал иш «жаман» иш деп эсептелет. Адам иште нерселердин каси- еттерин иштетеби, же өзүнүн гарыйза, узвий хажаттарын кандырабы, айтор, бул ишти Алланын буйрук-кайтарууларына ылайык кылса, жакшы иш кылган болот, эгер Алланын буйрук-кайтарууларына тескери кылса, жаман иш кылган болот.
Демек, адам үстүнөн өкүмдарлык кыла турган чөйрөдөгү иштер – жакшы болсо да, жаман болсо да – Алла таала тарабынан болот. О.э. нерселердеги жана адамдын гарыйза, узвий хажаттарындагы касиеттер – жакшы натыйжага түрткү болсо да, жаман натыйжага түрткү болсо да – алар Алла тарабынан жаратылган. Ушунун негизинде ар бир мусулман «каза»нын жакшылыгы да, жамандыгы да Алла тааладан деп ыйман келтириши керек. Т.а. өзү өкүмдарлык кыла турган чөйрөдөн тышкары- дагы иштер Алла тааладан деп ыйман келтириши керек. Ошондой эле «кадар»дын жакшылыгы да, жамандыгы да Алла тааладан деп ыйман келтириши керек. Т.а. нерселердин табигый касиеттери жакшы натый- жага түрткү болсо да, жаман натыйжага түрткү болсо да, Алла таала та- рабынан белгиленген деп ыйман келтириши керек. Бул иштерге махлук инсандын эч кандай таасири жок. Мисалы, адамдын ажалы, ырыскысы, кала берсе өзү да Алла таала тарабынан белгиленет. Ошондой эле нав гарыйзасындагы жыныстык козголуу, бако гарыйзасындагы мүлкчүлүккө умтулуу, узвий хажаттардагы ачкалык, чаңкоо касиеттери – булардын баары Алла таала тарабынан жаратылган. Бул айтылгандар адам үстүнөн өкүмдарлык кылган чөйрөдө жүз бере турган иштерге жана нерселердин касиеттерине тиешелүү болду. Ал эми адам өзү өкүмдарлык кыла турган чөйрөдө болсо – Алланын шариятыбы же башкабы – адам өзү тандаган түзүм (мыйзамдар) негизинде ыктыя- рына ээ болуп жашайт. Бул чөйрөдө адам тарабынан же ага карата боло турган бардык иштер анын ыктыяры менен гана болот. Мисалы, ал каа- лаганда басат, жейт, ичет, сапар тартат жана каалаган убакта булардан баш тартат. Ал каалаганда от менен күйгүзөт, бычак менен кесет жана нав талабын, мүлкчүлүк талабын, аш казан талабын каалагандай канды- рат. Булардын баарын өз ыктыяры менен аткарат же бул иштерден ыктыярдуу түрдө баш тартат. Ошондуктан, адам бул чөйрөдө кылган иште- рине жооп берет.
Алла Таала жараткан нерселердин касиеттери, гарыйза, узвий хажаттардын касиеттери иштердин натыйжа беришине таасир көрсөтсө да, бирок, бул касиеттер эч кандай ишти аткарбайт. Балким, ушул касиеттерди иштетүү учурунда, адам алардын катышуусунда (васита) бир ишти аткарат. Мисалы, нав гарыйзасындагы жыныстык козголуу жакшылыкка да, жамандыкка да жөндөмдүү. Ошондой эле, узвий хажаттагы талапта да жамандыкка жана жакшылыкка жөндөм бар. Бирок жакшылык жана жамандыкты ишке ашыруучу тарап адам болот, гарыйза жана узвий ха- жаттар эмес. Алла таала адамда нерселерди ажыратып-айырмалай турган акылды жаратып, акылдын табиятына идирек, ажыратуу касиетин берди. Кийин адамга жакшылык жана жамандык жолун көрсөтүп койду:

   
«Биз аны эки жолго багыттап койдук», [90:10] Акыл табиятына бузукулукту (фужур), аруулукту (таква) идирек кылуу касиетин берди:
    
«Алла адамга фужурду жана таквалыкты таанытып койду». [91:8] Демек адам гарыйза, узвий хажат талаптарын Алланын буйрук-кайта- рууларына ылайык кандырса, жакшы иш кылган болот да, таква жолдон жүргөн болот. Ал эми адам гарыйза, узвий хажат талаптарын Алланын буйрук-кайтарууларына баш ийбей кандырса, жаман иш кылган болот да, фужур жолуна кирген болот. Мында жакшылык жана жамандык адам тарабынан аткарылууда же ага карата кылынууда. Демек, муктаждыкта- рын Алланын буйрук-кайтарууларына ылайык кандыруу менен жакшы иш кылып жаткан да адамдын өзү, алардан жүз үйрүү менен жаман иш кылып жаткан да адамдын өзү. Демек, ушул негизде, адам өзү өкүмдар болгон чөйрөдө кылынган иштери боюнча эсеп-китеп кылынып, сыйла- нат же жазаланат. Себеби, адам бул иштерди мажбурланбаган абалда өзыктыяры менен аткарат. Мындан тышкары, адамдагы гарыйза, узвий хажаттардын касиеттери, алардын жакшылыкка да, жамандыкка да жөндөмдүүлүгү Алла таала тарабынан жаратылган болсо да, бирок Алла таала бул касиеттерди Өзү ыраазы боло турган же каардана турган иштерге, башкача айтканда, жакшы-жаман иштерге адамды мажбурлоочу кылып жараткан эмес. Мисалы, оттогу күйгүзүү касиети – Алланы ыраазы кыла турган же каарын келтире турган ишке иштетилеби б.а. жакшылыкка же жамандыкка иштетилеби – бул касиет т.а. күйгүзүү ка- сиети адамды аны аткарууга мажбурлоочу болуп жаратылган эмес. Эгер адам бул касиеттерди иштетүүнү кааласа, өзү каалагандай иштете бе- рет. Алла таала адамды, андагы гарыйзаларды, узвий хажаттарды, жакшы-жаманды ажыратуучу акылды жаратканда, ушулар менен бирге, адамга бир ишти кылуу же кылбоо ыктыярын да берген. Бир ишти кы- лууга же кылбоого мажбур кылган эмес. Нерселерде, гарыйзаларда, уз- вий хажаттарда адамды бир ишти кылууга же кылбоого мажбур кыла турган касиет жараткан жок. Жакшы-жаманды ажырата ала турган акыл жардамында адам бир ишти кылуу жана кылбоо ыктыярына ээ. Алла таала адамга акылды бергенде, аны шарият алдындагы жоопкерчилик- тин негизги шарты кылып койду. Ошондуктан, адамдын жакшы иши үчүн сооп-сыйлык белгиледи, анткени, анын акылы ишти Алланын буйрук- кайтаруулары негизинде аткарууну тандады. Жаман иши үчүн адамга жаза белгиледи, анткени, анын акылы Алланын буйруктарына тескери аракет кылууну тандады жана гарыйза, узвий хажаттар талабын канды- рууда Алла кайтарган иштерди кылды. Адамдын мындай иштери үчүн жазаланышы туура жана адилет болот. Себеби, ал бул ишти кылууда ыктыярдуу болгон, мажбур кылынбаган. Бул иштин каза-кадарга эч кан- дай тиешеси жок. Бул жердеги маселе башкача: адам бул ишти өз ыктыяры менен кылган. Ошондуктан, ал кылган ишине жооп берет:

      
«Ар бир жан кылган ишине барымта (б.а. жоопкер) болот». [74:38]
Эми Алла тааланын илимине келсек, ал адамды бир ишти кылууга мажбур кылбайт. Алла адамдын өз ыктыяры менен эмне кылышын билет, бирок, адам өз иштерин Алланын илимине негизделип аткарбайт. Болгону, Алланын азалий илиминде адамдын ушул ишти аткарышы белгилүү. «Лавхул махфузда жазып коюлган» деген сөз Алла тааланын илими бардык нерсени камтып алгандыгын гана түшүндүрөт.
Алла тааланын ирадасына келсек, ал да адамды бир ишти кылууга мажбур кылбайт. Алланын ирадасын мындайча түшүнүү керек: Алланын мүлкүндө (барлык-ааламда) Ал каалаган нерсе гана болот. Башкача айт- канда, барлыктагы бирер нерсенин болушунда Алла мажбур болуп кал- байт. Эгер адам бир ишти кылган болсо – Алла таала ал ишти кылуудантоспой жана мажбур да кылбай, өз ыктыярына таштап койгон болсо – анын бул иши Алланын ирадасы менен кылынган болот т.а. мындай абалда Алла таала мажбур болуп калбайт. Демек, пенде өзү аткарган иш анын ыктыяры менен болот, Алла тааланын ирадасы аны бул ишти аткарууга мажбур кылбайт.
Каза жана кадар маселеси ушул. Каза жана кадар жөнүндөгү түшүнүк адамды жакшы иштерге үндөйт, жаман иштерден кайтарат. Себеби, адам каза жана кадар жөнүндө толук түшүнүккө ээ болгондон кийин, Алла таала аны дайыма күзөтүп турушун, кылмышы үчүн эсеп-китеп кылышын, ага бир ишти кылуу же кылбоо ыктыярын бергенин, бул ыкты- ярдан туура пайдалана албаса, катуу азапка кириптер болушун билип алат. Мына ошондуктан, каза жана кадардын акыйкатын билген, Алла таала берген акыл жана ыктыяр деген неъматтын акыйкатын түшүнгөн, чын дилден ишенген момун дайым Алланын көзөмөлүндө экендигин олуттуу ойлойт, Алла тааладан айбыгат. Илахий буйруктарды аткарууга аракет кылат, кайтарылган иштерден этияттанат. Анын азабынан кор- куп, жаннатынан үмүт кылат. Булардан да улуураак неъматка, башкача айтканда, Алла субханаху ва тааланын ыраазылыгына жетишүүгө умтулат.[/b]

Билдирүүнү түзөткөн: One_Ummah-One_Pain: 05 Июль 2014 - 21:17

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1173 Пользователь офлайн   One_Ummah-One_Pain   05 Июль 2014 - 21:20

  • Момун
  • Pip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 36
  • Катталган: 17 Июнь 14
  • Соңку аракети: 10 Июл 2014 03:24
  • Жынысы:Эркек

Китептен көчүргөнүмө байланыштуу арабча тамгалар башкача болуп калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1174 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   05 Июль 2014 - 22:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Адам өзүн өзү алдаганды койбойт ээ...

Эми сурайын дегеним.
Ооз бекитээрде даарат алуу сөзсүзбү ?
Дегеним, "сен гоо намазга жыгыласың даарат алышың керек. Мен эмне оозумду эле бекитем да. Даарат албай деле койсом болот го..?" дейт бир жан...
Эч нерсе дей албадым...


В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1175 Пользователь офлайн   Nurmuhammad   05 Июль 2014 - 23:05

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 527
  • Катталган: 04 Июнь 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2016 04:06

Просмотр сообщения Sweet-Lika (05 Июль 2014 - 22:11) жазган:

Адам өзүн өзү алдаганды койбойт ээ...

Эми сурайын дегеним.
Ооз бекитээрде даарат алуу сөзсүзбү ?
Дегеним, "сен гоо намазга жыгыласың даарат алышың керек. Мен эмне оозумду эле бекитем да. Даарат албай деле койсом болот го..?" дейт бир жан...
Эч нерсе дей албадым...



Дааратты намазга алат. Орозого албай эле койсун озун озу кыйнабай. Дин женил оор эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1176 Пользователь офлайн   baksid   06 Июль 2014 - 00:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 297
  • Катталган: 29 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 11 Июн 2023 05:30

[Имя Цитата = дату Sweet-Лика '= '05 Июль 2014 - 22:11' метка = '1404576666 'пост = '1825020'] Адам өзүн өзү алдаганды койбойт ээ ... Эми сурайын дегеним. Ооз бекитээрде даарат алуу сөзсүзбү ? Дегеним, "сен гоо намазга жыгыласың даарат алышың керек. Мен эмне оозумду эле бекитем да. Даарат албай деле койсом болот го ..?" дейт бир жан ... Эч нерсе дей албадым ... [/ цитата]







Сизге ошону айткан Жан сөссүз намаз окуш керек. Ооз бекиткенге даарат шарт эмес.

Аллаhтын Нурун ооздору менен (үйлөп) өчүрүүнү каалашат! Бирок, каапырлар жаман көргөнү менен Аллаh Өзүнүн Нурун толук (бүт ааламга) жеткирет! (Сафф:8)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1177 Пользователь офлайн   maks93   06 Июль 2014 - 01:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 983
  • Катталган: 18 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Мар 2019 14:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Sweet-Lika (05 Июль 2014 - 22:11) жазган:

Адам өзүн өзү алдаганды койбойт ээ...

Эми сурайын дегеним.
Ооз бекитээрде даарат алуу сөзсүзбү ?
Дегеним, "сен гоо намазга жыгыласың даарат алышың керек. Мен эмне оозумду эле бекитем да. Даарат албай деле койсом болот го..?" дейт бир жан...
Эч нерсе дей албадым...



Ооз бекитерде даарат алуу шарт эмес ал эми намаз окууган адам созсуз алыш керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1178 Пользователь офлайн   sister   06 Июль 2014 - 20:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Sweet-Lika (05 Июль 2014 - 22:11) жазган:

Адам өзүн өзү алдаганды койбойт ээ...

Эми сурайын дегеним.
Ооз бекитээрде даарат алуу сөзсүзбү ?
Дегеним, "сен гоо намазга жыгыласың даарат алышың керек. Мен эмне оозумду эле бекитем да. Даарат албай деле койсом болот го..?" дейт бир жан...
Эч нерсе дей албадым...




даарат эмес гусль дагы шарт эмес. Эгер тундо куйоосу - аялы кошулган болсо, ооз бекитип, фажрга чейин гусль алып алса болот.

brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1179 Пользователь офлайн   Aisulushka_muslima   08 Июль 2014 - 10:27

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 621
  • Катталган: 26 Август 13
  • Соңку аракети: 14 Окт 2014 07:58

Менде мындай суроо болуп жатат да: жин-шайтандар бар экенин Куран ж.а хадистерден улам билебиз. Ал эми адамга жин кириптир деп калабыз го, ошо адамга жиндер кире ала турганы жонундо Курандан же хадистен далил барбы? Мен деле коп окуяларды угуп журом,бирок кээ бири далил сурайт экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1180 Пользователь офлайн   Nurmuhammad   08 Июль 2014 - 11:14

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 527
  • Катталган: 04 Июнь 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2016 04:06

Просмотр сообщения Momun-jigit (30 Май 2014 - 18:20) жазган:

Куранда жана Мухаммад (САВ) Суннотундогу далилдер боюнча жиндердин адамдарга зыянкелтируусу мусулмандардын арасында талашсыз нерсеге.《Жиндер адамдарга зыян келтире албайт 》 дегендердин далилдери толук эмес.жин оттон жаратылган сон, адамдын денесине киргенде куйгузуп жибермек.деп айтышат. Топруктан жаратылыпп бирок кийин башка абалга откон адам сыяктуу, чындыгында жиндер оттун негизинде жаратылып, ббирок кийин башка абалга откон. Аллах Таала айтты:《Осум (процент) жегендердин Акырет куну кабырларынан кудум жинди болгон (жин кирген) адамдар тургандай турушат 》 Бакара (2:275)
Бул аятта суткорлрдун Акырет сот кунундогу абалы менен салыштырылат. Куноокор жиндер дагы Тозок отуна куйоору жиндердин кийинки жаратылышы оттон башкача экендигин далилдейт.Хадистерде Мухаммад (САВ) хинди жана талма оорулуу аламдардан жиндерди кууп чыгыргандыгы жонундо бир нече далилдер келтирет. Мына Пайгамбар,(САВ) Курандын аяттарын гана окуп, дем салган жана жиндерге чыгып кетууго буйрук берген.Акырында белгилуу мусулман аалымынын созун келтирсе болот:Куран менен суноттон жиндердин бар экендиги жана жиндердин адамдын денесине кируусу 《 ахли ас-сунна ва аль-жамаатындагы 》 шарт имамдарда (мазхабдарда) талашсыз нерсе.муну ар бир акыл эстуу мусулман коруп жана сезип билеалат.Жин кирген адам озу билбеген нерселерди суйлойт.жана ошондой эле жогорудагы Бакара суроосундогу аят жана Мухаммад (САВ) дин хадиси далил болот.《Чындыгында шайтан адамдын кан тамыры менен Журот》(муттафакун алехин)

Мынеке далил менен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (364 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 57
  • 58
  • 59
  • 60
  • 61
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 16:55

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: