Ал эмнеден тердейт озу? Ата-энесинин Генинде болсо баласына отуп кетеби же кандай?
Колтуктун тердөөсүнөн кантип арылса болот? тема боюнча кеңешиңерди жаза кетсенер.
#61 12 Июнь 2014 - 08:21
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#62 12 Июнь 2014 - 10:26
укканым боюнча жангакты гулдоп турган мезгилинде жалбырагын терип кургатып..сууга чылап ага бармактын башындай кок таш кошуп аны мене жууса сен кор мен кор кетет имиш...
Aлга !
#63 21 Июнь 2014 - 15:04
Күндө жуунуп туруш керекта,хотя бы колтукту,анан бул нерсе любой эле эркекте болотта,колтугу тердебеген,
бутту жыттанбаган эркек-эркек эмес,деп айтышатко.
Антипеспирант самый вариант,а так бул нерседен айрылыш өтө кыйынго (слава богу,что у меня не воняет).

Билдирүүнү түзөткөн: Ackap: 21 Июнь 2014 - 15:04
#64 21 Июнь 2014 - 15:15
Колтуктун тердеши табигый эле нерсе ар бир адамда болуучу, ал эми андагы жыт адамдын денесиндеги бактериялардан коз каранды.
Формидрон суйкосо жыты кетет, ар кимге ар кандай таасир берет, бирок абайлаш керек куйгузуп албай.

#65 27 Июнь 2014 - 17:02
Ukmuw nerselerdi jazypsynar, aytkylachy bilgender bolso jaw baldardynda koltugu sasyiby? 7,8 jaw,. ayaw enemdin kyzy uwul terdep sasyganynan jalob kyla beretele, ugup ayabay tan kaldym, bul jazgan kenewter baldar uchun ziyanduu emespi?
#66 30 Июнь 2014 - 21:42
#67 03 Июль 2014 - 12:20
Жагымсыз жыттардан арылуунун элдик ыкмалары
Адамдын денесинин тердеши - жай мезгилиндеги кадимки көрүнүш. Бирок дененин айрым бөлүктөрү ашыкча тердеп, анысы аз келгенсип тердеген жерлерден жагымсыз жыттын чыгып турушу адамды ыңгайсыз абалга тушуктурат. Атүгүл стресске, кээде депрессияга алып келет. Ал эми төмөнкү элдик ыкмалар дал ошол жагымсыз жыттардан арылууга жардам берет.
Колтуктун жагымсыз жыты
Баарынан мурда гигиена
Колтуктун жагымсыз жыты менен күрөшүү андагы түктөрдү тазалоодон башталат. Анткени түктөр тердин топтолушуна жана бактериялардын таралышына жагымдуу шарт түзөт. Түктөрдөн арылган соң колтукту таза жуу керек, мүмкүн болушунча балдар самыны менен. Мындай жуунууну ысыктын күндөрү бир күндө 2-3 жолу ишке ашырган жакшы. Андан кийин таза сүлгү менен колтукту кургата аарчуу сунуш кылынат.
Мына ушундай гигиенадан кийин гана жагымсыз жытка каршы элдик ыкмаларды колдонууга болот.
Сода жана лимон ширеси
Бул ыкма эң жөнөкөй жана кеңири таралган ыкмалардын бири. Бирдей өлчөмдөгү ашкана содасы менен лимон ширесин аралаштырып, аны таза, кургак колтукка сүртүү ыкмасы жогорудагы көйгөйдөн кутултат. Бул ыкма ысыктын күндөрү чындыгында жардам берет. Натыйжасы бир суткага жетүүгө тийиш.
Алма уксусу
Кечинде сууга түшкөн соң 1 литр сууга 2-3 чоң кашык алма уксусун аралаштырып, таза чүпүрөктүн жардамы менен аны колтукка сүртүү сунуш кылынат. Ал өзү кургамайынча уктабай туруу керек.
Картошка
Эртең менен үйдөн чыгып баратканда чийки картошканы жука тилимдерге кесип колтукту аны менен сүртүү керек, же болбосо колтукка кыпчып бир аз туруу керек. Андан кийин өзү кургашын күтүү зарыл. Мындай ыкмадан кийин күн бою колтуктан жагымсыз жыт келбейт.
Абайлоо керек!
Түктөрдөн арылуу маалында колтугун кесип алгандарга, бүдүргө жакындарга жогорку ыкмалардын бирин да колдонууга болбойт!
Ал эми колтуктун теринен арылууда төмөнкү ыкмалар жардамга келет:
Эмендин кабыгы
Эмендин кабыгы организмдин тер бөлүп чыгаруусун азайтат. Бир стакан кайнатылган жылуу сууга 1 чай кашык эмендин кабыгын жана бир нече тамчы лимондун ширесин кошуп аралаштырып, бул аралашма менен колтукту күнүнө эки жолу сүртүү керек.
Ромашканын маңызы
Терчилдикти ромашканын жардамы менен жоюу үчүн 6 чоң кашык кургатылган ромашканын үстүнө 2 литр бөлмө температурасындагы кайнатылган сууну куюп 1 саат демдеп коюу керек. Андан кийин 2 чоң кашык сода кошуп жакшылап аралаштыруу зарыл. Бул аралашма менен күнүнө бир нече жолу колтукту сүртүп турууга болот. Бул дары көпкө чыдабайт, андыктан күн сайын жаңысын даярдап турууга туура келет.
Крахмал
Картошка же жүгөрүнүн крахмалы да ысыктын күнүндөгү терчилдиктен куткарат. Ал дененин көйгөйлүү бөлүктөрүнө упа катары сүртүлөт.
Марганцовка
Жарым литр жылуу сууга марганцовканын бир нече кристаллын салып эритүү зарыл. Аралашма ачык күлгүн түскө ээ болууга тийиш. Ага таза чүпүрөктү малып, аны колтукка 20 мүнөт коюп туруу зарыл. Эскерте кетүүчү жагдай, бир эле кристалл жакшы эрибей калып териге тийчү болсо күйгүзүп кетет. Андыктан жакшы эритүү зарыл. Бул процедураны жатар алдында жасаган туура. Мындан кийин үч сутка тер бөлүп чыгаруу азаят. А дарылоо курсу 14 күн.
Туз
Өтө күчтүү эмес терчилдиктен туздун жардамы менен арылса болот. Ал үчүн 2 чоң кашык тузду 1 стакан сууга ээритип алуу зарыл. Мындай көп туз колтуктун ансыз да назик терисин сезгентип жиберет. Туздун аралашмасына марляны чылап, аны колтукка 10 мүнөт коюу керек. Андан кийин суу менен жууп салуу зарыл. Жети күн жасалуучу бул процедураны жатар алдында жасаган туура.
Кеңештер
Азыраак тердөө үчүн:
- Синтетика кийимдерден алыс болуңуз;
- Аптапта ысык суусундук ичпеңиз;
- Антиперспиранттарды колдонуңуз;
- Бактерияга каршы самынды колдонуп күн сайын жуунуңуз;
- Сиз колдонгон дезодоранттын курамында цинк менен алюминий болсун. Бул металлдар жагымсыз жыт бөлүп чыгарган бактериялардын денеге таралышына тоскоол болот.
- Ачуу азыктарды азыраак жеңиз.

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#68 03 Июль 2014 - 13:39
Жангактын жалбырагын кайнатып ошонун суусуна колтукту кунуно бир жолудан жууп туруш керек деп уккан элем.
Аллах мээримдуу жана ырайымдуу!!!
#69 03 Июль 2014 - 14:10
жуунуп таранып кийим кечени алмаштырып,
оздук гигиенаны сактап антисперант колдонсо болотда, элементарный эле нерсего
Здоровье - дороже золота!!!
#70 03 Июль 2014 - 14:33
Эн жакшысы таза жууп, тазалап андан сон аптекада сатылуучу "формидрон"
деген спирт сымал суюктукту эрте м.н жана кечинде коюу жакшы. Албетте, жуунуп,тарануудан сон.
