Достор уч кундон бери кулагым аябай ооруп жатат.Лорго барып текшерилсем суук отуптур деп даары жазып берди.Кулагымын ичинде эч нерсе деле жок экен.Аларды ичтим бирок басылбай атат.Эгер билсениздер кенешиниздерди жаза кетиниздер.
Алдын ала чоон ыраазычылыгымды билдирем.
- (4 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Кулагым аябай ооруп жатат достор Кулагым аябай ооруп жатат достор
#2 13 Март 2013 - 17:16
кулак ооруса даары ичкендин кереги жок,атайы ушные капли деген даарылардан тамызып койун озу жакшы болуп кетет
#3 13 Март 2013 - 17:43
Ухо, горло, носко дагы барып айтыныз, че- то сакайбай ататко деп. Башка дары жазып береер!
#4 13 Март 2013 - 18:22
Аллах шыпаасын берсин. Айыгып кетиниз.
Сулуудан коркпойм, уусунан корком чачуучу.
Жоктуктан корпойм, достуктан корком сатуучу.
Ырлардан коркпойм, ыймандан корком качуучу.
Олумдон коркпойм, корумдон корком жатуучу.
Жоктуктан корпойм, достуктан корком сатуучу.
Ырлардан коркпойм, ыймандан корком качуучу.
Олумдон коркпойм, корумдон корком жатуучу.
#5 13 Март 2013 - 18:41
#7 13 Март 2013 - 21:11
Эртерээк дагы бир текшерилиңиз.
..
Укпайт деп ушак айтпа,
Көрбөйт деп уурулук кылба.
Көрбөйт деп уурулук кылба.
#8 17 Март 2013 - 23:53
Рахмат достор баарынарга ыраазычылык.
Купуя кат жоноткон досторго да ыраазымын достор.Наушниктин айынан достор лорго бардым даарыланып жатам.Ыраазычылык.
Асылым апакем сиз бар бул аалам керемет!
#9 27 Июль 2014 - 20:29
Кулак оорулар ,кулактын ичи ириндеши ,кантип дарыласа болот ,эмнеден улам бул оору пайда болот ?билгендер болсо жазгылачы сураныч
#11 27 Июль 2014 - 21:05
Кулак- тышкы, ортоңку, ички кулак болуп үчкө бөлүнөт. Отит дегенде эле кулактын ортоңку бөлүкчөсү ооруп жатканын билебиз. Айыл жергесинде балдар жакшы каралбайт. Бул да суук тийгенден, мурун бырылдагандан улам пайда болот. Адам чимкиргенде мурундун эки таноосун тең жаап чимкирет. Бул туура эмес, себеби мурундагы инфекциялар кулакка кирип кетет да сезгене баштайт. Көп учурда сасык тумоо болуп жаткан адамдын мурунунан суу агып, катуу чимкиргенде кулактары чыр-пыр болуп ооруй түшөт. Муну менен да кулак оорусунун байланышы болот. Кулак менен мурунду байланыштырган түтүкчө тешиги толуп калат да ириңге айланат. Ал эң бош жер аталган чел кабыкты тешип, кулактан ириң ага баштайт. Көп учурда өнөкөт кулак оорусу пайда болгондо өз убагында врачтарга кайрылбастан өздөрү чала карап, дарылай башташат. Ал учурда тешилген тешикче тешик бойдон кала берет. Кээде ал тешикче жабылып калат. Ал эми жабылбай калгандан кийин кайра-кайра ириң ага берет. Ошондуктан кыргыздар илгертеден өнөкөт кулак оорусун "булак"
деп атап коюшчу. Булак сыяктуу ириң топтолуп куюла берип, кайра токтоп калат. Мурун начар дем алса кулак тешикчесине терс таасир берет да, кулак түтүкчөсү начар иштеп, суулар толуп калганы ошондон болот. Катуу бир нерсе чайнаганда жылганда кулкулар кулактын ичиндеги түктөргө тийип, кулдураган сыяктуу үндөр угулат. Кулдурагандын башкы себептери сасык тумоо учурунда өзүн жакшы карабаса, кулактын ичи чуулдап, кошумча үндөр пайда болот. Бул эң чоң коркунучтуу симптом. Угуу нервге суук тийген маалда начар уккандан сырткары, кошумча үн угулуп баштаса сөзсүз врачка кайрылыш керек. Ошол учурда колго албаса кийин укпай калышы мүмкүн.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#12 27 Июль 2014 - 21:08
Булак болуп ириң агып жаткан учурда эч качан спиртти жана перекисти колдонбош керек. Себеби кулактын чел кабыгынан өтүп, кулак менен мурундун ортосундагы тешикче түтүкчөсүн кошо күйгүзүп салат. Ал учурда жел өтпөй калат да, кийин пластика операцияларын жасаганга да тоскоолдук болот. Чел кабыктын бери жагы менен ары жагындагы аба басымы бирдей болуп турушу керек. Аба келбеген тешикче түтүгү чыңалып кайрадан айрылат же чел кабык жабышып баштайт. Ал учурда адамдын кулагы укпай калат.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#13 27 Июль 2014 - 21:11
Кулак жакшы угуш үчүн атайын витаминдерди сунуштабайм.
Көнгөн тамакты туура пайдаланып иче берүү зарыл. Угуш үчүн биринчиден мурун жакшы дем алыш керек. Экинчиден сасык тумоо учурунда кулактын жел кире турган түтүкчөсү иштеп турушу абзел. Ал иштеп турганда кулак үндү жакшы кабыл алат. Мончодон кийин кулактагы кулкулар жибийт. Ошондуктан атайын кулак тазалагычтарды пайдаланып бир жумада, он күндө же болбосо бир айда бир тазалап туруш керек. Кээ бир адамдардын кулагы мончодон кийин укпай калат. Андай учурда кулакка толуп калган кулкуну самын эзилтип, кулактын тешиктерин жаап калат. Үндү өткөрбөй коёт. Кулку толуп чала тазаланып улам-улам үстүнө жыйыла берет.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#14 27 Июль 2014 - 21:54
рахмат кенешиниздерге ,менин кызымымн кулагы ооруп ,кошумча ундор угулуп жатат ,эмне кылам уйдо дарылаганга болбойт экен ,бальницага алып бардым ,ал жакта полюс жок кабыл албады ,платный бальницага барсак 50р сурап жатат ,бирок азыр бизде каражат жактан тартыш болгонуна байланыштуу эмне кылаарымды билбей отурам
#15 27 Июль 2014 - 21:58
рахмат кенешиниздерге уйдон дагы кандай дарыласак болот ?бальницага каражат жок болтат 50мин сурап жатат да
#16 27 Июль 2014 - 22:26
"кулак оорусу" темасы менен бириктирилди.
zarifa_love , кайталанган тема ачпаңыз.
zarifa_love , кайталанган тема ачпаңыз.
#17 20 Август 2014 - 06:57
Кулака суу кирип кетип оорутуп атат бироонуку, дары тамчылатса да болбой ачылбай атат. Эмне кылса болот?
#18 20 Август 2014 - 11:47
Daud (13 Март 2013 - 18:41) жазган:
Воот, Мирлан аке туура айтат. Бөдөнө сойсо да касапчы сойсун деген сөз бар. Өз алдыңызча даарыланып кулагыңыз такыр укпай калып жүрбөсүн.
Лорго бардым деп айтып жататко..
Бакыт каалап акыл тынчтык бербеген:
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
#19 20 Август 2014 - 17:05
Gundula (13 Март 2013 - 16:41) жазган:
Достор уч кундон бери кулагым аябай ооруп жатат.Лорго барып текшерилсем суук отуптур деп даары жазып берди.Кулагымын ичинде эч нерсе деле жок экен.Аларды ичтим бирок басылбай атат.Эгер билсениздер кенешиниздерди жаза кетиниздер.
Алдын ала чоон ыраазычылыгымды билдирем.
Суук тийген турбайбы бир курс укол алып алсан жакшы болот.
Бакыт каалап акыл тынчтык бербеген:
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
#20 20 Август 2014 - 20:23
Жакшы ЛОРго барыш керек!
Интернеттен окуп алып эле даарылайм деп слух жоготуп албаныз!
Интернеттен окуп алып эле даарылайм деп слух жоготуп албаныз!
- (4 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »