Күмүш той, Алтын той, Алмаз тойлорду өткөрүп туруу керек. Себеби, ар бир адамдын эсине кала тургандай орто жаштан кийин белгилесе келечектеги өсүп келе жаткан жаш муундарга сабак болчудай. Негизи эле үйлөнүү тойдун жылдыктары боюнча кандай коз караштасынар?
Баракча 1 - 1
Үйлөнүү жылдыктары! Күмүш той, Алтын той, Алмаз той....
#1 29 Октябрь 2014 - 15:02
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#2 29 Октябрь 2014 - 15:04
1 жыл - Чыт той
Үйлөнгөндөрүнө бир жыл болгон жаш жубайлар Чыт (кездеме) тоюн белгилей алышат. Бул той көбүнчө Европа өлкөлөрүндө белгиленип келет. Ошол күнү аялы менен күйөөсү мамилебиз бекем болсун деген мааниде бири - бирине чыт кездемесин белекке беришет. Эгер кездеме ак же кызыл түстө болсо, сүйүүсүнүн актыгын жана тазалыгын билдирет. Кездеменин түсү тунук эмес түстө болсо, мындан аркы мамилебизди бекемдейли деген маанини түшүндүрөт.

#3 29 Октябрь 2014 - 15:07
5 жыл - Жыгач той
Аялы менен күйөөсү бирге жашаганына беш жыл болгондо Жыгач тоюн белгилей алышат. Бул күнү жоро-жолдоштору, тууган-уруктары белекке жыгачтан жасалган идиш же эмеректерин белекке беришет. Жыгач тою көбүнчө Европа мамлекеттеринде белгиленип келет.
Аялы менен күйөөсү бирге жашаганына беш жыл болгондо Жыгач тоюн белгилей алышат. Бул күнү жоро-жолдоштору, тууган-уруктары белекке жыгачтан жасалган идиш же эмеректерин белекке беришет. Жыгач тою көбүнчө Европа мамлекеттеринде белгиленип келет.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#4 29 Октябрь 2014 - 15:09
7 жыл - Бал той
Бал тою - жети жылдан кийин белгиленүүчү той. Бул күнү мындан аркы жашообуз балдай ширин болсун деп, балдан же таттуулардан жасалган тамак-ашты көп жасап, жубайлар бири - бирине акчалай белек беришет.
Бал тою - жети жылдан кийин белгиленүүчү той. Бул күнү мындан аркы жашообуз балдай ширин болсун деп, балдан же таттуулардан жасалган тамак-ашты көп жасап, жубайлар бири - бирине акчалай белек беришет.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#5 29 Октябрь 2014 - 15:10
10 жыл - Роза той
Роза той бирге жашагандарына 10 жыл болгондо белгиленет. Ырым - жырымдарга караганда бул тойго жакын туугандары, достору канча роза гүлүн алып келсе, аялы менен күйөөсү ошончо көп жыл бирге өмүр сүрөөрүн түшүндүрөт.
Роза той бирге жашагандарына 10 жыл болгондо белгиленет. Ырым - жырымдарга караганда бул тойго жакын туугандары, достору канча роза гүлүн алып келсе, аялы менен күйөөсү ошончо көп жыл бирге өмүр сүрөөрүн түшүндүрөт.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#6 29 Октябрь 2014 - 15:10
15 жыл - Хрусталь той
Хрусталь тою 15 жылдан кийин белгиленүүчү той. Негизи тойго келген коноктор хрусталь идиштерин белекке берүүсү зарыл. Мындан аркы жашооңор хрусталдай таза жана тунук болсун деген маанини билдирет. Бирок Хрусталь тою болуп жатканда акчалай сыйлык белекке албайт. Себеби, өкүнүчтүн, жамандыктын белгисин билдирет.
Хрусталь тою 15 жылдан кийин белгиленүүчү той. Негизи тойго келген коноктор хрусталь идиштерин белекке берүүсү зарыл. Мындан аркы жашооңор хрусталдай таза жана тунук болсун деген маанини билдирет. Бирок Хрусталь тою болуп жатканда акчалай сыйлык белекке албайт. Себеби, өкүнүчтүн, жамандыктын белгисин билдирет.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#7 29 Октябрь 2014 - 15:12
20 жыл - Фарфор той
Бирге түтүн булатканына 20 жыл болгондо фарфор тоюн белгилешет. Тойго келген конокторду фарфордон жасалган идиштерге тамак - ашты толтуруп сыйлашат. Ал эми белекке берилген идиштерди биринчи болуп өздөрү колдонбой, жакын адамдарына белекке берип, андан кийин колдоно алышат.
Бирге түтүн булатканына 20 жыл болгондо фарфор тоюн белгилешет. Тойго келген конокторду фарфордон жасалган идиштерге тамак - ашты толтуруп сыйлашат. Ал эми белекке берилген идиштерди биринчи болуп өздөрү колдонбой, жакын адамдарына белекке берип, андан кийин колдоно алышат.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#8 29 Октябрь 2014 - 15:13
25 жыл - Күмүш той
Бир кылымдын төрттөн бирин жашаган жубайлар күмүш тоюн белгилей алышат. Башкача айтканда жашагандарына 25 жыл болгондо белгиленүүчү той. Бул тойдо аялы менен күйөөсү аты жок бармагына күмүш шакегин тагуусу зарыл.
Бир кылымдын төрттөн бирин жашаган жубайлар күмүш тоюн белгилей алышат. Башкача айтканда жашагандарына 25 жыл болгондо белгиленүүчү той. Бул тойдо аялы менен күйөөсү аты жок бармагына күмүш шакегин тагуусу зарыл.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#9 29 Октябрь 2014 - 15:14
30 жыл - Бермет той
Арадан беш жыл өткөндөн кийин бермет тою белгиленет. Жолдошу ушул күнү аялына бермет көзү бар мончокту белекке берүүсү керек. Эгер жолдошу ошол күнү аялына башка нерсе белекке берсе, анда ошончо жыл бирге жашаганына нааразы экендигин түшүндүрөт.
Арадан беш жыл өткөндөн кийин бермет тою белгиленет. Жолдошу ушул күнү аялына бермет көзү бар мончокту белекке берүүсү керек. Эгер жолдошу ошол күнү аялына башка нерсе белекке берсе, анда ошончо жыл бирге жашаганына нааразы экендигин түшүндүрөт.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#10 29 Октябрь 2014 - 15:15
35 жыл - Рубин той
Рубин тою 35 жылдан кийин белгиленүүчү той. Жолдошу аялына рубин көздүү алтын шакекти белекке берет. Эгер рубин көзү жок шакек берсе, анда жолдошу 35 жыл бою аялы менен бактысыз жашагандын белгисин билдирген.
Рубин тою 35 жылдан кийин белгиленүүчү той. Жолдошу аялына рубин көздүү алтын шакекти белекке берет. Эгер рубин көзү жок шакек берсе, анда жолдошу 35 жыл бою аялы менен бактысыз жашагандын белгисин билдирген.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#11 29 Октябрь 2014 - 15:16
50 жыл - Алтын той
Алтын той - 50 жылдан кийин белгиленүүчү той. Бул тойдо аялы менен күйөөсү алтын шакекти бири - бирине белекке беришет. Эскилерин жаңы үйлөнүп жаткан неберелерине, балдарына белекке калтырат. Жарым кылымдын белгиси болгон алтын шакек туруктуулуктун, бактылуулуктун жана бакыттын белгисин билдирет.
Алтын той - 50 жылдан кийин белгиленүүчү той. Бул тойдо аялы менен күйөөсү алтын шакекти бири - бирине белекке беришет. Эскилерин жаңы үйлөнүп жаткан неберелерине, балдарына белекке калтырат. Жарым кылымдын белгиси болгон алтын шакек туруктуулуктун, бактылуулуктун жана бакыттын белгисин билдирет.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#12 29 Октябрь 2014 - 15:16
60 жыл - Алмаз той
60 жылдан кийин Алмаз тою белгиленет. Алмаз баалуу таштардын эң катуусу. Бул никенин бекемдигинин белгисин берет. Бактылуу карылыкка жетип, мындан кийин балдарыбыздын сый -урматынын үстүндө жүрөлү деп элден ак баталарын алуу максатында белгиленет.
Кыргызда той-топур абдан эле көп эмеспи. Тойдун болуп турганы жакшы, бирок чыгымын көптөрү көтөрө албайт. Ар бир өлкөнүн өзүнүн каада-салты болгондуктан, биз мындай нерсени тескери кабыл албашыбыз керек.

#13 29 Октябрь 2014 - 16:25
Быйыл биздин жыгач тоюбуз болуш керек экен да анда).
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#16 29 Октябрь 2014 - 22:58
Жубайлар ушул тойлорду кутуп белгилеп турушса ажырашуу аз болуп,сый урмат кобуроок болот беле деген ой келди
Мен бактылуумун.
!
#17 03 Ноябрь 2014 - 13:45
Үй бүлө күтүүнүн өзүнчө жол жобосу болгондой эле, той берүүдө да ар бир элдин бири-бирине окшошпогон салт-санаасы бар. Мына ошол дүйнө элдеринин үлпөт тойдогу каада-салттарын билүү үчүн чет мамлекеттердин эшигин аттап, баш багып коройлу:
Грецияда
Күйөө баланын өкүл атасы оң жагына күйөөнү сол жагына колуктуну кармап чиркөөгө жетелеп кирет, бул учурда колуктунун колунда "жашообуз ушундай таттуу болсун" деген ниетте уучтап кумшекер, ал эми жигиттин колунда "бирөө жарымдын суук көзүнөн сакта" деген ойдо кагазга тартылган көздүн сүрөтүн кармап турат. Ал эми жаштардын биринчи нике түнүндө сөзсүз кичинекей кыз-балдар тегерегинде ойноп турушу керек. Бул гректердин түшүнүгү боюнча жаш жубайларга бакыт жана бала алып келет.
Венгрияда
Колуктуга күйөөсү атайын арнап сумка сатып алат да, анын ичин тыйын менен толтурат, ал эми колукту болсо күйөөсүнө үч же жети (алар үчүн бул эки сан эң ийгиликтүү сандар) бет аарчы берет. Венгрия элинин салты боюнча жар болуучу кыз үлпөт тоюна келген ар бир конок менен бийлеп чыкканга милдеттүү, эң кызыктуусу бийлегени үчүн келген коноктор колуктуга 15 миң фринт (Венгриянын валютасы) төлөшү керек.
Индияда
Эли күйөө баланы аябай сыйлап, өзгөчө ызаат көрсөтүшөт. Кыздын атасы күйөө баласы келээри менен үйгө киргизбестен бутун жууйт, ал эми болочоктогу аялы май, бал, сүт аралашкан ширеден ооз тийгизээри менен жигит тараптан жакын туугандарынын бирөө шайтандарды кууш үчүн үч жолу жубайлардын башынан кокос жаңгагын айлантат. Таң калыштуусу жубайлар нике шакегин аты жокко эмес, сөөмөйүнө тагынышат экен.
Иранда
Канчалык кулакка жагымсыз угулбасын, бул мамлекетте материалдык абал жакшы, бай жигиттер гана көзгө көрүнүп, ар бир ата-эне кызын бай күйөөгө берүүгө умтулушат.Биринчи орунда финансы маселеси тургандыктан болочоктогу жубайына милдеттүү түрдө үйлөнгөнгө чейин үй же чоң суммадагы акча бериши абзел, антпесе жигитти киши катарында көрүшпөйт.
Никабар Аралында
Эгерде бозой бир кызга көзү түшүп жактырып калса, анда ошол кыздын үйүнө кул болот, тагыраак айтканда белгилүү бир мөөнөттөн алты ай же бир жыл убакыт аралыгында ошол үйдүн оту менен кирип күлү менен чыгып, колунан келишинче жагынууга аракет кылат. Ал эми бул мезгилде кыз күйөөгө чыгуу же чыкпоо жөнүндө чечим кабыл алат.
Кытайда
Үйлөнүү үлпөт тою болоордо колуктунун жакын туугандары алтын жасалгаларды белекке беришет. Бул өлкөдө кызыл түстү сүйүүнүн символу катары кабыл алышкандыктан бул күнү тойго келген меймандардын баары кызыл түстөгү кийим кийиши абзел. Дагы бир кызыктуу көрүнүш, Кытайда кыздык белгиге көп маани беришпейт.
Кореяда
Үйлөнөрдө жубайлар алгач төлгөчүгө баш багышат. Бүгүнкү күнгө чейин жаңы келген келиндин этегине кайнатасы менен кайненеси жужуб өсүмдүгүн ыргытышат, мунун себеби жужуб бул- эркек кишиге мүнөздүү өсүмдүк, ошондуктан көп эркек уулду бол деген ниетте ушул салтты колдонушат. Дагы баса көрсөтүүчү нерсе үлпөт тойдо сөзсүз түрдө өрдөк болуш керек. Анткени, кореяда өрдөк - ишенимдин символу катары эсептелет.
Өзбекстанда
Күйөө баланы кыз тарап 40 күн көшөгө ичинде тамак ташып багат. Болгондо да үч маал ысык тамак берүү менен сыйлашат. Башка элдерден айырмаланып өзбек калкы кызга бычылган калыңды көп алышат. Ошондой эле той болуп жаткан мезгилде тойго келген меймандар күйөө баланы тегеректеп кол чаап турушат, бул учурда күйөө бала бир музыка жаңырып бүткөнчө жалгыз өзү бийлеп берет.

#19 09 Ноябрь 2014 - 10:48
Ар бирин белгилеп турсак кандай жакшы болмок.Бизге бал той жакындап калган турбайбы,эскертиш керек бир адамга.Жакшы маалыматтар рахмат Фейжи кыз.
Мен эч кимге баш ийген эмесмин,ийбейм дагы!!!!!!
Баракча 1 - 1