Кошок айтуу кошок айтуу
#81 05 Май 2014 - 11:15
#82 17 Май 2014 - 17:43
- Өлүккө ырайым кылып, өкүнүп жүрөк менен кайгырып көз жашын агызып ыйлоо. Өлүккө мындай ыйлоо эч нерсе эмес. Ыйлоочу күнөөкөр болбойт. Пайгамбарыбызга (с.а.в.) өлүмү жакындаган наристени беришкенде, аны көкүрөгүнө кысып, көз жашын агызып ыйлаган. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) бул абалына таң калган Акро ибну Хаабис: - Эй Алланын Элчиси, бул эмне? -деп сурады. -"Бул ырайым, Алла ырайымдуу пенделерге ырайым кылат"-деп жооп берди. Ошондой эле Пайгамбарыбыздын (с.а.в.)баласы Ибрахим көз жумганда, аны колуна алып, көз жашын агызып: "Жүрөк кайгырат, көз жаш куюлат, Роббибиз ыраазы болчу гана сөдөрдү сүйлөйбүз. Эй Ибрахим биз сенден ажыраганыбызга өкүнөбүз" - деп айткан.
- Өлүккө тил менен үйлөп,өкүрүп ыйлоо. Мындай ыйлоо арам, ыйлоочу күнөөкөр болот. Өкүрүп ыйлоонун баардык түрүнө тыюу салынган мисалы: өлүктүн туугандарынын өкүрүп ыйлоосу, өлүккө келген эркек жана аялдардын өкүрүп ыйлап келүүсү: " Эсил кайран бир боорум, ЭМИ КАЙДАН КӨРӨЙҮН"- деген сыяктуу. Өлүккө келген аялдардын кошок кошуп ыйлоосу, кошогу үчүн акы алса да албаса да. Ошондой эле чачын жулуу, кийимин тытуу, кабырга качуу ж.б.у.с.
Билдирүүнү түзөткөн: konfetka_love: 17 Май 2014 - 17:44
#83 17 Май 2014 - 17:46
- Өлүккө өкүрүп ыйлоочулар ыймандуу боло албайт. Далил: Пайгамбарыбыз (с.а.в.): " Ким жүзүнө уруп, жакасын тытып жахилят дубасын кылса , ал бизден эмес"- деген.Далил: Абу Бурда р.а.: " Аллланын Элчиси, өкүрүп ыйлоочудан, чачын жулуучудан, жана кийимин тытуучудан жүз бурган"-деген.
- Өкүрүп ыйлоо, каза болгон адамдын азапталуусуна себеп болот. Далил: Пайгамбарыбыз (с.а.в): " Кабырдагы адам, ага болгон адамдарын өкүрүүсүнө жараша азапталат" -деген. Далил: Пайгамбарыбыз (с.а.в): " Кимге өкүрүнүп ыйланса, кыяматта ал ошол ыйларга жараша азапталат" -деп айткан.
- Өлүккө өкүрүп ыйлоочу кыяматта азапталат. Далил: Пайгамбарыбыз (с.а.в): " Өлүккө өкүрүп ыйлаган адам эгер тооба кылбаса, кыяматта жаралуу денесине чоктон кийим кийгизилет" -деген.
Билдирүүнү түзөткөн: konfetka_love: 17 Май 2014 - 17:46
#84 18 Май 2014 - 00:09
Убакыт учкан куш
#85 18 Май 2014 - 00:24
Бир келип кетчи мен жакка.
#86 08 Октябрь 2014 - 11:12
#87 08 Октябрь 2014 - 11:16
kokokola, тема ачарда "Издөө" функциясын колдонуңуз!
#88 09 Октябрь 2014 - 10:08
#90 11 Октябрь 2014 - 00:02
Динибизде бул терс көрүнүш болдубу, демек, анда да бир хикмат бар да. Мага койсо бул салтты алып эле салышса, бул оңой болчу иш эмес. Бирок, бул "бойбойт! " -деген сөз эмес. Аста, аста баары жайына түшөөрүнө ишенем.
#91 14 Май 2015 - 11:20
Керек болсо Алтайда табылган ханышанын соогун мумиелоп комушуптур. али кунчо жакшы сакталыптыр. Орустар казып таап алганда анын европеид экенине тан калышкан. Ханышанын соогу орустун кайсы бир музейинде турат. Жергиликтуу эл соокту кайра алып келип комуп коюсуун талап кылган. Хан тукумундагы соокторду козгогонго болбойт деген ишеним бар. Жаратылыштык катаклизм болот деген. Айтканындай эле соокту казганда жер титироо болгон.
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
#92 14 Май 2015 - 11:42
[font="Century Gothic"][size=" 3"]Менимче азыр кээ бир каада-салт аша чаап кеткендей. Мисалы: кошок, эстелик коюу, уй, кой союп кыркылык, ашын откоруу, аны менен катар конул айтуу, 100, 200, 1000 жылдык мааракелерди откоруу, каза болгон адамдын урматына деп таймаш уюштуруу ж.б. у.с. [/
мен мунун ичинен орустардыкындай эстелик койгонго каршымын. Суротун чаптап ж.б.
Калганы туура
кыркылыкта- олуктун ичи курсагы жарылат
ашта - олук денесинен шимилет.
Эскерип коюу ашыктык кылбас. Бирок ысырап кылып малдын коп союулуусу ашыктык кылат.
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
#93 05 Июнь 2015 - 18:21
#94 06 Июнь 2015 - 00:50
#95 07 Июнь 2015 - 23:26
Gulzat86 (06 Июнь 2015 - 00:50) жазган:
Айланайын,жаштар ай,кошок кошуу күнөө деп ,эл көрсүн үчун ыйлоо дейсиңер.Башыңа келгенде билесиң,.Менин 37 жаштагы сиңдим кулгүндөй курагында өтүп кетти.
Эл деле козүмө көрүнбөй,ичим өрт менен жалын болуп,жанымы коерго жер таппай калгамын.Элге көрүнүп ыйлайын деген ой дегеле мээме келбеген.Ошол күндү азыр эстесем да көзүмөн жаш токтобойт.Канчалык өзүңдү кармап ыйлабайын десең да тээ жүрөгүңүн түпкүрүнөн толуп ташкан букту токтото албайт экенсиң.Алгач өкүрүп,бакырбай сыздап ыйлап,өзүмдү жоготуп койгон экенмин.Көзүмдү ачсам тайэжелерим, коңшулар мени тегеректеп турушуптур. Ошондо бир чон апам:" эзилип ыйлабай, үнүңдү чыгарып,мына бул кошокту айтып ыйла.Ичиңдеги бугуң чыгып, жеңилдейсиң" - деп жазылган кошокту берди.Мен ошол кощокту кошуп ыйлап,чын эле үнүмдү чыгарып ыйласам,жеңилдеп калаарымды сездим.5 айдан кийин атам,3 айдан кийин тайэнем өтүп мени эле кара булут каптап калгандай болду.Бирок ошол кошок менен бугуму чыгарып,өзүмдү өзүм алаксытып,жеңилдеп жүрдүм.Кыргыздар бекеринен кошок кошпойт тура деп калдым.Кошок- - көзү өткөн адамдын жакшы жагын эмгегин мактап айтуу менен,артындагы калган кыз-кыркындын муңун жеңилдетчү касиетке ээ.Эми бардык нерсе мезгил өткөн сайын өзгөрүп,өз ордун жоготуп,жаңысына орун бошотот.Ошол сыяктуу кошок кошуу да мезгил өтүп,өз маанисин жоготоор.Бирок, салтты унутпай биле жүргөнүбүз жакшы.Анткени салт кыргызды кыргыз кылып сактап келатат.Салт бул тарых. Мусулманбыз, бул ширк деп,тарыхты чанууга акыбыз жок.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#96 08 Июнь 2015 - 16:30
morther (07 Июнь 2015 - 23:26) жазган:
Эл деле козүмө көрүнбөй,ичим өрт менен жалын болуп,жанымы коерго жер таппай калгамын.Элге көрүнүп ыйлайын деген ой дегеле мээме келбеген.Ошол күндү азыр эстесем да көзүмөн жаш токтобойт.Канчалык өзүңдү кармап ыйлабайын десең да тээ жүрөгүңүн түпкүрүнөн толуп ташкан букту токтото албайт экенсиң.Алгач өкүрүп,бакырбай сыздап ыйлап,өзүмдү жоготуп койгон экенмин.Көзүмдү ачсам тайэжелерим, коңшулар мени тегеректеп турушуптур. Ошондо бир чон апам:" эзилип ыйлабай, үнүңдү чыгарып,мына бул кошокту айтып ыйла.Ичиңдеги бугуң чыгып, жеңилдейсиң" - деп жазылган кошокту берди.Мен ошол кощокту кошуп ыйлап,чын эле үнүмдү чыгарып ыйласам,жеңилдеп калаарымды сездим.5 айдан кийин атам,3 айдан кийин тайэнем өтүп мени эле кара булут каптап калгандай болду.Бирок ошол кошок менен бугуму чыгарып,өзүмдү өзүм алаксытып,жеңилдеп жүрдүм.Кыргыздар бекеринен кошок кошпойт тура деп калдым.Кошок- - көзү өткөн адамдын жакшы жагын эмгегин мактап айтуу менен,артындагы калган кыз-кыркындын муңун жеңилдетчү касиетке ээ.Эми бардык нерсе мезгил өткөн сайын өзгөрүп,өз ордун жоготуп,жаңысына орун бошотот.Ошол сыяктуу кошок кошуу да мезгил өтүп,өз маанисин жоготоор.Бирок, салтты унутпай биле жүргөнүбүз жакшы.Анткени салт кыргызды кыргыз кылып сактап келатат.Салт бул тарых. Мусулманбыз, бул ширк деп,тарыхты чанууга акыбыз жок.
Ушул билдирүүнү жазган эжеде Кыргыздын бир даамы бар, себеби башка келмейин көп нерсени билип болбойт, динди да китептен окуп койуп жаза баскандын баарын ширкке чыгаруу эмес, кыргыздын жакшы пайдалуу жактары көп, мен муну менен кошок айткыла дебейм, бирок кээ бир жүрөгү бар, боору бар адамдар үчүн кандайдыр бир ичтеги букту чыгаруу керек болот, антпесе ал билинбей убакыттын өтүшү менен ичтеги бук көп деген ооруга алып келет, аны кыргыздар билген ошого себеп кылган.
ал эми азыр илимдүү, билимдүүлөр көп айтып, айтып кала беребиз дегендей да. убакыттын өтүшү менен заман эмес, муун өзгөрүп турат, азыркылар 40 жылдан кийин өзүнүн жаштарына адепти түшүндүрүү кыйынга турат.
#97 08 Июнь 2015 - 16:44
sterva (05 Июнь 2015 - 18:21) жазган:
Сиздин айтканыңыз да, динге күйгөнүңүз да туурадыр, бирок сизде жамандык болбой эле койсун, кокус болсо сизди кошок жатта, кошок кош деп эч ким айтпайт, кошок айтса тирилет экен деген нерсе да жок, болгону эң жакын адамыңдан айрылуу бул сабырдуу болсоң да сабырсыздыка келүүң мүмкүн болот, ар ким ар кандай кабыл алат. өлгөн жакыныңа ыйлоо, бул ширк эмес и Аллага каршы чыгуу эмес, болгону жакынын жоготкондорго сабыр кылуусун гана айта алабыз. Алланын элчиси саллаллаху алейхи васаллам да жакшы көргөн жакынынан айрылганда, көз жашын агыза ыйлап, ичинде бугун чыгарган, башка аргасы жок эле.
#98 08 Июнь 2015 - 20:15
kerakg (08 Июнь 2015 - 16:44) жазган:
Менин башымдан жамандык откон учун жаздым эле бул темага!Жамандык ар бир адамдын башында турат,никто от этого не застрахован. Менин атам каза болгондо,туугандар кошок жаттагыла деп,боз уйдун ичинде,бизге жаттаткан,ошондо жаман коргонмун туугандарды, ичимден куйуп,атамдын аркасынан олгум келип,жаным чыгып жатса,кайдан жаттамакмын кошокту?мен кошок айтып,ыйлап, атамды мактабасам деле элдер атакемдин кандай адам экенин билишчу,мага бироонун ою,созу маанилуу эмес,бироонун созу учун жашавайм.Атамдан кийин коп отпой,апам да каза болду,куйут устуно куйут кошулду.Анда деле баягв создор,кошок айткыла деп,анда деле жаттаган эмесмин,эми не элдер менин кошок айтканымды угушсун деп,айтышым керекпи?куйутум, ызаам,азам ичимде.Аявай жер тепкилеп "ОО Кудай атамды да апамды да алып кеттин,жок дегенде бироосу жашап турса болбойт беле?"деп ыйласам,чон апам урушкан(70жашта, 5маал намаз окуйт),антип ыйлаганын Кудайга нараазы болгонун деп,тып токтогонмун. Негизи ыйласа,кошок айтса женилдейт деген соз туурамес дегим келген.Убакыт, сабыр жана аларга окулган куран гана куйутту дарылаарына козум жетип,тушундум. ошо...
Билдирүүнү түзөткөн: sterva: 08 Июнь 2015 - 20:16
#99 08 Июнь 2015 - 22:59
кидают камень, отвечайте плодами»
#100 13 Июнь 2015 - 16:01
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 13 Июнь 2015 - 16:34
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев