- (5 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
"Один дома" тасмасы киносу
#1 05 Ноябрь 2014 - 11:26
келгиле достор один дома киносу жонундо кеп кылалы. Негедир ушул кинону коргондон эч тажабайм. Балалык кезде корчумун дагеле коруп келем айрыкча биринчи экинчи чыккан киносун. Силерге да жагабы? Силер да мага окшоп кайра кайра коросунорбу?
Один дома киносун ушул жерден талкуулайлы (Ушундай тема болсо кошуп коюнуздар админ эже. Издеп таппадым.)
Журогумсун
#3 05 Ноябрь 2014 - 13:53
Мен дагы коргондон эч качан тажабайм.Аябай сонун кино.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#4 05 Ноябрь 2014 - 14:02
“ҮЙДӨ ЖАЛГЫЗ.”
Экранга чыккан жылы - 1990-жыл.
Тарткан өлкө - АКШ.
Жанры - Комедия.
Башкы ролдо - Маколей Калкин (Кевин).
Ар жылы Жаңы жылда балдар күтүп көрө турган фильмдердин бири - “Үйдө жалгыз” тасмасы. Режиссёр Рождество майрамы үчүн балдарга белек боло тургандай тасма тартууну ойлойт. Анын досу Жон Хьюз ата-энеси майрамда унутуп таштап кеткен бала тууралуу сценарий ойлоп жүргөнүн айтат. Албетте, бул ролго Маколей Калкинди сунушташат. Кичинекей актёр ага чейин “Бак байке” деген тасмага тартылган эле. Адатта сценарий жазылып, анан башкы ролго актёр издешет эмеспи, бул жолу сценарий кичинекей актёрго арналып жазылган. Калкиндин гонорары 100 миң долларды чапчып, тасма укмуштуудай ийгиликке жетип, анын экинчи жана үчүнчү бөлүгү да тартылган.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 05 Ноябрь 2014 - 14:03
#6 05 Ноябрь 2014 - 14:06
КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР:
Маколей Калкин тартылган бул фильми үчүн 8 миллион доллар гонорар алган. Бул сумма 1990-жылдардагы эң жогорку суммадагы гонорар болуп эсептелет.
Фильмдеги оюнчук сатылган дүкөн “Данкандын оюнчук саткан дүкөнү” - деп аталат. Бул дүкөн фильмдин продюсеринин урматына ушинтип аталган.
Режиссёр Крис Коламбустун кызы Элеонора Коламбус тасмада эпизоддук роль жараткан. Ал дүкөндөгү эң кичинекей сатып алуучунун ролун жараткан.
Маколей үчүн фильмге тартылуу такыр кыйын болгон эмес. Тескерисинче, ал тасмага тартылганды абдан сүйчү. Ал начар жашаган үйбүлөдөн келгендиктен, фильмдеги сонун үйлөрдө жашап, роль аткаруу ага жомок сыяктуу сезилээр эле.
Фильмге үйдүн 2-кабатынан 1-кабатына секирип түшүүдө гимнаст баланы чакырууну пландашат. Муну уккан Маколейдин атасы Кит Калкин абдан ачууланат. Себеби, ал уулуна төлөнчү гонорардын бир бөлүгү гимнаст балага төлөнөт экен деп түшүнүп алат. Съёмкалык топ Китке гимнаст балага өзүнчө гонорар төлөнөөрүн түшүндүрүшсө да ал баары бир бул ишти баласынын жасай алаарын айтып режиссёрду көндүргөнгө аракет кылат. Анын мындай кылганынын бирден-бир себеби, көбүрөөк акча табуу болгон.
Маколей Майкл Жексондун эң жакын досторунун бири болуп саналат. Майкл Жексон жаш балдарды зордойт экен деген жалаа менен камалганда бир гана Маколей анын мындай ишке барбасын айтып коргоп чыккан.
Майкл Джексон менен.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 05 Ноябрь 2014 - 14:19
#7 05 Ноябрь 2014 - 14:11
Patrik (05 Ноябрь 2014 - 11:42) жазган:
Маколей Калкин 30 га чыканы калыптыр го.
«National Enquirer» журналынын билдирүүсүндө, баңгизатынан көз каранды Маколей акыркы бир жарым жылда тынымсыз героин жана ооруну сездирбөөчү каражаттарды колдонуп келген. Мындай жоругунан улам актёрдун чөйрөсүндө күмөн жаратчу адамдар пайда болуп, анын Манхеттендеги батири баңгилердин уясына айланган. Ошондой эле Калкин баңгизатка айына 6 миң доллар сарптап, дарттан айыгууга кымындай каалоосу жок экенин жазышкан.
Актёрдун досторунун бири буга кабатырланып: «Маколей мындан бир нече ай мурун баңгизатты өлчөмүнөн ашыкча колдонуп алганы үчүн бир өлүмдөн аман калды. Ал героин, перкосет жана викодин колдонот. Анын жүрөгү мындай оор жүктү көтөрө албай калабы деп коркуудабыз. Дарыгерлер эгер күчтүү режимде дарыланбаса 6 айдын ичинде каза болуп калары мүмкүн экенин айтып жатышат»,- дейт.
Учурда актёр 170 сантиметр бою менен 47 килограмм салмакта. Анын түнт жашоо образы да жогорудагы күмөн туудурган суроолордун чындыкка жакындыгын далилдейт.
#9 05 Ноябрь 2014 - 14:14
Фильмге тартылган актерлор ошондо жана азыр.
Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 05 Ноябрь 2014 - 14:16
#11 05 Ноябрь 2014 - 14:43
#12 05 Ноябрь 2014 - 14:46
Эн жакшы кoргoн кинo тасмалардын бири. Кoргoндoн эч тажабайм. Ушул кино менен чонойдук го... Актер М.Калкинди жакшы кoрooр элем, кичине кезиндеги аткарган башкы ролун. Ылайым, ден-соолугу онолуп, айыгып кетсин!
#13 05 Ноябрь 2014 - 14:52
Сахна менен төрт жашында таанышып, актердук жолун алты жашынан рекламалык роликтерде тартылуу менен баштаган Маколей Карсон Калкин Нью Йорктун Манхэттен кварталында 1980-жылы 26-августа төрөлгөн. Анын актердукту тандап алышына атасы себепкер болгон. Бала кезинен актердук кесип менен тааныш Кит Калкин (бирок катардагы эле актер болгон) уулун алгач 1988-жылы "Rocket Gibraltar" кинотасмасында тартылуусуна өбөлгө болгон. Ошол эле жылы Мак мурда атасы иштеп кеткен америкалык Жорж Баланчиндин балет мектебинен билим ала баштаган. Кийинки жылы "Дядя Бак" комедиясында,
1990-жылы "Лестница Жекоба" драмасында роль ойногон. Ошол эле жылы анын жылдызы жанган "Один дома" кинотасмасы экранга чыгып, бул фильмдин жаратуучуларына (режиссерго,
актерлорго ж.б) чоң киреше жана атак-даңк алып келген. Калкин биринчи миллионун тапкан. Бирок Калкиндин бардык иш-аракеттери,
финансы маселеси атасы тарабынан көзөмөлгө алынып турган. Кыскасы, Калкинде өздүк агент, бардык жаатта укугун коргогон өздүк адвокат пайда болгон. Анын балалык күндөрүн, өспүрүм курагы иш, шоу-бизнеске эрте аралашуу менен өткөн. Ошондуктан андан балалыгы жөнүндө сураганда, кичинекей курактагы балдарга мүнөздүү болгондой ата-энеси менен сейилдөө, ойноо сыяктуу учурлары аз болгондугун,
дегеле андай нерсе эсинде көп калбаганын айткан.
Башында алардын үйбүлөсү жетишпеген турмушта жашап, атасы католик чиркөөсүндө кызмат кылса, апасы Патрисия Брентрап телефон түйүнүндө оператор болуп иштеп, Маколей жана анын алты бир тууганы бир бөлмөдө тыгылып жашап, акыры, ата-энеси, өзгөчө мистер Кит балдары аркылуу бул жашоосун өзгөртүүгө аракет кылган. Жумушун таштап, Кит Калкин баласынын карьерасын башкарууну өз колуна алган (баласынын тапканынын 15% аныкы болгон). 1990-жылы Мак "Один дома" кинокартинага тартылгандан тарта бир жылда эки фильмге тартылып, эс алуусуз иштей баштаган. "Атам бардык нерсени ал каалагандай жасоого мажбурлай берчү. Чарчадым деген сөздү уккусу келчү эмес" деген сөздөрүнө улай берген интервьюларынан, мемуарларынан анын атасынын бул ишине нааразы болгон сөздөрүн жолуктурууга болот. Мак бала кезинен Майкл Жексонду досум деп билген. Анын бир топ видеоклиптерине тартылган. Майклдын балалыгы да өзүнүкүнө окшош болгондугун (поп-ырчы да атасынан көз каранды болуп, шоу-бизнеске эрте аралашкан), анын Neverland деген менчик жеринде өзүн эркин сезе тургандыгын айтып, эң жакшы досторунун бири экендигин белгилеген.
Энеси Патриция балдары үчүн күйөөсү менен урушуп-талашып, акыры үйдөгү келишпестиктер Киттин үйдөн чыгып кетиши менен аяктаган. Бул үй-бүлөлүк чыр-чатак сотто чечиле баштаганда гана Мак өзүнүн тапкан байлыгы 50 млн доллар болуп калганын билген. Сот балдарды камсыздоо, акча маселесине көзөмөл кылуу ишин алардын энеси Патрициянын пайдасына чечкен. Атасынын көзөмөлүнөн кутулган Калкин өзүнүн көчөсүнүн тегерегиндеги балдарга кошулуп, алар жасаган майда тартип бузууларга да катышып, аны аңдыган журналисттер анын ар бир кадамынан чоң ызы-чууну жаратуу менен байма-бай жазып чыгышкан. Бирок Калкин бул кылган иштеринин чегин билген. Бирок бардык жерде кабыл алынган эрежелерге туура келбеген иштерди жасап турууну адат кылып алган. Ал өзүнүн биринчи жубайы Рейчел Минерди 14 жашында, мектепте окуп жүргөндө жолуктурган. Төрт жылдай жолугушуп жүрүп, 1998-жылы 21-июнда Коннектикут штатында үйлөнүшкөн. Ошол эле жылы Рождестводо Калкиндин апасынын квартирасынан өрт чыгып, ал төрт адамдын өмүрүн алып кеткен. Бул өрттүн чыгышынын көптөгөн себептери айтылып, акыры Патрицияга 80 млн $, Калкинге (анын көп нерсенин ичинен чыгып жүргөнүн билген полиция, аны үйдүн тегерегине алкоголь ичимдиктерин чачып, өрт чыгарган деген божомол айып коюшкан) 113 000 $ (кийин четке кагылган) айып төлөө милдеттемеси берилген.
Лондонго "Мадам Мелвилл" кинотасмасына тартылуу үчүн жөнөп жатканда Калкин менен жубайы Рейчел Майнердин ортосунда Калкиндин тегерегинде жүргөн айымдар тууралуу ушак-айыңдардан улам пикир келишпестиктер пайда болгон. Акыры өздөрү курган союздун урап баратканын экөө тең түшүнүшүп, ажырашышкан.

#15 05 Ноябрь 2014 - 16:58
Менин дагы кичинекей кезимдеги жата калып корчү кинолорумдун бири.Кевин кичинесинде ширин бала болгону менен чоңойгондо бир кызыктай бала болуп калыптыр го.Баңгизаттын жардамы менен азыр таптакыр эле кино чөйросүнөн алыстап кетти окшойт.
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!
#16 05 Ноябрь 2014 - 22:46
Аябай сонун кино го. Канча көрсөм да тажабайм. Канча жыл өтсө да өз кадырын жогото элек бул фильм.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#17 07 Ноябрь 2014 - 22:04
Эн сонун кино коргондо эле маанайынды которот кайра коргун келет.
#18 07 Ноябрь 2014 - 22:59
Magada jagat.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#19 08 Ноябрь 2014 - 11:33
Жанындагы байке ким эле? Щварценеггер беле же Ван Дамм байкеби ыя?
#20 08 Ноябрь 2014 - 12:54
- (5 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »