Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 09 Май 2015 - 02:03
- (5 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Супер сынак 2015! Супердин супер таланттарын бирге тандайбыз!
#1 09 Май 2015 - 02:02
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#2 09 Май 2015 - 02:44
1-тапшырма Тарых, бугун жана келечек.
Катышуучу оз тандоосуна ылайык томондогу эки теманын бироосун тандап алат.
(а) Онбогон согуш азабы! (Теманын аты айтып тургандай тарыхта кызыл кан менен жазылып калган согуш азабы тууралуу Очерк.)
(б] Сагындым туулган жер сени!
(Дале болсо коомдо актуалдуу проблема боюнча келаткан мигранттардын кунгой жана тескей жактарын камтыган чакан чыгарма, аркандай кубанычтуу жана кейиштуу окуялардын коштоосунда болмокчу. )
2-тапшырма. Олбос талант. (Мезгил жана Алыкул) Поэзия айдынына саякаттап, 6 куплеттен кем болбогон ыр жазабыз.
3-тапшырма Картинкага катылган суротторго карап, корком создорду тизмектеп дил баян жаратуу.
4-тапшырма. Достук азил. Форумчуларга карата тамаша-чыны аралаш ыр жаратабыз. Эрежеси; бир форумчуну, же катышуучуну тандап алып, этика-норманы сактап, рамкадан чыгып кетпей 4 куплеттен кем эмес ыр берметтерин тогобуз. Ыр саптар так-таамай, азил-чыны аралаш, куйкум создор менен коштолуусу шарт. (пародия эмес) Ыр саптарга ысымы илешкен форумчу туура тушунуу менен кабыл алаарына ишенебиз.
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 09 Май 2015 - 04:04
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#3 09 Май 2015 - 02:59
1)Биринчи тапшырма аркылуу
катышуучулардын саны
аныкталат. Андан сон катышам
дегендер кабыл алынбайт.
2) Эгерде, катышам деп белсенген форумчу биринчи тапшырманы аткарып,
кийинки тапшырмадан баш тартчуу
болсо, автоматтык турдо сынакттан
четтетилет. Ошондуутан торт тапшырманы тен аткарууга аракет кылабыз.
3) Ошондой эле, сынакка
катышкандар сынак буткончо
башка болумдордо тартип бузбай
турсанар, боодо жерден банга
кетип, мээнеттер таруудай
чачылбасын. Кошумча никтер менен таймашты улантпайбыз.
4) Ар бир тапшырма буткон сон,
оз озунчо добушка коюлат. Ар бир
тапшырмага добуш беруу мооноту
бир жумадан созулат.
Сын-пикир, сунуштар жана сынактын журушу тууралуу мындан мурунку темадан улантабыз.
Теманы булгап, ашыкча билдируу калтыргандарга эскертуу берилет!
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 09 Май 2015 - 03:03
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#4 09 Май 2015 - 03:32
(!)Супер талант2015 номинациясы боюнча жылдын мыкты калемгери!
1) Супер акын2015!
2) Супер жазуучу2015!
3) Жаш калемгер2015!
Мына ушул наамдар боюнча ат салышабыз.
Сынак байгесиз коркуно чыкпайт дейт, ошентседа байге тууралуу оозанбай турууну эп кордук. Анткени демоорчу болом дегендердин саны азырынча экоо, сынагыбыз буйруса бир ай боюуу улантылмакчы, ошол аралыкта таланттуулардын талантына кайдыгер карабаган, онор адамын сыйлаган март, берешен форумчулар чыгып калат деп умут гана кылып туралы. Албетте коонорбос, боксорбос талант эч качан материалдык баалуулук менен олчонбойтда, ченелбейт. Биздин максат, комускодо катылган онорлорду сыртка алып чыгып, келечекте улуу адабият майданына кеткен чыйыр жолго карай багыт берип, стимул тузуу! Ким билет, сынакка келечектин Чынгызы менен Алыкулу катышып, ушул чакан тапшырмалар алар учун бекем фундамент болуп куралып жаткандыр..!
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#5 09 Май 2015 - 03:50
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#6 09 Май 2015 - 21:41
Тарых, бугун жана келечек.
Катышуучу оз тандоосуна ылайык томондогу эки теманын бироосун тандап алат.
а) Онбогон согуш азабы! (Теманын аты айтып тургандай тарыхта кызыл кан менен жазылып калган согуш азабы тууралуу Очерк.)
б) Сагындым туулган жер сени!
(Дале болсо коомдо актуалдуу проблема боюнча келаткан мигранттардын кунгой жана тескей жактарын камтыган чакан чыгарма, аркандай кубанычтуу жана кейиштуу окуялардын коштоосунда болмокчу. )
Эскертип кетсем биринчи шарттын убактысы тууптура бир жума , бир жумаадан кеч калгандардын билдируусу эсептелбейт.
#7 13 Май 2015 - 00:23
Карга
Жумуштан келип эле курсакты да жакшы тойгозуп албай уктап калыптырмын. Сутка иштеген жаным төшөктү көргөндө эле жатууга камынып туруп алды.Дайым эле ушундай болот чынында.Канча уктадым билбейм,бирок уйкунун тээ түбүндө элем,бирөө эле колдон тартат.Көзүмдү ачсам жанымда бирөө турат:
-Сизге чалып жатпайбы жанатан бери,жооп берип же "без звукка" коюп коюңчу адамдын уйкусун бузбай,-деп Айдар туруптур.Бул дагы түнү иштейт.Мендей болуп дем алышсыз иштебесе да качан көрсөң уктаганы уктаган.Жана мен келгенде бул жок болчу.
-Ааа... болуптур-деген мен ал колуна кармап алып мага сунуп жаткан телефонумду колго алдым.Апам чалып атыптыр.Өчүрүп койгонго дитим барбады.Алдым:
-Алоо,Жанболот? -деди апамдын жа-ай жана жумшак үнү.
-Ов,апа,кандайсыз? -дегенче башымды өөдө кылып карасам Айдар жатчу жерине жетип барып эле жамынчысын башына дейре чүмкөнө баштады.Мунусу "надоел экенсиң го" дегени.Жашы бир топ кичүү болгону үчүн унчуга албайт.Мен болгондо "чыгып сүйлөш" деп эле айтмакмын.Эрте жаз болгондуктан эшикте суук.Коридорго чыгайын десем ал жерде да кенен-кесир сүйлөшө албайсың.Кухняда да болбойт.Ал жер телефондо сүйлөшүү үчүн эмес.Эреже ушундай.
Айла жок калыңыраак кийинип алып балконго чыктым.Балкон биз жаткан бөлмөгө туташ.
-Жакшы,рахмат. Өзүңөр кандайсыңар? Ал-акыбал,кем- карчыңар жайындабы?-деди апам адаттагы алгачкы суроолорун узата.
-Рахмат,апа. Кудаага шүгүр.Өзүңүздөр кантип атасыңар? Кыш бүтүп эшик-элик кургай баштадыбы? Өчүрүңүз мен өзүм чалам-дедим апамдын эмне себептен чалганын сурай албай."Макул" деген апам өчүрдү.Кайра чалдым.
-Сүйлөй бериңиз эми.
-Таңсулуу кайда,жумушундабы?
-Ии,ооба,жумушуна кетти эле.
-Сен өзүңчү?
-Мен үйдөмүн.Жанараакта эле келдим жумуштан.
-Үйдө болсоң анда жакшы.Сүйлөшчү сөздөр бар...-деди апам үнүн башкача чыгара.
-Ии,тынччылыкпы? -дедим мен курткамдагы тамекиден бир даана алып чыгып күйгүзүп жатып.
-Менимче тынччылык эмес.Кечээ балаң ойногону чыгып кетип бир маалда кирип келди.Эмне деди дебейсиңби?
-Эмне деди?-дедим балкондон сыртты карай тамекиден тартып алган түтүндү абаны бозорто үйлөп жатып.Үйчүнчү кабатта жашайбыз.Балкон биз жашаган домдун арт жагында жайгашкандыктан бул жерге чыгып каалаган нерсеңди кыла берсең болот.Көбүнчөсү тамеки тартканы,жана телефондон сүйлөшкөнү гана чыгабыз.Домдун артында бир машина гана бата турган,асфальттын акыбалы алда-качан мышык ыйлагыдай болуп калган жол бар.
-Кирип келип эле,"эне,мени жетим дешти го,мен не жетимминби? "деди коздөрүн алаңдата.Атаң экөөбүз телевизор көрүп жаткан элек,бул айтканын угуп же күлө албай же жиндене албай туруп калдык экөөбүз тең,-деген апамдын айтканын угуп менин оозумдагы тамеки түшүп кете жаздады.Мен баламдын дагы бир күлкүлүү сөзүн,же болбосо бир күлкүлүү окуясын айтат деп ойлоп жаткан элем да.
-Бул эмне дегени? Ким айтыптыр ага мынтип?-дедим таң кала.
-Кубандын баласы айтыптыр.Атаңды кой десем болбой жинденип чыгып барып үйүнөн таппай келди.Тапканда ачуусу чукул атаң бир жерин үзө урмак беле ким билет.
-А эмне себептен ал мынтип айтыптыр?
-Ким билет.Азыркы жаш балдардын сүйлөшкөнү эле бир шумдуктуудай экен ботом.Бир түшүнүксүз сөздөр менен сүйлөшүшөт.
-Айбол азыр каякта,жаныңыздабы?
-Жо-ок,ойноп чыгып кеткен жана эле.Ошо анан кечээ атаң экөөбүз олтуруп алып бир топко чейин алаксытып сүйлөшүп олтурдук." Атаң менен апаң оо алыс жакта,сага чо-оң машине алып келет,анан комбайын дагы алып келет",десек деле болбой "силер алдап жатасыңар" деп дулдуңдайт. "Ой эмнеге алдайт элек.Өткөндө эле телефондо сүйлөшпөдүң беле?" деп айтсак "силер башка эле бирөө менен сүйлөштүрүп мени алдап атасыңар" деп көзүнө жашы бир тегеренип барып араң токтоду." Ишенбесең кел азыр дагы телепон менен сүйлөшөсүң" десек "сүйлөшпөйм" деп тултуюп олтуруп алды.Анан биз да унчукпай койсок бир топтон кийин гана кайра сүйлөп кирди.Бала да,бат эле унутуп калды бир аз мурун эле эмне деп жатканын.Бирок ошентсе да биз кыжаалат болдук,Жанболот. Мынтип жүро берсеңер балаңар чындап эле силерди унутуп коет да ошентип ойлой баштай.
-Коюңузчу апа,кантип эле унутуп калсын?-дедим күчкө сала эле күлө.Ошол убакта сырт жакты тиктеп олтуруп козүмө жолдо нары-бери басып жүргөн карга көрүндү.Негедир жалгыз.Жолдун нары жагына бир өтөт,кайра бери жагына бир өтөт,бир нерсе издеп,же чакырып жаткандай каркылдап да коёт.
-Бала деген унутчаак болот."Атаңдын аты ким?" деп жүрүп атаң үч жыл мурун сенин атыңды айттырып үйрөткөн болчу.Мына,кечээ эле о-о ылдыйкы бирөө атаңа айтыптыр.Ал уулуңдан:" Кимдин баласысың?" десе "Темирбектин" деп жооп берген имиш.Бул дегени сенин атыңды тургай өңүңдү да унутуп баратат дегени.Өзү уулуңду качан акыркы жолу көргөнүң эсиңдеби деги?
-Эсимде...-дедим тамагымды кыра жөтөлө.Чын эле,канча жыл болду? Телефондо го анча-мынча үнүн угуп турам дечи,бирок,көргөн башка нерсе да.Белек-бечкек тынбай жөнөтүп да турам "атам берип ийди" деп өзү курактуу балдарга айтып жүрсүн деп.
-Эсимде деп коет уялбай.Уялсаңар боло ботом.Таңсулуу го былтыры жайында келип кетти бир айга.Ал эми сенин деги эле келейин деген оюң жок да.Эмне,Айболдун тирүүлөй жетим болуп өсүп жатканы ойлондурбай атабы? Карыздарыңардан деги алда качан кутулгансыңар, эми "үй алып алалы" деп он жыл болсо да жүрө берейин деп атасыңарбы? -деди апам бушайман жегенче таарына.
-Апа,эми үстүбүзгө үй алып алсак зыяны тийбейт го.Аз калды,Айболду бир аз алдап-соолап жүрүп турсаңар биз биротоло барып калаарбыз...
-Аз калды,деп бир жыл мурун эле айткансың.Мынтип жүрө берсеңер бизди да көргө узатып коюп анан келгидейсиңер. ..
-Коюңчу апа,кайдагыны айтасыз да.Бара элегиме төрт жылдан э-эми ашты го.Элдер жүрүшөт го он жылдап,-деген мен адаттагы эле сооротуучу сөздөрдү сүйлөп кирдим.
Билбейм,былтыркы жылы,анын наркы жылы да ошол жол киреге кетчү биртке акчаны аяп баргым келген эмес.Ооба,баардыгын аябай сагындым.Ата- энемди,тууган туушканды,айылымды, Кыргызстанымды, өзгөчө мен акыркы жолу көргөнүмдөгү тили чулдураган Байболумду! Бирок,сагынычымды бир аз тыя туруп чөнтөгүмдү калыңдатып алып биротоло келгис болуп кетсем жаманбы?
Бул убакта апам эми Байболдун ары күлкүлүү,ары таң калычтуу окуяларын айтып баштаган эле.А мен болсо тиги жолдун боюндагы каргадан көзүмдү албаганым менен кулагым апакемде.Апам дайыма атам жокто чалат.Атам мага өтө катуу мамиледе." Сени кичинеңде көп эркелетип койгон,эми чыда" деп апам кээде күлүп калчу.Атам чалганда сөзүбүз көпкө деле узабачу.Уулдан жалгыз болгонум үчүн мени жаштайымдан кастарлай,эркелетсе да эрке-талтаң кылып алуудан сактана ушул эрезеге жеткизгенин мен өзүм деле билчүмүн.Мунусуна миң мертебе ырахмат айтсам да бир күндүк мага болгон камкордуна тең келе албайт.Апам жөнүндө айта берсең сөз көп.Жалпылап айтканда,менин апам-дүйнөдөгү апалардын эң мээримдүүлөрдүн мээримдүүсү. Отуздан ашып калсам деле дале кичинекей баланы эркелеткендей эркелетип калат анча-мынчада. ..
Тиги каркылдаган жалгыз карга жолдун так ортосундагы кичинекей көлчүккө жакындап келди да канаттарын серпе,башын көлчүккө чулгуй киргизип чыгара жууна баштады.Бул нерсени жууна баштады деп гана атай алам.Эки жакка карап да койгон жок.Кудум бул ааламда өзү жалгыз калгандай,же жалгыз өзү кожоюн сымалдай өзүн ээн эркин сезе көлчүк менен ойноп жатканы мени таң калтырды.Тообо, жапжалгыз,бак- дарактын же бийиктеги бир нерсенин башында эмес жерде,болгондо да машина,адам өтүп турчу кичинекей бул жолдо эмнеге мынтип жүргөнү түшүнө албадым.Оюмда, канаты сынык,ошон үчүн уча албайт,деп да ойлодум.Анча- мынча "ка-ак,ка- ак" деп койгонучу! Алысыраак бир жерден да каргалардын каркылдаганы угулду эле башын көтөрүп эки жакты карап койду.Түшүндүм! Бул адашкан же бир нерсе издеп жүргөн карга болсо керек.Болбосо эмнеге жалгыз жүрөт? Болгондо да абада эмес жерде.Ушул учурда жолдун бир четинен жүрүп келаткан машина көрүндү.Шашылыш окшойт,жолдун жамандыгына да карабай катуу айдап келатат.А карга болсо дале тиги көлчүк менен алек.Көз ачып жумганча эле машина болсо жакын келип калды.Ушул жерде мен чыдабай кеттим да балкондун нары-жак бери жагын карап колго илешкен,кечээ жакында эле буту сынып калган столдун сынык бутун ала коюп,балкондон колумду чыгарып туруп "Күш!" деп атып урдум.Же аным жетип барып тийсе өлөйүн.
-Эмне болуп кетти?-деген апамдын суроосу чыкты телефондун нары жагынан.
-Эч нерсе,сүйлөй бериң,-дегеним менен көзүм каргада.Карганын кулагы укпайбы,же башка себеппи ошол көлчүк менен ойноп аткан бойдон машинанын астына кирип кетти.Машина өтөөрү менен көлчүктүн ичинде тыпырап канаттарын беш-алты жолу серпип алып анан кыймылы жок жатып калган карганы карап турдум.Ичимден ал карганын бей ажал эле курман болгонун аяй,фанаңдап шашылып бараткан машинанын айдоочусун ичимден сөккөн менен селдейип карап кала бердим.Карга эмнеге мынтти? Жашоодон тойдубу,байкабай калдыбы,же чындап эле кулагы укпайбы? Баарынан да эмнеге жалгыз?... Ушул сыяктуу суроолорго жооп издегеним менен жооп таба албадым.
-Сүйлөбөйсүңбү, Жанболот? Эмне унчукпай калдың?-деген апамдын үнүн угуп гана озүмө келдим.
-Угуп атам,апа,-дегеним менен тиги карга дале эсимден чыкпай жатты.Жөлөп- таяр эч кимиси жок үчүн,сагынаар туулуп өскөн жери жок үчүн,бар болсо да эстей албаганы үчүн ушинтип жалгыз жүрөт да... Же болбосо жөн гана кокустук болду.Жөн гана жан дүйнөсү каалаган нерсени кылгысы келип ушул акыбалга түштү.Жок,кокустук эле болду,деген ойго гана жармашып алдым.Ушул ой ушул кырдаалга эң оңой жана эң тууру жооптой туюлду.
Апам менен коштоштум.Качан бараарымды бул жолкусунда да ачык айта албадым.Аныгын билбесем кантип айтмак элем,туурабы? Бир топко дейре ойлонуп жатып бир маалда өзүмдү өзүм ошол карганын ордуна коюп жиберген мен коркуп кеттим.-Жок! -дедим менен ичимден күбүрөнө,-менин туулган жерим,чалынсам өөдө кылчу адамдарым Кыргызстанда, уулум ошол жакта,мен кетишим керек!-деп алган мен ушул ойду ырастап жаткан бойдон көшүп кеттим...
Бир жарым айдан соң айылга кирип бардык.Баарына сюрприз кылайлы деп Таңсулуу экөөбүз атайы сүйлөшүп алып алдын-ала кабарын айтпай барган элек.Ошондо силер көрбөдүңөр да ата-энемдин, баарынан да уулумдун кубанганын! Айбол бизди көрөөрү менен эле тааныганы чоң кубаныч болду.
Достор,жакшы күндөрдү жакын адамдарыңардын жанында өткозүүгө аракет кылгыла!
Билдирүүнү түзөткөн: Amantur.: 13 Май 2015 - 00:24
#8 13 Май 2015 - 18:31
Сегиз кун
Москва шаарында Улуу жеништин жетимиш жылдыгына карата кызуу даярданып жатышкан мектеп окуучулары тушку тамак учурунда тамактарын чала була ичишип,колдорундагы нандарын оздору менен ала чыгып,кочодогу когучкондорго кукумдорун чачышып,ойноп жатышты.Бир гана Мурат аттуу бала нандын кукумдоун колуна алып,адам баспай турган жерге коюп жатканын жанатан бери эс алуучу устолдо карап олтурган карыя Мураттын жанына келип,башынан сылап
-Чырагым, кай жерден болосун-деди
-Атам апам мигрант болгонуна байланыштуу ушул жерде окуймун.Негизи Кыргызстан деген олкодон болобуз-деди Мурат.Ал экоо суйлошуп жатканын коргон жанындагы курдаштары келип
-Ну Миша,кеттикпи тиякка?-деди. Алардын бактылуу жуздорун коргон карыя коздоруно жаш ала
-Эх балдарым! Силер биз коргон кунду корбодунор, биз кечкен отту кечпединер, бирок,балдарым, ушул нандын кукумдорун когучкондорго бергенче,тиги метронун жанында жургон селсаяктарга берсенер болбойбу! Силер сындырган,чачкан нандын кукумуно жетпей жургондор канча?Билсенер, согуш убагында бизге болгону эки жуз граммдан нан берилчу,ал да болсо бир кунго.Бир сындырым нан учун,душмандын уюгуна чейин кирип,аларды талкалап,нан жеп,жан бакчубуз-деди козундогу жашын аарчып.Мотурайган жаш балдар ангеменин кызып бара жатканын билип,ар кимиси суроолорун жаадыра башташты.
-Чон ата,согушта кандай жерлерди кордунуз?-десе бириси
-Чон ата,немистерди кайсы жерге чейин кубаладыныздар? -деди экинчиси.Алардын берген суроолоруна кызыккан Мурат дагы
-Чон ата,сиз менен Кыргыздар дагы согушка катышканбы? -деди
-Ой чулдурабай тургула!Бир бирден суроо берсенер,карыган мени шаштырбай! -деди карыя.Бир саамга нур качкан коздору менен батышты карап,ойлонуп туруп,анан узак ангемесин баштады.
-Мен анда отуз жашта болчумун.Ага лейтенант чинин алганыма да аз эле болгон болчу,атын очкур Гитлер СССРге капыстан кол салып,канчалаган элди кырып,канын суудай агызып,ач калган ажыдаардай улам бир айыл кыштакты,шаарды басып,андагы элди тируулой куйгузуп жатышты.Баардык нерсе согуштагы жоокерлерге жонотулуп жатты.Атын очкур Гитлер "уч айга жетпей СССРди басып алам!"-деген ою таш каап,Москвага жакын калганда биздин жоокерлер катуу каршылык корсотуп,акыры душманды Сталинградга чейин суруп барып,ошол жерде анча кармашып турдук.Ошол Москва алдындагы кармашта Орто Азиядан келген баатырлар чыныгы баатырдыкты корсотту.Азыр атын унутуп жатам,сен билбейсинби? -деди карыя ангеме угуп жаткан Муратка капыстан
-Менимче Панфиловчулар болсо керек.Себеби атам апам ошолор тууралуу айтып калчу мага жомок катары-деди Мурат ынгайсыз абалда.
-Во,азаматсын! Ооба,сен айткан дал ошол Панфиловчулар болчу.Ошолор чыныгы каармандыкты корсткон да-деди карыя.
-Азаматсын Миша!-деп, Марат аттуу бала далысына таптап койду.
Ошол,анан 1943-жылдын март айларында биздин он алтынчы аткычтар дивизиясына арык чырай,орто бойлуу,кара торусунан келген,буркут кабактуу Кыргыздын кымыз жыттанган баласы келип кошулду.Аны алгач жаш бала деп,коп салгылашка катыштырбай, катышса да,пулеметтун лентасын ташып,кимде ок даары тугогнсо,ошого ок даары ташытып,айтоор аны тенсинбей журдук.Бир жолку кандуу кармашта Самат пулеметко лентаны алып бара жатса,пулеметто аткылап жаткан Саша каза болуп калып,Самат ошол жерден пулеметко лентаны кийгизип,бизге жакындап калган фрицтерге пулеметтон окту мондурдой жаадырып,душмандын мизин бир заматта кайтарды.Аны коргон биздин солдаттар кубанып," азаматсын Самат!Сага буйруса ушул пулемет насип кылыптыр,эми ар дайым ушул пулемет менен фрицтердин энесин таанытасын! "-деп жатышты.Башында тенсинбеген жоокерлер Саматка башкача мамиле кылып,кээси айрылышкыс дос да болду.Саматтын биринчи согуш куну ушинтип башталды.Самат чыныгы каармандыкты корсотуп,биздин дивизиядагы эн шамдагай,баатыр жигит эле.Бир жолу Польша мамлекетиндеги кандуу кармашта ал он бешке жакын немистин офицерлерин жайлап,беш майорун жана бир танкын граната менен жайлаган жалгыз жигит эле.Ошол кезде анын каармандыгын маршал Жуков менен Ракасовский дубал гезитке чыгартып,ал каармандыгы учун далай орден медалдарды тагынды го чиркин.Бирок, -деп,калганын айта албай,козунон акка жашын колдору менен аарчып,уну дирилдеп,жаак эттери титиреп,колдору болсо калтырап,-болгону согуш бутооруно сегиз кун калганда,жыйырма бешинчи жазын тосооруна жети кун калганда коз жумуп кете берди го!-деп ыйлап жиберди.Ушунчалык берилип угуп олтурган окуучулар дагы карыяга кошулуп ыйлап олтурушту.Бир чай кайнамга чейин ыйлашып,акырында карыя тамагын кыра
-болду эми балдар,силерге айтып жатып,озум ыйлаганым аз келгенсип,силерди да жашыттым-деди. Анан бир саамга олтуруп,кайра баштады созун
Ошол куну эмнегедир Саматтын конулу куунак болчу,мага келип
-Ага лейтенант,буйруса фашисттерди ийнине чейин кубалап барып,ошол ийининде аларды тып тыйпыл кылып жайлап салбасак,ал донуздар бир кун болбосо бир кун дагы башка бироого кол салат-деди кыжырдана.Анын куунак жузун коруп,
-Самат, буйруса согуш бутсо не кылайын деген оюн бар?-дедим кепти башка нукка бура.
-Буйруса ошол кунго жете береличи! -деген эле ону бир заматта бузула.Ошондо эле билген окшойт кургурум.Ошол куну немистердин Бранденбург шаарында катуу кармаш болуп,Самат Садыков баатырларча курман болду.Ошол Бранденбург шаарын бошотконго анын салымы зор болду.Ал пулемет менен немистин уч жузго жакын фрицин,онго жакын офицерин жок кылып,озу дагы кете берди.Кандай асыл максаттыры болсо,ошонун баарын озу менен ала кетти.-деп созун бутурду карыя.Жанатан бери угуп олтурган балдар окуя буткондон кийин коздоруно жаш алып,азыр эле тируу болуп турган каарман бир заматта курман болгонуна ишенип ишенбей,балалык ой кыялдары менен алпурушуп," неге андай болду экен?биз коруп жургон кинодогу каармандар анан аягына чейин эч жери эч нерсе болбой,кино аяктайт го?"-деп ойлонуп олтурушту.Баары оз ойлору менен болуп,карыган карыянын кантип узап кеткенин да байкабай калышты.Карыя болсо,эки ийини бирде "дирт дирт"-этсе, бирде коз алдына бирге согушкан жоокерлер тасма сымал чубаалжып,кансырап, олум менен омурдун ортосунда жаткан жоокердин элесин коруп,журогу алкымынан чыга кете жаздап,илен салан болуп,бара жатты
#9 13 Май 2015 - 20:44
Кылым карыткан кыргыз эли башынан эмне деген гана күн кечирбеди.Элибиздин учу-кыйыры жок тарыхында,тарыхтын оомал-төкмөөл заманында кыргыз эли өз атына татыктуу боло алды."Кыргыз" эли "Кырылгыс" экенин канча бир майдандан көрсөтө алды.Канчалаган душмандар жоо сайып,кыргын сала кыргыз элинин канын агызып,жанын алды.Бирок,Манас атабыздын канында бар.Манастын урпактары "түгөнгөн сайын түтөп",каны- жанын аябастан душманга каршы туруштук берип,кайсы согуш,кандай согуш болбосун эрдикти сүрө кылып жеңиш менен жашоосун уланткан.
Тарых барактарын барактап барактап көрсөк,кыргыз эли өз башынан түрдүү согушту кечиргени маалым.Бирок, согуш дегендин өзү эмне?Согуш-бул көкүрөктөгү ачуу күйүт,ажал,ый, муң,оору деги койчу,жашоодогу жаман нерселерди өз кучагына камтыйт.Согушту акылы тайкы адам да каалабаса керек.Жок,согушту эч ким,эч качан сүйбөйт.Жада калса жан-жаныбар, жаратылыш дагы.Кыргыз элинин жакынкы эки еылым мурунку башынан кечирген согуш апааттары тарыхта кызыл кан менен сыя болуп түбөлүк жазылып калды.Кан жыттанган согушта өздөрүнүн өлбөс-өчпөс эрдиктери менен кыргыз уулдары баатыр атыкты.Жоо сайган душманына бааоы бир муштум болуп түйүлүп,жеңиш үчүн жанын эч аябады.
1945-жылдын жай саратанынын алгачкы кечтери эле.Ала-Тоонун койнунда кыргыз журту өз турмуш көчүн улап жатышты.Ошол түнү,калк ичин кара басып,душман согуш отун жагып келе жатканы Ала-Тоо койнуна ачуу жаңырык тез тарады.Ала-Тоонун суусун ичип чоңойгон,ат жалында күлүк таптап торолгон,кыргызымдын кымыз жыттуу балдары бул суук кабарга сууп тура албады.Бул согушка баатырлык канына сиңген кыргыз эр-азаматтары өз каалосу менен элинин келечеги үчүн курал кармап жоого аттанды.Ооба, Манастын урпактары калкты ач албарсты басып турганда,жасдыгын жастанып,төшөгүнө чүмкөнүп жатып алган эмес.Ошентип кармаш башталды.Бул кармашта жеңиш үчүн бирине-бири жөлөк болуп,улуту, тили башка казакпы,оруспу, эстонбу,айтор, баарынын максаттары бир эле.Кан күйгөн согушта эр-азаматтардын көксөгөнү жалгыз-жеңиш! Бул учурда биздин жоокерлерде беш манжа бөлөк билек бир,беш адам бөлөк тилек бир болуп турду.
А калган элибиз да өз башынан согуштун чамындыларынан азап чегип турду.Азаптын азабы баарынан "кара кагаз"эле. Энелердин көз жашы булак болуп агылып,дайра болуп ташып турду.Кара кагаз ачылганда энелер боздоп,эжекебайлар жер чапчып,жеңелер жесир калганына ызаасы чыдабай ачуу жашка жүзүн жууп,үнүн айга созо боздогондо жан чыдап алардын жанына эч ким тура алчу эмес.Аркада калган уулдары жетим тайлактай боздоп,атакесинин тумагынан жытын искеп тим болчу.Ачкалыктан көзү тунарып,кош ууч унга зар болуп,сары чайга жан багышты.Күн кечиришти." Бардыгы согуш үчүн!Бардыгы фронт үчүн!"деген ураан менен бир табак унун,жармач нанын,аштык буудайын жөнөтүп турушту.Бели ката элек чалагайым бир кур өспүрүм балдар кош айдап,араба менен дан ташып,бирде боздоп,бирде ойноп,бирде калк менен кошо аза тартып жатты.Балдарга буйруган ушундай балалыктын өтүшүнө жазакерлер сөзсүз бардыр...
Согуштун көксөгөн максаты болгон жеңиш үчүн 1418 күн кандуу күндү баштан кечирди.Эмне деген эрдиктерди көрсөтүп,кандай калк,кандай журт экенин баатырларыбыз айгинеледи. Бул согуш тарыхта кызыл кан менен Улуу Ата Мекендик согуш деп жазылды.Чынында бул согуш жөнөкөй согуш эмес.Улуу согуш болду.Кыргыздардан аттанган жоокерлердин жарымысы кайтпай,ара дөбөдө,ээн талаада,баткак сазда,дарыя өзөндө сөөктөрү сөпөт болду.Кайткан жоокерлердин жарымысы дагы жарым жан болуп күн кечирди.Калганы өз турмушун улантып,урпагын уратпастан улады.Түптүү элди түптөдү.Чамгарагын бийик көтөрдү.Чырагына май тамызышып,турмуш көчүн улашты.
Быйыл бул жеңишке туура 70-жыл толуп олтурат.Майрамдын көркү болгон ардагерлердин саны жыл санап суюлууда.Сиздердин жеңиш үчүн баскан ар бир шилтеген кадамыңыздар бизге бүгүнкү кең келечек,жаркын жашоо,эгемендүүлүк, токчулук,шаң- майрам,наристелердин кыткылык күлкүсүн тартуулады. Согушка ар дайым наалат!Сиздерге таазим этебиз.Эч ким,эч нерсе,эч качан унутулбайт!
Билдирүүнү түзөткөн: kychkyltek: 13 Май 2015 - 21:20
#10 13 Май 2015 - 21:33
'Согуш'- кулакка жагымсыз угулган бул соз,канчалан жоокерлердин жанын алып,коптогон элди азапка салып,бомба, снаряддар нечендеген жерлерди талкалап,миндеген имараттарды талкалаган. Улуу Ата Мекендик согуш 1941-ж фашисттик Германиянын кол салуусу менен башталып,1945- ж СССРдин жениши менен аяктаган.Согуш учурунда биздин жоокерлер эл жер учун,намыс учун,келечек учун,эркиндик учун бут омурун сайып,баатырларча эрдик корсотушкон. Ал эми баатырлардын эрдиги кылымдарды карытып,коонорбос болуп жашай берет жана урпактарыбыз алар жонундо ар дайым эскеришет,бейитине гул дестелерин коёт,жыйындарда узун сабак соз айтылып,даназаланат. Кандуу майданда,немецтик фашисттердин уюгунда,Гитлердик генаралдар менен офицерлердин арасында журуп,оз милдеттерин ото так,чон жоопкерчилик менен аткарган чалгынчылар ошол убакта советтик армияга зор салымын кошкон десем эч жанылбасам керек.Экинчи дуйнолук согуш жонундо дуйнонун белгилуу акын,жазуучулары жазбаган роман,повесть, ангеме,легендалар деле калбаса керек.
Билдирүүнү түзөткөн: vema_87kg: 13 Май 2015 - 21:50
#12 14 Май 2015 - 17:56
Эл таалайы учун курман болгондордун элеси жаштарды жаны эрдиктерге, патриоттуулукка ундойт.Бизге эркиндикти, тынчтыкты тартуулаган аталарыбызга туболук данк жана таазимдер болсун!!!
#13 14 Май 2015 - 18:09
Каргаша согуш келсе санаабызга.
Гулдотуп жашообузду кулуп жайнап,
Жигиттер эсен журсун арабызда!
Ар дайым баарыбыздын жузубуздо жылмаюу, ар бир наристенин жузундо кубанычтын кулкусу жанырып турсун демекчимин! Элибиз,жерибиз ар дайым бейпилдикте, тынчтыкта,токчулукта болушсун! Мекенибиз кучтуу,бакубат жашоодо жашап,алдынкы олколордун катарында журушуно чын журогумдон тилектешмин! !!
Билдирүүнү түзөткөн: vema_87kg: 14 Май 2015 - 18:26
#14 14 Май 2015 - 20:29
Менин эс тарткан убагым Советтер союзунун тарап,ага коз каранды мамлекеттердин эгемендуулукту алган учуруна туш болду.Мектепти аяктап катардакы окуу жайлардын биринде окуп калдым.Студенттик кундор кандай гана сонун чиркин!,жаштыктын оту бар сезимдер менен жалындап студенттик кызыктуу кундор отуп жатты.Бирде ач, бирде ток калып, жада калса кийим кеченди досторун кийип кетип сабакка барбай калган кундор да коштолуп турду.Деги эле айта берсен тугонбогон кызыктуу кундору коп студенттик кездердин. .
Ошол убактарда эле студенттердин басымдуу болугу Россия, казакстан ж.б.чет олколорго жоноп жатышты.Билим жолун улантуу учун эмес албетте!! Бийлик тоболдорубуз элдин камын эмес оздорунун да атын таба албай,кыргызстаныбыздын экономикасы оор абалда калып, уй-булоо мучолорунон бирден, экиден болуп чет жактарда иштеп акча табууга мажбур боло баштадык.
