Келгиле, достор, корей тилин үйрөнөбүз.
#23 13 Август 2014 - 22:06
Opaa-ake degen bele.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#24 13 Август 2014 - 23:08
#25 13 Август 2014 - 23:30
Анда, сөз башынан болсун.
Корей тили- байыркы тилдерден бири. Лингвистикалык жана этнографиялык изилдөөлөрдүн жыйынттыгы көрсөткөндөй, корей тили дүйнө тилдеринин "Урал-алтай" бүлөөсүнө кирет. Корей тилинен башка бул бүлөөгө- түрк, монгол, тибет, венгер, фин тилдери кирет. Биздин кыргыз тили да ушул бүлөөгө кирет. Ошондуктан бизге корей тилин грамматикасы окшош жана оңой.
Кореянын "Хангыл" (алфавити ушундай аталат) жазуу тили 1443-жылы Чосон династиясынын төртүнчү падышасы Улуу Сежоң баштаган окумуштуулар тарабынан түзүлгөн.
Корей алфавитинде аз эле тамга бар болгон башында. 5үнсүз жана 3 үндүү тамгалардан куралган. Ушулардын негизинде калган тамгалар жана дифтонгдордон түзүлгөн.
Азыркы корей алфавити 40 тамгадан- анын 24 негизги, 16 курама (дифтонг) тамгадан турат.
Өкүнүчтүүсү телефондо корей шрифт жок. Комптон кирип, бош убакытка карап жазуусу менен көрсөтөм. Эң башкысы өзүмө кайталоо болот.
Алар өздөрүн " Хангук" деп аташат. Ошондо, корей тили " Хангук О жана Хангук маль" болуп которулат.
Корей адамдары "Хангук сарам" -болот.
Корея Республикасы - Те Хан Мин Гук

Билдирүүнү түзөткөн: AZIK01: 14 Август 2014 - 00:11
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#26 14 Август 2014 - 00:32
Жогорудагылар корей тилиндеги үнсүз тамгалар. Алардын баарын аттары бар. Анан, бир тамга эки жерде эки башка тамганы берген учурлар бар.
Дагы айтчу нерсе,
о- белги турат. Ал нулевой звук. Сөздө ар бир үндүү тамгага кошулуп жазылат. Бирок, сөздүн же муундун акырында келсе, кадимки "ң" тамгасын берет. Үндүүнүн алдында келгенде окулбайт.

Билдирүүнү түзөткөн: AZIK01: 14 Август 2014 - 00:36
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#27 14 Август 2014 - 01:07
Аталыштары:
1) ㄱ-Киёк (К,г)
2) ㄴ-Ниын (н)
З) ㅁ-Миым (м)
4) ㅅ-Сиот (с,ш)
5) ㅇ-иың (ң)
________________________________
6) ㄷТигыт (т,д)
7) ㄹРиыль (р,л)
8) ㅂПиып (п,б)
9) Чжиыт (ч,ж)
10) ㅈЧиыт (ч)
11) ㅋ-Кхиык (к,х)
12) ㅌ-Тхыит (т,х)
13) ㅍ-Пхыип (п,х)
14) ㅎ-Хиых (х)
___________________________________________
Астындагы кош тамгалар:
1) кк- ссангкиёк, каткалаң "К"
2) тт-ссангтигыт, каткалаң "Т"
3) пп- ссангпиып, каткалаң "П"
4) сс- ссангсиот, каткалаң "С"
5) Сангчхиыт, каткалаң "Ц"
Баш айланткан "чж"," тх",пх" булар, ушул эки тамганылардын аралшмасы болуп айтылышы керек. Аны аудиосун угуш керек.
Астындагы кош тамгалар сөздүн маанисин түшүнүүдө керек болот. Себеби, бир окшош сөздө бир эле "к" тамгасы болсо, ошол эле сөздө "кк" тамгалары болсо, экөө эки башка маанини билдирген сөздөр бар.

Билдирүүнү түзөткөн: AZIK01: 14 Август 2014 - 01:24
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#28 14 Август 2014 - 01:13
Саранеё деген не эле...
Бир кино көрдүм эле (с субтитр.), ошол кинодо эки сөзүнүн бири ушул "саранеё" болчу...

В каждой шутке есть доля правды...
#29 14 Август 2014 - 01:15
"Сангчхиыт"

Тил сынат го
.
Мамамдын жинине тийсемби чала корей болуп
.

Тил сынат го

Мамамдын жинине тийсемби чала корей болуп

В каждой шутке есть доля правды...
#30 14 Август 2014 - 01:28
Sweet-Lika (14 Август 2014 - 01:13) жазган:
Саранеё деген не эле...
Бир кино көрдүм эле (с субтитр.), ошол кинодо эки сөзүнүн бири ушул "саранеё" болчу...

Бир кино көрдүм эле (с субтитр.), ошол кинодо эки сөзүнүн бири ушул "саранеё" болчу...

Анын корейче жазылышын көрүш же так угуш керек.
Сараң- сүйүү
Сарам- адам
Ал эми акырындагы -аё, -оё, -её мүчөлөрү сүйлөмдү аяктайт. Сылык стил.

Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#31 14 Август 2014 - 01:38
Айланайыын..
Тамгаларында тил ушунча сынайын деватат , создорун айтпай эле койоюн..

#32 14 Август 2014 - 02:09
Корей тилинин жазуу эрежелери боюнча, тамгалар жогорттон төмөн жана солдон оңго карай жазылат. Бул эреже муундарга да тиешелүү. Тамгаларды "туура жазуу" эрежелерин сактоо, сулуу жазууга үйрөтөт. Жалпыга маалым болгондой Чыгышта каллиграфия живописке барабар, ошондуктан адамдын сулуу жазуусу анын сулуулукту жарата билгендигин билдирет.
Биринчи тамгаларды көрүнүшүн жана аттарын жатто керек. Кайра-кайра жазып колду үйрөтүү керек.
Биринчи тамгаларды көрүнүшүн жана аттарын жатто керек. Кайра-кайра жазып колду үйрөтүү керек.

Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#36 14 Август 2014 - 16:07
Азик бро "понпононсарам-
бети жок адам" деп айтканда мага Гемма деген эжекем

#37 14 Август 2014 - 16:18
Кыргыз тилин уйронуп алгылачы жакшылап, анан корей тилин уйроно бересинер.
Бакыт каалап акыл тынчтык бербеген:
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
#38 14 Август 2014 - 16:56
#39 15 Август 2014 - 14:21
Тил билген жакшы,уйронушко чын дилимден киришип жатам.Рахмат уйротуп жаткандарга.
Мен бактылуумуун.
#40 15 Август 2014 - 21:39
2-сабак
Ундуу тамгалар жана тыбыштар.
Корей тилинде 10 жонокой 11 курама (дифтонг) ундуу бар.
Графикалык берилиши Аталышы
ㅏ------------------ ------А (아)
ㅑ------------------ ------Я [야]
ㅓ------------------ ------О [어]
ㅕ------------------ ------Йо [여]
ㅗ------------------ ----О [오]
ㅛ --------------------- Ё [요]
ㅜ --------------------- У [우]
ㅠ------------------ ----Ю [유]
ㅡ -----------------Ы [으]
ㅣ --------------------- -И [이]
Корей тилинде ундуулор "ачык" жана "жабык" болуп болунот. Ачык ундуулор, кыска таякчасы негизги таякчанын он жана усту жагында жайгашат ( ㅏ, ㅗ ), ал эми ээриндуу ундуулор, кыска таякчасы негизги таякчанын сол жагында же астында жайгашат( ㅓ, ㅜ ).
Жогорудагы окшош "ㅓ" жана"ㅗ" тыбыштары, бир эле бизче "О"тыбышын берет, жана да"ㅕ" жана"ㅛ "кадимки эле "Ё". Айтылышында айырма бар. Буларды туура айтуу керек. Анткени, кээ бир создорду туура эмес айтып алуу, создун маанисин бузуп алуусу мумкун.