Жол четинде турган кара көз кыз жанына токтогон машинеге бейкапар карап койду.
- Саламатсызбы,
чоң кыз?-деди алдыда отурган арык жигит киркирей. Арыктыгынан тырышып, мойну кыржыйган жигит машинеден жарымына чейин чыгып жагымсыз күлүмсүрөдү.
Аралыгы бир топ эле алыс болсо да арактын жыты "бур-р"
эте кыздын каңылжаарын өрдөп кетти.
- Саламатчылык,
-деди кыз жактыра бербей текилдеп.
- Айланып келбейлиби?
- Мен үйүмө баратам.
- Мүмкүн, биз сизди түбөлүк үйүңүзгө жеткирип коёрбуз.
- Рахмат, өз үйүмдү өзүм таба алам,-деди кыз жактырбаганы жүзүнө чыга тырсылдап.
- Капырай, бул кыз али босогосун аттай элек өз үйүн билет экен,-деп артына карады эле, артында отурган эки жигит укмуш бир күлкүлүү сөз уккандай бейжай каткырышты.
- Чоң кыз, азырынча билбейсиз, биз жеткирген күндөн баштап билесиз, - деди артта отурган бирөөсү. "Булар эмнени айтып эле келжиреп жатат, мастын сөзү болчу беле" деп ойлогон кыз артта келаткан маршрутка карай басты. Ошол учурда машинеден эки жигит капыл-тапыл түшө калып кызды колтуктай дегдеңдетип эшиги ачык турган машинеге карай сүйрөп калышты.
- Эмне болуп жатасыңар, коё бергиле! - Коркуп кеткен кыз кыска чаңырып жиберди. "Өлдүм, маньяктар го" деген ой башына чагылгандай келди да, анан бул суук ойдон буттары муздап кетти.
- Чоң кыз, коркпо, машинеге отурсаң, бир кеп бар,-деди жанагы оозунан арак сасыган арык жигит. Бою да узун экен тартайып.
- Коё бер, акмак, сени менен сүйлөшө турган сөзүм жок!-деди калчылдаган кыз. Өтүп барып токтогон маршруттагы адамдардын баары жулкулдашкан үчөөнү бейкапар карап коюп өтүп кетишти. Бир адам бул кызды эки жигит эмнеге тарткылап жатат деп кызыгып койгон жок. Чырылдаган кызды экөө бүктөй кармап машинеге салды да, зуулдата айдап кетишти.
- Мени кайда алып баратасыңар?
-деди кыз коркконунан үнү титиреп.
- Коркпо, чоң кыз, биз сени бактылуу кылалы деп чечтик,-деди жанатан бери бир сөз сүйлөбөй, эч нерсеге аралашпай үнсүз отурган рулдагы жигит.
- Кандай бакыт? Адамды минтип бактылуу кылбайт, байке. Сиз соо экенсиз, айтыңызчы буларга, коё беришсин. Арты жаман болот,-деди кыз чырылдап.
- Кимди кандай бактылуу кылат билбейм, мен сени ушинтип бактылуу кылам. Биз сени алып качып баратабыз. Унчукпай отур, болбосо баары теңирден тескери болуп кетиши мүмкүн,-деди токтоо. Кыз коркуп кетти. "Чын эле унчукпай отурайынчы,
алып качып барган жеринен отурбай келе берем" деп ойлогон кыз оозун баса буулугуп ыйлап унчукпай калды. Жанындагылар калжыңдап эле бирдемелерди сүйлөп атышты. Унчукпоого да түтпөй кеткен кыз бир аздан кийин кайра:
- Кимге алып качып баратасыңар?
-деди акырын.
- Мага,-деди рулдагы жигит.
- Бул досум бүгүн сүйгөн кызы менен урушуп кетти. Кыз деген толтура, туурабы? Мына, мисалы, сен деле ничего экенсиң, досума жарайсың...
- Сен өз чарбаңды кыл, мен сени личный маалымат бер деген эмесмин, кыз алып качканга жардам бер дегем, туурабы?-деди айдоочу жигит досун күзгүдөн жекире карап. Тиги соолуга түшүп:
- Болду, досуке, болду, мен уктадым,-деди шыпылдап. Кыз ушул азыр бирдеме дейт го деп ойлогон. Бирок айдоочу андан ары сөзүн уланткан жок. Куду кызды унутуп калгандай тунжурай рулду карыша кармап, жолдон көз албай катуу айдап баратты.
- Атың ким?-деди анан бир топ баргандан кийин.
- Айсулуу...
- Меники Муса, сен коркпо, баары жакшы болот, Айсулуу. Мен жакшы жигитмин, болгону кичине көктүгүм бар,-деди суз.
- Көктүгүңүздөн сүйгөн кызыңызга өчөшүп мени ала качып баратасызбы?
- Айсулуу канчалык карманайын десе да, ыйга тумчуга үнү каргылданып кетти.
- Сага жаккан жокмунбу?
- Менин да өз оюм, каалоо-тилектерим бар, байке.
- Бүгүндөн баштап ошол каалоо-тилектерим аткарылат деп ишене бер.
- Менин каалоо-тилектерим сизге эмес, башка адамга байланышкан.
- Меники да башка адамга байланышкан болчу, ушул сааттан баштап бири-бирибизге байланышты.
Бул тема бүттү, Айсулуу, башка козгобо,-деди өктөм. Айсулуу ичинен кайнап турса да тигинин сүрүнөн, жат адамдардын арасында жалгыз экенин эстеп өз абийиринен коркуп унчукпай буулугуп ыйлады.
- Ыйла, ыйлап ал, анан ыйлачу болбо. Азыр анан кетип калам деп ойлоп бараткан чыгаарсың. Эсиңде болсун, эч кайда кетпейсиң. Кел, бир жолу тобокел кылып көрөлү,-деди кызды алдап жаткандай жумшак үн менен.
- Мен тобокелчил эмесмин, байке, башка кызды тандасаңыз болмок.
- Мен тандаган кыз менин оюмду түшүнбөдү, тилегимди колдой албады, анан тандабай туруп биринчи жолуккан кызга үйлөнүүнү чечтим. Биринчи жолуккан кыз сен болдуң.
- Бул тагдыр, байке, ойнобойлу...
- Мен ойногон жокмун, тагдырдын жолу менен эле баратам. Эгер кетем десең, сен ойногон болосуң. Баса, сенин тилек-каалоолоруң кимге байланыштуу,
билсем болобу?-деди күзгүдөн качыра карап. Кыз не дээрин билбей калды. Ушул күнгө чейин бир да адам менен каалоо-тилегин байланыштырбаптыр.
Аны ушу азыр ойлоп алып, кандай сөз айтарын билбей аптыга түштү. Муса ууртунан жагымдуу жылмайды. Көргөндөн бери жигиттин жылмайганы ушул. Жылмаюу кара сур келген буудай өңүнө абдан жарашат экен.
- Көрдүңбү, эч кимиң жок, анан куру эле кыз каадасын кылып ыйлактай бересиңби? Кел, сүйлөшүп алалы, Айсулуу, сага жакканга аракет кылайын деген деле ниетим жок, бирок, жактырып калсаң экөөбүз чогуу бакытты издейт элек, кандай дейсиң?-деди күзгүдөн күлүмсүрөй карап.
- Аракет кылбасаңыз коюңуз, мен деле аракет кылайын деп турган жокмун,-деди кыз ызаланып.
- А сага аракет кылуунун кереги жок. Сен ушунуң менен жакшысың,-деди ойлуу.
- Жакшы деп маңдайыма жазып коюптурбу ээ?-деди какшык жылдырып.
- Ооба, кыргыздар бекеринен маңдайы жарык экен дебейт да, маңдайың жарык экен.
- Мен сизди тааныбайм да...
- Таанышпадыкпы.
- Кандай адам экениңизди кайдан билем?
- Мен жакшы адаммын, Айсулуу, мен абдан жакшы адаммын, ишенип кой. Сенин оюңча жакшы адам кандай болуу керек?-деди дагы да жанагысындай ууртуна мээрим ката жылмайып. Ар бир жылмаюу кыз жүрөгүн уялай жылыта берди.
- Билбейм...- деди кыз чын дилинен.
- Мен да билбейм, бирок, сен жакшы кыз бол, мен жакшы жигит болоюн да, үйлөнөлү, анан жашап көрөлү.
- Жакпай калсакчы?
- А сен жакканга аракеттен да.
- Эмне үчүн мен?
- Анткени, сен аялсың.
- Эркек аракеттенсе болбойбу?
- Ай, ушу кыздардын капризи. Биз эркектер канчалык аракеттенсек да силердин каалоону адам жаралгандан бери таба албай келе жатабыз. Силер үчүн эмне гана кылган жокпуз, силердин каалооңорду орундатабыз деп бейиштен куулдук, согуш ачып адамдардын канын төктүк, өзүбүз да алардан кем төкпөдүк, уурулук кылдык, кул болуп сатылдык, башыбызды тобокелге байлап эмне деген кадамга барган жокпуз, бирок, оюңарды таба албадык. Менден кыйын, менден мыкты, менден акылдуулар таба албаптыр, мен кайдан тапмак элем? Түрктөрдүн атасы Ата Түрк Кемаль "бир мамлекетти башкарып, миллиондогон калктын тилин таптым, бирок, бир катындын тилин таап башкара албадым" деген экен. Андыктан, менден сенин оюңду табат экен деп күтпөй эле кой. Аялдар эмне каалап жатканыңарды өзүңөр билет болдуңар бекен?-деди ойлуу.
- Тапкандар болгон чыгаар. Кантип эле ушунча эркектен бирөө таба албасын.
- Мен көрө элекмин, сен көрдүңбү?-деди кызга бул жолу бурула карап. Көздөрү абдан оттуу, анан абдан муңдуу, жарадар карышкырдай ызалуу экен.
- Бири-бирин сүйгөндөр көңүлдөрүн тапкан үчүн сүйүшөт да,-деди кыз. Бул оюна өзү да баладай ишенип турду. Жигит оор үшкүрдү.
- Бири-бирин сүйгөн үчүн дечи. Сүйүү деген өзү жок нерсе. Аны адамдар кыялынан жасап алат да, качан бири-биринен күткөн кыялы түгөнүп, акырына чыкканда жаңы кыялга каарман издей баштайт. Ошондуктан,
мындан ары кыялы жок эле жашайын деп чечтим.
Муса дагы оор күрсүндү. Бир кезде бирин-серин үйлөр көрүнө баштады. Муса машинени жолдун четине айдап чыгып токтотту да, кызга бүт тулкусу менен бурулду:
- Биз жеттик, Айсулуу,-деди ал кыздан көз албай карап. Анан жер карай саамга тунжурап отурду да, ойлуу сөзүн улантты. Сыягы кыздын жүзүн кароого бул жолу батынбады окшойт. Мусанын да ич-ичинен кандайдыр бир бороон көтөрүлүп, ал бороон бүт ааламын чаң-тополоң кылып удургутуп жатканы канчалык жашырбасын турпатынан туюлуп турду.
- Мени уят кылба, Айсулуу. Ушул жолу уят кылбасаң, мен сени бактылуу кылганга жигитче убада берем,-деди кызга жалооруй тигилип.
- Кантип бактылуу кыласыз?-деди кыз ызалуу.
- Билбейм, Айсулуу, бирок бактылуу кылам. Мен муну сезип турам. Оорукчан апам бар, ошону аяп кой. Сен эстүү, боорукер, анан ишенчээк экенсиң. Ушул жолу да бактылуу болооруңа, менин колуман сенин оюңду табуу келээрине ишенип койчу?!-деди чын дилинен суранып. Айсулуу эмне дээрин билбей айланасын карады. Жанында Мусанын эки досу коркурап уктап атты, андан ары чубалган учу-түбү жок жол, анан талаа, талаанын этегин басып тоолор жатты.
Cүйгөнүм үчүн кечир....... Суйгонум учун кечир....
#1 10 Сентябрь 2014 - 14:38
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#2 10 Сентябрь 2014 - 15:06
Не дейсиң, Айсулуу? Кетем десең кайра ордуңа алып барып коём.
- Ордума жеткенче мен кетчү автобустар токтойт.
- Анда дарегиңди айтасың да...
- Дарегимде мени издеп жатышат, мен эч качан үч саат тургай жыйырма мүнөт кечиккен эмесмин. Үйдөгүлөргө эмне деп айтам? Кыз жүрөгүн багынта албай, анан аракеттенүүнүн, бактысы үчүн күрөшүүнүн ордуна тез эле жеңилип, бирок, жеңилүүсүн да мойнуна алууга кудурети жетпей ошол кызга өчөшкөн бир бечара жигит ала качып, бирок ал өчөгүшүүсүн да акырына чыга албай алып келип койду дейминби?
Муса саамга тунжурап отуруп калды да:
- Мен жеңилген жокмун, баарын жаңыдан баштагым келди. Сен жардам бер. Ал адам бир жакшысын жоготконун билсин.
- Менин тагдырымды курмандыкка чалып аны табалайын деп турган экенсиз да.
- Балким, бирок, сенин тагдырыңды жакшы жакка бурганга убада берем дедим го.
- Аны көрө жатаарбыз, мен макулмун,-деди кыз акырын. Муса унчукпай машинени от алдырды. Алар айылдын четиндеги эски тамга келишти.
- Мына биздин үй. Сенин ордуңа келчү кыз ушул үйдөн, тээтиги отурган ак чач аялдан коркту,-деди эшик оозунда турган топ аялдын ортосунда майыптардын арабасында отурган чүкөдөй аялды баш ийкей көрсөтүп. Айсулуунун жүрөгү сыздай булкуп алды. Аялдар топурай машинеге карап басышты.
- Эй, кыз ала качып келген эргулдар, тургула, келдик!-деди Муса жолдошторун түртүп. Алардын кийимдери бырышып, чачтары уйпаланган, шилекейлери аккан кебетесине Айсулуунун күлкүсү келди.
- Арыбагыла, жеңелер! - Муса жаркырай күлүп машинеден түштү. Аялдар баары чурулдай алик алып, машинени тегеректеп калышты.
- Келиниңерди түшүрүп алгыла,-деди да, өзү чуркурай машинеге жабылган аялдарга карап да койбой: - Апа, мен келдим,-деп баарынан артта элейип жалгыз калган апасына умтулду. Арабанын жанына тизелеп отура калып апасынын колун өпкөн Мусанын үнү шаңдуу чыгып, жүзү күлүп турган менен ийиндери оор жүк көтөрүп келгенсип ийилип шалдырап турган эле. "Катуу сүйгөн экен" деди Айсулуу негедир жүрөгү ачышып.
- Ий айланайын, кел, түшө гой,-деп бир аял Айсулуунун жанына чейин сойлоп кирип келди.
- Өзүм түшөм,-деди Айсулуу акырын.
- Биз да ушинтип эле келгенбиз, кел эми, түш айланайын. - Аял Айсулуунун сөзүн угуп да койбой кызды жулка кармап ийинден алды да бери сүйрөдү. Аңгыча аркы эшиктен дагы бирөө кирип жулмалап калды.
- Кантесиңер, мен өзүм түшөм дебедимби?! -деди кыздын кыжыры келип. Тигилер уккан кулагына ишенбей делдейе түшүштү.
- Мен өз эрким менен келдим, өзүм түшөм,-деди бекем. Тигилер кандайдыр бир көптөн күткөн кызык оюн болбой калып умсунган балдардай томсоро түшүштү. Айсулуу машинеден чыкканда Муса апасын коляскасы менен жетелеп алып келди да, кызды бир башкача көз менен карап турду. Бул көз караш Айсулуунун эсинде бүт өмүр калды. Суранып да, жүрөксүп да, кайгырып да, жүрөктөгү бир зор күйүтүн карегине катып да, ошол күйүтү менен коштошуп да, айтор, миң бир санаа турган бул көз караш унутулмак эмес. Адам дүйнөсү мынчалык миң кырдуу, табышмактуу, татаал болбосо не, атаганат!
- Кел, кагылайын... -деди кемпир калтыраган үн менен. Кыз унчукпай жүгүндү. "Бар бол, Кудай жалгасын" дегенге араң жараган кемпир кемшеңдеп жашып кетти.
- Кантет? Калыйман жеңе, жоолугуңду салбайсыңбы? -деди жанагы машинеге сойлоп кирип барган кара сур катын бакылдап. Кемпир ошондо гана эсине келгендей шашып колундагы жоолугун жайып тура калчудай умтулду. Айсулуу кемпирдин алдына тизелеп отура калды. Кемпирдин колундагы ак жоолук куду жандуу адамдай калтырап, дирилдеп турду.
- Башыңдан ак жоолугуң түшпөсүн, алганың менен тең кары, каралдым,-деди да, кемпир кармана албай кадимкидей үн чыгарып ыйлап жиберди. Айсулуу ушул чүкөдөй, баарынан көп, баарынан катуу кубанган, дили баарынан таза, тилеги баарынан улуу кемпирди кучактап соороткусу, дүйнөдөгү эң жакшы сөздөрдү айткысы келди.
- Ой жеңе, ушу сенин жашыктыгың. Келиниңди киргиз үйгө,-деди жанагы аял дагы бакылдап.
- Киргизгиле, айланайындар, киргизгиле. Муса, киргиз, айланайын,-деди кемпир дирилдей.
- Кана, жүр айланайын,-деди эки аял колтуктан алып. Айсулуу ордунан турду да, босогого жеткенде апкаарый токтоп калды.
- Кир, кирегой, баарыбыз эле ушинтип келгенбиз,-деди жанындагы аял кыздын колдорун оорута кысып. Айсулуунун күлкүсү да, ыйлагысы да келди. "Эч ким менчилеп келбеген чыгар. Мендей келесоо жалгыз болуу керек" деп ойлоп, көөдөнү эңшериле жүрөгү ачышып, эми чындап ыйлагысы келди.
- Кирегой,-деди экинчи аял жумшак. Мунун үнү абдан жагымдуу угулду. Айсулуу жалт карап, бир көз ирмемде аялдын жаш толгон сулуу көздөрүн, анын чындап кыз менен кошо толгонуп турганын көрдү. Ушу азыр ушул аялдын көкүрөгүнө бой таштап, "айтчы, эжекебай, мен туура кылдымбы, мындан ары кандай болот? Мен бул адамды сүйүп кете аламбы, же сүйүү жөнүндөгү миң түркүн кыялдарым ушуну менен эле бүтүп калабы? Мен анын дилин жаралантып, жүрөгүн ээлеген адамынын ордун ээлей аламбы?" деп сурагысы келди. Аял маңкайып карап турду. Бул көздөрдө ишеним, боор толгоо турган эле. Ошол көз караш кызга кубат болду. Унчукпай эңкейе босогону аттады. Киргенде эле кыпкызыл баркыт көшөгөгө бет келген Айсулуу дал ушул көшөгөнүн артында мындан аркы жашоосу турганын, бул көшөгөгө кирсе кайра чыгуу жок экенин түшүндү. Негедир артына кылчайды. Муса босогонун оозунда, эки буту салаңдаган арык апасын көтөрүп купкуу болуп кыздан көз албай карап туруптур. Экөөнүн көздөрү бир ирмемге чагыла түштү. "Киресиңби? "деди жигиттин көздөрү. "Башка жол жок..." деди кыздын тобокелдик түнөгөн каректери жашка толуп.
Кыз дароо көшөгөгө кирип кетти.
- Уф, жакшы болбодубу, мен да ызы-чуу болот эми деп коркуп тургам,-деди кара сур аял. Бирок үнүндө дал ошол ызы-чуу болбой калганына өкүнүү турган эле.
Кыз куду башка бирөөнүн үйүнө, башка бирөөнүн ордуна отуруп жаткандай коомай көшөгөнүн бурчуна барып бүрүшүп отуруп калды. Сырттан опур-топур, бакылдаган жанагы кара сур аялдын өктөм үнү, кишилердин кобураган үндөрү угулуп жатты. Бир кезде көшөгөнүн бир чети серпилип кичинекей кыз кирди.
- Сенин атың ким?-деди ал карагаттай каректерин жоодуратып.
- Айсулуу. Сеникичи?
- Мен да Айсулуумун, бирок, мен башка Айсулуумун.
- Ооба, сен башка Айсулуусуң. Сен акылдуу, менден сулуу Айсулуусуң, -деди кыз ыйлагысы келип.
- А сен бактылуу эмессиңби?
- Билбейм.
- Сен сүрөтүңө окшобойт экенсиң,-деди анан артына каткан бир кичинекей сүрөттү быйтыйган алакандарына жашырып.
- Кайсы сүрөтүм?
- Мына бул. - Кыз четтери кырылган сүрөттү артын элеңдей карап алып көрсөттү. Сүрөттө көздөрү бакырайган, кайкалаган кирпиктери мына-мына ирмелип кетчүдөй күлүмсүрөгөн, ак жүздүү, бөрсөйгөн эриндери кызгалдактай албырган сулуу кыз карап туруптур. Айсулуу негедир ушул кыз азыр кирип келчүдөй калтырай түштү.
- Бул сүрөт да ээ?-деди кичинекей Айсулуу.
- Ооба, бул сүрөт.
- Мындай деле сулуусуң. Сен эми мага жеңе болосуң да, ээ?
- Буюрса.
- Буюрбай калсачы?
- Буюрбай калса кетем да.
- Ики, сен кетпейсиң. Муса акем сени көптөн бери алып келем деп айтып жүргөн. Сен кетсең мен, апам, анан Муса акем да ыйлайт. Айрыкча апам ыйлайт. Ал "келиним келсе буттуу болом" деген. Сен кетсең апам кайра баспай калат. Сен буйруйсуң. Кетпечи ээ, апам бассын. Биз анан апам экөөбүз айылдайбыз, сени да ээрчитип алабыз, ээ? - Кыз Айсулууну аябай көндүрүп кирди. Ошол учурда сырттан баскан шыбырт угулду эле кыз алаканындагы сүрөттү артына ката салды.
- Айсулуу!-деди көшөгөгө кирип келген Муса.
- Ии,-деди экөө тең.
- Оо, эки Айсулуу тең мында тура,-деди ал жаркырай күлүп.
- Жеңең менен тааныштыңбы? Айсулуу, карачы бизде бир Айсулуу бар эле, эми экөө болуп калдыңар, туурабы?-деди Муса кызды так көтөрүп. Ошол учурда кыздын артына катып алган сүрөтү түшүп кетти. Кыз коркконунан көздөрү алайып, жерге түшкөнчө шашты. Айсулуу сүрөттү ала коюп алаканына бекитти.
- Ал эмне?-деди Муса алда кандай бир коогалаңды сезгендей кооптуу үн менен.
- Тим эле, менин бир сүрөтүм.
- Кайдагы сүрөт?
- Сага берген сүрөтүм...
Муса баарын дароо түшүндү.
- Айсулуу, кечирип кой.
- Сен эми бул эски сүрөттөрдү катып сал, артка кылчайбайлы, артта Москва дегендей, артта өтмүш, алдыда келечек. Кандай дейсиң?-деди үнү калчылдап.
- Туура айтасың, Айсулуу, кел, ушул жерден эле тытып салалы.
- Тытканда эмне, кептин баары жүрөктө. Ошол жердеги сүрөттү тыта алаар бекенсиң?
- Жүрөк көрүнбөйт, а сени күндө көрөм. Көрүнбөгөн нерсе тез унутулат.
- Аны унутуудан коркпойсуңбу?
- Сендей ишенимдүү, боорукер, мыкты адам турганда коркпойм. - Муса Айсулууну биринчи жолу кучактады. Үчөө бекем кучакташып турду. Айсулуу Мусанын ийининен дем алып жаткан кичинекей Айсулуунун ушундай бир ыраазы боло карап турганын көрдү. Айсулуу алаканындагы сүрөттү мыкчый кармады.

#3 10 Сентябрь 2014 - 15:13
Кызынын "мен өз эрким менен келдим, батаңызды бериңиз" деген каты колуна тийген Осмон кечээ эле атасы кайда барса камчысынын учун быйтыйган колдору менен мыкчый кармап сербейип ээрчип алган кызынын бүгүн минтип жат босого аттаганына,
бой жеткенине макул боло албай турду.
- Шарапат!-деди адатынча аялына ачуу бүркүп.
- Ии,-деди ичкериден колу камыр бойдон чыга калган байбичеси.
- Кызың менен сүйлөштүң беле?
- Эмнени ботом?-Шарапат эки-үч жат киши менен турган күйөөсүнүн эмнеге ачууланып, эмне үчүн бул адамдарды үйгө кир дебей эшик алдына кармап турганына акылы жетпей, бирок жүрөгү коогалаңды сезип күйпөлөктөй эринин кабак-кашын акмалап, сөз акырын күттү.
- Эмнени деп жалдырайсың да. Эне менен кыз эмнени сүйлөшөт? Кызың күйөөгө кетиптир.
- Ок, эмне дейт? Кандай күйөөгө? Кайсы күйөөгө?
- Энеси сен билбеген, мен кайдан билдим? Шарапат тизелери калчылдай босогого отура кетти. Түн бою кызын күтүп ансыз эси эки болуп, оюна кайдагылар келип отурган эненин кызынын аман экенине кубануу менен бирге, каралдысынын ушул куракка келип калганына ишене албаган, кыйбаган бир өкүт ой келди. Осмон бир жерде, Шарапат бир жерде уясына суук кол кирген чабалекейдей шалдайышты.
- Кулдугубуз бар, куда-кудагый. Баарыбызда бала бар, абалыңыздарга түшүнүп турабыз. Бирок бул жашоо, балдардын бой жеткенин мойнубузга албаска айлабыз жок. Осмон коңур үн менен шашпай сүйлөп жаткан карыяны бирдеке деп кагып жиберчүдөй ачуулуу карады да, анын мээрим менен токтоо караган акылдуу көз карашынан, ишенимдүү турпатынан айбыга карманды. Баарынан да аны колундагы кызынын макулдугу тууралуу жазылган уй тилиндей кагаз токтотту. Ушул күндөн баштап көздөрү музоонун көзүндөй жайнаган каралдысы ушул адамдын мыйзамына баш ийерин туюп, ага өзү да көнбөскө чарасыз экендигине кабыргасы кайышты.
- Көлдөлөң сал конокторго, -деди көзүнүн жашын этеги менен аарчый ыйлап жаткан аялына. Мындайда эринин айтканына унчукпай көнгөн Шарапат үйгө кирип кетти да тез эле кайра чыкты.
- Кириңиздер, -деди каргылдана.
- Кызымдын өз каалоосу менен барганы аныкпы?-деди Осмон баары жайланып олтургандан кийин.
- Менин да кыздарым, неберелерим бар, куда. Кызыңыздан өзүм кайра-кайра сураттым.
- Кызым минтип жазмак эмес, мындайга маш болгон немелер байкушумдун башын айлантышты го,-деди Шарапат мууна ыйлап.
- Биз менен барыңыз да кудагый, өзүнөн сураңыз. Сиз энесиз, акыңыз бар,-деди жанагы карыя.
- Айтса-айтпаса төгүнбү, барып өз кызыңдын көңүлүн сура.
- Эгер кызымдын бир тал чачы өз эркинен сырткары түшкөн болсо хандын тукуму болсо да...-Осмон сөзүнүн акырына чыкпай жаагын кычырата тизесин мыкчый кармады.
Көшөгөгө кичинекей Айсулуу элеңдей чуркап кирди да:
- Апаңыз келди...-деди жеңесинин көзүн карай.
Карегинде "апам урушат го" деген коркуу турду Айсулуунун. - Менин жанымда тур ээ,-деди кичинекей кызды кадимкидей караан тутуп. Тээ кичинекей бала кезде бейуруксат бир иш кылса ушинтип коркчу эмес беле. Азыр да дал ошол кездегидей санаасы удургуй актанаар шылтоо издеп, бирок бул жолку бейуруксат жасаган иши алда канча олуттуу, алда канча жоопкерчиликтүү эле.
- Бул жакка кириңиз, кудагый,-деди шыпылдаган аялдын үнү.
- Баарыбыз эле ушинтип келгенбиз. Батаңызды бериңиз,-деди экинчи бирөө.
- Менин кызым баары эмес, кызым макул көрсө калат, болбосо алып кетем,-деди апасы дымактуу. Бирок үнү ишенимсиз эле.

#4 10 Сентябрь 2014 - 15:17
Апасы Айсулуунун үстүнө ишенимсиз кирди да, саамга кызын ушундай бир аялуу да, ачуулуу да көз менен карап турду.
- Апа...-деди Айсулуу апкаарый. Андан ары не дээрин билбей сөзүн жутту.
- Өз каалоом менен келдим депсиң, сен бул адамды жакшы тааныйсыңбы? -деди энеси акырын. Айсулуу адатынча унчукпай көгөрдү. Унчукканда не демек?
- Демек, тааныбайсың. Эл эмне десе ошо десин, кетели, кызым.
Эне кызын колдон алмакка умтула бергенде Айсулуу апасынан боюн ала качты.
- Капырай, шерменде, жашабай жатып эрден көзүң катты беле? Кыздары качканда "эрден көзү каткан экен" деп өзүм баштап кеп кылган абысын-ажындын, элдин бетин кантип карайм? Алып кел деп калган атаңа не деп барам?
Айсулуу дале унчукпады. Ошол учурда кичинекей Айсулуу жеңесинин колун кыса кармап, "кетпе" дегендей жалооруй тигилди. Кыз мууна үн катты.
- Мен кете албайм, апа...
- Эмнеге? Корккон жайың барбы? Айт бирдеме дешсе, колдоруна өлүп берейин,-деди апасы ызалуу каргылдана.
Ошол учурда эшик ачылды да, топураган топ аялдын шоораты, аста сүйлөгөн үндөр угулду. Анан көшөгө жай серпилди да:
- Кудагый, зорубуз жок, зарыбыз бар,-деди каргыл үн.
- Мен кудагый эмесмин... - Бурула берип ачуу бүрккөн Ажар андан аркы сөзүнө чакай токтоп калды. Бет алдындагы коляскада отурган чачы куудай аппак, арыктыгынан ийиндери куучуюп, акырек сөөктөрү аркайган майып аял чын эле зары бар, зору жок муңайым көздөрү менен алсыз карап турган эле.
- Кулдугум бар, кудагый, кулдугум бар. Кызыңызды өз кызымдай кабыл алайын, таштап кетиңиз. Менин кайненелик кыла турган акыбалым жок, оорум деле тийбейт. Таң эрте чайымды берип бул каргыш тийген арабама отургузуп койсо, жатаарга чейин отура берем. Жылуу сөзүмдөн башка тилээр тилегим, талабым жок, кудагый.
Айсулуу менен апасы саамга тиктешип калышты.
"Ушун үчүн калган экенсиң да, шордуум. Кийин бармагыңды жара тиштебесең болду. Сенин курмандыгыңдын кадырына жетер бекен алганың" деди эненин көздөрү ичинен кан өтүп. "Болоору болду, апа. Мен бул адамды таштап кете албайм" деди Айсулуунун жаш толгон көздөрү.
- Эгерде кызымдын бир тамчы көз жашын көрсөм Кудай тапсын эсебиңерди, -деди Ажар үнү муунуп.
- Кадырыңыз жан болсун, кудагый, кызыңызды кызымдай асырап алам. Кудай алдында ансыз да өзүм билбеген күнөөлөрүмдүн эсебин берип келе жатам. Мен ашка тойсом башка тойбогон, жанга чукак адаммын. Үйүмдү толтурган, босогомо келген ырыскыны кантип кор тутайын?-деди кемпир кайраттуу. Ажар кызын кыйыла бир карап алды да, анан колун шилтеп алып сыртка бет алды. Аялдар Ажардын артынан топурай сыртка сүрүлдү. Баарынын жүзүндө бир тоодон ашкандай жеңилдөө бар эле.
Ошентип, Айсулуу бир көргөн Мусанын жары болуп, турмуш өз нугу менен уланды. Айсулуунун дилин Муса тез эле күйөө катары да, эркек катары да ээлеп алды. Келиндин жүрөгүн бат эле сүйүү чайып, жан-дилин бул бир сырдуу адам кантип, кайсы күнү, кандай сөзү, мүнөзү менен багынтып алганын өзү да байкабай калды. Айсулуу өзүн бактылуу сезди. Бирок... Муса гана бир ойдун жетегинен чыга албай жүргөндөй түнт. Айсулууну кучактап туруп да ою бул жерде эместей алагды.
Таттуу уйкунун кучагында жаткан Айсулуу "Гүкү!" деген үндөн безге сайгандай чочуп ойгонду. "Гүкү, таарынбачы эми, мен сени абдан сагындым. Жүр, бирге эле басалы" деди Муса таптак сүйлөп. Бул уйкусураган үн эмес эле. Үндө чексиз куса, эбегейсиз сүйүү, орду толгус өкүт бар болчу. Эми эле белинен кычырата кучактап, айдалысынынан бери аймалай аптыга өпкүлөп, чачынан, сүт тепкен апакай сандарынан, жумуру куйругунан от алакандары менен ашыга сылап, солкулдаган келинчегинин жанын таттуу оору менен кыйнап, ошол эле учурда сөз менен айта алгыс лаззатка бөлөгөн, алдында туйлаган жаш денени дили төгүлө эркелеткен күйөөсү жат кишидей башкага жалынып жатты. Карылуу жигиттин салмак салганын ушундай бир жыргап сезбеди беле жаш келин.
- Муса, оң капталың менен жатчы,-деди Айсулуу ызасын жутуп. Чочуп ойгонгон Муса жанында жаткан келинчегин эми көрүп жаткандай таң кала карап алды да, анан алда кимди издегендей айланасын баладай умсуна элеңдеп карап алды.
- Сенби?-деди дагы эле эми эле көргөн таттуу түшүнөн ажырай албай, деги эле бу көргөнү түшү экенине ишене албай жаткандай ызалуу үн менен.
- Мен, жаным, эмне, түшүңдө албарсты бастыбы?-деди келин дагы эле сыр алдырбай.
- Албарсты эмес. - Күйөөсү бир сөз айтчудай келинчегин саамга карап турду да, анан: - Мааниси жок,-деди көзүн ала качып. Шыпты карап бир аз жатты да:
- Сыртка чыгып келейинчи,-деп муздак козголуп ордунан туруп, жылаңач бойдон сыртка чыгып кетти. Айсулуу жаагынан аккан жашты аарчыганга алы келбей буулукту. Бир ою "азыр баарын тактап, аягына чык" деди. Кайра бир ою "эми болоору болуп боёосу кангандан кийин чыда. Акырындап унутулат. Жараны жаңыртпа, акылың менен бол" деди. "Сенин курмандыгыңдын кадырына жетер бекен алганың?.." Апасынын карегинен окуган ушул көз карашты куду ушу азыр кайра көрүп тургандай көөдөнү аңылдап, көкүрөгү ачышты. Күйөөсү сырттан киргенде Айсулуу уктамыш болуп калды.
- Уктап калдыңбы?-деди Муса күнөөкөр үн менен. Айсулуу унчупай мелтиреди.
- Кечирип кой, Айсулуу, кичине чыдап кой. Анан көрөсүң го, баары жакшы болот,-деди ал келинчегин коомай кучактап.
Муса минтип Айсулууну эмес өзүн алдап, жооткотуп жаткансыды. Шуу үшкүрдү да, бир чекитти тиктеген калыбында сүйлөп кирди:
- Биз капыстан тааныштык. Жамгырда келе жатсам кичинекей арык кыз аялдаманын жыртык чатырынын астына далдаалана шатыраган жамгырдан корголоп туруптур. Алгач мектеп окуучусу го деп ойлоп, "кел, кол чатырга кир" дегенден тартындым. Экөөбүз аялдаманын эки бурчунда тура бердик. Тиги кыздын автобусу келбей жатты окшойт, көпкө күттү. Негедир мен да кетип кала албай, улам кийинкисине калып тура бердим. Чиедей кызды жалгыз таштаганга ичим түтпөдү. Бир кезде ал:
- Кечиресиз, бул жерге кырк алтынчы автобус келеби?-деди акырын. Үшүгөнүнөн үнү калтырап чыкты. Ошондо гана анын көздөрүнөн бойго жеткен кыз экенин байкадым. Тармалданган капкара чачтары жаагына жабышып, ак жүзү сууктан түгү чыга кубарып кетиптир.
- Кайда бармак элеңиз?-дедим жанына жакын басып келип.
- Тогузунчу микрорайонго, -деди ал дагы эле калчылдап.
- Үшүп кетиптирсиз, келиңиз, такси кармайлы,-дедим боорум ооруп.
- Менин акчам жок да,-деди кыз баладай жер карап.
- Менде бар, кийинкиде сиз төлөйсүз. - Кыз унчукпай элпек баш ийкеди. Мен шашкалактай жол четинде турган таксилердин бирөөнү алып келдим. Өзүмчө эле кудуңдап сүйүнүп алгам.
- Мен жеттим,-деди кыз тез эле. Теңирден тескери жакка кетишим керек болсо да, жанынан кетким келбей кошо түштүм.
- Сиз да бул жакта жашайсызбы? -деди ал жүзүмө тик карабай.
- Жок, сизди жеткирип келдим.
- Чын элеби?-деди ал ууртун жакшынакай бүлк эттирип.
- Жалганчыга окшоп турамбы?
- Жок, сиз жакшы киши экенсиз,-деп ал шашып кетти.
- Мен киши эмесмин, жигитмин,-дедим жумшак.
- Ой, кечирип коюңуз. - Кыз кыпкызыл толкун чайып кеткен жүзүн ипичке колдору менен кош колдой басып шыңк күлдү. Бул кылыгы, күлкүсү өзүнө абдан жарашып турду.
- Курсагың ачтыбы?- дедим шар. Кантип сенге өтүп кеткенимди өзүм да байкабай калдым.
- Ии,- деди ал. Бул жолу көзүмө тик карады. Капкара каректери туптунук, куулук-шумдугу жок баёо эле.
- Жүр анда тамак ичели,-дедим колдон ала. Ал унчукпай жетегимде басты. Өзү үшүп турса да кичинекей колдору ысык экен. Ошондогу колдорунун ысыгы колумда ошол бойдон калып калды.
Муса азыр өз ыйына, ызасына муунуп, жүрөгү миң жеринен тилинсе да чыдап унчукпай угуп жаткан келинчегинин жанында эмес, өткөн өмүрүндө жүрдү.

Билдирүүнү түзөткөн: Feijipiao: 10 Сентябрь 2014 - 15:19
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#5 10 Сентябрь 2014 - 15:22
Муса дале бир чекитти тигиле караган калыбында сөзүн уланта берди:
- Менин кыялымды Гүлкайыр тез эле ээлеп алды. Кайда барсам баладай ишенчээктиги, болор-болбоско кызарып уялып кеткени, коңгуроо үнү, карагат каректери көз алдымда сүрөттөй тартылып турганы турган. Гүлкайырдын туулган күнүндө биринчи жолу үйүнө бардым. Өзүнө куюп койгондой окшош, бирок мистейген келбетинен жүзүң жалтана, ич-ичиңден жалтайлатып турган суз апасы:
- Канча бир туугансыңар? -деди сөз башталганда эле.
- Жалгыз уулмун,-дедим. Мен бул суроого ар дайым жооп берүүдөн каччумун.
- Ии, жакшы экен,-деди суз. Ичиркене түштүм. Жалгыз болгондун эмнеси жакшы. Мен дайым инилери, карындаштары бар теңтуштарыма суктанчумун.
- Ата-энең эмне жумуш кылат?
- Атам жок, апам мугалим болчу, азыр ден-соолугуна байланыштуу иштебей үйдө,-дедим. Көз алдыма "келиним ыймандуу, тил билги, карапайым болсо. Берген чайын ичип, жылуу сөзүн угуп, балдарыңарды багып эле отурсам" деп тилеген апам келди. Байкуш апам ал кезде бир аз басчу. Кечке кыбырап жүрүп үй жумуштун баарын жасап, тамагымды белендеп алып мен барганча ичпей отура берчү. Кайда барбайын "апам тамак ичпей күтүп отурат го" деп шашып келчүмүн. Гүлкайырга жолукканы апама да мурдагыдай көңүл бура албай калганымды негедир ошол саам эстеп ичим ачышып кетти. Менин көңүлүмдү Гүлкайырдын апасынын сурагы бурду.
- Үй өзүңөрдүкүбү? -деди ал сумсайып.
- Апа!..-деди Гүлкайыр адатынча кызарып.
- Тек отур кепке аралашпай, тур, чайыңды жаңырт,-деди мисирее кызын көз менен каарып. Гүлкайыр мени бир карап алды да, ордунан туруп кетти. Дүйүм даам толгон дасторкондо Гүлкайыр, анын мистейген сулуу апасы, келбеттүү, унчукпас, көздөрү гана бирде тунжурай алда кандай ойго чөгүп, бирде кабагы серпиле кепке кулак салып маани бере уккан атасы отурдук. Мындай отуруу мени кадимкидей муунтуп жиберди. Гүлкайыр атасын тарткан экен да көрсө.
- Окуюн деген оюң барбы?
- Ооба, быйыл иштеген жеримден окууга жиберебиз деп жатышат.
- Эмне болгон окуу?
- Инженер-куруучу.
- Оорукчан апаң кантет?
- Ошо апамды кыя албай улам мына быйыл деп жүрөм. Бул жылы апам да барасың деп катуу туруп жатат, барбасам болбойт го,-дедим жер караган бойдон.
- Аа, жакшы экен,-деди дагы. Кадимкидей көөдөнүмдү суук шамал аралап кетти. Менин окууга бара албаганым, апамдын оорукчандыгы жакшыбы, же... Айтор, апасы экөөбүз тил табыша албасыбызды, менин бактымды кыя чапса ушул кумсаңдаган аял гана кыя чаба аларын ошондо эле сезгем.
- Гүлкайыр да жалгыз кыз. Биздин бир гана кызыбыз бар. Кызыбызды кор болбой турган, жокко кайышпас жерге берсек деп тилейбиз атасы экөөбүз,-деп чоюштап баштаганда эле жанатан кепке аралашпай отурган атасы:
- Ал сенин тилегиң. Мага кызымдын кандай жерге барары эмес, кандай адамга барары маанилүү,-деди бурк эте.
- Албетте, атасы, биринчи кандай адамга туш келери маанилүү. Бирок азыркы заманда акчаны акылдуу адам гана табат. Кызым да менчилеп кор болбосун деген эле тилегим.
- Сен эмне, кор болдуңбу?
- Кор болбогондо жыргаттыңбы? Бир кийген көйнөгүмдү беш кийип, тамактын таттуусун, жакшысын жебей тырышкан канча жыл бошко кетти. Жаш кезде кийилбеген кийимдин, тишиң барда желбеген тамактын жаш өтүп, келбет кеткен соң жыргалы, баасы кайсы?
- Өмүрдү тамак, кийим, байлык менен өлчөгөнүң калбайт экен го. Уулум, сен бизди укпа. Жүрөгүң каалаганды жаса, макулбу? Мен жатып эс алайын,-деди да ордунан туруп кетти.
- Мен да кетейин, апам күтүп калды го,-дедим ордумдан туруп.
- Мейли, барсаң бар, уулум. Энени күттүргөн болбос. Мени да апам мен жумуштан келмейинче күтүп отура берчү. Кайран кишилер...- деди да колумду унчукпай кыса кармап, анан алда кандай орду толгус өкүнүчү бардай оор күрсүнүп алып бөлмөсүнө кирип кетти.
- Гүлкайыр, сен идиш-аягыңды жыйнай бер, мен Мусаны узатып келем,-деди аял шаңкылдап.
- Жок, өзүм эле кетип калам, убара болбоңуз,-дедим алда кандай суук кабар укчудай көөдөнүм титиреп.
- Муса, сен кетип атасыңбы? Апа, мен өзүм...
- Сен атаңа жай даярда, мен узатам Мусаны,-деди үнүнөн тымызын ызгаар бүркүп. Гүлкайыр болсо кебинин жарымын жута, кыпкызыл болуп атасынын жанына кирип кетти. Мени менен коштошууга да батына албадыбы, же апасына таарындыбы, билбейм. Сыртта күн суук экен.
- Муса, кагылайын, сен жакшы жигит экенсиң. Сендей жигиттерге кыз сан миң. Менин кызым эрке. Сенин оорукчан апаңды карап кор болот.
- Биринчиден, апамдын жардамы тийсе тиет, оору тийбейт. Экинчиден, мага миң сан кыздын кереги жок, Гүлкайыр керек,-дедим кыжырым келе.
- Биринчи, экинчиңди билбейм, кыскасы, экинчи кызымдын жанынан карааныңды көрбөйүн. Сөз ушул,-деди ал заар бүркө.
- Аны Гүлкайыр чечет...
Ал менин сөзүмдү шарт кести: - Бул үйдө мен чечем!
- Сездим аны.
- Сезсең ошо, теңиңди тап! -деди да килейген дарбазасын шарак эттире жаап алып кирип кетти.
- Көрө жатарбыз,-дедим ызама күйүп. Апам адатынча күтүп отуруптур.
- Тынччылыкпы, уулум?-деди апам тамак үстүндө.
- Тынччылык, апа,-дедим кеп баштоодон заарканып.
- Анан эмне маанайың суз?
- Баары жакшы, апа, кабатыр болбоңуз.
- Кантип кабатыр болбойм, уулум. Экөөбүздүн бири-бирибизден башка ишенерибиз жок, сен мага айт, мен билгенимди айтайын. Чогуу чечели, уулум.
- Апа, бирдеме болсо эле айтам: ким урса, ким момпосуюмду тартып алса. Азырынча баары жакшы. Мен чарчап турам, жатайын, анан сүйлөшөбүз, -дедим да апамдын маңдайынан сүйүп туруп кеттим. Мага азыр мунун баарын апама айтуу оор болчу. Атам болсо баары башкача болот беле, ким билет. Шыпты тиктеп жатам чакчайып.
Таң атпай туруп Гүлкайырдын сабакка барчу жолун акмаладым. Аны аппак чет элдик машинеде апасы алып келди да, университеттин тушуна таштап кетти.
- Гүлкайыр! -дедим артынан. Кыз жалт карады да, саамга мени тааныбай жаткансып үнсүз карап туруп, анан мойнума асылды.
- Не болду?-дедим боорума кыса.
- Апам сени экинчи келбейм деди деп...
- Сага кантип келбей коём, Гүкү? - Гүлкайыр көкүрөгүмө башын жөлөп, эки ийини калтырап ичтен солуктады. Үйдө бир кеп болгонун туюп, кеп акырын күтүп унчукпай, Гүлкайырдын ай далысынан сылагылап тура бердим.
- Мен сенсиз жашай албайм,-деди ал бир кезде жаш толгон көздөрү менен жалооруй карап.
- Мен да...
- Апамдын каары жаман.
- Баарын сен чечесиң.
- Мындай басалычы,-деди чоңоё түшкөндөй олуттуу.
- Сабагыңчы?
- Сабакты бүгүн сен өтөсүң,-деди эркелей. Биз окуу жайдын багын аралай бастык.
- Сен апамды билбейсиң, Муса. Эсиңдеби, биз таанышкан күн. Ошондо апам чет өлкөдө болчу. Апам жок атам экөөбүз эркин, кадимки эле карапайым жашоодо, эл менен кошо автобус күтүп, троллейбуста ийин тийише кысылышып, каалаганча камыр тамакты кол менен жеп жыргап калабыз. Апам келди, баары баягы зериктирме, куру сөөлөт күткөн тажатма жашоого айланат.
- Бул жашоо сеники, атаңдыкы го. Эмне үчүн апаң каалагандай болуу керек?
- Билбейм, мен эс тартканы ушундай.
- Жашоону өзгөртүү өз колуңда.
- Сен менин жашоомду өзгөрттүң, Муса. Бирок апам мындай жашоону каалабай жатат.
- Качып кетелиби?
- Каякка? - Гүлкайырдын каректери коркконунан чоңоюп кетти.
- Биздин үйгө.
- Апам ошол замат алып келип алат. Биздин эмнеге алыбыз жетет, Муса?
- Башка салганды көрөбүз да...
- Билбейм, мен кете албайм, корком,-деди ал акырын. Чын эле коркуп турганы бүт турпатынан көрүнүп турду.
Ал күнү эч бир чечимге келе албадык. Анан тымызын жолугуп, азырынча мен окууга тапшырып, ал окуусун бүткөнчө унчукпай турууну эп көрдүк.
Бирок, баары мен күтпөгөндөй нукка бурулду. Гүлкайыр ошол күндүн эртеси сабакка келбей калды. Күн сайын жолун карап зарыгам. Жумушка баратып да, келе жатып да ал окуган жайдан, жүрчү көчөлөрдөн көзүм өтөт. Бир күнү үйүнө бардым. Дарбазаны таптакыр чоочун адам ачты.
- Ким керек сага?-деди ал күркүрөп.
- Гүлкайырды чакырып коё аласызбы?
- Жок Гүлкайыр! -деди да дарбазаны жапканы булкту.
- Кайда?-дедим дарбазанын туткасын бекем кармап.
- Гүлкайыр кетти, иним, эми жок.
- Кандайча жок?
- Ушундай эле. Америка деген жерди уккан белең? Апасы ошол жакка алып кетти.
- Качан кетти, качан келет?
- Сен бала эмне, мени тергегени келдиңби? Мен кайдан билем качан кеткенин, качан келерин. Менин кызматым короо кайтармай, калганы кожойкенин иши,- деди да, оор эшикти жаап алды.

#6 10 Сентябрь 2014 - 15:37
Мен үчүн бет алдымдан оор эшик эмес, керемет ааламдын, үмүттөрүмдүн эшиги жабылды. Кайда барарымды, кантеримди билбей нес болгон абалда турган жеримде канчага турдум билбейм. Кечээ эле кызыл-тазыл кыялга толгон тирүүлүк аңгырап бопбош, кунарсыз тартты. Бир карасам Гүлкайыр окуган окуу жайдын эс алуу паркына келип калыпмын. Биздин жолдор, биздин дарактар, биздин аллея. Ушунун баары биздики эмес беле. А азыр баары жалгызсырай мени томсоруп карап турду. Түн оогончо жинди немедей каңгырап басып жүрө бердим. Качан буттарым баспай калганда үйгө келип куладым, ошол бойдон үч күн үйдөн чыкпай жаттым. Жөн гана жата бердим. Тамак да ичкен жокмун, мага азыр баары кызыксыз болчу. Апам гана улам жаныма кирип унчукпай бир топко отурат да, анан ийининен тына чарасыз үшкүрүп алып чыгып кетет. Менден эч нерсе сурабаганына ыраазы боло мен да унчукпайм. Унчукканда не дейм? Биз экөөбүз бири-бирибизди үнсүз түшүнүшүп, бирок кылаар бир айлабыз да жок ичтен эзилген бир топ күн өттү. Канча күн өттү билбейм, бир күнү апам менин үстүмө кирген жок. Оболу маани бербедим, мени аяп кирбей жаткан чыгар деп ойлодум. Күн бою кирбеди. Бул апамдын жоругуна окшобой турду. Жок дегенде кепичин акырын шырпылдатып эшиктин оозуна келип кетмек. "Жыгылып калбадыбы"
деген ой башыма чагылгандай келип, бул суук ойдон улам жаткан жеримден атып турдум.
- Апа?-дедим эшиктен баш багып. Апам унчукпады. Жүрөгүм алкымыма кептеле апам жаткан үйгө кирип бардым. Апам керебетте суналып жаткан экен.
- Апа!-деп кыйкырып жибердим.
- Ов, коркпо айланайын, мен тирүүмүн, кичине сыркоолоп калган окшоймун,- деди апам алсыз. Канчалык жай, токтоо сүйлөбөсүн апамдын үнүндө бир кооптуу дүрбөлөң бар эле.
- Каериңиз ооруп жатат?-дедим үстүнө үйрүлө.
- Мен куруюн, өзүң кандайсың?-деди колумдан сылагылай киркиреп. Апамдын көкүрөгүнө башымды койдум. Тээ бала кезимдегидей дагы эле ууз сүт жыттанып турган экен. Мен ошондо гана ушул чүкөдөй арык, алсыз кемпирден башка дүйнөдө жакыным, күйөөрүм жок экенин жан-жүрөгүм менен туйдум. Куду бала кездегидей ыйлап алгым келди, бирок, ыйлай албай ичтен солуктап жата бердим.
- Балам, сен эркексиң, ар бир айрылууга ушинтип кайышсаң эркектик кайратың кайда калат? Анчалык жумшак болчу эмес. Жумшакты жеген оңой, ал эми катууга жок дегенде жегенге аракеттенген тиш сынат. Катуу бол айланайын, бекем бол. Кадырыңа жетсе кайрылат, жетпесе кайран көңүл кор болгон, көп эле көңүл кургурду бут алдыга таштай бербе,-деди акырын. Апам баарын билип жүргөн экен да. Апам, алтын апам!!! Сырдашым, мээрбаным. Ушинтип жалынгым келди, бирок, ачык жалынганга тилим күрмөлбөй ичтен өксүдүм.
- Курсагың ачкан чыгаар, чай койчу,-деди бир кезде. Апам мени эч качан чай койгонго жумшачу эмес. Катуу ооруп жаткан го деп ичиркене коркуп баш көтөрүп апамды карадым. Апамдын ошондогу көздөрү. Бир кайгыны ичине салып, бирок, ал кайгыны менден күч менен жашырып жабыркаган, муңайган, ошол эле учурда ушундай бир сабыр туткан көздөр эле.
- Апа, не болду?-дедим жүрөгүм опкоолжуп.
- Сен коркпо, каралдым, менин буттарым шилтенбей жатат, анан басып кетер,-деди. Канчалык кайраттанбасын үнү каргылдана түштү.
- Кантип шилтенбей жатат?-дедим үрөйүм учуп.
- Каран калгыр шилтенбей, кыймылдабай жатат, жансыз. Ийне менен сайсам сезбейт. Сага жүк болом го,-деп жашып кетти. Апамды боорума кыса:
- Апа, баары жакшы болот, мен сизди чоң доктурга алып барам. Керек болсо колума көтөрүп алып дүйнөнүн аркы четинде болсо да жеткирем, мага эч качан жүк болбойсуз. Эч качан минтип айтпаңызчы, апакебай! -деп жалбарып жибердим. Апам ошондо бир башкача буркурап ыйлады. Бул жолу мен карманып унчукпай апамдын ак аралаган чачынан сылап, арык, бырыш желелеген моюнунан шоркурата жыттап сооротуп отурдум.
Ошол күндөн баштап баарына жетишкенге тырыштым. Жумушка апамдын кем-карчын жасап берип кетем да, түштө келип тамагын берем, кечинде экөөбүз чогуу чай ичип, анан кечки сабакка кетем. Бара-бара апам арабасы менен жүрүп баарын жасап койчу болду.
Ошентип, арадан эки жыл өттү. Мен Гүлкайырды дале күтүп жүрдүм. Бир күнү кечки сабактан чыгып келе жатып тааныш үндү уктум. Гүлкайырдын үнү. Бирок канча жолу минтип угулуп, бирок, башка кыз болуп шаабайым суубады беле. Ошондой ойдо артымды карагандан коркуп келе бердим. Үн кайра угулду. Чын эле Гүлкайырдын үнү эле. Токтоп калдым да, артымдагы үндүн ээси келгенче күтүп калдым. Караандар жакындай берди.
- Көнө албай жатасыңбы?- деди эркектин үнү.
- Кайра кетким келип араң жүрөм,-деди тааныш үн. Жакын келгенде карасам, чын эле Гүлкайыр.
- Гүкү!-деди менден мурун эриндерим.
- Ким?-деди Гүлкайыр муздак. Жүрөгүм муздактыктан үшүп кетсе да "тааныбай жатат го, балким, мен сыңары жаңылыш угуп албайын деп сактанып жаткан чыгаар" деп ичиркене түшкөн жүрөгүмдү жооткотуп жибердим бир көз ирмем убакыттын ичинде.
- Мен Мусамын.
- Муса?.. - Ал саамга ким эле дегендей туруп калды да анан: - Саламатсызбы? -деди суз. Башымдан ылдый муздак суу куюп жибергендей калтырап кеттим.
- Гүкү, бул мен, тааныбай калдыңбы?-деп чыканактан ала силкип жибердим. Жанындагы жигит экөөбүздүн ортобузга түшө калды.
- Муса болсоң эмне экен? Гуля сени тааныганга милдеттүү эмес,-деди ал ишенимдүү. Жаным чыгып кетти. Колум кандай шилтенип кеткенин билбейм. Колумдун күүсүнө удаа эле "күп" деген үн чыгып, анан тиги жигит упузун болуп жатып калды. Гүлкайыр болсо ачуу чыңырып тигинин үстүнө үйрүлгөнүн бир билем. Тиги ордунан тура берерде кайра умтулдум. Ошондо аны бүткөн бою менен калкалаган Гүлкайыр:
- Кет, Муса!-деди ортобузга тура калып.
- Мен сени минтип ойлобопмун. ..- дедим калчылдап. Башка сөз оозума келбеди.
- Мен да минтип ойлобогом. Биз жат адамдарбыз, Муса. Мен баягы Гүлкайыр эмесмин, көзүм ачылды. Жашоо биз ойлогондой эмес экен...
Анын сөзүн акырына чыгарбай:
- Менин да көзүм ачылды,-дедим да шарт бурулуп басып кеттим. Ошол түндүн эртеси сен жолуктуң.
Айсулуу ичтен сыза ыйлап жатты.
- Сен ыйлаба Айсулуу, сен ыйлаба, мына көрөсүң, баары жакшы болот. Сен менин аялым гана эмес, ишенимдүү жолдош, мыкты адамсың. Баары унутулат, биз бактылуу болобуз,-деди Муса каргылдана келинчегин бооруна бекем кысып. Айсулуу ушул азыр жолдошу өзүн эмес, өткөнүн кучактап жатканын жүрөгү канап туйду.
Чын эле баары унутулуп бараткансыган. Мусанын гана көңүл үшүткөн түнкү үшкүрүгү болбосо, баары нукка түшүп баратпады беле. Айрыкча уулу төрөлгөнү бул каран калгыр үшкүрүк деле азайып бараткан болчу. Муса уулунун кареги менен тең айланып, тим эле жанын бергенге даяр. Данияр ак жолтой болду. Данчиктин буту менен кошо чоң энесинин да буту чыгып баарын кубантты. Ошол каргашалуу күнү (жылдап курган ааламынын баарын кыйратып кетсе каргашалуу эмей эмне) Айсулуу чоң казанда варенье кайнатып, Данчик чоң энеси экөө кошуналардыкында айылчылап жүрүшкөн. Баары бейкапар болчу, Муса эле таң эртеден алда неге дүрбөлөң түшүп алагдылана берди. Айсулуунун канча жолу "отун камдап берчи?" деген сөзү кулак сыртынан кетип кайпастай, Айсулуу эринин бул кыялына көп деле маани бербей тиричилиги менен алектене очок боюнда жүргөн. Бир кезде дарбаза акырын такылдады. Негедир Айсулуунун жүрөгү бир булкунуп алды. Жанатан эч нерсени укпай карбаластаган Муса элее саамга туруп калды да, анан дарбазага корккондой жай жакындады:
- Ким?-деди демейде шарт эле ачып жиберчү Муса ачкандан апкаарыгандай акырын. Дарбаза үн-сөзсүз кайра мурдагыдан да акырын такылдады. Муса Айсулууну бир карап алып, анан эшик ачты. Айсулуунун көзүнө биринчи эле аялдын үлбүрөгөн аппак көйнөгү урунду.
- Ким экен?-деди Айсулуу алда кандай опкоолжуубу, апкааруубу, айтор, түшүнүксүз ички туйгудан тамагы кургап. Муса унчукпай турган ордунда катты. Айсулуу кандай дарбазага жетип барганын байкабай калды. Айсулуунун бет алдында солкулдаган узун боюна бир үзүм булуттай аппак көйнөгү куп жарашкан бото көз, ак жүздүү кыз карап турду. Кыз Айсулууну карап да койбой Мусадан көз албай шыбырады:
- Мен келдим... Унута албадым, Муса...
Муса катып калгандай былк этпей тура берди.
Бул баягы Айсулуу мыкчыган сүрөттөгү кыз болчу. Айсулуу азыр да дал ошондогудай мыкчыгысы келе калчылдап, уясына жылан кирген парандадай далбастай:
- Не келдиң?-деди муздак. Кыз ошондо гана Айсулууга карады. Карагаттай каректеринен аккан жаш жүзүн жууган кыздын көзүнө көзү урунган Айсулуу атаандашынын чын эле сулуу экенин ичи күйүп мойнуна алды. Ал тургай аялдык туюму менен бул кыз азыр Муса үчүн өзүнөн алда канча жогору турарын да туйду. Ошол туюм, ич күйдүлүккө жеңдирген Айсулуу кызды түртүп жиберди. Кыз чалкасынан жыгылып кала жаздап темтеңдеп барып, анан жер таяна отуруп калды. Дарбазага жөлөнө шалдайып турган Муса куду бир аялуу буюмуна кол тийгендей жетип келип, Айсулууну булка кармап жаакка чаап жиберди. Мунун баары көз ирмемде болуп кетти. Айсулуу ызасынан боз ала боло оозуна кеп кирбей же ыйлай албай кумсарды.
- Кир үйгө!-деди Муса каардуу.
- Сенчи? Сен эмне, бир кезде энеңди майып кылып, өзүңдү ара жолго таштап кеткен адамдын артынан кетесиңби? Азыр үйгө кир, же канчыгыңдын артынан жогол!-деди ызалуу.
- Айсулуу, эмне деп турасың? Эч ким кете элек, кир үйгө, мен кирем артыңдан.
- Сен да киресиң, же ... - Муса Айсулуунун сөзүн бүтүрбөй ийинден булка кармады. Айсулуу Мусанын мындай ачууланганын көргөн эмес экен, кан толгон көздөрүнөн жалтана, ачуусу кайта түштү. Муса Айсулууну ушундай бир жаны кейип карап турду да анан:
- Мен сени менен бала үчүн жашап жүрөм, азыр да бала үчүн эч кайда кетпейм, кир үйгө. Арты жаман болот,-деди каргылдана. Үнү жаны катуу ооруган кишиникиндей оор эле.
- Анда мен кетем...- деди Айсулуу ишенимсиз.
- Сен да кетпейсиң. Кир үйгө!- деди өктөм. Анан Айсулууну түртүп киргизип туруп дарбазаны сыртынан жаап койду.
Айсулуу дарбазага жөлөнө шалдырап отура кетти. Аргасы куруп турду. Азыр басып кете албасын сезип, бул алсыздыгына ызалана буулугуп, бирок көгүнө, алда кандай бир күчкө таяна ыйлабай тиштенди.
- Келбесең болмок...- деди Муса дарбаза сыртынан каңырыгы түтөй.
- Келбей коё албадым, кечир, Муса...
- Гүлкайыр, баары кеч, менин балам бар...
- Сен мени Гүкү дечүсүң...
- Сенин Гүкү болбой калганың качан...
- Мен кеттим анда, кел, акыркы жолу өөп коёюн..
- Жараатты сыйрып кереги жок, Гүлкайыр, бар эми. Азыр уулум менен чоң энеси келет,-деди Муса бир жерин кесип жаткансып онтоо аралаш. Саамга айлананы өлүктөй жымжырттык ээледи да, анан машиненин от алганы, эшиктердин карс жабылганы угулду. "Дагы бир эшик жабылды" деди Муса ичтен түтөй.
Муса киргенде Айсулуу купкуу болуп дарбазага жөлөнүп отуруптур. Ал келинчегин карап да койбой үйгө кирип кетти. Айсулуу оор үшкүрдү да ордунан турду. Келин бул жолу ыйлаган жок, тескерисинче алда кандай ишке бел байлагандай чыйрала түшкөн эле.
Мезгил адамдардын кайгы-касирети, тарткан көйгөйү менен иши жок өз сапарын уланта берет тура. Андан бери арадан он жылдай убакыт өттү. Айсулуу да, Муса да сырттан караган кишиге бактылуудай. Баары жайында, үй, машине, мартабалуу жумуш дегендей. Бирок атаганат, жашоо ушулар менен гана өлчөнсө гана.
Сыртынан жаркылдап эле жүргөн Айсулуу кеч күүгүмдө ичин мыкчып жыгылды. Эми эле жумуштан келген Муса диванда жантайып гезит окуп жаткан.
- Ата, апам жаман болуп жатат,-деди уулу сырттан энтиге чуркап кирип. Айсулуу оор операция болду. Опрациядан кийин дарыгер Мусаны өзүнө чакырды да, бир кеп айта албай жаткандай кыйыла карап калды.
- Айта бер иним, корккондон жүрөк жарылбайт, кубангандан маңдай айрылбайт,-деди Муса токтоо.
- Байке, көңүлүңүз оорубасын, сизден бир суроо сурайын,-деди этиет.
- Сура, иним.
- Жеңе менен жакшы элесизби?
- Түшүнбөдүм, иним, эркекчесинен түз эле сурай бер,-деди Муса бакылдап.
- Жеңенин жатынын алып салдык. Мындай оору негизинен күйөөсү жок, эркектер менен узак жылдар кошулбаган аялдарда, же турмушка чыкпай калган кара далы кыздарда болот. Ошондон улам жакшы элесиздерби деп сураганым.
- Кечире билүү жакшы нерсе... -деди да Муса ордунан туруп кетти.
- Кандайсың? - Муса аялынын оорудан шишип-көпкөн жүзүнө аяй карап, жүзүнөн сүйдү.
- Жакшы...
- Айсулуу, мени кечире да албадың, бирок, кетип да калган жоксуң, неге?
- Кубанычы, бактысы ичине батпаган апамдын бактысын ураткандан коркуп, ошол кишини аядым, апамдын көзү өткөн соң сени таштаба деген керээзин аттай албадым, анан өзүң да "бала үчүн жашайбыз, бала үчүн кетпейсиң" дебедиңби...
- Учурунда акылга салбай, сезимге алдырып айтылган сөз үчүн ушинтип оорулуу болуунун зарылдыгы бар беле? Кечире албай койдуң го...
- Баарынан эң башкысы, сени сүйдүм, ошон үчүн кете албадым. Сүйгөнүм үчүн кечир...
Келин өзүн өбүүгө эңкейген күйөөсүнөн бир топ жылдан бери тааныш болуп калган адеми бир жыттын келгенин туйду, бирок, тиштене унчукпай адатынча ичине салды. "Дагы барган экен" деди көңүлү. Бирге жашаган ушул жылдар аралыгында кез-кезде гана ушинтип жыттанганы болбосо, Муса бир да жолу жумушунда себепсиз кармалып же үйгө түнөбөй алган учуру болбоду. Бирок аял туюму аялдын шору да, бактысы да экен го, чиркин. Жер алдында жыландын кыймылдаганын туят да турат кашайып...
- Баары бир барган экен ээ?-деди келин күйөөсү чыгып кеткенден кийин угуза шыбырап...

#10 10 Сентябрь 2014 - 19:20
Уфф! Журогум ооруп кетти
Бул күн да өтөөр,бул күн да өтөт,ишенип кой мага,эч качан башынды жерге салбагын,кайгырып катуу калбагын,сен адамсын,сен баарынан күчтүүсүң...
#11 10 Сентябрь 2014 - 19:22
Жакшы чыгарма экен,трогательная
Бирок кобуроок коркомдоп,суроттоп жазылыптыр рахмат,,,.

#12 10 Сентябрь 2014 - 19:33
Окунучтуу, ала качуунун жыйынтыгы го ...
Ортодо уч адам бактысыз!
Уландысы барбы?же буттубу?
Ортодо уч адам бактысыз!
Уландысы барбы?же буттубу?
#13 10 Сентябрь 2014 - 20:34
Ии Фейжи кыз кутуп атабыз.
Айсулууга боорум ооруп жатат. Гулгаакы кайдан дагы келе калды эле.
Эх аягы жакшылык менен бутсо экен...

#14 10 Сентябрь 2014 - 20:39
Аягы го менимче Айсулууга менин да боорум ооруп кетти,
Башында кандай убадаларды берип Алды эле эхэх эркектеер,,, ,

#15 10 Сентябрь 2014 - 21:30
Теманын аягы "суйгонум учун кечир "деп путтуго,авторду шаштырбагыла тема оз максатына жетти,путту окшойт
#18 11 Сентябрь 2014 - 10:09
Дагы бир сериал башталды дединиздер беле)))Аягына чейин жазып койдум,сериал кылбай эле.Конул буруп окуганыныздар учун ыраазычылык!
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#19 11 Сентябрь 2014 - 19:20
Ааииий Фейжи бутуп калдыбы?!
Аягы туюк болуп бутуп калганго э?!
Аягы туюк болуп бутуп калганго э?!
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#20 11 Сентябрь 2014 - 23:53