#71 06 Июль 2014 - 13:52
кадимки уксусту олтуруп(1литр сууга 1 чай кашык уксус), аны менен колтукту кунуно 1 жолу жууп турсаныз жакшы натыйжа берет
Krasota-svetitsya iznutri...[size[font="
Tahoma"][/font]="
4"][/size]
#72 07 Июль 2014 - 20:44
Бул нерсеге коп факторлор таасир этет. Анын ичинен тамак-аш дагы. Тамак рационунан пияз,чеснок,
дарбыз,бадыранды дагы азайтып же жебейле коюш керек. Буларды жегенде ооздон кандай жагымсыз жыт чыкса,колтуктан дагы ошондой жыт чыгат. Жеген тамака да конул болуш зарыл.
#73 27 Июль 2014 - 22:35
Колтуктун тердөөсү
Баарынан да чоң ыңгайсыздыкты жараткан көрүнүш колтуктун тердегени, жагымсыз жыт чыкканы. Көпчүлүктүн арасына аралашып жүргөндө, көпчүлүктү ушул маселе тынчсыздандырса керек. Көбүнчө колтуктун тери кийим аркылуу жугат. Айрымдарыныкы жыттанбаса да, кийиминин колтугу тердеп бир топ оңтойсуздукту жаратат.
Дарылоо:
1. Эң негизгиси, денеңиз кенен дем ала турган кийимдерден кийиңиз. Синтетика кийимдер денеге аба жеткирбей, тердегенди, жагымсыз жытты эки эсе көбөйтөт.
2. Ваннага түшкөндө эмен, ромашканын кайнатмасын аралаштырып түшкөн да жакшы. Анткени, медицина өнүгө элек заманда адамдар колтугу тердегенде эмендин жалбырагын тердеген жерлерге сүртүп гана тим болушкан. Ушул күнгө чейин эмендин жалбырагы терге каршы пайдаланылып келет.
3. Ар кандай дезодаранттарды пайдаланганда этият болуңуз. Колдон келсе спирт аралашпаган дезодаранттарды колдонсо дене көп ачышпай, кызарбай кургак жүрөт.
4. Спрейди өтө көп тер чыкканда гана колдонууга болот. Ал эми атайын дезодарант- кремдер сезимтал терилер үчүн чыгарылган. Денеңиз көрүнгөн көйнөк кийгени жатсаңыз, атайын колтукту тердетпеген пудраларды колдонгонуңуз ылайыктуурак. Бирок, териңиз өтө кургак болсо пудра сунушталбайт. Анткени, колтугуңуздун териси кургап, жарылып, кызарып кетиши мүмкүн.
5. Дезодарантты таза, жуулган колтукка сүйкөө зарыл. Тердеп турган дененин үстүнө сүйкөгөндө тери аллергия болуп, ысыктар чыгып кетиши мүмкүн.
6. Кечинде жатаарда кургак самынды колтугуңузга сүртүп жатсаңыз, жагымсыз жытты бир аз да болсо азайтат.
7. Жыты кескин атырды колтукка сээп туруп, он - он беш мүнөттөн кийин жууп салсаңыз сасык жыттан бир азга болсо да арыласыз.
8. Козу карынды сууга чылап, жарым сааттай коюп коёсуз. Колтукка кургак самынды сүртүп, артынан козу карын чыланган суу менен жууп салсаңыз, жагымсыз жыттан арыласыз. Бул ыкманы күнүгө бир жолу кечинде жасаш керек.

