Суперстан: Тагдыр жана сыйкыр. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Тагдыр жана сыйкыр.

#41 Пользователь офлайн   Aska_aska   05 Сентябрь 2014 - 06:47

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 31
  • Катталган: 16 Июнь 14
  • Соңку аракети: 30 Июн 2016 00:34

avtor batyraak
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   gulmira96   06 Сентябрь 2014 - 00:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 122
  • Катталган: 27 Июль 13
  • Соңку аракети: 10 Дек 2020 15:00

түшүп, себелеп жаап турган. Ошол күнү кечке маал: “Айылга кино келиптир”, – деп эл клубга агылып калышты. Апам да үйдөгү тиричилигин арыдан-бери бүткөрө коюп, биз да көпчүлүктүн агымына кошулдук. Апам уулун көтөрүп, Акберметти жетелеп алган. Мен болсом “асмандан” жааган жалбырактарды эрчий карап, улам жерге түшкөнүн сереңдеп чуркап терип алып, чогултуп барам.
Кино дегенди ошондо биринчи көрүшүм...
Тамдын боорунда кадимкидей кишилер басып, сүйлөп жүрүшөт... Атүгүл апам да бала эмизип жатканын унутуп салып,, көкүрөгү ачылган боюнча , балбаалап ыйлап отурган.
Басмачылар өлтүрүп кеткен уул-келиндин балдарынын бирин көтөрүп, бирин жетелеп, боздоп бараткан ошол эне азыр кинодон чыгып, түз эле мага келген сыяктуу, дел боло түштүм. “Тааныбасты – сыйлабас” кылып, улуу адамга көптүн бириндей, жок, андай да эмес... орой мамиле кылганыма өкүндүм.
Айтмакчы, искусство корифейлеринен Сабира апага чейин Сүймөнкул агага жолугупмун. Анда жашым жыйырмага чукулдап калган кезим. Ошол кезде Оштун пахта талааларында «Айсулуунун талаасы» аттуу кино тартылмай болот да (режиссёру ким экени эсимде жок) чыгармачыл топ узун бойлуу, акжуумал кыз издеп айыл кыдырып жүрүшкөн болот. Анан эле Фурхад айлынын аялдамасында турган мени көрүшөт да: «Өзү! Айсулуунун так өзү! Ушул кыз жарайт!» – дейт режиссёр. Чоочун машине кайра артына кайтып келип, мага кептин чоо-жайын айта башташат. А мен алардан тартынып, анын үстүнө: «Эл эмне дейт?!» – деп чочулап, корунам.
– Каякка баратасың? – дейт акыры менден кеп чыкпасына көзү жеткен режиссёр.
– Бек-Жарга, эжемдикине! – дейм.
– Жүрү анда, эжең менен сүйлөшөлү, – дешет алар. Мен кетенчиктеп, башымды чайкайм. Айласы кеткенде кино деген эмне экенин, жаңы киного чырайлуу кыз издеп жүрүшкөнүн, ошого мен ылайык болуп турганымды, эгерде киного тартылсам, ар бир күн үчүн беш жүз сомдон төлөп беришери тууралуу айтып жатып, акыры машинеге салышты.
Ыраматылык Шааркан таяжем баладай жумшак, жароокер, ак көңүл жан эле. Жүсүп жездем да шайыр-шаттуу, ачык айрым, ыр-күүнү сүйгөн жакшы адам. Ошондуктан го, артисттерди ушундай бир кубаныч менен күтүп алышты. Жүсүп жездем козусун союп: «Сүймөнкул кимдин эле үйүнө келип атыптыр?! Бул деген – үйгө келген кут эмеспи!» – деп барпалаңдап жүрөт. Менин киного тартылышыма адегенде эжем да, жездем да макул болгонсуган. Бирок, бир убакта жездем:
– Биздин кыз кинодо кандай ролду ойнойт? – деп сурады. Режиссер жайма-жай, жакшылап түшүндүрүп жатты. Анын айтымында Сүймөнкул ага райкомдун ролун, мен болсом пахта талаасынын бригадири – Айсулуунун ролун ойнойт экемин. Ошол айылдын башкармасы (раисти) мени жактырып калып, артымданк албай эрчип, сүйүүсүн билдирет. Бирок ал мага жактпайт. Акыры раист мени пахта өспөгөн, суусуз талааларга чегерип, ошого карабай мойнума очойтуп план жүктөп, кыйноого салат экен да, бирок райком менин эмгекчил, ак жүрөк экенимди байкап, кыйын кырдаалдан сууруп чыгат имиш! Ара чолодо сүйүүгө мас, махабаттуу түндөр, күндөр да болушу керек экен…
Меймандарды жаткырып коюп, жездем эжемди чакырды да:
– Шааркан, экөөбүз Алмаштын акча тапканына кызыгып, анын келечегин ойлобой жатат окшойбуз. Кийин, ошол кинону көргөн сайын эри: «Сен тетиги менен бир төшөктө жаткансың! » – деп чыр чыгарып, үйбүлөнүн ыркы кетип, ынтымак ыдырап турса эмне болот?! Ошондо кыз экөөбүзгө наалат айтпайбы! Кандай дейсиң? – деди. Ошондо барып эжем да:
– Туура айтасың! – деп ойлоно калды да, менин киного тартылуумдан баш тартты.
Эжем байкушум элүүгө жетпей, ал да өмүрдөн эрте өтүп кетти. Жездем болсо жаңыртып үйбүлө курган. Азыркы байбичеси да жакшы аял… Бирок эжемди эстесем, эмгиче эле жүрөгүм эзилет.

***

Бири-бирине окшош күндөр өтө берди. Эртең менен эрте туруп ишке келмей, кээде адамдар өзүңдөн мурда келип, кезек күтүп отуруп калышат. Кечинде кайра жатаканага кайтып кетмей. А бирок “кинодон келген” апанын: “Эл менен иштеген адам элпек, ийкемдүү болуш керек”, – дегени жандүйнөмдө жатталып калыптыр. Кимдир бирөөгө ачуум келип, акараат айтып жибере жаздаган кезде ар дайым апа эсиме келе калат.
Бир күнү үйгө жаңы эле келип отурсам телефон чырылдап калды. Ала койсом – Сабира апа экен!.
– Алло, бу Алмаш керек эле?
– Сабира апа, саламатсызбы? – деп шашкалактап калдым, – Мен угуп жатам.
– Иштериң жакшыбы, кагылайын? – деди.
– Дурус эле, апа. Колдон келгенин иштеп жатабыз.
– Бая мен айтканды унуткан жоксуңбу? – “айтканым эсинде калды бекен?” дегендей туюк сурады.
Апанын эмне жөнүндө айтып жатканын биле койдум да:
– Аны унутпай турган болдум го, – дедим чындап эле.
– Ии, айланайын, ошент, – деди апа өз энемдей кубанып, – Ошенте гой. Алло, Алмаш?
– Да, да апа, мен угуп атам?
– Менин сага чалганым, бая мен айткан эжең азыр сага баратам деп телефон чалды, сүйлөшүп, кем-карчың болсо айтып дегендей... Ботом, ошонун да намысы барбы?
– Макул, – дедим илгиртпей. Анткени ага чейин өзүм ымала санаган эки-үч кишиге Сабира апанын келиши, экөөбүздүн маегибиз тууралуу айтсам, алар да: “Ошондой кантип болсун?! Туура эмес кылыпсың! Андай бай айымга эл жолуга албай жүрсө!..” – деп аябай кейип калышкан. Трубканы койгондон кийин бир топко: “Анчалык атактуу бай аялды мен кантип кабыл алышым керек?” – деп өзүмчө кыжалат болдум. “Бай болсо эмне экен, акыры ал деле сага окшогон аял да!.. Кандай болсоң так ошондой эле кабыл ал! Жасалмалуулуктун эмне кереги бар?!..” – деди экинчи, өзүмө гана таандык “жапайы” түшүнүгүм.
Айткандай эле, ошондон көп өтпөй эшиктин коңгуроосу кагылып, бет маңдайымда башкалардан анчалык деле өзгөчөлөнбөй, жупунураак эле кийинип, күлүмсүрөгөн айым турду.
– Саламатсызбы? Келиңиз, – дедим. Ага чейин ким бирөөлөрдөн укканым боюнча, жанындагы жансакчылары болуш керек деп ойлогом, а бирок жалгыз экен.
– Жакшыбы, Алмаш? – деп кадимкидей эле учурашып, жогору өттү. Андагы ушул жөнөкөйлүк мендеги “чоочуркоону” унуткарган сыяктанды.
Экөөбүз анан бет маңдай отуруп, он-он беш мүнөттөй аңгемелештик. Ал менин чоо-жайымды, учурда иштеп жаткан ишимди, мага көрүнүп жаткан адамдардын ал-акыбалын, дагы ушул сыяктуу суроолорду сурады. Мен болсом айылдыкча эле ачык-айрым, төгүлүп-чачылып сүйлөп бердим. Ал айым анда-санда гана башын ийкеген болуп, кээ бир жерден суроо берип койгону болбосо, көп унчуккан жок. Тек гана мага кулагын төшөп, ичинде ар бир сөздү таразалап, салмактап, менин ички деңгээл-кудуретимди сынап отурган окшоду.
Бирок бу саам өзү тууралуу, келечек тууралуу ооз ачып сураган жок. Андыктан мен да көрүп, билип турганымды айта албай калдым!
Ошондон кийин айлана-тегерегимдеги адамдардын, деги эле мени билгендердин арасында менин аброюм ушунчалык көтөрүлө түшкөнүн билдим. Өзүм жашап жаткан мейманакананын ээсин тааныдым.
Кийин мен жашаган конок үйдүн ээси да элге-журтка таанымал атактуу адам экенин билдим. Бирок, албетте, анын чыгармалары менен тааныш эмес элем... Окуп чыгууга андан кийин деле убакыт-саатым тийген жок. Бирок ушул адамдын аркасы менен дагы бир кыйла абройлуу адамдарды тааныдым. Сыягы, менин жашоо-шартым эле эмес, “жапайы” кулк-мүнөзүм, жандилим да ошол жаңы тааныштарыма жолуккандан кийин таптакыр өзгөрүлө баштаптыр...

***

Ошентип, калаада көпкө кармалып, акыры айлыма – үйүмө кайтып келдим да, күйөөм ишке кеткен кезде жаныма жаңы эле дарыланып, айыккан кызды кошуп алып, Турсун Максым таякемди издеп чыктым. Үйүн сураштырып отуруп таап барганым менен, ал кишинин өңү-түсүн элестете албай: «Эми аны кантип тааныйм да, кантип учурашам? «Таякем болот экенсиз» деп кантип айтам?» – деп бушайман болуп турсам, таякем белин жоолук менен бууп алып, огороддо чөп жыйнап жүргөн экен, мени көрө коюп эле:
– Байбиче, менин карачечекей жээним келатат! Чыгып тосуп ал, байбиче! – деп өзү да шашкалактап, бизди утурлай басты. «Бул киши… баягы турбайбы! Ал мени каяктан тааныйт?!» – деп таң кала түштүм. Анткени менин бет алдымда баягы – жолдо өтүп баратып: «Көз боочулардын ойнуна аралашпа! » – деп өткөн, эшекчен карыя келаткан!
Таяжеңем чуркап чыгып эле мени көрдү да:
– Ошо тура! Булар тукуму менен ушундай, көздөрү ойноок немелер! – деди менин «ошо» экениме көздөрүм аркылуу ишенгендей, анан да ойноок көздөрдүн азабын далай ирээт тарткандай.
– Кантет?! – деди таякем анда, – Каап тоспой, жакшы сөзүң жокпу сенин?!
Үйгө кирип, жайланышып отургандан кийин таякем:
– Балам, барган бүлөң башка болгондо эчак издеп барат элем… Сыртыңдан байкап, билип эле бара албай жүрөм. Бирок, күйөөң тукумсуз туулган жигит. Ал балалуу боло албайт! Анткен менен ага-туугандары аны билбей: «Согончогу канабайт», – деп сени жаман атты кылып жүрүшпөйбү. Сен акыл-эстүү жансың, аныңа катын алып берип, алысташың керек, балам. Болбосо ал жаманаттыдан арылбайсың! – деди.
Өзүм да төрөбөгөнүм үчүн Өмүрдүн, кайын журтумдун алдында көптөн бери өзүмдү айыптуу сезип жүрөт элем, бир күнү анан чыдамым жетпей кетти да:
– Өмүр, ушинтип эле тукумсуз өтүп кетмек белең? Төшөк жаңыртасың го?! – дедим маселени кабыргасынан коюп.
– Каяктагыны айтасың да! – адатынча уккусу да келген жок. Бирок баары бир эле Өмүрдү кантип балалуу, бактылуу кылуу керектигин ойлонуп жүрдүм. Бир күнү анан Кудай айдап келгенсип, жашы отузга келип калган, бирок турмушка чыга элек кызын эрчитип бир эне келди.
– Кызымдын денсоолугу жакшы эле болчу. Тырсылдап тың да эле. Көз тийдиби, эмне болду билбейм, соо туруп эле жыгылып калчу адат тапты, – деди энеси ыйлап.
Эне-бала алыскы тоолордун арасынан, кудум кыргыз-кытай чегарасынын чектешкен жеринен келишиптир. Мен аларды бир нече күн үйүмө кармап, колумдан келген аракетимди жасадым. Кудайдын кудурети менен кыз акыры жакшына болуп оңолуп кетти. Ошондон кийин гана, эне-бала аттанып кетип баратышканда узатып жатып:
– Апа, сиздин кызыңыз менен менин күйөөмдүн жылдызы төп түшүп калды! – дедим.
– Э, койчу балам! – деп эне чочуп кетти, – Сенин алдыңдан кыя өткүдөй жинди киши бар бекен?!
– Кудай-таалам ошентип жазып койсо, көнөбүз да апа...
Алар кеткенден кийин күйөөм менен сүйлөштүм. Өмүр адатынча ыргып-секирип кетти.
– Антпе, Өмүр! – дедим, – Антип өзүңдү да, мени да кыйнай бербе! Буга чейин мен эмнени күтүм жүрдүм?! Сенин жылдызың түшкөн адамды издедим. Ыргып-секирген менен бул ой сенин да жүрөгүңдүн тереңинде турбайбы! Же мени көрбөйт дейсиңби?!
Өмүр уурусун карматып жибергендей жер карады.
– Эң негизгиси, ал кыз да сен жөнүндө ойлонуп кетти. Жылдызыңар келишти дегеним ошо! Эгер макул десең экөөбүз камыналы да, барып алып келели?
Өмүр бу жолу да унчукпай, тунжурады. Ошондон көп өтпөй эле күйөөм экөөбүз кыздын артынан барып, ата-энесин ыраазы кылып, башыбызга баш кошуп алып кайтып келдик... Кадимкидей анан көшөгө тартып, той өткөрдүк. Экөөнө нике кыйдырып, бир аз күн чогуу турдук да, көпп өтпөй эле мен жер кыдырып, эл көрүп кеттим. Албетте, алгачкы күндөрү кыйын эле болду. Бирок, андан кийин алардан кабар ала алган жокмун... Өмүр да анткен жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   gulmira96   06 Сентябрь 2014 - 00:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 122
  • Катталган: 27 Июль 13
  • Соңку аракети: 10 Дек 2020 15:00

