jasi (23 Октябрь 2014 - 11:40) жазган:
Кыздардын сеп жыйноосуна кандай карайсыңар?
#61 24 Октябрь 2014 - 22:34
#62 24 Октябрь 2014 - 22:47
Билдирүүнү түзөткөн: unknown666: 24 Октябрь 2014 - 22:51
#63 25 Октябрь 2014 - 10:11
unknown666 (25 Октябрь 2014 - 02:17) жазган:

#64 27 Октябрь 2014 - 15:01
#65 27 Октябрь 2014 - 16:31
Анан , ото эле маани бере бербейм го негедир.
Жакшылык иш буто берет...
( септен мурда жигит таап алайын)

#66 27 Октябрь 2014 - 20:42
jasi (16 Сентябрь 2014 - 10:31) жазган:
Мен үчүн жинди болгондор жыйнашы мүмкүн. Мен кааласам, ата-энемди кыйнабай эле себи деле жок турмушка чыга берем. Кааласам ал септи өзүм деле жасатып коем. Азыр баары даяр, Акчаң болсо баарын жасатып коесуң, сатып да аласың. Кыскасы мен үчүн проблема эмес. Анчалык финансы тартыш болсо, себи жок деле эрге тийип кетишим мүмкүн.
#67 27 Октябрь 2014 - 20:46
#68 28 Октябрь 2014 - 15:55
saltanat. (28 Октябрь 2014 - 00:16) жазган:
Сиз бир тараптан эле карап жатканыныз корунуп турат. Ар бир нерсенин эки тарабы болот эмеспи. Жакшы ниет кылуунун зыяны жокко дейм
#69 28 Октябрь 2014 - 16:26
Мен себи жок эле турмушка чыктым, 5-6төшөк,майда- чүйдө нерселерди эле берген. Бирок сеп албасада калыңды толугу менен берип коюшкан. Себеби жигитим экөөбүз сүйлөшүп алган элек сеп албайбыз,биринчи үй алабыз деп. Анын үстүнө тойубуз кокусунан эле болуп кетти,апамдар деле сеп жасаганга жетишпей калды.
Эми буюрса үй алсак анан сеп алабыз же өзүбүз эле керектүүлөрдү сатып алабыз ата-энебизди кыйнабай.
#70 29 Октябрь 2014 - 00:42
А бүгүнкү күндөчү? Базар аралап көрсөң баары
сатылат. Анын арасында кыздын себине тийиштүү
оокаттар да жок эмес. Эмнегедир акыркы жылдары
оңой оокатка ыктап, каада-салттардан оолактап
бараткансыйбыз. Ар ким алына, шартына жараша
калың берип, сеп даярдап жүрөт. Бүгүн биз базар
аралап, орточо септи даярдоо канча түйшүктү талап
кылаарын аныктай албасак да, капчыкты канчага
жукартаарын билгенге аракет кылдык.
Адегенде Ош базарына баш багып кыдырата
тизилген сандыктарга көзүбүз түштү. Сатуучунун
айтымында, алар дүңүнөн, жок дегенде ондон ашык
сандыкты бир сатып алышат. Сырты темир менен
капталган эң арзан сандыктын баасы 900 сом болсо,
кызыл карагайдан кооздолуп жасалган сандык 2700
сомдон 5000 сомго чейин турат.
Кыргыздын оюу-чиймеси түшүрүлгөн, жерге
салынган төшөктүн баасы 750 сомдон башталып, эң
мыктысы 1500 сомго чейин. Ал эми жуурканды
болсо акыркы убакта атайын сепке ылайыктап
кездеменин кымбатына, кебезинин сортуна жараша
жасатканга өтүшүптүр. Булардын орточо баасы 1100
сомдон 2500 сомго чейин жетет.
Майда түркүн түстөгү чүпүрөктөн куралган
жаздыкчалардын баасы 150-950 сом турат.
Ал эми көшөгө же терезе парда алууну каалагандар
кооздугуна жараша бир метрин 100 сомдон 250
сомго чейин ала алышат.
Базарды беш-алты кыдырып, туш кийиз, шырдак
сыяктуу баалуу буюмдарды көрө алган жокпуз.
Шырдак шыруу, жээк басуу өтө машакаттуу жумуш
экенинде талаш жок, ушундан уламбы, мындан эки-
үч жыл мурда жайнап илинип турчу шырдактардын
бири да көзгө көрүнбөйт. Акыры издеп жүрүп,
шырдактын өзүн таба албасак да чакан жерге
салына турган жол килемчени көрдүк. Баасы 6
миңден жогору экен. Сатуучунун айтымында, азыр
шырдак жасаткандар чанда эле кездешпесе, көбү
Европадан келген килемдерге качырышат. Ал эми
шырдакты көлөмүнө, оюусуна жараша жасаткысы
келгендер капчыгынан 1500 доллардан жогору акча
сарптаганга туура келет.
Акыркы убакта "Жууркан- төшөк, сандык сатылат"
деген жазуулары илинген чакан дүкөндөр
көбөйгөндөн эле көбөйүп баратат. Алардын бирине
баш баксак, ал жакта жууркан-төшөккө болгон баа
базарда жайылып тургандарга салыштырмалуу алда
канча жогору экенин байкадык. Албетте, сапаты да
алда канча жакшы. Мындай дүкөндөргө товарды
бир айда бир алып келишсе, күз мезгили
жакындаган сайын суроо-талап күн санап күчөп
жатканын сатуучулар жашырышкан жок. Алардын
арасында үй кожейкелеринин кызматынан
пайдаланып, орто жолдон арзан баада сатып алып
кардарга кымбатыраак кармата берчү алып
сатарлар да жок эмес.
Кайсы дүкөнгө кирбейли, үймөлөктөшүп жууркан,
төшөк же жаздык тандап жаткан кыз-келиндер эле
көзүңө көрүнөт. Ушундан улам кыргыз кыздар
бара-бара ийне саптаганды да унутушабы деген ой
пайда болбой койбойт экен.
Агым гезитинен
Билдирүүнү түзөткөн: ANGEL_: 29 Октябрь 2014 - 00:46
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#71 29 Октябрь 2014 - 00:55
saltanat. (27 Октябрь 2014 - 20:46) жазган:
Турмушка эрте же кеч чыгуу септен козкаранды эмес. Болоор иштин алдын алуу пайдасын тийгизсе тийгизет, бирок зыянын тийгизбейт. Озбек кыздарын билсениздер керек, алар эрте турмушка чыгат, алардын энелери аларга кичинекей наристе курагынан баштап сеп таштай башташат.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
#72 29 Октябрь 2014 - 18:32
#73 13 Ноябрь 2014 - 04:24

Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#74 23 Ноябрь 2014 - 04:59
#75 29 Ноябрь 2014 - 19:49
#76 02 Декабрь 2014 - 01:32
#77 02 Декабрь 2014 - 01:39
#78 03 Декабрь 2014 - 00:57
Макул деп барып өзүм каалаган түстөгүлөрдү тандап, көрпө, төшөк, жакондоско деп бир рулон чытты менен алып койгон элем!
Ошонун убакыт сааты чыгып бүгүн баарын көтөрүп чыктым! Негизи жакшы кылган экенмин! Өз көзүм менен чебер эже, апам болуп бүгүн ауралатып (кыркып) чыктык! Машинага жүрүп койсок бүттү!

Мен кызыгам жакшы көрөм өз колум менен тандап алганды! Көп эле жакшы пайдалуу нерселерди өз күчүм менен топтоп алдым! (чё то базар жүрүшүп жаткандай

Ата-энеми бир туугандарымы убагы келгенде кыйнабай турган кылып!
Бирде бар болсо, бирде жок болуп калат!
Сеп жыйноого түз эле караштамын!
Жалгыздык бул бир гана Аллах үчүн!
☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
#79 05 Декабрь 2014 - 10:45
Септи алдын ала даярдавайт деп айтышат,азыркы заманда эртенки куну эмне болооруп билбейбиз.Алдын ала акчан бар болсо даярдап койгондун зыяны жок
#80 05 Декабрь 2014 - 18:21
