Билдирүүнү түзөткөн: Raumaa: 04 Октябрь 2014 - 10:16
Кайнатам белек берем дейт
#1 04 Октябрь 2014 - 10:01
Урматтуу форумчулар,
силердин азын-оолак бирок маанилуу кенешинерге кайрадан муктажмын. Жакында туулган кунум. Ошого карата кайнатам каалаганынды айт, алып берем деп атат. Башка адам болсо да ойго келгенди айта берет элем, кайнатаман эмне сураарымды билбей 2 кундон бери баш катты. Ал абдан ак конул, оюнда кири жок жакшы киши болгондуктан эч нерсенин кереги жок деп айткандан да уялып турам. Анткени ал чын дилинен айтып жатат да. Жакында КУДАЙ кааласа аны алгачкы неберелуу кылганы турам. Бирди тороп койсом да бир нерсеге татыктуу болмокмун, мен анын белегине татыктуумунбу деп да ойлоп кетип жатам. Жардамынарды кутом, алдын ала рахмат!!
!
#2 04 Октябрь 2014 - 10:57
Uyalsanyz ozunuzgo emes uiunuzgo ele kerektuu bir buium aldyrtyp alynyzda.
Адилет
#4 04 Октябрь 2014 - 11:38
Турмуш тиричиликке керетуу, уйдо жок буюмду айтсаныз озунузголе ынгайлуу. Жеке озунузго керектуу алтын сепочка, шакек, атыр десениз туура болбой калат. Колдон келсе уйбуло мучолору бут колдонгон буюм дайынданыз.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#6 04 Октябрь 2014 - 13:11
#7 04 Октябрь 2014 - 14:27
Смотря на какую сумму он собирается сделать вам подарок? Кайнатаныз болсо менимче албетте 'кучтуу, чон' белек болот да. Уйго керектуу бирок ала албай жургон буюмду алдыртып алсаныз болот. Мисалы: кир жуучу автомат, чон холодильник,
кухонный гарнитур, может чон телевизор же дагы ушул сыяктуу буюм. А так анча-мынча кайнаталар келинине белек берем дей бербейт. Бактылуу келин экенсиз, кайнатанызды сыйлай журунуз. Омурун берсин кайнатаныздын.
Анан келе жаткан туулган кунунуз менен!
Ж-
И-
В-
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца жизни...
#8 04 Октябрь 2014 - 18:01
#9 04 Октябрь 2014 - 18:35
Бактылуу келин экенсиз. Бактынызга коз тийбесин. Кайын атанызды сыйланыз.
келечек алдыда
#10 04 Октябрь 2014 - 18:36
аа белек ж-до айтсам уйго керектуу буюм алдыртыныз.
Менин оюма койсо чоон холодильник демекмин
келечек алдыда
#11 04 Октябрь 2014 - 23:14
Кайнатаныздын чонтогуно жараша сураган туура го,эгер акчасы бар болсо чонураак буюм алдыртыныз эгер орто жашаса анда мясорубка сыяктуу кичирээк буюм.элестеткиле анан сиз холодильник деп салсаныз анын акчасы жетпесе жаман абалда калып калышы мумкун.
#13 05 Октябрь 2014 - 00:56
Шаардан квартира алып бериңиз, балаңыз экөөбүзгө деееее... (Менде алкым өтө чоң да!)
Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 05 Октябрь 2014 - 00:57
#15 05 Октябрь 2014 - 05:56
Уйдогулор жалпы колдонуучу буюм алдырыныз деген ойлорго кошулам.Акчасына жараша алдыртсаныз болот.Кайнатаныз жакшы киши окшойт,сыйлай журунуз.
#17 05 Октябрь 2014 - 12:50
Кары адамдардан бата алуунун озу чон белек деп ойлойм келе жаткан туулган кунуз менен бактылуу болунуз.
#18 05 Октябрь 2014 - 13:11
Чынында бактылуу келин экенсиз,кайнатаныз белек берем деп жатса.Мясо рубка эле алдыртсаныз болот,анткени ото кымбат да арзан да эмес,ананда уйго кереги абдан тиет экен.же болбосо швейный машина алдыртыныз ар бир аялга керектуу нерсе деп ойлойм
#19 05 Октябрь 2014 - 13:39
Жакшы кайнатаго...
Бизнесменго сыягы анчамынча кайната антип айта бербейт азыркы жашоодо.
#20 05 Октябрь 2014 - 22:52
Мынча жакшы! Азыр көпчүлүк кайнаталар наоборот сенден белек,акча күтөтго.