Тээ эртең менен Бишкектен чыккан ак машине түн жарымдап Карасууга жетти. Адандардын айлына эми бир чай кайнам убакытта кирип барат. Келатканын кабарлап коюш үчүн телефон чалды:
– Алло, Адинасыңбы?
– Ооба эжеке, мен...
– Апаң-атаңдар үйдөбү?
– Баарыбыз үйдөбүз.
– Элнура уктай элекпи?
– Уктады...
– Апаң келатат деп ойготуп көрчү, мен беш-он мүнөттө жетип барам.
– Ура-а! – сиңдисинин кичүү кызы телефонду шашкалактап коё салды. Сыягы, сүйүнчүлөгөнү чуркады окшойт. Машине эшиктин алдына жетип-жете электе күйөө баласы чуркап чыгып дарбазаны ачып, сиңдиси бала-бакырасы менен тегеректеп, тосуп алышты.
– Элнура турган жокпу? – деди баары менен учурушып жатып.
– Азыр ойготом, эже. Адегенде үйгө кирсеңиз? – Акбермет эжекесин үйгө баштап кирди. – Кандай келдиңиз, жолдо кыйналган жоксузбу? Келатам деп эртерээк эмне айтпадыңыз?
– Капысынан эле келип калдым. Өзүңөр кандай, жакшы жатасыңарбы?
– Жакшы. Пахта терими башталып, жанталашып эле жатабыз...
– Түшүм жакшыбы?
– Ийе. Кудайга шүгүр, дурус эле...
– Ошондой эле болсун...
Эмнегедир ушул тапта Алмашка: “Сен болбосоң сиңдиң каяктан минтип бапырайт эле?! “Эти тургай табагы жок” дегендей, каяктан жерлүү болуп, каяктан пахта эгип, кайсы түшүмдү жыйнайт эле?” – деген ой келди да, канында кандайдыр өзү менен өзү сыймыктана, өзүнө-өзү корстон боло түштү.
“Ооба, ошонун баары менин аркам менен! А булар ошону билеби?! Билбейт да!” – деди бир ою. Эмнегедир акыркы мезгилдерде ушинтип көкүрөк көтөрүп койгонду үйрөнгөн. “Эмнеси бар экен? – деди ошонусун эми да туя коюп, – Жасаган ишимди жасадым дейм да!..”
Бир жаман жери, мындай кездерде жакын адамдарына, туугандарына түгүл, жашоонун өзүнө да ичи муздай түшөт. Эми да:
“Сен жакыр кезде, сен бечара кезде эч кимге керегиң жок эле. Эми колуңа “карга чычканда” сен баарына керек болуп калдың го?! деди шыкакчы сезими, Атүгүл кайнаса каның кошулбаган, аты-жыты белгисиз “туугандарың”, “жакшы санаалаштарың” көбөйдү. Анткени алардын баарына сенин жардамың керек да!..”
“Алмаш, сапардан издеп чыккан жогуңду тапкан жоксуңбу?..” – деди аңгыча экинчи бир туюму.
“Жок! – деди Алмаш ой-сезим менен жооп берип, – Тапмак тургай, тайгаланып турам!”
“?..”
“Эмне унчукпай калдың? Ар дайым көкүрөк-көңүлүмдү өйүчү болгон, мына бул томуктай нерсе эмне, өзү?! Эмнеге эле жүрөгүм дүпүйөт? Эмнеге эле кабагым ачылбай, кабыргам кайышат? Эмнеге эле акыркы убактарда жашоодон аша кечип кетким келет?! Айтмакчы, кечээки эле: “Кудайдан кийинки эле Кудайымсың! ” дегендер кайда?!..”
– Эже, эмнени ойлонуп кеттиңиз? – Акберметтин үнү Алмашты оюнан ойготту, – Эч жериңиз оорубай элеби?
– Жок, жакшы эле...
Тынччылыкпы? Ошко жөн жай эле келдиңизби?
Жөн жай эле, жок издеп...
– Эмне “жок?”
– Өзүмдү жоготуп ийип, издеп жүрөм! Тамаша чындан ушинтти эжеси.
– ?.. – Акбермет да андан ары сураган жок.
– Кызымды ойготкулачы? – деди жайланышып отургандан кийин Алмаш. Акбермет өздөрү жатчу үйгө кирип кетип, уйкусураган кызын көтөрүп чыкты:
– Элнурка, апаң келди... Ойгонсоң, балам?
– Апам?!.. – көздөрүн ушалап, элеңдей түштү кыз.
– Кагылып кетейиним! Кара жаным! Кызым, менин! Сагынычым, жалгызым! .. – кызын бооруна кысып, жалынып-жалбарып, анын жумшак, сары чачынан кумарлана-кумарлана жыттап, каректерине жаш кылгырды.
– Мен да сизди сагындым, – деди кызы бадырайган көгүш көздөрүн жалжылдата карап. – Эмнеге келбей койдуңуз?
– Бошобой жүрбөдүмбү, жаным.
– Эми кетпейсизби?
Алмаш буйдала түштү:
– Мм... Кичине коё туруп, шашпайраак кетем.

***

Таңга маал ушунчалык таттуу уктап жаткан экен:
– Намазга тур! – деди кулагына тааныш үн.
Сыртта аны тап-таза, салкын аба тосуп алды. Көздөрүн жума, көөдөнүн кере-кере дем алып, ырахаттана күлүмсүрөдү. Айылдын айдарым жели коюн-колтугуна кирип, чачтарынын арасын, атүгүл жандүйнөсүн кытыгылап жатты.
– Касиетиңден айланайын, туулган жер!.. – деди өзүнчө.
Бетмаңдайдагы кичине үйдөн Акбермет кумганын көтөрүп чуркап чыкты:
– Турдуңузбу, эже? Мына азыр ойготоюн деп аттым эле...
– А мени ойгото тургандар бар да...
– Аа, – Акбермет анын эмнени айтып жатканын түшүндү окшойт, – Мынакей эже, сууңузду дап-даяр кылып койдум... – деп колундагысын кармата койду.
– Рахмат. А машине кайда?
– Машинени Адан СТОго айдап кетти. Алыс жол жүрүп келбедиби, каратып коёюн дейт...
– Аа...
Намаздан кийин сиңдиси экөө отуруп чай ичишти.
– Кызымдын окуусу кандай? – биринчи эле суроосу ушул болду.
– Жакшы. Мугалими мактап атат. Өзүңүз да бир жолугуп кетесиз го? Өгүнү эжейи сизди сурады. – деп анан жүрөгүн түпөйүл кылган нерсени сурады Акбермет, – Айтмакчы, ишиңиз кандай? Биякта болсо: “Алмаш баланчага баланча дептир, төлөнчөгө төлөнчө дептир! Айтканы – айткандай келиптир! ” – деп эле саясатчыларды бирден санашат. Ансайын менде жан жок. Ошолорго аралашканы, бизден да, элден да четтеп кеттиңиз...
– Алар эмне, эл эмеспи?!
– Ошентсе да...
– Ошолор менен аралашканы же менден жаман болуп жатасыңарбы? !
– И баса, оорукана ачтыңызбы? – Акбермет кепти башка жакка буруп кетти, – Анан да , жетим балдар үйүн ачат экен деп уктук?
– Оорукана эмес, Мырза деген дарыгер жигиттин идеясы менен “Исхак-Ата” деген медициналык борбор ачтык. Буюрса иштер жаман эмес. А беркиси: “Ата-эне мээриминен ажыраган балдарды коргоо” эл аралык кайрымдуулук фонду. Кудай буюрса документтештирүү, мыйзамдаштыруу иштери аяктап калды.
– Кыйналып калбайсызбы?
Кудайым бар эмеспи. Анын үстүнө айттым го, мен жалгыз эмесмин. Фондго Бактыгүл эже жардам берип жатат. Тааныйсың да. Билесиңби, Акбермет ушул иштердин баары менин тээ “жинди” кезимден берки тилегим болчу...
– “Жинди кезимден” дебей, бала кезимден десеңиз. Жинди киши кантип ошону ойлосун!
– Эми... дегинкисин айтам.
– Иши кылып, Кудайым кубат берсин! Ошентсе да... башта жаныңызда сизге күйгөн, ишенчиликтүү адам жүрөт деп санаабыз тынч эле...
Сиңдисинин ким тууралуу кыйытып жатканын эжеси түшүндү да:
– Көрсө, ишенчиликтүү адам деген болбойт экен, Акбермет! – деди, – Сүйүү да адамга эсеп-чот менен келеби дейм! Фархад менин өзүмдү эмес, тапкан-ташыганымды сүйүптүр! А мен ага Кудайыма ишенгендей ишенипмин...
– Жакшы эле жигит көрүндү эле...
Акберметтин бул сөзүнүн ары жагында: “Өзүңүздөн эле кетип калды го?..” – деген бир күмөн суроо калып калды. Аны окуй койгон эжеси да бир нерсе айтуучудай обдула түшүп токтоду.

***

Алмаштын бу жолку келиши узакка созулган жок. Ошентсе да кеткичекти кызы менен жытташып, жыргап уктады. Күндүзү урук-туугандарын кыдырып, көрүстөнгө барганды да унуткан жок. Апасынын бейитинин жаныда узакка отуруп, куран окуду. Өткөн кеткенди эстеди. “Алтыным апам!.. Бул жашоодон жыргалыңдан кууралың, кубанычыңдан кайгың көп болду. Балалык кылып, азабымды тарттырган болсом... кечир? Жаратканым бул жашооңдогу билип, билбей жасаган күнөөлөрүңдү кечирсин...”
Бу жерден чыгып, балалык чагы калган интернатка, мугалимдеринин үйүнө барды. Эс алууга чыгышкан эжей-агайлары ошондогу окуучусун көрүп: “Калп айканда эмне, сени ушундай адам болот деп ойлогон эмеспиз”, – деп кубанганын да, таң калганын да жашыра албай турушту. “Анткени “жинди” эмес белем!”– деп мыйыгынан күлүмсүрөйт Бекова. Агай-эжейлери саал уялгансып калышат. “Анда мезгил, коом ошондой болчу да!” – деп кайра ортодогу абалды өзү оңдоп, кайыр кош айтышкан соң Алмаш ат тизгинин психикалык диспансерге бурду. Бирок, бу жерден да бир нерсеге катуу кейип чыкты, анткени интернаттагы акыбал, жашоо-шарт мурункудан бир кыйла кыйын экен...
Баарынан да баягы, агып келатып эле, жерге сиңип кеткендей дайынсыз жоголгон сайдын суусу дагы эле өзгөрбөй, ошол эле боюнча экен... Кудум бала кездегидей эки, үч сапар жогору чыгып барып, агым жээктеп кайра түштү. Бирок, бул жолу да табышмактын жообун тапкан жок.

***

Кандай кетсе, кайра эле ошол боюнча, көкүрөк көөдөнү толгон токой суроолордон бөксөрбөй, борборго кайтып келатты Алмаш. Канчалык эстебейин дегени менен, жол бою Фархад элестеп, көз алдынан кетпей туруп алды. “Эмнеге?! – деди ансайын көшөрүп, – Эмнеге мен аны эстешим керек?! Эмнеге мен ал үчүн дайыма эле азап тартышым керек?!”
“А балким, ал да сени эстеп жаткандыр?” – дейт бир ою. Ошого ынана калган кездерде уюлдук телефонун алып, канча ирет анын номерин термей болуп, бирок канча ирет кайра: “Эмне үчүн мен биринчи чалышым керек?!..” – деген куру намыска такалат. Канчалык сагындырган ошол добушту уккусу келип жүрөгү, көңүлү күсөп, эңсеп жатса да кайрадан мисирейип, мелтирейт. А бирок антип да көпкө түткөн жок. Телефонду ачты да, качанкы келген СМС-каттарды окуду:

“Алмаш эже, сиз мен үчүн өтө кымбат, асыл адамсыз. Калган күндөрүмдү сизге арнап, сиз менен өткөрүп жатканым үчүн мен Кудайыма чексиз ыраазымын. Сизди сүйөм! Фархад.
12-декабрь, саат 07.45.22.”

Катты жаңы гана алгандай ууртунда күлүмсүрөө пайда болуп, эки бети ысып-күйүп, албырып чыкты Алмаштын. Андан ары окуду:

“Сүйүү – бул алоолонуу, оттой жанып,
Сүйүү – бул алыс учуу канат кагып!
Сүйүү – бул бардыгына кайыл болуу,
Өлүмдөн да коркпойсуң, сүйсөң анык!..
28-март, саат 10.27.10.”

***

“Катыңызды окуп, эс ала түштүм. Бирок эч качан шектенбеңиз, көрөсүз го, биз бактылуу болобуз! Сизден айланып кетейинчи, менин асылым! Сиздин сүрөтүңүз менен сүйлөшүп, жолдо баратам.
29-март, саат 21.53.05.”

***

“Эң кымбат адамым менин! Бизди табыштырган Кудайыма өтө ыраазымын. Мен Сиз менен гана бактылуумун. Суранарым эч оорубаңызчы. Анан да менин сүйүүмдөн эч күмөн санабаңыз.
Сизди сүйгөн жана сагынган Фархадыңыз.
4-апрель, саат 21.57.26.”

***

“Мен Сизге эч кимди теңебейм, асылым! Жанагинтип ойлогонуңуз туура эмес, анткени сүйүү адамдын жашын сурабайт. Кудайым бардыгын колдойт, жаным!.. Биз бактылуубуз.
9-апрель, саат 11.55.34.”

***

“Дүйнөдөгү эң асыл адамым менин!
Аткан таң, намазыңыз кабыл болсун! Кудайым Сизге бактылуулук берсин!
Сизди сүйүп, сизге эркелеген, сиздин Фархадыңыз.
10-апрель, саат 06.16.59.”

***

“Болгондо бул дүйнөдө адилеттик,
Жоголмок Жер үстүнөн кара ниеттик!
Биздейлер калыстыктын жоктугунан,
Чындыктын ак жолунда азап чектик.

Ак ниет адам менен азап чеккен,
Чынында азап эмес, жыргал жеткен!
Тозокко түшкөндөн да кыйын мага,
Ичи тар акмак менен маектешкен!

21-апрель, саат 08.52.32.”

***

“Бир өптүрүп коюңузчу, жаным жыргап калайын!
Бир жылмайып коюңузчу, бактылуулук алайын!
Сиз менин – бейиштен келген Периштемсиз! Бул дүйнө мага сиз бар үчүн кызык. Сизге денсоолук каалап, Сизди сүйүп, акыл-эсинен танган Фархадыңыз. 22-апрель. 00.30.04.”

***

“Дүйнөдө издеп жүргөм Сизди гана,
Табылбайт бу жарыкта Сиздей мага!
Оо, жаным, бирге болуп жыргайлычы,
Бул күндөр бизге кайтып келбейт кайра!..

Алдыда сени, мени нелер күтөт?
Келер күн бизди мынча...”

Каттын андан аркысы үзүлүп, анын ордуна СМС-борбордун: “Часть текста отсутствует” деген билдирүүсү, анан Фархаддын телефон номери, кат жазылган күн, сааты менен калыптыр: “4-май, 15.47.47.”
Телефон-каттар аягына чыккан соң машиненин «чөнтөгүн» аңтарып, Фархад экөөнүн каттарын издеди. Мына алар:

«Алмашым! Менин акыркы кездеги эң мээримдүү, эң ыйык, асылзат, сүйүктүү адамым! Чилдеңиз кандай өтүп жатат?
Мени ушундай адамга кабылтканы үчүн Кудайыма чексиз ыраазымын. Мени түз, жакшы жолго салып, кимдин-ким экенин таанытканыңа ыраазымын, Кудайым! Бардык мактоолор кудуреттүүнүн – кудуреттүүсү, күчтүүнүн – күчтүүсү, ырайымдуунун – ырайымдуусу Алла-таалага болсун! Тирүүлүк бүтүндөй өзүңө гана муктаж, Теңирим! Бизди бактылуу кылчу да өзүңсүң! Мен сени сүйөм!..
Мен жумушка кеттим, жаным! Саат үчтө келип калам. Фархад».

«Фархад!
Катыңды окуп, жооп жазып жатам. Кандай жаттың? Эмне түш көрдүң? Менин чилдеден чыгышыма келесиңби?
Сени сагынып, сени сүйүп, сага эркелеп, сени эркелетип, бекем кучактап, жытыңа канбай жаткан – Мен.
И баса, айран алып келдиң беле? Алып келсең кружкага куюп, эшиктин алдына коюп койчу, жаным. Анан калп эле болсо да жакшы сөздөрүңдөн жазып койчу, жыргап калайын. Алмаш».

«Калп эле…» деп, баарын эле өзүңүздөй көрө бересизби? (тамаша). Мен сизди сүйөм, жаным! Бул жашоого мен эмне үчүн жана ким үчүн жаралганымды эми түшүндүм. Мен өмүрдө Сиз бар үчүн бактылуумун. Сиздин Фархадыңыз».

Бир колу менен рулду тегеретип, бир колу менен телефонду уучтай кармап, ойго батып келатты Алмаш. “Эгерде бардыгы кайгы менен бүтөөрүн билсең, эмнеге жүрөктү эзип, ушундай каттарды жаздың?! – деди оюнда, – Жүрөгүмдүн буга чейин эч ким таппаган ачкычын эмне үчүн, кантип таптың да, канчалаган адамдардын арасынан жүргүмө өзүң гана жактың?! Эмне үчүн?! Эмне үчүн эми унчукпайсың? ! Жанды элжиретип жагымдуу жылмайганың, эч кимдикине окшобогон күмүштөй күлкүң, аселдей ширин сөздөрүң... демек баары жалган экен да?! Кантип?! Баарын көргөн, баарын туйган жаным ошону кантип туйган жокмун? Жүрөгүм кантип жаңылды?!. . Кантип сага ишенди?! Же чын эле сүйүүнүн көзү сокурбу?! Жок дегенде, мени эстебесең да, менин жасаган жакшылыктарымды неге эстебейсиң? !..”
Ушул акыркы ою Кудайга жакпай калгансып, эмнегедир көздөрү караңгылашып, кулагы туна түштү! Машинени “тык!” токтотуп, рулга башын жөлөп көпкө отурду да, терең улутунуп алып, сапарын андан ары улады.
“Жок, Фархад, мен эч качан өзүмдү күнөөлөбөйм! – деди кайра да көшөрүп, – Анын үстүн мен – аялмын да! Никелүү жарың болбосом да, никелүү көңүлдөшүң катары кээде сага эркелеп, назданууга, таарынууга, өз эркимди билдирип ачык айтууга акым бар эле да?! Сен бир жолу ошону көтөрүп койсоң болот беле?!..”
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   gulmira96   08 Сентябрь 2014 - 18:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 122
  • Катталган: 27 Июль 13
  • Соңку аракети: 10 Дек 2020 15:00

Үйгө келгенден кийин шашпай сууга түштү. Жалгыз отуруп чай ичти. Намазга жыгылды. Андан кийин канчалык аракет кылып, Фархад жөнүндө маалымат алууга аракеттенди. Бирок кайра ызаланды. Анткени Фархад тууралуу эч нерсе ала албай койду. Буга чейин тынымсыз тынчын алып, ар кандай маалымат берип туруучу үн да бу саам жоголду. Таң калды Алмаш. Ансайын Фархад жөнүндөгү ойлор аны жабалактап, курчап алды. Анын үнү, сөздөрү, атүгүл дем алганы!..
Баарына көз жуумп, кол шилтеп салып уктагысы келди. Бирок анте да алган жок. Эмнегедир жүрөгү эңшерилип, кусаланып кетти. Фархаддын үнүн сагынды! “Кантип эле?!.. Кантип эле ушундай болсун?! Алгачкы арзуусуна кабылган секелек кыздан бетер, кантем деги?!” – деди өзүн-өзү алдап! Болгон жок! Жүрөгүн көтөрүп алып, аркасынан чуркаган далай-далай “мен кыйын” деген эркектерди эстеди. Бирок эч бири ага окшобой койду.
Ырас, кээде өзүн-өзү кыйнап, жалган жашоодон жалгыз өтпөш үчүн ким бирөөлөргө өзүн акыл-эс менен таңуулаган кездери да болгон. Бирок өзүн көндүргөнү менен жүрөгүн такыр баш ийдире алган эмес!
...Көңүлү, колу телефонго умтулду. Алды. Алаканындагы кичинекей аппаратты уучтай кармап, тиштене кайра токтоду! Ызаланды! Ыйлады! Акыры түшүнө Фархаддын киришин тилеп, жаздыгына баш койду.

***

Бирок ал түнү түшүнө Фархад эмес, Элнура кирди. Ананайын десе, апасын тим эле бекем кучактап алыптыр.
– Апаке, мен сени аябай жакшы көрөм, – дейт адатынча.
– Мен дагы, жаным! Мен да сени аябай жакшы көрөм.
– А сен мени эч кимге бербейсиңби? – көздөрүн жоодуратып, суроолу тигилет кызы.
– Эч кимге бербейм, берекем! Эмнеге антип сурадың?! – жүрөгү “болк” этет.
Аңгыча алардын жанында бейтааныш аял пайда боло калат да, эмнегедир Элнурадан көздөрүн албай, ыгы келе калса Алмаштын колунан сууруп кетчүдөй обдулуп, айланып-тегеренет.
– Силер кимсиңер? Силерге эмне керек?! – дейт Алмаш кызын кучагына катып.
– Кызымды бер?! – дейт аял демитип.
– Кайсы кызыңды?!
– Элнурачы?!
– Бул менин кызым!..
– Жалган! – калчылдайт аял. – Бер, кызымды?!. .
– Апа-а!!! – Элнура Алмашты бекем кучактап, жанталашып жабышат.
Чочуп ойгонуп кетсе, чындап эле энтигип, колу-буту карышып калыптыр. Жүрөгү дикилдеп, андан ары кирпик ирмебей таң атырды.
Жерге жарык кире баштаганда эле анан Акберметке телефон чалды:
– Алло, Акбермет, кандай?!
– Жакшы эже. Кандай жеттиңиз?
– Элнура кайда?!
– Сиздин чаларыңызды билгем, – жооп бербей туруп ушинтти сиңдиси, – Өзүм да азыр чалайын деп жаткам.
– Айтпайсыңбы! – чыдабай чаңырды Алмаш, – Элнура кайда деп жатам?!
– Элнура уктап жатат, эже. Коркпоңуз. Баары жакшы. Кечээ сиз кеткенден кийин бир аял-эркектер келишиптир. ..
– Анан?!
– Сизди сурашты. Дароо эле түшүндүм да: “Алмаш биздин эжебиз экени чын. Бирок дарегин билбейбиз. Өзү эле келип кетпесе, биз барбайбыз деле”, – дедим. Телефонуңузду сурады. Берген жокмун. “Шаарда ким менен турат?” – дейт. “Бир кыз багып алган, ошо менен турат,” – деп койдум. Антпесем, Элнураны менден жулуп кетеби деп корктум.
– ?.. – Алмаш унчукпай тунжурады.
– Эмне кылабыз, эже? – деди Акбермет санааркай.
– Элнураны алып кел! – күтүүсүз жерден ушинтти Алмаш.
– ?.. – Акбермет да селейди. Кыз эжесиники болгону менен, буту басканы Адан экөөнүн койнуна жатып, жан бирге болуп калышкан эле да.
– Акбермет, угуп жатасыңбы?! – деди Алмаш, – Кызымды алып азыр чыккыла!
– Макул... – аргасы түгөнгөндөй ушинтти Акбермет.

***

Жаны жай ала албай, бир жерге тынч отура албай койду Алмаш. Улам кайра саатты карап, улам кайра телефон чала берди:
– Элнурка, кызым! Келатасыңбы кагылайыным? Кай жерге жеттиңер?
– Апа, сиз эмне, ыйлап жатасызбы?
– Жок.
– Анда эмнеге үнүңүз башкача болуп атат?
– Сүйүнүп атпаймынбы, берекем.
– Мен келаткангабы?
– Ооба да.
– Мен да сүйүнүп жатам! Эми мен сиз менен жашаймбы?
– Сага ким менен жашаган жагат?
Элнура азга унчукпай калат. Сыягы эжеси менен жездесин таарынтып албайын деди го, көптө барып:

– Мага Ош да жагат. Бирок бала деген өзүнүн апасы менен жашаш керек да...– дейт.
– ?!.. – тамагына катуу бир нерсе кептеле түшкөндөй, Алмаш мукактана түшөт.
“Кара жаным! – дейт телефонду койгондон кийин, – Эстүүлүгүн карасаң... “Бала өзүнүн апасы менен жашаш керек...” деп, ошону ойлогонун кара. А бирок мен дан анын өз апасы эмесмин да?! Кокус аны билип алсачы?! Анда эмне болот?!.. Мен ага: “Апаң башка, мен эмес! Сени башка бирөө төрөгөн!” – деп кантип айтам?! Кызым кандай кабыл алат? Кандай акыбалда калат?! Каралдым, ай! Кенедей эт жүрөгү бырчаланып кетет го?! Кантем, анан?! Айтпай койсом, акыры башкадан угуп, куурайт го, балам?!..”

Узунду күнү кечке жалгыз гана ушуну ойлоп, жанчылып жатты.
– Мен сенсиз жашай албайм, кызым! – деди өзү менен өзү сүйлөшүп. – Сенден айрылган соң мага жашоонун кереги эмне?!..
Элнура эшиктен жаркылдап кирип келгенде да эс-учун жыя албай, дендароо турду Алмаш.
– Апа?! Апулям, менин! Мен келдим! – деп кучактап калганда гана кызынын жуп-жумшак чачтарынан ырахаттана жыттап, ошондон жанына кубат ала, кызынын бою менен бир болуп, чөк түшүп отура калып, көзүнүн жашын буурчактатып ыйлап ийди.

***

Элнураны шаардагы эң мыкты мектептердин бирине окууга киргизип, жанынан карыш жылбай, айланып-тегеренип жашап калды апасы. Анткен менен ага чындыкты айтыш оңойго турган жок. Көп ойлонду. Түйшөлдү. Бир күнү анан экөө кучакташып отурганда:
– Кызым, мен сага бир нерсе айтайынбы? – деди.
– Эмне? – суроолу карады Элнура. – Жомокпу?
– Мм... жомок.
– Эмне деген?
– “Апасы менен кызы” деген.
– Мен уктум беле же уга элекминби?
– Жок, уга элексиң.
– Анда айтыңыз?
– Илгери-илгери. .. бир аялдын жалгыз кызы болуптур...
– Биздей го?..
– Ооба. Анан... – апасы буйдала калат, – Жок, башынан айтайынчы, ээ?
...Илгери-илгери бир аял болуптур. Кичинекей кезинен жетим калып, аябай азап-тозок менен чоңоюптур. Ошого жараша бечара балалуу да болгон эмес экен... Бир күнү-бир күнү анан Кудайдын боору ооруп ага айдай сулуу, акылдуу, айтор бир кереметтей кыз бериптир...
– Кантип?
– Кантип дейсиңби?.. Ал мындайча болуптур. Ошол кезде көп кызы бар бир аял төрөптүр да, буркурап-боздоп ыйлап: “Кудай, мага дагы кыз бердиңби?! Мен сенден уул тилебедим беле!” – деп Жаратканга таарынып, кызын төрөт үйүнө таштап салып баса бериптир...
– Аа! – Элнура көзүн алайтып, таң калганынан ачылып калган оозун алаканы менен жаба салды, – Кантип?!
– Ошондой болуптур да, кызым. Анан Кудай ары ойлонуп, бери ойлонуп: “Буга баланын кереги жок болсо, анда аны ыйлап жүргөндөргө берейин!” – дейт да айлана-тегерегин кыдырата карайт дейт. Ошондо баягы бечара аялга көзү урунат. Байкуш аял Кудайдан беш маал бала тилеп, суранып отурган экен. Татынакай наристени анан так ошол аялга берет...
– Кантип?
– Доктурлардын эсине, акыл-туюмуна салат экен да... Алар анан: “Баланы балдар үйүнө бербей эле, баягы аялга бербейлиби”, – деп аялды чакыртышат. Ошентип бечара аял бул дүйнөдөгү эң бактылуу Эне болуп, кызы экөө жыргап жашап калышыптыр. ..
– Жакшы болуптур, ээ апа? Бирөө балалуу, бирөө апалуу болуп. Антпесе экөө тең куурамак да.
– Ооба.
– Анан эмне болуптур?
– Анан... кызы Акылкарачачтай акылдуу, Ай кызындай сулуу кыз болуп чоңоюптур. Бир күнү... бир күнү эле анан... – апасы унчукпай калат.
– Эмне болуптур анан?!
– Кыздын өз энеси анан бир күнү ойлонуп отуруп, качандыр кыз төрөгөнүн эстейт экен. “Чоң кыз болгондур? Кандай кыз болду экен? Коларага жарап калгандыр... ” – деп өкүнөт экен да, издей баштайт экен. Баягы, өзү төрөгөн төрөт үйүнө барып, доктурларга жолугат. Сураштырат. .. Ошентип кызды таап келет экен да: “Сен менин кызымсың! Сени мен төрөгөм! Мен сени алып кетишим керек!” – дейт.
– А кызы эмне дейт?
– Билбейм, – ийнин куушуруп, улутунат апасы, – А сен кандай ойлойсуң? Кыз төрөгөн апасы менен кетиши керекпи?
Ойлонуп калат да:
– Кетпеши керек! – дейт чечкиндүү. Эненин жүрөгү “селт!” этет:
– Эмнеге? Анткени аны ошол аял төрөгөн да?..
– Бирок ал таштап кеткен да!
Апасы кызынын жообуна ыраазы болгондой бооруна кысып, карегине жаш кылгырат. Кызы ага суроолуу тигилет. Анткен менен Алмаш кызына чындыкты айта албай, андан кийин деле кыйнала берет. Эртеси, эртеси деле ушул эле жомок улана берет да, аягы суроолуу кала берет...
– Апа, – дейт бир күнү зээндүү кыз энесинин көздөрүнө тигиле, – Сиз эмнеге эле ушул жомокту дайыма айта бересиз?..
Бул суроонун артында өтө олуттуу бир түйшөлүү бар эле. Ошондо гана Алмаш чыдабай кетип, кызын кучактай калып, буркурап-боздоп ыйлап жиберет:
– Анткени... ошол экөө бизбиз, кызым!..
– Апа-а?! – алда нени шекшип, жүрөгү түпөйүл болгон кыз бакырып ыйлап жиберет, – Мен сенин эле кызыңмын, апа! Мени антип айтпачы, апа?!
– Кызым менин! Кагылайыным менин! Каралдым, жалгызым менин!.. Мага сенсиз бул жашоонун кереги да жок!..
– Мен сенден эч качан, эч кимге кетпейм апа! Ыйлабачы, макулбу?
– Макул, кызым... Макул!
– Мага андай апанын эч качан кереги жок! Мен жек көрөм аны!.. – ыйлап-ыйлап, эки ийнин солкулдатып улутунат да, чоң кишидей олуттуу унчугат, – Мен чоңойсом сот болом да, баласын таштаган энелерди соттойм!..

***

Бир күнү Элнура апасына сабагы бүтө электе эле телефон чалды:
– Апа, мени үйгө алып кетиңизчи?
Эмнегедир маанайы пас. Ыйлаган түрү бар.
– Эмне болду, кызым? – алеки саатта учуп жеткен апасынын жүрөгү “болк” этет.
– Эч нерсе, жөн эле чарчадым... – дейт кызы. А бирок ал апасын аяды. Төрөп, таштап кеткен өз апасынын бүгүн мектепке келип, жолугуп кеткенин айткан жок!
Алмаштын жүрөгү сезди аны! Көздөрү караңгылап, кулагы чуулдай түштү. Анткен менен ал да анысын билгизген жок. Себеби ал да кызын аяды. “Өзү айткыча унчукпай эле коёюн” – деди оюнда. Бирок эртең менен мугалимине жолукмай болду. Бирок ошого чейинки убакыт-саат оңой менен өтпөй жатты.
– Кызыңыз ушунчалык эстүү кыз экен. “Биз чыныгы атасы, апасы болобуз” деп келгендерди жанына жуутпай койду, – деди эртең менен мугалим.
“Мен силерди тааныбайм! Силер кимсиңер?! ” – деди боюн ала качып.
“Мен сенин апаңмын, кызым! Сени мен төрөгөм,” – деди чоочун аял.
Элнура бадырайган көгүш көздөрү менен өзүнө куюп койгондой окшош аялды таң калгандай бир азга тиктеп турду да, чоң кишидей баш чайкады:
“Жок! Менин бир эле апам бар! Ал – мени багып-чоңойтуп жаткан апам! Анын менден башка эч кимиси жок! Жигити бар болчу, ал да келбей калган... А сиздин кыздарыңыз көп да. Ошон үчүн мени таштап кеткен турбайсызбы? –“ушундайбы? ” дегендей өктөм, суроолуу карады.
– Кечир, кызым? Анда мен ооруп, эч нерсе билбей калыпмын...– деди аял.
– Ошондон бери эми айыктыңызбы? !
– ?..
– Мага экинчи келбегиле! Мен силерге эч качан, эч качан барбайм! – бурулуп басып кетти кыз. Тигилер болсо тепилдеп кетип бараткан кызды артынан карап, аңкайган боюнча кала беришти.
– Бул кызды силер эч качан ала албайсыңар! – деди ошондо кошо келген адвокат да, – Өтө кеч болуп калыптыр!..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   gulmira96   08 Сентябрь 2014 - 18:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 122
  • Катталган: 27 Июль 13
  • Соңку аракети: 10 Дек 2020 15:00

Бир күнү эне-бала жатып алып сырдашып атышат:
– Кызым, алиги... сени төрөдүм деген аялдын кебетеси кандай экен? – дейт апасы.
– Мага окшош экен, – дейт Элнура такалбай туруп, – Эжейлер да ошентип айтышты.
– Анда сулуу аял турбайбы?
– Жок! – дейт кызы, – Адамдын жүзү эмес, жүрөгү сулуу болуш керек!
– А сага антип ким айтты?
– Эч ким. Өзүм ошентип ойлойм! – бурула калып апасын бекем кучактай калып өбөт, – Мен үчүн сизден өткөн сулуу аял жок! Эч жакта!... Атүгүл жомокто да!..
– Жаным, менин!
– Мен сизден бир нерсе сурасам болобу? – дейт анан кызы.
– Болот.
– Фархад байке эмнеге келбей калган? Мурда-мурда, мен каникулга келгенде бат-бат келчү эмес беле?
– Мм... – Алмаш эмне дээрин билбей, буйдала калат, – Колу бошобой жатса керек да, кызым. Айтмакчы, бая күнү ал жөнүндө айтпай эле койбопсуң да? Эмнеге айттың аларга?
– Оюмда турганын айтып алыпмын. Өзүм да байкабай калдым...
Тээ бир топтон кийин:
– Апа, – дейт кызы кайра, – Сиз ыйлап жатасыз го?
– ?..
– Эмнеге ыйлайсыз?
– Жөн эле, кызым. “Кызым болбосо жалгыз кантип жатат элем?” – деп ойлонуп кетипмин да...
Апасын кандайдыр кайгы-кападан, бардык жаман нерселерден калкалагысы келгендей, бекем кучактап алат кызы...
Ошол түнү Алмаш уктаган жок. Бөйтөйүп уктаган кызын кымтылап жаап коюп, терезеге туруп келди да, капкараңгы болуп, дүпүйүп уктаган шаарды карады. “Фархад! – деди терең улутунуп,– Менден анча деле алыс эмес аралыкта... береги бак-шактардын, кабат-кабат үйлөрдүн ары жагында... бейкам уктап жатсаң керек?.. Балким мени эчак эле унуткан чыгарсың?.. А менчи? Мен баары бир сени жек көрө албай койдум, жаным! Эмнегедир, сенсиз мен... мындан ары жашай албачудай сезилем!.. А бирок, анда кызым кантет?!.. Кызым куруп кетет го?!.. Ичинен сызып, ал да сенин келишиңди Кудайдан тилеп жүрөт. Менин жандүйнөм сен үчүн ооруп, сен үчүн жабыркаганын сезип алганын кара!..
Эсиңдеби, биз жолукчу ирмемдер? Эстейсиңби? А мен азырынча ошолордун деми, элеси менен гана жашап жүрөм...”
Көздөрүн жумуп, башын саал чалкалата, экөөнүн биринчи жолуккан күнүн эстеди.

***

Алмаштын машинасы ресторандын алдына келди. Бирок дароо түшүп келе албай, буйдалып отурду. Аңгыча кайдан-жайдан жанында ак көйнөкчөн, жакшынакай жаш жигит пайда боло калды да:
– Саламатсызбы, Алмаш эже сиз болосузбу? – деди эшикти ачып.
Алмаш аны бир “жалт” карап алып, кызыктай боло түштү. Бет алдында ал ойлогондон таптакыр башка эле бирөө турган! Кудум баласындай болгон, он жети-он сегиз жаштагы боз улан! Селейип ката түштү. Кайра бурулуп кетмек болду эле, Кудай жалгап:
– Эже, сизди ичте күтүп атат, – деди улан.
– Ким?!
Жигит ийнин куушурду:
– Бир байке.
Ошондо гана эсине келе, ресторанга кирди Алмаш. Официант жигит аны тээ жогору жактагы кызыл-тазыл гүлдөрдүн арасында үлпүлдөп шам күйүп турган столго баштап келатты.
Фархадды көрүп эле тааныды Алмаш. Акжуумал, чачын сыйда тараган, отуз-кырктын ортосундагы жакшынакай жигит аны көрүп эле ордунан шашып тура калды да, сууга салынган кызыл розаларды ала коюп, утурлай басты. Ошол сүрөт, ошол ирмем эч качан өчкүс болуп, Алмаштын карегинде жазылуу. Атүгүл ошондо ага бул көрүнүш, бул жолугушуу качандыр бир болуп өткөндөй, а бүгүн ал кайталанып жаткандай сезилген...
Аңгыча Алмаштын гана келишин күтүп тургандай, скрипканын коштоосунда жагымдуу, классикалык музыка ойноло баштады. Эмнегедир эки бети албырып, ысып-күйүп, атүгүл бакыттан башы айланып да кетти! Бирок өзүн-өзү кармап, бет алдында бактылуу күлүп келе жаткан жигиттен жүрөгүнүн ээсин, эчактан издеп, күтүп жүргөн эң жакынын көргөндөй, эс-мас эле...
“Ушунун баары жалган экен да?! – деп балбаалап ыйлап турду эми Алмаш, – Кантип?! Эгерде биздин сүйүү жалган болсо, анда бул жашоодо менин бар экеним да жалган!..”
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   gulmira96   10 Сентябрь 2014 - 20:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 122
  • Катталган: 27 Июль 13
  • Соңку аракети: 10 Дек 2020 15:00

Кол жазма ушул жерге чейин жазылды да, бир топ убакытка чейин токтоп калды. Анткени окуянын кандай уланып, кандай чечмеленери, айрыкча каарманымдын жүрөгүн өйүгөн белгисиз түйшөлүүнүн, табышмактын жообу табылабы, табылбайбы мага эле эмес, анын өзүнө да белгисиз болчу. Андыктан чыгарма эми жок эле дегенде жарым жылдай, балким андан да көпкө чейин уланбайт го дегемин.
Бирок бир күнү таң эрте телефон чалды да:
– Алло, кандай? – деди баягыдай эле чарчаңкы.
– Жакшы. Маанайыңыз кандай?
– Ар кандай... Азыр жолуксак кантет?
– Кайдасыз?
– Үйдө.
Мен келгенде каарманым машинесин от алдырып, короонун оозунда даяр туруптур. Адатынча күлүмсүрөп, баш ийкеген болуп койду. Анысы учурашканы эле. Жолго чыккандан кийин:
– Канат менен Заринанын жаткан жери каякта? – деди.
– Чоң-Арык көрүстөнүндө. Эмне болду?
– Баралыбы? – деди ал.
– Баралы.
Буга чейин сүйүү үчүн жан берген эки жаш тууралуу ортобузда сөз болчу эмес. “Түш көргөн го...” – ушинтип ойлодум да:
– Фархад кабарлашкан жокпу? – дедим.
– Чалган жок! Жок дегенде жаңы жыл күнү бир эстейби дедим эле... Баары бир тең, Фархаддын бир эле чалып койгону бир тең болчу!.. – улутунду.
– Түшүнөм... Бирок Фархад эмнеге анча карарды экен?
– Билбейм.
– Чалып, сурап көрбөйсүзбү?
– Болбойт! – кесе айтты ал, – Себебин түшүнөсүң да өзүң. Канткен менен аялзатымын го.
Унчугушпай калдык. А бирок анын кирпигинин ирмелишинен тартып, жүрөгүнүн дикилдегенинен бери мага туюлуп, өзүм кошо кыйналып бараттым.
– Эмне болуп кеткенин өзүм да түшүнбөйм! – деди анан, – Өзүң деле калыс болчу, мага таарынууга анын кантип дити барды дейм да?! Мен ал үчүн колумдан келгендин баарын жасадым! Эч качан, эч убакта аянбадым! Анын өзү үчүн эле эмес, үй-бүлөсү, уркук-туугандары үчүн кам көрдүм! Ийненин учундай түйшүгү чыкса түн уйкумдан кезип, бутум үзүлгүчө жүгүрдүм. Ал бар үчүн гана күн чыгып, ал бар үчүн гана түн кирип, ал бар үчүн гана жашоолор уланып жаткандай, анын элесине гана сыйынып жашап жүрдүм! Жаңы эле жолугуп, жанымдан жаңы эле узап кетсе жүрөгүм жанчылчу! Андан айрылсам дароо эле өлөт болушум керек дечү элем. Өлө элекмин дечи, бирок... азайгандан азайып бараткансыйм! .. Мен үчүн жашоонун кызыгы калбай калды, билсең! Баары супсак, сүйкүмсүз!
Ал да анда: “Сизди гана сүйөм! Сизге жолуккан тагдырыма ыраазымын! Мен сизсиз бир мүнөт да жашай албайм!” – дейт эле! Эмичи?! Эми кантти экен?.. Кантип жашап жүрдү экен?! Атүгүл канча курдай: “Мен сизге биротоло келишим керек!” – дегенинде: “Мага эч качан антип айтпагын, Фархад! Мага андай жашоонун кереги жок!..” – деп токтотконум чын! Анын үстүнө Фархаддын туугандары да менден ошону суранды: “Ал сени гана угушу мүмкүн, Алмаш. Эгерде сен аны чындап сүйсөң, балдарын ая!” – деп туруп алышты.
Фархад мага ошондон кийин карарды да, калды! Мени антет деп күтпөсө керек?! Же бул сөзүм менден кетүүсүнө шылтоо гана болдубу?!. . Билбейм!
Кепке алаксып отуруп, далайга узап кетиппиз.
– Каякка келдик? – дедим унчугушпай калганда.
– Билбейм! – машинени чукул токтотту да, эки жакты аңдай карап:
– Кудай айдап келгенсип, “Ата-Бейитке” келип калыппыз! – деп кубанып кетти, – Жүрүчү, ата-бабаларга куран окуп чыгалык?..
Аталар жаткан жерде ааламдан, тактап айткандан Жайсаңдан “Манас» тууралуу жаңы маалыматтарды алып жазган Бүбү Мариям апа бала-бакырасы менен куран окуп отуруптур, аларга кошулуп бата кылдык. Алардын арасында “Бийиктик” басмасынын директору Жумадин да бар экен. Биз менен учурашып, Бүбү Мариям апа тууралуу китеп жазып жатканын айтты. Мен дагы ага жаңы китебимдин каарманын тааныштырдым.
– “Жайсаңды” окуган эмесмин, бирок бул аял Кудай сүйгөн адам экен, – деген каарманым алардан узап баратып:
– Билесиңби, Жыпар, мен чыныгы Алмашты жоготуп жүрөм! – деди, – Ал кээде жанымда, жакын эле жерде жүргөнсүйт. Кээде колумду созуп эле кармап алчудай туюлам да, жете албайм!.. Кээде ал менден таптакыр алыстап кеткенсий берет. Чарчадым! Мага кимдир бирөөнүн жардамы керек! Башкача айтканда мен өзүмдү табышым керек!
Мен ошондо гана анын эмне себептен Канат менен Заринанын көрүстөнүнө барууга ниеттенгенин, эмне себептен аталар бейитине келгенин баамдадым да, жазуучу катары эмес, тек гана курбу, сиңди катары жардамдашкым келип кетти. Бирок кантип?!.. Бир убакта оюма бир нерсе келе түшүп, өзүм да кубанып кеттим:
– Сиз Лариса деген айым менен сүйлөшүп көрүңүзчү, – дедим анан.
– Ал ким?!
– Бир кезде ал да өзүнөн-өзүн издеп жүргөнүн билем. А бүгүн тапкан сыяктуу. Бирок азыр Россияда иштейт. Эс алууга келиптир болчу, кете элек болду бекен...
Транска чыккан сыяктуу көздөрүн жумуп, унчукпай токтоп калды да:
– Кете элек дейт... Бул жерде эле го... Мени ошол аялга жолуктурчу? Оңой менен бирөөгө ишенчү эмес элем, жүрөгүм тартылып калды, – деди.
Лариса эжеге телефон чалдым:
– Академик айым, саламатсызбы?
“Академик” атаганымдын чыны бар. Анткени жердешибиз беш-алты жыл мурун сырдуу дүйнөнүн сырын кууп, илим издеп Россияга кеткен. Акыры Россия Энио-инженерия академиясынын академиги, элдик медицинанын магистри болуптур.
– А... Жыпара, сенби? Жаңы жылың менен! – деди добушумдан таанып.
– Сизди да жаңы жылыңыз менен куттуктайм! Үйдөсүзбү?
– Үйдөмүн.
– Анда биз сизге баратабыз.
– Келгиле, – деп анан кайра сурады, – Ким менен келесиң?
– Жаңы китебимдин каарманы менен.
– Аа, жарайт! Келгиле.
Айткандай эле экөө эчактан берки тааныштарга окшоп, бат эле ымалашып кетишти.
– Алтымыш Кадыров мага ака болот эмеспи! Биздин Баш-Булакта музыкадан сабак берчү. Акамдын жакшы аялга жолугуп, багы ачылганын уккамын. Көрсө, ошол жеңем сиз экенсиз да?! – деди каарманым тамаша-чындан.
– Мен болчумун, – деди экинчиси күлүп.
– Бирок ошол бакыттын үзүрүн көрбөй кете бергенин айт!
Саамга эстутумубузду айтылуу обончу, ырчы, маркум Алтымыш Кадыровдун элеси ээлеп, унчугушпай отурдук.
– Билесиңби, Касиетхандан кийин бир дагы устатым болгон эмес! – деди аздан кийин менин каарманым жымылдаган жымжырттыкты бузуп, – Деги өзүмдөн башкага ишенбейт элем. Сенден мага адамдын жандүйнөсүн, көңүлүн жайгарган, кандайдыр жагымдуулуктун, жакшылыктын илеби келип жатат...
– А сенин жандүйнөң катуу жабыркап калыптыр!
– Ошон үчүн келдим да, сага. Убактың болсо сүйлөшөлү?
– Сүйлөшө баштадык деп эсептей бер.
– ...Билесиңби, бала чагым азап-тозок менен өттү. Адамдардын түгүл, ата-энемдин мээримин көрбөй өстүм. Кор болдум, зар болдум! Бирок Кудайым мага кайрадан жашоо берди! Теңирден алган касиет менен киши болдум! Тактап айтканда, “жиндиканадан”, көрүстөндөрдүн арасынан чыгып элге аралаштым. “Кудайдан кийинки эле Кудайыбыз сенсиң!” – дегендер курчап, тегеректеп жүрүштү. Андан кийин карапайым элден кетип саясатка, колунда бийлиги, байлыгы барларга аралаштым! Албетте, бир жагынан жаман болгон жокмун. Бир жагынан... көргөн-билгенимди айтам деп бирөөлөргө жактым, бирөөлөргө жакпадым! Бирөөлөрдөн алкыш, бирөөлөрдөн сөөктөн өтүп, чучукка жеткен сөгүү уктум! Чындыкка чыдабагандар мени чыркыратып: “Акчага сатылган! Алдамчы!” – деп да жүрүштү. Тилимди таап, өз кызыкчылыгы үчүн чуркагандар да болду. Дүнүйө пайгамбарды да жолдон адаштырган турбайбы... Мен баш тарткан күндөрдө коркутуп, үркүткөндөр да чыкты! Акыры бардыгын таштап салып, менин да эл катары жашагым келди!.. Бизнеске өттүм. Өмүр бою өксүп күткөн улуу сүйүүмө жолуктум! .. Бирок күндөрдүн бир күнүндө эле ушунун баарынын бырын-чырыны чыгып кетти! Теңирдин алдында кантип, качан жаңылганымды билбейм, курбум! Атүгүл ааламдан алчу маалыматтан да чарчадым. Эч нерсеге көңүлүм жок! Сүйүүнүн азабынан ушинттим дейин десем, жок, мен жакшы эле кайраттуумун дечүмүн, бир сүйүү үчүн мынчалык сынбашым керек эле...
Айтор, улам барган сайын кемип, кетилип бараткансыйм! ..
– Өзүңдөн өзүңдү издегениң... абдан жакшы! – деди жаңы устат Алмашты угуп отуруп, – Адам ааламды түшүүнүүдөн мурун, өзүн түшүнүп, таанып билүүсү зарыл. Бирок бул дароо эле ишке аша койбойт. Ар кимдин өзүнүн кабыл алуусуна жараша убакыт жумшалат.
Ошондон кийин да сенде эки жол бар: азыркы абалдан суурулуп чыгып кетесиң же абалкыңдай кала бересиң...
– Түшүндүм!
– Жарайт!
Ушинтип башталган окуу, башкача айтканда экөөнүн маеги канча мезгилге созулаары али табышмак эле. Алардын киийнки жолугушууларына барбаганым менен, жыйынтыгын чыдамсыздык менен күтүп калдым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   gulmira96   10 Сентябрь 2014 - 20:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 122
  • Катталган: 27 Июль 13
  • Соңку аракети: 10 Дек 2020 15:00

Акыры:
– Үйдөсүңбү?! – деп бир күнү эртең менен каарманым телефон чалды, – Мен сага баратам!
Ошондон жарым саатка жетип-жетпей, каарманымдын машинеси эшиктин алдына келип токтоду. Эскерте кетчү нерсе, кийинки кездерде Алмаш айым баягы ак машиненин ордуна жашыл машине айдап калган.
– Таң атпай тынччылыкпы? – деп чыдамым жетпей чуркап чыга калып, көргөн көзүмө ишенбей кеттим. Анткени бет алдымда өгүнкү санаа тарткан, саргайыңкы Алмаш эмес, бешенесинен жылдызы жанган, жайдары аялзаты турган! Чындап эле:
– Ой, мынча эмнеге сулуу болуп кеткенсиз?! – дедим. Ал болсо адатынча күлүмсүрөдү:
– Чын эле айтып жатасыңбы?
– Чын айтам! Фархадга жолуккансыз го? – дедим тамаша-чындан.
– Жок, жолуккан жокмун, – суроомо жайланышып отургандан кийин жооп берди каарманым, – Бирок...
Кепти эмнеден баштаарын билбей жаткандай, саамга буйдала калып:
– Билесиңби, – деди анан, – Көрсө мен балчыкка белчемден батып кетипмин!
– ?!...
– Эмне эле жүрөгүм дүпүйөт, эмне эле жашоодон жолум болбой, эмнеге эле башкача болуп баратам десем... көрсө көзүмдү май басып, эч нерсени көрбөй калыпмын, сиңдим! Сага ошону айтайын деп келдим. Муну китепке кошушуң керек! Балким, ким бирөөлөр үчүн бул сабак болор?!..
– ?!...
– Балтыш эжем менен Акберметти чакырдым. Алар таң заардан жолго чыгышты... Кечирим сурашым керек! Кечээ эле, жаңы жылдын алдында мен аларга эмне деген билдирүү жөнөткөнүмдү билесиңби? “Силер мен үчүн эчак өлгөнсүңөр! ” – деген. Менин аларга жаңы жылдык белегим ушул болгон! Мен аларды кубантуунун ордуна, мүңкүрөп, кайгырышын каалапмын!
– Эмнеге?!
– Эмнеге анткенимди… азыр эстегим келбейт! Кудайымдын: «Сабырдуу бол! Кечиримдүү бол!» – дегенин унутуп, шайтанга азгырылыпмын! Баягы-баягы… бала чагымдагы азап-тозокторумду эстеген, ошол мамилелер, өткөн-кеткен үчүн кектеген окшойм! Ларисага жолукпаганымда, ошол карамүртөздүк мени таптакыр талкаламак окшойт!..
Дагы бир жаңылганым: Бара-бара мен байлыкты, бийликти кумар туткан ыпылас адамдарга кызмат кылыпмын! Аларга аралашып, акырындап өзүм да анан дүнүйөгө азгырылып, ошону кумар тутуп, бул жашоонун бардык ырахатынан ошону бийик көрө баштапмын! .. – унчукпай калды. Мен да демимди ичиме катып, андан ары кулак төшөдүм.
– Кудай таалам мага ошону бир канча жолу эскертип, белги бериптир! Мен жада калса Жараткан Алланы да укмаксан, туймаксан болупмун!
– ?!...
– Билесиңби, сиңдим, дагы бир күнөөм, мендеги: “Мен! Мен!” – деген Эго сезим тырмагымдын учунан төбө чачыма чейин жайылып, тамырлап кетиптир! .. Мен анын душманым экенин байкабай, тескерисинче көкүрөк көөдөнүмдө бапестеп багып, көтөрүп жүрүпмүн! Уксаң: “Мен сага ушундай болот деп айткамын! ” “Мен сага жакшылык жасагамын! ” “Мен сени азаптан арылткамын! ” “Мен сени киши кылгамын! ..” “Мен сени!..” “Мен!.. Мен!!! ” Ишенесиңби, байкасам менин эки сөзүмдүн бири эле ушул болуп калыптыр!
Каарманым көзүнүн жашы “мөлт-мөлт! ” этип кулап кетти. Бул көз жаш, эмнегедир менин зээнимди кейиткен жок, тескерисинче алар каарманымдын жандүйнөсүндөгү, дилиндеги калып калган, өзү байкабай калган нерселердижууп- чайып, көз жаш аркылуу чыгарып жаткандай, сүйүнгөнүмдү жашыра албай кеттим да:
– Эже! Куттуктайм сизди! – дедим чын жүрөгүмдөн, – Кандай жакшы?! Кандай ачылыш?! Кандай жаңыруу, тазалануу?! .. Кандай улуулук, бу?! Чынымды айтсам, өз кемчилигин өзү айтып, өзүн-өзү соттогон адамды биринчи көрүшүм…
Каарманым мага эми күлүмсүрөй карады да:
– Мендеги ушул кемчиликти сен башта байкачу белең? – деди алда ненден шектенгендей кадала карап. Башымды ийкедим.
– Анда эмнеге айткан жок элең?
– Мм... Кандай десем?.. Айтууга... биринчиден акым жок эле. Менин сизге жолуккандагы миссиям сизге акыл айтуу же тескөө эмес, сизди угуу, таануу, анан аны кагазга түшүрүп алуу гана эле. Экинчиден, сиздеги Эго деген сезим башта жок болчу. Ал кийин-кийин, өзүңүз айткандай сиз мансап, пейил күтө баштаган жакынкы убактарда эле пайда болгон сыяктуу. Ал учуруңуз тууралуу болсо, мага али айта элексиз?.. Үчүнчүдөн, эгерде сизге сын айтсам, мага анда далыңызды салып коймоксуз...
– Мүмкүн! – каарманым ынангандай болду, – Бир чети туура кылыпсың. Китеп соңуна чыкпай калмак анда. Бирок, буга чейин айтпай келгендеримдин баарын эми айтууга мезгил жетти... Өзүм да түнү менен уктабай: “Качан, кайдан, кантип адаштым?! Кимге катуу айтып, кимдин көөнүн калтырдым?” – деп эчактан беркилерди эстедим…
Эже эки ийнин солкулдата терең улутунуп алды да:
– Баягыда, мени менен Ошко барганыңда менин ооруганымды көргөнсүң да? – деди.
– Көргөм. Жакшынакай тойдо отуруп эле, эстен танып жыгылгансыз.
– Ал да кетирген күнөөм үчүн Кудайдын жазасы болчу…
– Анда кандай күнөө жасадыңыз эле?
– Ага чейин… Арак ичкен элем да!
– ?..
– Бир ай бою көзүм ачылбай арак ичкем!
– Эмнеге?!
– Кандай десем… Күйүтүмдү көтөрө албай, бул жашоодон кетейин дептирмин… баягы шалга айлангандан кийин, мен аракты Жан алгычымдай сезер элем. Бул жолу чындап эле анын алып кетишин каалагам. Бирок…
– Сиз мага бул тууралуу айткан эмессиз?..
– Азыр айтам… Анда мезгил да, бийлик да башка эле… Ошондой күндөрдүн биринде чиновниктердин бири менден жардам сурап келди. Кызматынан жогорулаш үчүн бийлик тарапка көпүрө, башкача айтканда ортомчу керек экен. «Сен алар менен аралашып жүрбөйсүңбү, жардам бер?» – дешти. Бул мен үчүн анчалык деле кыйынчылыкка турбайт эле, макул болдум. Ошентип, колума бир канча миң доллар кагазын тутамдап кармап алып, берчү кишисине жеткирип бердим. Айткандай эле бардыгы кардарым каалагандай болду. Арадан көп деле убакыт өтпөй, аны ошол кызматка коюу үчүн буйрук чыкты. Бирок..! Бирок ал тактысына отурганына туура төрт күн өткөндөн кийин бийлик кулады! Ушундай болоорун билгеним менен, мынчалык тез арада болуп кетет деп күткөн жок элем. Жүрөгүм «зырп!» этти. Мен башка эч нерсени, эч кимди эмес, жаңы эле кызматка отуруш үчүн миңдеген акчасын жумшаган жанагы чиновникти ойлодум!
Элдин шары менен мен да анан Ак үйгө кирип, өйдөнү карай агылып бараттым.
– Сен кайда, карындашым? ! Кимди издеп жүрөсүң? – деди аңгыча тааныш үн. Жалт карадым. Мен келечегинен көптү көргөн, мен жакшы таанып-билген акаларымдын бири экен. Кимди издеп жүргөнүмдү айттым.
– Аны ооруканага алып кетишти, – деди ал. Мен билдим. Ошол убакта акам мен жөнүндө: «Демек, издеген кишиси менен ысык-ынак мамилеси болуш керек», – деп ойлоду. Бирок ошол, ооруканага алып кеткен адам аркылуу жакында бирөөнүн ишке орношконун, ортомчу мен болгонумду, эми ал менден сөзсүз акчасын доолап келээрин билип, ошого санааркап, ошон үчүн издеп жүргөнүмдү ал билген жок.
Айткандай эле, ошондон көп өтпөй мага доочулар келе башташты. Атүгүл колумду кайрып алып кетип, бир канча убакытка камап да коюшту. Бирок менде ушундай бир жаман мүнөз бар – актанганды, ким бирөөнү сатканды, душманыма да жамандык жасаганды жактыра бербейм. Анын үстүнө: «Ансыз деле ар ким өз жазасын алып жатпайбы», – дедим да: «Акчаны мен эч кимге берген эмесмин. Өзүм жоготуп, жеп койгом!» – дедим. «Төлөйсүңбү? !» – дешти. «Төлөйм!» «Анда бир жума убакыт беребиз!.. » «Жок, бир жумада мен анчалык акчаны кайдан табам?! Бир ай?!..» «Бир ай көп болуп кетет. Болуптур, эки жума!..»
Ошентип чыгарышты. Акыры мен, менде болгондун баарын саттым – шаардагы квартирамды, үйүмдү, буюм-теримимди… Атүгүл колумдагы, мойнумдагы алтын-күмүштөрүмдү, кийим-кечегимди өткөрдүм. Машинамды күрөөканага койдум. Ошентип, айтылган убакта баягы, ичпей-жебей карыз болгон акчаны төлөп бердим да, орой айтканда көчөдө калдым. Баягы-баягы: «Бир Кудай, бир Кудайдан кийин эле сен!» – дегендердин баары, дос-туугандар да менден четтеп, бойлорун ала кача башташты.
Мындан ары эми эмне кылышым керек?! Кантип жашап, кандай күн көрүшүм керек?!.. Эптеп жашай туруш үчүн анан Ош базарынын тегерегинен базарчылар жашаган ижаралардын бирине барып баш калкаладым. Кечээ эле бапырап бай жашап жатып, мусаапыр кейпин кийип калыш бат эле экен. Ошон үчүн мен дөөлөтү ашып-ташыган байга суктанбайм да, таштандыларды «тазалап», тамак издеп жеген селсаякка таң калбайм!
«Байлык – колдун кири», «Дөөлөт – тоголок, мээнет – жалпак», «Кудай берем десе да бат, алам десе да бат», «Жакшы болуш – аста-аста, жаман болуш – бир паста!» деген сөздөр чын! Атүгүл ошондо, ижарага төлөөгө бир жарым миң сомум да жок эле. «Эртең төлөсөм болобу?» – деп кожоюндан бир күнгө уруксат сурап алдым да: «Эртең кайдан акча табам?» – деп бүрүшүп жатып калдым. Бир убакта эсиме бир нерсе түшүп кетти: Ошол эле тегеректе качандыр менин чакан дүкөнчөм боло турган. Мен аны кайсы бир аялга боорум ооруп: «Арендасын төлөбөй эле иштете тур!» – деп берген болчумун. Ошонун документтерин таап алдым да, издеп бардым. Кудай жалгап, сураган бир жарым миң сомумду бере койду. Ашыкча деле сурабайт белем десең! Аны алып келип, ижарага төктүм да, кайрадан бүктүшүп жатып калдым. Ызадан өзөгүм күйүп, өрттөнүп баратты! Бирок мен күйүп кеткен дүнүйөмө эмес, билесиңби, эмнеге мүңкүрөдүм? ! Адамдардын эки жүздүүлүгүнө! Адамдардын байлык, бийлик үчүн бардыгына кайыл экендигине! .. Тирүүлүктүн кор болуп, кар болуп жатканына! ..
Өзөктөгү өртүмдү өчүргүм келди! А бирок аны өлүп эле өчүрбөсөм, өчүрө албачудай сезилдим да, жанагы дүкөнүмө кайра барып, бир бөтөлкө арак, бир баш пияз алып келдим! Куюп ичүүгө идишим да жок эле! Ишенесиңби, канчалык иренжип, көрүп эле көңүлүм айныганына карабай, «жинди сууну» бөтөлкөнүн оозунан эле куркулдатып жуттум да, жатып алдым! Дагы, дагы… дагы ошенттим. Улам көзүмдү ачып, өлө элек экенимди билген сайын, ого бетер өчөшүп, оозума аны куя бердим!..
Арак – бул шайтан! Канча күн аны менен алышып жатканымды билбейм. Акыры арак мени дегдеңдеткен боюнча эшикке алып чыкты да, түз эле Жаш гвардия бульварын беттеп, мага шерик болоор бирөө жарым кезигер бекен деп, шерик издеп баратам.
Бир убакта… көчөдөн өтүп баратсам керек, машиненин астында калып кала жаздаганымды бир билем! Катуу келатып, мына-мына уруп ала жаздап, рулду чукул бурган машине өтүп барып, эмнегедир кайра кайтты! Өзүмдү жоготуп, нес болуп туруп калган экемин, машиненин эшиги ачылып, андан түшүп келаткан жигитти көрүп, эсиме келе түштүм да, эки колум менен бетимди баса калып, шарт бурулуп качып жөнөдүм!
– Алмаш эже, токтоңуз?! Токтоңуз деп жатам, Алмаш эже?! – ал да артымдан кубалап алды. Чоң эле аялдын тартактап чуркап, качып келатканын элестет! Эл эмне деди десең?! Акыры ижарама эптеп жеттим да, кирип эле тарс жыгылдым! Мен куугунчуну калып калды го дептирмин! Кайдан?! Эшикти «шарт!» ачып эле аңгыча артымдан кирип келди! Көзүм умачтай ачыла түштү!
– Алмаш эже, кебетеңиз эмне?! Сизге эмне болгон?! – деди ал. Жети өмүрүм жерге кире түштү! Ошондо да, ичимде алиги бар да:
– Эч нерсе! – дедим.
– Кантип эч нерсе?! Сиз эмне, ичип кеткенсизби? ! – деди.
– Ичип кеткем! – дедим жылмайып.
– Эмнеге?!
– Өлөйүн деп!
– Эмне деп жатасыз?!
Анан ал үйдүн кожоюнун чакырды да:
– Бул эжени сыртка чыгарбай, сыртынан кулпулап коюңуз. Мен бир аздан кийин келем! – деп чыгып кетти. Сыртымдан шарактап кулпу салынып, кайтарыкта калдым. Сыягы, кайтарык үчүн да акча төлөндү окшойт. Эмнеси болсо да болду деп, эми сырттагы коңшулардын опур-топурун, кыжы-кужусун угуп, унчукпай жата бердим.
– Эй, бул үйдөгү катын ууру окшобойбу, бирөөлөр кубалап келип, бекиттирип кетишти! – деп жатат бири.
– Алкаш болуш керек эле! – дейт дагы бири. Ушул сыяктуу сөздөрдү угуп, бир чети жашоого таң калсам, бир чети ызаланып, кайра күлкүм келип жата бердим. «Жашоодо бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт» дегендин чын-бышыгын ошондо билдим. «Жакшы болуш – аста-аста, жаман болуш – бир паста» деген сөздүн дагы калети жок белем! Ошолорду ойлоп таап, анан да айкаштырып айткан элден айланса болот! Ар бир сөзү өзүнчө эле жаткан философия!
Бир убакта эшик шарактап ачылып, Кубат кирип келди. Жанында эрчиткен эки милиционери да бар экен. Аны көрүп, сырттагылар ого бетер дүрбөп калышты.
– Эжеде кимдин аласасы бар? – деди Кубат жарданган коңшуларыма.
Эч кимиси унчуккан жок. Көрсө, Кубат укук коргоо кызматкерлерин ошон үчүн эрчитип келгендей. «Көптөн бери ичип жүрсө, иштебесе, карызы көптүр, коңшулары чыр чыгарышпасын» деген окшойт. Ошентип, мени машинесине салып алып, кайдадыр алып кетти.
Андан анча алыс эместеги, көп кабаттуу үйлөрдүн алдына келип токтодук. Кубат мени жакшынакай жасалгаланган квартирага баштап кирди да:
– Эже, сиз ушул үйдө эс алып, сууга түшүп, жашап туруңуз. Мына бул баштыкта кийим-кечегиңиз бар. Муздаткычта тамак-аш… Мен бир аздан кийин келем, – деп чыгып кетти. Ал кеткенден кийин ваннага кирсем, айткандай эле баары даяр. Баштыкты ачсам, эки-үч сыйра кийим-кечек. Андан чыгып эле муздаткычты ачтым. Толтуруп койгон экен. Бирок эч нерсеге табитим тартпай, болгону кефир ичтим.
Ошондон көп өтпөй эле кайрадан шарактап эшик ачылып, ким бирөөлөр кирип келатышты. Кубат дагы милиция менен келсе керек дептирмин. Жок! Кирип келген адамды көрүп, көзүм умачтай ачыла түштү! Жанагы… мен келечегинен көптү көргөн, көптү үмүттөнгөн акам! Шашып кетип тура калдым!
– Кандай, карындашым? – деди.
– Жакшы, ака.
– Каякта жүрөсүң? Мен сени башкалар менен кошо качып кеткенби дедим эле, – деди тамаша-чындан, – Эмне мынчалык акыбалга келдиң? Ичип кеткенсиңби?
– Ооба, ичтим, – дедим эреркеп.
– Эмнеге анттиң?
– Өлөйүн дегем.
– Антпе да… – деди акам. Унчугушпай калдык да:
– Убагында ишенген жок элем. Баягы, сен айткандар келаткансыйт, – деди.
– Келет. Сөзсүз келет, ака! – дедим мен.
– Машинең кайда?
– Күрөөканада… Карызга акча алгам.
Акам алиги, мени «тутуп» алган жигит – жардамчысы менен алда нелерди сүйлөшкөндөй болду. Ал чыгып кетти да, көп өтпөй эле менин машинемдин ачкычын алып келип калды.
– Рахмат, – дедим чын дилимден.
– Канча болду ичкениңе? – деди акам.
– Бир жумадай го…
– Эми… эмне кыласың?
– Билбейм…
– Болду эми, эсиңе кел! Эстүү жансың го! Мына бул акча менен жашай тур. – деп акам анан колума акча карматты да, чыгып кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Belmonda   12 Сентябрь 2014 - 09:57

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 17 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2021 08:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Корунбойт экен

Качан улантат экен эми ээ калганын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   gulmira96   13 Сентябрь 2014 - 15:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 122
  • Катталган: 27 Июль 13
  • Соңку аракети: 10 Дек 2020 15:00

Сиз шаштырбай турсаныз эле улантам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   Belmonda   14 Сентябрь 2014 - 00:15

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 17 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2021 08:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Корунбойт экен

Хоооп хоооп
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   pro100.jumka   14 Сентябрь 2014 - 22:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 285
  • Катталган: 15 Январь 14
  • Соңку аракети: 25 Мар 2015 23:45
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош.ш

Ушу чыгарманы баштагандан кийин тез тезле жазып бутуро салышса...! !!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   Kymbat-02-04   16 Сентябрь 2014 - 09:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 266
  • Катталган: 10 Август 14
  • Соңку аракети: 26 Окт 2019 18:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Озгон

Бир чыгарманы улантышпаганан окуп турайын деп кирсем бул да аягына чыга элек. Эхх, кутуудон жадап буттум, буттум...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   gulmira96   17 Сентябрь 2014 - 01:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 122
  • Катталган: 27 Июль 13
  • Соңку аракети: 10 Дек 2020 15:00

Мен эсиме келдим. Кудайдын алдында күнөөгө батканымды билдим. Сабыр тутушум керек эле, антпей, аракка – шайтанга азгырылдым! Ошол кылыгым үчүн элден да уялдым. Эртеси анан машинемди айдап, жакшынакай жасанып алып, баягы мени «ууру», «алкаш» деп тааныган коңшуларымды чайга чакырдым да: «Аз күн болсо да коңшу болуп калдык. Бирок силерге аракеч, ууру болуп туюлганым үчүн кечиргиле? Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт деген ушул экен. Жакшынакай жаным капыл-тапыл ээрден шыпырылып, силерге кабылдым… Бирок ошондо бириң да: «Бул аял эмнеге мындай акыбалга келди экен, тургузуп, аткарып коёлучу» дебедиңиздер. Мен сиздерге айып койгум келбейт. Анткени ошол акыбалды өзүмө-өзүм каалагам. Бирок, адамдар бири-бирибизге кайдыгер, тоңдоосун болуп баратканыбызга өкүнөм… Ошентсе да, мындан ары саламыбыз түз болуп жүрсүн», – деп каалоо айтып, коштошуп кеттим.
Ошондон кийин бирок, узак убакытка чейин өзүмө келе албай жүрдүм. Эсталма болуп, ооруп жыгылмай адат таптым. Оорудан айыканым менен, жандүйнөмдө, ичимде анын – «шайтандын» «шапалактары» кала бериптир, көрсө...
Каарманым унчукпай калды. Мен да унчукпай, демимди ичиме катып, тыңшадым.
– Мен атүгүл Фархаддын алдында да күнөөлүү экемин, – деди анан, – “Мен сага муну жасагам! Мен сага тигини жасагам! Мен сени бутуңа тургузгам! ..” – акыркы убактарда эки сөзүмдүн бири эле ушул болуптур. Мен аны сүйгөнүмдү, жакшылык жасаганымды милдет кылыпмын! Бирок бир нерсени: өзгө болобу, жатка болобу, жакшылыкты мен эмес, Жараткан Алла өзү жасап, өзү берип жатканын эсимден чыгарыпмын! Кудай таалам болбосо, мен каяктан берет элем?! Көрсө ар кимиси ошого татыктуу экен да! Теңир мени тек гана ортомчу, данакер кылыптыр! А мен!.. Анын баарын тең эле: “Мен жасадым! Мен кылдым! Мен бердим!..” – деп Кудай болуп алыпмын десең!
Дагы бир катуу жаңылганым: Фархадды мен Кудайдан да биринчи орунга коюп алыпмын! Кудайдан биринчи аны гана ойлоп, ага гана сыйынып, ага гана сүйүнүп, аны гана эстеп, ал үчүн гана жашай баштаган экем!.. Акыры Жараткан Аллам: “Сага ошол сүйүүнү берген ким эле?! Мени унутуп, менин ордума бир пендемди Кудай тутуп алдың го?! Андай болсо, мынакей!” – деп орду-ордуна коюп койгон экен! Мени кечир, жараткан Теңир?!
– ...
– Эртең баарын чайга чакырып, кечирим сурайм да... – бир азга тунжурай калды да, башын көтөрүп, шар кетти, – Кыргызстандан кетейин деп чечтим!
– Кайда?!
– Кудай буюрган жакка!
– Эмне үчүн?
– Мына бул жеримде, көкүрөгүмдө. .. дагы эле бир нерселер жетишпей тургансыйт! Мен ошону издешим керек!.. Анан да Ларисага жолукканы мен өзүмдү жашоого дагы бир жолу жаралып келгендей сезүүдөмүн! Демек жашоону кайра башынан башташым керек! Жаңы жер... Жаңы адамдар!.. Баары жаңы болууга тийиш!
– Кызыңызчы?
– Ага эч нерсе айта элекмин. Кайра эле Акбермет эжесине жибере турат окшойм. Кайда барарым чечиле элек, мени менен кыйналып калат го...
– Медициналык борборуңузду ким иштетет?
– Аны Мырзага белек кылам. Анткени “Исхак-Атаны” ачуу идеясын ошол жигит берген. Фонддо болсо Бактыгүл эженин эмгеги күч. Эртең нотариюст аркылуу бардыгын өткөрүп берем. ...Мен жашоого бизнес кылуу же башка иштерди бүтүрүүгө эмес, башка миссия менен келгенимди унутпашым керек экен!..

***

Айткандай эле эртеси кечке маал каарманым туугандарын кафеге чогултту. Алардын арасында Лариса эже, мен да бар экем.
– Балтыш эже, туулган күнүңүз менен куттуктайм! – деди каарманым биринчи сөздү алып, – Чынымды айтсам, биздин бүгүнкү жолугушуу сиздин туулган күнүңүзгө туура келип калганына абдан кубанычтамын! Бул мен үчүн өтө символикалуу көрүнүш! Кудайым жаныңызга кубат, денсоолук берсин эжеке! Сизге бүгүн мен өзүмдү белек кылам! Менин буга чейинки текебер мамилемди, акарат айтып, жүрөгүңүздү ооруткан күндөрүмдү кечириңиз, эже?!..
Төрдөгү алтымыштын ары жак, бери жагындагы, Алмаш эжеге саал түспөлдөшүп кеткен, бирок апасындай сөөк-саактуу, каратору апа көзүнүн жашын буурчактатып ыйлап жиберди:
– Кечирбегенде кайда барат элем, кагылайыным? ! Кечирбегенде! .. Мен Кудайдын мунусуна миң мертебе ыраазымынын, айланайын! Анан да Лариса кызыма рахмат! Алмашымдын акыл-сезимине, жүрөгүнө ырайымдуулугун, мээримин, бир тууугандык сезимин кайтарып бергениңе рахмат, кызым! Бар бол, кагылайын! Өмүрүм өткүчө ыраазымын! ..
Балтыш эже сүйлөп жатканда менин каарманым унчукпай угуп, эжесин ичи ысыгандай сүймөнчүк, мээрим менен аяй да, сүйө да тиктеп турду.
Экөөнү карап отуруп, эсиме алардын өткөн күндөрү элестеди. Жүрөгүндөгү ошондон калган таш менен музду бир аз эле убакыттардын ичинде эритип, көлкүдөгөн мээримге айлантып таштаган Алмаш айымдын айкөлдүгүнө, кудуреттүүлүгүнө таң калдым!
– Ыраазычылыгыңыз Кудайга, – деди Лариса айым Балтыш эжеге жооп кылып, – Алмаш аз күндө эле көп нерсени өздөштүрүп ала койду. Көкүрөгүнүн укмуштуудай зиректигине таң калдым. Айрым адамдар алты айлап, алты жылдап окутсаң да оңой менен илимди кабыл ала албайт. Ошого удаа эле минтип өзүнүн кетирген кемчилигин таап чыгып, ошону моюнга алып, кечирим суроонун өзү да улуулук! Мындай тазалануу бардык эле адамдын колунан келе бербейт! Мен өзүм да анын жандүйнөсү чагылгандай тездик менен калыптанаарына келерине ишенген эмесмин.
Менин каарманым ууртунан күлүмсүрөп, тамашалады:
– Ашыкча мактоо – адамды бузат. Мени кайрадан артыма жөнөтүп жибербегиле!
– Кудай сактасын, бирок “чапкан сайын эле көз чыкпаш керек!..”– деди устаты.
– Эжеке, – деди Акбермет карегиндеги ысык жашты бери кулатпоого аракет кылып, – Мен сизден кичүү болгондон кийин, мен эч качан сизди өзүмдүн алдымда күнөөлүү деп эсептебейм! Андыктан буга чейин мага кандай деген болсоңуз да, эми десеңиз да – мыйзам ченемдүү иш деп билем. Ошондуктан эч качан менден кечирим сурабаңыз?! Андан көрө байкабай таарынтып койгон болсом, мени кечириңиз?..
Андан кийин Бактыгүл айым, Мырза жигит сүйлөп, алар да ыраазчылыгын билдирип, биздин каармандын колунан документтерди кабыл алы￿ты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   gulmira96   17 Сентябрь 2014 - 01:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 122
  • Катталган: 27 Июль 13
  • Соңку аракети: 10 Дек 2020 15:00

Бирок, ушул күнү кечинде Алмакан айым дагы бир күтүүсүз коңгуроо какты:
– Алло, кайдасың?
– Жолдомун. Үйгө баратам.
– Эртең менен ишке канчада чыгасың?
– Сегизде чыгып кетем.
– Анда мен ошол убакта барып калам. Күтүп турчу, кеңеше турган иш болуп калды.
“Эмне иш?” – дегенге үлгүргөн жокмун. Телефон коюлуп калды. Айткандай эле эртең мененки сегизде эшиктен сигнал басты. Чыгып эле бешенесине карадым. Маңдайы жаркып, көңүлү куунак экен.
– “Дагы эмне болуп кетти деп жатасыңбы?” – деди жолдо күлүп.
– Эмне болуп кетти?
– Түнү менен дагы уктаган жокмун...
– Эмнеге?
– Көңүлүм жанчылып эле туруп алды... Унчукпай кетип калсам чекилик го...
– ?..
– Теңирдин: “Элге айт!” – дегенин айтпай, көкүрөгүмө көтөрүп алып, унчукпай кантип кетем да, ал жакта кантип санаам тынчып жашайм?!
– Эмне кылышыңыз керек?
– Эл менен жолугушуум керек?! Жардам бер?!
– Пресс-жыйын чакыралы дейсизби? – мен ага таң кала карагандай эле, ал дагы кайра мага суроолу тигилди:
– Болбойбу?!
– Мм... Темабыз кандай?
– “Бакиев бийликке кантип келген жана Кыргызстандын келечеги кандай болот?..”
Мен ого бетер таң калдым:
– Эмне дейсиз?!
– “Эмне” дегениң кандай? – кайра менден сурады.
– Болуптур, ошондой эле болсун дейли, жыйында сөз төркүнү эмне тууралуу болот?
– Албетте, саясат тууралуу! Президенттин бийликке келиши жөнүндө ар тараптуу айтылып жүрбөйбү, ошонун канчалык деңгээлде чындыгы бар же жок, ошол тууралуу! Эң негизгиси канткенде элдин, Кыргызстандын келечеги жакшы болот, ошол тууралуу! Бирок жолугушуу стандарттуу эмес, эркин түрүндө болушун каалайм!
Унчугушпай калдык.
– Ачык айт, жыйынды чакырып бере аласыңбы, жокпу? – деди анан.
– Ишке барып сүйлөшөлү, – дедим мен, – Башкы редактор менен да макулдашуубуз керек.
– Мага жолугушуу бүгүнкүгө керек, билесиң да эртең менен өлкөдөн чыгып кетем!
Редакцияга келгенден кийин шашылыш шефке байланышууга туура келди:
– Жедигер Ибраимович, саламатсызбы? Кечиресиз, басма сөз борборуна: “Президент бийликке кантип келген жана Кыргызстандын келечеги кандай болот?” деген темада заявка түшүп жатат...
– Ким экен?
– Алмакан Бекова деген алдын ала айтуучу.
– А эмнеге шашылыш?
– Кыргызстандан кетип жатыптыр.
– Уюштуруп көр...
Ошондон кийин шашылыш туш тарапка телефон чалынып, жалпыга маалымдоо каражаттарына заявка бериле баштады:
– Алло, саламатсызбы? “Кыргыз Туусу” басма сөз борбору тынчыңызды алып жатат... Бүгүн саат 14.00дө алдын ала айтуучу Алмакан Бекова айым жыйын өткөрөт...
Саат экиде басма сөз борбору ЖМК өкүлдөрү менен каалоочуларга толуп кетти.
– Үч мүнөттөн кийин баштайбыз, даярсызбы? – дедим каарманыма.
– Даярмын!

***

– Адегенде айтып коюшум керек, мен бул жерге өзүмдү реклама кылайын деп келген жокмун! – деди Алмакан айым жыйындын башында, өзүн жабалактай тиктеген теле-камералар менен кабарчыларга, – Анткени мага анын эч кандай зарылдыгы жок. Мен болгону гана өзүмдүн өлкөмдөн убактылуу чыгып баратып, көкүрөк-көңүлүмдү өйүгөн, мени ар дайым түйшөлткөн оюмду, Ааламдан келген аманатты айтып, анан да эл алдында аз айып, көп күнөөм үчүн кечирим сураганды эп көрдүм.
Мени өкүнткөнү, эмнегедир мен тууралуу башта: “Акаевдин көз ачыгы” деген түшүнүк жашап келсе, кийинки кездерде мен жөнүндө: “Бакиевдин көз ачыгы” деген ишеним жашап жүрөт. Жок! Эч кандай андай болгон эмес жана болбойт! Анткени, биринчиден мен эркин адаммын! Экинчиден мен Кудайдын мага берген касиетин эмне үчүн бир-эки кишинин жеке кызыкчылыгына иштетишим керек?! Башкача айтканда мен эмне үчүн бирөөнүн жеке менчигине айланышым керек?!
Ырас, мен ааламдан алган маалыматымды элге же ал кимге тишелүү болуп келсе, ошол адамга айтышым керек. Ал эми алдын ала маалымат да бекер жеринен айтылбайт. Алдыда болуучу ар кандай жамандыктардын сактануу, алдын алуу үчүн, кимдир бирөө кокус жаңылып, туура эмес жолго түшүп албашы үчүн күн мурун эскертилет. Мен болгону гана ошону жеткирген ортомчумун. Ошондой эле алдыда күтүлүп жаткан ийгиликтер, жакшылыктар да күн мурун алдын ала айтуучунун сезим-туюмуна түшүп, элдин же жеке адамдын ошого умтулуусу керек экенин эскертет!
Ошентсе да мен карапайым элден кечирим сурайм?!.. Анткени, кийинки убактарда: «Алмаш дүнүйөгө азгырылып, карапайым элден четтеп, чоңдорду гана карап калды”, – деген бир жагынан жүйөөлү дооматтарды, таарынычтарды, атүгүл мага болгон иренжүүнү угуп да, туюп да жүрөм. Ырас, мен адегенде карапайым эл менен, чакан чөйрөдө иштечүмүн. Жөнөкөй эл менен иштеген, чынымды айтсам алда канча жагымдуу жана оңой! Анткени аларда саясаттагыдай куулук-шумдук деген жок. Бирок, ошол элдин тагдыры, жашоо-шарты, атүгүл канчалык бир деңгээлде денсоолугу да саясатка, бийликке байланыштуу экендигин мен бара-бара түшүндүм. Ошондой эле саясатта, бийликте жүргөндөр да ошол жөнөкөй, элеттик адамдардын уул-кыздары, жакындары! Саясатчылар да элеттен, элдин арасынан чыгат!
Ошентип, акырындап отуруп өзүм да кантип карапайым, бей-бечара элден четтеп кеткенимди байкабай калдым.
Бирок бул кокустук же болбосо байлыкка, бийликке умтулуу эмес экендигин дагы бир жолу айтып, ошентсе да элимден кечирим сурагым келет?!..
...Сиздер менен сыр бөлүшүп отуруп, бир нерсени эсиме түшүрүп жатам. Анда Акаевдин убагы болчу. Күндөрдүн биринде Бишкек-Ош жолунда Махмуд аттуу жигит менен сапарлаш болуп калдым. Сөздөн-сөз чыгып отуруп:
– Сиз мага өтө керек адам экенсиз! Кудай үчүн жардам бериңиз, суранам?! – деп калды. Айтымыныда жигитке өз атасы керээз кылып Кудаяр хан менен Шералы хандын китебин калтырыптыр да: “Ушуну хандын ордосуна беришиң керек!” – деп катуу талап коюптур. Көрсө, китептин өзүнүн шерти ошондой экен! Китеп жөнөкөй китеп эмес, жогоруда аталган эки хандан калган ыйык китеп экен! Анын барактарын ушаласаң айрылбайт, боегун сууга жуусаң өчпөйт. Узун-туурасы кулач болгон, тамгалары алтындын буусуна кармалган, хандардын мөөрү басылган китеп!
Китептин биринчи бетинде: “Бул китеп хандын ордосунда турсун. Китеп сатылбасын жана саткан адамга жаназа түгөнсүн! ” – деген жазуу бар экен. Махмуддун ата-бабаларынын айтып кеткенине караганда китеп канчалаган азаптар менен сакталыптыр. Анын изине түшүп, тарыхын сүрүштүрүп, издеп таап келип: “Тартып алам, сатып алам” дегендер болуптур жана бар экен!
– Аталардын керээзин аткарбай калуудан корком, жардам кылыңыз! – деди Махмуд. Китеп ал кезде Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдо сакталуу туруптур.
Ошентип, биз аны Аскар Акаевге жеткирмей болдук. Бирок, экс-президент китепти, башкача айтканда ырыскыны алуудан баш тартты! Китеп кеминде алты, жети ай Болот Жанузаковдун кабинетинде турду да, бир күнү ал киши: “Аскар Акаевич: “Кудаяр деген качып кеткен хан, мен ал кишинин китебини албайм!” деди”, – деп кайра берди. “Демек, айтып коюңуз, эртеби, кечпи алар дагы элинен качып кетишет!” – дедим. Бул маалыматты мага ошол жерден оозума сала берди окшойт. Албетте, менин бул сөзүм аларга жаккан жок. Ошентип, китепти кайра алып кеттик да, ал көпкө чейин колубузда туруп калды. Ошондон киийн менде: “Китеп хандын ордосунда туруш керек экен. Президент го албай койду. Анда мунун орду кайда?” – деген түйшөлүү пайда болду. Бул табышмактын жообун ал кезде дароо таба коюу мүмкүн эмес эле.
Ошентсе да “изденүүм” керек болду. Анткени, айланамдагылар алдын ала айтуучу катары менден жооп күтүп калышты.
Бирок, Кудай бул жолу да мени куру койгон жок. Эстутумга бир илинчек илди! Мен ичимде анын ээсин таптым, болочок ханды көрдүм!.. Башкача айтканда мен болочок ханды алда канча жыл мурун эле билген экемин! Ал мындайча болгон:
Анда айылда адам көрөт элем. Бир күнү мага ушунчалык алпейим, жөнөкөй, бирок көкүрөгү таза, улгайган адам келди да, дарыланып калды. Ара чолодо анан уулдарын айтып, келечегин көрүп берүүмдү сурады. “Бир уулум губернатор”, – деди карыя. Көрсө ал – кадимки Курманбек Салиевич экен. “Сали ата, ушул уулуңуздун хан боло турган түрү бар экен!” – дедим! Ата ишендиби, жокпу, бирок жакшы сөзгө кубанып, ичинен бир кудуңдап алгандай болду да: “Хан болсо да, болбосо да аман болсун”, – деген болду.
Бирок көргөн-укканыңдын баары эле эсиңде кала бердейт. Ал тууралуу унутуп деле калыпмын. Кийин шаарга келип, Бекен Назаралиев деген журналистке кезигип калдым. Кудай жол ачып, болочок президентке же айтсын дедиби, Бекен мага: “Курманбек Салиевичке кирип чыгалычы,” – деп сунуш кылып калды. Кирдик. Киргенде эле оозума ушул келди: “Ака, мен сизден премьерликти көрүп жатам!” Ал киши ишенген жок. Тек гана жылмайып, күлүп койду.
Премьер болгон кезинде болсо атайын эле издеп бардым. Анда жанымда бир тыйын акчам жок, болгон алтын-күмүшүмдү ломбардга өткөрдүм да, ЦУМга кирип, хандар көтөрчү чокмор, таттуу-тарапа сатып алдым. “Ата келиним орус деди эле, ырым-жырымды түшүнөөр бекен?” – деп санааркап бардым чынында. Бирок Курманбек Салиевич кыргыздын салтын, ырым-жырымын билет экен. “Таттуулук болсун!” – деп конфет чачсам, манчыркаган жок, башкаларды да чакырып, терип алды. Анан көргөнүмдү элеттикче эле минтип айттым: “Ака, Кудайым түштүктөн вазирликти аяган эмес! Ошондуктан мен сиздин вазир болгонуңузга сүйүнүп жаткан жокмун! Мен сизден хандыкты көрүп жатам! Ошондуктан мына бул, хандар кармачу чокморду алып келдим!” Анда деле ал киши мага ишенген жок, бирок күлүп койду да, белегин алып, тегерете карап туруп: “Мен муну китептен эле окучу элем”, – деди.
Бирок, кийин иштен кетип, депутаттыкка да жолтоолуктар болуп, куугунтукка алынган кезде мен туюп эле жаттым: “Курманбек Салиевич мени калпычы деп ойлоп жатат! Жок, анын келечеги ачык. Андыктан алдыга гана умтулушу керек!” – деп, ошону жеткире албай, ал кишиге жолугууга мүмкүнчүлүк таппай, канча убакыт кыйналдым. Бир күнү анан эл менен жолугушуу өткөрүп жаткан жерге бардым да: “Сиз алдыга гана умтулушуңуз керек!” – дегенге жетишип калдым.
Анткени, качан адамдын өзүнө карата ишеними азайган сайын, аны тегеректеген кара күчтөр (тоскоолдуктар) ошончолук кубаттанышат. Бирок, биз бир нерсени унутпашыбыз керек, канчалык карама-каршылыктар болгон менен, адам баласынын бешенесине Кудайым эмнени жазып койсо эртеби, кечпи, баары бир ал орундалат. Андан эч ким, эч жакка качып кутула албайт! Муну менен мен эмнени айтайын деп жатам? Азыр да Бакиевдин Президент болушун ар кандай жоромолдогондор болуп жатпайбы! Жок, дегим келет элге, андай эмес! Албетте, падышачылык мындан ары ушул гана кишиге буюрган деп айтпайм, бирок анын бешенесинде: “Хан болосуң!” – деген буйрук, жазуу бар! Ал эми анын тегерегиндеги майда карама-каршылыктар боло берет, бирок бекер убарачылык. Мен ушуну айтам деп канчалардан кагуу жедим, жаман көрүндүм. “Бул Бакиевдин жалданган көз ачыгы! Акчага сатылган! ” – деген сөздөрдү уктум! Ушул сыяктуу ишенимсиз мамилелер мени жаман жүдөтүп жиберди!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   gulmira96   17 Сентябрь 2014 - 01:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 122
  • Катталган: 27 Июль 13
  • Соңку аракети: 10 Дек 2020 15:00

Бирок, ушул күнү кечинде Алмакан айым дагы бир күтүүсүз коңгуроо какты:
– Алло, кайдасың?
– Жолдомун. Үйгө баратам.
– Эртең менен ишке канчада чыгасың?
– Сегизде чыгып кетем.
– Анда мен ошол убакта барып калам. Күтүп турчу, кеңеше турган иш болуп калды.
“Эмне иш?” – дегенге үлгүргөн жокмун. Телефон коюлуп калды. Айткандай эле эртең мененки сегизде эшиктен сигнал басты. Чыгып эле бешенесине карадым. Маңдайы жаркып, көңүлү куунак экен.
– “Дагы эмне болуп кетти деп жатасыңбы?” – деди жолдо күлүп.
– Эмне болуп кетти?
– Түнү менен дагы уктаган жокмун...
– Эмнеге?
– Көңүлүм жанчылып эле туруп алды... Унчукпай кетип калсам чекилик го...
– ?..
– Теңирдин: “Элге айт!” – дегенин айтпай, көкүрөгүмө көтөрүп алып, унчукпай кантип кетем да, ал жакта кантип санаам тынчып жашайм?!
– Эмне кылышыңыз керек?
– Эл менен жолугушуум керек?! Жардам бер?!
– Пресс-жыйын чакыралы дейсизби? – мен ага таң кала карагандай эле, ал дагы кайра мага суроолу тигилди:
– Болбойбу?!
– Мм... Темабыз кандай?
– “Бакиев бийликке кантип келген жана Кыргызстандын келечеги кандай болот?..”
Мен ого бетер таң калдым:
– Эмне дейсиз?!
– “Эмне” дегениң кандай? – кайра менден сурады.
– Болуптур, ошондой эле болсун дейли, жыйында сөз төркүнү эмне тууралуу болот?
– Албетте, саясат тууралуу! Президенттин бийликке келиши жөнүндө ар тараптуу айтылып жүрбөйбү, ошонун канчалык деңгээлде чындыгы бар же жок, ошол тууралуу! Эң негизгиси канткенде элдин, Кыргызстандын келечеги жакшы болот, ошол тууралуу! Бирок жолугушуу стандарттуу эмес, эркин түрүндө болушун каалайм!
Унчугушпай калдык.
– Ачык айт, жыйынды чакырып бере аласыңбы, жокпу? – деди анан.
– Ишке барып сүйлөшөлү, – дедим мен, – Башкы редактор менен да макулдашуубуз керек.
– Мага жолугушуу бүгүнкүгө керек, билесиң да эртең менен өлкөдөн чыгып кетем!
Редакцияга келгенден кийин шашылыш шефке байланышууга туура келди:
– Жедигер Ибраимович, саламатсызбы? Кечиресиз, басма сөз борборуна: “Президент бийликке кантип келген жана Кыргызстандын келечеги кандай болот?” деген темада заявка түшүп жатат...
– Ким экен?
– Алмакан Бекова деген алдын ала айтуучу.
– А эмнеге шашылыш?
– Кыргызстандан кетип жатыптыр.
– Уюштуруп көр...
Ошондон кийин шашылыш туш тарапка телефон чалынып, жалпыга маалымдоо каражаттарына заявка бериле баштады:
– Алло, саламатсызбы? “Кыргыз Туусу” басма сөз борбору тынчыңызды алып жатат... Бүгүн саат 14.00дө алдын ала айтуучу Алмакан Бекова айым жыйын өткөрөт...
Саат экиде басма сөз борбору ЖМК өкүлдөрү менен каалоочуларга толуп кетти.
– Үч мүнөттөн кийин баштайбыз, даярсызбы? – дедим каарманыма.
– Даярмын!

***

– Адегенде айтып коюшум керек, мен бул жерге өзүмдү реклама кылайын деп келген жокмун! – деди Алмакан айым жыйындын башында, өзүн жабалактай тиктеген теле-камералар менен кабарчыларга, – Анткени мага анын эч кандай зарылдыгы жок. Мен болгону гана өзүмдүн өлкөмдөн убактылуу чыгып баратып, көкүрөк-көңүлүмдү өйүгөн, мени ар дайым түйшөлткөн оюмду, Ааламдан келген аманатты айтып, анан да эл алдында аз айып, көп күнөөм үчүн кечирим сураганды эп көрдүм.
Мени өкүнткөнү, эмнегедир мен тууралуу башта: “Акаевдин көз ачыгы” деген түшүнүк жашап келсе, кийинки кездерде мен жөнүндө: “Бакиевдин көз ачыгы” деген ишеним жашап жүрөт. Жок! Эч кандай андай болгон эмес жана болбойт! Анткени, биринчиден мен эркин адаммын! Экинчиден мен Кудайдын мага берген касиетин эмне үчүн бир-эки кишинин жеке кызыкчылыгына иштетишим керек?! Башкача айтканда мен эмне үчүн бирөөнүн жеке менчигине айланышым керек?!
Ырас, мен ааламдан алган маалыматымды элге же ал кимге тишелүү болуп келсе, ошол адамга айтышым керек. Ал эми алдын ала маалымат да бекер жеринен айтылбайт. Алдыда болуучу ар кандай жамандыктардын сактануу, алдын алуу үчүн, кимдир бирөө кокус жаңылып, туура эмес жолго түшүп албашы үчүн күн мурун эскертилет. Мен болгону гана ошону жеткирген ортомчумун. Ошондой эле алдыда күтүлүп жаткан ийгиликтер, жакшылыктар да күн мурун алдын ала айтуучунун сезим-туюмуна түшүп, элдин же жеке адамдын ошого умтулуусу керек экенин эскертет!
Ошентсе да мен карапайым элден кечирим сурайм?!.. Анткени, кийинки убактарда: «Алмаш дүнүйөгө азгырылып, карапайым элден четтеп, чоңдорду гана карап калды”, – деген бир жагынан жүйөөлү дооматтарды, таарынычтарды, атүгүл мага болгон иренжүүнү угуп да, туюп да жүрөм. Ырас, мен адегенде карапайым эл менен, чакан чөйрөдө иштечүмүн. Жөнөкөй эл менен иштеген, чынымды айтсам алда канча жагымдуу жана оңой! Анткени аларда саясаттагыдай куулук-шумдук деген жок. Бирок, ошол элдин тагдыры, жашоо-шарты, атүгүл канчалык бир деңгээлде денсоолугу да саясатка, бийликке байланыштуу экендигин мен бара-бара түшүндүм. Ошондой эле саясатта, бийликте жүргөндөр да ошол жөнөкөй, элеттик адамдардын уул-кыздары, жакындары! Саясатчылар да элеттен, элдин арасынан чыгат!
Ошентип, акырындап отуруп өзүм да кантип карапайым, бей-бечара элден четтеп кеткенимди байкабай калдым.
Бирок бул кокустук же болбосо байлыкка, бийликке умтулуу эмес экендигин дагы бир жолу айтып, ошентсе да элимден кечирим сурагым келет?!..
...Сиздер менен сыр бөлүшүп отуруп, бир нерсени эсиме түшүрүп жатам. Анда Акаевдин убагы болчу. Күндөрдүн биринде Бишкек-Ош жолунда Махмуд аттуу жигит менен сапарлаш болуп калдым. Сөздөн-сөз чыгып отуруп:
– Сиз мага өтө керек адам экенсиз! Кудай үчүн жардам бериңиз, суранам?! – деп калды. Айтымыныда жигитке өз атасы керээз кылып Кудаяр хан менен Шералы хандын китебин калтырыптыр да: “Ушуну хандын ордосуна беришиң керек!” – деп катуу талап коюптур. Көрсө, китептин өзүнүн шерти ошондой экен! Китеп жөнөкөй китеп эмес, жогоруда аталган эки хандан калган ыйык китеп экен! Анын барактарын ушаласаң айрылбайт, боегун сууга жуусаң өчпөйт. Узун-туурасы кулач болгон, тамгалары алтындын буусуна кармалган, хандардын мөөрү басылган китеп!
Китептин биринчи бетинде: “Бул китеп хандын ордосунда турсун. Китеп сатылбасын жана саткан адамга жаназа түгөнсүн! ” – деген жазуу бар экен. Махмуддун ата-бабаларынын айтып кеткенине караганда китеп канчалаган азаптар менен сакталыптыр. Анын изине түшүп, тарыхын сүрүштүрүп, издеп таап келип: “Тартып алам, сатып алам” дегендер болуптур жана бар экен!
– Аталардын керээзин аткарбай калуудан корком, жардам кылыңыз! – деди Махмуд. Китеп ал кезде Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдо сакталуу туруптур.
Ошентип, биз аны Аскар Акаевге жеткирмей болдук. Бирок, экс-президент китепти, башкача айтканда ырыскыны алуудан баш тартты! Китеп кеминде алты, жети ай Болот Жанузаковдун кабинетинде турду да, бир күнү ал киши: “Аскар Акаевич: “Кудаяр деген качып кеткен хан, мен ал кишинин китебини албайм!” деди”, – деп кайра берди. “Демек, айтып коюңуз, эртеби, кечпи алар дагы элинен качып кетишет!” – дедим. Бул маалыматты мага ошол жерден оозума сала берди окшойт. Албетте, менин бул сөзүм аларга жаккан жок. Ошентип, китепти кайра алып кеттик да, ал көпкө чейин колубузда туруп калды. Ошондон киийн менде: “Китеп хандын ордосунда туруш керек экен. Президент го албай койду. Анда мунун орду кайда?” – деген түйшөлүү пайда болду. Бул табышмактын жообун ал кезде дароо таба коюу мүмкүн эмес эле.
Ошентсе да “изденүүм” керек болду. Анткени, айланамдагылар алдын ала айтуучу катары менден жооп күтүп калышты.
Бирок, Кудай бул жолу да мени куру койгон жок. Эстутумга бир илинчек илди! Мен ичимде анын ээсин таптым, болочок ханды көрдүм!.. Башкача айтканда мен болочок ханды алда канча жыл мурун эле билген экемин! Ал мындайча болгон:
Анда айылда адам көрөт элем. Бир күнү мага ушунчалык алпейим, жөнөкөй, бирок көкүрөгү таза, улгайган адам келди да, дарыланып калды. Ара чолодо анан уулдарын айтып, келечегин көрүп берүүмдү сурады. “Бир уулум губернатор”, – деди карыя. Көрсө ал – кадимки Курманбек Салиевич экен. “Сали ата, ушул уулуңуздун хан боло турган түрү бар экен!” – дедим! Ата ишендиби, жокпу, бирок жакшы сөзгө кубанып, ичинен бир кудуңдап алгандай болду да: “Хан болсо да, болбосо да аман болсун”, – деген болду.
Бирок көргөн-укканыңдын баары эле эсиңде кала бердейт. Ал тууралуу унутуп деле калыпмын. Кийин шаарга келип, Бекен Назаралиев деген журналистке кезигип калдым. Кудай жол ачып, болочок президентке же айтсын дедиби, Бекен мага: “Курманбек Салиевичке кирип чыгалычы,” – деп сунуш кылып калды. Кирдик. Киргенде эле оозума ушул келди: “Ака, мен сизден премьерликти көрүп жатам!” Ал киши ишенген жок. Тек гана жылмайып, күлүп койду.
Премьер болгон кезинде болсо атайын эле издеп бардым. Анда жанымда бир тыйын акчам жок, болгон алтын-күмүшүмдү ломбардга өткөрдүм да, ЦУМга кирип, хандар көтөрчү чокмор, таттуу-тарапа сатып алдым. “Ата келиним орус деди эле, ырым-жырымды түшүнөөр бекен?” – деп санааркап бардым чынында. Бирок Курманбек Салиевич кыргыздын салтын, ырым-жырымын билет экен. “Таттуулук болсун!” – деп конфет чачсам, манчыркаган жок, башкаларды да чакырып, терип алды. Анан көргөнүмдү элеттикче эле минтип айттым: “Ака, Кудайым түштүктөн вазирликти аяган эмес! Ошондуктан мен сиздин вазир болгонуңузга сүйүнүп жаткан жокмун! Мен сизден хандыкты көрүп жатам! Ошондуктан мына бул, хандар кармачу чокморду алып келдим!” Анда деле ал киши мага ишенген жок, бирок күлүп койду да, белегин алып, тегерете карап туруп: “Мен муну китептен эле окучу элем”, – деди.
Бирок, кийин иштен кетип, депутаттыкка да жолтоолуктар болуп, куугунтукка алынган кезде мен туюп эле жаттым: “Курманбек Салиевич мени калпычы деп ойлоп жатат! Жок, анын келечеги ачык. Андыктан алдыга гана умтулушу керек!” – деп, ошону жеткире албай, ал кишиге жолугууга мүмкүнчүлүк таппай, канча убакыт кыйналдым. Бир күнү анан эл менен жолугушуу өткөрүп жаткан жерге бардым да: “Сиз алдыга гана умтулушуңуз керек!” – дегенге жетишип калдым.
Анткени, качан адамдын өзүнө карата ишеними азайган сайын, аны тегеректеген кара күчтөр (тоскоолдуктар) ошончолук кубаттанышат. Бирок, биз бир нерсени унутпашыбыз керек, канчалык карама-каршылыктар болгон менен, адам баласынын бешенесине Кудайым эмнени жазып койсо эртеби, кечпи, баары бир ал орундалат. Андан эч ким, эч жакка качып кутула албайт! Муну менен мен эмнени айтайын деп жатам? Азыр да Бакиевдин Президент болушун ар кандай жоромолдогондор болуп жатпайбы! Жок, дегим келет элге, андай эмес! Албетте, падышачылык мындан ары ушул гана кишиге буюрган деп айтпайм, бирок анын бешенесинде: “Хан болосуң!” – деген буйрук, жазуу бар! Ал эми анын тегерегиндеги майда карама-каршылыктар боло берет, бирок бекер убарачылык. Мен ушуну айтам деп канчалардан кагуу жедим, жаман көрүндүм. “Бул Бакиевдин жалданган көз ачыгы! Акчага сатылган! ” – деген сөздөрдү уктум! Ушул сыяктуу ишенимсиз мамилелер мени жаман жүдөтүп жиберди!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   gulmira96   17 Сентябрь 2014 - 01:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 122
  • Катталган: 27 Июль 13
  • Соңку аракети: 10 Дек 2020 15:00

Суроо (КР Улуттук төл гезити – “Кыргыз Туусунан”):

– Кечиресиз, жана бир китеп тууралуу айтып келаттыңыз эле, ал азыр кайда?

– Акаев албай койгон китеп, Бакиевге буюруптур! Ал киши тактыга отургучакты биз аны үйдө сактадык да, а кийин аны ак кийизге ороп, журттун жаңы жетекчисине көтөрүп кирдик. Ал киши Кудайдын белегин жакшынакай болуп кабыл алды. Башкача айтканда бул ыйык кут анын кудурет-кубатын ого бетер арттырды.
Дагы бир кызык нерсе бар. Бир күнү Кадамжайдын райондук ооруканасында терапевт болуп иштеген Бүзейнеп Абдрасулова аттуу курбум жолугуп:
– Өгүнү өтө карыган бир орус байбиче ооруканага түштү, – дейт, – Бүжүңдөп, бир нерселени эле ороп-чулгап ката берет эле. Бир күнү анан мени чакырып: “Кызым, ушуну сага аманат калытрайын. Ээсине берип коёсуңбу?” – деди чүпүрөккө оролгон бир нерсени кармалап отуруп. Чыны менен оорусу өтүшүп кеткен, анын үстүнө абдан кары адам эле, ошентсе да: “Апа, ал эмне дегениңиз, өзүңүз эле бериңиз да. Жакшы болуп калбадыңызбы! ” – деп көңүл уласам: “Жок! – деди курчу кеткен көздөрүн бүлбүлдөтө акырын ачып-жумуп, – Өлөөрүм калды, өсөөрүм калган жок! Мени калп жубатпай, андан көрө мына бул ыйык китепти болочок падышага беришиң керек. Бирок анын ким экенин өзүм да билбей кетип баратам!.. Бир билгеним, мага түшкөн аянга караганда, анын аялы орус болуш керек!.. Суранам, кызым, ушул китепти ага сөзсүз берип кой?!..”
Ошондон киийн бат эле кемпир өтүп кетти. Китеп болсо дагы эле менде турат, курбум. Мага караганда кыйынсың го, эл аралап жүрөсүң дегеним! Эптеп бир айласын тапчы?! Түшүмө да кирчү болду, ошол кемпир!..

Ал кез Акаевдин убагы, менин да элге анчалык аралаша элек, болочок падышанын атасына да кезиге элек кезим болчу. Кийин деле көпкө чейин: “Кимиснини аялы орус болду экен?” – деп ойлоп, жооп таба алчу эмесмин. Акыры ошол орус байбиче айткан кереметтүү китеп да айланып келип Курманбек Салиевичке тийди.
Бул белектер, чынында Кудайдан келген белек – асмандан түшкөн кут! Ошону кармап, тутуп калган адамдын зоболосу бийиктейт. Эгерде шайтан “кытыгылабаганда” бул энчи Аскар Акаевичке деле тийип калмак! Бирок жаңылып жатканын, айланасындагы адамдардын алдоосуна арбалып жатканын ал киши анда байкабай калды.

Суроо (“Вечерний Бишкек” гезити):

– Кыргызстандын кийинки Президенти ким болорун айта аласызбы?

– Айта алам. Ал киши азыркы оппозициянын арасында жок! Деги эле учурда ал Кыргызстанда эмес. Бирок кийинки Президент жаш, абдан билимдүү, акылдуу чыгат!

Суроо (Улуттук теле-радиодон):

– Кечиресиз, Сизге атайын барып, акылдашып турган саясатчылар барбы?

– Бар. Жаңылбасам мага келбеген, менден келечегин, ишин сурабаган саясатчы аз. Бирок, менин өкүнгөнүм, алардын көбү мага өздөрү келишет, өздөрү сурашат. Бирок көрүп турганыңды ачык айтсаң, ишенишпейт. Тескерисинче жаман көрүп, душман тутуп кетишет! Мисалы, өгүнү эски парламенттен бир экс-депутат мырза келди. “Алдыда көп өзгөрүүлөр күтүп жатат. Ошонун бири – Парламент тарайт!” – десем мени жек көрүп, эшикти “тарс!” жаап кеткен. Кийин чалып: “Жалганчы экенсиз! Тарабай эле иштеше турган болдук!” – деп мени табалагандай, шылдыңдап күлүп, трубканы таштап койду эле... Мына эми, “төө кыядан өтүп кеткенден кийин” ишенип жаткандыр. Бирок ошондо чычалабай, жагдайга жараша иштесе, иштери азыркыдан алда канча жакшы болмок.

Суроо (НТС телеканалы):

– Феликс Кулов менен кандай кызматташтыгыңыз бар?

– Эгемендиктин алгачкы жылдары болчу. Анда мен Ошто иштеп жүрөт элем. Ошол убакта Бишкекте көзү ачыктар менен элдик дарыгерлердин конкурсу өтүп, Кудайдын буйругу менен мен да катышып, дубакөйлүк боюнча бир топ атаандаштарымдан озуп, ийгиликтин алдыңкы сабына чыктым. Ошондон кийин сиздер сыяктуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү келишип, теле-радио, гезит-журналдар аркылуу элге жарыя салышты. Ошондой маалыматтардан улам айтылуу жазуучу агабыз Төлөгөн Касымбеков байбичесин көрсөткөнү алып келди. Феликс Куловго кийин ошол Төлөгөн аганын шарапаты менен кезиктим. Кулов анда губернатор болчу. Менде бир кызыктай мүнөз бар, дилиме сала берген аянды ичиме эч катып кала албай, дароо эле “балп!” эттире айтып таштап, өзүм кайра өкүнүп калам. Айтпай, сыр кылып сактап алууга анткени күчүм жетпейт. Бул – менин эркимден тышкаркы иш. Анда да Феликс мырзаны көрүп эле: “Сизди КГБ күтүп жатат!” – деп жиберипмин. Ал киши анда кыргызча чала түшүнөт эле, мен орусча чаламын. Ишенип-ишенбей, кызыктай эле карап калды. Кийин айткандай эле КГБга барды да, жардамчысын жиберип, чакырткан экен. Ошентип, туз буйруп кайра да кезигиштик. “Карындашым, баягы айтканыңда ишенген жок элем. Мына эми... сен айткандай болду” – деди. “Эми мен сизди Мэриядан көрүп жатам, Феликс ага!” – дедим. Ал эмнегедир кызыктай болуп кетти. Ишенер-ишенбесин билбей тургансыды. Бирок бир ооз каяша же ыраазычылык айткан жок.

А кийин, мэрияга барганында чакыртпай эле өзүм бардым да: “Эми сизди алдыда түрмө күтүп жатат, Феликс ака!” – деп айтып алганымчы! Ал кезде кыргызча түшүнүп, кадимкидей сүйлөп да калган: “Ушуну айтпай эле койсоң болмок, карындашым! ” – деп тегеренип кетти. Өзүм да жаман акыбалга келе түштүм да, чыгып кеттим. Ошондон кийин ал кишиден качып, алыстай баштадым...

Бирок анын акыры акталып, атүгүл бийликке келерин да кийин, ал камакта отурган кезде басма сөз беттери аркылуу айтып жүрдүм. Анда да эч ким ишенген эмес! “Республика” гезитине чыккан интервьюмду окуп, ошол эле эски бийликтин өкүлдөрү мени шылдыңдап, келекелеп күлүп жүрүшкөн. Мындай учурлар мага чынында эле оор тийчү. Кийинчерээк бардыгын таштап, бизнеске өтүп кеткенимдин себеби да ошол сыяктуу мамилелер болгон.

Суроо (“5-телеканалы”):

– Алмакан айым, сиз кандай ойлойсуз, Кыргызстандын келечеги кандай болот?

– Эң жакшы болот! Бирок качан? Качан элдин пейли оңолгондо! Ынтымак бекемделип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарганда! Бири-бирин аңдып-күтпөй, бири-бирине жакшылык каалап, колдон-буттан алып, бир максатка умтулганда! Эл түштүк-түндүк болуп экиге бөлүнбөй, бир эл экенин билгенде! Бирок карапайым элди ошол эле бийликке умтулган саясатчылар бузуп жатат. Болбосо, өзүңүздөр билесиздер, бизде башка өлкөлөргө салыштырмалуу, байый турган мүмкүнчүлүктөр эң эле көп! Анан да учурда элдин эң билимдүү, эң акыл-сезимдүү жаштары кара жанын багыш үчүн чет өлкөлөргө кетип жатышат. Эгерде аларга өз өлкөсүндө иш жана колдоо болгондо, анын ар бири өлкөнүн өнүгүшү үчүн өз акыл-күчүн жумшаганда, өсүү темпибиз ого бетер ылдамдайт болчу.

Суроо (ЭлТР коомдук телеканалы):

– Сиз чет өлкөгө акча табуу үчүн баратасызбы?

– Жок. Мага бийлик дагы, байлык дагы эч кандай кызык эмес! Жашоого мен жылаңач келгем, качандыр бир жылаңач кетем! Менин байлыгым – элим, жерим! Анан да Жаратканым пендем десе, өзү берген кудуреттен айырбасын!
“Атаң барда – Эл тааны, атың барда – Жер тааны” дейт эл. Колумдан келсе, бир-эки эле чет өлкөнү эмес, ааламды чарк айланып, Жер шарын бүтүн тегеренип, ушул күнгө чейин мен эле эмес, али эч ким чечмелей албай келаткан аалам сырын издейт элем...

***

Түн ортосунда мобилдик телефон аркылуу каарманымдан билдирүү алдым: “Коштошпой кетип калганым үчүн таарынба. Шашылып калдым. Буюрса баардыгы жакшы болот! Кайрылып кайра жолукканга чейин кайыр кош! Алмаш».

(Биринчи китептин аягы)



© Исабаева Ж., 2011. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   Belmonda   17 Сентябрь 2014 - 02:43

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 17 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2021 08:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Корунбойт экен

Ой рахмааат эжекеси :suyuu:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   meri6ka   18 Сентябрь 2014 - 07:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 063
  • Катталган: 10 Февраль 13
  • Соңку аракети: 09 Янв 2022 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Город зеленого цвета...

Мына 2 кундон бери окуйм эле окуйм, эми аягына чыкпадымбы.



Я буду терпеливым,
Я стану повторять:
Чтобы быть счастливым,
Нужно уметь ждать



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   belka   12 Июль 2016 - 20:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Бакиевдин бийлигинин тушунда жазылган чыгарма окшойт ээ?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   nasik198   05 Сентябрь 2016 - 22:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 10 Апрель 13
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:31

Экинчи китеби да бар бекен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 27 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 27, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 25 Июл 2025 09:35

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: