Daud (08 Август 2014 - 12:12) жазган:
Момундардын амири Абу Хафс Умар бин Хаттаб ибн Нуфайл бинАбд аль-Узза бин Рийах бин Абдуллах бин Курт бин Разах бин Ади ибн Ка 'б бин Луайй бин Гаалиб аль-Кураший аль-Адавинин (Аллахандан ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат: Мен Пайгамбарыбыздын (солла Аллаху алейхи ва саллам) мындай дегенин укканмын: "Акыйкатта амалдар ниеттерге жараша болот. Акыйкаттапенде үч үн анын кылган ниети ашыкатат. Ким Аллах Таала жана анын пайгамбары үч үн хижрат кылса, хижратыАллах Таала жана анын пайгамбары үч үн болгон болот. Ким дүйн ө үч үн хижрат кылса дүйн өг ө барып сайылат, аял үч үн хижрат кылса ал аялга үйл өн үп тынат. Демек, анын хижраты эмне үч үн болгон болсо, ошол үч үн болгон болот!" . (аль-Бухарий жана Муслим)
Хадистен алынган өкүмдөр:
1. Ниетсиз, негизги (өз алдынча) амал иш жүзүнө ашпайт. Толук кандуу амал деп эсептелбейт. Амалдын кандай гана түрү болбосун, анда ниеттин орду бар, мааниге ээ. Мейли, намаз, орозо, зекет сыяктуу өз алдынча амалдар болсун, же ибаадаттарга шарт катары саналган даарат, аврет жабуу сыяктуу ээрчиме амалдар болсун, ошондой эле арак ичпей коюу, сойкулуктан баш тартуу сыяктуу биз көбүнчө амал деп эсептебеген таштоолор болсун... Бир пенде ниетсиз намаз окуса, жыгылып турганы менен кетирген убактысы гана ысырап болуп, азыраак дене-тарбиясын жасаган болот. Бирок Кудайдын милдеттендирген карызынан кутулбайт.Башка бир пенде жөн эле арак ичпей койсо, Аллах Тааланын ыраазылыгы үчүн, арам болгондугу үчүн деп ниеттенмейинче, ага сооп жазылбайт. Дагы бири дааратты ниетсиз алса, даараты ээрчиме амалдардан болгондуктан дааратка өткөнү менен, толук кандуу сооп ала албайт.
2. Ниеттин орду жүрөк, жүрөк менен айтылган ниет гана этибарга алынат. Ал эми жүрөк менен ниет кылбастан ниетти тил менен эле айтып коюу жараксыз. Кээ бир аалымдар ниетти тил менен айтууну бидьат дегени менен, чындыгында тил менен жүрөк бир болуп, ниет татыктуу ордун алып бекемделүүсү жана анын мааниси акылга орношуусу үчүн тил менен айткандын зыяны жок.
3. Өзү үчүн ажылык кыла элек адам башка бирөө үчүн ажылык кылса, ошол адам үчүн кылган ажылыгы туура болот жана анын кылган ажылыгы анын өзү үчүн эсеп болбойт. Анткени ал өзү үчүн ажылык кылууну ниет кылган эмес.
4. Акыл-эси соо эмес, жинди адамдын намаз, орозо, зекет ж.б.ибадаттары, соода, белек берүү, никелешүү сыяктуу келишимдери, ошондой эле анын талагы, зихары, лийъааны, ийлаасы жарактуу болбойт жана ал кылган кылмыштарга жаза берүү ваажиб болбойт. Анткени ал ниет кылууга жарамдуу адамдардын катарына кошулбайт.
5. Ажылык кылынуучу айлардан башка убакта ажылык үчүн ихрам байлаган адамдын ихрамы умра үчүн байланган ихрамдын ордуна өтпөйт. Анткени ал умра кылууну ниет кылган эмес.
6. Амалдардын кабыл болуусу үчүн ихлас шарт кылынат. АллахТаала ихлас менен туура кылынган амалдарды гана кабыл кылат. Ихлас менен кылынган амал дегендин мааниси Аллахтын ыраазылыгы үчүн гана кылынган амал дегенди түшүндүрөт. Ал эми туура кылынган амал бул, шариатта көрсөтүлгөндөй тартипте аткарылган амал.
Хадистен алынган сабактар:
1. Ниет кылуу амал кылуудан жогору турат. Ошондуктан сооптуу ишти ниет кылып, бирок аны аткарбаган адамга сооп жазылат. Ал эми сооптуу ишти Аллахтын ыраазылыгы үчүн деп ниет кылбастан аткарган адамга сооп жазылбайт.
2. Аллахтын Өз пендесин бейиште түбөлүкө калтыруусу, пенденин амалдары үчүн эмес, анын ниетү үчүн. Эгерде амалдары үчүн бейиште калган болгондо, анда ал бейиште кылган амалынын убактысынча же андан бир канча эсе көп убакытка гана бейиште болушу керек болот эле. А бирок Аллахтын пендеси эгерде түбөлүк жашай турган болсом, түбөлүк Аллахка моюн сунуп, ибадат кылам деген ниети бар болгондугу үчүн Аллах Таала аны бейиште түбөлүктүү калтырат.Ошондой эле каапыр адам да кылган каапырдыгы үчүн эмес, кылган ниети үчүн тозокто түбөлүктүү калат. Эгерде анын кылган каапырдыгы үчүн тозокто кала турган болсо, анда ал каапырдык кылган убакытка барабар убакытка гана тозокто болушу керек эле. Бирок ал эгерде түбөлүк жашай турган болсо, түбөлүк каапыр болууну ниет кылгандыгы үчүн да тозокто түбөлүктүү калат.
3. Күнөө ишти ниет кылган адам, ошол ишти аткаргандай күнөөкөр болбосо да, күнөө ишти ниет кылгандыгы үчүн күнөөкөр болот. Ошондуктан жыйырма жылдан кийин намаз окууну таштаймын деп ниет кылган адам ошол убакта эле күнөөкөр болот. Бирок анын күнөөсү намазды таштаган адамдын күнөөсүндөй болбойт.
4. Кимдир бирөө чоочун деп ойлогондугу үчүн өз аялы менен жыныстык байланышта болсо күнөөкөр болот. Анткени ал чоочун аял менен жыныстык байланыш кылууну ниет кылган болчу. Ошондой эле кайсы бир адал ичимдикти (м:сууну) арам (м: арак) деп ойлогондугу үчүн ичсе да күнөөкөр болот. Ал эми тескерисинче арам ичимдикти адал деп ойлогондугу үчүн билбестен ичип алган болсо күнөөкөр болбойт.
5. Аллах үчүн гана кыла турган ишке башка максатты аралаштырбоолору үчүн Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) сахабаларына ниеттерин түздөөлөрү керектигин эскертти.