Анткени эгемендуулукту алгандан кийин эле биздин элде "МЕНЧИКТЕШТИРУУ" деген балакет башталып завод, фабрика, чакан онор жай дегендердин баары колунда акчасы коп адамдардын менчигине отуп, карапайым калк жумушсуз калган эле.Катардакы жумушсуздардан болуп мен да алыс эмес коншу казакстанга аттандым.Кыргызстанымда акыркы баскан ииздерим кыргыз-казак чек арасына келгенде тугонуп, жаны кадамдар казакстан менен башталды.
Ошентип казакстанда да жашоо уланып жатты.Башка олкого келгенде биринчиден болуп мекендештердин жашоосу кызыктырат экен.Карызга батып, аны толой албай качып кеткени да (кыргыз атын жаман кылып), карызга батса да намысы учун иштеп кутулуп жаткандары да, дуркуроп иштеп уй-жай алып, кылдатып машиналарды минип жургондор да бар экен. Оо жараткан менин да жолумду онунан сала кор деп мен дагы катардакы "МИГРАНТ" болуп жумуш баштадым.Соода ишке киришип бирде ойдо, бирде ылдый болуп журуп бир канчалаган убакыт да отуп кетиптир билинбестен. "Аккан арыктан суу агат ", "дарак бир жерден когорот" демекчи жумушту токтотпостон иштей бердим. Ата-энем, бир туугандарыма да жардамым тие баштады. Ошол казакстанда журуп оз тенимди да таптым, ал да озубуздун кыргыз кызы эле.
Баш кошуп,бакыт отун бирге жага баштадык. Зымырап кундор, айлар, жылдар да отуп кетти билинбестен. Бала-чакалуу болуп бакыт отун очурбой жургонубузго он жылдын жузу да болуп калды.Казакстанда жашап жургон аралыкта оз элибиз, оз жерибизге барып аз да болсо "МИГРАНТ" деген санды азайталы деп ойлосок бир эмес эки президентибиз куулуп, олкобуздо тынчтык орнобой, аны менен коштолуп Ош коогаланы да оорун алды.
Азыркы учурда глобалдуу койгойлордун бири деп бизге окшогон ботон жерлерде "МИГРАНТ" болуп жургондорду алсак болот.Анткени мекенибиздин осуп-онугуп кетишине козу жетпегендер торолуп жаткан балдарга ошол эле россиянын, ошол эле казакстандын жана башка олколордун жарандыгын алып жатышат, мен да ошолордун катарындамын десем жанылбайт элем.Мындай корунуштор азыркы мезгилде ото сейрек кездешип жатат.
Элибизде, жерибизде тынчтык болуп, экономикабыз осуп турса башка олколорду суктантып, чет олколордо торолуп жаткан балдарыбызга кыргыз жарандыгын алып турсак бул кезге чейин статитистикадакы корсотмобузго канчалаган адам сандары кошулмак эле. .
Теманы аяктап жатып кыргыз элимди тынчтыкка, биримдикке жана ыйманга чакырып кетээр элем. . .
Билдирүүнү түзөткөн: Aidar.001: 14 Май 2015 - 20:35
#15 16 Май 2015 - 14:55
Мээрим жан алы калбай жыгылып, туруп качып баратат. Наристе ынаалап, апа мен корком! Таштаба! Апа деп чаныратда, кайра ынаалап артынан калбай келет. Селт этип чочуп тура калды, элендеп эки жагын карадыда, тилида оозуна батпай кургап, тердепда алыптыр. Ооф, дагы тушумбу деп, ваннага чыгып бетин жууп, эмелеки коргон тушун эстеп, оксуп-оксуп ыйлап жиберди. Унун барынча бакырып-бакырып алгысы келди бирок, чогу жашагандардан бир чети намыстанса, бир чети ачуусуна тиери анык. Коз жаштар салаалап агып, оозун басып алып опко-опкосуно батпай ыйлап жатты.
-Кечир мени бейкуноо наристем, кечир! Сени коргой албай, оз колум менен ажалга турттум. Убалын атана тийсин!-деп шыбыранып да жатты, кайра туурале кылдым, боюмдан алып салбасам, кантип баш которуп журмокмун, менго куруюн ата-энемчи, алардын бетине коо суртмокмун, мен туурале кылдым деп, озун сооротот да, кайра жан дуйносуно тынчтык бербей, озок орттогон энелик мээрими озун кечире албай, эгер алдырбасам быйыл уч жашка чыкмак, апалап артымдан калбай ээрчип журмок, эмнеге, эмнеге оз наристемди олумго кыйдым деп, журок ойкогон сансыз ойлор коодонун жанчып жатты. Албетте ичиндеги карама-каршы сезимдер пенделик намыс менен энелик мээрим эле, экоо алышып, бири-бири менен согушуп, байкуш кызды курттай эзип жатты.
Ооба, Мээрим алты айлык болгон баласын, жасалма толгоо аркылуу алдыртып тынды. Антпеске арга жок эле, бирге жашаган Эрмек чарк айланып, сени суйом, биз созсуз бирге болобуз деп, жаш кыздын башын айлантып, турмуш курууга кондуруп, а тугул жергиликтуу мечитке чогуу жашагандардан кубоо катары, экоону кошо ээрчите барып, Мээрим экооно нике кыйдыртып келген эле.
-Ата-энен уйдогулордун алдынан отуп койсун деген созуно, сен кам санаба бир жылдан сон барып, той кылабыз, ага чейин ата-энем барып, сен тараптагылардын алдынан отот деп ишендирди. Андан бери сегиз ай отту, капысынан эле уйдогулор чакырып жатышат, атам ооруп жатыптыр деп, шашылыш эле бир кундо кийимин жыйып кетип калды, барып эле он беш кундо кайтам деген Эрмектен дайын жок, копко барып, кечир ата-энем таап койгон кызга уйлонбоско аргам жок, ата-эненин раазычылыгысыз экообуз бактылуу болбойбуз деген смс келди. Мээрим жанын коерго жер таппай, улам-улам ошол номерге чалып, Эрмек менен байланыша албай убара тартты. Артынан барайын дейт, айылына барса андай бала жок деп койсо кантем, тапкан кундода, ата-энеси кабыл алабы, Эрмек озу сени тааныбайм деп эл козунчо тескери бурулуп кетсечи, деген сансыз ойлордун кучагында калды. Ыйлаган менен пайда жок, Эрмекти издеп баргангада акчасы жок, тамак-ашы тугонсо эмне кылат, батир акысын бербесе талаада калат. Ыйлап-сыктай батирдин ээси болумуш болгон немеден карызга акча алдыда, туз эле жеке клиникалардын бирине баш бакты. Гинекологдон керектуу кенештерди алып, анализдерине, тигисине-мунусуна акчасын толодуда, эртеси барып ичиндеги кыймылга келип, баарын сезип, туюп калган, энесинен башка коргоп алаар эчкими жок, бейкуноо наристени алдыртып салды. Ооба, тун баласын, алсыз наристесин оз колу менен ажал колуна кармата берди. Ичи туз куйгандай ачышып, кокурокту тээп турган азап, окунучун журок тубуно катып салдыда, жузун кандайдыр бир мерээздик ээлеп туруп алды. Бул убакта эч нерсени ойлоого чамасы келбеди, тек гана Эрмекке болгон ызаа, таарыныч, ботон элде канаты кайрылган кополоктой туш тарабы тунгуюкка кабылган жаш кыз учун мындан башка жол жок эле.
Жаш кыз чон шаарда эмне кылып журот, ата-энеси кайда деген суроолор жаралаары анык албетте. Озунон кийин чиедей бир туугандарына, ата-энесине жардам кылам деп, алысыраак туугандарын ээрчип келе берген. Атасы оор ишке жарамы жок, биринчи топтогу майып. Тууганы деле ар дайым эле каралашып журбойтда, анында тирилиги бар дегендей, башында жумуш таап, жашаганына батир таап, жакшыле котормолоду, андан сон Мээрим озуда намыстанып, жугумду силерге артпайын, озумчо жашап, озум иштеп кунумду кором, менден санаа тартпагыла деп, болунуп чыгып кеткендеги акыбалы бул.
Ээх, кандай гана байоо, жан дуйносу таза, аруу булганалек селкинин жашоосуна Эрмек деген ысым баш бакканы, дегеле орустардын мекенине келгени баары, баары булганды, назик конул, токтоо муноз жоголуп, озуно жат, озуно чоочун муноз кутту. Журогу таш болуп, бироого болгон боор толгоо, ишеним деген нерселер тебеленип отуруп, комускодо калып кетти
Мына ушулардын баарын эстеп отуруп, балалыгына кайткысы келип, боз ала чан болгон айылын, апасы жапкан нанын, кочо чаныта ойногон курбуларын, жада калса арыкта аккан суусу, дарак башында сайраган куштары, баарыданда чон чон атасын(бабасын) сагынды, анын согушта коргон окуяларын жомок кыла айтып бергени, комуздун уч жагын тиштетип коюп, кынылдата черткен куулорун, айтоор мекенге болгон, жакындарына болгон кусалык толуп-ташып, озунун калпыс баскан кадамдары, таш боор адамдардын кыянаттыгы баары топтолуп, жаш аркылуу тогулуп жатты. Уч жылдан бери журогу Уралдын суугундай тонуп, муз болуп калган эле, минтип жакындан берки тушуно кирген наристеси, коодондо катылуу арманын, сагынычын баарын бугун сыртка айдап чыкты ондонот. Токтоно албай жатты...
** ** *** *** ** **
-Ай кемпир, тиги келинине айтсанчы, Мээримди чакырып турмушка берсе болмок, ансызда элден ар кыл соз уга берип уялып да бутмой болдукго!
-Мээримдин бактысы эмес, акчасы керек апасына, канча ирээт айттым, тигиге акча жок, буга акча жок, дагы бир жылча иштесин деп эле кутулат, кайра-кайра айта берсен жаман коруносун киши-деп кемпирида наалый суйлоп жатты. Булардын созун тордо жаткан Мадаалы карыя угуп жатты. Мээрим, Мээримим сагындырдынго мени, ботон жерде не кунду коруп журосун, жамандардын созуно алданып, жаман жолду тандап алдын бекен?-деп уккан создоруно ичи сыйрыла, кейип жатты. Мадаалы карыянын кейигенинчеда бар эле, Мээрим тун чебереси болгон учун озгочо жакшы корчу. Чеберелери биякта турсун, кээде неберелеринин аттарын таппай чаташа берет, же унутуп калат. Мээрим болсо там-тун баскандан тарта чон чон атасынын этегинен ээрчип, комуз чертип бер, ырдап бер, жомок айтып бер деп эле, шаштысын ала берчуу, кээде сакалын уйпалай ойноп, таягын, голочун бекитип чон атасын убайга салып эле басып журчу, жада калса намазда окутпай, башындагысын жула качып, же туртуп ойной турган, бул нерсе Мадаалынын ачуусун келтирбей, кайра эт журогун элжиретип чебересин озгочо жакшы коро турган, мына эми бой жетип, ата-энемди багам деп, чон атасынан алыстап кеткени бир топ жыл болуптур. Конулуда, ден соолугуда назик болуп, катуурак чучкурсода ооруп, катуурак ун чыксада конулу ооруп калчуу карыяга Мээрим жонундогу создор оор тийди корунот, бир айдан бери ден соолугу начарлап тузуктоп тамак иче албай калган кезде, оорусуна оору кошкондой эле болду. Козун жумса эле, тээ согуш кезинде немистин огу тийип, кыйышпас Аккан досу оз колунан жан берген Касымдын элеси келе калат. Бир колу жулунуп, канга чыланып Касым, улам Мадаалы деп чакырат, ага карай чуркаганда улам алыстап кетет. Мына эми жакын калганда Мээримдин тээ балачагындагы элеси артында туруп, чон аталап кыйкырып ыйлайт, же досуна чуркап кете албай, же небересине бара албай орто жолдо алпайын таппай Мадаалы журот.
-Ата, ата! Эмне болду кыйналып жатасызбы?-деп мандайында чачын буурул басып, бетине турмуштун каршы-терши чиймеленген бырыш тушкон уулу турганда, Мадаалы карыянын айланасындагы курулдогон танктардын добушу, боз ала тутун каптаган айлана бир заматта жоголуп, озуно келе тушконсуду. Уулун тиктеп туруп, ээх мен каарыдым десем, уулумда мага удаа картайып, кок сакал болуп калган тура, кечеле чууктан ат минип боз ала чанга ойноп жургон кулунум, минтип небереси учун санаа тартып жатканын кара, убакыт оз билгенин бербейт тура..!
-Ата, ата,- дейм жакшы элесизби, коркутуп жибердинизго.
-Жакшымын уулум, андан коро, Мээримге тилпон кылып чакыргылачы караанын коруп калайын, башка уул-келин, неберелеримдида чакырт!-дегенде уулунун карегине жаш толо тескери бурулду.
Эх атам, жатсанда жаныбызда болсон, караанын опол тоодой эмес беле!-деп канырыгы тутой кемпирине айылдагы доктурду чакырып келуусун, ага кошуп балдарын, неберелерин тез чакыртуусун буйрудуда, уйду айлана басып кетти.
-Оо, кудайым, балдарыма акыркы керезимди айтканча жанымды албай кое тур, ар бирин жытынан искеп, ак батамды берууго улгуройун Оо Аллам, бир эле кун бер суранам, деп кубуронуп, коздору тунарып, кайрадан согуш тылына бара жатты. Ар кай жакта, канга чыланган жоокерлер, ар тараптан тытырап чыккан, пулемот, мылтык ундору, Мадаалы дагыда болсо досу Касымды издеп журот, Касыы-ым! Ка-сыым..!
Врач келип, текшерип, кан басымы которулуп кеткенинен укол сайды, негедир уколду денеси кабыл албай, бир топ убара кылды. Айласы кеткен доктурда,-Жакшы карап, конулу менен болуп тургула, кан басымы тушпой жатат, колумдан келгенин кылдым деп кетип калды, доктурга алып баралы десе, Мадаалы конбоду, соогум оз уюмдон чыксын, олоорумдо ийне сайып кыйнабагыла деп кесе суйлоп койду..
** ** *** *** ** **
Коздору тоодой шишиген Мээрим конулу жок ордунан туруп, бетин буздак сууга жууп, болмосуно келип, телефонду караса, алты жолу апасынан чалуу келиптир. Эмне болду экен, тан атпай деп, кайра звонок кылып, ал-жай сурашкан сон, кызым мумкунчулугун болсо бугундон калбай кел, чон атан ооруп жатат, сени кайра-кайра сурап жатат, келип кал деди апасы. Чон атасынын оорудум дегенин деле бир укпаган Мээрим учун оор болду. Макул апа, бугун билет болсо эле жолго чыгам деп, апасы менен коштоштуда, жумушуна барып, жетекчисинен уруксаат алып, билет саткан жайга келип билет сураса, эртен кечкиге бар экен, айласы жок эртенкиге алып, уйго келип кийим-кечесин жыйып кетууго кам урду. Эмнегедир журогу элеп-желеп болуп, маанайыда бир аз которулгондой. Ананчы канча жылдан бери мекенине бара элек. Ата-эне жакындарын сагынды, чон-атасынын ооруп жатат дегени бир аз конулун тупоюл кылганы менен, чон атамды кором, конурсуган жытынан искеп, эркелейм деп кыялданып жатты. Эртеси жугун ала аэропортко келип, самалетко отуруп, кок асманды жирей Ала-Тоого карай, озунун туулуп оскон, алтынга тете болгон, балалык издери калган, боз топурак жыттанган мекенине карай сызып баратты...
** ** *** *** ** **
Бул кезде, Мадаалы карыянын ону кер сары тартып, суу дейт берген суусу алкымдан ары кетпей, оозунун бурчтарынан сызылып кайра сыртка чыгат. Уул-кыздары, неберелеринин ичинен суйкумду, тармал чачтуу сары кызды улам издеп, улам эшикти карап, отургандардын айласын курутуп жатты. Чон атанын Мээримди издеп жатканын баары айттырбай сезип жатышты. Кыздарынын конулу тутпой, коздоруно жаш ала, сыртка чыга качса, беш-алтыдагы чеберелери улам чон атасынын тан кала карап, апа чон атам неге суу ичпей жатат, неге суйлобой жатат деп, отургандардын ансайын мазасын алып жатты. Мадаалынын карегинен сызылып чыккан жаш коз кычыгынан ылдый жаздыкка карай кулап, улуу баласынын атын аран атаганга жарап, колунан кармады.
-Ата мен мындамын, деп уулу комокоюно кептелген ачуу нерсени куч менен жута аран суйлоду. -Уулум, чуру-чуу тушуп ыйлап озунорду кыйнабай, тогулуп-чачылып ашыкча ысырап кылбай, мени жерге тапшыргыла. Унутпай куран окуп турсанар ошол мага кылган урматынар, эскеруунор болот. Учугумду улап, Мадаалынын урпактары деп кепке-созго калбай адам болгула, мен силерден раазымын, уучунар узарсын!-деп жузуно бата суртту, калдайган колдору эпке келбей калтырап, адамдын зээнин кейитет. Эми эшик терезени ачып, кундун козун коргозгулочу, дегенде опурап-топураган небере, уул-кыздарын улуу баласы сыртка чыгарып, атасынын айтканын аткарды.
-Суу, суу берчи! Чыныга муздак суудан алып келип эриндерин суулады, нымдашкан эринин жалап,
-Мээрим келбедиби?-деп сурады,
-Мээрим самалетко отуруптур, уч саатта келип калат деп жоошута суйлоду. Мадаалы терезени тиктей жатып, козу илинип, дагы жоолуп кирди. Кач, Касым, окко учасын кач! Досуна чуркап баратып чалынып жыгылып ойдо боло бергенде айланасы жапжарык нурга болонуп, мандайында Касым менен Байбичеси Наркан жылмая туруптур. Журу биз менен деп колдон алып жетелеп, мунарыктаган белгисиз жака кетип бара жатышты, артында беш жашар Мээрим колундагы куурчагын ыргыта, чон ата кетпе деп, дикилдеп жугуруп келе жатып жыгылып тушуп, ошол жерде ыйлаган боюнча калып кетти. -Чон атааа! Чон атааа, кетпе, менчии!
А Мадаалы улам, арт жагын кылчак карай, тиги экоону ээрчип, кандайдыр бир жанга жагымдуу, тынч жылуу жака карай сапар алышты...
-Ата, ата, козунду ачсанчы, ата угуп жатасынбы! -деп Мадаалынын улуу баласы Абыл аба, атасынын келбес сапарга узап баратканын карап туруп, ушунчалык озун сабырдуу кармайын деседа, озуно эмес, бутун айылга опол тоодой караанын эми башка корбосун эстегенде, кайраттан жанып, козунон агылган буурчак жаш сакал ылдый кулап, унсуз ыйлап жатты...
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 16 Май 2015 - 18:18
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#16 16 Май 2015 - 21:07
#17 17 Май 2015 - 00:20
Тээтигил киргенде эле козго корунуп соксойуп турган жалгыз доболуу биздин айыл.Балалыгымдын бал жыттанган бактылуу да кайгылуу да кундору ошол чакан айылда откон.Ото бийик эмес, бирок устуно чыксан айылыбыз кадыресе корунгудой болгон такырайган чобу жок Боз добонун дагы бир аталышы Каргаша добо.Бул аталыш тээ согуш убагынан калган дешет.Кунумдук тиргилиги менен алектенип,бейкапар жаткан чакан айылды Боз добонун жанына чогултуп,каргашалуу согуш апааттын кабарын угузушкан деп калчу чон атам.Андан кийин улам-улам ишке жарамдуу эркек аттууну ушул жерге чогултуп алып кетип турушкан экен согушка.Элдин кокойун кесип,бироо атасын,бириси агасын,дагы бири баласын ,инисин,куйоосун согушка узатканына кубо болуп копчулуктун коз жашын синип алгандай.Капилет келген бул апаат ачуу тырнагын тынч жаткан элдин бооруна матырып,энелерди уулунан ажыратып жер чапчыта сыздатып,эже женелерди жесир,жаш балдарды жетим калганын кабарлаган кара кагаз колуна тийгендеги ачуу чанырыкты да солк этпей угуп турган ушу добо экен.Биздин уй ушул добого улай этегинде жайгашкан.Чон энемдин этегин мыкчый кармап,таянган таягына кошулуп салмак таштап далай ирет чыкканмын,оюнкараак балалыгымдын издери калган добо.Ошол кезде ичинен кынылдап ырдагандай болгон чон энемдин создоруно маани бербесем да тээ тупкурдогу кайгылуу маанини балалык журогум менен туюп жургом."Курдашыын келди,озун жоок,Кушчалык кабар болгон жоок"деген саптарын гана чала угуп калчумун.Калган созду чон энем ичинен шыбырагандай мундуу обон менен кошо жутуп алчу.Энемдин ыры деп кошо туурап кынылдап калсам"Эк какмач,туураба" деп кадыресе кагып салаар эле.Тултуя тушуп кайра жазылып ойноп калганымда жанына чакырып алып саамайымдан сылап кулагыма синип калган баянын баштайт болчу.Ушул Каргаша дободо мендей секелек кезинде апасы менен тээ батышты умуттуу карап согушка кетип дайынсыз болгон агасын кутуп отурушканын эскергенде ,уну каргылдана тушот.Куйоосун согушка узатып,жыл айланбай уулун да артынан жоноткон эне эки жылдан сон куйоосунун дарегине кара кагаз алат.Апасы жесир атанып,чон энем калган улуу уч биртууганы менен жетим калышат.Уулунун тилегин кылып,кара кийген апасы куну туну кудайга жалынып,тушуно кирсе арча тутотуп убаларалып эле чыгып кетчу дейт.Бирок тилекке каршы олуу тируусу билинбей,жада калса кара кагаз келбей дайынсыз болгон уулун эне байкуш козунун майы тугонгучо кутуп откон экен.Умут дегенин кандай кучтуу,жатаарда да эшигин жаптырбай ачык коюп жатып,эл чогулган жерге барса да аптыгып уйуно шашкан эненин журогу ай!Бул караан калгыр согуш кимди гана могдотподу дейсин,жок дегенде кара кагаз алсак тунулуп,уулуна багыштап куран окуп конулу тынч кетээр беле апам деп коз жашын суртоор эле чон энем.Ошол балалык сезимим менен калын элди какшаткан "немис" аттуу канкорго кичинекей алсыз муштумумду туйуп кекенээр элем.Бул добого байланышкан тагдырды угуп журуп озумдун да тагдырым байлангансып баратты.Замандын агымы тестиер мени да ушул добого жипсиз байлап,сырдаш кылып койду.Мектептин айлыгына канаатанбаган атам менен апам ото тез чечим чыгарышып бир эле кундо чет олкого кетип калышты.Инимди кичинекей деп апакем бир тууганына таштап,5-ни аяктап калган мени чон энеме калтырып,чоон куурчак,бир баштык таттуу алып келебиз деген бойдон ээрчишип чыгып кетишкен.
Баштараак чон энемдин кулакка синген окуясын угуп таягын талаша секилдеп ойноп журсом ,кийинчерээк ата апамдын жолун акмалап ушул добого байырлап алдым.Алгач куса болуп апакемди катуу сагынып бекинип ыйлап журдум.Бир гана кетип атып чечип кеткен гулдуу халатын эш тутуп,сагынганда жыттаап жытап алып алаксый тушом.Анан калса инимди сагынып,жок дегенде экообуз бирге болсок эмне дейм.Атасы апасы жанында жургондорго козум куйуп,бирок бизге жакшы турмуш алып келишет деп умут кылып чыдап журдум.Ошентип жыл айланта тапканын которунуп алып кутуусуздон атам апам ээрчишип кирип келишти.Ии ошондо кубанганымды айтпаныз.Бапырандаган атам,жайкалган апакем келип,инимди алып келип мурункудай чогуу болобуз деген умутумду таш каптыра жумуштан калдык деп кайра бир жумада кетип калышты.Иниме барышса тааныбай качканын кеп кылышып,конулун бурбай туралы деп дагы да таштап кетишти.Томсоруп баягы добону эрмек кылып,сактап жургон халатты жыттап кала бердим.Сагыныч кусага толгон кундор токтобой отуп жатты.Апамдын бир орустун баласын карайм дегенин кулагым чалып калган болчу.Тымызын нааразы болуп, бизди таштап башканы багып жургону неси деген таарыныч тынчымды алып журду.Алып келгендерине да кайыл боло мурункудай чогуу жашоону коксоп,сырымды добомо чыгып ый менен тогуп журдум.Кийинки жылы дагы туюсуздан кирип келишти.Бул ирет да жакшылап которунуп келгендери менен ортосунда ынтымактын ыдырай тушконун баарыбыз эле байкадык.Атакем мурункудай мээрбан эмес кичине эле нерсеге чыртылдап бизди деле кагып жиберчу болду.Келген кундон баштап соо куну болбоду.Улам достору келип,же конокко барып ичип журду.Апакем бир ашканада идиш жууп иштеп журуп,буттары ишип он колуна оору ашырып жудой тушуптур.Москва дегенди укканда эле ал жакта акча асмандан жаап тургандай сезилген бизге энчибизге тийген белектер кандай мээнет менен табылып келгени менен жумушубуз деле жок болчу."Токочтуу бала суйгунчук" болуп мектепте да эжейлерим жакшы суйлоп калышкан.Апакемдин келгенде атайын алып келип куюп берчу бир ботолконун жузу да.Бирок бул ирет да чон атам менен чон энемдин"Карыдык арыдык.Акыркы суу озундон буйрусун балам.Жакшы эле иштединер.Оз уй олон тошогунорго кайткыла.Балдарынарды озунорго имерип озунордон кобойгуло" деп жалооруй караганына карабай кайра кетишти.Бул ирет бой тартып калган мага дагы оор болду.Сырымды айтып тогулоор апамдын орду аябай билинип журду."Кеч барсам башчы урушат кызым.Эстуу бол жакшы жур.Сени кийин алып кетем деп"сыр ката кулагыма айтып кеткен шыбыры будомук ойго салат.Классташ кыздарыман ойдороок кийинип,эжейлеримдин мактоосуна тунуп жургонум менен апакемдин тарбиясына, мээримине чанкап журдум.Чон атам менен чон энем мин уйрулуп калкалаганы менен ата апамдын орду башка эле.Алар акчанын артынан кубалап,бизди кенен ичирип кенен кийгизгилери келгени менен,кийим, аштан сырткары эне-ата-бала мамилеси,жакындыгы, бири бирине болгон мээриминен кур калып жаттык.Коп отпой баягыдай эле кутуусуздон атам кирип келди.Кучагына кысып опкон кезде ичимдиктин жагымсыз жыты башымды айлантып жиберди.Силерди караганы келдим,атасынын чокусун... москванын.деп согуно булдуруктаган уулун коруп кыраакы адамдар алда бир жамандыктан шекшигендей жалт жалт карашып отуруп калышты.Чет жерге кетээрден мурун чыкыйып жургон атакемдин ушунчалык катуу озгоруп,жудоп келгенине улуулар тургай менин да бала журогум ооруп турду.Бат эле достору табылып келгенин бир жумадай ичимдик менен жууду.Чон атам айтып деп жатып эптеп соолуктуруп иниме жонотту.Алып келем деп барып кошо ээрчитип келмек тургай учурашпай качканына кейип келип дагы арактан кучун чыгарып баштады.Ошентип атакемдин келгенине кубанганыбыз менен аны кошо ээрчий келген ичимдик деген балээден журок заада болуп буттук.Апакем адаттагыдай тапканын салат,анын жарымы эле атамын кекиртегине куюлуп кетет.Бир жолу курбу кыздарым менен чогуу сабактан чыгып баратканбыз. Жол боюнда тосулган тикендуу зымга илээшип калып бошоно албай жаткан адамды алыстан байкап калдык.Масты тамаша кылганга кызыга тез тез басып ашыга баратышты.Кыздар менен кошо сурулгон мен бир кезде башыма келген жаман ойдон сестене тушуп,бирок сыр бербей ичимден кудайлап,ылайым эле башка болуп кал,башка болуп кал деп тиленип бараттым.Жетейин дегенде конур тустогу тааныш куртканы коруп бир саамга бутум шилтенбей тушалгансый тушту.Зымга оролошуп чыгам деп жатып андан бетер кайра чаташып алган,курткасын айрытып булдуруктап согунуп сагынган мас атамды тааныган кыздар мени бир карап алып басып кетишти.Жердин катуулугу ай!Ошондо жарылып ичине тушуп кетсем не.Кантсе да атам экен,бозоруп, он талаа болгон жашымды суртуп,отуп бараткан акелерден жардам сурап,ийрелендеп жолоп таяп уйго алып келдим.Кийин да мындай корунуштор тез тез кайталанып турчу болду.Апакем да иши жакшы болбой озу ооруп жатканын айтып кийинки кездерде акчаны аз сала баштаган.Атакем анда деле эсине келе койбоду,кайра кучоду.Бир куну сабактан келсем уйдо ызы чуу.Олтуром экоону тен олтуром деп жулкунуп аткан атамды чон атам ,чон энем ,ага женелер кармап отурушуптур. Эшикти ачып кирип,бул корунушко уройум уча туруп калган мени карай атакем"Жогооол сойкунун кызы"деп атырылды.Дабдырай тушкон мени женем келип башка уйго жетелеп кирип кетти.Артымдан "Энесин тартат,бул да ошондой сойку болот" деген создору сай соогумду сыздата мээмди аралап отту.Эртеси билдим иштин жайын.Апакемди башка куйоого тийип алганын айтышты.Башка эмес дал ушул атакем айтты мага.Ишенбедим, ишенгим келбеди.Чуркап чуркап коз коргус жактарга кетип калгым келди.Кулагымды эки колдоп бассам да,тоссом да бул кабар жаныра берди.Акыры ишендиришти. Жаман кабар желдей тарап айылды каптап,мектепке чейин жетти.Олуп алгым келди.Намыстандым. Сагынганда эш тутуп жыттап журчу кийимдерин кайчы менен кыркып,отко салдым.Кочого чыксам эле баары мени соомойу менен сайып корсотуп жаткандай сезилди.Тийген эрин оз колдорум менен олтуруп койгум келди.Бир жумадай мектепке барбай журуп,класс жетекчибиз уйго келген сон аран бардым.Атама чон шылтоо табылып ичкенин уланта берди. Менин балалыгымды эрте жазда аралаган суук,конул калган окуялар тез эле токтолтуп,сабырымды суз тарттырып койду.
9ду аяктап каникулга таркадык.Атамдын Россиянын бир шаарында соода кылчу карындашы атайын уйго мени сураганы келиптир.Кызынарды Россияга алып кетем балдарымды карайт.Айына силерге акча салып турам деди.Кичине каршылык корсотумуш болгон чала мас атам бере турган акчасын кобойто албай убара.Же тарабымды алаар апам болбосо,менин оюм менен эч ким эсептешип койгон жок.Чон атам гана" Кой ,кызым онду бутсун" дегенине эжем"Бутуп эле кыйратмакпы, азыр баарын акчага сатып алса болот деп"катар катар алтын шакектерди тагынган колун силкип койду эле атакем ошо жерден менин наркымды 1000сомго которо койду.Ошо менен менин тагдырым чечилди.Ошентип балалыгымдын ачуу таттуу кундору откон айылымды таштап,туркун тагдырга кубо болуп солк этпей турган Боз добого апама болгон сагынычымды да таарынычымды аманат кылып белгисиз келечегиме жол тарттым...
#18 17 Май 2015 - 00:49
"Коп жашаган билбейт,копту коргон билет "дейт элибизде, ак соз, туура соз! Он сегизге жашы чыгып- чыкпай жатып жердешин,эжесин, агасын медер тутуп, атасы тааныбаган чоочун жер , чоочун элге бакыт издеп келген жаштарыбыз канча?!
Турмуш татаал, озгочо ботон эл, ботон жерде.Кээси куйоосун, кээси аялын,кээ бирлери балдарын таштап, жумуш издеп алыска кетишкен.
Болок- ботон журушуп канча уй- було бузулду,ынтымак кетти,тушунбостуктор болду...
Айта берсен арман коп,дегендей учурдагы мигранттардын койгойун,тагдырын бир барак кагаз менен айтып буто албасам да, уч-торт сап ыр менен айтканга аракет кылайын;
Туулган жерден тентитип,
Алыс кылган-замана!
Беш адамдын бироосун-
Карыз кылган-замана!
Тандан кечке бар ишин -
Базар болгон -замана!
Кундон-кунго тапканын-
Начар болгон-замана!
Кыздарынды кырк уйдон,
Тыялбаган-замана,
Атасы жок баладан-
Уялбаган -замана!
Тулку болуп кылтылдап,
Бултактаган -замана,
Бору болуп-олжосун,
Бучкактаган - замана!
Оозу кыйшык бай бала-
Опурулган-замана!
Арам тапкан акчалар-
Сапырылган замана!
Чындык таппай айласын-
Чыркыраган -замана!
Умут сынып акыркы-
Быркыраган замана!
#19 17 Май 2015 - 03:51
Биринчи шартка катышкан таланттуу форумчулардын тизмеги.
1.АMANTUR
2.Topchubay
3.kychkyltek
4. Weme_87kg
5.Aidar.001
6.Kg.ledy
7.asylzaadam
8.Enesai
Таланттуу форумчуларга чексиз эргуу каалоо менен биргеликте сынагыбызды улантабыз. Анда кезек экинчи шартта.
Алкул агам ким эле,
Акындын залкар бири эле,
Ырыда токсо толкун бар,
Ысык- Кол болчу тим эле.
Демекчи 2-тапшырма. Олбос талант. (Мезгил жана Алыкул) Поэзия айдынына саякаттап, 6 куплеттен кем болбогон ыр жазабыз.
Биринчи тапшырманы аткарган ар бир катышуучу, кандай гана упай топтобосун. сынактын аягына чейин катышууга укуктуу! Экинчи шарттын убактысы туптуура кийинки ишенби куну тунку он экиде аяктайт московский саатта.
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 19 Май 2015 - 20:17
#20 19 Май 2015 - 17:18
Колду бойлой бара жатат Алыкул,
Олоорун ал кун мурунтан сезгендей,
Улам токтоп,улам жылып баратат,
Олоорун ал эми гана билгендей.
_______________________________
Озун жазган Букентайын Женишин,
Сени жоктоп,жетимсиреп томсорот
Сен которгон алп поэман дагы,
сени жоктоп бугун турат томсоруп.
_______________________________
Кургак учук деген балээ дарт
Кайдан гана сага жабышты экен?
ххi кылымда жашаганында
жалпы Кыргыз айыктырып алмак да
______________________________
Эх,Алыке сага арнап ыр жазам,
эх,Алыке арнап сага кошок айтам.
Эх,Алыке, жерди муштап урсам да,
кайра жаралбайт экенсин да.
_____________________________
Канча акындар сага арнап ыр жазды,
Канчасы жер мушталап сыздады.
Эх Алыкем кайра кайтып келбейсин,
Эх Алыкем бирин дагы укпайсын.
_______________________________
Урпактарын сени эстейт Алыкем,
сени баары билет экен Алыкем.
Сага арнап канча ырды жазсак да,
Сен жараткан ырына жетпейт экен.
__________________________________
- (5 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »