Илимдүүлөргө суроо
#3061 01 Май 2015 - 11:44
brother
#3062 01 Май 2015 - 21:16
Кафр жана мусулман болуп?
#3063 01 Май 2015 - 21:23
sister (01 Май 2015 - 11:44) жазган:
Пайгамбар саллаллаху алейхи васалламдын убагында жин кирген бир баланы алып келгенде, Пайгамбарыбыз колуна жыгач сандал менен тап берип, жинди баладан чыгуусун буйрук берет, жин чыгып бала сакайып кетет.
Ал жин убакыттын өтүшү менен Пайгамбарыбыз бул дүйнөдөн өткөндө кайрадан ошол эле сакайган инсанга кайра кирген болот, андан жин чыгаруу үчүн ошондогу окуяга күбө болгон Сахабага алып келишет, ал Сахаба колуна жыгач сандал алып жинди чыгарууга аракет кылат, бирок жин Пайгамбарды тааныганы үчүн чыкканы, а Сахабага баш ийбей чыкпай койгондугу тууралуу хадис бар. бир китепте бар эле эсимден чыгып жатат.
Ал жиндерди чыгаруучу молдолордун көбөйүшү, ошол ооруган адамга жин кирген, кирбегенин билбегендигинде болууда, себеби белогорячка адамды деле сага жин кириптир деп тыянак чыгарганында же бир белгисиз бир ооруларды жин кирди деп дем салышкандыгында.
Жин кирген адамдан жин чягаруу үчүн, жин илимин толук билүү керек болот, болбосо ошол дем салган адам өзү зыян тартып калуу мүмкүн,
Орто азия эмес баардык жерде жин деген жетиштүү жандар, болгону аларда каалаган эле адамга кирип алуу мүмкүнчүлүгү чектелген, адамга кирүү үчүн да бир себеп болуу керек,
жиндерди биз көрө албайбыз, а ал жиндер бизди көрүүгө, угууга жөндөмү бар, ошондуктан жин туралуу билбеген нерселерибизди айта берүү жакшы эмес болот.
Билдирүүнү түзөткөн: kerakg: 01 Май 2015 - 21:33
#3064 01 Май 2015 - 21:56
Patriot...kg (01 Май 2015 - 21:16) жазган:
Кафр жана мусулман болуп?
Жиндер да адамдардай эле Жаратканга кулчулүк кылууга жаратылган жандар, мусулманы каапыры да бар, периштеден айырмасы, жиндер да бала чакалуу болуп көбөйүшөт, адамдан айырмасы алар бизди көрө да уга да алат, биз жиндерди көрбөгөнүбүз бизге жакшы, ал да Алланын бизге болгон ырайымы, ато и так жиндибиз, жүрмөкбүз да жиндерден сөөк талашып, Алла бизди кечирсин.
Билдирүүнү түзөткөн: kerakg: 01 Май 2015 - 21:57
#3065 02 Май 2015 - 22:01
#3066 02 Май 2015 - 22:22
#3067 02 Май 2015 - 22:22
#3068 02 Май 2015 - 22:26
#3069 02 Май 2015 - 22:27
#3070 03 Май 2015 - 00:21
Topcubai (28 Апрель 2015 - 08:51) жазган:
Уалейкум салам! Эти желген малдын кыгы жана заарасы нажас эмес!
#3071 03 Май 2015 - 02:35
#3072 03 Май 2015 - 04:49
baksid (03 Май 2015 - 00:21) жазган:
Ошондо койдун кыгын тепселеп келип, намаз окусак боло берет дегенинизби?
Нажас эмес деп жатасыз.
Не лезь с советами, к тем, кто их не спрашивал.
Цени себя, свое слово, свои мысли.
#3073 03 Май 2015 - 10:02
naz85 (02 Май 2015 - 22:27) жазган:
Биз бул дем салган адамдарды, өздөрүнөн угуп, көрмөйүн бир нерсе деп айтуу кыйын.
Ал эми жин илими жок жин чыгаргычтар, алар жинди чыгара албайт, себеби жиндер дем салган адамды көрүп, угуп да турат, ошондон дымын чыгарбай алты айга жери, андан ашып да жүрө алат, аны сакайды дейт, акча алат, бирок ал адамдан чыкпаган болот. илимсиз молдолорду күнөөкөр кылат,
#3074 03 Май 2015 - 10:19
naz85 (02 Май 2015 - 22:22) жазган:
Жин адамга кирүү мүмкүнчүлүгүн колдоно алат, бирок баардык эле жиндер адамдарга кире бербейт, алардын да өз алдынча жашоолору бар, жакшысы бар, жаманы бар, илимдуусу, илимсизи да бар,
Иблис адам жаралганга жери, Аллага кулчулук, ибадат кылган өтө илимдүү жан болгон, периштелерге дарс илим окуган, илимине текеберлиги зыянга учураткан.
Жин адамга кирсе адам өлгөнчө көп убакытта да жүрө алат, себебин билбейбиз.
Эл көрсүн намаз окуган адам менен Аллага кулчулук ниетинде намаз окуган адамдын айырмасы болот, адам таза, ичи тышы таза болсо, оозунан келмеси түшпөсө, кесир болбосо, жиндин кирүү мүмкүнчүлүгү жок болот.
Билдирүүнү түзөткөн: kerakg: 03 Май 2015 - 10:22
#3075 03 Май 2015 - 11:36
naz85 (02 Май 2015 - 22:26) жазган:
Ага ооз ачылыштын деле кереги жок. Алар ошол жинди окугандан кийин аларга атака болот жиндер тараптан,алар ошондой нерселер менен алышат.
Анын озунун жолдору болот.
Мисалы мындай айтайын тушунуктуу болуш учун. Бир адам ооруйт аны срочно операция кылдырыш керек аны операция кылган адам бекер кылбайт да. Ага канча меенет эмгек кетет. Аны ошол окуусун окуган билген адам жасайт да корунгон адам жасай бербейт операцияны. А аларга раазы болуп беребиз. Себеби ал адам бул дуйнодо жашаш керек деп. Анан бул жин оорусу чынында мындай оорулардан 1000 эсе жаман болот. Андай оору менен ооруганды ооруканага да жаткырбайт. Башка жака алып баргыла деп эч ким аларды жолоткусу келбейт. Мына ушундан да билсек болот бул оору ото оор жаман экенин.
Анан озубуз биир ойлонуп коройлу ошол берген акча туура берилиппи же туура эмес экенби?
А акча табылат 500$-1000сом. Ден соолук адам табылабы же жокпу?
#3076 03 Май 2015 - 12:39
#3077 03 Май 2015 - 12:41
Patriot...kg (03 Май 2015 - 12:39) жазган:
Кытай тарыхчысы Сыма Цянь (б. з. ч. 145—86-жж.) өзүнүн «Ши цзи» «Тарыхый жазмалар» эмгегинде белгилегендей, б. э. ч. 201 -ж. хунндардын падышасы Модэ шанүй (кыт. шанүй тенир куту) түндүккө жана түндүк-батышка согуштук жортуулга чыккан. Бул жортуулда ал көз карандысыз бир катар: генгүн, динлин, синьли ж. б. урууларды каратып алган. Бул маалыматтын кыргыз тарыхы үчүн мааниси өтө зор. Генгүн (гэгунь, гяньгун, циг, кигу, кыямут, камут, когыр, кыргур ж. б. варианттары бар) деп кытайлар байыркы кыргыздарды аташкандыгы шгамде толук далилденди.
Ушул маалыматтан кыргыздар б. з. ч. III к. аягында эле болгондугун, алар ээлик кылган жерлер бар экендигин билебиз. Ошентип, «кыргыз» деген этноним, түбү түрк тамырынан тараган азыркы элдердин ысымдарынын эн байыркысы болуп саналат. Өзбектер, уйгурлар, казактар, түркмөндөр, татарлар, башкырлар ж. б. түрк элдерине тиешелүү этнонимдер бир кыйла кийинчерээк пайда болгон.
Кыргыздардын байыртадан бери сакталып келген энчилүү аты болгон «кыргыз» этноними боюнча талаш-тартыштар көп мезгилден бери эле жүрүп келүүдө. Бул терминди түрк тилдеринин негизинде гана чечмелөөгө болот. «Кыргыз» этнонимин чечмелөөдө элдик вариант (элдик этимология) менен илимий вариант бири-биринен кескин айырмаланат.
«Кыргыз» аталышын элдик чечмелөө аракеттери көбүнчө уламыш түрүндө кездешет. Элдик вариант бул этнонимди «кырк» деген санга жана «кыз» деген сөзгө (кырк кыздан тараган урпактар), же «кырк» сан жана «огуз» этнонимине (кырк огуз бирикмеси), айрым учурда «кыр» сөзү жана огуз этнонимине (кырдагы т. а. тоолуу аймактардагы огуздар) болуп түшүндүрүү менен мүнөздөлөт.
«Кыргыз» этнонимин илимий негизде да чечмеленүүдө. Окумуштуулар лингвистикгшык жана ономастикалык усулдарга таянуу менен «Кыргыз» этнонимин ар кыл бөлүктөргө ажыратып түшүндүрүүгө аракет жасашат.
Аны н айрым варианттары: 1. «Кырк» жана «йүс» («кырк жүз», В. Радловдун пикири); 2. «Кырк» жана «эр» («кырк кшпи, Ахмед Тоган); 3. «Кыра» жана «гыз» («кара чачтуу эл» Д. Айтмуратов); 4. «Кыргуу» «кырг» жана ага көпчүлүк санды туюнтуучу «ыз» мүчөсүнүн жалгаштырылышы («кызылдар» К. Петров); 5. «Кырг» жана «огуз» («кызыл огуз» т. а. түштүк огуздар же батыш огуздар, Н. Баскаков); 6. «Кыргын», «кыргыт», «кыргыз» (албырган жүз, көк көздүү эл
А.Кононов); 7. «Кыргыз» (кырылгыс, түгөнгүс, жаңыланып туруучу, түбөлүктүү, женилгис эл А. Өмүркулов); 8. «Манас» эпосунун «Жайсан» варианты боюнча кыргыз кырк ууздан (т. а. Ууз хандын кырк уулунун тукуму) таралган эл ж. б.
«Кыргыздар» деген терминдин орто кылымдардагы көчмөндөр арасында (Енисейден Уралга чейин) кеңири тарагандыгына караганда: «кыргыз» деген термин «сак» деген термин сыяктуу эле адепки учурларда «кайраттуу, күчтүү, эр жүрөк, баатыр жоокер, күжүрмөн адам» деген түшүнүктү берген этностук мааниге караганда социалдык маанини көбүрөөк түшүндүргөн даңазалуу ат болгон. Ошондуктан бир кыйла көчмөн уруктар өздөрүн «кыргыз» деп атоого аракет кылышкан, — деген божомол чындыкка жакын.
Ошентип, «кыргыз» этноними белгилүү бир уруунун же уруулар бирикмесинин энчилүү аты катары пайда болуп, кийинчерээк Борбордук Азиядагы көпчүлүк элдердин жалпы аталышына айланган даңазалуу, да сыймыктуу да этноним болгон.
Тарыхый жазуу булактарында б. з. ч. III к. тартып эске алынган кыргыздардын ата журту тууралуу да ар түрдүү пикирлер айтылып келген. Сыма Цяядын эмгегинде кыргыздар эскерилгени менен алардын турган жери жөнүндө эч нерсе айтылган эмес. Айрымдар алгачкы кыргыз журту Еннсейде (Енисей чон дарыя дегенди түшүндүрөт) болгон дешсе, башкалары азыркы Түндүк Батыш Монголиядагы Хыргыз-Нур (Кыргыз Көл) аттуу көлдүн аймагыяда болгон деп жоромолдошкон. Акыркы божомол Кыргызстандын тарыхнаамасында көп жылдар бою басымдуулук кылып келген.
Кытайлык байыркы тарыхчы Бань Гу (б. з. I к.) өзүнүн «Хань шу» — («Хань сулалесинин тарыхы») эмгегинде: «Кыргыздардан чыгышта 7 мин ли (1 ли 500 ж) узактыкта хунндардын шанүйлөрүнүн ордосу жайгашкан», деп жазат. Археолог профессор Ю. Худяков, синолог Л. А. Боровкова жана азыркы кыргыз тарыхчылары бул маалыматка негизденип, кыргыздардын б. з. ч. I к. журту Чыгыш Теңир-Тоо аймагында болгондугун далилдешүүдө. Бул журт азыркы Чыгыш Түркстандагы Манас, Кара-Шаар сыяктуу шаарлардын түндүк тарабында, Боро-Хоро тоо кыркасынын түндүгүндө орун алган. Байыркы түрк элдеринин ичинен хунндар, усундар, динлиндер, дилдер ошондой эле Чыгыш Түркстандагы индиевропалык тилдерде сүйлөгөн калктар (юэджилер т. а. тохарлар) эзелтен кыргыздарга коншу болгон.
Кыргыздардын байыркы Ата Журту көчмөн мал чарбачылыгын жүргүзүүгө, кандайдыр бир даражада дыйканчылык менен кесиптенүүгө, кол өнөрчүлүктүн түрун өнүктүрүүгө (металл иштетүу, зергерчилик, жыгач усталык, тери иштетүү, кнйиз жасоо, өрмөчүлүк, оймочулук ж. б.), ан уулоочулук кесиптин, аскердик өнөрдүи жана оюн-зооктун өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөн берекелүү жайлардын бири болгон.
Б. з. ч. I к. ортосунда хунндардын башчысы Чжичжи өзүнүн армиясын кыргыз жоокерлери менен чындап Енисейдин Миң-Өзөн өрөөнүндө жайгашкан урууларды басып алат. Ушундан кийин кыргыздардын негизги бөлүгү өздөрүнүн жаны мекенине (Енисейге) келишкен деген пикир бар. Хунндар болсо Енисейде көпкө кармалбай азыркы Кыргызстандын аймагына көчүп келишип Талас өрөөнүнө отурукташып калган. Бул жерден б. з. ч. 36-ж. хунндарга кытайлар кыйраткыч сокку урат. Чжичжи хан туткунга алынып башы кесилет.
Бул маалымат боюнча кыргыздардын жаңы ата конушка Енисейге жылышы хунндардын саясаты менен байланышат. Кээ бир изилдөөчүлөр кыргыздардын Енисейге көчүп барышын башка себептер менен түшүндүрүп, бөлөк мезгилди көрсөтүшөт.
Кыскасын айтканда, кыргыздардын Енисейге көчүп барышынын себептери, мезгили жөнүндө тарыхый маалымат эч бир жерде жазылган эмес. Мүмкүн, андай жазуу булактары тарыхчылардын колуна тийбей жаткандыр.
Кытай тарыхчысы Сыма Цянь «Тарыхый жазмалар» эмгегинде белгилегендей, негизинен азыркы Монголиянын аймагын жердеген хунндардын бийлик эгеси Модэ шанүй 6, з. ч. 201-ж. түндүккө жана түндүк-батышка согуштук жортуулга чыгып, көз карандысыз бир катар уруулар менен катар кыргыздарды өзүнө каратып алганын билебиз.
Кыргыздар Модэ шанүйгө баш иерде өзүнчө мамлекеттүүлүккө ээ болгон десек болот. Демек б. з. ч. III к. сонунан тартып кыргыздардын мамлекеттик бирикмеси Хунндардын күчтүү дөөлөтүнө баш ийип, анын таасири астында Өнүккөн.
Хунндар түзгөн көп этностуу мамлекетте этностор аралык маданий аралашуу жүрүп, байыркы түрк этносторунун тилдик жана каада-салттык жакындыгы күчөгөн. Хунндардын саясий башкаруу практикасы жана аскердик өяөрү байыркы кыргыздар тарабынан өздөштүрүлдү. Натыйжада кыргыздар да хунндар сыяктуу эле оң канат, сол канат, чордондук топ «ичкилик» болуп жиктелүүсүн уланткан. Хунндардын саясий орбитасында калган кыргыз кошуундары кытайлык империяга ж. б. мамлекеттерге каршы согуштарга хунндар менен бирдикте катышкан.
Дал мына ошондуктан кыргыз тарыхый баатырдык дастандарынын башаттык доору хунндар Борбордук Азияны бийлеген заманга барып такалаары тууралуу жоромолдодо чындыктын үлүшү чоң.
Хунндар дөөлөтүн Цзүйдихэу-шанүй бийлеп турган маалда б. з. ч. 99-ж. кытай аскерлери хунндардын ээликтерине кол салып, бирок жеңилет. Ошондо колго түшкөн кытайлык бир каарман колбашЧы Ли Лин хунндарга кызмат өтөөгө макул болот. Анткени ал Кытайга кайтып барса, аны өлүм жазасына тартышмак болчу.
Цзүйдихэу- шанүй Ли Линге өз кызын күйөөгө берген жана «батыш канаттагы чжуки-бек» деген титулду ыйгарып, ага Енисейлик кыргыздардын журтун хунндардын атынан башкарууну ташпырган. Ли Лин менен анын хунн аялынын урпактары кыргыздарды Чыңгыз хандын жортуулу башталганга чейин бийлеген, Улуу Кыргыз дөөлөтүн негиздеп, уйгур кагандыгын 840-ж. талкалаган кыргыз каганы да Ли Линдин тукуму болгон деген божомол бар.
Саясий бытырандылыкка кириптер болгон Хунн дөөлөтүнүн борбордук башкаруусу начарлаган кырдаалда — б. з. ч. 56-ж. кыргыздар саясий көз карандысыздыкка, эгемендүүлүккө жетишишкен. Алардын чордондук аймагы Чыгыш Теңир-Тоонун түндүк (тескей) жагында Боро-Хоро тоо кыркасы менен Дзосотин-Элисун чөлүнүн ортосунда жайгашкан.
Дал ушул жылдан тартып жазуу булактарында эң алгачкы ирет Кыргыз падышалыгы тууралуу эскертилет (кытайлык байыркы тарыхчы Бань Гу чакан кыргыз мамлекетин «го» «падышалык» термини менен белгилеген). Байыркы кыргыздардын бул чакан өлкөсү географиялык обочо абалына байланыштуу бир нече жыл бою хунндардын көңүлүнөн чыгып, кыргыздардын мамлекеттүүлүгүнүн жаны башаты болуп калды.
Б. з. ч. 49-ж. гака түндүк хунндардын башчысы Чжичжи-шанүй азыркы Манас шаарынын аймагындагы Уцзи падышачылыгын талкалал, батыш жагындагы Кыргыз падышачылыгын, алардын түндүктөгү Динлин өлкөсүн каратып алды. Чжичжи-шанүй кыргыздардын өлкөсүндө саал байырлап, андан ары Кангүй падышачылыгы менен ымала түзгөнүнө байланыштуу батышка жүрүшкө чыккан. Чжичжи-шанүйдүн жүрүштөрүнө байланыштуу айрым кыргыз аскер топтору б. з. ч. 48-42-жж. Талас өрөөнүнө чейин келгендиги айрым изилдөөчүлөр тарабынан белгиленүүдө.
Кыргыздар б. з. 1-У кылымдарда Кыргыздар Теңир-Тоонун чыгыш тарабын мекендеп турган. Түрк урууларынын теле (төөлөс) саясий бирикмесине коншу катары эскерилген кыргыздар тууралуу кытай булактары «Яньцинин (КараШаардын) түндүгүндө, Ак-Тоонун жанында» жайгашкан эл катары сыпаттайт. Ушул эле булактан динлиндердин бир катар бөлүктөрү кыргыздашканын, айрым хунндар да кыргыздарга кошулганын биле алабыз.
Жалпысынан алганда, байыркы доордоя бери аты жазуу жүзүндөгү тарыхый жыляаамаларда белгилүү кыргыздар өздөрүнүн узак жолду басып өткөн тарыхында башка түрк уруулары менен жуурулушуп, Борбордук жана Орто Азиянын (азыркы саясий термин боюнча Ички жана Борбордук Азиянын) бир далай түрк эмес элдеринин өкүлдөрүн ассимиляциялап келген. Алардын байыркы тарыхынын Чыгыш Теңир-Тоолук баскычы б. з. V к. акырына чейин созулган.
*************************************
#3078 03 Май 2015 - 12:42
#3079 03 Май 2015 - 12:44
Kosmopolitka (03 Май 2015 - 12:42) жазган:
алыбай аалына жараша дейт канча билсе болушунча аракет кылып окуй бериш керек бирок жок дегенде намазда окула турган суроолорду уйронуп алыш керек болгону 3 4 эле суроо
*************************************
#3080 03 Май 2015 - 12:47
baksid (03 Май 2015 - 00:21) жазган:
Жоок,адаштыныз таксыр,анда алардын кыгы нажас болбосо,тамак турундо дагы жесек боло берет экен да ээ?Таксыр,мен бул боюнча коп адамдардан сурадым,алардын баары бир ооздон "харам" болбойт,себеби, биз аларды отун катарында иштетип жатабыз,ал куйуп,кулго, чокко айланып жатпайбы,демек жеген тамагыбыз халал болуп эсептелет деген таксыр.