Билдирүүнү түзөткөн: Feijipiao: 27 Июль 2014 - 22:36
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#74 28 Июль 2014 - 13:12
Тердөөнүн негизги себеби ар кандай факторлордон болот. Мисалы, жайдын аптабында синтетикалык кийимдерди кийбеш керек. Анан тамак-ашка да өзгөчө көңүл бурулушу зарыл. Ысыкта ачуу тамакты жебей койгон эле жакшы. Алкоголдук ичимдиктер да көп тердөөгө алып келет. Бөйрөк өзүнүн жумушун жөнгө сала албаганда, организмдеги бөлүнүп чыкпай калган суюктук тер аркылуу чыгат. Кургак учукта болсо, түндө тердейт. Медицинада "гипергидроз"
деген оору. "Гипергидроз"
термини (тердөө) латын тилинен которгондо "гидро - суу" жана "гипер - өтүшкөн" деген маанини берет. Бул учурда медицинада атайын антиперспиранттарды жана дезодоранттарды сунуш кылышат. Антиперспиранттын курамында туз, алюминий жана цинк көп болуп, колтукту 40%га чейин кургатат. Бирок, микробдорду өлтүрө албайт. Аны таза жуулган денеге сеппесе, аллергия кылып жибериши мүмкүн.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#75 28 Июль 2014 - 13:14
Дезодорантты да тандай билүү зарыл:
Жөнөкөй дезодорант - бактерияларды өлтүрөт. Бирок, терди токтото албайт. Мунун курамында триклозан жана фарнезол аттуу бактерия өлтүргүч зат болот. Триклозан организмге пайдасынан дагы зыяны көп. Ал эми фарнезол болсо пайдалуу. Анткени ал жалаң гана эфир майынан даярдалат. Андан кийин антиперспиранттар турат. Алар тескерисинче тер менен күрөшөт. Курамында терди кургатуучу алюминий жана цинктин элементтери болот.
Парфюмериялык дезодорант - терди да, бактерияны да жөнгө сала албайт. Болгону өзүнүн жыпар жыттуу композициясы менен колтуктун жаман жытын жоготот. Курамында спирт көп болгондуктан, колтукту кызартып жибериши мүмкүн.
Дезодорант- антиперспирант - эң мыкты натыйжа берет. Бир эле учурда колтуктагы терди кургатат, бактерияны өлтүрөт жана жаман жытты жөнгө салат.
Тердин сасык жытынан кантип арылса болот?
Бат-баттан жуунуп туруу керек. Жайкысын күн алыстан киринип туруу зарыл. Самынды көп колдонууга да болбойт. Анткени, самын денени кургатып жиберет. Ошондуктан, гель менен жуунган дурус. Гель денедеги кирди гана кетирбестен, жумшартып, жакшы жыттантат. Андан сырткары колтуктагы жүндөрдү да тез-тезден алып туруу абзел.
Жакшы кийим тандап алышыңыз керек. Жайкысын бардык кийимдериңиз, желдеп тургандай болуш керек.

#76 28 Июль 2014 - 13:23
Колоңсону үй шартында дарылоо
Ромашканын кайнатмасын даярдап алыңыз. Ал үчүн 6 кашык кургатылган ромашканы 2 литр сууга кайнатып, бир саатча коё турасыз. Кайнатмага 2 кашык содадан кошуп, колтукту сүртүшүңүз керек.
250 г сууга эмендин кабыгын кайнатып, бир даана лимондун ширесин кошосуз. Кайнатманы кебезге сиңирип алып, колтукту сүртөсүз. Мындай ыкманы бир күндө бир нече жолу кайталасаңыз, тердебей каласыз. Колтугуңуз да лимон жыттанып, сасык жыттар кетет.
Уяттуу жерлерге барганда, лимонду жаныңызга дайыма сала жүрүңүз. Гигиеналык нымдуу жүзаарчы менен тазалаган соң, колтугуңузду лимондун бир кесими менен сүртүп койсоңуз, жаман жыт бир нече саатка жоголот. Кийимиңизге да так калтырбайт.
Дезодорантка аллергияңыз болсо, сода сизге жардам берет. Эртең менен сода аралашмасын ватага сиңирип, колтуктун алдын сүрсөңүз, кечке тердебей жүрөсүз.

#78 12 Август 2014 - 19:06
эң жакшысы DRY DRY эффективное средство бар, аптекадан алып тазаланып жуунуп кургатып ,өзүнүн мочалкасы бар ,ошо менен сүртүп дагы кургагыча олтуруп ,башка кайталанбайт.
#80 17 Август 2014 - 12:56
Апама рахмат,Кудайга шугур 18-кун 30градус ысыкта журсомда жыттанбайт.
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...