Суперстан: Канткенде баламды туура тарбиялайм? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Үй-бүлө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (12 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Канткенде баламды туура тарбиялайм? Кыргызда бала тарбиясы же бала тарбиялоодо сунуштар

#161 Пользователь офлайн   LEDI7MERI   09 Ноябрь 2014 - 03:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 302
  • Катталган: 08 Май 14
  • Соңку аракети: 30 Май 2015 16:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Токмок-Москва

janym-90 , күйөөм метиз.Папасы кыргыз,мамасы орус. Ошондуктан кызым орусча сүйлөп калды. Кийин Кыргызстанга кетсек кыргызча сүйлөсө керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#162 Пользователь офлайн   Kg.lady   16 Ноябрь 2014 - 20:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Бардык эле ата-энелер уул-
кыздарынын адептүү жана
чынчыл болуусун каалашат.
Бирок көпчүлүгү эртеби, кечпи
баласынын калп айтып
жатканына күбө болушат.
Мындай абалда Эмне кылуу
керек? Жанына таш батып калп
айтып жатканына эмне себеп
болду? Мындай адатты кимден
үйрөндү болду экен? деген
түркүн суроонун тегерегинде ой
жүгүртүп башташат. Эмесе, ата-
энелерди ойлонткон бул
маселеге мындайча жооп
беребиз.


Баланын калп айтуусунун
себептери жана түрлөрү
Оюн жана фантазия калпы.
Балким, уулуңуз же кызыңыз
мультфильмдеги каармандардын
образынан таасирленип досторуна
«менин үйүмдө аюу бар», «мен
ракетага түшкөм да», «менин
принцессаныкындай алтын таажым
жана сыйкырдуу таягым бар» деген
сыяктуу сөздөрдү айтып жатса, аны
калп деп таанууга болбойт. Бул
баланын дүйнө таанымынын,
фантазиясынын өсүп
жаткандыгынан кабар берет.
Манипуляция калпы. Баланын өзү
айткан сөздү тастыктай албай
калганда окшоштуруп бир нерсе
айтып коюусу. Мында оюнубу же
калпыбы айырмалоо кыйынчылык
туудурат. Ошондой эле бул калпта
бала өзүнө башкалардын көңүлүн
бурдуруу максатын көздөйт.
Коркуудагы калпы. Көп учурда
балдар кылып койгон күнөөлүү иши
үчүн ата-энесинен жазалайт го деп
коркуп ойлоп тапкан болмуштары.
Же ата-энесинин тыюу салуусунан
улам оюндагысын кылууга
мүмкүнчүлук болбой калганда
жалган сүйлөөнү ойлоп табат.
Баланы көп уяткара берсеңиз, назик
көңүлү сынып калган бала экинчи
ирет да уятка калбайын деп
калптарды ойлоп табууга мажбур
болот. Ошондой эле ата-эне
мээриминен алыстатып, анын ой-
максаты менен бөлүшүп
сырдашпасаңыз, жан дүйнө
жалгыздыгынан өзүн-өзү сооротуп
калптын түрүн айта баштайт.
«Сиздики да, аныкы да туура»
калпы. Үй-бүлөлөр чатакташканда
же туугандары менен араздашканда
оор психикалык абалга кабылган
баланын айткан калпы. Мисалы,
кайнене менен келин тил табыша
албаса, экөөнү тең бирдей жакшы
көргөн кичинекей бала чоң апасын
да, апасын да кыя албай, өз оюн
айта албастан “ооба, сиздики да,
аныкы да туура” деп жалган
сүйлөөгө мажбур болот.
Чоңдорду туурап жалган айтуусу.
Көпчүлүк убакта чоң адамдар
кичинекей балдардын көзүнчө
жалган айта беришет. Ал эми
айрымдары кайсы бир шарттарда
баланын калп айтып коюусун
суранып үйрөтүшөт. Маселен, сиз
үйдө олтуруп алып сизди издеп
келген кишиге балаңыздан “жок”
дедиртип, балаңыздын бул
тапшырмаңызды аткарганы үчүн
сүйүнбөңүз. Эртең мындай калпты
ал сизге айтат. Демек, бала калп
айтып жатам деп эмес, пикир
алышуунун формасы катары кабыл
алып, сизди туурап калыптана
баштайт.
Өч алуу калпы. Кээ бир балдар
ата-энеси менен көп урушат. Анын
оюнча, апасы же атасы аны
таптакыр сүйбөй калгандай сезилет.
Алардан өч алуу максатында андан
ар кандай жалган сөздөр чыга
баштайт.
Мотиви жок калп айтуу. Бул өтө
коркунучтуу адат. Анткени бала дем
алган сыяктуу эле ойлонбой туруп
жалган сүйлөй баштайт. Мындай
учурда атайын балдар психологуна
кайрылып, адис менен иш алып
баруу керек.
Калп сүйлөп жаткан баладагы
белгилер:
Көзүңүздү тике карабастан, туш
тарапты карап кареги бир орунда
болбойт;
Колун оозуна салып, тынч абалда
боло албайт;
Сүйлөп жатканда жөтөлүмүш боло
берет;
Мурдун чукуйт же жакасын
кармалайт;
Көзүн улам-улам ушалай берет.
Ата-энелерге кеңеш:
Кылган күнөөлөрү үчүн кимдир
бирөөдөн коркпоого үйрөтүңүз;
Ишеним бериңиз. Кандай болгон
күндө дагы ата-энеси, жакындары
уяткарбастан, түшүнүү менен мамиле
кыларына бала ишениши керек;
Бала чоңойгон сайын анын ар
кандай элестетүүлөрү жөн гана
жомок экендигин ата-энеси
акырындык менен түшүндүрүп
турушу зарыл;
Чоңдор өз кызыкчылыгына карап
баланы калп айтууга үндөбөөсү
керек;
Кичинекей баланын жалган айтып
жатканын эне-атасы туйса, бул
жаман адат экенин ага жалгыз
отургузуп алып түшүндүрүшү шарт;
Ар кандай каалабаган ишти “кыл”
деп мажбурлабоо кажет;
Баланын ички каалоосун ата-энеси
терең түшүнүп, туура мамиле
жасоого аракеттениши абзел;
Өзгөчө 3-5 жаштар аралыгындагы
жана өткөөл жаш курагында
балдардын көпчүлүгү тышкы
таасирлерден улам калп айтууга
мажбур болушат. Убагында туура
багыт бере алса, бул өнөкөт адатка
айланбайт.

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#163 Пользователь офлайн   sister   17 Ноябрь 2014 - 12:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Тарбия маселесинде жуз адам эки жуз же андан да коп кенеш беруусу мумкун. Алардын ичинен эн туурасы баланын кыялына жараша тарбиялоо (муну шарият уйротот). Анткени кээ бир балага айткан эле жетиштуу, кээ бирооно катуу айтуу зарыл, кээ бироо камчысыз тушунбойт. Бирок баланы тарбиясыз калтырган болбойт - праведность от Аллаха, воспитание от родителей, ата - эненин эн башкы милдети тарбия беруу, ал тарбиянын 90% эненин мойнунда. Булактан чыккан сууну арыка буруп, жер суугарганга жумшаса кандай пайда алып келет. Жон эле агызып ийсе агып барып жерге синип, же ташкындаган суу болуп бир нерселерди жууп кетет. Ошондой эле баланын тарбиясы - жакшы нукка бурсаныз жакшы болуп чыгат. Бирок баланы жакшыга ундош учун озубуз жакшы болушубуз керек. Бала менен ойноп корсонуз: "кол" - дегенде колунду ойдо которосун, "бут" дегенде бутунду которосун, "отур " - дегенде отурасын, "тур" - дегенде турасын" - деп, озунуз "бут" - деп туруп отурсаныз баланыз дагы отуруп алат, же "кол" - деп туруп тура берсениз баланыз дагы тура берет. Жыйынтык : бала коргонун жасайт, айтканды коп уга бербейт. ошондуктан англичандар айткандай: "сначала воспитай себя, потом воспитывай детей".

brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#164 Пользователь офлайн   aijan   17 Ноябрь 2014 - 13:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения sister (17 Ноябрь 2014 - 12:02) жазган:

Тарбия маселесинде жуз адам эки жуз же андан да коп кенеш беруусу мумкун. Алардын ичинен эн туурасы баланын кыялына жараша тарбиялоо (муну шарият уйротот). Анткени кээ бир балага айткан эле жетиштуу, кээ бирооно катуу айтуу зарыл, кээ бироо камчысыз тушунбойт. Бирок баланы тарбиясыз калтырган болбойт - праведность от Аллаха, воспитание от родителей, ата - эненин эн башкы милдети тарбия беруу, ал тарбиянын 90% эненин мойнунда. Булактан чыккан сууну арыка буруп, жер суугарганга жумшаса кандай пайда алып келет. Жон эле агызып ийсе агып барып жерге синип, же ташкындаган суу болуп бир нерселерди жууп кетет. Ошондой эле баланын тарбиясы - жакшы нукка бурсаныз жакшы болуп чыгат. Бирок баланы жакшыга ундош учун озубуз жакшы болушубуз керек. Бала менен ойноп корсонуз: "кол" - дегенде колунду ойдо которосун, "бут" дегенде бутунду которосун, "отур " - дегенде отурасын, "тур" - дегенде турасын" - деп, озунуз "бут" - деп туруп отурсаныз баланыз дагы отуруп алат, же "кол" - деп туруп тура берсениз баланыз дагы тура берет. Жыйынтык : бала коргонун жасайт, айтканды коп уга бербейт. ошондуктан англичандар айткандай: "сначала воспитай себя, потом воспитывай детей".


Кошулам +1.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#165 Пользователь офлайн   vankuver.   12 Декабрь 2014 - 12:41

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 925
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2018 16:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер

Өспүрүмгө 6 суроо берип, келечектеги кесибин аныктаңыз

.
Балдарыбыздын коомдо өз ордун таап, келечекте татыктуу кесиптин ээси болуусун баарыбыз эле каалайт эмеспизби. Кээ бир балдар аң- сезими калыптанып калгандан баштап өздөрү эле келечекте кандай кесиптин ээси болгулары келгенин тактап алышат. Ал эми айрымдары эки анжы ойдо болуп бир жыйынтыкка келе албай кыйналышы мүмкүн. Бул көйгөйдү оңой эле чечүүгө болот, болгону балаңызга жети суроо узатыңыз.
.
Өспүрүмгө 6 суроо берип, келечектеги кесибин аныктаңыз
.
1- Өндүрүш тармагында жөндөмдүүлүгүн текшериңиз
"Уулум, сени текшерүүчү же эсептегич тармагына байланышкан жумуш кызыктырабы? " Бул суроо менен сиз, анын өндүрүш ишиндеги жумуштун белгилүү эрежелерин байкоого кызыгы бар же жок экендигин аныктай аласыз.
.
2- Балаңыздын жеке кызыгусуна байкоо салыңыз
"Сага каржы тармагында иштеген жагабы же музыка менен алектенгенби? " Айырмасы таптакыр эки башка кесипти салыштырууда сиз, балаңыздын кызыккан тармагына кошумча маалымат ала аласыз. Эгер ага каржы иштери жакса, анда аны башка кесиптин ээси болууга көндүрүү оңойго турбай тургандыгын билесиз. Ал эми музыканы тандаса, анда каржылык тармакка байланыштуу кесиптердин тизмесин чийип сала берсеңиз болот.
.
3- Тобокелчиликке бара турган кесипке канчылык кызыгаарын сураңыз
"Тобокелчиликке бара аласыңбы?" Анткени кээ бир кесиптер тобокелчиликке барууну талап кылат. Маселен ишкерлик кесип.
.
4- Аналитикалык жөндөмдүлүгү барбы?
"Сени тартипсиздик ачуулантабы? " Эгер "ооба" деп жооп берсе, анда ага аналитикалык кесип туура келет жана кандай аналитик болоорун ал озу эле айтып берет.
.
5- Илимий ишмердүүлүккө кызыгабы?
"Сага илим тармагындагы жетишкендиктер кызыктырабы? " Бул суроого жооп алуу менен сиз балаңыз тууралуу көптөгөн суроолорго андан ары жооп ала аласыз.
.
6- Чыгармачылыкка жөндөмдүүбү?
"Сага бир гана эреженин сызыгынан чыкпай иштеген муктаждык өзүнө тартабы?" Бул суроого "ооба" деген жооп алсаңыз анда балаңыз абдан сезимтал экен деп билиңиз жана өтө аяр мамиле жасаңыз.
Жогорудагы суроолорго алынган жооптор ылайык аз болсо да келечекте балаңыз кандай кесиптин ээси болоорун болжолдоп каласыз.


Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.


Али.Р.А

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#166 Пользователь офлайн   DNurgiza   13 Декабрь 2014 - 10:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 682
  • Катталган: 07 Февраль 14
  • Соңку аракети: 05 Дек 2021 13:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Каракөл

болоор бала богунан дегендей. Баланын озунон ж.а канынан да болот.
“Адамдын акылдуулугу айткан жообунан эмес, берген суроосунан билинет”.
Гостон де Левис
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#167 Пользователь офлайн   Nariste...12   13 Декабрь 2014 - 14:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 794
  • Катталган: 01 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 22:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Менин чон балам, " чон энесине, мен кийин иштеп айлык алганда, сизге эмне алып берейин"- деп сурай берет экен. Ошентип айтаса, аябай суйунуп калам.
Ал эми биз коптон бери талаада жургон учун, балдарым Чон энесинде. Чон энеси тарбиялап жаткан учуру. Негизи баланы андай кыл, мындай кылба, деп мин жолу айтсак деле , ага анча маани бербейт. Бирок озубуз ар бир кыймыл аракет, журум-турумубуз, суйлоо речибиз менен да баланы тарбиялап жатканбызды унутпашыбыз керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#168 Пользователь офлайн   Kg.lady   18 Декабрь 2014 - 15:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

“Тарбиянын баары жакшы,
жаман бала кайдан чыгат?”
дегендей, ар бир эле ата-эне
баласынын татыктуу адам
болуп чоңоюшун каалайт.
Ошентсе да эмнегедир баары
ойдогудай боло бербейт.
Эмнеге? Жоопту төмөндөн
издейли...


1. Тамашалар жардамга
келет!

Өзүңүздү эркин таштаңыз. Эгер
сиз балаңыз менен
тамашалашып сүйлөшсөңүз, ага
социалдык жактан ийгиликке
жетүүгө жеңил болот. Ата-эне
балдары менен тамашалашып,
ойноп турса, бала
чыгармачылык жактан эркин ой
жүгүртүп, стресс менен күрөшүү
үчүн жаңы досторду таба алат.
Ошондуктан балдарыңыздын
астында маскарапоз болуудан
тайманбаңыз, бул үчүн алар
сизге ыраазы болушат.
2. Дайыма позитивдүү
болуңуз!

Балдарына негативдүү эмоция
менен мамиле жасаган ата-
эненин балдары да агрессивдүү
болуп калышат. Бул өтө жаман
көрүнүш. Себеби, 5 жаштагы
агрессивдүү бала, кийин
чоңойгондо да адамдарга
жаман мамиле жасай баштайт.
Андыктан, эгер сиз балаңызга
ачууңузду келтирген ата-эне
болсоңуз, тезинен өзүңүздү
оңдоңуз.

3. Балдарыңызды мактап
туруңуз!

Эгер балаңыз сабактан жакшы
баа алып же дагы башка ушул
сыяктуу жакшы жумуштарды
аткарса, аны мактап, ушундай
болгон туура экендигин
түшүндүрүп туруңуз. Ошондой
учурда мактоо уккусу келген
бала көбүрөөк жакшы иштерди
жасаганга аракет кылып калат.
4. Балдарды бош коё
бериңиз!

“Антпе, минте, тийбе, жөн!” деп
балдарды уруша берсе, ал
баарын тескерисинче жасайт.
Ошондуктан баарын тынч сөз
менен түшүндүрүңүз. Ошондой
эле балага улам акыл үйрөтө
бербей, өзүңүздү эле үлгүлүү
алып жүрсөңүз, бала ата-энесин
көрүп эле чоңоё берет.

5. Ар дайым никеңерди
бекемдеп тургула!

Бала төрөлгөндөн кийин ата-эне
ажырашып же урушуп-талаша
беришсе, баланын уйкусу
бузулат. Изилдөөлөргө таянсак,
никедеги маселелер кичинекей
баланын психологиялык жактан
өсүшүнө дагы тоскоолдук
кылат. Эгер 9 айга чейинки
наристенин үйүндө ызы-чуу көп
болсо, ал 18 айга жеткенде уйку
бездеринде олуттуу маселелер
жаралат.

[b[6. Өзүңүздүн психикаңызга
кам көрүңүз![/ b]
Эгер сиз өзүңүздүн депрессияга
түшүп баратканыңызды
байкасаңыз, дароо дарыгерге
кайрылыңыз. Болбосо сиздин
мындай маанайыңыз балага
дагы терс таасирин тийгизет.
Изилдөөлөр депрессияда
жүргөн энелер балдарын
жакшы бага алышпайт жана
алардын ыйлаганына
кыжырданышаарын көрсөткөн.

7. Апалар, уулдарыңыздар
менен сылык болуңуздар!

Апалар кыздарына
салыштырмалуу балдарына
жакшыраак тарбия берип, алар
менен болгон мамилеге
көбүрөөк көңүл буруулары
керек. Жалпы жонунан
айтканда, кыз деле, бала деле
жардамга муктаж учурда
апасына кайрыла ала тургандай
болуусу кажет.

8. Балага басымдуулук
кылбаңыз!

Баланын ар бир жасаган туура
эмес иши үчүн аны жазалап,
үркүтүп-коркута берүү туура
эмес. Мындай учурда бала ата-
энесинен көп нерсени
жашырып, жаман жолдорго да
кетип калышы мүмкүн.
Ошондуктан балага түшүнүү
менен мамиле жасап, анын
досунун ролун аткарыш керек.

9. Идеалдуулукка
ашыкпаңыз!

Идеалдуу эч ким жок.
Дегенибиз балдарымды
идеалдуу кылам деп эле аша
чаап кетпеңиз. Себеби,
балдарга жаштайынан идеалдуу
болууга аракет кылдырып
көндүрүп койсоңуз, алар
коомдо кысынып жүрүп
калышат. Анткени, алар
баардыгы туура болуш керек
деген ойдо, бир нерсе туура
эмес жасап алышса, өздөрүн
жаман сезип калышат.
Ошондой эле дайым
тынчсыздануунун үстүндө
жүрүшөт.

10. Балдарыңызды туура
түшүнүңүз! [

Баардык эле ата-эне тарбиялоо
жолдорун мыкты билем деп
ойлошот. Ошондуктан китепте
жазылган эрежелер боюнча
балдарды тарбиялай
башташат. Негизи ар бир адам
ар башка болгон сыңары, ар
бир бала дагы ар башка жана
ар кандай психологияга ээ.
Ошол себептен сиз алгач
балаңызды жакшылап түшүнүп
алып, ошого жараша тарбия
бериңиз.

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 18 Декабрь 2014 - 15:47


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#169 Пользователь офлайн   Vazir   07 Январь 2015 - 04:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 439
  • Катталган: 21 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 10 Мар 2024 08:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:США

Жогоруда абдан коп жакшы пикирлер айтылган, жана мен алардын созун кубатайм, кошумчалай кетким келет, Баланы Татыктуу Аял тандоодон баштап тарбиялап баштайсын.
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!

Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!


forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#170 Пользователь офлайн   aqua-94mema   10 Апрель 2015 - 13:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Бүгүн бала кечээгиден
таптакыр башкача болот
Биз балдарыбыздын кандай өсүп жаткандыгын
майда-баратына чейин байкай бербейбиз, анткени
биз аларды күндө көрөбүз. Бирок алар биз ойлогон-
дон алда канча тез өсүшөт. Дүйнөгө белгилүү өнүгүү
психологиясы боюнча адис, швейцариялык профес-
сор Жан Пиаже өзүнүн үч баласынын өнүгүүсүнө
байкоо жүргүзүү аркылуу өнүгүү фазаларынын тео-
риясын түзгөн. Анын китебин канчалык көп окуган
сайын, туура билим берүүнүн жана баланын ар бир
өнүгүү баскычында чөйрөнүн маанилүү экендигин
дагы жакындан сезип жатам.
Пиаженин байкоолору боюнча, жаңы төрөлгөн
бала оозуна салган нерсенин баарын сорот, бирок
төрөлгөндөн 20 күн өткөндөн кийин сүт гана ичет,
аны көшөрүп талап кылат.
Үч айдан кийин балада бир нерсени кармоо каа-
лоосу өнүгө баштайт, бир нерсеге мисалы, керебет-
тин үстүндө илинип турган кездемеден жасалган
куурчакка тийгиси келет, муну ал абдан каалоо, ка-
нааттануу менен жасайт. Ал эми 1,5 жашка келгенде
бул бала, эгерде колу сунуп жетпей жатса, таяк ме-
нен жетсе болорун биле алат. 2 жаштан кийин сөз-
дөрдү абстракттуу маанилери менен байланыштыр-
ганга аракет жасайт, бирок аларды өзү түшүнгөндөй
кабылдайт. Мисалы, “эркек” деген сөздү өзүнүн ата-
сы менен гана байланыштырат же “жаанды” көчөнүн
четиндеги гүлдөрдү сугарган машина менен салыш-
тырышы мүмкүн.
Бала акыл жана физикалык жактан да ыкчам
өнүгөт. Ошондуктан анын өнүгүшү ар бир баскычта
шыктандырылып турушу керек. Ата-эне балага эң
жакын адамдар катары ага эмне керек, качан керек,
кызыгуусу кайсы багытта өнүгүп жаткандыгын өтө
кылдаттык менен байкап туруусу зарыл. Чет тилин
үйрөнүү үчүн туура убакытты тандап алуу зарыл, ба-
ланы кенже куракта өнүктүрүүнүн ар бир этабында
туура келген убакыт бар.
Мисалы, бала басканды үйрөнүп калгандан кийин
роликте жүрүүнү үйрөтүү өтө эле татаал, басканды
жаңыдан үйрөнө баштаган мезгилде үйрөтсө, эки ай-
дан кийин андан мыкты фигурист чыгат.
Америкалык психолог Макгроу эки эгизге экспе-
римент жүргүзгөн. Ал бирөөнө 11 ай, экинчисине 22
ай болгондо коньки тепкенди үйрөткөн. Жыйынтыгы
бири-биринен таптакыр айырмаланган: эрте үйрөн-
гөн баланын жетишкендиктери экинчисинен алда
канча жакшы болгон.
Бүгүнкү күнгө чейин тигил же бул көндүмдү үй-
рөтүү азырынча эрте деп отуруп “мыкты мезгилди”
өткөрүп жиберебиз да, балдардын жашоосун татаал-
даштырабыз.
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#171 Пользователь офлайн   aqua-94mema   10 Апрель 2015 - 13:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Бир карын майды
бир кумалак чиритет –
бул балдарга да тиешелүү
Мен эмнени айткым келип жатканын түшүнүүңүз
үчүн бир окуяны айтып берейин. Жаш адисти чет өл-
көгө иштеп келүү үчүн жөнөтүшөт, анын аялы болсо
жаңы төрөлгөн кызы менен Тохокудагы өзүнүн ата-
энесине барып жашап калат. Чоң атасы менен чоң
апасы небересин абдан жакшы көрүшөт, аны менен
көп ойношуп, сүйлөшүшөт. Бир жылдан кийин кыз-
дын атасы сапардан кайтат, аялы менен кызы кай-
радан Токиодо жашап калышат. Ал убакта алардын
кызы сүйлөө үчүн абдан кичинекей эле. Бирок ал
сүйлөй баштаганда ата-энеси таң калышат: алардын
кызы сүйлөгөн сөздөрдүн бардыгы Тохоку диалекти-
синде эле. Бул окуяга таң калышат, анткени үй-бүлө-
нүн бардык мүчөлөрү кадимки жапон тилинде сүй-
лөшөт, кыз гана диалект менен сүйлөйт. Ал тургай
бир нече жылдан кийин кыз мектепке барганда да
Тохоку акцентинен арыла албай жүрөт. Көрсө, бала
сүйлөй баштаганга чейин эле баланын мээсинин ка-
налчаларына жайылган экен. Издер түшүп калгандан
кийин аны өчүрүп, жаңысын кайрадан салуу абдан
кыйынга турат.
“Бир карын майды бир кумалак чиритет” деген-
дей, балдардын кенже курагында тийген таасирлер
өмүр бою өчпөс изин калтырат. Андыктан бул таа-
сирлердин туура болушу үчүн ата-энелер болгон
күч-аракетин жумшашы керек.

Шыктанткычтары
жок бөлмө балага зыян
Дубалдары жана шыптары таптаза, аппак, сырткы
үндөрдөн таптакыр обочолонгон бир бош бөлмөнү
элестетиңиз. Кайсы бир эне бул жаңы төрөлгөн бала
үчүн идеалдуу шарт деп түшүнүшү мүмкүн. Чындыгын-
да мындай атрибуттардан таптакыр куржалак бөлмө
бала үчүн пайдасыз эле эмес, зыяндуу да болуп саналат.
Америкада профессор Брунер тарабынан жүргү-
зүлгөн эксперименттер баланы курчап турган сырт-
кы чөйрө кичинекей баланын интеллектине таасир
этерин көрсөттү. Ал аны төмөндөгү изилдөөлөрү ме-
нен далилдеди. Алгач жаңы төрөлгөн балдарды эки-
ге бөлдү, биринчилерди эч кандай шыктанткычтары
жок бөлмөгө, экинчилерди болсо түстүү, гүлдүү ду-
бал кагаздары, түстүү шыптар, ала-була жабуулар
менен жапты, ал жакта терезеден дарыгерлердин,
медайымдардын иштегендери көрүнүп турду. Ал
тургай бул жерде музыка ойноп турду.
Мындай шартта эки топтогулар тең бир канча ай
тарбияланышты, мындан кийин алардын интеллек-
туалдык өнүгүүсүн аныктай турган тестирлөө жүргү-
зүлдү. Ар бир балага жылтыраган буюм сунушталды,
ал буюмга жетүү үчүн короткон убактысы боюнча
балдардын өнүгүү деңгээлин аныкташты. Жыйын-
тыктар ортодогу айырманы так көрсөттү: шыктан-
дыруучу чөйрөдө чоңойгон балдардан бош бөлмөдө
чоңойгон балдардын интеллектуалдык деңгээли үч
айга артта калган.
Бул үч айлык артта калуу өтө олуттуу, анткени
баланын төрөлгөндөн 3 жашка чейинки өнүгүүсү
өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша 4 жаштан 17 жаш-
ка чейинки курактагы өнүгүүгө дал келет. Ошол эле
мезгилде, окумуштуулардын ою боюнча, балага туу-
ра тарбия берилсе, бул артта калууну жоюуга болот,
бирок бул аракеттенүүнү, кичинекей балага басым
жасоону талап кылат.
Мындай изилдөөлөр профессор Брунер тара-
бынан гана эмес, башка көптөгөн психологдор та-
рабынан да жүргүзүлгөн. Жыйынтыктар сырткы
шыктандыруулардын болушу же болбошу жөндөм-
дүүлүктөрдүн өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизе-
рин көрсөттү.
Шыктандыруунун көптөгөн түрлөрү, көбүнчө ин-
теллектти өнүктүрүүгө таасирин тийгизүүчү түрлөрү
тыкыр иликтенген. Көптөгөн ыкмалар сынактан өткө-
рүлгөн: термелүүчү бешик, кыл калемдер, ачык түс-
түү бүйүрмөлөр, жылтыраган топтор, түстүү дубал
кагаздары ж.б.у.с.
Кенже куракта өнүктүрүү жаатындагы изилдөө-
лөр менен алектенген Гарвард университетинин пси-
хологу профессор Уайт, эгерде баланын өсүшү үчүн
төрөлгөндөн тартып эле ар кандай шарттар түзүлгөн
болсо, анда бул интеллекттин калыптанышына олут-
туу таасирин тийгизет деп эсептейт.
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#172 Пользователь офлайн   aqua-94mema   10 Апрель 2015 - 13:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Балага эч күтүлбөгөн
нерселер таасир этет

XIX кылымдын улуу математиктеринин бири
Карл Фридрих Гаусс болгону 8 жашында арифмети-
калык катарлардын суммасы формуласын ачкан.
Гаусстун атасы окумуштуу болгон эмес. Ал жөнө-
көй таш уста болгон. Дубалдарды, каминдерди курган,
көп эле жолу баласын жумушка ээрчитип барган. Гаус
атасына кирпич алып берип, аларды санаган. Гаустун
математикалык жөндөмдүүлүгү ошол кенже куракта
калыптанып калган көндүмүнөн улам ойгонсо керек.
Кенже курак – адамдын жашоосундагы кабыл-
доо сезимдери курч болгон мезгил. Ата-эне үчүн эч
маани-маңызы жоктой сезилген нерселерди бала
ушунчалык сезимталдык жана күч менен кабылда-
шы мүмкүн, ал тажрыйба анын кийинки жашоосунда
негиз катары каралышы ыктымал.
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#173 Пользователь офлайн   aqua-94mema   10 Апрель 2015 - 13:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Бала китептеги сүрөттөрдөн чоң кишилер окуп жаткандагыдан
таптакыр башка окуяны түшүнүшү мүмкүн

Чоң кишилер менен баланын ортосундагы ка-
былдоонун айырмачылыгы чогуу отуруп сүрөттүү
китеп же жомок окуп жатканда даана байкалат. Кен-
же курактагы балдарга билим берүү боюнча алгачкы
ачылыштарды жасаган улуу италиялык айым Мон-
тессори өзүнүн китебинде кичинекей баланын жү-
рүм-туруму боюнча мисалды келтирет. Апасы бир
жарым жаштагы баласына ар кандай айбанаттардын
сүрөтүн жана мергенчилик көрүнүшүн берет.
Бала Монтессори айымга сүрөттү берет да, ба-
ланын тили менен “машина”, “машина” деп кайталай
берет. Ал машинага окшош эч нерсе көрө албаган-
дыктан, “Бул жерде машина жок?” – деп, балага су-
роолуу карайт. Бала ишенимдүү түрдө: “Мына”, -деп
сүрөттү колу менен көрсөтөт. Ошондо гана Монтес-
сори сүрөткө кунт коюп карайт. Сүрөттө ит, мерген-
чи, ат, анан арткы фондо машинанын жолуна окшош
сызыкча, анда бир чекит бар экендигин көрөт. Бала
чекитти колу менен көрсөтүп: “Машина”, - дейт.
Чындыгында эле бул кичинекей машина экен.
Монтессори айым дагы бир мисалды келтирет. Бир
жарым жаштагы эркек балага апасы “Самбо” деген сү-
рөттүү китепти берип, андагы жомокту айтып берет.
“Кичинекей Самбо аттуу африкалык бала өзүнүн
туулган күнүндө алган белекти алып жолдо кетип
бара жатып, жолдон жапайы айбанаттарды жолукту-
рат, алар анын белегин тартып алышат. Ал ыйлаган
бойдон үйүнө барат. Атасы менен апасы аны сооро-
тушат. Ал кубанып тамак ичкен столго отуруп калат.
Ал жакта китептеги сүрөттөгүдөй майрамдык чоң
торт бар эле”, - деп апасы жомокту бүтүрүп, китеп-
ти жабат. Кичинекей бала күтүүсүздөн каршы чыгат:
“Жок, ал ыйлап жатат”, - деп китептин арткы бетин-
деги көз жашын көлдөтүп ыйлап жаткан Самбонун
сүрөтүн көрсөтөт.
Башкача айтканда, кенже курактагы балдардын
кабылдоосу ойдо жок жерден болот, чоң кишилер
алардын кабылдоосун чаржайыт деп кабылдайбыз.
Биз балдар менен баарлашып жатып шаблондуу пи-
кирлерден качып, дүйнөнү балдар көргөндөй сезе
алуу үчүн кыял күчүбүздү иштетишибиз керек.
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#174 Пользователь офлайн   admin_superstan   10 Апрель 2015 - 14:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"үч жаштан кийин кеч" темасы менен бириктирилди.
aqua-94mema , тарбия тууралуу ушул темада.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#175 Пользователь офлайн   mrs.honey92   11 Апрель 2015 - 17:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 146
  • Катталган: 28 Февраль 15
  • Соңку аракети: 03 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ЖУРОГУМДУ ООРУТКАНДАРДАН АЛЫСТА

Менин да улуу уулум 2жарым жашта өзүм кызыкканмынбы же анын дээриненби айтор "бул эмне, бул ким?" Деген суроолоруна эринбестен жооп берип азыр 20га жакын ырларды санаганды чоңдор билбеген түркүн канаттууларды жапайы жана үй жаныбарларын мөмө-жемиштерди кыргызча-орусча, дене түгүлүштөрүнүн атын түстөрдү көптөгөн президенттерди билет. Балык, жылан ушуларды окшоштуруп тарта алат. Эми тамгаларды сандарды кошууну үйрөтүп жатамын, бакчага бара элек. Баланын ушунча жашында көп нерсени билишинин зыяны жокпу?
Эсте сактап калуусу жомоко, китепке кызыгуусу аябай жакшы. Бирок кежирлиги бар
Кандай көрүнсөң ошондой бол же кандай болсоң ошондой көрүн!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#176 Пользователь офлайн   aikol87   11 Апрель 2015 - 20:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 392
  • Катталган: 20 Апрель 14
  • Соңку аракети: 10 Апр 2017 12:23

Менинда кызым 3жашында анг.букваларды так айтып берээр эле.Орусча деле суйлоочу эмес.баарын телевизордон уйронуп алыптыр.Азыр 5ке чыкты садике барат.уйдо кыргызча суйлойбуз бирок орусча жооп берет.Кече коптогон кыргызча создорду айтсам,я не могу дейт.Уйдо жалан кыргызча суйлоону уйротуп баштадым.Уйдо ырдап,сурот тартса,конугуулорду жасаса мактап койомда молодец деп.Кечээ садиктен ыйлап келди неге мени воспитатель молодец дебейт,софьяны эле молодец дей берет дейт.Кошумча гимнастикага барат,конугуулорун аткара албай калган окшойт.Ашыкча мактаган деле болбойт окшойт деп калдым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#177 Пользователь офлайн   Mediziner   09 Июнь 2015 - 11:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

КОРКУНУЧТУУ ОЮНЧУКТАР
СүрөтКооз, түркүн түстүү бул оюнчуктар ар бир баланы, жада калса алардын ата-энелерин да кызыктырышы мүмкүн. Аларды сатып алып жатып, анын ачык түстөрүндө кандай коркунуч катылып жатканын ойлонушкан да жок.



Кыргызстанга бир жылдын ичинде дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн 7 тоннадан ашык оюнчуктар ташылып келет, анын 70% Кытайдан келгендер. Так ушул кытай өндүрүшүнөн чыккан оюнчуктар адистердин чочулоочун жаратууда. Алар баасына карата жеткиликтүү, биздин өлкөнүн жашоо деңгээлин эске алганда, биздин рынокто (базарда) алар көбүрөөк талап кылынат.



Ошондуктан, биз кытай өндүрүшүнөн чыккан балдарга арналып чыгарылган товарларга анализ жасап көрүп, алардын балдар үчүн канчалык коопсуз экенин текшерүүнү чечтик.



Бишкек жана Ош шаарларында балдардын буюмдарын: оюнчуктар, балдардын тамагы, балдар үчүн идиш аяктар, балдардын чач жуугучтарын жана көбүктөрүн, балдардын бут кийимин сатып алдык. Сатылып алынган балдардын буюмдарын, алардагы уулуу заттардын камтылышын текшерүү үчүн Бишкек жана Ош шаарындагы лабораториялык изилдөөгө жана санэпидемстанцияга бердик.



Жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжалары, балдар үчүн буюмдардын эң коркунучтуусу оюнчуктар экенин көргөздү. Калгандары анча мынча болсо да жарактуу, балдардын желим идиштеринен башкалары. Анын курамындагы формальдегид ченемден ашык. Аны көп учурда апалары оюн үчүн гана колдонушпайт эмеспи. Ысык тамак куйганда андагы уулуу заттарды бөлүп чыгуу эки эсе көбөйөт экен. Жада калса балдар бакчаларында да балдардын желим оюнчуктардан тамак жеп жатканын көрөсүң, ал эми башка желим буюмдарды турмушта да, балдар мекемелеринде да канчалык колдонгонун айтпай эле коелу.



Жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжасында, сатылып алынган оюнчуктардын 85-90% формальдегид, фенол жана оор металлдар (коргошун, кадмий) сыяктуу уулуу заттарды камтыйт.



Санэпидемстанция адистеринин сөзү боюнча, 2004-жылы балдардын оюнчуктарында СЭС лабораторияларындагы изилдөөлөрдүн жүрүшүндө бүт тесттик партиянын 5% гана уулуу заттарды табышкан. Ал эми акыркы жылдары жүргүзүлгөн анализдердин натыйжаларынан эстен танууга болот. Балдардын оюнчуктарынын 90% үлгүсүнөн өз ченеминен эки эсе ашкан фенол, формальдегиддин камтылышын табышкан. Ошондой эле адистер, ага көз жоосун алган кооз түс берүү үчүн колдонулган оор металлдарды табышкан. Бул балдардын организми үчүн абдан коркунучтуу.



Лабораториялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө, пластизолдон жасалган оюнчуктарда уулуу заттар көп камтылаарына ишендик. Бул ачык түстөгү кармаганда жумшак желим оюнчуктар.



Медицина илимдеринин кандидаты, Ош областтык балдар ооруканасынын балдар дарыгери Аида Анарбаева, бул уулуу заттар дем алуу органдарына зыян алып келээрин айтты.



«Балдардын али бекемделе элек организми уулуу заттарды өтө кабыл алгыч келет. Баланын организмине киргенден кийин, алар сиңип, жылдар өтүшү менен чогула берет. Баланын иммунитети толук калыптана элек, ал буга каршылык көргөзө албайт», – дейт балдар дарыгери.



Анын кесепети ар түрдүү чыгышы мүмкүн. Мисалга, кычышма чыгат же кусат, ал эми ата-эне баланы тамакка ууланып калды деп ойлойт. Бала тынчсызданып баштайт, кээде мурду кычышат, анткени бала бул уу менен дем алып жатат, жана ал дем алуу органдарына терс таазирин тийгизет.



Жыл өткөн сайын уулуу оюнчуктарга ууланган баланын органдарында мутация пайда болушу мүмкүн, булар көбүрөөк уу таасир эткен органдарда байкалат.



Дем алуу органдары аркылуу уу ашказанга кирет, андан ары боорго, бөйрөккө барып, бул органдарды дартка чалдыктырат. Мындай «өз ара таасирленүүнүн» кесепетин организмден чыгаруу өтө кыйын. Муну үчүн интоксикацияга каршы терапия жүргүзүү керек.



«Бизге ооруканага мындай өтүнүч менен дээрлик кайрылышпайт. Бул, ата-энелердин баланын уулуу оюнчуктар менен ууланышы туурасында шек санабай турганынан кабар берет. Фенол, формальдегид жана оор металлдар кычышма ооруларын –аллергиялык дерматит, аллергиялык бронхитти пайда кылышы мүмкүн», – дейт Аида Анарбаева.



Уулуккан убакта балада жүрөгү айлануу, кусуу, ашказандын оорушу, алсыздык пайда болушу мүмкүн. Уулануунун кесепетинен балдардын физикалык жактан да, акыл жактан да өнүгүүсү кечеңдейт. Ошондуктан, буга окшогон белгилерди байкап калса ата-эне дароо балдарын анализ тапшыртышы керек. Боор тестине кандын жана зааранын анализин берсе болот. УДИ жасатса да болот. Адамдын бөйрөгү организмдин чыпкасы катары кызмат кылат, анын дартка чалдыгышы дароо байкалат.



Пластизолдон оюнчук өндүрүүдө өндүрүшчүлөр бул заттарды, оюнчукка жумшактык, түс, керектүү форма бергени үчүн колдонушат. Бирок анын камтылышы уруксат берилген чектен ашпашы керек.



«Эгер бул заттардын камтылышы ченемди эки эсе ашса, бул ден соолук үчүн чындап коркунучтуу. Эгер камтылышы андан да көп болсо, анда бул баланын өмүрү үчүн коркунуч келтирет» - дейтМария Кушубакова, республикалык санэпидемстанциянын адиси.



Эгер бул оюнчуктар биздин балдарыбыз үчүн коркунучтуу болсо, анда санэпидемстанциянын кызматкерлери кайда карап жүрүшөт, эмне үчүн аларды сатыктан алып салышпайт? Биз мына ушул суроону республикалык СЭСтин адистерине бердик.



«Соода түйүндөрүндө текшерүү жүргүзүү үчүн биз «Ишкердик субьектилери жөнүндө» мыйзамынын беренесине жараша аракет кылышыбыз керек. Биз аларды он күндүн ичинде эскертүү беришибиз керек, муну үчүн тиешелүү министрликтен да уруксат алышыбыз керек. Бул убакыттын ичинде алар баарын тартипке келип, үлгүрө калышат. Бардыгын жайына келтирип коюшат. Мындай учурда биздин бир нерсе табышыбыз кыйын», – дейт санэпидстанциянын адиси.



«Эгер биз тапкан күнү да, лабораториялык изилдөөлөр бүткөнгө чейин, алар бул оюнчуктарды сатуусун уланта беришет. Кээде биз уулу заттарды таап, аларды сатыктан алып салуу үчүн келгенибизде, бул оюнчуктардын партиясын сатып бүтүп салган да кездер болот», – дейт М. Кушубакова.



Чек араларда биздин санэпидстанциянын адистери отурушпайт, ал жакта изилдөөлөрдү өткөрүү үчүн лабораториялар жок. Эгер чек арада отурган күнү да, алар ишкерлердин жабык жана чапталган контейнерлерин кароого уруксаты жок.



«Бизге кээде уяттуу ишкерлер кайрылышып, текшерип, шайкештик сертификатын (тастыктоосун) берүүнү өтүнүшөт. Бирок баары эле мындай уяттуу эмес. Эгер ата-энелер бул уулуу оюнчуктарды алып бербей коюшса, ишкерлер аларды ташып келбей калышмак. Бирок бизде, тилекке каршы, мүмкүнчүлүктөр чектелген», – дейт биздин санэпидстанциядан келген маектешибиз.



Ошондуктан, ар бир ата-эне, өз балдарына оюнчук сатып берип жатып, бул маселеге өтө олуттуулук жана жоопкерчилик менен мамиле жасаганы өтө маанилүү. Сатуучулардан шайкештик сертификатын талап кылышы керек. Шектүү сапаттагы контрафактылык товарды сатып албай койгону жакшы.



Жок дегенде оюнчуктан таңгагынын, маркеринин бар экенин өз алдыңарча текшерип чыккыла. Маркерлөөгө болгон техникалык талаптарга ылайык, бизде сатылып жаткан товарда мамлекеттик же расмий тилдеги маркери болушу керек. Маркерлөөсү менен таанышкандан кийин, аны жыттап көргүлө. Эгер анда кескин, өзгөчө жыт болсо, анда бул оюнчуктун курамында жогоруда аталган уулуу заттардын камтылыш ченеми жогору экендигинин биринчи белгиси. Нымдуу кол менен кармап, анын боегу колуңда так калтырбай тургандыгын текшерүү керек. Эгер мындай учурда байкасаңыз, ана мындай шектүү сапаттагы оюнчукту сатып алуудан баш тартканыңыз оң. Анткени баланын ден соолугу маанилүүрөөк да. Ысык сууга же кайнатылган сууга жуу менен, уулуу заттардан кутула албайсыңар. Бул алардын бөлүнүп чыгуусун гана көбөйтөт.



Ош областтар аралык клиникалык ооруканасынын онкология бөлүмүнүн башчысы, онкохирург Азиз Рахимов, уулуу оюнчуктардын таасирине комментарий берип жатып, ата-энелерди баласынын ден соолугуна олутуту мамиле кылууга чакырат. Бөбөктөр менен балдардын арасында кездешкен онкологиялык оорулардын 65-70% түштүк областтарына караштуу. Биринчиден, калк балдардын оюнчуктары канчалык деңгээлдн уулуу экени туурасында тиешелүү деңгээлде маалымат алган эмес. Эгер билген күнү да, буга эч маани беришпейт.



«Бизде бөлүмдө бир жаштан он жашка чейинки балдар жатат. Балдарга шектүү азыктарды, оюнчуктарды, кийимдерди алып берүүгө кеңеш бербейм. Мунун баары баланын бекемделе элек организмине терс таасирин тийгизет», – дейт врач-онколог.

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 09 Июнь 2015 - 11:48

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#178 Пользователь офлайн   Mediziner   12 Июнь 2015 - 01:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Балдарды оюн аркылуу коомго ылайыктап тарбиялаңыз

Балакайлар айлана -чөйрөсүндөгү көргөн бардык нерселер анын дүйнө таанымына гана таасир тийгизбестен, анын бир нече жылдан кийин кандай инсан болуп чыгаарына да себеп болот. Бала курактагы бардык кабыл алынган сезимдер өспүрүм куракка барганда сөзсүз колдонулат.

Баланы кандай нерселер курчап тургандыгы тууралуу маалыматты сөз менен жеткирип айтып берүүгө болот. Бул сөздөрдү ал кийинчерээк эсине келет. Бирок, эң эле натыйжалуу жолу балага билимди оюн аркылуу берген талапкаа ылайык. Кандай гана оюнчуктардын жардамы менен болсун, айырмасы жок.

Сүрөт

Бардык нерсе балалыктан башталат

Бала кездеги оюндар орточо эсеп менен алганда 20 бөлүккө бөлүнөт. Алардын ар бири белгилүү бир жөндөмдү өздөштүрүүгө багытталган. Аныдктан ата- энелер балдардын өсүп- өнүгүүсүнө таасир бере турган оюндардын бардык түрлөрүн билүүлөрү абзел. Балакайды тарбиялоодо атаандыштыкты колдонуу натыйжасын жана пайдасыз аракет болуп эсептелет. Ким биринчи чуркайт, ким күчтүүрөөк деген сөздөр менен өздөрүнө өздөрү ор казган болот. Анткени кайрадан жеңилип калуу коркунучу пайда болгон балакай тобокелчиликке барып кайрадан ойногусу келбейт. Мындай кырдаал жаралбаш үчүн психолог адистеринин көрсөтмөсү боюнча балакай менен ар тараптуу өнүктүрүүчү оюндарды ойногону дурус.

Сүрөт

Ал эми жол эрежелери боюнча сабак берүүдө, жөн эле сөз менен эмес жандуу түрдө көрсөтүп түшүндүрүү натыйжалуу. Ал үчүн сыртта балдар аянтчасында жол жасап, жол белгилерин коюп жолдон кантип туура жана коопсуз түрдө өтүүнү үйрөтсөңүз болот.

Балдарга тарбияны оюн аркылуу бергенде, алар жакшы эстеп калышат. Анткени ага ата- энеси да катышышат. Алардын чогуу ойногонун көргөн баланын эс тутумунун кабыл алуусу жакшы болот.

Сүрөт

Эгер үйүңүздө планшет же компьютер болсо ал жактан видео аркылуу жол эрежелерин үйрөтсөңүз болот.

Баланын ойногон оюнчуктары да маанилүү ролду ойнойт. Анткени алар менен убактыларын көбүрөөк өткөрүшөт. Андыктан оюнчук сатып берүүдө бардык нерсеге маани бериңиз. Оюнчук бала үчүн кызыктуу болушу керек, коркунуч жаратпасын, сапаты жакшы болсун.

Балага тандоо мүмкүнчүлүгүн берүүдөн чочулабаңыз. Анын пикирин сыйлай билиңиз. Эгер ал кайсы бир оюнчукту сатып берүүнү талап кылса, сөзсүз сатып бериңиз. Анткени дал ушул учурда ал өзүнүн пикирин коргоону үйрөнүп жаткан болот. Эгер ата- энеси өздөрүнүн чоңдугуна салып, баланын каалоосун аткарбай койсо, анда баланын аң сезиминде тосмо жаралып, ал келечекке кедергисин тийгизет, деп белгилей психолог адиси. Ошондой эле жаңы чыккан оюнчуктарды да артта калбай сатып берүү керек. Анткени жаңы чыккан оюнчукта жаңы өзгөчөлүктөр бар, балакай аларды да өздөштүрүп алышы маанилүү.

Сүрөт

Оюн аркылуу тартиптүүлүккө жана тыкандыкка үйрөтүү

Балакай менен келишим түзө билиңиз. Маселен кайсы бир оючукту өзү курап жасаган чоң, жыйнагысы келбесе, анда өзүңүздүн жардамыңызды сунуштап чогуу жыйнаңыздар. Үй жумуштарын дагы бөлүштүрүп жасаса болот. Маселен, жагымдуу муыка кою алып бирге үй жыйнаган кызыктуу жана жагымдуу маанай тартууйлайт.

Сүрөт

Сааттын убактыларын үйрөтүүдө дагы негзигилерен баштаңыз. Мисалга, эртең мененки саат жетиде , түшкү 12де, кечки алтыда тамактануу болот. Ал эми ортолорундагы убакытта эс алуу, сейилдөө, үй жумуштары аткарылаарын жана саат канчада уктоого камынуу керектигин айтып бериңиз.

Мындан сырткары, азык- түлүк, жер- жемиштердин аталышын үйрөтүүдө чогуу тамак, салат жасап, дасторкон белендесиңиз натыйжалуу келет. Эң башкысы балакайды коомго ылайыктап тарбиялоодо анын пикирин сыйлай билиңиз жана туура чечим кабыл алууга түрткү бериңиз.


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#179 Пользователь офлайн   Mediziner   12 Июнь 2015 - 02:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош


Кыздарыбызды эмгекке кантип үйрөтөбүз?

Сүрөт Күнүмдүк көр- тиричилик менен алек болгон айымдар үй жумуштары эч качан бүтпөй турганын жакшы түшүнүшөт. Күнү- түнү, ар бир саат сайын деле жумуш чыга берет. Аларды өз убагында аткарбаса, кийинки күнгө дагы жүк кошулат. Бирок, үй жумуштарынан сырткары балдарыбыз менен баарлашуу, аларга көңүл буруу да чоң мааниге ээ эмеспи. Андыктан айрыкча кыз балдарыбыз менен үй жумуштарын чогуу жасап, аны эмгекке үйрөтүп, баарлашып жагымдуу убакыт өткөрсөңүз болот. Мындан сырткары апасы менен биргеликте жумуш аткарган кызыңыз эмгекке жакшы үйрөнөт жана эмгекти баалай билет.

Ашканада

Ашкана бөлмөсүндөгү дээрлик ар бир буюм кызыңызды эмгекке үйрөтүү үчүн өнүктүрүүгө мүмкүн болгон каражаттар бар. Идиш- аяк, азык- түлүк, тамак жасаган электр, газ каражаттары. Сиздин эң алгачкы сабагыңыз дал ошол идиштерин аталышын, кандай материалдан жасалгандыгы тууралуу жана кандай идиш сапаттуу болоорун жана кайсы идишке эмне салынаарын айтып берсеңиз болот. Маселен, чай ичкен, суюк тамак ичкен, салат салган табак жана чайнек фарфордон жасалган, кастрюль калайдан, ал эми аш баскан казан чоюндан деп тааныштырыңыз. Ошондой эле кайсы буюмду кандай учурда колдонууга боло тургандыгын айтууну да унутпаңыз. Кашык, аш айры, бычак, жашылча туураган сүргүчтөр тууралуу да кенен маалымат бериңиз. Андан кийин иш жүзүндө аларды кайра текшериңиз. Мисалга, гүрүч бышырайын идиш алып кел- деп жумшаңыз. Же болбосо чай куяйын идиш алып кел деңиз.

Эми тамак даярдоо үчүн керектүү азыктарды жууп- тазалаганды, кабыгын аарчыганды туураганды акырындык менен үйрөтө баштаңыз. Мындан сырткары, кайсы тамакка кандай туурала тургандыгын жана кайсы азыктар кошула турганын айтууну унутпаңыз. Ошондой эле казанга ирети менен азыктарды салууну да билип алганы талапка ылайык.

Сүрөт

Үй жыйноо

Жаш балдар көбүнчө өздөрү ойноп чачкан оюнчуктарын жыйнаганды жактырышпайт. Андыктан кайсы бир оюнчукту ирети менен салыштыруу керек болсо, кызыңызды жардамга чакырыңыз. Оюнчукту кураган соң аны ордуна койдуруңуз. Ушинтип ар бир чачылган буюмду алып келүүгө жумшай бериңиз да өзүңүз аларды орду- ордуна тизиңиз. Баары жыйналган соң, кызыңызга "Бөлмө иреттүү болуп сонун көрүнүп калган тура, азаматсың кызым, сен жардам бербесең мунун баарын мен өзүм жалгыз жасай албайт болчумун. Мындан ары да ар дайым ушинтип жыйнап туралы ээ"- деп мактап коюңуз. Жыйынтыгы жакшы болот.

Сүрөт

Чаң соргуч колдонууну үйрөтүү

Бөлмөнү жыйнап алган соң, эми чаң соргуч менен тазалаганды үйрөтө баштаңыз. Алгач, өзүңүз тазалаңыз, кызыңыз болгону кармап ордунан жылдырып жардам берсин. Андан кийин бир азга өчүрүп, "мен чарчап калдым, балким сенин тазалагың келип жүрбөсүн" - деген сунуш киргизиңиз. Ал сөзсүз макул болот жана бул жумуш ага жагат.

Андан ары чаң сүрткөнгө анын да колуна чүпүрөк карматып, чогуу чаң сүртүңүздөр. Бул жерде маанилүү чаң сүртүп жатканда буюмдардын бардык тарабынан, кычыктарын калтырбай тазалоо маанилүү экенин түшүндүрүңүз.

Сүрөт

Кир жууганды да үйрөтүү керек

Кызыңызга алгачкы жолу кир жууганды үйрөтүүдө колго жууп көрсөткөнүңүз жакшы. Өзүңүзгө чоң, кызыңызга кичирээк тазикке жылуу суу куюп кир жууганды баштаңыздар. Ага өзүнүн жеңил ич кийимдерин жана байпактарын жууганды тапшырыңыз. Кирлерин жакшы чыгаруу ыкмаларын көрсөтүп бериңиз. Таза чайкоону да эскертиңиз. Андан кийин кир жуугуч машиге канча өлчөмдө, кайсы түстөрдү кандай салыш керек экендигин жана кайсы бурагычтар кайда буралаарын кылдат үйрөтүңүз.

Сүрөт





Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#180 Пользователь офлайн   Mediziner   12 Июнь 2015 - 02:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Баланын психикасы туура өөрчүбөсө тили кеч чыгат
Сүрөт
Баланын психикасынын өөрчүшү - түрдүү тукум куугучтук, биологиялык социалдык тарбиялоо, окутуу, айлана чөйрө факторлордун таасири астында психика ишинин өсүп, татаалданышы. "Баланын психикасы өмүр бою өсүүдө болот. Жаш өзгөчөлүгүнө карата баланын анатомиялык- физиологиялык, психикалык өзгөчөлүгү түрдүүчө болот. Улам бала чоңойгон сайын анын кыймыл-аракети татаалданып, акырындап акылы, ойлоосу, айлана-чөйрөгө болгон мамилеси өзгөрөт. Бала психикасынын өөрчүш көбүнчө алар тарбияланган шартка жараша болот. Эгер анын кыймыл-аракетин жана тилин өстүрүүгө түрткү берүүчү шарт түзүлбөсө, кеч басып, тили кеч чыгат. Психиканын өөрчүшү 4 мезгилге бөлүнөт. Биринчи мезгилде (төрөлгөндөн бир жашка чейин) балдардын кыймыл-аракеттери өөрчүйт.

Жаңы төрөлгөн балдар башын токтото албайт, колу-буту менен иретсиз аракеттерди жасайт, денесинин калыбын өзү өзгөртө албайт. Алгачкы күндөрдө суукту жана ысыкты сезет, ачка болуп, суу болуп калса тынчсызданып, ыйлайт.

Сүрөт

1 - 2 айлык балдар жарыкты, ачык түстүү нерселерди аз убакыт тиктеп карап, башын токтотуп, күлүшө баштайт. Эки айлыгында бала көмкөрөсүнөн жатып, башын көтөрөт, чалкасынан жатканда кыймылдаган нерсени көздөй ээрчий башын бурат. 2-3 айында баланын эмоциясы шарттуу рефлекстик мүнөздө (энесин, сүт куюлган бөтөлкөнү көргөндө) болот. Аны менен ойногондо, сүйлөгөндө бала күлүп, жооп кайтарып, үн кошот. Үч айлык бала дабышты карай башын бурат, көмкөрөсүнөн жатканда ал чыканактап таянып, башын, көкүрөгүн көтөрөт. 4 айлыгында жөлөгөндө отурууга жарайт; көмкөрөсүнөн чалкасына оодарылат, буюмдарды колуна алып, ойноп, кубанычын, кейишин билгизет, көмөкөй дабыштары чыга баштайт.

Сүрөт

Бала беш айлыгында бир нерсени кармап, өзү отурат, эгер аны сүйөсө бутун ийбестен тикесинен тура алат; энесин тааныйт, ар түрдүү буюмдарды, оюнчуктарды колуна алат. 6-7 айында кубануу (оюнчукту көргөндө), кызгануу (башка баланы алганда) сезими пайда болот. Сүт куюлган бутылканы өзү оозуна алып барат, керебетти кармап тизелеп туруп, энесин, башка жакындарын тааныйт, аларды көздөй талпынат. 8 айлыгында бала өзүнчө отурат жана бир нерсени кармап турат, атын атаган буюмдарды ал көзү менен издейт. Бала 9-10 айында чыгырыкты кармап басат, өзүнчө сүйөнбөстөн каз-каз турат, биринчи жөнөкөй сөздөрдү айтат, буюмдардын атын муунга бөлүп атайт; ачууланган үн менен эркелеткен үндү ажыратат. 11 -12 айында балдардын көпчүлүгү баса баштайт.

Сүрөт

Экинчи мезгилде (1-3 жаштагы балдар) кыймыл-аракети татаалданып, түрдүү сезимдери өөрчүйт. Бала "оюнчукту ал", "эшикти жап", "бери кел" деген сыяктуу жөнөкөй тапшырмаларды аткара баштайт. Бир жарым жаш айында баланын кыймыл аракети так жана шамдагай болот, жүгүрөт, тепкичтерге чыгат, балдар менен ойнойт, эки-үч сөздөн куралган сүйлөмдөрдү сүйлөйт. Экиден үч жашка чейинки балдар кичирээк ыр жаттоого жарайт, сүрөттөгү буюмдарды тааныйт, айланасындагыларды билгиси келет, түрдүү суроолорду бере баштайт. Ушул мезгилден баланын мүнөзүнүн кээ бир белгилери байкалат, анткени балдардын психикалык өнүгүүсүнүн негизи пайда болот. 2-3 жашында эстетикалык сезимдин алгачкы белгилери байкалат, айлана чөйрө менен болгон мамилеси татаалданат.

Үчүнчү мезгили (3-12 жашка чейин) балдардын нерв системасынын туруксуздугу менен мүнөздөлөт. Мурда пайда болгон эмоциялар тереңдеп, туруктуу боло баштайт. Камкордук, достук сезими пайда болот. Ошону менен бирге акыл-эси, кыймыл-аракети татаалданып, эрктүүлүк, ойлонуусу өнүгөт. Ой жүгүртүүсү, түшүнүгү татаалданат.

Сүрөт

Төртүнчү мезгил (12 жаштан жогору) балдардын акыл-эсинин, түшүнүгүнүн, ой жүгүртүүсүнүн андан ары татаалданып өсүшү менен мүнөздөлөт. 2-3,5 жашта жана 12-15 жаштагы балдардын психикалык өөрчүшүндө айырмачылыктар болот, алар өзүнүн психикалык жактан өсүшүнүн туруксуздугу менен айырмаланып, айрым психикалык оорулар менен көп ооруйт. Ошондуктан бул мезгилде балдарга бөтөнчө этият мамиле жасоо керек. Жетишсиз тарбиянын натыйжасында жана анын нормалдуу өсүшүнө шарттын жоктугунан дени соо баланын психикалык өөрчүшүнүн начарлашы, кыймылдын жетишсиздиги, тилдин кеч чыгышы байкалат. Баланы тарбиялоодо негизинен адамды, жаратылышты сүйө билүүгө, кең пейил болууга үйрөтүү зарыл. Күн тартибин туура уюштуруу, мээримдүү мамиле жасоо, акылдуулук менен эрк берип, ыгы менен эркелетүү, үй-бүлөдөгү ынтымак баланын психикалык, акыл-эс, физикалык жактан туура өсүп, чоңоюшуна шарт түзөт.


Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 12 Июнь 2015 - 02:12

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Үй-бүлө
  • Кийинки тема →

  • (12 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 21:42

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: