Суперстан: "Байчечек", Мурза Гапаров - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Байчечек", Мурза Гапаров (Аңгеме)

#81 Пользователь офлайн   Aitunuk   25 Июль 2014 - 18:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Жапон саякатчысы

Мурза акага Жапония тууралуу суроо берсең, бүттү, буудай ыраңына кан жүгүрүп токтобойт эле: ак бубактуу Фудзияма, Күн Чыгыш өлкөсүнүн эски ордосу Киото, самурайлар, сакуранын гүлдөрү, ракша, сака, бийикке чыккан кууш таш жолчолор, андагы чырак кармаган адамдар, күңүрт турмушту көрсөткөн киносу, куурчак оюндары, жалгыз адам ойногон салттуу театры… ошентип кете берет, кете берет, айта берет, айта берет. Сааттап, күндөп, айлап токтобойт.

-Мурза ака, Сиз Японияда канча жолу, кай жерлеринде болдуңуз? – деп сурап коём.

- Жол түшө элек, бара элекмин үка, Кеңеш досум барган, — деп коёт ал да айыптуудай.

Түш сатуучу

Өмүр күзүнүн кайсыл бир жылдары ал кайсыл бир гезиттен түшүн сатып жүргөн жапон кишиси тууралуу жомок окугандыгын, аны орус тилине Маркова деген аял которгондугун, ошол китеп жүдаа керек экендигин жолуккан сайын айта берчү. Кийин зайыбы экөө ал китепти түк эч жерден таппай, акыры маркум болгон Маркованын кызын сүрүштүрүп, ага телефон чалат. Кызы болсо сөзсүз жардам берерин айтып, анан бир нече күндөн соң деги эле апасы андан китеп которбогондугун, деги эле андай жомок жапондордо болгон-болбогонун өзүнө жакын кишилер билбегендигин телефондо билдириптир.

Андай болсо Мурза ака эмне, түш сатуучуну түшүндө көрдүбү дейсиң?..

Деги эле ал бир топ чыгармаларынын идеяларын, каармандарын түшүнөн тапчу окшойт дейсиң…

Дегустатор

Мурза ака сүрөтчүлөр менен өзгөчө жакын болчу. Сүрөттү профессионалдуу талдай турган.

Бир жолу ошондой эки таланттуу сүрөтчү Жамбыл Жумабаев менен Абдусалам Абдурахманов «Орто-Сай» базарында колдо жасалган винолоруна ишенбей иче албай турушат. «Сен башта», «мен башта» болуп, ууланып калбайлы деп коркуп турганда чеберканаларына Мурза Гапаров кирип калат. «Кудай берди» дешип, астына винодон куюп акырын жылдырып коюшат. Мурза ака сүйлөй берет, сүйлөй берет, винодон акырын уурттап иче берет, иче берет, тигилер улам толтуруп коё берет. Арадан бир нече саат өтүп кетеби, Мурза ака жыргап, тамылжып отура берет, анан экөө бири-бирине ымдап, «куй, өлбөдү» деп иче башташат.

Ушундай садда киши эле Мурза ака.

Мурза аке, же Мурза ака кантип Мурзаке болуп калды?

Кыргыздарда бир гана киши, балким дүйнөдө жалгыз гана киши ушинтип калгандыр. Өз аты Мурза. А элдин баары аны түштүкчөсүнөн (ай, бир тамганын азабы, ай) деп жүрүп журналисттер Мурзаке, Мурзака деп аташып, ушундай жазышып, акыры ушинтип кетти. Көбү бул кишинин чын аты Мурзаке окшойт деп ойлошот. Андыктан да мен да анысын да, мунусун да колдоно бердим…

Мааракесиз маанай

Акын Сүйөркул Тургунбаев алтымыш жылдыгын өткөрөт элем деп таза түйшүк тартты, чоңдорго кайра-кайра каттар жазды, анан эле сааты чыкпай улам артка сүйрөлөт.

Анан бир күн Мурза ака айтат: — Сүйөркул эмне кыйналат, Ала-Тоодой эт тартып, дежур калпактардан кийгиси келип атабы, мен дале алтымыш жылдыгымды өткөргөн жокмун, өлбөй эле жүрөм…

Өлгүм келет…

Мурза ака соңку жылдарда эгемен Кыргызстандагы таланттардын тебеленип,талантсыздардын бааланганына ичи чыкчу эмес. Биздин кимге керегибиз бар дечү…Көзүндө арман турчу. Балким «Өлгүм келет, спонсор керек» деген пьесасы ошондон улам жаралды го деп ойлойм.

Сырдуу сүрөт

14-июнда Мурза акани акырет жайга узаттык. Узатуу зыйнатында сөз алган Төлөгөн Касымбеков да, Кеңеш Жусупов да сүйлөп атып, ыйлап жатты. Келгендердин көбү ыйлашты. Мурза аканин тик караган сүрөтү гана ыйлаган жок, адамдарга таң кала «Эй, имнеле болуп атасыңар» дегендей тигиле тиктеп турду.

Топурак сала албаган достор

Мурза аканин Москвадан тапкан достору көп эле, өзгөчө кино драматургия жана жазуучулук жагында. Эски СССРде. Устаты кадимки «Жоро» фильмин тарткан Семен Григорьевич Нагорный. Курсташтары, же бир курс ары-бери окугандары Рүстөм Ибрагимбеков, Андрей Битов, Грант Матевосян, Анатолий Ким, Тимур Пулат, Тимур Зулфукаров, Эльдар Радзинский, Кубат Жусубалиев… Азыркы заманда алар досуна топурак салат элек деп кайдан келе алмак эле. Алайдын Кердегейинен жан досу Кубат ака Жусубалиев да келе албады, чамасы…

Шуайип Каракаштын сөзү

Аза күтүү кезинде түрк аалымы, «Манас» университетинин профессору Мурза акенин дээрлик көп чыгрмалары түрк тилине которулгандыгын, мына-мына китеби чыгат деп турганда минтип ошол китепти көрбөй кете бергенин арман кыла айтты…

Гапкана гап ээсин жоктойт

Чын эле Мурза ака узун сөздүн, кыска чыгармалардын чебери эле. Оозеки сөзгө уста эле, элестүү кылып айтат эле, сүйлөп бараткан түз жолунан чыгып, башка темага түшүп кетет эле.

Алым Токтомушев менен акыркы жылдары «Асаба»-«Агымда» сүйлөшүүлөрү эл тарабынан ушунчалык кызыгуу менен кабыл алынгандыгы кыргыз маданиятына жаңы форманын, жаңы жанрдын киришинде гана эмес, Мурза аканин тээ балалыгын төкпөй-чачпай кинодогудай кылып айтып бергендигинде да эле. Түштүктүн турмушунал кишинин ошол газеттик баянынчалык эч кимден окуган эмес экем. Жыргап окучумун, унут калган бала чакка – Ноокатка барып келгендей болчумун.

Мурза ака башка эч нерсе жазбаган күндө да ошол гапканасындагы гаптары менен өзүнүн маданиятын, сүрөткерлигин, гуманисттигин жаамы журтка көрсөтө алды. Ошол шаар четиндеги бир дүкөнчөнүн эски үстөлдөрүн эшикке чыгарып бергенине ыраазы боло кечке отуруп эки таланттын баарлашуусун «Жаңы Ала-Тоодон» азыр кайра окуп кыргыз классикасынан дагы бир жолу даам таттым, ашкере чаңкоом дагы бир жолу канды…

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 25 Июль 2014 - 18:32

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   Aitunuk   25 Июль 2014 - 18:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

ont></font>< br><br>

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 25 Июль 2014 - 18:54

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   Aitunuk   25 Июль 2014 - 18:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Сууктан коркуу

Мурза ака дайыма айтчу: кыш келатканда эле корком дечү, сууктан корком дечү. Ушундай дечү да чыйрыккансып, ичиркенип алчу. Быйылкы кыштан кандай чыгаар экемин деп басып кетчү.

Коркуп калчуумун.

Мурза ака, кыштын суугунан корккон Мурза ака, 2002-жылы 11-июнда, жайдын ысыгында –балким кылымдын эң ысык күнүндө – саратандын асатинде үзүлдү…

Аялдар кайыгынын капитаны

Мурзаке көп айтчу, аялдарды көп сүйлөчү: мен өлгөндө жок дегенде жүз аял бейит башында ылап турат дечү… силер эмне, аял сүйдүм деп жүрөсүңөр да дечү…

Акын Нуралы Капаровдун мындай бир жазганы бар: «Аялдар темасына аралаша коём деп сөзгө катуу жыгылган жайым бар», — деп Салижан акенин эскергени эсимде: — Өзүм кырдуу жоон топ теңтуш акын-жазуучулар менен аркы-беркини талашып-тартышып жатып, аялдар темасына кандай кирип кеткенибизди билбей калыптырбыз. Адатымча аны айтса, ал андай эмес, мындай деп жыра талашып, муну айтса, мунуң мындай эмес, андай деп жыра талашып, сөз бербей билекти бек түрүп коюп, аялдар маселесин билерман болуп жалгыз өзүм «бачагын чыгарып» чагып атсам, калың топко аралашпай, кезек-кезек мурдун кашып, мойлосун жанып, аркы четте талаш сөзгө кулак салып турган досум, эркек тананын чырайлуусу Мурза Гапаров чыдабай кетсе керек, жакын басып келип: «Ай, Салижан, сен кайсы гана темада талашып-тартышпа, мен сенин айткандарыңа макул дебеске аргам жок. Себеби сен менден ого эле көптү билесиң, билимдүүсүң. Сен турган жерде мен сен мыкты билген маселелерди талашып-талкуулабайм. Бирок, сен да мен турган жерде мен мыкты билген аялдар маселесине аралашып, талаш-тартышка түшпөй жүрчү, бай болгур», — деп, сөзгө сындырса болобу!

Ошондон кийин бул маселеден таптакыр кол үзгөм…»

Алаялдарды ошондой сүйүп өттү. Биринчи аялы, өзү айткандай анын байбичеси Алмажан жеңе ага 19 жашында, Мурзаке анда 31 жашта кезинде, 1967-жылы турмушка чыкты.Экөөнүн айрымасы 12 жаш эле. Галина (аны Галия дечү) жеңе болсо 1984-жылы 24 жашында 48ге келген Мурзакенин колун кармап кетти. Экөө менен тең Мурзаке барып-келип катташып жашады, атүгүл экөө биригин, бири салатын жасап, бири тамагын жасап мейман күткөн күндөрү болду.

Мурзакени кантип сүйгөнүн Алмажан жеңе минтип айтып отурат: «Мурза мени Ноокатка келин кылып алып баргандан кийин үч эле күн жүрүп, Фрунзеге кетип калды. Ошо бойдон жети айдан кийин келген. Ошондуктан кайнатам мени аячу. А түгүл ыйлап да жибериптир. Ал мындайча болгон. Биздин айылдын четинде, жол жээгинде дөң бар эле. Ошол дөңдөн булак акчу. Сууну ошол булактан алчубуз. Эки чаканы алам да,сууга жөнөйм. Чакаларды сууга толтуруп коюп, дөңгө жашынып, машиналардын үнүн тыңшап отура берчүмүн. Дөңдүн жанына машина келип токтосо, башымды акырын чыгарып, Мурза келип калдыбы деген үмүт менен карачумун. Жок… Бүгүн да келбей калды деп ыйлап, булактын жанында мелтиреп отура берер элем. Машиналарды акмалап, жол карап отурганымда билинбей бир-эки саат өтүп кетчү экен.

Кайнатам тамдын үстүнө көп чыгып отурар эле. Бир күнү тамга чыгып, менин жол карап отурганымды көрүп, ыйлаптыр. Аны кайненем көрүп калат. Буга таң калып, эмне болгонун сурайт. Кайнатам «Тетиги байкуш келинди карачы. Жанагы Мурза деген эме бирөөнүн баласын алып келип коюп, аны ыйлатып… карачы тигинтип мусапыр кылып, энесин күткөн баладай жол каратып…» деп, мени көрсөтүп, анан «бар, келинди үйгө алып кел» деп кемпирин үйгө жиберген экен.

Ошентип жүрүп Мурза үйгө кайткан күн да келди. Кайнатам аны аябай урушту. Мурза башын жерге салып, унчукпай отуруп берди. Ошондо дагы кайнатам кызык, эмнеге урушат деп ичимен Мурзаны аягам».

Ал эми ага болгон сүйүүсүн Галя жеңе ал кишинин көзү өткөндөн үч жылдан соң минтип айтат: «Сексенинчи жылдары мен «Кыргызфильм» киностудиясында кичи редакторлук кызматта иштечүмүн. Мурза аке анда сценарийлердин редакциялык коллегиясынын мүчөсү болуп чогуу кызматташ иштедик. Келин-кыздарга абдан жылуу мамиле кылчу. Майрамдарда гүл тартуулоочу. Бирок, бир коллективде жүргөнүбүз менен жакын мамилебиз жок эле. Кийин ал жумуштан чыгып, башка жакка которулуп алды. Ошондо эмнегедир көөдөнүмдү боштук ээлеп, бир нерсе жетпей жүрдү… Көп убакыт өткөндөн кийин ал жумушка телефон чалып, бир топко сүйлөштүк. Чогуу иштегенде билинбеген таза, тунук сезим бир топ мезгил көрүшпөй калганда сагыныч болуп калкып чыккандыр. Адамдар менен мамиле кылууда магниттей өзүнө тартып турган аша кетсем кечиргиле «магиялык» касиети бар эле».

Эки аялы ушинтип эскериптир. Мен ушул эки аялынын Мурзаке тууралуу эскерүүлөрүнүн бир күнү (2005-жылдын 18-февралында) эки гезитке («Мурза аке, Сиз кеттиңиз, биз калдык!..» Галина Гапарова менен Н.Назаралиеванын маеги. // Кыргыз туусу, 2005,18-февраль жана «Экөө» Алмажан Осмонкулова менен Н.Саалиеванын маеги. // Бишкектаймс, 2005, 18-февраль) чыкканына таң калдым. Бир күн. Бир адам. Эки аял. Кандайдыр бир юбилейге байланыштуу болбосо, мындай дал келүү деги эле мүмкүн эместигин газетчи катары жакшы билем. Бирок, бул эмне, магиялык касиетпи?..

…

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 25 Июль 2014 - 19:05

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   Aitunuk   25 Июль 2014 - 19:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Эки аялдын ынтымагын айтпайсызбы?

Бул тууралуу жазуучунун байбичеси өзү айтып берсин: «Анда Мурза «Zaman Кыргызстан» гезитинде башкы редактор болуп иштеп жүрчү. Ошол гезиттин ээсин (кожоюну түрк эле) конокко үйүнө чакырыптыр. Алар мусулман динин катуу кармашат эмеспи. Анан эмне кыларын билбей, мени чакырып, Галянын көзүнчө «Түрктөр орустун колунан тамак ичишпейт. Сен тамак жасап бер. Галя, сен болсо 3-4 саатка бир жакка барып тур» деп койсо, ал макул болуп кетип калды. Ошентип конокту тостук. Орустар так эмеспи. Төрт сааттан кийин келип, эшикти кагып, «мне зайти или нет» деди, Мурза «Нельзя. Гости еще дома. Пока ходи» деп каалганы жаап койду, ал ага дагы макул болуп, сыртта ары-бери басып жүрөт. Ага боорум ооруп, Мурзага айттым «Галя кызы менен тоңуп (кыш эле) калбадыбы, үйгө кийриңиз. Эки аялым бар деп эле ачык айтыңыз, түрктөрүңүзгө» дедим, ал менин оюмду туура көрүп, Галяны чакырды. Байкуш тимеле тоңуп калыптыр. Андай адамды кантип жакшы көрбөйсүң. Абдан жакшы аял. Агайыңар Галя экөөбүздүн ортобузда эркелеп эле өттү. Галянын мүнөзү да мага окшоп кетет. Мурза экөөбүзгө тең бирдей мамиле жасачу…

…Көзү өткөнчө сүйдүм. Азыр деле сүйөм. Үйдө жалгыз калганда анын чыгармаларын, досторунун, санаалаштарынын ал жөнүндө жазган эскерүүлөрүн гезиттен окуп, ыйлап алам…

…Көңүл калгыдай сөз айткан эмес, дегеле каккан эмес. Бизди таштап кеткен да жок. Бир жолу ооруканага жатып калдым. Ошондо жаны калбай, күндө Галясына тамак жасатып алып, аны ээрчитип ооруканага келип турду. Галя үйдө жок болуп калса, самсы сатып алып өзү келип, «эртерээк сакайып кет байбиче, мен өлгөндө кошок айтчу сенсиң» деп калаар эле.

Кийин боору ооруп, ооруканага көп жатып калды. Галя жанынан кеткен жок. Күнүгө барып турчубуз. Бир күнү барсам, өңү жакшы эмес. Болбой калган турбайбы деп ичимен «Кагылайын Кудай, мен бардык күнөөлөрүн кечирдим. Кең пейилдик кылып сен да кечир» деп керебетинин аягында жаман болуп турдум. Аңгыча эле (Галя башында болчу) «Галя, де… де… де…» деп эле жатты. «Дети где?» деп сурайын десе керек деп ойлоп кетем. Анан эле кайнежем келип калып, аны менен сыртка чыгып кеттим. Кайра палатага кирейин десем кайним: «Сабыр кылгыла, арты кайрылуу болсун. Үзүлүп кеткенине он мүнөт болду» деди, мен ишенбей бакырып ыйлап, палатага жөнөдүм. Киргизбей коюшту. Ошентип 2002-жылдын 11-июнунда сүйгөн жарыман ажырап калбадымбы! » («Экөө» Алмажан Осмонкулова менен Н.Саалиеванын маеги // Бишкек таймс, 2005, 18-фев.).

Азыркы заманда кайсыл эле күндөштөр ушундай болсун? Кайсыл эле аял башка аялга кетип калган эрине ушундай мамиле кылсын? Бул Мурза акани сыйлоо, урматтоо, сүйүү. А ага жетишүү – бул ар кимдин колунан келе бербестир ой…

Акыркы аялы ким?

«Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу» деген наам алгандан кийин куттуктап бир тобубуз барган элек. Ошол учур менин видеокамерамда тартылып калган экен. Мурзаке кубанып биринчи жолу эшик аттап куттуктап силер келдиңер, мен ушул аялды алгандан кийин жакшы наамдарды алдым, али мен акыркы аялымды ала элекмин деп айтыптыр…

Видеотасмада «1999-жыл, 26-июнь» деген дата жазылып турат.

Үнүңүз кана?..

«Азаттыктын» кабарчысы, айтылуу адабиятчы Бекташ Шамшиев жумушка келиптир. Мурзаке тууралуу айтып жатып, «ушул кишинин үнү жазылып калбаптыр» дейт. «Кантип? — дедим чочуп кетип – Тенти Орокчиев жазбаптырбы? », — десем, «Жазылган эмес го», — деди ал айыптуудай.

Жыйырма биринчи кылымга келип, ушул кишинин үнүн жаза албай калган болсок, анда

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 25 Июль 2014 - 19:07

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   Aitunuk   25 Июль 2014 - 19:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Экөө жана үчүнчү

Мурза акани Ош жолунда бадамдар арасында көргөнүмдү «Бадам гүлү сакуранын гүлүндөй» деген темада жаздым. Ырас эле көргөмүн. Качан экени так эсимде жок, бирок так билгеним – бадамдар гүлдөп турган.

Кийин-кийин, арадан отуз беш жыл өткөндөбү, жакында эле Кеңеш Жусуповдун «Жан шерик» деген китебинен карап атып «Жаз» аттуу эссесинен мындай сүйлөмдөрдү таап алдым: «Жазында Түштүк бир укмуш…

Эң алгач Ноокат жазын көрдүм. Өрөөн аппак, кызгылт, саргыч, көгүш бадам, өрүк, алча, алма гүлдөрүнөн жасанган не бир керемет сулуулукка оронуп калат экен. Айтылуу япон жеринин сулуулугунан кем эмес…

…Эртең менен шаарда күн бүркөө эле. Ага карабай Ноокатка жөнөдүм.

Адырларга көк чыгып, жаз жаңыдан башталган кези экен.

Ноокатка кеткен тоо арасынан бадамдардын бүрдөгөнүн көрдүк. Япон сакурасындай гүлү кооз экен»…

Кийин Кеңеш Жусупов элүүгө чыгып атканда, миң тогуз жүз сексен жетиде Мурза Гапаров мындай деп жазыптыр: «Көк «Жигули» бозоргон адырларды аралап баратат.

Бир маалда тумандын арасынан, адырдын боорунан агарган чакан арал ачыла калды. Агарган арал – гүлдөгөн бадамдар эле. Машинабыз дароо токтоду. Биз чогуубуз менен гүлдөгөн бадамдарга чыгып бардык. Бадамдардын текши гүлдөгөн мезгили экен. Алардын карарган жылаңач шактарынан жана кызгылтым-агыш гүлдөрүнөн муздак тамчылар мончоктоп куюлуп турат. Жамгыр менен тумандын астында ого бетер назик, сүйкүмдүү көрүнөт. Биздин жердеги жазга карата биринчи болуп гүлдөгөн дарак ушул эмеспи…

Кеңеш бир чоң түп бадамдын түбүндө туруп алып, аны куп куштарлык менен карады…»

Эки жазуучу ал күн – бир эле күн тууралуу ушинтип эскерип кетиптир. А ошондо мен аларды көргөн экемин…

Ошону эми эки миң тогуздун жазында кокусунан эстеп жатпаймынбы…

Бул эмне, элеспи?

Эки миң тогузунчу жылдын Ноорузунда Мурза ака Гапаровдун туулган күнүндө газетага ал киши тууралуу Кеңеш Жусуповдун мурда жазган бир макаласын берүүгө камынып калдым. Анан сүрөт берүү керек эле, өткөндө бир жакшы монтаж сүрөттү редакциядагы кайсыл бир компьютерден көргөм. Ал сүрөттө өрүкзар, аябай аппак болуп гүлдөгөн өрүктөр, андан берирээкте жаңы чыгып келе жаткан көк майса, андан да бери эски, кыйла жери ураган пас коргон. Ушул фон. Алдыда болсо Мурза ака.

Мен ушул даяр сүрөт-коллажды аябай издедим. Бирок таппадым. Башка сүрөт бердик.

Кийин бир компьютерден баягы сүрөттү – фонду көрдүм, бирок ал жерде Гапаровдун сулуу сүрөтү жок экен. Эмне мен өзүм кыялымда бул элести түзүп алып издей бердимби? Түшүнбөй калдым…

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 25 Июль 2014 - 19:30

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   Aitunuk   25 Июль 2014 - 19:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Нобель сыйлыгы

Ошто Камбар ака Бобуловду эскерүү кечесинин кийин чай ичкен жерде жазуучу Ишенгазы Мусаев сүйлөп жатып Нобель сыйлыгын кыргыздардан бир гана киши – Мурза Гапаров алыш керек эле, эгер анын аңгеме-повесттерин, киносценарийлерин бүт англис тилине которуп чыгарганда деди.

Жазуучу сыртта неге бааланбай жатат?

Мурза Гапаров кыргыз улутундагы өз стили бар, дүйнөлүк классиканы жетик өздөштүргөн, советтик идеологияга жамынбаган автор болсо да неге анын чыгармалары дүйнөгө тарабай жатат? Мен ушул суроого кыйла жооп издедим. Ар кандай себептерин көрдүм. Менден да кыйла омоктуу ойду театр сынчысы, режиссёр, драматург Жаныш Кулмамбетов айткан экен, ошонун пикири менен эле чектелип турууну эп көрдүм:«Мурза Гапаров кыргыз адабияты менен драматургиясындагы уникалдуу художник. Прозабыздабы, драматургиядабы – кайсынысы болбосун, сулуулуктун, айрыкча аялзатынын сулуулугунун баркын билген, жибектей чоюлган, өлүмжан үнүн көтөрүп катуу сүйлөбөгөн – бул калемгердин чыгармачылыгы кыргыз сөз өнөрүнүн ичинде кескин өзгөчөлөнгөнү менен айырмаланат.

Мурза Гапаров улуттук драматургияга мүнөздүү болгон эки факторду – сөздүн маңызын жана поэтиканы сактоо менен ага дүйнөлүк драматургиянын жетишкендиктерин синтездей баштады. Бир сөз менен сыпаттаганда, ал улуттук пьеса жаратуу салтын сапаттык жаңы баскычка көтөрүп, катып-сенейип калган драматургиябызды жаңы эволюциялык өсүшкө тушуктурду. Ошондуктан биз М.Гапаровдун чыгармачылыгы жөнүндө кеп кеткенде, сөзсүз түрдө «кыргыздын улуттук пьеса жаратуучулугун дүйнөлүк драма өнөрүнүн эң алдыңкы стандарттарына чейин жеткирди» деп айтуудан тартынбашыбыз керек.

«Андай болсо, эмне үчүн М.Гапаров ушул кезге чейин эл аралык деңгээлге чыга элек?» деген суроо туулушу мыйзам ченемдүү. Себеби өтө жөнөкөй жана элементардуу деп ойлойм. Биринчиден, кыргыз адабияты менен драматургиясында бир кезде, өзүнүн жеке мамилесинин анчейин экенине карабастан, Лев Николаевич Толстойду Батышка пропагандалаган Иван Сергеевич Тургенев сыяктуу бир дагы атактуу инсаныбыз жок экен. Болсо да, «өзүмдүн атым чыкса болду» деген эгоисттик кызганычтан, пендечиликтен жогору көтөрүлө албайт окшойт кыргызда. Экинчиден, М.Гапаров дүйнөдөгү адамзат кыймыл эткен тармактардын баарын монополиялап алууга умтулган, ааламда укмуштуудай кубаттуу коммуникативдик, пропагандалык система түзүшкөн еврей сыяктуу улут менен ымаласы анча болбосо керек. Аларга кошомат айтып, алардын конъюнктурасына баш ийүүнү билбесе керек. Үчүнчүдөн, ал башка жазуучулар, же драматургдар өңдөнүп чыгармаларын бөтөн тилдерде басып чыгарууга, же рампанын жарыгын көргөзүүгө жанталашып «самореклама» менен шугурланган инсан эмес. Ушул эң жөнөкөйдөй туюлган себептерден улам кыргыз драматургунун дайыны эл аралык масштабга чейин билинбей, Ала-Тоо менен Ала-Таунун тоо кыркаларынан ары аша албай кала берүүдө. М.Гапаровдун мыкты чыгармалары ушинтип дайыны билинбеген жалгыз аралчадагы суу жетпеген жапан сөксөөлдөй болуп улуттук алкактын ичи менен чектелүүгө мажбур болууда.

Калемгердин нары интеллектуалдуу, нары, поэтикалуу, парадокстуу, уникалдуу көркөм дүйнөсүн өздөштүрүп, чечмелөөгө эмприкалык ой жүгүртүүдөн жогору көтөрүлө албай аткан улуттук сахна өнөрүнүн кудурети да, интеллект деңгээли да жете алчудай эмес, азыр.

Бая Стендаль айткандай, Гапаровду 21-кылым эле түшүнбөсө…» (Кулмамбетов Ж. Туздуу чөлдөгү күнөстүү арал // Асаба, 1996, 25-окт.).

Тилекке каршы, Жаке, М.Гапаровдун эл аралык деңгээлге чыгышы тууралуу маселе, мына, 21-кылымдын дагы он үч жылын артка таштадык, ошол турган ордунан козголбоду.



Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 25 Июль 2014 - 19:39

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   Aitunuk   25 Июль 2014 - 19:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Жазуучу тууралуу жакшы сөздөр

«…Мурза Гапаров тирүү кезинде унутулуп калчу, саман-топонду эле жазып чыгарган жазуучулардын катарына кирбейт. Анын жазгандарынын көпчүлүгү адабий классикага кирди деп айтса болот. Мен бул кишини чоң ойчул, чоң философ деп айта албайм. Бирок мыкты сүрөткер эле. Көргөнүн көргөндөй, окуган кишинин көпкө чейин эсинен кетпей тургандай кылып жандуу элес жараткан сүрөткер болчу. Жазуучу катары, сүрөткер катары адабиятыбыздын төрүнөн орун алган киши болчу…» (О.Ибраимов).

«…Мурза Гапаров дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн жакшы билчү. Дүйнөлүк адабий үлгүлөрдү өзүнө сиңирип, аны чыгармалчылыгында туюнта алган жазуучу. Адам сулуулугун, ички дүйнөсүн берүү жагынан мыкты чебер болчу. Зардалы, Айгүл тоо, Ноокаттын өрүкзары, Кара-Көлдүн каздарын жазабы – баарын таасын сүрөттөп берет. Анан да Мурза акенин ширин тили өзгөчө баага арзый турган көрүнүш. Түштүк диалектисин чыгармасына ыктуу колдонуп, окуган адамды тартып алат. Дагы бир өзгөчөлүгү кайсы жерден баштап, кайсы жерден бүтүрүүнү мыкты билгендиги. Ички редактору күчтүү. Артыкбаш эч нерсе жок» (М.Абакиров).

Мурза акесиз күн

Мурза акани коюп, көрүстөндөн чыктык. Кара ашын жеп-жебей шашылгандар жумушуна кетишти. Мен да жумушка келаттым. Көчө башкача боло түшкөндөй. Ошол көчөдө Мурза ака эми эч качан баспашын билгенде жүрөгүм ачышып-ачышып кетип атты…

Көчө мага бейтааныш шаардын көчөсүндөй сезилди…

Арзыматтардан – сакуралардын саясына

Өткөн кылымдын 90-жылдарынын аягында акын-жазуучулар бийликке аябай кошоматтанууга өтүп алды. Мурза Гапаровго да үй алып бергендер, үй бергендер аны өздөрү тарапка имерип көрдү. Болбоду. А түгүл жаны ачыганда мындай саптарды жазып жиберди: «… Сары-Өзөндүн даанышман уулу Шабдан баатырдын ошондой (Токтогул менен айтышкан Арзыматтай кошоматчы – М.А.) ырчысы болгон турбайбы, кара жаак Калмырза деген. Баатыр ажылыкка аттанганда Калмырза минтип атказган имиш:

«Ак боз бээни сойсок да,
Атын Шабдан койсок да,
Ааламдан чыкпайт сизге тең,
Баатыр Шабдан кеменгер,
Ажыга аман барып, аман кел…»


Ушул жерге жеткенде Шабдандын жан жигити Баяке: «Токтот, токтот… Ар жагын бузуп аласың» деген дешет. Ырчы дароо басылып, андан жогорку кыска жана нуска саптар гана калыптыр. Атаганат, азыркы биздин эл башчы, жол башчыларыбыздын жанында дагын Баякедей эр жигиттер бар болсочу. Анан ал жигиттер ар кандай айлакер кошоматчылардын алдын тороп, алардын аяр арзуусун аңдып, үлкөн үмүттөрүн үзүп, үшкүртүп турушса» (Гапаров М. Ак үйгө арналган серенада // Асаба, 1998, 3-апр.)

Мурза Гапаров мына ушинтип бийлик жана жазуучу, кошоматчылык жана чындык, көшөкөрлүк жана түздүк тууралуу ойлорун айтып келип, негедир жазып аткандарын маанайы чөгүңкү уруй менен мындай куласалайт:

«Биздин өлкө баатырларга муктаж. А биздин баатырлар – арзыматтар.

Айта берсе арман көп…

Негедир уйкум келет… уйкум келет…

Негедир Киотого кетким келет… Ал жакта азыр сакуралардын чатырап гүлдөгөн маалы. Сакуралардын саясында чачтары карганын канатындай жалтылдаган, ажары айдай айымдар, айымкыздар баратышат. Ааламдагы эң сулуу аялдар Киотодо жашашат. Киото-сан… Сакура-сан…»

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 25 Июль 2014 - 19:47

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   Aitunuk   25 Июль 2014 - 19:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Ырлардагы сырлар

Мурза Гапаровду окурмандар кара сөзчү, драмачы, киносценарист катары билген менен анын ырлары да бар. Көппү, азбы, анысын билбейм, жарыялангандары аз, өтө аз. Негедир ал жашоосунун кышы келип калганда отура калып ырларды чеймелей салыптыр. Кара сөзгө окшогон, уйкаштыгы, муун саны салттуу кыргыз ырына окшобогон, эркин ырлар экен алары. Бул ырлар биз менен коштошуп жатканы экен.

Мына үзүндүлөрдү окуңуз:

Боз түштү баш калаага…

Бозорду кызыл асаба…

Бүгүн кыйын…

Бүгүн куюн… («Куюн»)

Арманыңды айтылган өз төрүңдөн,

Адам аттуу эч бир жан укпай коюп…

Саратандан ыксырайт гөрүстаның,

Мунарыкта тунжурайт гүлкайырлар («Көңүл жубатуу»)

Күз күндүн нөшөрүндө,
Кыш түнгө өтөрүмдө,
(О дүйнө кетээримде),
Чартылдап чагылганың,
Өрттөдү өзөгүмдү…
Анаке күйүп барам,
Акыры тынчып санаам…
Каухарым – сен менин ажалымсың («Ажалдын ажары»)


Коштошор убак келди,
Кош болуңар…
Кош болгула, ай, жылдыздар,
Кош болгула, мен сүйгөн айсулуулар,
Кош болгула, өбүлбөгөн кызайымдар,
Өбүшкөнгө менде эми убакыт тар…
Кош болгула, шаптоолу бак, өрүкзарлар,
Арасында мен өскөн бейитзарлар… («Коштошуу», 2001, 5.05)


Эңилип эшик ачып,төрүңө
төрөлөрдү отургузуп
Качангача кул сымак тим турасың?
Баёо болуп, аңкоолонуп
Байыркы эл, не байлардан кымтыңасың?
Кабыргамды кайыштырып кабак-кашың,
Коштошордо кайгырып, муңкурадам.
Кош бол эми, Ала-Тоо, Кыргыз-Атам,
Ак карларың эрибес – Акак апам…
А мен болсо эмитен эрип атам,
Кош бол эми, Ата-Журт…
Кучагыңды кучактап… эркин жатам…(«Коштошуу», 2001, 5.05)


Ташпанар – эстелик

Мурзаке сүрөтчү уулу Исраилге айтыптыр, өлгөндө бейит башыма сүрөтүмдү койбогула дептир. Жапан стилиндеги ташпанар коюп койгула дептир. Ошентишти. Өлгөнгө чейинки элиталардын заңгыраган мүрзөлөрүнүн арасында жөпжөнөкөй бир эстелик-фонарь турат. Белгисиз бир кол дал ошол фонарды көтөрүп, жапандардын байыркы шаары Киотого, же тазалыктын тоосу Фудзиямага быжырап аябай көп ажайып гүлдөрүн самсалатып төгүп турган сакураларды аралап, дервиш сымал жай басып бараткандай…



Абдыкерим Муратов. “Көпөлөктөр өрөөнүн көксөгөн Мурза Гапаров”

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 25 Июль 2014 - 19:56

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   Aitunuk   22 Февраль 2015 - 22:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты


МУРЗА ГАПАРОВ

ПРОЗАЛАШКАН ЫРЛАР

Куйун
Бүгүн кыйын
Бүгүн куйун...
Чыкпа эшикке.
Эшикте...

Шаарды шаардын чаңы каптап,
Чаңдалды үйлөр дагы, дарактар да.
Көчөлөрдө куйугуп жинди шамал,
Чуркап жүрөт туш келди каталактап,
Чимирилип жез кемпирдин ийигиндей,
Ажыдаардын бийин бийлейт аянттарда...
Ар каяктан ар каякка баш аламан
Качып барат калайык каратаман...
Оозу-мурду тумчугуп буйукканда,
Көзү көрбөй урунуп туйуктарга,
Каңырыгы түтөгөн кайран эл-журт
Каарын төгөт карарган булуттарга.
Анткен менен айып жок булуттарда. ..

Боз түштү баш калаага...
Бозорду кызыл асаба..
Бүгүн кыйын.
Бүгүн куйун...


КӨҢҮЛ ЖУБАНТУУ
Коркпо өлүмдөн,
Коркконго кош көрүнөт...
Көз алдыңа элестеп гүлкайырлар,
гөр үстүндө гүлдөгөн,
сен көмүлгөн...

Жапыс тамда жалдырап жаткан болуп,
Жалгыздыктын азабын тарткан болуп,
Көздөрүң жашка толуп,
Көөдөнүң муңга тойуп...

Арманыңды айтылган өз төрүндөн,
Адам аттуу эч бир жан укпай койуп...
Саратанда ныксырайт гөрүстаның,
Мунарыкта тунжурайт гүлкайырлар. ..
Андыктан, айтканымды унутпагын,
Коркпо өлүмдөн, коркконго кош көрүнөт...
Андан көрө... унут баарын... унут баарын...

Өткөнүңдү эстебе, эстен чыгар,
Келечегин эңсебе — кесир кылаар...
Кыйылбагын кылчайып чыгыш жакка,
Аттиң этпе, ай, күнүң эрте батса...
Аллага миң мертебе алкыш айтып,
Жашагын учур чакта — ушул тапта..
Айлап, жылдап саналбайт бакыт деген,
Бактың сенин куралат көз ирмемден.
Бул дагы берилет бир билгенге...
Сен билгенде: күн сайын күнүң куунак,
Жүз жылга сага, карегим — күлгүн курак...

Коркпо өлүмдөн,
Коркконго кош көрүнөт...


АЖАЛДЫН АЖАРЫ
Каухарым-ай, кайдан кезиктиң,
Карааны кайберендей кайып болуп,
Эскиргенде эсимде элестери...

Эскерип эми сен, өзүңдүн керемет көркүң менен,
Сулууну мен сүйгөн кумар канбай...

Кумдуу чөлдө көз күйгөн көк аралдай,
Аңчы аңдып, ок тийбес, ак маралдай...
Жараткан жараткан эле периштесин
Ойлорун тунук кылып, сөздөрүн ширин кылып...
Сурмасыз суктандырчу каректери,
Эндиксиз эритчү эле эриндери...
Каштары кырлуу кырды кыялаган.
Көкүрөктө кош көгүчкөн уялаган...
Эңкейишип эңилчектер — кара ыраң —
Жаап турат баркыттай, жапыс тулаң...
Улар үндүү үнүңдөн, Үрдүн кызы,
Ак кайыңым ыргалган белестеги...
Жазгы кечтин жаш айы эмес белең.

Тумандагы жылдызым... элестедиң...
О, каухарым, эми эстедим:
сен — жаштыктын жаңырыгы...
Жаңырттың жан дүйнөмдү, акылым азгырылды,

Угузуп авазыңды,

Узарттың азабымды...

Күз күндүн нөшөрүндө,

Кыш түнгө өтөрүмдө,

(О дүйнө кетээримде),

Чартылдап чагылганың

Өрттөдү өзөгүмдү...

Анаке күйүп барам,

Акыры тынчып санаам...

Каухарым, сен — менин ажалымсың,

ажарын алып жүргөн,

алыскы ашык жардын...


Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 22 Февраль 2015 - 22:45

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   Aitunuk   22 Февраль 2015 - 23:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

МУРЗА ГАПАРОВДУН “КҮНӨСТҮҮ АРАЛ” ПОВЕСТИНДЕГИ АДАБИЙ ТҮШТҮН ПОЭТИКАСЫ

Posted on 01/03/2010 by Шоокум Журналы


“Жазуучу, акын, сүрөтчү, музыкант үчүн, дегеле чыгармачыл дүйнөдө түш абдан зор роль ойнойт. Дүйнөлүк адабиятта түш түрткү берип жаралып калган чыгармалар көп. Манасчылар деле түш көрүп, анан “Манас” айтып калдым деп атпайбы. Өмүрүңдүн жарымы уйку менен өтсө, түш көрөсүң да. Ойлогон ой, жашаган жашооң ошондо да чагылат”, – деп айткан жазуучу өзүнүн адабиятчы Алым Токтомушев менен болгон “гяпканасынан…” (“Агым,” 12-апрель, 2002-жыл, 13-б.) Жазуучунун айтымына караганда, анын ошол “Күнөстүү арал” аттуу чыгармасынын жазылып калышына да өзүнүн көргөн түшү себепчи болгон экен; жазуучу мунусун “гяпканасында” мындайча бекемдейт: “…узак жылдар бою чыгармачылык даргөйүндө келатсам да, аз жаздым. Азыр ойлосом, алардын ичинен түштүн түрткүсү менен жазганым үчөө экен (“Күнөстүү арал,” “Киотого кеткен жолдо,” “Туздуу чөл” – кийинки экөө драмалык чыгармалар – Р. Э.). “Күнөстүү арал” повестин жазарда түшүмө Сялма таенем кирген.., керемет адам эле. Ал киши бир короо, тагыраак айтканда, мен бала кезде кайтарып жүргөн бир көгөн эчкилеримди алдына салып алып, ушул эле Бишкектин баш көчөсү – азыркы Чүй, андагы ХХII партсьезд көчөсүнөн, Дзержинский бульварынан “Ала-Тоо” кинотеатрын беттеп өтүп баратат. Автобус, троллейбус, машинелер биринен сала бири тынбай өтүп жатат. Мен кыйкырып атам: “Таене, этиет бол, машиненин астында каласың.” Таенем уккан жок, ошол камырабаган бойдон эчкилерин айдап өтүп кетти. Мен ойгонуп кеттим дагы, көпкө чейин лакылдаган жүрөгүмдү баса албай койдум. Таенемди эстедим, жанагы эчкилерди, аны кайтарган өзүмдү эстедим. Мындайча айтканда, бала чагыма кайтып бардым.., менин бактылуу мезгилим, күнөстүү аралым экен.”

“Это сны разных периодов моей жизни. Некоторые – первые два – очень давние, еще из детства, но я их хорошо помню. Другие относятся к разным периодам моей “взрослой” жизни. Все эти сны я “подарил” главному герою картины” (“Советская культура,” 8-июня, 1991 года, стр. 14.), – деп, өзүнүн киносундагы түштөр жөнүндө белгилүү япон кинорежиссёру Акира Куросаво айткандай, жазуучу Мурза Гапаров да “Күнөстүү арал” повестинде өзүнүн көргөн түшүн чыгарманын баш каарманы болгон Жаңылга “белек” кылып арнап койгон… Ал эми чыгарманын сюжеттик агымынан кездешүүчү экинчи бир онейростук мотивди (каармандын экинчи түшүн) – “жашоо, турмуш өзү кичинекей эле деталдардан турат, таптакыр бүтүп калган эч нерсе жок. Деталь. Калганы художниктин кыялына, фантазиясына, мындайча айтканда, акындык көрөңгөсүнө байланыштуу”, – деп өзү айткандай, ошо жазуучулук фантазиясынын күчүнө таянып, чыгарманын идеясы менен концепциясына ылайык келтире, өз кыялынан токуп, жаратып койгон… Жазуучу “ат жалындагы” дагы бир интервьюсунда: “Көп эле кыска-кыска повесть, аңгемелерим жазылды. Иштелиши жагынан да, көркөмдүгү жагынан да “Күнөстүү арал” деген повестим өзүмө өзгөчө сыйда жагат” (“Асаба”, Жетинин айынын он бири, 1993-жыл, 5-б.), – деп, өзүнүн бул чыгармасына болгон симпатиясын ачык эле билдирет. Андан да, прозалык түрүнөн драмалык формасына өткөрүп; ушул эле “Күнөстүү аралды” “(жети адам жана бир арыстан тууралуу баяндалган эки бөлүмдүү фантазия)” түрүндө сунуштап, драмалык көрүнүшүндөгү вариациясына өткөрө, иштеп чыгышы дагы (Караңыз: Гапаров М. Күнөстүү арал: Драмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1983, 37-70-бб.) жазуучунун өз чыгармасына болгон чоң сүйүүсүн билгизип турбайбы… Кызылдай мээнет менен күчтүү толгоодон жаралган чыгармасын перзентиндей көрүп, бөпөлөп, кези келе калганда ал жөнүндө жарашыгына жараша сөз айтып, келечегине кам көрүп турган жазуучунун изги тилеги анын ошо чыгармасы жөнүндө айтылган ойлорунда чагылып калганы сезилип турбайбы… Ошо кам көргөнүнө жараша, биздин жеке пикирибизде, чыгарма мезгил сынынан ноюбай өттү. Көркөм чыгармага болгон кызыгуу солгундаган азыркы мезгилде да “Күнөстүү аралдын,” жалпы эле гапаровдук прозанын өз окурманы бар экенине ишенем. “Күнөстүү аралдын” окурмандар үчүн мындай бардык мезгилде колго алар чыгармага айланганы – анын эстетикалык табиятында: ар убак кайра кайталап окуган сайын, стилдик баяндоосунун жагымдуу-жөнөкөйлүгү, кыска баяндалганы, ошого карабай сыйымдуулук күтүнүп, бир дем менен окулары, сюжеттик курулушунун өзгөчөлүгү, кейипкердин “чыныгы жана кыялый дүйнөлөрү” (Эркебаев А.) – түш көрүү мотивдери, чыгармадагы көркөм шарттуулук менен психологиялык жөрөлгөлөрдүн подтексттүү мүнөзгө ээлиги, символдук образдардын ассоциативдүү абалдарды жаратышы сыяктуу – “Күнөстүү аралдын” көркөмдүк өзгөчөлүгүнө тиешелүү болгон көптөгөн поэтико-эстетикалык көрүнүштөрүн көкүрөгүң менен туйган сайын – чыгармага карата мезгилге ылайык сөз айткың келген окурмандык сезимиң ойгонгон сайын, анын оңбогондой оор иш экенин ойлоп алып, жоопкерчиликтен улам жигериң мокой түшөт. Эч нерсесине карабай, ойлогон ниетиңди реалдуулукка өткөрүү үчүн бел байлап алсаң, айтар сөзүңдүн “кириш бөлүгү” эмнегедир өзүнөн-өзү эле ушундай абалда туруп жазылып калганын сезип, ошол “сөз башы” да аягына чыгып калганы туюлуп, алгы сөздүн аягы лирикалык чегинүү менен аякталышын каалоо менен; Мурза Гапаровдун “Күнөстүү арал” чыгармасына айтыла турган сөздү шашпай, кайра башынан мындайча баштоонун өзүн эп көрдүк.

“Күнөстүү арал” Мурза Гапаровдун чоңдор үчүн жазылган олуттуу китебинин экинчиси катары таанылган (ага чейин жазуучунун “Кара-Көлдүн каздары” (Ф.: Мектеп, 1973) деген жакшы китеби жарык көрүп калган; “Мейман” (Ф.: Кыргызокуупедмамбас), “Бир шиңгил жүзүм” (Ф.: Мектеп, 1966), “Биздин жакта Арстанбапта” (Ф.: Мектеп, 1977) деп аталган балдар үчүн жазылган чоң-кичине үлгүдөгү ага чейин жарык көрүп калган китептерин кошуп эсептегенде, бешинчиси болот), эки чакан повесттен туруп, алардын биринин аталышы менен “Дарыялардын шоокуму” деп аталган китебине (экинчи повесть катары) кирип, “Мектеп” басмасынан 1979-жылы жарык көргөн. Повесть кийин автордун көзү бар кезде өзү даярдаган, “Жаңгак токойдун жомогу” (Ф.: Адабият, 1989.) деп аталган белгилүү жыйнагына кирген; “белгилүү жыйнак” деп, сызып көрсөтүп жатканыбыздын себеби – жыйнак өтө табит менен даярдалган (ички мазмунуна тышкы техникалык жасалгасы шай келген) көркөмү кооз китеп болгон; албетте, жыйнакка кирген чыгармалар жазуучунун өзү тарабынан тандалган – аңгеме-повесттеринин дээрлик көбү бул жыйнакка топтолгон; алар өзгөчө жалтырак кагазга терилип, китептин калың мукабасы сыртынан жука мукаба менен тышталып-шөкөттөлгөн; калың-жука мукабалар да, китептин беттери да түстүү иллюстрациялар менен жабдылган, жөн эле сүрөттөр менен жабдылып коюлган эмес; чыгармалардагы автордун ойлорун жана образдарын ичкериден өздөштүрүп, жазуучу жараткан ошол дүйнөнү сүрөттүн тили аркылуу жазуучунун өзүндөй кылып түштүк колоритинде чагылдырып берген… Эгер тарыхка кайрылсак, XVIII кылымда Японияда нанга аталышын алган, кытайлык бундзинга стили (“интеллектуал художниктердин живописи”) модага кирген. “Япон импрессионисттери” катары эсептелишип, кытай маданиятынан эргүү алышкан бундзинга художниктери Юань, Мин жана Цинь династияларынын доорлорундагы живописти өзгөчө баалашкан. Бул стиль Кано жана Тоса академиялык стилдерин, алардын чоң масштабдагы композицияларын жана жазуу ыкмаларындагы виртуоздуу демонстрацияланууларын тануу, кабыл албоо иретинде жаралган, экспромт түрүндө жаратуу, жогортодон берилүүчү аян чыгармачылыкты (наитие), көз ирмемдеги художниктин маанайы сыяктуу ыкмаларды алдыңкы планга чыгарышкан. Ошол үчүн нанганын башкы жанры табияттын пейзаждык көрүнүштөрү, “гүлдөр-парандалар” болушкан. Икэ-Но Тайга, Урагами Төкудо, Таномура Тикудэн сыяктуу бул агымдын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн катарында белгилүү сүрөтчү Өса Бусондун ысымы аталат (Өса – Танба провинциясындагы сүрөтчүнүн энеси туулуп-өскөн аймактын аталышы; кийин сүрөтчүгө көркөм псевдоним катары кызмат аткарган). Алар кытай-япон традицияларындагы живописти ой-электеринен өткөрүшүп, өз картиналарына терең лирикалык маанай, кайталангыс индивидуалдуулук тартуулоого аракет кылышкан. Ал мезгилде Бусондун акындыгына караганда художниктик касиети көбүрөөк даңкталып-таанылса (живописте ал Сюнсэй деген ысымды алып жүргөн), көзү өткөндөн кийин хокку ырларынын көрүнүктүү чебери катары белгилүү болгон. Ал белгилүү хокку чебери Басёнун чыгармачылыгын өтө жакшы көргөн, поэзиядагы өзүнүн устаты катары эсептеп, анын “Түндүктүн сокмо жолдору менен” ырлар жыйнагына иллюстрацияларды тарткан. Кол кармаша-кучакташкан каллиграфиялык тамгалардан художник поэтикалуу жазууларды жараткан жана аларды адаттан тыш, оригиналдуу (эксцентрикалуу) хайга иллюстрациялары менен жандандырып, көркүнө чыгарган. Басёнун ырлар жыйнагына жаратылган Бусондун бул иллюстрациялары жөнүндө япондуктар азыркыга чейин шыпшына кеп кылып келишүүдө; болбосо, сюрреалист сүрөтчүлөрдүн тарыхына кайрылсак, ушул агымдын “атасы” болгон атактуу Сальвадор Дали чыгармачылык арааны жүрүп турган кезинде, “Ажайып комедия” (Данте), “Дон Кихот” (Сервантес), “Алиса кереметтер дүйнөсүндө” сыяктуу дүйнөгө белгилүү чыгармаларга иллюстрацияларды жаратып, сүрөтчүнүн жасалгасы менен жабдылган ал китептер баш айлантар кымбат бааларда сатылып турган: ал сүрөттөр азыр да изилдөө обьектисине алынып жатат.

“Бул түштөр менин жашоомдун ар кайсы мезгилдеринен. Айрымдары – биринчи экөө – өтө эле мурунку, бала мезгилден беркилер. Бирок, мен аларды жакшы билем. ”



Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 22 Февраль 2015 - 23:25

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   Aitunuk   28 Июль 2018 - 23:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

МУРЗА ГАПАРОВ
БУУРУЛ ТҮНДӨ ТУУЛГАН КЫЗ

АҢГЕМЕ


Абышка бир айдан бери сегиз жашар небереси менен Арсланбаптын түнт токоюнун адам буту басып бара элек жапайы төрүндө жаңгак терип жүрдү. Ал бул токойго жыл сайын келет. Бирок дайыма жалгыз. А бу жолу картаң бээсине учкаштырып, өткөн жылы кургак учуктан каза тапкан кызынын жалгыз баласын да ээрчите келди. Антпесе, жаш баланы алыскы тоо этегиндеги, ээн эски тамга жалгыз калтырып кетүү мүмкүн эмес эле.Кеч күз болучу. Ой-кырын токой баскан тоолор, саргара бышкан бариктерден улам, вулкандар сыяктуу жалындап турат. Жаңгактар шактарынан эчак күбүлүп түшүп, аларды тынымсыз жаап турган бариктер көөмп калган. Алмалар да газан болгон. Алчалар жаңыдан күбүлө баштаган. Дарактарга жана аскаларга чырмалышкан жүзүмдүн мөмөлөрү өтө бышып кеткендиктен, бүрүшүп соолууга өткөн.

Абышка менен небереси кылымдар жашаган картаң, төбөсү менен көктү сүзгөн бийик, алты азаматтын кучагы жеткис жоон чынардын түбүндө: астыларына күзгү жер жазданып, үстүлөрүнө айлуу түн жамынышып жашап жүрүштү. Алардын терген жаңгактары да Ош менен Жалал-Абаддын базарларын күтүп, ой-дөбө болуп ошол жерде жатат.

Булар үйлөрүнөн эч кандай азык оокатсыз чыгышкан. Ошондуктан алар жалаң гана токойдун жемиштери менен оокат кылышчу: атайын жасалган учу айры таякчалары менен бариктердин арасынан жаңгак чукулашып жүрүп, туптунук сары алмаларды таап жешчү; төө менен тайлак сыяктанышып, алчалардын мөмөлөрүн сыдырышчу; чарчашса, олтуруп алышып жаңгак чагышчу; суусашса, жүзүмдүн ширелүү суусун сорушчу; бирок жүзүмдү көбүнчө эчкинин терисинен жасалган чаначтарына толтура эзишип, кийин аны беш-алты күн ачытып коюшуп, анан ичише турган. Жүзүмдүн ачытылган суусу ток тутчу. Ошондой эле кээде көңүлдү көтөрүп, шире кайп кылганга чейин бара турган.

Жаңгакты алар эртеден кечке чейин теришчү. А кечинде өздөрүнүн картаң чынарларынын түбүндө кургак шактардан улуу от жагышчу да, күңүлдөп сүйлөшүп олтурушуп, убакыт өткөрүшчү. Бул учурларда абышка небересине жомоктор айтат. Көргөн-билгендеринен ар түрдүү окуяларды сүйлөй берет. Бир жолу абышка небересине кызык аңгеме сүйлөп берип, анын көзүнөн ысык жаштар төктүрдү.

Бул күнү алар өздөрүнүн жата конокторуна адаттан тышкары кечигип келишти. Келишип, күндөгүдөй эле өздөрүнүн кечки турмуштарын башташты. Бала жака-белдеги дарактардын куураган шактарынан сындырып келип, от жагууга киришти. Таятасы жакын жердеги суунун аркы өйүзүнө өтүп, картаң бээси менен учурашты, анын жонуна, куйруктарына жабышкан чөп-чарды тазалады. Кийин кайра келип небересине от жагышты.

Бир пастан кийин кургак отун чатырап күйүп, улуу жалын кызыл жоолук сыяктуу булактап, бийикке атырылып чыкты.

— Эми чаначты алып кел,— деп буюрду абышка небересине, өзү оттун жанына мандаш урунуп олтуруп алып.

Бала газанга көмүлүп жаткан чаначты сүйрөп келди. Абышка шашпастан анын оозун чечти. Чаначтан ачыган жүзүмдүн кычкыл жыты буруксуп, быжырап кайнаган дабышы угулду.

— Түзүк,— деди абышка. Кийин чаначтын оозун түрүп узакка жутту.— Ох! Жакшы ачыптыр, жаныбар, ме…

Ал чаначтын оозун, өзүн жалдырап карап, тамшанып турган небересине тутту. Бала тооктун жөжөсү сымак мойнун узун созуп жатып, канганча шимирди.

Мына ушундан кийин абышка жегдесинин чөнтөгүнөн теспесин сууруп чыгып, аны жай тартууга киришти. Ошо эле учурда кыңылдап, өзүнүн эң жакшы көргөн ырын баштады:

«Мас булбул жол алды гүлүстөн жакка…»[1]

Ал чыгыштын классик акындарынан көп ырларды жатка билүүчү. Ал турмак өзү да бир убактарда араб алфавити менен сүйүү жана шарап, өмүр жана өлүм жүнүндө рубаилер жазган. Ал рубаилер чийилген дептерлер, чириген самандай саргайып, чаң басып, жаман үйдүн шыбында алиге чейин кыстарылып турат.

Абышка ырдаган рубаисинин аягына чыгып, аны кайрадан баштады. Балага анын бул ыры жат болучу. Ал күн сайын кайталана берип, аны жадатып бүтүргөн эле. Ошондуктан унчукпай ордунан туруп барып, чынарда илинип турган комузду алып келди.

Абышка муну түшүндү да, теспесин кайра чөнтөгүнө салып комузду колуна алды:

— «Бегарстан Тайшиниби?» — деп сурады ал небересинен.

Абышка кыргыздын көп эски күүлөрүн чертчү. Бирок балага алардын ичинен «Бегарстан Тайши» айрыкча жага турган. Ал аны күн сайын угуудан да жадачу эмес.

— А-а,— деди бала, таятасынын маңдайына олтура берип.

Абышка бир топко комузун күүлөдү. Анан небересинен:

— Айтып чертейинби? — деп сурады. Тиги чоң-чоң көздөрүн бакырайтып, таятасын таң калгандай карап калды.

— А анын айта турган окуясы да барбы?

— Ананчы. Эмне, мен сага айтып берелекминби?

— Жок, Сиз бардык күүлөрдү айтып чертчүүсүз. Бирок «Бегарстан Тайшини» бир да айткан эмессиз.

— Ошондой дечи. Анда угуп олтур.

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 28 Июль 2018 - 23:25

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   Aitunuk   28 Июль 2018 - 23:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

II

Абышка токсон жашта эле. Бирок карылыгына карабай өтө сөөлөттүү көрүнүүчү. Анын жаактарын, ээгин каптаган өтө коюу сакалы да, башындагы сейрек чачтары да айлуу түндөгү кар сыяктуу агарып, алардын арасынан араң бөлүнүп турган картаң жүзү айдын бетиндеги кара такты элестетүүчү. Бийик жар сыяктуу көтөрүлүп турган өскүлөң, купкуу каштарынын астындагы караңгы үңкүрлөрдө жашынып жаткан көздөрү болсо карт арстандын көздөрү сыяктуу заар чачып тура турган.

Ал башын төмөн салып, бир топко өзүнүн черткенин тыңшап олтурду. Кийин баш көтөрүп барып, өзүн кунт коюп күтүп олтурган небересине карап, аңгемесин баштады:

— Илгери, илгери,— деди ал,— мына ушул эле биздин Арсланбаптын этек жагында Кара-Дарыя менен Нарын дарыянын чатында бир уруу кыргыздар жашаган. Алар ошол кездеги бардык кыргыздар сыяктуу эле эгин эккени эгин эгип, мал бакканы мал багып, оокат кылышкан. Урууга Акмат менен Бегмат деген эки бир тууган баш-көз болуп турушчу. Алар сүлкүлдөгөн жаш, өтө акылдуу мырзалар эле. Акмат менен Бегматты эл жакшы көрүшчү. Анткени алар эл менен ысык, суукту кошо көрүшүп, дайыма алардын камын ойлошчу.

Мына ушул ага-инилердин бир Мактым аттуу жалгыз карындашы болгон. О, тайлагым, мен сага айтып берсем, ал ушундай зирек, бүт ааламды кыдырсаң табылгыс сулуу кыз эле. Анын жүзү толгон айдай нур чачып, көздөрү мына бул төбөбүздөгү жылдыздар сыяктуу чачырап туруучу. Анын чачы ашык-кеми жок кырк кулач болучу, тайлагым. Албетте, бул кыялкеч боз балдардын түшүнө кирчү гана сулуулук. Бирок сен ишенгин, тайлагым. Мактым ушундай сулуу болгон.

Анын минтип өзгөчө жаралып калганынын себеби бар: ал буурул түндө туулган кыз эле. Ооба, боз кыроодо, кишинин баарын ачкан буурул түндөрдүн биринде.

Садагаң кетейин, ал ушундай бир касиеттүү түн эле: бүт аалам буурул тартып, асман ушундай тунук, ушундай жылдыздуу болучу.

Мына ушул түндө Мактым төрөлдү. Аны, апасы токойдун этегиндеги айылда, айылдын четиндеги бийик дөбөчөдө, дөбөчөдөгү жалгыз тамда төрөдү. Төрөдү да, жайың жанатта болгур, энеси каза тапты.

Бул күнү атасы жана агалары ууга кетишкен. Үйдө эч ким жок болучу. Ошондуктан наристенин төрөлгөнүн да, энесинин өлгөнүн да эч ким туйбады. Бирок кичинекей Мактым көпкө чейин кароосуз калган жок.

Ошол бийик дөбөнүн так этегинде бир жапжашыл көл боло турган. Бул көлгө дөбөдөгү үйдүн, көлдү курчаган токойдун, асманда сүзүп бараткан айдын сөлөкөттөрү түшүп турчу. А буурул түндөрдө, бул көлдүн жээгинде үрдүн кыздары сейил куруша турган.

Мына ошол үрдүн кыздары Мактым туулган күнү да көл жээгинде болушчу. Алар апаппак жылаңач буттары менен шүүдүрүм түшкөн чөптөрдүн үстүндө басышып, өздөрүнүн өтө уккулуктуу үндөрү менен ырдашып, көлдү айланып жүрүшкөн. Куураган купкуу шиберге алардын назик буттарынын издери калып, жапжашыл келген упузун, булуттай аппак сөлөкөттөрү түшүп, алар жай сүзүп, өздөрүн ээрчип жүрүштү. Бирок тайлагым, булардын бардыгын: үрдүн кыздарын, алардын издерин, үндөрүн өмүрүндө бир да күнөө жасабаган, бирөөгө жакшылыктан башка эчтекени санабаган бактылуу кишилер гана көрүп, уга алышмак.

Мына ушул үрдүн кыздары кокусунан наристенин үнүн угушту. Угушту да боорукер, сезгич жүрөктөрү жамандыкты туюшту. Ошол замат ырларын токтотушуп, дөбөдөгү үйгө алпаруучу жалгыз аяк кыя жол менен, суу ичип кайтышкан каздар сыяктуу тизилип алышып, жогору карай өрдөштү.

Ошентип, алар жардамга келишти. Келишип, өтө көп болушкандыктан кичинекей үйгө батышпай, жарымы тышта калышып, жарымы ичкериге киришти.

Үйдүн ичи караңгы болучу. Анын боорундагы терезе ордуна оюлган, төөнүн көзүндөй жалгыз тешиктен гана чубалган ичке жарык түшүп, жаңыдан төрөлгөн наристенин бетин жаркыратып турган.

Үрдүн кыздары киришип, өздөрүнүн назик колдору менен эненин бетин жабышты. Ыйлап жаткан наристени колдоруна алышып, аны биринен бирине өткөрүшүп, өздөрү тегеректеп турушуп, бир уккан киши өмүр бою бактылуу боло турган уккулуктуу үндөрү менен ырдап киришти. Аларга тышта тамды айланып жүрүшкөн жалгыз тешиктен узун моюндарын созушуп, карап турушкан башка курбулары да кошулушту.

Наристе бир паста басылды. Аңгыча таң атып кетти. Мактымдардын үстүнө, ошол айылдын жүз жаштагы эмчи кемпир туз сураганы кирди. Ал жез кемпир кейиптенген түрү суук кемпир болучу. А үрдүн кыздары түрү суук нерселердин бардыгынан коркушат эмеспи, алар үйдөн чуркап чыгышып, келген жолдору менен көлгө түшүп кетишти.

Кемпир иштин ал-жайына түшүнгөн соң, наристеге май жалатты, киндигин кести. Кийин элге, кыздын ата-агаларына кабар бердирди.

Абышка комузун бир паска тизесине коюп, эки колдоп, жанында сулайып жаткан чаначтын оозун ачты да, быжылдап кайнап жаткан жүзүмдүн суусунан канганча шимирип алды.

— Ох, ээн калгырдыкы, — деди ал,— чыныгы шарап болуп кеткен турбайбы. Ичесиңби?

Көздөрү караңгыдагы мышыктын көздөрүндөй жанып, жүрөгү туйлап олтурган небереси жооп берүүнүн ордуна:

— Анан эмне болду? — деп сурады.

— Анан,— деди абышка, комузун кайрадан колуна алып,— анан бир жаман иш болду.

— Жаман иш?..

— Ооба. Мен сага айттым эле го, Мактымдын чачы кырк кулач деп. Мына ошол чачын Мактым улуу дайрага гана жууй турган. Антпесе, кырк кулач чачты кантип жазып, кантип тарайт? Ал өзү жээкте калып, чачын сууга агызып жиберүүчү. Кырк кулач коюу чач кырк кулач жерге чейин чубалып, көбүктүү толкундар менен кошо буластап агып турчу. Анан аны жууга, бир уруу элдин бардык кыз-келиндери катышчу. Мактымдын чачы жуулчу күнү-түнү, дарыянын жээги кызыл-тазыл болуп, шаан-шөкөттүү көңүл ачууга айлануучу. Кырк кулач чач бир күн кечке жуулуп, эртеси кечке өрүлө турган.

Бир күнү Мактым ушинтип чачын жуудуруп олтурганда, анын бир тал чачы түбүнөн жулунуп, сууга агып кетти. Мактым жана кыздардын бардыгынын эстери чыгып, аны кармап калыш үчүн дарыяны бойлой чуркашты. Бирок суу өтө улуу болгондуктан, чач эч кимге туттурбай агып кетти. Мактым ыйлап, ыйлап кала берди.

Анын бир тал чачы көпкөк толкундар менен кошо ойноп, бир нече күндөр, бир нече түндөр тынымсыз акты. Ал нечен-нечен булбулдуу бактарды бойлоп, нечен-нечен гүлстан талааларды аралады. Суу жээгиндеги сейил курган кыздарды суктандырып, суу жээгинде кир жууган жубанды таң калтырып, суу жээгинде кайырмак салып олтурган боз баланы кыялга батырып, түрдүү бейтааныш жерлер, бейтааныш элдерди артка таштады. Акырында, ал бир жерге келип, суунун ортосунда суу ичип турган кандайдыр тулпар сымак, келишкен аттын бутуна урунуп, андан ары кете албай туруп калды. Ошол замат ага аттын үстүндө башын төмөн салып, кыялга чөмүлүп олтурган жаш сулуу жигиттин көзү түштү.

Жигит камчысынын сабы менен чачты эңип алды. Чачтын суудагы учун көрө албай таңданды. Ал кызыгып, чачты колуна түрө баштады. Чач болсо суудан чыгып жатат, чыгып жатат. Аты суу ичип бүткөнчө араң түрдү. Түрүп болуп этектей алаканын жаап калган капкара чачтын түрмөгүн, каухарды тиктегендей суктана тиктеп калды. Ал таттуу кыялга кетти. «Бул жөнөкөй кыздын чачы эмес,— деди ал.— Мунун ээси адамдын акылы жеткис сулуу болуу керек. О, кандай жигиттин бактысына жаралды экен бу кыз?»

Жигиттин аты Паиз эле. Ал калмактын тайшиси Бегарстандын бир кездеги баатыр жигиттеринин бири болучу. Каардуу жана митайым тайши анын сулуулугуна ичи тарып, өзүнүн хариминдеги аялдардын көңүлүн ага бурбас үчүн, жигитти эркек улактарды бычкандай бычтырып койгон. Азыр аны жортуулдарга да алпарбай, харимди гана кайтартып койгон.

Мына ушул себептен улам Паиз өмүрүндө аялга ашык болуп, ашыктыктын лаззасин тарткан эмес. Эми болсо кандайдыр бир алыскы жердин, бейтааныш элдин кызынын бир тал чачын алаканына түрүп алып, ал жөнүндө ар түрдүү кыялдарга батып, көңүлү чөктү. Оттой жанган жаш көздөрүнөн туптунук жаштар жылжып чыгып, алаканып дагы чачка, атынын коюу жалына тамчылады. Ордого капалуу келди. Атын атбагарга берип, ындыны өчкөн калыпта харимге кирди.

Бул эң кооз имараттын ичи толо кыз эле. Бардыгы бири биринен өткөн сулуу, жаш кыздар. Алар ар түрдүү элдерден, ар түрдүү жерлерден алып келинген.

Кыздар ырдашып, бийлешип жатыптыр. Бегарстан Тайши да ушул жерде экен. Ал кыздардын эң жашын, эң сулуусун тизесине олтургузуп алып, мүйүздөн жасалган идиш менен шарап ичип олтуруптур. Кыз байкуш шакектерге толгон назик колдору менен, анын бошогон идишине, мойну турнанын мойнундай узун гезеден шарап куюп берип, а Бегарстан Тайши аны ичкенде, анын муруттарына тамган шарапты сүртүп коюп олтурат.

Паиз тыштан киргенде, тайши аны сүзүлгөн мас көздөрү менен карады. Ошол учурда Паиздин колундагы чач анын көңүлүн бурду. «Эй, сен эмне аттын куйругу менен кирдиң, бул жерге?» — деп ачууланды ал.

«Бул аттын куйругу эмес, таксыр,— деди жай гана. — Бул аялдын чачы. Болгондо да бир тал чачы».

Ошентти да, тайшинин маңдайына басып келип, чачты чубай баштады. Чачтын узундугун көрүп, тайшинин оозу ачылып, колундагы шарабы чайпалып, кыздын жылаңач көкүрөгүнө төгүлүп кетти.

«Аялда мындай узун чач болбойт, акмак!»—деп кыйкырды ал.

«Болушу мүмкүн таксырым,— деди Паиз.— Албетте, мындай чач үрдүн кыздарындай сулуу кыздарда гана болушу мүмкүн».

Бегарстан тайшинин кызыгуусу артты. Ал тизесиндеги кызды тургузуп жиберип, Паиздин колунан чачты жулуп алды.

«Сен ошондой деп ойлойсуңбу? »— деп сурады ал.

«Ооба», — деди Паиз.

«А сен бул чачты кайдан таптың?» — Паиз чачты кантип тутканын айтып берди.

«Мм… андай болсо жигиттердин бардыгына айт: аскерлерди алыскы жолго даярдашсын. Мен бул чачтын ээсин, издеп чыгам»,— деди тайши.

Ошентип, тайлагым, Бегарстан тайши өзүнүн көп сан аскерин баштап, чач агып келген сууну бойлоп, чач агып келген жакты бет алып күндөп, түндөп жол жүрүүгө чыкты.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   Aitunuk   28 Июль 2018 - 23:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

III

Абышка комузун кайрадан тизесине коюп, кайрадан чаначты көтөрдү. Жүзүмдүн кара кочкул суусу анын купкуу сакалынан ылдый жорголоп, тизесине тама баштады… Бирок абышка сакалын да, тизесин да арчыган жок.

— Ичесиңби? — деп сурады ал небересинен.

Небереси унчукпай чаначтын оозун буруп, каалаганча жутуп алды. Оттун жалыны пастап, чокко айланып бараткан. Абышка жыгач көсөө менен анын айланасын чогултумуш болуп койду да, комузун кайрадан колуна алды.

— Бир күнү Акмат менен Бегмат ууга кетишкен,— деди ал небересинин, кыпкызыл чоктун дөбөчөсүнө чагылышып турган көздөрүнө карап. — Мактым келин-кыздарга чачын өрдүрүп суунун жээгиндеги майданда олтурган.

Мына ушул учурда күтпөгөн жерден жер дүңгүрөп, алыста-алыста келаткан аттардын дүбүртү угулду. Жабылып карашса, суунун аккан жагынан, күндүн баткан жагынан капкара тумандай удургуп, сан жеткис атчандар чаап келатышыптыр.

Мактымдын жүрөгү дароо жамандыкты сезди. Ал өзүнүн карышкыр көргөн койлордо тынчсыздана башташкан курдаштарына, эже-жеңелерине кайрылып:

«Мага эркекче кийим жана менин атымды алып келгиле»,— деди.

Мактымдын агалары энчилеп берген, Чоң тору аттуу келишкен күлүк аты бар боло турган. Бир паста кыздар ошол атын жана бир сыйра эркекче кийим алып келип беришти. Мактым башына эркектин тебетейин, бутуна өтүгүн кийди. Үстүнө чапанын желбегей жамынып, өрүлүп бүтө элек чачын экиге бөлдүрүп, ошол чапандын жеңдерине тыктырды. Чапандын жеңдери дыгдыйып, үйлөгөн чаначтай болуп чыкты. Кийин Мактым Чоң торуга минди да, куюндай кызып токойлуу тоолорду көздөй жөнөдү.

Бул тапта калмактар да айылга келишип калды. Бегарстан тайши качып бараткан атчанды көрүп, андан шек санады көрүнөт, анын артынан бир топ аскерлерин жиберип, өзү калган аскерлери менен айылда калды.

Жаныбар Чоң тору колунан келгенче чуркады. Ал көпкө чейин калмактарга караандатпай жүрүп олтурду. Бирок… тагдырдын жазганы ошол болсо керек, ал ээсин куткарып кете алган жок.

Жолдун далай жерине барганда, Мактымдын чапандын жеңдерине каткан чачтары жеңдердин учтарынан чубалып чыгып кетип, аттын буттарына оролушуп калды. Бечара Чоң тору чатыштап чуркай албай, бат эле калмактарга жеткирип койду.

Калмактар Мактымдын колу-бутун өз чачы менен өз ээрине чырмашып, айылга кайра алып келишти.

Бегарстан тайши жакын жигиттери менен Мактымдардын үйүндө шарап ичип олтуруптур. А анын кутурган аскерлери жана бектери айылдарды чабышып, алардын мал-мүлкүн талашып, кыямат-кайым түшүрүп жүрүшөт. Аттардын дүбүртүнөн жер титирейт. Катын-баланын ыйынан аалам жаңырат.

Мактымды алып киришти. Бегарстан тайши анын сулуулугун көрүп өңгөчүн тартты. Көздөрү ач карышкырдыкындай жанды. Колдору безгектей калтырап, идиштеги шарабы чайпала баштады. «О, мындай сулууну түнгүмдө да көргөн эмесмин!» —деди ал. Кийин жигиттерине кайрылып:

«Тарткыла атты!» — деп буйрук берди.

Ошентип, тайлагым, Мактымдай сулууну, Чоң торудай күлүктү, үйүр-үйүр жылкы менен, толгон-толгон байлыкты олжолошуп, калмактар келген жолдоруна түшүштү. А, эл-журт ыйлап-сыктап кала берди.

Бул күнү калмактар кечке жол жүрүшүп, кечинде бир учу-кыйыры чексиз шибердүү жашыл талаага конушмак болушту. Аттарын тушап, отко коюп жиберишти. Ар-ар жерге үй тигишип, казан асышты.

Мына ушул мезгилде, алардын конушуна, өздөрүнүн көп эмес аскерлерин башташып, Мактымдын агалары келип жетишти. Алар Бегарстан тайшиден карындашын кайтарып берүүсүн талап кылышты. Бегарстан тайши ордунан да турган жок, эшикке да чыккан жок. Каткыра күлүп, мындай деди: «Карындашыңардыбы? Болуптур. Бирок силер, адегенде менин мына бул шартымды аткаргыла».

«Айт шартыңды! » — дешти бир туугандар.

«Шартым жөпжөнөкөй: силер өз аскериңер менен менин бүткүл аскеримди кырып чыгасыңар. Алар силерге каршылык көрсөтпөй туруп беришет».

«Эмне экен, — дешти бир туугандар, — кырабыз!» Анан кыргынды башташты, тайлагым. Батыш тарапта кыпкызыл болуп жалындап, өтө чоң, тегерек күн олтуруп бараткан. Ошонун нуру астында кырышты. Туптунук кең асманга, байчечекейдей жадырап, жылдыздар чыгышты. Алардын нуру астында кырышты. Бүт чыгышты кочкул кызыл нурга боёп ай көтөрүлдү. Айдын да нуру астында кырышты. Жылдыздар тарап, ай батты. Таң нурунда кырышты. Чабышып жатып кылычтары мокоду, тайлагым. Сайышып жатып, найзалары мокоду…

Абышка бир азга аңгемесин токтотуп, башын төмөн салып комуздун өзүн гана чертип калды. Кийин өзүнүн карт үнү менен комузун коштоп, муңдуу ырдай баштады:

«Шагылдан шагыл Шагылдың ташы
Шагырап калды калмактын башы…»


— Бирок,— деди анан, бирпастан кийин башын көтөрүп, эртесинде карашса, калмактардын чети да оюлбаптыр. Алар ушунчалык көп эле, тайлагым.

Бир туугандардын аргалары түгөнүп, тагдырдын жазганына макул болушту. Коштошордо, Мактым агаларыдын алдына чыгып: «А мүмкүн кудай кулум десе, мен эптеп качып, кайрадан өз жерибизге келип калармын. Мен анда силерди кайдан табамын?» — деп сурады. Ошондо улуу агасы Акмат карындашына мындай деген экен:

«Жазында жайлар Жаз-Жерим, Мактым,

Жазында качсаң андан бир тапкын.

Күзүндө күздөр Күрөбөс, Мактым,

Күзүндө качсаң, андан бир тапкын.

Кышында кыштар Кызыл-Таш, Мактым,

Кышында качсаң, андан бир тапкын».

IV

Ошентип тайлагым, ай нурлуу Мактым кыз, алты атасы көрбөгөн жерине барып, Бегарстан тайшинин харимине туш келди. А Бегарстан тайши… кызды аяк асты кылды. Сен эмне, уйкуң келип жатабы?

— Жок. А, Мактым качам дебеди беле?

— Качты, албетте. Бирок көп күндөр, көп айлардан кийин.

Аны Паиз качырды. Баягы бычылган жигитчи? Ошол. Бечара, Мактымды бир көргөндө эле, ага ашык болуп калган болучу. Бирок андан эмне пайда? Тагдырына тан берип жүрө берди. Ал Бегарстан тайшини жек көрчү, Мактымды аячу. Мактымдын өз элинен бегане болуп, бирөөнүн элинде, бирөөнүн жеринде мусапырчылыкты тартып калганын көүп, өзүн күнөөкөр саначу. Чын эле, ал Мактымдын агып бараткан чачын кармап калбаса, мындай иштер болмок эмес да.

Мына ошол Паиз бечара, бир күнү кечинде, ордонун ичиндеги жасалма көлдүн четинде олтурган Мактымдын жанына басып келди. Мактым капалуу болучу. Ал көлдө сү3үП бараткан айды карап олтуруп, өзүнүн жерин, өзүнүн элин эстеп ыйлап жаткан. Паиздин көлгө түшкөн сөлөкөтүн көрүп, селт этип бурулуп карады.

«Сиздин ушул күндөргө кириптер болгонуңузга мен күнөөлүүмүн, — деди Паиз. — Сиздин алдыңыздагы өз күнөөмдөн кутулуу үчүн мен эмне кылышым керек?» Мактым эч нерсеге түшүнбөй аң-таң болду. Паиз бардыгын айтып берди:

«Болуптур, — деди Мактым,— эгер сен менин бир шертимди аткарсаң, күнөөңдү кечиремин. Сен мени качырышың керек».

Паиз бул шертти жан-дили менен аткармак болду.

Ушул түнү эл уктаган ченде, токулган эки атты жетелеп, Мактым менен Бегарстан тайши уктоочу үйдүн бурчуна келди. Уктабай жаткан Мактым аттын дүрбүртүн укту. Угуп, уйкудагы тайшини ойготпой, анын койнунан суурулуп чыгууну ойлоду. Бирок бул өтө кыйын болду. Анткени тайши уктаганда дайыма эки колдоп, Мактымдын жылаңач көкүрөгүн мыжыгып алып уктоочу. Жакшы, Мактым мурдатан өпкөгө сүт куйдуруп, жаздыгынын астына катып койгон эле. Ал аны акырын Бегарстан тайшиге мыжыктырып койду да, өзү суурулуп чыкты.

Ошентип, Мактым менен Паиз экөө эки дулдулду — Мактым өзүнүн Чоң торусун, Паиз Бегарстан тайшинин атын минип алышып, алыскы жолго чыгышты.

Алар түн бою тынымсыз чапкылашып олтурушуп, таңга жуук чоң дайрага туш келишти. Дайранын күпүлдөп кирген мезгили болучу. Дулдул деген аттарыбыз андан араң-араң өтүштү. Дарыянын аркы өйүзүнө өтүшкөндөн кийин Паиз кайтмакчы болду.

«Сиз эми коркунучтан өтүп алдыңыз,— деди ал.— Мен минген аттан башка Бегарстан тайшинин эч бир аты бул суудан өтө албайт. А бул атты мен эми анын колуна тийгизбейм…»

«Мен сага абдан ыраазымын,— деди Мактым,— айтчы, Паиз, кылган жакшылыгың үчүн сен менден эмнени каалар элең?» Паиз Мактым менен түбөлүккө коштошуп жатканын түшүнүп, көзүнө жаш алып туруп мындай деди: «Мен өмүрүмдө кишилерге жакшылык кылган жан эмесмин. Бала элем. Жортуулдарда жүрүп чоңойдум. Эл чаптым, алардын мал-мүлкүн таладым, катын-баласын ыйлаттым. Мына азыр биринчи жолу адамга, бир адамга жакшылык кылып олтурам. Мен эми өз турмушума ыраазымын. Мен өмүрүмдө бирөөнү сүйүп көргөн жан эмесмин. Мына биринчи жолу сүйүп, айыпка буюрбаңыз, сизди сүйүп олтурам. Мен эми өз тагдырыма ыраазымын. Мага эчтекенин кереги жок, Мактым. Бирок сиз менен биз эми эч качан көрүшпөйбүз да. Ошондуктан сизди дайыма эстеп, дайыма сүйүп, дайыма ыйлап жүрөйүн, бир тал чачыңызды тартуу кылыңыз».

Мактым Паиздин бычылып калганын билчү. Бирок анын сүйүүсү жөнүндө биринчи жолу угуп олтурат. Ал Паизди аяп, урматтап карап турду да, кийин так мандайынан бир тал чачын жулуп Паизге сунду. Паиз Мактымдын колунан эң кооз каухар алып жаткансып, көздөрү жанып, чачты калтыраган колдору менен алды да, аны түрүп, түрүп койнуна салып алды. Кийин жанындагы кылычын кыны менен чечип, аны эки колдоп Мактымга сунду.

«А сиз менин кылычымды алыңыз,— деди ал.— Мага эми анын кереги жок. Жортуулга чыгып жоо чаппайм. Эрөөлгө чыгып, эр сайбайм. Өмүрүмдүн калган күндөрүн кылычсыз жашагым келет. Башым ооган жактарга кетем… Атым баскан жактарга…» Биздин Мактым, жүрөгүн туйлаткан ыраазылык менен кылычты алып, белине тагынды.

«Рахмат, Паиз! — деди ал.— Мен сиздин жакшылыгыңызды көзүмдүн тирүүсүндө унутпаймын. Жакшы калыңыз».

«Жакшы барыңыз», — деди Паиз. Кийин атын дарыяга салып, аркы өйүзгө өтүп кетти…

Суунун жээгинде Мактым жалгыз калды. Ал өзүнүн да, атынын да чарчаганын сезип, көк ала майданга жатып эс алып, атын откоруп алмакчы болду. Ошентип жатып, уктап кетти. Арадан аламжан убакыт өттү. Бир маалда ойгонуп караса: дарыянын аркы өйүзүн бойлоп, чубалган сансыз атчандар чаап келатышыптыр. Мактым алардын Бегарстан тайшинин аскерлери экенин билди. Бирок атына мине калып качкан жок. Баары бир тигилер көп болучу: куушса жетишип алмак. Ошондуктан Мактым өз бактысын сынагысы келди. Мүмкүн, Паиз айткандай, Бегарстан тайшинин бир да аты суудан өтө албастыр?

Калмактар Мактымдын тушуна келип токтошту. Алдыда Бегарстан тайши.

«Мактым, кайт артыңа!» — деп кыйкырды ал.

«Макул кайтайын,— деди Мактым.— Бирок шартым бул: аскерлериңдин бардыгын сууга салып көр. Эгер бирөө жарымы өтүп келишсе, мен кайтайын».

Бегарстан тайши буга макул болуп, бүткүл аскерин сууга салды. Суунун бетин ат менен адам көрсөтпөй калды. Бирок алардын эч кимиси Мактым турган жээкке өтө алышпады. Аскерлердин бардыгы тооктун жөжөлөрү аккандай, өздөрү келген жакты көздөй агып кетишти.

Жээкте жалгыз Бегарстан тайши калды. Ошондо ал ызасына чыдабай, акыркы болуп сууга түштү. Анын аты бир топ күчтүү ат болучу. Ошондуктан, кыйналып-кысталып болсо да, жээкке жакындай баштады. Мактым чочулап калды. Бирок анын бактысы бар экен, жээкке жакын калганда, тайшинин аты мүдүрүлүп кетип, көчүгү менен сууга олтуруп, суудан кулагы гана чыгып калды. Ошондо тайши күтпөгөн жерден сууга өзүн таштап, жээкти көздөй сүзө баштады.

Мактым жээкке жакын келип, аны карап турду. Бетарстан тайши эптеп сүзүп келди. Эми суу жээгиндеги ташка тырмышып, алы куруп токтой калды. Ошондо Мактым Паиз берген кылыч менен анын башын ыргыта чапты. Тайшинин оор денеси сууда калып, башы көк ала майдандагы өскүлөң чөптөрдүн арасына тоголонуп кирип кетти.

Ушинтип, Мактым Бегарстан тайшиден кутулду. Бирок таптакыр эмес, тайлагым. Мактым Чоң торусуна минип жөнөгөндө, жанагы тайшинин башы да ээрчип жөнөдү…

Ушундай, тайлагым. Ал баш Мактымды ээрчип, кечейин-күндүз жол басты. Ал баш куду Мактым келген Жаз- Жериме чейин келди. Ал турмак. Мактымдын артына, агасынын үйүнө, жеңесинин төрүнө ээрчип кирди.

Ошондо Мактымдын айласы түгөнүп, заары кайнап чыгып, башты тышка карата бир тепти. Бирок баш тоголонуп кетүүнүн ордуна… оркойгон сөөктөрүн Мактымдын бутуна батырып-батырып алды.

Бул болсо, тайлагым, Мактымды кара сан оорусуна айландырды. Кийин-кийин… Мактым ошол оорудан каза тапты!..


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   Aitunuk   28 Июль 2018 - 23:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

V

Абышка аңгемесин токтотуп, адатынча башын төмөн салып, бир топко комузун муңдуу-муңдуу чертип алды. Анан башын кайра көтөрүп, небересине:

— Жаш кезимде,— деген сөз менен кайрылды,— раматылык чоң энеңди алып качып келатып, ошо Жаз-Жерим жайлоосунда түнөп калдык, Ошол жылы, негедир Жаз-Жеримде айыл жок экен. Жайдын түнү. Айдың. Айланабыз араласаң адаша турган жаңгактуу токой. Жака-белибиз коюу карагат, чаташкан жүзүм.

Биз чарчаган аттарыбызды отко коюп, өзүбүз шиберге суналып-суналып жата кеттик. Бир оокумда курсагыбыз ачты. А жей турган эчтекебиз жок. Экөөбүз тең ордубуздан туруп, карагаттардын шактарын ийип, алардын бариктерин улак сыяктуу киртилдетип жеп кирдик. Бир маалда чоң энең раматылык: «Апа!» — деп кыйкырып эле, мени кучактап калды. Карасам, жаныбызда, үстүлөрүн ак гүл баскан жалгыз мүрзө турат. Мүрзөнүн башында чоң-чоң таштар, а аягында… адамдын купкуу баш сөөгү жатат. Сөөктүн ичинде болсо, уюлуп жаткан жыландын көздөрү жылтырайт.

Ошондо, эсиме раматылык чоң атам айтып берген ушу «Бегарстан тайшинин» баяны түштү. Ким билсин, чын эле ошол мүрзө Мактымдыкыдыр. Чын эле ошол баш Бегарстан тайшиникидир. Аны мен ушу күнгө чейин биле албайм.

Биз чоң энең экөөбүз кишилерден уккан, мүрзөнүн жанына түнөсө киши тынч уктайт деген сөздөрдөн улам, жанагы мүрзөнүн жанына түнөдүк.

Ырас эле, чоң энең жакшы уктады, раматылык. Бирок негедир менин уйкум качып, таң атканча кирпик ирмегеним жок. Ошондо уктабай жатып, мен бир кызык нерсени байкадым: түн ортосунда кулагым кандайдыр назик, кандайдыр адамдардын үнүнө окшобогон, сулуу үндөрдү уктум. Секин башымды көтөрүп карасам, бизди курчаган карагаттар менен жүзүмдөрдүн шактарынын арасынан үрдүн кыздары шыкаалашып туруптур. Алардын туруш-турмушу: жылаңач буттары да, назик колдору да, узун көйнөктөрү да апаппак, айдын нуру түспөлдүү.

Мен алардын сулуулугунан демим кыстыгып, ордумда былк этпей катып калдым. Ушул учурда күтүлбөгөн дагы бир иш болду: мүрзөнүн аягында жаткан куу башка жан кирип, мүрзөнү айланып, жай тоголоно баштады. Баштын ичинен жылан ышкырып жүрдү.

Тайлагым, мен көз ачып жумганча үрдүн кыздарын таппай калдым. Ошол бойдон алар таңга жуук гана бир жолу келишип, кайрадан куу сөөктөн куугунтук жешип кетишти… Сен, эмне, уктап калдыңбы?

Бала унчуккан жок. Ал өчүп бараткан отту бет алып, кырынан түшүп жатып алган. Анын чала жумулган кирпиктеринин арасынан ысык жаштар жылжып аткан. Бирок абышка муну байкаган жок. Ал небересин уктап калган экен деп чечип, аңгемесин да, комузун да токтотуп, көсөөнү алып жаңыдан от жакканы киришти.

Ушул учурда токойдун чыгыш тарабынан өтө улуу, кыпкызыл жалын көтөрүлө баштады.

«Ай…» — деди абышка кыялдуу түрдө. Кийин кургак шактарды сындыра олтурганча, жай, күңкүлдөп ырдай баштады:

«Мас булбул жол алды гүлүстөн жакка»…

1964

[1]Омор Хаямдан.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   Aitunuk   24 Август 2018 - 01:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

.»

БЕЙШЕБАЙ УСУБАЛИЕВ: "БАЙЧЕЧЕК СООЛУП КАЛДЫБЫ?.."

Жеңге батпас ак билек, Жерге кантип батасың! Жерге жатпас алтын баш, Көргө кантип жатасың!

(Тыныбек)

Чын эле, соолуп калдыбы, Мурза байке! Неге соолуду? Ким соолутту?

Адам жашоосунун өзөк-маңызын түзгөн ушул суроону кыргыз адабият айдыңында биринчи болуп Мурза Гапаров койгон эле. Ошон үчүн бүгүн мен дал ушул суроо менен анын өзүнө кайрылып отурам…

Ооба, байчечек деген бир айыпсыз бечара гүл аркылуу койгон болчу. Кийин ага Чыңгыз Айтматов ат таап берди. Маңкурт деген. Азыр бул ат дүйнө жүзүн чаңдатып жүрөт. Ошентип, кыргыз адабиятына эки маңкурт келген: Гапаровдун маңкурту, Айтматовдун маңкурту. Экөө өзөктөш, бирок бир-бирине окшошпойт. Айтматовдун маңкурту көзгө көрүнүп турат, аны таанып-билүү анча кыйын эмес, ал – социалдык маңкурт, Гапаровдун маңкурту кыйма-чиймелүү, табияты өтө татаал, ал – көрпенделик маңкурт. Эми бул экөөнүн айырмачылыгын адистер – философтор, адабиятчылар – чечмелеп беришер, а мен болсо Мурза байкенин өзүнө өтөйүн.



Ошентип, кыргыз адабиятына аты жок маңкуртту алып келген Мурза байке менен мен биресе ата-баладай, биресе ага-инидей жакын элем. Бирок канчалык жакын болсок да, Мурза байке негедир менден ыйбаа кылып, тартынып турар эле. Мен да тартынчумун. Ошондуктан Мурза байке экөөбүз өтө тереңдеп эзилишип кетпедик, башкаларга айткан сырларын Мурза байке мага айткан жок. Ошентсе да, үзүл-кесил болсо да менин ал жөнүндө айтарым барбы деп ойлойм.

* * *

Мурза байке менен биринчи жолу бетме-бет кездешкеним күнү бүгүнкүдөй көз алдымда турат. Өткөн кылымдын сексенинчи жылдары «Кыргызстан маданияты» гезитинде оң каарман проблемасына арналган чоң талкуу жүргөн эле. Ошол талкууга «Мени адамдардан ажыратпагыла! ..» аттуу макала менен мен да катышкам. Ал макалада Мурза байкенин «Байчечек» деген аңгемеси да талдоого алынган (Кызык, ушу «Байчечек» аңгемеси менин башымды биротоло байлап алган окшойт, гезит-журналдарга берген интервьюларымдын дээрлик баарында «Байчечектен» буйтап өтпөптүрмүн, жыл сайын эки университеттин студенттерине ушул чыгарма боюнча дил баян жаздыртам). Ошол жылдардын бир күнүндө «Мектеп» басмасынын экинчи кабатына чыгып келатып, Кеңеш байке (Жусупов) менен Мурза байкеге жолугуп калдым. Саламдыштык.

— Мурза, — деди Кеңеш байке шыдыр эле. — Мына, сенин «Байчечегиңе» бөлөкчө талдоо жүргүзгөн жигит – ушул. Бейшебай Усубалиев.

Деди да, өзү биринчи кабатка түшүп кетти. Мурза байке кадимкидей алактап, шашкалактай берди:

— Ой, жакшы, жакшы… Ыракмат, ыракмат…

Анан экөөбүз тиктешип калдык. Ал бирдеме айткысы келип жанталашып жатты, бирок айта албады. Тили чыга элек ымыркайлар энесин көргөндө телегейи тегиз болуп, бир нерсе айткысы келип, өзүнчө эле көлкүлдөп эрип, бүт денеси менен бир талпынат го. Мурза байке дал ушул ымыркайды эске салып турду. Менин көөдөнүмдү кандайдыр бир жылуулук өрдөп өткөнсүдү.

— Эми… — деди аңгыча Мурза байке менин ыңгайсыз абалда турганымды туйгандай. — Бул бул жерде сүйлөшчү нерсе эмес экен. Атайын бир үстөлгө отуруп алып, ортого кызыл винону коюп алып, анан сүйлөшсөк болчудай.

«Вино ичет экен да!..» — деп ойлоп койдум мен.

Азыр ошол биринчи жолу кездешкенибизди эстегенде, Мурза байкенин куду ымыркайдай көлкүлдөгөн элеси көз алдыма тартыла калат да, көөдөнүмдү баягы жылуулук дагы эле өрдөп өтө берет.

Ушундан көп өтпөй биз кайрадан жолугуштук. Сөз, негизинен, «Байчечек» аңгемеси тууралуу эле болду. Мен көптөн бери көксөп жүргөн оюмду ага ачык эле айттым:

— Мурза байке, «Байчечектеги» акыркы сүйлөм (менимче, ал «Демек, али кеч эмес экен…» — деген сүйлөм болсо керек эле) ашыкча экен, ал сиздин оюңузду жылаңачтап салып жатпайбы…

— Мунуң туура, — деди ал башын ийкегилеп, — аны өзүм да сонун түшүнүп турам. Бирок ошол учурда окурмандар түшүнбөй калышабы деп, баарыдан да саясий айып тагып, чыгарбай коюшабы деп чочулап, ушу сүйлөмдү ичимден кан өтүп туруп атайы кошкон элем.

Дал ушул чочулоодо көрпенделик маңкурттуктун бир тамыры жаткандыгын сездиңиз болду бекен, Мурза байке!

* * *

…Адам жедеп аргасы түгөнгөндө күйүт, арманын үч нерсеге төгөт окшойт. Атам: «Атаң көрү, чоң ата, чоң энемдин колунда өсүп, өзүмдү тууган энемди бир да жолу эне деп айтпадым, жеңе дедим. Өзүнүн жалгыз баласынан эне деген сөздү укпай кетти!..» — деп арман кылып калар эле. Ушул эле атам жарык дүйнө менен «эне!», «энекебай! » — деп жатып коштошкон. Демек, биринчи арманыбызды энеге төгөт экенбиз. Экинчи арманыбызды жерге, кадимки эле кара жерге төгөбүз. Күйүткө чалынган Толгонайды («Саманчынын жолу») эстейли. Үчүнчү күйүтүбүздү Сөзгө төгөт экенбиз. Мына ушул үчөө гана бизге түтөт көрүнөт, биздин кылган-эткендерибиздин баарын көтөрө алат көрүнөт. Бүткүл өмүрүн, бүткүл арманын сөзгө төккөн, бир академия бүтүрө албаган ишти бүтүрүп кеткен, тилчи, чыныгы илимпоз, Мурза байкебиз экөөбүздүн сүйүктүү агайыбыз Жээнбай Муканбаев өлөр-өлгөнчө минтип тамшанып жүрүп өттү: «Атаңдын көрү-үү, Мурзанын тили – эмне деген тил, эмне деген таттуу, эмне деген керемет тил!..».

Чын эле, керемет тил эле. Бирок кызык, жазганы бир бөлөк, сүйлөгөнү бир бөлөк болчу. Кыска жазчу да, узак сүйлөчү. Бир нерсе жөнүндө айтып бергиси келсе, ушунчалык эзмелеп, ичеги-кардынан өйдө чубап, бир күкүмүн жерге түшүрбөй айтып берер эле. Канчалык чубалжытып айтпасын, ким болбосун тажабай, тескерисинче, тамшанып укчу.

Азыр минтип өзүмө өзүм собол таштап отурам: Мурза байкенин тили таттуу беле, же дилиби?..

Анан адамды көрө билүү, ага баа берүү да дал ушул дилге байланыштуубу деп ойлоп калам. Мунун бир күбөсү катары мен Жээнбай Мукамбаев агай тууралуу жазган «Нени издедиң, ботоюм» аттуу очеркимден бир үзүм келтире кетейинчи: «Бейшен, — дейт Мурза байке мага, — сенин эсиңдеби, Жээнбай аба адамды кантип укчу эле. Мына минтип… — Ал туурап кирди. Куду эле агайдын өзү. Көзү жайнап, ырыс чачырайт. Көзүн ирмебей укчу. Эчтекеге алаксыбай, бул дүйнөдө экөөңдөн бөлөк жан жоктой, көлкүлдөп эрип турчу. Мурза байке ушулардын баарын эскерди да, ойлуу минтип кошумчалап койду. — Ал көзү менен да укчу…»

Ушул эле касиет Мурза байкенин өзүндө да бар эле. Ал да көзү менен да укчу. Көзүнөн дили кадимкидей бажырайып көрүнүп турчу.

* * *

…Мурза байкенин бир кызык мүнөзү бар эле. Күндүн бүркөлгөнүн таптакыр көтөрө алчу эмес. Күн бүркөлсө, ал да бүркөлчү. Экөөбүз «Арашанда» жүргөнүбүздө, күн бүркөлгөн сайын коридордо турган мага келип:

— Бейшен, ушу кантип болсун!.. — дечү кадимкидей кейип, булут баскан асманды карап. — Бу эмне дегендик, бу качан ачылат, деги ачылабы?!.

Ушинтчү да, кимдир бирөөгө таарынгандай, болгон күчү менен колун шилтеп туруп, эшикти тарс жаап, өз бөлмөсүнө кирип кетчү. Менимче, мындай күндөрү ал эчтеке иштебей эле, төшөктү бекем чүмкөнүп жата берсе керек. Мага негедир ушундай сезилчү.

Дагы бир байкаганым – өзү бир жаздым басып алса, анысын таптакыр унута алчу эмес. Эстеген сайын ал окуя жаңы болуп өткөндөй кейий берер эле. 1994-жылдын ноябрь айында докторлук диссертациямды коргоп, Мурза байкени да чакырган элем. Ал келе алган жок. Анан жолуккан сайын эле ушуну эстеп, кейий берчү:

— Бейшен, айланайын, толгон күндөн ошол күнү колум байланып… Толгон күндөн ошол күнү жеңеңдин иши күчөп. Айкызды мектептен алаар киши жок болуп калып… Анан..

Ал ушинтип кейип атканда, мен анын назик жүрөгүн кадимкидей көрүп турчумун. Кыргыз адабиятында Мурза байкеникиндей үлбүрөгөн назик чыгармалар бар бекен, эми алар качан жазылар экен!..

* * *

Залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековду жерге берген күн. Жайына коюп, тарай баштадык. Фото кабарчы Эрнис Мусаев шакылдатып сүрөткө тартып жүрөт. Мурза байке экөөбүз катарлаш келатканбыз.

— Жүрүңүз, Мурза байке, сүрөткө түшүп коёлу. Эстелик болот, — дедим мен.

— Болбойт го, Бейшен … Уят го…

— Эмнеси уят?..

— Уят го… Сөөк жашырып келатсак… Анан параддан чыккансып сүрөткө түшсөк… Уят го…

— Караңызчы, элдин баары эле түшүп жатпайбы.

— Аны Эрнис өзү тартып жатат да. А биз сүрөткө түшөбүз деп өзүбүз жулунуп атпайбызбы…

— Ээ коюңузчу, экөөндө кандай айырма?..

Айтор, мен кыйнап атып, сүрөткө түштүк. Мурза байке менин көңүлүмдү кыйбады көрүнөт. Бирок ал сүрөттү Эрнис байкеден алигиче ала элекмин…

Ошол күн эсиме түшкөндө, Мурза байкенин: «Аны Эрнис өзү тартып атат да. А биз сүрөткө түшөбүз деп өзүбүз жулунуп атпайбызбы…» — дегени кулагыма жаңыра берет. Анан эсиме эми келгенсип, мен да куду ошондогу Мурза байкедей оңтойсуздана берем…

* * *

Маркум Асанбек Стамов таланттуу да, мекенчил да, анан көк жал да жазуучу эле. Ушул жазуучу өзүнүн курсташы тууралуу нааразылык макаласын жарыялаптыр. Ал макалага дагы бир курсташы Мурза Гапаровду атын атабай туруп кыпчып кетиптир. Өзгөчө анын «Экөө ээн бакта» аттуу «бейадеп» аңгемесин жөөлөп өткөн экен. Көп өтпөй эле Мурза байкенин жооп макаласы жарыяланды. Макала ушунчалык сабаттуу жазылган эле. Тилинин шириндиги, далилдеринин ынанымдуулугу, бийик маданияты, айтор телегейи тегиз макала болчу. Тамшанып окуйсуң. Кийин жолукканыбызда мен кепти шыдыр эле ушул макаладан баштадым.

— Бейшен, — деди Мурза байке кейигендей, — ушу Асанбек досума тиш салууга кантип ниетим барсын. Жанымды кашайтып ийбедиби… Карандай калпты урдуруп атпайбы. Баарыдан да «мен сыйлаган бир жазуучу» деп мени эмне үчүн тергейт, менин атым бар го, Мурза Гапаров деп түз эле айтпайбы! ..

— Байке, — дедим мен анын сөзүн бөлүп, — чынымды айтайын, сиздин кийинки жазган чыгармаларыңыздын эң мыктысы ушул макала болот. Эми кайым айтышууну токтотуңуз… Уят…

Мурза байке башын ийкегилеп, жүзүн бажырайта жылмайып койду. Бул маселеге экинчи кайрылбады.

Жан кашаюу демекчи, бир жолу Мурза байке минтип калды:

— Бейшен, байкап жүрөсүңбү, кийинчерээк романчылар көбөйүп кетти. Жакында кыргыздардын баары эле роман жазып калат окшойт… Роман эмне экендигин билишпейт, кенедей да түшүнүгү жок, анан!.. Жанагы Баланчаев деген неме (бул «неменин» аты-жөнүн Мурза байке ачык эле айткан, бирок мен атагым келбей турат, бир гана айтарым – бул «неме» да таланттуу жазуучулардын катарында жүрөт, бүгүнкү күндө Эл жазуучусу, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты. Ушул жазуучу Мурза байкенин көңүлүн калтырган бир иш кылган экен, бирок ал иш эмне экени менин эсимден чыгып кетиптир) жанды бир кашайтты десең… Жазуучулар союзунун пленумунда бир шылып түшөйүн дедим да, романын атайын дааратканага алып келип, коюп койдум. Кирген сайын бир-эки барагын окуйм да, айрып салам. Анан…

— Анан?..

— Шылыгым келбей калды. Көңүлүм чаппады, Бейшен… Жазгысы келгендер жаза беришсин да, алар деле жаман ниети менен жазышпайт да…

Эмне үчүн минтип айтты – бул мен үчүн алигиче табышмак…

* * *

Кээде кол менен атайы жасап койгондой, үч уктасаң түшүңө кирбеген шумдуктуу бир окуяларга, кездешүүлөргө кириптер болуп каласың. Бир жолу айтылуу «Чынар» кафесинин экинчи кабатынан мен, Мурза байке, Калык Ибраимов – үчөөбүз капысынан жолугушуп калдык. Алчуларыбызды алып, жайланышкан соң, мен Калыкты тааныштыра кеттим:

— Мурза байке, бул Какем чоң сынчы, баягы сиздин «Кыштакчаңызды» талкалаган жигит ушу (Калык өз мезгилинде «Кыштакча» повестин адилетсиз түрдө абдан катуу сындап жазган).

Какем ыймандуу жан эмеспи:

— Эми анда… Эми анда… – деп эле мукактана түштү.

Мурза байке бир жылмайып алды да, кепти таптакыр башка жакка буруп кетти:

— Бейшен, сенин «Акчаңды» окуп чыктым. Сен айыл турмушун бир ажайып… – Мурза байке тык токтоду да, кире беришти таңдана тиктеп калды.

Эшиктен шашып-бушуп белгилүү кино оператор Кадыржан Кыдыралиев кирип келатыптыр. Экөө бакырышып көрүшүштү да, Алтай темасына кирип кетишти. Менин «Акчам» унутта калды.

Азыр ушуну эстеген сайын, көкүрөгүмө мындай суроо уюй берет: Эмне үчүн Мурза байке кепти башкага буруп кетти?

* * *

Мурза байкенин «Дарыялар шоокуму» аттуу бир керемет повести бар. Аны чыгармачылыгынын туу чокусу катары карасак болот. Чыгарма Чыңгыз Айтматовго арналган. Анда согуш маалында качкан адам жөнүндө сөз болот. Бирок кеп мында деле эмес. Кеп – анда адамдын чыркыраган чыныгы тагдыры, кыргыздын чыныгы нарк-насили, мүнөзү жаткандыгында. Ушул чыныгы тагдырдан, нарк-насил менен мүнөздөн улуу философия өнүп чыгары бышык (Бул маселе өзүнчө изилденет деген ниеттемин).

Айтматов таануучуларды мен сергектикке чакырар элем. Эгер «Бетме-бет» менен «Дарыялар шоокумун» салыштыра изилдесе, көркөм адабияттын ушуга чейин ачылбай келаткан көп сырларынын бири ачылмак. Ошондой эле мындай нуктагы иликтөө бул эки сүрөткердин стилдик бөтөнчөлүктөрүн аныктоого, алардын сүрөткерлик кудурет-күчтөрүн терең ачып берүүгө өбөлгө түзмөк. Мына ушундай жагдайды көңүлгө түйүү парз.

Ал эми менин өкүнгөнүм – «Дарыялар шоокумун» эмне үчүн Чыңгыз Айтматовго арнаганын Мурза байкенин өзүнөн сурабай калгандыгым.

* * *

…СССР кулагандан кийин баарыбыз эле карайлап калдык го. Көр тирилик капшабы желкеден ныгырып турду. Ошондо, өңгөсүн мындай эле кой, профессорлорубуз да кара курсактын айынан бир «Манас» университетине, бир Америка университетине, айтор, байыраак окуу жайларына жалдырай карашып, аларга качырышты; аларга көз каранды болуп бөйпөңдөштү. Мындай бөйпөңдөөдөн азыр да кутула элекпиз (Башың маң да, ыйлагың келет: өзүнүн профессоруна 500 долларлык айлык төлөй албаган мамлекеттин эмнеси мамлекет?! ). Мен да «Манаста» иштечүмүн. Көп өтпөй көздөрүн жалжылдатып Мурза байке да иштеп калды. Мурда, СССР учурунда, биз айлыгын сурагандан уялчубуз, азыр болсо саламдашпай туруп эле: «канча аласың?» — дечү болбодукпу, мен да сөздү ушундан баштадым:

— Сиз эл жазуучусуз да, Мурза байке, — дедим мен, — сизге профессорлукту бериш керек. Айлыгыңыз канча экен?

Мурза байке акырын жеңден тартып, четирээк алып барды да, шымынын чөнтөгүнөн 100 долларды сууруп чыгып, үн-сөзсүз кудуңдай мага көрсөттү. Анан:

— Ушуга чейин аялымдын эсебинен күн көрүп келдим, Бейшен, — деди. –Эми минтип… — Сөзүн уланта албай, жутуп алды.

Менин сай сөөгүм зыркырап турду.

…Көп өтпөй айлыкты кассадан чогуу алып калдык. Мында да Мурза байке четирээк эрчитип барып, 50 долларды көрсөтүп:

— Ушул кошулуп калыптыр. Айлыгымды көбөйткөн окшойт, — деди.

Мында да сай сөөгүм зыркырады…

* * *

— …Бейшен, — деп калды Мурза байке дагы бир жолу, — бу жанагы Салижаның (С.Жигитов) дагы бир балакетти баштаган атат окшойт. Программа түзгүлө дейби, ансыз сабакка келбегиле дейби. Деги программа дегениң эмне? Чын эле, ал керекпи, же Салижан…

— Программасыз болбойт да, байке, — дедим мен анын сөзүн үзүп. – Баарын программа боюнча өтүш керек…

Мурза байке томсоро түштү:

— Мен аны кайдан алам?

— Түзүшүңүз керек өзүңүз.

— Кантип түзөм? Өмүрү программа түзүп көрбөгөм. Программа боюнча жашаган да эмесмин.

— Мунун жарасы жеңил эле. Мурда жазылган программаларды карап туруп эле түзүп койсо болот. Өзүңүздүн максатыңызга жараша анча-мынча өзгөртүш керек деңизчи…

— Аа… — Мурза байкенин санаасы тына түштү. Анан өзүнчө кобуранып койду. — Кысталактыкы, сабак өтмөктөн да ушу программа түзмөгүң чатак экен да…

А менин көкүрөгүмдө анын «Программа боюнча жашаган да эмесмин» дегени биротоло уюп калды.

* * *

Бир күнү Мурза байкеге узун коридордон жолугуп калдым. Негедир шаабайы сууңку. Суроолуу тигилдим.

— Э, баягы оозуна алы жетпеген Салижан да… – деп койду ал түшүнгөндөй.

— Эмне болду? Салижан агай дагы концертин коюп ийдиби?

— Ректор биздин бөлүмдү чакыртыптыр. Бардык. Мен, Мусаев, Артык Сүйүндүков болуп. Анан чогулуш баштала электе эле Салижан айтып атпайбы, же жарытылуу программаңар жок, же кыйраткан билимиңер жок, деги силер эмнени окутканы атасыңар деп…

— Анан эмне дедиңиз?

— Ээ билген намазыбызды окуйбуз да дедим.

Салижан агай да, Мурза байке да чоң талант болчу. Бирок экөө эки башка адам эле. Салижан агай адам көңүлүн эсепке албай туруп, оюн-чыны аралаш балп эттире бетке айтып таштачу. А Мурза байке үчүн адам көңүлүндөй ыйык нерсе жок болчу. Салижан агай жүрөктү көрүп турса, Мурза байке жүрөктүн толтосун көрүп турар эле…

«Манаста» иштеп атканында Мурза байке негедир маанайы пас, кымырылып-кысынып жүргөнсүдү. Портфелин көтөр-көтөрмөксөн болуп, университетке ойлуу кирип чыгар эле. Аны көргөн сайын элибиздин мындай макалын эстей берчүмүн: «Бирөөнүн элинде султан болгуча, өз элиңде ултан бол».

* * *

2011-жылдын май айларында Мурза байкенин кара макала менен кошмоктолгон «Коштошуу» аттуу ыры «Асабага» жарыяланды. «Коштошуу» дегенди окуганда эле менин негедир денем үркө түштү. Ал эми макаласын кошок-макала десек, туура болчудай. Кимге карата кошулган кошок: Мурза байкенин өзүнөбү, досторунабы, же айтылуу Ак үйгөбү? Макала мындайча башталат: «P.S.У шакчы, кошоматчы жана тыңчылар үчүн: Бул ыр Бишкекте, Совет көчөсүндө азык-түлүк сатылган дүкөндө (остановка «Завод физприборов»), дүкөндүн вино-водочный бөлүгүндө, анын ичкерки интимный бөлмөсүндө жазылды. Жазылып атканда алдымда кыпкызыл вино куюлган көп кырлуу стакан турду. Ыйлуу ыр ыраакка созулуп, ыйлаган жүзүмдү кызыл вино кызартып чыкты. Кап, ушул учурду силер ушакчы, кошоматчы, тыңчылар көрбөй калдыңар, көрсөңөр табаңар канып: «Гапаров ичип жүрөт» деп, дароо өзүңөрдүн «тиешелүү жерлериңерге» жеткирет элеңер. Эчтеке эмес, о дүйнө кеткенче силер үчүн мындайдан далай дубль жасап берем.»

— Өтө катуу кетипсиз го, — дедим мен, кийин жолукканда.

Ушул эле суроону күтүп буулугуп жүргөндөй, агынан жарыла кетти:

— Бейшен, өзүң деле билсең керек, жакында эле бизде «Король Лир» спектакли боюнча театрлар арасында жарыш болуп өтпөдүбү. Башка киши калбай калгансып, ушул жарыштын калыстар тобунун жетекчиси мен болуп калып атпаймынбы. А мени жакшы билесиң, менин ашказанымда көк таш бар да, мен виносуз тура албайм да. Муну жанагы менин бөйпөңбай досторум жакшы билишет да, анан көрүп ал: кирип келатсам деле – вино, чыгып баратсам деле – вино. Спектакль бүткөндөн кийин машинеге салып жиберишет, компоюп мен кетемин. Мен мындай жыларым менен эле, жанагы бөйпөңдөп жанымда жүргөн досторум биринен сала бири Осмонакун үкөмө (Осмонакун Ибраимов анда вице-премьер болуп иштесе керек эле) звандай башташат экен, Гапаров спектакль көрбөй эле ичип жүрөт деп, чычып жүрөт деп… Анан кантип жаның кашайбайт…

Коштоштук да, экөөбүз эки жакка кеттик. Негедир «Коштошуу» деген сөздөн кутула албай келаттым, бучкактап эле артыман ээрчип алды. Жүрөгүм өйкөлүп, денем муздайт. Акыры ушул сөз түбүнө жетти – бул ырдан кийин Мурза байке узакка деле жашаган жок. Эми ойлосом, Мурза байке мага жолукканда эле жарым өлүк экен. Аны буга ким жеткирди, кошок кимге кошулду?

Ойлогондон коркуп, денең муздайт…

* * *

Мен Мурза байкеге арнап, «Бүгүн күн жаман ысып турат…» деген аңгеме жазган элем. Ал «Асаба» гезитине жарыяланган. Мурза байке аны окуптур да, мени таппай жүрүптүр. Бир күнү мага капыл-тапыл жолугуп калып, аликке келбей эле, арыз-арманын төгө кетти: «Бейшен, айланайын, сени издеп таппай жүрбөймүнбү. Жанагы Алымдан (Токтомушев) үйүңдүн телофонун сурасам, башканыкын берип койгон окшойт, чалсам эле тили бурууларга туш болчу болдум… Сенин аңгемеңди окугандан кийин мени дагы канча кыз-келин жакшы көрүп, сүйүп калды болду экен…»

Саат төрттө «Манас» университетинде чогулуш болорун, ага чейин үйүнө барып келиш керектигин айтып, жөнөп калды. Мен да чогуу бастым. Мурза байке аялдамага барбай эле, чакан дүкөнгө кирди. Андан төрт чарчы узун бөтөлкө винодон экини алды да, акырын шашпай портфелине салды. Анан үн-сөзсүз мени ээрчитип алып, чоң дүкөнгө кирди. Анын кире беришинде чакан шам-шум этмеси бар болчу. Мурза байке бир бөтөлкөнү үстөлдүн үстүнө коюп атып:

— Бейшен, — деди мага, — мен билемин, сен муну ичпейсиң, арак да ичпейсиң. Өзүңдүн пивоңдон каалашыңча алгының…

Отурдук. Отурарыбыз менен Мурза байке кыргызча, орусча аралашкан тилде узун жомогун баштады (Кызык, Мурза байкенин чыгармаларынан орус сөздөрүн таппайсың, бирок сүйлөгөндө орусча аралаштырмайынча, ичи чыкчу эмес.). Ал бүгүн өзгөчө бир жарпы жазылып, бөтөнчө бир төгүлүп-чачылып турду. Ушул үч сааттан ашык убакыт ичинде биз эмнелер жөнүндө гана сүйлөшпөдүк. Алардын баарын жазууга кагаз да түтпөс, менин чама-чаркым да жетпес. Ар бир сөзүбүз түбү барып адам тагдырына такалып жатты. Алардын ичинен үчөөнү айтып бергим келип отурат:

— Бейшен, айланайын, жанагы сенин аңгемедеги дөөпайчы (Назар деген каарманды айтып атканы), ал жедеп булганып бүткөн да, мээси, жүрөгү, ой-санаасы, койчу, деги баары бок дүйнөгө чыланып калган да. Анан ошону жанагы кызчы (бул да аңгеменин бир каарманы), ал кыз таптаза да бечара, анан ошол кыз эшикке чыккандан кийин тиги дөөпайдын жеңинен тартып, жалооруй карап: «Деги өзүң кандайсың?» — деп күнөөлүүдөй сурап атпайбы бечара!..

Мен селт эте түштүм – Мурза байке аңгемедеги эң талуу жерди кармаган экен. Башымды көтөрдүм да, ага тигиле карап калдым. Мурза байкенин көздөрүнөн жаш тегеренип туруптур, ирмесе эле мөлт дей түшчүдөй…

— Сен уккан чыгарсың, Бейшен, — деди көп өтпөй, — менде кыз-келиндер көп эле болду. Баары сулуу эле. Бирок мен бирөөнү да сүйбөптүрмүн, болгону сулуулукка гана кызыгыптырмын. Эми ушуну роман же драма кылып жазсамбы деп атам.

Романга ылайыктуу экен деп ойлодум мен ичимден, анан ушул оюмду билдирейин деп оозумду эптеп келатсам эле, Мурза байке чочугансып, таптакыр башка темага өтүп кетти: — Бейшен, — деди ал кыжыңгандай, — чет өлкөлүктөр бизге келишип, тоолорубузду кыдырып, кен издеп жүрүшөт. А биз, кыргыздар болсо, ал жерлерге барып, сийип коюп жүрөбүз.

Чет өлкөлүктөр деген сөз анын эсине дагы бирдемени салдыбы, жарымы ичилген бөтөлкөнүн оозун кылдаттык менен бекитип, ордунан тура баштады.

— Кой, Бейшен, кетели. Төрттө чогулуш. Ага чейин үйгө барып келиш керек. Үй алыс…

— Саатыңызды карасаңыз, байке?

Саатын карады да, чочуп кетти:

— Көп отуруп койгон экенбиз да, төрткө он мүнөт калыптыр да. Кой, мен түз эле чогулушка жөнөйүн…

— Барбай эле койбойсузбу… Алдагыдай…

— Кой, уят, барайын. Бизде («Манас» университетинде) бир түрк катын бар, ошол катын биздин бөлүм башчыбыз болчу, бүгүн биз менен коштошуп, Түркияга биротоло кетмек. Узатууда мен да сүйлөшүүм керек, элди күлдүрүшүм керек…

— Чоктой кызарып… Алдагы анардай жанган жүзүңүздү көргөндө, күлдүрбөсөңүз деле түрктөр өздөрү эле күлөт го…

Мурза байке үндөбөй бажырая жылмайып койду. Ээрчишип чыктык да, айрылышка келдик. Коштошордо Мурза байке колун шымынын чөнтөгүнө салды да, кочуштап бир нерсе алып чыкты.

Колун мага сунуп, алаканын жайды. Кочуштаганы акча экен. Бырышкан-тырышкан акчалар.

— Бейшен, — деди анан мага муңая жылмая, — айланайын, мен азыр баймын. Каалаганыңды ал, айланайын…

Мен туйламыш болуп атып, жүз сомдукту алдым. Экөөбүз коштоштук. Ал көчө ылдый кетти. Мен артынан көпкө карап турдум. Басар-басмаксан болуп, өтө жай, каалгып баратты.

Карап турдум да, өзүмчө шыбырадым: «Арыктап кетиптир… Абдан арыктаптыр…»

Бул биздин акыркы жолугушубуз экен. Ушундан бир-эки ай өтүп-өтпөй эле Кеңеш байке (Жусупов) үйгө телефон чалып:

— Бейшен, кандайсың… – деди үнү кардыга. – Мурзадан айрылып калдык… – Сөзүн улай албай, тыңшоорду таштап салды.

Ошентип, Мурза байке эрип кетти.

Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарында кыргыз адабиятына өзүнчө эле бир тандалма команда келген эле. Бул команданын ичинен менин жүрөгүмө өтө жакыны мына булар эле: Мурза Гапаров, Кеңеш Жусупов, Кубатбек Жусубалиев, Өскөн Даникеев, Элүүбай Отунчиев. Эми минтип булардын ичинен Мурза байке бизден кол үзүп, өз дүйнөсүнө түбөлүк кетип калды.

* * *

Мына ушундай, Мурза байке. Азыр сиз жоксуз, а биз – тирүүлөр – барбыз. Эшиги жок, төрү жок караңгы көрдө байчечегиңди мыкчып алып, көзүңдүн жашын көлдөтүп отурасың го, дулдулум! Биз, тирүүлөр да, мыкчып отурабыз. Бирок ыйлоого кудуретибиз жетпей жатат…

13.08.11. саат-8:15 – 16.08.11. саат-13:50

« Сулуулуктан – улуулукка. Мурза Гапаров баяны» (түзгөн Абдыкерим Муратов) деген китептен

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 24 Август 2018 - 01:15

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 17 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 17, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июл 2025 21:35

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: