"БИР СҮРӨТТҮН БАЯНЫ" сынагын коё бербеңиз! "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктайт!
#41 19 Февраль 2015 - 17:50
#42 19 Февраль 2015 - 18:00
admin_superstan (18 Февраль 2015 - 16:07) жазган:
1. Апам кимдир бирөөдөн сыйрылып чакалай болуп кеткен териге солидор деп аталчу күрөң түстөгү сасык жыттуу аралашма миңдин бири деп угуп калыптыр. Ошондон баштап солидор менен жашап баштадык. Жыгылып тизебиз сыйрылса да, колубузду кайнак сууга күйгүзүп алсак да солидор даяр. Тааныштардын кимиси кайсы жериндеги ооруга даттанышып калышса, дароо солидорду көздөй чуркачу. Анан барып бака жалбыракка өттү. Башыбыз ооруса деле, бутубуз ооруса деле бака жалбыракты тарта салат. Жөтөлсөк демдеп берет. А азыр кайнак суу менен ажырагыс дос. “Тишим ооруп жатат” десең деле, “кайнак суу иче сал” деп турат. Анткен менен сегиз баланын бирин да оорукана дегенди көрсөтпөй, дары бербей чоңойтконун дайыма айтып калат.
2. Апамды эч бир жаңылык менен таң калтыра албайсың. Анткени бизден биринчи угуп, кабардар болуп калат. Күн сайын телевизордун кайсы каналынан кыргызча жаңылыктар саат канчада кетерин так билет. Ошол убакта апам телевизордун астында даяр. Жаңылыктар көрсөтүлүп жатканда апам башка эмес, жадакалса “эң сүйүктүү” телефондоруна да жооп бербей коёт.
3. Апам башында бирдик салынарда телефон өчүп турса же бирдик салынган жерден алыс болуп калса, акча түшпөй калат деп ойлочу. Ошого дайыма өзү салып жүрдү. Жөнөкөй үлгүдөгү, ар башка компаниянын номери салынган үч телефонун көтөрүп алып, бирдик салынчу жерге жөнөйт. Кокус биз бирдик сала турган шартка тушугуп калса “ме, телефондорумду ала бар” дейт. Эми гана канча алыстыкта болсо да, көрсөтүлгөн номерди бирдик адашпай таап барарын түшүнүп калды. Сүрөт Чаткалда Идирис пайгамбардын күмбөзүнө барганда түшкөн.
Жашоодо убакыттын өтүшү менен баары алмашат экен. Алгач эне-баланын ар бир кылыгына эбедейи эзилсе, андан соң эне-баланын жүрөгүнө кубаныч тартуулап баштайт. Мөлтүр суудай таза энелер аман болсун! Гүлмайрам Турусбекова
Ушул баян өзгөчө жакты! Апамды көз алдыма элестеттим. Биздин апабыздын да эч кимде жок, ушинтип жылмайтып, жүрөгүңө жылуулук бере турган жоруктары бар. Апаларыбыз аман болсун! Бизди ушинтип кайнак суусу мененби, бака жалбырагы мененби айтор "дарылап" эле жүрө беришсин)))
Билдирүүнү түзөткөн: Oi_pikir: 19 Февраль 2015 - 18:01
#43 19 Февраль 2015 - 18:41
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#45 19 Февраль 2015 - 19:58
admin_superstan (18 Февраль 2015 - 16:05) жазган:
Апам Жапарбаева Нуржан Абдыкадыровнага арналат.
Эне-жарык нурун чачкан күндөй,
Эне-назик жазгы чыккан жоогазындай,
Эне-шайыр булбул куш сайрагандай,
Кымбат суу түбүндөгү берметтей.
Урматтуу АЙЫМДАР, баарыңар "ЭНЕ" деген ыйык атты бекем тутуп, АЯЛЗАТКА Жараткандан белек болгон "ЭНЕ" деген наамын сактайлы. Алыста жүрсөм да апамды сагынып жүрөм. Зама
Бул апам азыр Жалабадда неберелери менен алек болуп журот.Бул сурот менен мен апамды коруп сагынчым азда болсо тараайт Бул менин дуйнодогу эн эээн кымбат апам болот.Колундагы менин балам . Мен азыр алардан алыстамын сагынып эне жытына зар болуп журом. Жаратkан Аллахым!
Мен
озундон бир нерсени
сурайын:
Мейли бербе
байлыk, бийлиk,
мансапты,
Мээрим kылчы
ата-энеме ылайым!
Бооруkерсин Жаратуучум
Аллахым!
Болгон менде
суранычымы улайын.
Болсо эkен дейм ден-
соолуkта ата-энем.
Боор
ооруучу аларга сен
ылайым!
Kудуреттуу
kадыр затсын Аллахым
Kулдуk уруп сага моюн
сунайын.
Kубарбасын
алдан тайып эрте эле,
Kубат берчи ата-энеме
ылайым!! ! Апаке майрамыныз менен келе жаткан ар дайым бактыбызга коп жашаныз Уулунуз Замирбек
Билдирүүнү түзөткөн: zama..kg..86: 19 Февраль 2015 - 19:59
#46 19 Февраль 2015 - 20:44
#47 19 Февраль 2015 - 20:49
#48 19 Февраль 2015 - 22:12
admin_superstan (18 Февраль 2015 - 16:13) жазган:
Жакты, барып добуш берип келеийин))))
#49 19 Февраль 2015 - 23:56
#50 20 Февраль 2015 - 02:13
admin_superstan (18 Февраль 2015 - 16:15) жазган:
- “Аял - эне, аял – жар” дегендей, гүлдөй назик аялзатын майрамы менен куттуктаймын! Алардын арасында менин сүйүктүү жарым жана ширин кыздарым Элдана, Сезима бар. Булар менин жашоомдогу эң кымбат адамдарым. Ар дайым жумуштан чаалыгып-чарчап келгенде жубайым жылмая тосуп алып, таттуу тамактары менен курсагымды тойгузса, кыздарым моюнума асылып, өөп-жыттап черимди жазышат. Мырзалар үчүн мындан өткөн бакыт жок болсо керек.
Жубайымдын аты - Мөлмөл. Барпы акындай акын болгонумда, балким, “Мөлмөлүм.. .” деп какшап ырдамакмын. Бирок мен дарыгермин, ошондуктан жүрөгүм “Мөлмөлүм” деп ырдаганы менен, өзүм жубайымдын ден соолугуна көз салып турган ден соолук сакчысымын. Ошондуктан жашоомдогу асылзаттарыма гүл арноодон эч тажабаймын. Бул сүрөт былтыр 8-Март күнү тартылган. Өмүр бою гүлгө бөлөйм деген ниетим бар.
Жолдошуң Тилек
<div><img src="http://files. super.kg/upload/img/Молмол. jpg" style="font-size: 9pt;"></div>
#52 20 Февраль 2015 - 10:30
#53 20 Февраль 2015 - 11:19
danyar_98 (19 Февраль 2015 - 19:32) жазган:
Саламатсызбы!
Сүрөттөрдү кабыл алуу 18-февралда саат 11:00дө аяктаган.
stimyl.kg (19 Февраль 2015 - 20:49) жазган:
SULUU- KYZ (20 Февраль 2015 - 08:01) жазган:
Саламатсыздарбы!
Эрежелер боюнча, жаңы катталган суперстандыктар КОНОК болуп саналышат жана 100 күндөн кийин толук кандуу ЖАРАН болушат. Коноктордун кээ бир мүмкүнчүлүктөрү (добуш берүү, Суперстандын саясат жана коом бөлүмүнө билдирүү жазуу, Соңку кабардын саясат, коом рубрикасына комментарий калтыруу, дил кутуна билдирүү жазуу, сурамжылоо жүргүзүү ж.б.) чектелген.
Эрежелер баарына бирдей. Андыктан, туура түшүнүү менен кабыл алсаңыздар.
#55 21 Февраль 2015 - 22:21
Келечекте ушундай сый-урматта ар дайым бар болунуздар, бешиктеги бобоктайдын Омуру узун болсун!
Билдирүүнү түзөткөн: Aikoo2014: 21 Февраль 2015 - 22:31
#56 21 Февраль 2015 - 23:21
admin_superstan (16 Февраль 2015 - 12:08) жазган:
Сынакка катышуу үчүн сиз жакын адамыңыздын: апаңыздын, сүйүктүүңүздүн, кызыңыздын, эжеңиздин, чоң энеңиздин, айтор, жашооңуздагы сиз жактырган, баалаган аялзатынын кызыктуу сүрөтүн салып, ага кошо кыска, таасирдүү баяндоо жазып жөнөтүшүңүз керек.
Келген сүрөттөр SUPER.KG порталына добуш берүүгө 18-февралда коюлуп, 4-мартта аяктайт. Андан соң иргелип алынган сүрөт-баяндар редакциянын сынына коюлат. Жеңишке жетишкендерди өзгөчө белектер күтөт, андыктан чамдаңыз!
Сүрөт-баяндоону lira@super.kg жана admin@super.kg электрондук даректерине жөнөтсөңүз жана гезиттин кеңсесине алып келсеңиз болот.
Эскертүү! Сүрөттөр мыкты сапатта жана өтө кызыктуу болушу керек! Байланыш телефону: (0312) 32-33-22
Сапатын билбедим, кызыктуу бироо да жок.
#58 22 Февраль 2015 - 03:29
#59 22 Февраль 2015 - 13:51
Билдирүүнү түзөткөн: Sharipa-asia: 22 Февраль 2015 - 13:52
#60 22 Февраль 2015 - 16:08