гепатит А менен (сарык) кайра оорубайт!
!! бир жолу ооругандан кийин стойкий пожизненный имунитет калат. балким башка туру менен ооруган. негизи Гепатиттер эки чон группага болунот:
энтеральные (тамак аркылуу жугат)
парентеральные (кан аркылуу)
тамак аш аркылуу жуккан гепатиттерден айыгып кетет, хронический формасы жок. жугуу механизми фекально оральный, б.а. туалетке барып, колун жуубай тамактангандан же ошондой ыплас адам кармаган идиш аяктан, тамак аштан жугат. ооруулуу адам заны менен болуп чыгарып турат.
ал эми парентеральный гепатиттер абдан коркунучтуу,
кобунчосу хронический формада отуп, акыры циррозго, ракка алып келет. щприцтен, ооруулуу адам менен контакт болгондо, анын канын куйганда, гомосексуалисттерде,
сексуальный партнеру коп адамдарда, ошондой эле гепатит менен ооруп калуу коркунучу медицина кызматкерлеринде да бар ( ооруулуу адамдын каны тийип кеткен учурда колунда кичине сыйрылган жери болсо операция жасап атканда, укол сайып атканда).
Сарык орусу жонундо
#22 22 Июль 2014 - 15:38
мен кичине кезимде сарык болгонмун. Азыр эми менде сарыктын b туру байкалып жатат мага кенири маалымат керек аялдан эркекке жугабы
#23 12 Сентябрь 2014 - 13:51
Сарыктан сактаналы
Сарык оорулары жугуштуу оорулардын катарына кирет. Анын түрлөрү, белгилери жана сактануу жолдору тууралуу Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулар боюнча республикалык клиникалык оорукананын башкы дарыгери Нарынбек Айткулуев айтып берди.
"Азыр төрөт үйлөрүндө жаңы төрөлгөн ымыркайларга эмдөө жүргүзүүнүн натыйжасында, акыркы жылдары анын саны кескин төмөндөгөн. Эгерде эмделбей кала турган болсо 6 айынан баштап картайганга чейинки адамдар бул ооруга чалдыгышы толук ыктымал", - дейт Нарынбек Айткулуев
Сарык оорусу медицинада геппатит деп аталат. Ал вирустар тарабынан чакырылган, өнөкөт, боордун циррозу жана курч мүнөздөгү вирустук геппатит оорусу деп бөлүнөт. Анын учурда А, Е, Б, D, С, F, G деп аталган 7 түрү белгилүү. Кыргызстанда сарыкты аныктоонун 5 түрү боюнча реактив бар. 1 жаштан 14 жашка чейинки балдарда вирустук геппатиттин А деген түрү кездешет. Бул оорунун негизинен 100 пайызы 15-20 күндүн ичинде айыгуу менен бүтөт. Айрым гана учурда өлүмгө дуушар болушу мүмкүн. Ал өнөкөткө айланбайт. Ушул оорунун арасында 70-80 пайызы, саргайбай туруп эле өтө жеңил формада өтүп кетет, айрымдары ооруп жаткандарын билбей да калышат.
Е ГЕППАТИТИ
Сарыктын экинчи түрү Е геппатитти, ар бир 8-15 жылда бир жолу эпидемия түрүндө пайда болот. Анын вирусу сууга адамдын заңы аркылуу түшөт дагы, аны ичкен адамдарга жугат. Бул айрыкча түштүк областтарда көп кездешет, анткени ал жерде таза суунун абалы начар. Ал жакта жайдын күнү өтө ысык болгондуктан арыктан аккан сууну иче бергендер көп кездешет. Муну менен 15 жаштан 35 жашка чейинкилер оорушат. Ошондой эле бул оору кош бойлуулуктун экинчи жарымында өтө коркунучтуу. Ал бойдон түшүүгө жана айрым учурда боордун комасына алып келет. Белгилүү болгондой, андан каза болуп калгандар кездешип жатат. Ал боордун көпчүлүк клеткаларынын эзилип кетишинин натыйжасында пайда болот.
Б ГЕППАТИТИ
Б геппатити төрөлгөндөн баштап улгайган адамдарга чейинки адамдардын бардыгында кездешет. Азыр төрөт үйлөрүндө жаңы төрөлгөн ымыркайларга эмдөө жүргүзүүнүн натыйжасында, акыркы жылдары анын саны кескин төмөндөгөн. Эгерде эмделбей кала турган болсо 6 айынан баштап картайганга чейинки адамдар бул ооруга чалдыгышы толук ыктымал. Бул вирус негизинен кан аркылуу тарайт. Мисалы, маникюр, педикюр жасатууда терини кесип алганда инструменттер аркылуу, хирургиялык операция жасоодо туура эмес кан куюу, жыныстык жол менен дагы жугат. Бул оору менен ооругандардын 90-95 пайызы ооруп айыгат дагы 5-10 пайызында өнөкөт геппатит пайда болот.
D ГЕППАТИТИ
Вирустун үч антигени бар, анын ичинен австралиялык антиген деген атка ээ болгон вирусту жер шаарында жашаган адамдардын 350 миллиондон ашыгы өнөкөт алып жүрүүчүлөр болуп эсептелет. Бул коркунучтуу жагдай, себеби сарыктын төртүнчү түрү болгон D геппатити өз алдынча толук жашай албаган вирус. Ошондуктан дельта вирусун чакыруу үчүн австралиялык антигендин жардамы керек. Ал австралиялык антигенди тон катары жамынып алып, вирустук геппатит оорусун чакырат. Бул сарыктын өтө коркунучтуу түрүнө кирет. Мунун жугуу жолдору деле Б геппатитине окшош.
КО-ИНФЕКЦИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Б жана Д геппатитинин бир мезгилде чогуу жугушу КО-инфекция деп аталат. Вирустук геппатит дельта оорусу коркунучтуу оорулардын катарына кирет, себеби, ал австралиялык антигенди алып жүрүүчү вирустун үстүнө келип түшөт, бул түрү - супер инфекция деген аталышка ээ. Бул эки вариант тең эле бирдей өтө коркунучтуу. Анткени эки вирус биригип алып боорго чабуул коюшат да, клеткаларын талкалайт. Мунун натыйжасында ушул оорулардын 70-80 пайызы өнөкөт геппатитке айланат. Тилекке каршы, муну дарылоого азырынча натыйжалуу дарылар жок. Ал эми АКШ, Жапония өңдүү өнүккөн өлкөлөрдө бул оору менен ооругандарды боорду алмаштыруу менен гана айыктырышат.
С ГЕППАТИТИ
Сарыктын бешинчи түрү С геппатити. Бул оорунун курч мезгилинде оорунун клиникалык белгилери билинбей өтөт. Ошон үчүн аны биз ошол учурда таба албайбыз. Бул оору менен ооруп калган бейтаптарга 5-10 жыл өткөндөн кийин деле аныктама коюлат. Мунун 70-80 пайызында өнөкөт геппатит оорусу менен жабыркашат. Ал 15-20 жылга чейин өнөкөт катары кайталана берет дагы, акыр аягында боордун циррозуна айланат. Учурда вирустук геппатит оорусуна карата дүйнө жүзүндө натыйжалуу дары каражаттары иштелип чыкты. Бирок, ал дарылар өтө кымбат, 6 айлык дарылоо курсуна 6 миң доллар талап кылынат. Эгерде бир жылдык дарылоо курсу талап кылынса 12 миң доллар керек болот.
БЕЛГИЛЕРИ
Оорунун негизги белгилери адамдын терисинин, көздүн агынын саргайышы, зааранын өңү сыранын түсүндөй кочкул күрөң болушу, табиттин начарлашы, алсыздык жана боордун чоңоюшу. Кан алганда велюрумдун (сарыкка карата текшерилүүчү анализ) саны кескин түрдө жогорулап кетет. А, F ферменттеринин деңгээлинин өтө көбөйөт. Ферменттер боордун талкаланган клеткаларындагы кандан чыгат.
БЕРИЛҮҮ ЖОЛДОРУ
Сарыктын жугуу жолдору өздүк гигиенаны сактоо менен тыгыз байланыштуу. Бул өзгөчө жай айларында күн ысык болуп, чымындардын тамак-ашка конуусу аркылуу адамдарга берилет. Себеби, ал вирус адамдардын заңында болгондуктан тазалыкты сактабаган жайларда чымын көбөйөт. Алар тамак-ашка, сууга, биз колдонуп жаткан буюм-тайымдарга конот. Өзгөчө кайнатылбаган чийки сууда ал вирустар өлбөйт. Ошондуктан кайнатылган гана сууну ичүү талап кылынат. Тамак-аш таза даярдалган жайлардан гана тамактануу сунушталат. Эң башкысы тамак ичердин астында, колду самындап жууп, анан гана ичүү керек. Коомдук тамак-аш сатуучу жайларда, базарларда даярдалган тамак-аш даярдоо санитардык нормага туура келиши керек.

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#24 27 Сентябрь 2014 - 11:30
Кызылча менен уч, торт кундо даарыланып айыккандар бар экенин кечээле окудум.
Жалганды коро туруп, кормоксон болгончо, чындыкты чыркырата айтып, олгон жакшы![
#25 27 Сентябрь 2014 - 11:47
Сарык бул коркунучтуу дарт, бирок айыгып кетсе болот. Диета кармашы керек, куурмач жебей жалан гана кайнатылган тамак аш жеш керек.
#26 30 Сентябрь 2014 - 22:23
Саламатсыздарбы менин бир тууганым бар эле ал кара сарык оорусуна чалдыгып калды жашы 60 та анан ичинде шишик пайда болду анан бутары да ишип кундон кунго оорлошуп баратат суранам жардам бериниздерчи докторлар чыгарып койушту ! Бул жагы кудайдан деп мен сиздерден жооп кутом !
#27 01 Октябрь 2014 - 00:15
kuba01 (30 Сентябрь 2014 - 22:23) жазган:
Саламатсыздарбы менин бир тууганым бар эле ал кара сарык оорусуна чалдыгып калды жашы 60 та анан ичинде шишик пайда болду анан бутары да ишип кундон кунго оорлошуп баратат суранам жардам бериниздерчи докторлар чыгарып койушту ! Бул жагы кудайдан деп мен сиздерден жооп кутом !
Доктурлар көрүп, карап туруп жардам бере албагандан кийин. Бул жакта көрбөй туруп монитордун артынан кеңеш бериш кыйын го...
#28 01 Октябрь 2014 - 20:27
#30 01 Октябрь 2014 - 20:52
#31 03 Октябрь 2014 - 00:15
#32 05 Октябрь 2014 - 21:28
урматтуу медиктер ушул тема боюнча суроо берсем билсениздер жооп берип койунуздар.
. азыр жашым 23то 15жашымда укам сарык болуп ооруп калган еле ошону больницада карап жатып озумо да жуктуруп алганмын .. азыр анча мынча боорум ооруп турат .болницага барсам сарык менен ооруган адамдардын боору куч келгенде ооруп турат дешти.. ооруганда диета кармамыш болуп койом жакшы болуп кетет.. анан башка маалда расса коп тамак жейм же семирбейм же арыктабаймын бул боордон зависит етпейби? анан дагы рак жана башка ооруларга кабылыш коркунучу жокпу?
#33 03 Ноябрь 2014 - 15:20
Жугуштуу сарык оорусу
Вирус кир кол аркылуу ичеги-карынга өтөт
Сарык оорусу коомчулукка кеңири таралган жугуштуу оорулардын катарына кирет. Медицинада "вирустуу гепатиттер" деген термин менен белгилүү.
Себеби, бул оорунун козгогуч микробу вирустар болуп эсептелинет жана боордун сезгенишине алып келет. Жугуштуу ичеги-карын ооруларына сарыктын А жана Е түрү кирет.
Сарык оорусу деп аталып калышынын себеби ооруган адамдын денеси саргарып кетишинде. Тез тарап кетүүсү боюнча сасык тумоо оорусунан кийин турат. Анткени, вирус жуулбаган кир кол аркылуу ичеги-карынга өтүп, кир кол ооруну таратууда эң негизги себептердин бири болот. Вирус айлана-чөйрөгө адамдын заңы менен бөлүнүп чыгат жана заңга конгон чымындар айлана-чөйрөгө таратууда активдүү жардамчылар болуп эсептелишет. Ошондой эле жуулбаган жер-жемиштерди кир кол менен пайдаланууда ооз аркылуу ичеги-карынга өтөт. Бул оору менен балдар да, чоң адамдар да оорушат. Бирок, катталган оорулардын ичинен 80 пайызга жакынын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Айрыкча бала бакча жашындагы балдарда жана башталгыч класстардын окуучуларынын арасында көбүрөөк кез-дешет да, күз-кыш айларында оорулуулардын саны башка мезгилдерге салыштырмалуу көп катталат жана 3-4 жылда бир оорунун кескин өсүшү байкалат.
Вирустун белгилери кантип байкалат?
Адамдын денесине вирус өткөндөн кийин биринчи белгилери пайда болгонго чейинки убакыт жашыруун мезгил деп аталат, ал 15 күндөн 35 күнгө чейин созулат.
Көпчүлүк убакта оорунун белгилери сасык тумоо (грипп) оорусуна окшошуп, дененин температурасы 38С чейин көтөрүлөт. Денеси чыйрыгып, башы ооруйт, жүрөгү айланып куса баштайт, ичтин оң тарабы ооруйт. Бул белгилер 5-7 күнгө чейин созулат да, андан кийин көздүн агынын жана көз былжырчаларынын саргара баштаганы сезилет. Андан кийин дене саргарып, заңдын (агарат), зааранын (кочкул) өңү өзгөрөт. Айрым учурда жогорудагы белгилер жеңилирээк болот, саргаруу байкалбайт. Оорунун жеңил өтүшү оорулуу үчүн жакшы болгон менен айлана-чөйрөдөгүлөр үчүн оорунун "булагы" болуп эсептелинет. Себеби, алар катуу ооруган адамдарга караганда активдүүрөк болушуп, айлана-чөйрөдөгүлөр менен карым-катнаштары көбөйүп, ооруну жугузууга көбүрөөк шарт түзүлөт. Анткени, вирус оорулуунун денесинен жашыруун мезгилдин акыркы күнүнөн саргарып кеткен мезгилине чейин өтө көп бөлүнүп чыгат. Ошондуктан, оорулуу адам козгогучту канча убакыт бөлүп чыгарса, ошончо убакыт бою оору тарата турган булак болуп эсептелинет.
Сарыктын алдын алууга болобу?
Сарык оорусунун алдын алууга болот. Ал ооруну дарылаганга караганда кыйла жеңил. Ал үчүн ар дайым өздүк гигиенаны сакташ керек, колду таза жууп, тамак-аш даярдай турган орундарды, идиш аяктарды таза сак-тоо керек. Жер-жемиш, жашылча-мөмөлөрдү пайдаланаарда сөзсүз жууш абзел. Кайнатылбаган жана арыктан аккан сууну ичпөө өтө зарыл.
Жугуштуу сарык оорусуна чалдыгып калсаңыз, дароо врачка кайрылыңыз. Врач ооруну иликтеп көрүп, анын түрүнө жараша дарыланууну аныктайт. Андыктан, өз алдынча дарылануу жакшы натыйжа бербей, тескерисинче ооруну та-таалдаштырып жибериши мүмкүн. Экинчиден, сарык жугуштуу оору болгондуктан үй-бүлөңүзгө, тууган туушкандарыңызга, чогуу иштеген адамдарга жуктуруп коюшуңуз ыктымал.

#34 18 Декабрь 2015 - 20:39
Саламатсыздарбы форумчулар!
Менин баламдын заарасы да сапсары болуп, заны да сары боло баштады. Бирок мындан башка белгилери байкалган жок. Сарык болушу мумкунбу?
#35 30 Январь 2016 - 03:05
airada (18 Декабрь 2015 - 20:39) жазган:
Саламатсыздарбы форумчулар!
Менин баламдын заарасы да сапсары болуп, заны да сары боло баштады. Бирок мындан башка белгилери байкалган жок. Сарык болушу мумкунбу?
Сарык деп айта албайм. Сапсары түстө болсо, организмге суу жетишпегенинен улам болот. Сууну көбүрөөк ичирип туруңуз.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!