Уйкусуздукту кантип жеңсе болот? пайдалуу кеңеш
#21 05 Ноябрь 2014 - 11:45
Уйку качканда жана аябай чарчаганда 1 стакан сууга 1 ашкашык бал кошуп ичкен пайдалуу.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#22 05 Ноябрь 2014 - 11:46
Уйкусу качып кыйналып жүргөндөргө кеңеш: жаңы капустаныкайнатып,
мелүүн тарткыча анын буусунан дем алуу жакшы жардамын берет.Кайнатманы андан кийин ичип алсаңыз болот.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#23 06 Ноябрь 2014 - 13:56
Көпкө созулган уйкусуздук адамдын ден-соолугуна өтө зыян. Официалдуу медицинанын врачтары (алокаттар) аны дайыма наркотикке байланыштырышат.
Ал эми элдик дарыгерлердин ыкмалары боюнча эң пайдалуу багыт диета. Чийки жашылча, чийки мөмөлөр, жемиштерден жасалган ширелер пайдалуу. Мисалы, кечки тамакка пияздан көбүрөөк кошуу уйкуга жакшы шарт түзөт. Адам жакшы эс алып, өзүн сергек сезет. Дагы бир жакшы ыкма уйку алдында 3-4 мүнөт ваннада муздак суу менен жуунуп алса, уйкусу бузулган адамга шарт жакшы түзүлөт.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#24 08 Декабрь 2014 - 16:12
Аябай сонун кенештер бар экен.Рахмат баарынарга.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.

#25 13 Декабрь 2014 - 18:47
Uyku daaryny ichip alsan katyp kalasyn..
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#26 15 Январь 2015 - 22:01
Кандай жакшы жана зыйаны жок уйку даарылар бар алардын аталыштарын айтып койгулачы сураныч билгендер болсо
#27 05 Март 2015 - 12:30
Тез уктоо үчүн 6 кеңеш
Уйкусуздуктун себептери ар түрдүү. Бирок кээ бир эрежелерди сактоо менен бул көйгөйдөн арылууга болот.
Кээде ушунчалык чарчап, башым жаздыкка тиери менен уктап калам деп ойлойбуз. Бирок ойлогондой болбой калат. Андыктан төмөндөгү кеңештерди карап көрүңүз:
1. Уктаганы жатканда чарчаганыңызга толук ишениңиз, ары-бери оодарыла бербеш үчүн.
2. Уктоочу бөлмө ысык болбош керек. Уктаар алдында бөлмөнү желдетип коюңуз. Эгер ысып кетсеңиз түнү ойгонуп, тердеп кыйналасыз.
3. Керебетиңиздин абалы жакшы болушу керек. Төшөнчүлөр катуу жана денеңизге ыңгайлуу болушу шарт, абдан жумшак болбошу керек.
4. Эгер күндүз кандайдыр бир окуя болгон болсо, аны жатканда ойлобогонго аракет кылыңыз.
5. Жеген тамагыңыз жеңил жана оңой сиңе турган болушу кажет. Ачкарын уктаганга да болбойт.
6. Уктатуучу дарыларга азгырылып кетпеңиз. Ага көнүп алуу оңой.

#30 06 Март 2015 - 17:08
Азыр оорума байланыштуу анча уктай албайтам. Кундузу же кечинде уйку жок.
Кара-Суум берекелуу менин шаарым,
Чонойдум, кучагынан алып таалим.
Сагынам, кайсыл жерде журсом дагы,
Кантсе да тогулгон да киндик каным.
Кара-Суум жаркыраган менин шаарым,
Сен барсын, бул дегени менин барым.
Кылымдар отсо да сен жашай бергин,
Ылайым, эч очпосун сенин наамын.
Чонойдум, кучагынан алып таалим.
Сагынам, кайсыл жерде журсом дагы,
Кантсе да тогулгон да киндик каным.
Кара-Суум жаркыраган менин шаарым,
Сен барсын, бул дегени менин барым.
Кылымдар отсо да сен жашай бергин,
Ылайым, эч очпосун сенин наамын.
#31 04 Апрель 2015 - 20:50
#32 06 Апрель 2015 - 22:06
Менда андай маселе жок кундузу канча уктасам деле кечкисин тез эле уктап калам. Анан уктагым келбесе уйкум келбей копко чейин журо берем. Бирок коздорум шарт эле кызара чыгат
#33 06 Апрель 2015 - 22:07
Уктоо туралуу кызыктуу маалымат жаза кетейин.
*Эгер, киши көмкөрөсүнөн уктаса, анда аны кыйынчылыктар чулгап турат.
* Бүрүшүп жаткан адам жалгыздыктан кыйналып, таяныч издегени.
* Чалкасынан жата турган болсо, өз бактысына манчыркаган, максаттары туурасында күрөшүүчү адамдар.
* Башын шылкыйтып жаткандар санаа баскан адамдар.
* Жаздык кучактап жаткан адамдар сүйүүгө, махабатка муктаж болгондор.
* Оң жамбашы менен жатса – ал кишинин ишинде сөзсүз ишеним бар. Бирок, эч качан жогорку кызмат ордуна көтөрүлбөйт.
* Сол жамбашы менен жата тургандар – чыгармачыл адамдар.

Билдирүүнү түзөткөн: Adilet94: 06 Апрель 2015 - 22:08
#34 18 Апрель 2015 - 15:15
Мен аябай козум жумулуп уйкум келет , бирок уктай албай кыйналам .Уктап тургандан кийин бут денем айрыкча ашказаным мн бойрогум ооруй берет.Билгендер болсо жазып койгулачы .
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#35 18 Апрель 2015 - 15:23
Ушул бат уктап калууну эч үйрөнө албадым мен. Аябай каттуу чарчаганда гана эч нерсени сезбей уктабасам, башка учур 100 жолу оодарылып уктай албай эле кыйнала берем. Уктаган соң да тынчтык жок. Ар кандай түштөр менен алышуу керек болот.
Жогоруда жакшы кеңештер жазылыптыр мага окшогондорго.

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#36 18 Апрель 2015 - 15:55
Эртерээк эрге тийсениз Нурзида айым, уйкунуз бат келет,жана бул оорудан кутулас,уктабайын десенизда уктап калас.
Жашы отуп калган улан,кыздар ушундай уйкусуздука чалдыгат экен,ойлоно берип.

Максат менен соккон журок,
Бакыт менен омур сурот.
Бакыт менен омур сурот.
#37 18 Апрель 2015 - 15:57
rnurzida (18 Апрель 2015 - 15:23) жазган:
Ушул бат уктап калууну эч үйрөнө албадым мен. Аябай каттуу чарчаганда гана эч нерсени сезбей уктабасам, башка учур 100 жолу оодарылып уктай албай эле кыйнала берем. Уктаган соң да тынчтык жок. Ар кандай түштөр менен алышуу керек болот.
Жогоруда жакшы кеңештер жазылыптыр мага окшогондорго.
Жогоруда жакшы кеңештер жазылыптыр мага окшогондорго.
Намаз окуусаныз туштор кирбей калат
калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
#38 18 Апрель 2015 - 16:45
banda-312 (18 Апрель 2015 - 15:57) жазган:
Намаз окуусаныз туштор кирбей калат
Окуйм иним. Жатаарда сөзсүз түрдө келме келтирип жатам. Илимдүү дамбыллага барып дем салдырып деле турам. Бирок, эч эле жыйынтык жок го.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#39 18 Апрель 2015 - 17:31
Субханаллах - 100жолу,Альхамдулиллах-
100жолу,Аллаху акбар -100 жолу айтыш керек.анан уктап каласын
#40 22 Апрель 2015 - 23:52
Дүйнөдөгү ар бир экинчи адам эрте менен ойгонууда кыйналат. Кээ бирлерине ойгонуу ушунчалык кыйын болгондуктан өздөрүн "чачынан тартып" жатып, мажбур түрдө турууга бел байлашат. Адатта, биз мындай көрүнүштү аз уктагандан же кеч жаткандан деп ойлойбуз. Окумуштуу дарыгерлер мунун себебин уйкунун саатына көз каранды эмес деп белгилешти.
Анда эмне себеп болушу мүмкүн? Окуңуз.
Туура эмес кечки тамактануу.
Айрыкча дан азыктары жана шириндиктер тамакты туура эмес сиңирет. Бул организмде токсиндерди (зыяндуу заттарды) көбөйтүп эс алуу болбогондой сезим калтырат. Эрте менен ооздун ичинде жагымсыз даам сезилип турат. Ошондой эле кечки тамакты өтө кечеңдетүү да уйкуга таасир берет. Ал учурда ичте оору пайда болуп, адамды алсыратат жана эрте мененки маанайдын жок болушуна негиз болуп берет. Андыктан, кечки тамактануу күн баткан маалга белгилөө зыянсыз. Бул албетте тамактын жакшы сиңүүсүн негиздейт.
Өз эркин башкара албоо.
Кечинде жатарда, эртеңки убакытын пландабаган адам таңда ойгонууга шашпайт. Жада калса алар төшөктө оонап жата бергенди же оронуп отура бергенди жактырышат. Бул адамдын эркинин башкара албаганынан келип чыгып, жашоо тонусун төмөндөтөт. Бул типтеги адамдар өзгөрүүгө аракет кылышпаса, анда ар бир күнүң ушундай багыт менен өткөрө бериши ыктымал.
Өтө жылуу жана жумшак төшөк.
Ошондой эле бөлмөдөгү дем болуп кеткен, өтө ысык температурадагы бөлмө.
Кечинде болгон ызы-чуу, уруш-талаш.
Адамдын эрте менен ойгоно албай кыйналышына уруш-талаш, ызы-чуулар да себеп болот. Кечинде трагедиялык жаңылыктарды көрүп, триллер, детектив кинолорду көрүп уктаган адам таңда оорлошуп калат. Бул нерселер адамдардын нерв системасын чыңалтып жиберет. Алар уйкусу канбагандыкка шылтоолоп, кеч жатып түш ченде ойгонсо деле эс алып кала алышпайт. Алардын маанайы күн бою эң төмөнкү баскычта болуп турары бышык.
Уйкуну бакыт деп эсептегендик.
Жашоодо максатсыз жашаган кишилер уйкуга тойбойт. Анткени алар жаңы ийгиликтерге жетүүнү максат кылбайт, бакыт издебейт. Мындай адамдар үчүн эрте менен жумшак төшөктө жатууну - эң чоң бакыт.
Уктоочу бөлмөдө тамактануу.
Уктоочу бөлмөгө тамак бышырып, тамактанып же тамактын калдыктарын калтырып койсо, мындай абал адамдын сезүүсүн кордоп, уйкусун бузат.
Кечинде кимдир бирөөнү капа кылып алуу.
Эгерде уктаар алдында кимдир бирөөнү капалантып алсаңыз, анда кечирим сурап жатканыңыз оң. Анан да жаман ойлордон алыс болуп уктоо керек. Жатып эле дароо уктап калуу да туура эмес. Ошол күндүн жыйынтыгын чыгарыңыз. ар бир нерсени таразалап жакшы ниет менен уктаңыз. Бул эрте мененки маанайыңыздын эң мыкты себепчиси болуп бере алат.
Уйкуга каныкпай жүрүү эмнеге алып келиши мүмкүн?
Сырткы келбеттин өзгөрүүсү.
Коркунучтуу угулат, туурабы? Ошентсе да, Стокгольмдагы Королин институтунун окумуштуулары изилдөөлөр натыйжасында бул нерсени тастыктап чыгышты. 10 адам катышкан изилдөөдө ар бири 31 саат уктабай отурушкан. Ар бирин ар кандай саатта сүрөткө тартып алышкан. Жыйынтыгында, бардык катышуучулар оорукчан, маанайы жок, бактысыз абалда көрүнүшкөн. Ал эми көп убакыттан бери чала уйку болуп жүргөн адамдардын жүзү кубарып, эриндеринин бурчтары төмөн карап, көз алдында шишик пайда болуп жана башка өзгөрүүлөр болору бышык.
Мас абалда жүргөндөй туюлат.
17 саат уктабай жүргөн адамдын абалы мас кишидей болот. Канынын составында 0,05% алкоголь бардай болуп калат. Башкача айтканда, уйкуга каныкпай калганда адам өз көңүлүн топтой албайт. Ой жүгүртүүсү начарлап, жооп берүү реакциясы төмөндөйт.
Чыгармачылык жөндөмдүүлүк жоголот.
Мисалы, сиз кандайдыр бир проект менен иштеп жатасыз дейли. Толук кандуу уктай албай жүрсөңүз, анда жыйынтыгы сиз каалагандай болбой калышы толук мүмкүн. Мындай чечим, 1987-жылы британиялык психологдордун изилдөөсүнө таянып чыгарылган. Изилдөө аскер кызматкерлеринде жүргүзүлгөн, 2 күн уктабай жүргөндөн кийин аскерлер туура багыт таба албай, жаңы пландарды ойлоп табуу жөндөмдүлүгү жоголгон.
Кан басымы жогорулайт.
Ошонтуктан кан басымы бар адамдар үчүн уйку режимин сактоосу зарыл.
Интеллектуалдык жөндөм төмөндөйт.
Бир гана интеллект эмес, эс тутум да начарлайт. Бул иштеп жүргөн адамдар үчүн терс таасирин тийгизүүсүнө негиз болуп берет.
Оору пайда болуу коркунучу көбөйөт.
Уйку мезгилинде организмде цитокиндер(иммунитетти көтөрүүчү белоктор) көбөйөт. Булар вирус, микроорганизмдер менен күрөшүп, ооруларга туруктуулукту камсыздап турушат. Уйкусу канбай жүргөн адам ар кандай ооруларга бат кабылып, айыгуусун да кечеңдетет.
Тез картайууга алып келет.
Косметика каражаттарына каалаганча акча жумшап жаш жүрүүнү самасаңыз да, эгерде уйку режими сакталбаган болсо баары пайдасыз. Уйкусу канбаган адам дайыма стресс абалда жүрөт, бул организмдеги кортизол гормонун көп өлчөмдө бөлүп чыгарат. Кортизол гормону тери майларын көп бөлүнүп чыгарылуусуна өбөлгө түзүп, теринин картайуусуна шарт түзөт. Ошол себептен уйкусу канбаган адам өзүнүн жаш курагынан эки эсе эрте кары көрүнөрү бышык.
Ашыкча салмак.
Аз уктаган адамдар ашыкча салмак кошууга 73%га шарты жогору.
Муздоо.
Чала уйку зат алмашуу жүрүшүн бузуп дене табын төмөндөтөт. Мындай адамдар ар кандай температура алмашууларда бат муздап калышат.
Психиканын бузулушу.
Изилдөөлөрдүн натыйжасында белгилүү болгондой, жакшы уктабаган адамдар кадимкидей адамдарга караганда 4 эсе психикалык ооруларга кабылышы мүмкүн. Мындай адамдар көбүнчө суицидке барышат.
Сөөктөр жабыркайт.
Эмоциалдык туруксуздук жаралат. Начар уктаган адамдар коркунуч жана тынчсыздануу сезимине көп кабылышат.
Жашоо узактыгы азаят.
Организмде ар кандай процесстер начарлап кетет. Оорудан улам адам өмүрүнө зыян келет.
: гезит:

xD ))