Суперстан: Ангемелер. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ангемелер.

#61 Пользователь офлайн   aqua-94mema   08 Ноябрь 2014 - 00:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Сен эмген эмчек

Бул аңгемеде эне сүтүнөн ажыроо бала үчүн эң биринчи улуу сыноо жана жоготуу, ал эми баласын эмчектен чыгарган эненин психологиялык толгонуулары көркөм сүрөттөлөт.


Ноябрдын он бешинде бейшембиден жума күнгө оогон түнү сени эмчектен чыгардым, уулум. Ушул түнү атаңа бөлөк төшөк салып берип, өзүңдү койнума алып жаттым. Балалык турмушуңдагы эң таттуу жыргалың болгон эненин ак сүтүнөн ажырардын алдында кумарың канганча ээмп алсын дедим. Баламды акыркы жолу эмизип жатам деген ойдон өзүмдүн каңырыгым түтөп, ыйлагым келип турду. Бирок, эне баланын өмүрүндөгү бул жоготууга биз дагы баш ийишибиз керек.

Сенин эмчектен чыга турган маалың келди, уулум. Бир жарым жаштан өтүп, алдыма алып отуруп эмизгенге ылайык келбей торолуп калдың, Көргөндөргө да өөн учурайбы: «Эмдигиче эмизесиңби? !» — деп чочуп кетишет. Сенин гана эмчектен көңүлүң калбады. Чоңойгон сайын «Ма?» деп көкүрөгүмө көбүрөөк жабышчу болдуң «Ма» деп эмгиң келгенде айтчысуң.

Сенин эмчек эмишиң не деген сулуулук эле! Жамгыр жууган карагаттай кирсиз капкара көздөрүң мени сүйсүнө тиктеп, быйтыйган колдоруң менен көкүрөгүмдү сылагылап, узакка мээрлене соргонду жакшы көрчүсүң. Ушул маалда наристе жытыңа тоюп, балапандыкындай кичинекей жүрөгүңдүн түрсүл какканына, сүт эриңдериңдин назиктигине ичим элжиреп, энелик бактыма мас болуп турчумун. Кымындай денең жыпжылуу болуп боорума кысылып, кичинекей толмоч буттарыңды тыбыратып, алып түнкүсүн да ээмп чыгасың.

Оозуңа толо түшүп жаткан ак сүтүм аркылуу сага жашоо азыгын, балалык ырахат, жылуулук тартуулай турган энелик касиетим үчүн төбөм көккө жете түшөт. Эне балага бала энеге бере ала турган бул кудуреттүү сезимди баштан өткөргөн гана билер.

Уулум, сен төрөлгөндө да апаңды эң биринчи эмчек сүтүнөн тааныгансың. Экөөбүздү табыштырган ошол улуу мүнөттөр ачуусу, таттуусу аралаш жүрөгүмө терең батып калган.

Сени узакка толготтум балам. Отуз омурткамды сыздатып, жан терге салган ачуу толгоо күндүзү чак түштө башталып таң атаарга чейин созулду. Мени төрөтөм деп түнү бою шайы оогон акушерка аял: «Өзүң аман калсаң болду» деп көздөрү чачырай баштады. Операцияга түк ынабадым. Балам жарык дүйнөгө өз жолу менен келсин дедим. Сөөктөрүмдү улам быркыратып ажыратып, кайра мыкчып жууруп жаткандай жан чыдагыс оорудан кыйналганда жашоодон аша кечким келип турду. Бирок, илингеним сен болдуң. Денемде түйүлгөндөн баштап энелик сезимим бүчүр ачкан тогуз айдын ичинде өзүң жөнүндө тынымсыз кабарлап, белги берип, менин бүткүл ой-санаамды ээлеп, төрөлөр күнүңдү күттүрүп, ага даярдап келсең анан канткенде ара жолго калтырайын. Мен ушул чексиздей сезилген оор сааттарда өзүмдүн гана эмес, эки адамдын өмүрү, төрөлө турган баламдын жаны, соолугу үчүн күрөшүп жаттым.

Мага кубат берип, колдоп турган дагы бир нерсе болду. Төрөт залдын терезесинен көрүнбөсө да сырткы дүйнөдө мен сүйгөн өрүк гүлдөрү бажырайышып сүйүнчү күтүп жатышкансыды. Апаппак болуп текши гүлдөгөн өрүктөрдү кечээ мен «тез жардам» машинесинде төрөтканага келатканда көргөн элем. Ошто өрүктөр гүл ачып калыптыр. Бул мага өтө жагымдуу жанылык болду.

Акыркы күндөрү оордошуп, үйдөн чыгалбай жүрүп жаздын келгенин да байкабапмын. «Тез жардам» менен шаардын четки көчөлөрүн аралап баратканыбызда өрүк гүлдөрүнө көздөрүм тойбой сонуркап тиктеп, көңүлүм көтөрүлө түшкөн. Булутсуз көпкөк асмандан жаадырап тийген күндүн таза нурлары аларды өзгөчө аппак нурга боеп туруптур. Бул сулуулук мага жакшылыктын жышаанындай туюлду. Кыйналбай көз жарып алат экенмин деп жорудум. Кыз болсо атын «Жазгүл» коем деп ниет кылдым. Жанымда үн-сөзсүз санааркап келаткан атаң менен бул ички туюмумду бөлүшкүм келген жок. Мен үчүн өтө аеолуу терең сыр катары көңүлүмдүн түпкүрүнө катып койдум.

Төрөтканага жеткенибизде эшиктен кирерден мурун өрүк гүлдөрүнө дагы бир саамга бурулуп тиктеп алдым. Алар мага көзү өтүп кеткен апамды жоктоп жалгызсыраган сезимиме ортоктош болушуп, агынан жарылган аппак тилектери менен муңайып узатып жаткансыды. Эреркеп кеттимби, көздөрүм жашка толо түшүптүр. Каректериме орноп калган аппак гүлдөр төрөт маалында нечен жолу көз алдыма тартылып, үмүттүн ак жоолугун булгалап турду. Мен аларды кайрадан көрүүгө кумарландым. Кийин ойлосом бул жашоонун чакырыгы, сенин периштең болгон экен. Ошентип, мага өзүм өзгөчө жакшы көргөн маалда, өрүктөр гүл ачкан апрель айынын башында эне болуу бактысы буюруптур.

Көктөм жыттанган ууз жаздын ак шоолалуу таңында жарык дүйнөгө келдиң. Ошон үчүн атыңды «Актаң» койгонбуз. Сен да менден бетер күчүркөп, аябай кыйноо тартып төрөлдүң. Боюмдан бөлүнгөндө «Баа!» деген жан кечти бакырыгың «Ап-а!» деген чакырыктай туюлуп кетти. Дароо башымды көтөрүп: «Аман бекен!» деп сурапмын. Боз чүпүрөккө чүргөп туруп колума карматышканда али ысымың жок, өң-түспөлүң дааналана элек болсо да, кызыл эт ымыркай жүзүңдөн өзүмө ушунчалык жакын, кымбат белгилерди көрүп, бардык тарткан азабым жуулуп кетти. Колума өзүм жараткан жаңы ааламды кармап тургансып, жетине албай жаттым. Бир чети кармоого да эп келбеген морттугуңдан чочулап, ушул тырнактай алсыз жанды азуулуу турмуштан коргоп, эсен-аман жетилдирип, алар бекем деп, санаам санга бөлүнө түштү.

Сен да «эне» деген эң жакын адамдын колунда келгениңди туйгандай, ууртуңду кыйшайта алда-нени издеп жаттың. Өзүңдү эмизгиче ашыктым. Барсанактап турган сүт эриндериңе эмчегимдин үрпү тийгенде дирт эте түшүп ачылып, жалмалап кирдиң. Бир-эки жолу кылт эте жутунуп, сүттүн даамын татканыңдан кийин бышылдап кадыресе эме баштадың. «Эм, эме кой балам! Мен сенин апаңмын! Эне сүтүмө, уузга тойгуча эм! Сени жүрөгү эзиле сүйө турган , бөпөлөй турган энең бардыгын азырынча ак сүтүнүн даамынан сезип туярсың!» деп алтымыш тамырым балкып ийип бердим.

Оо, жаңыдан көз жарган наристесин жылуу кучагына алып, эмчек эмүүдөн тартып жашоого телчиктире баштаган, Аялзат! Сенин чыдамкай колдоруң канча жыл балаңа тирөөч болуп көтөрүп, алдейлеп таптап, тосуп, жалаягын жууп, бара-бара отурганды, тамак жегенди, жөрмөлөгөндү, каз-каз турганды, басканды үйрөтөр экен. Сенин эси-дартың күнү-түнү балаңда болуп, дем алышынан бери тыңшап, кирпик ирмешинен байкап, суук шамалдан, жаман илдеттерден коргоп калгысы келет. Сенин сүйүүгө толо көздөрүң түнү да канча жолу уйкусун качырып, балаң түйшөлгөн сайын алдейлеп, карап чыгат. Сенин ой-сезимиң менен акылың, уул— кызыңдын акыл-эсин турмуш жолуна адаштырбай жетелеп чыккысы келет. Бул зор мээнетке Эне гана түтөт.

Балаңдын дүйнө тааныган ар бир сөзү, балалык ширин кылык-жоругу, бал жыты, алгачкы шилтеген кадамы ошол энелик эмгегиңдин кайтарымындай кубантып, эч нерсеге келгис жыргалга бөлөйт.

Бирок, перзентиң торолгон сайын сенден бөлүнө баштаган ар бир учурдун жан кейиткен жоготуусун да көтөрүүгө туура келет. Мына мен да анын бирин өз башымдан кечирип жатам. Баласын эмчектен чыгарарда эне ушунчалык илинип, ичи ачышарын кайдан билипмин. Сен эмбей калсаң эле өзүмдөн жатыркап, алыстап кетериңдей сезилип кыялбай турам. Бааарыдан да өзүң кантер экенсиң деп чочулап жатам. Төрөлгөндөн тартып жан шеригиңе, кумарыңа айланган эмчек эмүүдөн түңүлүшүн азап болоор бекен?

Эмчектен жума күнү жеңил чыгат дешкенинен ошол күнгө бел байладым. Түнү бою эч капарсыз ээмп чыктың. Таңга маал уйкусурап дагы көкүрөгүмө жабыштың. Эки эмчегимди бир сааттай алмак-салмак соруп тердеп-кургап көшүлүп жаттың. Анан кайрадан таңкы таттуу уйкуга кирдиң. Ошол бойдон эненин ак сүтүнөн айрылдың, уулум! Эрте менен сен ойгонгончо үрпүмүн айланасын кара көө менен сызып таштадым.

Көзүңдү ачарың менен күндөгү адатынча «Ма?» дедиң. Карала болгон эмчегимди көрсөтө: «Карачы, «ма» бөө болуп калыптыр”. Сен чочулап сестене түштүң. Эненин жылуу кучагында эркелеп эмчек эмүүдөн башталуучу ырахаттуу жашооң бир паста астын-үстүн түшүп кыйрагандай, алдастап кеттиң. Көргөн көзүңө ишенбей кайра-кайра көкүрөгүмдү ачтырып карайсың. Анан эмне кылаар айлаңды таппай туталана баштадың. Ич күйдүлүгүңдүн күчүбү, делөөрүп ойноп, үйдүн ичин үч көтөрүп, шоктонуп жаттың.

Бирок, эки көзүң ажырабай менде болду. Мүнөт сайын «Апа?» деп бутума оролошосуң. Ойноп жатканың менен көздөрүң каканактап, эринериң ыйлап жибере жаздап зорго эле турат. Кез-кезде «Ма?» деп жалооруп мага жабышканыңда «Мама бөө экен», — деп алакчылайм. Ага ишенбегенсип: «Аччы?» дейсиң. Акыры көөгө да кайыл болуп көздөрүңдү жума магдырап эмчегиме тартылып баратканыңда араң токтотуп калдым. Ошондон кийин көйнөгүмдүн жакасын сен ачалгыс кылып бекем төөнөп койдум.

Түшкө жуук чыдабай кежирленип кирдиң. Кичинекейиңде сүт эмгек упчуңду таап берсем ачуулана оозуңдан алып ыргыттың. Оокат да жебедиң. Уйкуң кыстаса да эмчектин кумары чыдатпай ыйың барган сайын катуулай баштады. Керебеттин аркы учуна бир, берки учуна бир жөрмөлөп жүрүп өпкөлөп-өксүп ыйладың. Эне сүтүн, балалык ырахатыңды жоктоп, андан түбөлүк айрылганыңды билгенсип боздоп жаттың.

Сенден бетер өзүм эзилип жашып жүрөм. Колума көтөрүп алып, боорума кысып алдейлегенче «Кыйналбачы уулум! Ушуга чейин эмизген ак сүтүмө ыраазы бол! Эми түңүл, садагам!», — деп жалынып-жалбардым.

Ошол түнү ысытмаң чыгып, чабалактап жөөлүп баштадың. Сенин тарткан азабыңа чыдабай нечен жолу эмизе жаздап, бирок зорго тиштенип, карманып калдым. Таң атканча кирпик көзүм какпай өзүңө көпөлөк болуп чырк айланып чыгып кеткен ошол түн өмүрүмдөгү эң оор түндөрдүн бири болду. Таң супа салганда гана ысытмаң кайтып, көшүлүп катуу уктап кеттиң. Сенин ыйдан шишип кызарган көздөрүңдү. кеберсиген эриндериңди көз жашыңа жуулуп бир күндө эле бозоро түшкөн өңүңдү эзиле карап турдум.

Ойгонгонуңда башкача болуп өзгөрө түшүпсүң. Кечээги туталанган шоктугуң жок. Мусапыр болуп, бошошуп турдуң. Бирок, дагы эле эси-дартың эмчекте экен. Үлдүрөй үмүткөр тиктеп «Ма?» дедиң. Менин түңүлдүргөн сөзүмдөн кийин чыргоолонуп көпкө барып басылдың. Эми апаңдын таш боордугунан көңүлүң калып мени жек көрө баштасаң керек деп ойлогом. Тескерисинче колумдан түшпөй жабышып алдың. Мени колуңдан чыгарсаң эле эмчектен биротоло ажрырарыңдай бир карыш алыстабай туткактап жүрдүң. Атаң «кел» десе да ынабадың. Эне сүтүнөн айрылгандагы арманыңды эки эселенген мээрими менен жууп-чайыш үчүн өзүм да жанымды чаап, көзүңдүн кареги менен тең айландым. Бирок, эмчек жоктогон ич күйдүлүгүңдү эч бир мээримим алмаштыра алган жок. Оюнга да алаксыбадың. Ачылгыс кылып төөнөп койгон көйнөгүмдүн жакасын тытмалып, ага болбосо акырегиме башыңды ургулап айламды түгөттүң. Көздөрүң катуу азап тарткан адамдыкындай чүңүрөйүп кирип, көңүлүңө эч нерсе сыйбай жетимсиреген ушул акыбалың өтө аянычтуу эле.

Ошондон көп узабай үйдө өзүң менен болуп ойноп отурдуң эле. Мен жаныңда иш кылып жаткам. Оюңа не келди, билбейм, жароокерленип назик кучактадың. Анан жүзүмө карадың. Менин да жакшы көрүп эзилип турганымды көрүп кайраттана түштүңбү, көйнөгүмдүн жакасын акырын ача баштадың. Ошол учурда сени өзүмдөн алыстатып түртүп коюуга кудуретим жетпеди. Эми кайра баштап «эмчек эмем» деп кыйнайт окшойт деп күтүп турам. Жок, өзүңдү токтоттуң. Көкүрөгүмө жүзүңдү сөйөп туруп, жыттап-жыттап алдың. Кайра жакамды акырын жаап койдуң. Жүзүңө тиктесем кыйла токтолуп чоңое түшкөн экенсиң.

Сенин бул жоругуң өз башымдан өткөн бир нерсени оюма салды. Мен да апамдын көкүрөгүн карыганча эле жыттаганды жакшы көрчүмүн. Эненин эч кимде жок башкача жыты, көкүрөк жылуулугу көңүлүмдө жыйылган бардык арман-кусамды тазалап кеткендей жеңилдене түшөөр элем. Ал эмнеге болгон сагыныч экенин апамдын көзү өтүп, түбөлүккө коштошуп жаткан күнү түшүнгөм.

Апам 70 жаштан өтүп, карылыкка жаңыдан алдыра баштаганда көз жумду. Өзүнүн ою да ушул эле. «Көп карытпай ала көр кудай! Балдарым артымдан арман кылып, көздөрүнөн жаш чыккыдай болсун!», — деп тилей берчү. Ошол тилегине жетти. Алы— күчү барында. сөз сөз болуп турган чагында актыкка баш ийди. Тирүүлүктүн акыркы мүнөтүн жашап жатканын билип калса да «өлбөсөм экен» деп жанталашпады. Эч нерсеге илинбеди, арман кылбады. Бул өмүрдө аздыр-көптүр көргөн күнүнө, ичкен суусуна, тарткан жыргалына чеккен азабына ыраазы болуп. балдарынын бардыгынан көңүлү тынып, жакын көргөн адамдарынан ыраазычылык сурап, жүрөгүн кең ачып, дилин агартып туруп өлүмгө меймандай болуп өз эрки менен моюн сунду.

Кызыл манат жабылган сөөгү жаткан бийик керебетти тегеректешип беш мырза уулу — менин агаларым жерди солкулдатып өкүрүп турушту. Кыздары. биз эжем экөөбүз, чучуктай сызгырылган күйүттүү үн менен кошок кошуп ыйлап жаттык. Маркум менен коштошкону жана бизге көңүл айтканы келген эл-журт бул жашоодо өзүнүн адамдык парзын өтөп бүтүп, эми түбөлүккө жаны жай алып, жаткан апама суктана тиктешкенин көрдүм. «Бактылуу кемпир экен» деп айтпаган жан калбады. Өлсө да өзү төрөп өстүргөн балдарынын доорунда канышадай сөөлөт күтүп, керилип жаткан апам мага адам жашоосунун гана эмес өлүмдүн да жакшы-жаманы, урмат-сыйы болору жөнүндө улуу сабак өтөп кетти.

Ошол азалуу күндө менин көзүмдү ачкан дагы бир акыйкатты тааныдым. Апамды сууга алып жатышканда тартылган көшөгөнүн баш жагында карап отурган элем. Акыркы жолу болсо да көрүп калайын деп мукурагандыгы аргам ошол болду. Апамдын денесин ачышканда эң биринчи эле эки эмчеги көзүмө урунду. Бала эмизген жаш аялдын сүткө толгон эмчегиндей балкайып ууздай агарып турган экен. Ортосундагы үрпү типтик болуп карарат. Жүрөгүм сыздап кетти. Биз ээмп чонойгон эмчек. Апамдын көкүрөгүн жыттаганды эмне үчүн жакшы көрөрүмдү ошондо гана түшүндүм. Мен жакшы көргөн жыты кичинекейимде эмчегин ээмп жатканымда мурдума жытыгып, көкүрөгүмө сиңип калган экен. Эненин ак сүтү өмүр бою кумарлантып, эңсете берет окшойт. Ага-эжелерим менен өзүмдүн эмчек эмген ымыркай кездеримди, апамдын бала дегенде эч нерсе тең келгис ыйык сүйүүсүн элестеттим. Бизди эмизип чоңойткон эки эмчектен көздөрүмдү тартып алалбай тиктеп, ичимден күйүп коштошуп жаттым. Көз жашым болсо тынымсыз куюлуп турду.

Апамды жууган аялдар жаштайларынан кадыр-көңүлдөрү өтүшүп калган ынак теңтушу менен жакын көргөн абысыны эле. Экөөнө өзү: «Мен өлгөндө силер майрам сууга алгыла» деп керээз кылган экен. Жаны бирге болуп, калган адамга акыркы жолу кызмат кылып, жаткандыктарына ичтери эзилишкендей, жаш баланы кириндиришкенсип, өтө сүймөнчүк менен сылагылап-сыйпалашып жууп жатышты.

Адегенде ак аралаган күмүш түспөл чачын тал-талдап жаза башташты. Мен дайыма айрандап жууп берчү чачтарын салаалап тарашып көкүрөгүнө төгүлтө жазып коюшту. Анан ак сурптан жасалган көйнөк ,оромол кийгизишип, биротоло чүмбөттөп жаап киришкенде ачуу чаңырып ыйлап жибердим. Эми ушул бойдон апамды эч качан көрбөй турганыма моюн сунуунун өзү акыр заманга тете болду. Апамды өз өмүрүн өткөргөн, бизди төрөп-өстүргөн куттуу үйүбүздөн көтөрүп чыгышып, эч качан кайрылып келгис жайга алып жөнөшкөндө эл гана эмес жер да дүңгүрөп кайгырып коштошуп жаткансыды. Бул ажырашуу Кудайдын мен тааныган эң ачуу акыйкаты эле...



***

Сен үч жашка чыккан жазыңда кайрадан боюма бүткөнүн билдим, уулум. Бул жөнүндө биринчи сага сүйүнчүлөдүм. Короодо балдар менен ойноп жүргөн жериңе барып, өзүңдү бөлүп чакырдым да: «Уулум, эми сен бөбөктүү болосуң!» — дедим жүзүңө кубана карап, Анан колуңдан жетелеп алып өрүктөрдүн гүлү жаап калган бир аяк жолго чыктым.

Сага айта турган сөздөрүм бар эле. Кудай буюрса, дагы инилериң жана карындаштарың төрөлөрүн, а мен болсо силерди чоңойтуп-стүрүү үчүн узак жашап, анан көрөр күнүм түгөнгөндө кызыл манат жабылган бийик тактада элдин баарын суктантып канышадай сөөлөт күтүп керилип жатарымды, султандай болуп жетилишкен эр азамат уулдарым «Эсил кайран апам ай!» — дешип жерди солкулдата өкүрүшүп, кыздарым болсо даңазамды чыгара кошок кошушуп, акыркы жолго унутулгус кылып узатышарын айткым келген. Бул тилегиме ак жол билдиргенсип, мен сүйгөн өрүк гүлдөрү жолубузга жабалактап жаат жатты.
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   Feijipiao   08 Ноябрь 2014 - 13:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

ЖООГАЗЫН ДҮЙНӨ
Айымкандын төшөк тартып жатып калганына көп болгон. Башта башы ооруп тургандай эле салмактана берчү, улам кийин анысы катуулап отуруп, акыры алып жыкты белем. Күйөөсү Темирлан догдурдан догдурга салды, майнап чыкпай табыптарды кыдырды. Алардан деле жардам болбоду, кеселдеп эле туруп алган соң өзү да чарчады окшойт.
- Мени эки жакка сүйрөбөй ак койчу, Темике,- деди бир күнү. -Деги ыраазымын сага. Балдарыңа баш-көз бол…
Сөзүнүн аягына чыкпай көзүнө жаш ирмелип, тамагы жашка буулуп отуруп калды.
- Койчу, Айым… Жакшы болуп кетээрсиң. Али жашпыз го. Элүүдөн эми ооп келатабыз. Бала-чакабыздын урматын көрүп, ысык чайын ичели,-деп Темирлан жубайынын шапайып арыктап кеткен жүзүнө тигилди.
- Оо, антсем жакшы болбойт беле… Ө-ү-үх! - деп катуу үшкүрүнүп алды Айымкан. - Мен эми оңоло албайм го. Балдарыбыз чоңоюп, өздөрү менен өздөрү болуп калды. Мына, сени аяйм… Карачы, кадимкидей жүдөп кеттиң. Жакаңа кир жугузчу эмес элем!
- Ээ! Эчтеке эмес! -деп бешмантын кагымыш этип, өзүнө бир сыйра көз жүгүрттү Темирлан. -Сен сакайып кетсең болду!
…Айымкан бул оорудан сакая албады. Күндөн-күнгө абалы оордоп, эми бир ыптасы биротоло кыймылдабай калды. Күйөөгө узап, өзүнчө үй-бүлө күткөн кыздары өчүрөтү менен келип карап жатышты апасын, балдары, келиндери… Ошентип жатканына алты-жети жылга аяк басып, бул үй өзүнчө эле бир азаптын отундай сезилчү болду башкаларга. Тээ мурдагы мурутунан күлүп мулуңдап турчу Темирландын азыр көзү эле калган алайып, бирөөлөр менен жарытылуу деле сүйлөшпөйт, башын жерге салып терең ойго малынып өзү менен өзү.
- Ии, Темике, - дейт ага теңтуштары, -бу сенин маселеңди атайын караш керек болуп калды. Карачы, жүдөгөнүңдү. Айымкандан атайын барып уруксат сурайлы. Ушу сага кыйын болду. Ооруган адам - оору менен алышып жата берет. Ал эми соо адам соодой өмүр кечириш керек да. Канча жылдан бери оорулуу аялыңдын азабын тартып келатасың. Сени карап туруп чыны, аяп кетебиз.
- Ооруп калбадыбы, байкушум… деп Темирлан башын жерге салат күнөөлүүдөй.
- Эми, кудай жиберген оору экен. Баарыбыз эле аманат экенбиз го бул жашоодо. Сен деле өзүңдүн турмушуңду ойдогудай түзүүгө укуктуусуң да.
- Ой, деги силер эмнени айткан турасыңар?-деп оройлоно сүйлөдү Темирлан.
- Эмнени айтмак элек, эгер туура көрсөң жашыраак бирөөнү киргизип албайсыңбы. Кир-когуңду жууп, байбичеңди да караса жакшы эле болбойбу.
Теңтуштары ар жактан жаалап кетишти. Мурда-кийин сүйлөшүп алышканбы, тим эле бир ооздон "үйлөнтөбүз" деп чыгышса болобу. А Темирлан чок баскандай секирип туруп алды.
- Койгула, айланайындар. Аныңарды Айымкан укпасын, ансыз деле ооруп жаткан неме…-деп ичинен жубайын катуу аяп кетти.
…Ал күндөр эсинен чыга элек. Жаштык кезде сүйүү, жакшы көрүү деген сезимдерге кимдер кабылбаган? Жаңы эле аскерден келип, өйдөкү Кенен-Сай айылына турмушка чыккан эжесине учурашайын деп барып калбайбы. Бир тууган деген кыйын да. Байкуш эжеси "иним аскерден келди" деп энтеңдеп жүгүрүп, эт асып, өзүнчө эле бүлүнүп жүрдү ошол кечте. Инисин сагынып да калыптыр. Ал убакта эки жыл Советтик Армиянын катарында мекен үчүн кызмат кылышчу. Германияда болуп келген Темирлан.
Эжеси "иним келди" деп кошуналарын чайга чакырыптыр. Эт бышарга аз калганда эле эки-үчтөн ээрчишип киришти кошуналары.
- Ии, бул жигит тура - аскер. Айланайын, аман-эсен келдиңби?-деп тааныбаса да Темирландын колун бекем кармап учурашып дасторкон четинен жай алышты.
- Саламатсызбы? -деп уялыңкы кол берген каратору кызга анча көңүл бөлбөдү Темирлан. Отургандар Германиядагы аскердик турмуш жөнүндө, ал жактын аба-ырайы, жери, эли жөнүндө улам кызыгуу менен сурап отурушту.
А немис кыздар сулуу болушат бекен?-деп кызыгы арта суроо узатып алып, бардыгы дуу күлүп жибергенинен башын жерге салып уялып кетти алиги кыз.
- Билбейм,-деди Темирлан күлкүсүн араң тыйып. Чынында эле ал немис кыздарга көзү түшүп, "сулуубу, сулуу эмеспи" деп жакшылап да карабаптыр го. Азыр ойлоно түштү. Алдыртан алиги кызга көз жүгүрттү: сулуубу, сулуу эмеспи деген ой менен. Дасторкон четиндеги каратору, көздөрү ботонун көзүндөй жайнаган уялыңкы кызды көргөндө бүткөн боюна капыстан жалын чаап кеткендей болуп башы тегерене түштү. "Оо! карасаң, тим эле чүрөк. Жана эшиктен киргенде эле неге байкабадым экен?"
Андан бери эжесиникине эки-үч ирет каттап жиберди. Алиги кыз менен таанышып, келген сайын айыл четиндеги жоогазын өскөн талаада жолугушуп, аны-мунуну сүйлөшүмүш болот. Аты - Айымкан экен. Онунчуну ушул жайда аяктап, окууга барамын деп ниет кылып отурат. Анын "окууга барамын" деген сөзү Темирландын жүрөгүн кооптонтуп туруп алды. Мектепти бүтүрүп, аттестат алгандын эртеси күнү эле Темирлан Айымканды ала качып алды. Экөө эчен ирет жолугушуп, жаштык сезимдер сөз менен айтылбаса да каректери менен бири-бирин түшүнүшүп турушчу. Эки жүрөктө тең бири-бирине деген алоолонгон сүйүү оту жанганы качан… Бирок "окууга барсам деп" дегдеген Айымкан бул ирет катуу ызаланды. Анын классташ кыздарынын баары кетишти окууга. Карачы, кыздардан калып калбадыбы!
Ичи туз куйгандай ачышып, ыйлап-ыйлап отуруп калды. "Экөөбүз тең барабыз окууга, көп ыйлаба" деп соороткон ал убакта. Бирок турмуш деген нерсе ар кимдин эле каалоосундай агыла бербейт тура. Эжелери өз түйшүгү менен, ата-энесинин каранар-карманаары жалгыз Темирлан болгондуктан айылда эле калыш керек болду ага. Анда эмне, бардык береке, байлык айылда эмес беле. Бардар турмушта жашашчу баары. Ошентип, элет жашоосу жаштарды өз тегирменине салып, эчен жылдарды чогуу, ынтымактуу, бактылуу жашап өткөрүшпөдү беле…
Бул күнү Темирландын тууган-туушкандары, теңтуштары чогулушту үйгө. Төшөктө жатса да жакшы маанай менен тосуп алды Айымкан аларды. Келини дасторкон жайып чай берди. Дасторкон үстүндө Айымкан көптөн күткөн да, күтпөгөн да сөздөр айтылды.
- Ошо Айымкан, эми Темирланга уруксат бер. Ар бир адам бул жашоодо Алланын берген энчисин алып калыш керек экен… -деди бир жагынан теңтуш, бир жагынан классташ болуп кеткен Айтмырза. Баары Айымканды тике карай албай көздөрү жалтанып жер тиктешти.
Бул мүнөт акыры келээрин бир нече жыл мурда эле күтүп-билип жатса да, Айымкандын жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй түрсүлдөп кетти. Же "болуптур, мейли" деп айта албай, же "жок" деп айта албай эрдин кесе тиштеди. 17 жаш жоогазын кезинде ушул үйгө кирип, ушу Темирланга башын байлаганы мындай оор кырдаалды башынан өткөрбөптүр го. Жүрөгү кысылып чыкты. Өзүнүн эмне болуп баратканын билбеди. Азыр эле жадырап-жайнап турган жүзү купкуу чүпүрөккө айланып, отургандарды эми көргөнсүп айландыра карады, таң кала карады. Бир нерсе дейин деди эле тили буулуп, сүйлөй албады. Отургандар азыр эле кадимкидей сүйлөп жаткан Айымкандын тили булдуруктай түшкөнүнөн чочуп кетишти. Айымкан мына буларды айтып жаткан:
- Атаңдын көрү-үү, бул дүйнөгө тойбой кетип баратам го. Жашоодон эмне алдым, эмне койдум эй! Эч болбосо, өмүрүмдүн акыркы сааттарында бир жакшы нерсе угуп узасам болот эле го… Темирланымды башкага ыраа көрүп-көрбөй өзүмдү кыйнап келдим. Кантейин, "мейли, болуптур" дебеске айлам канча. А бирок, ким болсо да ал алган зайыбы Темирланды менчилеп ардактап, кадырлап, аяп, сыйлап жашай алабы. Темирлан да ага мага төккөн мээримин төгө алат болду бекен? Ай, көзүм жетпейт… Мен го- бүткөн жанмын. Эми ушул сенин бактың ачылса экен, асылым! Ушул саат, ушул мүнөткө чейин мен сени кыйбай жашап келдим. Эми, менден башка бирөөгө өзүңдү арнасаң, мага жашоонун кереги кайсы?! Кош бол, асылым…
Айымкандын көз алдынан аны тегеректеген адамдар өчүп баратты… Кыпкызыл эле жоогазын экен. Тим эле өрттөнүп бараткандай кызыл. Ошо жоогазындарды аралап кетип баратат… буту жерге тийип-тийбей жепжеңил. Өзүн жакшылап караса тээ Темирланга жолуккан жоогазын кези.
- Айымка-ан! -деген үн угулду кулагына. Артты карады. Темирланы туруптур колун коштошкондой булгалап, өзү тааныбаган бир келин менен. "Кош" деп ал да колун булгагандай болду. Жоогазын дүйнө, жоогазын аалам аны оп тартып баратты.
Коркуп кетип башын жөлөгөн Темирлан Айымкандын "кош" деген эле сөзүн түшүндү. А калган сөздөр айтылбай, Айымкан менен кошо көмүлдү. Жоогазын дүйнө дагы…
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Feijipiao   08 Ноябрь 2014 - 13:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

"СЫНГАН бакыт"

Кадимки эле жумуш күнү болчу. Тигүүчү машинелер зырылдап иштеп, бул цехтеги тикмечилер Орусияда соода жасаган кайсыдыр бир ишкер айымдын заказын бүткөрүүгө далбастап жатышкан. Венера да машинесинин алдында додолонуп үйүлүп жаткан кофталарды улам бирден алып, жең салып, андан ары узатып жатты.
Аңгыча, цехке булардын бригадири Гүлнар кирди да, түз эле Венеранын жанына келип, кулагына бир нерселерди шыбырады. Ошол замат Венеранын колунан иши түшүп, абдаарып эле Гүлнарды жал-жал тиктеп отуруп калды.
- Эмне отурасың? Тур, эшикте күтүп турат, - деди Гүлнар салтанаттуу үнү менен. Ошондо гана Венера эсине эми келгенсип сыртка жүгүрүп жөнөдү.
- Венера! - деп кучагын жайып жадырап турган жигиттин жанына басып барып:
- Саламатсызбы, - деп өзүн-өзү токтоо кармоого тырышты кыз.
- Оо, чоңоюп калган турбайсыңбы! - деп тиги дагы ыңгайсыз боло түштү белем. Кыздын сунган колун катуу кысып чекесинен өөп койду. Бир аз сүйлөшүп турганда эле бригадир Гүлнар чыга калып:
- Венерочка, келбесең болбойт, кофталар үйүлүп кетти, бүгүн бүтүрүп тапшырышыбыз керек! - деп үн салды. Жаңы эле учурашкан экөө кечинде жолугушууну сүйлөшүп кайра коштошушту.
***
Цехтин ичи шарактап жатты. Бул тикмечилик ишке биротоло дасыгып калган Венеранын колу күндө жасап жүргөн ишин өзү эле аткарып жаткандай. Анын көзү зырылдаган ийнеде болгону менен ою башкада болучу. Көп жылдарды аттап артка серпилген сезиминде өзүнүн балалыгы, бой жетип бараткан курагы термелип турган...
Жаныбек менен жайкы каникулда эле көрүшчү. Венерадан 5-6 жаш улуу болгону менен, таятасынын үйүнө барганда чогуу ойношчу. Бала кезде оюндан өткөн ысык, кызык нерсе барбы? Кээде ойноп эле жатышып кызыл чеке болуп урушуп, таарынып калганы да көп болгон. Бир эле сааттай тултуюп, Жаныбекти көргөн сайын жаман көрүп апасына даттанганы менен, кайра эле кантип аралашып ойноп кеткенин билбей калчу. Андайда апасы:
- Кой кызым, көп чырдабай ойно. Жаныбек сенин бөлөң болот да. Тууганы менен антип урушпайт, өзү да сенден улуу.
- А улуу болсо өзү эмнеге урат! - деп кээде үңүлдөп ыйлап да жиберчү.
Мындайда үйдөгүлөрдүн баары күлүп калышчу. "Али кичинекей да. Эртең эле чоңойсо - чоюлган кыз болот. Өздөрү эле сыйлашып алат"- дешчү. А балалыктан өткөн соң калган өмүрүңдүн кантип жаныңдан "зуу" койгонун сезбей деле калат белемсиң. Венера деле тез эле бой түзөп баш-аягына каранып, күзгүдөн чыкпай калганын апасы да, өзү да сезген жок. Ошондой күндөрдө анын жүрөгүнө адам баласына тиешелүү купуя бир сезим бүлүк салды! Күнү-түнү көз алдына бөлөсү Жаныбектин жаркын элеси тартылып, жүрөгү бир аз ачышып, апкаарып тургансыгандай. .. Сезими албууттанып келип алкымына кептелип бир нерсеге сүйүнгөндөйбү, кубангандайбы, сагынгандайбы. .. деги ажырата албайт. Болгону, жүрөгүнүн ар бир кагышы "Жаныбек, Жаныбек" дегендей дүкүлдөйт.
Бир кездеги шамал менен жарыша чуркап топуракка боз - ала болуп ойногон Жаныбек да шыңга бойлуу, кең далылуу, кабагы ачык жадыраган жигит болгон. Айылдагы селкилерге көзү түшүп, сөз ыргытып, жолугушууга чакырып... Анын көзүнө андан алты жаш кичүү бөлөсү Венера али куурчак ойногон кичинекей кыздай көрүнчү.

***
Мезгил токтоп турмак беле. Жаныбек арзышып сүйүп жүрүп өзүнүн айылындагы Дилбарга үйлөндү. "Свадьбага чакырабыз" деген кабар менен бирге алардын сүрөтү келди. Ошол күн - Венера үчүн өмүрүндөгү эң бактысыз күн болду. Үйүнөн качып барып, ээн сайдын ичинде өңгүрөп ыйлады. Балалык сүйүүсү менен коштошту ал күнү. Эртеси эле бул жашоодон, бул сүйүүдөн көңүлү калган адам болуп чыга келди. Апасы аны Жаныбектин үйлөнүү тоюна зордоп да алып баралбады.
Турмуш дегенди бир кылка кылып жипке шурудай тизип койгонго болбойт тура, чиркин! Дилбар менен Жаныбектин ортосундагы сезим көр тириликтин айынан көпкө деле алоолонуп күйө албады. Мобу желкеден басып турган жетишпестиктин айынан кер-мур айтышып отуруп, Дилбар төркүнүнө кете берди...
Эркектин бир бактысы-анын алган жарында эмеспи. Ошол үй-бүлөлүк бактысы талкаланган Жаныбектин эрмеги эми бөтөлкө болду да калды. Эртеден кечке аң уулагансып арак уулайт да жүрөт. Ошондой күндөрдүн биринде дагы бир каргашага кабылды.
- Сен эч жерде иштебей эле бош жүрөсүң го,- деди бир күнү айылдашы Серик. - Акчалуу болгуң келеби?
- Албетте, карызга да батып кеттим,- деп кежигесин чукулады Жаныбек.
Ошол эле күнү Жаныбекке баштыкчага салынган бир нерселерди алып Казакстанга баруу иши тапшырылды. Бул өтө кооптуу иш экенин ал жакта белгиленген бир жерде күтүп турган кишиге гана ал пакеттерди берээрин миң кайталап айткан Серик "Бардыгынан да менттерден сактан, жаман айтпай жакшы жок, эгер колго түшсөң мени сатпа!" деп оң колунун сөөмөйү менен мойнун туурасынан кесе ишаарат кыла көрсөттү. Бул: "Анда өлгөнүң" деген белгиси эле.
Айылдагы энөө бала мындай ишке жараксыз болуп чыкты. Ошол эле күнү Казакстанга жетпей колго түштү Жаныбек. Түшөөр замат болгонун болгондой, айылдашынын аты-жөнүн, туулган жылын, үйүнүн номуруна чейин айтып берди. Ошентип, акчалуу болгусу келип апийим менен кармалган Жаныбектер үчөө-төртөө кошоктолуп абакка кете беришти.

***
Баарынан да Серик Жаныбекке катуу өчөшүп калды. Ал тапкан жаңы "связнойу" бүтүндөй бир банданы сатып кетпедиби. А мындай адамды эч качан кечирүүгө болбойт. Өлбөй өчүн, кетпей кегин алыш керек. Мезгил өтүп, абак мөөнөтү бүтүп Жаныбек эркиндикке чыкты. Айылында деле көпкө тура албады. Бишкекке келип бөлөсү Венераны таап бүгүн ага учурашканы келген...
Ошол эле кечте Венера Жаныбекти өзү жашаган квартирасына чакырды. Бул күндү Венера өмүр бою күтүп келбедиби. Карачы, балдай ууз сүйүүсүн арнап койгон Жаныбеги жадырап маңдайында отурганын. Берерге ашын таппай ары-бери жүгүрүп, өзүнчө эле аптыгып атты кыз.
- Болду, Венерочка отурчу... - деп жалооруй карайт аны Жаныбек. - Андан көрө сүйлөчү, тээ балалыкты эскереличи. ..
Бирде тымып, бирде шарактап күлүп жиберишип түн бир оокумга чейин отурушту. Экөө сүйүү жөнүндө оозанышпаса да, каректери бири-бирине арбалып, сезимдери чарпылышып турду. Акыры, Венеранын жүрөгүндөгү ууз сезим Жаныбекти багындырды! Таң супа салып келатканда гана Жаныбекке төшөк салып, Венера өзү да уктоого баш койду.
Көзү илинип кеткен экен. Эшиктин "түрс-түрс" эткенинен селт этти Венера. "Бул ким таң атпай?!" деген ой мээсине чагылды.
- Ач эшикти, бул Венерабы?
Өзүнүн атын укканда Венера эшикти ачып жиберди.
- Эмне болду, силер кимсиңер?
- Биз... Жаныбек кайда?!- эшиктен кирген экөө бир ооздон. Венеранын жаны алкымына кептелди.
- Мен билбейм.
- Бул жакка келбедиби?
- Жок!
Венераны ары түртүп төркү бөлмөгө жулунушту. Бейкапар уктап жаткан Жаныбектин мойнуна бычак такалды.
- Тур саткын! Бизди түрмөгө чиритип, эми жыргап жашайм деп ойлобо! Бизге миң доллар таап берсең гана башыңа азат! Андай болбойт экен, азыр өлөсүң!
- Менде андай акча кайдан? Жаныбек өз чындыгын айтты.
- Анда ... Жалаңдаган бычак кекиртекке кайра такалды.
- Коё тургулачы! - деп кыйкырып жиберди Венера. - Мен таап берем...
Жаныбекке төшөк салып берген керебеттин алдынан чемоданын бери тартып кичинекей ачкычын сала бурады. Жаныбекти демиткен экөө дем чыгарбай карап турду. Дал ушул жагдайдан пайдаланган Жаныбек терезеден секирип качып чыгууга үлгүрдү. Бирөө артынан түшүп, жетпей кайра келди. Эми экөөлөп Венераны ортого алышты.
- Кана акчаң?!
- Азырынча ушул... Дагы таап берем. Жаныбекке тийбегиле, - деп жалбарып жиберди Венера. Бирок тиги экөөн кыздын арзыбаган тыйыны алымсындырбады!
***
Жаныбек милиция кызматкерлерин ээрчитип келгенде чачылган жууркан-төшөктөрдүн арасында Венера кырылдап үзүлүп бараткан болучу... Бүгүн эле тапкан бактысы бүгүн эле колунан түшүп сынып калганын карасаң эй, куу дүйнө!
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   Feijipiao   08 Ноябрь 2014 - 13:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

"Үн"

Алиман бүгүнкүдөй кубанбагандыр өмүрүндө. Ушундай да бактылуу күн болот экен ээ… Бүгүнкү күнгө чейинки өмүрү - тозоктун отундай эле болуп өтүп кетиптир го. Сыртынан билдирбей зымпыйганы менен ичинен ит өлүп жүргөнүн өзү эле билчү. Калп каткырып күлгөнү менен түн уйкусу беш бөлүнүп, муштумдай жүрөгү сыздап ооручу. Бир гана түштү көрө берчү. Ооба, ага жыйырма жыл бою бир эле түш кирчү.
…Кичинекей кыз ойноп отурат. Кыпкызыл гүлдөрү бар жайкы көйнөгүнүн этегин эки колу менен кармап алып тегеренип бийлейт. Ал кыз - Алиман өзү экен. Күн чакчайып эле тийип турган. Кантип бороон-чапкын болуп кеткенин байкабай да калды. Бороон ал кызды учуруп кара тоонун ары жагына алып барып таштады! Суукту айтпа, титиреп үшүп чыкты… " Апа-апа-аа! " деп кыйкырган үндөн чочуп ойгонуп кетет, дайыма…
Жүрөгү ооруп чыгат. Эр болсоң уктап көр! Кара түнгө тикирейип жата берет. Өзүнчө үшкүрүнөт, ооналактайт. Ичинен өзүнө -өзү суроо берет: "Ай, наристем ай, тирүүсүңбү, өлүүсүңбү?" Же бул суроого жооп таба албай чабалактап жатып таңга маал гана кирпигине уйку аралайт.
Ушинтип же түн уйкудан, же күн күлкүдөн жок жүрүп Алиман биротоло оорукчан болуп калды. Сары санаа аны жеп койду. Айлына барганда сураштырып да жүрдү. Бирок, ошондо күбө болгон адамдардын алды бу дүйнөдө жок болгондуктан, көп нерсенин изи сууп билинбей калып бараткандай.
Ошондо-деп жатпайбызбы, оо анда оңой окуя болуп өткөн эмес эле. Бир адамдын тагдыры бир нуктан экинчи нукка бурулган эң кыйын окуя болуп өткөн анда. Алимандын жаш кези эле. Күлсө - күлкүгө тойбой турган убагы эмес беле. Анан калса, деги кыздардан башкача күлкүсү бар эле анын. Кудум эле кулун-тайдын кишенеп жатканындай бийик, шаңгыр күлкүнү уккан адам өзүнөн өзү күлүп жиберчү. "О-уу, бул кыздын күлкүсү кантет?!" деп мурда көңүл бурбагандар Алимандын күлкүсүн уккан соң сөзсүз ага көз кырын таштачу. Күлгөндө көздөрү да жоодурай түшчү. Ошол күлкүсү менен ондогон жигиттердин жүрөгүн өрттөгөн ал. А бирок, кыздын бир эле жүрөгү бар да, ал жүрөгү менен Анаркулду сүйдү берилип. Эки жаш бири-бирине арзышты. Ата-энелеринен уруксат алышып баш кошушту. Баары эле алар ойлогондой өтүп жаткан сыяктанды эле. Каяктагы капылет иш болуп кетти десең, каран күн!
Алиман ак жоолук салынып келин болгонуна ай айлана электе Анаркул өзүнүн машинасы менен аварияга учурап реанимацияга түштү. "Адам болобу-болбойбу" дешип агайын-туугандары тикелеринен тик турушту. Алиманга баарынан жаман болгонун айтпа. Анаркулдун энеси, эжелери "кара жолтой келин болдуң го" дегенсип көздөрүнүн төбөсүнөн карашып,айрымдары ачык эле бетине айтышты. Бир жагынан Анаркулдун күйүтү, экинчи жагынан өзүнүн керт башынын күйүтү жаман кыйнады Алиманды.
"Кудай ай, эмнемден жазып, эмнемден жаңылдым? Чын эле каражолтой аталып каламынбы?" деп ичинен кан өтүп турду. Ал эми бу турмуш дегениң далысын бир салып алса, оңой менен бешенесин ачпаган неме окшобойбу. Анаркулунан айрылып кан жутуп отуруп калганы аз келгенсип, тез эле аны үйүнөн да кетирип жиберишти!
Шаарга кете берди ал. Бирок, артынан Анаркулдун бир эжеси издеп таап, аны менен дайыма байланышын үзбөй жүрдү. Көрсө, "курсакта бала кетпеди бекен?" деп аңдыганы турбайбы. Аны Алиман кайдан билсин. Болгон бугун чыгарып ыйлап алат ал кайнежесине. Чын эле шекшигендей болуптур. Төрт-беш айдан кийин эле Алиман чердейип чыга келди.
- Сен жашсың Алиман, дагы бирөөнү таап турмушка чыгып кет. А бул туюкбайды мага бер. Айылга алып кетем. Келиндерим тууп-түшүп турат, неберелерим менен эле кошуп багып алам. Анаркулумдун көзүн көргөнсүп жүрөлү…-деп зар какшап ыйлаган кайнежесин аяды. Бир жагынан анын сөзүнө да ынанды. Жаш болсо да турмушка башы бышып калган неме бул сунушту кабыл алды.
ХХХХХХ
Жаңы эле боюнан бошоп кайнежесине кызыл этти кармата бергенден кийин айылдан келген апасы өзү менен бир шумдук кабарды ала келди.
- Алиман, эми көп отурбай өз бактыңды тап!- деди шуу үшкүрүп.
- А эмнеге эле тапатандан антип айттыңыз?- деди таң кала апасын карап Алиман. Ошондо апасы алиги кайнежеси алып кеткен кызы көп өтпөй эле чарчап калганын айтты. Боорун жерге төшөп алып ыйлаганын айтпа, сыздаганын айтпа Алимандын! - Неге мага билдирбедиңер? ! - деп да долуланды. Акыры кайнежесине бир барып көксөөсү сууп кайтты.
"Өлгөндүн артынан өлбөйт" деген ушу да. Андан бери жылдар жылып өтүп, Алиман экинчи турмушунан өз ордун таап, бактысы ачылды. Ушинтип ойлошчу ата-энеси, айылдаштары, тааныштары. Өзү дагы "ушуга кудайга шүгүр, мобу төрт чүрпөмө, булардын атасына кудай өмүр берсин" деп басса-турса тиленет. Бүгүнкү жашоосуна шүгүрчүлүк кылат. Антсе да, жүрөгүнүн тереңинде жаткан бир сыры аны өмүр бою зилдетип келе жатпайбы.
Негедир дилинде эч нерсеге ишенгиси келчү эмес. "Жок, кызым типтирүү эле бойдон" деп энелик жүрөгү кагып турчу. Бирок, кантип аны далилдей алат?! Бардыгы бир ооз болуп туруп алышты го. Апасы болсо алаканын жайып гана башын чайкап, ийинин куушуруп коет. Эрине эч нерсесин айта албайт. Ошентип, көпчүлүктүн ичинде жапжалгыз муңканып жүрүп өмүрү өтүп жаткан.
… Андан бери жыйырма жыл өтүп кетиптир эй, арадан. Алиман кээде зыркыраган эмчектерин алаканы менен басып, "эгер тирүү болгондо жыйырмага чыкмак экен" деп ичинен жоромолдоп койчу.
Бир күнү Кербендеги таежесинин небереси үйлөнүптүр деп укту. Көп деле катышпаган соң "Ии, жакшы болуптур" деп гана койгон. Андан көп өтпөй эле апасы келип калды айылдан. Ушу быйыл апасынын бир топ карып кеткенин байкады.Эне деген - эне да, аны көрүп туруп Алимандын ичи сыйрылып кетти. "Аттиң, өмүр токтоп турбайт экен ээ. Кечээ эле бала эле, а апасы жапжаш, жакшына эмес беле…" деп апасына ойлуу тиктеди. Бул маалда апасы да аны улутуна карап аяп тургандай сезилди.
- Эмне болду, апа, башкачасың да…
- Эч нерсе болгон жок. Сени менен тиги Барнисаныкына (сиңдисин айтып жатат) барып келейин деп келдим.
- Ии, келин көрүппү?
Апасынын көзү жалтанып кеткенин байкады. "Ии" дегендей башын ийкегиледи. Экөө ал күнү камынып, эртеси жолго чыгышты.
ХХХХХХ
…Жүрөгү "болк" дей түштү. Кечетен бери эле жүрөгү алып-учуп башкача болуп жаткан. "Бул кызды кайдан көрдүм эле?" деп аппак жоолугун үлбүрчөк кылып салынып чай куюп отурган келинге түкшүмөлдөй карайт. Кызык… жаңы келин болуп келгендеги өзү көз алдына тартылды.Дал өзү. Керек болсо сүрөтү да бар алиге чейин. Апасы деле айткан эмес, көрсө, бу келин баягы өзүнүн кайнежесинин баласынын кызы имиш… "Ошо да, кимгедир эле окшоштурам дейм да. Анаркулдун туугандарынын кызы болсо, көзүмө ысык көрүнөт да" деп маркум күйөөсүн эстеп ичи өрттөнүп кетти. Ого бетер ой түбүнө чөктү. Кайнежесине кармата берген кызыл эт кызын эстеди. "Байкушум тирүү болсо ал да бир үйдүн босогосун аттап ушинтип созулган келин болуп отурмак да" деген ойго жетеленди.
Жүрөгү кайра солк этти. Ай! Жүрөк тушун кармай калды Алиман. Балким, балким… Бу отурган жаш келин… Ою бурганак болуп сезимин каптады. Муунуп баратты. Алдастап, арга издеген адамдай апасынын көздөрүн издеди.
- Апа, апаке, чын эле ошобу - менин кызымбы?! - деген ачуу үн менен кыйкырды ал. Жүрөгүнүн тереңинен чыккан бул кыйкырыкты эч ким укпады. Бир гана апасы укту.
- Сенин кызың,- деди апасынын каректери.
- Мен билгем, апа…-деди Алимандын жүрөгү дикилдеп. -Ошон үчүн ээрчитип келген экенсиң да, апа!
- Сенин армандаган көздөрүңдүн алдында өмүр бою күнөөкөр болуп жүрүп өлө турган болдум. "Кызың эми жок" деп айтып коелу деген "акылды" мен чыгаргам. Сени чыйралып, жаңы турмушка бет алса экен, бактысын издесе экен дегем, кызым…
Алиман апасы экөө үнсүз сүйлөшүп атты. Көздөр көп нерсени айтып турду.
- Кечир, кызым,-деди апасы акырын шыбырай. Эми гана эриндери кыбырады. Алиман жанында отурган апасынын арык, чор колдорун алаканына сала сылап-сылап койду.
- Чай ичиңиздер…- деди бул маалда келин Алимандарга жылмая.
Үн. Өмүр бою кулагына "апакелеп" жаңырып келген үн. Жазбай тааныды. Өңүндө да, түшүндө да угуп жүргөн үн ушу болучу. Өмүр бою күтүп жүргөн бул үндү, сагынып жүргөн бул үндү…
Алимандын бактысы жүрөгүндө толуп-ташып чыкты. "Өз бактыма өзүмдүн көзүм тийип кетпесин" деп "тфү-тфүлөп" да койду. Дасторкон четинде маңдайы жаркып, апасына, Аллага ыраазы болуп отурду.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   Feijipiao   08 Ноябрь 2014 - 13:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

"Кудалардын купуя сыры"

Жаркын шашып калды. Ырас, кызы менен бул маселе боюнча далай ирет сүйлөшкөн дечи. А бирок, бүгүн-эртең деген сөзүн уккан эмес. Болгону, кызы Айгүл өзү менен институтта бирге окуган Талантбек деген жигит менен мамилеси жакшы болуп жүргөнүн эле айткан. Анан калса, быйыл 3-курсту эле бүттү. "Окуумду бүтүрөмүн, анан…" деп айтчу да.
А кечээ күнү кечинде Айгүл телефон чалды. "Апа, мен кетип атам Талантбек менен. Аны сиздер менен тааныштырайын дедим эле. Бирок убакыт чукул болуп калбадыбы. Камданып тургула, кудаларга…" деген бойдон телефонун өчүрдү. Тү-үт! Тү-үт!..
Жаркын шашкалактап, огороддун бир четине там салып бөлүп коюшкан уулунукуна чуркады. Алыстан апасынын өзүнчө аптыгып келе жатканын баамдаган келини:
- Ии, апа, тынччылыкпы? -деп кере тартылган зымга жууп аткан кирин жайып атып сурады.
- Тынччылык эле дечи. Айгүл чалды…
- Ии, жакшы эле бекен?
- Жакшы элемин дейт. Анан… үйдү бир сыйра жыйнап-тернеп тургула деди го.
- Ы-гы!-деди келини көзүн күлмүңдөтө. -Кудалар келет бекен?
- Ошондой го…
Ошентип үйүнүн ичи-тышын бир сыйра жыйнап-тернеп, бар жылтырагын илип, күтүп отуруп калышты.

***

Түшкө жетпей ак түстөгү "Ауди" машинеси бул үйгө келип токтоду.
- Кудалар келди!-деп ары-бери жүгүрүп калышты. Жаркын менен Эсен экөө эмне кылаарын билбей абдырай түшүштү.
- Кулдугум бар, кудалар! Баланча райондун Социал айылынанбыз. Кудаңардын аты Курманбек.
"Эмне дейт?!" деп чоочуп, колун бооруна алып Эсенди карап турган адамды көргөндө Жаркын ай-ааламды жаңырта чыңырып алды. Ал чыңырык асманга жете көтөрүлүп келип Жаркындын жүрөгүн ортосунан шала тилип өттү!
Жаркындын жан дүйнөсүн жарып өткөн чыңырыкты эч ким уккан жок. Өзүнө гана угулду ал. Оор онтоп алды. Жууган чүпүрөктөй бопбоз болуп турган жеңесин көргөн абысыны аны чыканактан сүйөдү:
- Кантет жеңе… Сабыр кылыңыз, барган жеринен бак айтсын… Ага болбой калч-калч эткен Жаркындын эси ооп баратты. Эл деген эл да. Айылдагы кошуналар кудаларды үйгө топурап алып кирип кетишти.
Жаркынды аркы ашкана үйгө алып барып жаткызышты.
-Капырай, кыздарымды мен деле күйөөгө берип атамын го. Эмне, кызыңды күйөөгө бербегенде катын алып бермек белең?! Койчу ай, өтө эле оштонбой,-деп шыпшынышты абысындар.
Бир гана Эсен чийки май жегендей кыжаалат болуп, жанын коерго жер таппай кайсалап отурду. Жаркын төшөктөн баш көтөрбөдү. Эсен кудаларды кантип күткөнүн, кантип узап кеткенин деле билбей калды.
- Өх.. хх…-деп башындагы калпагын алып коюп, сулк жаткан Жаркындын жанына көчүк басканда түн бир оокум болуп калган. Өз вазийпаларын орундаткан кошуна-колоң, абысын-ажын, келиндер үй-үйлөрүнө тарап кетишкен.
- Эл тарадыбы?-деп сурады Жаркын эринен.
- Ооба, баары кетишти. Мен бир нерседен чоочулап турам, Жакин.. Уулуңдун машинесин айдаттырам, мен өзүм барып бир нерсе кылып келем.
- Өзүң элеби?
- Эми, бизге күбөнүн кереги барбы? Жабылуу аяк - жабылуу бойдон калганы жакшы го дейм. Же, балдарыбыз үйлүү-жайлуу болуп калганда "баягылардын ата-энеси" деген сөздү угузалыбы ага.
- Мейли, Эсеке… -деди Жаркын.
- Жакин, өлсөм - сөөгүм сага ыраазы. Сен өмүр бою кудайдын мага жиберген периштесиндей болуп келесиң...
Калтыраган үнү менен өзүн күнөөлүү адам экендигин билгизип отурду Эсен.
- Тур, Эсеке, кийим-кечеңди кийип даярдан. Эркинди айдатып кел, деди Жаркын.
Шапа-шуп дурусураак кийимин кийине салып, машинеге отурду Эсен.
- Мен эч нерсени түшүнбөй турам. Кудалардыкына атам өзү, азыр барабы? Жана эле алар менен башкача сүйлөшпөдүңөр беле? Эки жаш бактылуу болсун, эми тойдо жолугушалы деп узатпадык беле?!-деп уйкусураган Эркин өзүнчө буркулдап атты.
Атасы да, апасы да анын суроолоруна жооп берген жок. Өздөрүнчө башка ойлордун жетегинде болушуп, бири-бирин үнсүз-сөзсүз түшүнүшүп атты.
- Айда!-деди атасы.
Эч нерсени түшүнбөгөн бойдон Эркин жана эле узаткан кудалардыкын көздөй машинесин ызгытты.

***

Бул чаташкан окуянын түбү тереңде болучу. Анда баарынын жаш кези да. Ойносо - оюнга, күлсө - күлкүгө тойбой турган кездери. Эсендин дагы жүрөгү ушул жазда өз сүйгөнүн тапкандай болгон. Тээ алыскы райондордун биринен келген кыз. Чогуу бир цехте иштешип калды. Жатаканада дагы жакын бөлмөлөрдүн биринде жашашты. Самара менен Эсен нечен айлуу түндөрдү бирге өткөрүшүп, келечекти өз кыялдарында куруп алышкан. Шаарда эле жашап калышат, эки эркек, эки кыздуу болушат… Эки жакка тең болушат.
А бирок, тагдырдын оош- кыйышы адамдарды топ-таштай кылып ар-ар жакка ыргытып таштайт экен. Ушул жазда, 8-мартта үйлөнөбүз деп турганда, Эсендин апасы дүйнө салды. Капысынан каза таап, үйү үңкүйүп отуруп калышты. Мындай мезгилде кайдан үйлөнөт, эл айтпайбы, "энеси өлүп атса, уулу үйлөнүп атат" деп… Ошентип убакыт создуга берди.
- Мен эми кантем?-деп буркурап ыйлады Самара.
- Менин да башым катып калды,-деп көөдөнүнөн көк түтүн бүрктү Эсен. Апасынын азасы бир жагынан болсо, экинчи жагынан Самаранын көйгөйү Эсендин эсин оодарып койду. Үйлөнүш үчүн канча байлык керектигин эстегенде эле көзү чакчая түшөт. Алардын колунда азыр мыдыр жок.
Самара таарынып басып кетти. Эжесине барып ыйлады. Баарын ачык айтты.
- Кокуй күн! Шерменде болобузбу? Кой, бир айласын таппасак болбойт,-деп түнөргөн эжеси кечээ күнү эле үйүнө келген Курманбекти эстеди. Ал Самараны көптөн бери билчү. Көзү түшүп калганын айткан.
- Ай, жездеңин досу Курманбекти билесиңби? Ошол сени көптөн бери сурамжылап жүрөт…
- Койчу, аны! Аялы бар эмеспи?
- Ажырашкан. Ушул маалда үйлөнсөм деп даярданып жүрбөйбү. Сени, оо көп жылдардан бери эле көздөп жүргөнүн айтып армандаган.
- Билбейм, мен эч нерсени билбейм! Өзүңөр билгилечи.
- Болуптур!

***

Ошол кечте эле Курманбекке болгон окуя айтылып, ал Самараны үйүнө алып кетүүгө уруксат алды эжесинен. Болгондо да эки айлык болуп калган курсагы менен.
- Балада эмне күнөө? Самараны мен жактырам. Жашообуз ынтымактуу уланып, бири-бирибизди сыйлап, ардактап жашап кетсек болду,-деген ал.
Эсен бул окуяны кийин укту. Тааныштардан сураштырса, Самара эркек бала төрөп алыптыр. Кийин дагы бир балалуу болушуптур. Эми, кайчы өтүп кеткен тагдырды кайра кайрып алалбасына көзү жетип, өткөн тагдырын кайрып алалбасына өкүт менен көзү жеткен соң, жашоосун андан ары улады. Жаркынды жолуктурду. Жашоо мыйзамына баш ийип, экөө үйлөнүп-жайланышты, очор-бачар болушту. Башында, экөөсү жаңы таанышканда эле сырлар жашырылбай айтылган.
- Ошондо жашырбай айтканым ырас болуптур. Жакинимдин жүрөгүнө так салбай деп, - 20-25 жыл мурунку өзүнүн сөзүнө өзү ыраазы болуп баратты.
Жаркын экөө тең Курманбектердин айылын, уулу канчага чыгып, каерде окуй тургандыгын билчү. Анан эле кара басып, кызынан эч нерсени сураштырбагандарын карасаң...
Таң ата көздөгөн айылга жетип, көздөгөн үйдү табышты.
- Курманбекти чакырып чык,-деди уулуна.
Алгач, тээ өйдөрөөк токтогон машиненин ичинде отурган жаңы кудасын көргөн Курманбек алдастап калды.
- Келгиле, түшүңүз, эмне болду?
- Түшпөйм… Отур бул жакка.
Курманбек машинеге отурду.
Мындан жыйырма беш жыл мурунку окуя талкууланды.
- Атын ким койдуңар эле?
- Таалайбек. Таалайбегим азыр Бишкекте. Үйлөнгөн, эки баласы бар. Экинчиси - Талантбек. Ушу … сиздердин…- деп келатканда Эсен оор үшкүрүнүп жиберди.
- Өх-өх… Мен дагы Таалайбек экен деп жаным калсачы!
- Биз дагы сураштырып отуруп, ушундай чыкканына алгач таң калып, абдаарып, Самара экөөбүз ызылдап барып токтодук. Эми эмне кылалы, Эсеке! Бул дүйнө канчалык кең болгону менен, ошончолук тар болуп да кетет экен. Тагдыр бизди экинчи ирет кайчылаштырып отурат. Эми, баары ошол өткөн жылдарда кала берсин. Таттуу куда бололу…

***

Машиненин үнү угулганда үйдөн атып чыккан Жаркын Эсендин маанайын көрүп эс ала түштү.
- Жакин, чай койчу…
Ысык чайдан шорулдатып ууртап отуруп:
- Таалайбек Бишкекте экен. Кызыбыз - Талантбекке барыптыр. Эми ушулар бактылуу болушсунчу. Ушулар адашпасын. Дагы кудайыбыз бар экен. Мен… Таалайбек экен деп…
Аңгыча сырттан үн угулду:
- Оо Эсен, куда кут болсун!

Аа, болсун, болсун! Келгиле, төргө өткүлө! - дасторкон жайылды.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Feijipiao   08 Ноябрь 2014 - 13:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара


"Аязга айланган аалам"

…"Кышкы аязда бир бала тоңуп өлүптүр аялдамада" . Бул суук кабар эртеси эле угулду. Тоңуп калган бала тогуз эле жашта болчу.

Бала аялдамада турган адамдардын улам суюлуп отуруп, 2-3 эле киши калганын байкады. Мына, дагы бир маршрутка келип токтоп, дагы экөөсү түшүп кетти. Эми бою сөөлжандай узун орус экөө эле калды. Анысы да арак сасып, жанына киши туралгыс. Бурулуп караса эле оозунан арактын ачуу жыты "бурр" эте түшүп атты. Анда-санда ыктытып да коет. Деги ким болсо да тирүү жан да, баланын эш тутканы эми ушул эле болуп калды.
- Биз экөөбүз эле калдыкпы?-деди ал адам орусча.
- Ооба,-деп башын ийкеди бала.
- Эмне, сенин да жолкирең жокпу?
- Жок…
Башын күнөөлүү адамдай жерге салды бала.
- А сага апаң жолкире берген жок беле?-деп артына асынган сомкесин тиктеди тиги киши.
- Берген.
- А сен аны жок кылып койдуңбу? Мына мен жок кылсам бир жөн. Ичип салам акча болсо эле. А сен эмнеге жок кылдың десең?..
Тиги бейтааныш орус киши өзүнчө кейип алды. Тээ алыстан эле фарасын жаркыратып күйгүзгөн дагы бир маршрутка көрүндү.
"Кудайым ай, эми ушул мени алып кетсе экен, кудайым ай" деп ичинен жалынып жиберди бала. Тиги орус киши экөө бирдей чуркап колдорун булгалап көтөрүштү. Маршруттук машине улам жаңы жаап жаткан карга сүрдүгүп барып токтоду.
- Тууган, мени мобу Пригородныйдын башына чейин эле ала кет!-деди тиги киши айдоочуга.
- Ой, ушу силердики өттү, албайм, түш жерге!-деп чындап ачууланган айдоочу тиги адамды түрттү.
- Жок, мен түшөм эле, эмне, мени тоңуп өлсүн деп турасыңбы?! -деп болбой эле машиненин ичине жүткүнүп түшүп баратып, токтой калып артына - балага карады.
- Бул бала да түшсүнчү. Анын да акчасы жок экен,-деп жалооруй айдоочуну карады.
- Эй, силер мени ким деп турасыңар? Мен ар кимге эле боорум ачып бекер ташый берсем балдарымды кантип багам эй! Ата-энеси акча берип койсун анда баласына…
- Ой, бериптир! Бала да, жок кылып коюптур…-деп тиги орус киши баланын таламын талаша айдоочу менен айтыша кетти.
Машиненин ичинен, арт жактан чыңкылдаган аялдын үнү чыкты:
- Ай, айдоочу, болбойсуңбу, түн кирип баратат, бүгүн үйгө жетебизби?!
- Айда! Айда!-деп жаалап кетишти жүргүнчүлөрдүн баары. Алар көкмуштум болуп тоңуп, көздөрү жалдырап "ала кеткилечи мени" деп ичинен миң жалынып алаңдап турган баланын сөлөкөтүн гана көрүштү. Ал бала жөнүндө бирөөсү да ойлоп коюшкан жок. Мотор "дүрр-дүрр" этип барып маршрутка жолго түштү.

***
- Үү-үф! Үү-үф!
Бала тоңгон колдорун оозуна алып барып үйлөп-үйлөп алды. Секирип-секирип да койду. Ошентсе кичине жылыймынбы деп ойлоду. Ага деле болгон жок. Тиштери тиштерине тийбей шакылдай баштады. Аялдамада жападан жалгыз калганына жүрөгү сестене түштү. Эми эмне кылат? Жөө жөнөсөбү? Үйүнө жеталбайт баары бир. Андан көрө дагы маршрутка келээр, күткөнү жакшы го. Маршрутка айдаган байкеден жакшылап суранат. Эртең сөзсүз апасынан 5 сом алып берем деп айтат. Кап, жана эле классташтарынан уялбай акча сураса болмок. Алар бермек, өзү унчукпай кетип калбадыбы…
Көз алдына үйү элестеди. Үй ичи жылуу, меш жагылган да. Апасы улам челектеп көмүр көтөрүп келип жагат. Кичинекей бөбөктөрү көйнөкчөн болуп томпоңдоп ойноп жатышса керек. Эшиктен кирип эле ысык чай ичкиси келди. Апасы тамак жасап койгон болуш керек. Ыпысык. Азыр барып ысык шорпону үйлөбөй эле ичип жиберсе, бирпастын ортосунда ысып чыга келет да.
Алыстан дагы бир жарык көрүндү. Томполоңдоп чуркап жолго чыкты. Бар күчү менен "Токтоңузчу байке! Мени үйгө ала кетиңизчи! " деп кыйкырды бала. Бирок, аны карап койгон киши болгон жок. Карды сапырып, баланын бети-башына үйлөгөн бойдон өтүп кетти. Артынан чуркады. Кыйкырды:
- Т-Токто! Токто! Суранамын. -Мен… "тоңуп өлгүм келбейт" деген сөздү ичинен өзүнө-өзү айтты.
Бул сөздү жаңы эле алиги жанында турган орус кишиден үйрөнгөн. Бирок, ал адамдай болуп башкаларга дооматын артууга али жетиге элек болчу. Бала болчу. Ошон үчүн бар чындыгын көкүрөгүндө миң ирет кайталаганы менен сыртына чыгарып айта албады.
Ушул эң акыркы аракети болду көрүнөт. Буттары колдоюп кудум жыгачка окшоп баратты. Дене бою муздаганын сезди. "Отурайынчы" деп чарчанып барып аялдамадагы темир секичеге көчүк басты. Аязда тоңуп турган темирдин муздактыгы кошулду. Темир кайсы, өзү кайсы экендигин сезбеген абалга өттү. Негедир ушул мүнөттөрдө бул жашоого сугу арта түштү. Апасы, бөбөктөрү, ысык үй - кандай гана жакшы нерселер эле. Атасы деле жакшы турбайбы. Эмнеге аны жаман көрдү экен! Болгону, кичине ичет. Жумуш да табылбай койбодубу. Эмесе, атасы кандай уста экенин эл деле билет го. Бөбөктөрүчү, ии-й кичинекейлерим ай!
Бала эзилип алды өзүнчө. Бөбөктөрүнүн жытын сагынды. Башкача жыт келди мурдуна. Жок, кичинекейлеринин жыты мындай эмес болучу. Таптакыр башкача жыт. Муздак. Суук. Ыйлагысы келгендей, күлкүсү келгендей. Кулак-башы тунжурап баратты. Айланасы аппак көрүндү. Анан өзү, бул аалам, асман, жер, аяз - баары биригип билинбей калды.
***

Эртеси эртең менен үйүнөн кайра жумушка кетип бараткан алиги орус киши жарым-жартылай муз баскан маршрутканын терезесинен кечээ күнкү аялдаманы, отургучту карады. Бир нерсе карайып, томпоюп турабы?.. Көргөн көзүнө ишенген жок.
- Токто!-деп кыйкырды айдоочуга.
- Эртерээк айтпайсыңбы? Айдоочу бурк этти.
- Акча деп өлүп кетесиңер?! Силерге, баарыңарга акча болсо болду. Кечээ алып кетсеңер, 5 сомдон эч нерсе болбойт элеңер го!
Өзүнчө сөгүнүп-сагынып, жык-жыйма турган жүргүнчүлөрдү түртүп өтүп, жерге түшүүгө шашылып жаткан тиги адамды "мээси жайында эмес го мунун" деп коюшту тургандар. Маршруткадан атып түшүп аялдамага чуркады. Артына асынган сомкеси ошол бойдон. Бала бүрүшүп, отургучтун чекесинде, артын аялдаманын муздак дубалына жөлөгөн бойдон тоңуп калыптыр.
- Иттики десе!
Алиги киши кимдир бирөөнү сөгүп алды. Кимди сөккөнүн өзү деле билген жок. Эгер кечинде акыркы 5 сомуна жүз грамм ичип албаганда бул балага төлөп койбойт беле. Бул бала эптеп үйүнө жетип алат эле го. Тоңбойт эле го!
Алиги адамдын көз алдында аалам аңтарылып кеткендей болду. Ушу жашоосу курусун. Ушу жаманчылыкты көргөн көзү курусун! Көзүн чылк жуумп алды.
…Бир пастын ортосунда эле аялдамага боорукер адамдар толуп кетти. Аттиң!-деп баары баштарын чайкашып жатат. Акчасы жок, маршруткага түшө албай аязга тоңуп калыптыр. Кап, ошондо мен ушул жерде болсом, бул балага жолкире төлөп коет элем дешти ар кимиси. Ана, маршрутка айдаган байкелери токтошту, милиционер байкелери келди. Ана, апасы келди чыркырап, атасы келди буркурап… Баары өкүнүп жатышты бармактарын кырча тиштеп. 5 сом деген эмне?!-дешип атты жерге түкүрүнүшүп. Бардыгынын тегиз жүрөктөрү ооруп турду.
Бирок, эми баары кеч эле. Ушул жерде тургандар кечээ күнкү эле бала жалооруй карап жалдыраган адамдар болчу. "Өз балдарым оозун ачып отурса" деп бул балага эч кимиси көз кырын да салган эмес. Эми карасаң, алардын баары боорукер тура. Баары эле жакшы адамдар экен.
Бир гана кишинин жан дүйнөсү кечээ күнкү кышкы кечтин ызгаарына мына азыр тоңуп чыкты. Дүйнө мупмуздак сезилип, ай аалам аязга айланып бараткандай сезилди ага. Кап! Табигаттын ызгаарынан да мобу адамдардын жан дүйнөсүндөгү муздактык өтүп баратат да. Муздагын карачы… Кап! А мобу азыр турган адамдардын боорукердигин карачы. Муздагын карачы, Боорукердигин карачы…
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   Feijipiao   08 Ноябрь 2014 - 13:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

"Акчага алдырган акыл-эс"

- Ана, баягы киши келатат! - деп шыбырай сүйлөдү Айгүл эжесине. Үнү калтырап чыгып, эжесинин оң колун мыкчый кармады да кадамын тездетти.
- Акырын. Чуркаба. ошо качканды жаман көрөт да, - деп үнүн кардыктыра чыгарды эжеси. - Сыр билгизбей жай эле басалы.
Эки кыз кол кармаша өздөрүн жай, бейкапар эле басып бараткандай көрсөтүүгө аракет жасашты. Тиги кишинин жанына келгенде: "Саламатсызбы? " дегендей баштарын ийкегилешкени менен үндөрү чыккан жок. А тиги адам кыздардын ушунусуна деле ыраазы болгондой, күлүмсүрөп башын ийкеп койду. Кичине эле өтө бергенде Айгүл колдон суурулуп текирең таскак салып жөнөдү. Артынан аптыккан эжеси жүгүрдү. Жарыша жүгүрүшүп дарбазадан кирип келишти.
Өң-далеттен кете бозоргон кыздарын көргөн энеси чочуп кетти:
- Ай, эмне болду, тынччылыкпы? !
- Ана... Ана... баягы кишичи, балдарын отко кактап жеген кишичи... Ошол, ошону көрдүк!
- Анан, качтыңарбы, ал куудубу?
- Жок, качкан жокпуз. Өтүп кеткенден кийпн жүгүрбөдүкпү, коркуп кеттик.
Эки кызы тең жарыша сүйлөп жатты. Алардын сөзүнөн улам түшүнгөн атасы:
- Ой, коркпой эле койгула андан. Ал анчалык деле коркунучтуу киши эмес. Балдарын деле отко кактаган эмес. Кокустук болгон. Ай, ушу силер! Каяктагы нерсени ойлоп таап...
- Биз эмес, көчөнүн бүт баары эле ошентип айтып атпайбы. Өткөндө Күлүмкан деген кемпир аны: "Сен бекеринен балдарыңды отко кактап жедиң дейсиңби?! " деп урушту го. Өз кулагыбыз менен укканбыз. Анан, балдардын баары айтып атышат го: "Киши жеген адам кишини көргөндө ушинтип карайт" деп. Өткөндө телевизордон көргөн кинодогу киши жегичке окшош болуп турбайбы...
Кыздар биринен бири өтүп быдылдап жатты. Ал эми кыздардын атасы
Кемелге ушул, элдин баары үрккөн адамдын жаш кези элестеди.
***
Бай десе, бай болду. Келбет десе келбетти, акыл десе акылды аянбай эле берди Алла таалам Дербишке. Бир гана чоң атасы коюп кеткен ысмы жакчу эмес өзүнө. Дербиш деген эмнеси? Жакшылап да түшүнүүгө болбойт. Мурда аса таягын колуна алып, эл кыдырып жүргөндөрдү дервиш деп коюшчу экен... Ошого окшоштуруп койгону эмнеси?!
Чоң атасы бул небереси төрөлгөндө ырымдап, ушул атты койгонун кайдан билсин? Ыйык адамдарды дервиш деп аташчу. Алар канчалык карапайым жашаганы менен, ошончолук ардакталчу. Ардактуу адам болсун деген тилеги эле чоң атанын. Анын тилеги да орундалды. Небереси оозунда сөзү бар, чыйрак, идиректүү болуп чыкты. Айылдагы экинин бири дегендей.
Анда айылда такталуу тамдар аз эле. Баары жер тамда жашашчу. Колхоздун бухгалтери болуп күркүрөп турган кезде пол салдырып, эки ачма жашыл эшиктери менен беш көмүт үйдү ушул Дербиш тургузган. Той берип топурап, улак тарттырганын ушул күнгө чейин сөз кылышат.
Зоболосу артып турган кезинде адам эмнени эңсебейт? Анүстүнө колунан келе турган эле иш болучу. Болгону - эми акчаны ары-бери эле чача бербей, бир машине алып алгысы келген. Келишкен үйү, короо толо мал-жандыктары бар, кийгендери- ичкендери элдин алды. Көз тийбесин!
...Ошо, көз тийип кетти окшойт. Күздүн күнү болчу. Эртең базарга чыгам деп жаткан. Жаныбек досу тиги, райондун борборундагы чоң дүкөндө иштейт. Ошол досу эмки жумада дүкөнгө эки машине түшөт деп баасын алдын ала бычкан. Оо, оңой акча эмес экен. Анан калса, дүкөнгө машине түштү дегенди угуш да кыйын болчу. А кезде машинелер райкомго, андан ары чарбаларга бөлүнүп, анан социалисттик эмгектин алдыңкылары дегендерге берилчү. Албетте, бекер эмес, акчасына үстөгү кошулуп олчойгон гана акча болор эле.
"Эртең базарга чыгам" дегени - колундагы акча жете бербей турду. Жылкыларынан алып барып сатып, үстүнө кошсо - жетет. Канча жетпейт болду экен? Аялы Сабира жүктүн алдындагы оймо-чиймелүү кооз сандыкка катып койгон түйүнчөктү алып берди да, аркы көмүттө өз иши менен алек болуп отурган. Биринен бири кичинекей 3-4 жаштагы эки эркек баласы бөлмөдөн-бөлмөгө кирип, томпоңдоп ойноп жүрүшкөн. Эшикте кемегеде алоолонуп от жагылып, казанда сүрсүгөн тайдын эти кайнап жаткан. Күнүмкү эле көрүнүш.
Түйүнчөктөгү акча бир эле күндө кассадан алынбагандыктан, ирээти менен жыйылбаганы көрүнүп турду. Жакшылап ирээттеп санап алыш керек. Дербиш алдындагы додолонгон акчанын ар бир сомун бирден жазып, алаканы менен сылап, жүз сомдук кылып бөлүп-бөлүп, артына коюп жатты. Сегиз жүз... тогуз жүз... миң... акыркы жүз сомдуктарды санап бүтүп, артына бурулду. Артында эч нерсе жок. Мандаш токунуп отурган көрпөчөсүнүн алды-артын карап, күбүп да жиберди. Жок! Кудая тобо?! Көргөн көзүнө, өзүнүн акыл-эсине да ишенбеди. Бир саам дендароо болуп туруп калды. Каны башына тээп, бүткүл денеси калчылдап чыкты.
- Сабира! - деди калтыраган үнүн катуулатып. Күйөөсүнүн үнү өзгөрүлүп, башкача чыкканынан чочуп, аркы бөлмөдөгү аялы атып чыкты:
- Эмне болду?
- Менин санап, бул жерге койгон акчаларым кана?
- Билбейм, мен тиякта отурбадымбы. ..
Өзүнөн-өзү күнөөлүү болгонсуган Сабира ийинин куушуруп сыртка бет алды. Анын артынан Дербиш да сыртка умтулду. Короодо өзүлөрүнөн башка эч ким жок. Эки баласы гана кемегенин башында колдорундагы чыбык менен алоолонуп күйүп жактан отту түрткүлөшүп жатышат.
- Акчалар... оу, энеңди-ии! - деп өкүргөн Дербиш кемегеге чуркады. Андан мурун Сабира жетти. Кемегедеги отто акыркы акчалар кызыл-көк-жашыл жалын чыгарып күйүп жатыптыр. Акча башкача күйөт экен. Быкшыгансып, жыты чүпүрөк күйгөндөгү жытка окшошуп.
Дербиш өзүн-өзү кармай албай калды. Колундагы тутамдалган акчаларын кемегеге атып урду.
- Мына, бул да күйсүн! Силердиби! - деп эле колуна илинген баласын кемегеге, акчанын артынан ыргытты. Аялы үлгүрбөй калды.
- Өлтүрдү! Оо, эл-журт! Жардамга! Өлтүрдү! - деп кыйкырып, отто ызылдап күйүп жаткан баласын алып чыгарды.
- Мына сага! Сени дагыбы! - деп Дербиш экинчи баласын көтөрүп казанга умтулганда бет маңдайда жашаган кошунасы чуркап келип, анын колунан баланы жулуп алды.
- Оо-уу! Оо-уу! - деп озондогон Дербиш жер токмоктоп отуруп калды. Кошуналар бат эле чогулуп, отко ыргытылган баланы доктурга алып жөнөштү...
***
Көрсө, атасы улам акчаларды бирден санап, анан артына коюп жатканы кичинекейлерге кызык көрүнсө керек. Атасы ойноп жаткандай болуп. Анан ушуга окшош кагаздар отко күйөөрүн көрүшкөн. Экөөсү ошол такталган бойдон эшикке көтөрүп чыгышып, отко алып келип улам ыргытып, күйгүзүп, ойноп отурушуптур. ..
Алоолонгон акчанын айынан эки бирдей баласынан айрылып кала жаздаган Сабира балдарын ээрчитип кете берди. "Акчаң дагы, байлыгың дагы жерге кирсин" деп каргап кетти. А Дербиш беш көмүт үйүндө кала берди озондоп. Айылдагылар ансыз деле "акча жеп байыды" дешип ичтеринен жаман көрүшчү эле, эми ачык эле аны жек көрө башташты. "Балдарынын боорун отко кактап жеген акча үчүн" деп ашыра айткандар да болду. Муну уккан кичинекейлер Дербиштен коркушуп, жанынан жалгыз өткөндөн чочулашчу. Ошол күндөн ушул күн жапжалгыз сокуюп өзүнчө жапан дүйнө менен жашап келген Дербиштин деле акыл-эси өзүнөн-өзү тайып кетти. Кичинекей балдарды көргөндө көздөрүнөн учкун чачып жадырай түшөт, башкача болуп. Ошо, бир кездеги кичинекей балдарын эстеп, аларды эркелеткиси келет окшобойбу. А балдарга Дербиш башкача көрүнөт. Азыр эле кармап алып отко кактагысы келип жаткандай...
Ошентип жашап келатат. Карап турсаң, жөнөкөй эле бир окуя сыяктуу. А бирок, "эл оозунда элек жок" дегендей ал жөнүндөгү аңыз кеп кадимки эле коркунучтуу окуяга айланган. Дербиш да адам жегич коркунучтуу адам кейпин кийип калган сыяктуу.
- Коркпогула. Ал адам да өз кезегинде экинин бири болгон, парасаттуу адам болчу,- деп балдарына түшүндүрүп айткан айылдаштары азайып баратат... Ал эми жубайы Сабира менен эки баласы акыл-эсин акчага алдырып койгон Дербиш жөнүндө унутуп да коюшкан. Эми эл арасында Дербиштин өзү анча жактырбаган аты да өчүп, "баягы балдарынын боорун отко кактаган киши" деп аталып кала берди.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   Feijipiao   08 Ноябрь 2014 - 13:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

"Селсаяктын бактысы"

...Башы айланып, көзү караңгылап баратты. Өзөгү карарып, оозуна суу келип, шилекейин "кулк" эте жутту. "Чын эле ушундай күнгө кабылдымбы? Мобу адам кейпинен кетип турган менминби?-деп өзүнө суроо берип башын чайкап-чайкап алып жерге отура кетти.
- Ай, тур шүмшүк, отура турган жерди тапканын кара,-деген чаңкылдаган ачуу үн кулак түбүнөн угулду. Эки жагын аярлап караса: өзүнүн өрүк, мейиз, жаңгак толгон каптардын катарында олтурганын көрдү. Кара шыйрак келин анын бет маңдайында көзүн чекчейтип эки колун бөйрөгүнө таянып туруптур.
- Бол, тур ары... Ушул сенделип арак ичкендерден күйдүм. Соода кыла турган адамдардын алдын тосуп "мишайт" этет да турушат...
Омуроологон келинден кутулайын деп жер таяна эптеп турду да кадам шилтеди. Ой тобоо, алы жок адам космостогу космонавттай жеңил болуп калабы, алга шилтеген буту абага илинип, экинчи буту көтөрүлгөндө көмкөрөсүнөн күп дей түштү.
- Кокуй! Мобу мас неме өлтүрдү! деген кыйкырыктан жалтанып бетин калкалай калды. Аңгыча желкеден чапчыган карылуу кол аны камгактай гана алып ыргытты. Өзүнө салыштырганда экөө келе турган далдайган өзбек сымал аялдан жаңы эле ичкен лагмандын жыты урду. Көңүлү ого бетер азып чыкты. Эми тигил жакта турган канар каптагы өрүктөрдүн чачып барып жер таянды. Кудай бетин салбасын, эки жагын карап, эптеп ушул жерден чыгып кетүүгө үлгүртпөй үч-төрт аял кадимки эле футбол тобундай кылып ары бурчтан бери бурчка ыргытышып, ал аз келгенсип каргап-шилеп эле жатып калышты. Ары-бери агылып өтүп бараткан адамдардын кээси аңырайып караса, кээси эч нерсени көрмөксөн болушуп өз жолун улап кетип жатышты.
- Ай келиндер, болбодубу! Бул бечара эч кимиңерге эч нерсе кылган жок го. Оозунан да бир жаман сөз чыккан жок,-деп артта карап турган бир байбиче өзүнүн калыс сөзүн айтууга батынды. -Силер ары-бери түртпөсөңөр алда качан эле кетип калмак, өзүңөр баарын өөрчүтүп жатасыңар го!
Кантсе да алиги аялдар калыс сөзгө аярлай калышты. Ошондон пайдаланып акырын темтеңдей басып өрүк саткан аялдардан алыстай берди...
Жакыптын ордо шаарыбыздын Ош базарында темселеп жүргөнүнө көп болуп калган. Тээ эрте жаздан бери ушул жакта. Күн кичине жылымдай баштаганда эле жалгыз карындашы Айсалкынга: "Кой, мен сага өлүмтүгүмдү артып жата бербейин. Тагдырым ушинтип калат деп үч уктасам түшүмө кирбептир. Кантейин... Жакшы эле аракеттендим. Бирок бир чайпалып төгүлгөн ырыскым кайра толбоду, аттиң!" -деп бир сыйра арманын айтып, анын үйүнөн чыгып кете берген. Айсалкын дагы: "Эми кайда барасың? Кантип күн көрөсүң?" деп кайрылып сураган жок, сураганга да алы келбеди. Үч-төрт баласы менен чырылдап-чыркырап эптеп жашап жаткан. Күйөөсү болсо оорукчан, карыган кайненеси бар. Анан эле эч жерде иштебеген, аздап ичкен, үйбүлөсүнөн ажырашкан албан-субандай агасынын анын үйүнө кирип келип бир капшытты ээлеп жатканы ал үчүн оор эле болучу. Агасы коштошуп кеткен соң алгач өзүнчө бир жеңилдей түшкөндөй болгону менен, кайра ичи тыз-тыз этип ачыша түштү. "Олдо шум дүйнө ай! Ушундай да теңсиздик болот экен ээ... Болбосо Жакып акем кимден кем киши эле?" деген ой келгенде карегине жаш айланды.
Көрсө тагдырдын тайкүлүк ташы бир күндө эле арыдан-бери оодарылып, аласалып кете берет экен. Ооба, бир эле күндө Жакыптын сыймыгы учуп, байлыгы сапырылды. Кайсы бир таңда ал аялы, бала-чакасы, үйү жок бир бечара болуп ойгонду. Ушунун баарына ким күнөөлүү?-деген суроону өзүнө-өзү жүз эмес миң ирет берип, бирок жообун алигиче таппай келет. Келинчеги Зарипаны күнөөлөгөндө эмне? Ал тээ мурда, атам заманда эле айткан, эчен ирет эскерткен "экөөбүздүн турмушубуз болбойт" деп. Өзүнүн кара күчүнө, бапыраган акчанын күчүнө ишенген анда. Акча менен баарын: сүйүүнү да, бакытты да жасап алам деп ойлочу. А бирок, турмуш өз чындыгын бербеди.
...Ал күнү дүкөнүнөн кеч кайткан Жакып үйүнө келип эле келинчеги менен кызын таппай калды. "Апасына учурушканы кетип бараткан" деп айтты Зарипанын автобуска түшүп баратканын көргөн кошуна келин. Жакыптын жүрөгү зырп эте түштү. Эмнеге мага айтпай кетти? Шашылыш кеткени эмнеси? деп кабагына кар жаады. Жаңы эле короого киргизген машинесин кайра айдап чыгып чымын-куюн болуп кетип баратты...
Зарипанын ата-энесинин айылына жеткенде каш карайып калган болучу. Узун көчөнү ортолой барып калды. Көчө ээн сыяктанган, ага болбой эле көчө бойлой өскөн тал-теректердин арасынан эки кичинекей кыз бирин-бири тартып, ит тартыш болуп алдынан чыга калбаспы! Машинесин токтотууга, ал эмес рулду оңго же солго бурууга да үлгүргөн жок. Тигилерди ыргыта коюп барып моторун өчүрдү. Бечара кыз ошол замат жан бериптир. Экинчи кыз кыйкырып ыйлап, үйүнө чуркады. Андан аркы окуялар өтө тездик менен өнүгүп кете берди. Машинеси менен коюп кеткен кыздын ата-энеси Жакыпты сотко беребиз деп, алардын алды-артына түшүп, дүкөнүн сатты, ага кошуп машинесин сатып шаардан бир квартира алып берди аларга. Эптеп түрмөдөн аман калуунун аракетин кылып ошол айылдын аксакал-көксакал, тууган-туушкандарын бүт салды. Ыйлап-сыктаган ата-энени "эми муну түрмөгө каматмак турсун зындандын түбүнө чиритсеңер да кызыңар кайтып келбейт, андан көрө бу, экинчи кызыңарга үй кылып албайсыңарбы Бишкектен" деп айылдаштары жаалап отуруп көндүрүшкөн.
Ошол каргашалуу окуядан кийин жылдызы түшкөн Жакып "Сенин терсаяктыгыңдын айынан ушундай окуяга кириптер болдум" деп келинчеги Зарипаны күнөөлөп калчу болду. Анан да, башта ооз тийбеген арактан кантип иче баштаганын байкабай да калды. Ансыз деле Жакыпка ичи жылыбай өз тагдырына өкүнүп жүргөн Зарипа мындайда тим эле безге сайгандай силкинчү.
- Ой, сенин байлыгыңдын да, башкаңдын да мага кереги жок! -деп кичинекей Айназигин бооруна кыса өңгүрөп ыйлап кое берчү. Кырсык бир келсе - коштоп келет деген чын белем. Ал ортодо чачылган байлыгын кайра тургузууну көздөп кредитке акча ала коюп, анысын өз убагында төлөй албай, күрөөгө койгон тамын алдырып койбоспу. "Башкасы - башка, эми ушунусу калды беле" деген Зарипа кызын жетелеп ата-энесинин үйүнө кете берди. А Жакып болсо эми анын артынан баралбады. Кантип барат? Аялына "жүрү үйгө" деп да айта албайт эмеспи.
Ошентип темселеп ичип калды. Жердигинен эч кимге деле катуу сөзү жок болучу анын. Болгону, өз түйшүгүнөн арылбай, турмуштун соккусунун артынан сокку алганы чүнчүтүп жиберген. Алгач, айласы жок, ушул өздөрүнүн эле айылына турмушка чыккан карындашыныкына пааналады. Карындашы кантсин, ата-энеден эрте ажырагандыктан Жакып акеси ага ата ордуна ата болуп калган. Кезегинде, агасы күркүрөп турган кезде анын шарапатын көп көрдү. Жакып да карындашынын өтүнүчүн четке какпай оозунан чыкканын аткарчу. Эми минтип анын коломтосун саагалап калаарын кайдан билиптир...
Ошентип илгери көргөн "Ташкент - город хлебный" деген киного окшоп Бишкекти көздөп келген. Келгени го - келди. А бирок мурда кучакташып дос болуп жүргөндөрдүн үйүнө бир-эки күн гана турбаса, батпай калганын билди. Жаш Гвардияда тургандарга кошулуп, табылган жумуштарга иштеп кечке чейин тапканын кечинде ичип алып, анан чечекейи чеч болуп минтип базар кыдырат. Кыдырганда эмне, бир нерсе алмак беле, жөн эле аңкайып ар кимдин оозун карап туруп-туруп анан андан ары кадам керет. Ошентип жүрүп, эртеден бери оозуна наар албагандыктан минтип ичкен жүз грамм арагына ачкалыгы кошулуп сендиректеп отурбайбы.
Кийинки кездерде ал адамдардын көздөрүнө тик кароодон да айбыгып калган. Акырын кылтыйып карайт, адамдардан көзүн ала качат. Азыр да темселеп баратып бет алдында турган келинди түз карабай жалтайлап жол бошото берди.
- Ой, Жакып байкесизби? Кандайсыз?-деген тааныш үндөн селт эте түштү. Анын бет алдында кошунанын бир кездеги секелек кызы турган. Көздөрүнөн тааныды. Ушул көздөр жоодурап аны армияга узаткан. Ушул көздөр жоодурап жолдон тосчу... Бирок анда Жакып ал көздөргө анча маани берчү эмес. Азыр болсо ал көздөр бүт дүйнөсүн аңтарып дал чекеге таамай аткансып эсин оодарып турду.
- Оо, Саликасыңбы. .. деди куудураган эриндерин ######.
- Ооба, жүрүңүзчү бул жакка,-деп Жакыпты чыканактан сүйөй четкерээк алып чыккан Салика суроо үстүнөн суроо жаадырган деле жок. Кичине ал-жайды сураган соң, "Жакып байке, биздин үйгө жүрүңүз" деп маршруткага салып үйүнө алып кетти.
Ооба, кошунасы Салика Жакыптын кандай абалда калганын өгүнү айылга барганда угуп келген. Ушу, өзүнүн айылына келген сайын жүрөгүнүн теңин ээлеген Жакыпты бир көрүп кетүүгө куштар болчу. Алгачкы сезимин жандырган кошуна жигит анын сүйүүсүн теңине албаса да, анын элеси жүрөгүндө түбөлүккө сакталып калганына өзү да таң калчу. Айылга ушул барышта үй-жайынан ажырап, ичип, тентип кеткен Жакыптын азаптуу тагдырын угуп, ичинен өксүгөн. Кайда кетти болду экен? Аман-эсен болду бекен? -деп аны бир көрүүгө зар болуп жүргөндө өзү как маңдайынан чыга калып отурбайбы.
Кичи райондордун бириндеги өзүнүн бир бөлмөлүү квартирасына жеткиче экөөсү тең үн чыгарышкан жок. Эртеси таң заардан Жакыпка бир сыйра кийим-кече алганы базарга чыгып баратышканда подъездден кезиккен өзбек түспөлдөш аял аларды таңдана карады. Кечээ күнкү базардагы сендиректеген тентимишти кошунасы Салика колтуктап жоодурап келатат.
- Ай Салика, бул сенин кимиң эле? деп чыдабай зоңкулдап кое берди.
- Эже, бул менин өмүр бою күткөн адамым... -деген Салика Жакыпка ыктай бактылуу жылмайды.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Feijipiao   08 Ноябрь 2014 - 14:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

"Ак чыны"

- Мобу үйдү көрдүңбү?-деп Гүлнара мага кайрылды. Экөөбүз анын жаңы эле таап, жашап атышкан квартирасына баратканбыз. Суу жээктей кеткен токойдун четиндеги жаңы түшкөн көчөдө чын эле Гүлнара көрсөткөн эки кабаттуу үй башкалардан айырмаланып турган. Терезелери чоң-чоң болуп оюм-чийими менен алыстан эле көзгө тартылат. Тосмолонгон короо-жайы оо, итабар зор аянтты ээлейт, тим эле ат чабым. Ким болсо да бул үйдү сыртынан көрүп туруп эле "а, ичи толо дүнүйө болушу керек" деген ойго такалып өзүнчө суктанып өтмөк.
- Оу, укмуш үй го. Кандай бактылуу адамдар жашайт болду экен бул үйдө? Мынчалык чоң үйдү үй кылып караш дагы кыйынга турса керек. Кожейкесинин күчү жетпей үй кызматчыларын жумшайт болуш керек ээ…-деп быдылдай сүйлөп киргенимде Гүлнара менин сөзүмдү чорт кесип:
- Жок! Бул көчөдө мурда таежем жашачу. Мен бул жакты мурун эле билчүмүн. Бул үйдү салгандарды да тааныйм. Көрдүңбү,-деп Гүлнара алиги үйгө кеткен жалгыз аяк жолду көрсөттү. Үйгө кирип-чыккандар болбогондуктан, жалгыз аяк жолду тикен, чөптөр басып калыптыр. Үйдү коюу чөп каптап турганын эми гана көрдүм.
- А бул үйдөгүлөр каякка кетиптир…-деген суроо узаттым. Башкача сураганга оозум батпай турган.
***
- Менин угушумча,-деп баштады сөзүн Гүлнара.
Акыл жеринен тың чыкма болду. Мурда ал айдаган машине автобазаныкы болсо, кийин менчиктеп алып кетти. "ЗИЛ" машинеси менен барбаган жери калган жок. Жакынкы Казакстан менен алыскы Орусияны түрө кыдырды. Айылдан түтүнмө-түтүн кыдырып картошка, болгар калемпир, буурчак жыйнап кетет да, анан аны машинесине басып алып, алыска-алыска сапар алат. Бул жердеги тыйынга турган картөшкөң тээ Сургутка алып барганда тутам акча болоорун билет да.
Далай ирет сапар карытып этек-этек акча алып келген Акылга аялы Касиет да ыраазы. Абышкасын алда качан эле аркы дүйнөгө узаткан апасы дагы кудайына шүгүрчүлүк кылып жакасын карманат: "Ушу Акылымдын келечек-турмушу кандай болоор экен деп көп тынчсызданчу элем. Бирок, башка балдарыма караганда ушунум эстүү чыкты окшойт" деп айтып калчу кошуналарына. Ошондуктанбы, башка балдарыныкына барбай, бул уулунун колунда жүрчү.
Дал ушул токой четинен, суу жээгинен тандап туруп жер алып там салдырган. Бул чөлкөмдө алгачкы эки кабат үй ушулардыкы болду. Кантсе да эл-жер кыдырып жүрүп эчен архитектуралык курулуштарды көрүп калган да, үйүмдү "прибалтийский типте курдурдум" деп калчу өзүнө-өзү корстон болуп.
Уулу тим эле кудайдын эркеси болду. Эч нерседен кем болбой өскөн балдар ушинтип эрке-талтаң болуп калабы, айтор анын оозунан "кийем, ичем" дегенден башка эч нерсе чыкчу эмес. Атасы үйүнө таап келгенден башканы билбесе, апасы аны короткондон башканы билбесе, балдары кимден тарбия-таалим алмак эле. Болгону, акча табылат да, кайра бир нерсеге жумшалат деп түшүнчү.
…Шайы тасмадай болуп чубалган жолдо машинесин аркыратып келатты Акыл. Кайсыдыр бир ырдын кайрыгын улам созуп коет. Кантсе да, эчен күн рулда отуруп чарчап кеттиби, бүт денеси талыкшып чыкты бир маалда. Жанынан шуу-шуу өтүп аткан машинелердин үнү угулбай, алдында келе жаткан, кетип бараткан машинелер көзүнө илинип-илинбей кетип атканын баамдады. Мындайда ыңгайлуу жерге токтотуп, кичине куш уйку салып эс алып алган оң. Азыр ошентейин деп, бирок машине токтотууга оңтойлуу жер таба албай кете берди… Жабышкан кирпиктерин бардап-бардап ачууга аракеттенди. Антсе да, кулагы ың-жың, өзү эс-мас болуп уйку-соонун ортосунда баратып жолдун тиги жагына кантип чыга бергенин байкабай калды. Оор нерсе келип басып калганын бир билди.
Оор аварияга туш болгон Акыл эки бутунан тең ажырап, ушинтип майыптардын коляскасына отуруп калганына көп болду. Дагы да болсо өзү жыйнап-терген акчасынын күчү менен айыкты. "Чымындай жаның аман калганына шүгүрчүлүк кыл" деп ага кайрат айтышты. Алгач чыны менен эле чымын жаны аман калганына сүйүнгөн. Эмне, келишкен там-ташы бар, аялы, баласы бар, апасы да өз колунда, оокат-аш жетиштүү. Баары эле мурункудай улана берет деген.
Кантсе да, сырттан агылып кирип жаткан акча тып токтоп, Акыл чектелген майыптык пенсиясын гана алып калды. Улам үстүнө кошулуп турбаса, топтолгон байлыктын деле чети оюлуп, азайгандан- азайып кете берет экен. Касиет ушул нерсени байкагандан тартып мурдагы коймаарек мүнөзүн өзгөрттү. Башта күйөөсүнүн көзүнө карап, кареги менен тең айланчу болсо, эми көйнөк-көнчөгүн ооштуруп-ооштурбай, жууп-жуубай деле койчу болду. Акылдын тамак жесе жеп, жебесе, эрди кеберсип, карды ачып, арабасында шалдырап нас тартып уктаганы уктаган. Мурдагы деми өчүп, өзүнүн жаңы жашоосуна баш ийгендей момун тартты.
Эрке баласы да эми "келе" десе эле колуна акча тийбей, үйдөгү баалуу буюм-теримдерге көзү түшө баштаган. Эч ойлонбой туруп колуна илинген нерсени базарга алып чыгып баалап жиберчү болду. А бир жолу баласынын ушундай бир кылыгынан улам колундагы чай ичип отурган чынысы менен атып урган атасы:
- Мына сага! Оо бала болбой… Сенин…
Чыны чекесине шак тийип кан жая берген.
- Коо-куй өлтүрдү мобу!-деп Касиет баласын баса жыгылды. Ак чынынын сыныгы чекесиндеги этке сайыла түшүптүр.
- Чыдай тур, балам,-деп, баласын эптеп тынчытып отуруп ак чынынын сыныктарын бирден терди. Өзү фельдшер болгондуктан, йод-сод сыйпап, укол салып, башын ак даки менен таңып койду. Ошентип башын таңып жүргөн баласы бир жумадан кийин үйүнөн кетип калды. Кетип атканда жакшы калгыла дегенге да жараган жок. "Менден дагы буларга байлык керек, бир магнитафонду саттың деп мени өлтүрө жаздап коюшту" деген муштумдай таарынычты муз кылып жүрөгүнө түйө кетти. Такыр артына кайрылгыс болуп кетти. Шаарда тааныш балдар бар болчу өзүнө окшош. Алардын да тагдырын уккан. Алар дагы таарынычтын айынан талаалап калгандар. Ал жалгыз бекен, өлбөй эле күн көрүп жүрүшпөйбү баары… Ушинтип кете берген.
Башта дагы анча-мынча нерсеси билинбей келген болсо, ошол ак чыны баласынын чекесине тийип быркырап сынган күндөн тартып бул үйдүн ынтымак-ырыскысы биротоло кетти окшойт.
- Өзүңдүн минтип араба минип сокуюп отуруп калганың аз келгенсип, эми бүт баарыбызды бактысыз жанга айлантканы жатасыңбы, шоркелдей! -деп күйөөсүнө заарын чачты Касиет.
- Ай, муну сокуйтуп карап отурганда эмне,-деп теңтуш келиндер менен арак ичип алып, кечинде үйүнө ырдап келчү болду. -Күйүтүмдү ушинтип баспасам болбойт. Кичине болсо да нервденгеним азаят ушинтсем,-деп актанат өзүнө-өзү. А кайненеси качан эле кеткен, абышкасы экөө жашаган үйгө. Акылдын араба кучактап отурганы, келининин кээрдүү тили алда качан кемпирдин жүрөгүн барчалап тилип бүткөн. "Кой, көрбөйүн да, күйбөйүн. Өздөрү минтип отурушса, буларга ашка жүк, башка жүк болуп отурганым болбос" деген акылга токтоп, түйүнчөгүн түйүп айылдагы үйүнө кете берген.
Баласы кетип, энеси кетип, эми эрди-катын экөөсү тиктешип отуруп калышты. Колдорунан келсе, тим эле бири-бирин жарып таштагандан кайра тартпай, экөөндө тең жек көрүү сезими калкылдап чыга келди. Кудай сактасын, бир кезде ушул эки жан бири-бирисиз өлүп калчудай таттуу эле, өздөрүнүн жашоосун бири-бирисиз элестете алышчу эмес. Эми минтип айыгышкан душмандарга айланып отурушканын карасаң.
Бул күнү да Касиет түн жарымында темселеп мас болуп келди үйүнө. Жоолугу желкесине түшүп, чачтары апсаят, аны күтүп жарыкты өчүрбөй отурган күйөөсүн карап да койгон жок. "Ачсыңбы, токсуңбу" деген сөз айтылбай калганы качан. Эшиктен чалынып-чулунуп кирген аялын карап бирдеме дейин деп оозун таптап келаткан эрине ызырына кыйкырды.
- Үйгө кирсең эле баягы көрүнүш… макулуктай болуп бирөө отурганы отурган. Же өлүү, же тирүү эмес. Кудай мени мынча кыйнады? Жаш жаным кор болду го мобу эр сөрөйгө. Жалындаган азаматтардын бирөөсүнө тагдырым байланбаптыр го. Тфу мынчалык сасып кеткен үй?! Отурган ордуңда чычып-сийип сеники өттү го!
Өзүнөн-өзү кыйкырып-өкүрүп, колуна урунган нерсе менен Акылды уруп кирди.
- Баламдын башын жардың беле, азыр сенин башыңды жарбасам! -деп баласынын гантелин күйөөсүнө ыргытты. Жан деген кыйын белем. Арабасына эки бүктөлүп жата калды, оор темир далысына тийди. Оңбой калды. Кабыргасы өпкөсүнө кирип кеткендей болду. Дем ала албай онтоп жиберди. Эки колу менен башын калкалады.
- Ии, кандай экенсиң?! Менден коркот турбайсыңбы, хи-хи-хи…
Эми Касиет жыргап күлө баштады. Акылдын ансыз деле үмүт оту өчкөн көздөрүнүн коркунучтан чакчая түшкөнү мас немеге күлкүлүү көрүндү окшойт. Ичин тырмап тим эле эси оогончо күлдү, жердеги паласка оонап күлдү. Ошентип оонап жатып бир аздан соң "курр-кур" этип уктап кетти.
Дем тарта албай көкүрөгү катуу сайгылашып отурган Акылдын бул жашоого деген ныпым да кызыгуусу, үмүтү калбай калды. "Эгер менин жашоом ушундай боло турган болсо, түкүрдүм ушул жашооңо, тойдум жарыкчылыгыңа! " деп, полдо курулдап уктап жаткан Касиетти карай бир түкүрүп алып, ашканага арабасын жорголотту. Түз эле газплитага токтоду. Эч ойлонуп деле отурган жок. Балким Акыл бул ойго эбак эле бекиген болушу керек. Жедеп арыктап, сөөгү эле калган арбайган колдорун газплитанын бурагычтарына алып барды да, шарт-шарт бурап жиберди. Төрт көздүү газдын төртөөсүн тең ачты. Өзү кайра артка качкан деле жок. Газдын ачуу жыты мурдун өрдөп, башы кеңгиреп баратканда, бул турмуштун ачуу даамы мындан дагы кермек экендигин баамдады. "Ага караганда бул газдын жыты эч нерсе эмес экен…" деп ойлонуп баратып, ал ойдун аягына деле чыккан жок.
…Эки-үч күн өткөн соң, бул үйгө кирип-чыккан адам көзгө чалдыкпагандан чочулашкан кошуналары дарбазаны эптеп ачып, ашканадагы бошоп калган газ баллондорун, анан арабасынан ооп жыгылчудай тейде катып калган Акылды жана жерде көмкөрөсүнөн түшүп жаткан Касиетти көрүп жакаларын карманышты.
***
- Азыр бул үйдөн айланып өтүшөт. Туугандары, энеси да "койчу, өздөрүнө буюрбаган дүнүйөнү" деп, бул үйгө келбей, каттабай да коюшкан,-деп бүтүрдү сөзүн Гүлнара. Жана эле көзүмө заңгырап көрүнүп турган эки кабат үйдүн шаңы өчүп, көөдөнүмдү муздак сезим аралап кетти. "Аз да болсо буюрган дүнүйө опо экен го" деп, бул үйдөн узай бердик
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   aqua-94mema   11 Ноябрь 2014 - 02:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

ЖЕЛМОГУЗ

Бир окуяны эстесем, жүрөгүм шуу деп оозума тыгылат. Ошондо кантипжарылып кетпегенине азыр да таң калам. Иши кылып, кудай бир сактаган…Мындан көп жыл мурда Бейшембай деген агаларыбыз токол алды, Саткындосум экөөбүз тойго барып, тамаша көрүп, бозо ичип, колго суу куюп, табак тартыпжүрдүк. Той таркады, конокторду узаттык, конуп калгандар да болду.– Кызмат кылган балдарга бирдеме калдыбы? Берсеңчи, Мистикан! – деп,Бейшембай абам байбичесине буйурду.– Көрөңгүлүк эле калды, аны да бригады уул менен балдырак акеминбайбичесине ооз тийгизейин дедим эле…– Алып кел! – деп күрүлдөдү кызуу абабыз…Заматта жүктүн астынан томпойгон челек менен мелт-калт бозо чыга келди.Үч кеседен удаа-удаа тартып жибердик. Ал кезде эмне? Буюм эмес да! Мурун да2-3төн басып алдык эле, мунун бардыгы кошулганда баш тегеренип, үлпүлдөп үкөктүнүстүндө турган жалгыз лампа бирде эки болуп көрүнсө, бирде үч болуп көрүнөт.Уйкубуз келди, Саткын тырмап тешкен көздөнүп үңкүйүп араң эле отурат.– Ой, меймандарга короого төшөк салып берсеңчи! – деп абам акыркы буйругунберди да, Толтойчо басып жеңем отурган үйгө кирип кеттиАнын долдураган үнүн укканда, үргүлөп отурган Кусубалды молдокем башынкөтөрүп: – Э, кокуй, бу кайсы жер? – деп элеңдеп эки жагын каранып алды да, башыкайра шылк дей түштү. Кусубалды молдокем телегейи төп келген молдо эмес, бирок,шариятты кыйын билет. Анча-мынча ооруларды эмдеп-демдеп, тамырын кармап көрүп:«Ысык экен, суу ич», же болбосо: «Суук экен, жаш сорпо ич» – деп дарылай турган.Аялды кара басса андан арылтып, баланын жүрөгү түшсө тердеген, майланышкан экижоон бармагын оозуна тыгып, какатып, түшкөн жүрөгүн ордуна байлай салчу.Ал эми албарсты, шайтан, жез кемпир, арбак-сарбак жөнүндө билген булкишиден кыйын илимпоз жок болсо керек.Молдокемдин жанында жантайып жаткан борбойгон кара киши – Бөкөн мергендеген агабыз. Мергендиги жанда жок: «Майда-барат коен-поенду таш менен элеыргыта коюп алат экен»– деп укчубуз. Ширеңке толуп турса да оттук, шагыраган экитай туяк жана мизи майтарылган чоң шамшар бычак куруна байлануу. Төртөбүзкороого жайланыштык. Ушундай даңктуу адамдар менен жанаша жатканыбызгаСаткын экөөбүздүн төбөбүз көккө жеткенсиди. Бозого кызып алган Бөкөн абам далайгадейре бышылдап өтүгүн чече албай, бир өтүгүн араңдан зорго жулуп алды да жиникелип:– У, желмогуз! – деп чөптүн арасына ыргытты.– Желмогуз демекчи, сен аны көрдүң беле? – деп болдурап калды молдокем.– Жерге кирсин. Желмогузуң! Өзүң көрдүң беле, кандай неме болот экен?Бөкөн мерген кекете сүйлөдү.Молдокем жайбаракат гана:– Далайын өз колум менен кармагам.Бул сөздөрдү укканда биздин көздөрүбүз чайыттай ачылып, кызыгыпбаштарыбызды көтөрө калдык. Молдокем бир эки жөткүрүп алып, сөз баштады.– Ал кудай урган адегенде кенедей мыймылыңдаган күчүк болот. Былтыркелатсам алдыман баягы сенин кандегиңдей кара күчүк булт койду. Артынан чаптым.Жетейин- жетейин дегенде, күчүк тишин арсайтып мени бир карап алды да, чоң карадөбөткө айланды, эки кара канат пайда болду, жерден көтөрүлүп учту. Атым кошкурупбаспай койду. – Молдокем бир аз унчукпай калды.– Кийинки сүзгөн бозосу укмуш чыгыптыр, – деп уйкулуу күңгүрөндү. Бөкөнабамы бозонун күчү бир топ жерге жеткизип койсо керек – сөз деле уккан жери жок,шамшар бычагын айдын нуруна жалаңдатып, мизин бармагы менен кыртылдатыпжанып көрүп, башына жаздап жатып алды.– Өгүнү ошол желмогузга дагы жолукпадымбы. Аркы айылдан күүгүмдөаттандым, чоң арыкка жеткенде, бирдеме шырп дей түштү, карасам чөптүн түбүндөүлпүлдөгөн от көрүнөт, бастырып бардым… Карасам эле…Сөздүн эң кызык жерине келгенде Бөкөн мергендин коркураган коңуругуугулду. – А, кокуй, уйкуга кеткен тура! Бу кургур өтүгүн чечпей жатып шымын кантипчечкен? – Молдокем бул таң калгандыгын билдиргенден кийин өзү да кудукка түшүпкеткен немедей тырмтырс болду. Андан кийин үн алышып эки коңурук чыкты. Бирөө:«кырр- пүфф! кырр-пүф! – десе, экинчиси: «Айгырр-ий, айгыр-ий!»– дегенсийт.Коркунучтуу…Саткын экөөбүз үн жок, сөз жок кыса кучакташып жатып калдык. Уйку качты.Көзүмдү жумсам эле, молдокем айткан желмогуз алдыма келип аңырайып карап калат.Бир маалда Саткын да бышылдап уйкуга кирди, бозонун жыты: «бур-бур».Асманды карап жатам. Жыбыраган жылдыздардын арасында күлүмсүрөп айтурат, бирок күлүмсүрөшү кандайдыр суук жана ырайымсыз: анын бетинде тишинарсайткан бир балакеттин сүрөтү бар сыяктуу. Бир кезде апсайган чоң кара булут сүзүпкелип мөлтүрөгөн айды кучактап, арбайган колдору менен кап-кара бооруна кысты. Айжок болду. Келме келтирдим эле, ай сымаптай булт этип кара ниет мокочонункучагынан чыга качты. Кудайга тобо кылдым. Байкуш ай баягыда байкем калаадансатып келген батыноздой жаркырап, мага алкыш айткансыйт. Улам бир апсайганнемеси келип айды кучактап калат, келме келтирсем – кое берет, улам келет – улам коеберет.Ошол түнү дардайып уктап калсам далай кырсыкка учурап, айыбыздан даажырап калмак экенбиз. «Жылдыздар жылдыз эмес эле асмандын тешиктеритурбайбы» деген ойго келдим.Бир кезде чоң кара булут оозун арсайта ачып, айды жутканы келе жатыптыр,Саткынды ойготоюн дедим эле сол тараптан бир нерсе шырп дей түштү. Бөкөнабамдын өтүгүнө жан кирип жаткан экен дедим, бирок, бир аздан кийин «кар-карт»деген дабыш чыкты. Тура калдым. Дагы эле «карт-карт.. » Анан… анан… өөй, энеке!..анан баягы молдокем айткан желмогуздун эки канаты, арсайган тиштери көрүндү!Картылдатып азууларын кайрайт! Далайга дейре туттугуп, тилим байланып калды.– Саткын! Саткын! – ойгонбойт. Кытыгылап жатып араң ойготтум.– Эмне? – деди Саткын.– Өлдүк, желмогуз! ..Экөөлөп келме келтире баштадык, эриндерибиз жаңы сойгон койдун сулпэтиндей титирейт. Желмогуз болбой эле бизди көздөй келатат.– Кана, дагы бир сугунуп кой! – деди молдокем (түшүндө эт жеп жатса керек).Молдокемдин үнүн угуп биз кайраттана түштүк. Ал кишини ойготтук, Бөкөнмергендин канжары менен сырбараңы эсиме түшө калды.Шашкан бойдон:– Ой, абаке, туруңуз!– Желмогуз! .. Атыңыз… – деп жибериптирмин. – Кана, кана! – дешип экөө тең тура калышты. Көрсөттүк. Желмогуздунарсайган тиштерин, жалпаңдаган канаттарын көргөндө молдокем да, Бөкөн мерген датөшөктүн астына кире качышты, Саткын өңгүрөп ыйлап жиберди.– Бөкөн, ат! Атып сал! – деп күңкүлдөдү молдокем.Карасам, чунак киши башын тердиктин астына катып алып, «лаи-ла хиллаланы»согуп жаткан экен.Бөкөн мерген шарт-шарт мылтыгын октоду. Канжарын тиштеп алды. Күтүпжатабыз. Желмогуз көрүнөрү менен баң дедиртип басып калды, тиги каапыр шалак эледей түштү. Жым-жырт, молдокемдин гана эбиреп-жебиреп келме келтиргени угулат.Желмогуз дагы башын көтөрдү, шалпайган бир эле канаты калыптыр, баатырмерген дагы бир коюп калды да кыркырап-шыркырап ойрон болду.Айылдагы иттердин бардыгы абалап үрүп, чуу салышты.Эмне болду? Э, кокуй алат! – деп, Бейшенбай, аялдары, коноктор үйдөнчуркап чыгышты. Туш-туштан чогулган эл опурап-топурап төшөнчүнү тепсептамтыгын чыгарды, желмогуз жыгылган жакка эч ким бара албады.. Бөкөн мергендымы чыкпай калган желмогузду дагы эки жолу атты да, огу түгөнгөн соң, «кудай өзүңколдо» деп канжарын алып. аны көздөй ак дамбалчан, жалгыз өтүкчөн боортоктопжөнөдү. Чогулгандар: – Баатыр эмеспи, азыр жайлайт, – дешип, дем албай күтүптурушат. Бирок, иш башкача болуп чыкты. Бөкөн мерген жылып отуруп, жатардаыргытып жиберген өтүгүнө жетти. «Астапырылда» деп, анысын ала койду, тура калыпканжары менен карарып жаткан желмогузду уруп жиберди да, талтаңдап элди көздөйчуркады, көздөрү алайып чанагынан чыгып кетиптир. Мизи кайтарылган канжаржелмогузга былч этип сабы менен тийди окшойт.– Ууру! Ууру!..– Жок, молдокем желмогуз кармаптыр! – деген бакырыктар туш-туштаниттердин үндөрү менен кошулуп чыгат. Айылдын белдүү эркектери айры, союл,мылтык ала чуркашып, жардана желмогуз жаткан жерден тегеректеп калышты.Желмогуздун кырр эткен дабышы чыкты эле, кээси дүрбөп качты.Бир аял:– Кокуй, жолой көрбө, – деп күйөөсүн шымдан тартып жүрөт.Жерге жарык түшө баштады, тургандар куралдарын соройтуп уламдан-уламжелмогузга жакындай беришти.– Ой, бул эшек турбайбы! – деген кыйкырык чыкты.Тургандар дуу күлүп жиберишти.– Оо, кудай эшек боло калганын карасаң! – Молдокем майланышкан киржакасын кармады.Эл дагы күлдү.– Шүк, макулуктар, күлчү эмес! Шайтан эсебиңдерди табат! – Ал кара эшекболуп да калат, билбейсиңерби? Эл унчукпай калды, анткени мындай шумдукту эч кимибиз уккан эмеспиз. Ошолэле замат:– О-о-о-ой! Бейшенбай! О менин кара эшегим короодон көрүнбөйбү? – дегенҮркүмбай уйчунун үнү айылдын ары четинен угулду.– Шык… – деп койду Бейшенбай абам.Кээси оозун басып күлүп жүрөт, кээси «тобо» деп жакасын кармайт
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   aqua-94mema   11 Ноябрь 2014 - 02:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

АРБАК УРДУ

Силер 23 жашка чыкканда чачы купкуу болуп агарып кеткен адамды көрдүңөрбеле? Мен көргөм жана эмне себептен ошондой болуп калганын билем…Мурдагы жылы Пржевальск шаарынан Жыргалаңды көздөй жол тарттым.Күн бүркөк, бирок жаан-чачын болбосуна көзүм жетип турат. Салкын. Өзүңжаш болсоң, көтөргөн жүгүң жок, жолуң кыска болсо, жөө баскандан жыргалы барбы!Мемиреп, учу-кыйрына көз жетпеген алтын деңиздей толкуган аштыкты жиреген жолменен чегирткелердин ансамблин, асманда безеленген торгойлордун үнүн угуп, тереңойго чөмүлүп, шашпай жол жүрүп отурган кандай ыракат! Мындай учурлардакандайдыр бир назик, укмуштуу кыялдар жүрөгүңдү лакылдатып алга, жарыкка, күндүкөздөй, бийик, өтө бийик алып учкансыйт.Бир топ баскандан кийин суунун жээгине келип эс алууга токтодум. Кичинекейкөпүрөнүн жээгинде үңкүйүп бир адам олтурат, жанында кызыл таардан тигилгенкуржун, фляга жана пилотка жатат. Мен жакын барганда ал саймаланган чоң жүзаарчысы менен башын сүртүп койду, кыска, кубарган чачы ным – тердесе керек; меникылчайып караган да жок.Мен ал кишинин жанына колумдагы кичинекей чемоданды таштадым.Чөнтөктөрүмдүн баарын тинтип бир тал ширеңке таппай койдум.– Салоом алейкум, аксакал! Ширеңкеңиз бар бекен? – деп сурадымАлеки салам, бар, – ак чач киши күлүмсүрөп мени карады.Маңдайына караганда жыйырма бештеги жигиттей көрүндү, бирок, чачы!Чачы алтымыштагы чалдыкындай купкуу. Экөөбүз тамеки тартып сүйлөшөкеттик. Кыргыз баласы кайда гана жүрбөсүн, кандай шартта жолугушпасын, адегендебири- биринен: «Кайсы эл болосуң?» – деп сурашат эмеспи. Биздин таанышуубуз даошондой болду. Урук-туугандардын бардыгын сураштырып келгенде баягы эле «таяке-жээн» болуп чыктык.– Кечиресиз, урматтуу жээн, канчадасыз? – деп сурадым.– Жыйырма үчтөмүн! – жигит башын жерге салды.– Мен сизди артыңыздан көрүп алтымыш-жетимиштин ичинде го деп ойлодум.Ак чач жигит жылмайып койду.– Чачымды көргөндөр дайыма жаңылышат.– Оорудан ошондой болуп калдыбы, же?..Жигит сөзүмдү бөлдү:– Жок, оорудан эмес, башка бир окуя болгон…Мен абдан кызыгып калдым, анткени, мындай учурларда болгон окуянын ийне-жибине дейре билмейинче жаным тынбайт:– Аскерде жүргөндө бир балакет болгон го?– Жок. «арбак урган»! – дагы мурункусундай түшүнүксүз күлүмсүрөдү. – Арбак!?– Ооба, арбак…– Кандайча?– Жүрүңүз, басалы, – деди жигит, – узун жолду кыскарталы, кеп салып берейин.Имаш (ак чач жигиттин аты ушундай экен) үч жыл аскерде жүрүп, айлына келсе,карыган атасы Белек катуу ооруп төшөктө жатыптыр.– Балам, аман келдиңби? Сени көрбөй, арманда кетет экемин дедим эле. Көроозунда турганда Имашымды көрсөттү! – деди кары каргылдаган үн менен. Киртейген,кирпиги күбүлгөн эки көзүнөн мончоктой жаш тоголонуп бырышкан бетин жууп,күмүш сакалынан жылтырады. Ошол түнү таңга жуук бул дүйнө менен түбөлүккөкоштошту. Туш-туштан эл чогулуп, эркектер көздөрүнөн жаш чыкпаса да өкүрүп,аялдар заңылдап кошуп, айылдын ичи ызы-чуу болду.Имаштын энеси ыйдан үнү бүтүп, эси ооп жатып калды. Ысык чайга боорсокчылап берип жатышат, бирок байкуш аялдын жүрөгүнө тамак кайдан барсын.Мындай чоң кайгыга кабыларын күтпөгөн Имаш жашын төгүп, эмне кыларынбилбей, ары-бери басып мындай сөздү укту:– Белектин зайыбы бетин тыттыбы?– Жок, – деп жооп берди, сураган кемпирге жашыраак келин.– Ал эмнеси? Обу жок! Белектин баркы жок бекен? Тыттыргыла! – деди чүкөдөйболгон кемпир.Муну уккан ИмашАндайыңарды койгула! – деди.– Бул ата-бабадан калган салт! Далдайып ары-бери баспай, таяк алыпөкүрбөйсүң атаңа! Же энең экөөң асмандан түшө калдыңарбы? – Туш-туштан аялдартоптошуп: «Карынын сөзүн капка сал», «Өз салтыңан баш тартпа» деген керексизсөздөрдү айтышты.– Жок, жок энемди аягыла! – деп Имаш болбой койду.– Эмки балдар салт дегенди билбейт. Атаңдын арбагы урат! – деп зиркилдедиАалыкан байбиче…Бул иш айыл ичинде бир кап сөз болду.Кеп ошол эле өкүргөндө бекен, бетин тытканда бекен? Булардын бардыгы эскидоордун калдыктары эмеспи. Кантип эле түбөлүк жашаган зайыбы, өз баласы күйбөйкойсун, күйөт дегилечи, бирок, аларга кайрат айтып, соороткондун ордуна жанагыдайкыл дегендери, кансыраган жарага туз сепкендей эмеспи. Ошону үчүн Имаш аялдардынтилин алган жок.Бир нече жумадан кийин Имаш атасына кичинекей эстелик салып, бак тигип,жанына жыгачтан орундук жасап койду.«Эртең ашы» деген күнү, кызматтан кийин атасынын мүрзөсүнө гүл койду да,жыгач орундукка олтуруп, терең ойлорго чөмүлдү. Атасынын эркелеткендери, экөөлөпчөп чапкандары, кечинде шашпай эски комузун чертип отуруп айткан насааттары көзалдына келип жашын кылгыртты. «Белек ыраматылыктын уулу атасынын мүрзөсүнөбарып куран окубай эле кетип калат экен. Арбагын ыраазы кылбайт экен… Арбактынкаргышы жаман болчу эле» деген айыл ичиндеги сөздөр да эсине түштү.– Айта беришет да! – деп койду жигит. Жылдыздар жымыңдап, түн да кирипкетти. Анда-санда ыраак жерден күндүн күркүрөгөнү билинер-билинбес угулуп,чагылган тоолордун чокуларын жарк эткизип коет.– Кош, атаке, жакшы жат!Имаш бул сөзүн айтып, ордунан туруп кетейин дегенде этегинен бирөө тартыпкалды. Жигиттин жүрөгү шуу деп артын карады, бирок эч ким жок. Дагы басайын дедиэле, этекти баягыдан да катуу тартты. Имаш кайра отурду.Эч ким жок, тымтырс. «Арбак» деген сөз кулагына шак дей түштү. Жүрөгүоозуна тыгылып, мойнунан кара тер шорголоду. Кетейин деп кыймылдаса эле этектеналат, бирок, кыбыр эткен жан жок. Дүмүрөйгөн мололордун бардыгы «арбак урду,арбак урду» дешип шыбырашкансыйт. Апсайган кара булуттар майда-чүйдө жылдыздыжутуп так төбөгө келип салаңдап калды. Замбирек атылгандай калдыр-күлдүрбашталды, чагылган жарк эткенде мололордун түбүнөн эрбеңдеп көлөкөлөр качып,бүткүл айлана кыймылга келгенсийт. Арбак…арбак…арбак…«Бул эмнеси? Же элдин айтканы чынбы? Мындай укмуштар жер үстүндө жокдечү эмес белем… Ким? Ким мени тартып турат? Арбак? Бул чын экен го. Менинкүнөөм барбы? Жок… Жок… Мүмкүн эмес»… Кетейин деп жулунат, бирок, кетеалбайт. Айласы кеткенде:– Ата, атаке, кечир, атаке, кагылайын… атадан калган салтты эч качан бузбайм,карынын сөзүн капка салам, кечир! – деп жалынды. Туш-туштан «атаке, кечир» дептомсоргон мүрзөлөрдүн арасынан да үндөр угулгансыйт. Асманда замбиректер дүңкүлдөйт, чагылган жарк-журк этет, этегин бирөөтиштеп алгандай кое бербейт. Жаш, тер аралашкан жаан мойнунан, бетинен шорголойберди. «Атаке, кечир, кагылайын, атаке, кечир»… Ошентип бир саат турду, эки сааттурду, үч саат турду, көзүнө укмуштуу-укмуштуу нерселер көрүнө баштады, кыйкырсаүнү чыкпайт, өз үнүн өзү тааныбайт, бирөө кулак түпкө балка менен тыкылдатып урупжаткандай… андан кийин дагы канча саат турганы, эмне болгонун билбейт.Эртең менен бадачылар мүрзөнүн арасында өлүктөй купкуу болуп жатканадамды көрүшөт. Көтөрүп кургагыраак жерге жаткызалы дешет, бирок, шинелининэтеги кое бербейт, караса жыгачка каккан мыкка илинип калыптыр. Бадачылар Имаштыдалайга дейре таанышкан жок, анткени, анын кундуздай капкара чачы бир түндүничинде аппак болуп кетиптир.– Мына ошондон бери жыйырма үчтөгү куу чач болуп калдым. Жанагыдайарбак- сарбактар дүйнөдө жок экенин билсең да, кээде коркуп кетет турбайбы адамдеген, – деп сөзүн бүтүрдү ак чач жигит.– Эми чын эле «арбак урду» деп жүрөсүңбү?– Кайдан! Арбак эмес эле скамейканын мыгы уруп жүрбөйбү! – деди да жымыңэтип күлүп койду, мен да күлдүм.– Мүрзөлөрдүн арасынан чыккан «дабыштарыңчы»? – Хэ-хэ-хэ… «Коркконго кош көрүнөт» деген ошо да. Бул окуяныайылдагыларга айткан жокмун. Өзүңүз билесиз, азырынча эл арасында жанагыдайнерселерге ишенгендер жок эмес. Артыкча Аалыкан энем укса сөзсүз: «Мына арбакэтектен алыптыр»– дейт эмеспи, жигит дагы күлдү.Жыргалаңдын көпүрөсүнө жеттик, коштошуп, ал Сары– Көл жакка, мен Тепкеникөздөй жол тарттык.1958-ж.
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   aqua-94mema   14 Ноябрь 2014 - 00:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

НИКЕСИЗ ҮЙ-БҮЛӨЖаралгандан аял — улуттун, журттун энеси. Андай болгон соң «ойдон бируйдун мүйүзү сынса, тоодо миң уйдун мүйүзү зыркырайт» болуп, ойдо жок туруптытышкан же бүлөөдөн ажырап калган азыркы асылзат айымдар жөнүндө жүрөкканатпай сүйлөөгө мүмкүн эмес. «Кары да бол жаш да бол, кадырлашкын тирүүңдө,калаар бир күн алтын баш, казылган көрдүн түбүндө» деп эл бекер ырдап жүрүптүрбү. «Күйгөн катын кошокчу» дегендей, бул маселе боюнча «акырын айтсаң алсыз дейт,айтпай койсоң арсыз дейт». «Жамандык бир күндө, жакшылык миң күндө» эмеспи.Кыргызстанда никесиз жашоо тенденциясы акырындап, стихиялуу башталды. Бултуурабы же туура эмеспи? Салтты, традицияны, наркты тепсеген бул эмне деген жаманжорук? Нике коомго керекпи? Албетте, керек, мамлекеттин пайдубалы, эң чоң түркүгү-туруктуу үй бүлө. Үй бүлө бекем болбой өлкө эч качан бекем, туруктуу болбойт.Анткени, «улут - башка бир нерсе эмес, ал — чоң үй-бүлө...». Нике салтына,мыйзамына байланышкан солк этпес миңдеген милдет, жоопкерчилик, укук, адеп,каада, традиция принциптери бар эмеспи.Аял кор болгон, баркталбаган жерде эч нерсе баркталбайт. «Эстүү адамэсирбейт» дечи, бирок, бирин-серин салтты бузган бузукулук, шерменде жашоо өкүмсүргөнү коомго терс таасирин тийгизүүдө. Кээ бир көпкөндөр «жамандын бир өнөрүартык» дегендей, атаандашып никесиз жашоого атайылап өткөндөр, аны мененсыймыктангандар бар. Дагы уялбай «баягы эле катының менен жашап атасыңбы?» депкесирленип кесепеттүү сөздөрдү айтышат экен. «Салтты ата наркын билбеген уулбузат». Никесиз үйбүлө (муну илимде консенсуальный союз деп тергешет) коомдутуруксуздандырып үй-бүлөлүк ачык жалапчылыктын калыптанышына шарт түзүүдө.Анткени, алардын күнүмдүк биргелешип өз ыракаты үчүн жашаганы болбосо милдетжок, жасалган кылымыштай эч нерсеге үрп-адат боюнча укуксуз. Ошондо, никесизбүлөөдө төрөлгөн балдардын коомдогу салттык жана адептик орду кандай болот?Юридикалык жагынан кимдин фамилиясын алат же энесинде кала береби? «Кыз»менен «баланын» ата-энелери мындай никесиз бүлөөчүлүккө кандай карайт? А кооммындай салт бузган никесиз үйбүлөнү жектейби же колдойбу? Бул ойношчулуктун
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   aqua-94mema   14 Ноябрь 2014 - 00:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

жарым ачыкка чыккан формасыбы же... Эмнеге мыйзамчылар бул проблеманыкөрмөксөнгө салууда? Же «аягы суюк кайын эне келинин тыят» болбойлу болуудабы?Катуу закондоштурулган нике контракттыны бекемдөөнү мыйзамдаштырсакмамлекет никеге кепил болот. Антпесе азыр исламга жамынгандар КыргызКонституциясын дискредитациялап, жокко чыгарып кылмышка барууда. Ошондуктанзаконсуз исламды ооздуктап, ага мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү зарыл.Ачык айталы, азыр колунда бар айрым дөөлөттүү-сөөлөттүү делген, башынантуруксуз 40-60 жаштын ортосундагы кишилер мурунку бүлөөсү менен закондууажырашпай туруп, кийинкисине никеге турбай, диний нике кыйдырымыш этип же жөнэле жашырын экинчи бүлөө күтүүдө. Мамлекетте диний нике кыю официалдуу депэсептелбейт, бул көңүл жубаткан эски традиция. «Эки эчкиң болсо, үйүң толо быштак,эки аялың болсо, үйүң толо мушташ» дегендей, кээде анысы билинип калып чоңжаңжал чыгып, «калп айткан бир сөздөн, адамдын көөнү жыртылат» (М. Жакыпов) же«уруу тойгончо жеп, өлөөрчө карганат» болуп бир сыйра элге абийирин төгүп дилизилдеп, көңүлдөрү кирдеп жедеп бет карашпай калганда официалдуу үйбүлөсү менензакондуу ажырашпай туруп эле мамилесин үзүп, жылып чыга беришет, эстүүсүбалдарына каралашып камсыз кылса, эси жогу «кыз боосуп алып энесин коркутат»болуп өз балдарын өгөйсүнтүп, такыр эле каттабай аларды томсортуп таштагандар бар.Башка башка, балдарды эмне жазык?! «Эрди кудай урарда, элүүсүндө жаш болот»эмеспи. Айтмакчы, чириген элитадагылардын никесиз үйбүлө күткөндөрүнүнкөпчүлүгү 50 жаштын ар жак, бер жагындагылар. Тизмесин айтып итиркейлеринкелтирбей эле койоюн.«Жаман адам көпкөндө, жакшыны көзгө илбеген» шум заман болбодубу. Билиптуруп законду көздөрүнө илбегендери канча? Мындай учурда сотко берүүжоопкерчилигин аялдар өз колуна албаса, алардын бетин ачпаса коом быкшыйбермекчи. «Чечилишип сырдашсаң көкүрөктөн муң кетер» (Токтогул) дегендей, булмаселе коомчулуктун көңүлүн бурууга тийиш го. «Тирүүлүктүн көркү сый». «Аялыңдыжек көрүп жамандыкты ырбатпа» дешет эл. Бул эмне деген сөз? Бүгүн таасири барбы?«Бир күн уруш болгон үйдөн кырк күн береке кетер». Албетте, «жаман адам кетседүйнө кеңип калгандай сезилет, жакшы адам кетсе дүйнө кемип калгандай сезилет»эмеспи. «Кайгыга өңү азбаган, кайраттуулуктун белгиси» болгон менен көңүл оорулууболуп, санаа тартып капшытың эңшерилгени өкүнүч эмей эмне?! Башканы ойлобой,өмүр бою өлөк-жөлөк болот деп аздектеп, сүйгөн, коргогон, кордук да көргөн, ошентседагы ыйык туткан азаптуу асыл жарды жаш көтөрүлүп, токтолуп калганда бирөөгөтарттырып ийүү-тирүүлөй тозок, намыс. Бирок, мындай ишке кабылсаң «ушак ууданжаман». «Энеден кийин төркүн жок, эрден кийин сый жок». Ариет, бул чындык.«Береке ургаачынын пейилинде» дешет, бирок, сүйүүгө келгенде (сөз ырылдап эптепжашаган эрди-катын жөнүндө эмес, сүйүшкөндөрдө) дос же элдешкис душман ганаболосуң. Эл «суу көрбөгөн какырдан түңүл, эр көрбөгөн катындан түңүл» же«нахальство – второе счастье» дегендей, бүлөөнү бузганга маш, жаланып-жуктанганмүнөзү жеңил, эчак катын болгон карадалы шайкелең кыздар, аягы суюк жубандар азэмес. Акын Гүлжамила айткандай: «Чыйрыгып турган сандарды, жылытып алаар жанбарбы?» деп бирөөнүн убалынан коркпогондор бай же бийликтеги колунан келгенэркектердин убактылуу болсо да убайын, жыргалын көрөйүн дешет. Чиркин «тең теңименен тезек кабы менен болгонго» не жетсин. «Айнурун кармап минсе да, бакыткатойбойт адамзат» (Бухар) деп бекер айтпаптыр го. Бу эл сөзүнө эрөөн жок экен,«сулууну кучактаган кубанат» дегенин карабайсыңбы. «Сүйүктүү болом десең сүй» депкыйнайт. Бирок, баары бир «армандын эң зору бул жашоодо өз теңин таппайкалгандарга таандык» (А. Аксы). Никедеги мамилени элдик даанышмандар минтиптастыктайт: «Жаман болсо алганың
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   aqua-94mema   14 Ноябрь 2014 - 00:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Жаныңа жабыр салганың.Жабыркайсың айыкпай,Ичиңде болуп арманың» же«Эт жебеген куш болбойт,эки жакшы туш болбойт.Эки жакшы туш болсоЖаман кара иш болбойт» (Калыгул) эмеспи.Эки жакшы чанда го чиркин.Бүлөөдө ажырашуулардын көп болгондугу мамлекетти кооптондурууда. Никедеградациясы активдешүүдө. Анткени, 1979-жылы 2,4% эркек, 5,0% аял ажырашса,1990- жылдагы биринчи улуттук эл каттоодо республикада никеге жашы жеткенаялдардын 7,9% и бүлөөсү менен ажырашыптыр (ал эми 3,9% эркектер ажырашкан) б.а. 53035 аял ажырашкан. 1999-ж. боюнча жалпы 866979 эркек, 865277 аял никедетурушат экен, ал эми 472770 эркек, 336660 аял никеге эч качан турбаптыр. 70062 эркек,73028 аял жашырын же ачык жубай болуп жашаса дагы никеге такыр турушкан эмес.Баардыгы 0,1% эркек, 0,2% аял 50 жаштан өткөнчө эч качан никеге турган эмесдегенди эл каттоо ачыкка чыгарды. Буларды башы бош ойноштор, жалаптар, олжокатындар, токол-тоос, тирүүлөй жесир болгондор, нике жүрбөгөн майыптар,оорулуулар же айрымдары бейнике үйбүлө кургандар деп болжолдоого болот.Жапондор, гейшалыктын түбү жакшылыкка алып келбесин, менталитетке доокетирип улутту талкалаарын, үйбүлөнү кадырлабоону күчөтөөрүн билип мамлекеттарабынан катуу тыю салынып жазага алган. «Жамандыкты чын дитинен жек көргөнадам гана жакшылыктын кадырына жете алат» (Шиллер). Алар жалапчылыккакараганда туруктуу салтын сактап, үйбүлө намысын коргоп калышты. Нарксыздыккачек коюп үйбүлө жоопкерчилигин көтөрдү. Түбүң түшкөн дүнүйө, бапырап көп келбейыйбаа кылган таза пендедей жакшылык, тазалануу бириндеп жалгыз, сейрек, сыңарыкелгени менен түбөлүк көңүлдө азделет тура. «Адам бузулса, аалам бузулат», «бузукадамга түзүк адам кас көрүнөт», «көпккөн сөккөндү билет» дейт эл. Анысы кандай,далай «байкуштардын ичинде — эригис кайгы музу бар» болуп көкүрөгү кирдеп турат.«Колдо бар алтындын баркы жок» кылган адепсиз, көпкөн, көйрөң дүнүйө ай... Ушулжерден турмуштун дагы бир чындыгын эске алган жөндүр:«Эр жатпаган катынга,Эндик менен упаныЭпсиз сүйкөп не пайда?Айчүрөктөй туубастанЭркек тапкан күң озот,Алда нечен байыңданАкыл тапкан кул озот» (Мойт аке) дейт.Кыз өзү жар катары эркекти тандап алган Индия баарыбызга тиешелүү болбогонсоң, бая элде «уул сүйсө — алат, кыз сүйсө — калат» деген эзелки чындык бар.«Карадалы — эр тандабайт» десе дагы турмушка чыкпай калуунун жүйөөлүү, жүйөөсүзсебеби арбындыр, бирок, ал обу жоктор же атайын көкүткөндөй айтып жүргөндөйжалаң эркек аялдарга жетпей калгандан эмес.«Түгөйсүз жашоо — түгөнбөс арман, түгөйсүз өмүр — түбү жок жалган» (К.Оторбаев) эмеспи? «Токол» болгондордун баарын айлакер, куу такым, бузулган дешбир ыңгай туура эместир, арасында «ар кимде бар бир кыял, ал кыялды ким тыяр»демекчи, жаштыгынан, тажрыйбастыгынан катынпоздорго алданып, дүйнөгөазгырылып калгандары, социалдык абалы начардыгынан айласыз ошого баргандар,
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   aqua-94mema   14 Ноябрь 2014 - 00:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

бактысын таптым дегендер да бар. «Тоо токол болоор, токол байбиче болоор»
дегендей, арасында өзүнчө дөөлөт күткөнү канча. Аларды кенен айтканга шарт жок.
Дүнүйөкорлук адамдын чоң кедергиси, ал таза сезимди жокко чыгарып
мамилеге тоскоолдук кылат. Бир чети «кунаажын көзүн сүзбөсө — бука жибин үзөбү»
деген дагы накыл турмуштун бир чындыгыдыр. «Козусунда сүткө тойбогон,
токтусунда түрткөнүн койбойт» дегендей, көрүнгөн менен көп жүрүп же эрсиз жүрүп
токол болгондор кийин деле бир ыңгайы келгенде шайкеш келбеген күйөөсүнүн көзүнө
чөп салып, түркүн түс амал менен жашаарын турмуш көрсөтүүдө. «Айлалуу күйөө
пайдалуу зайыпка үйлөнөт» болгондор канча. XVII кылымдагы бир немец акыны:
«улут жок болоорунда уят-сыйытын сата баштайт» дегени чын окшойт деп чыйпыйым
чыгат, анткени, адамзаттын эң ыйык деген жан жаратуучу жатыны сатылып аткандан
кийин тогус толгонбоско арга жок.
«Бир кол менен эки жумуш бүтөбү? Эки аялга жалгыз жүрөк түтөбү? (Жами)
дегендей, «Ынтымак жок үйдө, ырыс жок». «Аалам жаңжалынан аял жаңжалы күчтүү».
Нравалык жагынан бузулуп бараткан оорулуу коомго так диогнос коюп,
айыксын деп жаратын сыйрып «дарысын» ачык сунуш кылсам «кылгылыкты кылып,
кыл жип менен буугандар», көпкөндөрдүн көбү жактырышпайт. А түгүл менден кордук
көргөндөй улутунуп ызалангансыгандар да болгондугуна таң калгам. «Айткандын оозу
жаман, ыйлагандын көзү жаман» тура мындайда. Көрсө «өңдү көрсө жүз тайды» болгон
эл көзүнчө маданиятуусунганы менен түбү никесиз жашоону жактыргандар, ага
тымызын жан тарткандар, кыябын келтирип турмушунда колдоно албай ичинен
тынгандар кыйла экен. «Жаман адам жолдошун карытаар» дегендей, «киш жакалуу бий
экен, кылыгын көрсөң ит экендер» ушулар да. Анан «өзүнүн жамандыгын билбей
көпчүлүк эркектер аялынын жакшы болушун талап кылышат» (А. Н. Толстой). Баары
бир «өткөн өмүр табылбайт, ачылган абийир жабылбайт» (Ж. Рескин).
«Жаманга дөөлөт келгенде,
Көтөрө албай мас болот.
Күнүгө жаңжал чыгарып
Катыны менен кас болот
Пайдалуу иши аз болот» (Жеңижок) деп улуу төкмө андайларды таамай
айтыптыр. Чындыгында айрымдар «жетесинде болбосо, жетелесе жетилбейт» тура.
Дегинкиси байыртадан көп адамдардын көңүл оорусунан, көкүрөк кайгысынан
жаралып жан сактаткан көп аял алуучулук же 1946-ж. чейин (социализмге чейин)
Югославияда официалдуу көп күйөөгө тийүүгө уруксат берилген эреже адам укугу
мыйзамда баарынан жогору турган өлкөдө мыйзамсыз, анын зарылчылыгы жок. «Тең
жүргөндү теңирим жалгаптыр» дейт, ушундан өтөөрү жок. Ашыкча кетүү айыпталууга
тийиш, бекер жүйөө издеп убаралануунун кереги жоктур. Анткени, илгертеден эле
«күнүнүн күлү — жоо».
«... Опосуз сезим — айбандык сезим, ал адамды ойрон кылат» (В. Г. Белинский).
Дал ушул эркектердин опосуз сезимине чек коюп, ачык эле тыю керек! Мындай аял —
эркектин эч нерсени ылгабаган жүрөнөөктүгүнөн, аягы суюктугунан нравалык кылмыш
күчөп Бишкекте эле жугуштуу жыныс ооруну көп эсеге өстүрдү деп медиктер жүрөгү
түшүүдө. Дагы качанкыга чейин чирийбиз? Генефонд талкаланып бүткөнчөбү? !
«Жүгүрүк эрде жүз жок».
Ошондуктан, бейникеликке, жалапчылыкка юридикалык ачык тыю салып, жаза
колдонгон мыйзам чыгаруу, аны көзөмөлдөө сөзсүз керек. Үйбүлөнү чыңдоо,
бекемдөө, ага өзгөчө маани берип коргоо, анын кадырын коомдо көтөрүү ушул азыр
өтө зарыл. Үй-бүлөлүк контракт түзүү законун кабыл алуу бышып жетилгендей,
антпесе азыр эч нерсеге кепилдик жок
Карыса да эрине жаш көрүнгөн аял — бу дүйнөдө колунан мээр төгүлгөн аял»(Фирдоуси) экенине ишенесиң. 40-60 жаштагы аялдар толуп-ташып, бардык жагынанактивдүү жашай турган учуру. Алар климакс учурунда дагы аябай кыйналыпачууланып, капаланып жүргөн учурда эринин бирге жашашы өтө зор мааниге ээ депдарыгерлер кеңешин үзбөй айтып келатышат. «Жандай көргөн жарың чанса эмне экен?Жазмыштын бу да буйругу» (М. Алиев) деп мындай учурда отурчу кез эмес. Зайыпбиринчиден баланын энеси, коломтонун ээси, үйдүн куту болгондуктан канчалыккеңпейил, кечиримдүү, чыдамдуу боолуп эринин жаман адаттарын таштатууга, көбүнбилмексенге салып ынтымак түзгөнгө, кечиргенге барганы менен, эсине келбей үйдөнбиротоло чыгып кеткен эркектин кылыгын кандай баалайбыз? Дал ушунун өзүакыйкатпы? Же үйүн таштап никесиз бүлө күткөндөрдүн баары эле жалындагансүйүүгө кабылгандарбы? Мүмкүн көбү жөн эле эркектик жыргалчылыкты көздөгөнакмакчылык, адамга кесир кылуу болуп жүрбөсүн? Албетте, арасында айрым эринежакшылык көрсөтпөгөн, кыялы терс аялдарынын запкысын көргөндөр бар, бирок,баары ошондой деш ыйманга камчы чапкандык болоор. «Жакшы эрге жайсыз аял тушболот» же «Жакшы көрсөң жарыңды, бергиң келет жаныңды» болгондор арбын. Ондутөрөсө да «эркек уулум жок» деп саат сайын буй кылган, кыз төрөгөн үчүн аялынкоркок- билиш кылгандар дагы бар эмеспи. Бул бир шылтоо дечи, же болгон түшүнүкдеңгээли ошолдур. «Жемекор ата жек көрүндү болот». «Эрден багы ачылбаган аял,эшекке токулган аргымак ээрдей» дейт чыгыш эли. Жаныңда турмуштун ысык-суугунөзүңдүй туйган, кыйышпас жан күйөөрүң, түркүгүң болбосо а-бу деп чычалап, сырбербеген менен бири кем дүйнө да. Асылын коргоп, ардактап, көздөп алаар мыктысыболбосо ким көрүнгөн кир колу менен кармалап, баркын кетирет тура. Асылзаттынарбынынын асыл теңи жок, таалайы тайкы болгонунун себеби эмнеде? Ошентсе дагыэрди катындын ортосунда чын ыкластан, табигый түшүнүктөн түшүнүү, жамандыкжакшылыкта кол үзбөйбүз деп бирин-бири колдоо, кадырлашуу, «карыганда берсиндөөлөттү» деп асылданып асыл жар болуу аз өмүрдө өтө зарыл го? Өтө зарыл! Эңсүйүктүү- сүйгөн жар эмеспи, ушуга маани бербей көр оокат үчүн тытышып, болоорболбос нерсе үчүн кермур айтышып көңүл калтырып, далай өмүр, аз ырахат, көпкордук менен өтүп атканы өкүнүчтүү... Сыягы, адам ниетин, пейилин оңдоп, абийиркүтпөсө тазалануу болоору күмөн го...«Аял менен айтышкан эрдин аброю кетет», «аялга – мактоо, аргымакка –таптоо», «аялы аңдыгычтын, эри каңгыгыч», «аялың ажаан болсо алыстайсың», «бойдок катын – ойноок катын», «жубайы ажылдак жубун кажылдак кылат»,«кагынчаак кайыненеге багынчаак келин чыкпайт», «катын урган эрдин касиетикачат», «катындын кара жини кармаса кайтпайт, каткан сырын айтпайт», «эмчектүү аялүмүттүү, эрсиз аял күйүттүү», «эркектин жаманы – зайыпаана, аялдын жакшысы –жайкама», «эр – чачат, аял – катат», «эри – ыркырак, катыны – чыркырак» деген элдикнакылдар жубайлык жашоо өтө татаал, катаал экенин тастыктайт. «Ырыс алдыынтымактан» өткөн чындык жок
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   aqua-94mema   26 Декабрь 2014 - 17:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

МЕНИН ЭНЕМ КИМ?

Көчөдөн кезигишип калганда
саламдашып жүргөн Үсөндүн
мезгилсиз дүйнөдөн
кайтканын угуп‚ үйүнө
бардым.
- Уулум‚ кагылайын уулум ‚ жаш элең‚ өмүрүң кыска
беле? – деп үстүнө жыгылып
ыйлап жаткан аялды көрдүм.
«Бул ким? Кайсы энеси?».
Үсөндүн балдар үйүнөн
тарбыяланганын уктум эле. Келинчеги да башка улуттан
эмеспи.
Арадан бир топ күндөр өттү.
Бирок кулагымдан баягы
аялдын үнү‚ буурчактап
аккан көз жашы кетпеди. Үсөндүн үйүнө бардым. Анын
экиге чыккан жалгыз кызы
бар эле. Үйбүлөсүнө көңүл
айтып‚ ошондогу балам деп
ыйлап жаткан аялдын
адресин алдым. Колумдагы адрес менен түз эле мен үчүн
чоочун квартиранын эшигине
келип‚ коңгуроосун бастым.
Эшик ачылганда
маңдайымда ошондогу аял
турду. - Апа‚ кечиресиз. Мүмкүн
болсо сиз менен… деп
сөзүмдүн аягына чыга электе:
- Кир‚ айланайын. Үйгө кирип
айт‚ — деди. Мен үйгө
кирдим. Ал киши экөөбүз маңдайлаш коюлган стулда
отурдук.
- Апа‚ айып көрбөсөңүз
көптөн бери көңүлүмдөн
кетпей жүргөн суроом бар.
Cурап кайтууга уруксат этсеңиз экен?
Ал бир аз оңтойсуздана
түшүп‚ анан:
- Кандай суроо? Эгер мен
билген иш болсо мейли‚ —
деди да мени бир карап алды. Аны күттүрбөй
сөзүмдү узаттым. Үнүм
каргылдана чыгып жатты.
- Апа‚ Үсөн менен жашым
курдаш. Алыш-беришибиз
болбогону менен мамилебиз түз эле. Маркумду узатып
жатканда сиздин көз
жашыңыз, боздогон үнүңүз
кулагымдан кетпеди. Үсөндүн
сизге ким болорун билгим
келип алдыңызда олтурам. Апа мостоё түштү. Анын
кыялы алыска кеткени
кыймылсыз көзүнөн
байкалып турду. Жаанда
терезенин айнегинен
жылмышып түшүп жаткан тамчы суудай болуп‚ толмоч
ак жүзүнөн ылдый жылып
бараткан жашты көрө аны
аяп кеттим.
- Балам ай‚ жүрөк жаратын
кайра козгодуң ээ? – деди өңү кубарып‚ — Үсөн сөөгүмдү
жарып‚ кардымдан
чыкпаганы менен көз
жашымдан бүтүп
‚ сезимимден жаралган бала
эле. Мен аны эки төрөп‚ эки жоготтум. Баламдын каткан
көкүрөк чери жаңы жибип
калганда арабыздан кетти.
Турмуш ушундай экен. Менин
энелик мээримимди өзү
жаратып‚ өзү ала кетти. Балдарымдын саны бирге
азайды.
Апа унчукпай мени бир азга
тиктеп турду да:
- Ый кубалап келгенден
кийин ойлогон максатың бардыр. Кантейин‚ эгер
Үсөнүм тирүү болсо‚ бул сыр
ачылбас эле.
- Апа‚ эгер сиздин али эскире
элек муң-зарыңызды козгоп
койсом кечиресиз. - Эч нерсе эмес. Козголбогон
‚ эскерилбеген кубаныч
‚ кайгы болмок беле. Келип
калгандан кийин угуп
алганың дурус.
«Турмушка чыга элек кезим. Оңтойлуу кызмат болсо
иштейин деп жакынкы
айылдардын биринен
Бишкекке келдим. Бул 1936-
жылдар болучу. Билимим
болбогондон кийин каалаганымдай кызмат
табылбады. Бир топ убара
тартып‚ акыры балдар үйүнө
тарбыячы болуп орноштум.
Бул үйдө ар кайсы улуттан
жетим балдар көп эле. Иштегениме бир топ күн
болуп калган. Жаз мезгили
болучу. Көчө алашалбырт.
Экинчи сменага келе жаткам.
Кеч кирип‚ айлана
күүгүмдөнүп турган. Балдар үйүнүн короосуна киргенде
алдымдан чуркап чыккан
аялды көрүп калдым.
Карасур жаш келин өңдөндү.
Оюмда эч нерсе жок‚ балдар
жаткан бөлмөгө бара жаттым. Эми гана эшик алдына
жеткенимде ыңаалап
ыйлаган баланын үнү угулду.
Калың төшөккө оролуп
‚ каалганын алдында жаткан
баланы көрдүм. Мен аны көтөрө кайра сыртка чуркап
чыктым. Cол тараптагы ээн
ичке көчө менен бара жаткан
жанагы келинди көрүп‚ бир-
эки мертебе кыйкырып
жибердим. Ал менин үнүмдү уга катуулап чуркады. Бала
оролгон жууркан ачылып
кеткендиктен‚ аны оңдоп бир
аз буйдала түштүм. Кайра
өйдө болуп алдымды карасам
‚ качып бараткан аял жер жуткандай жок болду. Көпкө
издеп‚ таппагандан кийин
кызыл эт бала менен кошо
ыйлап‚ балдар үйүнө
келдим. Бөлмөгө кирип ачып
карасам‚ жаңы төрөлгөн бала экен. Денесиндеги кан али
ката элек эле. «О, шумдук‚ бул
эмне деген мээримсиз жан.
Бала үчүн асмандагы куш
торго түшөт». Муунум
калчылдап‚ кантип аны сууга киринткенимди билбейм.
Ошол жаш келиндин көзү
бүгүн да мени тиктеп
тургандай. Ал ким? Кандай
тагдыр аны өз баласынан аша
кечтирди экен? Балага атты өзүм коюп‚ каттоо
журналына: Cыдыков Үсөн
‚ туулган жылы 15-март 1937-
жыл. Улуту кыргыз деп
жаздым. Адепки учурларда
ыктуу кызмат табылып калса кетсемби деп жүрсөм‚ ал оюм
эсимден чыгып кетти. Күн
өткөн сайын Үсөн чоңоё
берди. Мүмкүнчүлүгүм боло
калса, убактымды аны менен
өткөрчүмүн. Колума алып көтөрсөм‚ денем
жазылгансып бир башкача
сезим пайда боло турган.
Анын тили «мамалап» чыкты.
Ал бул сөздү мени көргөндө
айта турган. Мен да анын эрки менен мама болуп бердим.
Бирибиз бала‚ бирибиз мама
болуп илээшип жүрүп
ортодон үч жылча убакыт
өткөрдүк. Үсөндүн турмушу
толук эле. Анын мамасы жанында болучу. Азыркы
жолдошума жаңы кезигишип
жүргөн кезим. Үсөн тууралуу
ага эч сөз айтпадым‚ эмне деп
айтат элем‚ ичимден гана
окуусун бүтүп‚ шаарга калса деп тилечүмүн. Эгер башка
жакка кетсе Үсөндөн кантип
ажырайм. Мен экөөнү тең
бирдей сүйдүм. Бир жүрөк
экиге бөлүнгөнсүп жашап
жүрдүм. Ал окуусун бүттү. Мен ага турмушка чыктым.
Кызматы боюнча Нарынга
жиберилди. Кетер алдында:
- Кызматка орношуп‚ кабар
жиберем. Аларың менен көп
кармалбай биротоло келгендей бол‚ — деди да
‚ жөнөп кетти. Аны узатып
коюп балдар үйүнө келдим.
Үсөн көрө сала «мамалап»
мойнума асыла кетти. Ал
бетимден өпкүлөп кучагымда турду. Боорума кысып
‚ жыттадым. «Буга кантип
түшүндүрөм». Көзүмдүн
жашын канчалык аракет
кылып жашырсам да‚ ал
көрүп калды. - Мама‚ эмне ыйлайсың?
Мамочка‚ ыйлабачы. Мен
сени жакшы көрөм. Тилиңди
алам.
Ал мени аяп жатты. Акыркы
мезгилдерде Үсөнгө каралап кечки сменага которулгам.
Күндүз үйгө кетип
баратканымда мени
кызматка узатып жаткандай
сезчү. «Мама‚ кызматыңдан
тез келсең» деп колун булгалап кала турган. Үсөндү
ажырашууга даярдай
баштадым.
- Үсөн‚ уулум‚ эгер мен көп-
көп күнгө алыска кызматка
кетсем‚ сен ыйлабай турасыңбы?
- Жок‚ кетпе‚ мен да барам.
Аны жоошутуп:
- Cен ал жакка баралбайсың.
Ал өтө алыс. Эгер сен
ыйлабай турсаң‚ мен сага мылтык‚ машина алып
келем.
- Мама‚ сен мени таштабачы.
Мен баралам.Чуркап баям‚ —
деп мойнума асылып алды.
Мен эчкирип ыйлап жибердим. Чочутпайын деп:
- Макул‚ эгер барсам сени ала
кетем. Эми уктайлык.
Үсөн таттуу уйкуга кетти.
«Эмне кылуу керек? Кантип
таштайм. Эгер ала барсам жолдошум качанкы балаң
дейби? Оюна эмне кетет? Же
барып бир аз жашап‚ анан
ага сырымды айтсамбы.
Балким Үсөндү колубузга
алууга каршы болбос. Мына ушундай чиелешкен ойдун
кучагында кыйналып таңды
зорго атырдым. Арадан бир
топ күн өткөндөн кийин мени
кубанткан‚ мени кайгырткан
жолдошумдун телеграммасын алдым. Кетүүнүн аракетинде
жүрдүм. Эртең кетем деген
түнү ал ыйлап чыкты. Тим
эле буулугуп ыйлайт. Ага
кетеримди айткан эмесмин.
Өз көзү менен көрүп ‚ түңүлүп калсын деп Үсөндү
автовокзалга кошо ала
келдим. Жанымда чогуу
иштешкен аял бар эле. Мен
автобуска түшүп жаткандагы
анын ыйлаганы сайсөөгүмдү сыздатты.
- Мама‚ мамочка‚ ала кет. Ала
кет мени‚ мама…
Мен ботосунан айрылган
ингендей буркурап жолго
чыктым. Апа колундагы бетаарчысы
менен көз жашын сүртүп
‚ унчукпай калды. Мен да үн-
сөзсүз олтурдум. Кызматка
кетип жатканда колун
булгалап калчу кенже уулумду эстедим.
- Үсөнүңүздү нече жылдан
кийин кайра көрдүңүз?
- Аны көп жыл көрө албай
калдым‚ — деди апа чачын
оңдоп‚ — үйбүлөлүк турмуштун майда-барат
түйшүгү‚ жаңы жердин үйүр
алыша элек шарты менен
жүрүп‚ арадан бир жылча
убакыт өтүп кетти. Үсөн
тууралуу жолдошума айта алган жокмун. Биз Нарында
көпкө жашаган жокпуз. Cогуш
жаңы башталганда
Бишкекке көчүп келдик. Мен
шаарга келерим менен
балдар үйүнө чуркадым. Ошондон үч күн мурда
аларды Караколго которуп
жибериптир. Cогуш жүрүп
жатты. Жолдошумду фронтко
узаттым. Биринчи балам
боюмда калды. Жолдошум кеткенден жарым жыл өтпөй
анын агасы келип көчүрүп
кетти. Жаңы төрөлгөн балам
менен айылда жашап
калдым. Күн өткөн сайын
Үсөндү мурункудай күндө ойлоочу болбодум‚ анда-
санда гана эсиме түшө калып
жүрдү. Эргеш үйгө согуш
аяктагандан кийин келди.
- Эргеш сиздин
жолдошуңузбу? - Ооба.
Кара мурутчан аскер
кызматкери дубалдагы
портреттен бизди карап турду.
- Эргеш согуштан кийин
мурунку кесибин таштап ‚ аскер кызматкери болуп
Ошко орношту. Ошол боюнча
ал жерде үч жыл жашап
калдык. Үч балам Ошто
төрөлдү.
Апа үй альбомун алдыма койду. Анда ар кыл жаштагы
адамдардын элеси бар эле.
Үсөндүн кызын ортого алып
түшкөн сүрөтү биринчи бетке
коюлган. Cүрөт бул альбомго
жаңы түшкөнү сезилип турат. Апа сүрөттү колуна кармаган
бойдон:
- Байкуш балам‚ туңгучум.
Cенин балалык сүйүүңдү
актай албадым‚ кечир‚ —
деди сүрөттү альбомго кайра коюп жатып.
Бир күнү телефон чырылдап
калды.
- Cагила‚ — деди жолдошум
трубканы колуна кармаган
бойдон‚ — сени чакырып жатат.
- Cиз Cагила апа болосузбу? –
деп сураган жигит тез-тез
сүйлөп‚ — иштин жайын
телефон менен айтып олтуруу
кыйын‚ апа. Бул узак сөз. Үсөн Cыдыков деген жигит сиз
менен кезигише албай
жүрөт. Биз анын жолдоштору
болобуз.
Муунум калчылдап кетти.
- Үйгө алып кел‚ — дегенди араң айттым.
- Апаке‚ убактыңыз болсо
‚ биздин мекемеге келип
берсеңиз. Мекеме сиздин
үйдөн алыс эмес.
Көп сүйлөшкөн жокпуз. Адресин алып‚ жөө чуркап
бараттым. Эргештин «ой‚ сага
эмне болуп кетти?» деген
сөзүнө «бол‚ тез» дегенден
башка жооп берген жокмун.
Эч нерсеге түшүнбөгөн ал антаңдап артымдан келатты.
Редакциянын алдында күтүп
турган жаш жигиттин
коштоосунда экинчи
кабаттагы бир бөлмөгө
кирдик. Эми гана бөлмөгө кире бергенде узун бойлуу
субагай жигит келип кучактап
калды.
- Апа‚ апаке‚ мени кантип
унуттуң. Мен Үсөнүң
эмесминби? Мен аны көзүнөн тааныдым.
Көпкө кучакташып ыйлап
турдук. Анан Үсөндүн үйгө
келишин өтүнүп
ажыраштык. Ошол күнү Үсөн
тууралуу сырымды жолдошума айттым. Экөөбүз
көпкө кеңештик. «Эмне
дейбиз‚ балага чындыкты
айтыш керекпи? Же тим гана
өз балабыздай кабыл
алсакпы?». Ары кетип‚ бери кетип‚ акыры чындыкты айтуу
керек деп чечтик. Колдон
келишинче тамак-аш жасап
‚ келишин күттүк. Үсөн
үйбүлөсү менен чогуу келди.
Биздин өтүнүчүбүз боюнча ал кечте Үсөн үйдө калды.
Бөлмөдө Эргеш үчөөбүз элек.
Мен болгон ишти болгондой
айтып бердим. Ал мени
кучактап ыйлап жиберди:
- Апа‚ бул сөздү эмнеге айттың? Менин сенден башка
энем жок эле го. Cен деп‚ сени
көрсөм деп канча жыл
издедим. Апаке‚ аясаң боло?
Эргеш боорун мыкчып боздоп
жатты. Мен Үсөндү кучактаган бойдон:
- Балам‚ кечир мени. Менин
мээримсиздигимди кечир. Cен
менин баламсың‚ — дегенге
араң жарадым. Биз ошол
күндөн баштап эне-бала болуп жашай баштадык. Эми
минтип кайра айрылып
олтурам.
Апа ыйлап жиберди.
- Апа‚ кайрат кылыңыз. Эми
ал ордуна келбейт. Дагы бир топ сөздөр менен ал
кишинин көңүлүн жубаттым.
Үсөндүн аны кантип
тапканын сурасам‚ ал анын
досунун адресин берди.
Үсөндүн досу Павел менен телефон аркылуу сүйлөшүп,
иштен кийин жаштар
кафесинен кезигише турган
болдук. Убакыт өткөрүш
үчүн китеп дүкөндөрүн
кыдырдым. Жаңы эле сатып алган китепти барактап
‚ кафени көздөй шашпай
келе жаттым. Кээде гана
алдымдан чыккан
кишилердин өңүнө карап
коём. «Ким кандай жол менен өмүр дайрасын кечип
келе жатты экен?
Адамдардын өңү кандай ар
кыл болсо‚ тагдырдын жолу
да ошондой ар кыл экен го?»
деп өзүм менен өзүм алек болуп олтуруп‚ кафеге келип
калганымды да сезбей
калдым. Кафенин ичинен
орун алып, сырттан кирген ар
бир кишини карап олтурдум.
Анын айтканы боюнча күрөң көз айнекчен‚ боз костюмчан
болуш керек. Мына‚ менин
күткөн адамым да кирди.
Белгиси так өзү. Ал эшиктин
оозуна бир аз токтой калды
да‚ зал ичине көз чаптырды. Мен ордумдан турдум эле
‚ дароо мени көздөй басты.
Мен да утурлай тосуп алып
‚ фамилиямды айтып кол
бердим. Колумду кыса
кармап: - Павел Александрович‚ —
деп сылык таанышты.
Алдыбызга келген оокатты
жеп‚ жөнөкөй эле ишке
байланышкан сөздөрдү
сүйлөшүп олтурдук. Менин эмне максат менен ага
кезигишип олтурганымды
биле элек Павел ар бир
сөзүмдү кунт коюп укту. Cөздү
ачык баштадым.
- Павел Александрович‚ сиз Үсөн Cыдыковдун досу
экенсиз. Мен сиздин
дарегиңизди анын апасы
Cагиладан алдым. Эгер
кыйынчылык болбосоҮсөн
тууралуу айтып бере алар бекенсиз. Мен да сиз өңдүү
искусствонун кызматкери
болом‚ — дедим да төш
чөнтөгүмдөгү документимди
ага сундум.
- Рахмат. Мен музыкант. Cиз журналист. Кесибибиз жакын
экен‚ — деди документимди
берип жатып.
- Балким‚ көзкарашыбыз да
жакын чыгып калар‚ —
дедим ага кошулуп. Ал ууртунан жылмайып
койду. Анан бир топко
ойлонуп туруп:
- Үсөн тууралуу сөз узак. Эгер
сизге ошончо зарыл болсо
сыртка чыгып сүйлөшсөк кантет‚ — деди Павел.
Биз шаардын тынч көчөсү
менен тоого бет алып бастык.
Арабызды бир аз тынчтык
аралады.
- Үсөн экөөбүз Бишкектеги балдар үйүнөн кезигиштик.
Cогуш басылганына бир
жылча болуп калган.
Үсөндөрдү Каракол
шаарынан алып келгенин
кийин билдим. Алар бир топ балдар болучу. Үсөн менин
группама кошулуп
‚ керебетибиз да жанаша
болуп калды. Биздин
досчулугубуз ошол катар
коюлган керебеттен башталды. Cиз андай үйдөн
болбосоңуз керек‚ — деп
күтпөгөн суроо менен карады
Павел.
Мен шашып:
- Жок. Бирок жетимчиликтин жарым турмушун өткөздүм
эле‚— дедим‚ — жарым
жетимчилик дегеним‚ атасыз
өстүм. Атам согушта курман
болгон. Энем бар‚ —
дегенимде: - Cиз бактылуу экенсиз. Анда
сиздин балдар үйүндөгү
турмуш менен
тааныштыгыңыз жок экен. Ал
үйдүн сырткы чөйрө үчүн
такыр белгисиз өзүнчө дүйнөсү бар. Ал үйдө эс
тартып‚ ак-караны түшүнүп
калган балдар энеси же
атасы тууралуу сөз
кылышпайт. Бул суроо ар
биринин жүрөк оорусу экенин билишет. Али ой
жүгүртүп ага-буга түшүнө
элек кичине балдар
тарбиячы аялдарды апа
дешет. Алар башка энеден
төрөлүп, кандай тагдыр менен ал үйгө түшүп
калганын кайдан билишсин.
Мен да ал үйгө барганымды
эстей албайм. Төрөлгөндө эле
эне-атам таштап кетсе керек.
Кийим бүтүн‚ курсак ток болгон менен дайым бир
нерсе жетпегендей сезилчү.
Ошол жетпеген нерсе эне-
атанын сүйүүсү экенин өзүм
балалуу болгондо гана
түшүндүм. Ичиндеги ызасын жутуп сөзүн
улады:
- Арадан күн өткөн сайын
Үсөн экөөбүз жакын болуп
кеттик. Ойносок да‚ тамак
ичсек да бир отуруп‚ бир жүрө турганбыз. Биз үчүн
канчалык оор болдсо да‚ эне-
атабыз тууралуу сүйлөшө
турган болуп кеттик.
- Ким биздин энебиз? Атабыз
ким болду экен? Эгер алар тирүү болушса‚ бизди ойлойт
бекен?— деп калсам Үсөн:
- Энемди элес-булас билем
‚ мени дайым коюнуна алып
жатчу. Ал мени таштап
машинага түшүп кеткен. Кайда кетти. Балким согушка
узаткандырмын. Cогушка
кетсе‚ тирүү болсо келет деп
жүрө турган. Кийинки
мезгилде:
— Cогуш басылганына бир топ болду. Энем болсо али
жок. Тирүү эмес го. Аны
экинчи көрбөй каламбы? –
дей турган. Кээде:
- Павел‚ жүрчү шаарга барып
келелик‚ — деп өтүнчү. Кылаар ишибиз жок‚ көчөдө
көпкө жүрө турганбыз. Анын
эмне издеп жүргөнүнө
түшүнчүмүн. Алдыбыздан
чыккан ар бир аялдын
жүзүнө тигилип карай турган. Адам үмүткө тойбойт деген
ырас. Ал энесин өмүрүнүн
акырына чейин издеди.
Мезгил жетип‚ мектепти
бүттүк. Мен Москвага
консерваторияга кеттим. Үсөн университетке кирди. Кат
алышып турдук.
Cөзүн токтотуп:
- Үйгө келип калдык‚ — деди
Павел. Мен анын чакыруусу
менен квартирасына кирдим. Чай ичип олтурдук. Шкафтан
алган катты берип жатып: —
бул Үсөндүн акыркы каты.
Ушул катты окусаңыз‚ анын
энесин кантип тапканын
билесиз. Издеп жүргөн нерсем колума
тийген соң шашып окууга
кириштим. «Павел‚ катыңды
алдым. Мамлекеттик
экзаменди ийгиликтүү
тапшырып жатканыңа өтө кубандым. Эсиңдеби‚ бир
кезде сени убара кылып
көчөлөрдөн эртеден кечке
энемди издегенимди. Мен
ошол энемди таптым. Аны
көргөнүмө бир жумача болду. Шаардык китепканада
экзаменге даярданып
жаткам. Тамак ичейин деп
ашканага баратсам‚ колунда
көтөргөн сумкасы бар аял
чукул чыга түштү. Мен анын жүзүн даана көрдүм. Анын
көрүнүшү энемдин элесине
окшоп кетти. Бир топко
селейип туруп, анан артынан
чуркадым. Бир-эки мертебе
«апалап» кыйкырдым. Үнүмдү уккан жок.
Кылчайбай кете берди. Мен
да артынан басып олтуруп‚ ал
качан квартирасына кирип
кеткенде кайра тарттым. Ал
түнү уктаган жокмун. Элесин кайра-кайра эстеп жаттым.
Эртеси ал кирген үйгө дагы
бардым. Көпкө турдум.
Арадан канча убакыт өткөнүн
билбейм‚ бир маалда үйдөн
чыкты. Ал мени карап койду да‚ маңдайындагы кийим
дүкөнүнө кирип кетти.
Артынан кошо кирдим.
Кишилерди аралап өтө
жакын бардым. Өңүн
дааналап карадым. Эгер ал караса‚ мен бакырып
кучактап жыгылмакмын.
Караган жок. Дүкөнчүдөн
бир нерсе сурады окшойт
‚ «жок» деген жооп уккандан
кийин чыгып кетти. Мен аны көзүм менен узатып калдым.
Павел‚ экзаменди бүтөрүң
менен кармалбай келсең.
Менин турмушума сен гана
түшүнөсүң‚ андыктан сенин
келишиңди күтөм. Үсөн». Мен бул катты окуп чыгып
‚ көпкө ойлонуп калдым.
Энесин издеп көчөдө жүргөн
баланын элеси көз алдымда
турду. Павел маңдайымдагы
диванда жаңы басып жүргөн баласын тизесине отургузуп,
аны менен бир нерселерди
сүйлөшкөнсүп жаткан.
- Павел‚ — дедим ага
кайрылып‚ — балким
сураштырып көрсөңүз сиздин энеңиз да табылып калар?
Анын көзү от болуп
шилимден чыгып кетти.
- Менин энем – менин
заманым. Абийирсиз аял эне
эмес‚ — деп кесе жооп берди. Ойлобой берген суроом үчүн
оңтойсуз абалда калдым.
«Чын эле‚ эгер бул заман
болбосо‚ ушул эки баланын
‚ булар өңдүү эне-атасыз
тарбияланып жаткан балдардын тагдыры эмне
болмок? Төрөбөсө да‚ ага
сүйүүсүн берген аял эне экен
го?» деп ойлонуп кайттым.
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Feijipiao   31 Январь 2015 - 11:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Ичкичтин тагдыры
Улам жыгыла жаздап барып, кайра темтеңдей өзүн түздөп, ошол араң баскан абалында кош колун көккө көтөрө кимгедир кезене жапайы кыйкырган мас адам көчө бойлоп жалгыз келатты. Шишиктен көзү көрүнбөй, сакал баскан жүзү капкара болуп ичкиликке күйүп, кең маңдайына түшкөн чачтары кирден майланышып чыпташа кулагын жапкан ушул адам гана ааламда жалгыз калгандай айланада башка жан адам көрүнбөйт. Демейде ажылдаган иттер баш көтөрө карап, анан, үргөнгө да арзыбаган немени көргөнсүп, "аа, сен белең" дегендей кайра башын тумшугуна катат. Мас адам жарым-жартылай бүткөн, шыбактары жамгырдан сыйрылган чакан үйдүн айбанчасына келип, түркүктү кош колдой кучактап бир азга бой токтотуп турду да, дагы жапайы кыйкырды. Бул жолу жанагы көчөдөгүдөй ач айкырык салбай алсыз, аргасы куруп, алда кимден ичин жеген кандайдыр бир ызасынабы, өкүтүнөбү аралжы сурагандай жалбарыңкы кыйкырды. Үйдө эч ким жашабагандай жымжырт. Мас кишини кынжыйган арык иттен башка эч ким тосуп чыкпады. Ал булдуруктай бирдемелерди сөгүнүп, босогого чалына "күп" этип жыгылган бойдон уктадыбы, айтор, дым болуп калды.
Эртең менен аны какшанган аялынын үнү ойготту. Жарылып кетчүдөй ооруган башына аялынын ар бир сөзү балта болуп чабылып, ошол соккудан башы эле эмес аалам кошо зыңгырап жаткансып башын мыкчый онтоду.
- Каныңды ичкир, ичип бүтпөдүңбү дагы эле? Жарым өмүрүңдү ичип салдың го өлүгүңдү көрөйүн, алкаш. Өзүңкүн эле эмес менин өмүрүмдү, жаштыгымды кошо ичтиң,-аялы алкына сүйлөнүп, колуна эмне кирсе максатсыз эле ары-бери ыргытып, күлтүңдөй кирип-чыгып каргай берди.
- Жап оозуңду, энеңди, - Ысмайыл качан сөздүн уусуна чыдабай кеткенде ызырына колуна кирген нерсе менен аялын шилтеп калды. Аялы күчүгүнөн токмок жеп жалккан иттей жалтана арыраак качып, күйөөсү башын кучактап отуруп калганда кайра бери келип какшана берди. Ысмайыл ордунан очорула араң турду да, сенделе басып көчөгө чыгып кетти. Азыр ааламды сел алып кетсе да ага баары бир эле. Эптеп эле жүз грамм таап, ичсем дегенде эки көзү төрт болуп, тамагы кургап турду. Ичи курулдай ысып, курсагы ачканын туюп, акыркы жолу качан ысык тамак ичкенин эстей албай жатты. Азыр тамак жерге кирсин, кичине сеп этип алса эле баары жайына келмек. Ары-бери өткөн адамдар Ысмайылдын жанынан жылан көргөнсүп алыстан айланып өтүп, араң баш ийкей учурашкан болушат. Бир кезде ага баары дос эмес беле. Эски таанышы Дуулатты көрүп, Ысмайыл энесин көргөндөй кубанып кетти.
- Ассоолому алейкум,-деди жагалдана.
- Алейкум салам,-Дуулат башкаларчылап жийиркенбей колдон ала астейдил учурашты. Минтип адам катарында көрүп учурашуу Ысмайылдын адамдык абийирин ойготту белем, көзүнө жаш айлана жер карай кыңырылды.
- Башың ооруп турабы?-деди Дуулат акырын. Ысмайыл Дуулат кетип калчудай жанталаша башын ийкегилеп жиберди. Ал унчукпай чөнтөгүнөн акча алып тигиге сунду. Ысмайыл акчаны шаша алып, бирөө тартып алчудай шымынын чөнтөгүнө салды эле, анысы кайра эле багалегинен жерге түшүп калды. Ысмайыл ыңгайсыздана акчаны жерден шашып алып кир жеңине катты. Дуулаттын анын азыркы абалына ыйлагысы келди. Эмне деген жакшы адам эле. Колунан көөрү төгүлүп, жыгачка, темирге жан киргизчү эмес беле. Бир кездеги чымыр денелүү, өткүр көздөрү от чача күлүңдөгөн, кара тору жүзүнөн күлкү кетпеген сулуу жигитти азыркы карыпка эч бир окшото албай турду. Арак эмне кылбайт. Ысмайылдын минтип ичип кетишине кандайдыр бир аял себепкер болгон деп да жүрүшөт. Экөө чогуу басып дүкөнгө кирди да, Дуулат жакшы закуска, эки стакан, бир бөтөлкө таза арак алды. Дүкөнчү Ысмайылдан келген жаман жытка мурдун тырыштыра, Дуулаттан тартынып гана унчукпады. Ысмайыл жүз граммдан кийин өзүнө келе үшкүрүп алып, анан акырын күңкүлдөдү.
- Мага боор оорубай эле койсоң болот…
- Сага боор ооругудай майып, же, кароосуз калган абышка белең Ысаке. Мен өзүм ичкенге шерик таппай бараткам. Көктөн тилегеним жерден табылып сен жолугуп калдың.
- Мени жаш баладай алдабай эле кой. Сендей кичине жакшылыкты унутпай жүргөн адамдар көп болсо, балким, аалам башкача жаралат беле ким билет, Дуулат. Ырас, көп ишиңди жасап бердим, бирок бекер жасаган жокмун, акымды алдым. Далай ишин карызга, жардам болсун деп кээде бекер жасаган адамдар, азыр мени көрсө жаа бою качат. Мен аларга таарынбайм, туура кылышат. Мен да бир кезде ошенткем. Мени жанын берип сүйгөн адамдарга чыккынчылык кылгам. Эки тоонун чөбүн эңсеген кийик ач калат деген сөз калетсиз экен, мына ач калдым. Азыр эч кимге керегим жок, мурда эле муздак, мерез аялым эчак менден биротоло муздаган, балдарга да мени жамандай берип жек көрүндү кылып бүткөн. Балдарым мени бир кезде акча таап келген керектүү адам катары көрүшсө, азыр аларга да ашыкчамын. Апам гана менден үмүтүн үзбөй жүрөт байкушум.
- Ысмайыл, мен бир гана нерсеге, сени "бир аял үчүн ичип кетти" деген катын ушакка ишене албай жүрөм. Анткени, сени өз билгенин бербеген өжөр, ак ниет, иштин майын чыгарган мээнеткеч, күчтүү адам катары сыйлачумун, азыр да сыйлайм. Анан сендей адам бир аял үчүн кантип эле ушинтип калсын.
Ысмайыл арык ийиндери титирей, башын жерге салып көпкө унчукпай отуруп калды да, анан сөз баштады.
- Ал катын ушак эмес Дуулат, карандай чындык. Ал аял шорум беле, бактым беле алиге билбейм. Кээде ушундай бир дилим сыздап сагынганда, анын ордун толтураар эч нерсе таппай жан-дүйнөм аңтарыла ээнсирегенде шорум беле деп кетем. Кайра анын мага кылган мамилесин эстесем бактым болгон экен деп көңүлүм толкуйт. Жүрөгүмдөн чыкпай койду ошол аял. Мен аны биринчи жолу студент кезинде көрдүм. Чачы согончогуна чабылган, башын бийик көтөрүп менсине баскан кызды аялым "группалашым" деп тааныштырганда, "кыйынсынган неме экен" деп жактырган эмесмин, бирок аялым ал тууралуу сөз кылган сайын кыздын мени баштан-аяк кайдыгер сыдыра карап, качан көздөрүмө келгенде саамга тиктеше түшүп, анан жер карап кеткенин эстей берчүмүн. Ошондо көздөрү армандуудай муңдуу кылгырып турган. Ошол бойдон арадан он жылдан ашуун убакыт өткөндө кайра жолуктук. Буга да аялым өзү себепкер болду. Шаарда дос балдар менен ичип жүсөм, аялым бир курбусуна жолугуп, андан бирдеме ала келүүнү суранды. Ал айткан аял мени аянтта күтүп туруптур. Ошол күнү бир аз кар борошолоп, күн суук тартып турган. Саргыч тери тону ичке боюна жарашкан келинди дароо эле тааныдым. Бою ылдый төгүлгөн олоң чачын кыскартып салганы болбосо, көздөрү дагы эле армандуу, бирок азыр муңдуу эмес, ишенимдүү, баягыдагыдай эле бир аз менсине тигилет.
- Кандай күйөө бала? Сени убара кылган жокмунбу?-деди ал жагымдуу жылмайып.
- Убарасы жок,-деген болдум үнүмдү бекем чыгарганга аракет кылып. Чыны сүрдөп кеттим. Ал мага келинчегим айткан китепти берди да, тез эле кетип калды. Ошондон көп өтпөй жазда кайра жолуктук. Үстүндөгү ичке белин ачык көрсөтүп боюна кыналган кыска ак көйнөгү, келинден келген жагымдуу жыт көкүрөгүмдү булкуп алды. Ал сыпайыгерчилик үчүн мени үйүнө чакырганын билип турсам да, дароо макул болдум. Үйгө кирээри менен заматта тамак-ашын даярдап жиберди. Экөөбүз бет маңдай отуруп тамак жедик.
- Тамак абдан даамдуу болуптур-дедим көздөрүнө тик карай албай. Тамак чыныда эле абдан даамдуу болчу. Ичиме кичине ичкилик киргенден кийин тартынганым жоголуп, жүзүнө тик карадым. Көздөрүбүз чагылыша саамга тиктешип калдык. Келиндин сыр каткан каректери кумарлуу кылгырып, боорума кыса кучактап өпкүм келди. Бул эч кандай сезим жок, чыныгы эркектик кызыгуу болчу. Канчалык кызыкпайын жанына өтүп кучактоодон тартына, "кантсе да аялымдын жакын курбусу, экөө мени сынап жаткан болсочу" деп сактандым. Качан ал өзү жаныма келгенде, андан келген жагымдуу жыттан денем дүүлүгө, кармана албай боорума кыса кучактадым. Эриндер кантип чапташып, кантип экөөбүз бир бүтүнгө айланып кеткенибизди туйбай калдым. Анын кумарлуу кыңкысы, оттой ысык ийилчээк денеси, сыпсыйда жумуру буттары баарын унуткарып койду. Экөөбүз эсибизге келгенде кеч кирип калган экен. Ал түнү дагы калып калдым. Биз аялым тууралуу эч нерсе сүйлөшкөн жокпуз. Анын жанынан кеткенде менде кандайдыр боштук пайда болду. Балыктай туйлаган ийилчээк денеси, ысык, жумшак, таттуу эриндери эсимен чыкпай койду. Отуруп алып дагы ичип, кечке маал кайра телефон чалдым.
- Кандайсың? Мен сени сагындым-дедим ички сезимимди башкара албай. Бир чети мен аны өз менчигимдей карап калгам. Ал мени суз угуп турду да анан;
- Кечирип кой, мен азыр бош эмесмин,-деп трубканы коюп койду. Ошол бойдон ал көпкө дайынын билдирбей кетти. Бир жолу гана телефондон бир жумушту дайындады. Мен аны убагында аткара албай калдым. Эртеси чалсам трубканы алды да;
- Экинчи чалба, сага окшогон өз сөзүнүн ээси боло албаган таанышым жок. Эмне бир-эки түн бирге болдум, эми меники деп калдыңбы? Кечиресиң, сен бир көрүп байланып калчу адамдардын катарына кирбейсиң.-деди да, трубканы коюп салды. Жан кыйнаган азап ошондон башталды. Мен аны канчалык унутайын десем да көз алдымда турганы турган. Башкалар менен да жүрүп көрдүм, болбоду, унута албадым. Качан чалбайын суз, үнү бир калыпта кургак. Бир күнү гүл алып, жумушуна бардым да көгөрүп күтүп отура бердим. Курбулары менен чыгып келаткан ал, мени көрүп саамга өзүн жогото буйдалып калды да, анан суз жылмайды. Жүзү кып-кызыл болуп албырып кеткенин көрүп, менде үмүт пайда болду. Ошол күндөн баштап экөөбүз жолуга баштадык. Жолугаарын жолугабыз да, анан үн-сөзсүз басып жүрө беребиз. Ортодо бирдеме жакындата койбой кыйнайт. Андайда бир кезде ушул жан менин кучагымда туйлаганына ишене албай кетем. Бир күнү досумдун туулган күнүнө алып бардым. Ошол түнү биз кайра чогуу болдук да, анан мен андан айрыла албай калдым.
- Ысаке, аялдын аты ким эле? Бир да жолу атаган жоксуң-деди Дууларт акырын.
- Аты Айдың, - Ысмайыл ысык шыбырады. Ал тээ бир кездеги бактылуу күндөрүнө кеткендей көзүн жуумп алып көпкө үңкүйүп отурду да, анан шуу үшкүрө сөзүн улады, - Айдың жанымда жүргөн кезде мага аалам гүлүстан болчу. Мунун баары акыры аялыма жетти. Мурдагыдай артынан барат деди окшойт, адатынча кийимдерин жыйнап кетип калды. Артынан барган жокмун, анткени, мага анда Айдыңдын наздуу күлкүсү, ысык кучагы болсо, башканын кереги жок болуп калган. Айдыңга канчалык үйлөнгүм келсе да, мени бир күч үйлөнтпөй кармап, ичим сыйрыла кыйылып туруп алдым. Бул күч менин балдарым болчу. Биз үйлөнүүнү улам кийинкиге калтыра бердик. Бир күнү эрте мененки чайды ичип жатсак келинчегим телефон чалды. Үнү дүрбөлөң түшкөндөй. Ал мага жолугууну сунуш кылды. "Балдарга бирдеме болгон го" деп шашып бардым. Айдың мени менен чогуу чыгып, "ушул бойдон барсаң болбойт" деп жаңы шым алып кийгизди. Анан мени узатып, өзү жумушуна кетти. Анын ошондогу армандуу көз карашы жүрөгүмдү али да эстеген сайын тилет. Барсам көздөрү шишимик тартып, арыктап калган келинчегим күтүп туруптур.. Кантсе да он эки жыл бирге жашаган адам да, жүрөгүм ооруду. Биз токтоо учурашып, ээрчишип алып эжемкине бардык. Андан ары үйгө майда-чүйдө жөнөттүк. Ошол күнү Айдың телефон чалганда албай койдум. Анан ал келинчегиме чалды эле, "жок деп кой" деп ымдадым. Ошондо мен Айдыңды биринчи жолу саттым. Айдыңга "мен аялым мененмин" деп ачык айтсам адамгерчилик болмок, ал түшүнмөк. Антүүгө духум жетпеди. Мен ал түнү аялым менен болдум да, эртеси таң эрте Айдыңга бардым. Жамгыр көнөктөп төгүп турган. Айдыңдын ошондогу ый түнөгөн көздөрү. Боорума кыса кучактасам, "сен аны менен болуптурсуң" деди жүзүмдү тинте карап. Мен "балдар менен ичтим" дедим көзүмдү ала качып. Ал мени саамга ойлуу тиктеп турду да,
- Сен актанба, ал никелүү аялың. Ичкен адам сендей таза суу жыттанбайт. Кыймылың да баары башкача-деди муңайым. Мен мойнума ала албай койдум. Аялыма "мен азыр Айдыңда калган буюмдарымды алам да, андан биротоло кетем" деп, убада берсем да Айдыңды кыя албай кечке отура бердим. Айдың мага тамак жасап кирип-чыгып жүргөндө анын телефонундагы баардык менин тааныштарымдын номерлерин, Айдыңга жазган СМСтеримди өчүрүп салдым. Аялым келип жетелеп кетпесе ал түнү кете алат белем билбейм. Аялым экөөбүз жол ката сүйлөшкөн жокпуз. Ичим ушундай бир сыйрылды дейсиң, эч андай болгон эмес. Ошол күнү, эртеси да, Айдыңдын чалуусуна аялым каргап-шилеп жооп берип жатты. Ошондо мен эркек эмес тряпкага айландым. Аялым мени Айдың мурда жашаган жерге ээрчитип барды. Семиздигинен араң баскан орус кемпир Айдыңды аябай жамандады. Айдың мага бир кезде кызына бакмачы болгон бул кемпир тууралуу жакшы сөздөрдү айтчу, ага колунан келген жардамын берип, кемпирдин телефонуна өз акчасынан төлөп, жай сайын килемдерин жууп келчү. Биз адамдар кандай жаманбыз, коркунучтуубуз, эки жүздүүбүз.
Мен Айдыңсыз үч күн араң жашадым. Акыры кармана албай түн жарымда чалган телефонума ал дароо жооп берип, сүйлөп да, ыйлап да жатты. Ошол эле түнү Айдың мага келди. Мен аны кайсы убакта, каерге чакырбайын баш тартчу эмес. Биз бири-бирибизсиз жашай албасыбызды түшүндүк. Менин эки жүздүү жашоом ошондон башталды. Аялыма келип анын көңүлү үчүн Айдыңдын сөздөрүн айтам, Айдыңга аялымдын сөзүн. Мен таптакыр багытымды жоготуп койдум. Багытымды гана эмес, адамдыгымды, эркектик касиетимди жоготуп бараттым. Аялым менен Айдың бири-бири менен сүйлөшөт да, менин айткан сөздөрүмдү бири-бирине айтып, биз Айдың экөөбүз ошондон урушабыз. Айдың менден дайым аялым тууралуу айтпоону суранат, а мен кайра эле айтып алам. Айдыңды карап туруп аны, аялымды карап туруп муну кыя албай кетем. Ар бир жолуккан сайын Айдыңга;
- Мен сени менен сүйүүм үчүн, өзүм үчүн жашайм, аялым менен балдар үчүн жашайм. Атаганат, мурун жолуксаң алаканыма салып өтмөкмүн,-деп өзөгүм өрттөнө жалбарам, бул сөзгө өзүм да ишенем. Анткени, мен бул сөздү чын дилимден айтчумун, болгону аткара алчу эмесмин. Бир күн Айдың чалганда адаттагыдай телефонумду аялым алып, мен албай койдум. Эки күндөн кийин кайра эле өзүм чалсам, Айдың ушундай бир токтоо сүйлөштү. Бул токтоолук мени коркутуп, жүрөгүмдү опкоолжута Айдың айткан жерге жетип бардым. Мени суз тосуп алган Айдың татынакай кийинип алыптыр, бирок, алыс, жат эле.
- Ысмайыл, мен сага ыраазымын. Колуңдан келгенин аянган жоксуң. Ал тургай атаңды, балдарыңды күттүрүп коюп мени менен жүрдүң. Эгер сен буюм болуп калганыңда канча адам колдонсо да ыраазы болмок, анткени, сен адам катарында эмес, буюм катарында жакшы кызмат кылмаксың. Мага да жакшы кызмат кылдың, ошол эле учурда аялыңа да, бирок адам катарында эмес. Атаганат, адам сүйүү жаатында адам катары эки адамга бирдей кызмат кыла албасын түшүнө албай койдуң. Эгер сен адам болсоң аялыңа, "мен Айдыңга барбай коё албайм. Барбайын десем ал сенин ким экениңди, өткөн жашооңду досторума айтам деп коркутуп жатат. Досторум аны билсе мен жашабай эле өлүп алганга туура келет" деп айтмак эмессиң. Ал сөзүңдү аялың менин жүрөгүмдү оорутуш үчүн кайра мага айтканда баарыбыз бечара экенибизди түшүндүм. Ал тургай биздин мамиле тууралуу кошуналарга айтып, мени жамандап актандың. Эмнеге анттиң? Эркек катары мен сени кошуналардын алдында колго чаап, аялыңдын көзүнчө бетиңди тытканыма ардандыңбы? Эгер андай эле намыскөй болсоң эмне үчүн мени күйөөсү жумушка кеткенде көңүлдөшүн үйгө чакырган аягы суюк аялдай, аялың жумушка кетээри менен куттуу үйүңө чакырдың? Мен аялыңдын "Айдың, сен тряпкасың, Ысмайыл сени карабайт" деген сөзүнө кекенип, ким тряпка болгонун далилдеш үчүн аялыңдын намысын тебелеп, болгондо да анын туулган күнүндө үйүңө бардым. Намысың болсо ошондо аялың ыйлап туруп "келбесин" дегенде, аялдык аруулугунан кеги жогору туруп калган мени үйүңө келтирбей катуу айтып тыйып коё албадың? Тыймак түгүл, бул бети жоктук сага жакканы эсиңдеби? Ошондо ак көңүл аялың байкушка "сен чыгып тур, Айдың жатуу үчүн келди. Аны менен азыр акыркы жолу болом да, анан биротоло коштошом" деп, сыртка чыгарып коюп, мага, "эгер мени менен ажырашкың келбесе сыртка чыгып тур. Мен Айдың менен сүйлөшүп алайын десем чыгып кетти" деп эки жүздүүлөнгөнүңдү унуткан жоксуңбу? Андан кийин да аялың менин үйүңөргө барганымды билсин үчүн мен эч качан колдонбой турган анын арзан косметикасына тийишип коюп жүргөнүмдү билип туруп мени үйүңө баргызбай, кыз кезинен басынып жүргөн аялыңа сөз тийгиздирбей коё албадың? Ошол аялды ал ким, кандай жан болбосун сүйбөсөң да балдарыңдын энеси, аялың катары коргоого милдеттүү болчусуң. Сен болсо ал шордууну коргомок тургай, менден бетер тебеледиң, анын өткөн жашоосун мен аркылуу чукуладың. Мындан кимге жакшы болду? -Айдың колумду кыса кармап, ыйлап жибербейин дегендей саамга унчукпай калып, анан сөзүн улады,
- Алгач сени тим гана пайдалангым келген. Ошентип жүрүп сүйүп калдым. Сенсиз жашоо жоктой сезилди. Көрсө, сенсиз эмес, сени менен бирге жашоо жок экенин кеч түшүндүм. Сени менен жашаган дүйнө жалаң жалгандан, алдоодон, арам төшөк оюнунан, эки жүздүүлүктөн турат экен. "Мен аялым менен үйдөгү конокту шылтоолоп төшөктө болбой койгон үчүн жиндеп, сага мени жамандап жатат. Ал тургай бир жолу жамгырда артыман, "үйдө күйөө баладан тартынсаң, эшикте жатабыз" деп ээрчип чыгып алыптыр. Ошондо да жатпай койдум" деп айтып келдиң. Бул жеткен эки жүздүүлүк эмей эмне? Сен мени эле эмес, жакшы көргөн балдарыңдын энесин, он эки жыл оор жеңилде чогуу болгон ак никелүү аялыңды, атаңды. энеңди, абийриңди саттың. Ал тургай биз бири-бирибизди саттык. Мен бар үчүн гана аялың азыр сага көңүл буруп жүргөн. Ал ошондой адам, башкача боло албайт. Мен болгону абдан өзүмчүл, кекчил, жаман адам экенимди түшүндүм. Эгер бирдеме туура эмес болсо, көңүлүңө катуу тийсем кечир. Өткөн өзү менен, ыраазы бол. Жаман жакшы ортодо болсун. Баса, айткан убадаларыңды орундай албаганыңа мен көнүп калгам, бирок балдарды алдабай жүр. Аларда эмне күнөө, деди да ордунан туруп кетти. Мен бир ооз бир нерсе дей албай кала бердим. Кантип бирдеме дейм? Ошол Айдыңды көргөн акыркы кеч болчу.
Дуулат бул коркунучту адамдын жанынан кеткенче шашты. Адам аласы ичинде деген ушул белем. Мына акыркы адам да кетти. Ошол күнү эрбейип жалгыз калган Ысмайылдын жанына кынжыйган ачка, арык өз итинен башка тирүү жан басып келген жок.



Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   baktyluu_bolom   31 Январь 2015 - 17:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 148
  • Катталган: 23 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 25 Апр 2016 20:22
  • Жынысы:Аялзаты

КҮТҮЛБӨГӨН БЕЛЕК
Терезеден жаңы башталган
жаздын жыты коштогон жел
кирип, кыздын чачын акырын
сылап өттү. Сыдырым жел,
салкын аба, жаңы гана ачыла
баштаган бактардын жыпар
жыты, аркы аянтчада ойноп
жүрүшкөн наристелердин
кыраан-каткырык күлкүлөрү,
бак ичинде муңкана сайраган
кандайдыр бир канаттуунун
мукам үнү кимдин болбосун
көңүлүн көтөрбөй койбойт.
Бирок, кызга булардын баары
жагымсыздай сезилди. Ал
ыйлап отурду. Ал өзүн эң бир
бактысыз, байкуш сезип
отурду. Эгерде адамга
бакытты, өң-түс, кебете-
кешпир же мал-мүлк алып
келчү болсо, анда кыз эч
качан өзүн бактысыз деп
эсептемек эмес. Кыздын бой-
келбетинде да өңү-түсүндө да
айыбы жок эле. Анын апакай
беттеринен нур төгүлүп, жазы
маңдайынан куюлуп келип
токтоп калгансыган кырдач
мурду, ичке ийим кара
каштарына куп жарашкан
музоо кирпик бакырайган
кара көздөрү, оймоктой оозу,
кыздын сулуулугун айгинелеп
турчуу. Анын ак куудай
койкойгон узун моюну,
суйкайган денесине дал
келип, назик, мукамдуу үнү,
ийкемдүү кыймылы
сулуулуктун символу сыйяктуу
көрүнчү. Бирок, Жараткан
тартуулаган бул сулуулук
кызды бактылуу кыла албады.
Кыздын атасы да, апасы да
жакшы жумушта
иштегендиктен, ал эч нерсеге
муктаж болбой чоңойду.
Кедейлик, муктаждык эмне
экенин билбеген бай
турмушта, ата-эненин, бир
туугандардын маңдайында
жыргап жашаса да, ал өзүн
бактылуу сезе албады. Анын
бактысына жол тоскон,
көптөн бери аткарылбай
жүргөн бир гана тилеги бар.
Ал өзүнүн балалык тунук
сезиминде, таза, аруу
жашоону максат кылчу. Бул
жарык дүйнөгө жөндөн-жөн
эле жаралып калбагандыгын,
бул кыска дүйнөдө кимдир
бирөөнүн тартибине баш
ийип, ак, таза жашап өтүү
керек экенин жүрөк
тереңинде сезип турчу.
Чоңдордун кандайдыр бир
максатсыз, баш аламан
жашоосуна акылы жетпей,
алардын ар кандай жаман
иштерди жасап жатканына
таң калчу. Кийинчерээк бир аз
бой тартып, акылы толо
баштаганда, адамдардын бул
жашоодогу максаттарын
билбей жөн эле күн өткөрүп
жатышканын билсе да, эмне
үчүн чоң эле адамдар
ушундай акылсыз болоруна
көпкө чейин түшүнө албай
жүрдү. Акыры, акыйкат
жашоону башкадан издебей,
өзүнөн баштоо керек
экендигин сезип-билди.
Өзүнүн дене-мүчөсүнө
башкалардын суктана карап
калганын көргөн сайын,
итиркейи келип, аларды жек
көрчү. Эми аларды жек
көрбөй, аларга денесин
көрсөтүп ачык жүргөн өзүн
жек көрө баштады.
Дене-башын жаап жүрүүнү
каалаганын биринчи эле жолу
апасына айтканда андан
катуу кагуу жеди. Азыр
түшүнбөй жатат го анан макул
болоор деген кыздын ою
ишке ашпай ушул күнгө дейре
максатына жете элек. Алгач
атасы, апасы, бир туугандары
баары бир ооздон каршы
болушту. Анан кызынын
талыбаган көк беттигинен
тажадыбы, же кызынын
айтканында кандайдыр бир
чындыктын бар экенин
сездиби, атасы: «эмне кылсаң
ошо кыл» - деп кол шилтеп
койду. Бир туугандары болсо,
сенин кандай кийингениңдин
бизге эмне тиешеси бар
дегенсип бул маселеге көп
аралашпай калышты. Өз сөзүн
бербей катуу каршы болгон
апасы гана калды. Эненин
сөзүн эки кыла албаган кыз,
ортодо чүнчүп кыйналып
кетти. Бирөөлөр аны караган
сайын жан дүйнөсү тарып,
өзүн күнөөкөр сезет. Эмне
үчүн менин денемди
башкалар көрүүсү керек? Бул
жеткен адилетсиздик эмеспи -
деп ойлойт ичинен. Бирок
мындан кутулуунун жолун
таба албайт. Өзүнү төрөгөн,
багып чоңойткон, эч нерседен
кем кылбай өстүргөн апасына
каршы тура албайт. Ага канча
жолу түшүндүрсө да,
түшүнгүсү келбедиби, же
чындап эле түшүнө албадыбы,
айтор такыр көнбөй койду.
Эне менен кыздын тирешүүсү,
эненин ачууланган
кыйкырыгы, кыздын
шолоктогон ыйы менен гана
аяктачу болду.
Кыз бүгүн да ошол үчүн ыйлап
отурат. Бирок ал апасынын
каршылыгына эмес, апасына
катуурак сүйлөп койгондугуна
өкүнүп ыйлады.
Сөздү алгач апасы баштаган:
- Туулган күнүңө эмне
каалайсың кызым, мен
жумуштан чыгып сага белек
ала келейин. Чындыгында кыз
туулган күнү келип калганын
да билген эмес экен:
- Чын эле туулган күнүм келип
калдыбы – деп чочуп кетти ал.
- Акылыңдан айнып
баратасың десем,
ишенбейсиң – деди апасы, -
карачы эми туулган күнүңдү
да унутуп калыпсың.
- Ырахмат апке эстетип
койгонуңузга – деди кыз
апасынын бетинен өөп, анан
апасына эркелей кулагына
эңкейди да акырын гана: -
апке мага жоолук анан хижаб
сатып берчи – деди жалооруй.
Жанатан бери күлүп-жайнап
отурган апасынын түрү дароо
өзгөрө түштү. Ийнине асылган
кызын ары түртүп:
- Тапкан экенсиң алчу
нерсени, жакшы эле бир
нерсени айтат десе, дагы
баягысын баштайт – деди
ачуулана.
- Өзүңүз сурабадыңызбы, мен
каалаганымды айттым да –
кызы күнөөлүүдөй мостойо
түштү.
- Экинчи бул жөнүндө ооз
ачпа, кемпирлердей болуп
далбырап, карзың барбы аны
кийгенге, кыздын кыздай эле
болгону жакшы.
- Мен дагы ошол кыздай
болоюн деп атпаймынбы,
кайдагы эркектердин киймин
кийбей - деп кызы да өз оюн
берген жок.
- Элдин баары эле ошентип
жүрүшпөйбү, сен эле
жашабай жатып молдо
болосуң, азыр мен айтканды
кийесиң, мен өлгөндөн кийин
мага демектен оронуп-
чулганып жатып кал – апасы
чындап эле ачуулана
баштады.
- А кокустан сизден мурда мен
өлүп калсамчы, ушунча күнөө
менен менин абалым кандай
болот.
- Ой болдучу эми башты
оорутпай, эркелетип унчукпай
койсо чектен ашып баратасың
– апасы ордунан тура калып
кыйкырып кирди: - жоготкун
тээтиги албырап-салбыраган
юбкаларыңды, бүгүндөн
баштап мен бергенди гана
киесиң, кыска юбка, топик
сатып келем, ашыкча сөзүңдү
токтот.
- Биротоло Моссоветтен орун
ала келиңиз анда, – оозунан
кандай сөз чыгып кеткенин
кыз сезбей калды. Кызынын
жаагына чак эттире чаап
алганын эне да билбей калды.
Азыркы ызы-чууну ап эттире
сугунуп алгансып бөлмө ичи
бир азга тунжурай түштү. Оор
жымжырттыкты шолоктоп
ыйлаган кыз менен бышактап
ыйлаган эненин үнү бузду.
Андан ары сөз уланбай,
кызына кол тийгизип
алганына өкүнүп ыйлаган эне
жумушуна кетти да, энесине
катуу сүйлөп алганына өкүнүп
ыйлаган кыз үйдө калды.
Апасы чыгып кеткенден кийин
кыз көпкө ыйлады. Бүт
арманын көз жашынан
чыгарып ыйлап-ыйлап алды
да бир аз жеңилдегенсип
калды. Кызарып шишиген
көздөрү менен терезеге
үңүлүп ойлонуп отурду. Болду
деди ичинен, эми апасына эч
качан катуу айтпайт. Бүгүнкү
кылганы үчүн сөзсүз кечирим
суроо керек. Кечирет болду
бекен, эне го, эне баласын
кантип кечирбесин. – Оо
Кудай, мени кечире көр –
деди кыз эринин кыбыратып.
- Эми анын гана айтканын
кылам. Эмнени алып келсе да
кием. Кыз андан өзүн токтото
албай дагы шолоктоп, бир
топко чейин отуруп араң
басылгансыды.
Эненин көңүлү жумушка
келгенде да ачылбады. Эмнеге
уруп жибердим экен деп
ойлонду өзүнчө, капа болуп
калды го бойго жеткен эме.
Кечирим сурап койсом унутуп
калаар, эстүү кыз эмеспи
кантсе да. Өзүн-өзү
тынчтандырган менен көңүлү
жайланбай туруп алды. Эмне
эле ушул кийимге кызыгат
билбейм, же бир билгени
барбы? Эненин башы ооруп
кыйналып кетти. Эки-үч
пациентти кабыл алды да,
жумуштан суранып кетмекчи
болуп, жаңы эле туруп
жөнөгөндө, бир аял кирип
келди.
- Эже мен азыр кетип атам,
бир аздан кийин башка врач
келет ошого кайрылыңыз-
деди ага карап.
- Жок айнанайын, мен өтө
зарылмын бир азга тура
турсаңчы, мен кызымды алып
келдим эле - деп жалдырап
өтүндү тиги. Энени эне кантип
түшүнбөсүн, ыйдан кызарып
шишиген көзүн, кайгылуу
жүзүн көрүп туруп жок дей
алган жок. Эми эле чечкен
халатын кайра кийип, ордуна
жөнөдү. Анын отуруусун
күтпөстөн эле:
- Ай мен куруюн, мен куруюн
– деп ыйлай баштады тиги.
Эмнени айтып жатканына
түшүнбөй:
- Эже жайыраак айтчы, деги
эмне болду – деди таңыркап.
Тиги дагы эл токтоно албай:
- Ушул күндү көргөнчө өлсөм
жакшы болмок, эми эл эмне
дейт кокуй, өлдүм мен,
тирүүлөй өлдүм – деп
шолоктой берди.
- Эже мен сиздин ыйыңызды
укканга зар эмесмин, өзүмдүн
кайгым деле жетишет,
айтпайсыңбы эмнеге
келгениңди. Аял бир аз өзүн
токтотуп:
- Кызым өлүптүр, биз аны окуп
жүрөт деп жүрө бериппиз, ал
окуудан да жок, башкадан да
жок көчөдө калыптыр, алты
айлык боюнда бар экен,
анысын жашырып жүрө
бериптир, эми бир нерсе
кылып бербесең болбойт
кокуй. Иштин чоо-жайы эми
түшүнүктүү болду.
- Эже мен врачтык
милдетимди аткарам, бирок
алты айлык деген өтө кыйын
болот да аны алдыруунун
кереги жок го деймин. Врачты
сүйлөтө кобой эле:
- Жок айнанайын, алты эмес
тогуз болсо да алып сала көр,
атасы укса, бир туугандары
укса өлдүк анда – деп
жалдырады аял.
- Эже сиз туура түшүнүңүз, бул
ден соолукка өтө зыяндуу,
анын үстүнө балага да убал
болот го.
- Кандай кылсаң да жардам
бербесең болбойт, жерге
киргир десе баарына мен
күнөөлүмүн, жакшыраак
тарбия бербей, элдин
кыздары жакшына эле окуп
жатышат. Кыска юбка кийип,
башы-көзүн боёгулап
калганда эле бир
жамандыкты сезгем. Анын
андан аркы сөздөрү кулак
сыртында калып, кызы менен
болгон бүгүнкү окуя кайра
эсине түштү. Кызык, бирөөгө
кор дүйнө, бирөөгө зар дүйнө
деген ушул бейм, бул эне
кызынын жаман чыкканына
өкүнүп ыйлап отурса, мен
кызымдын жакшы жолго
басканына өкүнөм. Бала
жакшы болсо бала, жаман
болсо балээ деген ушул тура,
кызым акылсыз болсо бул
эненин ордунда мен дагы
отурмакмын да кан жутуп -
деп ойго бата түшкөндө:
- Ой эмне эле эсейип калдың –
деген аялдын үнү оюну бузуп
жиберди: - акчаны ашыгы
менен берем, бир нерсе
кылып жасап бере гой – деп,
кол сумкасын ача баштады ал.
- Мага эч нерсенин кереги жок
эже, акча да албаймын
жасабаймын дагы, азыр
менин ордума башка врач
келет ошону менен сүйлөшүп
көрүңүз – деди да анын
сөзүнө кулак салбастан
кийинип сыртка жөнөдү.
Каридордун ортосуна чейин
чуркап барды да, бир
нерсесин унутуп калгандай
кайра чуркады. Эшик алдында
эмне кыларын билбей
селейип турган жанагы аялга
келип:
- Эже сизге чоң ырахмат,
сиздин жакшылыгыңызды эч
качан унутпаймын – деп
кучактап бетинен чоп эттирие
бир өөп кайра чуркап кетти.
Эмне болуп кеткенине
түшүнбөй калган аял,- «Мен
эле айнып калганмынбы
десем бул да айныган эме го»
- деп отуруп калды.
Энеси кол баштыгын көтөрүп
кирер замат кызы чуркап
келип, баштыгын колунан
алып жерге таштай койду да:
- Апаке мени кечирип койчу,
байкабастан катуу сүйлөп
алыпмын – деди эркелей.
Эненин жүрөгү элжиреп кетти.
Көзүнөн сызыла чыккан
жашты кызына байкатпай
сүртө калды да:
- Мен сенден кечирим
сурайын деп келгем,
таарынып калдың го, экинчи
сага колум тийсе куруп
калайын – деди калтаарыган
үнү менен.
- Койуңузчу апаке, мени
өлтүрсөңүз да сизге
таарынбайм.
- Алтыным менин, сендей
кыздуу болгон тагдырыма
ыраазымын. Сен менин
көзүмдү ачтың. Сен болбосоң
балким көр бойдон жүрүп
өтүп кетмекмин. Эне кызынын
алдындагы күнөөсүн сезди,
кемчилигин моюнуна алды. –
Баса унутуп баратканымды
кара, туулган күнүңө белек
алып келгем. Толкунданган
эне шашыла жерде жаткан
кол баштыктан шылдыраган
жалтырак кагазга оролгон
кийимдидерди алып чыга
баштады. Бою менен тең
суналган узун хижабты,
үлпүлдөгөн жибек жоолукту
көргөндө кыздын көздөрү
жайнап кетти.
- Апаке, апкем менин – кыз
андан башка сөз айтууга күчү
жетпеди, апасын катуу
кучактап адатынча шолоктоп
ыйлай баштады. Апасына
чексиз ыраазы экендигин,
анын көңүлүн көтөрө турган
жакшы-жакшы сөздөрдү
айткысы келди, бирок көөп
калган өпкөсүн баса албай
ыйлай берди.
- Эмне болот, болду эми- деди
апасы акыры чыдабай кетип, -
андан көрө мобуну карачы
кандай экен. Ал дагы бир
хижаб менен жоолукту
кызына көрсөтө баштады.
-Апаке, мага азырынча бирөө
эле жетет эле, албай эле
койсоңуз болмок – деди кызы
мукактанып.
- Муну сага алды деп ким
айтты – энеси кызын сынай
карады да, сөзүн улады: - муну
мен өзүм кийем.
Эне менен кыз кайрадан
кучакташып калышты. Көптөн
бери ыйманга суусап жүргөн
кыздын түрсүлдөп соккон
жүрөгүнөн: « мына, сен
жашоодогу максатыңа
жеттиң, сени эки дүйнөдө
бактылуу кылуучу жолду эми
таптың» - деген үндү угуп
жаткансыды эненин сезимтал
жүрөгү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   belka   01 Февраль 2015 - 15:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Жазгандар колуңарга береке! Эң сонун аңгемелер экен.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   belka   05 Февраль 2015 - 03:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

АЙДАРБЕК САРМАНБЕТОВ "СЕТЕР"

Адан кажылдаган катуу үндөн капыс ойгонуп кетти. Атасы менен апасы таң азандан адатынча бири-бирин кажыша башташкан экен. Күнүгө ушул. Көкөйгө көк талкандай тийип бүттү. Мына, бүгүн да атасы күңкүлдөп актанып, энеси албууттанып жатыптыр:

— Өлүкканаңды көрөйүндөр! Деги бу, иттин турмушунан качан кутулар экемин? Таң азандан талпылдап оокат-оокат деп жүрүп өлүп кетмей болдум. Качан бир элчилеп жашайбыз? Же күйөөң адамдай болсо эмне, оозунан алдыргансып, өлдүрөп… өлүү-тирүүң баары бир. Колунан котон иш келбейт! Баары очор-бачар үй-жайлуу болушту, машинада чалкалашат бири калбай… Менин эмнем кем экен, алардын аялдарынан? Институтту деле бүткөм, жалаң балдар, оокат деп жүрүп үй күчүк болуп калдым. Мен деле алмакмын алар алган сыйлык, акчаны! Жети киши кенедей эки көмүткө камалып, туубай эле тул болуп калсамчы! Зарлап жүрүп өтөт экемин го! Анан калса заманың да жарыбай койду, баары кымбат! Бул, оозун ачкан жуттарды кантип тоюндурам?..

— Кой эми, көп кейибечи,- эркектин жооткоткон жумшак үнү чыкты,- кудай берер бизге да… Башкалардай бизди көтөрмөлөп, сүйөмөлөгөн эч ким болгону жок го, ата-энелерибизден эрте ажырап калбадыкпы. Шүгүр дейли, эл катары келатабыз. Балдарыбыз аман болсун…

— Ой, балдарың эмне кылып жатыптыр?! Мындай балдардан жогу!..

— Кой, кемпир, антип кесир сүйлөбөчү, экөөбүздүн жаныбыздан жаралган пенделер эмеспи…

— Ой, элдин балдарындай иштешпейби, анан? Жүрүшөт көчө таптап…

— Иш табылбай жатса кантишет. Чоңдоруңдун баары эле өз жакын-туугандарын ишке алып, заман аңтарасынан түшүп калбадыбы…

— Анан оозун ачып жүрө беришеби? Же мен силерге өмүр бою эшек болуп өтөмүнбү? Жок дегенде сен элдин эрлериндей болсоң эмне, күргүштөтүп таап?

— Адамды акча менен баалаба…

— И-ий ит!.. Күйгүзөсүң да!- аялы алкылдай баштады, эми аны токтотуш кыйын,- Азыркы карышкыр заманда акча менен бааланбаганда эмне менен бааланат, адамың. Акчаң болсо баары болот, кишини да сатып аласың. Ой, сетер, тур, күн түш болуп кетти, сасып жата бербей!- жерге салынган төшөктө жаткан Аданга жетип барып, үстүндөгү жамынчысын сыйрып ыргытты,- Базардан тачки түртсөң деле болот эле го, ыя!? Мунусу да бир өлжүрөк, атасын тартып…

— Болду, жетишет! Балдарга асылба!- күйөөсү күңкүлдөгөн болду,- Мени күнүгө жегениң эле жетишет…

— Аа, сен мени эмес, мен сени жеп жүргөн турбаймынбы, ээ?! Балдарыңа үйрүлүп түшө калып жүрүп, мына, жыргадың. Баары сага окшоп арам тамак! Өз токочторун таап жегенге жарашпайт, ымтырашып… Намыстанып да коюшпайт, баары ашка жүк, башка жүк…

“Башталды. Эми кечке дейре токтобойт.- деп ойлоду Адан, кийинип алып сыртка жымырыла чыгып баратып.- Экөө тең эле жакшы адамдар, анан эмнеге эле кажыша беришет? Бирин-бири жактырбаса эмнеге баш кошушту?” Аданга баарынан да энесинин өз атынан айтпай “сетер” дегени жанына катуу батат. Арданып, эч көнө албай койду. Бала чагында анчейин этибар алчу эмес, тестиер тартып калганда, алтынчыбы жетинчи класстабы атасы мугалим Кубаныч деген классташынын үйүндөгү килейген сөздүктөн таап окуса сетер деген сөз – чабал туулганынан энеси жерип эмизбей койгон, түрткүнчү, артында болушаар эч кими жоктугунан бүтүндөй короо кой сүзгүлөп, тээп, жектеген ара туут козу экен. Кыязы, кой да козусунун жарым жан, жашап кете албаганын билип, мал болбойт деп жерип койсо керек. Табияттын тандоосу катаал эмеспи. Күчтүүлөр гана жашап кетет. Адан да жети айлык төрөлгөн экен. Ал ат ошондон жабышып, ушул кезге чейин аны таанып-билгендер Адан дешпей “Сетер” дешет…

Кыштын илеби эртелеп келип калганбы, октябрь айы жаңы эле башталса да таң ата асман чаңдап, салкын. Кыязы, жамгыр жаайт көрүнөт. “Кайрадан шалпактамай башталат экен да!” деп, ичинен иренжиди Адан, ал жаан-чачындуу күздү, суукту бала кезинен жактырчу эмес.

Ата-энесинин минтип араздашканы, апасынын ыйы, көр жемеси Адандын көкөйүнө көк талкандай тийип, аны үйдөн кубалаганына көп болду. Эс тартканынан эле ошондой. Тажап, кутула албай келет, эч кандай ылаажы да жок. Акчанын жоктугунан университетти кой, мектепти бүтүрө албай калды. Же бир жумуш табылсачы, көңүлүнө төп. Жакшыраак иштин баарын жетекчинин жакындары, тааныштары, паралагандары ээлеп алышкан. Чоочунду эч жолотушпайт. Же акча бериш керек. Барган жердин баары ошондой экен. Анан Адан эмне кылсын?! Иштейин, оокат кылайын эле дейт. Жакшысы жок…

Бүгүн ишемби. Эртең дем алыш, анан кайрадан жумуш. Кайсыл жарыткан жумуш дейсиң – тамак-аш дүкөнүндө жүк түшүргүч. Ага да араңдан зорго, кошуна теңтушунун ортомчулдугу, кепилдиги менен араңдан зорго орношкон. Заман жаңырды, жакшырды, демократия деп шаңданган менен колунда бар байлардын, бийликтегилердин заманы келди. Карапайым кишилер итке кандай минсе, ошондой эле бойдон – өзгөрүүсүз. Же эзелтен ошондойбу. Кудай минтип, адамдардын энчилерин неге экиге бөлүп койгон?

Күн суук тарта баштады. Аба улам муздап, ным тартып барат. Ачка, көйнөгүнүн жакасын кымтыланып туш келди баскан Аданды тез эле майда калтырак басып чыйрыгып, бетинин түгү түксүйүп чыга түштү. Курткасын кие чыкса болмок экен, бирок үйүнө кайрылгысы келбеди, ата-энесинин кажылдагын уккусу жок. Андан көрө үшүгөнү өйдө.

Башаламан кабат-кабат үйлөр салынган бу жерди “Восток – 5” кичирайону деп коюшат. Төкөлдөш деп атайбыз деген да чуу чыгып унутулуп калды. Ошентсе жакшы болмок, кыргыздын жери, борбору болуп туруп, кайдагы “востокту” койбой. Ошенткен менен шаардагы “атактуу” аймактардын бири. Бишкектеги “криминалдуу” жерлердин алды. Айрыкча жаштары жаман. Кечкиге калсаң балээге жолукпай, соо калышың күмөн. СССР кезиндеги Фрунзенин “Карпинка” деген “атактуу” жеринин дал маңдайында, ошол “карпинкалыктардын” көбү ушул жерден үй алышкан. Кыргыз-уйгур тууганчыл эл эмеспи, бирөөнө сөз же кол тийди дегиче топурап чогула калышат…

Аданга көңүл бөлүп, алын сураган эч ким болбоду. Үйлөп койсо жыгылчудай илмийген арык, кийими кир, бырыш, сарала чачы жедеп өскөн жүдөө неме менен кимдин иши болмок эле. Ар ким өз башы, көр түйшүгү менен алек. Шаарда ошондой, өлсөң да тааныбаса карабайт. Дайыма баарынын кайдадыр ашыкканы ашыккан. Антпесең ачка каласың, бирөө сага боор толгоп кайрылышпайт.

Адан терең санаанын туткунунда, өз кутусуна бекинип, ансыз да кодо неме сууктан башын ийнине ката шүмүрөйүп бет келди кетип баратты. Үшүгөн колдорун колтугуна кысып алган…

Бүгүн он сегизге чыккан Сергей түш ченде араң ойгонду. Башы зыңылдайт. Кечээки эсин жоготкончо ичкенинен да. Тим эле көзү караңгылайт. Оозу — бошогон кудуктай кургак. Үйгө качан келгени түк эсинде жок. “Баламут” менен көчөдөгү жайкы кафеден маданияттуу эле пиводон башташкан, анан “Жинди”, “Чылапчын” кезигип калып аракка киришти, анан дагы бирөөлөр жолукту, андан кийин дагы… аягы опур-топур, кажы-кужу…

Ашкана тараптан кимдир бирөөнүн кобуру угулду, анан эркек сымал колдураган энесиники чыкты. Залдагы энесинин төшөгү бош, демек таң атпай бирөөнү тапкан экен.

Сергей эптеп, тамды таянып барып ажатканадагы суу чоргого башын көпкө жууду. Муздай тоңуп калгычакты. Ошондо гана көзү ачылып, эсине келгенсиди. Ашканага башбакса али кыркка чыга электигине карабай тиштери түшүп, бети-башы балбырап шишиген энеси чачын тарап алганга чамасы келбей тамекини буркуратып, бир эркексымал менен олтурган экен. Тимеле каадалуу кишидей, буттарын учкаштырып алган. Тигинисине кыйын сөрөй көрүнөйүн деп жатса керек. Анысы кургаган дарбыздын кабыгындай чүрүшкөн арык, сакал-чачы өскөн жүдөө неме экен, арактан кылгырып калган көздөрүн тостойтуп, деле каадалуу кишидей сөз угуп олтурат. Ортодогу үстөлдө жартылап калган арзан арак, тамекинин буралган көк түтүнү, саңырсык жыт…

Энеси Сергейди кошкөңүл карап коюп каргылданган үнү менен кебин уланта берди:

— … ошентип, ал акмактын чөнтөгүндөгүсүн бүт кагып алдым. Жүрөгүнүн үшүн алып койгомун да. Ал эмне үчүн жыргап жашашы керек да, мен анын баласын багышым керек, куурап. Кудай алдында баарыбыз теңбиз да…

— Ооба сага! Тең имиш, эмне, ага дагы бардыңбы? Ал жакка экинчи баспагын дебедим беле!- Сергей энесин уруп жиберчүдөй ызырынып, кызараңдап кетти. Кеп анын атасы жөнүндө болуп жаткан. Аракеч энеси менен таштап кеткенине таарынып, ата дегенге оозу барчу эмес. Закон, ошол заманда ошондой болчу, баланын энесине дайыма артыкчылык берилчү деген сөздөр жүрөгүнө тургай кулагына да кирчү эмес. Калтырып кеттиби, демек күнөөлүү, эч кечирбейм дечү Сергей.

— Жаагыңды бас, көкмээ! Андан акча кагып албасак экөөбүздү ким бакмак эле?!- энеси кайра ага ажылдады,- Жаман атаңа жан тартпагын дебедим беле!

— Эх, сендей эненин энесин…- Сергей столдун үстүндөгү бөтөлкөнү ала коюп оозунан куркулдатып ичип кирди.

Бөтөлкөнүн көз көрүнөө бошоп баратканына чыдай албай энеси:

— Жетет! Бизге да калтыр, баарын шыпкабай.- деп, тура калып итиреңдеп, баласынын оозунан бөтөлкөнү жулуп алды.

Сергей чакап, бети-башына төгүлүп кеткен аракты жеңи менен аарчып:

— Үлүшүңдү небак ичкен турбайсыңбы, экөөң…- деди жоошуй, чөлдөгөнү кана түшкөн эле. Анүстүнө “коноктун” аны жалтак карап, үнсүз олтурганы шердентип койду. Ага башын жаңсай,- Сен “иштерман” эмессиңби, азыр эле таап аласың да.- деди энесине.

Ал атырылып тура калып, эшик тарапка кол жаңсай:

— Чык эшке! Мээмди көп… – деп, эркекче шыпырылтты.

Болду. Ушунчасында кетпесе энеси азыр калайман сала баштайт. Долу. Бир тамчы арактын артынан өлүп кетет. Ал, ага тим эле мүрөктүн суусундай кымбат. Сергей сыртынан корстон боло мыйыгынан жылмайып, сыртка жай чыгып баратып энесине кайрылды:

— Дегиңкиси, бүгүн менин туулган күнүм.

— Урдум!

— Канчык!- Көңүлү кайт боло түшкөн Сергей эшикти каңк жаап сыртка жөнөдү. Бул, алардын көнүмүш, күнүңкү “жай маектешүүлөрүнүн” бири эле. “Алма дарагынан алыс түшпөйт” деген чын тура, бала — көргөнүн кылат да.

Ачкарын ичкенге арак түз эле мээге чыгып, деңдароо кылып жиберди. “Эчтеме эмес, башталышы дурус, буюрса бүгүн олжолуу болчудаймын, анүстүнө туулган күнүм эмеспи, Кудай берет”.

Күн бир топ салкын экен. Түшкө жакындаса да асман мунарыктап, аба нымдуу. Сергей бешмантынын жакасын көтөрүп, башын ийнине ката шүмшүңдөй “жолукчу жерге” жөнөдү. Беш-алты үй алыс, жети кабат тамдын жертөлөсүн атактуу кинодогу Жеглов айтмакчы ушинтип атап коюшчу. Кай бири сүрдөнтүп “Бункер” деп да койчу, Гитлерчилеп.

Ал, “Бункерге” баш бакканда эле кобурашкан үндөр угулду. Көрсө, алар эжигейдей сары, илмейген “Сабиз” менен семиз “Баклажан” – Гала экен.

— Охо-о! Жакын досторго ысык салам!- Сергей көңүлдүү кирди. Эч ким болбосо эмне кылып, каякка каңгыйм деп санаа тартып келаткан эле. Оңдой берди болду.

— Салам!

— “Жол башчыга салют!

Мындай мактоого Сергейдин мурду дердейе түштү. Ал, кемсинүүнү жек көрүүчү. Дайыма алдыда, биринчи болгонго умтулат. Сыйлабай, жинине тийсең өлдүң, эзели унутпай, эрегишип, кычыктанып турат. Көпчүлүктүн көзүнчө кем сөз айтсаң колуңа өлүп берүүдөн кайра тартпайт. Кашкулактай тиш салган жерин өлсө өлөт, түк коё бербейт. Анын сырын жакшы билишкен курбулары сестенишип, көшөкөрлөнө “жолбашчы” атап, баары кошоматтык жасашчу.

Үчөө чылымдан баштап, анан бир “косяк” нашааны дүрмөттөп, тегерете тартып алышты. Сөздөрү барган сайын күчөп, соңку жаңылыктардан бөлүшүп жатышты. Мээ тумандаткан нашаадан үндөрүн да, болор-болбос нерсеге жертөлөнү башына көтөрө экилене каткырып өзгөчөлөнгүсү, биринен бири өзүн өйдө көрсөткүсү келишет.

Ачкарын арактан, эми чеккен чекишинен алагүү боло түшкөн Сергей курулай кептен тез эле тажай баштады. Анын көңүлүн Гала өзүнө буруп алды. Негедир бүгүн ал сүймөнчүктүү көрүндү. Кымбат баа, жыттуу боёкторду сүйкөнүп алгангабы, же ал да таң атпай арактан атып алганбы экиленип, бүгүн бөтөнчө ажардуу сезилип турду. Анысын “тажрыйбалуу”, эч качан жок дебес шалпык кыз да тез эле баамдап, сырдуу шыңкылдап, улам көздөрүн кадап арбап барат.

— Сабиз,- деди бир маалда Сергей,- бар, дүкөнгө барып келчи. Бир чардайлы, бүгүн менин туулган күнүм!

— Мына, сага!..

— Оо! Куттуктайбыз! ..

Алакан чабыштырып, адаттарынча төш кагыштырып чыгышкан соң Сергей болгон акчасын Сабизге берип:

— Өзүң билесиң, жетпегенин таап ала кел,- деди, анысы карыздайсыңбы, уурдайсыңбы сөзсүз аткаргын дегени эле.

Сабиз кошоматтана антаңдап чыгып кетти. Неден баштаарын билбей дабдаарый түшкөн Сергей чылым күйгүзө баштагыча болбой анын алдына жөөлөй олтуруп, Гала:

— И, баштайлыкпы, же жалгыз калганыңда сүрдөп кеттиңби?- деп, тамекисин оозунан эпчил тартып ала коюп, үстөл үстүнө былчыйта өчүрдү.- Мына, мен, сеникимин, алгын мени…

Сергей мындай ачык абийирсиздиктен иренжий түшкөнү менен намыстанып кетти. Гала дагы бирдемени балп эттирип кыжырына тиймек, бекеринен “Баклажан” эмес да. Анын үстүнө жаш кыздын жыты мурдун өрдөп, делебесин козгоп жиберди: “Тоюп өлбөйт го, шуркуя!” Ал, чапчаң тура калып көзүн сүзө шыңкылдаган Галаны жерден так көтөрүп алды да, бурчтагы тактанын үстүнө баса жыгылды…

Аданды буттары өзүнөн-өзү эле шаардын чыгыш-түштүк жакасындагы унутулган, эски мусулман көрүстөнүнө алып келди. Ар кай жерде дөмпөйүп, кээсинин үстү түшүп, аң болуп калган мүрзөлөр баскан дөбөчөдөгү бул көрүстөнгө көп келе турган. Ал, адам сөөктөрү жаткан жерди аягандай айланып аккан суусу да бар, ээн жер. Жеңдей өзөндүн жээгинде карт-жаш дарактардын топтошуп өскөнү да кызык. Ушунун баары бир бүтүндөй туюлуп, бир көргөн адамды өзүнө негедир тартып турат. Не деген түркүн тагдырлуу адамдардын сөөгү жатат бу жерде, ошондонбу, адамдар биле бербеген кандайдыр бир сырдуу күч болсо керек…

Адан карт эмендин түбүнө чырпык, куурайлардан алачык чүргөп алган. Жайкысын көлөкө, жаз-күздө жаандан тосот. Бул, элдин эсинен небак унут калган көрүстөнгө андан бөлөк эч ким келбейт, ошондон улам алачыгы да дайыма бүтүн. Кайран гана маркумдар! Ушинтип, жакындарына күйүп, айрым элим деп жанын сабагандардын минтип караманча эстен чыгып, адам эмес ит келбес ай-талаада унут калышаарын ойлошту бекен?! Ай, ким билет, баары эле алгы үмүт-тилек күтүшкөндүр, эскеришер деп…

Адан, алачыгына кирип ичиндеги өзү алып келип койгон одеалга оронуп жата кетти. Ачкасынан суук сөөгүнө чейин өтүп, калч-калч этет. Эриндери да титиреп чыккан. Ал, опур-топур, таш боорлугу көп шаар дүйнөсүнөн алыс, ээн жайда дарактардын шуулдагын, өзөндүн жумшак шылдырын, мемиреген жымжырттыкты тыңшап жатканды жактырат. Көпкө келе албай калса кусаланып да кетет. Чалды-куйду жанталашкан машинелердин тынымсыз ызы-чуусу, ашыгып, жөөлөшкөн адамдар, шаардын тажатма шоокуму жетпеген бул тымтырс, ээн жер бейиштей эле сезилет. Көрүстөндөр да ойлуу, унчугушпай мелтиреп терең ойго түртүшөт. Адан алыскы жердеги адамдардын жашоо-турмушу, жылдыздар, алардагы сырдуу тиричилик, өзүнүн келечеги жөнүндөгү таттуу кыялданганды жакшы көрөт. Не деген укмуштуу ойлорго батат дейсиң! Тек, жашоодо башка — супсак, мерес…

Канткен менен калканч эмеспи, алачыкта денеси жибип, Адан катуу титиребей калды. Ачкалыгы эми эсине түшүп, курсагы улам кулдурайт. Эстесе кечээ түштөгү куру нан, карандай чайдан бери наар тата элек экен. Ата-энеси кечинде да адаттарынча кажыша кеткенинен эртелеп эле жатып алган болучу. Бирок, кеп анда эмес. Кеп – Адандын эч кимге керексиздигинде! Бул – ачуу чындык. Анын бул, жарык дүйнөдө бар-жогу менен эч кимдин иши жок. Жок дегенде Кудайдан кийинки эң ыйык делген энеси канымдан жаралган балам деп ийип, мээр төгүп койсо не. Антпейт, каргап-шилеп уу жыландай заарын чачат да турат. Бала үчүн мындан ашкан кайгы барбы! Атасы эле, байкуш, жан тартып, жөжөсүн коргогон тооктой калкалап калгысы келет, же сөзү өтпөйт. Эчтеме эмес, эптеп эки ай чыдаса аскерге кетет. Ал жактан келгенден кийин иштегенди көрсөтөт. Башы менен жер казса да атасын багып, бир туугандарына кам көрүп, жакырчылыктын сазынан сууруп чыгат. Бул дүйнөдө баары бар: күйүмдүүлүк да, жакшылык, бакыт, сүйүү да… Алар жок болсо сан китептерде жазылып, кинолорго тартылмак эмес да. Тек, аларды Адан азырынча кезиктире электигинде. Бактысына сөзсүз жетет!

Атаңгөрү! Москвадан кинорежиссерлукту окуганда эмне, тентимиш көчө балдарынын, деги эле ачуу турмуштун, адам тагдырларынын не бир тайкы жактарын таасындап тартпайт беле! Алардын акырында сөзсүз адилеттик, тереңдик жеңип чыкмак.

Сергей ойгонгондо жанында эч ким жок экен. Жана алдында күчүктөй кыңкыстаган Гала да көрүнбөйт. Башы каңгырап калыптыр. Эптеп туруп, көйнөгүн шымданып, ычкырын тартып жатканда “Сабиз” дагы бирөөнү ээрчитип келип калды жайдактап:

— Жолубуз ой-да сонун болду, жолбашчы. Мына, азыр бир гүлдөйбүз дейсиң!.. Оозун ачкан бир катындын кошелогун менчиктеп койдум.- деп, өзүнчө шерленип да, үстөлдүн үстүнө эки шише арак, төрт-беш пиво, тандыр нан, консерва коюп жайнатып жиберди.

— Жарайсың, Сабиз!- Сергей бир пивону ачып оозунан куркулдата жутуп кирди.

Төбөлүнүн мындай мактоосунан Сабиздин мурду тердеп, ого бетер шадаңдап калды. Жанындагысы Балтек экен. Дайыма балбырап, унчукпай, айтканга көнүп жүрө берет. Башка чапсаң да кың этпейт. Сабиз ага адатынча буйрук берип кирди:

— Ач, консерваны, пивону… Ыстакандарды таап кел!

Үчөө олтурганда Сабиз чоң кишилердей каадалана ордунан туруп Сергейди туулган күнү менен куттуктап көп акча, кереметтүү машина, сулуу катындарды каалап, ыстакан көтөртүп адатынча кошоматтык кылып жиберди. Ичке жинди суу кирген соң айда, кетти: чаржайыт сөздөр, мактанмайлар, көбү ойдон чыгарылган не бир укмуштуу окуялар, кажы-кужу… Эки-үчтөн, жалгыздап, бири угуп-укпай, кай бирлери жөн эле келип-кетип жатып кечке жуук жертөлө күрү-гүү болуп, киши батпай кетти. Алардын деминен, тамекинин, көбүнесе наша кошулган чылымдын түтүнүнөн тумандап эч нерсе ачык көрүнбөй калды. Үп, дем алууга болбой калганда Сергейге кимдир бирөө аянтта дискотека болорун айтып калды. Ансыз деле мээси тумандап, думугуп, урунарга жоо таппай турган Сергейге шылтоо табылып:

— Кеттик, дискотекага! - деп, баатырсынып ураан салып жиберди,- Бириңер да калбагыла, баарыбыз барабыз! Туулган күнүмдү ошол жерден сайрандайбыз!

Алагүү болуп алган аркошкон кыз-балдар ураалап, чакырыкка кошуларын ырастап ызы-чуу түшүп, кажылдаша топурап сыртка сүрүлдү. Келечекти кой, эртеңкисин ойлобогон мээси туман жаштарга азыркы эрмек, күнү эптеп өтсө болду эле. Биринен экинчиси мыкты көрүнүп, каракүчкө өзгөчөлөнгүсү келет, анткени алардын мактанарлык билими да, акыл-дарамети, жетишкен ийгилиги да жок, парасаты көңдөй, бош болучу.

Адан чүпүрөккө чүмкөнүп жатып, жылуулуктан магдырап кеткен экен. Чочуп ойгонгондо караңгы кирип калыптыр. Шаар оту, жылдыздардын жылтылдаганы болбосо айлана көрүнбөйт. Чыкыроон. Адан не кыларын билбей уйкусурап бир аз жатты да тура жөнөдү. Жанындагы мүрзөлөр, жыла баскан караңгылык, коогалуу ойлор анан алсыраткан ачкачылык Аданды шаарга айдады. Канткенде да адамга адамдын карааны, чөйрөсү керек. Жалгыздык убактылуу зарылдык гана.

Алыстан музыканын үнү угулду. “Бүгүн ишемби, дискотека болот эмеспи. Кайрыла кетейин, мен баргычакты ата-энем да уктап калышар…” деген Адан шаар борбору тарапка бет алды. Жаш эмеспи, улам катуулап чыккан музыка, бурала бийлеген бейтааныш ажарлуу кыздар, шатыра-шатман шаңдуулук аны азгырып, ашыктырып жатты. Анүстүнө аны жол карай күткөн, эстеген эч ким жок. Бары-жогу баары бир.

Түнкү салкында колдорун колтугуна катып, башын ийнине ката үшүп келаткан Аданды аянтка жакын тар көчөнүн кесилишинен капыл-тапыл чыга калган топ балдардын бири күтүүсүз кежигеден алды:

— Сен эмне, сарооз, байкелериңе жол бербейсиң? Я?! Шашып баратасыңбы? Бийге барганды сага ким коюптур, котур?

— Ушул кейпи менен бийлеген жүрөбү, я? Ха-ха-ха!

— Хи-хи…

— Чөнтөгүн аңтар, кыздарга акчасы бар бекен деги…

Узун бойлуу, албеттүү неме Адандын мойнун мыжый кармап, жерге басты эле кыңкыстай тизе бүктү. Ичине катуу муш тийди. Бирүү чөнтөгүнө кол сала баштады. Адан эсин жыйып жулунуп чыгып качмакчы болду эле, тиги бутун тосо койду. Адан чалынып, көмкөрөсүнөн жыгылды. Кайра тура калмакчы болгондо жанагы албеттүү неме бетке катуу муштап жиберди. Адандын көзүнөн от чагылып, жаагына тийген муштан эбелектей ыргып, чалкасынан кетти. Баары тапыратып туш-туштан тепкилеп киришти…

Адан качан эсине келгенде көчө жээгиндеги арыкта жатыптыр. Кыязы бир топ жаткан көрүнөт. Түн коюу. Эч ким жок, көчө ээн. Музыка эле шаңдуу.

Адан теңселип ордунан эптеп турду. Оозу калбайып, ачышат. Ооз ичи канга толуп кетиптир. Түкүрүнүп алды. Башы зыңылдайт. Шүмшүктөр аябай ийлешкен экен. Денеси катуу жанчылыптыр. Жан тарткан эч кимдин жоктугуна катуу ызаланып кетти. Эмнегедир эсинде ата-энеси, кичинекей бир туугандары, дөмпөйгөн мүрзөлөр – баары бир заматта тартылып өттү. Алардын, деги эле адам аттуунун ага бир кайрымы жок. Жаны ачышып чыкты. Кордоолорго, кемсинүүлөргө, жакыр турмушка, деги эле жашоого катуу нааразы болуп кетти. Ушундай ит жашоонун кереги барбы?! Качанкыга чейин алда неден курулай үмүтөтүп, тилек этип жүрө берет? Жетишет! Мындан ары чыдоого мүмкүн эмес! Бүттү!

Адан күрсүнө кыжынып, чөнтөгүндөгү сары саптуу, колго жасалган узун макисин алып чыкты да, жаагын ачып дискотека өтүп жаткан аянт тарапка жөнөдү. Жанагыл зөөкүрдү! .. Болду болбоду ал ошол жакта.

Күндүзгүдөй жаркырап, опур-топур түшүп бийлеп жатышкан жаштардын чети көрүнө бергендө алдынан төрт-беш караан чыкты. Кылыктанган кыздардын да үнү чыгат. Алар жакындай келгенде бири:

— Ой, Сергей, мынабул жанакыл баатырыбыз го?- деп, жасакерлене каткырып калды.

— Чын эле, Сабиз, кач, ал сенден өчүн алганы келатат! Ха-ха!..- деп, шылдыңдай каткырган үндү Адан жазбай тааныды. Ал, жанагыл, мойнун мыжып, жерге ныгырган албеттүү неменики болучу. Бетмаңдай келе түшкөндө ал көнүмүш адатынча дагы кежигеден алмакчы болуп колун суна берди эле Адан саал эңкейе калып анын көкүрөк тушуна макисин катуу шилтеп калды. Колу тайып барып тигинин былкылдаган ичине урунуп, ошол замат ысык суюктукка толо түштү. Кан!

— Ык!.. энеңди…- Бычак жеген Сергей колдору менен ичин басып, чөк түшүп калды. Жанында келаткандар эмне болуп кеткенин түшүнбөй деңдароо болуп токтой калышты да:

— Аа-а!..

— Өлтүрдү-ү-ү!

— Милиция!

— Качкыла-а! - деп туш-тушка чачырады.

Жер тизелеген Сергей турам деп, теңселе барып кыңкыстай капталынан жыгылып кетти. Эсин жогото түшкөн Адан нес болгонсуп ага жетип барды да чалкасынан кулач жайып жаткан Сергейдин үстүнө шак мине калып туш келди үстөккө-босток бычак уруп кирди.

— Ме! Ме, сага! Кыйынсыңбы? ! Кана, көрсөтчү! .. Тажатып бүттүңөр! .. Тойдум!..- Ал, тагдырындагы бардык ызасын, көкөйүнө көк таштай жыйылган өкүтүн жалгыз Сергейден чыгарып жатты…

Аянтта шаңдуу музыка жаңырат…




Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 04 Июл 2025 11:56

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: